Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Драматургия, киносценарийлер, Драматургия / Улуттук жазуучулар Союзу сунуштайт
© Жаныш Кулмамбетов, 2006. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 30-октябры

Жаныш Осмонович КУЛМАМБЕТОВ

Ошол түнү

(Эки бөлүмдүү драма)

Азыркы күндүн Ромео менен Жульеттасы тууралу кайгылуу окуя. Кыздарды сойкулукка түртүп, чет өлкөгө кулчулукка саткан биздин замандын шылуундары жөнүндө бул чыгармада драматург татаал мезгилдин чырмалышкан тагдырларын айкын ачып көрсөткөн.

 

Катышуучулар:
Азамат
Асыл
Гүлнур
Жыргал

 

Биринчи бөлүм 

 

Биринчи сахна

Жыргалдын офиси. Кабинет. Сырттан Жыргал менен Азамат киришти, ээрчишип. 
Жыргал. Балам, биз сага, эмне, жамандык кылып атабызбы? Сенин келечегиң жакшы болсун деп атабыз. 
Азамат. (Күнөөлүдөй) Түшүнөм, мама…
Жыргал. Түшүнгөнүң жакшы. Ата-энең сага жамандык каалабайт да.
Азамат. (Ырахмат), мама. Бирок… менин да желаниеям менен эсептешкиле да, мама.
Жыргал. (Нааразы боло) Балам, башкалар мындай мүмкүнчүлүккө зар болуп жүрүшөт. А сен…
Азамат. Баарын прекрасно түшүнүп атам, мама.
Жыргал. Түшүнүп атсаң, анан эмне болуп атасың?
Азамат. Мама, сиз өзүңүз мени мактачу элеңизго “сенден жакшы скульптор чыгат” деп?
Жыргал. Бала кезиңде ошентип айтчумун.
Азамат. Вот видите… Это же моя мечта с детства, мама.
Жыргал. (Түшүндүрүүгө аракеттенип) Балам… балалык кыял деген башка… Адамдын аң-сезими жетиле элек кез болот. Мен дагы бала кезимде бир туруп космонавт болгум келчү, бир туруп альпинист болгум келчү, бир туруп врач болгум келчү. Кана эми, ошол кыялымдын бирөө ишке аштыбы?.. Кийин чоңойгондо өзүмө керектүү кесипти тандап алдым. А теперь, подумай, кана эми ошол кесип менен иштеп атаканым
Азамат. (Моюн толгоп) А эмне үчүн ошол кесибиңиз менен иштебейсиз?
Жыргал. Мхи… Ал кесип менен иштесем, сен ач-жылаңач калмаксың, балам.
Азамат. (Моюн толгоп) Кантип эле?.. Ну, папам деле иштеп атпайбы. 
Жыргал. Ну, ладно… ”Ач-жылаңач” деп ашыра айтып ийдим. Зато, баары бир азыркыдай жашай алмак эмеспиз. Жыргаганымдан ушул ишке аралашыптырмынбы? “Кокуй,ушул үй-бүлөөмдүн жашоосу оңолсун! Жалгыз балам эч нерседен кем-карч болбосун!” деп кара жанымды карч уруп, ушул ишти ачып, башым менен башмалдак атып иштедим. Кудайга, шүгүр, мына, жашообуз жаман эмес. Мен көгөрүп өзүмдүн кесибим менен иштей берсем, ушундай жашоого жетет белек? Кана айтчы, өзүң? 
Азамат. (Ийнин куушуруп) Аны айтыш кыйын да, мама…
Жыргал. (Кызууланып) Эмнеси кыйын?!. Көрүп атпайсыңбы менин кесибим менен иштегендердин кандай жашап атканын? 
Азамат. (Моюн толгоп) Баары бир, алар өз сүйгөн ишин иштеп атышат да. 
Жыргал. “Сүйгөн кесип!..” Биздикиндей мүмкүнчүлүгү жок алардын. Болбосо, давно башка ишке өтүп кетишмек!.. Баласың да…
Азамат. Мама, мени кыйнабаңызчы, пожалуйста. 
Жыргал. (Жаны күйүп) Мен сени жаман болсун деп атамбы, ыя?!.. (Демитип) Жаман болосун деп атамбы?!..
Азамат. Жок…
Жыргал. Анан эмне дейсиң?!.. Мен сени адам болсун деп атам!.. Түшүнсөң!..
Азамат. (Мойноп) Түшүнүп эле турам, бирок…
Жыргал. (Жаны кашайып) Сен кандай бала болуп калгансың, ыя?!.. Ары айтсам да-көнбөйсүң, бери айтсам да-көнбөйсүң! (Сөөмөйүн кезеп) Айтып коёюн, балам-мен чындап таарынчу болсом… жаман болот…
Азамат. (Мойноп) Мама, мен сизге, таарына тургандай эмне кылып атам? 
Жыргал. (Жаны кашайып) Тилимди албай атасың!.. Мен каалаганды аткарбай атасың!..
Азамат. (Мойноп) А менин каалаганымчы, мама?..
Жыргал. (Аргасы түгөнө) Эми эмне кылчумун, ыя?.. (Мобильнигин алып чала баштады) Алло!… Марлис!..Келчи, биякка!.. Уулуң караманча болбой атат… “Оксфорд-моксфордуңардын мага кереги жок”, дейт…Баягысын эле айтып атат “мен скульптор болом” дейт… Ме, айтчы буга, түшүндүрүп!..(Мобильникти Азаматка узатты) Ме, папаң менен сүйлөш!.. 
Азамат. (Мобильникти кулагына такап) Угуп атам, папа… Түшүнөм… (Кыйылып) Мага ал профессия жакпаса эмне кылайын эми…Зачем так заставляете папа?!. (Тултуңдап) Анда, вообще эч жерде окубайм!..(Жарылып) Ооба, малчы болуп кетем!.. (Мобильникти Жыргалга берди, кызууланып) Заставляет меня!.. Если так!.. Я уйду, вообще!..
Жыргал.(Чочулай) А эмне дегениң, балам?!. 
Азамат.(Тултуңдап) А что он на меня орёт?!. 
Жыргал. (Жайгара) Ал сенин папаң да, бөлөк-бөтөн киши бекен? 
Азамат. (Кызуулана) Пусть не орёт!.. Что, милиционеру все дозволено?!. .
Жыргал. (Чебелектеп) Ай, балам, өз атаң жөнүндө да ушинтип айтасыңбы?..
Азамат. (Кызууланып) Анан, эмне анан… унижает,кишини?!..
Жыргал. Эмне деп унижать этти?..
Азамат. (Кызууланып) “Тилибизди албасаң — малчы кылып коём!” дейт!..
Жыргал. (Жайгарып) Ал, просто, жаны күйгөндөн ошентип атат да. 
Азамат. (Кызууланып) Пусть выбирает выражения!.. Мен кичинекей бала эмесмин, ага!..
Жыргал. (Жалынып) Кой, балам, антпе. Атасы жөнүндө антип айтчу эмес. Он тебя любит. Сен тилибизди албай атсаң-ошого жини келип атат да. 
Азамат. (Мойноп) Жини келсе эле ошентиш керекпи, анан?..Он привык наверно, унижать людей. Все менты такие!..
Жыргал. (Чебелектеп) Ай, коку-уй, ал эмне дегениң?..
Азамат. (Кызууланып) А что, не правда?!. 
Жыргал (Жалынып-жалбарып) Мейли, мейли балам…Не хочшь не надо… Только минтип айтпай жүр. Папаң жакшы киши. Папаңдын аркасы менен биз ушуга жетип олтурабыз. Папаң бизди защищать эткен үчүн, папаң жардам берген үчүн,менин ишим жүрүшүп атат. 
Азамат. (Мойноп) Папам защищать этпесе деле, жардам бербесе деле ишиңиз жүрүшмөк. 
Жыргал. (Жайгара) Азамат, болду эми балам. 
(Пауза) 
Азамат. (Жыргалды кучактап) Кечирип коюңузчу, мама…
Жыргал. (Азаматты башынан сылап) Ладно, ладно, балам…
Азамат. (Күнөөлүдөй) Мама, мен кете берейинби? 
Жыргал (Күрсүнүп) Өзүң бил. 
(Азамат апасын бетинен өптү да эшикке чыга жөнөдү). 
Дагы ойлон, балам… 
(Азамат унчукпай чыгып кетти. Жыргал мобильнигин кайра алып телефон чала баштады). 
Алло!… Марлис… Таакыр көнбөй койду… Ты не забывай, что он уже взрослый человек… Билбейм… Дагы алдап-соолап көрөлү да…Карабайсыңбы эми, ошону… Башкалардын балдары кудай деп окумак… Хорошо, кечинде сүйлөшөлү… (Мобильнигин өчүрдү. Үшкүрүнүп) Өх!..

 

Экинчи сахна

Айылдык клубдун ичи.Алыстан автомашинанын үнү менен аралаш сиренасы тынбай угулуп, улам жакындап келатты. Бир аздан кийин сирена басылды да, дароо эле мегафондон аялдын үнү чыга баштады. 
Аялдын үнү. Көңүл бургула!.. Көңүл бургула!… Силердин сүйүктүү театрыңар бир сааттан кийин оюн көрсөтөт!.. Күңдүккө сатылып кеткен кыз “Жаңы Изаура жөнүндө жаңы жомок” деген куурчак спектаклди тартуулайбыз!..
(Пауза). 
Көңүл бургула!.. Көңүл бургула! “Жаңы Изаура жөнүндө жаңы жомокту көргүлө!” Бир сааттан кийин башталат!… Шашылгыла!…
(Пауза. 
Бир аздан кийин клубдун ичине оор-оор килейген сумкаларды, жыгач-таш, темир-тезекти ырмая-чырмая көтөрүшкөн Асыл менен Гүлнур киришти. Кабагы салыңкы Гүлнур сумканы жерге күп эткизе таштады.)
Асыл. (Гүлнурга) Гүлнура!.. Акырын!.. Куурчактарды сындырасың!..Ты что?.. 
Гүлнур. (Өзүн араң-араң карманып) Сынмактан кыйрап калсын!..
Асыл. (Гүлнурду жаман көзү менен карап) Ал эмне дегениң? 
Гүлнур. (Өзүн араң кармап) Ал ошо дегеним!..
(Пауза).
Асыл. (Гүлнурга теңелгиси келбей) Давай, үйдөгү проблемаларды жумушта көрсөтпөйлү. 
Гүлнур. (Өзүн араң-араң токтотуп) Мне надоело, все это!… Момундай жыгачтарды көтөрүп, темирлерди көтөрүп!..Ары-бери ташып!..Күн сайын ушул!…
Асыл.(Этиеттей сүйлөп) Ушу менен нан таап жеп атабыз, худо-бедно… 
Гүлнур. (Жарылып) Да!.. Да!.. Худо-бедно!.. Алаганыбыз жарыбаган акча! Тиякка тартсаң-тиякка жетпейт!..Биякка тартсаң-биякка жетпейт!..
Асыл (Жайгарууга аракеттенип) Эмне кылалы эми…Өзүң көрүп атасың, тапканыбыз ушу болуп атпайбы. 
Гүлнур. (Өзүн кармана албай) Анда эмне ушинтип темселеп иштеп жүрөбүз?!..
Асыл.(Жайгарууга аракеттенип) Башка каякка барабыз, анан? 
Гүлнур. (Өзүн кармана албай) Ушундан көрө кайырчы болуп кеткен жакшы!.. 
Асыл. (Жайгарууга аракеттенип) Кел… Ачууга жеңдирбейли. Азыр эл чогулат… Спектаклди ойноп бүтөлү, анан шашпай олтуруп алып ойлонолу, эмне кылышты. 
Гүлнур. (Итатайы тутулуп) Кантип уялбай көрсөтөбүз ушул спектаклди, элге?!.. Декорациябыздын тарпы чыгып бүттү…Куурчактарыбыздын мойну шылкылдап калды!..
Асыл. (Эмне дээрин билбей) Эми аны… театрдын кожоюнуна айтыш керек да. 
Гүлнур.(Тултуңдап) “Шашпай коё тургула, декорацияны жаңыртам, куурчактарды оңдотуп берем, аз калды, аз калды” эле дейт. 
Асыл. Каражат таба албай атат да… Көрүп атпайсыңбы, өзүң. 
Гүлнур. (Ого бетер жарылып) Каражат таба албаган театрдын кимге кереги бар?!. Кимге?!. Жаап салыш керек мындай театрды!.. Позорище!.. 
(Узакка созулган пауза). 
Асыл. (Гүлнурга) Успакоилась? Давай, иштейли. Бир аздан кийин эл келе баштайт. Еще репетиция кылып ала коюушубуз керек. (Сахна кура баштады). 
Гүлнур.(Нааразы боло күңкүлдөп) Бүттү… Бүгүн акыркы жолу иштеймин. Кетемин. 
(Асыл унчукккан жок. Ишин уланта берди. Нааразы болгон Гүлнур да Асылга кошулуп илең-салаң иштеп атты. 
Бир аздан кийин клубдун сахнасына куурчак театрдын сахнасы, декорациясы туруп калды). 
Асыл. (Гүлнурга) Баштадыкпы репетицияны? 
Гүлнур. (Нааразылыгы тарабай, оозу бош) Баштадык. 
Асыл. (Куурчак театрынын сахнасынын алдына чыгып, көрүүчүлөр залына карап жүгүнүп) Урматтуу көрүүчүлөр!..Бүгүн биз сиздерге кичинекей театрыбыздын мааниси терең оюнун тартуулайбыз “Жаңы Изаура жөнүндө жаңы жомок” деген. Өзүңүздөр жакшы билесиздер, азыркы мезгилде биздин кыздарыбыздын көбү чет өлкөгө сатылып кетип атат. Биздин жаңы жомогубуз, ошол жаңы Изауралар жөнүндө (Көшөгөнүн артына кирип кетти. 
Куурчак оюну башталды. Куурчак театрынын сахнасына жап-жаш кыз чыкты, маанайы пас ырдап)
Жаш кыз (Гүлнур). (Маанайы пас) 
Мен чарчадым, мен тажадым, 
Ушул өңдүү жашоодон
Айбыгамын, корунамын, 
Атымды да атоодон. 
Кийине албайм, ичине албайм, 
Башкалардай кеңири. 
Кыйналыштан арылабы, 
Жаш адамдын өмүрү?! 
Кайда барам, эмне кылам?! 
Кантип жашайм, мен эми?! 
Жаштыгымдын доорун сүрчү, 
Жакшы жашоо келеби?! 
(Ошол учурда жаш кыздын алдынан өбөктөгөн кемпир чыкты)
Кемпир (Асыл). Кыйналбачы, каралдым, ай, 
Каражаның камыгып. 
Кубанаарсың келечекте, 
Издегениң табылып.

Эзилбечи, жаркыным, ай, 
Мени кошо ыйлатып. 
Кудай сени өмүр бою, 
Койбос балам кууратып.

Ишен балам, ишен балам, 
Эртең жашооң оңолот. 
Жолуң тоскон жакыр турмуш, 
Бара-бара жоголот…
(Кемпир кызын кучактап алып үйүнө алып кетти. Сахна алмашты. Каминдин жанында сүлкүлдөп кийинген аял сотка менен сүйлөшүп атты.) 
Аял (Асыл). Алло!.. Алло!..
Дубайга дубай салам!..
Товар топтоп, 
Жакында алып барам!..
Айчүрөктөй сулуулар, 
Келип атат. 
Арыздарын тындырбай берип атат.
Алло!.. Алло!..
Топтоюн, шашпагыла 
Кымбат товар, 
Жыйнадым, качпапагыла! 
(Ошол учурда жаш кыз кирди Аялдын үйүнө. Колунда гүл. Гүлдү Аялга берди). 
Жаш кыз (Гүлнур). Мен даярмын, 
Эжеке, качан жөнөйм? 
Жыргал турмуш, 
Чекесин качан көрөм? 
Маакул болду, 
Эжеке, байкуш энем!
Иштеп келсем, 
Энеме баарын берем! 
Бар болсунчу, 
Эжеке, сиздей адам!
Эже эмессиз, 
Эми сиз, мага-мамам! 
(Аял жаш кызды кучактап ички үйүнө киргизип кетти. 
Гүлнурдун үнү. (Көшөгөнүн ары жагынан) Кечке эле репетиция кыла беребизби?…Жетет да!..(Көшөгөнүн артынан Жаш кызды (куурчак) көтөрүп чыга келди да, полго олтура кетти. Артынан Асыл чыкты Аялды (куурчак) көтөргөн).  
Асыл. Сага эмне болду, эми? 
Гүлнур. (Итиркейи келип) Колум талып кетти, понимаешь? 
Асыл. (Эмне дээрин билбей) Баары бир репетиция кылып алышыбыз керек да, эми?..
Гүлнур.(Нааразы боло) Жетет да ушул репетиция. Күнүгө эле ойноп атпайбызбы?! Анын эмнесин кайра репетиция кылабыз? 
Асыл.(Эмне деп айтаарын билбей) Баары бир репетиция кылыш керек да… Атмосферага кирели да…
Гүлнур.(Итиркейи келип) Мен ансыз деле атмосферадамын! Каждый день!.. Каждый час!.. Каждую минуту!.. Чарчадым баарынан!.. Чарчадым!..
Асыл. (Айласы куруп,ооз учунан) Ладно… (Кичине тынымдан соң) Кой, анда, эл кире баштайт, азыр… (Көшөгөнүн артына кирип кетти. Гүлнур көрүүчүлөр залын кайдыгер тиктеп,бир топко олтурду да, анан үшкүрүнүп алып, оордунан туруп көшөгөнүн артына кирди).

 

Үчүнчү сахна

Менчик театрдын ичи. (Сахнада куурчак спектаклдин жасалгасы турат. Экинчи сахнадагыдай. Асыл жалгыз өзү куурчак ойнотуп, репетиция кылып атты. Асыл эркек кишинин куурчагын алып, өйдө көтөрүп, ары басып, бери басып, үнүн жасап сүйлөөгө даярдана баштады). 
Асыл (эркек кишинин үнү менен). Мага бир кыз бериңиз аялдыкка. 
Фазендама алпарып жашатамын. 
Сүлкүлдөтүп түрлөнтүп кийиндирип, 
Силерде жок тамактан ашатамын! 
“Ягуар” автону мингиземин
Хан сарайдай үйүмө киргиземин!
Кофе ташып күнүгө төшөгүнө, 
Сэм байкени акырын сүйгүзөмүн! 
Ыйлап жүрсө, мен аны күлгүзөмүн! 
Өчкөн отун бир паста күйгүзөмүн! 
Кам санабай биякка келе берсин, 
Өлгөн жанын бир паста тиргиземин! 
(Ошол учурда сырттан Гүлнур кирип келди. Анын көңүлү көтөрүңкү эле). 
Гүлнур. Салам. 
Асыл. Салам, салам…Сага эмне болду?
Гүлнур. Эмне болуптур?
Асыл. Эмне кечиктиң репетицияга?  
Гүлнур. (Мыйыгынан күлүп) Репетиция… Все, бүттү, Асыла, репетиция…
Асыл. (Түшүнбөй) Ал эмне дегениң? 
Гүлнур. Ал ошо дегеним. Гүлнуруң кетти… Поезд тю-тю…
Асыл.(Дагы эле түшүнбөй) Сен эмне деп атасың? 
Гүлнур. Кеттим деп атам. Кет-тим… 
Асыл.(Чочуп кетти) Кызык ко… А сенин ролуңду ким ойнойт?
Гүлнур. (Күлүп) Кожоюн өзү ойносун…
Асыл.(Ого бетер чочуп) Шефпи?!. Ты что?!. Элестет, жаш кызды сапсаңдап ойноп атканын!..
Гүлнур.(Каткырып) Сапсаңдайбы, апсаңдайбы-ал өзүнүн иши!.. Это меня больше не волнует.  
Асыл. (Чыдамы кетип) Айтчы ачыгын, эмне болду? 
Гүлнур. Күйөөгө тийип атам!..
Асыл. (Ого бетер таң калып) Кайсы күйөөгө?!. 
Гүлнур. (Асылдын колундагы куурчакты көрсөтүп) Мобуга!.. 
Асыл. (Каткырып) Артист десе!..
Гүлнур.(Асылдын колундагы куурчакты алып өөп-жыттай баштады) Ты богатый человек да?.. (Куурчактын үнү менен сүйлөп) О-о-очень богатый…(Өз үнү менен) Да-а?..(Куурчактын үнү менен) Да-а!.. (Өз үнү менен) Прекрасно!..Значит, ты можешь терпеть все мои капризы!.. (Куурчактын үнү менен) Все!..(Өз үнү менен) Все?!. Все?!. (Куурчактын үнү менен) Все!. Все!. (Өз үнү менен) Ой, как я тебя люблю! М-м-ма!..(Өпкүлөп ийди куурчакты).
Асыл.(Каткырып күлүп атып) Мобу катын соо эмес, ай, бүгүн…
Гүлнур. Конечно, соо эмесмин. Эрге тийип аткан киши да соо болчу беле?
Асыл. (Ишенип-ишенбей) Тамашаңды койчу, ай?..
Гүлнур. (Ойноп) Эмнеге тамаша экен. Чын эле. (Ырдап) Чын эле, чын эле, ай, чын эле, чын эле...,ай!.. 
Асыл. (Таң калып) Чын эле айтып атасыңбы?..
Гүлнур. Ага эмне анчалык таң калып атасың? (Тегеренип көрүп) Же эмне менин көзүм сокур, бутум төкөрбү?
Асыл. (Күнөөлү) Койчу, ай, мен сени ошентип айтып атамбы? Просто… Сүйлөшкөн жигитиң кана? Же менден жашырып жүрдүң беле? 
Гүлнур. Зачем мне нужны эти голодранцы? 
Асыл. Омей, анан кимге тийген атасың? 
Гүлнур.(Ойноп) Бирөөнө…
Асыл. (Чыдамы кетип) Шакаба чекпечи, ай, кишини. Айтпайсыңбы, эми…
Гүлнур. (Ойноп) Бирөөнө токол болгон атам. Бай. Депутат. 
Асыл. (Ого бетер таң калып) Кайсы депутат? 
Гүлнур. (Күлүп) Кайсы депутатты билесиң? 
Асыл. Билем, баарын эле. 
Гүлнур. (Ойноп) Тапчы анда, ким экенин? 
Асыл. (Ойлонуп калды) Так-ак… Азыр айтам. 
(Пауза). 
Гүлнур. (Каткырып) Ишендиңби? 
Асыл (Кошо күүлүп) Койчу, ай, ушинтип да кишини тамашалайсыңбы?
Гүлнур. Ну и что, депутаттардын баары эле токол алып атпайбы. Мен деле бирөөнө чыгып алмакмын, эмнеси бар экен?
Асыл. Ладно… Түшүндүм. Айтпайсыңбы эми, эмне болду?
Гүлнур. (Олуттуу) Башка жумуш таптым. 
Асыл. Жакшы жумуш бекен? 
Гүлнур. Айына үч миң төлөйт экен. 
Асыл. (Ээринин артына тартып) Үч миң сомбу? 
Гүлнур. Койчу, ай, сомуңду!.. Баксы.
Асыл. (Ишенбей) Ты что?!. Чын эле айтып атасыңбы? 
Гүлнур. (Олуттуу) Бир фирма бар экен. Италияга гувернаткаларды жиберип атыптыр. Хозайкасы такая солидная женщина экен. 
Асыл. Анан? 
Гүлнур. Анан ошол-жактырды мени. Жарайт экенмин. 
Асыл. Тил билбесең деле боло берет бекен? 
Гүлнур. Ошояктан эле үйрөнүп аласың дейт, бат эле. 
Асыл. (Күмөн санай) Жанагындай фирмалардан эмеспи? 
Гүлнур. Койчу, ай, это совсем солидная фирма. Правительственная линия менен иштейт экен. 
Асыл. “Правительственная линия менен иштейбиз” деп койсо эле ишенип каласыңбы? 
Гүлнур. Бүт кагаздарынын баарын көрсөттү. Документациясын. Там, сүрөттөр турат. Премьер-министр менен түшүптүр. Чет өлкөнүн посолдору менен түшүптүр. Италиядан келген запросторду көрсөттү. 
Асыл. Качан кетет экенсиң? 
Гүлнур. Бир айдын ичинде. Ага чейин документтеримди даярдайт экенмин. 
Асыл. (Күрсүнүп) И-и… Все-таки кетет турбайсыңбы?..
Гүлнур. Давай, чогуу кетебиз? 
Асыл. Я бы с удовольствием. Мамам укаса-чалкасынан кетет. 
Гүлнур. Жакшылап түшүндүрбөйсүңбү. 
Асыл. Прекрасно түшүнөт. Просто… жалгыз да. 
Гүлнур. Хотябы бир жылга эптеп чыдап турбайбы. 
Асыл. Көнбөйт баары бир. Айтып көрөм, конечно.
(Пауза). 
Гүлнур. (Чечекейи чеч) Өзүм да ишене албай атам!..
Асыл. Эмнеге? 
Гүлнур. Вдруг ушундай жумуш табылып калганына. Никогда не думала ушундай иште иштейм деп. 
Асыл. Действительно жакшы иш экен. 
Гүлнур. Преставь себе — три тысячи долларов!..
Асыл. Преставляю. (Кичине тынымдан соң) Театрды эмне кыласың, эми? 
Гүлнур. Бир жума иштеп берем. Ага чейин замена табыш керек, мага. А дальше документтеримди даярдап чуркайм да. 
Асыл. Репетиция кылабызбы? 
Гүлнур. (Көңүлү көтөрүңкү) Конечно, кылабыз!..
(Экөө тең көшөгөнүн артына кирип кетишти. Куурчак оюндун репетициясы башталды. Сахнада токой. Жаш кыз эчки кайтарып жүрөт. Артына эки карышкыр аңдып келишет да, асманды тиктеп улуп киришет). 
Жаш кыз (Гүлнур). (Ыйламсырап) Бай күйөөгө тием деп, 
Байкуш болдум, кордолдум. 
Мал кайтарып моминтип, 
Малай болдум, кор болдум. 
Эңсейм деп жакшы турмушту, 
Ээн токойдо кыйналдым. 
Эчки багып моминтип, 
Эчкирип күндө ыйладым. 
Кагылайын, апаке, 
Карааныңа зар болдум. 
Капыстан түшүп капканга, 
Кара жаным кар болдум. 
Бөрүлөр менен алышып, 
Бөтөн жерде каламбы?!. 
Көзүмдөн учту Ата-Журт
Кайрылып аман барамбы?!.
(Илкий басып, эчкилерин айдап кетип баратты. Артынан эки бөрү аңдый жүрүп олтурушту).

 

Төртүнчү сахна

Түнкү шаар. Азамат менен Асыл көчөдө келатышты. 
Азамат. (Аптыга) Асыл!..
Асыл. (Наздана) Угуп атам? 
Азамат.(Аптыга) Сиз…
  Асыл. (Наздана жылмайып) Сүйлөңүз, сүйлөңүз…
Азамат. (Аптыкканы басылбай) Сүйлөсөм…
Асыл. (Назданган калыбында) Бат эле сүйлөбөйсүзбү, эми. 
Азамат. (Чекесинен тер чыгып) Асыл…сен…
Асыл. (Наздана күлүп) “Сенге” өттүкпү, дароо эле? 
Азамат. (Аптыкканы басылбай) Мага ушундай ыңгайлуу болуп атат. 
Асыл. (Назданган калыбында) Аябай маанилүү нерсени айткың…келип аткан го, ээ? 
Азамат. (Аптыккканы басылбай) И-и…
Асыл. (Назданган калыбында) Жагып калдымбы, сага? 
Азамат. (Таң кала түштү) Кантип билдиң? 
Асыл. (Күлүп) Сүрдөп атпайсыңбы, менден. 
Азамат. (Апатыкканын тыюга аракеттенип) Точно айттың! 
Асыл.(Күлүп) Көргөндө эле жактырдың, ээ, мени? 
Азамат. (Жүрөгү бир аз ылдыйлап) Психолог окшойсуң, ээ? 
Асыл. (Күлүп) Кашпировскийдин окуучусумун. 
Азамат. (Жүрөгү алда канча ылдыйлап) Чыныңды айтчы, эми. 
Асыл. (Күлүп) Тамаша. 
Азамат. (Башын чайкап) Баарын билип койгонуңа таң калып атам. 
Асыл. (Күлүп) Кыйын бекенмин? 
Азамат. Кыйын экенсиң. 
Асыл. (Күлүп) Ушундай “кыйын кыз” менен таанышканыңа кубанып атасыңбы? 
Азамат. (Күлүп) Естесвенно. (Башын чайкап) Сен соо эмес окшойсуң. 
Асыл. (Күлүп) Эмне, ведьма деген турасыңбы? 
Азамат. (Шашкалактап) Жок, жок!..Антип айтайын деген жокмун!..
Асыл. (Күлүп) Айтсаң да таарынбайм. (Артка кайрылды да кайра Азаматка кайрылганда чачын бетине түшүрүп, жезкемпирлерди туурай сүйлөдү) Жаш жигит, бул жерде эмне турасың? 
Азамат. (Таң кала карап) Окшоштуң! Точно, окшоштуң! Кадимкидей жүрөгүм болк дей түштү. 
Асыл. (Жезкемпир болгонун улантып) Мен эч кимге окшошкон жокмун. Бул мен-өзүммүн!.. (Колдорун сунуп сыйкырлай баштады, Азаматты). Жаш жигит, сен менден коркпо-о…Мен сени асманга-а…алыс жактарга-а… алып кете-ем..
Азамат.(Колу менен бетин калкалап) Пожалуйста, болдучу, чын эле корко баштадым… 
Асыл. (Каткырып жиберип, калыбына келди) Чын эле коркуп кеттиңби? 
Азамат. (Чын дилинен) Коркуп кеттим. Артист турбайсыңбы. 
Асыл. (Башын ийкеп) Артистмин. Туура таптың. 
Азамат. (Аябай таң калып) Подожди…кайсы театрда иштейсиң? 
Асыл. (Күлүп, позага туруп) Звезда маленького, частного театра. (Жүгүнүп койду). 
Азамат. Не-ет…сен даже чоң театрдагы артисттерден кыйын экенсиң. 
Асыл. (Күлүп) Калп айтпачы. 
Азамат. Калп айткан жокмун, я от души говорю. 
Асыл. Чынбы? 
Азамат. Чын. 
Асыл. (Күлүп) Түшүндүңбү, эми? 
Азамат. Эмнени? 
Асыл. Оюңду кантип билип койгонумду? 
Азамат. (Башын чайкап) Жок… Түшүнө элекмин…
Асыл. (Күлүп) Эх, ты, не путевый… Артист деген ар түрдүү образдарды жаратат. А образ жаратыш үчүн… 
Азамат. (Шашкалашктап) Түшүндүм, түшүндүм!.. Образ жаратыш үчүн адамдын… (мукактана) мүнөзүн… ну, кул-мүнөзүн… и-и… ички дүйнөсүн жакшы билиш керек. Туурабы?
Асыл. (Жылмайып) Мына, эми таптың. 
Азамат. (Күлүп) Не-ет. Сени менен киши зерикпейт экен. 
Асыл. (Күлүп) Конечно, ушинтип бекер концерт көрүп турсаң...
(Пауза).
Азамат. (Үнү өзгөрүлө) Асыл….
Асыл. (Наздана) Кулагым сенде. Сүйлө. 
Азамат. Эртең жолугабызбы? 
Асыл.(Ойноктоп) “Эртең”… ”Эртең”… Эртең мен биякта болбойм.
Азамат. (Суз боло түштү) Эмнеге? 
Асыл. (Ойноктоп) “Эмнеге, эмнеге”… Ошого (Күлүп койду). 
Азамат. Гастролго кетесиңби? 
Асыл. (Бышкырып) И-и… Индияга барам (индия бийинен бир-эки элемент көрсөтүп койду). 
Азамат. (Ишенип) Чын элеби? 
Асыл. (Күлүп) Тамаша. 
Азамат. Анда каякка барасың? 
Асыл. “Каякка, каякка”… Алы-ыс… алы-ыс жакка…
Азамат. (Суз) Чыныңды айтчы. 
Асыл. (Ойноктоп) Чып-чын айтып атам. 
Азамат. (Суз) Каякта болосуң, анан? 
Асыл. (Ойноктоп) Издеп барасыңбы? 
Азамат. (Чын дилинен) Барам. Каякта болооруңду айтып кой. 
Асыл. (Күлүп) Аябай сүйүп калгансың го, мени? 
Азамат. (Чын дилинен) Айтасыңбы? 
Асыл. (Сырдуу) Ошоякка телефон чаласың, же SMS-сообщение жиберип коёсуң-ошондо айтам. Же электронный адресиме кат жазып иесиң. (Сумкасынан визитка алып чыгып Азаматка берди). 
Азамат. (Визитканы алып) А менин визиткам жок. 
Асыл. Не беда. Главное, ты знаешь меникин. Этого достаточно.
(Пауза). 
Азамат. (Асылды каруудан кармады, толкундана) Асыл…
Асыл. (Наздана ойноктоп) Сразу эле өбүшөлүбү?
Азамат. (Башын чайкап) Баарын билип коёт экенсиң. 
Асыл.(Күлүп) Такая родилась. 
(Пауза).
Асыл. (Ойноктоп) Эмне турасың? 
Азамат. (Түшүнбөй) Эмнени айтып атасың? 
Асыл.(Күлүп) Өппөйсүңбү? 
Азамат. (Уялып кетти) А-а…
Асыл.(Ойноктоп) Бы-ы…
(Кыз-жигит кучакташып, көпкө чейин өбүшүп калшты).

 

Экинчи бөлүм

 

Бешинчи сахна

Жыргалдын офиси. Кабинет. Жыргал компьютер тиктеп отурду. 
Селектрдогу секретарь кыздын үнү. Жыргал эже, гезиттен бир корреспондент чалып атат. Сизден интервью алат элем дейт. 
Жыргал. Байланыштыр… (Телефондун трубкасын алды, сылык) Саламатчылык… Угуп атам… Ооба туура эле чалып атасыңар… Биз өзүбүздүн граждандарга чет өлкөдөн жакшы жумуш таап беребиз…Няня, гувернатка, үй кызматчысы… Биздин партнерлорубуз аябай солидный… Ушул кезге чейин ишибизден бир да жолу кемчилик кеткен эмес… Клиенттерибиздин баары ыраазы… Биз эми элдин жыргалчылыгы үчүн иштеп аткан мекемебиз да… Биз жумушка орноштургандардын жашоосу оңолуп кетсе деген эле ак тилек менен иштейбиз… Ырахмат. 
(Трубканы ордуна койду. Мониторун карап) Апей, бул кыз эмне жүрөт, биякта?..
(Селекторун басып) Жазира!..
Селектордогу үн. Угуп атам, эже. 
Жыргал. Тиги кыз эмне келиптир?
Селектордогу үн. Сизге кирет элем, зарыл ишим бар дейт. 
Жыргал. (Кабагы бүркөлө) Сурачы эмне “зарыл иш” экенин?
(Пауза).
Эмне дейт?
Селектордогу үн. Өзүңүзгө гана айтам дейт
Жыргал. (Кабагы салыңкы) Киргиз. 
(Пауза. 
Кабинетке Асыл кирип келди). 
Асыл. (Мукактана) Эже…
Жыргал. (Кабагын түйө) Тез сүйлө!..
Асыл. (Тарткынчактай) Эже…мен…үч төрт күндөн кийин кетсем болобу? 
Жыргал. (Ачуусу келе) Эмне?!. Эмне?!. 
Асыл. (Тарткынчактап) Мамам ооруп калды, неожиданно… түндө… Эки үч күн жанында тура турсамбы, дегем… Менден башка карай турган кишиси жок. 
Жыргал.(Ачуулуу) Ай, кыз сенин мээң ордундабы, ыя?!. Эмне, сага өзүнчө самолёт жалдайлыбы?!. Бул деген чартерный рейс!..
Асыл. (Кыйылып) Мамам…
Жыргал. (Жини кайнап) Мамаңдын оору экенин билсең, эмне келдиң бизге, темселеп?!.
Асыл.(Оозунан сөзү түшүп) Оорулуу деле эмес, эже… Азыр… кичине…
Жыргал. (Катаал) Мээмди айлантпа, ай кыз!.. Барсаң, кечке чейин как штык даяр бол!… Барбайсыңбы-давай, сага кеткен чыгымдарды сразу төлө и көзүмө көрүнбөй жогол!..
Асыл. (Ыйламсырай) Эже… барам… бирок… түшүнсөңүз…
Жыргал.(Катаал) Түшүнбөйм-этпейм!.. Же бүгүн кечинде башка кыздарга кошулуп кетесиң!.. Же сага кеткен чыгымдардын баарын проценти менен немедленно төлөйсүң!..
Асыл.(Дендароо боло түштү) Эже, менде андай мүмкүнчүлүк жок да!..
Жыргал. (Суз) Эти твои проблемы!.. Төлө!.. И все!..
  Асыл. (Аргасы кетип) Төлөй албайм да, эже?!
Жыргал. (Капысынан буркан-шаркан түшүп) Эмне үчүн төлөй албайсың?!. Төлөйсүң!.. Еще как төлөйсүң!.. Төлөбөй эле көрчү!.. (Телефонуну чала баштады) Каматып таштайм, азыр!..
Асыл. (Жалооруп) Эже!.. Барам!.. Барам!..
Жыргал.(Ачуусун бир аз басып) Барасыңбы?!..
Асыл.(Ыйламсырап) Барам, эже!.. Барам!..
Жыргал. (Өткөн) Давай, анда, жөнө үйүңө! Даярдан!..
Асыл.(Кыйылып) Эже!.. Барам… Бирок…
Жыргал. (Кекээрлеп) И-и?.. Дагы эмне?..
Асыл. (Жалынып) Эже, мамам айыккандан кийин барайын!.. Адресин айтсаңыз, өзүм эле таап барам!
Жыргал. (Кекетип) Ай, кыз!.. Сөзгө түшүнөсүңбү ыя?!. Мен сага эмне деп атам, эртеден бери?!. Сен өзүң жалдайсыңбы самолётту?!.
(Асылдын башы шылк эте түштү. 
Пауза). 
Жөнө!.. Жөнө!.. Жөнө, үйүңө!..
(Асыл шалдайган боюнча эшикти көздөй басмакчы болгондо, сырттан Азамат кирип келди, капысынан). 
Азамат.(Жыргалга) Мама… (Асылды көрүп буйдала түштү, таң кала) Привет. 
Асыл. ( Бир чети таң кала, бир чети өзүн ыңгайсыз сезип, ооз учунан) Привет… (Чыкканга шашты). 
Азамат. (Таң калган боюнча) Эмне жүрөсүң, биякта?
Асыл. (Уялып) Жөн эле… (Эшикке бет алды). 
(Жыргал бир уулун, бир Асылды тиктеп таң калып турду). 
Азамат. (Асылга) Если можешь, подожди в приемной, пожалуйста. 
Асыл. (Башын билинээр-билинбес ийкеп) Хорошо… (Чыгып кетти). 
Жыргал. (Азаматка) Бул кызды каяктан билесиң? 
Азамат. (Уялыңкы) Ну… мама… 
Жыргал. (Бүшүркөп) Сүйлөшкөн кызың ушубу?!.
Азамат. (Кызарып-татарып) Она мне нравится…
Жыргал. (Эмне дээрин билбей) Азамат?!.
Азамат. Гастролуна жардам берип атасыңбы, мама?
Жыргал. (Мурунку абалынан чыга албай ооз учунан) Эмне гастроль? 
Азамат. (Кысылыңкы) А-а… Мен ойлогом… Значит, башка эле иштер менен келген турбайбы, анда? 
Жыргал. (Ооз учунан) Ооба… башка иштер менен…
(Пауза).
Азамат. (Таң кала) Экөөңдүн тааныш болуп калганыңарды карасаң…
Жыргал. (Суз) И-и…
Азамат. (Шашыла) Мама, мен Асылды жөнөтүп коёюн… (Эшикке умтулду). 
Жыргал. (Ыкчам) Азамат, коё тур…
Азамат. (Шашкалактай) Мама, мен азыр… (Чыгып кетти). 
Жыргал. (Артынан кошо умтулуп) Азамат!.. Азамат, дейм!.. (Кыжыры келип, барып селекторун басты) Жазира!..
Селектордогу кыздын үнү. Угуп атам, Жыргал эже. 
Жыргал. (Буюра) Азаматты чакыр, телефонго!..
Селектордогу кыздын үнү. Уулуңуз жанагы кыз менен чыгып кетпедиби. Көргөн жоксузбу? 
Жыргал. (Мониторду карап, кыжынып) Албарстыдай болуп келе калганын карасаң, жалаптын!.. (Селекторду басып) Жазира!..
Селектордогу кыздын үнү. Угуп атам, эже.
Жыргал. (Буюра) Чуркаган бойдон чыгып, Азаматты чакырып кел!..Тез!..(Селекторду өчүрүп койду). Баламдын башым айланткан экен да, бул жалап!.. (Кекене) Сениби, шашпа!.. Көз көргүс жакка жоготом!.. Биякка вообще келгис кыла албасам элеби!.. (Пауза. Мониторду карады да, селекторду басты). Келатабы, Азамат?!. 
Селектордогу кыздын үнү. Жок, эже. Кетип калыптыр, көрүнбөйт эч жерде. 
Жыргал. (Ачуулуу) Жакшылап карадыңбы?!. 
Селектордогу кыздын үнү. Жакшы эле карадым…
Жыргал. (Ачуулуу бурк этип) Болуптур. (Кайра телефон чала баштады). 
Селектордогу Азаматтын үнү. Алло!.. Угуп атам.
Жыргал. (Ачуулуу) Каякта жүрөсүң, сен?!. 
Селектордогу Азаматтын үнү. Асылды узатып коёюн деп баратам. Бир аздан кийин келем. 
Жыргал. (Өкүм) Азамат!.. Немедленно кел!..
Селектордогу Азаматтын үнү. Азыр анте албайм, мама. Асылды узатып коюп, анан келем дебедимби. 
Жыргал. (Истерикага түшүп, чаңырып) Азамат!!!
Селектордогу Азаматтын үнү. Ладно, мама, анан сүйлөшөлү, ээ? (Селектордо телефондун “Ту-ук…ту-ук..” эткен үнү угулуп калды). 
Жыргал. (Кыжынып) Менден сага ушул жалап артык болуп калган экен да, ээ?!. (Кайра телефон чалды). 
Селектордогу үн. Здравствуйте. В настоящее время аппарат вызываемого абонента отключен. Просьба, повторить позднее. 
Жыргал. (Ачуусуна туттугуп) Баламдын башын айлантып алган экенсиң, ээ, жалап?! Көзүңдү гана тазалайм!..

 

Алтынчы сахна

Көчө. Асыл аллея менен шашып баратты. Жанында ашыга баскан Азамат. 
Азамат. (Асылды токтотууга аракеттенип) Асыла!.. Пожалуйста, токточу. 
Асыл. (Суз) Шашып атам дебедимби. Апам оору…
Азамат. Нормально сүйлөшчү мени менен. 
Асыл. Эмне жөнүндө? 
Азамат. Ачыгын айтчы. 
Асыл. Эмненин? 
Азамат. Гастролуңду…
Асыл. (Мыйыгынан) “Гастроль…” 
Азамат. Эмне үчүн мамам сага нааразы болуп атат? 
Асыл. (Суз) Сага ошентип айттыбы? 
Азамат. Я же вижу, мамамдын реакциясынан. 
Асыл. (Суз) Если видишь… мамаңдан сура калганын. 
Азамат. Акчасын толук төлөй албай атасыңбы, гастролуңдун? 
Асыл. (Суз) Азамат… Знаешь…
Азамат. Биринчи мени укчу, пожалуйста. Эгер акчаң жетпей атса, мен төлөп берем. Канча керек?
Асыл. (Кабагын түйүп) Азамат!.. Мени жайыма койчу, пожалуйста!..
Азамат. (Айласы куруп) Асыл, мен сага жаман эч нерсе айтып аткан жокмун го. Я хочу помочь тебе. 
Асыл. (Кабагын түйгөн калыбында) Мага эч кимдин жардамынын кереги жок. 
Азамат. (Шагы сына) Болуптур… (Туруп калды. Асыл токтобой кетип калды. Жигит кызды узата карап турду да, аллеянын четиндеги орундукка коомай олтуруп, башын жерге салып ойлонуп калды. 
Жигит бир аз олтургандан кийин кетип калган жагынан кайра Асыл көрүндү. Жигит аны элес алган жок. Асыл шашпай басып Азаматка жакындай баштады. Кыз окчун келип калганда гана жигит аны байкады. Оордунан дароо ыргып туруп, Асылды көздөй шашыла басты. Экөө бири-бирине жете беришип, капысынан кучакташып калышты). 
Асыл. (Эркелей) Кечирип койчу, пожалуйста. 
Азамат. (Көңүлү көтөрүңкү) Мен сага таарынган жокмун. 
(Экөө аллеянын четиндеги орундукка келип олтурушту). 
Асыл. Ладно… Кичине олтура туралы, ээ? А то мен аябай шашып атам. 
Азамат. Айтчы эми, пожалуйста. Эмне болду? 
Асыл. Мен чет өлкөгө кетип атам…
Азамат. Билем, гастролго. 
Асыл. Гастролго эмес. Иштегени. 
Азамат. (Таң кала) Иштегени? 
Асыл. Ооба. Мамаңдын фирмасы аркылуу. 
Азамат. А эмне иш иштейт экенсиң? 
Асыл. Аны так билбейм. Жакшы төлөп беришет деген, мамаң. 
(Кичине тынымдан соң). Мындан жарым жыл мурда менин Гүлнур деген подружкам кеткен. 
Азамат. Чет өлкөгөбү? 
Асыл. Ооба. Тоже сенин мамаңдын фирмасы аркылуу. 
Азамат. Сурап-билдиң беле анан, анын кандай иште иштеп атканын? 
Асыл. Тиякка жетээр замат телефон чалган. 
Азамат. Эмне деп? 
Асыл. “Асыла, бияк просто сказка!” деген болчу. Андан кийин почему-то такыр байланышпай калды. 
Азамат. Кайсы өлкөгө кетти эле? 
Асыл. Италияга. 
Азамат. А сен каякка кеткен атасың? 
Асыл. Мени да Италияга барасың деген,мамаң. 
Азамат. А мамам менен эмне проблема болуп атат, анан? 
Асыл. Бүгүн кечинде учмакпыз. Түндө мамам ооруп калыптыр. Ага каралаша турган эч ким жок. Мен анын жалгыз кызымын да. Мамама каралаша туруп, кийинчерээк барайын десем…
Азамат. (Шар) Давай, ошент…
Асыл. Мамаң болбой атат.
Азамат. Эмне деп? 
Асыл. Атайы самолёт жалдаптыр. 
Азамат. Сагабы? 
Асыл. (Күлүп) Мен жалгыз эмесмин да. Килтейген самолёт жалдагандан кийин мен, сыяктуулар көп болуш керек. 
Азамат. А может быть, вообще не поедешь? 
Асыл. (Башын чайкап) Жок!.. Жок!.. Мен жакшы акча табышым керек. Мамамдын менден башка ишене турган эч кимиси жок. Жакырчылыкта жашагандан тажадым. Жакшы акча таап келип, өзүмдүн ишимди ачам. 
Азамат. Асыл… А если, мен… обеспечить этсемчи, сени? 
Асыл. (Күлүп) Сенби?..
Азамат. А эмнеси бар экен? 
Асыл. В качестве кого? 
Азамат. (Кызарып-татарып) Ну… допустим… жениха… мужа…
Асыл. (Каткырып) Жениха?!. Еще мужа?!. 
Азамат. (Таарына) А что, нельзя?..
Асыл. (Күлүп) Кечээ тааныша калып эле, бүгүн үйлөнөбүзбү? 
Азамат. Ромео менен Жульетта бир көргөндө эле бири-бирин сүйүшүп, ошол түнү эле…
Асыл. ...чогуу жатып алды дечи. 
Азамат. А что, не правда? 
Асыл. (Тамашалай сөөмөйүн кесеп) Жаман оюң бар экен, ээ? 
Азамат. (Түшүнбөй) Эмне ой? 
Асыл. (Күлүп) Ромео менен Жульеттаны туурайлы сразу деп ойлогон экенсиң да. 
Азамат. (Кызарып-татарып) А эмне сразу ошондой ойлойсуң? 
Асыл. (Күлүп) Өзүң айтып атпайсыңбы, ошентип. 
Азамат. Эмне деп? 
Асыл. (Күлүп) Сразу эле Ромео Жульеттадай боло калалы деп. 
Азамат. (Кызарып-татарып) Качан айттым? 
Асыл. (Күлүп) Азыр эле айтпадыңбы. Күйөөң боло калам дебедиңби. 
Азамат. (Кызарып-татарып) Может быть, это для тебя шутка… (Тарткынчактап) Мен сени аябай…
Асыл. (Күлүп) Сүйүп калдым дечи? 
Азамат. (Ого бетер кызарып-татарып) Ооба… аябай сүйүп калдым, сени!..
Асыл. (Азаматты башынан сылап) Эх, ты, мой несчатный Ромео. 
Азамат. Почему несчастный?
Асыл. (Күлүп) А разве Ромео был счастлив? 
Азамат. (Кызарып-татарганы жасылбай) Ну да… ты права.
(Пауза). 
Асыл. Ладно. Хорошо поговориили. Мне пора (ордунан турду). 
Азамат. (Асылды колунан кармап) Жок, жок!.. Мен сени эч жакка жибербейм. 
Асыл. (Кабатырлана) Ты что?!. Мамаң мени бышырып жейт!..
Азамат. Мамамды мага кой. Я попробую её уговорить.
Асыл. (Таң калып) Мен сени баятан бери тамашалап аткан экен десе. 
Азамат. Я же тебе очень серьезно сказал. 
Асыл. (Бошонууга аракеттенип) Азамат, такие вещи вот так не решаются 
Азамат. (Коё бербей) А как? 
Асыл. Мен биринчи барып келейин, Италияга. За это время мы с тобой хорошенько подумаем, а потом решим. 
Азамат. (Тизелей калды) Пожалуйста, я прошу тебя!.. 
Асыл. (Күлүп) Ромео деп койсо,чын эле Ромео болуп кетесиң да. Тур ордуңдан. Уят. 
Азамат. (Көгөрүп) Сен “да” демейинче турбайм. 
Асыл. (Айласы куруп) Кыйнабачы мени, Азамат. 
Азамат. (Ындыны өчө) Сен мени сүйбөйсүңбү? 
Асыл. (Күлүп) Сүйөйүнбү? 
Азамат. (Жаңдана түштү) Айтчы, эми, пожалуйста. 
Асыл. (Күлүп) Айтам… Италиядан келгенде. 
Азамат. (Кайрадан ындыны өчө) Түшүндүм…
Асыл. Эмнени? 
Азамат. Ну…Сүйбөйсүңдү…
Асыл. (Күлүп) Мен антип айткан жокмун. 
Азамат. (Кайра жанданып) Сүйөсүңбү, анда?!. 
Асыл. (Күлүп) Сага ушу сүйүү аябай керекпи? 
Азамат. Керек!..
Асыл. А ты знаешь, что я актриса? 
Азамат. Актриса болсоң эмнеси бар экен? 
Асыл. Мен разный ролдорду ойношум мүмкүн…
Азамат. Ойной бер. Мен сага тоскоол болбойм. 
Асыл. (Сынай) Да? 
Азамат. Да. 
Асыл. А кокус бирөө менен өбүшкөн, же постельный сценадагы роль ойноп калсамчы? 
Азамат. (Ойлоно түштү) Обязательно өбүшүш керекпи? 
Асыл. Мына, көрдүңбү?..
Азамат. (Шашкалактап) Всё ровно по-настаящему өбүшпөйсүңөр да, туурабы? 
Асыл. По-настоящему эле өбүшөбүз. 
Азамат. (Аргасы куруй) Төшөккө да по-настоящему жатасыңарбы? 
Асыл. (Мыйыгынан күлүп) Андай болуп калышы да мүмкүн…
(Пауза). 
Азамат. (Жандана түштү) Тогда эмне, по-настоящему да өлөсүңөрбү? 
Асыл. (Каткырып ийди) Митаам экенсиң, ээ…
Азамат. (Кошо күлүп) Кармалдыңбы? 
Асыл. (Күлүп) Значит, по-настоящему эмес өбүшсөм, по-настоящему эмес төшөккө жатсам, по-настоящему эмес сүйүшсөм…
Азамат.…по-настоящему эмес өлсөң. 
Асыл. (Күлүп) И-и…Ошентсем. Кызганбайт экенсиң да? 
Азамат. Ради бога, сколько хочешь, только не по-настоящему. 
Асыл. Анан? 
Азамат. Только мени сүй…
Асыл. ...по-настоящему? 
Азамат. Да. Только мени менен өбүш…
Асыл. ...по-настоящему? 
Азамат. Да. Только мени менен…(буйдала түштү). 
Асыл. ...төшөккө жат, по-настоящему? 
Азамат. (Кызарып кетти) Да…
Асыл. Ладно…
Азамат. (Кубанып кетти) “Ладно” дегениң, значит “сүйөм” дегениңби? 
Асыл. (Күлүп) Ушул сөздү эле айттыра албай убара болуп атасың, ээ? 
Азамат. Скажи “да”. 
Асыл. Я же сказала. 
Азамат. (Чечекей чеч боло) Бүттү эми!.. Эч жакка барбайсың!..
Асыл. (Кабатыр боло) Мамаңдан коркуп атам. 
Азамат. (Чечкиндүү) Вообще, коркпо! Дайвай, ал жөнүндө ойлобочу. Мага кой дебедимби. Я решу! — (Пауза) Пошли куда-нибудь. 
Асыл. Куда? 
Азамат. Погуляем!..
Асыл. Знаешь, у меня мама больна. Она дома одна. 
Азамат. Жүрү, анда, мороженое жейбиз. 
(Ошол учурда Асылдын мобильнигине сигнал келди). 
Асыл. Ой!.. Мобильнигине сигнал келди. Извини. (Мобильнигин алып, келген сигналды окуй баштады, өңү заматта өзгөрүп кетти. Оозун колу менен жаап) Кудай, ай!.. Кудай, ай!..
Азамат. Эмне болду? 
(Пауза).
Асыл. (Өзүн токтотуп,суз) Ты знал, чем занимается твоя мама? 
Азамат. (Таң кала) Конечно, знаю. 
Асыл. (Суз) Значит, вы одна шайка-лейка?!. 
Азамат. (Ого бетер таң калып) О чем ты говоришь?!. 
Асыл. (Азаматты укпай, ыйламсырап) “Италия!..” “Америка!..” Преступники!..
Азамат. (Ого бетер таң калып) Кто? 
Асыл. (Ыйламсыраган боюнча) Кто?!.. Кто?!.. Вы!.. Вы!.. Кто еще!..
Азамат. (Эмне дээрин билбей) Асыл?!
Асыл. (Ыйламсыраганы басылбай) Уходи прочь!..Уходи!..
Азамат. (Башка чапкан немедей) Асы-ыл?! 
Асыл. (Тиштене) Уходи, говорю!.. Уходи!..
(Пауза).
Азамат. Дай сюда мобильник, пожалуйста!..
Асыл.(Мобильникти ала качып) Нет!.. Нет!.. Не трогай меня!.. Уходи!..
Азамат. (Жалынып) Пожалуйста!.. Прошу!.. Дай мобильник!..
Асыл. (Азаматты карап башын чайкап) Нахал!.. (Мобильникти берди). 
Азамат. (Мобильникти алып, билдирүүнү окуду да, эмне кылаарын билбей туруп калды. Күбүрөнүп) Не правда!.. Не правда!..
Асыл. (Башын чайкап) Ушунучалык уятыңар жок экен, ээ?!.
Азамат. (Тамагы буула) Нет!.. Нет!.. Мындай болушу мүмкүн эмес!..
Асыл. (Жек көрө) Эмне үчүн мүмкүн эмес?!. Ты хочешь сказать, что она врет?!. 
Азамат. (Дендароо болуп) Нет, я не об этом… Боже мой!.. Боже мой!.. Если это правда?!. Если это правда?!. 
Асыл. (Жек көрө карап) Анткорлонбочу, пожалуйста!.. Мне противно смотреть на тебя!..
Азамат. (Көзүнө жаш толуп) Асыла!.. Почему так?!.Почему?!. 
Асыл.(Жек көрө карап) Опрадываешься, да?!. 
Азамат. (Тамагы буулуп) Я не оправдываюсь… Просто..
Асыл. (Жек көрө карап) Артист!.. (Жолуна түштү). 
Азамат. (Артынан умтулду) Асыл!.. Асыла!..
Асыл. (Жек көрө) Ээрчибе!.. Я ненавижу тебя!.. Я ненавижу вас!..
Азамат. (Ыңдыны өчө) Асыла!.. Подожди!.. Послушай, пожалуйста!..
Асыл. (Жек көрө) Калып кал!.. Болбосо, азыр милиция чакырам!.. (Кетип калды). 
Азамат. (Көзүнөн жаш тамчылап) Мама!.. Мама! (Ошол калыбында артын көздөй басты).

 

Жетинчи сахна

Жыргалдын кабинети. Кабагын түйгөн Жыргал компьютерди тиктеп олтурган. Сырттан Азамат кирип келди. 
Жыргал. (Нааразы боло) Бул эмне ээн баштыгың, балам?.. Мени каакым ордуна көрбөй кайдагы бир… неме менен басып кетесиң!..
Азамат. (Кабагын түйүп) Кайдагы бир эмес…
Жыргал. (Ачуусу келип) Ошол түйдөк чач үчүн мени менен айтышкан турасыңбы?!. 
Азамат. (Кабагы түйүлө) Антип оскорблять этпеңиз, мама!..
Жыргал. (Беймайланып) Эмне ороңдойсуң?!. Сабайсыңбы?!. 
Азамат. (Кабагы түйүлө) Мама, ал эмне дегениңиз?!. Ушундай да сөз айтасызбы?!. 
Жыргал. (Бейжайлана) Айтам!..Эмне үчүн айтпайт экенмин?!. Уруп жиберчүдөй болуп карап атсаң!..
Азамат. (Кабагы түйүлө) Антип караган жокмун!..
Жыргал. (Бейжайлана) Гүл көтөрүп кирдиңби, анан?!. 
Азамат. (Кабагы түйүлө, кырс) Папама көрсөткөн кыялдарыңызды көрсөтпөңүз, мага!..Мен сизге…көпкөн мент эмесмин!.. 
Жыргал. (Келмеси оозунан түшүп) Эмне деп атасың, сен?!.
Азамат. (Кырс) Эмне уксаңыз-ошо!..
Жыргал. (Ыйламсырамыш этип) И-и…Папаң бүтүп, эми сен калдыңбы, мени кодулай турган. 
Азамат. (Кырс) Сизди эч ким кодулаган жок. 
Жыргал. (Ыйламсырамыш этип) Моминтип корсулдап атканың, кодулаганга жатпайт экен да, ээ?!. 
Азамат. (Жаны күйүп) Мама!.. Каалаганыңыздай бурмалай бербеңизчи, пожалуйста!..
Жыргал. (Ыйламсырамыш этип) Койдум…койдум…кокуй!..
(Пауза). 
Азамат. (Кабагы түйүлгөн калыбында) Мама!..Сиз эмне иш кыласыз? 
Жыргал. (Бүшүркөп) Эмне иш кылат экемин? 
Азамат. (Кабагы түйүлө) Ошону сизден сурап атам. 
Жыргал. (Сыр билгизбей) Кайсы ишимди сурап атасың? 
Азамат. (Кабагы түйүлө) Ушул… мобул ишиңизди…
Жыргал.(Сыр билгизбей) Эмне иш кылат экемин? 
Азамат. (Кабагы түйүлө) Ошону сизден билейин деп атам. 
Жыргал. (Бүшүркөп) И, анчалык эмне болуп кетти?
Азамат. (Кабагы түйүлө) Ушул чынбы, мама?!. 
Жыргал. (Түшүнбөмүш этип) Эмнени айтып атасың? 
Азамат. (Жарылып) Ишиңизди айтып атам, мама!.. Ушул ишиңизди!.. Мобул ишиңизди!..
Жыргал. Кыйкырба… Акырын!.. Эл угат!..
Азамат.(Токтоно албай) “Эл угат?..” Элден уяласызбы?!.
Жыргал. (Тыйганга аракеттенип) Сага эмне болуп атат, ыя?!. 
Мен сенин энеңмин!.. Түшүнөсүңбү ушуну?!.
Азамат. (Өзүн араң токтотуп) Мама!.. Сиз антип мени упрекать этпеңиз?!.
Жыргал. (Нааразы түр көрсөтө) Сеники жакшыбы, анан?!.
Азамат. (Жарылып) Анан, сиздики жакшыбы, мама?!. 
Жыргал. (Сыр билгизбей) Эмне кылыптырмын, мен?!. 
Азамат. (Көзүнө жаш толо) Вы… работорговка!.. Понимаете, мама?!.
Жыргал. (Өңү өзгөрүлүп) Ким айтты сага, ошону?!.
Азамат. (Жаны ого бетер күйүп) Мама!.. Я же вам не чужой!.. Я же ваш сын!..
Жыргал. (Демин басып) Жанагы түйдөк чач жамандадыбы?!. 
Азамат. (Көзүнөн жаш кетип) Ай, мама!.. Ай мама!.. Ушинтип жанды күйгүзөсүз да!..
Жыргал. (Нааразы болгон түр көрсөтө) Менин жаным сеникинен жаман күйүп атат, балам!.. Кантип, уялбай, мамаңа жалаа жаап атасың?!. Бирөөнүн көкүтүүсү менен!..
Азамат. (Башын чайкап) Эми, ушу мени алдагыңыз келип атат, ээ?!. (Мобильнигин алып телефон чалды). 
Асылдын үнү. Алло… Эмне керек сага?!. 
Азамат. Пожалуйста телефонуңду өчүрбөчү!..
Асылдын үнү. (Суз) У меня нет времени… 
Азамат. Подожди!.. Подожди!.. Мен азыр мамамдын кабинетиндемин. Жанагы мен окуган сообщениени окуп берчи, пожалуйста!..
Асылдын үнү. Зачем? 
Азамат. Надо!.. Пожалуйста!..(Мобильнигин Жыргалга жакындатты). 
Асылдын үнү. (Окуй баштады) “Асыл!.. Мен биздин консульстводон сага билдирүү жиберип атам. Мени Италияга эмес, Аравияга, притонго сатып ийиптир, баягы аял. Араңдап жатып бошонуп чыктым. Баргандан кийин ал аялдан өч алам!.. Сен ага чейин гезиттерге билдирүү берип койчу, макулбу? Мени менен кошо сатылган кыздар притондо калышты. Алардын ага-туугандары тиги аял менен эсептешишсин!.. Подпись: Гүлнур” Болдубу?
Азамат. Болду. Ырахмат!..
Асыл. (Ооор күрсүнүп) Угуп туруңуз, эми мени. Сиз ушунча бейкүнөө кыздардын көз жашынан байлык топтогуңуз келген экен, ээ?!. Ошолордун көз жашын, убалын, каргышын ойлодуңузбу?! Ушунча адамдын каргышы сизди эч качан тынч койбойт!.. Эгер Кудай бар экени чын болсо!.. Акыры бирди көрөсүз!.. (Мобильнигин өчүрүп салды). 
Жыргал. (Жанталаша) Бул калп!.. Бул калп!.. Жанагы кыздын кылыгы!.. Азыр мен аны папаңа айтып, түрмөгө салдырам!.. За клевету!.. (Мобильнигин колуна алды). 
Азамат. (Кыйкырып) Ма-ма!!! Ма-ма!!! 
(Жыргал селейе түштү). 
Уятыңыз барбы?!! Уятыңыз барбы?!! 
(Узакка созулган пауза. Бир аздан соң. Азамат дендароо боло күбүрөй баштады) Значит папа вас “крышевал”. А вы… под видом благородного дела, занимались работорговлей… Сколько судеб покалечили… Боже мой!.. Боже мой!.. А я-то думал.. Какой я слепой… (Эшикти көздөй бет алды). 
Жыргал. (Жанталаша алдынан тосуп) Каякка барасың, балам?!.
Азамат. (Кайдыгер) Мама, жолумду тоспоңуз…
Жыргал. (Жанталашып) Укчу!.. Укчу! Мени, уулум!..
Азамат. (Кайдыгер) Жолумду тоспоңуз…..
Жыргал. (Жанталашып) Балам!.. Балам!.. Кичине эле угуп койчу!.. Кичине эле!..
(Азамат токтоп калды. Жыргал бышактай үсүл-кесил сүйлөй баштады). 
Мен, эмне, жыргаганымдан ушул ишти баштаптырмынбы?.. Айла кеткенден, папаң экөөбүз…ушул ишке бардык да…Сен кем-карч болбосун деп…Эл катары жакшы жашайлы деп…
Азамат. (Кайдыгер) Мама… Болду, эми… Болду… (Чыгып кетти). 
Жыргал. (Уулунун артынан умтулдуп) Аза-мат!.. Балам!..

 

Сегизинчи сахна

Менчик театрдын ичи. Сахнада куурчак спектаклдин жасалгасы турат.Маанайы пас, Асыл жалгыз өзү репетиция кылып атты.
Куурчак спектклде алыста Аялдын үйү өрттөнүп атты. Өртөнгөн үйү тарабынан аял келатты жанталашып, эчкирип ыйлап. 
Аял. Жардам, жардам, кагылайын адамдар?!.
Үйүм күйүп, күлгө айланып кетет ко!
Жардам берчи, кошуналар, жабылып, 
Көптөп ийсе, өрт заматта өчөт ко!..
(Эч ким басып келген жок). 
Барсыңарбы, кагылайын эл-журтум?!.
Жардам берип, сактап калчы баарылап!..
Жалын жалмап,жылас кылса үйүмдү, 
Кызың анда шорго башы малынат!..
(Эч ким басып келген жок). 
Жардам, жардам, айланайын адамдар!..
Жардамдашып,баскылачы жалынды!..
Азыр үйүм, тыйпыл болсо жалында, 
Анда кызың куу турмушка кабылды!..
(Эч ким басып келген жок). 
Киши жокпу, жардам берчү кызыңа, 
Кагылайын, айланайын, адамдар?!. 
Мерез беле, таш боор беле жүрөгүң?!. 
Мөгдөп турса, карабайсың, балаңар!!!
(Ошол учурда кара кездемеге оронуп алган кыз көрүндү. Кыз аялдын маңдайына келди). 
Кыз. Ай, “эжеке”, канчаларды какшаттың!..
Көлдөттүң го,канчалардын көз жашын…
Кусур урат, каргыш тиет акыры, 
Кабылдыбы каран түнгө өз башың?!. 
(Кыз кетип калды). 
Аял. (Кыздын артынан колун сунуп) Жа…жа…жар…дам!..
(Асыл аялдын куурчагын көтөрүп чыкты). 
Асыл. (Башын чайкап өзүнчө сүйлөнүп) Мы все лохи!.. Баарын көрүп-билип туруп, анан кайра (куурчакты көрсөтүп) момунун капканына түшүп беребиз. Таң калычтуу…
(Пауза). 
Гүлнур экөөбүздү карабайсыңбы… Өзүбүз ушул жөнүндө оюн коюп жүрөбүз. А кайра өзүбүз… Мхи.. Почему так?.. Түшүнбөйм…
(Пауза. Ошол маалда сырттан Азамат кирди. Уландын маанайы аябай пас эле).
Азамат. (Көңүлү чөгүңкү) Привет. 
Асыл. (Таң кала) Здравствуй… Как ты нашёл меня? 
Азамат. (Айткысы келбей) Видишь… нашёл же… Мир тесен. 
(Пауза).
Асыл. Зачем пришёл?
Азамат. Просто… хотел повидаться с тобой. 
Асыл. Зачем? 
Азамат. (Көңүлү чөгүңкү) Кетип атам. 
Асыл. Каякка? 
Азамат. Алыс… Сени менен коштошуп коёюн дегем… Асыл… ошол… Ишенесиңби, же ишенбейсиңби, өзүң бил. Бирок мен мамам менен папамдын ишин ушу кезге чейин билген эмесмин. Точнее кызыккан эмесмин. Я не думал, что они способны на такое… Я не оправдываюсь перед тобой…
(Пауза. Оор күрсүнүп) Ушундай жакшы пландарым бар эле… Экөөбүз чогуу болуп… бирге жашайбыз го деп ойлогом…Очень жаль, теперь всего этого не будет… Никогда… (Пауза). Но я перед тобой не виноват. Я расплачиваюсь за поступки своих родителей. (Пауза) Ладно… Видимо все это тебе не интересно. 
(Асыл мелтиреп унчуккан жок). 
Прощай. (Улан чыгып кетти. Асыл мелтирей карап турду да, анан капысынан өксөп ыйлап ийди. Өпкө-өпкөсүнө батпай көпкө чейин ыйлады куурчак сахнаны жыйнап атып.)

 

Тогузунчу сахна

Көөдөй караңгы түн. Аңгыча теребелди жаңыртып ачуу чаңырык чыкты. 
Аялдын чаңырыгы. А-а-а-а!!!
(Көөдөй түндүн арасынан бүлбүл жарык түшүп, чачы-башы саксайган, түнкү кийимчен Жыргал чуркап чыкты). 
Жыргал. (Жаш аралаш кыйкырып) Мар-лис!.. Мар-лис!.. Карачы коку-уй!.. Карачы!.. Уулум!!!
(Күңүрт шоолада асылып турган кишинин сөлөкөтү көрүндү. Ал Азамат болчу). 
Жыргал. (Жер муштагылап) Мар-лис!.. Мар-лис!.. Карачы уулуңду!.. (Өкүрүп-өксөп, жанын коёрго жер таппай турду).

 

Эпилог

Шаардын бейити. Бир байлам кара жоолукчан Асыл Азаматтын мүрзөсүнө гүл коюп жүргөн. Обочоороктон Жыргалдын карааны көрүндү. Ал жалтактап Асылга жакындай албай турду.
Асыл. (Жаш жууган көздөрү менен Жыргалды жек көрө карады) Эмне үчүн сиз!.. Сиз өлгөн жоксуз?!. Азамат эмес, сиз!.. Сиз өлүшүңүз керек болчу! 
(Жыргал башын жерге салып солуктап атты).

Бүттү

25.03.06 — 29.04.06

 

© Жаныш Кулмамбетов, 2006. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 3784