Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Драматургия, киносценарийлер, Драматургия / Улуттук жазуучулар Союзу сунуштайт
© Жаныш Кулмамбетов, 2008. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 3-ноябры

Жаныш Осмонович КУЛМАМБЕТОВ

Ипархан – Сянь-Фэй

(Эки бөлүмдүү тарыхый драма)

Бул тарыхый драмада байыркы уйгур менен кытайлардын ортосундагы саясий тирешүү чагылдырылган. Улуу сүйүүнүн ал каардуу саясатка дагы баш ийбестиги ынамдуу көрсөтүлгөн.  

Катышуучулар:

Ипархан (Сянь — Фэй) – уйгур ханынын аялы.
Хун Ли – Кытай императору.
Сяо Шень – императордун энеси.
Синь Тяй – императордун көрөр көзү.
Линь Бо – императордун нөөкөрү.
Императордун башкы табыбы.
Күзөт башы.
Мындан тышкаары императордун жоокерлери, күзөтчүлөрү, кызматчылары, кыздары катышат.

 

БИРИНЧИ БӨЛҮМ

Биринчи сахна

Талаа. Бир нече кытай жоокерлери арканга чырмалган, уйгур ханынын аялы Ипарханды туткунга алып келатышты. Алардын башчысы императордун нөөкөрү Линь Бо.
Линь Бо. (Жоокерлерге) Абайлап алып жүргүлө, олжо катын деп ары  — бери сүйрөбөй. Бир жери бир нерсе болбосун!.. Денеси көгөрбөсүн, тытылбасын!.. Бетине так түшпөсүн!.. Болбосо, улуу урматтуу императордун каарына каласыңар. Көзүңөрдү карагыла, бул императордун күңдөрүнүн катарына кошула турган жөн аял эмес!.. Бул аял улуу урматтуу императордун ырайымына арзыган аял!
(Жоокерлер Линь Бонун ар бир айтканын аткарууга тырышып, Ипарханды коштоп баратышты).
Линь Бо. (Ипархандын жытын искеп, андан тымызын көзү өтүп, шилекейин кылк жутуп) Капырай, ай талааны да ушунча жыпар жытына бөлөдү, ээ, бул аял!.. Укмуш экен!.. Бах!.. Жыт болбосоң кое кал!.. 
(Жолоочулар андан ары жолун улашты).

Экинчи сахна

Кытай императорунун сарайындагы көрөр көзү Синь Тяйдын бөлмөсү. Синь Тяй эки кызынын чачын жасап берип олтурду. Аңгыча сырттан Сяо Шень кирди. Ал неберелеринин чекесинен сүйүп, анан келинине кайрылды.
Сяо Шень. Мени издеп атыпсың, келиним?
Синь Тяй. Издегем… Апа, эмне үчүн жанагы уйгур ханынын катынын күңдөрдүн арасына кошпой атат, уулуңуз?
Сяо Шень. Олжого келген аял күңдөрүнүн арасына кошулат да.
Синь Тяй. (Кыжыры келип) Олжолоп келээр замат эле кошуп салбайбы, күңдөрдүн арасына, ушул убакка чейин кастарлап, өзүнчө бөлмөдө кармабай.
Сяо Шень. Келиним, эми императордун да бир билгени бардыр.
Синь Тяй. (Нааразы боло) Уулуңузга жан тартып атасызбы, апа.
Сяо Шень. Эмнеге жан тартмак элем. Мамлекеттик иштерге ыгы жок эле кийлигише бербейли деген кана оюм.
Синь Тяй. Мунун эмнеси мамлекеттик иш экен? Мен уктум…
Сяо Шень. (Бүшүркөп) Эмнени?
Синь Тяй. Уйгур катынды күңдөрдүн арасына да кошпойт экен, уулуңуз. Ага атайы бөлмө жасатып, сарайдан орун бердирген атыптыр го?
Сяо Шень. (Билмексен болуп) И – и, анан?..
Синь Тяй. Сиз деле билет турбайсызбы, атайы бөлмө даярдатып атканын?
Сяо Шень. (Тайсалдап) Эми… ал императордун ыктыяры да…
Синь Тяй. (Араңдан зорго сабыр этип) Ыктыяры деңизчи?!.. А эмне максат менен ошентип атканын билесизби?
Сяо Шень. (Чын ниетинен) Билбейт экемин. Аржагын айт, анан?
Синь Тяй. Анан… уйгур катынга үйлөнөм деген ниети бар экен, уулуңуздун!
Сяо Шень. (Чочуп кетти) Кайдагы жокту айтпачы, келиним!
Синь Тяй. Жок эмес, апа! Чын! “Мага, тактыма мураскор керек” деп атыптыр, император!
Сяо Шень. (Ачуусу келип) Мураскорду уйгур эмес, кытай аял төрөш керек! Сен төрөшүң керек!
Синь Тяй. (Тымызын шыкактап) Мен да ошентип ойлойм. А бирок уулуңуз…
Сяо Шень. Эгер уулумдун ошондой ою бар болсо… Ал ою эч качан ишке ашпайт!
Синь Тяй. (Кубанганын жашырып) Бирок, сиздин колдон эмне келет, апа? Уулуңуз сизди укпайт да.
Сяо Шень. (Ачуусу ого бетер келип) Эмне үчүн укпайт экен?!
Синь Тяй. (Тымызын шыкактап) Качан эле угуп жүрчү эле?. Дайыма өз билгенин кылат ко? 
Сяо Шень. (Ачуусу ого бетер келип) Өз билгенин кылат!.. Мен анын энесимин!.. Менин тилимди албай көрсүн!..
Синь Тяй. (Ансайын шыкактап) Албай эле коет. Көрөсүз, уйгур катынга үйлөнүп алат…
Сяо Шень. (Ачуусу ого бетер келип) Мен эле болсом үйлөнтө коем!.. Андай эч качан болбойт!.. 
Синь Тяй. (Ого бетер тымызын шыкактап) Апа, уулуңуз сизди укпайт.
Сяо Шень. (Ого бетер ачуусу келип) Укпай эле көрсүн!..
Синь Тяй. Укпайт, апа, укпайт.
Сяо Шень. (Капысынан) Анда… уйгур катындын көзүн тазалатып таштайм!
Синь Тяй. Анткениңизди уулуңуз билчү болсо, каарына каласыз да?
Сяо Шень. (Ачуусун тыя албай) Анан эмне кылыш керек?!
Синь Тяй. Сиз көп жашаган, көптү көргөн адамсыз. Айласын өзүңүз табасыз да.
Сяо Шень. (Ачуусун тыя албай) Табам, айласын!.. Табам!.. (Келинине) Ушун үчүн эле издеп аттың беле?
Синь Тяй. (Жүгүнүп) Сиздин кеменгерлигиңизди сыйлаймын да, апа.
Сяо Шень. (Өкүм) Экөөбүздүн ортобуздагы сөз ушул жерде калсын.
Синь Тяй. Айтканыңыз айткандай болот, апа.
(Сяо Шень неберелеринин чекесинен сүйүп туруп, чыгып кетти. Синь Тяй кубанганынан тегеренип – тегеренип бийлеп жиберди. Анан эчкирип ыйлап ийди. Кыздары апасын таң кала карашты).

Үчүнчү сахна

Кытай императорунун сарайы. Император Хун Ли менен Линь Бо.
Хун Ли. Бөлөмөнү жасап бүтүп калдыңарбы?
Линь Бо. (Кайра – кайра жүгүнүп) Ооба, таксырым, ооба. Баарын сиз айткандай кылып атабыз. Бөлмөнүн ортосуна кичинекей көлмө курдук, суусу көккө атырылып турган. Тегерегине бак олтургуздук. Алтындан мөмө – жемиш илип койдук, бакка. Бөлмөнүн төбөсүнөн сиз айткандай кылып терезе чыгардык, асманды караган. Күндүзү күндү, түнкүсү асмандагы ай менен жылдыздар көрүнүп тура турган болду, дайыма. Жомокто да мынчалык кооз жер болбосо керек. (Аяр күлүп) Мындай кереметти өңүндө эмес түшүндө да көргөн эместир, бул аял.
Хун Ли. Сянь Фэй.
Линь Бо. (Башын ийкегилеп) И – и, кечиресиз… Сянь Фэй жыпар жыттуу күң.
Хун Ли. Бар эми, көзүңдү албай көзөмөлдөп тургун, иштеп аткандарды. Кокус, бөлмө менин оюмдагыдай болбой калса…
Линь Бо. (Озунуп) …башым кетет, таксыр!
Хун Ли. Ооба, башың кетет.
Линь Бо. (Жүгүнүп) Уруксаат болсо, мен бара берейин.
Хун Ли. Уруксаат.
(Линь Бо акырын жыла басып чыгып кетти).
Сянь Фэй… Эмне деген касиетиң бар эле сенин, мынча мени арбалткыдай…

Төртүнчү сахна

Кытай императору Хун Линин сарайындагы Ипархан убактылуу кармалып турган бөлмө. Ипархан колу – бутуна кишен салынып олтурду. Аңгыча сырттан Сяо Шень кирип келди.
Сяо Шень. (Ипарханды сынай карап) И – и, сен экенисң да… Сулуу экенсиң. Эркектерди эсинен тандыра тургандай аял турбайсыңбы, чын эле.
(Ипархан мелтиреп унчуккан жок).
Бул эмне болгон жыпар жыт? Мындай жыпар жыттуу атырды сага ким куйган?
(Ипархан дагы эле унчуккан жок. Ошол маалда сырттан Линь Бо кирип келди, шашкалактап).
Сяо Шень. (Кыжырлуу) Сен эмне келдиң, аңдыган немече?
Линь Бо. (Жүгүнүп) Ханышам!.. Улуу урматтуу император биякка ким киргенин көзөмөлдөп тур деди эле, мага…
Сяо Шень. (Ачуусун араң тыйып) А – а, ошондойбу?..
Линь Бо. (Жүгүнүп) Кечирип коюңуз, ханышам, императордун жарлыгы ошондой.
Сяо Шень. (Ачуусун араң тыйып) Түшүндүм… Бул олжо катынды эмне мынча кастарладыңар, дүйнөдө жок жыпар жыттуу атырга бөлөп бөлмөсүн?!
Линь Бо. (Күлүп) Бул атырдын жыты эмес.
Сяо Шень. (Ачуулуу) Мени калпка чыгарган турасыңбы?!
Линь Бо. Сиз туура эле айтып атасыз, ханышам. Бирок, бул жыпар жыт мынабул аялдын өз жыты.
Сяо Шень. (Ишенбей) Жаныңды жебе!..
Линь Бо. (Безилдеп) Чын, ханышам, чын!.. Ошон үчүн бул аялдын аты Ипархан экен. Жыпар жыттуу аял дегенди билгизет экен, башынан эле.
Сяо Шень. (Бир чети таң калып, бир чети ичинен тынып) И — и де… Түшүнүктүү… түшүнүктүү… Эмне эле мынча бүлүнүп атат, уулум десе. Кеп биякта турбайбы.
Линь Бо. (Аяр жүгүнүп) Ханышам… император…
Сяо Шень. (Кыжыры келе силкинип) Кетем, азыр, байланып калбайм бул күңдүн жанына! (Чыгып кетти).
Линь Бо. (Ипархандан тымызын көзү өтүп) Сулуу, бөлмөң бүтүп атат!.. Жомокто жок бөлмө!.. Аз күндө ошоякка көчүрөбүз сени. (Жытын искеп) Бах!.. Жыт болбосоң кое кал!.. Ушундай да укмуш жыт болот экен ээ, адамда?! (Чыгып кетти. 
Ипархан бир чекитти мелтирей тиктеп, үн – сөзсүз олтурду). 

Бешинчи сахна

Ошол күндүн кечи. Император Хун Линин тагы. Эшик алдында куралчан күзөтчүлөр турушту. Хун Ли аркы – терки басып турган. Аңгыча сырттан Линь Бо кирип келип жүгүндү.
Хун Ли. Көчүрдүңөрбү, Сян Фэйди, бөлмөсүнө?
Линь Бо. (Уурусун карматкан немече кайра – кайра жүгүнүп) Көчүрдүк, таксыр. 
Хун Ли. Эмне деди?
Линь Бо. Эч нерсе деген жок. Мелтиреп эле олтурат. 
Хун Ли. (Тынчсызданып) Мелтиреп дейсиңби?
Линь Бо. Ооба, таксыр.
Хун Ли. (Тынчсызданган калыбында) Акыл – эси оордунда бекен?
Линь Бо. Оордунда эле. Кайгыдан ошентип атса керек. (Калп күлүп) Билесиз да, таксырым, бизге колго түшкөндүн бары адегенде ушинтишет. Анан бара – бара көнүп кетишет.
Хун Ли. Күзөттү жакшылап койгула. Сарайдагылардын эч кимиси Сянь Фэйге кирбесин. Киши эмес, чиркей учуп кирбей турган болсун. Түшүндүңбү?
Линь Бо. (Жүгүнүп) Түшүндүм, таксырым, түшүндүм.
(Ошол учурда сырттан Сяо Шень кирип келди).
Сяо Шень. (Линь Бого) Уулум экөөбүздүн өзүбүзчө сөзүбүз бар. 
(Линь Бо жүгүнүп чыгып кетти).
Хун Ли. (Атайылап корс) Эмне болду, апа?
Сяо Шень. Ушул чынбы, уулум?
Хун Ли. (Корс) Эмнени айтып атасыз?
Сяо Шень. Муракскор күткөн атканың?
Хун Ли. (Корс) Апа, кызыксыз го, мураскорсуз да империя болчу беле? Сиз каршысызбы?
Сяо Шень. Каршы эмесмин. Бирок, бир ушак угуп атам.
Хун Ли. (Бүшүркөп) Эмне ушак?
Сяо Шень. Мураскорду жанагы колго түшкөн уйгур аял төрөп берет экен, деген?
Хун Ли. (Корс) Апа, сиз эмне үчүн менин мамлекеттик ишиме киришип атасыз?
Сяо Шень. Балам, мен сенин мамлекеттик ишиңе киришкен жокмун. Сага мураскорду ким төрөөрүн кана билейин деп атам. Мен кантип кайдыгер карайм, неберем кимден төрөлөөрүнө.
Хун Ли. (Корс) Мураскор дагы, апа, мамлекеттик иш. Мамлекетибиздин келечеги кандай болоору да мураскорго байланышкан.
Сяо Шень. (Башын чайкап) И -и… Түшүндүм, уулум, түшүндүм. Уйгур аялды төрөтүп алып, Түндүк – Батыштын көңүлүн биротоло алайын деп аткан экенсиң да?
Хун Ли. (Дагы эле корс) Анын эмнеси жаман, апа?!
Сяо Шень. (Сабыр этип) Уулум, кытай империясынын мураскору кытай аялдан кана төрөлүшү керек! 
Хун Ли. (Ачуулу) Эмне үчүн, апа?!
Сяо Шень. (Жай түшүндүрүүгө аракеттенип) Салт ошондой. Биздин канга башка кан кошулбашы керек. Каныбыз таза болуш керек. Аны сен жакшы билесиң, уулум.
Хун Ли. (Корс) Апа, салтты сактаган жакшы, бирок мамлекеттин түбөлүгүн да ойлош керек!
Сяо Шень. (Сабыр этип) Балам, бизге кайнаса каны, тутса дини кошулбай тургандардан мураскор күтөм дегениң… 
Хун Ли. (Корс) Апа, аял киши мамлекеттин ишине кийлигишпеш керек, билесиз ордонун салты ушундай экенин!
Сяо Шень. (Ызасы келип) Туура, салт ушундай. Бирок, сен да салтта жок иш кылган атасың, уулум.
Хун Ли. (Корс) Мен императормун, мамлекеттин кызыкчылыгы менен жашаймын!
Сяо Шень. (Аргасы кете) Уулум, мен сенин энеңмин го. Менин тилимди алсаң, жаман болбостур… Мени, энесин угат ко деп, атайын келгем…
Хун Ли. (Корс) Апа, мамлекеттин кызыкчылыгы… сизден да жогору турат, мен үчүн!
Сяо Шень. (Ызасын араң токтотуп) Уулум!.. Антип катуу кетпе!..
Хун Ли. (Орой) Сиз да мамлекеттин ишине кийлигишпеңиз да , анда!..
Сяо Шень. (Шагы катуу сынып) Болуптур, уулум… (Артына бурулуп чыгып кетти).
Хун Ли. (Апасын узата карап, өзүнчө кейип) Шагын сындырып койдум окшойт, апамдын. Башка аргам жок болсо эмне кылайын… Сиз эмнени түшүнөсүз, апа. Уулуңуздун көкүрөгүндө эмне сыр катылып жатканын кайдан билесиз. Эмне үчүн Түндүк – Батышты чапканымдын себебин бир өзүмдөн башка ким билет экен… Сянь Фэй, күнү эсимден, түнү түшүмдөн чыкпай койдуң го, жалжалым!.. Бүгүн кечте эмне болоор экен? Чыдамым кетип атат!.. (Аркы – терки баса баштады).

Алтынчы сахна

Хун Линин сарайындагы Ипархан үчүн жасалган бөлмө. Ипархан жалгыз, бөлмөнүн төбөсүндөгү терезени тиктеп, телмирип олтурду.
Ипархан. (Өзүнчө күңгүрөнүп) Ханым… Сиздин тагдырыңыз эмне болду экен?.. Күнү – түнү ойлоп, сары санаага батамын. Ушул жерде телмирип, капаска түшкөн көгүчкөндөй болуп олтургандан көрө, өлүп алгам келет. Бирок, жанымды кыяйын десем, колума эч нерсе беришпейт. Бир чети, сизди ойлойм, үмүт кылам, балким бошонуп келип, мени да куткарып кетеби деп…
(Ошол учурда сырттан Линь Бо кирип келди).
Линь Бо. (Бөлмөнүн жытын искеп) Бах!.. Жыт болбосоң кое кал!.. Сергий түштүм тим эле… (Ипархандан тымызын көзү өтүп, өзүн араң тыйып) И – и, олтурасыңбы, сулуу?
(Ипархан жооп берген жок).
Эмне мынча сузсуң? Ушундай кереметтин арасында жашап атып да, мелтирейсиң да, тим эле. Ушунун баарын император жалгыз сен үчүн жасатты. Бир дагы күңү мындай ардактоого арзыган эмес.
Таалайыңа ыраазы болсоңчу.
Ипархан. (Улутунуп) Ушул муздак сулуулуктан көрө шыбак жыттанган топуракты кечип, өзүм каалагандай, өз эрким менен жашаган мага бакыт болмок.
Линь Бо. (Жактырбай, бирок делебеси жанына жай бербей) И – и, де… Башкалар мындай жашоого жетпей жүрсө, мына бул аялдын айтып турганын көр.
(Ипархан мелтиреп унчуккан жок).
Улуу урматтуу императорум сага жаңы ат койду, Сянь Фэй деген. 
Ипархан. Эмне үчүн? Менин өз атым бар – Ипархан.
Линь Бо. (Ипархандан тымызын көзү өтүп) Өз атың эми өчөт. Сянь Фэйге көчөт. Жыпар жытыңа баарыбызды мас кылдың го, улуу урматтуу императорду баш кылып. Ошон үчүн император сени “жыпар жытуу күң – Сянь Фэй” деп атады.
(Ипархан унчуккан жок).
Дагы бир кабарды айтайын, өзүңө. Кечинде улуу урматтуу император өзү келет, сенин бөлмөңө. Эскертип коеюн, кокус, дагы ушинтип сустайып олтуруп алсаң, улуу урматтуу императордун ыктыярына көнбөсөң, өзүңө жаман болот. Түшүндүңбү, сулуу?
(Ипархан унчуккан жок).
Улуу урматтуу император келгенде ушинтип мелтирөчү болсоң… (Ипархандын жытын искеп) Бах!.. Жыт болбосоң кое кал!.. (Чыгып кетти.).
Ипархан. (Өзүнчө күбүрөнүп) Эмнеге келет, император? Менин абийиримди төккүсү келип атат ко?!. Хан Кожом, тирүү туруп абийиримди эч кимге төктүрбөйм!.. Эч кимге, Хан Кожом!.. Алым жетпей калса аргам жок. Ошондо да бир айласын табаармын. Тирүү жанмын го…
(Ойго бата телмирип күү черткенин улантты).

Жетинчи сахна

Түн. Синь Тяйдын уктоочу бөлмөсү. Синь Тяй улам – улам терезенден сыртты карап, кимдир бирөөнү күтүп атты. Аңгыча сырттан Хун Ли кирди. 
Хун Ли. (Кабагы салыңкы) Кыздар уктадыбы?
Синь Тяй. (Кыртыштап) Укташты, сизди күтүп атып.
Хун Ли. (Суз) А сиз эмне уктай элексиз?
Синь Тяй. (Кыртыштап) Мен сизди күтүп аткам. Бүгүн айдын ортосу. 
Хун Ли. (Суз) Ай ортосу болсо эмне экен?
Синь Тяй. (Кыртыштаган калыбында) Жылдыз санагычтар айтып атышат, эркек бала бойго бүтө турган учур дешип. 
Хун Ли. (Жактырбай) Кайсы төлгөчү айтты, аны?
Синь Тяй. Сиздин башкы төлгөчүңүз.
Хун Ли. (Кыртыштап) Төлгөчүнүн айтканын бары эле төп келе бермек беле.
Синь Тяй. (Какшыктап) Сиз дайыма төлгөчүнүн айтканына карап иш кылчу элеңиз го?
Хун Ли. (Ачуулуу) Дайыма эле эмес…
(Пауза).
Синь Тяй. (Сынай) Таксырым, сиздин оюңузда эмне бар?
Хун Ли. Эмне бар экен?
Синь Тяй. Кыздарыңызды инилүү кылуу оюңузда жокпу?
Хун Ли. Оюңузду ошентип ачык айтпайсызбы, дароо эле.
Синь Тяй. Жообуңузду күтүп атам.
Хун Ли. Кыздарымдын иниси, жөн бала болбойт. Ал тактынын мураскору болот. А мураскор мамлекеттин келечегине карата төрөлүшү керек.
Синь Тяй. Мен да ошону сизге айтайын деп аткам…
Хун Ли. Сиз айтпасаңыз да мен аны жакшы билем. Баамымда апам экөөңөрдүн сөзүңөр бир окшойт. 
Синь Тяй. (Тайсалдап) Апам менен биздин пикирибиз бир экенин башынан билем. Бирок, өз ара сөздөшкөн эмеспиз.
(Паузадан соң) Таксырым, мен али жашмын. Сизге бир эмес бир нече уул төрөп бергенге жараймын!
Хун Ли. (Мыйыгынан) Коркуп атасыз го?
Синь Тяй. Эмнеден?
Хун Ли. Мураскор башка аялдан төрөлүп калбасын деп.
Синь Тяй. (Араң сабыр этип) Мен да сизге мураскор төрөп берсем, болбойбу?
Хун Ли. (Тайсалдап) Аны кийин чечели (кетмекчи болду).
Синь Тяй. (Ызасы келип) Таксырым, кетесизби?!. Менин каалоомду жоопсуз калтырасызбы?!
Хун Ли. (Тайсалдап) Шашылыш чечиле турган иштерим бар (кетип калды).
Синь Тяй. (Ызалуу Хун Линин артынан басты) Таксырым!.. Таксырым!.. (Хун Ли кайрылбай кеткенден кийин кыжыры келип) Көңүлүнүн баары ошол шуркуяда экен!.. Койнумда жаткан эримдин оюн бузуп… Каяктан жүрүп биздин сарайга келип калдың эле, бетпак?! .Шашпа, Сянь Фэй, сенин көзүңдү тазалата албасам элеби?!. (Терезе парданы мыжыга кармады да, .ындыны өчө күзгүнүн маңдайында олтуруп калды. Ошол маалда бөлмөгө Сяо Шень кирип келди.
Синь Тяй. (Кабагын жасууга аракеттенип) Апа, сүйлөштүңүзбү, уулуңуз менен?
Сяо Шень. (Ызалуу) Сүйлөштүм… 
Синь Тяй. Эмне деди?
Сяо Шень. (Ызалуу) Эмне десин… Мен сага айтпадым беле, келиним… мамлекеттик ишке кийлигишпеңиз дейт.
Синь Тяй. (Жылма көкүтүп) Шагыңызды катуу сындырып койгон турбайбы, анда.
Сяо Шень. (Ызасы жасылбай) Ооба, шагымды катуу сындырды. Мынчалык сындырат деп ойлогон эмесмин. Канткен күндө да энеси эмесминби, сөзүмдү угаар дегем. Уккандын оордуна, кайра…
Синь Тяй. (Жылма көкүтүп) Сиз энесисиз да. Каяктагы бир шуркуянын айынан сиздин шагыңызды ушунча сындырганы туура болбой калыптыр, императордун.
Сяо Шень. (Ызасын баса албай) Туура болбой калды… (Өзүнчө кекенип) Көрөбүз, энеге акараат кылган кандай болоорун!..
(Пауза).
Синь Тяй. Жаңы эле император мага келип… түнөбөй кетти.
Сяо Шень. Көрдүм, кетип баратканын. Көңүлү катуу бузулган экен, анда, уулумдун.
Синь Тяй. Эми эмне кылабыз, апа?
Сяо Шень. (Тиштенип) Жанагы уйгур шуркуяга эптеп жетиш керек! Ошондо жолу өзүнөн өзү табылат.
Синь Тяй. (Аргасы кетип) Кантип жетебиз? Толтура сакчы турат. Бөлмөсүнүн сыртында килейген кулпу. Киши эмес чиркей кире албайт, анын үстүнө.
Сяо Шень. Ачкыч колубузга тийсе, бир заматта ишти бүтүрүп таштайт элек.
Синь Тяй. Ачкыч дейсизби?
Сяо Шень. Ооба. Ачкыч колдо болсо, эптеп бир айласын таап туруп тиги аялдын үстүнө кирсек!.. 
Синь Тяй. Ачкыч Линь Бодо кана болушу мүмкүн. Император Линь Бодон башка эч кимге ишенбейт.
Сяо Шень. Линь Бо… (Айласы кетип) Анда эле колубуздан эч нерсе келбейт. Ал түлкүдөн да митаам, үкүдөн сак неме да. Аны алдап – соолаш кыйын.
Синь Тяй. (Мыйгынан) Анын оорусун жакшы билем.
Сяо Шень. (Түшүнбөй) Эмне оору?
Синь Тяй. Эркек да, апа. Эгер сиз уруксаат берсеңиз, мен аракет кылып көрбөйүмбү, Линь Бону көндүргөнгө?
Сяо Шень. Уруксаат берейин, бирок, колуңдан келеби?
Синь Тяй. (Сырдуу) Мен сыяктуу сулуу, жаш аялдын колунан көп нерсе келет, апа. 
Сяо Шень. (Өктөм) Бирок, аша чаап кетпе, келиним.
Синь Тяй. Антип жаман ойлобоңуз, апа, мен кантип эле императордун бетине чиркөө иш кылайын. Эгер мага ишенбесеңиз, анда жанымда болуңуз.
Сяо Шень. Убактысы келгенде уулум ууга чыгат да, ошого чейин ачкыч колубузга тийсе…
Синь Тяй. Тийгизем, апа!.. 

Сегизинчи сахна

Түн ортосу болуп калган. Линь Бо менен император Хун Ли келатышты, Ипархандын бөлмөсүн көздөй, жансакчылардын коштоосунда. Ипархандын бөлмөсүнө жеткенде Хун Ли жансакчыларын ишаарат кылып токтотту.
Хун Ли. Силер сыртта каласыңар. (Линь Бого) Эшикти ачып, кирип чык. Менин келатканымды айт, Сянь Фэйге. 
Линь Бо. (Жүгүнүп) Жарайт, таксырым, жарайт!.. (Жанынан ачкыч алып чыгып, эшиктин кулпусун ачып, ичкери кирип кетти. Император чыдамсыздана ары – бери басып, күтүп калды).

Тогузунчу сахна

Ипархандын ажайып бөлмөсү. Ипархан адатынча терезени тиктеп телмирип олтурган. Аңгыча эшиктин ачкычы кылдырттап буралды да, сырттан шырп алдырбай Линь Бо кирип келди.
Линь Бо. Император келатат!.. (Үч бүгүлө жүгүнүп туруп калды. Бир аздан соң сырттан Хун Ли кирди).
Хун Ли. (Линь Бого) Сен ишиңди кыла бер.
Линь Бо. (Жүгүнүп) Жарайт, таксыр (чыгып кетти). 
(Пауза).
Хун Ли. (Үнү калтырап) Сянь Фэй…
Ипархан. (Чочулаганын билгизбей) Менин атым Ипархан.
Хун Ли. Сиздин атыңыз Сянь Фэй болот деп айткам, сарайдагыларга.
Ипархан. Ал жардыгыңызды уктум. Бирок, менин атым Ипархан.
(Пауза).
Хун Ли. Ал атыңыз өчтү – мындан ары сизди Сянь Фэй деп чакырышат. Кулагыңызга өөн учурап аткандыр, бирок, көнөсүз.
(Пауза).
Ипархан. (Кооптонгонун билгизбей) Таксыр, эмне үчүн келдиңиз, мага? 
Хун Ли. Эмне үчүн келгеним сизге түшүнүктүү да…
Ипархан. (Айласы түгөнүп, бирок чечкиндүү) Алсыз аялдын абийирин төгүш оңой деп турасыз го?!
Хун Ли. Сянь Фэй, мен көчөдөгү зөөкүрлөргө окшошуп атамбы? Мен императормун.
Ипархан. Анда эмне үчүн келдиңиз, күүгүм талаш, ууру кылчудан бетер?
Хун Ли. (Буйдала түштү) Ал – жайыңызды сурап коеюн деп келдим. Мынабул жомоктогудай бөлмөнү атайы сиз үчүн жасаттым, Сянь Фэй. Сиздин көңүлүңүз чөкпөгүдөй, кабагыңыз бүркөлбөгүдөй болсун, ошого ылайык жасагыла дегемин. Сизге жактыбы, жашаган жериңиз?
Ипархан. Таксырым, эркин кушту алтын капаска салсаңыз да асманды эңсейт. Ал эч качан капас алтын экен деп жоошуп калбайт. Эркиндикти самап куса болот. Көк асман, жайык талаа көзүнөн учат.
Хун Ли. (Ойлуу) Түшүнөм, түшүнөм сизди, Сянь Фэй…
Ипархан. Жок, таксырым, түшүнө албайсыз. Эгер сиз да мен сыяктуу алтын капаска камалып олтурсаңыз, ошондо кана түшүнмөксүз.
Хун Ли. Ар бирибиз тагдырдын кулубуз, Сянь Фэй. Тагдыр башка эмнени салса, ошону көрбөскө чарабыз жок.
Ипархан. Таксырым, мени ушинтип алтын капаска камагандын оордуна өлүмгө буюруп койсоңуз, ошол мага жеңил болмок.
Хун Ли. Жок, антип айтпаңыз. Сиз биздин империяга өтө чоң пайда алып келишиңиз керек. Түндүк – Батыш менен империянын ортосунда түбөлүк ынтымак орношуна данакер болушуңуз керек!
Ипархан. Менби?
Хун Ли. Ооба, сиз!
Ипархан. Анда мени эркиндикке чыгарыңыз, таксырым. Тагдыры эмне болгонун ушул кезге чейин биле албай аткан Хан Кожомдун дайнын айтыңыз, мага. Тирүү болсо, аны да бошотуңуз. Ошондо империя менен Түндүк – Батыштын ортосуна данакер болууга эрким жетет. А капаста камалып жатып, кантип данакер болом, эки элдин ортосуна?
Хун Ли. Сизди эркиндикке чыгара албайм. Ага менин кудуретим жетпейт.
Ипархан. Сиз императорсуз да. Сизге эч ким эч качан эч нерсе дей албайт.
Хун Ли. Ооба, аныңыз чын. Императордун бийлигине чек жок. Бирок, менин чексиз бийлигим менин адамдык кумарыма алы жетпейт. Менин адамдык кумарымды башкара албайт. 
Ипархан. (Үшкүрүп) Ошондой деңиз? 
Хун Ли. Ошондой, Сянь Фэй… 
(Паузадан соң, капысынан) Андан көрө, айтканыма көнүңүз. Мага… мураскор төрөп бериңиз!
Ипархан. (Чок баскандай чочуду) Жок!.. Жок!.. Жок!.. Эч качан андай болбойт!.. Эч качан!.. Жолобоңуз мага, жолобоңуз!
Хун Ли. Сянь Фэй…
Ипархан. Жок!.. Эгер күчкө сала турган болсоңуз, баары бир ал бала төрөлбөйт!.. Түйүлдүк кезинде муштап саламын!.. Жек көрүүдөн жаралган баланы кантип чыдап көтөрмөк элем?!
Хун Ли. (Ындыны өчүп) Дагы жакшылап ойлонуп көрүңүз, Сянь Фэй… 
(Пауза).
Ипархан. (Жалооруп) Таксырым, эгер чын ниетиңизден мени жактырып турсаңыз – бошотуңуз мени! 
Хун Ли. Анте албайм!..
Ипархан. Хан Кожом тирүүбү?
Хун Ли. Тирүү. Буту – колуна кишен салынып, зынданда олтурат.
Ипархан. (Дагы жалооруп) Таксырым, жок дегенде Хан Кожомду бошотуп коюңуз, анда!
Хун Ли. Анте албайм. Антсем, биздин империяга каршы иш кылган болом, Сянь Фэй.
Ипархан. (Көзүнөн жаш кетип) Таксыр…
Хун Ли. Мамлекеттин ишине тийиштүү нерселерди менден суранбаңыз.
(Пауза).
Ипархан. Таксырым, менин ханым сизге эмнесинен жазды, ушунча кордук көрүп, жаза тарткыдай? Мен минтип олжого кеткидей?
Хун Ли. Ал нерсе мамлекеттин кызыкчылыгына байланышкан, Сянь Фэй. Анын үстүнө… сиздин атагыңызды уккандардын баары сизге жетсек деп самаган.  
(Пауза).
Ипархан. Айтыңызчы, таксырым, эгер сиздин сүйүктүү аялыңыз ушинтип мен сыяктуу олжого кетип, анан аны душманыңыз жулмалап абийирин төксө эмне болот, эле?
Хун Ли. (Ойлонуп калды) Кыйын суроо бердиңиз, Сянь Фэй. Мен бул жөнүндө мурда ойлобоптурмун. 
Ипархан. Анткени, сиз жеңилүү ызасын эч качан тарткан эмессиз, таксыр.
Хун Ли. Туура айтасыз, Сянь Фэй. Мен өмүрү жеңилип көргөн эмесмин.
Ипархан. Мына, башыңызга келбегенден кийин менин абалым менен сиздин ишиңиз жок да. Жеңген тарап катары, олжого келген аялдан кумарыңызды кандырып алууну кана ойлоп атасыз да, таксырым.
Хун Ли. Жок, Сянь Фэй, кумар кандыруу менин максатым эмес. Эгер кумар кандырууну кана көксөсөм сиз эчак эле уйпаланып менин койнумда жатмаксыз. Мага сизден мураскор керек. Мен сизди империянын ханышасы кылгым келет! 
Ипархан. Андай болбойт, таксырым, андай болбойт!..
Хун Ли. Анча асман – айдан кетпеңиз, баарын мезгил көрсөтөт.
Ипархан. Мени мезгил жоошута албайт, таксыр!..
Хун Ли. Аны учурунда көрөбүз.
Ипархан. Таксыр, сиз мага өчөшүп атасызбы?
Хун Ли. (Мыйыгынан күлүп) Жок, Сянь Фэй. Сиз менен өчөшкүдөй мен майда киши эмесмин. Мен императормун. Сиз мага көнбөй койду деп ындынымды өчүрбөймүн. Мага сиздин өз ыктыярыңыз керек. Мен үмүтүмдү үзбөймүн.
Ипархан. Үмүт кылбаңыз, үмүт кылбаңыз, таксыр!
Хун Ли. Үмүтсүз шайтан кана болот. Жакшы жатыңыз. 
(Эшикке бет алды. Ошол кезде сырттан Линь Бо кирип келди, жүгүнүп).
Эмне болду?
Линь Бо. (Ипарханды көрсөтүп) Эмне кылабыз, жигиттерди чакырайынбы, таксыр?
Хун Ли. (Ачуулуу) Ал эмне дегениң?
Линь Бо. Мобул аялдын сиздин шагыңызды сындырганын айтып атам, таксыр.
Хун Ли. Мен сага өз ишиңди кыл дебедим беле?
Линь Бо. Мен да ошондой түшүндүм, таксыр. Ошон үчүн эшиктин алдында баарын тыңшап турбадымбы.
Хун Ли. (Кыжырлуу) Сенин ишиң эшик тыңшамай беле?!
Линь Бо. (Коркуп кетти) Мен ошондой го деп ойлогом, таксыр.
Хун Ли. Дайыма сенин оюң бузук! (Чыгып кетти).
Лнь Бо. (Кайсалактап) Чын ниетимден кызмат кылып берейин десем да, дайыма ушинтип күнөөлүү болуп калам. (Ипарханга карап ачуусу менен) Көгөрбө, эй, сулуу, көгөрбө!.. Кимдин ыктыярына көнбөй атканыңды билип атасыңбы?!. Император сага өзү келип атат!.. Дагы ушинтип императордун шагын сындыра турган болсоң, ишиң бүтүп калат, заматта, байкуш!.. Император боз бала эмес!.. Ушунча күңдүн ичинен сага көңүлү түшүп атканына кайра сүйүнбөйсүңбү!.. Кана, кайсы күңүн ушинтип кастарлап атыптыр, ыя? Жада калса көрөр көзүн да сенчелик барктаган жок!.. Ырысыңды теппесеңчи, Сянь Фэй!
(Ипархан мелтиреп унчуккан жок).
Бах!.. Жыт болбосоң кое кал!.. Сен баарыбызды жинди кыласың, го, жытыңа! (Делебеси козголуп, өзүн араң токтотуп чыгып кетти).
Ипархан. (Колуна дутарын алды) Хан Кожом, бүгүнкү түнү абийиримди сактап калдым. Эртеңки күн эмне болот?!. Мынабул Линь Бого окшогондор колумду кайрып, денемди басып, күчкө салса кантем, Хан Кожом?!.

 

ЭКИНЧИ БӨЛҮМ 

Онунчу сахна

Бир нече мезгилден кийин. Машыгуу талаасы. Император тээ түзөңдө машыгып аткан аскерине көз салып турду. Аңгыча шырп алдырбай Линь Бо келип калды, императордун жанына.
Линь Бо. (Жүгүнүп) Таксырым, айтканыңызды аткарып койдум. Хан Кожону Бээжиндин чоң көчөсүнүн бирине олтургузуп, моюнуна тактай илдирдим “империяга каршы козголоң чыгаргандардын башчысы” деген. Жанына сакчыларды дайындадым.
Хун Ли. Сянь Фэй билбесин, муну.
Линь Бо. Оозумдан лам сөз чыкпайт, таксырым!
Хун Ли. Сөз чыкса эле, башың кетет.
Линь Бо. Аны билем, таксырым.
Хун Ли. Бар, эми, ишиңди кыл.
Линь Бо. (Үч бүгүлө жүгүнүп) Таксырым, сизден бир нерсе сурасам болобу?
Хун Ли. Сура.
Линь Бо. Эмне үчүн ушул уйгур күңдү… Кечиресиз, ушунча мезгилден бери Сянь Фэйди ыктыярыңызга баш ийдиргиңиз келбей атат?
Хун Ли. Ал эмне дегениң?
Линь Бо. Эмнегедир ушул аялга көз каранды болуп аткандайсыз дейм, таксыр?
Хун Ли. Менби?
Линь Бо. (Кайпалактап) Айып көрбөңүз, сырттан караган кишиге ошондой туюлат экен, таксыр. 
Хун Ли. (Ойлуу) Балким…
Линь Бо. (Жагынып) Эмнени күтүп атасыз, таксыр? Сиз буйрук берсеңиз бир заматта төшөгүңүзгө салып беребиз го, кандай азоо болбосун.
Хун Ли. Андай болбойт! 
Линь Бо. (Таң калып) Таксырым… Эгер сиз Сянь Фэйдин өз ыктыярын күтүп аткан болсоңуз… 
Хун Ли. Таптың оюмду, Линь Бо. Күтүп атам, өз ыктыяры менен кучагыма киргенин.
Линь Бо. (Калп күлүп) Убакыт бекер кетет ко, анда, таксырым.
Хун Ли. Ал эмне дегениң?  
Линь Бо. (Кара күчкө күлүп) Ал аял сизге эч качан койнун ачпайт. 
Хун Ли. Эмне үчүн?
Линь Бо. Эмне үчүн экенин сиз эң жакшы билесиз.
Хун Ли. (Үшкүрүп, же Линь Бого айтып атканы, же өзү менен өзү сүйлөшүп атканы белгисиз) Ушунун баарын эң сонун түшүнүп турам. Бирок, эрким жетпей атпайбы, күч менен баш ийдиргенге.
Линь Бо. (Таң кала башын чайкап) Таксырым, сиз анда… махабат оорусуна чалдыккансыз го?
Хун Ли. Ошондой болсо керек… Ошондой оору мени чырмаса керек…
Линь Бо. (Башын чайкап) Анда кыйын экен, таксырым… 
Хун Ли. Кыйын, Линь Бо, кыйын… Далай ирээт ашыктыкты башымдан өткөрдүм эле. Бирок, мынчалык теңдешсиз болоорун мурда билбептирмин. Сары оору болуп бүттүм, Линь Бо.
Линь Бо. (Үч бүгүлө жүгүнүп) Кете берейинби, таксырым?
Хун Ли. Кете бер. Сянь Фэйди жакшылап кайтаргыла.
Линь Бо. (Жүгүнүп) Жарайт, таксырым.
Хун Ли. Сянь Фэйдин бөлмөсүнүн ачкычы дайыма сенин жаныңда жүрсүн. Жоголчу болсо…
Линь Бо. …башым кетет, таксырым, башым кетет. (Ачкычты көрсөтүп) Мына, уктасам койнумда, турсам жанымда. (Жыла басып императордон алыстады).
Хун Ли. (Өзүнчө) Капырай, карачы, ушундай империяны титиретип туруп, бир аялдын алдында алсыз болуп атканымды… Ай, Сянь Фэй… Сянь Фэй… Жытыңа мас болуп турам, азыр да!.. Айыкпас дартка чалдыктырдың го, мени.

Он биринчи сахна

Ипархандын бөлмөсү. Ипархан жалгыз. Адатынча телмирип дутар чертип олтурду. 
Ипархан. (Дутарына) Жан чыдагыс жалгыздыктан, кусалыктан сен кана сактап атасың мени. Сен болбосоң, сенин үнүң болбосо эмне болот элем… Сени менен сырдашам, сенден каниет алам… Жок дегенде колумда дутарым болуп калганын кара.
(Ошол учурда эшиктин кулпусунун ачкычы буралганы угулуп, сырттан Линь Бо кирип келди, шып этип).
Линь Бо. (Бөлмөнүн жытын искеп, делебеси козголуп, өзүн араң токтотуп) Бах!.. Эмне деген жыпар жыт!.. Сен бизди акылыбыздан адаштырмай болдуң, Сянь Фэй, императорду баш кылып.
(Ипархан мелтиреп унчуккан жок).
Мен сага жакшы кабар айтып коеюн деп келдим, сулуу. Күйөөңдү зындандан чыгардык.
Ипархан. (Кубанып кетти) Бошоттуңарбы?!
Линь Бо. (Кытмыр күлүп, өзүн араң колго алып) Зындандан бошоттук. Азыр Бээжиндин ичинде.
Ипархан. Эмне кылып атат, Бээжинде?
Линь Бо. (Күлө, Ипархандан тымызын көзү өтүп) Бээжиндин эли менен таанышып атат, ханың.
Ипархан. (Жанталашып) Кантип таанышып атат?! Эмне кылып таанышып атат?!
Линь Бо. (Ипархандан тымызын көзү өтүп) Ошентип эле таанышып атат.
Ипархан. Аржагын айтыңыз…
Линь Бо. (Ипархандан тымызын көзү өтүп) Аржагын айтсам… башым кетет, сулуу. Ансыз да тилим узарып кетти. Мындай тилди учунан кесип ташташ керек!
Ипархан. (Жалооруй) Айтып коюңузчу, ачыгын. Мен эч кимге айтпаймын. 
Линь Бо. (Туурап) Эч кимге айтпайм… Кимге айтмак элең, бөлмөңө киши эмес чымын кирбесе. 
Ипархан. (Айласы кетип) Айтып коюңузчу!..
Линь Бо. (Ипархандан тымызын көзү өтүп) Жок, сулуу, жок! 
Ипархан. (Көңүлү чөгө) Оозуңуздун желин аядыңызбы, менден?
Линь Бо. Оозумдун жели – башымдын кунуна турат, Сянь Фэй, сулуу. 
(Бир аз паузадан соң) Менин эмне үчүн келгенимди билип атасыңбы?
(Ипархан адатынча мелтиреп унчуккан жок).
Ушунча убактан бери улуу урматтуу императорду жакшы эле мышык – чычкан ойноттуң. Бүгүн акыркы ирээт келет, сага, император. Эгер бүгүн да көнбөсөң, анда өз убалың өзүңө. Эртең император алыска ууга кетет. Кетээринин алдында сени толгон жигиттерге салып берет. Топ жигиттин тепсендисинде каласың, сулуу. Андан кийин, сени көп күңдүн арасына кошуп таштайбыз! 
Ипархан. (Аргасы кетип) Жок!.. Жок!.. Жок!..
Линь Бо. (Ипархандан тымызын көзү өтүп) Эгер андай шермендечиликти каалабасаң, бүгүн императордун ыктыярына көн! (Чыгууга кам урду). Бах!.. Жыт болбосоң кое кал!.. Эстен тандырат ко, тим эле!.. (Чыгып кетти).
Ипархан. (Көзүнүн жашын көл кылып) Эми эмне кылам?!. Эми эмне кылам?!. Хан Кожом, кантип кутулам, ушул тозоктон?!.. Кантип?!..

Он экинчи сахна

Синь Тяйдын бөлмөсү. Синь Тяй ичинен денеси бүлбүл көрүнгөн көйнөгүн кийип, ар түркүн шербет, дүйүм мөмө – жемиш салынган күмүш табак коюлган тактаны ирээтештирип бүтүп, үстү – башын жасанып, кимдир бирөөнү күтүп атты. Аңгыча сырттан Линь Бо баш бакты. Ал Синь Тяйдын келбетин көргөндө дароо андан тымызын көзү өтүп, бирок анысын билдирбей, шилекейин кылк жутту.
Линь Бо. (Тарткынчактай) Мени чакырттыңыз беле, ханышам?
Синь Тяй. Чакырткам. Босогодо турбай ичкери кир.
Линь Бо. (Синь Тяйдын денесин көрүп, тымызын көзү өтүп шилекейин кылк жутту) Бирөөнү күтүп жаткансыз го?
Синь Тяй. Аны кантип билдиң?
Линь Бо. Тактанын үстүн тамакка жайнатыпсыз. Өзүңүз дагы…
Синь Тяй. Императорду күтүп атам. Келмек эле.
Линь Бо. (Чочуп кетти) Кой, кокуй, анда мен кетейин! (Кетүүгө кам урду).
Синь Тяй. (Колу менен ишаарат кылып) Шашпа, кетесиң. 
Линь Бо. Жок, жок, кетейин!.. (Эшикке умтулду).
Синь Тяй. Суу жүрөк экенсиң, ээ. Коркпо, император бүгүн келбейт экен. Айттырып ийиптир. 
Линь Бо. А – а, билем мен, императордун каякта болоорун.
Синь Тяй. (Ооз учунан сурагандай түр көрсөтүп) Каякта болот?
Линь Бо. Аны айта албайм.
Синь Тяй. (Шербеттен куюп сунду) Сага буюруптур, анда. Шашпай олтуруп алып, ич. 
Линь Бо. (Шербетти колуна алып, Синь Тяйдан тымызын көзү өтүп, шарапты ууртады) Эмнеге чакырттыңыз эле, мени, ханышам?
Синь Тяй. Чакыртсам, себеби бар да. Шербеттен ичип ал, анан айтам, чакыртканымдын себебин.
Линь Бо. (Шербеттен дагы ууртады, Синь Тяйдан тымызын көзү өтүп) Чакырганыңыздын себебин айта бербейсизби?
Синь Тяй. Эмне мынча шаштырасың, жоо кууп келаткансып? Жай олтуруп шербетиңди иче бер. Же мени азгырат деп атасыңбы?
Линь Бо. (Чок баскандай чочуду) Жок, ханышам!.. Эзели антип жаман ойлобой калайын!..
Синь Тяй. Эсиңде болсун, мен сени эмес, императорду күтүп аткамын. Оюң бузулбасын.
Линь Бо. (Шашкалактап, кайра – кайра жүгүнүп ийди) Аны билем, аны билем мен…
Синь Тяй. Билсең – ошол!.. Ич шербеттен!..
Линь Бо. (Дагы ууртап – ууртап ийди) Мына, мына… (Синь Тяйга жашыруун суктана карады).
Синь Тяй. Мен момундай кийим кийип олтурсам, жаман оюңда ойлобо, мага көрүнүш үчүн ушинтип атыптыр деп.
Линь Бо. (Шербетке какап — чакап) Жок!.. Жок!.. Антип ойлобой калайын.
Синь Тяй. Мен императорго көрүнүш үчүн ушинтип кийинип алгам.
Линь Бо. (Шашкалактап, кайра – кайра жүгүнүп) Аны мен эң сонун түшүнүп турам, ханышам!..
Синь Тяй. Түшүнгөнүң жакшы… Ич шербеттен!..
Линь Бо. (Шербетти дагы ууртады, Синь Тяйга жашыруун суктана карап) Күчтүү шербет окшойт, ээ? Дароо башыма чыкты.
Синь Тяй. Императоруң ичип жүргөн эле шербет. Даамын жакшы билсең керек?
Линь Бо. (Шербеттен дагы ууртап, Синь Тяйга жашыруун суктана карап) Ооба, эң сонун билем да. Таксырымдын ичимдиги экен. (Дагы ууртады). Айта бериңиз, эми, чакыртканыңдын себебин?
Синь Тяй. (Ойноктоп) Линь Бо, кандай дейсиң, мен сулуу аялмынбы?
Линь Бо. (Синь Тяйга жашыруун суктана карап, бирок анысын билгизбөөгө тырышып) Сулуусуз.
Синь Тяй. (Ойноктогон калыбында) Жашмынбы?
Линь Бо. (Синь Тяйга жашыруун суктана карап, бирок анысын билгизбөөгө тырышып) Жашсыз.
Синь Тяй. (Буюра) Ич шербеттен!
Линь Бо. (Шашкалактап жутуп – жутуп ийди) Мына, мына, ичип атам.
Синь Тяй. (Шербеттен дагы куюп) Мен сулуу болсом, жаш болсом, анан эмне үчүн император экөөң мени теңиңерге алгыңар келбейт?
Линь Бо. (Чочуп кетти) Император экөөңөр дейсизби?
Синь Тяй. Ооба.
Линь Бо. Мени эмне кошо ала сүйлөп атасыз?
Синь Тяй. Анткени, император экөөңдүн сөзүң бир.
Линь Бо. Император мага ишенет, бирок…
Синь Тяй. Линь Бо!.. 
Линь Бо. (Жүрөксүнүп) Кулагым сизде?
Синь Тяй. (Буюра) Ич шербеттен!..
Линь Бо. (Дагы шашкалактап ууртап – ууртап ийди) Мына, мына…
Синь Тяй. Жанагы уйгур катын менден артыкпы?!. Мына, карачы, мени! (Линь Бонун алдында ары бери басты).
Линь Бо. (Синь Тяйга жашыруун суктана карап, бирок анысын билгизбөөгө тырышып) Артык эмес, артык эмес!..
Синь Тяй. Жаныңды жебе!..
Линь Бо. (Жанталашып) Чын – чын, ханышам!.. Сиздин мүчөңүз келишкен, жүзүңүз кол менен жасап койгондой!..
Синь Тяй. Чын элеби?
Линь Бо. Чын эле, ханышам, чын!..
Синь Тяй. Мас болуп айтып аткан жоксуңбу?
Линь Бо. (Синь Тяйга жашыруун суктана карап, бирок анысын билгизбөөгө тырышып) Мас боло элекмин. Анын үстүнө мен мас болгуча ичпеймин. Чын ниетимден айтып атамын.
Синь Тяй. Чын ниетиңден айтып атсаң… Ич шербеттен!..
Линь Бо. Мындан ашык иче албайм, ханышам. Мас болуп калсам, башым кетет!
Синь Тяй. Сен азыр аябай мас болуп турсың, Линь Бо.
Линь Бо. (Кооптуу) Жок, мен мынча шербетке мас болбойм, ханышам.
Синь Тяй. А мас эмес болсоң, турчу ордуңдан.
(Линь Бо ордунан турмакчы болуп барып, кайра олтуруп калды).
Эмне болду сага, мас болуп калыпсыңбы, заматта?
Линь Бо. (Жалынып) Ханышам, кичине эс алып албасам, мастыгым тарагыча… Императорго мас болуп көрүнсөм…
Синь Тяй. (Келекелеп) Башың кетет…
Линь Бо. (Жанталашып) Ооба, ооба!..
Синь Тяй. (Мыйыгынан күлүп) Уктап ал анда, мынабул жерге.
Линь Бо. Айып этпеңиз, ээ, ханышам. Сиздин көңүлүңүздү кыйбай шербеттен көп ичип алган окшойм. (Буту – колун сунуп жата кетти да, дароо уйкуга кирди).
Синь Тяй. (Мыскылдай) Көп ичип алган окшойм… Көп ичкен жоксуң, мынабул дарынын күчү да. (Жеңинин ичинен кичинекей бөтөлкө алып чыгып, катып таштады. Андан соң тигинин жанынан топ ачкычты чечип алды. Ошол учурда терезе парданын артынан Сяо Шень чыкты).
Сяо Шень. (Башын чайкап) Кыйын экенсиң, келиним, кыйын экенсиң. Жылаан ойноткон индустан да өтүп кетипсиң. Мен сага баа бердим.
Синь Тяй. Сиздин таалимиңиз да, апа. Апа, эми ачкычты эмне кылабыз?
Сяо Шень. Аны мага бер. Өзүмдүн устам бар, ошого үлгүсүн алдырып коемун да, эртеңкиге чейин жасай бер деймин. А бул ойгонгуча ачкычтарын кайра жанына байлап коебуз. (Уктап аткан Линь Бого) Сени куу түлкү экен деп жүрсөм... Аңги!.. (Ачкычты алып, экөө дароо бөлмөдөн чыгып кетишти).

Он үчүнчү сахна

Түн. Ипархандын бөлмөсү. Ипархан императордун келишин күтүп, жүрөкзаада болуп олтурду. Аңгыча сырткы эшиктин кулпусу кылдырттап ачылды да, эч нерсе болбондой соолуккан Линь Бо кирип келди.
Линь Бо. Император келатат!.. (Кайра дароо чыгып кетти. Бир аздан соң сырттан император Хун Ли кирди).
Хун Ли. (Коштой кирген Линь Бого) Сен кызматыңды кыла бер.
Линь Бо. (Жүгүнүп) Жарайт.
Хун Ли. Кызматың эмне экенин билесиңби?
Линь Бо. (Жүгүнүп) Билем, таксырым, билем!
Хун Ли. Билсең, ошол кызматыңды аткар, эшик тыңшабай.
Линь Бо. (Буйдала түштү) А – а… кайсы кызматты кылайын, анда?
Хун Ли. (Ачуулуу) Ошол кызматты, өзүң дайыма аткарып жүргөн кызматты!..
Линь Бо. (Жүгүнүп) А – а… Түшүндүм, түшүндүм… (Жыла басып чыгып кетти.
Пауза).
Хун Ли. Мен эртең алыска ууга кетип атам, бир канча күнгө.
Ипархан. (Кооптуу) Билем, таксыр, билем.
Хун Ли. (Таң калып, шектене) Каяктан билесиз? Линь Бо айттыбы?
Ипархан. (Башын чайкап) Жок, таксырым, ал айткан жок. Андан кесип алса кан чыкпаган неме го.
Хун Ли. (Ого бетер таң калып, шектенгени күчөп) Анда ким айтты? Биякка бирөө кирдиби?
Ипархан. Биякка ким кире алат, катар – катар күзөт турса. Каалгасын киши ача алгыс болсо. 
Хун Ли. (Таң калганы күчөп) Анда кантип билдиңиз?
Ипархан. Бир жумадан бери тереземдин түбүнөн тайгандарды ары – бери жетелеп өтүшөт, кызматчыларыңыз.
Хун Ли. (Шектенгени күчөп) Аны кантип көрүп атасыз? Терезеңизге адам бою жетпесе?
Ипархан. Көрүп убара болгон жокмун, таксырым. Итти үнүнөн ажыратса болот да.
Хун Ли. (Кызыга түштү) Алардын тайган экенин кантип билдиңиз? Иттин баары бирдей эмеспи?
Ипархан. Таксырым, мен хандын аялымын. Менин ханым да тайган агытып, куш салып дайыма ууга чыкчу. Жөн ит менен тайгандын айырмасын беш колумдай билемин. 
Хун Ли. (Башын ийкеп) Ооба, ооба… Аныңыз чын, Сянь Фэй…
(Пауза).
Ипархан. Таксырым, эми менин тагдырым эмне болот?
Хун Ли. Сөзүңүзгө түшүнгөн жокмун, Сян Фэй.
Ипархан. (Сынай) Ууга кетип атып, ушунча мезгилден бери ыктыярыңызга көнбөй аткан күңүңүзгө жигиттериңизди тайгандардай кылып агытып кеткен аткан жоксузбу, дейм да?
Хун Ли. (Чочуп кетти) Ал эмне дегениңиз?!. Андай жаман ойду эч качан ойлобоңуз, Сянь Фэй. Сизге эч кимдин залалы тийбейт!.. Кокус залал кылам деп ойлогондор болсо, дароо башы кетет!
Ипархан. (Жүрөгү ылдыйлап) Ууга чыгаарда мени менен коштошкону келген экенсиз да, анда?
Хун Ли. Ооба, сизди көпкө көрбөй калсам куса болом го деп келдим. Мен сизден алигиче үмүтүмдү үзгөн жокмун.
Ипархан. Таксырым, каалабаган жүрөктү кантип багындырган атасыз?
Хун Ли. Мен сизге айткам, Сянь Фэй, баарын мезгил көрсөтөт деп. Убакыт өтсүн. Мезгил карысын. Ошондо көрөбүз. А мен чыдамкаймын. Күтүүдөн тажабайм. Үмүтүмдү эч качан үзбөймүн. Албетте, ар бир келген сайын үмүт менен келем… Кайра үмүт менен кетем… (Үмүттүү карап) Сянь Фэй…
Ипрахан. Жок!.. Жок!.. Таксырым, жок!.. Мен сизге койнумду ача албайм!.. Убара болбоңуз!.. А сиз күчкө сала албайсыз!. Анткени көчөдөгү зөөкүрлөрдүн бири эмессиз – императорсуз!
Хун Ли. (Аргасы түгөнө) Туура, императормун… Жөн император эмес, ашыктык оорусуна чалдыккан императормун… Мен кеттим… Уудан кайтып келгенде аман – эсен көрүшөлү, Сянь Фэй.
(Ипархан мелтиреп унчуккан жок).
Жакшы жатыңыз! (Чыкмакчы болду. Ошол учурда адатынча Линь Бо кирип келди).
Линь Бо. Таксыр…
Хун Ли. (Жекире) Дагы эшик тыңшап турдуңбу?
Линь Бо. Ошол кызматыңды кыла бер дегениңизден мен ойлопмун…
Хун Ли. Сен дайыма ошентип тескери ойлойсуң!.. Эмне келдиң?
Линь Бо. Эртеңкини эмне кылабыз? Жигиттерди…
Ипархан. (Кооптуу) Жигиттерди?!..
Хун Ли. Күзөтчүлөрдү калтырасың. Сен мени менен кетесиң. 
Линь Бо. Сянь Фэйге тамакты ким берип турат?
Хун Ли. Ага бирөөн дайында. 
Линь Бо. (Жүгүнүп) Жарайт, таксырым, жарайт.
(Хун Ли чыгып кетти).
Аз жерден башым кетип кала жаздады, ээ, сулуу?
(Ипархан мелтиреп унчуккан жок). 
Мобул узун тилдин айынан да ушунун баары. (Кичине тынымдан соң) Кокус, Линь Бодон уктум деп айтып иеби деп, жаным бир калсачы. Ырахмат сага, сулуу, ырахмат. Хандын аялы экениң билинди, сенин. Кантип жооп табат деп кыпылдып кана турбадымбы. Жаным калган жок. Карапайым аял болгондо тайган менен иттин кантип үрөөрүн кайдан ажырата билсин. Акылга тетик жан экенсиң. Улуу урматтуу императорум сенин азабыңды бекеринен тартып атпаптыр. (Жытын искеп, делебеси кайра козголуп, бирок өзүн арадан зорго тыйып) Бах!.. Жыт болбосоң кое кал!.. Баарыбызды акылыбыздан адаштыра турган болду го, бул жыт! (Чыгып кетти. Эшик сыртынан жабылып, ачкыч буралды).
Ипархан. (Өзүнчө) Хан Кожом, бүгүн да абийиримди таза сактап калдым. Ашык болгон император койнумду ачканга даабай кетти. “Бирок, канчага чейин дагы ушундай болоор экен?.. Кайсы күнү императордун чыдамы кетип, мага кол салаар экен”, деп сарсанаа болом, хан Кожом. Ушул азаптан качан, кантип кутулам?!. Сиз экөөбүз кайра көрүшүп, ат кулагы менен тең ойноп, адатыбызча жарыша турган күн келеби?!. Сиз да ит агытып, куш салып, а мен сизди күтүп… Кандай ажайып күндөр эле!.. Мен ушул алтын капаста камалып жата бербей, эркин болуп, эркин жүрө турган учур качан келет?!. Жылдыздуу түндү, жаркырап тийген күндү мынабул төбөдөгү терезеден кана көрө берип, кусалыгым ого бетер күчөп баратат, хан Кожом. Мелүүн жел саамайымды сылап, шыбактын жыты мурдумду өрдөп, таң алдындагы шүүдүрүм денемди чыйралткан күндөрүмдү сагындым!.. Ошол күндөр кайра келеби, ханым?!. Мынабул буулуктурган жашоодон кутуламбы?!. Же ушул капаста камалып жата берип өмүрүм өтөбү?!.

Он төртүнчү сахна

Ууга чыгаар алдында. Императордун сарайынын алды Синь Тяйдын терезесинен даана көрүнүп, кишилердин сүйлөшкөнү таптак угулуп турду. Ошол учурда император менен анын нөөкөрүн өз бөлмөсүнүн терезесинен Сяо Шень менен Синь Тяй карап турушту. 
Хун Линин жанына Линь Бо жетип келди.
Хун Ли. Баарын табыштадыңбы?
Линь Бо. (Кайра – кайра жүгүнүп) Ооба, таксырым, сиз айткандай кылдым. Ачкычты күзөт башына бердим. Жатсаң койнуңа ала жатасың, турсаң жаныңды болсун дедим.
Хун Ли. Жан кишини киргизбе дедиңби?
Линь Бо. Чиркей кирбесин дедим, таксырым.
(Пауза). 
Таксырым, уйгур ханын эмне кылабыз?
Хун Ли. Эмненсин айтасың?
Линь Бо. Көчөдөгү капаста олтурган неме биз келгиче алда неме болуп кетпесин дегеним да…
Хун Ли. Эмне болуп кетет дейсиң?
Линь Бо. Ким билет таксырым. Бирөөлөр көзүн тазалап ийбейби?
Хун Ли. (Ачусуу келип) Менин жарлыгымды буза турган ким бар экен? 
Линь Бо. (Жүгүнүп) Эч ким буза албайт, таксырым, кокустук кана болуп кетпесе.
Хун Ли. Кокустукка шылтап бир нерсе кылгыңыр келип турат ко, ээ?
Линь Бо. (Безилдеп) Жок, таксырым, жок!.. Мен жөн кана айтып атамын!
Хун Ли. Эч качан жөн эч нерсе айтпай жүр!
Линь Бо. Түшүндүм, таксырым, түшүндүм!..
Хун Ли. Биз келгиче капасында олтура берсин. Эл көрсүн, козголоң чыгаргандын жазасы кандай болоорун. Бар, дагы бир ирээт баарына эскертип чык, менин жарлыгымды.
Линь Бо. (Жүгүнүп) Жарайт. Таксырым, жарайт!.. (Энтеңдеген боюнча жөнөп кетти).
Хун Ли. (Кыжыры келип) Ар ким өзүн император ойлойт окшойт. (Өзүнчө) Сянь Фэй, кантип чыдаар экемин, ушунча күн? Сен мени акылымдан аздыра турган болдуң го!..
Сяо Шень. (Тиштенип) Кете бер, уулум, кете бер. Сен келгиче көп нерсе өзгөрүп кетет!..
Синь Тяй. (Кабатыр боло) Кантип өзгөрөт, апа? Ачкычты күзөт башына дайындаптыр го? Кантип киребиз, биз?
Сяо Шень. Бир айласын табабыз!

Он бешинчи сахна

Эртеси. Сарайдын ичи. Сяо Шень менен Синь Тяй келатышты, уурдана басышып. 
Синь Тяй. (Жүрөкзада болуп) Апа, күзөтчүлөр турушат. Эмне айла кылабыз?
Сяо Шень. (Өкүм) Бас!.. Айласын өзүм табам.
(Экөө Ипархандын бөлмөсүнүн босогосуна келишкенде алардын алдынан күзөтчүлөр тосуп калышты.
Сяо Шень. (Өкүм) Тарткыла, куралыңарды!.. Биз көзүңөргө душман көрүнүп атабызбы?!
(Күзөтчүлөр эмне кылаарын билбей туруп калышты).
Күзөт башы. (Жүгүнүп) Улуу урматтуу ханышам, таксыр императордун буйругу ушундай. Биякка эч кимдин киргенге акысы жок.
Сяо Шень. (Өкүм) Мен киммин?!
Күзөт башы. Сиз улуу урматтуу императордун энесисиз!
Сяо Шень. (Өкүм) Дагы?!
Күзөт башы. Ханышасыз.
Сяо Шень. (Өкүм) Ошону билип жүр! Бас, мындай! (Күзөт башыны четке чыгарып кетти да, бир азга сүйлөштү. Күзөт башы капысынан жүгүнүп – жүгүнүп ийди. Синь Тяй чыдамы кетип күтүп турду тигилерди. Бир аздан соң Сяо Шень менен күзөт башы кайра кайтып келишти.
 Күзөт башы. Мен да ошентип ойлойм, ханышам! (Эпилдеп эшикти өзү ачып берди. Сяо Шень ичкериге кирип кетти).

Он алтынчы сахна

Ипархандын бөлмөсү. Ипархан терезенин тушуна туруп алып күкүктүн үнүн тыңшап, сүйлөшүп атты.
Ипархан. Кагылайын күкүк, тилиң барбы, сүйлөй турган?!. Эмне билгениң бар? Эмне айта аласың? Хан Кожомдун дайнын билесиңби? Тирүүбү?!.. 
(Ошол учурда эшиктин ачкычы буралып, сырттан бөлмөгө Сяо Шень кирип келди).
Сяо Шень. Ханың тирүү эмес, Сянь Фэй. Уулум ууга кетээр алдында күйөөңдү дарга астырып кетти.
Ипархан. (Көзүнөн жаш кетип) Эмне дейсиз?!.
Сяо Шень. Эмне уксаң ошол.
Ипархан. (Дендароо болуп, өпкө – өпкөсүнө батпай ыйлап) Жок!.. Жок!.. Жок!..
Сяо Шень. Ишенбей атасыңбы? Ишенбесең, жүрү анда, сени сыртка алып чыгып, күйөөң асылган дарга алып барып, көрсөтөйүн! 
(Пауза).
Ипархан. (Ыйын токтотпой, башын чайкап) Жок, ханымдын дарга асылып турганын көргөндөн көрө, өлүп калганым артык, ханыша апа!..
Сяо Шень. Туура айтасың. 
(Пауза).
Мени эмне келди деп таң калып атасың го?
(Ипархан көзүн жаш жууп унчуккан жок).
Мен сага жардам берейин деп келдим.
Ипархан. (Ый аралаш солуктап) Мени бошотосузбу?
Сяо Шень. Бошотом. Бирок, эркиндикке чыгара албайм. Чыгарган күндө да баары бир менин уулумдан кутулуп кете албайсың. Каякка барсаң, ошол жактан кайра сени кармап келип, мынабул алтын капаска салып таштайт. Туурабы?
Ипархан. (Солуктаган калыбында) Аныңыз чын… Императордун укуругу узун…
Сяо Шень. Мен да ошону айтып атам. Анан көргөн күнүң кайра эле баягы болот. Андан көрө мындай азап — тозоктон биротоло кутулушуң керек.
Ипархан. (Ыйын тыйып, чечкиндүү) Мен ага даярмын!
Сяо Шень. Колуңдан келеби? 
Ипархан. (Чечкиндүү) Келет! Ушинтип азап чеккенден көрө!.. 
Сяо Шень. Анда мен сага мына момуну алып келдим. (Койнунан кичинекей кагаз баштык алып чыкты). Ме, баштыгы менен кошо жутасың. Изи калбагыдай болсун.
Ипархан. (Жүзү таштай түйүлүп) Айтканыңызды аткарам, ханыша апа! (Баштыкты колуна алды).
Сяо Шень. Эгер колуңдан келбесе, дароо айт. Муну кайра алып кетейин.
Ипархан. Жок, жок!.. Колумдан келет!.. Келет!..
Сяо Шень. Мен кеттим, анда, Сянь Фэй. (Дароо чыгып кетти).
Ипархан. (Кайрадан көзүнүн жашын көл кылып) Хан Кожом!.. Үлбүлдөгөн үмүтүм бар эле. Сиздин дайныңызды уккандан кийин ал үмүтүм да таш капты. Эми мени токтото турган эч нерсе калган жок! Хан Кожом!.. Мен сиздин алдыңызда тазамын. Ошого каниет кылам, хан Кожом!.. (Ууну оозуна салып, жутуп ийди. Анан тактага барып суналып жатты да, былк этпей калды. 
Пауза.
Бир аздан соң эшик кайра ачылып Сяо Шень менен Синь Тяй кирип келишти).
Сяо Шень. (Ипарханга көз чаптырып) Өз көзүм менен көрөйүн дедиң эле. Мына, көрдүңбү? Ишендиңби, эми?
Синь Тяй. Көрдүм, ишендим. 
Сяо Шень. Бүттү, келиним… Сен мындан ары азап – тозок тартпайсың.  
Синь Тяй. Рахмат, сизге, апа! Сиздин кеменгерлигиңизге дагы бир ирээт баа бердим. Сиз болбосоңуз көргөн күнүм эмне болот эле…
Сяо Шень. Келиним, кытай империясынын мураскору кытай аялдан кана төрөлүш керек! Мен аракетимдин баары ошого жумшап атам.
Синь Тяй. Апа, бир чети кубанып турам. Бир чети… жүрөгүм өйүп атат.
Сяо Шень. Эмне үчүн?
Синь Тяй. Кокус уулуңузга ушул ишибиздин ачыгы билинип калса, эмне кылабыз деп жүрөкзаада боло баштадым, эмитен эле. Сизден көрүшү мүмкүн.
Сяо Шень. Кабатыр болбо, келиним. Күзөтчүлөрдүн биринин да оозунан чыкпайт. Чыкса өзүлөрүнүн башы кетет. Күзөт башына катуу эскерттим. Менден да көрө албайт. Жигин билгизген жокмун.
Синь Тяй. Кантип көндүрдүңүз, күзөт башын?
Сяо Шень. Ал дагы кытай империясынын мураскору кытай аялдан төрөлүш керек деп ойлойт. Пикирибиз бир жерден чыкты. А Сянь Фэйдин эмне үчүн минтип калганынын жообу дапдаяр.
Синь Тяй. Апа, ал жоопту ким берет? Бизби?
Сяо Шень. Биз эмес… Берчү кишилер бар. 
Синь Тяй. Аялынын минтип калганын капаста олтурган күйөөсү укса эмне болоор экен?
Сяо Шень. Эмне болсо ошол болсун!.. Булар биздин империяга каршы чыгышкан козголоңчулар. Козголоңчуларды да аямак белек. Кой, келиним, бул жерде көпкө турбайлы, ордонун узун кулактарынын оозуна илинип калбайлы. Кеттик. 
(Экөө кандай келишсе дал ошондой ээрчишип чыгып кетишти).
Ипархан. (Башын акырын көтөрүп, үнү кыңылдап) И –и … максатыңар ушул беле… Хан Кожом, сиздин көзүңүз тирүү экен!.. Мен алданыпмын!.. Бирок, баары бир өкүнбөймүн. Акыры бир күн абийирим төгүлмөк, андан көрө… Хан Кожом, кошуңуз!.. (Былк этпей калды).

Он жетинчи сахна

Бир нече күндөн кийин. Императордун сарайынын алды. Синь Тяйдын терезесинен алаканга салгандай көрүнүп, сүйлөшкөн кишилердин үнү дапдаана угулуп атты. Бөлмөнүн терезесинен Сяо Шень менен Синь Тяй карап турушту, демдерин ичтерине алып. 
Хун Ли жаңы эле уудан келген. Өң — алеттен кетип, энтеңдеген Линь Бо чуркап келди.
Линь Бо. (Калтырап — титиреп) Таксырым!.. Таксырым!..
Хун Ли. Сарай тынч бекен? Билдиңби?
Линь Бо. (Оозуна сөз кирбей) Билдим, билдим, таксырым!..
Хун Ли. Эмне болду, сага? Үрөйүң катуу учуп алыптыр?
Линь Бо. (Оозуна сөз кирбей) Сянь Фэй!.. Сянь Фэй!..
Хун Ли. (Чочуп кетти) Качыптырбы?!.
Линь Бо. Жок!..
Хун Ли. Анан эмне болуптур?!..
Линь Бо. (Калтырап — титиреп) Оозум барбай атат!..
Хун Ли. (Жаалы келип) Айт!.. Айт, тезирээк!..
Линь Бо. Сянь Фэй… жок!.. 
Хун Ли. Ким алып кетиптир?!. Күйөөсү кайда?!.
Линь Бо. Күйөөсү капаста эле олтурат…
Хун Ли. (Жаалы келип) Анан эмне болду?!.
Линь Бо. Таксырым… Сянь Фэй…
Хун Ли. (Дендароо болуп) Түшүндүм, түшүндүм… Айтпа аржагын!.. Себебин айт!..
Линь Бо. Таксыр, мен да сиздин жаныңызда, ууда жүрбөдүмбү. Мен каяктан билмек элем. Башкы табыбыңызды айдап келдим биякака, ошол айтсын!.. (Колун жаңсап) Эй, табып, кел императордун алдына!..
(Элеңдеп корккон табып келди, Хун Линин алдына).
Хун Ли. (Чыдамы кетип) Эмне болду?!.
Табып. (Калтырап – титиреп, какап — чакап) Сянь Фэй… дем албай калыптыр деп… бизди күзөтчүлөрүңүз чакырышты… Табыптардын баары чогулуп келдик. 
Хун Ли. (Аргасы кетип) Тамагын карадыңарбы?
Табып. (Калтырап – титиреп, оозуна сөз кирбей) Күзөтчүлөрүңүз башкы ашпозчунун өзүн алып келишип, тамакты жегизип көрүштү. Тамак таза экен.
Хун Ли. (Линь Бого) Кимдир бирөө кириптирби, бөлмөсүнө?!
Линь Бо. (Кайра – кайра жүгүнүп) Эч ким кирбептир, таксырым. Күзөтчүлөр бир ооздон ушинтип айтышты, мага. Ар бирин бирден сурап чыктым.
Хун Ли. (Ындыны өчө, табыпка) Шектүү эч нерсе байкаган жоксуңарбы?
Табып. Эч жеринен шектүү эч нерсе таппадык. 
Хун Ли. (Ындыны өчүп) Анан эмне болуптур?!. 
Табып. (Калтырап — титиреп) Таксыр, мына, биздин тыянагыбыз. (Койнунан пергамент алып чыгып императорго сунду). 
Хун Ли. (Пергаментти мыжыга кармап) Себебин айт! Муну окуп олтурууга азыр чамам жок.
Табып. (Калтырап – титирегени басылбай) Кусалыктан… 
Хун Ли. (Маанайы чөгүп, бир чети таң кала) Кусалыктан дейсиңби?
Табып. (Жанталашып) Ооба, таксырым, ооба!.. Кусалыкты көтөрө албай… Кусалык деген аябай жаман оору да. Кусалыкты көтөрүш өтө кыйын… Баарыбыздын тыянагыбыз ушундай болду.
Хун Ли. (Маанайы чөгө) Билем аны… Бар, сага уруксаат, кете бер.
Табып. (Үч бүгүлүп) Ырахмат, таксырым, ырахмат! (Кеткенче шашты).
Линь Бо. (Оозуна сөз кирбей) Эми эмне болот, таксыр?
Хун Ли. (Үшкүрүп) Эмне болот?.. Түбөлүк кусалыкты тартып жүрүп өтөбүз, Линь Бо, түбөлүк!.. (Пергаментти мыжыга кармап олтурду).
Сяо Шень. (Синь Тяйга) Мына, ушуну көрөт, келиним, энесине акарат кылган бала, салтты сактабаган падыша!..

Бүттү.

14.03. – 30.03.2008

© Жаныш Кулмамбетов, 2008. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 2886