Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз / Улуттук жазуучулар Союзу сунуштайт
© Турусбек Мадылбай, 1990. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2008-жылдын 8 октябры

Турусбек МАДЫЛБАЙ

Дубал

(Бир гүзөрдүн баяны)


Жаш прозачы Т.Мадылбаевдин тырмак асты аңгемелери азыркы жаш адамдын граждандык калыптануусун чагылдырат

Мадылбаев Турусбек. Дубал: Аңгемелер: Жаштар үчүн. — Ф.: Адабият, 1990. — 60 б. — (Жаш калем). «Жаш калем» сериясы 1972-жылдан бери чыгат. Жаштар үчүн китеби боюнча жарыяланат

ББК 84 Ки 7—4 
М 13
М   4803300100—145 139—90
     М 455 (11)—90

ISBN 5-660-00324-9

 

Күчүк


        Бул каргашалуу окуя күтүлбөгөн жерден болуп кетти. Бүт бардыгы кетменден башталды. Жөнөкөй эле арык чапчы кетмен.
        Ошол күнү Шыгай арыктарды тазаламак болуп, кетменин издеп чыккан: сарайдан — карайт жок, көмүрканадан карайт — жок. Шыгай ичинен бир сыйра күңгүрөнүп алды да, анан аялынан сурады.
        — Ошо ле жерде турган,— деди аялы.
        — Турса анан кана?— деп кыжырланды Шыгай.
        Эринин кыялын жакшы билген аялы ошол замат үйдөн чуркап чыгып, кетменди кошо издеп калды. Ал дагы бүт аңтарып карап чыкты, кетмен көрүнбөйт.
        — Кошуналардан бирөө алып кетсе керек,— деп кобуранды аялы, анан эшикти көздөй жөнөдү. — Алышса ле кайра жеткирип бербейт...
        Ал үйдөн үйгө өтүп ар кимдикинен кетменин сурап жүрдү, акырында эч жерден таппай үйүнө кайтып келди.
        — Балээ баскан турбайбы! Үйдөн чыккан эле нерсе жоголот, — ал короосунда туруп наалыды.
        — Биз силердин кетмениңерге тийген жокпуз!— кыйкырык бийик дубалдын артынан угулду. — Корооңо сак бол, коңшунду ууру тутпа.
        Шыгайдын аялынын кыжыры келди.
        — Ушу силер эле алган болушуңар керек. Дайыма бир нерсе алсаңар, кайтарып бербейсиңер.
        Кошунанын аялы да зорго турган экен, ал айкырып жиберди:
        — И, биз сенин минеңи алыптырбыз? өзүң көчүгүңү беките албай ле, элден көрө бересиңби? өзүңөр уурдап жүрүп, элдин баарын ууру көрүп калган экенсиңер!
        Бул отко тамган майдын акыркы тамчысы болду.
        — Мине? — Шыгайдын аялы турган жеринен чыңырып жиберди.— Ким ууру? Биз сенин минеңи уурдаптырбыэ, я? ө-өлүгүңдү көрөйүн, бетбак!..
        Андан кийинкисин кошуналардын бардыгы көрдү: эки короодон тең бир маалда чуркап чыгып аялдар бири бирин чачтап калды. Чыңырык-кыйкырык, көйнөктөрдү тытмай, каргап-шилөөлөр. Эшиктин алдында ойноп отурган балдар эмне болуп кеткенин түшүнбөй, ыйлап жиберди. Акырында гана ызы-чууга чуркап чыккан эрлери аялдарын тарткылап отуруп араңдан зорго аларды үйлөрүнө алып кирип кетти.
        Ошондон баштап эки үйдү тең караан түн каптады. Бир күнү Шыгайдын тоогу кошунасынын короосуна кирип кетиптир.
        — Түт! Карасан булардын тоогу да ууру,— деп угуза кыйкырып, аны көздөй таш ыргытты Жумабектин аялы.
        Жумабектин баласы Кадыр дайыма кагаздан кайык жасап, сууга агызганды жакшы көрчү. Ошентип кайыгынын артынан барып калганда дарбаза ачылып, босогодо Шыгайдын аялы көрүндү. Ал баланы бир сыйра жийиркенгенсип карап алды да, жини менен чакчаңдады:
        — И, дагы минени уурдаганы келдиң? Бар өзүңүн эшигиңе барып ойно! Бияка дагы келгениңи көрөйүн, бутуну сындырам...
        Эртеси Шыгайдын баласы Үсөн теңтуштарынын бирөөсүн чакырьш жаткан.
        — Шака-а!.. Шака-а!..
        Тигинин апасы чыкты да, ага кыйкырып кирди:
        — Бас үнүңдү, эй, бала! Шакан жок үйдө, — анан өзүнчө кобуранды. — Булардын үнү да өчпөйт экен, жубарымбек...
        Үсөн мурдун шыр тартып, таарынган өңдүү көчөнү бойлоп жөнөдү. Ал нарагыраактагы жашыл дарбазалуу үйдүн алдына барып, Шакандын апасы кирип кеттиби деп кылчактап карап алды да, дагы бир шеригин чакыра баштады:
        — Жека-а!.. Жека-а!..
        Тигил чыгып келди. Анын артынан апасынын үнү угулуп калды:
        — Жекшен, өлүгүңдү көрөйүн, барба аяка!— деп доолуланып жатты апасы.— Беймаалынын баласы менен ойногонуңду кой дебедим беле, шүмшүк!
        Жекшен шеригин күнөөлүү карап алды.
        — Эртең келчи, Үка, —деди ал, улам артына кылчактап.— Апам урушуп атат...
        Үсөн унчукпай тескери бурулуп, жолуна түштү. Шамсуддин-бабанын үйүнө жакындаганда, дубалдан ашып чыгып турган алчадан секирип жулуп алды. Бир алча жарылып анын колун чыканагына чейин кызылга боёду. Үсөн калгандарын жалбырактардан тазалап, уучундагынын баарын оозуна ыргытып койду. Оозу-башы кызыл болуп өтүп баратканда, аны карыя Осмон короосунан туруп чакырды. Үсөн токтоп калды: биринчи эле анын ою — качмак болчу, бирок тигил жылмайып турганын көргөндө, эмне кылаарын билбей тура берди.
        — Бери кел, Үсөн, — деп кол булгады карыя Осмон.
        Үсөн жай басып короого кирди.
        — Келе кой, айланайын, — карыя Осмон ага жол бошотуп үй тарапты көргөздү. — Кир, айланайын, кире кой... Чоңоюп калган турбайсыңбы, садагаң болоюн, апаңы ошондо төрөт үйүнө жеткирген мен болчум. Мына, эми сен минтип чоңоюп да калыптырсың...
        Алар күңүрт далистен өтүп барып төркү бөлмөгө кирди.
        — Отур, — карыя Осмон колу менен төрдү көргөздү. — Азыр чай ичебиз, анан мен сага бир кызыкты көрсөтөм.
        — Мен чай ичпейм,— деди Үсөн.— Мен үйдөн чай ичкем.
        — Кой, кокуй, андай дебе... Үйдөн ичкен чайың башка, меникинен ичкениң башка да.
        — Улам чай иче берсем, курсагым жарылып кетпейби, — Үсөн тура калып торсойгон курсагын көргөздү. — Андан көрө, мага жана айткан кызыкты көрсөтүңүз.
        — Мейли, айланайын, мейли, — карыя Осмон күлүп калды. — Жүр анда месе, сага бир кызыкты көрсөтөйүн.
        Алар ээрчишип эшикке чыкты. Карыя Осмон Үсөндү колунан тартты.
        — Биякта... Силер экөөңөр тез эле дос болуп аласыңар.
        Алар сарайдын ичине кирди. Карыя Осмон колу менен бурч тарапты көздөй жаңсап:
        — Тигине,— деди. — Бар, ал азыр уктап аткан чыгаар...
        Үсөн алдыга кадам шилтеди. Бурчта, калың төшөлгөн чөптүн үстүндө кичинекей күчүк жатыптыр. Баланын дабышын уккан күчүк башын көтөрдү. Ал кичинекей топко окшоп оролуп, жүлжүйгөн көздөрүн караңгыда араң ачып турду.
        — Ал, колуңа алсаң, — деди карыя Осмон баланы алдыга түртүп. — Коркпой ле кой.
        Үсөн ириде ишенбегенсип чалды бир карап алды, анан эңкейип күчүктү акырын, этияттык менен колго көтөрдү. Күчүк ошол замат анын кучагында жоголуп кетти. Анан бир аздан кийин анын кыңшылаганы угулду.
        — Ана, көрдүңбү, — деди чал. — Ал дагы сага кубанып атат... Ал, ала бер, күчүк эми сеники. Бу менин сага белегим.
        Бала жылмайып чалды карап турду, анан айнып кетпесин дегенсип шашкан бойдон үйүнө жөнөдү.
        Ошол күндөн баштап Үсөн теңтуштарын дагы унутту. Күнүгө мектептен кайтканда, аны алдынан күчүгү тосуп чыгат. Ал алыстан эле борсулдап үрүп, куйругун шыйпаңдатып келип Үсөндүн бутуна жабышат, бала аны басып албайын деп колуна ала коюп, тумшугунан бир өөп, анан жерге коё берет. Ыраазы болгон күчүк сызган бойдон короону аралап чуркап, жолунан чыккан тоокторду бир сыйра кууп, кайра кожоюнунун жанына келип калчы. Үсөн кээде күчүгүн короонун тээ четине алып кетип, ал жерде аны мойнунан кучактап, андан көптөн бери жүрөгун өйүгөн суроолоруна жооп издечи. Минеге чоң кишилер көп урушат? Минеге алар чатакташса ле, балдарын бир-бири менен ойнотпой коёт?
        Күчүгү анын бул суроолоруна жооп бербейт, бирок ал баланы түшүнүп тургансып мөлтүрөгөн эки көзү менен аны тиктеп калат. Үсөн ушуга да ырааэы, болбосо аны кээде уга турган да эч ким табылбай калаарын билет.
        Мурун аты жок күчүк эми Акжолтой деп аталды. Бала эртең менен туруп дайыма эшиктин алдынан чакырганда, анын үнүн чыдамсыздык менен күтүп жаткан тигил тилин салаңдатып чуркап келчи. Экөө короону бир сыйра айланып карап келип, тоокторго жем чачып, малдарга чөп салгандан кийин бала күчүгүнө да тамактан куюп берип, анан эң акырында гана өзү жуунуп, оокатка отурчу.
        Ал көчөгө чыкканда Акжолтой аны ээрчип алат. Экөө балдарга кошулуп, Үсөн так секирип, күчүк тилин салаңдатып, алар керээли-кечке ойноп жүрчү.
        Бир күнү бала демейдегидей эле эшикке чыга калып:
        — Акжолтой! — деп чакырганда күчүгү чуркап келген жок.
        Таңгалган бала көздөрүн сүртүп алып итке атайын курулган кепенин жанына барды. Күчүк ордунда жатыптыр.
        Баланын дабышын укканда ал башын көтөрүп аны карап койду.
        — Акжолтой, сага мине болду? — деп сылады аны Үсөн.
        Күчүк күңгүрөнүп алып, кайра тээ алысты томсоргон көздөрү менен тиктеп калды.
        — Мине болду сага, Акжолтой? — бала ыйламсырады.
        Анда Акжолтой аны карап кыңшылап бир нерсени айткысы келип, бирок тили жок кайрадан унчукпай жатып калды.
        — Апа! — деп чакырды Үсөн. — Апа, Акжолтойго мине болгон?
        Апасы ашканадан чыгып келди, ал иттин тунарган көздөрүн көрүп иштин жайын дароо түшүндү, бирок ал баласына эч нерсени айткан жок.
        — Мине болуптур, апа? — Үсөн ыйлап жибере турган болуп турду.
        — Ооруп калса керек,— деди апасы.— Оокатын бердиң беле?
        Үсөн чуркап барып чөйчөккө дайыма кечки оокаттан салып коюучу кешикти алып келди. Аны иттин астына койду, бирок тигил чөйчөктү бир сыйра жыттап көрүп, жебей кайра жата берди.
        — Апа, ал минеге жебейт? — баланын көз жашы сызылып чыкты.
        — Жейт, — деди апасы. — Азыр ооруп аткан турбайбы... Кечинде жейт.
        Үсөн чуркаган бойдон карыя Осмондукуна барды.Тигил көп күттүрбөй тез эле баланын артынан жетип келди. Күчүктү бир сыйра карап чыгып оозуна суу куйду. Суу кайра иттин оозунан куюлду, ошондо чал оор үшкүрүнүп баладан сурады:
        — Баягыда апаң бирөө менен урушуп кетти дедиң беле?
        Бала башын ийкеди. Чал желкесин кашынып, эч сөз дебей үйүнө жөнөдү.
        — Акжолтойго мине болуптур, чоң ата?— деп кыйкырды артынан Үсөн.
        — Эчтеке мес, балам, — карыя Осмон бир пас токтоп калды. — Оокат бере бер. Эгер ал оокат ичсе, анда баары жакшы болот.
        — Ичпесечи?..
        Буга чал эч нерсе деп жооп берген жок. Ал башын жерге салган бойдон эки колун артына кайчылаштырып алып, шылкыйып кетип калды.
        Үсөн эки күн катарынан улам күчүгүнө оокат алып барып берип жатты, бирок тигил эми анын шарпасына дагы көңүл бурбай, зорго дем чыгарып кыймылдабай жата берди. Үчүнчү күнү эртең менен Акжолтой өлүп калды. Бала эмне болгонун түшүнбөй бирде күчүгүн, бирде атасы менен апасын карап жалдырап турду.
        — Болду, — деди атасы бир топ убакыт унчукпай тургандан кийин. — Кечинде муну алып барып талаага таштап кел...
        Күүгүм киргенде Үсөн күчүгүн мойнунан байлап, аны сүйрөп көчөнү бойлоп баратты. Бирок бир аз баскандан кийин эле аны колуна ала коюп көтөрүп алды. Үсөн колундагы күчүгүн ойготуп албайын дегенсип жай басып жүрүп отурду. Аны четтен көргөн киши бала бир назик, колго илинээр-илинбес нерсени көтөрүп баратабы деп ойломок, бирок бул маалда көчөдө эч ким жок болчу.
        Гүзөрдөн чыгып Үсөн ачык жерге жетти. Асмандагы толук ай тоолордун түбүндөгү ээн талааны бүт жарык кылып бул жердеги майда, көзгө илинээр-илинбес нерселердин бардыгына нурун төгүп, аларды кандайдыр бир ыйык түскө боёп жаткансыды. Бала күчүктү акырындык менен чөптүн үстүнө жаткырып, колдоруна таш алып чукулап көр каза баштады. Казып бүткөн соң ал түбүнө чөп-чардан төшөп, ага өлүктү жаткырып, анан кайра дагы анын үстүнө чөптөн жаап, кийин көмүп койду.
        Бала кичинекей дөбөнүн жанында узак туруп катуу үшкүрүндү. Анан үйүн карай жөнөдү. Эми гана жолдо келатып, ал күчүгүнөн түбөлүк айрылганын түшүндү. Мурдун шыр тартып, буттары ташка чалынып ал бир маалда шолоктоп ыйлап жиберди. Ал кимге экени белгисиз даттанып келатты. Минеге адамдар ынтымакта жашай албайт? Минеге алар дайыма чатакташа берет? Минеге алар өздөрү урушса деле күчүн күчүктөн чыгарат?..
        Бирок аны бул жолу эч ким уккан жок.

 

Ууру


        Жоробектин үйүнө түндөп ууру кирди. Ал кантип кирип келгенин тигил түшүнбөй деле калды: терезелер бүт жабык, эшиктин илмеги салынган болчу. Ошол күнү Жоробек кеч келип, чарчаганынан оокат ичээри менен дароо жатып, күндүн аябай ысыганына карабастан терезелерин бүт жаап уктап калган. Түн ортосунда ал бир маалда ойгонуп кетти. Эмнеге ойгонгонун билбей дале уйкусурап жатса, анын колун чыканагына чейин бирөө сылап келатат. Аялым болсо керек... Бирок ал төркүнүнө кетпеди беле! Жоробек айран калды. Ал эми тигил болсо дале жогорулатып сыйпалап жатат. Мышыкпы? Жоробектин денеси титиреп кетти: анын өмүрүндө жийиркенгени эле бака, чычкан, мышык болчу. Жоробек колун силкип жиберди, бирок ал күткөндөй мышык мыяулабастан, бир чоң нерсе күрүлдөп кетенчиктеп барып так бурчка жыгылды. Ошондо гана Жоробек тиги ууру экенин түшүндү: ал ордунан тура калып бөлмөнү жарык кылганы чуркады. Эки күн мурун жаңы салган шамчырак бөлмөнү жарык кылганда, ал нары бурчта жаткан узун бойлуу кишинин караанын көрдү. Анан анын көзү караңгылай түштү, ал көздөрүн жума коюп, кайра ачса тигил караан жок. Мине балакет болуп кетти? Же көзүмө шайтан көрүндүбү? Буларды ойлогончо эшикте шатыр-шутур дей түштү. Каптай болуп жерге күп деп түшүп, талдын бутактарын шытыратып, дубалдан карсылдатып секирип, анан иттерди ордунан козгогон дабыштар тигинин жөнөкөй эле адам экенин билдирди.
        Бир аз эсине келе калганда Жоробек сыртты көздөй атырылып көчөгө чуркап чыкты. Эшик караңгы, болгону гана алыстагы чагылгандын жылт эткени тээ көчөнүн башында чуркап бараткан адамды бир-эки жолу жарык кылып өчүп калды.
        Жоробек дагы бир пас турду да, анан кайра үйүнө кирди. Кайра келиши ыктымал. Ал түнү менен уктабай бөлмөнү таң атканча жарык кылып жатты.
        Эртеси ал кошунасыныкынан капканын сурап келди. Эмнеге керек экенин ал айткан жок. Караңгы киргенде ал эч кимге көргөзбөй терезесинин түбүнө барды да, капканды чырпыктын арасына бекитип орнотуп койду. Капкандын кандай чабаарын текшерип көрүп ыраазы болду.
        Түн ортосунда катуу кыйкырык аны ойготту. Уйкусурап жатып Жоробек ириде эмне болуп кеткенин түшүнбөй калды, бирок көпкө тыңшап отуруп ал эшикте бирөөнүн онтогонун укту. Заматтын ичинде кийине коюп ал эшикке чуркап чыкты, ошондо ал нары терезенин түбүндө кыйналып, бутундагы капкандан бошоно албай отурган ууруну көрдү. Тигил дагы аны байкай коюп, отурган жеринен так секирип, капканды сүйрөгөн бойдон дубалдан ашып түштү. Жоробек анын артынан кууп алды.
        Уурунун бутундагы темир капкан жерге тийген сайын чакылдап, дембедем ташка урунганда андан чачыраган учкун тигинин каерде баратканын даана көргөзүп турду. Жоробек ошол дабыштын артынан ээрчий берди. Ууру биринчи таар көчөлөрдү аралап буйтап, улам бир короого кире калганда ал жактан арылдаган иттердин үнү чыгып, аны кайра качырып шайын кетирди. Гүзөрдүн ичи бүт баш аламан болуп, анысы аз келгенсип Жоробек алы жетишинче:
        — Кармагыла ууруну! — деп кыйкырып-өкүрүп, бир жагынан капкандын тиштеринен сыздаган буттары үзүлүп кете тургансьш, айласын жоготкон ууру акырында чыдабай онтоп барып бакырып жиберди.
        Чоң көчөгө чыгып калганда Жоробек бир нерсени эстей койду. Уурулар экөө болсочу? Мен муну кууп кеткенимде эшик ачык калып, тигинин шериги үйүмду бүт талап кетпедиби... Жоробек токтоп калды, уурунун артынан бир аз карап турду да, анан бир маалда кайра артын карай чуркады. Мен акмакмын!.. Муну минеге мурун ойлогон жокмун?..
        Кудай жалгап үйү сак экен. Ал бөлмөлөрдүн бардыгын бир сыйра карап чыгып, эч нерсе уурдалбаганын көргөндө жаны бир аз жай ала түштү. Демек, ууру жалгыз экен. Анда аны кармаш оңой болот. Анын көңүлү кичине көтөрүлүп калды, бирок сестенгени дале кетпей жүрөгү түкүлдөп, ал түнү менен уктай албай койду. Ар кандай ойлор келип жатты. Карыптырмын... Карылык ушинтип эле бир паста ийип салат турбайбы, болбосо каяктагы бир шүмүрөйгөн уурунун артынан жеталбай койдум. Карыптырмын, карыптырмын. Эми ал эртең да келсечи? Ушундайда катындын да жоктугун... Капканды го ал билип алды, бирок башка мен мине кылалам? Күндүн да ысыганын кантесиң? Терезени да ачып болбойт. Минеге болбойт? Анын оюна бир нерсе кылт этти. Терезени ачып коюш керек, жагжайтып ачып коюш керек...
        Эртеси ал иштен түз эле үй-орозгер дүкөнүн карай жөнөдү. Ал жерден жыйырма метр зым алмак болду. Отуз эле метр алып коёюнчу, артып калса эчтеке болбойт... Эми ал менден качып көрсүнчү.
        Үйүнө аялы келип калыптыр. Жакшы болбодубу, эми жалгызсырабайм. Кечинде Жоробек зымдарын чачып алып бир нерсе кылып жатты. Муну көргөн аялы таңгалып сурады:
        — Бу минең?
        — Керек, — деп күңк этти Жоробек. — Түндө бу зымга тийбе.
        — И, кокуй! — деп чоочуп кетти аялы.— Тийсем мине болот экен?
        — Тийсең ток урат, — деди Жоробек камырабай.
        — Мине дейт, кокуй! — аялынын ого бетер жүрөгү түшүп калды. — Ток урган немени мине кыласың үйгө орнотуп?
        — Ал сенин ишиң эмес, — Жоробек кыжырланды.
        — Тийбе дегенден кийин тийбе, түшүндүңбү?
        — А кокуй десе! Сен чын эле мээңен айнып калгансыңбы? — аялы кобуранып чыгып кетти. — Кошуналардын айтканы ырас окшоп калды...
        Жоробек буга жооп кайтарган жок, ал зымдары менен алек болду. Ал кылдаттык менен зымдын кабыгын терезеге келе турган жеринен аарчып, анан бир учуна сайгычты карматты. Эми келип көр, атаңы гана таанытпасамбы... Түндө төшөгүнө жатканы баратып ал зымды токко сайып койду.
        — Буга тийбе, — деди ал. — Дегеле терезеге жакын барбачы.
        Аялы унчукпай тескери бурулуп жатып алды. Карасан тыркыйып жатканын. Кошуналардын айтканын уга койгонун, меникин укпас эле. Бүгүн көп күндөрдөн кийин Жоробек биринчи жолу сергек жатты, өз акылы менен жетип ушундай шайманды ырастаганына өзүнө ыраазы болду. Эми бу качан иштеп жиберет болду кен? Келсе тезирээк келсинчи...
        Анын көздөрү чекчейип уктабай жатканын көрүп аялы күңкүлдөдү:
        — Тынч жатып уктабайт экенсиң да... Сага мине болгон деги?
        — Анан көрөсүң, — деп койду Жоробек.
        Азыр ал сыртта терезени аңдып турган болушу керек, бизди качан уктайт деп. Мейли, эми келе берсин. Жоробек көздөрүн жумду. Көздөрү бир аз илинип кетиптир, ал түн ортосунда чартылдаган дабыштан, датпайраттанган үндөн ойгонду. Бөлмөнүн ичи жарык болуп кетиптир. Тура калып терезенин жанына чуркап барса, ууру зымга илинип тырышып калыптыр. Муну көргөн аялы чыңырып жиберди.
        — Бу мине кылганың, кокуй? өлтүрбөдүңбу байкушту!..
        — Тапкан экенсиң байкушту, — Жоробек мыйыгынан күлүп койду. — өлсө мине кен? Бир ууру өлөт да.
        Ууру көздөрүн алаңдатып, колдору карышып калыптыр. Ал тыбырчылап кыйкырайын деп үнү чыкпайт, талмалуу адамдай оозун ачкан бойдон аны жалымсырап ка— рап турду. Акырында зым үзүлүп кетти, ууру кыйылган талдай кулады.
        — Эми аны кармаш керек! — деп Жоробек эшикти карай жүгүрдү, босогодон шашып-бушуп бутуна илинген кепичти кийе салды да тамдын артына чуркап жетти. Ууру өлбөптүр. Жоробекти көргөндө ал тамтаңдап ордунан тура калып, адатынча дубалды карай чуркап барып, тырмышып андан ашып түштү.
        — Карма, дагы качып кетмек болду! — деп жерди тепкилеп калды берки кимге кайрылганы белгисиз.
        Ууру ого бетер жанталашып чуркады. Жоробек анын артынан кууп жөнөдү. Ал далдактаган бойдон тигинден калбай, улам бутунан ыргып кеткен кепичти иле коюп тынбай кыйкыра берди:
        — Качты, иттин баласы! Качып кетмек болду!.. 
        Бир пастан кийин ал күйүгүп калды, дагы азыраак чуркамыш болду, акырында жай басып барып токтоду. Деми кыстыкканынан жолдун четине көчүк басты. Акмакмын мен, акмакмын. Делдейип карап туруп алам, андан көрө кармап калбаймбы... Бирок анда ток мени да урмак да! Уурулардын жаны өзү бекем болот.
        — Атаңын оозуна урайын!— ал уурунубу, бутунан чечилип жаткан кепичинби сөгүп алды.
        Анан кыжыры менен кепичин жолго ыргытып жиберди...

        *** 
        Жоробек дале тынчыган жок: эртеси күнү ал кыштактан агасынын мылтыгын сурап келди. Килейген эки атар мылтыкты көргөндө аялынын эси чыгып кетти.
        — Эми дагы минени ойлоп таптың? — деп чоочуду ал.
        — Эми ал эч жакка качалбайт, — деп жылмайды Жоробек. — Эми мен аны сөзсүз кармайм.
        — Тынч жүрбөйт экенсиң да. Ансыз деле кечээ анын бүт-боюн күйгүзүп таштабадыңбы.
        — Анын минеси бар экен? өлтүрсө өлтүрүп деле коём, — Жоробектин үнүндө кандайдыр бир чечкиндүүлүк бар эле. — Андай кылмышкерлерге бу дүйнөдө жашоо жок, аларды түбү менен кырыш керек.
        — Кырыш керек деп коёт, — аялы анын үнүн туурады. — Экөөңөрдүн кимиңер көбүрөөк кыянатчылык кылып атасыңар: жөн эле бир буюм уурдайын деген албы же байкуш бир пендени жанынан айрылтканы аткан сенби?
        — Бас үнүңдү, дөпүрөс! — деп жини кайнады тигинин. — Ууру деген дайыма ууру, ал эми оңолбойт. Уурулуктун даамын таткан адам адам болбойт, түшүндүңбү, көк мээ?
        Аялы ызаланыппы же эри менен талашканы бекер экенин түшүнүппү унчукпай ашканага кирип кетти. Жоробек бөлмөсүнө барып мылтыкты сандыкка катып койду.
        Түндө ал алчалардын арасына бекинип алып ууруну аңдып жатты. Кадимки ле жомоктогу баатырдай. Алтын алма уурдаган алп кара кушту аңдыгансып. Мени көргөн бирөө шылдыңдабагыдай ле.         Мейли шылдындаса шылдыңдай берсин... Көп убакыт өттү, анын уйкусу келе баштады. Көзү улам илине бергенде ал үйгө кирип, чыпалагын устара менен тилип, жараатына туздан сээп салды. Мына эми нак жомоктогудай болдум. Жоробек ичинен күлүмсүрөдү.
        Ал кайрадан талдын түбүнө барып бекинди. Уйкусу бир аз качып калды. Ал мылтыгын бекем мыкчып, үшүгөнүнөн бүрүшүп алды. Ошол маалда ууру келди. Ал жолдун наркы четине токтоп, көпкө терезелерди тиктеп турду. Жоробек дем чыгарбай турган жеринде катты. Бир пастан кийин ууру дубалдан ашып түштү, тең бүктөлүп бекинип ачык терезенин алдына барды. Дал ошол маалда Жоробек мышыкчасынан так секирип барып дубалды тороп, тигинин жанына жетти.
        — Колго түштүңбү, жубарымбек! — деп кыйкырды ал. 
        Ууру чоочуп кетип артын карай койду. Анан эмнегедир колдорун көтөрдү.
        — Эми сазайыңды ал, иттин баласы! — Жоробек аны мээледи.
        Ууру купкуу боло түштү. Анын бирде денеси титиреп, бирде көздөрү чанагынан чыга калып солкулдаган бойдон өлүмгө даяр турду. Бир пастан кийин ал чыдай албай бир бутун көтөрүп кармай калды. Жоробек ууртунан жылмайып койду: тигил анын баягыда капканга чабылган буту экен, калың оролуп, пайабзал батпагандыктан жылаңайлак. Уурунун кача албастыгына көзү жеткен Жоробек мылтыгын сол колуна алып, тигинин көзүнө жарыкты каратты. Уурунун бети-башы бүт күйүп, айрым жерлери тырык. А, бечара, күнүң жеткен экен. Ал мылтыгын кайра мээледи.         Ошондо тигил чөгөлөй калды.
        — Жан соога байым, жан соога! —деп жалынып жиберди ал.— Менде күнөө жок, байым, өлтүрө көрбө. Бу каргаша, байым...
        — Кантип күнөөң жок? Муну карасаң дегеле, «күнөө жок» деп коёт дагы... Анда минеге күндө келесиң, акмак?
        — Кечирим сурайын дегем.
        — Кечирим? Минеге кечирим сурамак элең? — Жоробек таңгалды.
        — Ууруга келгендигим үчүн, — деди ууру. — Баягыда биринчи уурулукка келгеним үчүн?
        — Мейли, биринчи уурулугуң үчүн кечирим сураганы келдиң дейли. Анда минеге эшиктен кирген жоксуң?
        — Үйрөнгөн адат да, кашайгырдыкы! Үйрөнгөн адат! — ууру башын ургулап, боздоп жерге төшөлүп калды. — Кечирип кой мени, байым, кечир!..

 

ИЛЕГИЛЕК


        Карыя Осмон жинди болгонуна гүзөрдө эч ким күмөн санаган эмес. Анткени ал бирде түнкүсүн көчөнү бойлоп басып, жылдыздарга ынтызар болсо, бирде келип ошол жылдыздардын арасында туугандарым жашайт деп жарыялачы. Бирок акыркы күндөрү ал таң азандан туруп илегилек менен сүйлөшө баштаганда, гүзөрдөгүлөр чыдабай кетти.
        Илегилек кайдан келгени белгисиз: жака белде бир да мунара жок, балким, ошондуктан ал карыя Осмондун короосундагы куурап калган жалгыз түп талга келип уя салгандыр. Бир күнү Осмон эртең менен туруп үйүнөн чыкса, эшигинин алдында ишмер аялы эптеп бирден-экиден чогулткан тооктору менен кошо илегилек жүрүптүр. Осмондун жүрөгү селт дей түштү. Тобо! Акыры бизге да бакыт келген окшойт... 
        Ошол күндөн баштап ал дайыма илегилек менен сүйлөшчү болуп алды.
         «Адам болуу аста-аста, айбан болуу бир паста» деген макал эми толугу менен карыя Осмонго тиешелүү болуп калды. Кичинекей балдар көчөдө жүрүп, анын үйүнө туш келгенде: 
        — Аста-аста, бир паста! — деп кыйкырып өтөт. 
        Карыялар анын үйүн кабатырлык менен карап баш чайкайт. Ал эми суу алып жаткан аялдар Осмондун аялы челегин көтөрүп чыкканда: 
        — Жиндинин катыны келатат, — деп тарап кетет. 
        Жалгыз гана Осмондун агасы Шамсуддин-баба дембедем анын үйүнө каттап турду. Бирок ал деле Осмонго унчукпастан келип, келинине колунан келген жардамын берип, кайра кетип калчы. Ал эми Осмондун эч ким менен иши жок, ал таң заарда туруп түз эле илегилекти карай жөнөйт. Анан аны көпкө тиктеп туруп, өзүнчө бир нерсеге кубангансып кобурачы:
        — Сенин келгениң ырас болбодубу, — дечи ал айланага колун жаңсап. — Антпесең тигилер менин тынчымы койбой турган болду... Бегамга бакыт келбейт дейт. Алар короосуна малды толтуруп алып, эшигинде машине турса ле, өзүн бактылуубуз дейт окшойт. Алар наадандар бакыт менен байлыктын айырмасын жоготуп коюптур. Жок, алар дилин жоготкон! Ошондуктан алар асманга көз чаптырып андагы жылдыздарды көрбөйт, ошондуктан алар үчүн талаа жалаң гана жем пая. Алар мени жинди дейт. Билесиңби минеге?.. Анткени мен алардай болуп байлык чогултпайм, анткени мен алардай болуп өмүрүмдү күнүмдүк оокатка коротпойм, анткени мен маңгиликти издейм. Эчтеке мес, биз эми аларды таңгалдырабыз, биз али өзүбүздү көрсөтөбүз!..
        Мына ушинтип ал илегилек менен таң азандан сүйлөшчү. Бул сообатты мен кокусунан угуп калгам, бирок анда ал элди кантип таңгалдыраарын билген эмесмин.

        Бир күнү Шамсуддин-баба Осмондун үйүнө түндөп келди. Ал унчукпай төргө отуруп, байкуш Керез-эже нары-бери чуркап дасторконун жая баштаганда, аны токтотуп койду.
        — Тим эле кой, айланайын, — деди ал, сүрүнө караганда Шамсуддин-баба сыйга келбесе керек. — Ичтим чайыңы, тим эле кой...
        Осмон төркү бөлмөдө бир нерсе кылып отурган.
        — Чакыр Осмонду! — агасынын үнү каардуу чыкты. — Сүйлөшө турган кеп бар.
        Осмон босогодон көрүндү.
        — А-а, келиңиз, аке, — ал тиштерин арсайтып жылмайды. — Мине болуп кетти деги, тынччылыкпы?
        — Жок, тынч эмес! — Шамсуддин корс этти, анан шашып-бушуп сүйлөй баштады. — Үкөжан! Мени сыйлабасаң мейли, мен аныңа таарынбайм, бирок ата-бабаларыбызды сыйлап койсоңчу. Мен сага эч унчуккан эмесмин, бирок мындан нары чыдаганга болбойт. Бетке айткандын заары жок...
        — Коё туруңуз, аке, — Осмон күлүп жиберди. — Коё туруңузчу, жарыктык, деги мине болуп кетти?
        — Мине болмок эле, дале баягы сенин акмакчылыгың да... Сен мурун жылдыздарды карап түнкүсүн көчөдө жүрчүсүң. өзүңчө бир нерселерди дөөдүрөй берчисиң. Макул, аныңды биз түндө сейилдеп жүргөндү жактырат деп түшүндүк. Эми бу илегилек менен сүйлөшкөнүңү кандай түшүнсөк болот? Же жылдыздардан таппаган туугандарыңы эми ушу куштан таптыңбы?
        — Демек, баятан бери кыжырыңыз ушуга келген турбайбы, — Осмон шылкыя түштү. — Бирок «биз» дегениңиз ким? Мага дагы кимдин жини келип атыптыр?
        — Гүзөр... Гүзөрдөгү эл, билгиң келсе! Укчу, эл сен жөнүндө мине деп атат. Сени айбан деп атат.
        — Билем эл мине дегенин, — Осмон көпкө унчукпай калды.
        Шамсуддин-баба дагы шылкыйып отурду. Ал элдин сөзүнө кирип үкөсүнүн үйүнө түнкүсүн келгенинеби же ага катуу сөз айтканынабы уяла түштү.
        — Анда эми мени угуңуз, акежан, — деп баштады Осмон акырында. — Азыр уккандарыңызды гүзөрдүн элине айтып коюңуз, — ал жини келгенинен ойлорун чогулта албай жаткан сыңары. — Адам бу жарык дүйнөгө жалаң эле дөөлөт үчүн келбейт. Мине болду көр оокат деп келгендер? Жер үстүндө эч из калтырбай, алар өздөрү курт-кумурскага жем болду. Ал эми ойчулдар адамдарга өз ойлорун, жомокторун калтырды. Алардын ойлору мына эми чындыкка айланып атат. Силерге менин илегилек менен сүйлөшкөнүм жакпай калган экен да? Айткылачы анда, силерге деги мине жагат? Күндө силер менен урушуп, жер-суу талашканым жагабы? Же карыз доолап доомат кылганым жагабы? Менин силерден мансап талашкан жерим жок, дөөлөт да талашканым жок, анда минеге силердин менден ойлоруму, кыялдарымы тартып алгыңар бар?..
        Карыя Осмон кызарып-татарып сөзүн уланта албай, эшикти тарс жаап өзүнүн бөлмөсүнө кирип кетти. Ушуга чейин башын бир көтөрө албай койгон Шамсуддин-баба дале шылкыйып отура берди. Ал бир туруп гүзөргө бул сөздөрдү кантип айтаарын ойлоп, бир туруп инисинин ойчулдугуна суктанып калат. Акырында ал ордунан тура калып эшикти карай жөнөдү.

        Эртең менен эрте Керез-эже мага чуркап келди. Ал эч нерсе деп айталбай улам эле: 
        — Осмон!.. Осмон!.. — дей берди, бирок мен эмне болгонун дароо түшүндүм. Алардын үйүнө чуркап барганымда, тигил короосунда отуруп алып жаш балачасынан шолоктоп ыйлап жатыптыр. Тал кыйылган, уя бузук. Мен карыя Осмондун колунан алып тургузууга аракет кылганда, ал силкип жиберди.
        — Жогол!— деп кыйкырды ал бакырайган көздөрү менен мени жеп жибере тургансып карап. — Наадандар! Бирөөнүн бактысын көрө албастар! Билип алгыла, акмактар, бирөөнүн итин ууландырып атканыңарда, бирөөнүн ооматын кууп атканыңарда силердин көргөн күнүңөр ушу... Жалаң карангылык... Наадандык...
        Карыя Осмон ыйлактаган бойдон үйүнө кирип кетти. Мен эмне кылаарымы билбей кала бердим.
        Ушул окуядан кийин Осмон биротоло элден качып калды. Демейде алыстагы жылдыздар тууралу баяндап берген, айланада кимдин үйүндө ый чыкса түндөп болсо дагы биринчи жетип барган агабыздын эми эч ким менен иши жок. Ал гүзөрдөгүлөрдү жек көрүп калганы шексиз, ал бир нерсени каймана ойлоп жүрдү. Ал дагы минени ойлоп тапты? Дагы минени чыгарганы атат? Же чын эле гүзөрдөгүлөрдөн өч алганы жүрөбү? Менин ой-санааларым жакын арада чечилди.
        Бнр күнү карыя Осмон меникине келди. Мен гезит окуп отургам, ал унчукпай жаныман орун алды.
        — Ассалам-аллейкум!— дедим мен.
        Ал жооп берген жок. Мен ичимен ызаланып, бирок сыр алдырбай гезитими тиктемиш болдум. Дүйнөдө дале тынч эмес: дале кээ бир өлкөлөр согушка даярданып, дале казмус эл ага каршы күрөшүп жатат...
        — Уулум! — акыры мен күткөн добуш чыкты. — Сен китепти көп окуйсуң, илимди да чала-була билесиң. Айтчы мага, башка жакта да тирүү жандар бар бекен деги?
        — Илим бар болушу керек дейт.
        — Ал эми сен... сен өзүң кандай ойлойсуң?
        — Менимче деле болушу керек...
        Карыя Осмон ордунан тура калды.
        — Рахмат, уулум, рахмат! — ал эшикти көздөй басты.
        Мен анын артынан аяп карадым. Анда мен ушул бутун зорго көтөргөн адам чын эле адамдарды таңгалдырат деп ойлогон эмесмин, себеби мен деле эл катары аны жинди болуп калды деп ойлочумун. Бирок ошол жинди кийинчерээк чындап адамдардын оозун ачырды.
        Бнр күнү мен эртең менен гүзөрдөгү ызы-чуудан ойгондум. Эмне болуп кеткенин түшүнбөй сыртка чыксам, элдин бүт-баары көчөнүн башына чогулуп алыптыр. Топтолгон элге жакындай бергенде мен алардын үстүнөн агарган кураны көрдүм. Ошондо гана мен иштин жайын түшүнө баштадым: демек, Осмон мага баягыда келип бекеринен башка тирүү жандар жөнүндө сураган эмес экен! Бирок атам замандан бери пайдаланылган кура ал жакка учууга жарабайт да! Илгертен бери далай адам ушинтип учуп, алардын иши оңунан чыккан эмес. Ошондо дагы алар болгону абага бир аз көтөрүлүшкөн, ал эми Осмон башка жылдыздарга жеткени жатпайбы!
        Мен элди түрткүлөп өтүп барып карыя Осмонго кыйкырдым:
        — Осмон-аке! — дедим мен энтиккеними баса албай катуу сүйлөп. — Бу кура менен сиз жылдыздарга жете албайсыз. Сиз бекер эле өзүңүздү өлүмгө дуушарлантып атасыз.
        — Эчтеке мес, — деди ал кубанычын көкүрөгүнө батыра албай сүйүнүп. — Мен жетпесем, менден кийинкилер жетет... Коркпой ле кой, уулум, бир адам инсанат үчүн бир тутам топурак, ал эми иш оңунан чыкса, анда бир өмүр бүт адамзаттын тагдырын чечип коёт...
        Эл кураны айланып өтүп карап бирде ишенип, бирде ишенбей секинден экиге бөлүнө баштады. Бир бөлүгү учат дейт, анда экинчиси уча албайт деп талашат. Куранын учканына ишенгендер көбүнчө башка гүзөрдөгүлөрдөн чогулду. Балким, алар Осмондун мурунку жоруктарын билбегендигинендир? Бирок алардын билбегени кийинчерээк кыраакылык болуп чыкты: кура акырындап жерден бөлүнүп бийиктей баштады. Чыгыш тараптан келген шамал аны алыстатып алып жөнөдү. Эл дуу дей түштү. Эми башкаларга кошулуп биздин гүзөрдөгүлөр да кол чаап жиберди:мүмкүн, бул алардын Осмондун кылыктарын кечиргенинин белгисидир? Бирок тигил аларды кечирдиби — белгисиз.

        ***
        Карыя Осмон учуп кетти. Ал чындап эле жылдыздардын бирине жетип, ал жактан туугандарын таап алдыбы же абадан курасы жарылып, өзү тоонун аркасына барып талкаландыбы — аны эч ким билбейт. Бирок асманга көз чаптырып калганымда жайнаган жылдыздардын арасында карыя Осмон жүргөнсүйт. Балким, ал чын эле ошол жакта жүргөндүр. Эгер андай болсо, мен ишенем: анын жылдыздагы туугандары Осмондун илегилек менен сүйлөшкөнүн жиндилик катары эмес, жөн эле ар бир тирүү жанга тиешелүү ой жүгүртүү деп билет. Демек, Осмон өз тилегине жетти.
        Акырында айта кете турган нерсе: ушинтип менин жылдыздарды карап кыялданып жүргөнүмдү көрүп, гүзөрдөгүлөр акыркы убакта мени шек менен карай турган болду. Эмнеге болду экен?

 

ДУБАЛ


        Шерали түнү менен уктай албай чыкты. Бир маалда эмнегедир ойгонуп кетсе, эшикте иттер арылдап үрүп жатыптыр. Шерали караңгыда парданын ачык жеринен төгүлүп турган айдын нурун пайдаланып саатты карады: зорго эки болуптур. Ичинен күбүрөнүп алып ал кайрадан уктамак болду, бирок ооналактап жатып, кыйналганына карабастан көз жума албай койду.
        Бир маалда иттер улуганга өттү. Жакшылыкка мес. Жакшылыкка мес, каргыш тийгирдики! Дагы мине балакет болуп кетти? Шерали кыжырланып эшикке чыкты. Көпкө жерди сыйпалап отуруп кичинекей бир ташты колуна алды да, аны иттерди көздөй ыргытты. Иттер чачыранды качып короолоруна кирип жоголду. Жоо келсе ыргытаарга таш да таппай каласың го?.. Шерали пешайванга келип отурду, качандыр бир калтырып койгон тамекинин калдыгын көрүп аны тутандырды.
        Уйку биротоло калды, ал түздөнүп жайыраак отуруп, колундагы тамекини шашпай тамшанып чегип жатты. Кошуналардын короолорунан иттердин улуганы кайрадан угулду. Жанагылар. Ар бири өз короосуна кирип улуп атат. Булар минеге ле мынча какшанат? Күндүз гүзөрдүн катындары чыркырап бири бири менен урушат, түнкүсүн алардын иттери тынчыңы койбойт. Аялдардын чатактарын эстегенде анын деми кыстыгып кетчи. Дүйнөдөгү катындардын баары чогулгансып ызы-чуу салат. Булардын деги тынчы жок экен да... Тилдеринин ачуусун кантесиң!
Шерали биринин артынан бирин дембедем тамекиден соруп жиберди. Дегеле тынчтык жок экен да! Короонун бүт тарабы жабык, анда иттер каягынан кирди? Ооз жак ачык, бирок бир да ит аякка качкан жок. Акимбайдын го ити жок. Анын үстүнө ал өз жагын дубал менен тороп алган. Кайсы байлыгын бекитип атты болду кен? Өзү арабакеч болсо... Кээде мактанып калат: «Уулум шаарда чоң кызматта иштейт», — деп. Мейли, иштесе иштей берсин, мага мине кен? Чоро болсо жаңы көчүп келген эле жылы дубал тургузган. Ага деле мейли, мине болсо да мага ле жакшы болду, эшигимди короолойм деп отурбайм. Бирок наркы көчөдөгүлөр да өздөрүнө дубал тургузуп алганда, анын короосу бир аз тарый түшкөнсүдү. Эми көчө жак гана калды. Бирок Шерали дарбазаны жаман көрчү. Эмнеге экенин өзү да билбейт, балким, короосун ачык коюу эски Музтөрдөн калгандыр. Ал жакта үйүн короолойт деген дегеле жок болчу. Суу агызганы эле арык казылбаса эшиктин алдын туш тарабынан шамал аралап турчу. Жагжайтып ачып салган короодон ким кааласа күрөгүн болобу, кетменин болобу алып кетип, иштетип бүткөндөн кийин кайра жеткирип ордуна таштап койчу. Эми эле үйдөн бир нерсе чыкса, ошол бойдон дайынсыз жоголот. Бирок ошентсе да Шерали бары-бир дарбаза тургузбай койду. Атайлап.
        Элдин бүт дарбазалары бар: бириники бийик, бириники пасыраак. Жада калса, тигил аракеч Калмурзаныкы да бар. Жакында тээ көчөнүн башында жашаган Осмон жинди да дарбаза орнотуп алды: кимдир бирөө анын эшигиндеги талды кыйып кетиптир. Чыр-чатак менен тургузду дарбазасын. Бирок Шералинин дарбаза тургузгусу келбейт. Ал дарбазалар жакшы дечи, үйүнө да көрк кошот, бирок анын баары-бир короолонгусу келбейт. Камактагыдай болбой.
        Кээде көчөнү бойлоп калсаң өзүнчө эле бир ажайыпканадагыдай. Тигинде бийик көк дарбаза, андан нары жашыл менен боёлгон, жыгачтан кооздолуп оюлган жапызыраак дарбаза. Бирөө эндүү, бирөө каалгасы кошо жасалган кызгылт, бирөөндө гүл тартылган. Бирок Шералинин баары-бир дарбаза орноткусу келбейт. Орнотсо деле болмок, кудага шүгүр, бекитээр деле байлыгы бар, бирок... Колу тызылдай түштү. Шерали түбүнө чейин күйүп бүтүп калган тамекисин ыргытып жиберди. Мейли, дагы көрө атаарбыз...
        Шерали тамына кирип төшөгүнө келип жатты. Алыста күндүн күркүрөгөнү угулат. Ысык. Терезени ачып коёюн десе, аялы коркот: мурдагы түнү Жоробектин үйүнө ууру кириптир. Алар деле ушинтип жатышкан экен, бир маалда эле Жоробектин колун бирөө сыйпалайт имиш. Кечээ ал Чоронукунан капкан сурап кетиптир. Кызык, ал ууруга капкан салганы жүрөбү? Шерали уурунун капканга түшүп калганын элестетти. А-а, байкуш! Кимдикине ууруга кирээрди тапкан экенсиң. Жоробек эле болсо, анда ал сазайыңы берет.
        Шерали ооналактады — эч уйку жок. Мурун деле ысык күндөр болуп жүрчү мес беле, анда кантип уктадым экен? Же бу карылыктын белгисиби? Минеге ле чалдар уктабай жүрө берет десе... Кырк төрт жаш, көп деле мес го. Эмитен минтсем, кийин мине болом? Оорудум десем, сабил элемин. Анда мине мени мынча туйлатат? Же мен атам айтчу ит маалына келип калдымбы? Шерали илгери атасынан уккан бир кепти эстей койду.
        Мурун адам жыйырма жыл эле жашачы экен. Анысына ал нааразы болуп алымсынбай жаратканга барат. Анда тигил: «Бир аз коё тур», — дептир. Көп өтпөй эле короз келиптир. «О кудай! — дептир ал. — Мен жыйырма жыл бою таң азандан туруп адамды ойгото берип жүдөп кетем го. Мага он жыл эле жетет, ал калган он жылыңды». Кудай анын он жылын алып адамга берип коёт. Кийинчерээк дагы эшек, ит, маймылдар келет. Алар дагы жаратканга ондон жылын калтырат. Ал эми адам болсо баарын ала берет. Ошондон бери адам биринчи өзүнүн жыйырма жылын гана адамдай жашайт дейт, калган он жылын корозчосунан жасанып, андан кийинкисин эшектей иштеп, анан чогулткан дүйнөсүн итче коруп, акырында калган өмүрүн маймулдай адам сөлөкөтү болуп жүрүп өткөрөт экен...
        Анда мине, мен азыр дүнүйөмү итче коруп жүргөн экемин да. Макул, ит болсо итмин да, меникиндей дүнүйөнү кудай берсин. Жакшы ле чогулттум, мундан артык мине? Бирок аты ле жаман экен, «ит маалы» деп, кудай ургурдуку... Ал эми карылык чын эле жакындап калыптыр. Ооба, карылык келатат. Минтип түнкүсүн уйку жок, ойлонсом эле жаш кезим эске түшөт. Ада￿ ө￿ү ушундай турбайбы: жаш кезде келечекти ойлоп жашайт, карыганда эскилерди эстейт. Баары бир жаштык деген жаштык экен, андан өткөн неме барбы?..
        Ал жаш кезинде меймар болом деп жүрчү, сүрөттү да жакшы тартчы. Бирок окууга өтпөй, эми минтип эсепчи болуп жүрөт. Дагы жакшы мектепте эле математикадан кыйын болчу, антпесе азыр эмне кылмак эле? Ал бала кезинде анын сүрөтчү кошунасы бар болчу. Ал дайыма ага какшана берчи: «Сүрөттү көп тарт, сабакты окуп мине кыласың? — деп. — Математиканын сага кереги жок, миңге чейин санаганды билсең болду, баары бир андан ашык маяна таппайсың...» Азыр ойлоп көрсө аныкы деле бир жагынан туура экен: азыр ага математиканын да, сүрөттүн да кереги жок. Келишкен имараттардын долбоорун түзөм деп жүрүп, ал мына эми ошол имараттарга алып баруучу тепкичтерди гана куруп жатат. Чоңдордон ар бир тааныш, албетте, ал бир тепкич. Канча тепкич курсаң, ошончолук бийик көтөрүлөсүң. Мына ушундай...
        Шерали оор үшкүрүнүп алды. Мага мугалимдер «жакшы бол», «акыйкаттуу жаша», «элге кызмат кылыш керек» дей берчи, бирок алардын насааттарынын биринин да кереги жок. Чындыктын да кереги жок. Бир чоңго бир чындык жагат, экинчисине болсо башкасы жагат, ал эми сен аларга жагам деп жүрө бересиң. Турмуш өзү ушинтип уюштуруп коюптур — ар кимге ар башка ырды ырдайсың. Азыр көрсө ошол өзүнүн окуткан мугалимдери деле ушундайча жашайт экен. Аягында аны жакшы бол деп жүргөн агай-эжекелери азыр анын алдында бүжүрөйүп жүрөт, ал күлсө күлүп, ыйласа кошо ыйлайт. «Шеке, аванс берип коё көр, Шеке, муну кылып берчи, буга кол коюп берчи», — деп турат. Жадаганда да ушу мугалимдерден жададым. Ал эми алардын кошоматчысын айтасыңбы: ар бир чоңдун алдында жүгүнүп калат. Э-э, андай мугалим болгончо болбой ле койгонуң жакшы!.. Заман, заман! Баягыда бир китептен окудум эле: «Акылмандык тынчыды, аны дүйнө жанчыды, асылзаттык карыды, сүйрөлүп жерде баратат...» Чын эле турмуш өзү ушу кен да, ал өз сабактарын тез эле окутуп коёт турбайбы...
        Эртеси Шерали уйкусу канбай ишке жөнөдү. Кечинде үйүнө кайтса аялынын көзү жашып алыптыр.
        — Түндө иттер бадыранды бүт тепсеп салыптыр, — деп даттанды ал. — Тиги Какендин да ити бар. Үйүнө барсам эшигиңерди жаап албайсыңарбы деп койду...
        Шерали унчуккан жок. Ал оокатын шашпай чайнап ойлонуп отуруп, курсагын тойгузгандан кийин машинесин минип бир жакка кетип калды. Үйүнө ал карангыда келди, төшөгүнө жатканы баратып аялына:
        — Эки-үч күндөн кийин дарбаза даяр болот, эми алар бирдеме деп көрсүн, — деди.
        Үч күндөн кийин эмес, бирок бир аптадан кийин ал чын эле дарбаза жасаттырып келди. Килейген каалгасы өзүнчө темир дарбаза. Ошол эле күнү ал түркүктөрүн орното баштады. Ириде бир чуңкур казып, ал жерге оң түркүгүн салды, анан цемент аралаштырды. Анын кара терге түшүп кеткенин көргөн аялы сунуш кылды:
        — Бирөөнү жардамга чакырып келейимби?
        — Кереги жок, — Шерали күңк этти. — Андан көрө, өзүң келип түркүктү кармашып койчу...
        Аялы түркүктү кармап турду. Шерали ага цемент куйду. Анан ал экинчи тарабына дагы ошентип түркүк орнотуп, өз ишин нары өтүп карап, бери өтүп карап өзүнө өзү ыраазы болуп калды. Ката берсин...
        Ошол маалда анын жанына Чоро келди.
        — Дарбаза орнотуп атасыңбы, Шеке?
        — Ооба, — деп орой жооп берди Шерали.
        — А-а, жакшы, жакшы... Абдан жакшы дарбаза кен, — тигил үйүнө кирип кетти.
        Көрүп туруп деле сурай берет. Шералинын жини келди. Баятан бери каякта жүрдүң эле? Жардамга келип коюшпайт да, анан бүткөндө ле жетип келет.
        Эки күндөн кийин Шерали аялы экөөлөп дарбазаларды түркүктөргө кийгизди, дарбазаны жаап, килейген кара кулпту салып таштады. Шерали жуунганы жөнөдү. Ал короону бир сыйра айланып карап көрүп тең ортого делдейип туруп калды. Короо биротоло кибирейт. Анын деми бир аз сууй түштү. Болдубу? Ушу леби? Ал муздак сууга цемент, чаң аралашкан терди жууп жатып, бир убакта караңгыны карап кимге экени белгисиз, муштумун көргөзүп кыйкырды:
        — Иттер! Акмактар!..
        Пешайванда тасмал жайып жаткан аялы эмне болуп кетти деп шыкаалап карай калды. Ал короонун ичинде туруп алып туш тарапка муштумун көргөзүп кыйкырып жаткан эрин көрдү.
        Бир пастан кийин Шерали үйүнө кирип келатып босогодо токтой калды да, артын карап дагы бир жолу кыйкырды:
        — Мен силерди жек көрө-өм!..
        Ал босогону аттап, оокат ичпей түз эле төркү бөлмөгө кирип барып төшөгүнө жатып алды. Түндө ал эмнегедир түшүндө ыйлап жатты.

 

КЫЙШЫК МУРУН


        Биз дайыма машине сатып алуу тууралу кеп козгоп калганда ыраматылык атам айтчы:
        — Э-э, балдарым! Машинелүү адам үч гана жолу бактылуу болот. Биринчи — машинени жаңы сатып алганда, экинчи — ал машинеден кулап аман калганда, үчүнчүсү — машинесин кайра сатып жибергенде...
        Ал эми биздин музтөрлүк айдоочулардын дагы бир төртүнчү бактысы бар эле. Кыйшык Мурундун колуна түшүп, күбөнаамаларын тештирбей кутулуп чыкканда алар тим эле тигил дүйнөдөн кайтып келгендей сүйүнчү. 
        Мен бир мертебе машине айдоочулардын мындай кебин угуп калдым:
        — Мен, керек болсо, бир жолу Кыйшык Мурундун колуна түшүп кутулуп кеткем, — деп мактанып жатты бирөө.
        Анда жанындагысы:
        — Ал мине болуп калыптыр? Мен ага төрт жолу кармалгам, — деп көкүрөгүн жайып чалкалайт.
        — Эй, мактана турган нерсени тапкан экенсиңер. Мына мен анын колуна бир да жолу түшөлекмин, — дейт үчүнчүсү.
        «Кыйшык Мурун» деп музтөрдүктөр биздин гүзөрдөгү Жумабекти атайт. Ал МАИнин инспектору болуп иштейт. Эмнеге аны минтип калгандарын төкпөй-чачпай башынан айтып берейин.
        Жумабекти мен бала кезимен эле билгеним — ал дайыма милийсанын кийимин кийип жүрөт. Мен азыр аны эч башкача элестете албайм: билбейм, же ал милийсанын кийими үчүн жаралганбы, же кийим ал үчүн тигилгенби, бирок ал ага куп гана жарашып калат. Атайын болпоюп семирген бетине кыйшык мурду тим эле түспөлдөш келет. Мен кээде ойлоп калам, эгер ал мурунку эле мурду менен жүргөндө, балким, анын кебетеси келишпейт беле? Ал машиненин алдынан чыкканда жалаң эле шопур эмес, жанында отурган кишинин да жүрөгү чыгат. Машине айдоочулар болсо, өзгөчө өзүмдүк машиненин ээлери, андан тим эле зыркырайт, анткени дегенде Кыйшык Мурундун колуна түштүң эле эң кеминде элүү сомдон айрыласың. Ал акча өкмөттүн эсебине кетеби же тигинин чөнтөгүндө калабы — ал башка маселе, бирок өз чөнтөгүңөн жарым айлыгың кемигени кемиген.
        Ошентип жүрүп Кыйшык Мурун машине айдоочулардын бардыгын өзүнө душман кылып алган. Бир жолу алар түндөп анын короосуна кирип сарайдагы койлорунун бирин уурдап чыгып, аны ошол эле эшигинин алдында союп, жиликтерин дубалга илип: «Сени да ушундай жиликтейбиз», — деп жазып кетиптир. Бирок Кыйшык Мурун анда дагы тынчыган жок, тескерисинче ал кайра айдоочуларды кас душмандай көрүп калды. Эми бир да машине айдоочу жолдо жөн жүрө албай турган болду. Кыйшык Мурун ошол кою үчүн өч алып жатты.
        Кийинчерээк дагы бир мертебе ал бир шаарга барып калганда, аны ал жерден тааный койгон бир айдоочу досторун чогултуп алып, Кыйшык Мурунду караңгы жерден капка салып сууну көздөй көтөрүп жөнөптүр. Бирок алар аны сууга таштабай, шаркыраган дайранын көпүрөсүнө байлап капты салаңдатып илип кетет. Эртең менен эрте көпүрөдөн өтүп бараткан бир айдоочу тигини көрүп калып машинесин тык токтотот. Ал ылдый түшүп, капты суудан сууруп чыгып боосун чечсе, андан сороюп чыга калган Кыйшык Мурун эки жагын карап: «Эй, бала! Минеге сен машинеңи көпүрөгө койдуң?» — деп беркинин күбөнаамасын тешип салыптыр. Байкуш айдоочу азыркыга чейин: «Эгер мен анын Кыйшык Мурун экенин билгенде, өзүм кошо аны сууга чөктүрбөйт белем!» — деп буркурап ыйлайт дейт.
        Машине айдоочулар арызданып да көрдү, бирок бекер: Кыйшык Мурун жолдо жүрүү эрежелерин кандай бурса, ошого туура келе берет экен. Анын үстүнө ал атасын аябай койгондон кийин, анан бөлөк бирөөнү аямак беле?
        Анын атасы алыстагы айылдардын биринде жашачы. Бир күнү ал уулун, неберелерин көрүп келейин деп биртике чогулткан акчасын, колу менен асырап баккан койлорунан бирин алып жолго чыгат. Кыштактын кичине аялдамасына келсе, ал жерде бир такси туруптур. Сүйүнгөн чал ага жабыша калып, артына койду жүктөп уулунукуна жөнөйт. Жолдо баратканда таксичи андан сураптыр:
        — Каякка барасыз, аксакал? Үйүңүзгө жеткирип таштап коёюн.
        — Жумабектикине, — дейт камырабай туруп ал. 
        — Жумабек? Кайсы Жумабек? 
        — Милийса Жумабек.
        Муну айтары менен тигинин жүрөгү түшүп, чоочуп кеткенинен жолдон чыгып кетип, алар аз жерден сайга түшүп кала жаздаптыр.
        — Мине дейт? Тиги МАИ Жумабекпи? — таксичинин денеси калчылдап, көздөрү алайып кетиптир.
        — Ооба, анын минесинен коркосуң? Ал менин уулум болот, коркпой ле кой, ал сага тийбейт, — дейт имиш карыя.
        — Жо-ок, аксакал, мен аныкына барбайм, ал менин күбөнаамамды алып коёт, — дептир диркиреген үнү менен таксичи дале эсине келе албай. — Мен сизди вокзалга жеткирип коём, андан нары өзүңүз барып каласыз.
        — О кокуй, балам! Анан мени ушу жүгүм менен, коюм менен жолго таштап коёсуңбу? — чал жалынат. — Мени жеткирип кой, айланайын, Жумабек сага тийбейт. Мен турбаймбы жаныңда, кантип эле атасын алып келген машинеге залал келтирсин?..
        Ушундан кийин гана таксичи араң макул болуптур. Алар үйгө барып, эшиктин алдында жүктөрдү түшүрүп жатканда Кыйшык Мурун чыгыптыр. Таксичи машиненин артынан койду түшүрүп жатканын көрүп ал ага мындай дейт экен:
        — Эй, бала! Сен минеге машинеге кой салып жүрөсүң? Бу сага мине жүк ташычы машине беле? Апкел күбөнаамаңды!
        Таксичи чалды жалдырап карап калыптыр. Атасы уулунун жанына келет.
        — Кой, айланайын, андай дебе, бу машине мени апкелбедиби. Айып менде, уулум, тийбе буга.
        — Сиз кийлигишпеңиз, ата, — дептир анда Кыйшык Мурун. — Сиз го билбестиктен сурадыңыз, ал эми бу болсо билип туруп макул болду. Апкел деп атам сага!
        Кыйшык Мурундун кыялын жакшы билген таксичи күбөнаамасын алып келиптир. Тигил болсо аны үйгө алып кирип тешип чыгыптыр.
        — Сизге айтпадым беле! — деп боздоп жибериптир ошондо таксичи. — Ушуну кылат дебедим беле!..
        Мындайды күтпөгөн атасы чөнтөгүндөгү уулуна деп алып келген акчасын таксичиге бериптир.
        — Ме, уулум, мен баламын мынчалык акмак болуп калганын билбептирмин. Муну алып жаңы күбөнаамалуу болгонунча бала-чакаңы багып тур... Кечирип кой мени...
        Ошондо көп акчаны көргөн Кыйшык Мурун кейийт дейт:
        — Ата! Бу акчаны мага бергениңизде, мен тешпей койбойт белем.
        — Атадан айлан! — дептир атасы. — Акчадан айлан, мен аны сага бербегенде кимге алып келиптирмин?..
        Ошол эле такси менен атасы кайра үйүнө кетип калган экен.
        Бул окуяны уккан айдоочулардын жүрөгү ого бетер чыгыптыр. Алардын айрымдары башка ишке өтүп, машинеси барлары сатып жибериптир.
        Иниси тууралу шакабалардан жадаган агасы атасынан укканына ишенбей, бир жолу тигини сынамакчы болот. Ал жолдо баратканда иниси турганын көрүп, атайылап катуу айдаптыр.         Машине бир аз өткөндөн кийин эле артынан ышкырык угулат. Агасы токтойт, түшүп тигинин жанына барат.
        — Ассалам — аллейкум, үкөжан! — дейт ал инисине жылмайып. — Бир аз жол эрежесин бузуп коюптурмун, кечирип кой...
        — Жол эрежеси бардыгына бирдей, — дептир Кыйшык Мурун. — Апкел күбөнаамаңды!..
        — Кой, үкөжан, мен жөн эле сени сынап көрөйүн дегем. өзүң билесиң го мен жол эрежесин эч качан бузбайм.
        — Апкел күбөнаамаңды, болбосо чатак болот, — деп Кыйшык Мурун колун сунуптур.
        Агасы ага күбөнаамасын берет, тигил тешип таштайт. Ошондо кыжыры келген агасы күүлөнүп туруп аны урган экен, мурдун кыйшайта коюптур.
        Ошондон бери музтөрлүктөр аны «Кыйшык Мурун» деп атайт. Бирок ал эле эмес, андан кийинкиси дагы кызык. Айдоочулар Кыйшык Мурунду кармап бергиси келет. Анысы үчүн алар бир депутат, бир тергөөчү кошуп алып бир айдоочуга мурунтан номурлары жазылып алынган акчаны берип, тигинин турган жерине барат. Бардыгы бекинип алып, тигил айдоочу машинесин айдап Кыйшык Мурундун алдына барганда атайылап катуу басат. Албетте, ышкырык, албетте, күбөнааманы алып коюу. Бирок машине айдоочу тигиге акчаны сунуп жалынып кирет.
        — Аксакал, менин күбөнаамамы тартып албасаңыз экен, менин да бала-чакам бар. Кечирип коюңуз мени...
        Кыйшык Мурун акчаны алыптыр, анан айдоочуга күбөнаамасын сунуп:
        — О, мурдуңду урайын! Акылдуу ле жигит экенсиң, машинеңи түзүктөп эле айдап жүрбөйсүңбү, — дейт.
        Кубанган айдоочу эшикке чыгып кетет. Бери жакта аңдып тургандар тигинин чыкканын көрүп посттун ичине кирип барат. Бирок канча издебесин баары бир эч нерсе таппайт. Акча дайыны жок көздөн кайым болот. Бир жакка ыргытып же көмүп салбасын деп бардык жерди казып аңтарышат, бирок анда деле эч нерсе чыкпайт. Ошону менен алар бардыгы уят болуп кайтыптыр.
        Акча каякка кеткенин алигиче эч ким билбейт, ал эми айдоочулар кээде Кыйшык Мурун аны жеп салган деп келет. Чынбы-калппы — анысы белгисиз.

 

ТААРЫНЫЧ


        Балдар дойбу ойноп отурган. Кайрат менен Гулжамалдын кара, ак таштарды жылдырып, кандайдыр бир чаташкан жолдор менен бириникин экинчиси утуп алып сүйүнгөнүнө кызыгып отурган төрт жашар Максат да улам чыдабай:
        — Мен ойноюнчу, Каййат-аке... Мен да ойнойм, Гүжамал эже, — деп суранып жатты.
        Анда эжеси анын бетинен чоп этип өөп коюп:
        — Азыр ойнойсуң... Биз бүтөлү, анан ойнойсуң, а? — деп кайра кызуу оюнга киришет.
        Максат мурдун шыр тартып, агасы менен эжесинин оюнун карап унчукпай тим болот. Тигил экөө катуу ойлонуп отурду, себеби экөөнүн тең үчтөн гана ташы калган. Эки күндөн бери Гүлжамал утуп жатат, ал эми Кайраттын ага кыжыры келип улам-улам утуунун аракетинде. Азыр да ал катуу ойдо.
        — Оюн кимде? — деп сурады алаксып калган Гүлжамал.
        — Сенде...
        Каалганын кыйчылдаганы угулду. Балдар оюнун токтотуп, далисте көпкө тамтаңдап, ордунда тура албай чалынып, анан акырында пайабзалын чечип, дубалды сыйпалап келаткан кишинин шарпасын тыңшап калды. Дабыш улам жакындап отуруп, акырында босогодо атасы көрүндү. Ал дале соо эмес экен: адаттагыдай эле ал каалганын кырына жөлөнүп балдарын бир сыйра карап алды да, сөөмөйү менен эшикти көргөзүп кыжынды.
        — Жоголгула, иттин балдары! — деди ал оозунан наспай аралаш саргайган шилекейин чачыратып.
        Балдар биринин артынан бири ээрчип чууруган бойдон бөлмөдөн чыгып кетти. Алар үн дебей түз эле барып туштагы бөлмөдө ооруп онтоп зорго жаткан апасын тегеректеп отуруп калды.         Максат апасын кучактап бетинен өпкүлөдү.
        — Максатым, айланайын... Атаң келдиби? — апасынын көздөрүнө жаш толуп кетти. — Гүлжамал, бар, атаңа чай бер, ачка болгон чыгаар.
        Ал кичүү баласын чачынан сылап бооруна кысып ыйлактады. Гүлжамал да аны кучактап буркурап жиберди.
        — Апаке, ыйлабаңыз! Апаке...
        — Ыйлаган жокмун, кагылайын, — апасы жаздыктын астынан оромолун алып көзүнүн жашын аарчыды. — Ыйлабайм. Бар, атаңа чай бер, бара кой.
        — Азыр барам, апаке, азыр барам, — Гүлжамал дагы көзүнүн жашын этегинин учу менен аарчыды.
        Кайрат гана нараакта ыйлабай катуу тиштенип отурду. Ал апасын кучактап уктап калган Максатты көтөрүп бурчта салынган төшөккө жаткырды. Тигил жылуу журканга кирээри менен бүрүшүп, түшүндө тамшанып, өзүнчө бир нерсени кобурап уктап калды. Гүлжамал чыгып кетти.
        — өзүңөр бирдеме ичтиңерби? — апасы онтоду.
        — Ичтик, апа, — Кайрат апасына жакындады, бир аз тыңшап турду: апасы оор дем алып жатты.
        — Мага дагы бир пийла чай апкелчи, тамагым кургап атат, — апасы бирде эси ооп, бирде кайра эсине келгенсийт.
        Кайрат чуркап барып ашканадан пийлага чай куюп келди. Ал төгүп албайын деп акырын, жай басып апасынын жанына барды. Тигил уктап калыптыр. Кайрат пийланы секин анын баш жагына койду. Бөлмөгө Гүлжамал кирди.
        — Атам уктап калыптыр, — деди ал.

        ***
        Калмурза түн ортосунда ойгонуп алды. Башы ооруп, жүрөгү айланганда чалкасынан оодарылып жатты. Бирок анда көңүлү ого бетер айнып кускусу келди. Ал эмне кылаарын билбей туйлап жиберди. Кусту. Ошондо гана бир аз эс ала түшкөнсүдү — шалдайып жатты. Кичине үргүлөп кетип көзүн ачса, тамагы кургап, тили таңдайына катып калыптыр. Үйдүн ичи жымжырт. Караңгы. Калмурза туруп, тамтаңдап дубалга жөлөнүп отуруп ашканага жетти. Караңгыда чөмүчтү таппай идиш-аякты калдыратып, айласы кеткенде челекти көтөрө коюп суудан иче баштады. Көп убакыт чөлдө жүрүп, акырында кудукка учураган жолоочу сыңары ал челекке кадалды, какап-чакаганына карабай жарым челек сууну жутуп жиберди. Ыткытып башын көтөргөндө, жанагы окшуп куса албай койгон арактын калдыктары сууну артка тепти...
        Онтоп кайрадан далистин дубалына таянып келатып, туштагы бөлмөгө жакындаганда ал аялынын азыр уктабай анын ашканада кыйналып кусканын тыңшап жатканын ойлой койду. Ооба, ал сөзсүз тыңшап атат, антпесе анын жаны тынбайт да. О-о, канчык!
        Калмурза бөлмөсүнө кирип, кийимчен эле, буттарын да чечпей төшөккө боюн таштады. Боздоп жатып калды. Анын арманы көп болчу, бирок дайыма минтип мас болгондо эң чоң арманы эле — бузулган бакыт, кыйраган махабат. Сегиз жыл мурун ал ашык болуп сүйгөн кызына үйлөнөйүн дегенде, туугандары ага каршы чыккан. Анткени анын сүйгөн кызы ырчы эле. «Артист сенин балдарыңы багабы же көрүнгөн жерде ырдап жүрө береби? — деген алар. — Андан көрө биз сага өзүбүздүн айылдан эле бир жакшынакай кызды алып беребиз...» Ириде Калмурза макул болбой, үйгө түнөбөй качып жүрдү, бирок бара-бара алардын сөзүнө көнүп макул болгон. Бир жыл өтпөй эле ал кайрадан сүйгөнүн эңсеп аялы менен ажыраша турган болуп калганда, туугандары кайрадан чогулуп: «Сенин балаң бар, аны таштап каякка барасың?» — деген. Мына, эми ал үч балалуу, бирок дале үйүнө токтобой, башкага кусадар ичиндеги бугун арактан чыгарып жүрөт. Көрүшсүн мен кандай бактылуу экемди. Калмурэа ичинен күйпөлөктөп, ошол туугандарын чогултуп алып өзүнүн азыркы турмушун көргөзүп аларга армандарынын бүт айткысы келип жүрдү. Бирок эми аныкына эч ким келбейт, кабар да албайт. Бардыгы ага кол шилтеп койгон. Жакшылык-жамандыкка чакырбайт. Аны бардыгы аракеч дейт. Кошуналар дагы. Мурун ал аялын уруп киргенде кошуналардан бирөө чуркап келип ажыратчы. Көбүнчө Осмон жинди келчи, бирок ал бир жолу ага бычак көтөрүп чуркагандан кийин эч ким келбей калды. Аялы да эми элди жардамга чакырбайт, болгону гана ага жалдырап мушту күтүп тура берет. Мына, эми ал ооруп атат. Ага убал да жок. Катындардын баарына убал жок. Ана, Роза дагы эрге тийип кетиптир. «Сүйөм-күйөм» деп коёт, өзү болсо айылга концертке барган жерден бирөөнө тийип алыптыр. О энеңди... Артис болбой... Мен биякта катыныман кутулаарымы билбей жүрсөм, анын кетип калганын. Мейли, мейли, кете бергиле, баарыңар кете бергиле. Бир күнү мени издейсиңер, «уулум», «сүйгөнүм» дейсиңер, бирок мен алыста болом, аябай алыста...
        Муну ойлогондо, Калмурзанын ыйлагысы келип кетти. Боздоп ыйлады. Бир пастан кийин ал уктап калды.
   
        ***
        Эртеси Калмурза сыраканага барды. Кечээ керели-кечке арак-шарап аралаштырып иче берип бүгүн башы ооруп калыптыр. Денеси да бирөө тепсеп жанчып койгондой сыздайт. Сыракананын ачылышын чыдамсыздык менен күтүп, акыры ачылганда ал өзүнө окшоп таң азандан баш жазгысы келгендердин тобуна кошулуп, күңүрт, ным тарткан, кир имараттын ичине кирди. Колун чөнтөгүнө салып тыйын издеди: бир күлүч сырага жете турган сары чака бар экен. Ал калтыраган колу менен күлүчтү алып бурчтагы ширеден карайып калган миске барды.
Көп убакыт өтпөй сыракананын ичи толуп кетти. Калмурза улам кирип жаткан адамдардын арасынан таанышын издеди. Эң кур дегенде бирөө келип калса го, баш жазса жакшы болот эле. Тынбай эшикти карай берип, мойну ооруп кетти. Демейде чөнтөгүмдө акча болсо алар өздөрү ле жетип келет, эми алардын жоктугун кара. Же алар акчанын жытын билеби? Антпесе анан минеге дайыма алыстан учурашып чуркап келчи досторумун бири да жок? Ал ичинен алардын бардыгын бир сыйра сөгүп алды.
        Анын жанына сакалдары өсүп, беттерин бүт тырыш баскан киши келди. Ал мистин үстүн бир сыйра карап алып нары басып кетти. Калмурза аны кечээ бактан көргөн. Алар талдын түбүндө шишелерди шагыратып жыйып алып ичип отурганда, бул киши ошол жерде бошогон шишелерди чогултуп жүргөн. Эми ал дагы Калмурзаны тааныбай (же таанымаксан болуппу?) нары жакта бакылдап ичип отурган жаш балдардын жанына барды. Тигилердин бирөө ага сырадан сунду.
        — Асаке! — деп анын далын ургулады.
        Тигил күлүчтү акырын көтөрүп төгүп албайын деп жай басып четтеги цементтен куюлган кырга барып отурду. Калмурза анын сыраны ичип жатканын көрүп жийиркенди: чалдын оозунан шилекейи чууруп күлүчтүн ичине тамып жатты, ал эми тигил болсо ага да көңүл бурбай майда ууртап, тамшанып иче берди.
        Балдар каткырып күлүп калды.
        — Артис! Нак эле артис! — деп жатты алар.
        Калмурзанын жүрөгү селт дей түштү. Алардын «артист» дегени катуу тийдиби же ал өзүн да чалдын ордунда элестете койдубу, бирок ал сыраканадан октой атып чыкты. Менин бу кишиден мине айырмам бар? Мен деле артистин биримин... Ал ичинен сыздап, бирөө анын сырын билип койгонсуп кыжалат болуп келатты, анан бирок өзүнүн бүгүн биринчи жолу соо экенин эске алып жайыраак басты. Кызыл-тазыл, кээ бирөөлөрү ачык түстүү көйнөкчөн элге аралашканда гана ал бар маалда бала кезинде ушинтип базарлап майрамдагандарын эстеп, кээде күткөн майрамынын дайыны билинбей, убакыт ордунда токтоп калгансып, ал чыйпылыктап өзүнө айла таапай калган күндөрүн ойлоп жылмайды. Ошо кезде демейде жеп эле жүргөн балмуздак да, дайыма чагып жүргөн мисте да майрам күнү минегедир ширин сезилчи...
        Бир маалда ал баланын чыңырганынан чоочуп кетти. Алагды болуп туш тарапты карап отуруп ал акырында жолдун четиндеги талдарды аралап кыйкырып жүргөн кызды көрдү. Эл дуу дей түштү. Төрт жашар кыз дале чыңырганын токтотпостон аны карай умтулган адамдардын колуна илинбей чуркап келип Калмурзаны кучактап калды. Жанараак эле: «Апа!» — деп бакырып жүргөн кыз эми Калмурзанын мойнунан катуу кучактап:
        — Ата! Атакебай! — деп боздоду. Калмурза да аны көкүрөгүнө бекем кысты, шаштысы кеткенинен эки-уч мертебе өпкүлөп да жиберди. Таңыркаган эл заматтын ичинде аларды тегеректеп калды.
        — Бу кимдин кызы, я?..
        — Энеси каякта кен?..
        — Кызын талаага таштап кеткен ал кандай аял, кокуй? — деген үндөр туш тараптан угулуп жатты.
        Калмурза кыздан энеси тууралу сурайын деди эле, тигил анда аны ого бетер кучактап муунтуп коё жаздады. Калмурза анын чачынан сылап, үйүлгөн элден уялгансып эмне кылаарын билбей тердеп тура берди.
        Экинчи катуу чыңырык энесиники болчу. Ал топураган элди түрткүлөп зорго өтүп келип кызын Калмурзанын колунан ала койду, анан аны чопулдатып өпкүлөп:
        — Кызым, сага мине болду? Каякка кетип калдың? — дегенде тигил ыйламсырап эмне себептен качканын айтты:
        — Ит кууду,— деди ал.
        Эл күлүп, анан секинден тарай баштады. Акырында аял дагы кызын көтөрүп кетип калды, ал эми Калмурза болсо кичинекей кыздын назиктиги ага жугуп калгансып алакандарын жайып көчөнүн ортосунда турду.

        ***
        Ошол күндүн түйшүгү ай! Биртике тыйын издеп (он сомго жакын эле акча болмок) Калмурза кимге гана кайрылган жок: чала-була таанып кайсы бир жерде көргөн эле адамды токтотуп алып, андан жалынып бир сомдон сурап жүрдү. Бирөөлөрү аны аракеч деп түртүп жиберет, бирөөлөрү тескерисинче ага боору ооруп болушунча тыйынын берет. Кечке жуук гана ал жети сом отуз тыйын чогултту, шашып-бушуп дүкөн жабыла элегинде оюнчук сатуучу бөлүмүнө кирип барды. Ал жерден тандап отуруп балдарынын ар бирине оюнчуктан алды да, үйүн карай шашты.
        Бүгүн көп айлардан кийин биринчи жолу соо баратканына кубаныппы же азыр бул оюнчуктарды балдарына таратып берээрин ойлоппу анын деми кыстыгып кетти. Жада калса үйгө жетип баралбай каламбы деп коркту. Анткени менен аз калды: дагы бир көчөнү имерилсе эле, андан кийин үйү көрүнөт.
        Эшиктин алдына барганда ал деминин кыстыкканын бир аз басып алайын деп токтоду. Наспайдан оозуна салып дөңгөчкө отурду. Жүрөгү түкүлдөгөнү кичине басылгандан кийин ал босогону аттады. Каалганы кыйчылдатпай ачып, босогого бутун чечип акырын балдар дайыма ойноп отурчу бөлмөгө барды. Секин баш бакты. Балдар ойноп отуруптур: оюнчуктары деле жок, илгери бир өзү сатып алып келген дойбунун он чакты ташы, кагаздан сызылып жасалган чакмак. Кайрат менен Гүлжамалдын кызуу оюнга киришип катуу ойлонуп калганын карап турган төрт жашар Максат да улам чыдабай:
        — Мен ойноюнчу, Каййат-аке... Мен да ойнойм, Гүжамал-эже, — деп жалынып жатты.
        Анда эжеси анын бетинен чоп этип өөп коюп:
        — Азыр ойнойсуң, Максат. Биз бүтөлү, а? — деп кайрадан ойлонуп отуруп калат.
        Калмурзанын чыдамы кетип каалганын артынан чыга калды. Балдар аны көрүп дароо оюндарын токтотту. Көздөрү алайып атасын тиктеп калышты.
        — Кайрат... Кайратчигим! Ме, бу сага, — Калмурза уулуна оюнчукту сунду.
        Кайрат менен Гүлжамал дубалга жөлөнүп отуруп эшиктин түбүнө барганда жылт коюп чыгып кетти. Бөлмөдө Максат гана турган жеринде катып калды.
        — Максат, Максатчигим! Уулум, келчи атаңа... Мына, карачы, мен сага кандай оюнчук алып келдим, — Калмурза кичинекей машинени бурап, кайрадан килемдин үстүнө койгондо тигил зыңылдаган бойдон сызып жөнөдү.
        Максат машинени бир пас тиктеп турду да, анан агасы менен эжесинин артынан ээрчип дубалга жөлөнүп барып бөлмөдөн чыгып кетти.

 

ЗАЙЫППУРУШ ПАША


        Кызык, мен акыркы убакта зайыппуруш паша тууралу окуяны көп эстечи болуп алдым. Эмнеге экенин билбейм. Билесиңерби, бир күнү паша тызылдаган бойдон учуп келатыптыр. Бир маалда...
        Эстедим: балким, мен тигил Паша деген кошунама байланыштуу бул окуя тууралу ойлой койгондурмун.
        Бир адамдар бар: аларга нан бербе, суу бербе, болгону гана эки ооз сөз жазылган нускоону көрсөтүп кой, ошону менен алар жыргап жатып калат. Нускоонун ар бир сөзүн так аткаруу алар үчүн ичкен суусу, жеген наны. Ансыз аларга жашоо жок, ансыз алар куурап-соолуп бүтөт. Паша дагы дал ошондой адамдардан болчу.
        Ал элдик көзөмөл тобуна кирчи, ошондуктан ага ишинде көптөгөн кагаздарга таянууга туура келчи. Качандыр кимдир бирөө ага «элдик көзөмөл коомдук мүлктү уурдап байыгандарга каршы күрөшүүсү керек» деген нускоону көргөзүп коюптур. Ал болсо эми ошол нускоону аткарып жүрөт. Кимдир бирөө машине алдыбы — аны ал ошол замат текшерет. Кайсы акчага алдың? Акчаны кайдан таптың? Кимдир бирөөнүн короосунда мал маарайбы — аны да ал сөзсүз текшерүүсү керек. Канча малың бар? Ага жемди каяктан аласың? Акыйкаты, Паша өзү жалаң айлыгына жашачы.
        Ошентип текшерип жүрүп, ишенесиңерби, ал музтөрлүктөрдүн бардыгын кагазга көндүрүп койгон. Эми биздин эл кандай гана буюм албасын, анын артынан сөзсүз эсеп кагазын доолайт. Албетте, Пашага биринчи ирет ал кагаздар керек, ансыз ал эч кимге ишенбейт. Мөөр басылган, төрт бурчтуу бир нерсени көргөзүп кой, ал сенин тынчыңы албайт. Бирок айлакерлер буга дагы өз жолун тапты: алар чынданбы, жалганбы эптеп Пашадан кутулуу үчүн кагаздарды издеп ала баштады. Азыр Музтөрдө кагаз буюмдун артынанбы же буюм кагаздын артынанбы чыкканын билбейсиң. Анткени менен Пашанын да көңүлү тынч, элдин да иши жайында. Ал эми Пашанын колуна түшкөн адам (а, шордуу!) эмне гана кылбасын, кандай гана жалынбасын, баары бир тигил аны коё берчи эмес. Бир жылы Пашанын колуна бир дүкөнчү аял (а, бечара!) түшүп калыптыр, ал шордуунун ыйлап-сыктаганына карабастан кестирип жиберген. Себеби аял кагаздарын так алып жүрбөй бир фактурасын жоготуп жиберген экен. Дүкөнчү жалынып-жалбарып көчүрмөсүн көргөзсө да Паша ага болбой тигини айып төлөттүрүп, мүлк-дүйнөсүн бүт алдыртып, анан каматтырып салыптыр. Ошондон бери көчөдө ойноп жүргөн балдары апасынан айрылткан Пашаны көргөндө жан алчудан качкансып тызылдап үйлөрүнө жөнөйт.
        Жок, Паша жалаң эле дүкөнчүлөрдү кармабайт, ал кимде-ким бирөө нускоону бузган болсо ошону деле кармай берет. Мисалы, бир жолу ал автобуска түшүп калып, ошол жерден аны бирөө сөгүп коюптур. Паша биринчи эле аялдамадан тигини жакасынан тарткылап отуруп автобустан чыгарып, милийсаны чакыртыптыр да ал кишини (а, байкуш!) артынан түшүп отуруп кестирип жибериптир. Элдин айтымында, тигил кишинин ошондой айнымайлары бар имиш, ошондуктан ал камакка баргандан бир жыл өтпөй эле асылып өлүптүр. Эл дагы айтып жүргөн, анын арбагы эми Пашанын тынчын койбойт деп, бирок берки күлмүңдөп эле жүрөт, анын турмушунда эч кандай өзгөрүү жоктой. Балким, арбак Пашадан чоочуркап, анын өзүн кестирип жибербесин деп корккондур? Бардыгы болушу ыктымал.
        Музтөрлүктөрдүн жыргалына бир күнү Пашанын өзүнүн да шору жетти. Адаттагыдай эле ишти аягына чыгарам деп жатып чубаган жибинин учу Пашаны түз гана өзүнүн саларына алып барды. Элдик көзөмөл бөлүмүнүн төрагасы Барктабасов өзү кылмышкерлер менен чаташып байланышкан экен да! Пашанын башы катты. Ал эмне кылаарын билбей катуу ойлонуп отуруп, акырында ириде тигинин өзүнө барып сүйлөшмөк болду.
        — Нускоо бардыгы үчүн нускоо, — деп кобуранып алып ал салтанаттуу кийинди да Барктабасовдукуна жөнөдү.
        Тигил үйүндө экен. Ал эшикте бирөө чакырып жатат дегенде мурчуя түшүп, ошол бойдон сыртка чыкты. Эшиктин алдында турган Пашаны көргөндө үрөйү биротоло суук боло түштү.
        — Мине болду? — деп сурады ал келгенди үйүнө кирүүгө чакырбай туруп.
        — Аксакал! — деп ыржайды Паша кийимине бир нерсе жугуп калгансып улам кагынып. — Мындай иш болуп атат, аксакал... Мен тиги... он алтынчы дүкөндүн ишин текшердим эле, анан... хе-хе... Ал сизге тиешелүүнү бергем дейт, хе-хе... Тынбай ле келе бересиңерби дейт...
        Ал дагы бир ырсайып койду. Барктабасов ириде кубарып кетти, бир пастан кийин кызара түштү, анан акырында иреңи карайып барып ал Пашага сөөмөйү менен эшикти көздөй көргөзүп айкырды:
        — Жогол, акмак! — анын денеси бүт калчылдап алыптыр.
        — өзүңүз билиңиз, аксакал, — Паша жугуйланып бүгүлүп артына кетенчиктеди. — өзүңүз билиңиз, бирок... мен бу ишти аягына чыгарышым керек...
        Ал тескери бурулуп үйүн карай жөнөдү. Эртеси эле күнү Барктабасов аны кабинетине чакыртты. Каалга секин ачылып босогодо Паша көрүнгөндө, көзөмөл бөлүмүнүн төрагасы өзүн-өзү кармап тигини отурууга багыттап колу менен орундукту көргөздү. Паша акырындан басып барып, орундуктун четине көчүк басты.
        — Мен сени мына мындай иш менен чакырдым, — Барктабасовдун үнү бир аз диркирей түштү. — Сен... Сенин өзүңүн иштеген жериң кайсы?
        Паша ойлонуп калды. Чынында эле, ал өзүнүн каерде иштеген кызматын унутуп коюптур. Бир кездерде аны көзөмөл бөлүмүнүн мүчөсү кылып шайлашкан, бирок андан бери көп убакыт өтүп кетти. Азыр ал ошол кызматын эстей албай башын сыйпалап, пас үн менен жооп кайтарды.
        — Эсимде жок, — деп мойнуна алды ал.
        — Мына, көрдүңбү? — деди Барктабасов өңү кайрадан карайып, артына чалкалай калып. — Сен өзүңүн иштеген жериңи да унутуп коюптурсуң, ал эми сен болсо ошояктан айлык алып жүрөсүң да, туурабы? Айлыгыңы сага ким апкелет?
        — Билбейм, дайыма бирөө үйгө апкелип таштап кетет, ким экенин деле сурабаптырмын...
        — Ана, көрдүңбү! — тигил кайрадан алдыга умтулду. — Сага айлыгыңы да үйүңө жеткирип берет экен, ал эми сен ушуга чейин мине иш кылганыңы билбейсиң. Демек, сен өз наныңы актап жебей, башка бирөөлөрдүн эсебинен жашап жүрүптүрсүң. Сен... өкмөт менен элдин алдында күнөлүү адам экенсиң, сенден ал акчанын баарын төлөттүрүп алыш керек.
        Паша эмне кылаарын билбей калды. Акырында ал акырын үн катты:
        — Бирок мен... текшерип жүрбөдүмбү...
        — Ооба, сен текшерип жүрдүң, — Барктабасовдун үнү эми олуттуу угулду. — Бирок ал коомдук ишиң, аны сен өзүңүн негизги кызматыңан кийин, бош убакта аткарышың керек, эми түшүндүңбү?
        Паша үн чыгарбай башын ийкеди.
        — Анда эми барып өз ишиңди аткаргын, — Барктабасов ордунан турду. — Ал эми сенин биердеги ишиң тууралу тиешелүү жерге кабарлайбыз. Бар, бара бер!
        Барктабасов өкүм чыгаргансып чалкалап туруп алды. Паша башын жерге салган бойдон шылкыйып чыгып кетти. Эшик жабылары менен Барктабасов катчы кызды чакырды.
        — Анын каерде иштегенин тактадыңарбы? — деди ал, анан кыздын баш ийкегенин көрүп жаңы буйрук кылды:
        — Эми аны көзөмөл тобунан бошотуу жөнүндө токтомду бастырып кел...
        Ошентип биздин Паша көзөмөл укугунан айрылып калды. Ал биринчи жолу өзү нускоодон азап чекти, биринчи жолу нускоо менен өзүн алсыз сезди.
        Ага иштеген жеринен сөгүш беришти, көзөмөл бөлүмүнө мүчөлүктөн бошотушту, бирок айлыгынан карматышкан жок. Эми ал нак өзүнүн кызматын аткарат. Бирок кээде ал элдин арасында отурганында: 
        — Мен ага баары бир көрсөтөм. Аны сызга отургузбасамбы, — деп калчы болду. Анткени менен анын колунан эмне келмек эле?
        Эки жыл өттү. Мамлекетте көп өзгөрүүлөр болуп, бийлик укуктары терең алмашып, бир күнү Барктабасов да кызматынан түшүп калды. Ошондо Пашанын сүйүнгөнүн айтпа: ал жолуккан эле         кишисине мактанып, асман жакты сөөмөйү менен көргөзүп: 
        — Ана, көрдүңбү, мен айткандай болду го! — деп олуттуу басып кетчи болуп алды.

        ***
        Мына, Пашанын окуясы ушул. А-а, айткандай, тигил зайыппуруш пашанын жоругун унутуп кала жаздаптырмын. Анда эмесе, угуп туруңуздар...
        Ошентип катуу учуп келаткан пашанын алдынан бир маалда килейген тал көрүнүптүр. Анда паша алыстан эле кыйкырат дейт:
        — Кач! Жолду бошот, болбосо түбү-тамырың менен жулуп кетем!..
        Бирок тал каякка качмак эле, ал ордунда тура бериптир. Айласы кеткен паша жакын калганда шашып кетип көзүн жума коюптур. Кудай жалгап, ал эки ачакайдын ортосуна туш келип ошол жерден өтүп кетиптир. Бир аздан кийин ал артын карап кыйкырат экен:
        — Эй, айбан тал! Айтпадым беле сага качкын деп... Көрдүңбү, сени минтип тең бөлүп таштадым...

        (* Паша — чиркей)

 

АКИМБАЙ ШААРГА КЕЛДИ


        Акимбай шаарга келди. Кечээ эле ал эшигинин алдында кемпири менен коштошуп турган, тигил көзүнүн жашын аарчып ага какшанган:
        — Жаштар шаарга качса жөнү бар, ал ами сага мине бар экен? Адашып-адашып эле кайра келесиң да...
        Анда Акимбай күлүп аны соороткон:
        — Койсоңчу андай кебиңди. Мен мине биротоло качып кетип атыптырмынбы, уулубузду көрүп эле келем. Ага биз барбаганда, анан башка бирөө бармак беле? Андан көрө шыдыр жол тилесең боло, — ал короосун карап, нараагыракта аштоодо байланып турган атын көрүп эмнегедир бул жерден кеткиси келбей кетти. Бирок бир аздан кийин кайра андай ойлорун кууп, чөнтөгүнөн белгисиз бир шаардын сүрөтү бар кагазды алып чыгып тиктеп калды. «Качаңкыга чейин эле ушерде чирип жата беребиз?» — деп ойлоп ал сүрөттү кемпирине көргөздү. — Мына көрдүңбү?
        Кемпири сүрөттү карап алып абдан таңгалды:
        — Ушу бири бирине окшош тамдардын минесине кызыгасың?
        Акимбай ага макул болбой койду:
        — Жо-ок, аякта жакшы болушу керек, болбосо уулум аерде калбайт эле... Мейли, анда месе, жакшы тур! Болду эми, мен мине согушка баратыптырмынбы, оп-пой!.. Шаарды көрүп, уулум менен учурашып келем, анын минеси бар экен? Кой эми көз жашыңы төгө бербе... Жакшы кал!..
        Ал эми бүгүн болсо ал шаарда. Бардыгын тоскондой эле шаар Акимбайды да заводдорунун түтүнү, машинелеринин ызы-чуусу, кыжыган эли менен тосуп алды. Бирок эч нерсе эмес, ал шаардын бул жактарын бүт кечирди. Анткени менен ал азыр минтип таксиде жымыңдап учуп баратат. Жылтыраган кара «Волга» түптүз, эндүү жолдо сызып асфальтты килемдей гана дөңгөлөктөрүнүн астына түрүп жатты. Ой, тобо! Шаарың тим эле бир укмуш турбайбы! Акимбай кубанычын көкүрөгүнө батыра албай таксичиге кайрылып тамашалады:
        — Уулум! Бу тулпарың күнүнө канчадан жем жейт, я? Унчукпай келаткан айдоочу күлүп калды.
        — Он сомду жеп коёт.
        Экөө тең күлдү.
        — Уулуңуз биерде иштейби? 
        — Ооба, иштейт.
        — Ким болуп иштейт?
        — Билбейм, бир чоң болсо керек го, дайыма ле колум бошобойт, отпускага чыгууга чолом жок деп келет. Мына, мен аны көргөнү баратам.
        — Ким деген? Мүмкүн, мен аны тааныйттырмын.
        — Жусуп... Жусуп Акимбаев деген кара-тору жигит... Узун бойлуу.
        Айдоочу эстөөгө аракет кылып ойлонуп калды, бирок бир пастан кийин башын чайкады.
        — Жок, тааныбайт экемин. Көп болдубу иштегенине?
        — Көп деле мес, жакында ле окуусун бүтүрдү...
        Таксичи машинесин тык токтотту.
        — Мына келдик,— деди ал.
        Акимбай чапанына төйнөгүч менен кадалган капчыгын чечип алды.
        — Канча төлөшүм керек? 
        Айдоочу эсепти карады.
        — Эки сом сексен тыйын.
        Акимбай үч сомдук кагазды сунду. Тигил майда тыйын издеп калганын байкап машинеден чыгууга шашылды.
        — Тим эле кой, уулум, жеткиргениңе рахмат!
        Таксичи сыртка чыгып Акимбайдын куржунун алып берди.
        — Үйгө кирбейсиңби, мейман болуп кетесиң. Уулум менен да тааныштырып коёюн, бирде болбосо бирде жардамыңар тийишип калаар..
        — Жок, аксакал, мен дагы иштешим керек. Рахмат сизге!
        — өзүңө рахмат, уулум, өмүрүң узун болсун! 
        Акимбай машине ордунан жылып алыстаганча артынан узатып карап турду.
        Килейген, көп кабаттуу үйдү көрүп Акимбай кубанды. Бали, уулум, адам болуп чоңдор жашаган үйдөн орун алыптырсың! Тамдын эшиктери көп экен — ал эмне кылаарын билбей туруп калды. Жанынан өтүп бараткан бир кишиден сурады эле тигил: "Билбейм",— деп күңк этти. Таңгалган Акимбай артынан кууп жетти.
        — Уулум, кантип эле бир үйдө жашап, Жусупту билбейсиң?
        — Жүрүңүз, — деди тигил башын чайкап.
        Акимбай анын артынан ээрчиди. Эки-үч имерилгенден кийин жанагы киши бир эшикти көргөздү.
        — Мына Жусуптун үйү,— ал каалганын боорундагы тегерек нерсени басып койду. Бир аздан кийин эшик ачылды, босогодо жаш жигит пайда болду.
        — Сизге ким керек?
        — Жусуп ушу жерде жашайбы? 
        — Ооба. Мен Жусуп.
        Акимбай түшүнбөй калды.
        — Мен уулуму издеп жүрөм. Аты Жусуп. Бул үйдө башка Жусуп жокпу?
        — Жок. Жаңы ле көчүп келбесе... Бирок жакында эч ким деле көчүп келгендей болгон жок.
        Акимбай шылкыя түштү.
        — Кечирип кой, уулум, мен жаңылып калсам керек... 
        Мейманканага келатып Акимбай ойлонду. Кандайча болуп жаңылып калдым экен? Жанагы такси айдаган жигитке уулум жазып берген кагазды бердим эле... Же ал башка үйгө көчүп кеттиби? Бирок анда кабарын берет эле го... Же жалган жаздыбы?.. Жо-ок, уулум андай кылбайт эле. Ал өз оюнан коркуп кетти.
        Мейманканада ал узакка чейин орун алалбай отурду. Жолдо жүрүп чарчаган Акимбай улам тура калып бөлмө берүүчү аялга жалынат:
        — Түшүнчү, кызым, жети түндө мен каякка барам? Бир кишиге орун табылбайбы?
        Аял анын кебине көңүл бурбастан:
        — Орун жок,— деп жооп берет.
        Акырында Акимбай чыдабай кетти.
        — Кызым! Кыргызда ушу эки сөздөн башка эчтеке калган эмеспи? Анда «мейманкана» дегениңер кандай? Менин барар жерим жок, түшүнчү!
        Аял аны карап катуу үшкүрдү.
        — Келе паспортуңузду!
        — Мына, айланайын, мынакей! — Акимбай шашып-бушуп куржунунан пастортун алып чыкты.
        Аял көпкө бир нерсени жазып отуруп анан калемсабы менен көргөздү.
        — Түз барып, оңго буруласыз. Сиздин бөлмөңүз он сегизинчи...
        Акимбай сүйүнүп кетти.
        — Рахмат, кызым, баяле ошентпейсиңби...

        ***
        Бөлмөдө үч адам бар экен: экөө бакылдап сүйлөшүп ичип отуруптур, бирөө болсо жалгыз нары жакта китеп окуп жатыптыр. Акимбай киргенде жалгыз адам ордунан тура калды. Акимбай эки жагына көз жүгүртүп салам айтты.
        — Аллейкум-ассалам! — китеп окуп отурган адам алик алып, тигинин ийнинен куржунун чечти.
        Берки ичип жаткандар бир пас карап отурду да, анан кайра тескери бурулуп өз кебин уланта беришти. Акимбай үшкүрүп алдында турган орундукка отурду.
        — Эс алсаңыз сиздин жайыңыз бул,— деди жанындагы жигит. — Жатып эс алсаңыз болот...
        Акимбай томсоргон көздөрү менен аны карап жок деп билдирди. Анын оюнда эле Жусуп болчу. Ал эми каякта жүрөт? Аны каерден табам? Кантип табарымы ким көрсөтүп берет? Мүмкүн, бу жигит билип жүрбөсүн...
        — Уулум, ке, таанышып алалы,— Акимбай ага колун сунду. — Менин атым Акимбай, мен Музтөрдөн келдим.
        — Мен Оштон болом, атым Акун. Бул жерге окууну улантайын деп келдим.
        — Кайсы окуу? — Акимбайдын жүрөгү селт дей түштү. 
        — Аспирантурага окуюн дедим,— анан карыя киши түшүнбөй калганын байкап. — Илимпоз болоюн дедим.
        — А-а, чоң болгону аткан турбайсыңбы, — Акимбайдын өңү сумсая түштү.
        Жатардын алдында ал Акунга дагы бир жолу кайрылды:
        — Уулум, сен мага бир иште жардам бераласыңбы?
        — Берейин колуман келсе,— деди Акун. — Жардам берейин, эмне деген иш?
        — Мен өзүмүн уулуму издеп жүрөм...
        — Ал бул жерде окуйбу?
        — Жок бүтүргөн. Эми каерде кенин билбейм.
        — Сураштырабыэ, эртең сураштырабыэ, аксакал.
        — Ошондой кылчы, уулум. Мен шаарды билбейт экем, түшүнбөйт да кем...
        Алар жатты. Салпактап жүрүп чарчаган Акимбай дароо эле уктап калды. Ал түшүндө үйүн көрдү. Айланасында бир да үй-там жок, анын үйү эмнегедир талаада жалгыз эле туруптур. Ал талааны аралап келатты.Үйүнө жакын калганда алдынан тосуп аты чыкты, келип анын колун жыттады. Бир маалда ат үрккөн бойдон качып жөнөдү. Таңгалган Акимбай артын караса талаадагы чөптөр күйүп, такыр эле жер калыптыр, алыстагы тоолор көчүп, асманды кара булут каптап турат. Анан Акимбай буттары ысыганын сезди. Караса, астындагы жер да күйүп жатат. Ал үйүнөн да качып чыга турган болгондо бет алдынан тосун кулап түштү...
        Акимбай чоочуп ойгонуп кетти. Эки жагын караса караңгы, бардыгы уктап жатат. Акимбай бетиндеги муздак терин арчып башын кайрадан жаздыкка койду. Бирок бул түнү ал башка уктай алган жок.

        ***
        Эртеси Акун аны көп жерге алып барды. Ал жактагылар баштарын чайкап: «Жок, билбейбиз»,— деп жооп берип жатты. Акырында гана бир жайдан ага Жусуп тууралу айтып беришти, бирок айтканынан айтпаганы жакшы эле...
        — Жусуп Акимбаев эки жыл мурун окуудан чыгарылган,— дешти ал жердегилер. — Ал чоң чатак чыгарып, иши сотко берилген...
        Дагы бир нерселерди айтышты, бирок Акимбай калганын уккан да жок. Алеки заматта анын бардык тилек-үмүттөрү кыйрап түштү. Уулунун чоң болгону, чоңдор жашаган үй, уулу үчүн аталык сыймык, таяна турган ардак — бардыгы Акимбайдын алдында бир барак кагазга жазылып жалбырак сыңары учуп кетүүгө даяр турду. Ал баракта эмне жазылганын да карабастан, Акимбай сыртты карай умтулду. Акун анын артынан жөнөдү. Алар көпкө унчукпай келатты. Анан Акун аны сооротуп кирди.
        — Кейибеңиз, аксакал,— деди ал. — Турмушта ар кандай боло берет. Мүмкүн, уулуңуз башка жерде окуп жаткандыр...
        — Кайсы окуу? Ал кандай окуу? — деп кыйкырып жиберди Акимбай бардыгына Акун күнөлүү болгонсуп аңырайып тиктеп. — Дагы бир жерде темселеп жүргөндүр, иттин баласы! Эки жылдан бери мени алдап жүргөн экен да, акмак... Билем... Эми түшүндүм мен. Ал кичинекейинен эле үйүн жактырчы мес. Ал ошондо ле Музтөргө жашабайм деп жүрчү. Көрсө, ал биерде окубай ле, үйүнөн качып жүргөн турбайбы!..
        — Кайраттаныңыз, аксакал,— деди Акун. — Мен сизге үйрөтө албайм, бирок, менимче, мындай учурларда сабыр кылыш керек го деп ойлойм.
        — Кечирип кой мени, уулум,— Акимбай эми бир аз өзүнө келгенсиди. — Жусуп менин жалгыз уулум. Мен аны окуусун бүтүрүп, элдей болуп бир кызматтын ээси болдубу дегем. Мен ага чоң үмүттөрдү байлагам, ал болсо минтип келжирбайлык кылып отурат... Кечирип кой мени, уулум!
        — Эч нерсе эмес, аксакал. Түшүнөм... Сиз азыр эс алышыңыз керек, жүрүңүз мейманканага...
        Акимбай башын жерге салып жаш балачасынан Акундун артынан ээрчиди.

        ***
        Кечинде Акун Акимбайды ресторанга чакырды. Ириде карыя киши макул болгон жок: ал эзели мындай жайларда болуп көргөн эмес, ошондуктан өзүн оңтойсуз сезди.
        — Койчу, уулум,— деди Акимбай. — Ушу ле жерде оокаттаналы...
        — Бирок бардыгы даяр турат да,— деди ага Акун. — Жүрүңүз эс алып, бир аз көңүл ачып келесиз.
        Барууга туура келди. Алар кирери менен алдынан тосуп чыгышып, экөөнү бурчтагы орундардын бирине отургузушту.
        — Ысык тамакты кийинчерээк алып келебиз,— деди кызмат кылган кыз мистин үстүндөгү жайылган шакараптардын түрүн көргөзүп, чаңгал-бычактарды коюп ырастап. — Суусундукту азыр алып келишет.
        Бурчта чачын узун өстүргөн беш-алты жигит нары-бери чуркап бакырып ырдап жүрдү. Аларды көрүп Акимбай Жусупту эстей койду. Ал мине кылып жүрөт болду кен? Минеге бизди минтип алдады?
        Акун Акимбайдын ойлорун дароо түшүнүп алаксытууга аракет кылды.
        — Сизге ыр жагабы? — ден сурады ал.
        — Мине? Ырбы? Муну кантип «ыр» дейсиң? Мындай ырларды согуштун күркүрөгөнүн, иштин ызы-чуусун укпаган эле балдар ырдабаса, бизге тынчыраагы ле жакшы...
        — Ресторандын ушунусу бар... Эки-уч саат күтмөйунчө эч оокат иче албайсың...
        — Эчтеке мес, уулум,— деди Акимбай. — Мейли, бир пас күтө туралы, талааныкы талаа да.
        Ырдап жаткан балдарды карап ал кайрадан Жусупту эстей кетти. Уулум Жусуп, кайдасың? өзүң жазгандай, чоң болбоптурсуң, аны билем. Бирок деги дениң сакпы, курсагың токпу? Же, мүмкүн, сен да ушу балдардай болуп бир жерде элдин тынчын алып жүрөсүңбү?..
        — Саламатсыздарбы! Мына суусундук, — анын оюн бирөө бузду.
        Жанында бир жигит туруптур. Үнү жылуу учурайт. Акимбай жакшылап карап отуруп акырында тааный койду.
        — Уулум! — деп кайрылды ал официантка. — Сен Шамсуддиндин баласы эмессиңби?
        — Кайсы Шамсуддин? — таңыркап калды жигит, анан тааный коюп колун сунуп учурашты. — Ассалам-аллейкум, Акимбай-аке!
        — О мурдуңду урайын! — Акимбай сүйүнүп кетти. — Анда сен тиги... ким эле... Калмурат турбайсыңбы?
        — Ооба, мен Калмуратмын,— жигит кызарып кетти.
        — Отур, айланайын. Иштериң кандай?
        — Жакшы ле, Акимбай-аке, — деди Калмурат, ыржая күлүп, бирок отурган жок.
        — Отурбайсыңбы биз менен, отур,— Акимбай шашкалактап калды.
        — Рахмат, Акимбай-аке, бирок бизге кардарлар менен отурууга уруксат эмес.
        — Кимдер менен? Бизге мине чаң жугуп калыптырбы?
        — Кеп анда мес, Акимбай-аке, жөн эле, кызматта отурууга болбойт.
        — Мейли, уулум, өзүң бил, отурбасаң тим эле кой... Анда месе, айтчы... Сен билет чыгарсың, Жусуп азыр каякта жүрөт? Мине кылып жүрөт?
        — Сиз ага жолугалексизби?
        — Жок, жолугалган жокмун... Отурчу, билгениңи айтып берчи. Бир аз отурганга эчтеке дебестир.
        Акун экөөнүн сүйлөшкөнүн кубанып угуп отурду.
        — Бу Шамсуддиндин баласы Калмурат. Экөөбүз кошуна жашайбыз,— Акимбай сүйүнүп кабарлады.
        — Уктум, аксакал, жакшы болбодубу.
        — Тиги... Жусуп мине чатак чыгарып жүрөт? — Акимбай Калмуратка кайрылды.
        Берки унчуккан жок.
        — Сыр катпай ле кой, мен бардыгын уктум. Андан көрө айтчы, аны минеге окуудан чыгарып жиберишти?
        Калмурат Акимбайдын бүт иштен кабардар экенин түшүндү көрүнөт жай сүйлөп айтып берди.
        — Жусуп бир курсташын токмоктоп койгон,— деди ал. — Тиги дарыгерден кагаз алып сотко берип коюптур. Жусупту соттомок болушканда аны окуудан да чыгарып жиберишти...
        — Мине дейт, кокуй! — Акимбай чоочуп кетти. — Жусуп азыр камактабы?
        — Жок,— деди Калмурат. — Биз орточу түшүп аны алып калдык. Тиги жигит деле жөн гана аны коркутуп коёюн дептир.
        Калмурат унчукпай калды. Акимбай менен Акун дагы унчуккан жок. Анан Акимбай ордунан туруп эшикти карай жөнөдү.
        — Аксакал, оокат ичип албайсызбы. Оокат даяр болуп калды,— деди Акун.
        — Азыр... Азыр келем,— деди Акимбай, башын көтөрбөй. — Бир аз сыртка чыгып келейин...
        Ал эшикке чыгып бак-дарактуу кыябанды аралап жөнөдү. Жайнаган элди көрбөй, машинелердин ызы-чуусун укпай ал терең ойго чөмүлдү. Уулум! Неге мени мынча кор кылдың? Неге мени ушуга чейин алдап жүрдүң? Эми энеңе мине деп барам? Гүзөрдөгүлөрдүн бетин кантип карайм? Мейли, аларды го эптеп алдап кутулам, бирок өзүмү кантип алдайм?
        Бнр маалда аны шаркыраган суу келип каптады. Акимбай чочуп кетип жолдон качты, бирок эми кеч болчу — машине тумшугунан суу чачыраткан бойдон өтүп кетти.

        ***
        Машиненин айдоочусу өзүнө өзү капа болуп калды. Минеге дабыш чыгарып койгон жокмун? Байкуш карыя, бүт бою суу болду. Жарыктык, өзү деле качпайбы... Айылдан болсо керек. Атама окшош экен.
        Анан ал атасынын жакында шаарга келем дегенин эстеп үшкүрүндү.

 

АЛДЫДА ЖҮРГӨН БИРӨӨ


        Билбейм, бирок мен өзүмдүн адам экенимди сезе баштагандан бери дайыма алдымда бирөө жүргөнсүйт. Көлөкөмбү? Арбакпы? Же, мүмкүн, терс тарабымдыр? Ал менин иштериме, ойлорума кийлигишет, анан дагы эң коркунучтуусу — ал менден мурда чечим кабыл алат. Мен муну эмнеден улам билип калдым? Дайыма мен бир жакка иш менен барсам, ал иш мурунтан эле чечилип калганын көрөм. Оңунанбы, тескерисиненби — ал башка маселе, мени таңгалдырганы — кимдир бирөө мен үчүн чуркап, мен үчүн бардык суроолорго жооп берип жүрөт. Кээде мен тааныбаган эле адамдардан алар мен тууралу кабардар экенин угам. өзүмдүн шаарыманбы же башка жерденби, бирок алдыда жүргөн бирөө дайыма менден бир кадам, бир көз ирмем мурда иш баштап, мага байланыштуу бардык жагдайды ырастаганга укук алгансып мен аны каалаймынбы, каалабаймынбы баары-бир өз оюндагысын кыла берет. Албетте, ириде иштерим оңунан чыгып жатканда, мен ага каршы болгон жокмун, тескерисинче анын артынан ээрчидим, бирок акыркы мезгилде ал мении турмушума кийлигише баштаганда чындап кыжырым келди. Менин андан кутулгум келди, ансыз өзүм менен өзүм жашагым келди. өз оюма ээ болуп, өзүмүн көңүлүмдөгүлөрдү аткаргым келди, бирок тигил коё бербей дале иштериме кийлигишип, ойлорумун бүт ээлеп эч жакка жылдырбай койду. Ал менин каякка барарымды, кандайча барарымды, кайсы жол менен жүрүп, акыры жеткенимде эмне кылып, кайсы сөздөрдү сүйлөөрүмду үйрөтүп тургансыйт. Менин жүрөгүмдү өйүгөн ойлорум бар, тилек-үмүттөрүм бар, бирок мен аларды бирөөнө айткандан да корком, себеби тигил кокусунан угуп койсо мени алар жөнүндө ойлонтпой да коёбу дейм. Бирок ал акыркы мезгилде менин акылымды да ээлеп келаткансыйт, эмнеси уруксат, эмнеси уруксат эмес экенин үйрөткөнсүйт. Мен ага каршы болом, булкунам, андан качып кутулууга аракеттенем, ал болсо дайыма алдыман чыгат. Мен аны көрбөйм, анын кандай экенин да билбейм, бирок ал бар экенин сезип айла таппай алым кетет. Менин кыжырым келет, бирок ага каршы эч нерсе кыла албайм.
        Бир мертебе мен бала кезимди эстеп жылаңайлак басып көчөдө бараткам: ал мени буруп алып ээн көчөлөрдү аралатып кайра үйгө жеткирди да, бутума арчындаманы кийгизип өзүмдүн үнүм менен тилдеди:
        — Сен мине акмак болуп калгансыңбы, я? Эл мине дейт?
        Көптөн бери ойлоп жүргөн оюм бар эле: ал мени саларым аркылуу чакыртып тигинин каардуу үнү менен такалады:
        — Андай ойлоруңу токтот! Сага эч ким уруксат бербейт... Андан көрө өз ишиңи кыл...
        Акыркы убактарда мен өзүмдү топураган элдин арасында гана жеңил сезе баштадым, кишилер көп жерде, бийлеп жатканымда же чогулуштарда жеңилдей түшөм. Бирок дайыма эле элдин арасында жүрө бербейм да, ал эми кээде жалгыз калганымда тигил жакта бурчта ал мени шылдыңдап отургансыйт. Ал мага жылмайып карайт, менин муундарым бошоп алсырайм, өзүмүн алсыздыгыман кыйналам, анын ой келди кылыктарына каршылык көрсөтө албастыгыма ызааланам.
        Бир күнү мен чыдабай кеттим, тигинден кутулмак болдум. Бирок кандайча? Эмне кылып кутулам? Көпкө ойлонуп отуруп мен бир айла таптым: эч жакка чыкпай өзүмү төрт дубалдын ичине камап салдым. Менден кыймыл жок, эч нерсеге дилгир да жок ал менин ордума эч нерсе кыла албай калды. Ал көпкө кыйналып мени ар нерселер менен азгырды, бирок мен эч кебелбей койдум. Эч нерсеге кол тийгизбейм, сакал-тырмактарым өсүп кирдеп кеттим. Аны жийиркенеби десем ал таңгалаарлык чыдамдык менен күтүп жүрдү. Акыры ал бир күнү кетип калды. Мени алдап жатабы деп мен дале ордуман козголгон жокмун. Ал көпкө жоголду, бирок андан кутулдум деп мен бир күнү көчөгө чыга турган болгонумда ал секин бөлмөгө кирип бурчка отуруп алды. Мен айламы жоготуп, эч нерсе оюма келбей бутумдагы арчындаманы чечип сөгүнүп аны көздөй ыргыттым. Ошол замат эшигимдин коңгуроосу чырылдап, мен барып каалганы ачтым. Босогодо коңшум туруптур.
        — Кечиресиз, бирок сиз тарбиялуу кишисиз го,— деди ал пазыраак үнү менен. — Менин кичине балдарым бар, алар сиздин сөгүнгөнүңүзду укса кандай болоор экен?
        Мен андан кечирим сурап, мындан нары эч качан сөгүнбөйм деп убада бердим. Кошунам ыраазы өңдүү кетип калды, мен кайра кирдим. Тигил мени шылдыңдап күлүп жатыптыр. Мен башка бөлмөгө кирип кеттим, ал артыман кирип телевизордун жанына жакындады. Мен телевизорду саймак болдум: балким ал ызы-чуудан кетип калабы дедим. Жаңылыктар болуп жатыптыр: тигил жерде буудай эгинин көп чогултуптур, кайсы бир ишкана планын ашыгы менен аткарыптыр, кээ бир жерлерде катуу бороон өтүп, айрым жактарда шаарларды, кыштактарды сел каптап кетиптир, курман болгондор көп.
        Бир маалда ал кетип калды. Ызы-чуудан качтыбы же жөн эле мени бир аз тынч коёюн дедиби анын бөлмөдө жок экенин даана сездим. Мен жыргадым, сүйүнгөнүмөн бир эки керилип алдым. Түн ортосуна чейин телевизорду көрүп отурдум. Илимпоздор бир нерсени тааптыр, айрым жерлерде согуш жүрүп жатат...
        Мен телевизорду өчүрүп, жатканы жөнөгөнүмдө тигил кайра келди. Мен аны байкамаксан болуп бөлмөнү караңгылатып, төшөккө чүмкөнүп алып уктамыш болдум. Тигил баш жагыма келди, баамдашымда керебеттин кырына жөлөндү. Мен атайылап коңурук тарта баштадым, кошунам дубалды тыкылдатты. Мен тескери оодарылып уктап калдым.
Түшүмдө кызыкты көрдүм: Куран китебиби, кээде мөөр басылган барак болуп кетет. Анан бир маалда кошунам көрүнүп менин кулагыма бир нерселерди шыбырайт.
        Эртең менен ишке жөнөгөнүмдө алдымда дагы бирөө баратты. Ал ар дайым ар башка түскө боёлгонсуйт, ар кандай кийинет, бирок дайыма жол көрсөтүп турат. Менин аны айланып өткүм келет, башка жолго түшкүм келет, бирок кете албай байлангансып анын артынан ээрчиймин. Андан кутулуудан үмүтүмдү үзүп да койдум, каяша кылбайм. Болгону гана бир жолу аны менен сүйлөшмөк болдум.
        — Сен кимсиң? — деп сурадым мен.
        Ал жооп берген жок.
        — Сен минеге дайыма менин алдымда жүрөсүң?
        Ал унчуккан жок.
        — Сага мине керек? Дайыма сенин тилиңи алып турганым керекпи? — дале жооп жок. — Бирок эртедир-кечтир баары бир адамдын өз жолуна түшкүсү келет да...
        Ошол маалда досум келди.
        — Үйүңдө бирөө барбы? — деди ал бөлмөгө кирип, эч ким жок экенин көрүп таңгалды. — Сен өзүң менен өзүң сүйлөшүп атасыңбы?
        Мен унчуккан жокмун. Ал ийнин куушуруп коюп кетип калды.

        ***
        Акырында мен эч ойго келбей турган ишке бел байладым: алдымда жүргөндөн кутулуу үчүн мен өлүмүш болдум. Ооба, мен бир күнү жаткан бойдон турбай койдум. Демимди кармап кыймылдабай катып калдым, кээде гана жака белде эч ким жогунда бир аз дем алып, анан кайра өлүмүш болуп калам. Ал мээмин толкундарын сезип жаттыбы улам айланып келип жанымда тыңшап турат. Менде тирүүлүктүн белгиси жок. Ал кайра кетет, көпкө жоголот.
        Эки күндөн кийин мени мүрзөгө алып барышты. Кээ бирөөлөрү ыйлады, калгандары өздөрүнчө кобурашып тамеки тартып отурду. Туугандарым, досторум, жөн эле тааныштар.
Ошентип мен өлүктөрдүн катарына өттүм. Бул жерде тынч, жымжырт, эч ким козгобойт, эч ким тийбейт. Курт-кумурска гана сойлоп келет. Жанымда мага окшогондор жатат, балким, алар дагы мендей болуп АЛДЫНДА ЖУРГөНДөРДөН кутулуу үчүн ушул жерге келгендир. Курт-кумурска мага тийбейт, мүмкүн, менин тирүү экенимди сезип жатабы. Мен ачка болдум, денем талып кетти, турайын десем акка оролгонмун. Акыры эптеп турдум, сыртка чыгууга аракет кылдым, топуракты чукуй баштадым. Ачка жатып чарчагандыктан алсырап калыптырмын, араңдан зорго сыртка чыктым.
        Эми мен башка ат менен жашайм, өңүмдү да өзгөртүшүм керек. Эптеп кийим-кече да табышым керек. Мен жака белде жашаган досумдукуна бардым. Мени көргөндө ал чочуп кетти, мен ага бүт-баарын айтып бердим, эмне кылаарымды түшүндүрдүм. Ал мага жардам бермек болду, эч кимге сырымы айтпоого убада берди.
        өңүмдү өзгөртүп кийинип алып мен шаарга жөнөдүм. Үйгө барган жокмун, бирөөнүкүнө батирге кирдим.
        Азыр менин жаным тынч, алдыда жүргөн эч ким жок. Мен каалаган жакка барам, каалаганымды сүйлөйм, оюмдагыны кылам. Кээде гана тигил АЛДЫМДА ЖҮРГөНДҮ сагынып калам: жаңы турмушка да көнүш керек экен. Бирок бул келечектин иши, мен болсо аны дилгир карайм.
        Бирок акыркы убакта менин артыман калбай бирөө жүргөнсүйт...

 

САРАҢ ЧАЛ


        — Сенин коңшуң укмуш киши турбайбы! – базарлап келип менин үйүмө кайрылып калган досум мага ушундай сөздөр менен кайрылды.
        Ал мен курактагы айылдык жаш жигит. Шаардан окуусун бүтүргөндөн кийин ал өз айылына иштегени келип ошол жердеги мектепке орношкон. Досум институтта окуп жүргөндө эле өзүн мыкты көрсөтүп, жада калса, аны аспирантурага дагы калтырмак болушкан, бирок бир күнү карыя атасынан «энең өлгөнү турат» деген телеграмма келип, ал шашылыш үйүнө жөнөп кетти. Апасы, кудага шүгүр, аман эле экен: атасы ушундай жол менен шаарга кызыккан уулун айылга чакыртып алыптыр.
        Уулу келгенден кийин атасы ага шарт койду:
        — Же мен, же шаар, — деди ал. — Эгер шаарга кетем десең, анда менин мындан нары сендей уулум жок...
        Досум атасын аттап кете албады: ал эртеси күнү эле шаарга барып, аялын, баласын айылга көчүрүп келди. Азыр ал мектептин мүдүрү болуп калган, өз айылында жашайт. Кээде Музтөргө келип калганда ал сөзсүз меникине кайрылып, наркы беркини сүйлөп ичиндеги бугун чыгарып, айына бир-эки черин жазып кетет. Антпесе айылдагы анын турмушу кандай дейсиң: күнүгө иш, кээде арак-бозо ичмей, мас болуп алып арыз-муңун балбалактап шеригине айтмай — андан башка жыргал деле жок. Айлап-жылдап бир артисттер келип калса, үй-бүлөөсү менен топурап барып концерт көрүп келет, анан кайра жымжырт, кайра иш. Ал эми менин эсимде, биз борбордо окуп жүргөндө экөөбүз тең тээ асмандан сүйлөп, дүйнөлүк маселелерди чечип жибере тургансып бирибизден аша бирибиз олуттуу ойлорду айтып, келечекке тигиле кыялданып калчыбыз. Мына эми «ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет» болуп биз экөөбүз тең баягы үмүт-кыялыбыздан дайын жок, эптеп тиричиликтин артынан кууп калдык. Жакшыдыр-жамандыр өз кызматыбызды аткарып жүрөбүз, бирок тилегенибиз бул эмес эле. Кээде-кээде биз чогуу отуруп калганда мурунку турмушубузду эстеп, эски кыялыбызга кирип бири бирибизге арманыбызды айтчыбыз. Акыркы убакта аныбыз да калды, эми биз көпчүлүк учурда олуттуу унчукпай үшкүрүнүп, бири бирибизди тиктеп тим болобуз. Иш болсо гана аны сурап, андан кийин тезирээк кетүүгө шашабыз. Бирок бүгүн досумун көңүлү көтөрүңкү, күпүлдөп алыптыр.
        — Досум! Сенин коңшуң укмуш киши турбайбы! — деп баштады ал кирери менен менин алигиме жооп бербей туруп эле. — Мен азыр базарда кызыктай окуяга күбө болдум, оозуң ачылат...
        — Кайсы коңшум? Көп шашпачы, кел отур... Мына эми айта берсең болот, кулак сенде, — мен аны төргө отургузуп, өзүм жанына кыйшайдым. — И-и, кандай укмушту көрүп келдиң?..
        — Кызык окуябы? Анда угуп тур, — досум оңдонуп отуруп алды да өз баянын баштады. — Мен азыр базардан келатам. Адаттагыдай ле эл көп, ызы-чуу... өзүң билесиң го. Менин жанымда шеригим бар болчу, биз экөөбүз базардан чыгып келатканбыз: алдыбызда эл, артыбызда эл, бирок ошондо да алардан айырмаланып четте бир киши турду. Шүмүрөйгөн өңдүү, кийими жамачыланган, бутунда өтүкпү же байпакпы — түшүнбөйсүң, башына октон тешилгенсиген жыртык калпагын көзүнө чейин бастырып кийип алган ал дароо ле башка адамдардан өзгөчөлөнүп турду. Ал мас беле же жөн эле үргүлөп кеткенби, бирок ордунан жылбай солкулдап түркүккө таянып алыптыр. Нары-бери өткөн эл аны бири күлүп карап, бири аягансып башын чайкап өтөт. Эң кызыгы, ал бир колун сунуп кайыр сурагансыйт. Менин ага боорум ачып, чөнтөгүмү аңтарып биртике майда тыйын таптым да анын алаканына салып койдум. Эл каткырып күлүп жиберди. Жанымдагы шеригим да ыкшып калды. «Эй, бу мине кылганың? – деди ал. – Бу чириген бай да... Мунун азыр учмасы гана жок, калганынын бүт бар...» Мен өзүмү оңтойсуз сездим. Анан жолдо келатып досум мага тигинин жоруктарын айтып берди. Тобо! Ушундай да кишилер болот экен, а?..
        Досум баянын ушундайча аяктады. Мен да бир аз күлүп калдым.
        Биз кеп кылып жаткан киши — менин коңшум Чоро. Ал жөнүндө Музтөрдө шакабалар жайнайт. Алардын бири мен билген анын кожогатка баргандагы окуясы. Бир күнү Чоро эки кызын мотоциклинин чыгырыгына салып алып кожогат тергени токойго барыптыр. Кечке чейин үчөөлөп бир челекти толтуруп үйүнө кайтып келатканда жолунан килейген жүк ташуучу машине чыга калат. Шашып кеткен Чоро мотоциклин бура коюп, дөңгөлөктөрү жолдон чыгып, алар сайга кулап түшөт. Талга урунуп мотоциклдин өзү бир тарапка, чыгырыгы бир тарапка бөлүнүп кетет. Ошондо бир аз эсине келген Чоро чуркап барып: «Кожогат төгүлгөн жокпу?» — деп сураган экен...
        — Ой тобо! Кыздарынын акыбалын сурабастан кожогатты сураганын кара! — деп таңгалды досум.
        Чоро акыйкаты досум таңгала тургандай киши болчу. Мен күндө эртең мененкисин анын таң азандан мотоциклине минип үйүнөн чыгып кеткенин көрүп жүрөм. Бир-эки сааттан кийин кайтып келгенде анын чыгырыгында толо темир-тезек, жыгачтын чамындылары, ар кыл буюмдар болот. Көрсө, ал Музтөрдү, анын жака белиндеги кыштактарды бир сыйра айланып, жолдо көрүнгөн бирөөлөр түшүрүп койгон буюмдарды чогултуп келет экен. Ошондон улам музтөрлүктөр аны «санитар» деп койчу, себеби ал көчөлөрдөгү акы-чүкүнүн бүт шыпырып кетчи. «Санитар» демекчи, Чоро, биринчисинен, дарыкананын башчысы, анан дагы жайдыр-кыштыр жарма ичип, аны эң мыкты дары деп койчу. Ал үй-бүлөсүнүн бүт ошол дарыга көндүрүп койгон. Балдары, кээде аялы дагы ачка болгондо биздикине келип чай ичип, ысык оокатка кардын тойгузуп кетчи, ал эми Чоро өзү болсо ошол жарма менен керээли-кечке жүрө берчи. Анын ден-соолугунун чыңдыгын айтасыңбы: ал өмүрүндө оору-сыркоо дегенди билген эмес. Жарма дегенде гана Чоро тыйынын аячы эмес, ал талканды үйүнө каптап жыйып койчу, муну түшүнгөн аялы талкандан четинен сатып балдарына ысык шорпо жасап берүү үчүн май, ун, эт алып келчи. Акыркы мезгилде Чоро аны да билип калып, ишке кетээрде каптагы талканды таразага тартып белгилеп кетет.
        — Ой тобо! Анан ушинтип жүрүп дарыкананын башчысы болуп алганын кара! — досум башка эч нерседен сүйлөгүсү келбей эле Чоронун кылыктарына таңыркай берди.
        Ошентип Чоро Музтөрдөгү дарыкананын башчысы болчу. Ал дарыкананы атасынан энчилеп алгандай эле дарыларды каалаган кишисине сатып, каалабаганына сатпай деле койчу. Жергиликтүү бийлик дагы унчукпайт, анткени ал аларды колго алып койгон. Бир жылдары гана Паша Чорого асылып көрдү эле, бирок тигил ага тийиштүү кагаздарды бетине ыргытып тынчыткан. Ошондон бери Чорого эч ким сөз айтпайт, ал болсо кандай гана иши болбосун бүтүрүп берген адамга спирт менен төлөп берчи. Албетте, дарыкананын эсебинен. Балким, ошондуктандыр уста, колунан кичине эле бир нерсе келгендер да тигил чакырары менен кечикпестен жетип келет.
        — Чоңдор да ага бийлигин алдырып койгондорун кара, ой тобо! — деп тамшанды досум. — Кыйын киши кен! А дейли, бу дейли, бирок акыйкаты сенин коңшуң кыйын киши кен!..
        Досум тамекисин бурулдатып түтөтүп кирди. Ал орундукка чалкалап отурду, ал эми мен болсо аны кабатырлык менен тиктедим. Карасаң ал Чоро тууралу кандай кумарланып айтып жатат, тамшанганычы... Досумун дагы ошол Чородой болгусу келеби, ал ушинтип табылган байлыгына көз артабы, сараңдык деле аны жийиркендирбейби? Же чынында эле ар бирибизде ушул сараң чалдан бир үзүм барбы? Ойлоп көрсөм, Чоро дагы бизге окшоп бир кезде башка турмушту эңсегендир, ал дагы бир маалдарда ашык болгондур, биз сыңары олуттуу маселелердин үстүнөн ой жүгүрткөндүр. Мен эстедим, кээде мен деле майда-чуйданы аяп болбогон нерсе үчүн үйдөгүлөр менен урушам. Мүмкүн сараңдыктын башы ушудур? Мүмкүн мен да карыган сайын бара-бара Чорого окшоп калармын? Досум дагы азыр бийлик, байлыкты эңсеп калыптыр, ал эми мурун анын андай ойлору жок болчу. Акыйкаты Чоро ар кимибизде жашайт окшойт.
        Досум автобуска кечигем деп шашкан бойдон кетти, ал эми мен болсо Чоро тууралу ойлорумду уланттым. Эсимде бул сараң чал мени эмне себептен экенин билбейм бир жолу үйүнө чакырган. Балким, ал менден өзүнүн жаш кезиндегисин көрдүбү? Муну ойлосом, жүрөгүм чыгат. Мен өзүмдү алдамакчы болуп: «Жок, ал өлөрүн сезип, акырында өмүр бою чогулткан дүйнөсүн бирөөнө көрсөтүп мактанып алайын деген ойду көздөгөн же мүмкүн менин жаш кезимде анын кызына ашык болгонумду эстеп, эми өзүнө жакын киши тутуп мейманга чакырып жатат», — деп сооротом. Кандай болсо да мен ага өмүрүнүн акырында ишенген кишиси болдум.
        Ал мени чоң тамына киргизип (алар жайы-кышы кичинекей тамында жашачы), колуна чырак алып, экөөбүз жертөлөсүнө түштүк. Терең казылган бөлмө сөрөйгө тепкич менен акырын басып бардык. Чоро колдору калтырап отуруп чыракты араң күйгүздү, жертөлөнүн ичи жарык боло түштү. Бурчта килейген сандык туруптур, чал аны ачты. Сандыктын капкагын көтөргөндө менин көздөрүмө асердүү бир нерсе көрүндү: оозуна чейин толо алтын, күмүш, башка зеризалар чырактын жарыгына чагылышып менин көздөрүмдү уялдырып чачылып жатты. Мен оозумду ачкан бойдон туруп калдым, мынча байлыкты көрбөгөн жаным менин жүрөгүм түкүлдөп согуп, оозума келип капталып калгансыды. Ал эми Чоро болсо сандыктын жанына чөгөлөй калып колдорун ошол зер, асыл таштардын арасына матырып, анан аларды улам сапырып, жарыкта жылтыраган бермет, акак, зумурут, инжулардан эки көзү жалындап: «Айланайындарым! Жаркылдаган айланайындарым!» — деп кобурады. Анан мага кайрылып ал чети чирий баштаган тиштерин арсайтты.
        — Көрдүңбү? Мунун баарын көрдүңбү? — деди.
        Мен эмне деп жооп айтарымды билбей маараппы, мөөрөппү койдум. Чал ар бир ташты өзүнчө алып, аны чырактын жарыгына карап көрүп, анан кийинкисине колун созуп калат. Бир пастан кийин ал мени колуман тартып жанына отургузду.
        — Көрдүңбү? — деп кайталады ал мага чоң лалды көрсөтүп, аны жарыкка каратып. — Муну мен отуз жыл мурун Үч-Коргондун базарынан сатып алгам. Бу мага арзан түшкөн, хи-хи, — Чоро тишин дагы ырсайтты. — Бир жесир аял согуштан кийинки ачарчылыкта балдарын мине менен багарын билбей, эринен калган ушу ташты сатып жүрүптүр. Эримен калган мурас дейт, хи-хи... Аманатка ал, кийин акчасын кайтарып берем дейт, хи-хи... Мен ага боло коёмбу, биякта дал ушундайды таппай жүрсөм...
        Ал ташты бир көзүнө жакындатып, анан кайра алыстатып карап жатты. Азырактан кийин аны сандыктын ичине салып, башка бир жакутту алып чыкты.
        — Муну, — ал кыткылыктап калды. — Муну мен Оштун базарынан алгам... Жакында ле... Бир чал сатып жүрүптүр, жалгыз уулу өлүп, аны коёрго акчасы жок экен. Ал дагы ыйлап баасын бир аз көтөрсөң экен деп жалдырайт, хи-хи... Карачы кырлары кандай жаркырайт...
        Ушинтип бүкчүйүп отуруп алып Чоро ар бир ташты жарыкка карап, алардын тарыхын айтып берип жатты. Мен асыл таштарга кол тийгизгенден да корктум, анткени мындай байлыктар менин сезимимде жомокторду гана элестетчи. Ал эми жомоктордо сыйкырчылар жаш баатырларды ушул сыяктуу байлыктар менен азгырчы: алардын арты баары-бир жамандыкка алып келет. Менин ал жерден качкым келди, бирок кача албадым. Анда мен эмнеге ошол жерде жертөлөдө камалып калганымды түшүнгөн эмесмин, азыр ойлосом мени ордума кадап койгон күч — ушул азыр эле досумду тамшанткан, ар бир адамда жашаган байлыкка кумар болсо керек. Муну мен улам алыстап бараткан досумду карап туруп түшүндүм.

 

ШАЙТАН ДӨҢГӨЛӨК


        Бала үйүнөн таң атаарда качып кетти. Ал бир маалда ойгонуп терезени караса таң дык салаар убакыт болуп калыптыр. Бардыгы катуу уйкуда экен, ал бирөө жарым угуп койбосун деп акырындык менен басып эшикке чыкты. Дарбазаны ачып жатканда гана анын каалгасы бир аз кыйчылдай түштү: бала артын кылчактап карап алды. Анан ал кара сөлөкөт болуп көчөнү бойлоп жөнөдү.
        Ал базарга бараткан. Чынында бала базардын эмне экенин, кандай экенин да билчи эмес, бирок көптөн бери кээде үйүнө келген меймандардан алар базарга барганын, ал жактан укмуштарды көргөнүн угуп калчы. Акыркы учурда алар базарда «шайтан дөңгөлөк» деген нерсе ачылганын көп айтчы. Бала ошону көргөнү баратты.
        Көчөдө караңгы, жымжырт. Аба салкын. Бала үшүгөнүнөн бүрүшүп алды. Жолдо этияттап басып ал эки жагын улам карап келатты. Алдыда эч ким көрүнбөйт, уурулар да жок. Уктап атышса керек. Же Жоробек-аке алардын баарын кармап каматып салды. Ошентсе кен, антпесе уурулар көбөйүп кетти. Бала көчөнүн бурчуна барып токтоду. Андан нары баргандан коркту: ким билет, мүмкүн аякта бирөө бычагы менен аңдып тургандыр. Мине кылсам? Үйгө барсамбы? Анда Жока менен Чокага мине деп айтам?
        Күндүн нуру батыштагы тоонун чокусуна минди, айланада жарык боло баштады. Караан тамдар ачык көрүнүп, короодогу короздор кыйкырды. Бир дарбаза кыйчылдап ачылды. Бала жолун улантты. Ал бурчту айланып өтүп арыктан аттады. Эми үйү көрүнбөйт. Ал тезирээк басты: атасы менен апасы ойгонгончо чоң көчөгө чыгып калышы керек, антпесе алар кууп жетип алат.
Анын алдынан сакалчан кара бир киши чыкты, бала дароо токтоду. Бу лөөлү. Ал азыр мени уурдайт. Бала жолдун экинчи тарабына өтүп алды да, эмне болоорун күтүп туруп калды. Чал ага көңүл бурбастан көчөнүн туш жагынан жай басып кете берди. Бала акырын кадам шилтеди.
        Күн эми өзү чыгыштагы тоонун чокусуна минди. Айлананын бүт жарык болуп калды, бирок бала баары-бир көздөрүн алайтып шырт эткен эле дабышка бурулуп жатты. Бурчтан эки чоң бала чыкты, берки тык токтоду. Уурулар. Же күшүнөлөр. Алар азыр мени токмоктойт... Балдар бирдемени кобурашып өтүп кетти. Бала селесеп басылганча туруп кайрадан жолуна түштү.
Бир маалда ал эстей койду: базар каякта? Ал базарды көрө элек, анын каякта экенин да билбейт. Кээде гана себетчен кишилер кээде бирден, кээде топ болуп ушул тарапка өткөнүнөн улам ал ушул багытты тандады. Аякта болбой калсачы? Айла канча?..
        Калың тигилген бактын арасынан өтүп баратканда чөп-чардын ичинен ит чуркап чыкты. Бала сестене түштү, турган жерине кадалып калды. Азыр кабат, кийимими тыткылайт. Анан... Анан мен кутуруп кетем. Ит шимшилеп барып калың чырпыктын арасына кирип жоголду. Мине кылсам? Азыр барып төшөгүмө жатып алсам качканымы эч ким деле билбей калат. Бирок анда базарды көрбөйм, шайтан дөңгөлөк деген мине кенин билбей калам. Бала кадамдарын ылдамдатты. Анын алдынан кишилер дагы эле чыгып жатты, алар ага тийбей туш тарабынан өтө берди. Атам айткан уурулар кана? Каракчы, лөөлүлөр деле көрүнбөйт. Кабанак иттер дагы жок. Же алар кийин базардан жолугабы? Мейли, мине болсо да барып көрөйүн, бирдеме тоскоолдук болсо кайтып баса берем...
        Сестенгенине карабастан ал улам жыла берди. Эки жагын карап ал кыраакылык менен баарын байкап келатты: мына дагы бир көчө, бийик тамдар, алмалуу бак, дагы көп тамдар. Беш-алты киши алдынан чыкты, бала алардан качмак болгондо артынан дагы экөө келатканын көрүп токтоп калды. Ушулар мени тонойт. Ана алар мени курчап келатат, эми ишим бүттү. өлтүрүп коюшу да мүмкүн. Кишилер бири бирине жылмайып алик алгандан кийин кайра жолуна түштү. Бала көчөнү бойлоп басты.
        Дагы бир көчөнү имерилгенде ага үйүлгөн эл көрүндү. Ушу базар болсо керек. Бала топураган элге жакындап барды, бирок аларга кошулган жок. Уурулар ушулардын арасында, алар аркаңда туруп байкатпай чөнтөгүңөн тыйыныңы алып коёт. Бирок мен элге аралашпайм. Бала колун чөнтөгүнө салып көптөн бери бекитип жүргөн тыйынын бекем мыкчып алды.
        Эл килейген дөңгөлөктү сагалап, анда айланып ойноп жүргөн балдарды, бирин-экин чоң кишини суктанып карап чыдамсыздык менен өз кезегин күтүп турду. Дөңгөлөк жай айланып бийик көтөрүп барып, анан кайра аларды жерге алып келип жатты. Таштак жерге жакындагандар четинен түшүп күтүп тургандарга орун бошотту. Топураган эл дөңгөлөктү карай умтулду.
        Бала дагы алардын артынан ээрчиди. Ал чөнтөгүндөгү тыйынын коё бербей бекем мыкчып ачык дарбазанын алдына токтоду.
        — Сен киресиңби, эй бала? — деп сурады андан ооздо турган аял.
        Бала аны көздөй кадам шилтеди.
        — Тыйының барбы?
        Бала чөнтөгүнөн жылтыраган ак тыйынды алып чыгып аны аялга сунду.
        — Кире бер! — деди аял ага колундагы кагаздан айрып берип.
        Бала дөңгөлөктүн түбүнө барып бош орунга отурду. Дөңгөлөк бир аздан кийин кыйчылдап жай айлана баштады. Кичине көтөрүлгөндөн кийин бала ылдый жакты карады. Астында базар, соодагерлердин чатырлары, үйүлүп аларды карап турган адамдар көрүндү. Ал дагы жогорулады: эми тигилердин бардыгы кибиреп калды. Бала дале өйдөлөп кете берди. Бийик көтөрүлгөндөн кийин ал астын дагы бир сыйра карады. Анын алдында Музтөрдүн бүт жайылып жатты. Анан айланадагы кыштактар, кең жайылган көл, алыстагы ак кар баскан мөңгүлөр көрүндү. Көлдө балдар киринип, талаада дыйкандар жер айдап, жайыттарда малчылар кой кайтарып жүрүптүр. Атам сууга түшпө, агып кетесиң дей берет. Бара-бара бала эң чокуга көтөрүлүп чыкты. Астында уч-кыйырсыз Жер көгөрүп турду. Ал эми апам бизди «кара жерге кир» деп тилдейт. Жер кара деле мес экен го. Ийри-буйру жыландай сойлогон суулар бирде көбүрүп шаркырап агып, бирде кенен жайылып жайбаракат агат. Атам дарыялардагы суу кир болот дечи ле. Жердин бир учунан экинчи учуна чейин созулган эгин талаалар, мөмө бактар, гүлзарлар абанын ысык деминде термелип жатты. Атам башка жакта тынымсыз жаан жаайт, ызгар суук болот дечи. Бакты аралап чуркап, талааны ызы-чууга салып балдар ойноп жүрөт. Атам башка жерде балдар ач-жылаңач дечи мес беле. Баланын дагы сууга түшүп, чуркап ойногусу келди, бирок атасы уруксат бербейт, суу да муздак болсо керек. Анын дагы жылаңайлак жүгүргүсү келди, бирок анда буттарын шише тилип же тикенек кирип кетет. Ал бутуна дайыма арчындама кийчи, антпесе суук тийет. Азыр анын эмнегедир чуркагысы келди. Тигил балдардай болуп жеңил кийинип, асманга кагаздан жасалган жыландарды учургусу келди, бирок анда кийимдери булганат, арчындамасы үзүлөт, ошондуктан ал алыста ойноп жүргөн балдарды суктанып карап гана тим болду.
        Дөңгөлөк дале кыйчылдаган бойдон төмөндөп баратты. Бала жерге жакындаган сайын үңүрөйүп, анын жүрөгү тызылдап жатты. Эми кайра үйгө барыш керек. Биерге дагы келаламбы? Жока менен Чока мунун баарын көргөн жок. Бала оор үшкүрүндү. Дөңгөлөк тынбай айлана берди. Атам менен апам издеп аткандыр. Алар минеге бизди биякка жибербейт? Эч кандай деле коркунуч жок экен го. Кийимим булганган жок, эч жерим сынган деле жок. Анан минеге коё бербейт?
        Бала жерге жакындап барып калды. Дөңгөлөк токтогондо түшкүсү келбей, ал ордунда отура берди. Анын дагы бир айлангысы келди, бирок башка тыйыны жок. Бала ордунан жылбай отурду, элдин баары түшүп кийинкилерге жол бошотту.
        — Эй бала! — деп кыйкырды дарбазанын жанындагы аял. — Түш, сенин убактың бүттү.
        Бала аны бир карап алды да, түшүп эшикти карай жөнөдү. Короодон чыкканда ал дөңгөлөктө айланып ойноп жүргөн балдарды дагы бир жолу суктануу менен карады. Анын үйгө кайткысы келген жок, ал топураган элге кошулуп базарды аралап келатты. Соодагерлердин чатырлары кызыл-тазыл жайылып, алардын астындагы мөмө-жемиштер көркү менен эле туш тараптан элди өзүнө азгырып турду. Анын үстүнө сатуучулар өздөрү дагы жарымы ыр аралаш чакырыктар менен элдин көңүлүн өздөрүнө буруп жатат. Бирок баланы чарала дарбиздер, тор коондор, эзилип бышкан кызыл патинчелер, сүйрү бадыраңдар, мөлтүрөгөн сары, көк, кызыл жүзүмдөр кызыктырган жок: булардын баарын ал үйүнөн деле күндө жейт. Аны кызыктырган нерсе тигил жакта артта калды – ал шайтан дөңгөлөк. Бала аны бул дүйнөнүн эң укмушу деп сезди, анын дале ага түшүп улам бийикке көтөрүлө бергиси келди. Тилекке каршы эми андай болбойт: анын тыйыны жок, анан дагы азыр ал үйүнө барышы керек. Эми мени эч жакка коё бербейт. Жока менен Чока дагы шайтан дөңгөлөктү көрбөйт. Алар дале үйүбүздө эң жакшы деп эсептейт. Алар дале биз жыргап жүрөбүз дейт. Байкуштар...
        Бала үйүнө күүгүм киргенде кайтты. Эртеден чаң салып, элдин бүт тополоң кылган атасы аны көргөндө жүрөгүн кармалап жатып калды.
        — Сен каякта жүрөсүң? – деп чыңырды апасы.
        — Мен базарга бардым, – деди бала.
        — Ура! Акебиз кайтып келди, — деп сүйүндү Жока менен Чока. — Аке, сизди эч ким урган жокпу? Эчтемеңизди уурдаган жокпу?
        — Жок, — деди бала. — Мени эч ким урган жок. Тыйынымы да эч ким уурдаган жок. Аякта деле бизге окшогон балдар экен. Болгону гана алар бизден бактылуу кен, алар жыргап ойноп жүрөт.
        — Бас оозуңду! – деп кыйкырды онтоп жаткан атасы.
        — Атаңы аясаң боло, — деп жалымсырады апасы.
        Бала атасын жалт коюп карап алды да айтканы ушул болду:
        — Ата, минеге сиз бизди алдадыңыз?
        — Биз силерге жакшылык каалаганбыз, — деди апасы.
        — Ушунуңар жакшылыкпы, биз башка балдардай болуп шаттанбайбыз, алардай ойнобойбуз, — деди бала.
        — Аякта жакшы бекен, аке? — деп сурады Жока.
        — Аке, аяктагылар кантип ойнойт экен? – деп сурады Чока.
        — Силерге мине бар экен, я? Баргыла төшөгүңөргө жаткыла, — апасы тигил экөөнү түрткүлөп жатакана бөлмөсүнө кууду. — Акеңер эс алып, оокат ичсин.
        — Жок, мен оокат ичпейм, — деди бала ордунан туруп. — Мен азыр уктайм...
        Бала ички бөлмөгө кирип култтанып алды.

 

ЖАЛГЫЗ ҮЙ


        Адам баласы махабаттан качып киши жашабаган аралга барган. Бирок махабат аны ал жерден да тапкан.
        Адам баласы тиричилик түйшүгүнөн качып аракканага бекинген. Бирок турмуш аны ал жерден да тапкан.

        ***
        Биздин гүзөр Музтөрдүн эң четинде турат, билбейм ошондуктанбы же биз тарапта эл айткандай акчасын байпакка бекиткендер көп болгондуктанбы аны «Шанхай» деп коюшчу. Бул жактагы үйлөрдүн айрымдары тээ четтеги тоолорго барып такалат. Албетте, чыныгы тоолор алыста зоңкойгону зоңкойгон, ал эми биздин тоо дегенибиз карапайым эле бөксөлөр. Ошентсе да кеч киргенде алар күн батышынын жарымысын тороп гүзөрдү караңгы кылып, асмандын бир топ аралыгын ээлеп алат...
        Музтөр шаар эмес, бирок аны кыштак деп да атаганга болбойт. Биздин гүзөр дагы шаардан кем калбай жыл өткөн сайын кооз болуп дүркүрөп өсүп-өнүгүп жаткан кези. Гүзөрдө жашаган эл дагы оңой адамдардан эмес: алардын арасында Музтөрдүн бүт баккан соодагерлер, машине айдоочулардын баарын зыркыраткан милийса, бир бухгалтер, дарыкананын башчысы, чоң кызматта иштегендери да бар. Жада калса, мактана турган эч нерсеси жок арабакеч Акимбайдын да уулу шаарда бир кызматты ээлеп турат имиш. Гүзөрдөгүлөрдүн эң эле байкушу— аракеч Калмурза. Бир маалдарда бул жерде Осмон деген карыя жашачы, бирок ал бир жыл мурун асманга учуп кетип дайынсыз жоголгон. Осмондун агасы Шамсуддин-баба дале гүзөрдө жашайт.
        Биздин Шанхайга дагы бир үй кошулат. Ал жылгалардын арасынан өтүп бөксөлөрдүн четине барып такалган жолдун учунда турат. Ага карабастан биз аны өзүбүздүн гүзөр деп эсептейбиз. Күндө түшкүсүн окуудан кайтып келгенден кийин малды падага айдап чыккан балдар кечинде кайра кайтып келатканда ошол жалгыз үйдү аралап өтчү. Алар бирде тамдан арбакты көрдүк деп коркуп чуркап келсе, бирде ал жактан кандайдыр бир дабыш чыгып жатканын баяндап берчи. Бийик дубалдар менен короолонгон тамда ким жашаганын эч ким билчи эмес, болгону гана кээде кечигип калган балдарын издеп чыгып адамдар короонун ичинде жүргөн бир кемпирди көргөнүн айтчы. Андан башка ал там, анда жашагандар тууралу эч ким эч нерсени билген да эмес.
        Бир күнү биздин уй пададан кайтпай калды. Элдин бардыгы өз уйларын айдап кеткенден кийин мен падачы баладан сурадым. Күтпөгөн жерден ал бир маалда өңгүрөп ыйлап жиберди.
        — Мен бардык эле уйларды айдап келгем, — деди ал мурдун шыр тартып. — Уйлардын баары ле келген...
        Мен өзүмдү оңтойсуз сездим. Күн бүркөлүп келатканын көрүп, падачыны да үйүндө күтүп жатышканын эске алып мен аны кайра соорото баштадым.
        — Кой, ыйлаба. Бар, бара бер үйүңө. Уйду мен өзүм таап алам...
        Мен бөксөлөрдү аралап жөнөдүм. Асманды кара булут каптап, алыста улам жалт этип чагылган чартылдап жатты. Бөксөлөрдүн арасын карап чыгып мен уйдун дайынын биле албай койдум. Тоодогу караңгылык бир өзгөчө болот: түз жерде канчалык караңгы болбосун баары-бир анын арасынан кандайдыр бир көзгө илинер-илинбес нур чачырап тургансыйт, ал эми жылгалардын ортосунда эч нерсени көрүүгө мүмкүн эмес, бул жакка эч кандай жарык да жетпейт, сөлөкөт да көрүнбөйт. Алыста жарк эткен чагылгандын жарыгынан гана мен өзүмүн каерде баратканымы чала-була көрө коюп жүрүп отурдум.
        Күндүн күрүлдөгөнү даана угула баштады. Уйду таап үлгүрө албастыгыма көзүм жетип мен кайра артка жол тарттым. Бир бөксөнү имерилгенимче жамгыр төгүп берди, ал улам күчөп отуруп акырында биротоло нөөшөргө айланды. Мен чуркап жөнөдүм, бирок бир паста күйүгүп, үйүмө жетпестигимди түшүндүм. Кийим-кечемин бүт суу боло эле элегинде далдаланмакка жалгыз үйдүн короосуна кирип бардым.
        Күн басылбастан кайра ого бетер күч алды. Кара асман күрүлдөп барып чагылган чарт эткенде тең бөлүнүп кете тургансыды. Ошондо мен өзүмдү түпкүргө түшүп кеткендей сезип түркүккө бекем жабышып алам. Бир аздан кийин өзүмдү өзүм шылдыңдап калам: «И-и, корктуңбу? Жаш балачасынан коркуп жүрөгүңүн үшүн биротоло алдырып койгон экенсиң, а?» Асман болсо көңдөй казан сыңары күркүрөп айлананы жаңыртып жатты.
        Бир пастан кийин чагылган түндүк тарапты карай ооду. Кулагым бир аз тынч ала түштү. Көп убакыт өтпөй тунжуроонун арасынан тыкылдаган дабыш угулду, мен жакшылап тыңшап демимди чыгарбай кулак салып калдым. Дабыш эми даана чыкты. Бу мине? Устаканабы? Сарайдын ичинен угулгансыйт. Мен ал жакты карай бастым.
        Сарайдын ичи чын эле устакана экен, жок, өнөркана десем туура болобу. Анын тең ортосунда бийик шатыга чыгып алып бир киши таштан бедиз чегип жатыптыр. Баш жагы бүтүп, андан адамдын өңү көрүнүп турду. Мен ал бедиз кимдики экенин тааный коюп эсим ооп делдейип калдым.
        — Ооба, бу сен тааныган кишинин эстелиги, — деди бедизчи менин оюмду билип койгонсуп.
        — Бирок мен эстеликти өлгөндөргө коёт экен дегем, — мен дале эсиме келе албай турдум. — Аны даңктуу адамдарга гана коёт дегем.
        — Бу киши мине даңктуу мес бекен? — бедизчи ишин токтотуп шатынын тепкичине отурду. — Ал эми өлгөндөр тууралу го ал башка кеп... Бирок бу өлгөндөн кийин ага эстеликти ким тургузмак эле? 
        Мен унчуккан жокмун. Тигил шатыдан биротоло түшүп келип мага колун сунду.
        — Мен сени эртең келет го дегем...
        Мен таңгалдым: бул жерге менин келээримди ал кайдан билет?
        — Сенин уюң адашып биздин короого келип калыптыр. Мен аны сарайга камап койдум. Бүгүн жамгырда келбейт го деп ойлогом.
        Мен эми гана иштин жайын түшүнө баштадым: көрсө, менин баятан бери суу болуп издеп жүргөн уюм ушул жерде турбайбы! Көңүлүм кичине жай ала түштү.
        — Азыр апкетесиңби? — деп сурады бедизчи. — Мындай жаанда кайрадан жолго чыгышың кыйын го...
        Мен дале эстеликти тиктеп турдум. Килейген таштан чегилген айкел башы менен тээ шыпка барып такалып, байыркы баатыр сыңары сүрдүү тигилип мубакүл катып калыптыр.
        — Сен ага таңгалбай ле кой, — деди тигил менин азыр уй менен да ишим жок экенин түшүнүп. — Сенин ошончо акчаң болгондо сен да ушуну кылмаксың.
        — Кереги мине мага эстеликтин? — деп чоочуп кеттим мен. — Эгер татыктуу болсом мага эстеликти эл өзү ле коёт.
        — Балким, балким, — бедизчи ууртунан жылмайып койду. — Бирок сенин татыктуу кениңи ким билет?
        — Эл, —мен тигинин суроосуна таңыркадым. — Эл өзү талдап алат.
        — Макул, макул, — деди тигил дагы жылмайып. — Бирок сен ошол элге татыктуу болоруңа ишенесиңби?
        — Татыктуу болбосом, анда мага эстеликтин да кереги жок.
        — Туура, абдан туура... 
        Ал терезени тиктеп караңгыда шатыратып төгүп жаткан нөшөрдү тыңшап турду да, анан мага кайрылды.
        — Күн төгүп атат, — деди ал. — Мындай жамгырда жакшы кожоюн итин да көчөгө кууп чыкпайт дечи беле? Сен менин коногумсуң. Мен албетте меймандарды көп жактыра бербейм, бирок минтип кокусунан келип калган соң мен да конокту сый-урмат менен узатканды билем... Жүр, жаан басылганча бир аз баарлашып отуралы. Сен да үшүгөндүрсүң, мен да ишке кызуу кирип кетип эртеден бери оозума эчтеке алалекмин.
        Ал өнөрканасынын оң капталындагы кичине каалганы ачып, мага жол бошотуп босогодо туруп калды. Мен бөлмөнүн ичине кирдим. Бөлмө чакан, бирок тыкан салынган экен, дубалдары бир өңчөй кагаз менен капталып, ортодо орнотулган жыгач сандал оймолор менен кооздолуптур. Анчалык бай салынбаганы менен көркөмдөлгөнү жагынан бул бурч сүрөтчүнүн колунан чыкканы даана билинип турду. Четтеги жабандар да оймолорго толуп, алардын үстүндө майда айкелдер коюлуп, жайнаган кагаздар чачылып жатыптыр.
        — Кээде кышкысын да иштегенге туура келет, — деди бедизчи колу менен мага сандалдын төрүн көргөзүп, отурууга чакырып. — Ошондуктан биротоло сандал орнотуп койдум. Албетте жайкысын аны жакпайм, бирок кээде суук болуп кеткенде, мына бүгүнкүдөй жаан жааганда бу байкуштун да пайдасы тийет. Сен биерде курганып алсаң болот.
        — Жок-жок, — деп шашып кеттим мен. — Убара болбой ле коюңуз, мен үшүгөн деле жокмун.
        Мен ал көрсөткөн орунга барып отурдум, дагы бир сыйра туш тарабымды карап алдым. Бедизчи дубалга оюп жасаган чоң жабандан идиш-аякты алып чыга баштады. Ал сандалдын үстүнө табакчаларды, илеген, күлүч, бычак-чаңгылдарды койду. Эң акырында ал бир шише аракты алып чыгып, аны тең ортого салтанаттуу түрдө койду да мени бир карап алды.
        — Тим эле койсоңуз болбойт беле, — мен башка эмне дээримди билбей акырын үн каттым.
        — Болбойт, — деди тигил. — Биринчисинен, меникине күнүгө ле конок келип аткан жери жок, экинчисинен, карачы сенин тиштериң бири бирине тийбей калыптыр, анан дагы... менин да азыр ичким келип турат.
        Ал тиштерин көргөзүп күлүп койду.
        — Кээ бир сүрөтчүлөр, дегеле чыгармачыл адамдар арак ичмейинче эчтеке жараталбайбыз деп келет, — ал шишени ачып эки күлүчкө арактан толтурду. — Мен аларга ишенбейм. Арак деген арак, ал көңүлүңү бир аз көтөрөт, бирок чыгармачыл туйгуну ойгото албайт. Мен болсо бүгүнкү ишими аяктадым, ошондуктан эми иче берсем болот.
        Ал терезени дагы карап алды.
        — Күн күчөдү, — деди ал. — Кел анда месе алып жиберели.
        Биз күлүчтөрүбүздү кагыштырып арактан ичип жибердик.
        — Сиз минеге борбордо жашабайсыз? — мен ага баятан бери мени кызыктырган соболду узаттым. — Менимче сүрөткерлердин баары ошоякта болсо керек.
        — Аякта мага мине бар? — деди тигил камырабай туруп. — Мага биерде деле жакшы. Борбордо мендейлердин далайы жүрбөйбү, ал эми биерде мен жалгызмын. Ошондуктан мен эч ишсиз калбайм, акчаны да көбүрөөк табам.
        — Бирок сиз жалаң эле акча үчүн иштеген жоксуз да?..
        — Минеге акча үчүн иштебейм? Мен билип турам: сен менин китептердегидей «идея», «көркөм образ жаратуу» үчүн иштеп жүрөм дегеними уккуң келип турат. Чынын айтып коёюн, мен акча үчүн эле иштеп атам. Элдин баары ле акча менен даңк үчүн гана тырышып-жанталашып иштеп келатат, анан менин алардан минем кем экен? Же сен башка бирдеме үчүн иштегендерди көрдүң беле?
        — Мен жалаң акча үчүн жашагандардан эмесмин.
        — Ал сенин бактың, — бедизчи арактан дагы куйду. — Сенин бактың. Ал эми башкалардын баары ушу эки немеден гана бакыт табат. Албетте экөөнү тең бирдей ээлеген адам чанда жолугат, бирок көпчүлүгү же акчалуу, же даңктуу болот. Ошондо да тигил акчалуулар баары-бир даңкты сатып алуу аракетин кылат. Тиги... экөөбүз тең тааныган адамдай болуп, эми түшүндүңбү?
        — Бирок ал элди кордоп-тоноп байыбады беле!
        — Акчаны ар ким өзү билгендей табат. Сен мине аны чын жол менен табам деп жүрөсүңбү? Андай болсо сенин көргөнүң биртике айлык, ал айлык менен сенин көз карашың дагы чектелет.         Күнүмдүк шорпоңо, көп жылдар бою бир кийген костюмуңа жыргап жүрүп күнүң өтөт. Ал эми турмуш болсо көп кырдуу, үкө, сен алардан четте каласың...
        Мен буга эмне деп жооп береримди билбей калдым. Бедизчи арагын жутуп жиберип терезенин түбүнө барды.
        — Турмуш деген ушундай, — деп улантты ал кебин. — Же сен бай болосуң, же жарды бойдон калып, сени башкалар өзүнө тең койбойт.
        — Байлыксыз адамдык касиетти сактоого болбойбу? — мен анын сөздөрүнөн корктум. — Эл арасында карапайым адам болуп жашоого мүмкүн эмеспи?
        — Эл дейсиңби? — ал белгисиз бир тарапты карап томсоруп калды. — Эл дегениң мал, аны каякка айдасаң, ошоякка кете берет. Сен менин абалымда болуп көргөн болсоң, анда сен башкача ойломоксуң...
        Ал көпкө унчукпай ойлонуп отурду. Менимче, аны кандайдыр бир ойлор кыйнап жаткансыды: ал бир туруп кара терге түшүп, бир туруп ичинен ызырынып калат.
        — Сен бардыгын башкача тутмаксың, — акыры ал үн чыгарды. — Мен дагы сен чылап бир маалдарда зарынчылыкка берилген жаштардан болчум, — анын үнү бирде коңур чыгып мени бир нерсеге азгырып жаткансыды, бирде тээ алыстан келгенсип шыбырап калат. — Бала кезимен эңсегеним сүрөт тартыш эле. Бирок... ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет экен: үй шартыма байланыштуу мен көпкө окуй албай жүрдүм. Биз апам экөөбүз эле болчубуз, атам бизди таштап кеткен. Апамды сен короодон көргөндүрсүң...
        — Жок, мен аны көргөн жокмун.
        — Ал ушерде ле жүрөт. Байкуш апам мени багып-окутам деп жүрүп өзү да карып бүттү, ооруларга да чалдыгып алды. Кийинчерээк мени шаарга биртике чогулткан акчасына жөнөтүп атып мага: «Атаңа жолуксаң, ага айткын, акыбалыбызды түшүндүр», — деген. Жарыктык, ал ошондо деле үмүтүндө аны кайтып келеби деп жүрсө керек. Мен болсо өзүмчө атама жолуксам да ага эчтеке дебейм деп чечтим... Бир күнү мен сүйлөшкөн кызым менен сейилдеп жүргөм, чөнтөгүмдө бир да тыйын жок, анткени андан эки күн мурун эле апамын ооруп жатканы тууралу кат алып, ар жерден иштеп тапкан акчама дары сатып келип салып жибергем. Бир маалда тиги кыз суу ичели деп калды. Мен мине кыларымы билбей айлам кетип, бирок баары-бир нообатка кошулдум. Үмүтүм эле элдин көбүн көрүп тиги тим эле коёлу дейби дейм. Ал болсо унчукпайт. Акыры мага дагы кезек жетти, мен сатуучуга: «Майдам жок экен азыр апкелем, — деп кыздын жанына бардым. — Сенде майда тыйын барбы?— деп сурадым андан. — Тигинин майдасы жок экен...» Кыз мага сары чака берди, мен кайрадан нообатка кошулуп суу алдым...
        Бедизчи унчукпай калды. Ал жабандан тамеки алып чыгып мага сунду. Мен башымды чайкадым. Бедизчи өзү тамекиден тутандырып эки-үч мертебе катар тартып жиберди. Мен да унчукпай отурдум, ал ичиндеги бугун чыгарып жатканын түшүндүм.
        Сырттагы күн долуланып калды. Күндүн күркүрөгөнү алыс болгону менен жамгыр тынбай төгүп, кээде-кээде жарк эткен чагылган бүт бөлмөнү жарык кылып жатты. Азыр гана мен биз чырактын жарыгында отурганыбызды байкадым. Бөлмөнүн ичи дагы мага күңүрт көрүндү. Жабандын үстүндөгү айкелдердин көлөкөлөрү дубалга түшүп, алар чоңоюп бөлмөнү адамдарга толтургансыйт.
        — Кээде кичинекей ле неме адамдын тагдырын чукул буруп коёт, — бедизчинин үнү киргилденип кетти. — Мен ошол окуядан кийин турмушка башкача көз караш менен карай баштадым. Жатаканама кайтып келип аябай ыйладым, ызаман бүт дүйнөнү жек көрдүм, жада калса өз тагдырымы каргап да жибердим. Ошо күнү мен өзүмө мындан нары акчалуу болуш үчүн тырышам деп сөз бердим. Ал антымы аткарыш үчүн мага мурун таап жүргөн кароолчулук айлыгым жетпейт болчу, ошондуктан мен башка жерден маяна издедим. Мен ар кандай адамдардын портреттерин тартмак болдум, тааныштар аркылуу андай адамдарды таптым. Билесиңби андай кишилер шаарда кыжыйт экен? Бара-бара менин иштерим оңоло берди, акчам дагы көбөйдү. Андан тышкары мен дагы бирдекени түшүндүм: адамдардын «эл», «элге кызмат кылыш» дегендери жалган сөз экен. Кылымдар бою ар бир адам жеке өзү үчүн, атак-даңк, байлык үчүн гана кызмат кылып келген. Айрымдары эң кур дегенде аты өчпөөсүн эңсеген. Ошондуктан падышалар кайсы заманда жашабасын, атын тарыхта калтырыш үчүн башка элдерди, кээде өз элин да кылыч мизине жалаткан. Байлар өмүрүнүн акырында акчага тоюп бүтүп, аты жөндөн-жөн өчүп кетпесин деп акындарга ыр жаздырып, ырчыларга атын коштуруп ырдаткан. Ал эми же бийликке, же байлыкка жетпегендер атыбыз эң кур дегенде балдарыбызда сакталсын деп артынан туяк калтырууга тырышкан. Алардын кимиси өз максатына жетти, аны тарых өзү гана талдайт. Атак-даңктын кереги жок деп ким айтат? Көбүнчө ошо даңкка жетерине ишенбеген адам айтат. Бирок ага ошондой үмүт берип кой, ал бардык нерсесин сатып жиберет. Дал ошондой адамдарга мен үмүт бердим, алар болсо мага жайнап келип өз портреттерин тарттыра баштады. Портреттердин көлөмү алардын төлөгөн акчасына гана байланыштуу болчу, алардын чыныгы салымы, салмагы же даңкына мес. Бирок сүрөт матага тартылат, ал эми мата болсо мезгил өткөн сайын эскирет. Акырында мен бедизге өттүм. Атак сүйөрлөрдүн саны ого бетер көбөйдү! Сен көрүстөнгө барып көрдүң беле? Аерде бир да мүрзө эстелик коюлмайынча калган эмес. Атак сүйөрлөр өлгөндөрдүн бардыгына бир сыйра айкел койдургандан кийин өздөрүнө да алдын-ала эстелик даярдата баштады. Мен болсом бирине да жок дебедим, ким кааласа ошого бедиздерин жасап бердим. Азыр ошондой ле эстеликтерди ушерде да жасап жүрөм. Биерде да атак сүйөрлөр жайнайт. Ал эми сен болсо «эл» деп коёсуң. Эл мине унчукпай, үмүтүндө акчасы болгондо ар кимиси өзүнө бир эмес, экиден бедиз жасатмак ойдо күтүп турат. Ар бир адам тилегинде өзүнө эң чоң эстеликти орнотконду каалайт. Ошондуктан мен айтам: эл деген мал, аны каякка айдасаң, ал ошоякка кете берет. Муну түшүнгөн падышалардын баары элин дайыма катуу кармаган, анткени боор оорусаң анда ал сени кайра боорго тебет. Ошону менен зулум падышалар тарыхта калган. Сен эч болбогондо бир айгайчынын ысмы тарыхта калганын уктуң беле? Жок, уккан эмессиң, анткени эл аны катуу кармап зулумчулук кылган өкүмдарды гана эсинде сактайт. Эл Чыңгызхан, Темирлан, Карахандардын аттарын билет, ал эми элдин жыргалчылыгынан кам көргөн бир да падышанын аты тарыхта калган эмес. Же сен андайлардын ысмын билесиңби?
        Мен ага эч жооп кайтара албадым, анын жалындаган кºздөрүн, титиреген денесин көрүп мени эмнегедир ларзан урду. Мени кандайдыр бир коркунуч ээледи. Чын эле адамзат ушунчалык мерездүүбү? Чын эле адамдардын эсинде бир да айгайчынын аты сакталган эмеспи? Мен бедизчиге каяша жооп издеп, бирок эч сөз таппай койдум. Мен эми бедизчинин өзүнөн корко баштадым, элесимде ал мен үчүн бир азезил болуп көрүндү. Ал мени сынагансып азгырып өз оюнун артынан эрчүүгө чакырып жаткансыды. Мен өзүмдү анын алдында алсыз сездим. Мине дейм ага, кандай жооп айтам?
        Ал эми тигил болсо өз баянын уланта берди:
        — Ошентип мен бир паста байып алдым. Акча деген дагы бир укмуш экен: анын кудурети менен байланыштар түзүлөт, ал бу каар дүйнөдө тирөөч болуп берет. Ал эле мес мурун менин ким экеними билбеген адамдар да эми мага тууган болуп чыкты. Мурун мени жанына жолотпогон бийлик башчылары дагы мени өз чөйрөсүнө жакындатып, мени менен тааныштыгына сыймыктанып жүрдү. Ал эми кыздарды айтпай эле коёюн... Мен. аларды чекесинен чертип тандап күнүмдүк муктаждыгыма пайдаланып жүрдүм. Ушунун баары акчанын кудуретинен: акчаң болбосо сени эң жакын тууганың да тааныбайт. Ал сага: «Пулуң болсо кулуңмун», — дейт. Акчаң барда сага мамиле да башкача. Сен адамдарга бир да тыйын бербей ле кой, алар сени менен тааныштыгына сыймыктанып гана жыргап жүрө берет. Алар сени айланчыктап, алдыңда бүжүрөйүп жугуйланып турат. Билем алар эртеңки күнү акчаң жок калганда сени тааныбай калат, бирок азыр акчаң толуп турганда алардын алдыңда бүкчүйүп оозуңу тиктеп турганын көрүү кандай кумар!.. Адамдын өзү кул болгусу келет. Ал дайыма өзүнөн күчтүүгө баш ийип турганды каалайт, болбосо ал айла таппай чүнчүп кетет. Ал эми кул болгон жерде дайыма зулум падышалар да табылат. Элдин башын жерге салып аларды өзүнө буруп алчы өкүмдарлар кылымдар бою болгон, дале боло берет. Ошондуктан бу дүйнөдө кул болгуң келбесе же бай, же бий болушуң керек. Ошондо гана сен өзүңү адам катары сактай аласың, ансыз сени бирөө тепсегени тепсеген...
        Менин жүрөгүм биротоло түшүп калды: ушундай ойлогон адамдар дале бар экен да! Эгер мунун колуна бийлик тийип калса, анда ал мине кылмак? Нечен зулумдук көрсөтүп, нечен кордуктарды алып келмек? Мен бедизчини карап туруп бүт денем калчылдап чыкты. Илгерки тарыхтан Чыңгызхан, Темирландар тирилип келгендей элестеттим. Дале ошол каар заман, караан дүйнө бизден алыстай элекпи? Дале унчукпас, момун адамдардын аң-сезиминен буга окшогон кулчулукту эңсеген кишилер жарала береби? Дале алардын кол кайтарбас макулдугунан байыркыдай болуп бардыгын өз оюна көндүргөн, ал оюн ишке ашыруу үчүн миңдеген адамдардын жанын кылыч мизине жалаткан Карахан, Искендер, Наполеон, Гитлерлер пайда боло береби? Дале бирөөлөрү байып, ал байлыгын дагы көбөйтүү үчүн бир адамды экинчисине, бир элди экинчисине кайраштырып, мамлекеттерди бирин бирине талаттырып коюп жүрө береби? Жок-жок! Мен ага жооп кайтарышым керек, мен анын ойлорун ойрон кылышым керек, антпесем ал өзүнүн ою гана туура деп калат. Ал эми ишенгенден аткарганга чейин бир эле кадам...
        — Ошондой, — дедим мен анын баянынын ортосуна сөз кошууга үлгүрүп. — Минеге ле сиз баятан бери байлык, акча деп калдыңыз десе... Көрсө, сиз ошондой зулум падышаларды күтүп жүргөн турбайсызбы, алар тезирээк келип сиздин белиңизди бүгүп, башыңызды кайрыганын күтүп жүргөн турбайсызбы. Ошондуктан сиз тиги элди тоноп жеген өкүмдардын эстелигин коюуга шашып аткан турбайсызбы.
        — Ооба, дал ошондой, — деп ордунан тура калды бедизчи. — Анан мине мен шүмүрөйгөн бир байкуштун эстелигин жасамак белем? Ал эми сен зулум падышалардын канкордугу менен мени коркутпа, эң кардуу өкүмдар дагы бизге окшогондорго тийбейт, анткени ага дагы биздин акчабыз керек. Сен мени жанатан бери акчага сыйынасың деп кекелеп атасың, бирок сен сурабайсыңбы, тиги мен сүйлөшкөн кыз жөнүндө сурабайсыңбы! Ал башкага турмушка чыгып кетти, атасы чоң кызматты ээлеп, уулун дагы чоң кызматка орноштуруп койгон үй-бүлөөгө келин болуп сатылды. Ооба, сатылды! Жалаң эле илгеркиче калыңга сатылган эсеп эмес, азыркы кыздар өздөрүн кызмат үчүн, үй, машине үчүн да сатат...
        Анын акыркы сөздөрү ачуу угулду. Ал жабандан дагы бир шише арак алып чыгып, андан өзүнүн күлүчүнө куйду да дем албай туруп бүт жутуп жиберди. Анан какап-чакаганына карабастан кебин улантты: 
        — Ал эми сен болсо «эл» дейсиң... Эл деген мине? Эл деген бир короо мал, ага убагында жем салып кой, ал унчукпастан башын акырга салып тура берет. Жүр, жүрчү мени менен...
        Ал мени колуман тартып сыртка жөнөдү. Биз эшикке чыгып туштагы үйдү карай бастык. Бедизчи кадамдарын чоң шилтеп алдыда төө кушчасынан узун аттап баратты. Мен азыр гана анын узун бойлуу экенин көрдүм.
        Биз үйгө кирдик. Бул чоң салынган, бөлмөлөрү заңгыраган, шыптары бүт мармар таш менен кооздолгон там экен. Бедизчи буттарын да чечпестен аттап төркү бөлмөгө кирип барды, мен анын артынан ээрчидим. Биз бөлмөгө киргенде, ал терезелердин пардаларын ачып үйдүн ичин бүт жарык кылды.
        — Мына мен кимдерге эстелик тургузмак элем! — деди ал, анан колдору менен бөлмөнү айланта жаңсап көрсөтүп каткырды.
        Мен дел болуп калдым. Бөлмөнүн ар жеринде, бири жабандын үстүндө, бири текчесинде баятан бери биз кеп кылып жаткан падыша, зулум баскынчылардын айкелдери туруптур. Бул жерде Сезар, Искендер, Наполеон, Гитлерлер бар экен. өзүбүздөн чыккан каардуу өкүмдарлар да жүрөт: Карахан, Чыңгызхан, Темирлан... Алардын өңдөрү кандайдыр бир сүрдүү, иреңдеринен коло түстүү салабат таркагансыйт. Алардын күркүм өңүн тараткан кºздөрү бизди карап, эмне дээрибизди күтүп, сынап, үшүбүздү алдырган жүрөгүбүздү аралап тигилгенсийт.
Менин денем бир сыйра диркиреп чыкты, мен өзүмдү бир жаанамга түшүп кеткендей сездим. Акыры эсиме келгенде мен атырылган бойдон ачык эшикти көздөй булкундум. Артыман дале бедизчинин каардуу каткырыгы угулуп турду.
        Эшикте таң дык салып калган экен. Мен нары жактагы сарайдан мөөрөгөн уйду айдап чыгып, селдейип жолума түштүм. Бөксөлөрдүн арасынан бошонуп чыкканымда гана өзүмдү кайсы бир туткундан кутулгандай жеңил сездим. Алдыда кең жайылган өрөөн көрүндү, мен жеңил үшкүрүндүм. Узакка куугунтукта жүрүп, эми өз жериме кайтып келаткансып бүт Музтөргө салам айткым келди. Буттарым өздөрү эле мени тээ тигил жакка, эртеден кечке мээнет кылып кечкисин бала-чакасынын маңдайында дем алып, бири бактылуу, бири бактысыз, бирок жакшы күндөргө үмүт менен жашап келаткан адамдарга алып жөнөдү.
        Акырында мен гүзөрүбүзгө кирип бардым. Кээ бирөөлөр ишке чыгып калыптыр, мен алар менен баш ийкеп учураштым. Эшигимин алдына барганда мен дагы бир жолу тээ алыска жылгаалардын арасына көз чаптырдым: ал жакта тигил боз тумандын арасында түпкүргө алып барчы бир жол бар. Ал жакта жалгыз бир үй турат, анда тарки дүйнө кылган бир адам жашайт. Ал элдин баарын мал дейт, элди каякка айдасаң ошол жакка кете берет дейт. Жок, миң мертебе жок! Эл улуу! Ал алыска сапар тарткан чоң дарыяга окшош, ал эми адам болсо ошол дарыядагы таш: суу аны айлап-жылдап тегиздеп, ага сайкал берип турат. Ал эми кайсы бир таш агымдан четтеп калган болсо, жээктен алыс чыгып кеткен болсо, анда ага таш өзү күнөөлүү. Бирок ошондо да бир күнү суу ташкындап же киргенде дарыя аны баары бир эптеп илип алып, кайрадан аны өз агымына кошуп алдыдагы чоң келечекке шаркыратып агызып жөнөйт. Ошондуктан ар бир адам үмүт менен жашайт, ошондуктан ал келечектеги жаңы турмушунан медер издейт. Ансыз жашоо мүмкүн эмес.
        ...Мен көпкө тигил жалгыз үй тарапты карап турдум да, анан босогону аттап үйүмө кирип кеттим.

 

© Турусбек Мадылбай, 1990. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 7154