Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Аваз Жокей, 2009. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 16-ноябры

Аваз ЖОКЕЙ

“Тил – эң сонун закуске!”

(мыскыл)

Автор бул чыгармасында бүгүнкү күндүн көйгөйлүү маселеси – кыргыз тил маселесине сатиралык жанр аркылуу кайрылат. Мыскылдуу аңгеме даярдалып жаткан китептен алынды.

 

Бир мекеменин “кызыл бурчу”. Төрдө кулактандыруу илинип турат. Анда: “Бүгүн тил жөнүндө лекция окулат. Лекцияны ЭКЖ илиминин доктору Маңыроо Башович Куртбаев окуйт,” деп жазылган. Мекеменин кызматкерлери чыдамсыздык менен күтүп, өз ара кобурашып сүйлөшүп олтурушат.

— ...“ЭКЖ” илиминин доктору деген эмнеси? 

— “Эчкимге Кереги Жок” илимдин доктору! 

Жапырт каткырышат. Аңгыча “Келди! Лектор келди!..” деген үндөр угулат.

Көп узабай курсактуу бирөө талпылдап жүгүрүп кирет. Колунда чоң портфель, мурдунда чоң көз айнек. Шашкалактап бет аарчысы менен бети-башын аарчып, катуу чимкиринет.

— Ушу мени кечирип койсоңор, ушу мен чуть-чуть кечигип калдым... Ушу мага айткан эмес да, бугун лекция болот деп... Ушу мен баняга барайын дегем, анан телефон звонить кылды бир девушка. Ушу сиз бугун лекция окуйсуз деп. Силердин лектор ооруп калыптыр. Анан мен шашып келдим, анан апаздал... Абдан кечирим сурайм... – деп портфелин ачат.

Самын, мочалка, шампунь, шыпыргы ж.б. мончого керектүү нерселерди стол үстүнө койот, аягында кагаздарын алып чыгат. Кайра шашпай баарын бирден салат.

— Ушу бугун лекция темасы кандай?

— Маңыроо Башович, тил жөнүндө! 

— Оо, прекрасна! Моя любимая тема! Язык эң сонун да! Тилдин коп турлору бар. Например, койдун тили, уйдун тили, жылкынын, чочконун... жана башка ото коп. Анан, тилден коп нерселерди жасаса болот, даамдуу нерселерди. Майда туурап беш бармак кылсаң да болот. Например, уйдун тилинен эле абдан коп тамак жасалат. Например, халадец! Укмуштай даамдуу дейсиң, тим эле пальчики аближешь. Халодная закусканын эң мыктысы эле ошол. Жүз грамм канякты тартып жиберип анан халадести вилкага сайып алып жесең... Асобенна, банядан кийин!.. Чесноктон, зеленый пияздан коп кошсо мага иттей жагат...

— Сиз иттей көп сүйлөйт экенсиз, Маңыроо Башович. Кеп адамдын тили жөнүндө болуп жатат, айбандын эмес, адамдын!..— деди дагы бир чыдамы жок угуучу.

— Аа, бая эле ошентсеңер болмок... Ну ничево, адно другому мишайт этпейт. Таа-ак, анда эмесе бугунку лекциянын темасы: “Адамдын тили”. Адамдын тили да ар кандай болот. Чоң тил, кичине тил, кыска тил, жалпак тил жана башка и тогдали. Узун тил, керек болсо Киевге жеткирет дейт орустар. Анан жумшак тил, ачуу тил, таттуу тил дегендер да бар. Асобенно жаш балдардын тили укмуштуудай таттуу. Анан, ушу менин чоң ата айткан буудай кууруган тил да бар деп. Анан ачуу тилди мен коп уктум, асобенно аялдардан. Ушу мен алты аял алдым, алтоо тең ачуу тил экен... Асобенно алтынчысы, аял эмес – кобра болчу, тилинен яд чачырап турар эле... Анча-мынча радикулитти тукуруп эле запросто айыктырып койт. Анан, туура эмес айтып алсаң таарынтып аласың... “Язык мой — враг мой” дейт оңбогон орустар. Например, жакында эле менин бир досум тилинен тапты... Шефтин уйуно барса шефтин аялы колуна мышык которуп алыптыр. Анан менин досум кошомат кылып: “Сиздин кот красивый кот экен” десе, аялы туура эмес тушунуп алып эшикке кууп чыгыптыр. Анан эртеси шеф досумду жумуштан айдап жиберди. Эми андан башка да тамашалуу тилдер, юморлуу тилдер болот...

— Эй, юморист!.. Ким эле аты?.. Аа... Маңги Башович, сиз бээ десе төө деп жатасыз. Билесизби, биздин мамлекеттик тил кайсыл тил? 

— Аа, канещна, билем! Канещна, киргиз тили да!

— Ии, баятан бери ойду-тоону айтпай ошону сүйлөбөйсүңбү!

— Ее мое, а чо малчали до сих пор? А то, баятан бери мен туфтаны айтып... Ну, ничево, адна другому мишайт этпейт... Киргиз тили, байыркы тил, “Манасты” жараткан тил, Туголбайды, Чингизди суйлоткон тил. Депутаттарды сайраткан тил... Анан бизде ушундай, туштук жакка барсам созуно коп тушунбойм, диалектиси башкача, тундукту аз-маз тушунсо болот. Тундукто да ар кандай суйлошот. Например, Иссик-Кульда чашканы бодовод дейт. Арак берсе жакшы берет, колоком, берекем деп. Нарында болсо бозону жакшы берет, бозосу абдан кучтуу. Эти да жакшы, даамдуу, майлуу... Таласта болсо “сексен кулчо сегиз эт” менен бешбармак кылат. Стакандарды чокать эткенди жакшы корот. Эки киши жолукса деле кечке тост айта беришет. Тойдо кагыштыра берип стакандардын баарын сындырышат...

— Эй, Маңги Баш, башың дагы башка жакка ооп кетпедиби! Тилди айтсаң боло! Тилди!

— Ошону айтам да... Таласта башка региондорго караганда тилдешкенди жакшы билет. Эркектер шыр эле ата-энесинен баштайт, аялдар олуп калгырдан баштайт. Анан жерге киргизет, могилага киргизет... Анан башыңан ылдый туалет кылып салышат. Балдары болсо балабакчадан эле тилдеше баштайт. Уулу баспай жатып согунсо атасы ат души жыргап каткырат. Ошондуктан тил жагынан Таласта абдан онуккон. Ушу мен билем да, анткени мен да Таластык болом да...

— Ву, атаңдын оозугаск..!

— Эмне дейсиз? Ушу сиз да таластык окшойсуз...

— Жогол, кет бара турган жагыңа! Твою мать!..

— Каякка бар? Тушунбодум!

— Мончоңо бар!.. Пошел ты в баню!

— Болду, болду, тушундум! Ансыз деле баняга барайын деп чыккам. Коңул бурулгандарга рахмат! Ну, я пошел... – деп лектор портфелин көтөрө качат, шашкалактап эки-үч ирет мүдүрүлүп барып оңолуп, алдастап чыгып кетет. 

Угуучулар артынан тоголоктолгон кагаздарды ыргытып, кыйкырып, ышкырып,сөгүп, каткырып узатып калышат.

АЯГЫ

 

© Аваз Жокей, 2009. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 3005