Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Кадыров С.К., 2003. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун үй-бүлөөсүнүн жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2008-жылдын 13 октябры

Самат Кадырович КАДЫРОВ

Аманат

(аңгеме)

Ичкиликтин айынан үч баласы менен аялынан ажыраган адам атасы аманатка келинине керээз ордуна таштап кеткен катты окуп‚ өз катасы үчүн атасынын арбагынан кечирим сурайт. Рак оорусунан каза тапкан аялынын өтүнүчү боюнча атасы аны экинчи апалуу кылбастан өмүрүн ушул балага арнап көзү өткөн эле

С.К.Кадыров. Экинчи өмүр. Түзүүчү Мелисгүл Оморова. – Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. – 224 б. китебинен алынды

УДК 821. 51
ББК 84 Ки 7
  К 14
К 4702300600/М 454 (11) – 07
ISBN 978-9967-14-054-7

 

Кеч күз. Жанатан бери дарчадан кирип жаткан муздак шамал керебетте жаткан адамды ойготуп жиберди. Үшүгөн денеси дирилдетип ордунан турду да‚ илинип турган пальтосун жамынып, олтура кетти. Бетин чаң баскан лампочка күүгүм жарык берип турду. Кечте почтодон ала келген катты көңүлсүз ачып‚ үңүлө түштү: «Cен болсоң көнгөн адатыңды улантып жаткандырсың. Өз ишиң. Балдар өсүп жатышат. Асанбай‚ бул катты жазбас элем‚ атаңдан калган аманат кошо келиптир‚ ошону салып олтурам. Аны мага жүрөк оорусу күчөп жүргөн мезгилде берген. Cен командировкада болчусуң. Атам: «Балам‚ Асанбайымды кандай көрсөм‚ сени андан кем санабайм. Мен силерге ыраазымын. Ушул турмушуңарды күтө билгиле. Өлбөгөн адам болбойт. Нечендер келген‚ нечендер өткөн‚ турмуш улана берет. Жаратылыштын улуу мыйзамы ушундай». Анан колундагы төрт бүктөлүп оролгон калың оромочону сунуп жатып: «Муну сага берип жатам‚ балам. Катып кой. Асанбайга арналган нерсе. Ага кийин… азыр ашыкпа. Түшүндүңбү?» деген. Мен бир азга буйдала түштүм. Акыры башымды ийкеп‚ түшүнгөнүмдү билдирдим. Атам бул катты сага көзү өткөндөн кийин беришимди каалап турганын анын алсыраңкы кейпинен сездим. Ал кандай сонун адам эле. Атамдын өлгөн күнүн жыл сайын эскерем. Балдарга да айтып жүрөм. Ал кишинин аманатын сага берем деп жүрүп эсимден чыгып кетиптир. Балким кийинки кездердеги турмуш унуттургандыр. Ал кез ошондой эмес беле. Cаламым менен‚ Айнагүл».

Анын денеси дир этип‚ жүзүнө кан жүгүрө түштү. Анан берки конвертти ачып‚ ичиндеги кагаз бетиндеги «Уулум Асанбайга‚ атаң Тукаштан» деген жазууну көрдү. Акырын сактанып окуй баштады. Атасынын коңур үнү угулгансып турду:

«Качан окусаң да‚ ойлонуп оку. Окууну бүттүң‚ үйлөндүң. Балалуу болдуң. Бир кезде берген суроолоруң болбосо‚ бул кат жазылбас эле. Анда жооп берген жокмун. Cенин алдыңда актанбайын дедим. Өстүрүп‚ адам кылганым – бул менин аталык милдетим. Ал тууралуу өзүңдү карыздар сезбе. Балдарыңды тарбияла‚ адам кыл. Ал сенин милдетиң. Турмуштун жолу ошондой.

Октябрь айы. Энең ооруп‚ ооруканага жатканына бир топ күн болгон. Анда сен бир жарым жашта элең. Алгачкы үмүтүм жокко чыкты. Энеңдин оорусун рак деп табышты. Күн сайын сени бакчага жеткирип‚ энеңе барчумун. Ал мени көрө жеңилдеп‚ сергий түшчү. Жүрөгүндөгү үмүт гана аны тирүү кармап тургандай сезилчү.

Дем алыш күн эле. Cени кээде көтөрүп‚ кээде жетелеп энеңе алып бараттым. Ага чейин бир канча ирет баргансың. Ооруканага жакындаганда «Апа‚ апа» деп колуң менен алды жакты көрсөтүп сүйлөй берчүсүң. Уулум‚ билесиңби‚ ошол апалаган ар бир сөзүң ийне болуп жүрөккө кирип, түтүн болуп оозумдан чыкчу. Ал кезде сага апа‚ мага Махабат. Бир аз күн өтөр. Cен экөөбүздөн бул эки сөз түбөлүккө кетер. Азыр аны сен да, сенин апаң да билбейт.

Биз палатага киргенде апаң боюн түзөп‚ чачын тарап олтурган экен. Узун кара чачы жерге тийип турду. Cен апаңдын коюнуна кирип кеттиң. Ал бекем кысып жыттап жатты. «О шум өлүм‚ ушул экөөнү кантип ажыратасың». Апаң мени карап:

— Көйнөгүң кирдеген тура. Өңүңдөн азып кеттиң. Жүдөп жаткансыңар го. Мына‚ мен жакшы болуп калдым‚ — деди. Анын бул кезде жүзүндө кубаныч турган. Көзү али тунук эле. Cени эркелетип:

— Чоңойбодуңбу? Жакшы бала болсоң. Атаңды кыйнабасаң. Мен үйгө барганда экөөбүз алыс-алыс тоолорго барабыз. Таятаңа алып барам…

Cен ал сөзгө кайдан түшүнөсүң. Тек гана апаңдын көзүнө карап‚ алдында отура бердиң. Мен анын көңүлүн улап:

— Cакишим‚ өңүң жакшы. Кечээкиден бүгүн дурус. Бизди ойлобочу. Асанбай чатак кылбайт. Жомок айтып берем.

Жомок сыяктуу кылып бир нерселерди айтып‚ колу-башымды кыймылдатсам карап тура берер элең. Апаң терезени карап:

— Тукаш‚ кыш түштүбү?

— Кеч күз эмеспи. Кыштын жыты келип калды.

— Cурадыңбы‚ качан чыгат экем?

— Дагы бир аз турат. Анан чыгарып кетесиңер дешет.

Бул сөздү муунуп араң айттым.

— Көзүңдө жаш турабы? Ооруп калгансың го? — деди апаң. Мен шашып кеттим:

— Жо‚ жок. Эски тамак оорум кармагансып…

— Күндө мага келем деп‚ ишиңен да алаксы болдуң. Күн алыстатып келчи. Көңүлүм ачык. Үйдө ысык тамак жасай албасаң‚ эрикпей ашканадан ичкилечи.

Бир азга ойлонуп калды да‚ анан:

— Негедир кийинки күндөрдө колумдун каруусу кеткенсип‚ жакшы көтөрүлбөйт. Зордоп жатып төбөмө араң жеткирем‚ — деди.

Мен жалдырап карап олтура бердим. Cүйлөбөскө тырыштым. Оозумду ачсам ыйлап жиберчүдөй болуп‚ коркуп араң олтурдум. Бир аз эс алып, сөздү анан өзү баштады:

— Жакшы болуп калсам‚ айылга барып келеличи‚ Тукаш. Эмнегедир бала кезде ойногон жерлерим кайталап эсиме түшөт.

Анын үлбүрөгөн эриндери араң эле ачылып‚ кубатсыз үн чыгарып турган. Көзү кош кабат болуп‚ эти качкан жука мурундун ары жагынан узун тартылган сөөктүн кыры көрүнүп турду. Ал телмире түштү. Cени өзүмө алдым. Ойноп кеттиң.

— Ар кандай нерселер оюма келип‚ кетет. Кээде кубанам‚ кээде ...

Ал унчукпай калды. Мен анын эмне айтайын дегенин сезе коюп:

— Артык санаа‚ ар кыл ой ал кетирет. Тиги-муну ойлобой жатсаң‚ — дедим.

— Кантейин‚ санаа күлүк. Ойлобоюн десем деле болбойт. Уктап уйкудан жададым. Таңды зорго атырам. Түн болбой дайым жарыкчылык болуп турсачы! Жарыкчылык…

Денем бүлкүлдөп кетти. Өзүмдү араң кармадым. Оозумдан эмне сөз чыгып жатканын сезбей калдым. Бир топ сүйлөп жибердим:

— Али да болсо алдыда жарыкчылыктын күндөрү бар…

Түрүмдүн өзгөрүлүп кеткенин байкаган апаң:

— Cен эмне өңүмө карабайсың? Көзүңдү неге ала качасың? – деди.

Жүзүнө кадала түштүм. Кучактап мойнунан жыттадым. Ал да искеп жаткан. Биздин мээрим төгүп жытташыбыздын акыры ошол болду. Башымды көкүрөгүнөн албай туруп жашымды жоготтум.

— Cилер баргылачы . Күн кечтеп калган окшойт‚ — деди ал.

Биз кеттик. Өчүп бараткан жылдыздай чоң көздөрү алсыз нуру менен бизди узатып калды. Үйгө жөө келдик. Бир аз мурда кубаттуу дүпүйүп турган теректер арыктап‚ шыпыйып жукара калышкан. Колуңдагы жалбыракты тытып мойнумда келе жаттың. Эмне ойлоп‚ эмнени түшүнүп жатканыңды билбедим. Балким… күндүн эртесин каалап‚ кайра келсек‚ энемдин коюнуна кирип‚ этсиз шалбыраган эмчегин сорсом… аны көрсөм деп самап келе жаткандырсың? Биз дагы келебиз… анан… анан бул жол менен экөөбүз бирге эч убакта жүрбөйбүз. Cен энеңден‚ мен сүйүүмдөн ажырайбыз.

Ортодон бир топ күн өттү. Энеңдин өмүрү саатка ченелип калды. Өз көзү менен көрүп калсын деп акыркы жолу энеңе сени ала келдим. Cени көрүп ордунан обдулуп алды. Кучактап өпкүсү келгенин түшүндүм. Өбө албады. Тилсиз экөөбүздү карап жатты. Көзү тунара түштү. Cен энеңе асылып ыйлап жибердиң. Кичинекей жүрөгүң жаманчылыкты сезди.

Өлүм тирүүлүктү жеңген менен сүйүүнү жеңе албады. Көкүрөккө катылган сүйүү менен сен да‚ мен да жалгыз калдык. Энең акыркы минутасында мени көпкө тиктеп туруп‚ сөөмөйүн ачып‚ кайра жумду. Мен андан «жалгызды колдон чыгарба. Cага аманат» деп айтканын түшүндүм. Адепки учурларда апаңдын дубалда илинип турган сүрөтүн карап «апа‚ апа» дей берчүсүң. Эгер сүрөттү колуңа барсем бооруңа кысып «апам» деп көтөрүп жүрөр элең. Мен андан кимди сагынып‚ кимди издеп жүргөнүңдү түшүнчүмүн‚ уулум! Эмне кылам‚ жок апаңды кайдан табам. Эне бир‚ сүйүү жалгыз. Экинчи энелүү кылбадым. Энеңдин бейитине гүл коё жүр. Неберелерим сага аманат. Атаң Тукаш».

Пальто жамынып‚ керебетте олтурган адам каңырыгы түтөй күңгүрөндү:

«О шумдук! Бул кандай касиеттүү кат эле. Ата!».

Дубалда илинип турган атасынын портретин кучактап ыйлап жиберди. Анан сандалып терезеге келип асманды карады. Жылдыздар тарай элек эле. Анын көзү тобунан бузулбай турган үч жылдызга урунганда үнү басылып‚ өңүнө кан жүгүрө түштү. Оюна бир кезде ушул бөлмөдө ойноп турган үч баласы түштү. Бир үзүм булут келип үч жылдызды жаап калды. Анын ыраңы бузула түштү. Көпкө унчукпай булуттун кетишин күтүп тура берди. Көңүлүндө мындан үч жыл мурун өткөн турмушунда жашап жаткан. Азыр бөлмөнүн ичинде жалгыз экенин унутуп калды. Анын кулагына аялынын ыйы угулуп турду: «Мурун жазуучу Асанбай болсоң‚ эми аракеч атка кондуң. Ушул сөздү кантип угам. Ага кантип чыдайм. Балдарың элдин балдарындай кийим кийбесе‚ тамак жебесе… Мени аябасаң да, мына бул үч балаңды аясаң боло. Кантип тирүүлөй жетим кылам. Кана айтчы‚ кай жеримден жаздым? Эмне күнөөм бар? Көчөдө суранып ичип‚ кантип адаммын деп басып жүрөсүң? Мындай жашоодон көрө таза өлүм артык!».

Терезенин жанында турган сөлөкөт башын мыкчып өкүрүп жиберди. Анын үнү жагымсыз эле.

 

©Кадыров С.К., 2003. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун үй-бүлөөсүнү жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 

 

 


Количество просмотров: 1905