Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Аваз Жокей, 2009. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 22-ноябры

Аваз ЖОКЕЙ

“Балээнын баары бамперде экен!”

(Мыскыл)

Автордун мыскылдуу аңгемеси кыргыздын жаман адаттарын, жат көрүнүштөрүн сатиралык жанр аркылуу чагылдырган. Чыгарма даярдалып жаткан китептен алынды.

 

Саламатсыңбы, досум Кыпчакбай!? Өткөндөгү жазган катымда сага дурустап айтып бералган жокмун: кайдан, кайсыл кара теке сүзүп ушул жайга туш келгенимди. Эми убакыт кенен, керели кечке жатмай, шыпты тиктеп коюп.

Өзүң билесиң, мындан эки-үч жыл мурда айылыбызда менден өткөн белдүү адам жок болчу. Раматылык, Темирбай эле теңтайлашчу, башкалары чендеп да койчу эмес. Бирок, элүүгө чыкпай, Текең да жарабай үч стакандан кийин тили булдуруктап, эч ким түшүнбөгөн Сомали тилинде өзүнчө сүйлөнүп калган. Ошентип, ал, эрте эле “пенсияга” чыгып кеткен. Анан уяттуу конок күткөндөр мага эле жүгүнүп: “Кел, Асаке, отуруп берсең, суранабыз, өзүңдөн өткөн белдүүнү кайдан табабыз?” деп эшик алдында чөгөлөп, тим эле Керим Турапов болуп тенор менен ырдап калышкан. Ансайын менин да ичим жылып, кымылдап турсам да сыр билдирбей каадаланып:

— Ай, ушу силердики өттү, жумуш кычап турган убакта, — деп каракүчкө сүйлөнөөр элем.

Кудайдын берген бир күнү, кудай деп койом уялбай, кара баскан бир күнү, башым катуу ооруп үйдөн кантип чыгып кетээримди билбей турсам, таң атпай шайтан айдап Жалкыбай жетип келди.

— Келиндүү болгом, уккандырсың. Жанагы жаман иниң, бачагар, кое тур десем болбой алакачып келиптир. Тим эле Айчүрөктү бөктөрүп келгенсип дердеңдейт. “Ата, аял алып келдим” деп чыйт түкүрүнөт. Аялың менен аңга түнөгүр! Же үй-жайдын шарты болсочу?! “Катын алсаң, отун ал!” дегендей же, үйгө алып келген бир тыйыны болсочу, жүрөт дардаңдап бекерпоз болуп. Айла жок, эми келген келинди кет демек белек, отургузуп койдук. Кыздын деле кете турган түрү жок, кайра: “Таш түшкөн жеринде оор” деп какылдап, өзү эле жоолук салынып, кошулуп көшөгө тартышып, маңкайып барып отуруп алды. Кет деп айтсаң мушташчудай түрү бар. Мейли, отурса отурсун, буйрук экен... Андан көрө жаңы кудам кызынын артынан бир автобус болуп кууп келип калбасын. Ага да арак алып, кой союп, кийит кийгизип чыгым болуп жүрөмбү? Келелекте озунуп барып астына түшө калалык деп шашылыш жөнөгөнү жатабыз. Анан, албетте, өзүңсүз бармак белек? Кудалар менен аркы-беркини сүйлөшүп отурганга да салабаттуу адам керек да. Ал эми алигиден алган жагынан өзүңдөн башка белдүү адам барбы бу чөлкөмдө? – деп үйгө кирбей босогодо жалдырап турбайбы. Анүстүнө, жерге-сууга тийгизбей мактап жатса анан кантип аткез кылайын.

А бирок, атырылып чыккан алтыным Айнашка карадым.

— Бу, ары жокту ар кимиң ары-бери сүйрөп жүрүп алкаш кылмай болдуңар! Же бу тегеректе мындан башка ичкич табылбай калганбы? Айылдын баары алкаш эмеспи, алып кете бер бирөөсүн ээрчитип. Талаадагы картөшкө да казылбай жатат... Анысы эми кардын астында калабы? – деп аялым аңкылдайт, биздин эле картөшкө казылбай жаткансып. 

— Ооба, айланайын Айнаш, чын эле баары алкаш, бирок, Асакеңден башкасы. Асакең алты бөтөлкө ичсе да тилин чайнабай, чайпалбай барып Чабдар атына минип, чапкылабай, кыйшаңдабай түптүз бастырып кетет. Ошондой сапаты үчүн жүрү деп жатпайымбы, Асакеңди! Ал эми картөшкөңдү куданын астына барып келгенден кийин өзүм баш болуп бала-чакам менен казып берем, атүгүл, үйүңө жеткизип, жертөлөңө төгүп берейин, балдарыңдын багын көргүр, Айнаш, алтыным, Асакеңе бер эми уруксат, — деп Жакең акидей асылып атып Айнашты да жибитип алды.

Ошентип кудага жөнөп калдык. Бир чакан автобус толдук. Жолдо баратып аксакалыбыз Аалыбай адегенде баарыбызга кайрылып:

— Келгиле, сүйлөшүп алалык. Куданыкына барганда Асанбайдан башкаңар ичпейсиңер, — деди мени көрсөтүп. — Мына, азыр бир бөтөлкө аракты сен — Араңбай жана сен – Кененбай ичесиңер да, кудага барганда тымпыйып созулуп отуруп бересиңер. Калганыңар да ичимиш болуп былкылдабай отурасыңар,— деп катуу айтты.

— Мен макулмун, барганда мен да, Кененбай да ичпейт. Сүйлөштүк! — деди Араңбай арактан көзүн албай. 

Албетте, ал бөтөш заматта ордун тапты. Бирок, кызыктын баары куданыкына барары менен башталды.

Алгач, убадага турган болуп баары, созулуп отуруп берди... арак стакандарга куюлгуча. Анан,“ал-алыңыз!” башталганда эле, кашайып Кененбай убадасын “унутуп” так көтөрүп алып жибербеспи. Аны көргөн Араңбай:

— Ээ, Аалыбай аке, эмне үчүн Кененбай ичет, ал убаданы бузса мен да ичем! – деп кыйкырбаспы. 

Отургандардын баары, кудалар баш болуп жапырт каткырып жатып калышты. 

— Кой, эми, кудалар, ачыкка чыгып алдык, алыңарча алып отургула аз-аздан,— дешип тоскон кудалар баарыбызга жапырт куйду.

Биздикилерге эмне, ошол эле керек болчу да, алгач аз-аздан болуп, анан кудалар тарап адатынча кыйнамакейге өттү. Биз да маалкатымыш болуп, анан, төрт-беш стакандан соң кудаларды убара кылбай өзүбүз эле алып кирдик. Көп узабай тескерисинче, биз аларды кыйнай баштадык...

Ошентип бири-бирибизди өлө кыйнай берип түн ортолоп калганда эки тарап тең жапырт кыйрап калышты. Албетте, менден башкасы. Чоң дасторкондун тегерегинде баары жатат кыйшайып, мен болсо төрдө отурам атактуу Жеки Чанга окшоп баарын жыга чаап салгандай. Башка тамда ичпегендер менен отурган Аалыбай аксакал эшикти акырын ачып башбакты.

— Бали, Асаке, бали! Эми мынабу акмактарга окшобой аягына дейре отуруп бер, бизди уят кылбай..

— Эч кам санабаңыз, Асакең эч качан жыгылып көргөн эмес! – деп адатымча мурдумду көтөрүп койдум.

Кудалардын чамасы түгөндү окшойт, бир топко бизге башбаккан киши болбоду. Тээ бир оокумда, суйкайган сулууча келген, отуздан ашкан төшү тирелген келин кирди. Эми мага жаш келиндей эле сезилди... Айтат го, бирөөнүкү бирөөгө, кыз көрүнөт көзүнө деп... 

— Оу-уу, куда, баарын жайлап салгансыз го? – деди келин кериле басып келип менин жаныма отурду.

— Жайлаган эч ким жок... Өзүлөрү эле алына жараша ичишпей мертинип алышты окшойт, — дедим мен да жымсалдап.

— Кой , куда, эми мени да жайлаңыз... күчүңүз жетсе, — деди келин кытмыр күлүп.

— Бир-эки саатка чыдайсызбы? – дедим сынагансып.

— Сиз мени таарынтпаңыз. Күнү-түнү даярмын. Макул, аягына дейре аппак алмай, мелдешибиз, бир козудан болсун!

Мейли, өзүң бил дегенсип, күн мурдатан уткан кишидей болуп ийинимди куушуруп койдум да, кол алыштык.

— Кана эмесе, алгач таанышканыбыз үчүн ичелик. Мен кудаңардын биртууган бөлөсү болом.

— Анда кудача, сиз бөлөм үчүн өлөм деп келген турбайсызбы! – дедим стаканды кагыштырып жатып.

Мен өз күчүмө ишенген соң тартынбай иче бердим. Тиги төштүү кудача келин да былкылдабай “аппак” алып отурду. 

Экинчисин эки жаштын бактысы үчүн ичтик. Үчүнчүсүн кудалар үчүн ичтик. Төртүнчүсүн бөлөлөр үчүн, бешинчисин беш деген баа алган балдар үчүн, алтынчысын алты сандын амандыгы үчүн, жетинчисин жетимдер үчүн, сегизинчисин семиздер үчүн, тогузунчусунда токсонго чыгып токсон граммдан, онунчусунда жүзгө чыгып жүз граммдан ичелик дедик... 

Тээ он алтынчы стакандан тартып көзүм тумандап баратканын сезе баштадым. Акыркы элес-булас эсте калганы ушул: тиги кудача келин экөөбүз кучакташып алып куданын ую, кою, ити, тоогу үчүн ичип, мышыгына жеткенде “мыш” болуп мен кашайып кыйшайып кетипмин. Андан ары “свет жок, кино өчүптүр” дегендей эсимде эч нерсе калбаптыр.

Бир оокумда бирөө мени өтө мээримдүүлүк менен акырын ойготуп жатты. Айнашым айкырып ойготчу эле, бу ким болду экен деп акырын бир көзүмдү ачсам, маңдайымда бейтааныш бийкеч отурат. Экинчи көздү эптеп ачып карасам, кашайгыр, тиги түнкү кудача экен, оң колунда бөтөлкө, сол колунда бир кесе муздак чалап.

— Кел куда, түндө катуу кетиппиз, дарыланып алалык, — деп кыт-кыт күлөт. Өңү-башы түнү бою ичкен кишидей эмес.

Уялганымдан эмне айтаарымды билбей, унчукпастан стакандагы аракты тартып жибердим.

— Бүттү ишим!.. Кудача, куйчу, дагы... Мени тирүүлөй өлтүрдүң, эми тирүүлөй эле көмүп сал!.. Же, дагы мелдешелиби?..

— Мейли, мелдешели куда! Мен качпайм... Бирок, жыгылган күрөшкө тойбойт дечү беле?..— деп дагы кыткылыктады.

— Анда айтчы, кудача, кантип мас болгон жоксуң? Өмүрү өлүп көрэлек элем, ушу сенден жаман өлө жыгылдым, турбас кылдың... Айтчы, ардагым сырыңды?

— Жок, айтпайм!

— Айтпасаң Айтпайга тий!

— Ха-ха!.. Ансыз деле эримдин ысмы Айтпай! Жок, куда айталбайм. Кийин убактысы келгенде, макулбу? Таарынбай туруңуз!.. Ичкенди билиш керек да, куда...

Жаным кашайды! Эркектен жеңилсем да эчтеке эмес эле, уялбай ургаачыга уттурат деген не шумдук? Шерменде болдум!...

Ошол кудалыкка барып келгенден баштап кайгыга баттым. Күйүтүмө чыдабай күнүгө иче берип аракечке айландым. Жүз грамм ичсем эле эсим эңгиреп, мен да сомали тилинде сүйлөп калдым. Эки саат өтпөй кайра эле ичким келип турат... Үйдөгүлөргө да шүмшүк көрүнүп бүттүм. Айнашым, балдарым түгүл, ит да улуп-уңшуп, мени көргөндө кепесине кире качат... 

Өзүм да арактан иттей тажап бүттүм. Бирок, ичмейинче туралбайм. Аялым Айнаш алдап догдурга алып барып, зордоп ушул жайга жаткырып салды. “Наркологиялык диспансер” деп аталат экен. Кыскасын айтканда Кыке, мага окшогон аракечтердин, алкаштардын ооруканасында жатам. Эми билбейм, качан чыгам... Кудай мындай жайга туш кылбасын... Акылың болсо азыртадан арагыңды ташта! Уктуңбу, акылың болсо!.. 

Мейли, досум Кыпчакбай, аман бол. Аяшка салам айтып кой, сени катуу көзөмөлгө алсын!

Баса, кийин уктум, тиги суйкайган сулуу, төштүү келин, сумураң калгыр, мени эле эмес эчендеген белдүүлөрдүн белин бүктөп, менден өткөн балбандардын баарын жыгыптыр да! Көрсө, амалдуу айым, билесиңби, төшүнө эмнени тагынып алганын?.. Тиги, эмени тагынып алыптыр... жанагы жаңы төрөлгөн балдардын аласына тартканчы?.. Ии, эстедим! Бампер!.. Же бамперс!.. Ии ошону көйнөк ичине, көкүрөгүнө тагынып алыптыр! Ошондо боркогу бамперс экен да!.. Ушундай шумдукту уктуң беле?! Дагы уялбай, “Бах! Чиркин, төшү тим эле КАМАЗдын бампериндей экен!” деп суктанганымды айтпайсыңбы! Ошентип, байкабай, суктанып отуруп сулап калыптырмын. Ал болсо, албетте, отуз стакан аракты “аппак” алса да “сипсвежий” бойдон отура берет да, аппак алкымдын асты жагына аракты акырын жылжытып агызып коюп...

Ошондуктан, акырында дагы айтаарым, досум, эсиң барда этегиңди... ой ата, алкымыңды жап!.. Тезинен кекиртегиңди тыйбасаң, көп узабай, сен да менин кебетемди кийесиң...

Кой эми, сөзүмдү аяктайын. Антпесем, азыр толгон-токой дарыларын көтөрүп алып “мээримдүү” мээрман айымдар келет, өкүртүп ийнелерин саят... Ишенсең, эки жамбашым тең калбырга айланды, өлөйүн жаман жадап бүттүм! Ажалым ушулардын колунда окшойт...

Андан көрө, өлсөм да “музыка” менен өлөйүн! Накта дос элең, келсең эч кимге байкатпай, бир-эки... бөтөш алакелчи, досум!.. 

АЯГЫ

 

© Аваз Жокей, 2009. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 1882