Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Драматургия, киносценарийлер, Драматургия / Улуттук жазуучулар Союзу сунуштайт
© Кулмамбетов Ж.О., 2007. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2008-жылдын 13 октябры

Жаныш Осмонович КУЛМАМБЕТОВ

О – о, улуу Аметэрасу, Антигонуну сакта!

Байыркы грек мифологиясынын мотивдеринин негизинде жазылган, орто кылымдагы самурай доору чагылдырылган эки бөлүмдүү трагедия

Дилогиянын экинчи бөлүмү

Катышуучулар:
Антигону – Креонтосаванын жээни.
Креонтосава — князь.
Исмену – Креонтосаванын жээни, Антигонунун эжеси.
Гемоно – Креонтосаванын уулу.
Эвридико – Креонтосаванын аялы.
Тиресийоку – көзү ачык, сокур кемпир.
1- күзөтчү.
2- күзөтчү.
Полинихэй – Креонтосаванын жээни, Антигону менен Исменунун агасы.
Нөөкөр.
Кеңешчи.


БИРИНЧИ БӨЛҮМ

Биринчи сахна

Нараяма провинциясы. Князь Креонтосаванын сарайы. Бушайман болгон Креонтосава шашып кирип келди. 
Креонтосава. (Айкырып) Нөөкөр!.. Нөөкөр!..
(Нөөкөр кирип келип, кайра – кайра жүгүндү).
Чакыр, Антигону менен Исменуну! Чакыр, менин аялымды! Чакыр, кеңешчимди! Чакыр, баарын!
(Нөөкөр кайра – кайра жүгүнүп чыгып кетти).
Нараяманы кайын – журтуңдун буту эр эле болсоң тебелеп көрсүн, эмне кылаар экемин! 
(Сарайдын ичине Эвридико, Антигону, Исмену, анан кеңешчи биринен сала бири кирип келишти).
Эвридико. Тынччылыкпы?
Креонтосава. (Кекээрлеп) “Тынччылык!” (Антигону менен Исменуга) Силер билчү белеңер?
Исмену. Эмнени айтасыз, таеке?
Креонтосава. Улуу агаңардын эмне кылган атканын?
Исмену. Полинихэйби?
Креонтосава. Ооба, Полинихэй.
Антигону. Эмне кылган атыптыр?
Креонтосава. (Кекээрлеп) Ошону мен силерден сурайын деп турам!
Антигону. (Жактырбай) Биз анын эмне кылган атканын каяктан билебиз.
Креонтосава. (Кекээрлеп) Билбейбиз дегилечи?
Антигону. (Суз) Билбейбиз.
Исмену. (Безилдеп) Билбейбиз, таеке.
Креонтосава. Этеоклонун эртеден кечке эмне кылып атканын да билбейсиңерби?
Антигону. (Суз) Билбейбиз.
Креонтосава. Этеокло кол курап машыгып, согушка даярданып атат, билбесеңер!
Эвридико. (Кооптоно) Кайсы согушка?!
Креонтосава. (Тиштенеп) Мына, мобул согушка! (Койнунан пергамент алып чыкты да, Исменуга узатты) Оку!
Исмену. (Окуй баштады) “Креонтосава таеке. Атам князь Эдипоку Кудай алдында кылган айыбы үчүн эки көзүн оюп алган күнү эле иним Этеокло мени Нараямадан кууп чыгып, атамдын бийлигин тартып алганда, калыстык кылгандын оордуна, кайра Этеоклого колдоо көрсөттүң. Экөөлөп мени жеңдиңер. Мен эми кайын журтумдан кол курап, Нараямага согуш ачамын! Этеоклонун колунун ташын талкан чыгарамын! Этеокло менен жекеме – жеке чыгып, канын төгүп, атамдын бийлигин тартып аламын! Эгер Этеоклого дагы колдоо көрсөтө турган болсоң – сенин да башыңды аламын! Нараяманы жалгыз өзүм ээлеймин! Жээниң, Полинихей.”
Креонтосава. (Туталанып) Бөтөн элден кол курап келип, өз жерине каршы согуш ачканы атканын карачы, тээтиги эссиздин! (Эки кызга) Билдиңерби эми, агаңардын кылыгын?!
Исмену. (Маанайы түшүп) Билдик…
Антигону. (Суз) Бул согуштун чыгышына, биринчи кезекте өзүңүз күнөөлүсүз, таеке.
Креонтосава. (Куйкасы курушуп) Менин “күнөөм” кайсы экен?
Антигону. (Суз) Полинихэй туура айтат, эки бир тууганды элдештиргендин оордуна, кайра кайраштырып…
Креонтосава. (Туталанып) Мен кайраштырыптырмынбы?!
Антигону. (Суз) Ооба, сиз. “Этеокло жаш, акылы аз. Айтканыма көнөт. Нараямада бийликти жалгыз өзүм жүргүзөм” деп ойлогонсуз.
Креонтосава. (Туталанып) Эй, кыз!.. Антигону!.. Кантип оозуң барып атат, ушул сөздөрдү айтканга, ыя?! 
Антигону. (Суз) Калппы?!.
Креонтосава. (Жаалы кармап) Калп!.. Калп!.. Ка – алп!..
Антигону. (Суз) Калп болсо, анда эмне үчүн Этеоклону согушка даярдантып атасыз? Эки бир тууганды элдештирип койсоңуз болбойбу?
Креонтосава. (Туталанып сөз таба албай буйдала түштү) Ким элдешет экен?! Полинихейби? Элдешпейт, Полинихэй! 
Антигону. (Суз) Элдешпейт! Мхи!.. Эки бир тууганды эрегиштирип коюп, биринин канын бири төккөндөн кийин Нараяманы жалгыз өзүм башкарсам деген оюңуз бар да.
Креонтосава. (Туталанып) Эй, оозуна алы жетпеген кыз, чыгып кет бул жерден, азыр! Чыгып кет!
Антигону. (Суз) Чычалабаңыз, таеке, чычалабаңыз. Чындык ошондой ачуу болот. (Чыгып кетти).
Креонтосава. (Ачуусун баса албай) Көрсөң, ай, мунун айтып турганын!
Эвридико. Антигону туура айтат, экөөнү элдештириш керек.
Креонтосава. (Жаны чыгып кете жаздай кыйкырып) Элдешпейт, ал экөө! Элдешпейт! 
Эвридико. (Токтоо) Ал сенин колуңда.
Креонтосава. (Кекээрлеп, какшык аралаш) Дагы эмне кыл дейсиң?! “Башым тартуу” деп Полинихэйдин алдына чөгөлөп барайынбы?! 
Эвридико. (Токтоо) Сен экөөнө тең бирдей адамсың. Эгер согуш чыкканын чын эле каалабасаң – эки тарапка тең бол. Полинихэйди жат, Этеоклону өз көрбө.
Креонтосава. (Куйкасы ого бетер курушуп) Сен дагы Антигонунун сөзүн сүйлөп турасыңбы?!
Эвридико. (Ошол калыбында) Мен калыс сөзүмдү айтып атам.
Креонтосава. (Туталана кыйкырып) Эй, аял!.. Эдипокунун бийлиги жалгыз! Мен кантип экөөнө тең бөлүп берем, ыя?!
Эвридико. Этеоклону көндүр, бийликти агасына алып бер.
Креонтосава. (Тиштене кызалаңдап) Уктуңбу сен, Полинихэйдин сөзүн “Этеоклого жан тартып, калыстык кылган жоксуң” деп атат! Эгер Полинихэйге бийликти алып берип койсом – Этеокло да ошентип доомат коет мага. “Калыстык кылган жоксуң” деп азыр эле ал чыгат, кылычын көтөрүп.
Эвридико. (Суз тарта) Баарына шылтооң даяр турбайбы. Антигону туура айтат, согуштун чыкканы сага керек экен…
Креонтосава. (Кызалаңдап) Эвридико! Оозуңа карап сүйлө!
Эвридико. Баарын күн мурунтан ойлонуштуруп койгондон кийин, бизди эмнеге чакырттың? Же күбө керек беле? Максатыңа жеттиң, анда. Бирок, шибегени капка ката албайсың, Креонтосава! (Чыгыа кетти).
Креонтосава. (Ого бетер кызалаңдап) Ойлорунун баары арам, булардын!
Исмену. (Тартына) Таеке, мен дагы кете берейинби?
Креонтосава. Жок! Сен туруп тур. (Кеңешчисине) Бөтөн жерден кол курап келип, өз жерине согуш ачкан адамдын жазасы эмне болот?
Кеңешчи. Сиз кандай өкүм чыгарсаңыз, ошондой болот да.
Креонтосава. Жарлык чыгарышым керекпи?
Кеңешчи. Ооба, баардык нерсе мыйзамдуу болушу керек.
Креонтосава. Анда, жаз. “Бөтөн жерден кол курап келип, өз жерине жүзүкаралык менен согуш ачкан кишинин сөөгү көмүлбөй, карга – кузгундарга, ит – кушка жем болсун!”
(Кеңешчи жазып атты).
Бүттүңбү, жазып? 
Кеңешчи. Бүттүм.
Креонтосава. (Жарлыгына мөөрүн басып) Бүт баарына жарыя кылгыла. 
Кеңешчи. Жарайт. (Кайра – кайра жүгүнүп чыгып кетти).
Креонтосава. (Исменуга) Уктуңбу, менин жарлыгымды?
Исмену. Уктум.
Креонтосава. Уксаң, бар, Антигонуга, Эвридикого, баарына дароо айт.
Исмену. Макул (жүгүнүп чыгып кетти).
Креонтосава. (Кыйкырды) Нөөкөр!..
(Нөөкөр кирип келип кайра – кайра жүгүндү).
Кактыр добулбасты! Согушка даярданабыз!
Нөөкөр. Жарайт! (Жүгүнүп чыгып кетти.
Тыным. Бир аздан соң добулбастын үнү дүңгүрөп угула баштады).
Креонтосава. (Тиштенип) Бирөөң да тирүү калбайсың! (Чыгып кетти. 
Добулбас дүңгүрөп урулуп атты).

Экинчи сахна

Согуш талаасы. Уруш жаңы эле бүткөн. Ар кайсы жерде шейит кеткен жоокерлер жатышты, сулап – сулап. Аңгыча жарадар болгон Полинихэй согуш талаасын аралап чуркап келатты.
Полинихэй. (Ызалуу кыйкырып) Жоокерлерим!.. Жоокерлерим!.. Жеңилдик!.. Жеңилдик!.. (Тыным). Креонтосава, сен жеңдиң!.. Өлүгүмдү көмдүрүп кой, Креонтосава! Карга – кузгунга жем кылба, Креонтосава! Чөөлөргө талатпа, Креонтосава!.. (Кылычын өйдө көтөрдү да өзүн ичке бир сайды – харакири жасады. Анан сулап жаткан жоокерлердин бирөөнө жөлөнүп, оозунан кан кетип, эс – мас болуп, көзү жумулуп баратты. 
Ошол учурда согуш таласында эки жоокердин коштоосунда Креонтосава көрүндү. Ал эч жакка кайрылбай түптүз Полинихэйдин жанына келди). 
Креонтосава. (Кыжырлуу) Менин “башымды ким алат?!” Эй, күчүк, кимге катылганыңды билдиңби, эми?! Мен сага айттыргам: “Этеокло экөөңөр бир туугансыңар. Бир туугандардын ортосунда согуш чыгарба. Бөтөн элден кол курап, туулуп – өскөн жериңе согуш менен келем дегениң – акылсыздык! Өз жериңе өзүң согуш ачасыңбы?! Андай жаман оюңду ташта! Этеоклонун бийлигине кызыкпа!” дегем. Ойлодуң да, “Креонтосава улгайып калды, күчтөн тайып калды. Этеоклого кошуп туруп жайлап таштайм да, бийлигин оңой – олтоң эле тартып алам, Нараямага жалгыз өзүм ээлик кылам” деп. (Тыным) Карачы, канча бейкүнөө кишилердин каны бөөдө төгүлдү! Канча адам ушул талаада көз жумду! Эй, кеңкелес бала! Кылганың ушубу, сенин?!.
Полинихэй. (Кан жөткүрүп) Өлүгүмдү көмдүрүп кой…
Креонтосава. Жок!.. Мен сага эскерттим беле: “Эгер согуша турган болсоң, өлүгүң көмүлбөй талаада калат” деп?! Эскерткем!
Полинихэй. (Кан жөткүрүп) Өлүгүмдү көмдүрүп кой…
Креонтосава. Жок!.. Мен бүт баарына жарыя кылып койгом. Сен бизге душмандан жаман иш кылдың! Сенин эмне кылганыңды баары көрүшсүн. Сабак болсун, ошолорго! Өз жерине каршы согуш ачкан адамга эч качан кечирим жок!
Полинихэй. (Кан жөткүрүп) Өлүгүмдү көмдүрүп кой…
Креонтосава. Жок!.. Эй, күзөт башы!.. Талаадагы өлүктөрдүн баарын көмгүлө. Полинихэйди кана калтыргыла! Көзүңөрдү албай күзөтүп олтургула! Көмүлбөсүн! Карга – кузгун, ит  — куш жеп кетсин өлүгүн! Уктуңарбы?!
Күзөт башы. Уктук!
Полинихэй. (Алсырап баратты) Креонтосава… өлүгүмдү… (башы шылк этти).
Креонтосава. (Күзөт башына) Эгерде кимде – ким Полинихэйди көмөм десе, же көмө турган болсо — өлүм жазасына тартылат! Ал буйругумду билесиңер.
Күзөт башы. Билебиз, билебиз.
Креонтосава. Билсеңер, ошол. Аткаргыла. Ал эми Этеоклонун сөөгүн шаан – шөкөт менен көмөбүз! Ал өз жерин – Нараяманы коргоп атып курман болду! Түшүндүңөрбү?
Күзөтчүлөр. (Жарыша) Түшүндүк.
Креонтосава. Түшүнгөнүңөр жакшы. (Кетти.
Ошол учурда согуш талаасында илкий басып келаткан сокур кемпир – Тиресийоку пайда болду).
Тиресийоку. (Өзүнчө күңгүрөнүп) Ааламат келди!.. Ааламат келди!.. 
Күзөт башы. Эй, кемпир, эмне жүрөсүң, бул жерде? Кет!
Тиресийоку. (Күңгүрөнгөн калыбында) Ааламат келди!.. Угуп атасыңарбы?.. Ааламат келди!.. 
Күзөтчү. (Үйрөйү учуп) Эмне деп эле оозуңа келгенди сүйлөп келатасың, эй, кемпир?!
Тиресийоку. (Өзүнчө күңгүрөнүп) Капкара кан каптап келатат!.. Капкара кан каптап келатат!.. Мына!.. Көрүп атасыңарбы?!.. Капкара кан!.. 
Күзөт башы. (Бир чети чочуй) Эй, кемпир, кетип кал бул жерден деп атам, кетип кал!
Тиресийоку. (Өзүнчө күңгүрөнүп) Ааламат келди!.. Ааламат келди!.. Караңгы түн түшүп калды!.. Капкараңгы түн!.. Жылчык жок!.. Капкара түн!.. Капкара кан!.. (Согуш талаасын аралап илкий баскан бойдон алыстап кетти).
Күзөтчү. (Үрөйү учуп) Бул соо кемпир эмес!
Күзөт башы. (Үрөйү учуп) Денемди калчылдак басып кетти!..
Күзөтчү. Меникин дагы!.. Жүрөгүм эмгиче опкоолжуп атат.
Күзөт башы. Бул эмне болгон кемпир?
Күзөтчү. (Ийнин куушуруп) Билбейм…
Күзөт башы. Кимге айтып атат, мобул сөздөрдү?
Күзөтчү. (Ийнин куушуруп) Билбейм…
Күзөт башы. (Кабатыр боло) Бул жамандыктын жышааны…

Үчүнчү сахна

Күүгүм. Креонтосаванын сарайын курчаган сепилдин кароол мунарасы. Мунарада Антигону менен Исмену турушту. Кузгундар куркулдашып, чөөлөр улуп атышты.
Исмену. (Шолоктоп ыйлап) Карачы, Антигону, карачы! Ит – куш талап атат, Полинихэйдин өлүгүн! Угуп атасыңбы, чөөлөрдүн үнүн?! (Кичине тыным) Бул жорук Кудайга да жакпайт! Ушундай да болчу беле?! Полинихэй, сөөгүң ит – кушка жем болдубу, сенин?!
Антигону. (Чечкиндүү) Полинихэй көмүлөт!
Исмену. (Ый аралаш) Ким көмөт? Креонтосава эч качан көмдүрбөйт. Көрдүңбү, күзөтчүлөрүн?
Антигону. (Чечкиндүү) Биз көмөбүз!
Исмену. (Ыйын токтотуп) Биз?.. “Биз” дегениң ким?
Антигону. Сен экөөбүз.
Исмену. (Таң калып) Экөөбүзбү?!
Антигону. Ооба.
Исмену. Антигону?!. Креонтосаванын жарлыгын билесиңби?!
Антигону. Билем.
Исмену. Билсең, кантип “көмөбүз” деп атасың?!
Антигону. (Чечкиндүү) Көмөбүз!
Исмену. Креонтосава айтканынан кайтпайт – бөөдө өлүм болобуз, Антигону!
Антигону. (Жарылып) Исмену!... Агабыздын сөөгүн жерге ким берет?! Сөөгү көмүлбөй талаада жатат – бул жорукка ким чыдайт?!. Ит – кушка жем болуп атканын карап, чыдап тура беребизби?!
Исмену. (Жалынып) Антигону!..
Антигону. (Мостоюп) Түн ортосунан кийин, элдин баары уктаганда, күзөтчүлөр да кошо уктаганда, экөөбүз эч кимге көрүнбөй сепилден чыгып, согуш талаасына барабыз…
Исмену. (Үрөйү учуп) Анан?!.
Антигону. Анан, ошол жерде эле жер чукуп туруп, ырым – жырымын жасап, Полинихэйди көөмп коебуз.
Исмену. (Үрөйү ого бетер учуп) Экөөбүз Полинихэйди көөмп атканда, кокус күзөтчүлөр ойгонуп кетишсечи?! Алар дароо кармап кетишет бизди!
Антигону. (Дагы жарылып) Исмену, Полинихэйди бизден башка ким көмөт?!.
Исмену. (Жалдырап) Антигону, оюңда эмне бар?!
Антигону. Түшүнгөн жокмун, сөзүңө?
Исмену. (Креонтосава) Кыз балдар деп бизге ырайым кылат деп атсаң керек?!
Антигону. Жок.
Исмену. (Үрөйү ого бетер учуп) Антигону!.. Анда экөөбүздү… даргага асып таштайт!
Антигону. (Турасы түгөнүп) А Полинихэйди ким көмөт, Исмену?!
Исмену. (Жалынып) Антигону, биз барбай эле коелучу!
(Тыным).
Антигону. (Мостое) Коркуп атасыңбы… өлүмдөн?
Исмену. (Жалооруй) Өлүмдөй ким коркпойт?
Антигону. Анда… сен кала бер. Мен өзүм барам.
Исмену. (Жалооруй) Антигону?..
Антигону. Исмену, сен күнөөлүү эмессиң. (Кетмекчи болду).
Исмену. (Жалооруй) Каякка барасың, Антигону?!
Антигону. Даярданам. (Кетти).
Исмену. (Антигонунун артынан ээрчий ыйлап) Антигону!.. Антигону!..

Төртүнчү сахна


Айлуу түн. Согуш талаасы. Чөөлөрдүн улуганы угулуп турду. Эки күзөтчү уйкуга карамыгып олтурушту.
Биринчи күзөтчү. Талыкшып атам.
Экинчи күзөтчү. Мен дагы.
Биринчи күзөтчү. Уктай бербейлиби, түн ортосунда ким келет эле?
Экинчи күзөтчү. Кокус, бирөө келип калсачы?
Биринчи күзөтчү. (Оозун чоң ачып эстеп) Креонтосаванын жарлыгын ким бузат экен.
Экинчи күзөтчү. Ким билет…
Биринчи күзөтчү. Анда, алмак – салмак уктап алалы. Чыдай албай баратам, мен уктай берейин, сен карап тур. Таңга жуук сен укта – мен карайын.
Экинчи күзөтчү. Мейли.
Биринчи күзөтчү. Жакшылап кара. (Дароо уйкуга кетти).
Экинчи күзөтчү. (Оозун улам — улам ачып эстеп) Көзүм жабышып атпайбы, тим эле. Эмне кылсам? (Ары – бери басып, керилип – чоюлду. Башын чайкап) Болбой баратам. (Колун шилтеп) Чын эле, ким келмек эле, жети түндө. Бир аз жата турайынчы. (Биринчи күзөтчүнүн жанына жатты да, дароо уйкуга кетти.
Ошол маалда шаймандарын көтөргөн, дене – башын чүмбөт менен жаап алган Антигону көрүндү. Уйкуда жатышкан эки күзөтчүнүн жанынан аярлап өттү да, согуш таласында өлүгү көмүлбөй жаткан агасынын жанына жетти. Ошол учурда чөөлөрдүн улуганы алыстап кетти. Агасынын жанында бир аз турду да, анан дароо ишке киришти. Айдын жарыгында Антигону жер казып бүтүп, агасын жашырды да, көөм таштады. Анан мүрзөнүн жанында ырым – жырымын жасап олтурду.
Чөөлөрдүн улуганы таптаакыр угулбай калды.
Аңгыча уктап жаткан биринчи күзөтчү чукуранып ойгонуп кетти).
Биринчи күзөтчү. (Көзүн ушалап) Бул да уктаган турбайбы. (Уйкулуу көзү менен эки жагын карап) Тээтиги ким?!. Киши экен!.. (Уйкусу умачтай ачылып) Көөмп аткан турбайбы!.. (Экинчи күзөтчүнү жулкулдатып) Тур!.. Өлдүк!.. Тур!.. Көөмп таштаптыр!.. 
Экинчи күзөтчү. (Алактап тура калды) Эмне болду?!
Биринчи күзөтчү. (Ачуулуу) Эмне болду?!.. Эмне болду?!. Көмдү!..
Экинчи күзөтчү. Ким көмдү?!
Биринчи күзөтчү. (Ачуулуу) Ким экенин азыр билебиз! Чыдай турбайт белең?!
Экинчи күзөтчү. (Күнөөлүү) Кирпигимди көтөрө албай койдум.
Биринчи күзөтчү. (Нааразы боло) Сага ишенсе… Бас, эми, тиягынан чык. Кармайлы.
(Экөө Антигонуну кармаганы жөнөштү. 
Бир аздан кийин эки күзөтчү Антигонуну айдап келишти).
Биринчи күзөтчү. (Кыжырлуу) Сен кимсиң?!
(Антигону унчуккан жок).
Экинчи күзөтчү. (Кыжырлуу) Дудуксуңбу, же дүлөйсүңбү? Сүйлөбөйсүңбү?!
(Антигону дагы эле унчуккан жок).
Биринчи күзөтчү. (Кыжырлуу) Креонтосаванын жарлыгын билчү белең?!
(Антигону дагы эле үнсүз – сөзсүз турду).
Экинчи күзөтчү. (Кыжырлуу) Мобул неменин дени – карды сообу, ыя?!
Биринчи күзөтчү. (Кыжырлуу) Көзүнө өлүм элестеп, жүрөгү түшүп атса керек. Жаның ошончолук таттуу экен, анда эмне келдиң, Полинихэйди көмгөнү?!
Экинчи күзөтчү. (Шыкактап) Ошону айтсаң!
Антигону. (Башындагы чүмбөтүн ачып) Мен парзымды аткардым!
Биринчи күзөтчү. (Чочуп кетти) Антигону?!
Экинчи күзөтчү. (Ого бетер чочуду) Сиз белеңиз?!
Антигону. (Суз) Алып баргыла мени, Креонтосавага. 
Биринчи күзөтчү. (Айласы куруп) Антигону… кантип алып барабыз, биз сизди?! Кантип дитибиз барат?!
Экинчи күзөтчү. (Айласы кетип) Ошону айтсаң!..
Антигону. (Суз) Мен жарлыкты буздум, Силер жоокерсиңер, буйрукту аткарышыңар керек. 
Биринчи күзөтчү. (Айласы ого бетер куруп) Сиз… парзыңызды аткардыңыз… бирок…
Антигону. (Суз) Кыйналбагыла. Алып баргыла, мени. Болбосо Креонтосава силерди даргага асат.
Экинчи күзөтчү. (Айласы кетип) Сиздин кылганыңыз туура, Антигону, бирок… 
Антигону. (Суз) Алып жөнөгүлө, мени. (Алдыга басты).
(Эки күзөтчү кыйыла Антигонуну айдап жөнөмөкчү болушканда, күтүүсүздөн Креонтосава келип калды).
Креотосава. (Сурданып, Антигонуга) Чөөлөрдүн үнү эмнеге угулбай калды деп келатсам, сен белең?! И – и, жарлыгымды буздуңбу?! Көмдүңбү, агаңды?!
Антигону. (Суз) Ооба.
Креонтосава. (Сурданган калыбында) Менин жарлыгым эки болбосун билесиңби?
Антигону. (Суз) Билем.
Креонтосава. (Туталанып) Жаның сага артык башпы, эй, кыз?!
Антигону. (Суз) Сиз өлүктү кордодуңуз, Креонтосава!
Креонтосава. (Туталанып) Мен жарлык чыгаргам! Агаңа эскерткем! (Титиреп, калчылдап) Өлүгүң көмүлбөй талаада калат дегем!
Антигону. (Суз) Сиз адам жасабай турган жорукту жасадыңыз, Креонтосава!
Креонтосава. (Жаны күйүп) Жасадым!.. Сенин агаң жеткирди мени, ошого. (Тыным) Башкаларга сабак болсун үчүн жасадым. (Туталанып) Эй, кыз, мен сени… Түшүнбөйсүң!.. Менин эмне болуп турганымды түшүнбөйсүң, сен! Кырчындай өмүрүң бөөдө кыйлып калат!
Антигону. (Суз) Даргага тартыңыз, Креонтосава!
Креонтосава. (Башын жерге салып, айласы куруп турду, далайга. Күзөтчүлөргө) Зынданга салып таштагыла! Эртең тартабыз, өлүм жазасына! Дарга ушул жерге орнотулсун!
(Күзөтчүлөр кыйыла Антигонуну айдап жөнөштү).
Креонтосава. (Жини келип) Мобул кыздын кылганын карачы!
(Тигилердин артынан кетти. Алыстан Тиресийоку көрүндү, талаада илкип келаткан).
Тиресийоку. (Өзүнчө күңгүрөнүп) Ааламат келатат!.. Ааламат келатат!.. Капкара түн түшүп турат!.. Капкара түн!.. Жылчыксыз түн!.. О – о, улуу Аметэрасу, сакта кызыңды!.. Сакта, кызыңды!.. О – о, улуу Аметэрасу!.. (Илкиген бойдон кайра алыстап кетти).

Бешинчи сахна

Креонтосаванын сарайы. Креонтосава жалгыз. Гемоно кирди, шашып.
Гемоно. (Аптыгып) Ата!.. Бошотуңуз, Антигонуну!
Креонтосава. (Ачуусу келе түштү) Эй, бала!..
Гемоно. Ата!.. Менин сиздин уулуңуз экеним чын болсо – бошотуңуз, Антигонуну!
Креонтосава. (Ачуулуу) Эй, бала, адегенде сөзгө келчи, адыраңдап мурдуң менен бир тийбей.
Гемоно. (Өзүн араң токтотуп) Сиз баарын билесиз.
Креотосава. Эмнени билет экемин?
Гемоно. (Кабагы бүркөө) Антигону менен… колуктум экенин.
Креонтосава. (Таң калып) Антигону сенин колуктуңбу?
Гемоно. (Кыжыры келип) Ата!..
Креонтосава. Эмне антип жаман көрүп атасың? Биринчи жолу угуп атам сенден, Антигону колуктуң экенин.
Гемоно. Бошотуңуз, анда.
Креонтосава. Кылмыш кылып атса, кантип бошотом?
Гемоно. (Жаны күйүп) Эмне кылмыш кылыптыр?! Агасынын өлүгүн чөөлөр талап аткан жеринен көөмп коюптур, ушул да кылмышпы?!
Креонтосава. Мен князмынбы, же киммин?
Гемоно. Князсыз.
Креонтосава. Князь болгондон кийин, менин жарлыгымды бузган киши ким болот?
Гемоно. (Жаны күйүп) Сиздин жарлыгыңыз… туура эмес!
Креонтосава. (Таң калып) Эмне үчүн туура эмес?
Гемоно. (Толкундана) Сиз деген… салтты буздуңуз! Кудайга жакпаган иш кылдыңыз!
Креонтосава. (Таң калып) Салтты кантип бузуптурмун?
Гемоно. Эмне үчүн Полинихэйдин өлүгүн талаага таштатып коесуз, көмдүрбөй, чөөлөргө талатып?! Адамкерчиликпи, ушунуңуз?!
Креонтосава. (Туталанып) Анда эмне, Полинихэйдин бөтөн элден кол курап келип, бизге согуш ачканы адамкерчиликпи?!
Гемоно. (Шыр жооп таба албай буйдала түштү) Баары бир өлүгү көмүлүш керек болчу! А сиз элди каратып туруп ит – кушка жем кылып, таштап койдуңуз, талаага.
Креонтосава. (Жаны күйүп) Мен аны башкаларга сабак болсун деп ошентип атамын! Эртең дагы бир бир тууганым ушинтип Нараяманы талашып чыга калып, тээтигинче адамдын канын бөөдө төкпөсүн деп, ушинтип атамын!
Гемоно. (Мойноп) Сабак боло турган башка жол таппай калдыңызбы, Полинихэйди ит – кушка жем кылгандан башка?!
Креонтосава. (Туталанып) Сен билесиңби, ошондой жолду?! Тапчы анда, билсең!
(Гемоно унчуга албай калды).
Мына, көрдүңбү, анан келип атаңды омуроолойсуң. Эй, балам, өлкөнү башкарыш үчүн князь деген жарлык чыгарат, мыйзам чыгарат. Эл ошого баш ийиш керек. Ошону аткарыш керек. Болбосо, ар ким өз билгенин кыла берсе, өлкө тарап кетпейби!
Гемоно. (Ындыны өчүп) Анан эмне… Антигону жазага тартылабы?!
Креонтосава. Түшүнчү балам, биз кандай учурда жашап атканыбызды. Азыр мен жарлыгымды бузуп койсом, эртең эле элдин баары менин төбөмө чыгып кетпейби. “Ай, Креонтосаванын жарлыгы баары бир аткарылбайт, биз билгенибизди кыла берсек болот” дебейби. Анда менде эмне аброй калат?! Бийлгимдин баркы кетет да! Бийликтин баркы болбосо, өлкөнү кантип башкарасың?
(Тыным).
Гемоно. (Жалооруй) Ата, бир жолу, мен үчүн – уулуңуз үчүн бузуп коюңуз, жарлыгыңызды! Бир эле жолу!
Креонтосава. (Айласы кетип) Ай, балам, түшүнчү…
Гемоно. (Жалооруй) Бир эле жолу!
Креонтосава. (Айласы кетип) Кыйнабачы, мени, балам!..
Гемоно. (Ого бетер жалооруй) Бир эле жолу, ата! 
Креонтосава. (Айласы кетип) Кой, балам, эртеңкини ойло!
Гемоно. (Ого бетер жалооруй) Ата!..
Креонтосава. (Айласы куруп) Жок балам, анте албайм.
Гемоно. (Ого бетер жалооруй) Ата!..
Креонтосава. (Айласы ого бетер кетип) Жок, балам, жок.
Гемоно. (Ындыны өчүп) Анда… мен да өлөм! Мени экинчи көрбөйсүз!
Креонтосава. (Айласы куруп) Гемоно!..
Гемоно. (Ындыны өчкөн калыбында) Сиздин жарлыгыңыз адамдын өмүрүнөн да кымбат экен да! (Чуркаган бойдон чыгып кетти.
Тыным).
Креонтосава. (Кыжаалат боло) Түшүнүшпөйт, ушинтип… (Ого бетер кыжаалат боло) Каяктан чыгара салдым эле ушул жарлыкты?!. Ай, кудай, ай!.. (Алаканын чапты, нөөкөр кирип келип жүгүндү).
Чакырчы, жанагы кеңешчимди.
(Нөөкөр жүгүнүп чыгып кетти. Тыным. Кеңешчи кирди, жүгүнүп).
Кеңешчи. Чакырдыңызбы, Креонто – сан?
Креонтосава. (Кабагы бүркөө) Абал жаман.
Кеңешчи. Эмне болду?
Креонтосава. Уулум Гемонодон ажырай турган болуп турам.
Кеңешчи. (Үрпөйө) Эмне үчүн?
Креонтосава. (Кыжаалат боло) Антигону колуктусу экен. “Эгер өкүмүңүздү бузбасаңыз, Антигонуну бошотпосоңуз, өлүп тынам” деп атат. (Тыным) Эмне кылабыз?
Кеңешчи. (Бушайман боло) Өкүнүп атасызбы?
Креонтосава. (Кыжаалатана) Уулум…
Кеңешчи. (Бушайман боло) Креонто – сан, жарлыгыңызды буза албайсыз да. Жарлыкты буздуңуз дегиче эле анда, бийлигиңиздин баркы жоголот да. Бийликтин баркы кеткенден кийин өлкөнүн тагдыры эмне болот?!. 
Креонтосава. (Кыжаалат болгон калыбында) Ошону мен да эң сонун түшүнүп турам. (Айласы кетип) Бирок, уулумду кантем?
Кеңешчи. Абалыңыз кыйын экен, чын эле. Бирок жарлыгыңызды буза албайсыз.
Креонтосава. (Кыжаалат болгон калыбында) Башка бир жолу жокпу?
Кеңешчи. (Өтө маанилүү түр менен) Креонто – сан, эч кандай башка жолу жок. Жарлык бузулууга тийиш эмес.
Креонтосава. (Кыжаалат болгон калыбында) Анан эмне… уулумдан ажыраймынбы?!
Кеңешчи. (Жубатып) Антип жаман ойлобоңуз, кудай сактасын.
Креонтосава. (Ого бетер кыжаалат болуп) Кандай айла кылыш керек, ыя?..
Кеңешчи. Сарайдагы жан – жөкөрлөрүңүздүн баары жарлыгыңыздын аткарылышын күтүп атышат.
Креонтосава. (Суз тарта) Баарыбы?
Кеңешчи. Ооба, баары.
Крентосава. А элчи?
Кеңешчи. Эл кайда бармак эле, эл деле күтөт да… 
Креонтосава. (Суз тарта) Элдин менин уулум менен эмне иши бар…
Кеңешчи. (Өтө олуттуу түр менен) Эсиңиздеби, князь Токугаванын окуясы?
Креонтосава. (Өз ою менен алек болуп) Эмне окуя болду эле?
Кеңешчи. Жарлыгын бузгандын оордуна, князь эгиз уулун дарга астырбады беле.
Креонтосава. (Чочуп кетти) Анан?!.
Кеңешчи. (Өтө олуттуу түр менен) Анан, князь Токугавага чейин элинен тартип кетип, өлкөсү бытырай турган болуп турган чакта, ал жерде темирдей мыйзам орногон да. Токугава элин – жерин аябай чыңдап, ал түтүл коңшулаш жаткан княздыктарды өзүнө каратып албадыбы. Аны жакшы билесиз.
Креонтосава. (Өз ою менен алек болуп) И – и, эстедим, эстедим…
Кеңешчи. (Өтө маанилүү түр менен) Кокус, князь Токугава эгиз балдарын сактап калам деп, жарлыгын бузуп койсо эмне болот эле?
Креонтосава. (Маанайы пас) Түшүндүм… Бара бер, эми…
(Кеңешчи жүгүнүп чыгып кетти. Ал чыгаар замат эле Эвридико кирип келди).
Эвридико. Баарыбыздын башыбызга мүшкүл салган турасыңбы?!
Креонтосава. (Кыжыры келе түштү) Ал эмне дегениң?!
Эвридико. Жарлыгың, жалгыз уулуңдун өмүрүнөн кымбатпы?!
Креонтосава. (Кыжырлуу) Бүгүн, эмне эле баарыңыр коркутасыңар, мени?!
Эвридико. Антигонуну даргага ассаң – уулуңдан кошо ажырайсың!
Креонтосава. (Кыжыры ансайын келип) Кийлигишпе менин ишиме! Кийлигишпе! Өз ишиңди бил!
Эвридико. Уулуң бир нерсе болсо, сенин бийлигиңдин, өлкөнү башкарганыңдын кимге кереги бар?! Адамга үй – бүлөөдөн кымбат эмне бар?!
Креонтосава. (Кыжыры келип) Эй, аял!.. Мен үй – бүлөөнүн эле тагдыры эмес, бүтүндөй Нараяманын тагдырын ойлой турган кишимин! Мен деген князмын!
Эвридико. Сен биринчи кезекте уулуңдун атасы, аялыңдын күйөөсүсүң… “князь!”
Креонтосава. (Туталанып) Жаакташпа мени менен! Жаакташпа! Өз ишиңди бил деп атам, мен сага!
Эвридико. Баардык нерсенин чеги болот. Чектен ашпаш керек… “князь”. Сен чектен чыгып кеттиң.
Креонтосава. (Ачуусу келе кыйкырып) Акыл үйрөтпө, мага! Үйрөтпө!..
Эвридико. Мен сенин аялыңмын, уулуңдун энесимин. Менден артык сага ким күйөт?!
Креонтосава. (Кыжыры ого бетер келип) Акылың жетпеген нерсеге аралашпа, деп атам, мен сага!
Эвридико. (Башын чайкап) Акылыңдан адашып калыпсың. Жаманчылыгың бизге тийбесе эле болду. Жүрөгүм сезип турат. (Чыгып кетти.
Дароо эле нөөкөр кирип келип, жүгүндү).
Нөөкөр. Креонто – сан, көзү ачык, сокур кемпир – Тиресийоку күтүп атат, кирет элем деп.
Креонтосава. Көзү ачык сокур кемпир дейсиңби?
Нөөкөр. Ооба.
Креонтосава. Эмне дейт?
Нөөкөр. Бир билгени бар го.
Креонтосава. Кое бер.
(Нөөкөр жүгүнүп чыгып кетти. Ал чыгаар замат эле сокур кемпир Тиресийоку кирип келди).
Тирейсийоку. (Бир башкача жүгүнүп) Креонто – сан, түркүгүң урап, түндүгүң түшкөн турат! Кренонто — сан!.. Капкара караңгы түн турат, Креонто – сан, эшигиңдин алдында!.. Капкара түн!.. Көрүп атасыңбы?!. Туюп атасыңбы?!.
Креонтосава. (Кыжырлуу) Табышмактатпай сүйлө!
Тиресийоку. Өкүмүңдү бузбасаң, үйүң кара жамынат, Креонто – сан!
Креонтосава. (Кыжыры ого бетер келип) Таш оозуңа, алжыган как баш!
Тиресийоку. Креонто – сан, уяңды сактап кал!.. Үйүңдү сактап кал, Креонто – сан!..
Креонтосава. (Ачуусу ашып — ташып) Айтаарың ушул беле?!
Тиресийоку. Ушул да оңой эмес, Креонто – сан!.. Оңой эме – ес!..
Креонтосава. Тилегиң таш капкан, кемпир десе!..
Тиресийоку. Бул менин тилегим эмес, Креонто – сан! Менин тилегим эмес!.. Кудайдан!.. Кудайдан!..
Креонтосава. (Кыжырлуу) Сен эмне, Кудайдын элчисисиңби, тентиген кемпир?!
Тиресийоку. Кордобо, Креонто – сан, кордобо!.. Кудай күчтүү!.. Ал көрүп турат, баарын!.. Сен Кудайга жакпас иш кылдың, Креонто – сан!.. Акылыңа кел!.. Ааламат келатат!.. Ааламат келатат!..
Креонтосава. (Кыжыры ого бетер келип) Эй, каңгыган кемпир!..
Тиресийоку. Антигонуну бошот, Креонто – сан!.. Бошот, Антигонуну!.. Ал Кудайга жакчу иш кылды!.. Ал Кудайдын сүймөнчүлүгүнө арзыды, Креонто – сан!.. Бошотуп кой, аны!... Болбосо, ааламат келатат!..
Креонтосава. (Ачуусу ашып — ташып) Эми сен калдыңбы, мага акыл үйрөтө турган?!
Тиресийоку. Текеберсинбе, Креонто – сан! Текеберсинбе!.. Кудай жеткирип коет! Жеткирип коет!.. Угуп атам!.. Көрүп атам!.. Антигонуну жактап атышат!.. Толгон эл!.. Толкуган эл!.. Бошот деп атышат, Антигонуну, Креонто — сан!.. Бошот деп атышат!..
Креонтосава. (Чыдамы кетип) Сөзүң түгөндүбү?!
Тиресийоку. Ааламат келатат!.. Ааламат келатат!.. Түндүгүңдү түшүрбөй сактап кал, Креонто – сан!.. Сактап кал!..
Креонтосава. (Чыдай албай кыйкырып) Бар!.. Бар!!. Бар!!!
Тиресийоку. Ааламат келатат!.. Ааламат келатат, угуп атасыңбы, Креонто – сан!.. Эшигиңдин алдына келип калды!.. Келип калды!.. (Чыгып кетти. Тыным).
Креонтосава. (Ындыны өчө күбүрөнүп) Токугава… эгиз уулун даргага астырган…
(Бир кыйлага созулган тынымдан соң алакан чапты. Нөөкөр кирип келип жүгүндү).
Дарга даярдалсын…
(Нөөкөр жүгүнүп кайра чыгып кетти. Тыным).
Токугава… эгиз уулун даргага астырган… Токугава… (Тынымдан соң) Мен сага бүгүн аябай түшүнүп турам, Токугава, түшүнүп турам…

ЭКИНЧИ БӨЛҮМ

Алтынчы сахна

Айлуу түн. Согуш талаасы. Талаанын дал ортосунда дарга турду. Жанында баягы эки күзөтчү. 
Биринчи күзөтчү. Дарганы карасам эле денемди калтырак басып кетип атат. 
Экинчи күзөтчү. Меникин дагы.
Биринчи күзөтчү. Ийнеликтей болгон бейкүнөө кыз асылабы, ушул даргага?!
Экинчи күзөтчү. Көзүмө аябай суук көрүнүп атат, бул дарга.
Биринчи күзөтчү. Мага дагы. Уктуңбу, көпчүлүк элдин эмне деп атканын?
Экинчи күзөтчү. Уктум. Баары тең, туура кылды деп Антигонуну жактап атышыптыр.
Биринчи күзөтчү. Князды жактагандар өтө аз экен.
Экиничи күзөтчү. Өзүнүн тегерегиндеги эле жан – жөкөрлөрү да, жактагандар.
Биринчи күзөтчү. (Кызуулана) Парзын аткарганы үчүн дагы өлүм жазасына тартылчу беле?!
Экинчи күзөтчү. Ошону айтсаң.
Биринчи күзөтчү. Эл каршы болсо, эмне үчүн унчугашпайт?
Экинчи күзөтчү. Коркуп атышат да, княздан. Эки жээнин канга батырган киши, элди аямак беле. Канкор да! Эртең эле канга чылап таштайт, мындай неме… экөөбүздөй жоокерлердин колу менен.
(Тыным).
Биринчи күзөтчү. Уктуң беле, князь Токугаванын окуясын?
Экинчи күзөтчү. Эгиз баласын даргага астырганбы?
Биринчи күзөтчү. Ооба. Бийлик деген ушул турбайбы. Жада калса каныңдан чыккан баланы да аябайт экен да.
Экинчи күзөтчү. Андай бийликтин кимге кереги бар?
Биринчи күзөтчү. Бийлик жүргүзгөн кишиге керек да.
Экинчи күзөтчү. Бийлик үчүн кантип өз жакындарын курмандыкка чалууга болот?
Биринчи күзөтчү. Чалганы ушул да.
(Тыным).
Экинчи күзөтчү. (Чочуп кетти) Карачы, баягы сокур кемпир!..
(Аңгыча тээ ыраактан талааны кезип, илкий басып, тигилерге жакындап келаткан сокур кемпир – Тиресийоку көрүндү).
Тиресийоку. (Өзүнчө күңгүрөнүп) Ааламат келатат!.. Ааламат келатат!..
Биринчи күзөтчү. (Үрөйү учуп) Дагы эле баягы сөзүн кайталап келатат!
Тиресийоку. (Дарганын жанына токтоду) Бул эмне?.. А – а… Креонто – сан, орноттуңбу?!. Өкүмүң күчүндөбү?!. О – о, улуу Аметэрасу, кызыңды сакта!.. Сакта, кызыңды!..
Экинчи күзөтчү. (Батынып жанына барды) Энеке, сиз кимсиз?
Тиресийоку. (Көңүл бурган жок) Жакында наалат алат үйүңдү, Креонто – сан!.. Наалат алат!.. Ааламат келатат!.. Ааламат келатат!..
Биринчи күзөтчү. (Батынып) Сиз кимсиз деп сурап атабыз, биз.
Тиресийоку. (Көңүл бөлбөй) Эсиңе кел, Креонто – сан!.. Эсиңе кел!.. Ааламат келатат!.. Ааламат келатат!.. Айлана караңгы!.. Баары караңгы!.. Каптап келатат!.. Караңгы каптап келатат!.. О – о, улуу Аметэрасу, кызыңды сакта!.. Сакта, кызыңды!.. (Илкиген боюнча андан ары кетти).
Экинчи күзөтчү. (Калчылдап) Бул эмнеси, денем дүркүрөп атат!..
Биринчи күзөтчү. (Калчылдап) Менин дагы!..
Экинчи күзөтчү. (Асманды тиктеди) О – о, Кудай, жакшылыгыңды бере көр!..
Биринчи күзөтчү. (Асманды тиктеди) О – о, Кудай, чын эле, жакшылыгыңды аябачы!.. Сактачы, курган кызды!..

Жетинчи сахна

Ошол эле түнү. Кайрадан Креонтосаванын сарайы. Креонтосава жалгыз. Анын кабагы өтө салыңкы эле. Бир аздан соң Исмену кирип келди, көзүнүн жашын көлдөтүп.
Исмену. (Ый аралаш) Таеке, дар даярдалып бүтүптүр. Эл да дүрбөп, эртеңки күндү күтүп атат. Антигону чын эле даргага асылабы?!
Креонтосава. (Кабагы салыңкы калбыбында) Жарлыкты бузган киши эмне болот?
Исмену. (Ый аралаш) Карачечкей жээниңизди кантип даргага аскан атасыз, таеке?!
Креонтосава. (Бир саамга жооп таба албай буйдала түштү) Карачечекей… Карачечекей… А тиги… карачечекей жээним Полинихэйдин кылганы ушулбу?! Канча адам кырылды!.. Кокус, биз жеңилсек – мени даргага асмак, же башымды чаптырмак, карачечкей жээним, Полинихэй!
Исмену. (Жашы тыйылбай) Таеке, ырайым кылбайсызбы?! Кыз бала го, таеке?! Ырайым кылыңызчы?!
Креонтосава. Жарлыкты бузууга болбойт да, Исмену.
Исмену. (Жашы тыйылбай) Жарлык сиздин колуңузда да, таеке?!
Креонтосава. Жарлык элге тарап кетти да, Исмену!
Исмену. (Ыйы токтобой) Тарап кетсе эмне экен?! Дагы бир жарлык чыгарып коюңуз да, артынан, таеке?! 
Креонтосава. Андай болбойт, Исмену!
Исмену. (Ыйлаган бойдон) Таеке!..
Креонтосава. Жок!..
(Тыным).
Исмену. (Жашын тыйып, чыйрала) Анда… мени асыңыз, даргага!
Креонтосава. (Чочуп кетти) Ал эмне дегениң?!
Исмену. Антигону Полинихэйдин өлүгүнө барбайт болчу… эгер мен болбосом. 
Креонтосава. (Таң кала түштү) Сен эмне кылдың эле?
Исмену. (Ого бетер чыйралып) Мен азгыргам, Антигонуну, Полинихэйдин өлүгүн көмөлү деп.
Креонтосава. Калп айтпа!
Исмену. (Чечкиндүү) Чын!
Креонтосава. Анда, эмне үчүн сен кошо барышкан жоксуң, көмүшкөнү?
Исмену. (Чечкиндүү) Мен кошо баргам!
Креонтосава. Калп айтпа!
Исмену. Чын!. Мен көмгөм, Полинихэйди! Антигону күзөт ойгонуп кетпесин деп кайтарып турган.
Креонтосава. Анан?!
Исмену. Күзөтчүлөр Антигону кармашканда, мен жашынып калгам. 
Креонтосава. (Ишеңкиребей) Ушул айткандарың чынбы, Исмену?!
Исмену. (Чечкиндүү) Чын! Антигонуну бошотуңуз! Оордуна мени…
Креонтосава. (Бир нерседен үмүт этип) Эгер ушул сөзүң чын болсо, Исмену…
Исмену. (Жанталашып) Чын, таеке, чын!
Креонтосава. (Алаканын чапты, нөөкөр кирип келип жүгүндү) Чакыр, Гемонону, дароо! Андан кийин Антигонуну биякка алып келгиле.
(Нөөкөр жүгүнгөн бойдон чыгып кетти).
Антигонуну сен азгырган турбайсыңбы, анда?
Исмену. (Тайманбай) Мен!
Креонтосава. (Сынай) Айтканыңдан танбайсыңбы, кийин?
Исмену. Жок!
Креонтосава. (Сынай) Антигону экөөңдү беттештирсем, бетине коюп бере аласыңбы, сен көмгөнүңдү?
Исмену. Ооба!
Креонтосава. (Кабагын түйүп) Антигонунун оордуна… даргага сен асылаарыңды билесиңби?
Исмену. (Ыйламсырап) Ооба…
Креонтосава. Эсиңде болсун, менден ырайым күтпө!
Исмену. (Ыйламсырап) Билем…
(Ошол учурда кабагы салыңкы Гемоно кирип келди. Исмену жашын тыйды).
Креонтосава. (Гемоного) Антигону бошойт, азыр.
Гемоно. (Уккан кулагына ишенбей) Антигону бошойт дейсизби?!
Креонтосава. Ооба.
Гемоно. (Ишеңкиребей) Чын айтып атасызбы?!
Креонтосава. Чын айтпаганда тамашалап атат дейсиңби. Бошойт.
Гемоно. (Бир паска селейе түштү да, анан чексиз кубанып кетти) Ырахмат, ата, ырахмат!.. Баары бир мен сизге ишенгем!
Креонтосава. Азыр биякка алып келишет. Дароо колуктуңду алып, кете бер.
Гемоно. (Кубанган калыбында) Жарлыгыңызды буздуңузбу?
Креонтосава. Жок.
Гемоно. (Түшүнбөй) Жарлыгыңызды бузбасаңыз Антигону кантип бошойт?
Креонтосава. Полинихэйди көмгөн киши башка экен.
Гемоно. Ким, күзөтчүлөрбү?
Исмену. Мен.
Гемоно. (Чочуп кетти) Сенби?!
Исмену. Ооба, мен.
(Тыным).
Гемоно. (Креонтосавага) Ата, сиз ушуга ишенип атасызбы?
Креонтосава. Ишенем, эмне үчүн ишенбейт экемин.
Гемоно. (Шылкыя түштү) Мен сизди жарлыгын бузган экен десе…
Креонтосава. Жарлыкты бузууга болбойт.
(Ошол маалда күзөтчүлөр Антигонуну айдап келип калышты).
Исмену. (Антигонуну кучактап ыйлап ийди) Антигону, мен таекеме чынын айттым. 
Антигону. Эмненин чынын?
Исмену. (Аптыга) Полинихэйди мен көмгөнүмдү!.. Сени мен азгырганымды…
Антигону. (Таң калып) Исмену?!.
Исмену. (Аптыга шашкалактап) Сен мени ээрчип барып, кароолчуларды карап турганыңды…
Антигону. (Ого бетер таң калып) Исмену?!.
Исмену. (Шашкалактап) Таекем сени бошото турган болду, Антигону!
Антигону. (Эмне болуп атканына түшүнбөй Креонтосавага карады) Эмне үчүн?
Креонтосава. Уктуңбу, Исменунуну айтканын?
Антигону. Уктум. Бирок, түшүнгөн жокмун сөзүнө.
Креонтосава. Укканың жакшы. (Күзөтчүлөргө) Антигонуну бошоткула! 
(Күзөтчүлөр бир азга элейип турушту да, анан шашыла Антигонуну бошотушту).
Исмену. (Антионгуну кучактап) Антигону, сен бошодуң!
Антигону. (Эч нерсеге түшүнбөй) А сен эмне болосуң?
Исмену. (Буйдала түштү) Мен…
Креонтосава. (Гемоного) Колуктуң бошоду, кетип кал, алып.
Антигону. (Исменуга) Менин оордума сен тартылган турасыңбы, даргага?!
Исмену. (Көзү жашылданып) Антигону, сен бошодуң…
Креонтосава. (Кыжыры келип, Гемоного) Мен сага айтып атам, колуктуңду алып кетип кал деп!
Антигону. (Мостое) Мен эч жакка кетпейм! Полинихэйди мен көмгөм! Исменунун эч кандай тиешеси жок!
Исмену. (Кыйкырып) Антигону!..
Антигону. (Креонтосавага) Менден башка эч ким күнөөлү эмес, буга! Ассаңыз, мени асыңыз, Креонтосава!
Гемоно. (Калчылдап) Олда, кудай, ай!.. Ата, мен сизди жек көрөм!.. Жек көрөм!.. (Чуркаган бойдон чыгып кетти).
Креонтосава. (Уулунун аркасынан титирей кыйкырды) Уулум, мунун чын – бышыгына жетиш керек да!
Антигону. (Кайдыгер) Креонтосава таеке, териштирип убара болбой эле коюңуз. Мен жасагам ал ишти. Кудай күбө.
Креонтосава. (Башын чайкап) “Мен жасагам” десең эле ишенип калат деп турасыңбы, мени?
Антигону. (Кайдыгер) Эмне үчүн ишенбейт экенсиз? Согуш талаасынан күзөтчүлөр кимибизди кармап келди?
Креонтосава. Кылмыш кылган киши жашынып калбай, же качып кетпей жаны жокпу?!
Антигону. (Исменуга) Исмену, эмне үчүн ушинтип атасың, сен?!
Исмену. (Сөз таба албай, бышактап) Антигону…
Антигону. (Креонтосавага) Айтыңыз, күзөтчүлөрүңүз колума кайра кишен салышсын.
Креонтосава. (Кыжырлуу) Эй, кыз!.. Кимиңерди жазага тартышты – мен чечем!
Антигону. (Мостое) Күнөөсүз адамды жазага тарта албайсыз! Кудай алдында күнөөгө батып каласыз! 
Креонтосава. (Исменуга кекээрлеп) Сүйлөбөйсүңбү!
Исмену. (Ый аралаш) Таеке, мен… сөзүмдө турам!
Креонтосава. (Демитип) Антигонуну ким азгырды?!
Исмену. (Ый аралаш) Мен!
Антигону. Исмену, калп айтпа!
Креонтосава. (Ого бетер демитип) Полинихэйди ким көмдү?!
Исмену. (Ый аралаш) Мен!
Антигону. (Жаны күйүп) Исмену, антип айтпа!
Креонтосава. (Күзөтчүлөрүнө туталана кыйкырды) Кишендегиле, Исменуну!
(Күзөтчүлөр Исменуга умтулушту).
Антигону. (Күзөтчүлөрдүн жолун тороп) Таеке, эмне кылып атасыз?! Бейкүнөө адамды эмне үчүн ушинтип атасыз?! Мына, мен, мен баарына күнөөлүмүн! Мени кишендешсин!
(Күзөтчүлөр эмне кылышаарын билишпей эки анжы болушуп туруп калышты).
Креонтосава. (Кыйкырып) Эмне карап турасыңыр?! Алып кеткиле зынданга, Исменуну!
(Күзөтчүлөр Исменунун колуна кишен салып, айдап жөнөштү).
Антигону. (Тигилерди токтотууга аракенттенип) Жок!.. Жок!.. Жо-ок!.. Токтогула!.. Токтогула!..
Креонтосава. (Калчылдай кыйкырып) Алып кеткиле, тезирээк!.. (Тиштенип) Эртең түшкө чейин даргага асабыз!
(Күзөтчүлөр Антигонунун каршылык көргөзгөнүнө карашпай, Исменуну ыйлаткан боюнча алып чыгып кетишти).
Креонтосава. (Кыжыры келип) Жанталашканыңдан пайда жок, эй, кыз!..
(Тыным).
Антигону. (Эсине келип, сабыр этип) Таеке, баары бир Исменуну бошотууга мажбур болосуз! 
Креонтосава. (Кыжыры ого бетер келип) Бошотпойм!.. Эртең менен эле даргага астырам!
Антигону. (Токтоо) Астыра албайсыз!
Креонтосава. (Кыжыры ашып — ташып) Астырам!.. Көрөсүң ошондо!..
Антигону. Уулуңуздан коркуп, ушуну кылып атасызбы?!
Креонтосава. (Чочуп кетти) Гемононун эмне тиешеси бар экен? Мен кылмышкерди жазалаган атам!
Антигону. Мени жазалаңыз, анда, кылмышкер издесеңиз!
Креонтосава. Исмену өзү мойнуна алды!
Антигону. А мени Полинихэйди көөмп аткан жеримден кармашкан.
Креонтосава. (Кыжыры ансайын келип) Исмену жашынып калган!
Антигону. (Токтоо) Түшүндүм. (Кичине тыным) Таеке, уулуңузду аяп турсаңыз, жарлыгыңызды бузуңуз!
Креонтосава. (Кыжыры ого бетер келип) Бузбайм! Эч качан жарлыгымды бузбайм!
Антигону. (Токтоо) Бузбасаңыз – өзүңүзгө жаман!
Креонтосава. (Калчылдап) Коркутпа!.. Коркутпа, мени!..
Антигону. (Токтоо) Сиз эч нерсеге түшүнбөйт экенсиз, Креонтосава таеке.
Креонтосава. (Кооптоно) Аржагын айт!
Антигону. (Токтоо) Мен өлгөн адаммын.
Креонтосава. (Кыжырлуу) Дагы коркутуп атасыңбы?!
Антигону. (Токтоо) Сиз Исменуну даргага асканча эле, баары бүтөт! (Кетмекчи болду).
Креонтосава. (Алдын тороп) Токто! Эч жакка барбайсың!
Антигону. (Токтоо) Таеке, мен эркин, бошогон адаммынбы?
Креонтосава. (Жини келип) Эркин болсоң эмне экен?!
Антигону. Анда эмне жолумду тосуп атасыз?
Креонтосава. Мен сени азыр эч жака жибербейм!
Антигону. Мына, көрдүңүзбү, Креонтосава таеке.
Креонтосава. (Кыжыры келип) Мазактаба, эй, кыз!..
Антигону. (Токтоо) Бошотуңуз, Исменуну!
Креонтосава. (Калчылдап) Сен мени жеңе албайсың!
Антигону. (Токтоо) Мен өлгөн адаммын, таеке.
Креонтосава. (Жанталашып) Азыр!.. Азыр!.. (Алаканын чапты. Нөөкөр кирип келип жүгүндү). Чакыр!.. Чакыр биякка, күзөтчүлөрдү!.. 
(Нөөкөр жүгүнүп чыгып кетти).
Антигону. (Токтоо) Бекер убара болуп атасыз, Креонтосава… таеке.
(Күзөтчүлөр кирип келип жүгүнүштү).
Креонтосава. (Күзөтчүлөргө) Алып барып, камай тургула. Жата турсун. Жакшылап карагыла.
(Күзөтчүлөр Антигонуну айдап жөнөштү).
Антигону. (Кетип баратып) Сиз жаңылдыңыз , Креонтосава таеке. Катуу жаңылдыңыз!
Креонтосава. (Кыжырлуу) Кимдин жаңылганын көрөбүз!
(Күзөтчүлөр Антигонуну айдап чыгып кетишти).

Сегизинчи сахна

Түн ортосу. Аянт. Сарайдын бир капталын бойлой кеткен узун дубал. Алыстан көзү ачык, сокур кемпир Тиресийоку көрүндү, илкип келаткан.
Тиресийоку. (Өзүнчө күңгүрөнүп) Түн түштү!.. Караңгы каптады!.. Бүттү!.. Бүттү!.. Тигине!.. Тигине!.. 
(Сарайдын капталын бойлой кеткен узун дубалды кыдырып эки күзөтчү аркы – терки басышып, күзөтүп жүрүшкөн).
Биринчи күзөтчү. (Кооптуу) Сокур кемпир келатат!..
Экинчи күзөтчү. (Кооптуу) Бул кемпир бекер келаткан жок! Жамандыктын жышаанын сезип атам!
Тиресийоку. (Өзүнчө күңгүрөнүп) Кепиниңди даярда, Креонто – сан!.. Даярда, кепиниңди!.. О – о, улуу Аметэрасу, бул эмне кылганың?!. Аметэрасу?!. (Илкий басып алыстап кетти.
Ошол учурда, күзөтчүлөрдүн бири капысынан узунунан кеткен дубалдын терезелеринин биринен асылып калган адамдын сөлөкөтүн көрө койду).
Биринчи күзөтчү. (Үрөйү учуп) Карачы!.. Кара!.. Антигону!..
Экинчи күзөтчү. (Көрө салып үрөйү учуп) О – о, Кудай!.. Асынып калган го?!.
(Экөө чуркаган бойдон дубалды айланып кетишти. Бир аздан соң ындыны өчкөн Гемоно көрүндү, аянтта. Ошол маалда эки күзөтчү үрөйлөрү учушуп кайра чуркап келишти).
Биринчи күзөтчү. (Гемонону көрө коюп, ыйламсырап кайра – кайра жүгүнүп ийди) Гемоно – сан!.. Гемоно – сан!..
Гемоно. Эмне болду?!
Экинчи күзөтчү. (Үрөйү учкан бойдон жүгүнүп) Антигону!.. Антигону!..
Гемоно. (Коркуп кетти) Айткыла, ачыгын! Айтпайсыңырбы!
Биринчи күзөтчү. (Антигону асылып турган терезени көргөзүп) Тиякты караңызчы!
Гемоно. (Күзөтчү көрсөткөн тарапты карады да селдейе түштү. Күбүрөнүп ийди) Жок!.. Жок!.. (Анан аткан октой тызылдап чуркап, дубалды айланып кетти).
Экинчи күзөтчү. (Ындыны өчүп) Эми эмне кылабыз?!
Биринчи күзөтчү. (Оозуна сөз кирбей калчылдап) Креонто – санга билдирели… (Кичине тыным. Жаны түтөп) Ай, Антигону!.. Ай, шордуу кыз, ай!..
(Ошол учурда Антигонунун асылып турган сөлөкөтү терезеден көрүнбөй калды).
Экинчи күзөтчү. (Жаны кейип) Креонто – сан жарлыгын бузуп койсо болмок да! 
 Биринчи күзөтчү. (Жаны ого бетер түтөп) Ошону айтпайсыңбы! Ай, ай, ай!..
(Ошол учурда Антигонунун жансыз денесин көтөргөн Гемоно көрүндү. Ал кызды көтөрүп келип, аянттын чок ортосундагы көк шиберге аяр жаткырды).
Гемоно. (Жүзүн жаш жууп) Атамды чакыргыла! Көрсүн!..
(Эки күзөтчү жүгүнүшүп, аянттан чыгып кетишти. Гемоно Антигонунун денесинин жанында кыймылсыз олтурду.
Бир аздан кийин эки күзөтчүнүн коштоосунда үрөйү учкан Креонтосава аянтка кирип келди).
Креонтосава. (Үрөйү учуп) Эмне болду?! (Антигонунун кыймылсыз денесин көрүп эмне кылаарын билбей турду. Күзөтчүлөргө) Ким берди буга, жипти?! Ким берди?!
Биринчи күзөтчү. (Титирей жүгүнүп) Карабайсызбы, Креонто – сан… көйнөгүнүн… көйнөгүнүн жеңдерин айрып алып… Ошондон жип эшип ийиптир… Мынакей…
Креонтосава. (Айласы кетип) Ой, кеңкелес башым!.. Ой, кеңкелес башым!.. (Уулуна) Мен Антигонуну бошотком! Билесиң, аны, уулум!
Гемоно. (Нес болгон немече, суз) Эмне үчүн жарлыгыңызды бузган жоксуз?! 
Креонтосава. (Уулуна жалынып) Уулум!.. Кагылайын, уулум!.. Мен князмын!.. Мен өлкө башчысымын!.. Менин сөзүм эки болууга тийиш эмес!..
Гемоно. (Суз) Эмне үчүн адамкерчиликке сыйбай турган жарлык чыгардыңыз?!
Креонтосава. (Ого бетер жанталашып) Уулум, уулум, анан Полинихэйдики жакшыбы?!. Мен ага эскерткем да! Мен ага айткам да!.. Аны туурап, эртең башка бирөөлөр чыкса эмне болот?! Ойлоп көрчү, өзүң!..
Гемоно. (Суз) Ата, эмне үчүн жарлыгыңызды бузган жоксуз?!
Креонтосава. (Ого бетер жанталашып) Мен айтып атпайымбы, балам!.. Айтып атпайымбы!.. Сабыр этип укчу!.. Укчу, мени!..
Гемоно. (Суз) Мен сизге эскерттим беле, ата?
Креонтосава. (Үрөйү уча) Эмнени, уулум?!.. Эмнени?!.
Гемоно. (Суз) Эмнени экенин… азыр көрөсүз!.. (Белиндеги кестигин шарт сууруп алып, жарк эттире асманга көтөрдү).
Креонтосава. (Үрөйү уча) Уулум!.. (Гемоного умтулду. 
Гемоно аял – буялга келбей өз ичин өзү жарып ийди да, Антигонунун денесинин жанына олтурган бойдон, оозунан жылжып кан кетти).
Күзөтчүлөр. (Коркуп кетишти) Гемоно – сан?!.
Креонтосава. (Үрөйү учкан калыбында) Уулум!.. Уулум!.. Бул эмне кылганың?!.
Гемоно. (Шайы кетип) Сиз… өзүңүз күнөөлүсүз!.. Ата!.. (Башы менен Антигонунун төшүн жаздана жыгылды да, былк этпей жатып калды).
Креонтосава. (Көзүнөн буурчак – буурчак жаш кетип) Уулум!!! (Чөк түшө мөгдөп турду. Ошол маалда аянтка Эвридико кирип келди).
Эвридико. (Үрөйү учуп) Эмне болду?!
Креонтосава. (Күйүтүнө муунуп) Гемоно!..
Эвридико. (Үрөйү ого бетер учуп) Гемоно!!! Уулум!!! (Уулун кучактай жыгылды да, боздоп ыйлап атты. Бир аздан соң ый аралаш Креонтосавага жек көрө карады) Наалат алсын, жарлыгыңды!.. Наалат алсын!.. Өрттөнүп кетсин, тактың!.. Өрттөнүп кетсин, алтын сарайың!.. (Оордунан туруп кетмекчи болду).
Креонтосава. (Үрөйү уча) Эвридико!.. Кайда барасың?!.
Эвридико. (Өзөгү өрттөнүп) Кайда бармак элем… Кетем!..
Креонтосава. (Үрөйү уча) Каякка?!.
Эвридико. (Өзөгү өрттөнүп) Башым ооган жакка!.. (Кетип калды).
(Тыным). 
Креонтосава. (Дендароо болуп, өзүнчө күбүрөнө) Токугава – сан эки уулун даргага астырган!.. Эки уулун даргага астырган Токугава – сан!.. 
Биринчи күзөтчү. (Креонтосаванын сөзүнө түшүнбөй) Даргага дейсизби?.. Исменунубу?..
Креонтосава. (Титиреп) Жок!.. Эч ким даргага асылбайт!.. Жетиштүү болду!.. (Бир аз тынымдан соң, суз тартып) Исменуну бошотуп койгула… 
Күзөтчүлөр. (Кошо жарышышып) Жарайт!.. Жарайт, Креонто – сан!..(Эки күзөтчү кайра – кайра жүгүнүшүп, аянттан чуркаган бойдон чыга жөнөштү).
Креонтосава. (Дендароо болуп өзүнчө күбүрөнүп) Бул, Кудайдын жазасы…
(Ошол учурда үрөйү учкан, өң – алеттен кеткен нөөкөр чуркап кирип келип жүгүнүп ийди).
Нөөкөр. (Оозуна сөз кирбей) Креонто – сан!.. Креонто – сан!.. Аялыңыз!.. Аялыңыз!.. Сепилден учуп өлдү!..
Креонтосава. (Онтоп ийди) О – о, Кудай!.. Бул эмне болгон күн?!.. Бул эмне жазаң?!.
(Тыным).
О – о, Кудай, ушунун баарын кантип көтөрүп турам, ыя?!. Кантип?!..
Нөөкөр. Креонто – сан!.. Креонто – сан!..
Креонтосава. (Дендароо болуп, өзүнчө күбүрөнүп) Түн түштү!.. Караңгы каптады!.. Бүттү!.. Бүттү!..
Нөөкөр. (Үрөйү учуп) Эмне дейсиз, Креонто – сан?!.
Креонтосава. (Ошол калыбында күңгүрөнүп) Баары караңгы!.. Капкараңгы!.. Жылчыксыз түн каптап калды!.. Эч жылчык жок!.. Жылчык жок!.. (Күңгүрөнгөн калыбында) Ааламат келди!.. Угуп атасыңарбы?.. Ааламат келди!.. 
 (Оордунан туруп, кылычын чечип, четке ыргытты да, өң – алеттен кеткен калыбында басып жөнөдү). 
Нөөкөр. (Үрөйү уча) Креонто – сан, каякка барасыз?!.
Креонтосава. (Дендароо болгон калыбында күбүрөнүп) Полинихэйди… Полинихэйди көөмп келейин!.. (Кетти.
Эч нерсеге түшүнбөгөн нөөкөр селейген бойдон, көк шиберде кыймылсыз жатышкан Антигону менен Гемононун жанында чөк түшүп олтурду).

Бүттү.

18. 06. 07. 08. 10. 07 – 09. 11. 07.

 

© Кулмамбетов Ж.О., 2007. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 

 


Количество просмотров: 2855