Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Аскаров Ч., 2009. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 30-ноябры

Чынтемир АСКАРОВ

Кайдасың менин Бегимайым

(аңгеме)

Бул чакан аңгемеде биринчи тунук сүйүү, биринчи жоготуу тууралу баяндалат. Кыз ала качуу илдетинин жаштарга катуу тийгенин автор ынамдуу жана айкын көрсөтүп берет.

 

Институттагы лекциялар бүтөрү менен бир курстагы студент балдар жатаканабызга шашыла келип, чайга чогуу отуруп калчубуз. Чарчап келген мээбиз чай ичкендей кийин сергектене түшүп, көңүлүбүз көтөрүлө түшөр эле. Анын үстүнө бир бөлмөдө төртөө гана жашагандыктан бири – бирибиздин ыгыбыздан чыкпай ынтымактуу туруучубуз. Сен мен дешип акйылашпай, түшкү чайыбызды кимибиз эрте келсек ошонубуз даярдап коер элек.

Бүгүн мен лекциядан кечирээк келдим. Бөлмөгө кире берсем студент балдардын бирөө да жок. Чай ичүүчү столдун үстүнө чай эмес, нан да коюлбаптыр. Жамандык ойго келип, бөлмөдөн атып чыгып, жанаша турган бөлмөнүн эшигин ачтым. Алайган көздөрүмдү көрүп баары мени карап калды.

— Түкө тынччылыкпы?

— Тынчылык. А... а... Силер быята белеңер? Баары каткырып калышты.

— Кел, телевизор көр. Акча чогултуп түстүү телевизор алдык. Степендиябызды үнөмдөп бекер акча чогултпаптырбыз. Минтип экрандан чүрөк кызды көрүп көңүлүбүз көкөлөп отурат. Керимбектин оозунан ушул сөз чыгып сөзүн аяктай электе:

— Чиркин ушунчалык сулуу кыз болот экен ээ! – деп Аманжол тим эле суктана карай, шилекейин чуурутат. Анан дагы эртең эле телевидениеге барып, таанышып келбесемби дегенин айт. Азыркы күндө эле бири биринен жашырып эки кыз менен жүрөт. Чиркин көкүрөк чоң болсо кыйын экен да. Оюнда диктор кызды үчүнчү кылып жүргүсү бар. Ага ичимден кыжырым кайнап, бир колумдун ачуусун бир колум менен басып турдум.

Курсташтарым менен кошулуп мен да көрө баштадым. Сен дикторлукка жаңы келгениң менен айткан сөздөрүң так жана ушунчалык назик угуларына таң калдым. Үнүңө жараша сулуулугуң айтып бүткүстөй. Узун кирпиктериң төгүлүп, бажырыйган көздөрүңө коюу кара каштарың сулуулугуңду ого бетер артырып турат. Ак куудай аппак иреңиң, боелуп жасалмаланбаган кундуз чачтарың маңдайыңды жаап, артка таштаган бөлүгү ай далыңдан түшүп сеңселет. Капырай мындай кызга колу жеткен жигиттин бактысы зор го деп ойлоп экрандан көзүмдү албайм. Анан өзүмдү сага теңегим келбей, кур убара болбоюн деген чечимге келем. Бирок сүйлөшпөй этпей эле экран аркылуу жүрөгүмө айыкпас дарт сүртүп койгонуңду кайдан билейин.

Күндөр өтүп жатты. Экрандан сени көргөн сайын сага баргым келип, сүйлөшсөм, сырдашсам деген дегдөөм күндөн күнгө күч алып, жанымды жай таптырбады. Акыры тобокелге салып сен иштеген телевидениени көздөй жөнөдүм. Кудайым өзү жолумду ачтыбы, сен ошол имараттан бери көздөй келе жатыптырсың. Көрөрүм менен жүрөгүм селт этип барып токтоду. Сен жакындаган сайын сенин астыңда өзүмдү жоготуп койбосом экен деген ой сезимде кайталанып баратты.

Мына бет маңдайлаша келип калдык. Сени көрүп, канчалык сүрдөнүп, сулуулугуңан жалтактап турганым менен токтой калдым.

— Саламатсыңбы карындаш? – дедим. Бажырайган көздөрүң көздөрүмө кадалып, аң – таң болуп карап калдың.

— Саламат. Саламатчылык. Тааныбайт экем дедиң сен.

— Мен...Мен...Мен... Атымды айта алган жокмун. Түпкү атам Манас, жерим Талас дедим. Кыз күлдү да:

— Менин деле түпкү атам Манас, бирок Көлдөнмүн, — деп жанагы көз карашы менен карап өттү. Калтаарый түштүм. Жаш баладай мелтиреп жер карап калдым. Негедир денем от менен жалын болуп эки бетим кызарып чыкты. Сүйлөөгө дарменим келбеди. Сууду оозума толтуруп алгансып бир саамга унчукпай туруп калдым.

— Кайда бара жатат элеңиз? – дедиң сен. 

— Атайы сага келаткам. Телевизордон күндө көрүп жатпайбызбы. Сени менен таанышып алып сүрөтүңүздү эмес, чыныгы жүзүңүздү көрөйүн дегем. Тагдырдын буйругун карабайсызбы, эл агылган жолдо экөөбүздү жолуктурду. Эми сен кайда барсаң ошол жакка барам. 

— Кошо бассаңыз ага каршылыгым жок. Бирок атайы жумуш менен Министерствого баратам. Жолугуп турайын десеңиз телефон номеримди берейин. Күндө иштемин да, — дедиң кетүүгө камынып.

Экөөбүз катарлаша басып келатып, аялдамага келип токтодук. Күн түш ооп калгандыктан дарактардын ала көлөкөлөрү бетибизге түшүп, болор болбос жүрүп өткөн желге жакын жердеги талдын бутактарындагы жалбырактар бийлеп жатты. Колум жеткен жерден бир жалбыракты үзө салып, сабагынан тегеретип туруп:

— Карачы жалбыракты,—  дедим сага, — жүрөккө окшоштугу барбы?

— Мурда байкабай жүрүптүрмүн го. Ооба, аябай окшош экен. Сен мурда көрбөй жүргөнсүп бир азга кызыга карап калдың. Мен төш чөнтөгүмдөн ручкамды ала койдум да, жалбырактын бетине “сүйөм” деп жазып:

— Бул менин жүрөгүмдөгү жазуу, — дедим. Сен болор болбос уурутуңдан күлүп, жалбырактагы жазууну карап калдың. Миңдеген жигитердин жүрөгүнө чок салган бул сулуу мени теңине албай колундагы жалбыракты ушалап – ушалап ыргытып жибереби деген ой денемди титиретип өттү. Бирок сен анткен жоксуң.

— Руксатпы, ушул бойдон үйгө алып барып китептердин арасына салып коеюн.Кыздын минтип айтаарын күткөн эмесмин. Тим эле сүйүнүп кеттим. Канча айткан менен көңүлү түз окшойт деген бүтүмгө келип жаттым. Ошондонбу анын алдында корунуп кысылбай, эр көкүрөктөнө түштүм.

— Биринчи жолу тааныш, экинчи жолу сый алыш деген сөз бар эмеспи. Экинчи жолу да жолугушуп калсак сыйлаша жүрөлү. Баса эртең эле филармониядагы концертке барсак кантет?

— Сунушуңузга макул элем. Туура түшүнүңүз, эртең да зарыл иштер бар. Макул десеңиз башка күндөрү баралы. Сизге телефон номеримди берейин чалып туруңуз. 

— Бегимай, бири-бирибизди “сиз” деп сүйлөшпөйлүчү. Экөөбүздүн курагыбызда айрыма аздай эле көрүнөт. Анан атымды да сурап койгон жоксуң. Өзүм айтайын-атым Койчуман.

Сен бырс этип күлүп,оозуңду бет аарчы менен жаба салдың.

— Атыңыз кызык экен.Какен деп эле койбоймунбу?

— Сага Какен деген ат жакшы угулса ага макулмун. Бирок бул аттын өзүнчө тарыхы бар. Атам ар кимдин коюн кайтарып жүрөт окшобойбу. Акысын чогултуп, алды менен ат, андан кийин кой сатып алып жүрүп малдуу, жандуу болуп кетет. Ошол кезде мен төрөлүп калам. Үйдөгүлөр койчуман төрөлдү, койчуман төрөлдү деп сүйүнүп калышат. Ошентип менин атым Койчуман болуп калат экен, Бегимай. Атым Койчуман болгон менен келечектеги адистигим агроном. Буйруса айылга барып, Жер – Эненин сүтүн ээмип калабыз.

Сен кулак төшөп угуп, анан кетүүгө камына баштадың. Менин көңүлүмдү калтыргың келбедиби, же шашылыш ишиң жоктугунанбы баятан бери эки автобусту өткөрүп жибердиң. Эми сени кармап турууга мүмкүн эмес эле.

Бурулуштан автобус көрүндү. Сен мага экинчи жолукпай тургансып автобус көрүнөр менен ичим туз куйгандай ачыша түштү. Ооба сен эч нерсени сезбей алга арыштадың. Жете барып колтугуңдан кармап өзүмө тарттым. Сен бурула бердиң. Бажырайган көздөрүңдү суктана карап калганымды сездиң. Анан:

— Кош деп колумду сундум.

Жылмая карап сен да колуңду сундуң. Ичке, жумшак манжаларың алаканыма жармаша түштү. Денем ток тийгендей дүр этип, жүрөгүм дүкүлдөй какты. Сен эч нерсени сезбегендей колуңду сууруп алдың да, шарак деп ачылган автобустун эшигине шашыла басып ичине кирип кеттиң. Айнегинен сенин кол булгалаганың көрүндү. Кош, кош деп ичимден нече жолу кайталаганым менен ички сырымды толук айталбай калганыма арманда калып, көңүлүм суз, салбырап, аялдаманын отургучуна отура кеттим. Сен түшкөн автобус кайра сени салып дал ушул жерге алып келе тургансып көпкө отуруп, анан гана иниститут жакка бет алдым. Канчалык бөлүнгөнүмө ындыным өчкөнү менен бул күн кызыл тамга менен жазылчу эстен чыккыс жаштыктын учуру эле.

Студенттик өмүрүмдө кечелер, дискотекалар, бирөөнүн туулган күндөрү көп болот эмеспи. Мен кандай оюн – зооктордо, кандай майрамдарда болбоюн сени эсимден чыгара албай,жолугуп каламбы деп издеп жүрдүм.Телевидениеге эки жолу барып таба албай , телефонуңа канча жолу чалганым менен эч кандай жооп болбоду. Ошондон улам атайы эле башка номерди берип койгонбу дегеним менен анын мага болгон мамилеси жылуу эле го деп коем. Башка бирөө менен таанышып алгандыр. Не бир жогорку кызматтарда иштеген адамдардын балдары бар. Алар мындай чүрөк кызды көрбөй жүрөт дейсиңби. Мен алардын жанында ким экем. Чын чынына келгенде шыйрагына да тең келбейм. Ошон үчүн мага кайдагы бир телефондун номерин берип мени сооротуп койду. Эмесе эч болбосо үч жолу ызвондаганда бир жолу жооп берет эле го. Көңүлүм калтырган ушул ойлорго кабылып, экинчи сага барбоону туура көрдүм.

Иниституттан чыгып, кайра жатаканага келсем, дагы эле биз жашаган бөлмөдө эч ким жок. Коңшу бөлмөгө кирсем, балдардын бардыгы телевизорду тирмийе тиктеп отурушат. Сен сүйлөп жатыптырсың. Назик үнүңө куштарланып, жылдыздуу жүзүңө жигиттер таңдайларын такылдатып тамшанып отурушат. Аманжол болсо баягыдай эле “ага мен пар келем. Быйыл окууду бүтөм го. Айылга алып кетем. Агрономдуктун мага эмне кереги бар. Атамдын жер жайнаган малдарын багып, фермер болом. Бегимай сулуу болсо өзүнө. Мен ага караймынбы. Койлорду бактырып, уйларды саадырып койсом мындай сулууларга кандай жарашат” – деп ичимди күйдүрүп сүйлөгөнүн айтпа. Мышык майга жетпей жатып сасык экен дегендей сүйлөшпөй жатып тон бычканын көр.

Ичим тим эле тарый түшүп, ордумдан турдум да сени көздөй бет алдым. Чындыгына келгенде өткөндөгү көз караштар, жылуу мамилелер чындыкпы, же жасалмабы ошону анык билгим келди. Эгер сен өткөндө көңүл жубатуу менен мамиле жасаганыңды сезген болсом ошол замат эле кылчайбай басып кетеримди ойлоп бараттым.

Мына телевидениенин имаратынын асты. Үчөө сүйлөшүп турат. Экөө жигит, бирөө сен элең, Бегимай. Анын бирөө колтугуңдан кармай калып, бир нерселерди айтып жатат. Тигиниси да улам сага жакындай сөзгө аралаша кетти. Шекспирдин Оттелосундай жаным кашайып калчылдап кеттим. Кызганыч ойлор заматта башка чаап, ичим өртөнүп чыкты. Бирок сени ушунчалык кызгана турган кандай акым бар? Же махабаттын керемет айлуу түндөрүн бирге өткөрбөсөк, же бир ачык айкын сырларыбызды али түшүндүрө элек болсок. “Сүйөм” деп жалбыракка жазып коюп дароо сени мендик деп аламбы? Деги бардык жерде сени кызганып мага эмне болгон? Жок, бүгүн эле сени менен сүйлөшүүм керек. Кандай гана иш болбосун эрте чечилиши жакшы.

Ойлорум уйгу – туйгу болуп турганы менен өзүмө — өзүм кубат байлап, түз эле силерди көздөй кадам таштадым. Сен бейтааныш жигиттерден мурда байкай коюп, жанагы жармаша түшкөн жигиттин колун чыгара салдың да, мени карап калдың. Тигил жигитке кылган мындай мамилең ичимди жылыта түштү да, тартынбай барып, баардыгыңар менен учурашып чыктым.

— Какен, жумуштап келдиң беле? – дедиң бурула карап.

— Ооба. Ооба, — дедим шашкалактаган болуп.

— Кечирип койгула, — дедиң сен тургандарга, — мага руксат бергиле.

— Мейли, мейли, жигитиң эмеспи? Алар тамашалай сүйлөп күлүп калгандары менен өтө маданияттуу мамиле кылышып, ары басып кетишти. Бет маңдай туруп калдык. Сен мени карасаң, мен сени карадым. Өткөндө бир аз бети башыңды боегонуңду көрсөм, эми табият берген сулуулугуң көрүп, көзүм чачырап кетти. Чиркин, кандай келишимдүү жан. Кудайым асманда да, жерде да периштелерди жаратат турбайбы деп аң— таң болуп карап туруп калдым.

— Сизге эмне болду? – дедиң сен.

— Эч нерсе эмес. Үйдөгүлөрдү ойлоп, жөн эле кыялданып кеттим,— дедим калп эле жооп кылып.

— Баса, баягыдай министерствого шашылып жаткан жоксуңбу? Ошондо ичимди ачыштырып жангыз таштап кеттиң го. Бүгүн антпейсиңби? Анан калса телефонуңа канча жолу чалсам да жооп болбогонун айт.

— Ооба телефондун жаагын тындырбай чалган экенсиң. Бирге иштешкен кишилер айтышты. Билбейм сага Ошко кеткенимди айтышпай койгондорун. Командировкада бир жума жүрүп калдым. Эмне таарынып калдыңбы?

— Жок, сени көрбөй калганыма өзүмчө элек бук болуп, сагынып кеттим. Мен жөнүндө ойлонду бекен деп жүрдүм. Бүгүн мына жарк этип жанымда турасың.

— Саймалап сүйлөгөнүңүзгө караганда акын болуп жүрбөңүз?...

— Ооба, акын болбосом да чымыным бар. Сен жөнүндө жазылган ырымды окуп берейинби. Ал ыр “Сага” деп аталат.

Карасам көзүң жылдыз, өзүң жылдыз,
    Бир ууруттам кашыктагы суудай жансыз.
    Шотанын Тинатини мындай калат,
    Ааламдын Айпериси сенсиң жалгыз.

Суйкайган сулууларга кумар неме,
    Көргөндө чалкасынан кулар беле.
    Ай турган, ай болбосо Пери тууган,
    Жөн эне сендей чүрөк туумак беле?...

Карасам ай жүзүндө нурлуу жарык,
    Ал жарык жүрөгүмдөн өтөт жарып.
    Колуңдан кармарыма көзүм жетпей,
    Баратам катарында күйүп жанып.

Карасам көзүң жылдыз, өзүң жылдыз,
    Бир ууруттам кашыктагы суудай жансыз.
    Шотанын Тинатини мындай калат,
    Ааламдын Айпериси сенсиң жалгыз.

Күйүп бышканда акын эместер да акын болуп кетет турбайбы. Анан ушул ырымды окуп берсем арманым жок деп жүрчүмүн. Кудайга ыраазымын. Тилегиме жетип сага окуп берип отурам. Кандай, акын боло алат бекем?

— Албетте мындай ырлады жаза берсең акын боло аласың. Билбейм кимге кандай, мага аябай жакты. Колуңду берчи алгачкы ырың менен куттуктап коеюн. Ал колун сунду.

— Колуңду кармаарыма көзүм жетпей дептирсиң. Мына эми ишендиңби? Колдорубуз айкалышып турганынанбы, сүйүнгөнүбүздөнбү экөөбүз тең чын пейилден күлүп калдык.

Телевидениеден жанагы мен көргөн жигиттер чыга калды. Экөөбүз аялдаманы көздөй бет алдык. Колтукташа басып, аялдамадагы отургучка келип отурдук. Мөлтүрөгөн жүзүн улам караган сайын чын эле бирге отурамбы, же түшүмбү деп кетем. Бирок эч кандай сыйкырлуу окуя, же түш эмес, дал көз алдымдан өтүп жаткан чыныгы турмуш эле. Ошого төбөм көккө жеткендей сүйүнүп, мындан ары кандай жагымдуу мамиле кылышым керек деп ойлонуп жаттым. Тил сүйлөбөгөнү менен дил сезип турса ортодогу кысынуулар тарап кетет окшобойбу. Негедир анын астында өзүмдү жоготуп койбой эркин сезе баштадым.

Автобус мурункудай эле бурулуштан бурулуп, түз эле биз жакка багыт алды. Сен ордуңудан тура калып, кетүүгө камына баштадың.

— Эмне Какен, кеткиң келбей турабы? — дедиң.

— Ооба, Сенден ажырагым келбей, сага эмне десем деп турам. Мүмкүн... мүмкүн...

— Эмне мүмкүн?..

— Мүмкүн сеникине бирге барсакпы? Бегимай ойлуу туруп калды да, анан мага колун сунду.

— Бол, Какен, автобуска түшөлү. Эч нерсеге түшүнө албай:

— Каякка? — дедим.

— Меникине. Жашаган жеримди көрөсүңбү? Бакытым төбөмдөн жаап кеткендей сүйүнүп кеттим.

Автобустун ичинде элдер жык-жыйма болуп чыкты. Ага карабай жан талашып отуруп түшүп алдык, Экөөбүз бет маңдай жанашып, бойлорубуз кысылыша туруп калдык. Мындай оңтойлуу абалга туш келем деп түшүмө да кирген эмес. Делебемди козгоп өткөн жагымдуу жытына кабылып, денем дүрүлдөй түштү. Ал гана эмес сенин денеңдин ысык табы урган сайын жан дүйнөмдү чагылгандай аралап, өмүрүмдө сезбеген рахатка балкытып баратат.Сени кучактагым келип, эркелетким келип, өпкүлөгүм келип өзүмдөн өзүм элирип эпкиндейм. Бирок жанаша адамдар тургандыктан уят көрүп сен ага жол бербейт элең да. Ошентсе да колумду акырын жылдырып, белиңден кучактадым. Сен унчуккан жоксуң. Денебиз денебизге ого бетер жармаша түштү. Сен менден бетер ысып чыктыңбы, бет аарчыңды сумкаңдан алып чыгып бетиңди аарчый кеттиң. Мени карадың. Тер чекемден ылдый куюлуп жаткан. Сен колуңдагы бет аарчы менен бетимди аарчыдың да, бетиме түшө калган чачтарымды артка карай ичке манжаларың менен сылап оңдоп койдуң.

— Какен, бир аз эле жер калды. Алдыга жылалычы. Ыссып да бүттүк ко дедиң. Белиңден колум суурулуп, элди жиреп алдыга өттүк. Автобустан түшүп бир аз баскандан кийин эле беш этаждуу үйдү көрсөттүң. Сен так бешинчи этажда жашайт экенсиң.

— Тээтигил жашыл сыр менен сырдалып турган биздин балкон. Кийин келсең тааныбай калып жүрбө.

— Жашыл жаштыктын символу эмеспи. Жашыл менен сырдалганы да мага жагат.Ага чыга калып сен турсаң кандай жарашар эле. Эгер макул десең бир күнү келип, ушул балкондо турганыңды сүрөткө тартып алайын. Өмүр бою мага эстелик болуп сакталып калсын.

— Мейли, — дедиң мени күлмүңдөп карап.

Сен кире бериш жерге келгенде токтой калдың. Ушул жерден мени менен коштошуп ичке кирип кетип, мен сыртта каламымбы деп түпөйүл ойдо турдум. Кабагым түшүп, сустая түштүм. Аны сен ошол замат сезе коюп, жүзүмө тигиле карап турдуң. Көңүлүмдү ачыш үчүн бооруңа алып, кыса кучактай тургансып жакындай түштүң да, бирок антпей сумкаңдан ачкычың алып эшикти ачтың. Ээн эркин сүйлөшөрүмдү эми толук ишенип, денем жайылып, кабагым чайыттай ачыла түштү.

Бөлмөгө кирдик. Төр жакка столду орноштуруп,анын жанына эки креслону коюп коюптурсуң. Стол үстүндө бир канча китеп, дептерлер турат. Көпчүлүк учурда телевидениеге керектүү материалдарды ушул жерден даярдайт окшойсуң. Анткени четте турган машинканын бетинде али бүтө элек, жарым жартылай жазылган баракты көрүп калдым. Кайда иштесең да жумуш жумуш да. Булардын иши мен ойлонгондой оңой-олтоң көрүнбөйт окшойт деп ичимден ойлоп койдум.

Сен кийимдериңди дароо алмаштырып, менин жаныма басып келдиң. Мойнума колуңду арта салып:

— Жумуртка кууруй салайынбы, же куурдакты каалайсыңбы? — дедиң.

— Мага эч нерсенин кереги жок. Колуңду мойнумдан чыгарбай,ушинтип эркелеп турушуңду каалап турам. Кетпечи көпкө чейин. Мойнуңдан жыттатып койчу эми...

— Минтип тура берсек күн кечтеп кетет го. Кое берчи Какен, мен дароо эле... Ал элпек тура калды да, чакан бөлмөгө кирип тамак даярдай баштады. Бат эле дасторконду жайып, бетме-бет отуруп калдык. Чиркин көз кумарым тойбой карап эле жатам. Менин бул карашымды байкап турганы менен ал аны билмексен болуп:

— Алсаң Какен, тартынбасаң, эмне мен даярдаган тамак жакпай калдыбы? — дейт.

— Жок, Бегимай, мындай тамакты көптөн бери жей элек элем. Аябай даамдуу болуптур. Кийин сенин колуңдан ушундай тамактардан жеген болсом го о-о, кандай бактылуу болмокмун.

— Жөн эле мактап жаткан жоксуңбу?

— Жок.

Бегимай өзүнүн элпек кыймылдары менен дасторконду бат эле жыйнап койду да, анан магнетефондун жанына басып келип, жан эргиткен жагымдуу музыканы койду. Мына, ичке белине кол оролтуп, төгүлгөн чачтарын жыттап, рахатка малына бийлеп жаттым. Анан көзүнөн, маңдайынан өпкүлөп, менин алтыным, менин тунук махабатым, менин өчпөс жылдызым” деп оргуп ташыган сүйүүмдү билдирейин деп ниеттенген менен ооз ача албадым. Ичимдеги буккан бул жалындуу сөздөрүмдү билбей, оюңа да келбей, бир калыпта бийлеп жаттың.

Музыка токтоду. Оролгон колдорубуз бошоно түштү. Бурула бергениңде колуңдан шап кармап, өзүмө тарттым. Жибектей чачтарың көөдөнүмдө төгүлүп турду. Эми эмне десем,кандай мамиле жасасам деп ойлоп коем. Жанагы ойлогон сөздөрүмдү айтып, көздөрүңдөн, маңдайыңан, койчу эч жериңди калтырбай өпкүлөгүм келип жатты. Бирок ага эрдигим да, эрким да жетпеди. Анткени кайсы бир туура эмес мамиледен катуу кагуу жеп калсам, мен үчүн оор сокку болмок.

Сен үйгө кийүүчү халатыңды чечип, таза кийимдериңди кийип алдың. Кайсы бир жумуш менен кетериңди түшүнүп турдум. Экөөбүздүн бирге отурганыбыз эки сааттан ашып кетсе да, анын тез өтүп кеткенине ичим ачышып турду.

Дубалдагы сүрөттү карап калдым:

— Булар кимдер,Бегимай?

— Атам менен апам.Алар айылда. Эки агам бар. Алардын бири дыйкан, экинчиси механизатор. Иши кылса турмуштары жаман эмес. Бакубат турушат. Эң кенже кызы менмин. Ушундай Какентай.

— Сыртка чыгалыбы? Сен жайдары, жаркылдап, көздөрүңдү жайнатып жанымда турдуң. Көзүңө көзүм тигилип, селдей агылган албуут сезим мени токтото албай калды. Тим эле кучагым жайып, пахтадай жумшак, аппак алкымыңан өөп жаттым.Мас болгон кишидей сендиректей түшкөнүмдө, кое берчи деген сенин үнүңдү уктум. Негедир селт эте түшүп, колумду тарта салыптырмын. Сен күзгүнүн жанына келип тарана баштадың. Моокунум канбаган куруган жаным кайрадан сени кучактаарымда эшикти бирөө какты. Үйдүн ээси экен. Ал эшиктен баш бакты да, мени заардуу карап алды. Ал кеткенден кийин:

— Көрдүңбү, мени өзүнүн кызынан бешбетер кайтарат. Мен жокто бул үйгө кыбыр эткен жан кирбейт. Ушунчалык строгий экен дейсиң, айтып сөз жетпейт. Ошондуктан мен жокто келбей эле кой.

Сыртка чыктык. Сен бир адамга жолугуп, андан интервью аларыңды айтып мени менен коштоштуң. Кубанычым койнума батпай, таттуу ойлордун кемесинде калкып, өз үйүмдөй болуп калган жатаканама көздөй бет алып келе жаттым.

Ошол учурда жайкы экзамен, зачеттор биринин артынан бири болуп, башыбыздан китептен албай, бошобой калдык. Сен жөнүндө көңүлүм ток, сессия аяктары менен барамын го деп болжолдоп койгом. Анткен менен сен экрандан сүйлөп жатканда телевизорду бетибизге кармап отуруп калабыз. Аманжол сорок баягы оюнан тая элек Барамын сүйлөшөмүн, көндүрөмүн деп көөдөнүн кага берет. Мурдагыдай ичим тарыбайт. Барып көрсө экен, мыш болуп калса экен деп ойлоп коем ичимден.

Ошентип сессия да аяктады. Жакшы тапшырганым жөнүндө сага айтып кубантайын деп ойлоп, сен иштеген телевидениени көздөй багыт алдым. Дароо телефонду алып сени сурадым. Бирөөлөрдүн “Ал жок! Келбейт!” деген кыска жообун алып супсунум сууп, кабагым карыш түшүп, эс учунан танган кишидей бир жерден жылбай туруп калдым. Айнек артында эки аял чогула калышты. Өз ара сүйлөшкөндөрү даана угулду:

— Бегимайды ала качып кетиптир...

— Эмне экен, жакшы жерге барыптыр...

— Жакшысы курусун, өз каалоосу менен барбагандан кийин...

Денемди бороон чапкын, ызгаардуу суук аралап өткөндөй болду.Эмне кыларымды билбей, ордумда тура албай, башымдагы чачтын ар бир талы дүрүлдөп, мээмди солкулдатып жиберди.

Сыртка чыктым. Жайдын толуп турган кезинде аба ырайы бузулуп, шамаал удургугандан удургуйт. Тал дарактардын башы ийилип, карагайлардагы зымдар ыйлагандай ызылдайт. Топ болуп учкан чымчыктар шамаалга канаттарын сабалашып араң далдаага ыкташып, бир чоң бутакка коно калышты. Зымдын ызылдаганы жүрөгүмдүн ызасына, сандаган көп чымчыктар башыма толуп уюган сар санаага окшошуп кетти. Өзүмдү өзүм кармай албай далбас уруп калдым. Анан башыма бир ой келе түштү. Бегимай аттуулар көп. Менин Бегимайым эмес, башка Бегимай болуп жүрбөсүн... Бул ойго жылына түшүп, анан аялдамага кандайча жеткенимди билбей калдым.

Беш этаж тамдын ичине кирип, лифт менен чыгайын десем “лифт иштебейт” деп жазылып туруптур.Тепкичтен тепкичке кандай секирип баратканымды сезбей, көргөн бөлмөнүн так маңдайына келип, коңгуроонун точкасын шашыла бастым. Бирок көпкө чейин жооп болбогондуктан айлам түгөнүп, эмне кыларымды билбей, башка бирөө зың дедире ургандай башым шылкыйтып туруп калдым. Үмүтүм үзүлүп жаңы эле кетейин деп турганда баягы мен көргөн үйдүн ээси эшикти шарак дегисе ачып, баш бакты. Бегимай үйдө деп айта тургансып сүйүнүп кеттим:

— Эжеке, Бегимай барбы?

Эч нерсе дебей мени заардуу карап калды.

— Айтыңызчы деги бир нерсе деп. Бегимай барбы?..

— А-а... Баягы жигит турбайсыңбы. Жого-ол!..

Эшикти катуу жапкандыктан жүрөгүм селт дей түштү. Эмне кыларымды билбей, ачууга алдырып тиги ачуу кыйкырган аялдын эшигин тепкилеп жибергим келди. Бирок антпедим. Каруум кетип алсыраган адамдай буттарымды жай таштап, бешинчи этаждан зорго түшүп, бактын түбүндөгү отургучка үшкүрүнө отура кеттим. Ой тооба, тагдырдын тамашасын карачы. Кечээ эле төбөм көккө жеткендей сүйүнүп жүрбөйт белем. Эми эмне болуп отурам?... Кайгым башымдан ашып турат. Айла канча. Көрдүм тагдырдын башка салганын деп өзүмө өзүм дем берип, ызгаардуу кайгыга уугуп жатаканага келдим. Студенттер үйдөгүлөр жол карап калбасын деп майда барат буюмдарын чемодандарына салышып кеткенге кам көрүп жатышыптыр. Ооба алар эртең кетишет. А менчи? Эрте эле кетип каламынбы?.. Кантип кетем Бегимай? Кетпейм. Сени издейм, издей берем. Колумдагы махабатымды алтын куштай жоготуп учура албайм. Сен мени сүйөрүңдү анык билем. Сен да махабатыңды жогото албайсың. Экөөбүздүн денебиз эки бөлөк болгону менен жүрөгүбүз бир, тилегибиз бир. Экөөбүз бир болгондо гана бактылуу жашайбыз. Аны жүрөгүм, акыл туюмум менен сезип турам. Эгер сени кокустук менен алакачып кетти дейли. Сен ал жерге бир саатка да чыдап отура албайсың. Мени ойлойсуң. Баягы маңдайыбыз жарыла, бири бирибизге кынала бийлегенибизди, мен сага “сүйөм” деп берген жалбыракты ойлойсуң. Наадандардын законго ылайык жооп берүүсүн талап кыласың. Мен ага ишенем Бегимай. Анан да сен кандай тагдырга кабылба мен сени издеп табам, издей берем. Сенсиз менин бакытым да, келечегим да жок. Сен менин гана Бегимайымсың, Бегимай.

Эртеси студенттердин көбү кетип бир азы гана жатаканада калышты. Аманжол сорок негедир менин жанымдан чыкпай калыптыр. Анын үстүнө бул бөлмөдө экөөбүз гана калган экенбиз. Аңгыча коңшу бөлмөдөн Сары деген бала кирип келип:

— Аманжол сен үйүңө кетпейт турбайсыңбы.Телевизорду сага таштап кетейин. Кийин сенден алам, — деди. Аманжол сүйүнүп, антенасын туташтыра салып көрө кетти. Кинолордон кийин экрандан түк алыстабай, улам улам саатын карайт. Көрсө сенин сүйлөөр маалыңды күтүп отуруптур. Мына сен сүйлөп жаттың, Бегимай. Назик үнүң кичинекей бөлмөбүздө жаңырып,жаркылдаган жүзүңө карап отурдук. “Алтыным менин, жылдызым менин,чүрөгүм менин” — деп ичимден миң толгонуп кайталап жаттым.Ошенткен менен өзүңдү көрмөйүнчө ишене албайм. Мүмкүн бүгүн эмес, мындан мурдараак убакта тартылып калган чыгарсың. Айтоор сени тапмайынча айылга кетпейм. Издей берем менин алгачкы махабатымды ойготкон Бегимайым. Айтчы сен кайдасың Бегимай? Кайда жүрөсүң? Көрүнчү көзүмө таңдын аппак нурундай шоола чачып.

 

© Аскаров Ч., 2009. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 3675