Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Драматургия, киносценарийлер, Драматургия / Улуттук жазуучулар Союзу сунуштайт
© Кулмамбетов Ж.О., 2008. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2008-жылдын 13 октябры

Жаныш Осмонович КУЛМАМБЕТОВ

Улуу тоонун онтоосу

Ч.Айтматовдун “Кыямат” романынын мотивдерин эркин пайдалануу менен жазылган эки бөлүмдүү драма


КАТЫШУУЧУЛАР:
Бостон.
Базарбай.
Күлүмкан.
Көктурсун.
Рыскул.
Асылгүл.
Акбары.
Ташчайнар.


Пролог

Айлуу түн. Айдын шооласына талаа – түз көшүлүп, мемиреп турду. Аңгыча ушул бейкуттукту бузуп, айланада кайдан – жайдан чыга калганы белгисиз эки бөрү пайда болду. Алардын бирөө Акбары, экинчиси Ташчайнар болчу. Акбары жок жоготкон немече ары – бери тынымсыз жойлоп, кыңшылай бир нерсе издеп, турган жерин бир нече ирээт чарк айланып ийди да, анан турасы түгөнө алдыңкы буттары менен жанталаша жер тырмалап кирди. Ташчайнар канчыгына кошулуп, кошо тырмалап ийди жерди. 
Бир убакта жанталаша жер тырмалап аткан бөрүлөр баштарын шарт көтөрүшүп, кулактарын тикчийтишип, бир нерсенин жигин билгенден бетер, жыт искеп калышты. Капысынан Акбарынын көздөрү оттой балбылдай түшүп, алдыны көздөй атырылып жөнөдү. Ташчайнар канчыгынын артынан арыш керди.

Биринчи бөлүм

Биринчи сахна

Айдын нуру талаага түшүп, эл орунга олтуруп калган маал эле. Жакын эле жерден аттын дүбүртү, карышкырдын адамдын сесин кетире ыркыраганы, кишинин жанталаша кыйкырганы угулуп, талаанын үстү дүрбөлөң түшүп калды. 
Кишинин үнү. (Жанталашып) Чү!.. Жаныбар, чү!..
Бөрүлөрдүн ыркыраганы. Ар – р – рр!..
(Талаанын үстүндөгү чаң – тополоң ого бетер күчөдү. Аңгыча ат “күп” этип жыгылды.)
Кишинин үнү. Тур!.. Жаныбар!.. Тур, ордуңан!.. Бөрүлөр келип калышты!.. Тур!.. 
(Ат аянычтуу кишенеп ийди. Ошол маалда, жылт – жулт эткен жарыктар көрүнө калып, иттердин ажылдап үргөнү угулду. Ошондон соң гана жылаң баш, плащы делбектеген, жонунда куржуну салпактаган Базарбай жарыкты көздөй жанталаша чуркады.)
Базарбай. (Жанталаша) Тогуз токоч бабеедин!.. Тогуз токоч бабеедин!.. Бостондун айлы экен!.. Жаным аман калат экен!.. Жаным аман калат экен!..
(Жанталаша качкан Базарбайга эки бөрү бучкактап жетип калышкан.) 
Бөрүлөр. Ар – р — рр!.. 
Базарбай. (Үрөйү ого бетер учуп) Атымды – ы!.. Атымды – ы, жаргыла!.. Калтырбадымбы, калтырбадымы, силерге!..
(Ансайын карышкырлар Базарбайдан кала турган эмес.)
Базарбай. (Айкырып) Жардамга – а –а!.. Жардамга – а –а!.. Айланайында –а – ар, жардамга – а!..
(Капысынан мылтыктын тарс – тарс атылганы угулуп, карышкырлар “ка – аңк” эте качып беришти. Күүгүмдө эки – үч каараан көрүнө калып, бирөө Базарбайды көздөй чуркады. Ал Рыскул болчу.) 
Рыскул. (Базарбайды көрө сала, чебелектеп) Базаке?!. Э. Кокуй, эмне болду?!.
Базарбай. (Демин баса албай) Карышкыр кууп!..
Рыскул. (Үрөйү учуп) Атың кана?!.
Базарбай. (Демин баса албай) Суурдун ийнине буту кирди окшойт, мүдүрүлүп жыгылбадыбы…
Рыскул. (Дагы эле чебелектеп) Кудай бир чоң сактаган экен, анда!..
Базарбай. (Демин баса албай) Ооба, кудайдын көзү түз экен!.. Айлыңарга туш келип калганымды кара. Болбосо, бөрүлөргө бөөдө жем болмок экемин!.. Атымды жара тарткандын оордуна мени бучкактап кууп алышпадыбы, жырткычтар!
Рыскул. (Үрөйү учуп) Көркоо карышкырлар го?!.
Базарбай. (Демин эми араң басып) Э, билбейм… 
Рыскул. Базаке, жүрү, үй тарапка. 
Базарбай. (Кылчактап) Атым…
Рыскул. Атыңды мен алып келип коем, үйгө барып мылтыгымды дүрмөттөп алайын. 
(Базарбай куржунун көтөрүп, Рыскулду ээрчий басты.)

Интермедия

Ошол эле түн. Бөксө тоолорду аралап эки бөрү жортуп келатышты. Алдыда Акбары, анын соңунда Ташчайнар. Акбары улам токтой калып, адам сыяктуу онтоп ийгенсийт. Анан соксоюп олтура калып, тумшугун асманга көтөрүп, кудайга үнү жете далайга чейин, аянычтуу улуп калат. Ал антсе Ташчайнар Акбарыга жете келип, тумшугун канчыгына аярлай тийгизип, улам – улам аянычтуу жалап иет да, андан соң ал да Акбарыга кошулуп кошо улуп кирет. Бөрүлөрдүн үнүндө тил менен айтып жеткизе алгыс кусалык бар эле.
Анан кайра Акбары менен Ташчайнар бөксөдөн – бөксө артып жөнөп калышты. Алыстан гана айылдын ызы – чуусу элдир – селдир угула калып атты, аларга. Бир аздан соң Акбары октос берип тык токтоду да, артына кылчайып, кыйыла туруп калды. Ага жете келген Ташчайнар да, Акбарыга кошулуп артын көздөй кылчайды. 
Акбары адатынча соксоюп олтура калып кайра улуп ийди. Ташчайнар ага кошулду. Эки бөрү кыйлага чейин басыла албай дагы улуп турушту.
Анан улам толгонуп, жанын коерго жер таппаган Акбары шарт кайрылып артын көздөй жөнөп берди. Ташчайнар кошо кетти.
Эки бөрү түн койнунда бөксө менен закымдап кетип баратышты.

Экинчи сахна

Бостондун кой короосунун кашаасынын четинен Базарбай менен Күлүмкан жолугушту. 
Базарбай. (Кекээрлеп) И – и, Бостондун сулуу, жаш катыны, эриң жокпу, үйдө, даам ооз тийгизгенге жарабаганыңа караганда?
Күлүмкан. (Териге) Эрим… жаман да болсо… сиздин бир тууганыңыз.
Базарбай. (Кекээрлеп) Бир тууганым болсо эмне экен?!. Казаныма аш салып берип койдуңар беле, кыйратып, тууган өңдөнүп?!
Күлүмкан. (Териккен калыбында) Кимдин казанына эле ким аш салып берип атыптыр… Ар кимдин ырыскысы өзүндө.
Базарбай. (Кыжыры келип) Мхи!.. Мага жардам бергенден көрө, башканы ылым санайсыңар да, силер! 
Күлүмкан. (Жаакташкысы келбей) Кирбейсизби, үйгө, эшикте туруп алып кекетпей, кишини. 
Базарбай. (Корс) Кирбейм!.. 
(Тыным.)
Күлүмкан. (Шагы сына) Ал  — жай сурашпай туруп эле, опурулуп бир тиесиз да…
Базарбай. (Кырс) Ал – жайыбызды билишпей жүрдүк беле. (Какшыктап) И – и, чоңоюп атабы, жанагы, бөлтүрүгүңөр?
Күлүмкан. (Сөзгө түшүнбөй) Кайсы бөлтүрүктү айтасыз?
Базарбай. (Кырс) Жанагы Карагулуңарды айтам – балаңарды.
Күлүмкан. (Ызалуу) Карагул эмес, Кенжебек. 
Базарбай. И – и, ошол бөлтүрүгүңөр.
Күлүмкан. (Ызасы тарабай) Кудайды карасаңыз боло, баланы да бөлтүрүккө теңейсизби?!. 
Базарбай. (Мойноп) Бөлтүрүк болсо бөлтүрүк да!..
(Күлүмкан кетмекчи болду.)
Дегеле сөз көтөрө албай калгансың, го, сен, Бостонго тийип алып!.. Токто!..
(Күлүмкан токтоп калды.)
Андан көрө Бостондун мылтыгын алып чыгып бер, үйүмө жетип алайын, караңгыда карышкырга таланды болбой.
Күлүмкан. (Шагы сынган калыбында) Мылтыкты… Бостонсуз кантип берем… Бостондун сырын билесиз да, эмне берип таштадың десе эмне деп жооп берем…
Базарбай. (Ачуулуу) Ушундайсыңар да, силер! Бир туугандан да ошол бир жаман көсөө артык болуп калган турбайбы, ээ, эми?!.
Күлүмкан. (Кыйыла) Бостон ал мылтыгын башынан эле эч кимге карматпайт да. Аны өзүңүз деле жакшы билет эмессизби.
Базарбай. (Кекээрлеп) Билем!.. Билбегенде эмне, ал чык татырбас Чынарбайыңды!.. Бала кезинен эле, кесип алса кан чыкпаган сараң болчу, эриң!.. Эми минтип элден ээндеп конуп, ээн жаткан жайлоону коруп…
Күлүмкан. (Шагы сына) Жайлоону эч ким коруган жок. Жөн эле айта бересизби?
Базарбай. (Корсулдап) Коруп эле атасыңар!.. Элдин баары эле айтып атат “Бир тууганың кудайдын куру талаасын да коруп алды” деп.
Күлүмкан. Оозуна алы жетпегендер, анан биздин жакшы жашап атканыбызды көрө албагандар ошентип айта беришет да.
Базарбай. (Какшыктап) Копурай, де!.. Эриң тим эле министир болуп калгансып сүйлөйсүң да. Эриңди катуу сүйөсүң го, болушканыңа караганда?
Күлүмкан. (Ызаланып) Эмне эле баятан бери мынча кекээрлейсиз, кишини, душманыңыздан бетер?!
Базарбай. (Аксымданып) Душманым элесиңер!.. Тууган болгондо эмне, мени жыргатып ийдиңер беле?!.
Күлүмкан. (Ындыны өчө) Сизге сөз жок экен… (Үйдү көздөй басып кетти.)
Базарбай. (Артынан) Шерменде!.. Эрназарды жутуп алып, Бостонго тийип алып, көзүн май баскан экен мунун!
(Ошол чурда Рыскул келип калды.)
Рыскул. Э, Базаке, дагы эле эшикте турасыңбы? Кирбейисңби, үйгө?
Базарбай. (Корс) Кимикине кирмек элем?!.
Рыскул. Бир тууган агаңдыкына кирбейсиңби, башканыкына кирбесең дагы.
Базарбай. (Кырс) Ошол ага болбой… ак койсун!..
Рыскул. Анда биздикине кир.
Базарбай. Жок. Кетем. 
Рыскул. Бир тууган болуп туруп… ушул экөөңө түшүнбөйм.
Базарбай. (Колун шилтеп) Биздин бала кезибизден бери эле жылдызыбыз келишпейт.
Рыскул. Эмне талашыңар бар?
Базарбай. (Нааразы боло) Бостон туугандын баркын билбейт. Болбосо, ушул жерде Бостонго сен кошуна эмес, мен жанаша олтурбайт белем. Э, жолу болсун ошонун. Атым аман бекен?
Рыскул. Кудай жалгап, буту сынбаптыр. Бир аз гана сылтып турат. 
Базарбай. Ырас болгон тура. Үйүмө жетип алайын деп, Бостондун мылтыгын сурасам, “жеңебиз” бере албайм дейт.
Рыскул. Базаке, мен эле жеткирип келейин, сени, мылтыгымды дүрмөттөп алып.
(Аңгыча куржундагы бөлтүрүктөр кыңшылай башташты.)
Э, кокуй, бул эмне эле?!.
Базарбай. (Мыйыгынан күлүп) Байлык.
Рыскул. Эмне болгон байлык?
Базарбай. (Күлүп) Эмне байлык болмок эле, жанагы бөрүлөрдүн бөлтүрүктөрү да. Жок издеп жүрүп, жолдон карышкырдын үңкүрүн көрүп калып, төрт бөлтүрүк таап чыгып атпайымбы.
Рыскул. А – а, ошон үчүн кууган турбайбы, карышкырлар?
Базарбай. Анан эмне! Үңкүрүнөн балканактай болгон төрт бөлтүрүгүн сууруп кетип атсам, оңойбу.
Рыскул. Анда кудай бир чоң сактаган экен, сени.
Базарбай. (Күлүп) Кудай дайыма ушинтип сактайт, мени.
Рыскул. (Кабатыр боло) Бирок, Базаке, бөлтүрүктөрүнөн ажыраган бөрүлөр эми, тынч жатпайт. Мал – жаныбыздын баарын кырып тынбаса эле болушту.
Базарбай. Кырдырып коюп карап жата бермек белек, тырайта – тырайта атып салабыз!
Рыскул. Бөлтүрүктөрдү эмне кыласың? Багасыңбы?
Базарбай. Багып башым шишиптирби, эртең эле шаарга алып барып туруп, жанагы акчасын кайда чачаарын билбей эсирген байларга сатып ием. Ар бирине беш миңден сурабайымбы.
Рыскул. Жүйөөсү бар экен, анда.
Базарбай. Базакең жүйөөсүз да иш кылчу беле, мактанып коеюн, ушинтип. Көз акыңды берем. Миңи сеники. Кой, кеттик, анда. (Куржунду көтөрүп, Рыскул менен ээрчише басты.)

Интермедия

Түн. Ташчайнар менен Акбары жыла басып мал жаткан кашаанын четине жакындашты. Кашаанын түбүнө чейин келишип, анан бир саамга дым чыгарбай жатып калышты. Бир аздан соң орундарынын окторула ыргып турушуп, кашааны айлана жаалдана атырылып малга кол салып ийишти. Койлор маарап, уйлар өкүрүп, айлана бир заматта кыйсыпыр түшүп калды. 
Алдастап чуркашкан кишилердин карааны көрүндү.
Кишилердин үндөрү. — Карышкыр тийди!.. 
- Карышкыр тийди!.. 
- Короого карышкыр тийди!..
(Кыйкырык – чуу, мылтыктын тарсылдагы чыгып, бөрүлөр кандай жаалдана атырылып кол салышса, дал ошондой атырылып заматта жок болуп кетишти. Мал – жан, кишилердин ызы – чуусу кыйлада барып басылды.
Анан бир аздан соң кыраңдан карышкырлардын кудайга үнү жете тынымсыз улуганы угула баштады.)
Бөрүлөр. (Улуп) У –у – у – у – у – у – у!.. У –у – у – у – у – у – у!.. У –у – у – у – у – у – у!..

Үчүнчү сахна

Ошол эле түн. Бостондун кой короону тоскон кашаасынын жанында эки караан карышкырлардын улуганына кулак түрүп, тынчы кетип турушту. Алардын бирөө Бостон, экинчиси Рыскул эле.
Бостон. (Чарчаңкы) Бул кутургурларга жин тийгенби, ыя? Эки күндөн бери уйку бетин бербей атышат. Ачыгып калышкан го… Анан калса, дегеле мылтыктын кароолуна илинбеген кексе немелер экен. (Айласы кетип) Турабыз түгөнө турган болду го?..
Рыскул. (Алда нени ойлоп) Билгем ушундай болоорун…
Бостон. Эмнени билдиң эле?
Рыскул. (Тайсалдап) Иниңиз… Базарбай, ушул бөрүлөрдүн төрт бөлтүрүгүн үңкүрүнөн алып чыгыптыр, мурдагы күнү.
Бостон. Анан?
Рыскул. Анан, артынан карышкырлар кууган экен, жанталашып биздин айылга кире качыптыр. Ушул жерде бүгүнкүдөй кайра – кайра мылтык атып атып, иниңизди бөрүлөрдөн араң дегенде куткарып калганбыз. Мен ошондо эле айткам, бөлтүрүктөрүнөн ажыраган бөрүлөр бизди тынч койбойт деп. 
Бостон. (Ачууланып) А мага эмне дароо айткан жок элең?!
Рыскул. (Кыйыла) Айтканда… Базарбайга сиздин тилиңиз өтпөйт да, баары бир, кер аяк немеге.
Бостон. (Маанайы түшө) Туура, андайы бар. (Үмүттөнө) Бирок, кепке – сөзгө келтирсе болот да… Жылуу сөз жылаанды ийнинен чыгарыптыр дейт. (Бир аз тыным) И – и, эмне эмне эле мылытыктын кароолуна илинте албай атам десе, бөлтүрүктөрүнөн ажыраган жан кечти бөрүлөр турбайбы. Ой – ой – ой, буларды жайлаш кыйын болот. Бөлтүрүктөрүн кайра үңкүрүнө жеткирип берип тынбасак, бөрүлөрдүн кегинен кутула албайбыз, эзели.
Рыскул. Эми булардын бөлтүрүктөрү колуңузга тийбейт ко…
Бостон. Эмне үчүн?
Рыскул. Иниңиз сатам деп аткан. Ар бирин беш миңден. 
Бостон. (Кызалаңдап) Сатам деп… Сатсын!.. Мага сатсын!.. Мен берем ошол акчасын!..
Рыскул. (Оозу бош) Барып көрүңүз…
Бостон. Азыр эле аттанам. Мал – жанды сен карап тур, эми. (Үйдү көздөй басмакчы болду).
Рыскул. Жолдо сак болуңуз, бөрүлөр кол салбасын. Уктуңузбу, булар Акбары менен Ташчайнар экенин? Малчылар айтып атышат.
Бостон. (Чочуп кетип, аялдай калды) Акбары менен Ташчайнар дейсиңби?!
Рыскул. Ооба…
Бостон. (Башын чайкап) Алда кашайгырдыкы, ае!.. Алда кашайгырдыкы, ае!.. Эми накта куруган турбайбызбы!.. Жөнөкөй карышкырлар болсо да бир жөн эле!.. Ай, оңбогон иним, ай!.. Башыбызды балээге малган экенсиң!.. Кой, буйдалбай жөнөйүн!.. (Рыскул экөө шашыла кашааны тегерене басышты. Бир аздан соң аттын дүбүртү чыгып, алыстап кетти.)

Интермедия

Мылтыктын үнүнөн качкан эки бөрү тоонун кырында пайда болушту да, Акбары адатынча асманга тумшугун созуп, жан ачыта улуп кирди.
Бөрүлөр. (Улуп) У –у – у – у – у – у – у!.. У –у – у – у – у – у – у!.. У –у – у – у – у – у – у!..
(Кош бөрүнүн улуганы теребелди козгоп, тоодон тоого жаңырып атты.)

Төртүнчү сахна

Ошол эле түн. Базарбайдын короосу. Иттер ажылдап үрүп ийишти. Аттын дүбүртү жакындады. Кашаанын жанында мылтыкчан Базарбай көрүндү.
Базарбай. (Мылтыгын кезеп) Келаткан, ким?!.
Бостон. (Мылтыгын асынып, атынан түшүп, чылбырын сүйрөп, жактырбай, суз басып келди) Түшүр мылтыгыңды, каракчы көргөнсүбөй!
Базарбай. (Мылтыгынын оозун жерге каратып, нааразы боло) Каракчы менен ууру – кески жүрбөгөн жер барбы, ушул заманда…
Бостон. (Базарбайга тик карап) Келдим…
Базарбай. Көрүп атам… Көзүмдү чел баса элек.
Бостон. (Оозуна сөз кирбей) Жөн – жай келген жокмун…
Базарбай. Жөн – жай каяктан келмек элең, меникине, башыңа иш түшпөсө!.. Сен бизди теңиңе аласыңбы.
Бостон. (Сабыр этип) Базарбай, мен сага эмне жамандык кылдым, ыя? Душманыңдан бетер кектеп келатасың, дайыма?
Базарбай. (Какшыктап) Жети түндө ушуну айтканы келдиңби, ошончо жерден, кудайдын убарасын тартып? Уйкуңдан чочудуңбу?
Бостон. (Сабыр этип) Мага эмне таарынычың бар? Адегенде сеникин угайын. Анан келгенимдин жайын айтайын.
Базарбай. (Корс) Таарыныч айтышчу убакты тапкан экенсиң, түн ортосунда! Андай эле акылдуу, билимдүү экенсиң, бир коюңду союп, конокко чакырып, анан айтпайсыңбы, айтчуңду, башыңа күч келгенде колоктоп жетип келгендин оордуна. 
Бостон. (Сабыры кетип) Базарбай!..
Базарбай. (Оңураңдап) Эмне, сабайсыңбы?!. Саба!.. Же атасыңбы?!. Ат, анда!.. Колуңдан башка эмне жакшылык келет, сенин!..
Бостон. (Сабыр этип) Эми мен ошондой акмак турбайымбы. Дегеле сеники чын. 
Базарбай. (Корс) Какшыктаба!..
Бостон. (Сабыр эте) Койдум, койдум… Менден кетсе, кечир. Коюмду союп деле чакырайын. Айыптуу болсом, анымды деле тартайын. Эми, күн болобу, түн болобу, атайы келип калган соң, улуу башымды кичүү кылып сурайын — ич күптүңдү айтчы, байболгур.
Базарбай. (Кулжуңдап) Көсөөнүн акылы түштөн кийин дейт. (Бир аз тыным) Сен байыдың…
Бостон. Байыдым. Бирөөнү тоноп, бирөөнү сызга олтургузуп, алып — жулуп байыган жокмун – таман акы, маңдай теримдин акыбети. Сен да жарды эмессиң. Кудайга шүгүр, корооңдо коюң, коктуда саап ичээрге бир эмес эки – үч уюң турат. Ошого да тобо деп, топук кылыш керек.
Базарбай. (Кекээрлеп) А сен эмне топук кылбайсың?! Мал – жаның көбөйгөн сайын көбөйтүп эле атасың, көбөйтүп эле атасың. Көрүңө кошо ала кетесиңби?!
Бостон. Ушулбу таарынычың?
Базарбай. Мхи!.. Чыдап уга аласыңбы, же ушинтип чычалай бересиңби?!.
Бостон. Айт, айт… Билип турам, эмне айтаарыңды. Ошентсе да, угайын.
(Тыным).
Базарбай. Башынан эле атам сени чалчактата эркелетип, баарыбыздан артык көрчү.
Бостон. Ошого да мен күнөөлүмүнбү, эми?
Базарбай. Көнгөнсүң да, ошондо өзүмчүл болуп!
Бостон. (Сабыр эте) Эмне өзүмчүлдүк кылдым, айтчы.
Базарбай. Ата мээрими менен эне мээримин бизден көп көрдүң… Анан…
Бостон. (Чыдай албай сөзүн бөлүп) И – и, сен мени Жусуп пайгамбардай кылып, Египетке сатып иймек экенисң да, колуңдан келсе, атам сени бизден артык көрчү деп туруп. Капыра – ай, ушуга чейин билбепмин.
Базарбай. (Корс) Жусуп – мусубуңду билбеймин!.. Куржун толо китеп окуганыңа мактанган турасыңбы, мага?!. Көп болсо зоотехниктин окуусун бүтүпсүң, кана эл сыяктуу чоң болгонуң, жүрөсүң бир короо койдун артынан?!. 
Бостон. Мен чоң болоюн деп бүтүптүрмүнбү, окууну. Өзүм үчүн бүткөм, кооромдогу коюмду тыңыраак карайын деп, башкаларга жалдырабай.
Базарбай. (Жактырбай) Мына!.. Өзүмчүлсүң да. Өзүңдү эле ойлодуң да, мен чоң болсом ага – тууганыма пайдам тибейби дегендин оордуна. (Жаны күйүп) Башкалардын тууганын көрүп туруп ичиң күйөт, тим эле! 
Бостон. Эми мен башкалардай эмес экемин…
Базарбай. (Какшыктап) Сен эми ошондой “особый” кишисиң да!..
Бостон. (Маанайы чөгө) Койдум, койдум. Кулагым сенде. Ары жагын айтчы, байболгур. 
Базарбай. (Кыртыштап) Угуп тур, чыдасаң. Балдарым жаш болуп, баары бирдей окуп, бирине тартсам бирине жетпей, кыйналган учурум эсиңдеби?
Бостон. Эсимде. 
Базарбай. Ошондо, бир тууган экениң чын болсо, “Кокуй, иним куурап калмай болду” деп, жардам бергендин оордуна, муздун жараңкасына учуп өлгөн Эрназардын жаш катынына үйлөнүп алгансың! Эл айтты, ансыз деле, “Катындан көзү бозоруп, өлүп бартса деле кое турбайбы, андан көрө силерге жардам бербейби” деп. Бул эмне, өзүмчүлдүк эмеспи?!. Ошондо жүрөгүм бир муздаган, сага.
Бостон. (Сабыр этип) Эл эмнени билип коюптур. Билесиң да, анда мен да жыргап кеткен эмесмин. Арзыгүлүмдөн ажырап, эки кызым жалдырап жетим калганда, өзүм жалгыз багып, түйшүгүн тартып аткан кезим эмес беле. Кыздарым сенин балдарыңдан кырдуу беле?
Базарбай. (Кыжыры келип) Дайыма ушинтип, жообуң даяр. Мойнуңа дегеле эч нерсе албайсың.
Бостон. Болгонун болгондой айтып атам.
Базарбай. (Жактырбай) Үй сала албай эсим эки болуп турган чакта, жарытып жардам берген жоксуң… Жалгыз өзүм бүткөрдүм.
Бостон. (Жаны күйүп) Базарбай, сен үй салып атканда, мен тоодо боз үй тигип күн өткөрүп атпадым беле. Үй эмес, үйүмдүн оорду да жок болчу, анда. Мен да үй салып алайын деп камынып жаткан чагым эмес беле, эгер унута элек болсоң.  
Базарбай. (Кыжырлуу) Сен ансыз деле тоодо – ташта жашап жүргөнсүң, кое турсаң болмок да, мага атаандашпай. Адегенде мага жардам берип койсоң, кийин деле салып алат элең да. Сага жетпейби.
Бостон. (Жаны күйүп) Э, кокуй, мен сага атаандашкан экемин да?!. Кантип ушул сөздү айтып атасың?!. Кудайды бир карасаң боло, Базарбай!
Базарбай. Чычалаба!.. Атаандашкансың!.. Эрегишкенсиң!.. Ушуга бергенден көрө өзүм үй салып ала коеюн дегенсиң!.. Сараңсың да!.. Жакшылыгың жок!.. Өзүмчүлдүгүң ошол да!.. Тууган сендей болбойт!.. (Тиштенип) Ошондо жүрөгүм ого бетер муздаган, сага!.. Эми эч качан менин жүрөгүмдүн музун ээрите албайсың.
Бостон. (Жаны түтөп) Кудайга койдум!..
Базарбай. Кудайды ала сүйлөбө!.. 
Бостон. (Сабыр этип) Болуптур, болуптур, мынча болгондон кийин атып кал, айтчуңду. 
Базарбай. (Корс) Дегеле тууган болуп, ушунча жашка келгени, бир жолу да ал  — жайымды сурап койгонго жараган эмессиң!..
Бостон. (Токтоо) Кичүү болуп сен сурап койсоң эмне болот?!. 
Базарбай. (Кырс) Сен тууган өңдүү болсоң, сурамак түгүл отуң менен кирип, күлүң менен кошо чыгып турмакмын, билсең!..
Бостон. (Башын чайкап) Айла жок экен да, сага!..
Базарбай. (Табалай) И – и, чындыкты айтып койсом, жооруңа туз куйгандай ачышып атабы, жаның?!.
Бостон. (Оозуна сөз кирбей делдиреп) Базарбай, сен экөөбүз бир ата, бир эненин баласыбыз го?!. 
Базарбай. (Какшыктап) Ошону эми билип атасыңбы, сен?!.
Бостон. (Айласы кетип) Сен экөөбүз Каин менен Авелдей болгон турабызбы, эми?
Базарбай. (Куйкасы курушуп) Ай!.. Китептен окуп алган сөздөрүңдү сүйлөбөчү, мага, акылдусунуп, Авел – павел дебей!.. Билимдүүлүгүңдү жанагы жаш катыныңа көрсөт! Ошого үйрөт, акылыңды, ашып – ташып атса!..
Бостон. (Делдиреп) Эмне дешти да билбей калдым… 
Базарбай. (Кыжырлуу) Сен элдикиндей болуп жыргаткан тууган эмессиң, ошону айтып атам, сага, баятан бери, түшүнсөң!
Бостон. (Айласы куруп) Баарына мен күнөөлү турбайымбы, ээ?
Базарбай. (Куйкасы курушуп) Күнөөлү болсоң – күнөлүсүң да! 
Бостон. (Айласы ого бетер куруп) Күндү эмнеге бүркөлтөсүң, чагылганды эмнеге чартылдатасың, селди эмне жүргүзөсүң деп да күнөөлөгүң келип турабы, мени?!. 
Базарбай. (Кырсыя) Болду, жетишет!.. Сага эртеден бери адам экен, агам экен деп айтып атсам!.. Сага корогон кайран сөз!.. сен эч качан оңолбойсуң!.. (Кетмекчи болду.)
Бостон. (Каңырыгы түтөп) Болуптур, качандыр бир кезде түшүнөөрсүң…
Базарбай. (Корс) Түшүнбөйм – этпейм!..
Бостон. (Маанайы түшө) Өзүң бил, анда. Эми мен айтайын, келгенимдин себебин. Сенде карышкырдын бөлтүрүктөрү бар экен… 
Базарбай. (Башын чайкап) Ой – ой – ой, ушунчалык битир болуп кетипсиң, ээ?!. Эми ошол төрт бөлтүрүктү да мага ыраа көрбөй турасыңбы?!.
Бостон. (Жаны күйүп) Базарбай, укчу, сөзүмдү!.. 
Базарбай. (Корс) Айтпасаң да билем – бөлтүрүктөр жок! Сатып ийдим!
Бостон. (Жанталашып) Кимге саттың?!.
Базарбай. (Корс) Ким экенин каяктан билейин, шаарга алпарып сатып келдим!..
Бостон. (Жаны түтөп) Ай, Базарбай, ай, Базарбай!.. Эмне мынча карамүртөзсүң, сен?!.
Базарбай. (Ороңдоп) Карамүртөз эмес бир тууган таап ал!.. (Кетмекчи болду.)
Бостон. Кое тур!.. Чыныңды айтчы!.. Эгер сата элек болсоң, мен берейин – канча сурасаң!.. Базарбай!..
Базарбай. Өзүңө керек болгондо, өз жаныңа күч келгенде, ушинтип түн катып келет экенисң да, ээ?!. А кереги жок болсо, карап да койбойсуң да, ээ, тууганым экен деп?!. Башың баш, багалчагың кара таш деп!..
Бостон. (Жаны күйүп) Базарбай!..
Базарбай. (Орой) Болсо да бербеймин, сага!.. Ошол!.. (Үйүн көздөй дулдуңдап басып кетти).
Бостон. (Артынан ээрчий басып) Базарбай!.. Ай, Базарбай!.. 
(Базарбай артына кайрылган жок. Бостон бозала болуп туруп, анан атын көздөй илкий басты.)

Интермедия

Көөдөй караңгы түн. Шарпылдаган кудуреттүү толкундун үнүнө аралаш куса болгон Акбары менен Ташчайнар тынбай боздоп улуп атышты. 
Бөрүлөр. (Улуп) У –у – у – у – у – у – у!.. У –у – у – у – у – у – у!.. У –у – у – у – у – у – у!..
(Айлана эки бөрүнүн кусалуу улуганына толуп турду.)

Бешинчи сахна

Ошол эле көөдөй караңгы түн. Бостондун кой короосун тоскон кашаанын жаны. Капысынан, кашаадан анча алыс эмес жерде жалтылдаган эки бирдей шам улам ар кайсы жерде пайда боло калып, кайра жок болуп кетип атты. Ошол убакта кашаадан нараакта мылтык тарс атылып, улам калкылдап, берини көздөй жакындаган асма чырактын жарыгы чыкты. Аңгыча, жүгүрүп келаткан эки кишинин карааны көрүндү. Алардын бирөө Бостон, экинчиси Күлүмкан болчу.
Күлүмкан. (Энтигип) Ат!.. Бостон, ат!.. Эмне карап турасың?!. Корообузду кырып кетет!.. Ат, тез!..
Бостон. (Энтигип) Атпадымбы, жаңы эле!.. 
Күлүмкан. (Энтигип) Асманга аттың!.. Карышкырды аткан жоксуң!.. Дагы ат!.. Түз ат!..
Бостон. (Энтиге, башын чайкап) Ушул жетет!..
Күлүмкан. (Энтиге) Эмне атпай атасың?!. Эмне аяп атасың, карышкырды?!. (Ыйламсырап) Ушунча күндөн бери тынчтык жок. Кыйнап бүтүштү, булар, бизди!.. Буларды атып өлтүрбөсөң, жинди кылат, баарыбызды. Улуп эле атышат!.. Улуп эле атышат!.. Кеч киргенден таң аткыча тынчтык беришпейт!.. Эмне атпай койдуң?!.
Бостон. (Демин басып) Кетип калды…
Күлүмкан. (Ыйламсырай) Мен көрдүм го, көрүп туруп атпай койдуң, сен!..
Бостон. (Тайсалдай) Жакшы эле аттым…
Күлүмкан. (Ыйламсырай) Аткан жоксуң!.. Аткан жоксуң!.. Калп айтпа!..
Бостон. (Үнүн өкүм чыгарып) Болду, Күлүмкан, ушунчаңда тыйылып кал!..
Күлүмкан. (Ыйын тыя албай) Кудай – ай, эмне күнгө туш кылдың, бизди?!.
Бостон. (Күлүмканды ийнинен кысып) Болдучу, алтыным, болдучу, эми…
(Экөө бир саамга унчукпай кучакташкан бойдон туруп калышты.)
Күлүмкан. (Ыйламсырай) Эзилип кеттим…
Бостон. (Аяй) Түшүнүп атам, алтыным. (Чыракты булгалып) Көрүп атасыңбы, тээтиги алыстагы жалт – жулт эткен эки шамды.
Күлүмкан. (Жашын тыйып, үрпөйө түштү) И – и, көрүп атам. Ал эмне болгон шам? Же, машиненин жарыгына окшобойт, же…
Бостон. (Үшкүрүп) Көрүп атсаң, ошол эмелеки карышкырдын канчыгынын көзү…
Күлүмкан. (Чый – пыйы чыгып) Атпайсыңбы, анда, эмне карап турасың?!.
Бостон. (Башын чайкап) Ок жетпейт. Бизге ошентип жакын көрүнгөн менен тээтиги эле тоонун кырында олтурат.
Күлүмкан. (Таң кала, жакасын кармап) Тобоо, караңгыда тим эле оттой болуп күйүп турат турбайбы, карышкырдын көзү. Биринчи жолу көрүшүм.
Бостон. (Чарчаңкы) Бир да карышкырдын көзү күйбөйт. Ушунун гана көзү ушинтип күйүп турат.
Күлүмкан. (Ого бетер таң калып) Эмнеге?
Бостон. Эмнеге болмок эле, Кыдыр даарыган бөрү да, ошон үчүн.
Күлүмкан. (Ого бетер үрпөйө) Эсимди чыгарып атасың, сен, Бостон!..
Бостон. (Дагы үшкүрүп) Чын. Бул жөнөкөй карышкыр эмес. Акбары.
Күлүмкан. (Эси чыгып) Ал эмне дегениң?!
Бостон. Ушул карышкырдын канчыгын гана адамдар ушинтип, Акбары деп атап коюшкан. Дөбөтү Ташчайнар.
Күлүмкан. Эмне үчүн?
Бостон. Жөнөкөй эмес экени ошол да. Болбосо, каңгыган каршыкырдан көп эмне бар? Алардын кайсы бирин адамдар билип, таанып коюшуптур. Ал бул канчыкты аябай жакшы билишет. Аябай жакшы таанышат. Булар былтыр Хан–Теңири тараптан ооп келишти, бизге. Бир дагы бөрү даап уй баласына кол сала албайт. А булар экөөлөп өгүздү жара тартып кетишет. Жанагы, кара өзгөй инимдин ошончодон ушул карышкырлардын бөлтүрүктөрүн алып кеткенин карабайсыңбы, ач көз! (Үшкүрүп) Ошондо мен болсом… Базарбайдын чыкыйына мылтык такасам да, алган жерине кайра жеткиртмекмин да, дароо. Болбой калганымды кара…
Күлүмкан. (Ойлуу) Эми түшүндүм.
Бостон. Эмнени?
Күлүмкан. Эмне үчүн атпай койгонуңду.
Бостон. (Ойлуу) Түшүнсөң, ошол...
(Аңгыча карышкырлардын улуганы угулду.)
Бөрүлөр. (Улуп) У –у – у – у – у – у – у!.. У –у – у – у – у – у – у!.. У –у – у – у – у – у – у!..
Күлүмкан. (Үрөйү уча кулак түрүп) Улуп атат!..
Бостон. (Зээни кейип) Улуйт да, балдарынан ажыраса. Ал да сен сыяктуу эне да. Куса болуп атат да, курган неме.
Күлүмкан. (Башын ийкегилеп) Аның чын. Курган эне, адамы болобу, айбаны болобу, баары бир балам дейт турбайбы.
Бостон. (Айласы кете) Бул эми кетпейт, бөлтүрүктөрүн тапмайынча.
Күлүмкан. (Кабатыр боло) Кайдан табылат, бөлтүрүктөрү, кимдин колуна тийип, кайда бутташып кеткенин кайдан билебиз, эми.
Бостон. (Аргасы түгөнө) Ошону айтпайсыңбы…
Күлүмкан. Мал – жаныбызды майкандап бүтмөйүнчө жандары тынбайт ко, эми, кек сактап калган немелер?
Бостон. (Ындыны өчө) Ошентиши мүмкүн…
Күлүмкан. (Кыжаалат боло) Анан эмне кылабыз?
Бостон. (Маанайы пас) Билбейм…
(Бостон менен Күлүмкандын айлалары кетип турду. Акбары менен Ташчайнар басылбай улуп атышты.)
Бөрүлөр. (Улуп) У –у – у – у – у – у – у!.. У –у – у – у – у – у – у!.. У –у – у – у – у – у – у!..
(Түнкү Ысык — Көлдүн көөдөй караңгыда күр – шар этип тынбай толкуганы жүрөктүн үшүн алат. А бөрүлөрдүн үнүндө жан чыдагыс кусалык бар эле.)

Интермедия

 Түн. Кырда Акбары менен Ташчайнар олтурушту улуп. Экөөнүн улуганында айтып бүткүс муң бар болчу.
Бөрүлөр. (Улуп) У –у – у – у – у – у – у!.. У –у – у – у – у – у – у!.. У –у – у – у – у – у – у!..
(Бөлтүрүктөрүн сагынган эки бөрү жан чыдагыс кусалуу үн менен кыйлага чейин басылбай улушту. Же чарчаштыбы, же бир нерсе ойлоруна келдиби, айтор көптөн кийин бөрүлөр жаалдана ыркырап алышып, кыр менен жортуп жөнөштү.)

Экинчи бөлүм

Алтынчы сахна

Түн. Жылкынын чучуктай чыңырып кишенегени угулду да, бир заматта туяктардын сансыз дүбүртү жердин бетин силкинтип ийди. 
Алдастаган кишилердин карааны көрүнө калып, адатынча кыйкырык – чуу чыкты.
Аңгыча колуна мылтык алган Рыскул энтеңдеп жетип келди. 
Рыскул. (Демин баса албай чебелектеп ийди) Алда катыгүн, ае!.. Алда катыгүн, ае!..
(Тигинин соңунан Бостон келип калды.)
Бостон. (Күйүккөнүн баса албай) Эмне болду?!. 
Рыскул. (Жаны кейип) Жарып кетиптир, Тору айгырды!..
Бостон. (Ындыны өчө) Тору айгырды дейсиңби?!..
Рыскул. (Оозуна сөз кирбей) Оо – оба!.. Колкосу үзүлүп жатат!..
Бостон. (Уккан кулагына ишенбей) Тору айгырбы?!.
Рыскул. (Жан ачып) Ооба, Тору айгыр!.. Тигине!..
(Бостон Рыскул көрсөткөн тарапты көздөй жүгүрдү. Анан бир кыйладан соң өңү боп – боз болуп илкий басып кайра келди.)
Бостон. (Калч – калч этип) Кайран гана Тору айгырым!.. Асылдын асылы эмес белең, жаныбар!.. Бир үйүр жылкым өзүңдөн тарады эле!.. Алтынга бергис мал элең го!.. Көзүн жалдыратып… жатат бутун серпе албай!.. Акбары… Акбары үзүптүр колкосун. Көрүнүп турат, бир сермеп эле шалап таштаган турбайбы!..
Рыскул. (Жаны кейип) Ошентиптир да!..
Бостон. (Калчылдаганы жасылбай) Болбостур!.. Болбостур!.. Жакшы эле чыдадым эле… Сөз бердим эле, өзүмө…
Рыскул. (Кооптоно) Эмнени айтып атасыз?!.
Бостон. (Калчылдаганы дагы эле жасылбай) Эми жайлам!.. Айлам жок!.. Бүттү!.. (Тиштенип) Чыдоонун да чеги болот турбайбы… Жаныма таш батып кетти!..
Рыскул. (Чыдамы кетип) Айтканыңызга түшүнбөй турам?!.
Бостон. (Калчылдаганы дагы эле жасылбай) Эми аны ошондо түшүнөсүң. 
Рыскул. (Үрөйү учуп кетти) Кимди жайлаган атасыз, кокуй?!. Тиги… бир тууганыңыздыбы?!.
Бостон. (Селт эте чочуп кетти) Бир тууганым?!.. Эмне андай жаман ой келе калды, сага?
Рыскул. (Дагы эле кооптуу) Билбейм… “Жайлайм!” дегениңизден, коркуп кетип, санаам санга кетпедиби.
Бостон. (Кыжыры келип) Ушунун баарына ошол карамүртөз… акмак күнөөлүү!.. Булардын бөлтүрүктөрүн албаганда, мындай болмок эмес!.. Ушунча күн баарыбыздын тартпаган азабыбыз калган жок!.. Чачыбыз агарып бүттү! Саксактап, уйку бетин көрбөй, күнү – түнү кайтарганыбызга карабай малыбыздын баарын чекесинен кырып атышат!.. Бөлтүрүктөрүнүн кегин алып атышат да. Карачы, эми, аялуу малыбызга кол сала башташты! Ошонун карамүртөздүгүнүн азабын биз тартып атабыз, минтип!.. 
Рыскул. (Дагы эле кооптуу) Сабыр этиңиз, кокуй!.. 
Бостон. (Жаны түтөп) Сабырым түгөндү, Рыскул!.. Түгөндү!.. Эми аямай жок!.. (Калчылдай басып жөнөдү.)
Рыскул. (Бостондун артынан басып) Босоке!.. Босоке!.. Эсиңизге келиңиз!.. Эсиңизге келиңиз!..
(Бостон ылам деп сөз айтпай түнөргөн бойдон караңгы түнгө сүңгүдү. Жүрөгү түшкөн Рыскул анын артынан кошо кетти.)

Интермедия

Ошол эле түн. Жаалданган Акбары менен Ташчайнар арыш керип бөксөнү аралап кетип баратышты. Кыйла жерге барганда адатынча Акбары тык токтоду да, олтура калып асманга тумшугун көтөрүп муңдуу улуп ийди. Ташчайнар Акбарыны коштоп улуп кирди.
Бөрүлөр. (Улуп) У –у – у – у – у – у – у!.. У –у – у – у – у – у – у!.. У –у – у – у – у – у – у!..
(Түнкү теребел эки карышкырдын улуганына толуп чыкты.)

Жетинчи сахна

Эртеси. Бостондун кой короосун тоскон кашаанын жаны. Мылтыгын асынган Бостон менен аны узатып аткан Күлүмкан.
Күлүмкан. (Убайым жеп) Бостон, бүгүн келбейм дейсиңби?
Бостон. (Күлүмкандын көзүн карабай) Малды алыс жайып кетем. Биротоло жайыт чала келейин… 
Күлүмкан. (Убайым жеген калыбында) Сен бүгүн башкача болуп турасың. Менден бир нерсени жашырып атасың. 
Бостон. Эмнени жашырмак элем… Жашыра турган эмнем бар, сенден… Жакшыраак жайыт таап келейин деп атпайымбы. Түнөп келбесем, жайыттын жайын кантип билем.
Күлүмкан. Малыңды Рыскулга кайтартып коюп деле, өзүң күн барып, күн келгидей болуп, жайыт издесең болбойт беле? Башта мындайың жок эле?..
Бостон. Рыскулга догумду артып эмне кылам. Өзүм эле барып чалып келем, малымды жайып олтуруп. Кабатыр болбо, алтыным.
Күлүмкан. (Убайым жеген калыбында) Билбейм, түндөтөн бери эле капысынан жайыт издейм деп калдың. Мурда күзгө чейин ушул жерде олтурабыз деп атпадың беле?
Бостон. (Жооп издеп) Журт которуштурбасак… бөрүлөр тигинтип тынчтык бербей атышпайбы. Балким, из жазгырып алыс көчүп кетсек, кутулаарбыз.
Күлүмкан. (Ишеңкиребей) Ошон үчүн элеби?
Бостон. Ошон үчүн эле…
Күлүмкан. Мейлиң, мынча ээлигип алыпсың… Чалсаң чалып кел. Бирок, сак бол. Ууру – кески деген бар, жалгыз – жарымды жаздым кетирбей турган. Бөрүлөр да артыңдан калбай ээрчип алышы мүмкүн.
Бостон. Бөрүлөрдү түндө тоо ашыра кууп келбедимби. Алар биякка кайрылып келгиче, малымды далай жерге айдап кетип калам. Андан көрө, өзүң сак бол. Кенжебекти жакшылап кара. Кокус, жаны ачынып калган бөрүлөр кол салып жүрбөсүн.
Күлүмкан. (Үшкүрүп) Эми биз үйдө эмеспизби. Бизден кабатыр болбо. Мал – жанды болсо, баарын сен айдап кеткен атасың. Мен сенден кабатыр болуп атам. Деги аман – эсен барып келсең эле, болду.
Бостон. (Күлүмканды чекесинен сүйүп) Аман – эсен тургула.
(Бостон кашаадан алыстады. Күлүмкан узата карап турду. Бир аздан кийин жанына Асылгүл келип калды.) 
Асылгүл. (Кабатыр боло) Кеттиби, күйөөңүз?
Күлүмкан. Кетти. (Үшкүрүп) Аман болсо экен, деги. Жалгыз – жарым жүргөндөн да киши коркот, ушул заманда.
Асылгүл. (Аяр) Күлүмкан, эже, сиз эч нерседен шек алган жоксузбу? 
Күлүмкан. (Кооптуу) Эмнеден?
Асылгүл. (Кыйыла) Оозум да барбай атпайбы, айтканга. Түндө, жатаарда… Рыскул айтып калды…
Күлүмкан. (Кооптуу) Эмне деп?
Асылгүл. Тиги… “Босокем бир балээнин ичинен чыккан турат окшойт” деп…
Күлүмкан. (Кооптуу) Ал эмне дегени?!.
Асылгүл. Базарбай байкеге жини келип атат деди го…
Күлүмкан. Алар башынан эле бири – бирин жактырышпайт.
Асылгүл. Аны баарыбыз эле билебиз го… Бирок, “Ушунун баарына Базарбай күнөөлү” деп катуу ызырынды дейт, кечинде… Ал түгүл өлтүрөм дегендей кылган го.
Күлүмкан. (Чочуп) Койчу, ай?!.
Асылгүл. (Кабатыр боло) “Мен ошондой ойлоп калдым” дейт, Рыскул.
Күлүмкан. (Жүрөгү ылдыйлап) А – а, ал Рыскулдун эле ою турбайбы анда. Инисин жаманчылыкка өз колу менен кыйгыдай, экөөнүн ортосунда анчалык эмне болуптур… Эми, карышкырдын бөлтүрүгүн алып коюптур, алар бизге тынчтык бербей атат деп эле инисин жамандыкка кыймак беле.
Асылгүл. (Жүрөгү ылдыйлап) Билбейм… деги ошондой эле болсунчу. Угуп алып, аябай сарсанаа болбодумбу, түндөтөн бери.
Күлүмкан. Жаманбы, жакшыбы, баары бир алар бир тугандар да, Асылгүл. А бир тууган бир тууганды кыймак беле. Жайыт чалам деп эле кетти.
Асылгүл. (Жүрөгү ылдыйлап) Ошондой эле болсунчу, деги…
Күлүмкан. Ошондой эле. Кокус бир шек – шыбатын байкайт элем го, андай болсо.
(Эки келин ээрчише кашааны айлана басышты.)

Интермедия

Ошол эле маал. Акбары менен Ташчайнар бөксөдөн бөксө артып кайдадыр шашыла жортуп баратышты.

Сегизинчи сахна

Базарбайдын короосу. Мылтыгын асынган Базарбай, кашааны бойлоп, плащын бүчүлөп келатты. Артынан бучкактаган Көктурсун.
Базарбай. (Кыжырлуу) Ай, катын, эмне мени бучкактап келатасың, баятан бери?
Көктурсун. (Жалтактап, бирок тигинден калбай) Бучкактайм да, эч нерсе дебей – этпей эле “бүгүн келбейм” деп атсаң.
Базарбай. (Корс) И – и, келбейм, келбесе!..
Көктурсун. (Жалтактап, бирок тигинден калбай) Эмнеге келбейсиң? Түнөй турган жериң барбы?
Базарбай. (Корс) Ишиң эмне сенин?!
Көктурсун. (Жаны күйүп) Ишиң эмне дегениң эмнең? Мен сенин койнуңда жаткан аялыңмын, Базарбай!..
Базарбай. (Корс) Кыйратыпсың!..
Көктурсун. (Жаны ого бетер ачып) Деги сенин оң сүйлөй турган күнүң болобу, ыя?!
Базарбай. (Корс, тап берип) Мээни чакпачы, ай, катын!..
Көктурсун. (Тажаалдана) Айтып кет!.. Чыныңды айтып кет!.. Болбосо!.. 
Базарбай. (Орой) Омей!.. Эй, катын, эмне ажылдап атасың, сен?!.
Көктурсун. (Тажаалдана) Жетишет!.. Жакшы эле чыдадым!.. Бирдемени жашырып атсаң – сен мындай чыгаар замат үйүңдү өрттөп туруп, күлүн көккө сапырып ием!.. Ошенте албасам эле, Көктурсун атым өчсүн!
Базарбай. (Сестене түштү) Мобул катын соо эмес, ай, бүгүн.
Көктурсун. (Эреркеп кетип, ого бетер тажаалдана) Базарбай, мени опузалап атат деп ойлобо!.. Тоюп кеттим, сенин кемсинткениңе!.. Басынтканыңа!.. (Жулкулдатып) Айт!.. Айт, дейм, чыныңды!..
Базарбай. (Ызырына) Тарт колуңду, эй, катын!.. Өлүп каласың, азыр, бөөдө!..
Көктурсун. (Ого бетер жулкулдатып) Ушундан көрө өлтүрүп кет, мени!.. Айтасыңбы, же жокпу?!.
Базарбай. (Жыга койду, Көктурсунду) Э!.. Энеңди!.. 
Көктурсун. (Болоктоп ыйлап ийди) Колуңа кана шал тийгир!.. Эмне сабайсың, ыя?!. Эмне түртөсүң, ыя?!. Ылайым оңбой кал!.. Жакшылык бетин көрбөй кал!.. 
Базарбай. (Дагы тап берип) Эй, катын, жаагыңды басасыңбы, же жокпу?!. Же жаагыңды басып коеюнбу, талкалай чаап туруп?!.
Көктурсун. (Ыйын тыйбай) Талкала!.. Талкалабай жүрдүң беле!..
Базарбай. (Бир аз жумшара) Эмне жармашып атасың, анан?!.
Көктурсун. (Ого бетер болоктоп ыйлап) Бир ооз сурап атам го, каякка барасың деп. Оозуңдун желин аяйсыңбы?!. Адамча айтып койсоң бирдеме болосуңбу?!. Каякка барасың?
Базарбай. (Бир аз жумшара) Мени эмне ойношуна баратат деп атасыңбы, сен? 
Көктурсун. (Ыйлаган калбында) Анан каякка баратасың?
Базарбай. (Капсынан каткырып ийди) Хе – хе— хе!.. Эй, мээси жок катын… Хе – хе – хе!.. Мен деген малды Туюк – Төргө чейин жайып барып келейин деп атам.
Көктурсун. (Ишеңкиребей) Туюк – Төргө чейин?.. Туюк – Төр деген жердин жети түбүндө эмеспи...
Базарбай. (Ороңдоп) Жердин жети түбүндө болсо эмне экен!.. Сенин моюнуңа минип барган аттым беле?!. Ат көтөрөт.
Көктурсун. (Солуктап) Туюк – Төрдө эмне бар, сага? Же чөбү быша элек болсо. Же малчылар көчүп бара элек болсо…
Базарбай. (Куйкасы курушуп) Дайыма ушинтип жолумду тосот да турат, мобул көк мээ катын! 
Көктурсун. (Жалтактап, солуктай) Жолуңду тосуп аткан ким экен? Мен сенин эмнеге барган атканыңды билейин деп атам… 
Базарбай. (Жумшара) Ай, мээси жок, бул жердин чөбү саргайды. Малга жайыт болбой калды. Өйдөлөп конолу деп атам.
Көктурсун. (Ишеңкиребей) Чын эле Туюк – Төргө барган атасыңбы?
Базарбай. (Күлүп) Хе – хе – хе!.. Кошо ээрчийин деп турасыңбы? Жүрү, ээрчи. Мойнуңа мени мингизип ал. Ырас болбодубу, атым жооруп кетти эле, жонун сергитип коеюн, сени минип алып. Хе – хе – хе!..
Көктурсун. (Солуктаганы басылып) Жөн сүйлө.
Базарбай. (Күлүп) Эми эс алдыңбы, чынын угуп?
Көктурсун. (Солуктаганы басылып) Бая эле ошентип койбойт белең, ушунча ызы – чууну салбай. (Ишенкиребей) Чын эле Туюк – Төргө барган атасыңбы?
Базарбай. (Какшыктап) Калп эле… 
Көктурсун. (Солуктаганы басылып) Турнабайыңды таштап кет анда.
Базарбай. Эмнеге?
Көктурсун. (Солуктаганы биротоло басылып) Кырга чыгып сага дүрбү салып туралы да. Алда – кандай болот… Жалгыз – жарым баратсаң, Туюк – Төргө… 
Базарбай. (Башын чайкап) Ой, митаам катын, э — эй, дагы эле ишенбей турасың, ээ? Ме. (Турнабайын Көктурсунга карматты) Көксөң суудубу, эми?
Көктурсун. (Турнабайды ала, таарыныч кыла) Аясам да ушинтесиң…
Базарбай. (Күлүп, башын чайкап) Сен кыйын катынсың, Көктурсун.
Көктурсун. Сага чыдаган катын кыйын болбой койчу беле. Мага орден берсе жарашат. 
Базарбай. (Күлүп) Дагы эмне?
Көктурсун. Дагы ошол… Бар, эми. Сак бол.
Базарбай. (Бурк этип) Карышкыр жемек беле. (Кашаа бойлоп жөнөп калды.)
Көктурсун. (Улутунуп) Жаман эрим, ий, жаман эрим. Аман бол. (Узата карап турду.)

Интермедия

Айлуу түн. Акбары менен Ташчайнар тыным албай адырдан – адыр аралап закымдап кетип баратышты.

Тогузунчу сахна

Айлуу түн. Чырпыктуу чытырман жер. Айлана мемиреп тынч. Бир аздан соң гана тээ алыстан аттын дүбүртү чыгып, жакын жерге келип токтоду. Андан соң чырпыкты аралап жөнөгөн адамдын карааны көрүндү. Анан чырпыктардын арасынан короктогон бир нерсенин учу көрүнө калып, кайра жок болуп кетип атты. Кыйладан кийин, чырпыктын берки бетинде мылтыгын бетине кармап, эки жагына ыкчам – ыкчам көз сала, демин ичине тарта, эмненидир аңдып келаткан кишинин карааны көрүндү. Ал Бостон болчу.
Бостон. (Улам – улам чырпыктан тынымсыз моюнун созо эки жагын бат – баттан карап, күбүрөнө) Кайчы кетип калбасак эле болду. Кароолума илинсең, караңгыда да – жаза кетирбейм!.. Жаза кетирбейм!.. Шашпа, акыры илинээрсиң!.. Жаныма батып кетти, баары!.. Ушунчалык кыйнадың!..  
(Капысынан аттын асман — айдан кетип кишенгени угулду.) 
Бостон. (Кулак түрүп, дароо демин ичине алып карап калды. Күбүрөнүп) А – а, келип калдыңбы?!. И – и, жалгызсың го, ээ?!. Жалгыз болсоң кайра жакшы!.. Ырас болду!.. Ушул жерден беттеше турган болдук, акыры. Эми кутула албайсың, менден!.. (Мылтыгын шыкаалай баштады. 
Ошол учурда Бостондун аркасындыгы чырпыктар көз ачып – жумгуча жапырыла түшүп, арасынан килтейген караан атырылып чыга калды. Ал аял – буялга келбей дароо Бостонду көздөй секирди. Бостон шырт эткен дабыштан араңдан зорго артына бурулганга үлгүрүп, мылтыгынын машаасын басып ийди. “Тарс!” эткен үнгө аралаш “ка – аңк!” деген үн чыгып, караан Бостонду чала – чарпыт баса жыгылды.) 
Бостон. (Ордунан туруп, жерде жаткан караанга кунт кое карап) Ташчайнар?!. Сени кантип байкабай калдым?!. Аз жерден мерт кылып кое жаздады, ээ, кашайгырдыкы?!. (Мылтыгын кайра бетине шарт кармап, чырпык аралай жүгүрүп, тынымсыз тарсылдатып аткылап баратты. 
Кыйладан кийин кана кайра артына кайтып келди, энтиге. Кейип) Ка – ап, колдон чыгарып ийдим, ээ?!. Бекер кылдым!.. Бекер кылдым!... Сен деп келип, Тайшчайнарды атып алганымды карачы. (Башын чайкап) Ой – ой –о – ой… өтө амалкөй экенсиң, сен, билбепмин. Өтө — ө амалкөй экенсиң. Мени алаксытып коюп, а өзүң шек билгизбей артымдан тузак тарткан экенсиң да, Ташчайнарды жиберип… Эми эмне кылчумун?.. Сени ого бетер өчөштүрө турган болдум, ээ, мындан ары?.. (Ташчайнарга кыйлага чейин тигиле карап турду да, анан мылтыгын жонуна асынып, чырпык аралап, сабыры суз жөнөп кетти.)

Интермедия

Ошондон бир аз эле убак өткөн. Бөксөнү аралап Акбары жалгыз келатты, жанталаша качып. Кыйла жерди тынымсыз чуркап өткөн соң кана карышкыр арышын жайлатып барып, тык токтоп, артына кылчайып, куугун жок экенине көзү жеткенсип, тилин суна демин басып, адамча онтоп ийип, жатып калды. Далайга чейин былк этпей, сулк жатты. Анан ордунан козголуп, олтурду да, тумшугун айга каратып, жан кейите улуй баштады, теребелди жаңыртып.
Акбары. (Улуп) У –у – у – у – у – у – у!.. У –у – у – у – у – у – у!.. У –у – у – у – у – у – у!..
(Бөрүканчыктын бул үнүндө бир чети жаңы эле окко учкан Ташчайнарды жоктоо, экинчиден арылгыс кусалык бар эле. Акбары далайга чейин тынымсыз улуган соң ордунан козголду да, алдыны көздөй жөнөп калды.)

Онунчу сахна

Эртеси. Күндүз. Бостондун короосун тоскон кашаа. Кашаанын ары жагында кичинекей бала ойноп жүргөн. 
Баланын үнү. Тү – ү — үт!.. Тү – ү — үт!.. Тү – ү — үт!.. Тү – ү — үт!.. Вуо… Вуо.. Вуо… 
(Аңгыча кайдан  — жайдан чыга калганы белгисиз, Акбары пайда болду, кашаанын жанында. Ал эки жагына аяр көз сала, тыңшап калды.)
Баланын үнү. Вуо… Вуо.. Вуо… Ву –оо… Кы –ы – ых!.. Вуо… Вуо.. Вуо… Ву –оо… 
(Акбары баланын үнүн укту да, бир саамга селейип катып калды. Анан сагынычтуу кыңшылап ийип, кашааны көздөй акырын жылып жөнөдү.)
Баланын үнү. Вуо… Вуо.. Вуо… Ву –оо… Тү – ү — үт!.. Вуо… Вуо.. Вуо… Ву –оо… Тү – ү — үт!.. Вуо… Вуо.. Вуо…
(Акбары ансайын аянычтуу кыңшылап, бала ойноп аткан жакты көздөй сойлоп баратты. Бир аздан соң Акбары кашаанын артына башын салып, дагы аянычтуу кыңшылап ийди. Баланын “машине айдаган” үнү башкага алмашты.)
Баланын үнү. (Эркелете) Жой… бос!.. Жой — бос!.. 
(Кашаанын артына башын салган Акбары, комдонуп жата калып бала менен ойноп кирди.)
Баланын үнү. (Эркелете) Ме… Жой — бос!.. Жой — бос!.. Ме…
(Бала менен кызуу оюнга кирген Акбары апкеч менен эки чакага суу көтөрүп келаткан Асылгүлдү байкаган жок.)
Асылгүл. (Акбарыны көрө сала таң кала түштү) Бул эмне болгон ит? Башта мындай ит жок эле биякта? (Анан селейе түштү) Апе-ей!.. Бул ит эмес ко?!. Карышкырбы?!. Тиги Кенжебек ко?!. Кокуй!.. Кокуй!.. (Коркконунан ийнинен апкечи менен чакасы ыргып кете жаздады. Демин ичине алып, акырын кыйгап өтүп, бир аз бара түшүп, анан апкечин ийнинен түшүрдү да, тызылдаган бойдон нарыны көздөй чуркап жөнөдү. 
Ошол учурда Акбары менен бала эч нерседен капарсыз ойноп атышкан. 
Аңгыча Асылгүл чуркап кеткен жактан жоолугу моюнуна түшкөн, үрөйү учкан Күлүмкан көрүндү. Артында Асылгүл кошо келаткан.)
Күлүмкан. (Карышкырды көрүп селейе туруп калды. Оозуна сөз кирбей күбүрөнө) Ба – лам!.. Ба – лам!.. Асылгүл!.. Чурка!.. Чакыр Бостонду!.. 
(Асылгүл кайра артын көздөй чуркады. Акбары ошондо гана баамдады, тегерегинде эмне болуп атканын. Башын кашаанын артынан тартып алып, Күлүмканды көздөй бурулду. Экөө тиктешип калышты, бир саамга.
Күлүмкан басайын десе Акбары кашаанын артындагы баланы коргоп аткандай түр менен аны жакындатпай, угулаар — угулмаксан ыркырады.)
Акбары. Ы – ыр!.. Ы – ыр!..
Күлүмкан. (Үрөйү учкан калыбында) Кет!.. Кет!.. Кет!.. 
Акбары. Ы – ыр!.. Ы – ыр!..
Күлүмкан. (Үрөйү учкан калыбында) Кетип кал!.. Тийбейбиз сага!.. Кет!..
Акбары. Ы – ыр!.. Ы – ыр!.. (Бөрүканчык артын көздөй акырын кетенчиктеп жылып олтуруп кашаанын артына кирип кетти.)
Күлүмкан. (Үрөйү учкан калыбында) Эмне кылган атасың?!. Эмне кылган атасың?!. Кенжебек!.. Кенжебек!.. Уулум!.. У у – лум!.. Тиште – ди – и!.. Балам – ды!.. Таш – та – а!.. Таш – та – а!.. Таш – та – а, баламды!.. (Күлүмкан бакырган бойдон, жанталаша кашааны көздөй чуркады) Кал – тыр!.. Кал – тыр, баламды – ы!.. Кетти!.. Кет – ти!.. Бос – то – он!.. Бос – то – он!.. Кенже — бекти карыш — кыр ал — ып кет — ти – и!.. Бос – то— он!.. (Жыгылып – тура жанталаша Акбарынын артынан жүгүрдү. Ошол маалда үрөйү учкан Бостон келип калды, мылтыгын белендеп. Артында эси чыккан Асылгүл.)
Бостон. (Оозуна сөз кирбей) Э — эмне болду?!.
Күлүмкан. (Жанталаша кыйкырып) Ат!.. Тигине!.. Алып баратат!.. Баламды!.. Ат!.. Ат!..
Бостон. (Чочуп кетти) Акбары?!. Ташта!.. Баламды!.. Акбары!.. Ташта!.. Ташта – а!.. 
Күлүмкан. (Жанталаша кыйкырып) Жонду ашып кетет!.. Ат!.. Эмне карап турасың!.. Ат!.. 
Бостон. (Кыйкырып) Акбары!.. Акбары!.. (Мылтыгын бетине кармады.)
Күлүмкан. (Жанталашып) Кетип калмай болду!.. А – ат!..
Бостон. Акбары — ы!.. (Колдору калчылдап мылтыгынын машаасын басып ийди.)
Күлүмкан. (Жанталаша кыйкырып) Тийбей калды!.. Ат, дагы – ы!..
(Бостон токтолбостон мылтыгын удаа – удаа атып жиберди. Бөрүнүн “ка – аңк!” эткен үнү угулду.)
Күлүмкан. (Кыйкырып) Тийди!.. Тийди!.. Жыгылды!.. Тигине!.. 
(Бостон, Күлүмкан, Асылгүл үчөө ошоякты көздөй жанталаша чуркашты. Бир азга кулак – мурун кескендей тынчтык өкүм сүрө түштү. Анан капысынан Күлүмкандын чыңырыгы чыкты.)
Күлүмкан. (Чыңырып) Кен – же – бе – ек!!! Ба – лам!!!
Бостон. (Бакырып) У – у – у – лум!!!
(Кыйладан соң кызыл – жаян кан болгон уулун колуна туурасынан шалактата көтөргөн, өң – алеттен кеткен Бостон көрүндү. Жанында көзүнүн жашын тыя албай буркурап — боздоп ыйлап келаткан Күлүмкан. Аны каруусунан сүйөгөн Асылгүл да жашын тыя албай турду.
Бостон уулун жерге коюп, өзү чөк түшө олтурду. Чүпүрөктөй кубарган жүзүн тынмсыз жаш жууп турду.)
Күлүмкан. (Буркурап ыйлап) Алда курган балам, ай!.. Алда курган балам, ай!..
(Бостон оордунан туруп, тигилерди калтырып кайдадыр теңселе басып жөнөдү. 
Аздан соң өң – алеттен кетип, жүзү кубарган, көзү чычаладай кызарган, жалаңкат көйнөкчөн калч — калч эткен Бостон, мылтыгын жонуна асынып, кашаасын айлана чуркады.) 
Бостон. (Онтолоп, калч – калч этип) Түбүмө жеттиң!.. Түбүмө жеттиң!.. (Бостон кашаасынын артына барып көрүнбөй калды да, анан дароо эле аттын дүбүртү чыгып, алыстап кетти.)

Интермедия

Акбары окко учкан жер. Бөрүканчык бутун серпкенге дарманы жетпей, алсыз кыңшылап, кыйлага чейин көзүнөн жаш буурчактап жатты да, бир аздан соң былк этпей калды.
Айлананы кою караңгылык каптап, түн түшүп келатты.

Он экинчи сахна

Базарбайдын конушу. Базарбай менен Көктурсун экөөлөп кой короонун кашаасын жыйнап, көчүүгө кам уруп атышкан. Аңгыча алыстан аттын дүбүртү угулду.
Көктурсун. (Колун серепчилеп) Кайнагам экен?.. Келаткан түрү жаман!.. Кудай сактай көр!.. Бир нерсе болгон го?!.
Базарбай. (Кыжыры келип) Дагы баягы бөлтүрүктөр да!.. Мен буга баякүнү эле айткам, жок деп!
Көктурсун. (Бушайман боло) Эмне агаңды ушунчалык жаман көрөсүң?
Базарбай. (Корс) Биздин ортобузга кийлигишпе, сен!
(Ошол учурда аттын дүбүртү жакын кирип келип тык токтоп, аздан кийин кумсарган Бостон көрүндү. Базарбай жактырбай түктүйө, тескери карап кашаанын казыгын суургулап атты.)
Көктурсун. (Бир нерсени сезип үрөйү учуп) Кандайсыңар, аке…
Бостон. (Көктурсундун саламын жоопсуз калтырып, жонундагы мылтыгын алып, затворун тартты) Базарбай!.. Акыры, сен түбүмө жеттиң!.. Сенин айыңан!.. Баламды!.. Кенжебегимди!.. Өз колум менен жайлап келатам!.. (Мылтыгын бетине кармады.)
Көктурсун. (Чый – пыйы чыгып) Аке, эмне кылган атасыз, кокуй?!. 
Базарбай. (Одураңдап, ызырына) Канымды төккөнү келдиңби?!. Атасыңбы?!. Ат!.. Ошол эле жетишпей атты эле!.. Эл көрсүн, бир тууганыңа кантип кол көтөргөнүңдү!.. Ат!.. Мына!.. (Жагжая төшүн тосту.)
Бостон. (Жаны күйө кыйкырды) Базарбай!!! Сен эмне деген жансың?!! Ыя?!! Эмне деген жансың?!! Мына!!! Мына!!! Мына, сага!!! (Удаа – удаа ок чыгарып ийди.
Базарбай кашаага сүйөнө түшүп, анан баса жыгылды.)
Көктурсун. (Бакырып ийди) Коку – у — уй!!! (Базарбайдын үстүнө түшө калды.)
Бостон. (Мылтыгын жерге ыргытып, ындыны өчө) Ушундай болмок!.. Ушундай болмок!.. (Теңселе атын көздөй басты. Аздан соң Бостондун атынын дабышы акырындап алыстай баштады.)
Көктурсун. (Жаштуу көзү менен Бостонду узата карап) Бул эмне деген алаамат эле?!. Ушундай да болчу беле?!. Кокуйгүн?!. Бул эмнең, жараткан?!.
(Аңгыча айлананы онтоо каптады.)
Көктурсун. (Үрөйү уча кулак түрө) Тоо!.. Тоо онтоп атат!.. 
(Капысынан ободо тоонун онтогонуна аралаш бөрүнүн муңдуу улуганы, аялдын жан чыдагыс кошогу, кичинекей баланын тынымсыз ыйлаганы, анан көлдүн басылбай күр – шар этип толкуганы бири – бирине аралашып, жуурулушуп, үрөй учурган мындай тириукмуш жаңырык асман аралап келатты.)

Бүттү.

25. 07. – 01. 08. 08.

 

© Кулмамбетов Ж.О., 2008. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 3642