Главная / Поэзия / Котормолор
Котормо котормочунун кат түрүндө уруксаты менен жарыяланып жатат.
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 12-декабры
К.Симоновдун «Күт мени» ыры жана башка ырлар. Орус поэзия сынын классикасынан котормолор
С.А.Есениндин, А.С.Пушкиндин, К.М.Симоновдун, М.Ю.Лермонтовдун тандалма ырларынан котормолор. Орус тилинен которгон Улан Жунушбаев.
С.А.Есенин. «Не жалею, не зову, не плачу»
Өкүнбөймүн, чакырбаймын, ыйлабаймын
Өтөт баары гүлдөгөн алма жыты окшоп.
Алтын башым карылыкка кетти тайып,
Жаш курагым өтүп кетти бир ойноп.
Сен эми, жүрөгүм, мурдагыдай
Сого албайсың жаш илебиң кайтканда
Өлкөм менин ак кайыңдуу, жашыл чыттай!
Жылаңайлак сени эми тентиш каякта.
Тентүү пейил! Сен да аста, аста
Демди ысыта делебемди козгойсуң.
О кайдасың ынак сезим күлгүн жаштын!
Буулуккан көз, ашкын-ташкын ар туйгум.
Тиленүүгө марттыгым да азайгандай…
Өмүр сүрдүм, же түш көрүп жүрдүмбү.
Жаз күнү мен жаңырыктуу таң азанда
Кызгылтымдай атты чаап өттүмбү?
Өтөт, өтөт бу дүйнөдөн тирүүлүгүм,
Жалбырактан жез куюлат акырын.
Кургур өмүр! Бир ажалдуу, бир гүлдөгөн
Бата берем, жаша кылым карытып!
А.С.Пушкин. «Бесы»
Жиндер
Кубалашкан, буралышкан
Ай көрүнбөйт булуттан.
Көрүнгөнү каар учкан,
Түн бозомук, боз асман.
Жүрөм, жүрөм ак талаада;
Коңгуроо үнү дин-дин-дин…
Жүрөк түшөт, жүрөк заада
Чоочун бейтааныш жерден!
«Эй, бастыр, ямщик!..» – «Жок дарман,
Аттар, байым, чаалыкты;
Көз ачылбайт бурганактан;
Жол көрүнбөй калды;
Өлсөң дагы, из таппайсың;
Адаштык. Эми не айла?
Бу талааны шайтан басты,
Жүрөт бизди айланта.
Ана, ана: тигинде ойноп,
Үйлөйт, бетке түкүрөт;
Байкуш атты жайына койбой
Аңга келип бир түртөт.
Тигил жерден устун болуп
Ал көзүмө көрүнгөн.
Тигил жактан учкун болуп
Жарк этип түндө жок болгон.
Кубалашкан, буралышкан
Ай көрүнбөйт булуттан.
Көрүнгөнү каар учкан
Түн бозомук, боз асман.
Алдан тайдык айланып жүрүп;
Тынчып калды коңгуроо;
Аттар турду… «Алда бөрүбү?» –
«Ким билет? Болдум деңдароо»
Бороон ызгаар, бороон ыйлайт;
Сак аттарым үн салат;
Ана, ана нары туйлайт,
Кара түнү көз жанат.
Аттар жулкуп кайра жылды,
Коңгуроо үнү дин-дин-дин…
Көрдүм: жабалактап жыйды
Боз талааны сансыз жин.
Баш аяксыз, үрөйү суук
Боз ала ай жарыкта.
Тегеренип жиндер учту
Күздөгү жалбырактай.
Айланайын, канча булар!
Кайда учат? Неге уулуйт?
Өлдүбү же албарстылар,
Жезкемпирби күйөөлүү?
Кубалашкан, буралышкан
Ай көрүнбөйт булуттан.
Көрүнгөнү каар учкан
Түн бозомук, боз асман.
Кыжы-кужу кубалашкан
Жиндер түпсүз бийикте
Ачуу үндөп уулушканы
Өзөгүмдү үскүдөй.
А.С. Пушкин. «Если жизнь тебя обманет…»
Алдаса эгер турмуш сени
Ачууланба, кайгырба!
Муң-капага жыгылба,
Шаттык күнүң бил келерин!
Жүрөк эртеңин самайт,
А бүгүнкү маанайы пас,
Баары өтөт, баары бир пас,
Өткөн соң жылуу келгенин айт!
К.М.Симонов. «Жди меня»
Күт мени
Күт мени, мен келемин
Сен аябай күт.
Кайгы-капа келеби
Жамгыр жааса күт.
Бурганактап каар жайбы,
Аптап күнү – күт.
Каттарымдын дайыны
Жоголсо да, – күт.
Мейли унутсун башкалар
Зарыксын, мейли.
Сен кошулба аларга
Сен күткүн мени.
Күт мени – мен келемин
Унтуп кой деген
Жат адамдын кеңешин
Кагып кой, теңим!
Мейли, ишенсин өз апам
Мени жок десин.
Мейли отуруп, от жандап
Достор келишсин
Ачуу вино ачышып
Мени эскерсин…
Күт. Аларга катышып,
Ичпей тургун сен.
Күт мени, мен келемин,
Өлүмгө өчөшө.
Мейли күтпөгөн мени
Жөнү жок сүйлөсө.
Түшүнбөс ал күтпөгөн
Күткөнүң менен
Майдандагы ок-өрттөн
Куткардың мени.
Кантип аман калганды
Экөөлөп таптык –
Сен күткөнсүң, каралдым
Мына амалдык.
М.Ю.Лермонтов. «Выхожу один я на дорогу»
Бойлодум жалгыз мен ээн талаа
Жол турат туманда мелтиреп.
Түн бейпил. Жер ээси кудай таала
А жылдыздар бири бирине курат кеп.
Салтанаты, керемети асмандын ай!
Көк жамынып жер мемирейт уйкуда.
Анда неге көңүл ооруйт, оор мындай?
Эңсеймби не? Өкүнөмбү оңумда?
Жок! Күтпөсмүн эч нерсени жашоодон мен
Өткөнүмдөн эч нерсеге өкүнбөйм.
Самаганым – азаттыгым бейкут келген,
Тилегеним – көздү жумуп, күн көрбөө.
Бирок дечи, көздү жумсам көрдөй эмес…
Ушундай бир түбөлүккө көз жумсам –
Жанда болсун үргүлөгөн жашоо деми,
Көкүрөктү аста көтөрүп дем алсам.
Мен каалармын, сүйүү жөндө ырдаса деп
Күнү-түнү бапестеген таттуу үн.
Өмүр бою үстүмдөгү жашылданып
Баш ийкеген бактын уксам шыбырын.
М.Ю.Лермонтов. «Мцыри»
(поэмадан үзүндү)
1.
Мындан бир аз жылдар мурда
Арагва, сиңдиси Кура,
Дал экөө кошулган тушта
Бар эле чиркөө. Азыр да
Кыр тоонун аркы жагына
Жөө жүргөн адам көз салса:
Ураган устун дарбаза,
Чиркөөнүн түзү, мунара
Көрүнөт ага. А бирок
Ичинде түтүн жыты жок,
Угулбайт кечки азаны,
Молдонун кудай азабы.
Бир гана какыр чал азыр
Араң жан көздөп жаткандыр;
Бейиттин ташын сүрткүлөп,
Өмүрдөн жок, өлүмү жок.
Көңүлсүз жазууларына,
Өткөндүн атак-даңкына,
Андан соң, жүгүн арта албай
Баланча жылы, түкүнчө бай
Оруска берген дайындап
Өз элин. Кудай бир жалгап
Ошондон бери грузин эл
Гүлдөгөн бакча мелтир жер,
Боордош кыр штыктар коргоп
Кообу жок эчен жоолорго.
2.
Бир жолу орус генерал
Тоо жактан Тифлис тарапка ал
(Жанында туткун бала бар)
Жөнөп калды. Бечара
Тигил бала алсырап
Узак жолго чыдабас;
Кеминде болор алты жаш.
Тоо текедей элеңдеп,
Чыбыктай арык, ийилет.
Ошондо бирок күчөдү
Азапты тарткан жан-сөөгү
Арбагы колдоп; зарланбай
Кыйналды, деле үн чыкпай.
Тамак аш кабыл албады,
Баш ийбей өчүп баратты,
Боору ооруп ага бир молдо
Бакканы алды чиркөөдө.
Ошентип жаны аман калды
Камкордук менен каралды.
А бирок жүрдү башында
Кошулбай балдар шаңына…
© Кыргызчага У.Ж.Жунушбаев которгон, 2009. Бардык укуктар корголгон
Котормо котормочунун кат түрүндө уруксаты менен жарыяланып жатат.
Количество просмотров: 2647 |