Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Руханий адабият
© Матай уулу К., 2009. Бардык укуктар корголгон
Түзгөн А.И.Сарманбетов
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 16-декабры

Айдарбек Имангазиевич САРМАНБЕТОВ

Таасири күчтүү табып

Бул китепте элдик табып Кубанычбек Матай уулунун табып катары калыптанышы, табыпчылык ишмердиги, өнөрүнүн өзгөчөлүктөрү, табыпчылыктын адамга төрөлгөн-дөн ыроолонгон кесиет экени тууралуу гана сөз болбостон, жалпы эле элдик медицина, анын тармактары, абалы жана көйгөйлөрү тууралуу да айтылат. Кубанычбек дартына даба болуп сакайып кеткен адамдардын ыраазычылыктарына, ой-пикирлерине да орун берилди.

Таасири күчтүү табып. Түзгөн Айдарбек Сарманбетов. – Б.: 2009. – 120 б., ил. китебинен алынды

УДК 615.8
    ББК 53.59
    Т 12
    ISBN 978-9967-25-660-6
    Т 4108020000-09

 

Алгы сөз

ТАБЫПЧЫЛЫК – ИЛИМ

Табыпчылык – кыргыздын байыркы дөөлөттөрүнөн. Муундан муунга өтүп келе жаткан бул сырдуу өнөрдүн ар кимге эле ачыла бербеген, түмөндөн бирөөнө түнөгөн касиети бар. Өкүнүчтүүсү коомубуздагы саясий оош-кыйыштардын кесепетинен дээрлик 70 жылдан ашуун мезгилдин аралыгында табыпчылыкты "тап катары" жоюп, "эскинин калдыгы" катары мамиле жасап, аны кесип кылгандарды "таш бараңга" алып келдик. Натыйжада бул кесиптин эң уникалдуу өкүлдөрүнүн кайталангыс табышмактуу сырлары өздөрү менен кошо кетти. Ушул эле учурда ааламдык алкактан алганда башка көптөгөн өлкөлөрдө элдик медицинанын жетишкендиктери мамлекеттик колдоого алынып, салттуу медицинанын алы жетпеген айрым ооруларды айык-тырып жатканын жакшы билебиз. Мисалы, филиппиндик табыптардын бычаксыз операция жасоо ыкмасы дүйнөнү таң калтырып келет. Алардын ишине мамлекет өзү кызыкдар болуп, шарт түзүп берүүдө. Канчалаган акча каражаттары түшүп, өлкө казынасын байытып жатат.

Жараткан эгебиз бул жагынан да кыргызды кур койбоптур. Ааламда теңдешсиз "Манасты", төгүлбөгөн ырыскы төкмөлүктү, керемет Ала-Тоону, аликүнчө табышмагы табылбаган ак калпакты бергендей эле, табыпчылык өнөрдү да тартуулаптыр…

Бүгүнкү күндө "көзү ачыктар" көчөгө батпай, табыпмын дегендер таштан да көбөйүп кетти. Бирок, арасында табыпчылык касиет чындап даарыган, эми элге, пайдасы журтка тийип жаткандары өтө сейрек. Алардын бири – айтылуу табып Кубанычбек Матай уулу. Окурмандар анын бул китебинен табыпчылык деген чанда бир адамга Жараткан тарабынан ыроолонгон касиет, ар ким тамаша кылганга болбой турган өзгөчө бир керемет өнөр экендигинен кеңири түшүнүк алышат деген ойдобуз.

Айдарбек САРМАНБЕТОВ, жазуучу

 

1-бап. ТАБЫПЧЫЛЫК ЖАНА МЕДИЦИНА

"Оору батмандап кирип, мыскалдап чыгат" деп айтылат кыргыз макалында. Адамзат кылымдардан бери эле өзүнүн болгон дараметин ооруну жеңүү үчүн жумшап келет. Натыйжада, дарылоонун медицина аталган салттуу түрү пайда болгон. Муну илимий медицина деп атап жүрөбүз. Ошондой эле жараткан Алла-Таалам өзүнүн пенделерине экинчи бир элдик медицина аталган керемет касиетти да ыроологон.

Элдик медицинанын (диний медицина) өкүлдөрү үчкө бөлүнөт:

1) молдолор;
    2) бакшылар, төлгөчүлөр;
    3) табыптар (дарыгерлер).

Бул эки илим эриш-аркак иш алпарышса, көптөгөн адамдарга жардам болуп, ооруларынан айыгып, өмүрлөрү узармак. Дүйнөдө алгач элдик медицина пайда болуп, өнүп-өскөнү баарыга белгилүү. Андан кийин, бара-бара илимий медицина түптөлгөн. Экөөнүн тең дарылай турган "өз" оорулары бар. Мисалы, табыптар бардык эле ооруларды дарылап, айыктырып жиберишет деп айтыш кыйын. Алар дарылай турган адамдар ооруларынын себептерине байланыштуу болот. Табыптар нервден чочуган, талма, эпилепсия, жүрөк түшкөн, тукумсуздук, каргыш тийген, көз тийген, тескери дуба окулган, ыймандан чыгып ичимдик ичип, баңгиликке берилген ж. б. жаман адаттары бар жана ысык-сууктан ооруган адамдарды айыктырышат. Мындай диагноздордун көбү илимий медицинада коюлбайт. Анткени, илимий медицина элдик медицинаны, адамдын жан дүйнөсүнүн жабыркоосун, аларга ар кандай энергиялардын таасир этерин таанышпайт, ага ишенишпейт. Адамды биологиялык объект катары кабылдашып, оорунун сыртын гана дарылаганга өтүп кетишкен. Мен көп жылдап ооруп, оорусуна эч жерден шыпаа болбоду деп кыйналган адамдарды көрдүм. Андай ооруларга шыпаа болбой жаткандын бир себеби, медиктерден айыга турган оорулар элдик медицина менен, ал эми элдик медицинадан айыга турган адамдар ооруканаларда айлап-жылдап жатып, канча чыгым болуп дарыланганында болуп саналат. Жанагы "эриш-аркак иш алпарса" дегенимдин мааниси ушунда. Эгерде биздин мамлекетте элдик медицина колдоого алынып, илимий медицина менен биргелешкен диагноз борборлору ачылып, бирге иштешсе, элге көп жардам болор эле. Себеби, жогоруда айтылган медицина илиминин өз өзүнө тийиштүү күчү жана мүмкүнчүлүк-төрүнүн чектери бар. Чектен ашыкча эч ким, эч нерсе жасай албайт.

Европада, ал тургай Америкада элдик медицина мамлекет тарабынан колго алынып, шарт түзүлүп, ар кандай жардамдар берилет экен. Атайын окуу жайлары иштейт. Биздин мамлекетте да чыныгы касиети бар, күчтүү табыптар тандалып алынып, аларга лицензия берип иштетсе, элге жакшы болмок. Кошуна мамлекеттердин (Казакстан, Өзбекстан) элдик дарыгерлерин мисалга алсак эле жетиштүү. Биздин республикага чейин келип иштеп жатышат. Биздин табыптардын касиети, билим деңгээли алардан жогору болсо болушу ыктымал, бирок кем эмес. Алардын жарнамасы, колдоосу күчтүү. Биздин дарыгерлерде алардыкындай колдоо көрсөтүлбөйт. Ошондуктан жан арга издеген жарандарыбыз коңшу өлкөлөргө чейин жер кезип, өтө кыйынчылык тартып жатышат. Аларды өзүбүздүн эле табып, дарыгерлерибиз сакайтып коюшмак.

ТАБЫПЧЫЛЫКТЫН ТАМЫРЫ ТЕРЕҢ

Табыпчылык илими адамзат жаралгандан бери белгилүү. Анын өзөгүндө диний медицина жатат. Ошол кылымдык тажрыйбалардын негизинде азыркы илимий медицина пайда болгон.

Алла-Тааламдын бар экенине эч бир күмөнсүз толук ишенүү керек. Мындай деп айтканымдын себеби, врачтар дарылайбы, молдолор, табыптар дарылайбы, биринчи жардам Алла-Тааламдан болот. Экинчи жардам дарылоочулардан болот. Ар кандай кесиптеги ар бир адамга касиетти жаратуучу берет. Адам жеке өзү эле кыйын болушу мүмкүн эмес.

Альберт Эйнштейн айткан экен: "...мен бул дүйнөдө баары өз ара байланышта экендигине ишенбеген чыныгы окумуштууну элестете албайм. Илим менен олуттуу алектенген ал ким гана гана болбосун жаратылыштын мыйзамындарында адам акылы жетпеген улуу күчтүн катышы бар экендигине ишенбей коё албайт. Ушул себептен илим менен алектенүү адамды акыры динге алып барып такайт. Мен терең диний ишеними жок окумуштууну түшүнө албаймын. Кудайды тааныбаган илимдин кунары болбойт. Илим менен динди бөлүп кароого мүмкүн эмес".

Менин айтайын дегеним: салттуу медицина илиминин өкүлдөрү элдик медицинанын касиетине жана күчүнө ишенишсе жана колдошсо. Мен тааныган көп медиктер айтышат: "Мурун такыр ишенчү эмеспиз, азыр өз көзүбүз менен алардан айыккандарды көрүп жүрөбүз. Биздин ортобузда талаш-тартыш, түшүнбөстүктөр болбош керек экен. Биз дарылай турган жана силер дарылай турган пациенттер болот экен", – деп.

Табып дарылоочу оорулар негизинен динге байланыштуу болот.

Шарият тартиптеринин бузулушуна төмөнкү көрүнүштөр кирет: ичимдик ичүү, пейилдин бузулуусу, уурулук, зөөкүрлүк, баңгиликке берилүү, адам акысын жегендик, адам өлтүрүү, каргыш тийүү ж. б.

КАНДАЙ ООРУЛАР ДИН ЖОЛУ МЕНЕН ЖЕ ТАБЫПТАН АЙЫГАТ?

Дин жолу же табыптан айыгуучу дарттар булар: кирине, суук, асит, лапаз, назар, каргыш жана тескери дубалардын таасирлери, нервдери чочугандар, жүрөгү түшкөндөр, ошондой эле ысык-сууктан, аз кандуулуктан жабыр тарткандар, тукумсуздук (төрөбөстүк, төрөтө албастык), экзема, ар кандай жаралар.

Мен табыптык илимдин көп сырларын айткандан корком. Себеби, шарлатандар окуп алса, түшүнүп-түшүнбөй элди алдай баштайт.

Тескери дубалар. Буларга ысытма, суутма, баш үртмө, байлатма, оорутма, соолутма ж. б. кирет. Мисалы, 1) байлатма дубанын таасиринен адамдын бир органы байланышы мүмкүн. Эгерде, жыныстык орган бөйрөк тараптан байланса, баласыз болуп, төрөй албайт же төрөтө албайт; 2) багы, жолу байланса, үйлөнө албайт, жеке турмушу кыйын болот. Иштеген жумушунун өзүнө тийгизген пайдасы аз болот, болбошу да мүмкүн.

Тескери окулган ар бир кара дубанын күчүнө жараша каршы окула турган касида дубалар бар. Бардык эле ка-сиетим бар деген адамдар тескери дубаларды кайтарып окуй албайт. Себеби, андай кудуретке табыптык, бакшылык ж.б. касиеттери бар адамдардын баары эле ээ эмес, 1000ден бир адамдын окуганы кабыл болушу мүмкүн. Жогоруда айтылган жана башка түрдүү себептерден улам балалуу боло албай жүргөн үй-бүлөлөргө табыпчылык илимдин касиети менем жардам бердим.

Мисалы, Мухтар – Жаннат бир балалуу, Кыялбек, келинчеги менен төрт балалуу, Ырысбек, келинчеги менен 4 балалуу, Сергей – Ирина эки балалуу, Чынара, күйөөсү менен үч балалуу, Рахат, келинчеги менен бир балалуу, Канат – Айгүл бир балалуу болушту (Сүрөттөрү берилди).

Кайтарма жасаган табып, молдо, бакшылардын өздөрү эч качан тескери дуба окубашы керек. Эгерде бир эле жолу тескери дуба окуса, анын кайтарма окуй ала турган касиети түбөлүккө кайтып кетет. Мындай касиетти токтотуп кармап калуу өтө кыйын. Азыркы учурда андай таза адамдар өтө аз.

Тескери дубаларды кимдер окуйт? Бакшылар (чёрная магия) кара жиндерди байлап коё турган жана кайтара турган дубаларды билишет. Алар нервден ооруган, шал болгон адамдарды, даарып, качып калган ооруларды дарылап, айыктырышат.

Тескери дубаларды кимдер окутат? Бири-бирине өчөшкөн адамдар, ошондой эле кызганычтан, көралбастыктан, ичи тарлыктан, кастыктан, душмандыктан, кээ бир мезгилде өтө жакшы көрүп, ал сезими жоопсуз калуудан, байлыгына, бийлигине көз арткандан окутушат.

Тескери, кара дубаларды окуган жана окуткан адамдар Алла-Таалам тарабынан өтө катуу жазаланат.

Тескери дубаларды жараткан адамдар менин практикамда көп эле кездешти. Алар жасаган күнөөлөрү үчүн сөзсүз жазаланган. Бул – өтө коркунучтуу күнөө. Азыркы учурда айрым адамдар, бакшылар дубанын чыныгы маңызына маа-ни беришпей, оюн сыяктуу көрүп, жамандыкка барып жатышат. Бул – адам өлтүргөн менен барабар. Себеби, тескери дуба окулган адамды өз убагында кайтарып окубаса, ал оорулуу же майып (мерт) болуп калышы мүмкүн.

Тескери окулган дубалардын ден соолукка, өмүргө жана жашоого тийгизген тескери таасирлери. Ар бир тескери окулган дубанын жандыруу дубасы да болот. Эгерде туура кайтарылып окулбаса, тескери дуба жанбайт, же болбосо тескери таасирин тийгизип, кайра күчөтүп жибериши мүмкүн. Тескери окулган дубалардын ичинен эң коркунучтуусу сууга, тузга окулуп, тамак аркылуу ичилсе, ден соо-лукка көп зыян келтирет. Тескери дуба бул – уу. Мисалы, химиялык же табигый уу адамды дароо өлтүрөт. Ал эми тескери дуба акырындык менен 5–10 жылга чейин адамдын ден соолугун бузуп, оорутуп, айнытып, кыйнап, акылынан адаштырып жаман кырсыкка алып барат. Көбүнчө, акчага кызыккан цыгандар, бакшылар атайын заказ менен ар түрдүү тескери дубаларды окушат.

Мындай ишке баргандын өзү – өтө чоң күнөө. Кээ бир кыска ойлуу адамдар өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын ойлоп, айрым адамдардын байлыгына, бийлигине, жаштыгына, сулуулугуна, күчүнө кызыгып, жаман жолдорго барып, өз пайдасы үчүн тескери дубаларды окутушат. Убактылуу дегенимдин себеби дубаланган адамдын ден соолугу 5 жылга, өтө көп болсо 10 жылга чыдайт. Андан ары организм дубаны көтөрө албайт, адам каза табат же оорукчан болуп калат. Тескери дубалар кайсылар: ысытма, суутма, баш үртмө, байлатма ж. б. Мындайга такыр ишенбей коюуга болбойт. Элибизде "дуба – падышаны да дубанага айлантат" деген сөз бар. Албетте, бул сөз жөн жерден эле чыга калган эмес.

Мен табып катары эскертер элем: тескери дуба окуган менен окуткандын аягы жамандык менен бүтөт. Жараткан Алла-Таалам мындайга барган адамдарды өтө катуу жазалайт. Дуба окуган адамды 5 жылга жазаласа, окуткан адамды 70 жылга, же он эсе көп жазалайт. Тескери дуба окуган адамдар өз бетин жашырып, жасалма бет кеп кийип жүргөндөй болгон адамдар. Башкача айтканда алар – молдонун, табыптын, бакшынын атына жамынган айлакерлер, Жараткан Алла-Тааламдын бар экенине ишенбеген адамдар. Илгери айтылчу экен, азыр деле күндөлүк турмушубузда ата-энебиз, динди кармаган адамдарыбыз айтышат: "Азыр күнөө иш кылгандар о дүйнөгө барганда жазаланып, тозокко түшөт", – деп. Илгери дегеним, учурдагы адамдардын мурунку муундардагы адамдардан айырмаланып, жашоого башкачараак карап, тайкы түшүнүгүндө "азыркы жашоодо каалагандай жыргап-куунап жашап алайын, о дүйнөгө барганда көрө жатарбыз" деген ойдо бала-бакырасынынын, урпактарынын келечегин тобокелге салып, ойлонбой жашап жаткандыгы тынчсыздандырат. Мен өзүм биринчи тобо келтирип айтар элем: Жараткан Алла-Таалам азыркы адамдарды о дүйнөгө бара элегинде эле, ушул дүйнөдө жазалап жатат. Бул дүйнөдө жасаган ар кандай күнөө иштерибизге ушул дүйнөдө эле жооп бере турган заман болду.

Сөзүм куру болбосун үчүн бир эле мисал айтайын. Аты-жөнүн ачык атап, жакындарын уятка калтырбай эле коёюн, өзүбүздүн түштүк жергебиздеги бир айылда чоң молдо болгон экен. Ал көп жыл адамдарды дарылап жүрүптүр. Бир күнү ага катуу ооруп, баса албай калган 30–35 жаштагы келинди дарылоого алып келишет. Ал келинди молдоке кабыл алып, дарылай баштайт. Көп убакыт дарыласа да, эч кандай жылыш болбойт. Өзү билген ар кандай күчтүү дубаларын окуйт, анда да жыйынтык чыкпайт. Молдоке: "Кү-нөөсү жок келинди ким мынчалык жазалады экен", – деп, боору ооруп, ага жардам бергиси келет. "Мен билип-тааныгандан бул аймакта мындай күчтүү, тескери дуба окуган эч ким жок эле, кара ниеттикке барган ким болду экен", – деп катуу ойлонот. Өзүнүн билген дубаларын дагы күчөтө окуп, келиндеги тескери дубаны жандыра баштайт. Күндөн күнгө өзүнүн ден соолугу начарлап бара жатканын сезип, молдоке: "мен кайтара албай жаткан дуба болгон соң, демек, бул өзүм окуган дуба", – деп, ойлонуп отуруп акыры эстейт. 10 жылдай мурда бир кемпир келип: "Балам үйлөндү эле, келиним кетем деп кыйнап, качып жатат, бизди уятка калтырып, эл-журтка маскара болмой болдук. Молдоке, жардам бериңиз, айтканыңызды берем", – деп жалдыраган ал кемпирге жардам бергени эсине түшөп, ошондогу качкан келин ушул экенине, ошондуктан өз дубасын өзү жандыра албай жатканына толук көзү жетип, өткөндөгү күнөөсү үчүн Жараткан Алла-Тааламдан кечирим сурап, алты ай дегенде оорулуу келинди толук айыктырат. Андан 4 айдан кийин ошол молдокенин өзү каза болгон экен.

"От менен ойнобо" дегендей. Жараткан Алла-Таалам бар экенине толук ишенүү керек. Менин иш тажрыйбамда мындай окуялар көп эле болду. Айрым мен дарылаган адамдардын арасында тескери дубалардын айынан төрөбөгөн, төрөтө албаган, баса албаган жана көп ооруган адамдар болушту. Медицинада "врачебная тайна" дегендей эле табыптардын да көптөгөн жашыруун сырлары болот, эч жанга айтууга болбогон.

Элибизде "кардын башын кар, хандын башын хан жейт" деген макал бар. Тескери дубаны күчтүү дуба гана жок кылат. Андай, тескери дубаларды кайтарып, жандыра ала турган күчтүү адамдар Кыргызстанда саналуу эле. Антип айтканымдын себеби, көпчүлүк молдолор, бакшылар, табыптар ж. б. касиетим бар деп эсептеген адамдардын өздөрү тескери дуба окуудан качышпайт. Демек, алар тескери дубаны кайра кайтарып, жандыра алышпайт. Андай кечиримди, мүмкүнчүлүктү Алла-Таалам эч бир пендесине берген эмес.

Адам баласы ак болуп, соопчулук жасайт, же болбосо кара болуп, шайтанга азгырылып, күнөө жасайт. Ак-кара аралаш деген туура эмес, адам жашоосунда адам баласы бара турган эки гана жол болот: оң жана сол деген.

1. Бейиш – ак жол
    2. Тозок – кара жол.

Үчүнчү жол жок.

АК ДУБАЛАР ЖАНА СУУ КАСИЕТИ

Терс дубалардан айырмаланып, ак (оң) дубалар көбүнчө сууга окулат. Ооруга шыпаа берүү же адамдарды оң жолго салуу, кыйынчылыктардан арылтуу, узак өмүр каалоо максатында окулат. Ак ниет менен Алаа-Тааладан өтүнүч этилет. Андай, ак ниет окулган дуба сууга өтүп, суу аркылуу аны ичип, колдонгон адамга шыпаа болот. Ак дубанын сууга окулушунун сыры өтө терең жана табышмактуу. Эмнеге сууга окулат жана ал кантип таасир этет деген суроолор ар бир адамдан күтүлбөй койбойт.

Суунун маалымат-кабар сактоочу касиетин өткөн жылы эле япониялык окумуштуу Масару Эмото компьютердик ыкма менен далилдеп берип, дүйнөнү айран таң калтырбадыбы! (түстүү сүрөтү китепте берилди) Куран окулган суунун өз молекулалык түзүлүшүн ажайып жана пропорциялуу кылып өзгөртөрү, демек, дуба түшкөн суу касиеттүү затка айланары чын чыкты! Ислам аны небак эле жакшы билип, колдонуп келген. Албетте, аны ак ниеттүү максат менен, ак дилден колдонуу зарыл (терс дубалардын күнөө экени ошол). Андай ак дубалар 33 же 101 ирет кайталанып окулат. Демек, кайталай окулган дуба суунун касиетин өтө күчөтүп, адамдын ден соолугуна оң (терс окулса зыян) таасир этет. "Суу – дары да, уу да", – деп элде бекеринен айтылбайт. Демек, дуба жолу менен адамды дарылоого болот жана ага бекем ишенүү зарыл. Ошондо гана дубанын касиети суу аркылуу адамга тез өтүп, таасири күчтүү болот.

 

2-бап. АЯНДАР

АЛГАЧКЫ АЯН

1994-жылы мага аян берилгени эсимде. Ал мындай болгон. Абдан кары кемпирдин элеси көрүнүп, кимдир бирөөнү көргөзүп: "Ушул кишиге жолугасың жана жардам бересиң", дегенсиди. Биринчиден, ал кишинин элесинен корк-кондой болдум, себеби, өңүмдө анчалык картаң адамды көргөн жок элем.

Арадан бир айдай убакыт өткөндөн кийин өз жумуштарым менен Бишкек шаарына келип калдым. Бир курсташыма жолугуп калып (мурда мамилебиз өтө деле жакшы эмес болчу), сүйлөшүп отурган кезибизде ал мага суроо берип калды: "Сен мурдагыңдан өзгөрүп калыпсың, эмне жумуш жасап жатасың?" – деп. Мен, табыпчылык менен иштеп жатканымды айттым (студент кезде деле дарылачумун, бирок, көпчүлүгү аны билчү эмес). Бир жумадан кийин ал мага капыстан телефон чалып: "Жолугушуп, сүйлөшсөк болот эле", – деп суранды. Мен макул болуп, экөөбүз жолуккан кезде анын чоң энеси катуу ооруп, тилден калып калганын жана досума ата-энеси: "Айылга барып, жамандыкка даярдана берсең окшойт", – дегенин айтты. Ал мени менен сүйлөшүп отуруп эле бир маалда өзүнөн-өзү: "Эй, Кубан, менин жүрөгүм кандайдыр бир жакшылыкты сезип турат. Айылга баргым да келген жок. Мүмкүн, сен бир жолу чоң энемди көрүп бербейсиңби?" – деп суранып калды. Ага чейин анын чоң энеси бар экенин билчү эмесмин.

Ошентип, мен жок дей албай, экөөбүз 11-кичирайондогу атасынын үйүнө бардык. Көп өтпөй чоң энеси жаткан бөлмөгө кирдик. Төшөктө жаткан кемпирди, анын абдан картаң экенин көрөр замат, таң калып, курсташымдан чоң энесинин жашын сурадым. Ал 107 жашта деп жооп берди.

Кемпир сүйлөбөй калган экен. Мен, анын тамырын кармап, ойлонуп көрүп: "Үч күн аракет кылып көрөйүн, Кудай-Тааламдан буйрук шыпаа болуп калса, айыгып кетиши мүмкүн", – дедим да, чоң энесин дарылоого кабыл алдым.Үч күндөн кийин көргөнү барсам, оорулуу кемпир өйдө туруп, төшөктө отуруптур. Өз көзүм менен көрүп, таң калып, ишенбей отуруп калдым. Андан да таң калычтуусу ал:

– Балам жаш экенсиң, атың ким, – деп сурады. – Үч күндөн бери жакшы аракет жасап, дарыладың. Мен баарын сезип эле жаттым. Көңүлүң менен дарылаганыңа чоң ырахмат балам. Эми менин сенден бир суранычым бар, жардам бер, – деди. – Менин кызым 70 жаштан ашты, балам 60 жашка келип калды, "карыган кишинин оорудан турганы жакшы эмес" дейт, элибизде. Ошол үчүн мени кете турган жагыма кетир, айланайын, суранам.

Мен мындай сөздү өмүрүмдө уккан да, көргөн да эмес болчумун.

Ал, колумдан кармап алып:

– Тирүү кезимде батамды берейин, каза болгон соң сени колдоп жүрөйүн, балам, мени артыма кайра кетир, – деп кыйнады.

– Сиздин ичер сууңуз, көрөр күнүңүз дагы бар экен, ал бүтмөйүнчө сизди Жараткан албайт. Анын үстүнө мен адамды тиги дүйнөгө кетиргенди билбейм, – деп, араң жооп айттым.

– Анда канча убакыт калды? – деп суроо берди.

Мен аргасыздан:

– Аз калды, – деп жооп бердим.

– Анда калган күндү жашайын, – деп көңүлү ачылып, күлүп, мага абдан көп жакшылыктарды каалап, ак батасын берди. Айыккандан кийин дагы 6 ай жашады. Кийин түшүндүм, мага баягы, аян болгон кемпир ушул, 107 жаштагы Сары кызы Бурулча эне экен. Ушул күнгө чейин батасы тийип, уулу Черткиев Шарапидин, келини Курманбүбү эже табыпчылык кесибиме жардам берип келет.

КИЙИНКИ АЯНДАР

1995-жылы июль айында Гүлчө – Кызыл-Алай маршруту боюнча жүрүүчү автобус жол кырсыгына учурайт, адамдар каза болушу мүмкүн деген аян болду мага. Ал тууралуу атама айттым. Атам ал автобустун айдоочусун үйгө чакырып, болгон белги-аян боюнча эскертип, рейске чыгарбай токтоткон. Бир күндөн кийин автобус өз маршруту боюнча ишке чыккан болучу.

Бир жумадан кийин ошол автобустун айдоочусу Асанбек атама жолугуп: "Мен рейске чыкпай калган күнү адам көп болуптур, акчадан куру калган экемин", – деп нааразы болуп, – "Кубанга ишенбей эле койсом болмок экен" деп өкүнүптүр. Мейли, мен элдин ден соолугу, өмүрү үчүн айттым. Буйрук Алла-Тааладан деп, таарынганына көңүл бурган жокмун. Арадан бир жыл өткөндөн кийин баягы өкүнгөн айдоочу мурда эскертилип айтылган (дал ошол жерде, саатта, күнү, бирок туура бир жылдан кийин) жол кырсыгына учурайт. Бул жолу адам өмүрүнө зыян келбейт. 2–3 адам жеңил жаракат алат, айдоочу жумушунан айдалат.

ӨЗГӨЧӨ АЯН

Айыл аксакалы Миңтилда аксакалдар жыйынын өткөрүп, жаңы молдо шайлообуз керек деп билдирди. Биздин айылдын молдосу Жусупбай деген аксакал карылыгы жетип каза болгон эле. Айылда ал кишинин ордуна ылайыктуу киши жок болуп, мени молдочулукка сунуштап, ойлонгонго убакыт беришти. Кийинки жума күнү районубуздун имамы Жолборскан төрө мечитке чакырып: "Окуп билим алгын, жөндөмдүү жигит экенсин. Сенден жакшы молдо чыгат. Бир айдан кийин келгин", – деп үйгө жөнөттү. Молдочулук менен табыпчылык кесипти бирге иштөө мага кыйын болот элек. Себеби эки милдет тең өтө жоопкерчиликтүү да. Ошол күндөрү мага абдан кыйын болду. Макул болбой коюуга да мүмкүн эмес эле. Мындай жоопкерчиликтүү чоң милдетти бардык кишиге эле айтып, ишене бербейт. Ошентип кыйналып турганда мага жаңы аян белги болду – мындан 18 жыл мурда биздин молдодон окуп, билим алган 35 жаштагы жигит бар деген. Мен ал аян белги тууралуу айыл аксакалдарына айтып бердим. Алар сураштырып, иликтеп, издеп табышыптыр. Бул тууралуу айылда 3 адам гана билчү экен. Союз учурунда эле айылдын акылман аксакалдары Абдыкайым менен молдо Жусупбай элдин келечегин ойлоп, 20 жыл кийин айылдыктар молдосуз каларын алдын ала билип, молдо окутуп, даярдап коюшкан экен. Ал Асан деген жигит жогорку окуу жайын ийгиликтүү бүтүрүп, чоң бир мекемеде жетекчи болуп иштеп жаткан экен. Ага барып айтышса, ал: "Ооба, илим алганым чын, бирок азыр айылга барып молдо боло албаймын", – деп макул болбой коёт. Айылдыктар убактылуу молдосу жок калат. Арадан 6 ай өткөндөн кийин баягы Асан деген жигит белгисиз себептерден улам кызмат орду кыскартылып, жумушсуз калат. Эч жолу болбой, башка жумушка орношо албайт. Өзүнүн окуган илимин (дин илими), аталарынан алган батанын күчүн, сырын ойлонуп, айылга барып, молдо болуп, элге кызмат кылып, соопчулук иш жасоо керек экендигин акыры түшүнөт. 1994-жылдан азыркы күнгө чейин Кызыл-Алай айылынын молдосу. Аброю, кадыры эл ичинде абдан чоң. Алла Тааламдын буйругуна жана батанын сырына айыл аксакалдары менен бирге күбө болдум. Асан молдо ушул күнгө чейин менин табыпчылык илимиме ишенип, колдоп жүрөт. Ал киши мага ыраазы. Мен да ага ыраазымын.

 

4-бап. ЭЛДИК МЕДИЦИНА ДЕГЕН ЭМНЕ?

Элдик дарыгерлердин да башка кесиптегилер сыяктуу билими жана атайын кесипчилик деңгээлдери болот. Орто билимдүү, жогорку билимдүү дегендей. Тилекке каршы, биздин мамлекетте европадагыдай элдик дарыгерчиликтин атайын окуу жайлары жок. Европада орто жана жогорку окуу жайлары бар экен. Биздин дарыгерлер илимди устаттарынан, ата-бабалардан үйрөнүп, ар ким ар кандай улантып келе жатышат. Бул үйрөнгөнгө өтө кыйын. Ар кимге эле ачылып бериле бербейт. Табыптардын да түрдүү багыттары, кесиптери болот. Мисалы, салттуу медицинадагы хирург, кардиолог, невропатолог дегендей. Ар бир дарыгер өзүнүн багытын туура аныктап, толук билип алып, ошол багыт боюнча гана иштесе, элге кыйла жардам бермек жана ишеним алып келмек. Муну айтканымдын себеби, төлгөчү, киринечи, айтымчы дегендердин баары эле тумар жазам, жол ачам, төрөтөм, пал ачам, дубасын жандырам дейт. Бул, мисалы чач тарач "операция жасайм" дегендей эле кеп. Чала сабат адамдар биздин ата-бабаларыбыздан бери келе жаткан илимди булгап жана элдин ишенимин кетирип жатат. Ар бир дарыгермин деген адам өзүнүн ким экендигин жашырбай, толук айтышы керек.

Молдо. Бакшы. Табып.

Бул үчөө – үч башка илим.

Көрүнүүгө келген адамдардын өздөрү да алардан ким экендигин сурашы керек. Эскерте кетчү нерсе, булар карта ачпайт. Менин негизги айтайын деген оюм: элдик медицинанын табигый касиеттери бар жана анын күчү абдан зор. Ага ишенимиңиздерди жоготпоңуздар. Беш кол тең эмес дегендей, касиетим бар деген адамдын өзүн байкап көрүп, анан кармаган илимине ишениңиздер.

ИЛИМИН ТАЗА КАРМАСА

Турмуштук практикамда менден дарыланып, мага таарынган беш-алты адам болду. Себеби, алар менден дарыгерликти үйрөтүүнү суранышкан. Мен аларга үйрөтө албайм деген жооп бердим. Анткени, бул илим ким кааласа эле үйрөнө турган илим эмес. Мындай илимди миңден бир адамга Алла-Таалам өзү атап, буюрат экен. Табыпчылык өтө татаал, кыйын жана жоопкерчиликтүү, оор иш. Өтө күчтүү жана чексиз илим. "Диний медицина" аталган илимдин өкүлдөрү табыптардын билими да даражаларга (категорияларга) бөлүнөт десек болот.

Биздин ата-бабаларыбыз бул илимди өтө бийик деңгээлге жеткирип, өздөштүрүшкөн. Ага кыргыздар Улукман атаган орто кылымдагы улуу дарыгер Абу Али ибн-Сина баштаган элдик медицинанын мыктылары жакшы далил. Дал ошолордун азыркы, илимий медицинанын пайдубалын түптөшкөнү, илимдин негизи болгондугу чындык. Аны эч ким тана албайт.

Мисалы, өткөн мезгилдердеги касиеттүү адамдар, сууларды отсуз кайнаткан, аязсыз тоңдурган, жайчылар жамгыр жаадырган, далай ооруларды дем салып, дуба түшүрүү менен эле айыктырып коюшкан (аны азыр психотерапия деп да аташат). Ошол илимдер кайда кетти, көбүнүн биротоло жоготулуп кеткендигин тарыхыбыз айтып жатпайбы. Эл ичинде дастанчылар, эпос айтуучулар (манасчылар), касиеттүү, олуя, илимдүү адамдар көп болгон. Алар да – Алла-Тааламдын шыпаасы тийген адамдар. Биз эмнеге айрымдарын сыйлап, ишине жол беребиз да, кай бирлерине жолтоо болуп, иштөөсүнө мүмкүндүк бербейбиз? Баарына бирдей мамиле жасоо керек.

Өзүбүздүн салт-санаабызды, тарыхыбызды, өнөр-касиеттерибизди сыйласак, бизди башка элдер да суктанып, сыйлашат. Колдо бар алтындын баркы жок дегендей, өзүбүздүн түпкү дөөлөттөрүбүздөн алыстап кеттик. Эми ошолорду кайтарышыбыз керек.

Диний медицина өзү үчкө бөлүнөрүн айттык:

1. Табып (дарыгер).
    2. Молдо (дин өкүлү).
    3. Бакшы (психолог).

Булардын ичинен, мисалы: табыпчылардын деле (башка кесиптегилер сыяктуу эле) орто билимдүүсү, жогорку билимдүүсү (профессор, академик дегендей) жана билими жоктору бар.

Алардын атайын кесиптик багыттары болот:

1. Сыныкчы. 
    2. Тамырчы.
    3. Дубачы. 
    4. Хирургу. 
    5. Терапевти. 
    6. Диагноздоочусу. 
    7. Айтымчысы. 
    8. Төлгөчүсү.

Айрым адамдарда өзгөчө касиет болот. Элибизде аларды "чымындуу", же болбосо, "көзү ачык" деп айтышат. Андай адамдарда Алла-Таалам берген касиети, колдоочу периштеси болот. Кай бир учурларда көзү ачык адамдардын көбөйүп кетүүсүнүн себеби илимди начар өздөштүргөн, кай бир көзү ачык адамдар касиети бар (колдоочу периштеси бар) адамды көрсө эле: "Сенин касиетиң бар экен, карманып, бата алып көзүң ачылышы керек", – деп адамдарды жолдон адаштырып жатышкандыгында болуп жатат. Ал адамдардын баарына касиетти Алла-Таалам көзү ачылсын, молдо, бакшы, табып болсун деп берген эмес. Бөлөк эле илимди өздөштүрсүн, врач, илимпоз же жазуучу, акын болсун деген. Андай адамдардын таза жүрүүсү зарыл. Динде айтылган шарият-шарттарды так сактай алса, андай адам өзүнөн-өзү эле максатына жетишип, ийгиликтердин ээси боло алат.

Ал эми атайын көзү ачылып, бата алып, бакшы, табып болуп, элге сооп үчүн иштей турган адамдар өтө сейрек болот (башка динде аларды Богослужащий деп коёт).

Айрым учурда медицина кызматкерлери табыптарга карата ар кандай сын пикирлерди айтышат: анатомия, фи-зиологияны билишпейт, анан кантип адам дарылайт дегендей. Мен буга толук кошулам. Себеби, чала молдо дин бузарлар адам түшүнбөгөн, ишенбеген, жалган диагноздорду айтып, адамдарды чочутуп, ишенимин кетиришет.

КАНДАЙ ЫКМАЛАРДЫ КОЛДОНБОО КЕРЕК?

Дарылоого топурак, таш, карышкырдын чүкөсү, бүркүттүн тырмагы, иттин майы сыяктуу ж. б. гигиенага туура келбеген нерселерди эч колдонбоо керек. Бул ыкма туура эмес жана алардын эч кандай дарылык касиети жок.

Медицина кызматкерлери элдик медицинаны жок деп эч качан так кесе чечим чыгарбоосу зарыл. Анткени, диний медицина илимий медицинадан мурда пайда болгон. Европада жана дүйнөнүн көп мамлекеттеринде элдик медицинаны биринчи кезекте колдошоп, сыйлап урматташат. Менин дарыгерлик тажрыйбамда көптөгөн медиктер, ажы, молдолор менден дарыланышты жана кеңеш сурашты. Башкача айтканда тажрыйба алмаштык. Мындай адамдар – динди, илимди толук окуп түшүнгөн билимдүүлөр. Эч качан өзүмчүл болбоо керек. Бул – тарых жана дүйнөлүк тажрыйба. Биздин мамлекетте табыптарды, бакшы-молдолорду, касиети бар адамдарды окутуп, даярдай турган окуу жайы болсо эң жакшы болмок, элге чоң пайдасы тиймек. Өнүккөн мамлекеттерде ошондой атайын орто жана жогорку окуу жайлары бар. Бизде да атайын окуу жайлары ачылып, анда окугандарга медициналык билим жана дин боюнча билим алышса, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарын билип чыгышса жакшы болор эле.

Көп адамдар өз касиеттерин колдоно албай кыйналып жүрүшөт.

ТАБЫПЧЫЛЫК ҮЙРӨТҮЛБӨЙТ.

Табыптар дагы: табып, устат табып дегендей бөлүнөт. Устат-табыптардын стажы 7–10 жылдан кем болбой, ага да атайын кошумча касиети барлары татыктуу болот.

Айрым көзү ачыктар өздөрү адашып, анан башка адамдарды жолдон чыгарып жүрүшөт. Андайлардын көбүнүн стаждары болгону 1–3 жыл, ал эми ээрчиткен шакирттери 30–40ка жетет!.. Бул эч туура эмес. Андайлар өздөрүндө касиети бар экенин айтып, адам дарыласам болот экен деп келишет. Аларга туура эмес иш кылып жаткандарын айтып койгонум үчүн мага келген канча адам таарынып кетти. Мен алардын касиеттери барбы, жокпу текшерип көрүп, андай касиетиңер жок, бөлөк эле иш жасаңыз десем таарынышат. "Чала молдо" адамдардын "дежурный" диагнозу:

1. Дуба окутулган.
    2. Чымыны бар.
    3. Жолуң жабык.

Мени алар кечирип коюшсун, бирок бул – чындык. Жок нерсени жок деп айтуу – менин парзым. Антпесем, күнөө кылган болом. Андай, өздөрүн касиеттүү сезип алган адамдардын көбү өз ойлоруна өздөрү алдангандар, аларды орус тилинде психологдор "самовнушение болгон" деп айтышат. Алар андай "оорудан" тазаланып, өз мүмкүндүгүнө ылайык иш жүргүзүшсө, коомчулукка да, өзүнө да көп пайда келтиришмек. Адамды дарылоо касиетин Жараткан Алла-Таалам баарына эле бере бербейт. Өзүнө-өзү ишенип алгандар болсо өзүн да, бөлөк адамдарды да алдап, кыйноо тартып калышат. Бул илим ким кааласа эле үйрөнө бере турган иш эмес. Табыпчылык илими – өтө татаал, кыйын жана жоопкерчиликтүү оор иш. Табыпчылык – бул өтө күчтүү жана чексиз илим. "Диний медицина" деп үстүртөн айтылып келе жаткан табыптардын билими да даражаларга (категорияларга) бөлүнөт (Бул тууралуу жогоруда да айтылган. Кубан бул маселеге кийин атайылап кайрылып, кененирээк баяндап берүүгө ниеттент). Биздин ата-бабаларыбыз бул илимди абдан бийик деңгээлге жеткире өтө терең өздөштүрүшкөн. Мисалга алсак, алар сууну отсуз кайнаткан, муздаткычсыз тоңдурган, жайчылар жамгыр жаадырган. Дастанчылар, эпос айтуучуулар (манасчылар), касиеттүү олуя адамдар кыргыздарда көп болгон. Азыр ошол илим кайда кетти? Советтик доордун бул илимге тийгизген салакасы дагы эле таасирин улантууда десек болот. Ар кайсы мезгилдерде, ар кайсы өлкөлөрдө көптөгөн илим-билимдердин ар кандай себептерден улам кайрылгыс болуп жок болуп кеткенин гезит-журналдардан окуп, телекөрсөтүүдөн көрүп, угуп эле жүрөбүз. Дагы эле ушинтип ишенбей жерий берсек, биз көп нерседен куру жалак калабыз, жоголгондон калганынан да айрылабыз.

Бул илимдин 20-кылымдардагы чет элдик чыгаан адамдарды айтсак: олуя Вангага миллионго жакын адамдар (арасында бүт дүйнөгө белгилүү адамдар да бар) ишенип көрүнүшүп, кеңеш алышкан. Дагы бир чыгаан Вольф Мессинг деген адамдын таң каларлык касиеттерин кимдер билбейт? Ал да тарыхта калды. Ошол олуя кишилердин айтымчылык (предсказатель) деген касиети өтө жогору болгон. Биздин динде айтымчылыкка көп жол бербейт. Ага мен толук кошулам. Адамдын өмүрү, өлүмү жана тагдыры бир гана Жаратуучуга анык белгилүү. Аша кечип, келечекке ашыгып төлгө салбоо керек.

Мен өзүм деле табыпчылыкты мыкты толук өздөштүрдүм деп айтуудан алысмын. Анткени ар бир илимдин ачылгандан ачыла элек сырлары көп болот.

Мисалы, мен өздөштүрдүм деген бир касиетимди айта-йын. Тамыр кармап, диагноз коём, ар кандай ооруну, бүт организмдин иштөөсүн аныктап биле алам. Мен койгон көп диагноздорду УЗИ, рентген анализдери далилдеп беришти. 18 жылда миңдеген адамдарды көрдүм. Тажрыйбамда медиктер менен биргелешип диагноз коюп, иштешкен учурлар да болду. Мен өзүмдү диагноздоочу-табып катары сезем. Оорулуу адамдарга так диагноз коюп, өзүмдөн айыга тургандарын дарылоого кабыл алып, башкаларына багыт, көргөзмө бере алам. Табыпчылык илимди ата-бабаларыбыздан бери карманып келишкен экен. Бул, айрыкча, кыргыздарга таандык илим. Биздин мамлекетте таланттуу адамдар көп, күчтүү дарыгерлер да бар. Ошолордун башын бириктирип, илимди толук изилдөөчүлөр чыкса элге жана медицинага көп жардам болмок. Биз башка элдерден илим үйрөнбөй, өзүбүздө бар илимдерди өркүндөтүп, таланттарды жарыкка чыгарсак натыйжалуу болмок. Чыңгыз агабыздай кыргызды дүйнө элдерине таанытсак деген тилек бар. Биздин салттуу медицина илимин дүйнөгө тааныткан Иса Ахунбаев баш болгон атактуу дарыгерлерибиз көп. Ал эми кыргыздын элдик медицинасын, анын уникалдуу жактарын сыртка тааныткан адамдар аз, дээрлик жок. Кытай, япон, тибет, индус ж. б. элдер элдик табыптарын кандай аздектеп, жарнамалап, алар менен сыймыктанып, бүт дүйнөгө таанытып жатышат. Алардан кем калбаган касиет биздин кыргыз элдик медицинасында да бар, бирок өкүнүчтүүсү колдоо жок. Өзүбүздүн салт-санаабызды, тарыхыбызды, элдик медицинабыз ж. б. нукура элдик дөөлөттөрүбүз менен өзүбүз сыймыктансан, өзүбүз аздектесек, анан башка элдер сыйлашат. Бизде колдо бар алтындын баркы жок болуп, нукура элдик дөөлөттөрүбүзгө тийиштүү деңгээлде көңүл бурулбай, жерилип, бааланбай жаткандыгы өтө өкүнүчтүү.

КУБАНДЫН ДАРЫЛОО ЫКМАЛАРЫ ЖЕ ЖОЛДОРУ

Дарылоонун ар кандай ыкмалары бар. Дубалардын күчү, дары чөптөр, таза булактардын суусу жана периштелердин колдоосу аркылуу дарылоого болот.

1. Сеанс менен.
    2. Дары (чөптөр) менен.
    3. Биоток.
    4. Укалоо (массаж).
    5. Точкаларга массаж. 
    6. Ванна (ысык суу же буу) менен дарылоо.
    7. Дубалардын күчү менен.
    8. Операция (бычаксыз).
    9. Тескери окулган дубаларды касида окуп кайтаруу.
    10. Каргышты кайтаруу (көчүрүү).
    11. Толук адамдардын арыктоосуна жардам берүү.
    12. Арык адамдарга салмак кошконго жардам көрсөтүү.
    13. Жүрөк көтөрүү.

Менин 18 жылдык тажрыйбамда КМШ мамлекеттеринде жашап жаткан көп улуттагы ар түрдүү диндеги оорулуу адамдар кабыл алуумда болушуп, дарылоодон өтүп жүрүшөт. Дарыланып, ооруларынан айыккан адамдар Алла-Таалам үчүн бардык улуттагы адамдар бирдей экенбиз деп, тобо келтиришип, Алла-Таалама ыраазычылык билдиришүүдө жана Жаратуучу жалгыз экенине баш ийип, ишенүүдө.

ӨЗГӨЧӨ ИНСАН... МИЛИЦИОНЕР – ТАБЫП

Алгач укканда ишенбедим. Милиционерден да табып чыкмак беле? Кантип эле?.. Бирине бири эч коошпогон эки кесипти бир адамдын ийгиликтүү аркалоосун мурда угуп-билген эмесмин. Көрсө, табият сыры, адамзаттын мүмкүнчүлүгү чынында эле чексиз белем! Ага толук ынандым...

Матай уулу Кубаныбек Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмүндө иштейт, милициянын капитаны, 35 жашта. Бишкектин четинде жашайт. Адамдарды такай дарылай баштаганына 8 жылдан ашты. Алгач табыпчылыкка ишенбеген кесиптештерин кантип, кандайча дарылай баштаганына албетте кызыктым.

– Мурдатан эле адамдарды дарылап жүргөм. Кесиптештериме айтчу эмесмин. 1995-жылы Закиров деген тергөөчүбүздүн буту куяңдап, баса албай калганынан карап көрүп, үзүп койсом басып кетти. Аны көргөн Жантаев деген кесиптеш капитан бар эле, бир күнү далысы жабышып ооруп, чыдатпай жатканын айтып калды, массаж жасап айыктырып койдум. Алгач, кесиптештериме табыпчылык илимим менен ушинтип билингем.

Азыр өз өлкөбүздөн гана эмес, Россия, Кавказ, Казакстандан бери Кубанычбек табыптан шыпаа издеп келишет экен. Ал, биоток, массаж, дуба, ванналар, бычаксыз операция жана көпчүлүк сеанс берүү ыкмасы менен дарылайт. Диагноз койдурууга, дарыланууга медициналык мекемелерге да жиберет. Өзүн тубаса табыпмын деп санайт. Атайын медициналык билим алган эмес. Ал эми ооруну аныктап, дарылоодон кийин кайра ооруп, кайрылгандар боло элек. Ал оорулуулардын баарын эле четинен алып дарылай бербейт. Өзү текшерип чыгып, көргөн соң өзүнө тийиштүүлөрүн алып калат да, туруктуу дарылоо жүргүзөт. Кимге, кайсы ыкма натыйжалуу болсо, ошону колдонот. Мисалы, баш ооруну – массаж, дары, жүрөк ооруну – сеанс, жүрөк көтөрүү, ал эми ашказан, он эки эли ичеги ооруларын операция, бөйрөк, гинекологиялык, көз ооруларын дары ыкмасы менен айыктырса, астма, зоб (богок), холестицитти, жекече ар бир сыркоого пайдалуу жолун аныктоо менен дарылайт. Өзүнө тийиштүү эместерин шыпаа берчү врачтарга, табыптарга жөнөтөт.

– Кийинки кездери дубалап (окутуп) койду деп кайрылгандар көбөйдү, – дейт Кубанычбек табып. – Бирок алардын көбү оорулуу эмес, бөөдө эле шек санап, бирөөлөрдүн тилине ишенип алгандар. Бирок дубадан да ооругандар бар (тескери дуба), дубанын ысытма, суутма, байлатма, бактысын, жолун байлоо ж. б. түрлөрү болот. Бишкекте, айыл-дарда акча үчүн ошондой терс дуба окугандар бар. Алардан этият болуп, бергендерин кабыл албоо керек. Ал эми чынында эле дуба салынгандарды кайра жандыруу зарыл, антпесе, адамга зыян болот. Андай "сыркоолорду" да жандырганга жардам бере алам.

Дегеле табыпмын дегендер көбөйүп кетти. Чыныгы билгендер гана адамды дарылашса. Табыпчылык – өзүнчө чоң илим. Аны терең билип, ак ниетте гана колдонуу керек.

Дагы бир көңүл чөгөргөн жагдай – табыптыкты дин менен аралаштырып жиберишти. Экөө эки башка, аларды ажыратуу керек. Чала табыптар Исламды өз кызыкчылыктарына пайдаланып, анын баркын кетирип, элге жаман көрсөтүп жатышат. Эл ишенимин динге кайтаруу зарыл. Элдик медицинаны иретке салса жакшы болор эле. Чыныгы касиети барларын гана иргеп алса...

Элдик медицина илимине өз энчисин берип, жол ачып берсе, элге чоң пайдасы тиер эле...

А. Сармамбетов, "Кыргыз Туусу", №63 , 2002-ж.

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

PDF форматында текстти ачуу керек, 1595 Kb

 

© Матай уулу К., 2009. Бардык укуктар корголгон
    Түзгөн А.И.Сарманбетов

 


Количество просмотров: 40230