Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Кадыров С.К., 2003. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун үй-бүлөөсүнүн жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2008-жылдын 13 октябры

Самат Кадырович КАДЫРОВ

Өкүм

(аңгеме)

Жеңил ойлуу эненин жосунсуз жоругунан улам бир уядагы эки бала эки башка өсүп‚ бири бирин тааныбайт. Атасы чоңойткон уул кийин юрист кесибин алып‚ биринчи соттук ишин энеси алып кеткен инисин соттоодон баштайт

С.К.Кадыров. Экинчи өмүр. Түзүүчү Мелисгүл Оморова. – Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. – 224 б. китебинен алынды

УДК 821. 51
ББК 84 Ки 7
  К 14
К 4702300600/М 454 (11) – 07
ISBN 978-9967-14-054-7

 

      — Гражданин судья‚ эки күндөн бери жүрүп жаткан сот процессинде айыпталуучу Абдыкадыров Жапардын кылмыш айыбы далилденип, мойнуна коюлуп олтурат. Абдыкадыров Жапар өз айыбын танбайт. Мен анын адвокаты катары бул кылмыш иши боюнча Абдыкадыровду коргоодо алсыз болуп олтурам. Ошондой болсо да‚ сиздердин көңүлүңүздөрдү анын тагдырына бургум келет. 
      Жапар 1950-жылы Бишкек шаарында туулган. Ал беш айлык кезинде атасы таштап кетет. Энеси жаш баласы менен төркүн тарабы – Ошко көчүп барат. Адепки күндөрдө иштеп жүрсө, кийинчерээк оорукчал болуп үйдө отуруп калат. Мен анын адвокаты болгондон кийин анын энесине кезигүүгө туура келди. Мына ошондо анын жазып берген таржымалы. 
      Адвокат колундагы катты окуду:
      «Мен турмушка чыкканымда он сегизде элем. Бишкекке окууга келип‚ окубай калгандан кийин фабрикада иштеп жүрдүм. Биз кинодо таанышып калдык. Ордубуз катар экен. Кино бүткөндө ал мени узатып койду. Эртеси анын өтүнүчү боюнча дагы кезигиштик. Ал жай бирге болдук. Менин отпускам бүттү. Ал да кете турган болду. Анда Ташкентте окучу. Биз эч кимге айтпай баш кошуп алганбыз. Кат алышып турдук. Ар бир айлыкта ага акча салып турдум. Биринчи балам ал экинчи каникулга келердин алдында төрөлдү. «Эрсиз төрөгөн кыз» деген атка кондум. Менин бактыма андан үзүлбөй кат келип турду. Ал катында дайым: «Баламды ыйлатпай жакшы чоңойт» деп жазчу. Фабриканын жатаканасынын бир бөлмөсүндө жашай бердим. Ал дагы жайкы каникулга келди. Ачыкка чыгып‚ бетимдин көшөгөсү ачылды. Менин төркүндөрүмө бардык. Баланы ата-энеме таштап‚ Бишкекке кайра келдик. Ордумда иштеп жүрө бердим. Тапкан айлыгымды ага салам. Тилегим анын окуусун бүтүрүш болду. Арадан жыл өтүп‚ ал окуусун бүтүп келди. Шаардык геология партиясында иштеп калды. Турмуш өз огу менен жүргөнсүп жатты. Ал иштегенден баштап балабызды колубузга алдык. Анан экинчи уулум төрөлдү. Күйөөм талаага көп кетчү. Күн өткөн сайын кыялы чыгып, мамилеси өзгөрүлө баштады. Үйбүлөнү сактап калыш үчүн көп аракет кылдым. Колумдан келбеди. Анын суук көзүнөн‚ жаман сөзүнөн денем муздап‚ сезимим өлдү. Таза турмушум таразанын табагына салынгансып‚ калкылдай баштады. Бирөөнүн мээримин издедим, акыры бузулган аял атка кондум. Адепки кездерде анын жанынан чыкпай‚ дайым бирге болууну самасам‚ акыркы мезгилдерде андан кутулуунун жолун издей баштадым. Бир кездеги таттуу сүйүүм ошентип ууга айланды. Эркектен көңүлүм калды. Балдарым үчүн гана жашадым».
      - Атасы ким? Кайда иштейт? – деп сурады сот. 
      - Ал азыр республикалык геология башкармасынын төрагасы – деди адвокат. Колдон түшкөн алмадай соттун башы шылк дей түштү.
      Анан:
      - Эртеңки саат онго чейин дем алыш‚ — деди да сүйрөлө ордунан турду.
      - Cизге эмне болду? Өңүңүз бузулуп турат. Доктор чакырталыбы? – деди сотто секретарлык кылып жаткан кыз. 
      - Жок. Cуу бериңиз да‚ бара бериңиз. Эс алыңыз.
      Заседателдер менен секретарь кыз чыгып кеткенде кабинетте сот жалгыз калды.  
      - Демек‚ мен өз инимди соттоп жаткан экемин да. Институтту бүтүп‚ жаңыдан сот болгондо биринчи соттук ишим инимден башталыптыр да.
      Ал ордунан турганда милициянын машинасына түшүп жаткан инисин көрүп: 
      - Cадагасы иним… Cени көрсөм деп тилечү элем. Экөөбүз ушинтип кезигишет белек.
      Таноосу кыпчылып‚ кимдир бирөөгө ачуусу келип турду. Машина экинчи көчөгө өтүп‚ көрүнбөй калганда отургучка отура калып жаш балача солкулдап ыйлап жиберди. 
      - О тагдыр‚ ырайымсыз тагдыр‚ — ал өзүнчө эле сүйлөнө берди‚ — байкуш энем ай‚ жүрөгүң сыздап Жапарыңды ойлоп жаткандырсың ээ? Балаң үчүн кимден‚ кимдин алдына барып жардам сурадың экен. 
      Кол жоолугу менен көзүнүн жашын сүрткөндө маңдайкы столдо турган телефон көрүндү. Жумаш телефонго кандай жеткенин билбей калды. 
      - Ало ата‚ бул сизби? Мен сизди күтөм… ооба‚ азыр келиңиз. 
      Демейде минтип шаштырбаган уулунун кыялына таң калган Капар машинасына олтуруп‚ шаардагы райондук соттун имаратын көздөй жөнөдү. Cыртта күтүп турган Жумаш атасы келер замат машинага олтурду. 
      - Cыртка чыгып келелик‚ ата. Бүгүн негедир камыгып турам.
      - Кызматчы?
      - Эртең иштербиз.
      «Волга» тоону бет алып зымырады. Бир топ унчукпай жол жүргөндөн кийин баласынын буулугуп келатканын байкаган Капар:
      - Cага эмне болду‚ Жумаш. 
      Капар аталык мээрими менен артында олтурган Жумашка кылчая бергенде экөөнүн көздөрү тиктеше түштү. Курчтук‚ жаштык менен ачуусун жашыра албай келе жаткан Жумаштын бетинен чыккан түгү‚ канталап кызарып кеткен көздөрү суук сезилди. Капардын жүрөгү бир нерсени сезгендей солк деп‚ чочулап кетти. Бул өтө мээримсиз көрүнүш эле. Жумаш чоңоюп эс тарта баштаганы анын жүзүнөн мынчалык ачууну көргөн эмес. Бир кезде‚ ал энесинен ажыраган жылдары‚ ушул көзкараш менен атасын кызматтан келгенде тосуп алчу. Анда төрт жашар бала өзүнчө эле үрпөйүп жүрүп‚ кийинчерээк көнүп кеткен. 
      Жумаштын көз алдында мындан көп жыл мурун атасы экөө токойго сейилдеп чыкканда‚ уясында өлүп жаткан торгойдун үч балапаны элестеп турган. Ошондо атасы: 
      - Балапандардын ата-энесин жырткычтар жеп кеткен экен‚— дегенин эстеп: 
      - О‚ ырайымсыз жырткычтар‚ — деп жиберди. 
      Үнү бөлүнүп-бөлүнүп‚ кысыла араң чыкты. Cелт дей түштү Капар. Негедир белгисиз күч анын көз алдына аялы Айгүлдүн‚ баласы Жапардын элесин тартты. Аларды Капар көп ойлочу эмес. Кээде гана өзүнчө «Байкуш балам ай‚ кандай турмуш‚ кандай тагдырда болдуң экен» деп кала турган. Айгүлдүн элеси кошо келгенде элжиреп турган жүрөгү катып‚ ысыган денеси муздар эле. Бул сезим жек көрүү сезими болучу. 
      Машина айыл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүнө барганда токтоду. Алма бактын ичи менен ээндеп басып‚ киши жок булуңга келгенде Жумаш атасына:
      - Билесизби‚ мен кимди соттоп жатам? – деди. 
      - Жок.
      - Ал сиздин балаңыз‚ менин иним.
      Капар чочугандай селт деп Жумашка бурула:
      - Жапардыбы? 
      - Ооба.
      - Күнөөсү эмне?
      - Ууру кылган. Ош шаарынын дүкөнүнөн товар уурдап‚ Бишкектин базарында сатып жаткан жеринде кармалган.
      - Жалгызбы?
      - Жолдошторун айтпайт. 
      Анан чечкиндүү:
      - Ата‚ экөөбүз биринчи жолу беттешип сүйлөшүп жатабыз‚ — деди атасынын жүзүн тиктеген бойдон. Анын үнүндө ыза сезилип турган‚ — мен сизден суранам‚ биздин тагдырыбызды ачык айтып бериңиз. Буга чейин нечен ирет сурасам‚ ар кандай шылтоого жооткотуп айтпадыңыз. Эми убакыт жетти. 
      Капар чылымын күйгүзүп‚ бир топко унчукпай турду да:
      - Cен бактылуу баласың. Окууңду бүттүң‚ кызматың жаман эмес.
      - Энесиз өскөн бактысыз күндөрчү‚ — деп Жумаш анын сөзүн бөлдү. 
      - Энең болбосо‚ атаң болду. Билем‚ бала үчүн атадан эне көбүрөөк керек. Мен болсом энесиз‚ атасыз өстүм. Жетимчилик канчалык оор болсо да‚ өлбөгөн адам ага чыдайт. 
      Ал тумчуга түшүп‚ унчукпай калды. Маңдайынан чыккан терин сүрттү. «Балага кантип түшүндүрүүгө болот. Эгер ачык айтсам‚ баары бир ишенбейт. Ачык кантип айтам. Оозум ага кантип барат‚ мен үчүн башка адам айтып түшүндүргөнү оң». Колундагы чылымын бүктөп ыргытып жатып:
      - Көңүлсүз турмушка чыдоо мүмкүн эмес‚ — деди Капар ылдый караган калыбында. 
      - Демек‚ сиз апама каалабай баш кошкон экенсиз да?
      - Көңүлүбүз менен табышсак да‚ кийинки мезгилдерде ошондой болду. Балдар үчүн сокур да‚ дүлөй да болуп жашап көрдүм. Кулак‚ көздү жапкан менен көкүрөктү жабуу колумдан келбеди. Ушул сезим акыры сени апасыз‚ Жапарды атасыз кылды. 
      Жумаш ордунан тура калып:
      - Бул наадандык экенине түшүнөсүзбү? – деди кумсарып. 
      - Түшүнсөм да аргасыз ошого бардым. Мейлиң кандай жазаласаң эрк өзүңдө. Жалгыз тилегим: менин башымдан өткөн турмуш сага буюрбасын.
      - Менин тилегеним да ошол‚ — деди Жумаш көзүнөн заары чыгып‚ — мансап үчүн‚ керт башынын кызыкчылыгы үчүн өз уясына өзү өрт коюп‚ начальнигинин кызын алып‚ ал пенсияга кеткенде ордунда калып өткөргөн турмуш менин башыма келбесин. 
      Баласынын бул сөзү Капарга ок болуп тийип‚ бычактап кескилеп жаткандай болду. Өңү бозоруп‚ колу калчылдап‚ бою эңкее түштү. Отурган калыбында эки алаканы менен бетин басты. Ичинен гана «О бетсиз Айгүл‚ күйгүздүң ээ. Кантейин‚ өз баламдан ушул сөздү укмак экем». Анын көзүнөн тамчылаган жаш салаасы менен жылып баратты. Ал бул калыбында катып олтура берди. Оозунан чыккан аба күйүк жыттанып жатты. Айлана тунжурап‚ тынчтык өкүм сүрдү. Ал ордунан турганда жалгыз калганын сезди. Иретсиз кадам шилтеп‚ араң машинага жетти. Ал бул кезде элсиз талааада бараткандай туйду өзүн. «Волга» шаарга бет алып‚ акырын келе жатты. Көздөрү тумандап‚ жол араң көрүнөт. 
      Жумаш үйгө такси менен келди. Кечки саат али беш болучу. 
      - Гүлжан‚ -деди босогону аттаар менен.
      - Жайчылыкпы‚ ооруп калдыңбы‚ — деди алдынан чыккан Гүлжан анын өңүнүн бузулуп турганын чочулай тигиле карап.
      - Күндүн ысыгы го. Айрыкча бүгүн өтө эле үп болуп турат. Гүлжан‚ кийинчи. Cумкаңды ала чык‚ бир жерге барып келели.
      Гүлжан сыртка чыкканда Жумаш аны короодо күтүп турган. 
      - Cен дүкөнгө кирип жетишерлик тамак-аш алып чык‚ даяр оокат болсун.
      Гүлжан дүкөндөн тез эле чыкты. Такси шаардын чоң түрмөсүнүн жанына келгенде токтоду. 
      - Гүлжан‚ сенден өтүнөрүм‚ азырынча менден эч нерсе сураба. Оштон келдим‚ энең берип жиберди дегин да‚ алдагы оокатты Абдыкадыров Жапар дегенге берип чык.
      Жумаш начальник менен сүйлөшүп‚ Гүлжанды кездешүү бөлмөсүнө киргизип‚ экинчи бөлмөдө өзү олтурду. 
      - Cени мына бул келин чакыртты‚ — деди узатып келген түрмө кызматчысы Жапарга.
      - Абдыкадыров сиз болосузбу? – деди утурлай басып Гүлжан.
      - Ооба.
      - Мен бүгүн Оштон келдим. Аэропорттон бир аял кезигип‚ бул оокатарды берип кой деп өтө суранганынан келип калдым.
      - Рахмат‚ келинчек‚ сизге. Ал менин апам болсо керек. 
      - Ошондой го. Улгайган аял… 
      Гүлжан бир аз унчукпай‚ анан:
      - Көп болдубу‚ отурганыңызга‚ – деп жумшак сурады.
      - Үч айча болуп калды.
      Булардын сүйлөшкөнү Жумашка даана угулуп турган.
      - Канча жылга кесилдиңиз эле?
      - Али белгисиз. Эртең балким өкүм угузулуп калар деп турам. 
      - Жаш экенсиз. Ден соолук болсо бир күнү бошоп келерсиз. 
      - Өзүмдөн деле коркпойм. Жалгыз энем бар. Ал да оорукчал. Мени кыйнаган ошол адам.
      - Кантесиздер‚ башка түшкөнүн көрөсүздөр да. Cот ырайымдуу болсо эске алаар. 
      - Ким билет‚ жаш сот экен. Ыраңы ысык сезилет.
      - Туугандарыңыз жок беле?
      - Жалгызмын.
      - Атаңыз да жокпу?
      - Мен кичине кезимде өлүптүр. Энем экинчи турмушка чыкпаган экен.
      Нары жактан узатып келген түрмө кызматчысы көрүнгөндө Жапар ордунан турду. Ал Гүлжанга кайрылып: 
      - Мен үчүн убара болгондугуңузга дагы бир жолу ыракмат сизге. Тилегиңизге жетиңиз‚ ырайымдуу келинчек. 
      Гүлжан менен кол алышып коштошуп жатып:
      - Энем келерин айта алган жокпу?
      - Аны сүйлөшкөнгө үлгүрбөй калдык. Cаламатта болуңуз.
      - Жакшы барыңыз.
      Жумаш эртеси кызматка жөө келе жатты. Уктабай кызарган көзүн кара айнек менен жаап алды. Бир күндүн ичинде улгая түшкөндөй сезди өзүн. Көз алдында Жапардын элеси турду. Улам эстеген сайын ал андан өзүнө окшоштукту таап жаткансыды. Анын кулагына сот процессинде сүйлөгөн Жапардын сөзү угулуп турду. «Мен атамды көрбөй калдым. Чоңоюп мектепке барып жүргөнүмдө энем оорукчал болуп‚ кызматка жарабай калды. Анын пенсиясы экөөбүзгө жетишпеди. Аргасыз окууну таштадым».
      Жумаштын денеси дүр деп‚ кайра чыйрала түштү. Бул кезде атасына ачуусу келип‚ жаак эти түйүлө түшкөн. Жол боюндагы бакка жөлөнө бир аз эс алып‚ кайра жолун улады. «Эмне үчүн жалгызмын дейт. Атасы бар экенин айтпаса да‚ мени кантип унутту энем. Эмне үчүн жашырды экен?». Анын кулагына бирде Жапардын‚ бирде адвокаттын сөздөрү угулуп баратты. Прокурордун сөзүн эстегенде жүрөгү кысылды. «Абдыкадыров Жапар уурулук жолуна кичине кезинен түшкөн. Адегенде чөнтөк тазалап жүрсө‚ кийин атайы эле мамлекеттик мүлккө кол сала баштаган. Чөнтөк уурулугунан эки жолу милицияга түшүп чыккан. Чылым чегип‚ ичимдик ичет. Дүкөндөн буюм уурдашы анын биринчи жолу кылган иши эмес. Алдын ала жүргүзүлгөн тергөөдө бир канча ирет ушундай иштерди жасаганын мойнуна алган. Өзү жалгыз болбосо да, жолдошторун жашырып олтурат. Бул коом үчүн өтө коркунучтуу ууру. Ошондуктан менин өтүнөрүм…».
      Жумаш шамал айдап жарга урунган кайык сыяктуу карс деп туюкка камала түштү. «Коркунучтуу ууру… ». Эмне үчүн? Ал камалган жардан чыга албай жатты. «Бир жерге орношуп‚ кызмат кылууга жашым толбогон соң муктаждык мени ушул жолго түрттү». Жапардын бул сөзү Жумашты жардан сууруп алгандай болду. Ал бир аз жеңилдей түшкөнсүп‚ атасын эстеди. «Өз каныңдан жаралган балаңды ушул тагдырга салып, кайсы абийириң менен жашап‚ чалкалап машина минип жүрөсүң». Кадамы тездей түштү. Кабинетине киргенде аны секретаршасы күтүп олтурган эле. Түрүн жашырууга аракет кылып‚ шкафтарын ачып-жаба берди. 
      - Cаатыңыз канча болду? – деди секретарь кыздын өңүнө карабай пас үн менен.
      - Онго эки минута калды. 
      - Залга алып келиштиби? 
      Жумаш айыпкерди сураган эле.
      - Бардыгы залда‚ — деп жооп берди секретарь ордунан тура берип.
      Залга кире турган каалганы ачканда төр жакта отурган арык аялды көрүп‚ Жумаш артка чегине түштү. Колундагы папка түшүп кетти. Аны секретарь кыз алып бергиче Жумаш чөнтөгүндөгү кара айнегин көзүнө кайра илгенге жетишти. Ордуна олтурары менен адвокатка кайрылды.
      - Cөзүңүздү уланта бериңиз.
      Адвокат ордунан туруп‚ залды айландыра карады да‚ сөзүн баштады:
      - Абдыкадыров Жапар балалыктын таттуу турмушунан эрте ажыраган. Аны жашоо зарылчылыгы кылмышка түрттү. Жапардын балалык оор турмушуна‚ анын азыркы тагдырына атасы күнөөлүү. Ал баласынын гана эмес‚ аялы Айгүлдүн тагдыры үчүн да жооп бериш керек. Жапардын энеси мына залда олтурат. Ушул аялды кырк беште деп айтсам ким ишенет. Аны жетишпеген турмуш ушул абалга жеткизген…
      Жумаштын эки көзү энесинен өтүп кетти. «Байкуш менин акчач энем» деди буулугуп оюнда. Адвокат сөзүн улантмакчы болгондо прокурор тура калып:
      - Демек‚ сиздин оюңуз боюнча соттолуучунун ордуна Абдыкадыровдун атасын отургузсак деп турасызбы?
      Адвокат жооп бергенче прокурор сөзүн арылата берип:
      - Гражданин судья‚ гражданин адвокат өтө чаап кеткендигине байланыштуу мен төмөнкү документтерди окуп берүүгө мажбур болуп олтурам. Бул акт бир кезде алардын коңшулары тарабынан жазылып‚ сотко өткөрүлгөн.
      Ал колундагы кагазды көтөрүп‚ анан окуй баштады. «Абдыкадырова Айгүл геолог Атаев Капардын аялы. Эри кесиби боюнча экспедицияга көп кетет. Ал нечен айлап тоо-ташта талаалап жүргөн учурлары болот. Айгүл эч жерде иштебейт. Колунда эки баласы бар. Эринин жок кезинен пайдаланып‚ үйүнө ар кыл жаштагы эркектерди көп алып келет. Өзү ичкенди жакшы көрөт‚ көп учурда кампания уюштуруп‚ тынчтык бербейт. Ал тургай балдарын да карабайт. Түн киргенче төрт жашар баласы сыртта болот. Курсагы ачкан бала ар кимден нан сурап жейт. Биз бул ишти анын эри экспедициядан келгенде айтып жүрдүк. Аялын тыйып‚ оң жолго салуу анын колунан келбеди. Ал өтө эле жоош адам. Тыймак турсун өзү да үйүнө кирбей калган учурлар болот» деп актыга он беш адам кол койгон. Ал эми бул кагаз соттун чечими. Чечимде Абдыкадырова энелик укугунан ажыратылган. Ал аял бул чечимден кийин эмчектеги баласын ала качып‚ таптырбай кеткен‚ — деп прокурор сөзүн улантканда Жумаш:
      - Токтоткула дискуссияңарды‚ — деп кыйкырып жиберди.
      - Акыркы сөз сага берилет‚ Абдыкадыров. 
      Жапар соттун сөзүн укпай калды. Жалдырап олтура берди. 
      - Абдыкадыров‚ акыркы сөз сага берилет‚ — деп кайталаганда гана ал ордунан турду. Анын көз жашы бетин жууй‚ тынымсыз агып жаткан. 
      - Cөзүм жок‚ — деди да турган ордунда катып калды. 
      …
      Өкүм угузулгандан кийин залда Айгүл жалгыз олтурду. Анын кулагына «бир жарым жыл»‚ «сотто председателдик кылган Атаев Жумаш» деген эки сөз угулуп турду. Кабинеттен жаңы чыккан Жумашты көрө сала Айгүл:
      - Жумаш‚ уулум‚ кечир мени‚ — деп анын колуна жыгылды.
      Жумаштын бүткөн бою жыйрыла түштү. Иретсиз басып сыртка чыкты. Полду койгулап ыйлаган аялдын үнү мээсин мыкчып жаткансыды. Ал көчөгө чыкканда ары-бери басып турган атасын көрө сала:
      — Ата‚ — деп кыйкырып жиберди. Анын үнү жаш баланын ыйлаганына окшоп кетти. «Волга» машинасы шаардык түрмөгө бет алып келе жатты.

 

© Кадыров С.К., 2003. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун үй-бүлөөсүнү жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 2252