Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия
© Акунова Ж., 2008. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 4-январы

Жыпар АКУНОВА

Каректе калган жаз

Акындын бул жыйнагындагы ырлар өзүнүн поэтикалык чынчылдыгы, ачыктыгы жана сырданалуугу менен окурмандын ой-сезимин козгоп, көкүрөк – көөнүнөн Орун алат. Ушундан улам анын лирикалары окүп жаткан адамдын тагдыр-турмушунан, дил сырынан жаралып жаткандай таасир калтырат. 

-----------------------------------------------------------------------------

В новой книге «Каректе калган жаз» («Весна, запечатленная в глазах») собраны избранные произведения автора, перепечатанные из двух предыдущих ее поэтических сборников: «Шок жылдыз» («Веселая звезда», Бишкек, 1985 г.) и «Дыл чырак» («Свеча души», Бишкек, 1994 г.). В книге также помещены новые стихи Ж.Акуновой и несколько рассказов.

Жыпар Акунова. Каректе калган жаз: ырлар, аңгемелер. – Б: Гүлчынар, 2008. – 224 б. китебинен алынды

УДК 821. 51 
ББК 84 Ки 7-5 
А 44 
ISBN 978 – 9967 – 24 – 759— 8 
А 4702300200-08

 

«ШОК ЖЫЛДЫЗ»
(1985-ж.)

 

БАКЫТ КУШУ МЕНМИН БУЛ ЖАЗДЫН

Жаз жыттанган сулуу кыздардын, 
Ай жамалын көрүп ыр жаздым,
Жалынына күйүп кетемби,
Жашыл көйнөк кийген бул жаздын.

Гүл аңкыган шайыр кыздардын,
Күлкүсүнөн алып ыр жаздым,
Күн периси болуп кетемби, 
Кызыл көйнөк кийген бул жаздын.

Шок баладан недир ийменип,
Сен жөнүндө бүгүн ыр жаздым.
Өрттөнбөңмүн, сүйбө бетимден, 
Бакыт кушу менмин бул жаздын !

 

АЙЫЛЫМ

Сыдырым жел аймалап нур жүзүмдү,
Айылым, сен тараптан сагыныч сунат.
Сүйдүрүп шүүдүрүмгө балтырымды,
Жыңайлак баягыдай кыткылыктап,
Саамайыма ак бантик байлап алып,
Шиберинде чуркагым келип турат.

Чуркагым келип турат кызыл кечте,
Жарышып өзүм кырдуу балдар менен.
Узатып тептегерек кызыл күндү,
Ыза кылгым келип турат азыр дагы,
Жоош баланы ыйлаган далай менден.

Жапжашыл жазда куйган тентек жамгыр 
Жоктоп мени балким жашын төккөндүр.
Бейкапар ошол кечте мемиреген 
Ак жолтой, бешиктеги синдилерим 
Жазда гүлдөп, жазда бойго жеткендир.

Жазда барам, дечү элем жазга окшоп,
Ак жаандай аппак көйнөк кийип алып .
Ошондо жамгыр төгүп, жамгыр ырдап 
Турса экен балалыкты эске салып…
А балким барбай калам ошол жазда,
Жигитин башка жактын сүйүп калып…

 

ТУУЛГАН ЖЕРДИН СҮРӨТҮ 
   
1

Кыш келди, аяз келди,
Аппак тон. Кары күчтүү.
Баягы жылгачага 
Кайрадан муз жол түштү.
Бөбөктөр чана менен 
Дөңсөөгө канча чыгып, 
Кайрылып кезек күттү.
Асманга жылдыз толду,
Жылгада оюн бүттү.

Чырактар жанды үйлөрдө.
Байгеге чыгышкансып,
Морлордон түтүн булап 
Бийикке созолонот.
Сүйлөшүп алышкансып,
Жылдыздар күлөт бүгүн.
Элендеп качып барат,
Коктуга түшкөн күүгүм.

Аязды караап тутуп,
Алыста тоолор калды.
Мемиреп көшүп кетти,
Жамынып аппак карды.
Эртеси балдар ойноп,
Кайрадан муз жол салды.
   
2

Таңдары бейкут атчу,
Айылым эске келет.
Турпаты ошол бойдон
Керекте түнөп жүрөт.
Көзүмдү чылк жумсам да,
Тартылат ушул сүрөт.

 

БЕЙИШКЕ ДА АЛМАШПАЙМЫН АЙЛЫМДЫ

Айлым менин жөпжөнөкөй бир айыл,
Башка айылдын бардыгына опокшош.
Асманы ачык, топурагы, тоосу да,
Өзгөлөрдүн айылына опокшош.

Апам, айлым, балалыгым чынжырдайт
Бир — бирине байланышкан чырмалып.
Алыс кетип, алыс, алыс жүрсөм да,
Самай берем, сагынычтан кыйналып.

Мен эңсеген жөп — жөнөкөй бир айыл,
Кыялымда, жүрөгүмдү жашаган.
Сени эстесем балалыкка кездешип,
Балалыктын деми менен жашарам.

Мага өзгөчө, өзгөчөдөй туюлчу,
Ай чыкканда жаңы гана жаңырып.
Эмнегедир айлыма тартылап,
Куса болуп, балалыкты сагынып.

Айлым менин кадимки эле бир айыл,
Башкалардан айырмасы азыраак.
Кереметтей сулуулугу, кооздугу,
Карегимде тасма сымал тартылат.

Жылдар сурап турса дагы жашымды,
Самайм, эңсейм туулуп — өскөн айлымды.
Ал айылда неге десең мен чоңойгом,
Бейишке да алмашпаймын айлымды.

 

8-МАРТКА

Өзүңдү көрүүгө тез барсам экен,
8 — Мартым айылым, туулуп өскөн.
Кусадар болуп жүрөм туталанып,
Күлкүчү балалыгым чыкпай эстен.

Курбуларым чогулса ээ баягыдай,
Бүтсөм сырга айланып сагынычым.
Жан дүйнөм жашый түшкөм, атаганат,
Керегимден төгүлүп таарынычым.

Тулаңынды жүдөтүп оонай, оонай,
Нан жыттуу топурагың туям анда.
Бир барып кулун — тайдай кубаныч чачып,
Оюн салып келбесем кумар кана.

Шаттыкка айылымды бөлөсөм дейм,
Неристе шоктугума кайтып келип.
А кийин асылыңды жомок кылам,

 

* * *

Саамайымды желге сапырып,
Ат жалында ойноп баратам.
Жоолугумду булгап асманга,
Ай — талаага сагыныч таратам.

Ээликтирип кызыл тулпарды,
Камчы үйрүп салдым ызага.
Эркин өскөн, эрке тоо кызы,
Буулугупмун жүрүп кусада.

Саамайымды желге сапырып,
Ат жалында ойноп баратам.
Ызаланып жетпей буртулдап,
Чаң келатат артка карасам.
Акылга сыйбас күчүң айтып берип.

 

МАЖНУН ДАЙРА

Бууракандап сургулт тартып анакей,
Нарын жазда ээ бербеген шок дайра.
Аскадагы мамырыга ашыгып,
Тоо койнунда, махабатка мас дайра.

Тыңшап көрчү: мамыры деп, күнү — түн,
Үнү бүтпөй өмүр бою боздогон.
Таазим этип ошол бийик сезимге,
Кошоматчы аска тигил коштогон.

Канча кылым сүйүүнүн бул Мажнуну,
Арман кылып жетпегенин ырдады.
Тоолор дагы андан бетер бийиктеп,
Ыйык гүлүн бул дайрага сунбады.

Күр — шар этип Нарын дайра ашыгат,
Буурул тартып, жээкке көбүк чачырап.
Тоонун гүлү өзү түшүп келбеди,
А намыскөй дайра деле шашылат.

 

ЭНЕНИН СҮРӨТҮ

Дилимде уяндык, таазим бар,
Тилсиз бир сүрөткө тигилем.
Ал аял ансайын мээримдүү,
Жылуулук төгүлүп жүзүнөн.

Сүйгөнүм түспөлдүү бул жанды,
Тиктеймин негедир тайсалдап.
«Ыймандуу балам бол», — дегенсип,
Көздөрү үмүткөр жылмаят.

«Ак жоолук салынып, садагам,
Ак жолтой келин бол», — дегендей
Сүйкүмдүү эненин элеси,
Анан да сүрдөнткөн каректер…

 

* * *

Аялдар ыйык дешет 
Күн баткан жүрөгүнө.
Бул тынчтык келген экен,
Эненин тилегине.

 

АПАКЕМ

Түшүмө кирдиң дагы ушул түнү,
Жалбарып эркелеттиң жаш баладай.
Колуңдун жылуулугун сезип туруп,
Салаалуу көз жаш төктүм аягыдай
Сагыныч жүрөгүмдө баягыдай.

«Кат жазбай, эскербей», — деп кейип алдың,
Кусалык менде да көп апакебай.
Таарынып аласың да чындап эле,
Бир кездеги кичине мага окшоп,
Алда менин таарынчаак апакем ай.

Мен сени, сени кантип унутайын,
Шагындын бир бүчүрү болуп туруп.
Сен берген бул жашоонун, бул өмүрдүн
Кумарлуу кубанычын сезип туруп,
Мен сени кантип гана унутайын?!

 

МЕНИН ҮЙҮМ

Узаткан бул жашоого,
Киндик кан тамган үйүм.
Кайрылып келдим бүгүн
Сагынып өзүңдөгү
Атамдын тааныш жытын,
Энемдин жылуу сүтүн.

Шаттык жок бөлмөлөрүн
Көркүнөн ажыраптыр.
Апамдын ыпылдаган
Жыйнактуу колу тийбей.
Жөргөмүш желе байлап,
Бөлмө суз күлкү сүйбөй.

Сен мага таарынгансып,
Тунжурап үн катпайсың.
Биз канча көрүшпөдүк,
Канча жаз келип — кетти.
Кусалуу дегдеп келсем,
Төгүлүп сырдашпайсың.

Шыптабы, кайда кеткен
Бейкүнөө менин күлкүм?
Издерим кана, кана
Апамдан качып чыкчу.
Ушул бурч баягы го
Кылтыйып мен жашынчу.

Сен бизге сапар берип,
Алыска узаттың да.
Мекени болуп калдың,
Бактылуу балалыктын.
Күч таптың кудуретүү
Эңсетип сагындырган.

«Урады, эскирди», — деп,
Бирөөлөр бузса дагы.
Турпатың карегимде
Күндө кооз, күндө жаңы.
Чубурат көздөрүмдөн
Сендеги күлкүгө бай
Балалык күндүн таңы.

 

ТОМСОРОТ НЕГЕ БӨБӨК?!

Соросуң кагылайын,
Быйтыңган сөөмөйүндү.
Жалдырап өткөндөргө
Сунасың алаканың,
Кинодон көрбөдүмбү.

Кинодон көргөн күнү 
Түшүмө кирдиң ыйлап.
Бердим нан, бердим айран
Чачыңдан секин сылап.

Кебетең мусапырдай
Көйнөгүң татык экен.
Жүзүңдөн балалыктын
Сүйкүмү кайда кеткен?..

Бутунда эч нерсе жок
Туурулган топуракка.
Айыпсыз көздөрүң да
Баш ийген капалыкка.

«Кызыл кыр болчу дайым,
Атымдын даны кайда?
Эх, мага жетпей неге,
Апамдын наны кайда?» -

Дегенсип турасың сен,
Нан сурап колуң суна.
Боз чалган асманыңдын 
Жылдызы түшкөн тура!

Кимгедир капалуудай,
Кек калды жаш жүрөктө…
Неристе өрттөй жанган,
Бир өткүр кош каректе.

Томсоруп барат бөбөк,
Айыптап ким бирөөнү.
Таш болуп катат ага,
Батыштык эр жүрөгү.

Кеңмин дейт Батыш өзүн,
Кысылат бирок бүгүн.
Батыра албай турат,
Батыра күн жүрөгүн.

 

КАЗАК КЫЗЫ ХАДИЧА

Жоодурап мен да күлөм, таң да күлөт,
Айланам жарык нурдун төгүп — чачып.
Бейкуттук, кеңдигинен баян этет.
Тоолордон жан курбумду тосуп чыктым
Береке кучагымдан ашып — ташып.

Кубаныч кучагыма батып — батпай,
Гүл сунам, саамал куюп, чөйчөк сунам.
Жериме курбум келди мейман болуп,
Жүрөгүм ырга толуп, күүгө толуп,
Кош колдоп, көөдөнүмдөн шаттык сунам.

— Хадича, карап көрчү тоолорумду,
Ак ниет, ак тилектүү адамдары.
Перидей кыздары бар сендей сулуу,
Эр жүрөк жигити бар анан дагы.

 

САГЫНЫЧ

Айта берип канбай тоонун кымызын,
Бирөөлөрдүү тамшандырып, суусаттым.
Саба бышып, мел-калт куюп кесеге,
Ак дилимди ак кеседе узаттым.

Саамалым бал татыган ширин деймин,
Чаңкатып өзүмдү да, юашкаларды.
Эске алуум удургуган сагыныч болуп,
Кусалуу толромума кара палам,
Жашырган кызык күндү — бала чакты.

Селки туруп ыкчам тоолук жигиттей,
Көөдөнүмдө өткүр сезим төрөлүп,
Көнүлүмдөн кетпей жүргөн бохойду,
Боз жоргого камчы басып бир күнү
Эмненегид кетки келди өнөрүп.

 

© Акунова Ж., 2008. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 3707