Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз / Драматургия, киносценарийлер, Драматургия
© Аваз Жокей, 2010. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 8-февралы

Аваз ЖОКЕЙ

Мен кантип аялымды асырап алдым?

(сценка)

Автор сатиралык сценкасында адам баласынын өмүргө, жашоого болгон ач көздүк мамилесин, тойбостугун ачып көрсөтөт. Мурда жарыяланган эмес.

 

I көрүнүш
(Үй ичи)

АЯЛЫ: — (Эрине эркелейт). Ардагым, жакында 8-март майрамы эмеспи, кандай белек сатып берейин деген оюң бар?
ЭРИ: — (Окуп отурган гезитинен башын көтөрүп, желкесин тырмайт). Та-ак...Үтүк сатып берсемби?
АЯЛЫ: — Үйдө үтүк бар да...
ЭРИ: — Анда чо-оң дагыра сатып берейин?
АЯЛЫ: — Эмне?!
ЭРИ: — Дагыра эскирип калды, бир чоңураак жаңы дагыра керек дебедиң беле?
АЯЛЫ: — Сен эмне, мени мазактайын дедиңби?
ЭРИ: — Койчу жаным, кантип эле?.. Мм-мм... анда, элек сатып берейин...
АЯЛЫ: — Элек?! Үйдө бир эмес, эки элек бар эмеспи... Эки электи эки колума, үчүнчүсүн каягыма... оозума тиштеп алып элейинби?
ЭРИ: — Мм-мм... Анда мышык сатып бербейимби, анын пайдасы көп дешет го... Ансыз да кызым жок деп кейип жүрөсүң, мышыкты кыз кылып эркелетип отура бер.
АЯЛЫ: — Фу! Кереги жок! Мышыктын тырмагы жаман, тытып алат. Андан көрө кыз сатып бербейсиңби, багып алайын. Ай, чын айтам. Эркек балдар анча күйүмдүү болбойт экен. Кыз бала апасына жакын болот да ...
ЭРИ: —  Кызыксың го, кызды каяктан сатып берейин?
АЯЛЫ: — Кайдан болмок эле – детдом, роддом дегендерден сураштырбайсыңбы?
ЭРИ: — Кудай аткыр! Элүүдөн ашканда элирип кыз сатасыңарбы деп кыдырайынбы? Кой, жаркыным, ар кимге барып жалдырагандан көрө өзүбүз эле аракет кылып көрбөйлүкбү? Ыя? Жаным?.. (Аялына тийишип кытыгылайт).
АЯЛЫ: — (Жактырбай колун түртөт). Ооба, кыйраттың! Кана, болсо эмдигиче болбойт беле?... Минтип чачыма ак кирип, бетим бырышып картайып да баратам... (колундагы күзгүгө каранат).
ЭРИ: — Во! Эврика! Таптым! Сага косметика керек! Базарга барып жакшы бир импортный косметика таап келейин. Бети-колуңа сыйпап, кашыңды чийип, чачыңды бойоп бир жашарып алчы жаным! Макулсуңбу?
АЯЛЫ: — Өмүрү пайдаланбаган, эми, картайганда колдонойунбу? 
ЭРИ: — Эми уруксат сага. Эми мени чанып качып кетмек белең? Кой, анда барып келейин...
АЯЛЫ: — Бол, анда, тез жөнө! Базар тарап кетпесин...
(Эри шашып-бушуп чыгып кетет)

 

II көрүнүш
(Базар)

ЭРИ: — (Базарды аралап басып жүрөт). Ой бүгүн эч ким жок го... Бүт баары кетип калганбы? (Ары жактан чаарала чоң сумкесин араң көтөрүп өтүп бараткан кемпирге кайрылат) Ой, чоң эне, базар бүгүн бат эле тарап кеттиби?
КЕМПИР: — Уулум, бүгүн “сандень” эмеспи... Бүгүн эч ким иштеген жок. Өхх!.. Демим кыстыгып кетти, бир аз эс алайынчы... (Сумкесине отуруп, бети-башын жоолугу менен аарчыйт).
ЭРИ: — Теңирден тескери жүргөн немелер го... Майрам алдында каяктагы “сандень”? Ка-ап!.. Эми эмне кылдым?.. 
КЕМПИР: — Анча эмне кейидиң, уулум?
ЭРИ: — Эртең аялдардын майрамы эмеспи... Аялыма белек-бечкек дегендей... Чоң эне, эртеңки майрамыңыз менен...
КЕМПИР: — Рахмат, уулум. Бизге эми каяктагы майрам... Эмне белек алмак элең?
ЭРИ: — Эндик, бетимай, упа, осмо сыяктуу... кыскача айтканда косметика... Аялымды бир аз да болсо жашартайын деген элем.
КЕМПИР: — (Сумкесин аңтарып эски чүпүрөккө оролгон нерсе алып чыгат). Ме, уулум, аялыңа ала бар. Бу деген жакшы белек.
ЭРИ: — Ой, жөн эле коюңуз... Убара болбоңуз... Өзүңүзгө керек нерсени... 
КЕМПИР: — Мага кереги жок, болду жетишет... Буюруган жашты жашадым, чалым жок болсо эми ким үчүн жашармак элем?
ЭРИ: — А бул эмне болду экен?
КЕМПИР: — Мүрөктүн суусу. Уулум, тиги Тибеттен салып жибериптир... Ошол жакта иштеп жүрөт. Апам бир аз жашарсын деген го...
ЭРИ: — Кана, көрсөтсөңүз?
КЕМПИР: — Мына (чүпүрөктү ачып кичинекей бөтөлкөнү көрсөтөт). Бир тамчы ичсең бир жылга жашарасың, он тамчы ичсең он жылга жашарасың...
ЭРИ: — Ичип көрсө болобу? (Эрдин жаланат).Башты да жазаар бекен?
КЕМПИР: — (Бөтөлкөнүн оозун ачат). Канча жыл жашаргың келет?
ЭРИ: — Бир-эки жыл... Же беш!.. Жок, он жылга жашаргым келет...
КЕМПИР: — Болуптур, он жылга! Ач оозуңду!.. 
ЭРИ: — Аа-аа!.. (Чалкалап оозун чоң ачат).
КЕМПИР: — (Оозуна тамызат). Бир, эки, үч..., сегиз, тогуз, он!
ЭРИ: — Ухх!.. Ачуу турбайбы... (какап-чакап, жөтөлүп, чүчкүрүп ж.б. үндөрдү чыгарат. Бели түзөлөт, ийиндери көтөрүлөт, ары-бери басып так секирет, жүгүрөт...) Иесс!!! Чоң эне күзгүңүз барбы?
КЕМПИР: — Бар, уулум (сумкесинен күзгү алып чыгат).
ЭРИ: — (Күзгүгө каранат. Баш кийимин алса, чачы чын эле карайып калган болот). Ураа! Чын эле жашарыптырмын! Укмуш ичимдик экен! Рахмат, чоң эне! Канча сом төлөйм?
КЕМПИР: — Жок, эчтекенин кереги жок... Мени кээде эстеп жүрсөңөр эле болду. (Бөтөлкөнү чүпүрөккө оройт). Ме, аман болгула...
ЭРИ: — Кандайча? (Оромолду алып койнуна катат). Мейлиңиз, дагы бир ирет рахмат! (Чыгып кетет. Кайра шашып кирет). Чоң эне, мен сизди узатып койбойумбу? Ой, кайда кетти?.. (Эки жакка жүгүрүп кемпирди таппай калат). Чоң эне!.. Атыңыз ким?.. Кайып болуп кеттиби?... (Таң кала ары-бери басып чыгып кетет).

 

III көрүнүш
(Үй ичи)

ЭРИ: — (Жүгүрүп кирет. Колундагы оромолду бийик көтөрүп алган). Ардагым, кайдасың? Мен сени... Мен сени... жа-жа-жайлайм... ой, жашартам! Кайдасың?..
АЯЛЫ: — Ай, сен кимсиң?.. Ууру!!! Жардамга!.. Азыр милийса чакырам? (Телефон чала баштайт).
ЭРИ: — Бул мен, күйөөң! Ардагым, жакшылап карасаң. Мен сенин бир тууган эриң болом! Жалгыз эриңди тааныбай калдыңбы?
АЯЛЫ: — Чын эле, окшош... Бирок, менин күйөөмө караганда жаш көрүнөт экенсиң... Ишенбей турам.
ЭРИ: — Кантип ишенбейсиң? Өлүп кетейин сенин күйөөң болом! Мен бир аз гана, он жылга эле өзгөрдүм...
АЯЛЫ: — Баары бир ишенбейм... Чын эле эрим болсоң, айтчы, менин... мм-мм.. кай жеримде канча калым бар?
ЭРИ: — Мен билгенден экөө. Бирөөсү – киндиктен ылдыйраак, экинчиси – оң жамбашыңдан жогору жайгашкан. Киндиктеги тегерек формада, диаметри бир сантиметр жети милиметр, жамбашыңдагы кара коңузга окшоп кетет, чоңдугу да ошондой.
АЯЛЫ: — Кызык, туура айттың. Анан неге мынча өзгөрүп кеткенсиң?
ЭРИ: — Аа... Мен сен үчүн жашарып келдим. Мына... (баш кийимин алат).
АЯЛЫ: — Чын эле сенсиң го... Чачыңды бойоттуңбу? (Эринин бети-башын, тулку-боюн кармалайт. Оозун ачып тишин көрөт). Тиштериң да бүтүн го... А менчи? А мен ушу бойдон – картаң бойдон каламбы? Ыя? Өзүң эле жашарып жүрө бересиңби?..
ЭРИ: — Ардагым, сага деп элде жок белек алып келдим. Мүрөктүн суусун! Бир чоң эне берди... Сыйкырчы окшойт... Мына (оролгон чүпүрөктү ачып көрсөтөт).
АЯЛЫ: — (Эринин колунан жулуп алат). Кана, кана берчи! Ушу бекен? Самопал эмеспи? Эки күн өтпөй кайра картайбаймынбы?
ЭРИ: — Чистоган эле болсо керек... Ким билет? Мүмкүн... Кой, андан көрө тез арада бир кичинекей ымыркай кызды жасай койбойлукбу? (Аялын сылап-сыйпайт).
АЯЛЫ: — Койо тур, мен да жашарайын да... (Ашканага кирип кетет).
ЭРИ: — Ардагым азыр мен сага айтып берем, ичпей тур... (Жантелефон шыңгырайт). Алло!.. Да!.. Ооба, тааныдым. Кандайсың... Мен сенден сурадым эле... Ооба. Качан эми? Кайсыл убакта? Сүйлөштүк. Макул. Болуптур. Байбичеңе салам айтып кой. (Жантелефон дагы шыңгырайт). Ооба. Угуп жатам. Аа, саламатсызбы, Асан Акматович? Кандайсыз? Ден соолуктарыңыз жакшыбы? Үйдөгүлөр аман-эсенби? Эженин ден соолугу жакшыбы? Кичинекей небереңиз чоңоюп жүрөбү? Итиңиз ишке жарап калдыбы?... Сиз айткан тапшырманы аткарабыз... Сиз каалаган убакта. Ооба. Жакшы туруңуздар. Эжеге салам айтып коюңуз... Макул. Ооба. Аман болуңуздар... (Сүйлөшүп бүтөт. Маңдайын аарчыйт). Өх-х!!! Кудай сактаа!. Асан Акматович өмүрү чалчу эмес эле...

(Ойлонуп отуруп калат. Жаш баланын ыйлаган үнү угулат. Эки кулагын делдейтип эки жакты карайт. Ордунан туруп ашкана тарапка басат. Ашканадан аялынын халатына оролгон жаңы төрөлгөн баланы алып чыгат.) Мына, кызык! Жаңы төрөлгөн баланы... кызды ким таштап кеткен?.. Биз кыз багып алалык дегенди бирөөлөр угуп... Ардагым! (эки жагын карап кыйкырат), кайдасың? Сүйүнчү! Кыздуу болдук! Бизди убара кылбай эле... Жаным кайдасың! Сүйүнчү!.. (Оролгон халаттан кичинекей бөтөлкө түшүп кетет. Эңкейип алат). Бул эмне?.. Мүрөктүн суусу куюлган идиш го... Кудай сакта-аа... Ичи бошбу... Аялым баарын ичип салдыбы? Соо эмес! Кайдасың, ардагым! (Эки жагын карап, кыйкырат). Жашарып алып каякта жүрөсүң? Бир көрүнүп койчу! Жаным... (колундагы кыз ыңаалайт). Эмнээ-ээ?.. (Пауза. Кызга көпкө үңүлө карайт). Мунун калдары да аялымдыкындай экен... Аа-аа! Бул эмне кылганың жаным. Койо тур дебедим беле? Он чакты тамчы ичпейт белең! Сен бүт баарын ичип салдыңбы? (Бош бөтөлкөнүн оозун ылдый каратат. Бир да тамчы тамбайт.) Оо, курган башым? Эми канттим? Менин аялым ушул ымыркай кызбы? (Колундагы кызды карайт). Ыя?.. Эмне деген жорук? Эми.. эми мен... өзүмдүн аялымды багып... чоңойтуп... тарбиялашым керекби?.. (Наристе коё берет. Полго тамчылап агат). Аа, шайтандын кызы... шайтандын аялы... Тү, ата, бул кыз эми менин аялым да... Ха-ха!.. Ыйлагым да келет, ырдагым да келет дегендей... Элге эмне деп айтам?.. Эми аялыма буламык жасап беремби? Жалаяк, памперс да керек... Жүр, жаным, сага базарга барып памперс алып келелик... (Илкий басып чыгып кетет).

АЯГЫ

 

© Аваз Жокей, 2010. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 2912