Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия / Адабий мурас / Улуттук жазуучулар Союзу сунуштайт
© Эралиев С., 2009. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 21-марты

Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ

Фронттук дептерден

Ырлар

С.Эралиевдин «Тандалмалар» (Бишкек, 2009) китебинин бир бөлүгү болуп кирген ырлар жыйнагы.

Эралиев Сүйүнбай. Тандалмалар: Ырлар, котормолор. — Б.: Бийиктик, 2009. – 380 б. китебинен алынды

УДК 821.51
ББК 84 Ки 7-5
Э 74
ISBN 978-9967-13-582-6
Э 4702300200-09

Нускасы 500

 

АЛТЫН БАРАКТАР

Кандуу кыргын анда төрт жыл уланган,
Элде калбай эр жигиттен — уландан
Бары кеткен…Тирүүлөрдөн канча көп,
Азаматтар октон анда куланган.

Биз көрбөгөн азап— тозок калбаган,
Окшоп турду күн батышка кан жааган.
Жаралангам, бардык огум атылып
Бүтөлекте мен жоого деп камдаган.

Өлгөндөрдүн тизмесине кирерге
Аз калганда, Петр деген бир эрге
Дуушар болгом, сүйрөп чыгып ал мени,
Жеткирди эле октон далда бир жерге.

Бизде достук кан, тер менен бекилип,
Үзүм нанды жедик дайым тең бөлүп.
Эрдиктер да жатты тынбай жетилип,
Матросовго, Чолпонбайга теңелип.

Мүрзөлөргө көп болду чөп өңгөнү,
Өлгөндөрдүн бизге чоочун өңдөрү,
Бирок алтын барактарда жазылып,
Түбөлүккө калган аты— жөндөрү.

Фрунзе

 

ФРОНТКО ЖАКЫН ЖОЛДОРДО

Төгүлгөн кан,
Өлүм керек согушка,
Тирүүчүлүк
Селт дей түшөт ок учса,
Бирок башка мүшкүлүктүү күн түшсө,
Көтөрбөскө амал-арга жок иш да.

Жолдор сансыз,
Кайсынысын карасак;
Кылк-кылк эткен «дайра» жылып баратат;
Адам, курал...
Арасынан алардын
Бурк деп кээде ашпос жытын таратат.

Кээ жерлерде өтөр жылчык жок болуп,
Аккан «дайра» калат азга токтолуп.
Ошол кезде гармонь, баян тартылып,
Бий башталат,
Бул — согушта жок жорук.

Бийлеп кирет:
                          командир да,
                                                    солдат да,
Бийлеп кирет,
Ала коюп колду артка.
Бийлейт,
Ажал дуулаганга карабай,
Ажал болсо эки кадам ар жакта.

Бийлейт баары:
«Давай!» «Давай!» «Тез!» дешип...
Кээлер мында,
Жердештерге кездешип,
Бабырашып жыргап туруп калышкан,
Өткөн-кеткен көп күндөрүн эстешип.

Турмуш-турмуш,
Ага дайым бар орун,
Булар кечте жоого салып бороонун,
Кырчылдашып калышарын билишет,
Бирок билбейт,
Кимдин эмне болорун.

Фрунзе

 

КАН ЖАНА КАР

Курч аяз,
Кайың калч деп турат үшүп,
Асмандан жай самсаалап ак кар түшүп.
Жакшылап жапмак болот жердин бетин.
А жерде канча кайгы,
Канча түйшүк!

А жерде,
Суудай төгүп аккан канды,
Боёодо тып-тынч жаап жаткан карды....
Ойлоном: «Айланайын ак жакшылык,
Кан менен сен булганар жөнүң барбы?!»

Переделкино

 

АТАКАДА

Атакада солдат кетип бараткан...
Алды жактан,
Душман жаткан тараптан,
Аткан бир ок оң колуна жаңылып,
Шалак этип кол кулады жарактан.

Анын такыр барын-жогун жоктобой,
Барат солдат атакада токтобой.

А кол барат аркасына чабылып,
Кан диркиреп.
Каптал ылдый агылып.
Аны билбей,
Айкай салып: «Алгалап!»
Баягы эле барганындай ал барат.

Жоо чегинди,
Чабуул тынды...
Ал жүрдү:
«Колум жок!» деп,
Боздоп ордун кармалап

Малеевка

 

КАТ

Эңшерчүдөй түндүн бир жак капталын,
Замбиректер күчөтүшөт атканын.
Блиндажга жаңы кирген жоокерлер,
Жазып жатат бүтпөй калган каттарын.

Шашат баары,
Шашуу керек, убак тар,
Эртең эрте жөнөө керек бу каттар,
Ушул каттар — барган жердин баарына,
«Тирүү» деген кабар берип кубантар.

Каттар барат,
Барат андан тышкары:
Кан, ок-дары,
                          күйгөн өрттүн ыштары,
Не бир ачуу салгылаштын терлери,
Дон жээгинде,
Ак кар — көк муз кыштагы...

Малеевка

 

ОКОПТО

Бирото жанды жалмап токтомокко,
Учушат каяша айтып октор окко.
Жүрүппүз тынч күндөрдүн баркын билбей,
Адамзат барга көнбөй,
Көнөт жокко.
Үркөр да,
                 Жетиген да.
                                        Алтын Казык,
Карашат бүгүн башка жымыңдашып,
Буларды бүгүн көрүп турган өңдүү,
Окопто жатып алып болом ашык.
Алар бир: бул жерде да,
айылда да,
Болгону мына мындай айрымада:
Мында сен — «акыркы ирет көрдүмбү?» деп.
Анда сен — кайдыгерсиң дайым ага.

Малеевка

 

КЕЧИРИШСИН

Кейий берем ойлоп алып кээ күндө:
Бир кыргында—жан менен жан кагышкан,
Курбуларды,
Дон суусунун жээгинде,
Окко учушуп, түбөлүккө калышкан.

Өттү жылдар...
Бирок санаам сан дагы,
Көрген сайын адрести жандагы:
«Кокус өлсөк, кабар кылып коёлу,
Кур күтпөсүн...» -деп алышкан андагы.

Качан болсо Дон терең да, керең да...
Жан кашайып, боздоп турган менен да

Бейиттерге жакшылап жаш төгалбай,
Алга шашып жөнөй бергем мен анда.

Анан дагы «өлдү» деп кат жазбагам,
Андай катка кол кыйналып барбаган.
Андыктанбы,
Адрести көргөндө,
Мен өздөрүн көргөн окшоп жазганам.

Ойдо болгом: «менсиз дале угулар».
Кокус, кокус… жаңылышсам мен эгер,
Кечиришсин, Дондо калган курбулар,
Кечиришсин, күткөн ата-энелер?!

Переделкино

 

УКРАИН ЖЕРИ

Жараланып жамбашыман, колуман,
Жөнөй бергем,
Эч ойдо жок жолугам.
Бирок дайым кыйма-чийме өтүшүп,
Турат тура адамзаттын жолу улам.

Отуз жылдан кийин келдим мен кайра,
Мен кулаган,
Каным тамган жер кайда?
Чогуу бойдон бир аккандай отуз жыл,
Мелт-калт этет Донец аттуу бул дайра.

Бир билемин:
Бараткамын кансырап,
Келаткансыйт ажал атын камчылап.
А жер болсо, башын жөлөп төшүмө:
«Балам, балам, чыдачы, дейт, азырак?!»

Өлүк окшоп бараткам го өчүп өң:
«Өлбөңүзчү, өлбөнүзчү, өтүнөм?!»
Ушул жердин чөбү өпкүлөйт бетимен.

Ал кезде мен бардыгынан туңүлгөм...
Минтип сага келип турсам бүгүн мен—
Сенин күчүң,
Кереметтүү ыйык жер,
Meн алдыңа миң мертебе жүгүнөм!

Украина
Изюм

 

БОЗ АТЧАН

Казак калкынын атактуу уулу
Бауржан Момуш улына

Күзөттө турган жерибиз,
Княжий Клин кыштагы.
Келгенбиз өтүп бери биз,
Фронттон кыйла тышкары.

Жолдордун ошо тоомунда,
Өтөйбүз жалгыз милдетти —
Мандатын көрүү колунда,
Ким келди, кайра ким кетти...

Алчактап ойноп ак боз ат,
Көрүнө калды түш ченде —
Асмандан туура ошол саат,
Ак булут кулап түшкөнгө.

Куюлтуп келет адырдан...
Курбума айттым: «Бауржан!...
Токтотом, Кудай болсо да,
Законго бирдей ар бир жан»

«Бауржан Момуш улы» деп
Укааным менин болду көп.
«Кайтарып турган полку» деп,
Маскөөгө барчы жолду бек…»

Уксам да даңкын ар кимден,
Көрбөгөм өзүн өмүрү.
Желпилдейт желге, ал кийген
Бурканын эки өңүрү.

Келатты зуулап командир…
«Согушта андай эр экен,
Токтотсом эмне дээр экен?»-
Кызыгуу болду анан бир.

Белгимди сезе койду да,
Тизгинин жыйып атынын,
«Билбейби?» деген оюнда,
Бастырып келди акырын.

Карт десем, жигит курагы…
Жалынан сылап боз аттын,
Эң жакын тилде сурады:
— Кулуну болуп жүрбөгүн,
Кыргыздын же Казактын?

«Кай тилде чыгат сөздөрү?»,
Үңүлүп мени карады.
О, Кудай, өткүр көздөрү,
Желкемден өтүп барабы!

«Кыргызмын» дедим айбыга,
Токтотуп калган айбыма.
— Тууганым болот экенсиң,
Көп баргам тоолуу айлыңа.

Татыктуу болгун элиңе!-
Колумду алып эңиле,
Акырын ыкыс берди эле
Дирт этти Ак боз элире.

Адамга жагат ар бир ат,
Турпаты менен ар кандай:
А мында Ак боз аргымак,
Атайлап сүткө малгандай.

Кошкурук атат кыл учса,
Турабы кыйгач табында?
Үн катты өткүр кылыч да,
«Жакшы аттын көркү эр менен»,

Кылычы алтын сабында,
Жарашып турду ээсине.
Кинодон далай көрдү элем,
Чапаев келди эсиме…

Фрунзе

 

КАРКЫРАЛАР

Бүгүн да биз жатабыз жоону карап,
Бул кечте
Ок атпай тынч эки тарап.
Кайдадыр,
Булуттардын арт жагында
«Карк-карк!» деп каркыралар
                                               кетип барат.

Согуштун учу барбы,
Болсо, кайда?
Созулат жылдан-жылга,
Айдан-айга,

Канча ирет жаз кайрылып келди жерге,
Канча ирет каркыралар кайтты кайра.

Жүрөбүз сыз окопту үй-жай кылып,
Туш-туштан бороон эмес,
Октор улуп.
Жүрөбүз үч жыл мындан мурдагыдай,
Катардан көп курдашты кетти жулуп.

Өңдөнүп ушул кайткан каркыралар,
Артына кайтпайт эми такыр алар —
Курдаштар жаш курагын жашап бүтпөй
Кетишти...
Канча кыздар калды күтпөй!

...Бүгүн да биз жатабыз жоону карап,
Бул кечте
Ок атпай тынч эки тарап.
Кайдадыр,
Булуттардын арт жагында
«Карк-карк!» деп каркыралар кетип барат.

Барышар тынч жактарга обушканы.
Алардын ушул тааныш добуштары,
Алпарат балалыктын бир кезине,
Жок өңдүү:
                      Ушул үч жыл, согуш дагы.

Анда да каркыралар каркылдашып,
Келчү эле Ала-Тоонун артын ашып,
«От жакса — отко түшөт» деп түшүнүп,
Жүрчү элек саман ташып, бакал ташып.

Түн бою жанган оттор жанар эле,
Жол жүрүп чарчайт окшойт алар дале —
Талаада түнөп чыккан койлор окшоп,
Таңга жуук кырда олтуруп калар эле,

Азыр да кетип барат калкып алар...
«Бул отто ал оттордон айрыма бар —
Муну мен жоого каршы жүрөм кармап,
Кайткыла биздин жакка, каркыралар!

Конгула тоолорума баштагыдай,
Жүрчү элем өз боорунан башта жылбай,
Сагындым,
Менин ошол сагынчымды,
Болсоңор ала барып таштагыдай?!»

Малеевка

 

БЕРЛИНГЕ БАРА ЖАТКАНДА

Дон жээгинде жүргөндө,
Чоң кыргын болду бир жерде.
Таң агарып кеткиче
Үлгүрдүк жоону сүргөнгө.

Жарадар болсо жолдошун,
Жардамга баруу — жол-жосун.
Жамбылдан келген Нурбайды
Жаралап өткөн коргошун.

Канчалык мыктап таңса аны,
Тыйылбайт кандын акканы.
«Жердешбиз го...» деп анан,
Нурбайдын мобул айтканы:

«Эч нерсе эмес бул жарат,
Оң ыптам эмес, сол тарап.
Билбесин эч ким, үч күндө
Атууга калат кол жарап.

Госпиталга барганда —
Бөлүгүмдөн бөлүнөм.
Өзүбүздүн балдарда
Жүрөйүн андан көрү мен.

Берлинге тууну бир казак,
Сайышуу керек акыры.
Туу сайышкан бир казак
Мен болууга акылуу.

Андыктан, тийиш эмесмин:
Өлүүгө, жолдон кайтууга...»
«Түшүндүм, — дедим, — эми өзүм,
Акым жок экен айтууга».

Ал күнү, Дондун жээгинде
Жарадар болуп кеткемин.
Билбедим Нурбай Берлинге
Жетпегенин, жеткенин.

Переделкино

 

СОГУШ ЖАНА БИЗ

Мени жаңы тапканда
Менин жаштык курагым,
Белеңденип атканга
Душман тосту куралын.

Албай анча капарга:
Ажал, азап — кууралды,
Курбулар бир катарда
Бастык алып куралды.

А курал бизди аткылап,
Өлдүк, болдук жарадар.
А бизден Рейхстаг кулап,
Жер менен болду барабар.

Жолдорунда согуштун
Калды ошентип жаш кезек.
«Ата журтту коруштук» —
Дей алат белек антпесек?!

Фрунзе

 

ЖЕРДЕШТЕРГЕ

Үй жок,
Болгон бар мүлкүм:
Казган окоп — ар түркүм.
Ок-куралым колумда,
Арчындалуу жонумда,
Буюм салган баштыгым.
Барам согуш жолунда,
Бир байлыгым — жаштыгым.

Күн батып, таң атканын,
Уктаганым, жатканым
Билишке да чамам жок,
Бар максатым— атканым.
Алгач мында келгенде,
Алыстагы эл-жерге
Оюм болчу бөлүндү.
Эми үйрөнүп келем мен
Өңдөн таанып өлүмдү.

Түшкөн бомба, жааган ок,
Азыр көргөн — анан жок.
Кайда болсо — кыйроо бар,
Каткыруу жок, ыйлоо бар.
Катаал күнгө ылайык,
Катып-бышып баш дагы,
Канча жылга улгайып
Калгансыды жаш дагы.

Переделкино

 

СЕСТРАГА

Эрте-кечпи, бир кез тагдыр тогошуп,
Кадырыңа жетер бекем, Сестра?
Бейпил күндө бир кайтара баш кошуп,
Эстээр болсок ушул кандуу кезди да...

Биз атканда,
Душман бизди атканда,
Атышуудан ал жок башты катканга,
Денедеги алган оор жараттан
Кан акканда,
Мен алсырап жатканда,

Карабастан учкан ажал каарына,
Боортоктоп жылып келип жаныма,
Алган оор жаратымды таңуулап,
Арга болдуң менин тамчы каныма.

Анан аркы медсанбатка тапшырып,
«Айыгат» деп көңүлүмдү шат кылып,
Кечке жуук кош ат чеккен чаначан
Кеткен элең, мезгил турган шаштырып...

Бир боорумсуң, айтсам эгер ырасын.
Ал күндөрдүн менде калган мурасын —
Денемдеги жаратымды көргөндө,
Эң биринчи өзүң эсте турасың.

Фрунзе

 

СОГУШТА ЖҮРҮП БИР УБАК

Качкын, мейли качпагын,
Көрөсүң тагдыр жазганын:
Согушта жүрүп бир ирет,
Сагынгам кыргыз асманын.

Жүрсө дагы жанымда,
Турпагынын бир уучу.
Тоолорум кирип түшүмө,
Заманамды кууручу.

Чаңкасам канбай суусунум,
Ак көбүк аткан суусунун
Агымы кирип түшүмө,
Амалым куруп турчумун.

Карасам дале кай жакты,
Кадыркеч көзүн жайнатчу.
Алардан бөлүп алган жоо
Ансайын кыжыр кайнатчу.

Ойлосом азыр ал кезди:
Бул бутум далай кан кечти,

Бул колум далай ок атты,
Согушта адам — жан кечти.

Мен кирбеген калаа жок,
Мен жүрбөгөн талаа жок.
Азапты далай тарткамын,
Ар жеримди талап ок.

Переделкино

 

СОЛДАТТЫН КОЛ КҮРӨГҮ

Эсимде жок, күз күндө
Мен канча жол басканым,
Дайым сезип үстүмдө
Украина асманын.

Эсимде жок жана да,
Мен канча окоп казганым,
Канча болчу бүткөнүм,
Бүтпөй таштап басканым?

Анткен менен а бирок,
Алар бүтпөс дастаным.

Окту тиреп ок менен,
Кырчылдашып калганда:
«Окоп казып жат!» деген
Келет сүрдүү команда.

Турган болсо ким кайда:
Ылай болсо — ылайда,
Ылдам окоп казып кир,
Ылгоо кайда мындайда.

Таш болсо да таш күрөп,
Кум болсо да кум жиреп,
Ишке кирет ошондо
Жанда жүргөн кол курөк.

Солдаттын кол күрөгү!
Мында баары болот тез:
Окоп белен кир эми,
Ал — бронуң ок өтпөс.

Андай окоп ар күнү,
Канча болот, жок санат.
Канча жоокер өмүрү
Аны менен сакталат!

Мен да өзүмдүн күрөгүм
Эстейм, ысып жүрөгүм.
Мүмкүн анын аркасы —
Минтип тирүү жүргөнүм?!

Переделкино

 

КЫРГЫНДАН КИЙИН

Бар көргөнүң ок болуп,
Барлар кайра жок болуп,
Кандан бүткөн бул дайра,
Калар эмес токтолуп.

Кечип өтүп жатышат,
Күндөр жоон топ болуп.
Мен да олтурам жээгинде,
Ойлорумду «откоруп».

Переделкино

 

ӨЗ ӨМҮРҮМ

Жоону кууп энтелеп,
Жүргөнүмдө кечээ мен:

Жеңиш келип эртерээк,
Чаң шыпырып көчөдөн,
Эптеп оокат кылсам да,
Элге жетсем дечү элем.

Албайм мансап, байлыгын,
Алыстагы өзүмдүн
Өнүп-өскөн айлымын,
Тузун татып өлчү күн
келсе болду, башканын
Кереги жок дечүмүн.

Ошентчүмүн а кезде...
Бирок адам көңүлү,
Окшоп дайым кебезге,
Аппак бойдон турабы?
Кирдейт кээде: тиги-бу,
Өткөн-кеткен тууралуу.

Же бир кылып пенделик,
Алгандарым турмуштан,
Анча-мынча өңдөнүп,
Арбынына тырмышсам,
Кан агызган селдетип,
Кез элестеп көзүмө.
Чоочуп кетип, селт этип,
Кайтам акыл-эсиме.
Олжо болуп келгенсийт,
Өз өмүрүм өзүмө.

Переделкино

 

С.Эралиевдин «Тандалмалар» китебин бүт көчүрүү

 

© Эралиев С., 2009. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 2842