Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия / Адабий мурас / Улуттук жазуучулар Союзу сунуштайт
© Эралиев С., 2009. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 21-марты

Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ

Крым дептеринен

Ырлар

С.Эралиевдин «Тандалмалар» (Бишкек, 2009) китебинин бир бөлүгү болуп кирген ырлар жыйнагы.

Эралиев Сүйүнбай. Тандалмалар: Ырлар, котормолор. — Б.: Бийиктик, 2009. – 380 б. китебинен алынды

УДК 821.51
ББК 84 Ки 7-5
Э 74
ISBN 978-9967-13-582-6
Э 4702300200-09

Нускасы 500

 

КАРА ДЕҢИЗ

Кастарлаган жер— бешикке бөлөнүп,
Кас-кас турса Кавказ тоого жөлөнүп,
Кара деңиз, көп энелүү баладай,
Канча бир суу-эмчегинен тең эмип,
Ары да оонап,
Бери да оонап шарпылдайт.
Эркелиги Каспий менен теңелип.

Эгер капыс кармай калса күнүлүк,
Бир заматта чак-челекей бүлүнүп,
Кол артынан кол жөнөтүп, кылкылдап
Кашат сайын карай берип үңүлүп,
Араң тынчыйт, Каспий ага кол салар
коркунуч дале жогун билип, түңүлүп.

Андан учкан ракета өңдөнүп,
Барып-барып «майы» бүткөн ченде өлүп,
Күндөр чыгып, күндөр батып жатышат.
Өлгөн күндү «кой эртерээк көмөлүк!»
Келип-келип жээкке ызы-чуу менен
Шаракташат кайра артына жөнөлүп.

Кара деңиз — долу деңиз көгөрүп,
Айлар түгүл жылдарды да чөгөрүп
Алып келип таштайт «шалак» эттирип,
Күчтүү, күчтүү толкундарга өңөрүп.
Ошондуктан ал дайыма жаш болуп,
Мезгил улам калып жатат көөнөрүп.

1973
Ялта. Чехов атындагы чыгармачылык Үйү

 

БАКЧА-САРАЙ

(«Көз жаштардын фонтаны»)

Ай мелжиген Ай-Петри тоолорун
Ашып түшүп келдим Бакча-Сарайга.
Учуп-күйүп чапты менин ойлорум
Өткөндөргө,
Эртеңдерге карай да.

Бул дубалдар ошол кезде коюлган,
Бул буюмдар -
Бүткөн алтын оюмдан,
Күү жараткан не бир асыл аспаптар
Калган ошо үлпөттөрдөн, оюндан.

Дубалдарда кыстарылган, тирелген
Турат алар доору менен бир өлгөн.
Демек, азыр ал авадан дем алып,
Музейдеги «мүрзөлөрдө» жүрөм мен.
Баары ойгонот ойлорума кагылып:
Каны буйруп, кул бүжүрөп багынып.
Ал кездеги адат-салттар тирилип,
Ошол суулар калат кайра агылып.

Сабаалаган сан туяктан күтүрөп,
Жер союлат...
                      Уу-чуу чыгат...
                                              Ит үрөт...
А сарайда дүр-дүнүйө мүлк менен
Көркү гүлдөй күң келерин күтүнөт.

Гарем болсо кайтарылуу, багылуу,
Анда жаткан аруулардын «багы» бу:
Ыр-бий менен, кыял-жорук, көрк менен
Керек жалаң хан Гирейге жагынуу.

Гаремдеги терезелер бийикте,
Күндүн турган, турбаганы тийип же,
Эч билинбейт... зарыгышат сулуулар:
Кол — ийикте, көздөр -жаштуу күйүттө.

Алар эле ар кыл тоонун шамалы,
Азыр минтип бир «аскада» камалуу.
Алар бүгүн айыпкер да жазакер,
Ай өңдөнүп калган үчүн жамалы.

Ак сарайда сан салтанат, машакат,
Аларга парс чер таратып жашамак,
Ак сарайда шарап суудай агылып,
А гаремде акса — ысык жаш агат.

«Кой, сен мезгил, кайт артыңа алыскы!»
Кайра баары муздап-муздап калышты...
Кулагымда угуп жатам дагы эле,
Тамган жашты, ыйлап жаткан дабышты.

Баары да өлгөн; башка тирлик башталган
Өлбөй анда аккан гана жаш калган —
Сулуулардын көзү болуп кургабай
Тып-тып этип тамат акак таштардан.

О, ал күндөн эстеликке жаш калган,
Тынбай тамып ак мрамор таштардан...
Анда жатат: ак, кызыл гүл — бир убак
Акын Пушкин колу менен ташталган.

1973
Ялта. Чехов атындагы чыгармачылык Үйү

 

ТОРГОЙ

Айыл сырты, апрелдин акыры,
Дал төбөмдө торгой сайрап жатыры.
Мен атайы токтоп угуп турамын,
Эмне үчүндүр кулагыма жат ыры:

«Көрүп турам, келет үмүт тарыгы,
Алмашылып караңгысы, жарыгы.
Алар сенин өзүңөн да көрүнөт,
Карыдым деп таарынсаң да бар ыгы.

«Зуу-зуу» эткен мезгилдин бул арышы,
Арышында эски, жаңы жарышы…
Эң кызыгы— үмүттөрдүн төрөлүп,
Үмүттөрдүн кайра эле бат карышы.

Эң жаманы— эски салтта кармалуу,
Аракет жок жаңырганга арналуу.
Аз өмүрдө ошондуктан эмеспи
Үлгүралбай, жетпей калуу арманы…»

1974
Үч-Эмчек

 

КАРКЫРА TYHY

Ысык-Көлдүн тиги түндүк жагында,
Туш-тарабы тоолор менен тосулуп
Кең Каркыра жайлоо жатат агылга,
Суулары да жоош-момун созулуп.

Кыргыз анда аш бергенин тарыхта
бала кезде манасчыдан уккамын...
Каркырага биз үлгүрбөй жарыкта,
Түндө жеттик. Жатам келбей уктагым.

Өчүп-жанып, жалт-жулт эткен жылдыздар
Мына мындай ой апкелет башыма:
Анын баары от өңдөнөт, кыргыздар
жаккан анда хан Көкөтөй ашына.

Түтүн да бар боз чаңгылдуу булаган,
Учкун да бар кээде жалт деп кулаган.
Баары жым-жырт, чарчап уктап калышкан
Күндүз кечке шапар тээп дуулаган.

Эртең, эрте тартчу тамак камында,
Оту жалт-жулт күйгөн миң сан кемеге...
Сезип бышкан аштын жытын, даамын да,
Уктай албай жатам мында мен эле.

1974
Каркыра жайлоосу

 

***

Билүү керек ар ким өз-өз кемчилин,
Кемчилиңе сурай да бил кечирим.
Ага болбой кекейгенден кекейген,
Жаман көрөм кээ бирөөнүн кекчилин.

Барат улам курбуларым аз калып,
Уктап жатат эчени жер жазданып.
Калгандардын калтырбаска көнүлүн
Келем дайым көзүн карап, жазганып.

Түшүнгүн— бул, коркуу эмес сыйлаган.
Жаны бирге курбум үчүн кыйбаган,
Ал кубанса — андан аша кубанып,
Ал кыйналса — мен эки эсе кыйналам.

Элде кеп бар мына мындай делинген:
«Тагдыр мени бөлбөсө экен теңимден».
Coo болсо экен үзөнгүлөш курбулар,
Алга карай атын бирге теминген.

1974
Фрунзе

 

БИРИ КЕМ ДҮЙНӨ

Көп нерседен кемчил элем жашымда:
Теңтуштардан жупунураак кийиндим.
Тартыш болду иче турган ашым да,
Таманы жер болду турган үйүмдүн.

Бирок дагы анын баары билинбей,
Мен өзүмчө ханзададай жашагам,
Бул дүйнөдө пендезаттын бириндей,
Тагдыр жалаң бак-таалайга жасаган.

Жетпегенге жеттим жүрүп а кийин:
Дос-тууганга, урмат-сыйга, бүлөгө.
Алдымда ат, үстүмдө тон, ак үйүм —
Болот беле мындан көптү тилөөгө?

Эми кайра жетпей калды бөлөгү:
Жаш курагым, ден соолугум ириде.
Бири кем дүйнө… кемдигине көнөлү,
Бирин тапсаң, зарсың башка бирине.

1974
Фрунзе

 

AT MEHEH

Толгон кези жаздын да...
Атым күлүк астымда.
Жөнөй бердим бир учур
«Чү» деп камчы бастым да

Келем аткан ок болуп,
Бороон жалга топтолуп,
Күчөп күйүп жатыры
Күркүрөгөн от болуп.

Мезгил мага агылып,
Төрт туякка кагылып,
Быркыраган айнектей,
Берип жатат багынып.

Бут тердиктен озунуп,
Жер түгөнүп-тозулуп,
Барам эки этегим
Канат окшоп созулуп.

1974
Суусамыр

 

***

Он бешинчи май күнү
Жамгыр кардап ийгени:
Жашыл көйнөк ак гүлдүү
Окшойт жердин кийгени...

Сен жакчууда оюма
Көйнөк кийип ошондой,
Келгенсиң суу боюна...
Эми кайда ошол, ой!?

1974
Көк-токой

 

МЕН-ТООЛОРДУН УУЛУМУН

Калети жок мага койгон доолордун:
Мен — уулумун көк мелжиген тоолордун.
Моюнга алам, бир лыптамда тоо турса,
Дүйнөм түгөл, дүйнөм толук болорун.

Мен -тоолордун кызганычтуу уулумун,
Уулумун да малайымын, кулумун.
Төр-төрлөргө турат мени чакырып,
Токулуу ат шылдыратып суулугун.

Сонун дечи Кулундунун түздөрү,
Шуудураса бышкан эгин күздөгү!
А мен үчүн: мал, булут бир жайылган
Адырлардай жер жок өңдүү биздеги.

Кайда жүрсөм тоолор эси-дартымда,
Мен аларга туралбаймын сыйынбай.
Too болбосо, ай ким билет, акын да
Болбойт беле Эралиев Сүйүнбай?!

Силерге түз, тоолор кымбат а мага,
Март, бакубат тунук сууга, абага.
Эгер мага сый көрсөтмөк болсоң сен,
Эң оболу: «Тоолуксуң» деп табала.

1974
Суусамыр

 

БҮБҮСАРА

                                СССРдин эл артисткасы
                                Бүбүсара Бейшеналиеванын эстелигине

Ойно оркестр,
Күү сайра,
Отуз дайра
Аккан өндүү бир сайда!
Сен да мезгил,
Сараңдыкты калтырып,
Карылардын жаш курагын бер кайра!
Кечээки жашаң жер кайда?!
Кечээки жорткон жел кайда?!
Бир мүнөткө,
Бир секундга бер кайра!..

Өчкүн чырак,
Тартыл эрте көшөгө!
Жарык берет балерина өзү эле.
Көрүнсө эле көзгө сүртүп кетчүдөй,
Көздөр залда тиктеп калды көшөрө.
А пейилдер,
Ыкыластар алдына
Калгысы бар килем болуп төшөлө...
Ах, келатат,
Сахнанын арт жагынан,
Аткан тандай жап-жарык бир пешене.
Эмне калды? Калды эми:
«Биз эркиңде» деш эле.

Балерина жооп берет бий менен,
А бий бышкан эчен жылдык ий менен.
Жазуу барбы, бул кыймылы жазбаган?!
Чийим барбы, бул денеси чийбеген?!
Анын сыйкыр кучүнө;
Сен би?
Мен би?
Ал бы?
Башын ийбеген?!

Ойно оркестр,
Күү сайра!
Жазга кайра кайрылалы күз айда.
Ошол жаздын бир гүлүндөй жарк этип.
Бийге чыкты Бүбүсара!
Сүйүү берсек,
Эңсөө берсек биз ага,
Бир тамчы бий берсин биздин кусага!

Бийлеп жатат Бүбүсара,
Бир кезекте биз жазгандай баягы.
«Пери экени,
Киши экени туюлбай,
Барып-барып уюп калат куюндай
Кайра жерге тийип-тийбей аягы,
Калкый берет,
Желде жеңил буюмдай...
Анан калат дир-дир этип термелип,
Анда колу —
Каккан канат сермелип...»

Ойно оркестр,
Күү сайра!
Чымын-куюн бийлеп жатат Бүбүсара...
Бийле, бийле,
Түшсүн өмүр узара.
Кайталансаң миң ирет,
Кангыбыз жок биз ага.
Бийле, бийле Бүбүсара!
Бардык көздөр бийчиде,
Бардык көңүл бийчиде,
Эгер бирөө үн катса,
Окшойт уруп ийчүгө...

Ойно оркестр, Күү сайра!
Чымын-куюн бийлеп жатат Бүбүсара.
…………………………………………
Бү-бү-са-ра-а-а-а!
Жер күңгүрөйт үн сала...

1974
Фрунзе

 

ТОКОЙ ВАЛЬСЫ

Келатсам алдымда,
Табият концерти:
Көл бийлеп жатыры,
Кайыңдын, талдын да,
Теректин,
Чынардын,
Арчанын алдында.

Эшилип миң ирет,
Бир жипке ийрилет.
Толкундар толкунду,
Сүйрөп кийрилеп.
Жарданган дарактар:
«Жакшы экен бийи» деп,
Жарыша чайпалып,
Жарыша ийилет.

Оркестр барбы анда?
Куштардын үндөрү:
Арфа да,
Орган да,
Кыл кыяк,
Сурнай да,
Комуз да,
Гармонь да,
Бардык күү куюлуп,
Бир вальска барганда:
Желпилдеп жел урат,

Толкунду көл бурап,
Тыпылдап бий тамат,
Тыйылбайт ал бирак.
Дарактар бир азга
Турат да жалдырап,
Шатырап кол чабат.

Алакан — жалбырак,
Вальс бийлеп кетти эми
Бактардын баары да:
Түртүшүп бир-бирин
Ийинге, карыга.
Күркүрөп акты улам,
Бериге, арыга...
Бул да бир ташыган
Деңиз шары да!

1975
Кара-Жыгач токойчосу

 

БАЛАЛЫКТЫН СУУЛАРЫ

Калаадагы опур-топур, уу-чуудан
Качып келдим кайра дагы тууган жер,
Жылдардагы мени уядан учурган
Жылгаңдагы жылжып аккан суудан бep?

Кыйын экен жуткан сууну сагынуу,
Кулагыңдан дайым кетпей агымы.
Анын үнүн мүмкүн эмес анан да
Башка сууга алмаштырып жаңылуу.

Көп түйшүктүү адабият базары
Айкалашып ак, каранын назары-
Кийим окшоп көп кийилип кирдеген
Келдим сага бир ой менен тазаруу.

Чайка мени тунук, таза агымга,
Чайкагандай анда бала чагымда
Ойнот мени,
                      оонат мени кулундай
Куюн жорткон адырыңда агылга!

1975
Кууганды

 

ЭНЕ

1.
Дүлөй болуп калса да -
                                   үнүңдү угат,
Сокур болуп калса да -
                                   сени көрөт.
Сен жок болсоң, азат бою калып куурап,
Сен келгенде алгансыйт кайра төрөп!

Күтсө болот энеден укмуш жорук:
Мүмкүн болсо сен үчүн турмак ооруп.
Жанын салып «Муну кой, мени алгын!» — деп,
Ажалга да бармак ал сени коруп.

2.
Биз бүткөнбүз эненин боор этинен,
Бизге бөлүп берген ал жарты жанын.
Бирок кантип кутулуп мээнетинен,
Кантип актап келебиз карзын анын?!

1975
Кууганды

 

***

Жайкысын жайнап мал жаткан
Жайлоодон көзүм жүз өтөт...
Акыйып карап ар жактан
Аскалар аны күзөтөт.

Коргошун түстүү булуттар
Кай бирде жаабай түз өтөт.
А кээде турат уруп кар,
Анда да тоолор күзөтөт.

Болобуз мында бүткүл жай,
Малчылык милдет биз өтөп.
Күндүзбү, түнбү — бир тынбай
Бизди да тоолор күзөтөт.

Ар бир тоо карап олтурар
Жер-суунун чеги бөлүнгөн...
Атаны арман, чокулар
Күзөтпөйт бизди өлүмдөн...

1975
Каракол

 

ЧАРЧАП КЕЛИП

Чарчап келип, көк тулаңга куладым,
Бир оокумда шыбыш угат кулагым.
«Бул эмне?» деп баш көтөрсөм, а көрсө
Too чуркатып жатат ичке булагын.

Агып жатат ал жанымда, ал мында:
Дал түбүмдө, оң колтугум алдында.
Ырдайт, бийлейт,
кыт-кыт күлөт, түгөнгүр
Чоң сууларды туурап ушул алында.

Булдур-булдур, мени алагды кылууда...
Угуп жатам, дарманым жок жылууга.
Бирок өзүм төш алдынан сеземин
Бир нерсени: тирүү дагы, жыттуу да,

Бир нерсени: тирүү дагы, жыттуу да,
Жыты өмүрдун суусунундай жутууга.
Көрсө, көк чөп ойноп жатат оролуп
Көөдөнүмө, колум менен бутума...

Суу жиберген, чөп чыгарган төмөндөн,
О алтын жер, топурагың өбөм мен.
Сыйынамын сенин улуу күчүңө,
Көтөрө алсам түшпөйт элең төбөмдөн!

1975
Каракол

 

ӨСКӨН ЖЕР

Бара калсам берет өткөн кезимди,
Ошол ойду, ошондогу сезимди.
Берет кайра, бир саамга, бир паска,
Жаш кезимди текеберлүү, кесирлүү.

Кызыгың –ай, кайдан-жайдан табылып,
Кирет мага ошондогу түшүнүк.
Ууз сезим, калган өлө сагынып,
Алып жөнөйт аттан эңип түшүрүп.

Баягы эл, баягы эле тирилик,
Атам дагы келген кайра тирилип.
Ошол конуш, ошол эле жылкылар
Турат ошол желелерде ийрилип.

Колдо дале андагы айры, күрөгүм,
Көптүгүн көр эгин тарткан кирээнин.
Машак терип, мала тартып, чөп жыйнап,
Жаналекет, ал күндөрдө жүрөмүн.

Кайткан болсом мен балалык жашка эгер,
Жылдар эмне артын көздөй актыбы?
Айткылачы, өскөн жерден башка жер
Бералабы мага ушунча бактыны?!

1975
Кууганды

 

СЕН ОЛТУРГАН АВТОБУС

Мен олтурган автобус.
Сен олтурган автобус,
Бара жаттык, ичинде
Жүргүнчүлөр — алтообуз.

Сызат жолдо автобус.
Сенин жашың — он тогуз.
Мен отузда. Анча да
Алыс эмес ортобуз.

Көзүм сенин көзүңдө,
Сен от жагып сезимге.
Кыйналамын, айтылбай
Айта турган сөзүм же.

Учур болбос бул чактай...
Мен өтпөгөн бычактай -
«Үшүп барам» десең да,
Албайм сени кучактай.

Кыйнап адам санаасын,
А сен сурап каласың:
«Аз жашаткан эмне үчүн,
Агай, адам баласын?»

Суроо менен кайдагы,
Түгөтөсүң айламы.
Калдым көпкө үн катпай,
Окшоп тилим байлануу.

Сен бурулсаң жуп маган,
Окшой түшөм уктаган
Анткорсуна, өңдөнөм
Сенин сөзүң укпаган.

«Кечириңиз, бир мүнөт.
Кетипмин дейм үргүлөп,
Калп айтканым билгендей,
Кыткылыктап кыз күлөт...

«Агай, тилим уксаңыз,
Дагы бир аз уктаныз.
Жайлуу болсун десениз,
Мага дале ыктаңыз?!

Жым деп буга кубанып,
Калам ага куланып.
Колоң, чачтын жытынан
Калбас бекем ууланып?

Бар тилегим: автобус,
Жердин чети түгөнүп
Бүтмөйүнчө — тубөлүк,
Болсо деймин токтогуз...

1975
Бишкек-Талас жолу

 

ЖАЗ

Бакта түгүл, куш сайрайт
Жүрүп жерде жорголоп.
Көктөн күлүп Күн карайт,
Нуру бизге шорголоп.

Жашыл кийип жасанып,
Дарак-чөптүн майрамы.
Майда суулар жар салып
Төрөйт улуу дайраны.

Эски кара чыракта
Окшоп жаңы койгон от,

Кары-картаң куракта,
Сүйүү кайра ойгонот.

Жаздын жыпар жели да,
Бетти аймалап баратып
берген өңдүү баарыга
Бирден шаттык таратып.

Батыралбай жаткандай
Дүйнө мынча жарыгын.
Ар ким кайрып айткандай
Жакшы көргөн жан ырын.

1975
Каракол

 

ЖАШТЫК ЫРЫ

Жылганын үстү алкымда,
Жылкыга жайлуу салкында,
Жаз менен жайды өткөрүү —
Жан эркем, сенин салтың да.

Аман-coo өтүп айлары,
Азанап кулун-тайлары.
Арбыса саны жыл сайын.
Ашык жар көөнү жайдары.

Тор жорго минип жактырып,
Такасын жезден кактырып,
Адырда кетип бараттың,
Алда ким менен каткырып.

Жуушатып жылкы түнүндө,
Жатасың мөңгү түбүндө.
Түшүмө кээде киресиң
Too периси түрүндө.

Өзүңө өзүм жагышып,
Үзөңгү бутта кагышып
Жүрсөмчү, секет, жаныңда
Жылкыны бирге багышып?!

1975
Каракол

 

ЖАНЫМ ТЫНБАЙТ

Өмүрүм бүгүн мынча жашка барбай
Үзүлмөк, тең жармына жетпей анын...
Кыргында окко учушкан башкалардай,
Алардан артык беле менин жаным?!

Көлдөтүп жаш актырган, кан актырган
Согуштук талааларда калды жармым.
Ага да өз ичимден канаат кылгам,
Анткени, араңарда тирүү бармын.

Эч кимге,
Эч убакта мактанбаймын:
«Алгам деп бул турмуштун ири жүгүн».
Антсе да жаным тынбайт, акталмайын
Өзүмдүн бул өмүрүм, тирүүлүгүм.

1975
Малеевка

 

ОЙЛОП КОЁМ

Күзгү бийик ноталарда ойнолуп,
Кылк-кылк этет түздүн бышкан буудайы.
Мен өзүмчө келем ичтен ойлонуп:
«Дыйкандардын берген экен кудайы!..»

Аттуу чыгып, көп жерлерди кыркамын,
Илгеркиде жалгыз таман жол менен,
Киши бою өскөн дандын кылканын
Эркелетип сылап коюп кол менен.

Бир бүгүлүп, бирде кайра түзөлө,
Алар мени кагып келет тизеге.
Дагы ойлоймун:
«Жаз, кыш жана жай болбой,
Жер бетинде болсо кантмек күз эле?..»

1975
Кууганды

 

КОЛДОЙ КӨР

Бир кезде тапкандарымды,
Бир кезде колдо барымды,
Бир өмүрдө бир эле
Берилчү жалгыз-жанымды.

Анан да жаштык кезимди-
Кадалып турчу ок болуп,
Жалбырттап турчу от болуп
Жайнаган эки көзүмдү;

Кылычтай өткүр тишимди;
«Сүкө» деп турчу жетинбей,
Өзүмдүн боор этимдей,
Кыйбаган кээ бир кишимди;

Турмуштун борбор түйүнү,
Туткасы жер шарынын,
Башталуу күчү баарынын,
Сыйкырдуу эски сүйүүнү

Жоготуп жатам мен аздан...
Жазыгым барбы же жазган?!
Колдойгөр, төшү түктүү жер,
Төбөсү бийик кең асман!

1975
Каракол

 

КЫШКЫ БАЛЛАДА

Алып чыктым сени ээрчитип,
Кар боройлоп турган кезде көчөгө,
О, ал биздин эң кийинки кеч эле,
Жактырчумун дайым сени,
Дал ушундай кар чаңында карашты,
Чымкый кара пальтоңо алар жарашчу
Калган өндүү байчечекей ачылып.
Же, арманым,
Жылдыздары төмөн-төмөн асылып,
кулаарына аз калган.
Бермет төккөн баркут сындуу асмандан,
Сен өзүңө пальто тигип кийгендей,
Ак кар сага жарашчу.
Жактырчумун анда өзүңдү карашты.

О, анда бир ырахаттуу кеч эле,
Бирге айланып көпкө жүрдүк көчөдө.
Эсимде жок,
Анда саат нече эле.
Жарык жанган карагайдын түбүнө,
Токтой калдык бурулуп,

Сенин кийимиң кардын аппак түгүндө,
Эрте чыккан күн нуруна
Шүүдүрүмү жалт-жулт этип урунуп,
Ойноп турган көк тулаңдуу,
Жерди салды эсиме.
Өзүң, үнсүз жалжылдадың
Бүт көңтөрүп,
Жердин көркүн куйган окшоп көзүңө.

Ал көркүңдү айтуу үчүн
Караан издеп, карадым туш тарапты,
Тээ-тигинде бирөө кетип баратты...
«Токто!» десем укпай койду,
Жетип барып,
Булккуладым үргүлөшкөн даракты.

О, мен анда кооздукка мас элем,
А сен болсоң,
Ошол күнкү жааган кардай жаш элең...
Эсим жыйып сен жакты жалт карасам,
Жок экенсиң ордунда…
Көп чакырдым,
                       калдым бирок кур жалак,
Этегине ороп сени,
                       алып кетти бурганак
Ага болбой издеп келем,
Калдыбы деп, калдыбы деп жашынып.
Караан көрүп, сенби десем
Жөн көлөкө болуп чыгат
Карда жаткан,
Арка-жонун кашынып...

Анан …анан …
Сендиректеп кайттым жалгыз,
Элсиз ээн көчөдө.
О, ал биздин эң акыркы кеч эле,
...................................................

Эң акыркы кеч эле...

1975
Талас

 

САГА

Жай келип, турган ордум өзгөрүлдү,
А бирок карагым жок өзгө гүлдү.
Жаркыным, өзүң жакка учурамын
Ар күнкү тапкан ысык сөздөрүмдү.

Учурам ойлорумду дагы артынан
Сен жакка качан болсо даяр турган.
Ойлорум сен жөнүндө кымбат, асыл,
Ак тандай, кадыр түнкү, агартылган.

Карабай алар ава ырайына:
Кар, жамгыр, жердин көк муз, ылайына,
учушат... Мага керек сенин гана
Турганың жылуу-жумшак ырайымда.

1975
Каракол

 

АК КУШ

Турган чагың көңүл куунак-кушубак —
Көктө калкып учуп жүргөн кушуң ак.
Анда кээ бир төмөндүктөр, пастыктар
Аягыңа кулашып, кол куушурат.

Ой-кыялың чарыктаган кез сенин—
Өзүңдүн өз бийиктигиң сезгениң.
Айланткансыйт арзыбас бир мүнөткө
Алда кимдин сага тийген сөз-кебин.

Ар адамдын, мейли чоң же кичине,
Алыс, терең жашырылган ичинде
Канаты бар, көтөрүлөр аны алып,
Күчүн теңеп канча бир дөө күчүнө...

1975
Малеевка

 

ТУШ КЫЛБА

Ар бир эле адамда:
Болбой койбойт эрте-кеч
Жакшылык да, жаман да.

Ар бир эле адамда:
Боло бербейт өйдөлөө
Баскан эле кадамда.

Ар бир эле адамда:
Кемчилик бар, түзөөгө,
Аракет бар анан да.

Баары болот адамда...
Бирок Теңир, туш кылба
Жөн билбеген нааданга.

1975
Малеевка

 

БИЗДИН ТАЗА СЕЗИМГЕ

Эсиңдеби, Шумкар-Уя жактагы
Бир коктуда, таятаңдын ак тамы?
Ал коктудан асман эле көрүнчү
Кастрюлдай жерге алынуу капкагы.

Эсиңдеби, граждандык уруштан
Дем алышка кслген үчөө турушкан:
Бири сенин атаң эле, беркилер —
Болсо керек ага жакын туушкан.

Формалары окшош эле андагы,
Жарк-журк этип кылычтары жандагы.
Аттары да туйлачу эле кошкуруп,
Аргымактар баары таза кандагы.

Эсиңдеби, укканыбыз атаңан:
«Актар... Дутов... ырайымсыз атаман...
Аз күндөн соң алар кыйрап жок болуп,
Айлыбызга кайрылабыз бат, аман...»

Кетишти анан жылдыз толор кезинде,
Сенин дале бардыр ал күн эсиңде?
Революция антип кирген болучу
Биздин таза, ууздай жаш сезимге...

1975
Талас

 

ЖОЛООЧУМУН

Жолоочумун, жеткен жерим Ашмара,
Мен бей тааныш мында кары, жашка да.
Бир түн эптеп коно турган жай болсо,
Ыраазы элем иче турган ашка да.

Барган сайын мезгил тартып карангы,
Атым жүрбөй жерге жеткем араң бу.
Үйлөр да көп, баскан-турган эл да көп.
Бирок билбейм кимге, кайда барарды.

Баратыпмын төрөт үйү жанынан,
Алда кимдин үнү чыкты жалынган:
«Бери токто, айланайын ак жолтой,
Алган жарым уул тапты жаңыдан!»

Алтымыштар чамасында курагы
бирөө келип: «Атың ким?» деп сурады.
Атымды айттым. Улам аны кайталап:
«Уулумдун да аты ушундай, туурабы?»

Ойлоп койдум: «Жинди болгон эмеби,
Эми ээрден мени жерге эңеби?

«Айланайын, такыр туяк жок эле,
Бүгүн Теңир элге мени теңеди!

Болсо элеби эркектиги билинчү —
Ошол замат чуркап чыгып талаага,
Бет элдыман ким жолукса биринчи
Атын коём, деген элем балага.

Жүргүн үйгө, өзүң башта тойду да,
Ак жолтоюм!» деп асылат мойнума.
Так секирип жаш баладан беш бетер,
Кубанычы сыйбай турду койнуна.

…Мен аны ээрчип ойлуу кетип барамын:
«Төрөлгөндө баары кубанч баланын.
Жаман бала кайдан чыгат, эл-жерге
Пайдасынан көп тийгизген залалын?..»

1976
Талас

 

***

Бак— даракта бүрчүк жаңы жарылган
Бул мезгилдин күндөрүнүн бары ылдам
өтүп жатат…А мен, эркем, сени ойлоп,
Жазды сезбей жүргөнсүймүн жарым жан.

Калдым окшойт кайра дагы сагынып,
Кездериңди таарынбаган, таарынган,
Менин сага кааларым бар бир анан:
Таарынбасаң, таарынсаң да жүр аман-
Жерди жер деп, көктү көк деп, сыйкырдуу
кубатына таазим эткен бул аалам,
Турган бизге ар кыл тагдыр таратып,
Улуу күчтөн мен ушуну суранам…

1976
Фрунзе

 

***

Жаттым түндө тышка төшөк салдырып,
Алыс жакта, малчылардын айлында.
Асман турду жылдыздарын жандырып,
Батып барат жаңы тууган Ай мында.

Тигил турган Үркөр менен Жетиген
Кызыгы го жылдыз аттуу дүйнөнүн.
Мен аларды көрсөм асман бетинен,
Көп ичинен көз кыскансыйт
                                           сүйгөнүм.

Ойлор келет ушул түндөй жоодурап,
Мени акырын алдейлеп, жай терметкен.
Байкап турсаң таттуу үмүттөр
                                           жолугат
Көк бетинде бул чачылган берметтен.

Мен ишенем жылдыздарга, бу түнгө,
Биз өңдөнүп үмүт менен алар да
балким, жерден көп жакшылык
                                            күтүүдө,
Табышмактуу нур жөнөтүп кабарга?

1976
Суусамыр

 

МЕКТЕП

                                      Талас районундагы «Көк-Арык» орто 
                                      мектебине

Бир убакта, биз олтуруп партада,
Эрте жетсек дечү элек,
Карап алып чоң дүйнөнү, картада...
Мезгил ага алып келди жетелеп.
Бүгүн кайра кайткым келет аркага —

Бери да эмес,
Ары да эмес, туп-туура
Анда олтурган курагыма, партада.
Болбогонсуйт ошонун бир күнүндөй.
Мен өмүрдөн алган бардык мартаба.

Эмне жетсин өмүрдө ал учурга,
Неге десең курчуп алган кезиңден
Канча кызык, баратканың курчууга!
Төшүң керип учкандан,
Белеңденип жаткан кезиң учууга!

Мектеп — уям,
Туурум болгон — парталар,
Сентябрда толуп турчу уу-чууга,
Мен силерди сагынычтуу
                                     караймын,
Чыгып бара жатып өмүр учуна.

1977
Көк-Арык

 

АНЫ КАНТИП УНУТАМ

Кайдан жүрүп калмак эле унутта,
Келем дале айрылууга эч көнбөй.
Ал эсиме кылт дей калган минутта,
Окшой түшөт жер алдымдан көчкөндөй.

Айткылачы, мен каяктан унутам,
Аны менен үзүлгөнүм уланган.
Аны ойлосом, жерден эмес, булуттан,
Окшой түшөм шалак этип куланган.

Аны эстесем ичи-башым өрт-жалын,
Анан аны унутайын мен кайдан?
Экөөбүздү улаган уул-кыздарым:
Болуп турат ар кимиси бир Майдан.

1977
Фрунзе

 

***

Жөн эле тиктеп койсоң элден мурун
Сезгенсийм тийип турган күңдүн нурун.
Ардагым, балбылдаган — көз жоосуңду
Башкага адаштырбай, байкап урун.

Анан да мойнума ороп билегинди
Асылсаң, жай энтиккен илебинди
Бүтүндөй денем менен сезгенимде—
Бейишти андан башка билеминби!

Же сенин катарыңда басканымда:
Жаткансып марш ойнолуп жаш канымда,
Канчага оюм өсүп, боюм өсүп,
Бийиктеп кеткен окшойт асманым да.

1977
Талас

 

КЕЛГИНДЕР

Келгиндер удаа-мудаа келип жатат,
Билбейсиң: чыгыштанбы, батыштанбы?
Илимде алышты экен кандай атап,
Бул узак учууларга катышканды?

Бөлүнүп эчен топко,
                               түркүн сапка,
Алгандай макулдашып бир учууга
Жөнөшөт мүнөт, сааты жеткен чакта,
Дүйнөнүн бир учунан бир учуна.

Из чалып булуттардын арасынан,
Кечкурун конуп алып келген жерге,
Дем алып түркүн жердин абасынан,
Өңдөнүп көктө сызган кербендерге.

Эч качан эч кимдики эмес алар
Абадай,
             көктө сүзгөн булуттардай.
Кеп эмес өлкөлөр же чек аралар,
Алардан өтө берет туруп калбай.

Келгиндер — бүт дүйнөнүн энчилери...
Келгиле, жакшылыктын жарчылары!
Келгиле, бир аз туруп кетчүлөрү,
Келгиле, түбөлүккө калчулары.

Келгиле, адам досу кош канаттуу,
Кармалбай ар белеске, ар ашуга
Келгиле, сонун дүйнө куштар аттуу,
Көркүнө биздин жердин жарашууга!

1977
Чолпон-Ата

 

СЕБЕБИМ

Кетем десем,
                 Мен калааны жек көргөн
Үчүн эмес,
                 Мага кымбат ал дагы.
Экчеп-калчап миң электен өткөргөн,
Зор турмуштан бышып чыккам андагы.

Мен каяктан жек көрөмүн калааны:
Улам бири окуп жазган ырларын,
Күпүлдөшкөн «бакшылардын» жанагы,
Арасында таттуу болду жылдарым!

Мен калааны себебим бар таштаган:
Бака-шака, уу-чууларга жат кылып
Коёт экен жанды карый баштаган,
Жалаң тынчтык, жалгыздыкты жактырып.

Кечир, досум, эгер менден кетсе айып,
Кетип жаткан менин да бир себебим:
Шыргаландуу таңкы сууга бет чайып,
Турсаң тиктеп аркар мөнгү жегенин!

1977
Фрунзе

 

ТААРЫНБА

                                                  Альбинага

Койчу жаным, кейип-кепчип таарынба,
Мезгилдерге кек сактаган жарабайт.
Жер бетине келгендердин баарына,
Тагдыр деле дайым күлө карабайт.

Тыным албай жер которгон кербендей,
Турмуш көчү жүрө берет турбайбы.
Ар бирөөгө энчи кылып бергендей,
Алмашылып бирде шаттык, бир кайгы.

Аның ырас, кыска кылып көктөмүн,
Аз жашатып койгон адам баласын,
Кайсы күнү өмүр өтүп кеткенин,
Элес алып байкабай да каласың.

Бар сыяктуу караңгынын жарыгы,
Бакыт бүгүн кол булгалап арыдан,
Балким ушул өмүрүңдүн жарымы
Таттуу болор мурдагыңдын барынан?!

1977
Фрунзе

 

БУЛ ДҮЙНӨДӨ

Алысыңбы, жакыныңбы — бирөөнүн
Көргөн болсоң жакшылыгын, жарыгын,
Кажаты жок аны көпкө сүйрөөнүн,
Колдон келсе кайра дароо кайыргын.

Коюп турган доом эмес бул сага,
Жакшылыкка жакшылык кыл дегеним,
Ыразы кыл жөн сөз менен болсо да,
Бул барыдан өзүңө кам жегениң.

Боз чаң аткан күн ысыкта көбүнчө,
Сууну самап турат чөптөр, турат бак.
Ошол кезде жамгыр жерге төгүлсө,
Асманга да айтуу керек ырахмат.

Жалпыга бир жашоо заңы жердеги:
Чоң, кичине, жашка жана карыга,
Ар убакта алгандын бар бермеги
Бул дүйнөдө эсептелүү бары да.

1977
«Дүрмөн» чыгармачылык үйү

 

КИМ БОЛДУ ЭКЕН

Те-тигинде, чымкый кара кийинген
Кимдир бирөө кыр башында олтуру:
Мылтыгынын учу чыгып ийинден,
Ар жагында аты турат токулуу.

Ким болду экен? Мылтыгына карасаң,
Окшоп кетет аң уулаган мергенге,
Жылкычыбы, атка минип таң азан,
Баккан малын түгөлдөөгө келген же?

Же байкушпу, запкы жеген сүйүүдөн?
Болбосо андан бакыт тапкан эмеби?
Же качкынбы эл-жеринен сүрүлгөн,
Көп жыл өтүп, эми кайтып келеби?

Же болбосо каракчыбы, уурубу,
Жолукканды тоноп кетем деп турган?
Же дербишпи, эч жерде жок туругу,
Бу дүйнөдө түркүн суудан бет жууган?

Соодагерби, тапкан бардык олжосун,
Түндө келип конгон жерде жоготкон?
Же баягы баатырлардан болбосун —
Келген эски жоокер кезден, жомоктон?

Чоң үлпөттөн азыр гана тараган,
А биз мында Македондун мейманы.
Бизге тынчтык, эсен-соолук каалаган
Же кыраакы күзөтчүбү дейм аны?

...Ким болду экен? Чымкый кара кийинген,
Бирөө тиги кыр башында олтуру?
Мылтыгынын учу чыгып ийинден,
Бер жагында аты турат токулуу.

1977-жыл
Македония— Югославия,
Стружка ш.

 

АК ТАҢДАР!

Ак таңдар!
О айылдын ак таңдары:
Too, талаа коюңдашып жаткандагы,
А гүлдөр – уйкуcypoo сулуулардай,
Эринип, мелт-мелт кирпик каккандагы.

Акырын түн түрүлүп, койнун жарып,
Арыдан келатканда таң агарып,
Торгой, булбул тил безеп аны даңктап,
А суулар, сай-сайларда жаагын жанып,

Дүйнөнүн кирсиз кези, таза турган
Алдыңда ак кагаздай жаза турган
Күн келет – табияттын таза көзү,
Өңдөнүп нак алтындан жасатылган.

Ак таңдар!
О айылдын ак таңдары
Гүл окшоп жаңы ачылган пахтаңдагы
Ажайып дарбазасы тириликтин,
Качырап жаңы ачылып жаткандагы...

1977
Кууганды

 

КУБАТ БЕР

Өмүрдүн көбүн жашап, азы калды,
Тургандыр өлүм шарты бузулбастан.
Эсептеп, бирөөлөргө карзым барбы?
Кутула бергим келет ушул -баштан...

Олтурбай азын-көбүн өлчөп-болжоп,
Алгамын бул турмуштан каалагандай.
Улуу күч, ала көргүн өзүң колдоп,
Болоюн карыз болуп калбагандай.

Көп көрдүм кишилердин жакшылыгын,
А бирок учурунда кайтарбадым.
Ал менин күнөөм эмес, жашчылыгым,
Келди эми алгыла деп айтар маалым.

Жүрөктө толкууларды, эргүүлөрдү,
Эл-жерден ала бергем ар учурда.
Калганын жароокер кыз-келин берди,
Аларга милдеттүүмүн ал үчүн да.

Кыйкырат ички-тышкы сезимдерим:
«Берип кет, өзүң менен ала кетпе!»
Улуу күч, аны аткарчу кезим менин,
Кубат бер мендеги бул аракетке?!

1978
Фрунзе

 

***

Албасаң да эстеш үчүн эч милдет,
А сен мени унуталбай койдуңбу?
Жазыптырсың: «Көтөралбай кеттим —
                                                         деп,
Башымдагы оордугун ойдун бу...»

Жаратылыш берген улуу сыр менен
Бүгүн өзүм баарын эстен чыгарып,
Алек болуп жаным жаңы ыр менен
Жаткан чагым чалгы мисал чыңалып.

Чынын айтсам, ал ырлардын барысын,
Белек кылып бериптирсиң сен өзүң...
Эми сүйүү эскирсин да карысын,
Унут сен да, унутканга көнөсүң.

1978
Сары-Булак

 

***

Бүгүн кечке тыным албай кар жаады,
Кээ бир жерде тереңдиги тизеден.

Көчөлөрдү, жол жээгинде аңдарды
Ал окшоду тегиздеген, түзөгөн.

Буга чейин мынча чоң кар түшпөгөн...
Мандайдагы бир даракта үргүлөп,
Карга олтурат
оозуна жем тиштеген.
Жатат мында эки-үч аял кар күрөп.

Кары кетип, тоборсуган жерлерге,
Конуп жатат таранчылар дүр этип.
Бул жааган кар кубанч болсо кээлерге,
Кээ бирөөнү койду бир аз жүдөтүп.

1978
Фрунзе

 

***

Сен мага канча таасир этериңди
Сынайм деп, ага-буга карабастан,
Билбепмин мынча терең кетеримди,
Али да мен өзүңдө барам аздан.

Жатчу эле бейкут өтүп бу жылдарым,
Кысынбай, алда кимдин карап көзүн.
Эсте жок качан жолдон бурулганым,
Үйрөнүп алдаганга өзүмдү-өзүм...

Таштаба менин бүтпөс, гүл азыгым,
Кыялдай жан көшүлткөн тобокелим!
Бирок мен билгениме ыраазымын,
Сүйүүгө жаш, карылык жок экенин.

1978
Сары-Булак

 

***

Мен сага мына минтип жагынайын:
Гүл болуп оң төшүңө тагылайын.
Төбөңдө бир кичине күнүң болуп
Түбөлүк маңдайыңа жагылайын.

Башканын баарын ары жээрип койчу,
Өзүңдү бир өзүмө берип койчу?!
Азыр мен ыр болоюн, күү болоюн,
Айдайым, анча-мынча эрип койчу?!

1978
Сары-Булак

 

***

Акты жылдар аккан жылдын бириндей,
Бирок калды бир күнчөлүк билинбей...
А сен ойлоп: «кине калган эместир,
Ак көйнөктүн жууса кеткен кириндей»,

Бир кубандың көрүп алып көчөдөн:
«Окуйм, жазгын, ырларыңды жактырам.
А кезде эмне, эч билинбей жүрчү элең,
Бардык нерсе болот тура бактыдан...»

Угуп жатып сенин ушул кептериң,
Эстейм анда менден оолак кеткениң.
Бир күндөн соң кайра келген сага арнап
Күйүп-бышып ырлар жазган дептерим.

«Эми көрчү, жаккан тура ырларым!»
Сен сезбедиң менде намыс ырбаарын.
Жаткан өңдүү өткөндөрдөн өч алып,
Мен сени эмес, карайм тоонун кырларын.

Сыртым ушу. Такыр башка ичимен:
Эски сүйүү бошобоптур күчүнөн,
Араң турам, араң турам, баш тартпай
Сыр аякта бал сыяктуу ичүүдөн...

1978
Сары-Булак

 

МЕЙЛИ

Берсең бергин
мага жаңы сүйүүнү,
Сүйүү деген —
Жан эрите сүйүнүү.
Кайра баштан жандырам деп көрөйүн
Болсо башка чечилбеген түйүнү.

Берсең бергин.
Бирок аны чечем деп.
жаткан кезде
Мезгил калса кечеңдеп,
А сен жаным, күндөр алдын тосуп кой,
Айтышпасын: «Бул сүйүүгө бечел» деп?

Жазда кайра
Болгон кезде жер жаңы,
Берем десең,
Махаббатты бер жаңы,
Мейли, да бир өтүп көрсүн сыноодон,
Алдыдагы алтымыштын бер жагы.

1978
Фрунзе

 

КҮЙГӨН

Көк адыр жактан айдыңдуу,
Көп келем издеп айлыңды.
Терезең көзгө түшкөндө
Табалбай калам дайнымды.

Адамдын бөлүп санаасын,
Алдымдан чыга каласың.
«Агай» деп коюп кылгырып,
Ан сайын чокко саласың.

Карасам туруп жаныңдан,
Көзүңдөн күйгөн жалындан
өрттөнөр кезде:«Токтот» деп,
Окшоймун сага жалынган.

Жамалың жаркыйт жүзүндөн,
Жансың го артык түзүлгөң?
Жазылат жарпым бир бөлөк
Жаныңда жүргөн үзүрдөн.

Баладай жүмшак кыялың:
Байкабай аяк-быягын
Кеп айтсам, азга таарынып,
Күлгөнүң кимге кыямын!

1978
Кууганды

 

БУРГАНАК

Күтөт күндөр,
Күтөт алда ашуулар,
Күтөт жана сагынычтуу ашык жар.
Кардуу бороон,
Бурганакка карабай,
Бүгүн менде сени көздөй шашуу бар.

Түшкөн из жок карап көрсөм жан-жагым,
Токтоно албай тунук карды жалдадым,
Чуркап келем ага дале карабай,
Сени күтүп калабы деп, жалжалым.

Бака-шака, алай-дүлөй бурганак,
Адаштырса түз жолумдан бурмалап,
Ак элесиң кар периси өңдөнүп,
Улам алдан чакырат кол булгалап.

Улуп-уңшуп жатып кайра сооронгон,
Окшоп улам күү таралса бороондон,
Чимирилип бийлеп чыгат элесиң,
Ак бурганак,
ак бурганак оронгон.

Сенин ушул элесиңди кардагы,
Кармайм деген аракетте ар жаңы,
Кууган бойдон эч токтолор эмесмин,
Түгөнгүчө горизонттун ар жагы...

1978
Талды-Булак

 

А СЕН КЕЧИР

Оюм быт-чыт,
уйгу-туйгу ичим да,
О, көп болот менде мындай минуттар.
Сен токтоолук кылып мындай учурда,
Катуу айтсам -
каршы чыкпай туруп кал.

Ишим жылбай,
карыш түшүп кабагым,
Өзүмдү-өзүм жактырбаган минуттар
Болгон кезде,
билип ошол абалым,
Жаман айтсам -
жакшылыкка буруп сал.

Каным кайнап,
кете жаздап жарылып,
Жаачу күндөй бүркөө тарткан минуттар
Менде болот -
калбай ага таарынып,
Күлүп жайнап
                     а сен аны унуткар

Ыры менен алпурушкан акында
Болот учур, болот иштер ар кандай
Бири сыйса,
бири сыйбас акылга...
А сен кечир, аны эсиңе карманбай?!

1978
Фрунзе

 

ЖАКШЫРААК

Айлыма бара калсам кээ күндөрү,
Атайлап түшүп келип аска-кырдан
Жазган ыр, жүрүп суунун жээгиндеги,
Жакшыраак кабинетте жазганымдан.

Мен анда сезем жердин кубат-күчүн,
Дем алып салкын, таза абасынан.
Чөбүнун жытын искеп турган үчүн,
Чөбүнүн,
             гүл жыты аңкып арасынан.
Күн сайын суу тарапка келем шашып,
Сууларда – биз төрөлгөн жердин каны.
Жатса да сайга сыйбай ашып-ташып,
Денемде жүгүргөндөй сезем аны.

Жүрөккө жердин обон, күүсү кирет,
Кошулуп суунун түркүм ыргагына.
Чыккансыйт башкалардан түзүгүрөк,
Олтуруп анда жазган ырларым да.

1978
Үч-Эмчек

 

ЭНЕМЕ

Түбөлүккө калган сенин элесиң:
Анткени сен дүйнөгө
Жалгыз гана мени берген эмессиң,
Мени менен
Бирге төрөп бергенсиң,
Кең өрүштүү,
Куттуу кыргыз жергесин:
Сырттан өзүң
Байкап көрсөң караанын,
Аркайышып турушкан
Мизиндей курч араанын
Тоолору менен бергенсиң.

Чагылгандын көктөгү
Окшоп кудум ийри-буйру изине
Тоодон ылдый жарышып,
Түшүп турган талаа менен түзүнө,
Биздин жердин музыкасы өлбөгөн —
Суулары менен бергенсиң.

Мага кошуп бул жерди
Төрөп берген энемсиң.
Эгер өлсөм мен өзүм.
Жерди
         көргөн балдарымдын көзүндө
Жашай берет элесиң,
Чөбөрөңдүн чөбөрөсү төрөлсө
Аны менен
Улам кайра келесиң...

1978
Үч-Эмчек

 

УКТАГЫЛА

Бир бейпил тынчтык келет иңир менен,
Бүт дүйнө калган ага кулак түрүп.
Окшоду жер огунда жүгүрбөгөн,
Жел да жок азыр гана турган жүрүп.

Жумшайбы алдын ала түн кабарга,
Жым-жырттык жымырылып келет жерге.
Шырп этпей тынч алышты каргалар да,
Чурулдап жаткан аркы теректерде.

Чарчаган күндүз кечке тынбай иштеп,
Аз-аздан ысык тери — буусу тарап
Магдырап, жан жай алар тынчтык издеп,
Дүйнө эми көшүлүүгө кетип барат.

Адамдар,
              аркалаган турмуш жүгүн,
Танды-кеч
              жанды-жанга үрөп жүрүп,
Алсырап,
              суй жыгылган ушул бүгүн,
Кетишкен
              үй-үйлөргө кирип-кирип.

Киргиле
              жетет эми,
                               эс алгыла,
Жайма-жай олтуруп чай ууртагыла.
Ойлорду таштап анан өз алдына,
Түнүңөр бейпил болсун, уктагыла!

Акырын...
                уктагыла...
                                   уктагыла...
Жатпайбы терметилип түн бешиги,
Дабышын укпагыла...
уктагыла...
Дүйнө эми силер менен бир көшүдү.

Көшүдү...
               Түндүн салты адаттагы:
Жуп мына, уктай турган убагыңда,
Дүйнөнү сенден бөлүп алат дагы,
Өзүңө берет кайра турарыңда.

Түн деген түн гана эмес, ал убакты,
Болсо да жылбаганга окшоп турган,
Кечээги сен түгөткөн ал-кубатты
Кайрадан сага жыйнап-топтоп турган.

Уктагын!
              Уктоо деген — өлүү эмес,
Үшүнтүп өтүп турган ар бир түнүң
Тек гана ортосунда турган белес,
Сендеги кечээгинин, бүгүнкүнүн.

Адамдар,
              чарчадыңар, уктагыла!
Дем алып жай төшөктө, төштү керип.
Адамдар,
              Уктагыла, уктагыла,
Барыңар бир ажайып түштөр көрүп!

1978
Фрунзе

 

БУДАПЕШТТЕ

Бир келгем сага жигит курагымда,
Унутпайм ошол сонун күндөрүңдү.
Кайталап туруп алат кулагымда
Мен уккан, а сен тарткан күүлөрүңдү.
«Жер тааны атың барда» деген өңдүү,
Бул кезде лайнер болсо минер атым,
Турамбы, келдим кайра...
«Жокко теңдүү» —
Караймын Парламенттин имаратын.

Бүткөндөй музыкадан, жалаң ырдан:
Көз канар кооз дагы, жеңил дагы.
Акындай аны кошуп мактап турган,
Бакылдайт Буда суусу жанындагы.

Бул жердин калкы мага жакканына
Бир далил — көтөрүшпөйт көкүрөгүн...
Муну мен ойлойм бара жатканымда
Үстүндө Буда сууда көпүрөнүн.

Ал кошот Пеш шаарына Буда шаарын,
Созулуп баш-аягы тай чабымча...
Бир кечте жок дей албай, сурашканын,
Ырдагам Кыргыз ырын анча-мынча.

Эң алгач деле түшпөй ыр оозума,
Эсимде, турган кезим тердеп, сүрдөп.
Баштасам «Ой тобону», бир оокумда,
Бары да кетти мени коштоп-сүрөп...

Мындагы бир туугандык мүрзөдөгү
Тизмеден, дубалыңда толуп турган,
Коюлган ушул ыйык жерге сөөгү
Кыргыздын бир баласын жолуктургам.

Бошоткон Будапештти жоодон ал да...
Ушундан венгер — кыргыз туугандыгы
Байкалат,
                түбөлүккө, кылымдарга
Кан менен ширетилип тургандыгы.

1978
Будапешт
Сентябрь

 

***

Суу боюнда калың камыш ыргалат,
Аралашып жаш талдарга мындагы.
Ар жактагы аркандалуу турган ат,
Аймап жатат өскөп чөптү нымдагы.

Мен жатамын башка токум жазданып,
Айланамда бир киши жок, жалгызмын.
Каяктадыр булбул сайрап назданып,
Аздан-аздан жыты келет жалбыздын.

«Турмуш кызык, окшойт кээде сүрөткө
Өңүндө эмес, көрүп, жүргөн түшүңөн...»
Деп ойлонуп келип ушул мүнөттө
Эмне үчүндүр сени эсиме түшүрөм...

1978
Талды-Булак

 

БИР КҮН

Мына дагы демейдеги жөн бир күн,
Келет мындан көп жакшылык өндүргүм:
О, куттуу күн! Барат өтө жер кургап,
Жамгыр берсин, көктү буга көндүргүн!

Коргоп түркүн күтүлбөгөн кырсыктан,
Бергин мага, куунак көңүл, ысык кан:
Ырлар үчүн талабы курч окуучу
Ага бир аз көңүл бөлүп, кызыккан...

Ичке батпай жүздөн балкып көрүнгөн
Кубаныч бер, баарыга тең бөлүнгөн.
Анан… жерде жашап жүргөн ар кимди
Ушул бүгүн тышкары кыл өлүмдөн.

1978
Фрунзе

 

БОЛЧУ ЭЛЕ

Ушул жерде сонун гүлдөр өсчү эле:
Жашыл, сары, көгүш, кызгылт түспөлдө.
Карап-карап кандырчубуз көздү эле,
Көркүн аяп, кол баралбай үзгөнгө.

Тигил турган колот менен анан да,
Шылдыр-шыңгыр туура суулар акчу эле.
Ошолордун ортосунда, аралда
Олтурчу кез сага аябай жакчу эле.

Үлбүрөгөн ак жибектей шоодурап,
Сулуу, сулуу таңдар мында сүрчү эле.
Бары сонун болчу. Анткени жоодурап
Асылкечим дайым жанда жүрчү эле.

1978
Талды-Булак

 

ТАГДЫРЫМ

Тагдырым
буга чейин көптү берди,
Ойлоймун:
Дагы ошончо берет көптү
Мисалы,
эчен жылга ушул жерди,
Мисалы,
эчен жылга ушул көктү.
Алдымда
күнүм бүтүп калмайынча,
Желгиче
насибиме келген наным.
Дүйнөдө
жашап моокум канмайынча,
Жашаймын
бүткөнүнчө күйүп жаным.

1978
Фрунзе

 

О, ЖЕРИМ

О, жерим!
Сен үчүн жүз өлөр белем,
Бир ирет берилген бул өмүрүмдө.
Тал болуп анан бир түп көөнөрбөгөн
Түбөлүк турсам бир жак өңүрүңдө?

Акталып мага берген тузуң толук,
Кенедей кир калбаса көңүлүңдө?
Өлгөндө, жалгыз тамчы сууң болуп,
Кошулуп кетсем сенде көк иримге?!

1979
Чолпон-Ата

 

БИЗДИН СУУЛАР

Башталып асман жердин арасынан,
Кылаңгыр булуттардын түнөгүнөн,
Сызылып эски мөнгү кар астынан,
Атылып аска-зоонун жүрөгүнөн.

Кол берсе туура суулар жете келип,
Карабай макул болор-болбосуна,
Ар бирин бирден тоноп ала берип,
Карк болгон каракчыдай олжосуна,

Кайылдай өлүсүнө-тирисине,
Күркүрөп, кайнап-бышып көбүк чачып,
Өзүнүн көндүм болгон бир изинде
Сабаалап ак жал атын келет качып.

Жаңыртып капчыгайды агылганы,
Айкырат, таманында таш күтүрөп.
Жарк этип кошо түшүп чагылганы
Жаткандай күн күркүрөп, жер титиреп.

Барын да тепсейт басат шары менен,
Жанyy жок алган максат, багытынан.
Жер сабап, жер оодарган каары менен
Келет бир стихия, агытылган...

1979
Суусамыр

 

КАРАП КАЛ

Деңиз окшоп термелишкен тараптар —
Бүткөн калың тулаң чөптөн, эгинден,
Өз кезинде канганыңча карап кал,
Алар сага
               Убактылуу берилген.

Шагы ийилип дүмпүйүшкөн дарактар
Жаралгандай жалаң жашыл өрүмдөн,
Көз кангыча тирүүлүктө карап кал,
Ал да сага
               Убактылуу берилген.

Салкын аба,
               Ак мөңгүдөн жыт урган,
Тигил тоолор —
               Сунган колдой керилген.
Аркы калаа,
               Жашыл кыштак бул турган,
Карап калгын,
               Убактылуу берилген.

Түндү жарып 
               асман сыртка чыгарган
Ай-жылдызды,
               Жымыңдашкан алыста.
Кара, кара, таркаганча кумардан,
Алар дагы келген сага карызга.

Бул дүйнөдө бар болгону — бир гана.
Сен төрөлүп, өнүп-өскөн мекениң,
Ар убакта сыймыктана жүр ага,
Эске түйүп убактылуу экенин.

Адам жерде кетпес үчүн тез карып
Кейитпеске тырыш анын көңүлүн.
Эң оболу кыска экенин эске алып,
Башканын да, өзүңдүн да өмүрүң.

Жесең, жер-күн маңызына кандырат,
Кичинекей жер шарындай алманы,
Сабагында
                   чоктон бетер албырат,
Сага келген
                   убактылуу ал дагы.

Тирүүлүктө бар өзүнчө тараза:
Жашап дайым адилет да,
                                Калыс да,
Бергин кайра
                      алганыңа жараша,
Турмуш деле келген сага карызга.

1979
Кур-Таш

 

АЛДАТКЫМ БАР

Алдаткым бар,
А бирок жок алдагым.
Күйүп калбай калса дагы дүнүйөм,
Кудай мага буюрбаптыр ал жагын.
Буюрбаптыр...
Мен ушуга сүйүнөм.

Берсем берип,
Болбосо дейм алганым.
Адатым бар бергенимди куубаган,
Тагдыр мага буюрбаптыр ал жагын.
Буюрбаптыр...
Буга да бир кубанам.

1979
Фрунзе

 

ЖҮГҮРҮШҮ МЕЗГИЛДИН

Баратсам кышкы дарак арасында,
Кээси жок, калган жалаң дүмүрлөрү
Түбөлүк айыкпаган жарасында,
Таң калба, бул -
                         мезгилдин жүгүргөнү.

Башаттын шылдыр-шыңгыр чыгат үнү,
Алдымда, муз каптаган күбүрдөгү,
Аны аяз айнектеген ушул түнү,
Таң калба, бул -
                         мезгилдин жүгүргөнү.

Дарактар...
Турат бир ыр кайрып алар,
Байкасаң, күндүзгүдөн иңирдеги
ырында алда кандай айрыма бар,
Таң калба, бул -
                         мезгилдин жүгүргөнү.

Жалбырак, кар үстүңдө жаткан ушу,
Ойлорум, мында жалгыз жүрүүдөгү,
Бутумда кычыраган кар давышы,
Барында -
                         мезгилдин бат жүгүргөңү.

Мезгилдин мөөрү турат, колу турат,
Нерсе жок бул жарыкта ансыз эч бир...
Эртең да бары ошону жолуктурат,
А бирок андагысы-башка мезгил.

1979
Талас

 

АЙТПАЙСЫҢ

Эмне үчүн көптөн бери мен
Өзүңө чексиз берилем:
Кездешкен кезде жөн эле
Коргошун болуп эриген?

Сага эмне жаным ачырын
Билбеймин өзүм ачыгын?
Жытынан неге мас болом
Жылгындай коңур чачыңын?

Сен десем жылбайт ишим түк.
Эмне үчүн? Койсоң түшүнтүп.
Өмүрдүн кымбат учуру
Өтөбү жаным, үшүнтүп?

Ар күнү көргөн түшүмдөй,
Атынды ойдон түшүрбөй,
Өзгөрдүм бекен дей берем,
Өзүмдү-өзүм түшүнбөй...

Эмне үчүн, айтсаң эмне үчүн,
Эстесем «тыс» деп көндү ичим?
Же жаштык деген дүйнөнүн
Жүрөмбү сынап мен күчүн?

Жаныңдан жылбай эгерим,
Олтургум келе берерин
Түшүнтчү? Сүйүү, билбепмин,
Адамга айтпай келерин...

Көзүмдөн учуп карааның
Көрбөсөм мөгдөп каламын:
Анда мен издеп баладай
Арылтам ичин калаанын.

Эмне үчүн минтип бирөөнүн
Изинен калбай журөмүн?
Айтпайсың, аны сен дагы,
Айталбайт менин да жүрөгүм..

1979
Чолпон-Ата

 

***

Мен умтулам алыс калган жазыма,
Бир жоготуп кайра тапкан үмүттөй.
Карабастан анын көбу-азына,
Өзүң, балким койгон үчүн түнүлтпөй?

Мен кылчаям унутулган жазыма,
Тааныш жүзүн да бир ирет көрүүгө.
Түталбастан сенин укмуш назыңа,
Жаным даяр болгон кезде эрүүгө.

Мен суктанам алыс калган жазыма,
Сен бар үчүн ансыз өтпөй бир күнүм.
Болор эле өмүр бою казына,
Жыттап калуу анын дагы бир гүлүн.

1979
Чолпон-Ата

 

ЖАЛГЫЗ ГАНА

Курбулар:
                бир окуган,
                                    бир иштеген,  
Курбулар:
                жакын жүрүп, 
                                    алыс жүрүп,
Алыстар алы-жайды билишпеген,
А бирок кадырлашкан калыс жүрүп.

Курбулар:
                баштагыдай дале бүгүн
Мойнуна аркалашып алпараткан
Алмашып келип турган мезгил жүгүн,
Өңдөнүп баары бирдей алп жаралган.

Бир кезде жоого кетип түгөл бойдон,
Ал жактан кайра кайтпай эчендери,
Курбулар, чоочун жерге башын койгон,
Аксаңдап араң жүрөт эсендери.

Курбулар,
Басып өткөн ар кыл жолду,
Али көп
Алдан күткөн талаптары.
Курбулар,
Барынан да жаман болду,
Жаштыктын
Колдон кетип баратканы...

1979
Кууганды

 

САМОЛЕТТОГУ ОЙ

Бул мүнөттө
жерде эмесмин,
                       көктөмүн,
Терезем — түн,
тереземде кара так.
Ага болбой,
аралыктын өктөмүн
Лайнер тынбай багындырып баратат.

Ныксыраймын,
кресломдо керилип,
Сен тарапта
бирок бардык ойлорум.
Эркем, эгер
жатсаң менсиз эригип,
Мен жөнүндө оюң менсн ойногун.

Оюм таза -
супа салган ак тандай,
Алар сени
уктатпасын билемин.
Мага жетип,
мени кактап жаткандай,
Алоолонгон сенин оттуу илебиң.

1979. Октябрь
Москва-София

 

***

Кош өткөндөр,
Силер алыс калгыла,
А мен кеттим:
Токтолбой да, буйдалбай,
Алпаратат эртеңдерге, 
                                 алдыга
Учкул күндөр -
                       жомоктогу буудандай.

Күндөр учат,
Учуп келем мен дагы,
Бири чарчап чыккан кезде учуна,
Бүтүп алып
Кайра да бир күн жаңы,
Бүт өмүрүм өтүп келет учууда.

Мен да өзүмчө космонавтмын,
                                      ишим көп,
Бир-биринен ашыгыштуу,
                                      күрдөлдүү.
Айырмабыз — асманды эмес,
                                      изүүлдөп,
Жүрөм өзүм жерде жаңы күндөрдү.

1979
Фрунзе

 

ЖАШ ЧАГЫМ

Мезгил өтүп батынбаган, тартынган,
Мен бир күнү андан минтип сурадым:
— Сүрөтчү дос, эмки жазган картинаң,
Болсо кантет менин жаштык курагым?..

Ал мындайча: Жайдын толук кезеги,
Өзөн. Конуш. Ошол жерге тик үйдү.
Бет алдында турсун үйгөн тезеги,
Желе боодо оттоп жылкы бир үйрү.

Өзөн суудан кеткен кыя жол менен,
Өрдөп ары кыз баратсын бир жакка.
Элпек кармап алпараткан кол менен,
Анан анын суусу болсун бир чака.

Алда кимди байкап берки беттеги,
Ага кылчак караарында бурулуп,
Бир сезилип калсын булаң эткени,
Колоң чачы согончокко урунуп.

Ал бурулган тарапты күн тийгендей,
Бир башкача жарык кылып таштагын.
Жаратылыш болсун күлүп ийгендей...
Ошол менин көөнөрбөгөн жаш чагым.

1979
Талас

 

***

Биз турмушка келдик кечээ жомоктон
Чоң энелер айтып чыкчу түнүндө.
Бирок аны жокпуз али жоготкон.
Жүрөт алар өмүрлөрдүн тубүндө.

Хандар, бектер ылгый алтын ордолуу,
Анан кыргын, ый, ызы-чуу, атуулар.
Же туткундар туш-тарабы торголуу,
Кылыч кыйбас, ок өтө албас баатырлар…

Анан дагы сүйүү-күйүү, кызгануу,
Не бир укмуш ай көрүнгөн алкымдан
Перизаттар, жалаң нурдун кыздары,
Тулку бою түзүлгөндөй алтындан.

Кээде болуп күтүлбөгөн тагдыр да:
Жаш тирилип кары кайра жашарып...
Биз турмушка кирелектен көп мурда,
Көнүш үчүн жомоктордо жашадык.

1979
Фрунзе

 

***

Билемин мен да билемин:
Гүлдүн да күздө солорун.
Аптаптын сезип илебин,
Ак кар да шалбаа болорун.

Билемин мен да билемин:
Өтөрү өмүр ырас да.
А бирок тапсак бир эбин,
Кармалса бизге бир азга.

Мен койбос элем тоготуп,
Жоголсо жаштык курагым.
Сени да кошо жоготуп
Коем деп коркуп турамын...

1979
Фрунзе

 

АТТИҢ АЙ!

Жайкалган жашыл саздагы
Жаш улан эмес, ал— жекен.
Жекендей көрктүү баштагы.
Жаш кезим кайда калды экен?

Алтымыш жашта бул курак
Ажайып көргөн түш болсо:
Уйкудан турсам бир убак
Жаштыгым кайра туш болсо.

Дүйнөң баары дүңгүрөп,
Кыйкырмак:
                  «Кандай жаңылык!»
Эмине болмок бир ирет
Табият койсо жаңылып?!

1979
Кууганды

 

С.Эралиевдин «Тандалмалар» китебин бүт көчүрүү

 

© Эралиев С., 2009. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 4312