Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© А.Токтогулов, 1989. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 27-апрели

Айылчы ТОКТОГУЛОВ

Улакчы чабдар

«Мезгил ызасы» аңгемелер жыйнагынан алымган аңгеме

Токтогулов Айылчы. Мезгил ызасы (Кадыр кыбачы жана башка белгилүү инсандар жөнүндө баян): (Роман жана аңгемелер). – Б.: «Айат», 2007. – 180 б. китебинен алынды

УДК 82/821
    ББК 84 Ки 7-4
    Т 51
    ISBN 9967-433-08-6
    Т 4702300100-07

Нускасы 300 экз.

 

Кеч күз. Айлананы боз кыроо чалып, асман чайыттай ачык. Куштун канатындай далдайган үзүктөрдүн этегин кыроо баскан. Боз үйдүн сол капшытында чабдардын ээр токулгасы айдын күүгүм жарыгында дөмпөйөт.

Ушул күздө бүгүлбөй калган боз үйдүн катылуу сыры бардай, айылда жалгызсырап ичинен анда-санда онтогон оорулуу адамдын үнү чыгат.

Боз үйү, бийик көтөрүлгөн кызыл тунукелүү тамдын алдында.

Жаңы бүткөн ат сарайдын обочороок арыда арчадан орнотулган ат мамыда байланган чабдардын көрүнүшү, өзүнчө сүрөткө тартып койгондой. Анын алдыңкы шыйрактары ак байпак кийген кыздай түптүз. Арткы эки буту соорусуна чейин агарып ак дамбал кийген карынын элесин көз алдыга тартып өзүнчө бир кооз.

Чабдар кулактарын тикчийте күзгү муздак сыдырымга чыйрыгып улам-улам бышкырып, эки алдыңкы бутун алмак-салмак көтөрүп ордунан тыбырчылап турат.

Тиги үйдөгү онтогон адамдын добушу биразга басыла калып, чай кайнамчалык аралыкка коңурук коштойт да, кайра эле «икий, ко-кууй!», – деп, күңгүрөнүп тынчы кетет.

Ээсинин онтогон үнүн уккан чабдар анда-санда окуранып коёт.

Жоодар өмүрү колхоздун кара жумушу менен өтүп атасынан үйрөнүп калган кесиби саяпкерлигин калтырбай келди.

Бейиши болгур, кемпири да бу жайдан оолак кеткенине бир жылга чамалап аш-суусун берише элек. А киши да Жоодар менен тең иштеп, көк, айтканын «жак» деп коё бербеген жан эле. Көктүгүнөн Жоодардын камчысынын уусуна сугарылып, эртеси анысын унутуп калчу.

Күйөөсү кемпиринин ошонусуна ыраазы болуп, күнөөсүн мойнуна алып, сөздү эмнеден баштаарын билбей, үйгө кирип-чыга берчү.

Жоодар өтө эле кыйындык менен бир ыптасынан экинчи ыптасына оодарылып, чабдардын дабышын тыңшады. Анын тыноосунан сууту таза канганын билип, жай ала түштү да, бирок төшөк тартып жатып калганына катуу кейиди.

Ат мамыда байланган Чабдар, улам бышкырып чалдын тынчын ала берди. Жоодар дагы да ордунан козголо, өтө эле кыйындык менен обдулуп, чийдин этегинен күлүгүн карап койду. Ал өзүнчө наалый: – Күндө келчү Баймат жок. Атаңа наа-лат! Менден бир мүчөлүү эле кичүү болбосо, сыр түйүнүн чечишкен, жан аяшпас курбалдашым эле го? Бу эмне кылганы? Же Жоодардын өлгөнүнө биротоло барайын дегениби?

Таң таштаганда Чабдарды отко коймокко ордунан козголду. А дегенде керегенин көздөрүнө шадылуу манжаларын салып жиберип, денесин өйдө жыйыра, түн жарымында ийининен суурулуп чыгып, акырын шыбырт алдырбаган карт бөрүдөй жууркандын жакасынан жарым денесин кылтайтып, болгон күчү менен өйдө обдулду.

Денесин токтото албаган Жоодар, керегенин башына жөлөнө калып, көзү караңгылап көпкө денесин калчылдак басып бир ордунда турду. Анан улага жакта жөлөнүү таягын сыйпалап тапты да, алдыга кадам таштап, аяк жагындагы куйма көлөчүн коңултак салып, үстүнө жабылган тонунун этектерин делбектете акырын сыртка басып баратты.

Жоодар асманды карап койду. Асмандан ийилген Ай өзүнүн өмүрү сымал калкагар тоого илинип, батып баратканын көрө:

– Ай жаңырарына аз калыптыр, – деп кобурап өзү менен өзү сүйлөшүп баратты.

Ансыз да суутунан түгү тескери айланып, чыйрыгып калган Чабдар, Жоодарды көрө окуранып алды. Жоодардын этсиз кожоюп катып бараткан колдорун жыттап, тумшугу менен түрткүлөп алды.

Саяпкер атты шамалканага, арык жээгиндеги көк терекке аса байлады.

Аярлап басып бараткан кары үйгө кирип, суурча аста бүжүрөп муздап калган төшөгүнө жылып кирди.

 

***

Саяпкерден кабар алганы келген Баймат:

– Жоке, кечегиге караганда бүгүн өңүң түзүк. Жылкыдан келатсам эшик алдыңда даарат алып жатыпсың, учурашканым жок. Тек гана өтүп кеттим. Тоскоолдук кылбайын дедим. Үйгө баргандан кийин беймаал убакта көрбөйүн деп келгеним жок. Бу дагы он күн суу ичсең оңолуп кетерсиң. Өңүңөн көрүнүп турат, ысык табың бардай. Баса, Жоке, Жаабайдын Ашыры баласына той берет имиш. Улак берет деп эл дүрбөп алыптыр.

Бейтап адамды Байматтын кеби бир азга болсо да алаксыткансыды.

Көк бөрү деген оюндун тазасы да, кыныгын алган киши айда аттын азабын берип, өзү суй жыгылганча улак тартат. Анан тырп этпей жадаганда аяк серпкенге дарманы келбей сулк жыгылат. Илгеркидей күндө улак тартыш болбой, тулку бою ээрге бир аз олтурса эле жанчылып калат. Нык олтурушту жакшы билишпейт. Машине деп жүрүшүп аттан да оолак болуп кетишти. Мына биздин убактты айт. Келин-кыздар кырда жардана карашып, ошолорго көрүнүү үчүн жагалдана шымалана кирип, улак тартчу элек. Азыркылар эмне...

Жоодар көк бөрү жөнүндө көпкө бүйүрүн кызыта кеп козгоп жамынчысынын үстүнө олтурду.

– Баймат, убагында көк бөрүсүнө да түштүк. Анжиян тарапта эч ким эңе албаган торпогун бир колдоп, ээрге жапма салып Сарыны чапканда аңкайып карабаган жан калды беле? Баса айтасың, жаатташып чабышына да түшүп бердик. Калтарбайдын айдактоосу менен намыс деп сөөк талашкан иттердей, максаты жок көк союлдашып да көрдүк. Өмүрдүн күүгүм тартып баратканын айтсаңчы. Кезинде күлүк сары, күлүк сары, Жоодардын сарысы делип турду, же аным жалганбы?

Кудаага шүгүр, токулгаманбы, минген аттарым жаман чыккан жок. Аягында минтип, чабдар...

Саяпкер кебин бирөө жулуп кеткендей сөзгө чакап, көзү жашылдана түштү.

А Баймат, чабдарды ээси өлгөндөй кылбай улакка салсаң боло?!

Жоодардын бу кеби Байматтын кулагына жаман угулду. Бирок айыптуудай унчукпады.

– Түндө келеби десем жоксуң. Эмне келбедиң? Же менден... Сыртыңды салба, Баймат?

– Жоодар чын сырын айтты.

– Тырайып өлүп калсам күйүшкөн жан курбум да, тууганым да сенсиң. Сенден башка бул чөлкөмдө эч кимим жок. Жети жашымда энемдин этегин кармап келип, силердин жериңерде туруп калдым. Казактын кай талаасынан келгенин айтып бербей, энем жарыктык келген эле жылы мени силердин айылыңарга аманат таштап, кайтыш болуп кете берди. Же жалганбы? Калтарбайдын ирегесинде эр жеттим. Кийин Кеңеш өкмөтү чыкты, андан беркисин өзүң билесиң, Баймат. Ачыгын айтканда туугандарымды өзүм да билбей калдым. Ага жер ушактап барбасын апам байкуш күнөөлүү. Чынын айтсам атамды да толук билбей калдым. А кишини энемдин курсагымда экенимде эле жалмап алыпмын. Казактардын бир чабышында өкүм шейит кетип, атымды ошондо Жоодар коюшуптур. Бар билгеним ошо.

Жоодардын нуру өчкөн көздөрү тээ тереңден өчөөр шамдай бүлбүлдөп, Байматты үмүттүү карады.

– Өнөрүмдү үйрөнүп алсын деп Серекти жаныма караан кылып жүрдүм. Аны өзүң деле байкап жүрөсүң. Ат таптаганды жакшы билип алды. Бул да болсо бир өнөр. Сага караганда күлүктүн суутун жакшы билет.

Жоодар Байматты карап, жаздыкка башын койгондон бери биринчи жолу борс-борс этип күлүп, ага сынай карады. Жоодардын тамынын арты кең түз боло турган. Анын айылдан челчең. Той-торопо болсунбу, аш болсунбу көк бөрү тартыш дамамат такай ошол жерде өтөр эле.

Ашыр той берген күнү эл эки тарапка бөлүнүшүп, оюндун кызыгына кумары артып, өздөрүнчө дуу-дуу.

– Баланчанын аты күлүк, оозу элпек кайсы жакка бурсаң кете берет, мына ат деп ошону айт, – дешсе, ортодон жыра кеп талашкан көк бөрүгө ышкыбоз бирөөсү:

– Атты коюп улак тарткан эр азаматты кеп кылбайсыңарбы, ат өзү эле эңип алабы деп кызууланат.

Качан гана эки тараптан улакчылар калпактарын жапыракай кийишип, жеңдерин бирери түрүнсө кээси түрүнбөй, алдындагы атты сооруга бир чаап, ортого түшкөндө үндөр тынымга басыла калып, көкбөрүчөлөрдү суктана карашат.

Эки жаатка бөлүнгөн көкбөрүчүлөр бат эле аралашып кетишти. Күлүктөрдүн туяктары жерди сабап, өйдө бир, ылдый бир өтүп, улакты мароого таштай албай кетип жатышты.

Аттардын дүбүрттөрүн уккан чабдар окуранып тикчие карап, байланган ордунда тыбырчылап тынчы кетет. Башынан улакка көнгөн ал, ээсин чакыра кишенеп жер чапчып, көк теректин бутагын жулуп кетчүдөй жүткүнөт.

Жоодар оорукчал болгону майда анча-мынча тойлорго атын көп салбай, чоң аш тойлорго кана салат.

Бу сапаркысында Чабдарды жайлоодон эрте алдырып, Байматтын баласы Серекке сууттуруп жүргөнүнө көп болгон. Серек онунчу класстын окуучусу. Ал дайыма атты суутуп жатканда:

– Мындай кыл, тигиндей кыл, антпесең ичинде ысык табы калат, жел сууту болбосо, атты бузуп аласың. Таптаган жылкыны как дубалга жакын байла, ысыгын тартып алат, – деп, ого эле көп машакат менен сууттуруп, аягында минтип өзү ноокастап, төшөк тартып калбадыбы. Болбосо ушу дуу-дууда турат беле, Жоодар.

Серек жаш болгону менен саяпкердин көп өнөрүн өздөштүрүп, жаш саяпкер аталып кетти. Анын үстүнө өзү да аттын үстүнө бек отур. Колдору шадылуу келип, ден соолуктун, жаштыктын демин да табият мол берген сыяктуу.

Жоодар Чабдардын тынчы кетип жатканына зээни кейип, чийдин арасынан шыкаалай карап, шоросу куюлган көздөрүн шадылуу этсиз манжалары менен улам жанып-жанып алат.

Сырттан эдиреңдеп чуркап кирген Серек:

– Ата, атты улакка салып көрөйүнбү? Ат да табында, көрүп алышсын тигилер.

Сабактан жаңы эле келген Серек Жоодардан жооп күткөндөй аны тигиле карады.

Э балам, минсең минип чык. Асти бирөөгө бере көрбө. Баш аягын карабай чаап атты бууп коёт.

Бала эшикке бет алып баратканда, Жоодар кайра чакырды.

– Балам, тек койчу. Чабдар чабылбаса чабылбай калар, чабар ээси болбосо мал ошо да?! Атаңдын Телкызылын алып чык. Анын да сууту канып, чабылар кези болгондой көрдүм эле. Атаң да менден бетер жаш кезинде эле өчөйүп карып алыптыр.

Жоодар калп эле Серектин көңүлүн улап күлгөн болду.

Серектин өңү бозала болуп, – бул эмнеси, атам алжып калганбы, же ооруга алдырып койдубу, – деп, төшөктүн үстүндө олтурган Жоодарды карап калды.

– Балам, атты азынатпай токулгасын токуп, бекемдеп аса байлай кетчи?

Жоодар Серектен күмөн санабагандай, акырын култ этип, жылып төшөгүнө кирди.

Байлоодогу күлүк элдин кыйкырык-сүрөөнүнөн улам көк теректин бутагын айрып кетчүдөй улам жулкуна берип, ээр кашына эки үч оролгон тизгини бошоп кетти. Чабдар улам айлана берип, болгон күчү менен жулкунуп, кыл чылбырдын толгоосун жандырып, дагы эле тыбырчылайт.

Топоздун жүнүнөн чыйратылган чылбыр толгоосу жанып, ат катуу жулкунганда чарт эте тең ортосунан үзүлдү. Кетенчиктеп барып кайра оңоло түшкөн чабдар улакчыларды карап алды да, кең түздү карай багыт алды.

Ал бат эле улакчыларга аралаша Телкызылды жандап жүрдү. Башынан көнүмүшүбү, улак кимге тийсе ошону жандай чуркап, үстүндө ээси жок, чылбыры жерге бир аз жете бербей самсаалап, чуркап барат.

Ээси жок чуркап жүргөн Чабдарды көрө эки тарап:

– Чабдар, — деп жандана түшүштү. Карап турган элдин арасынан, «Жоодар, Жоодар»деген кыйкырык үн угулду. Ал Байматтын үнү болчу. Тебетейин булгалап, элден бөлүнүп, улак тартып, анын кызуусуна кирип алган көкбөрүчүлөр.

Чабдарды көргөн Баймат: – Ой, айланайындар! Бир байгеси силердики, Чабдарга ашыра көргүлө?! Кемпири эми өлгөндөй кыла көрбөгүлө?! Менин тилимди бир жолу алып койсоңор? Пендебиз го барыбыз?! Эмне десеңер эки тарабыңарга тең бөлүп, үстөгүн кошо төлөйүн!

Эч нерсени түшүнбөгөндөй ой келди, сөздү бир айта кыйкырып, улакчылардын артынан жүрдү. Баштарынан көк буу чыгып, аттарын кара булоонго салышып, улакты биринен-бири сууруп алышып, топтон бөлүнүп чыга албай, көк бөрү колдон колго өтөт.

Мезгили жеттиби, улак Серектин колуна илине түштү. Ал Жоодардын үйрөтө жүргөн ыкмасына сала, сарт ээрге жапма салып, улакты такым жагына үзөңгүгө бастыра, өзүнө күч келбегендей ыңгайлуу кармап, Телкызылды камчы менен сооруга басып алды да, улакчылардан бөлүнүп чыга берди. Ал мароону карай чуу коюп, бөкөнгө тийген талаа бүркүтүндөй шукшурулуп баратты.

Удаа чуркаган Чабдар Телкызылды коштоп келет. Эми тери чыгып кызыса, бирде жанаша чуркап «чабдарлаган» эл дуу-дуу. Бирок аны улактын кызуусу менен бараткан Серек байкоос албады.

– Ой, Серек, Чабдарга ашыр деген Баймат, ыйдан көзү канталап топтон бөлүнүп келатты.

– Атаганаңдын оозун урайын, бул эмне кылганың? Чабдарга ашыр?!

Атасы дагы да үнүнүн болушунча бакырды.

Серек Чабдарга ашыр, андан эчтеке болбойсуң, бачагар?!

Атасынын бу сөзү кулагына шак дей түштү.

Серек артын бир карап алды. Улакчылар тээ алыста экен.

– Жете койбос!

Бала убакытты текке кетирбей, өзүн жандай чуркап келген Чабдардын дүбүртүн укту.

Жакындан дүбүрт угулду. Улакчылар да жакындап шаштырып келет. Ал улактын бучкагын үзөңгүгө өткөрө куду бөктөрүнчөктөй кылып, канжыгага чалып, бекем бекиткен эле. Көкбөрүүчүлөр жете келишти. Эми улакты сууруп кетерде Чабдар аткан октой бөлүнүп, белеске чыга берип, көпчүлүктү карап көйрөңдөнө кишенеп алды да, мароону карай көнүмүш адаты боюнча кулагын жапырып келет. Артынан эки тараптын улакчылары кууп келатты.

Чабдар мароого жете долоного байланган кыл чылбырды көрө тык токтоду да, көк бөрү тарткандар жете келгенде аттардын дүбүртүнөн эми кызыгандай Көкдөбөгө чыга артын карап алды. Анан ал сары жылдыз болуп куюлуп, улакчыларды жандай салып, кадимки кулун кезиндегидей ойноду. Дагы да мароого жете, кыл чылбырды баса токтоп, ойт берип элди карай чуркады.

Өзүнө жакындап келаткан Байматты көрө кишенеп жиберди, Чабдар.

Атты жылоодон ала Чабдарды Жоодардын үйүн карай баштантып, камчысы менен аны сооруга чаап калды. Ушуну эле күткөндөй Чабдар үйүн көздөй жылдыз болуп агылды. Баймат да Жоодарлап аттын артынан түштү. Ага кошулуп Серектин тобу Жоодарлады. – Жоодар, Жоодар!

Жерди дүңгүрөтүп келаткан аттардын дүбүртү саяпкерди ордунан козголтпой коё албады.

Жоодар арыта келаткан Чабдарды көрө, кадимки улакчы кезиндегидей түзөлө калды. Эшик алдына жакындай келген улакчы Чабдар катуу кишенеп, ээсин бир карап алды да, тык токтоду. Арыта калтаңдап басып келаткан Жоодарды көрө мурун болуп көрбөгөндөй, дагы да катуу кишенеди. Катуу келген ат турган жеринде кан сийип, көзү коюлана, бей капар дүйнөгө сапар алып, ошол эле жерден гүп эте, оор жүк бийиктиктен түшкөндөй кулап түштү. Жоодарлап келаткан топ нестейе артка кетенчиктей берди.

Көзүнөн талаалап жаш кеткен Баймат:

– О, калайык, жакшы ат жанга аралжы болчу эле, Жоодар саяпкердин карааны биз менен болсунчу?

Ал элден дуба тилеп, жооп күтпөй, тез кыймыл менен жаны чыгып чыкпай, төрт аягы асманды карап жаткан Чабдардын жылуу таноосуна сол колунун манжаларын батырып, оң колундагы кестигин аттын тамагына такады. Кара кочкул кызыл кан алда кайда чачырады. Мындайды күтпөгөн эл Жоодарды карап:

– Оомийин, ылайым карааның элдин арасынан үзүлбөсүн, жамандык Чабдар менен кетсин, – деп бата тилеп ийишти. Ошондон бери саяпкер айыгып кетти.

Кызыл тунукелүү тамдан чыгып жүргөн караан дайыма Чабдарды түшүндө көрчү болду. Бирок Чабдар...

1989-жыл.

 

© А.Токтогулов, 1989. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 3833