Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Публицистика / Даректүү жана өмүр баянды чагылдырган адабият
© Бектурганова К. 2006. Бардык укуктар корголгон
© Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 13-майы

Кульбюбю Арыковна БЕКТУРГАНОВА

Кыргызстандын асыл кыздары

«Кыргызстандын асыл кыздары» — көчмөндүктөн азыркы күнгө чейинки кыргыз турмушунун бардык чөйрөсүндөгү аялдардын ролу жана мааниси жөнүндө китеп. Мифтердеги, дастандардагы, «Манас» эпосундагы Каныкейдин, Сайкалдын жана ар кайсы муундагы аялдардын кайталангыс образдарында баатырдык, акылмандык, ишкердик, өз эли-жерине чексиз берилгендик айкын көрүнөт. Китеп гендердик өнүгүү маселелери боюнча жана «Адеп» сабагын окуткан жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдерине, башталгыч жана орто кесипчилик билим берүү, жогорку окуу жайларынын окутуучуларына жана окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналат.

Бектурганова Күлбүбү Арыковна. Кыргызстандын асыл кыздары. Сүрөтчүсү А. Касымалиев. – Б.: Мамл. тил ж-а энциклопедия борбору, 2006. – 416 б. китебинен алынды

УДК 396
    ББК 66.74
    Б-42
    ISBN 9967-14-040-2

Рецензенттер: Тарых илимдеринин доктору, профессор Э. Ж. Маанаев
    Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер К. Өмүркулов
    Кыргыз билим берүү академиясынын Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу борборунун директору С. Иптаров

Консультант: Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери, КР УИАнын «Манас» бөлүмүнүн башчысы Самар Мусаев

 

МАЗМУНУ

КИРИШ СӨЗ

I Бап. Аялдардын мифтик образы

Умай эне
    Томирис
    Каныкей — Манастын жаншериги
    Айжамалдуу Айчүрөк
    Кыз Сайкал — Баатыр кыз
    Эр жүрөк Жаңыл мырза

II Бап. XIX кылымдагы кыргыз элинин атактуу кыздары

Жаркынайым
    Курманжан датка

III Бап. Мамлекеттик жана коомдук ишмерлер

Айтматова Нагима
    Баекова Чолпон
    Бегматова Сакин
    Ибрагимова Галия
    Калыкова Равия
    Каржаева Сабира
    Кондучалова Күлүйпа
    Кыдырбаева Фатима
    Мырзалиева Анипа
    Отунбаева Роза
    Осмонова Турсун
    Салиева Батыш
    Салиева Уркуя
    Саякбаева Канышай
    Ташибекова Жамал
    Телтаева Сабира
    Туганбаева Мария
    Түмөнбаева Жаңыл
    Шералиева Сагын

IV Бап. Аялдар экономика чөйрөсүндө

Айткулова Айнек
    Алдашева Шакира
    Атабекова Өлмөсхан
    Байбаракова Загый
    Балбакова Сындат
    Кайназарова Зууракан
    Ногоева Саадат
    Өмүрова Аписа
    Сагымбаева Телегей
    Сулайманова Күлсара
    Суранова Күмүш
    Үмөтова Гүлбара
    Үтүрова Бүбүкан
    Шопокова Керимбүбү
    Юматова Анна Тихоновна

V Бап. Маданият жана искусство ишмерлери

Абылкасымова Майрамкан
    Адышева Тенти
    Антипина Клавдия Ивановна
    Арсыгулова Жумакалый
    Асанова Динара
    Балтабаева Тамара
    Бейшеналиева Бүбүсара
    Жетикашкаева Нуркамал
    Карасаева Айша
    Кийизбаева Сайра
    Козубекова Мейликан
    Күйүкова Даркүл
    Күмүшалиева Сабира
    Кыдыкеева Бакен
    Мадварова Римма
    Мадемилова Күлбүбү
    Мамбетсеитова Зинаида
    Мамуралиева Фатима
    Мануилова Ольга Максимилиановна
    Токтахунова Самарбүбү
    Турсунбаева Таттыбүбү
    Ысманова Кеңешкан

VI Бап. Илим жана билим берүү ишмерлери

Абдуазизова Нарпаша
    Айдарбекова Рафа
    Арыстанова Светлана
    Ачылова Рахат
    Бектурганова Карима
    Болжурова Ишенгүл
    Жээнчороева Розалия
    Клыпина Тамара Павловна
    Лущихина Евгения Михайловна
    Мамбеталиева Какен
    Мамбеталиева Гүлмира
    Мусаева Жумагүл
    Орузбаева Бүбүйна
    Пасько Евдокия Борисовна
    Рыскулова Какиш
    Сагынбаева Урияпса
    Султашева Майя, Урманбетова Жылдыз
    Токтомамбетова Күлипа

 

«..Бул дүйнөдөгүнүн баары — байлык, бирок баарынан баалуусу — аял»
Улуу Мухаммед Пайгамбар

 

КИРИШ СӨЗ

«Кыргызстандын асыл кыздары» кошумча окуу куралынын негизин байыркы көчмөн доордон баштап, XXI кылымга чейинки кыргыз элинин көрүнүктүү кыздарынын коомдогу ордуна, ролуна, тарыхый окуяларга болгон катышына баа берүүчү ачык-айкын баяндоолор түзөт.

Байыртадан аялдардын үйдөгү, коомдогу ордуна зор маани берилүү менен өзгөчө энелер тууралуу керемет асыл нускалар жаралган. Алсак, «Эне сүтү бой өстүрөт, эне тили ой өстүрөт», «Эненин баскан жери бейиш» деп төгүн жерден айтылбаса керек. Аялдарга ыйыктык, кеңпейилдик, айкөлдүк, сулуулук сапаттар таандык болуу менен элибизде Умай-Эне, Жер-Эне, ал эми тилибизди Эненин тили деп аташкан.

Белгилүү тарыхчы-илимпоз Л.Н.Гумилев өзүнүн «Байыркы түрктөр» аттуу китебинде мындай деп жазган: «Байыртадан аялдарга болгон мамиле өзүнчө ызаат көрсөтүүнүн үлгүсү болгон. Уулу боз үйгө киргенде эң алгач энесине баш ийкеп, анан атасына таазим кылган».

Элдик оозеки чыгармачылыктан, тарыхтан Тумар падыша (Томирис), акылгөй Каныкей, Кыз Сайкал, эр жүрөк, намыскөй Жаңыл Мырза, акыл менен журт башкарып, эл биримдигин ойлогон кеменгер Курманжан Датка, сулуулуктун символу болгон Айчүрөк ж.б. көптөгөн даңазалуу кыргыз кыздарын билебиз.

Курманжан датка XIX-XX кылымдардагы Борбордук Азия аялдарынын символу болуп калды. Эрки темирдей бекем, бир мүнөз, акылы терең жана тунук бул адам бүтүндөй бир дубандын башында туруп, өтө катаал тагдырга туш келүү менен бардык кыйынчылыктарга чыдап, кыргыз аялы эмнеге жөндөмдүү экендигин Кокон хандыгына, дегеле бүтүндөй Орто Азия элдерине, андан тышкары Россия империясынын бийлик төбөлдөрүнө чейин билгизди.

Китепти окуп жатканда аялдардын жашоо-турмушу, эл менен бирге баскан жолдору, учурдагы жана келечектеги ой-максаттары окурмандын көз алдына тартылат.

Ушул ар бир каармандын өмүрүнө улуу окуялардын мезгили, атап айтканда Октябрь революциясы, эл чарбасын коллективдештирүү жана индустриялаштыруу жылдары, Улуу Ата Мекендик согуш, беш жылдыктар жана эгемендүү Кыргыз Республикасынын ирденүү жылдары кайталангыс белги калтырды. Булар — балдардын келечеги үчүн жаркыраган заманды курууга белсенген, бардык кыйынчылыктардын сыноосунан өтүү менен өздөрү да таанылгыс болуп өзгөрүшкөн, идеялык ишенимди жана турмуштук зор күч-кубатты, маданиятты, илим-билимди боюна топтогон жана аларды күнүмдүк турмушта колдоно билген, өз элинин патриоттору жана ынанган интернационалисттер.

Китептин каармандарынын башкы жана бийик максаты — Энее болуу. Бул Аял—Энеге, балдарды төрөгөн, тарбиялаган жана чексиз сүйгөн Энеге, үй-бүлөнүн түбөлүк кутуна, Ыйык энеге Гимн.

Энеликти жана баланы коргоо, балдарга кайрымдуулук сыяктуу эң асыл иштерди аркалап келүүсү ар бир окуучуну жакшы иштерге гана үндөйт деген ойдомун.

Окуу куралына кирген элибиздин асыл кыздары жөнүндөгү материалдар мугалимдерге жана окуучуларга ылайыкталып жазылды. Демек, бул окуу куралы биздин келечегибиз болгон жаш муундарды адептүүлүккө, маданияттуулукка, ыймандуулукка, ата-мураска аяр мамиле кылууга, үйбүлөнү барктоого, эли-жерин сүйүүгө тарбиялап, алардын атуулдук сезимдерин ойготууга салым кошот деген тилектемин.

Автор

 

I БАП. АЯЛДАРДЫН МИФТЕГИ ОБРАЗЫ

 

Эл дүйнөлүк маданий прогресстен алыс калган шооласыз караңгылыктын доорунда аялзаты ушунча бийик, татыктуу баалангандыгына, анын акылы, аруулугу, камбылдыгы менен кайраттуулугу чагылдырылган көркөм полотнону карап туруп таң калбай, суктанбай, тайманбай коюуга мүмкүн эмес.

Чыңгыз Айтматов

 

УМАЙ-ЭНЕ

Байыркы кыргыздар табияттын төрт стихиясына: Асманга, Жерге, Отко, Сууга сыйынышкан. Асман эркектин башталышы деп эсептелип, зор Буканын, а Жер болсо — аялдын образын билдирчү. Асманга табынуу Күнгө табынуудан улам келип чыккан. Байыркы шумерлер Күн Кудайын — Дингир, моңголдор — Тенгир, көк түрктөр жана кыргыздар — Теңир дешкен.

Көк Теңир — Түбөлүк Көк Асманды билдирген. Ал өзүнө бардык астралдык түшүнүктөрдү камтып, «Аалам», «Дүйнө» деген түшүнүккө туура келген.

Умай — мифтик зат. Ал көптөгөн элдердин фольклорунда, уламыштарында, санжырасында кенен чагылдырылган. Ошентип Азияда бир нече миңдеген жылдар бою рухтун Кудайы — Умай айтылып келатат. Энелердин энеси улуу Умай-Эне мааниси жагынан Көк Теңирден кийинки экинчи Кудай болуп саналган. Ал кош бойлуу аялзатынын, тукум улоочулуктун, коломтонун, түшүмдүн колдоочусу болуу менен Тенгринин зайыбы деп эсептелчү.

Кээде Умайды адамзаттын Тоораттагы баштапкы энеси Ева менен бир карап жүрүшөт.

Умай — байыркы ирандык Анахитенин, вавилондук Иштардын, грек Кибеланын, сириялык Дерекитенин сиңдиси.

Байыркы сүрөтчү Улуу Кудай Умайдын сөлөкөтүн атактуу кудыргый ташына түшүрүптүр, бирок таш жоголуп, графикалык сөлөкөт сакталып кала берген.

Саян-Алтай тоолорунун байыркы көчмөндөрү Умайга, жоокерлердин колдоочусу катары Оттун Кудайына — От-Энеге сыйынышкан. Умай деген ат 6 — 7-кылымдардагы руна жазууларда эскерилет.

Байыркы түрк тилинде «умай» — баланын тону, эненин жатыны. Тибетче «ума» — эне. Монголчо «курсак» деген маанини билдирет. Волга боюндагы татарларда да «ума» — «курсак» деген маанини берет. Мына ушул түшүнүктүн баары аялзатынын тукум улоочу касиети менен байланышкан. Кыргыз тилинде «умай» жомоктогу асманда уялаган сыйкырлуу кушту билгизет. Ал перстердин дүйнөлүк даракта байырлаган кушту билгизген хума деген сөзүнөн ооп кирген. Умай Кудай түшүнүгү качандыр бир кезде байыркы жалпы адамзаттык мотив менен—бардык жандууну жаратуучу тукумчулдуктун, түшүмдүүлүктүн символу болгон асманда обологон куш менен байланышкан болуу керек.

Кыргыздарда Умай-Эне — Кудай Эне. Кыргыздар аны байыртадан бери ыйык тутат. Кыргыздар Умай Энеге тээ б.д. 6-кылымында эле балбал таштан эстелик койгон: балпайып мээрими ашкан, жылдыздуу, пейли кенен, элечекчен байбиче. Кыргыз эли эрки күчтүү, мүнөзү катуу, иш билги жана акылман аялзатын Умай Энеге теңешкен. Улуу Нооруз майрамында Умай Энени оозанып, ыр менен бата тилешкен. Касиеттүү деп эсептешкен мазарларды Умай Эненин мазары дешип, катуу ооруганда, Кудайдан бала тилегенде, Умайдын аты менен сыйынышкан.

Балдарын сапарга узаткан ата-эне: «Умай Энеге тапшырдым» деп, бүбү-бакшылар, эмчи – домчулар наристелер сыркоологондо: «Эмчилер өткөн, эми бизге калган, домчулар өткөн, дому бизге калган. Менин колум эмес, Умай энемдин колу, менин дарым эмес, Умай Эненин дарысы» деп дарымдашып-эмдешкен. Ата-энелер эрте жазда келген жаз жарчысы карлыгачтарды балдарына таш менен ургузбай, кайра уя салгыла дешкен, байыркы түшүнүк боюнча карлыгачтар Умай Эненин жакшылыкка жиберген кабарчысы. Наристелердин жана үйбүлөнүн очогунун колдоочусу катары Умай Энени ыйык тутуу Саян-алтайлык шаманчылыкты карманган элдердин жана Борбор Азиядагы мусулман элдердин аң-сезимине терең кирген.

Байыркы ырым-жырым боюнча бала бойго бүткөн күндөн тартып курсактагы наристе менен анын энеси Умай Эненин көзөмөлүндө болот имиш. Мисалы, улгайган, тажрыйбалуу аялдар, эмчи-домчулар курсактагы баланын абалын тууралап жатып: «Бул менин колум эмес, Умай Эненин колу, сени Умай Энең колдосун» дешет. Жаңы төрөлгөн баланы колго алганда, бешикке салганда да так ушул сөздөр айтылат. Умай Эненин касиетин жана колдоочулугун кыргыздар наристе жарык дүйнөгө келген учур менен да байланыштырат. Баланын төрөлөр маалы келгенде Умай Эне анны куйрукка таптап, энесинин курсагынан кубалап чыгарат экен. Наристенин куйругундагы, аркасындагы көгүш тактардын болгон-дугун алар Умай Эненин колунун тагы деп түшүнүшөт. Ушундай аңыз айтылат элде.

Бул аңыз улуу «Манас» эпосунда айкын чагылдырылган: Манас төрөлөрдө энеси Чыйырды тогуз күнү толготуп, төрөй албай кыйналат, ошондо Умай Эне келип, баланы энесинин курсагынан жарыкка чыгууга мажбурлайт.

Умай Эне — периште,
    Кирип келди эшиктен,
    «Айтканымды ук деди,
    Кана, сыртка чык» деди.
    Куйругуна домдоду,
    Кудай ишин оңдоду.
    «Чыккын!» деди чакырып,
    Энесинин ичинен,
    Бала түштү бакырып...

Аңыз боюнча эненин ичиндеги түйүлдүк эркек бала же кыз болмогу Умай Энеден экен. Умай Эне жаңы төрөлгөн наристе менен сүйлөшөт имиш. Эгер наристе уктап жатып эриндерин кыймылдатса, күлсө, же жылмайса Умай Энеси менен сүйлөшүп атат дешет. Энеси баланы калтырып сыртка чыгарда: «Умай Энеңе тапшырдым» деп андан кабатыр болбойт. Жыл жакшы болуп, эгинден мол түшүм алынганда, же малдын башы көбөйгөндө: «Умай Эненин эмчегинен сүт акты» дешкен тоолук кыргыздар.

Байыркы түрктөр Умай Энени үч мүйүздүү баш кийим жана кенен мантия кийгизип сүрөттөшкөн. Алар таштагы оюу-чийүүлөрдү, издерди «Жерге түшүп келаткандагы Умай Эненин изи» дешкен.

Борбор шаарыбыз Бишкектен анча алыс эмес «Ысыката» курорту жайгашкан Арашан капчыгайындагы булак жанындагы асканын боорундагы Будданын бешенесин «Умай Ана» деп коюшат. Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын элдери ошол сүрөткө ыйык мазар катары азыркыга чейин келип сыйынып турушат. Бул маданиятыбыздын байыркы эстелиги мамлекет тарабынан коргоого алынган.

Умайдын образы элдик кол өнөрчүлүктөн орун алган. Кыргыздарда «Умай» деген илгертен калган оймо-чийме мотиви бар. Оймочийменин бул элементи колго согулган килемдерде, алакийиз, шырдактарда, тушкийиздерде каалгып учкан куштун сүрөтүн берет да, Умай Эненин сөлөкөтү деп эсептелет.

Зергерчиликте да «Умайдын» стилдештирилген элеси кыйла кооз жасалгаланат. Алып айтсак, күйөөгө кетүүчү кыздын баш кийими шөкүлөдө аялзатынын — түшүмдүүлүктүн Кудайынын сүлдөрү түшүрүлгөн жасалгалар мүнөздүү, сыйкырдуулугунун күчүн баса көрсөтүү үчүн алар жыш жайгаштырылат.

Келин күйөөсүнүн ата-энесинин үйүнүн босогосун жаңы аттаган шаан-шөкөттө Умайдын ысмын бир нече жолу кайталайт. Үйлөнүү тойдогу жаштарга арналган тилектин биринде: «Эненин бактысы Умай Кудайдын алтын канатынын алдында болсун», деп айтылат. Сыягы качандыр бир кезде ал канаты менен сүрөттөлсө керек. Айрым бир ишенимдерде Умайды асмандан жердеги адамдарга түшүп келүү үчүн ак кушка айланган Кудай-Эне деп түшүнүшкөн.

Биздин ата-бабаларыбыздын улуттук аң-сезиминде ыйыктыктын башкы символу аялзаты—аруу зат болуп саналат. Мына ошондуктан кыргыздар аял-Энени Умай Эне деп атап, башын ийип таазим этишкен.

 

ТОМИРИС — САКТАРДЫН ХАНЫШАСЫ

Эгер сен бардык асыл буюмдарыңдан кечип таштап, жебелери менен жааңды алып, сактар менен бирге жүрсөң, ошондо эркин адам болмоксуң.
    Анахарис даанышман. Б.д.ч. 620 — 555-ж.ж.

Б.д.ч. биринчи миң жылдык ичинде Дунайдан баштап, Энесайга чейинки жана Чыгыш Түркстандын кенен мейкиндиктеринде тектеш элдер көчүп-конуп жүрүшчү. Аларды персиялыктар сактар деп, гректер болсо скифтер дешчү. «Сак» деген сөз «зор эркек» (жоокер) дегенди билдирет деп болжолдошот. Сактар Теңиртоо (Тянь-Шань) тоо-талааларынын байыркы калкы болушкан. Ага аскадагы сүрөттөр менен айрым кокустан кезиккен табылгалар эле эмес, кансалыктар да күбө.

Кыргыз Республикасынын аймагында бардыгы болуп сактар каткан тогуз кансалык белгилүү.

Б.д.ч. 6 — 5-кылымдарда Ортоазиялык сактар: сактар-тиграхауда жана сактар-хаумаварга деген эки ири уруу бириккен. Азыркы Кыргызстандын түндүгүн сактар-тиграхауддар, түштүгүн сактархаумаваргалар жердеген.

Сактар чыгыш-иран тилинде сүйлөшкөн. Алайда, Борбордук Теңиртоодо жана Кетментөбөдө табылган башсөөктөрдөн улам алар европеоид түспөлдүү экендиги аныкталган. Сактардын айрымдары гана моңголоиддерге жакын түспөлдө болушкан.

Байыркы грек тарыхчысы Геродот: «Сактар (скиф уруулары) төбөсү бийик типтик баш кийимчен болушкан. Алардын кийгени ыштан, жанына алып жүргөн куралы жаа жана шамшар болгон. Андан тышкары сагарыс — кылыч да алып жүрүшкөн» деп жазганына караганда, ал сак-тиграхауддарды айтып жатса керек.

Сактар азыркы түрк тилдүү элдердин ичинде кыргыздардын түпкү теги экендигин окумуштуулар так аныкташты.

Сактар Көкөтеңирге, Күнгө, Айга сыйынышкан, Жер-Эне, Суу-Энени ыйык санашкан. Мындай ишенимдер сибирь дарыяларынын аталыштарынан байкалат. Мисалы, Лена дарыясы — байыркы түркчө «Эле-ана», азыркыча, Лена-Эне. Енисей — Энесай.

Сактар жашоосун көчүп-конуп өткөрүшкөн, негизинен мал багып тиричилик кылышкан. Бирок ошол кезде аларга дыйканчылык да белгилүү болгон.

Көчмөн сактар аскер-арабаны алгачкылардан болуп ойлоп таап, колдонушкан. Алардын уул-кыздары бала кезинен тартып атка чыйрак болушкан, сактар өз доорундагы эң кубаттуу мамлекетти түзүшкөн.

Сактар жоокерчилиги жана эр жүрөктүүлүгү менен айырмаланышып, аларга айрыкча ат үстүндө эч ким тең келе алган эмес. Эркөкүрөк, чыдамкай сактар нечен күн, нечен түн аттан түшпөй, ат жалына өбөктөп куш уйку салып, кайра урушка шамдагай кире берген.

Сак аялдар тамак жасап, бала тарбиялаганды гана билбестен, эркектер менен катар урушка кирип, уруш өнөрү жактан алардан кем калышкан эмес.Алдыда болуучу урушка даярданып жатып, алар, кылыч шилтөөгө жана найза саюуга жолтоо болбосун деп оң эмчектерин кестирип салышкан.

Айрым учурда аялдар сак урууларын башкарган. Томирис (Тумар) — сак-массагеттердин ханышасы, болжол менен б.д.ч. 570 — 520-жж. жашаган. Массагеттер тарыхта «улуу сактар» деген ат менен белгилүү.

Тарыхый жазмаларда белгилүү болгондой, Томирис (Тумар) өзү тектүү жерден чыккан, сак урууларынын ханышасы болгон, анын уулу — Спаргапис. Томирис кайсы сак ханынын жесири болгондугу жана анын ата-теги ким экендиги жөнүндө окумуштуулар эмгиче карама-каршы ой айтып келишүүдө.

Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүн, Түндүк Индияны, Парфияны, Хорезмди, Арейди, Бактрияны, Согдиананы жана Вавилонду басып алган Персия падышасы Кир II (Улуу Кир) сактардын жерине жакын кирип келген. Падыша Кир Томирис ханышанын жесир экенин билчү. Ошондуктан Сырдарыянын жээгинде туруп, ал өзүнүн элчиси аркылуу ханышага салам дубай жиберет.

— Мага тий! Сенин элиң да менин амиримде болсун, — дейт дөөлөтүнө мас болгон Кир.

— Эгер кеп мен жөнүндө эле болсо, анда мен макул болот элем. Бирок менин элимдин тагдыры чечилип жатканда сенин сунушуңа макул боло албайм! — дейт Томирис ханыша.

— Анда айыгышчу жерди айт! — деп, кара жини кайнаган Кир кайрадан элчисин жиберет.

— Мунуң туура! — дептир Томирис. — Сен мейман эмессиңби, мен сени албуут аккан дарыянын боюнан тоспоюн. Мен аскерлерим менен дарыядан үч күнчүлүк алыс жерден күтөйүн. Сен дарыядан аскерлериңди өткөрүп ал! Мына ошондо кең талаада салгылашалы.

Ханыша Томирис айтканынан кайткан жок. Кир аскерин дарыядан кечирип өтүп, кездешчү жерге жөнөдү. Окумуштуулар Кир менен Томиристин аскерлери Таластын кең талаасында кездешкен деген ойго келишет.

Ошол салгылашууда Кир өлөт. Кирдин чабылган башы: «Сен кан ичкени келдиң эле — иче бер!» деген Томиристин сөзү менен кан толтурулган капка салынат. «Бул сактар катышкан айыгышкан салгылашуулардын эң ырайымсызы эле», — деп жазат Геродот, өзүнүн «Тарых» деген эмгегинде. Персия аскерлери сактардын жерине Кирдин кесилген башын калтырып, артын карабай качышат.Ушул жеңиштен кийин Томирис ханыша көптөгөн жылдар бою сактардын улуу өлкөсүн башкарат.

Персиянын падышасы Кир II Лидия, Маргиана, Вавилон, Финикия, Хорезм, Согдиана мамлекеттерин басып алган соң, болжол менен б.д.ч. 530-жылдары өтө көп армия менен сактардын жерине бет алды. Кирдин мындай эбегейсиз күчтүү армиясына каршы туруу үчүн Тумар ошондой эле кубаттуу армия топтошу керек эле. Аскерлер Жетисуу, Ысыккөл, Алатоо менен кошо сактардын бардык жеринен топтолду.

Сактардын ханышасы Томирис Хазар деңизинен Жетисууга чейин көчүп барып, аппак кийиз жабылып, жабыкбаштары саймаланган он эки канаттуу кооз боз үйдө турду. Ага катар келгенкеткендерди кабылдоо үчүн кенен көгүш чатыр жайылды.

Мына бүгүн да Томирис ханыша чатырда олтуруп, персиялыктар кол салса кандай стратегия менен тактика колдонуларын талкуулоочу аксакалдар Кеңешинин жүрүшүн ойлонуп жатты.

— Элчи кандай ниет менен келгенин жакын арада билебиз, — деди Томирис ойлуу, — эгер жакшы ниет менен келсе, жакшылап коноктойбуз. Жаман ниети болсо, Кирден коркпойбуз!

Баары эмне болор экен деген ой менен тарашты.

Ушул учурда элчи Иса Пехлеван лагердин четиндеги дөбөдө тигилген чатырда кабыл алууну күтүп олтурду. Анын оюнан Кирдин: «Мен сени Хазар деңизинин чыгыш жагында мекендеген сактарга жиберип жатам. Эсиңде болсун! Сен менин, биздин улуу Персиянын, анын кубаты менен улуулугунун өкүлүсүң. Мен көчмөндөр жөнүндө бардыгын: алардын салт-санаасы, жашоо-тиричилиги, аскерлеринин уруштагы таалим-тартиби жөнүндө билгим келет. Уккан-көргөндөрүңдүн эч нерсесине таң калба да, тамшанба. Кербез келбетиңен тайба, бирок сылык-сыпаа бол», дегендери чыкпады.

Анын оюн бирөөнүн келгени бузду. Босогодо ханышанын күзөтбашчысы турду.

— Элчи мырза, ханыша кабылдоого ракым этет. Элчи чатырга киргенде көзүнө пил сөөгүнөн жасалган, чыканактоочторуна алтын чегеленип, аңчылык амалдары менен кооздолгон тактыда олтурган ханыша урунду. Такты алдында аркарды алкымдап жаткан илбирстин сүрөтү түшүрүлгөн колдо согулган кымбатбаа кызгылт-саргыч килем жатты.

Томиристин шыңга боюн ага бир аз кенен келген зоот-чопкут каптап, көкүрөк жагын жырткычтар менен канаттуулардын сүрөттөрү түшүрүлгөн алтын кабырчык калкалап турду.Башында алтын таажы жалтылдайт. Ичке белинде — жазы кайыш кемер.

Сүмбөдөй койкойгон сымбат, сырдуу, зымпыйган жүз, сүрдүү тик караган көз — баары ханышалык наркты, темирдей эркти жана аруулукту билдирип турду.

Ал турушу менен асмандан түшкөн периштедей ажайып жан эле. Сактардын ичинде бул ургаачы — сүйрүсүнөн келген чапжаак, көгүш түстүү, бадам көз — теңдешсиз сулуулугу менен атактуу болчу. Анын тизесинде сабына күмүш чегеленген сактардын ачалбарсы жатты.

Ханшанын оң-сол жагында даражасына жараша жолбашчылар менен билермандар олтурушту.

Элчи демейдеги сылыктыгын көрсөтүп башын ийген болду да, анан боюн түзөп, Томиристен көзүн албай, төмөнкүчө баштады:

— Менин улугум, падышалардын падышасы Кир, сага, тооталаанын ханшасына, мындай дубай салам жиберет: «Мен, Кир, төгөрөктүн төрт бурчунун жана бүткүл Ааламдын падышасы, сактардын ханышасы сени аялдыкка алайын деген ниетим бар...»

Элчи сөзүн бүткөн соң үн-сөзсүз оор жымжырттык кыйлага созулду. Бардыгы эмне дээр экен дегенсишип Томириске кулак түрүп калышты. Ал мындайча баштады:

— Элчи! Өкүмдарыңа айта бар. Биринчиден, Кир менин жубум бар экенин жана бактылуу экенимди билет, мага андан башканын, маа демектен падышалардын падышасы болсо да, кереги жок. Экинчиден, менимче Кирге менин керегим жок. Ага буруксуп шыбак жыттанып, Мангыштоодон Жетисууга чейин созулуп жаткан көз кайкыган менин келберсиген даркан талаам керек. Үчүнчүдөн, биз бейпил жаткан элбиз. Меймандостуктун салтын ыйык тутабыз: конок келсе төрдөн орун беребиз. Кокус кылычын алып жоо келсе, катыгын бергенге жарайбыз.

Улуу Персиянын элчиси болгондон бери Иса Пехлеван анны менен минтип өз күчүнө жана адилеттигине ишенип, теңата сүйлөшкөндү биринчи ирет угуп олтурат.

Элчи ханышанын хан өргөөсүнөн чыгып, өйүз-бүйүз каскатар турушкан курал-жарактуу кыздардын, Томиристин күзөтчүлөрүнүн, алдынан өттү. «Туура, — деп койду ал өз ичинен, — бул жапайылар башка варвар-жапайылардын, савраматтардын тажрыйбасын алган экен». Ал савраматтарда элчилик вазипа менен болгон. Алардын кыздары эрге барганга чейин эркектер менен бирге кандуу кармаштарга катышышчу. Жаа тартканга ыңгайлуу болсун үчүн кыздардын оң эмчегин өспүрүм кезинде соолтуп салышчу.

...Элчи алып келген жоопту Кир кунт коюп укту да:

— Анда болуптур, жай сөзгө келбесе, күч менен баш ийдиребиз, — деди кабаарып.

...Чаңды асманга көтөрүп, 200 миң кол сактардын талаасын карай бет алды. Кол жорто жүрүп, тез эле Яксорт дарыясыына жетип келди.

Кир сактардын атчан жоокерлери келчү дарыянын аркы өйүзүнө көз жиберип турду. Ал олку-солку эле...

Дарыядан кечейин десе капыстан пайда боло калчу жоо анын колунун жарымын жебе менен жексендеп салат, кечпейин десе Ааламдын падышасы кайдагы бир жарым жапайы варварлардан коркуп жатат деп ойлошу мүмкүн.

Бирок аркы жээкке атчан жоокер жетип келди да, дарыядан кечип өтө баштады. Бир аздан кийин ал перстердин алдында турду. Чабаганчы Кирге кайрылды:

— Менин ханышам сага дубай салам жиберди: «Сенин кандай ниет менен келгениңди билгибиз келет, персиянын падышасы. Эгер жакшы ниет менен келсең, кел, мейманыбыз болосуң. Эгер согушам деген ниетиң болсо, анда кайра кетип калганың оң. Сенин кылкылдаган көп колуңдан коркуп калат экен деп ойлобо. Мындан көптү да көргөнбүз. Акырында, эгер мени менен жекеге чыгам десең, мен даярмын, айт, биз тараптабы, же алдагы сен турган жердеби. Эгер дарыяны кече турган болсоң, анда урушам деп келгениң ошол. Бирок сен дарыядан кечип жатканда биз сага чабуул койбойбуз, биз ыйык санаган дарыябыздын жээгинде кан төгүүгө болбойт. Биз силерди кургактан тосуп алабыз. Кайыр, Томирис».

Кир дарыядан кечип өттү, ошону менен ал жакшы ниет менен келбегенин билдирди.Талаа менен бир күндүк жол жүрүп, кайгуулчулар оттун түтүнүн жана кыраңдан сактардын атчандарынын караанын байкаар замат, ал жүрүшүн токтотту. Багымдат намазын окушуп, Кудай жолуна союлган койлордун, өгүздөрдүн этин жеп алышып, персиялыктар урушка даярдана башташты.

Аңгыча керней-сурнайлардын бапылдаганы, добулбастардын кагылганы талааны жаңыртты. Персиянын колу уруш тартибине келе баштады. Миң башы, жүз башылар тополоң түшүп, аркытерки чуркап калышты.

Падыша Кир жакын дөңсөөнүн бирине чыгып, айланага көз жиберип турду. Эң алдыга жөө аскерлер тизилди. Жоокерлер калкандарын алдына кармап, ийиндеше турушуп, жандуу чеп болуп калышты. Алардын артында жаа тартуучулар, салмоорчулар, андан соң кылыччан атчандар уруш тартибине келишти. Баарынын артынан оор атчандар — атынан тартып өздөрүнүн тулку-боюна чейин зоот-чопкут, калкандар менен корголгон найзачандар — түшмөй болду. Уруш майданынан чет жактагы өтөккө Кир персия аскерлеринин эң мыкты делген он миң жоокерин жайгаштырды.

Персиянын армиясы чабуул коюучу тартибин куруп бүтүп, алдыартын карай электе, капысынан, куюн тийгендей, сак атчандары каптап кирип келди. Бул селдей каптаган массаны эч бир күч токтото албоочудай сезилди. Бирок атчандар жөө аскерлерге чукул кирип келип, тык токтошту, душманды көздөй жебелер ышкырып жамгырдай жаады. Ошол замат жүздөй перс жер кучактап жыгылды.

Сактардын биринчи чабуулдагы атчандары жебелерин коротуп бүтүшүп, атчандардын экинчи толкунуна жол бошотуп, дароо артка тартты.

Персиялыктар тарапка жебелер дагы ышкырып учту. Эми перстер жерге жүздөп эмес, миңдеп жыгылды. «Ооба, бул варварлардан көп нерсени үйрөнсө болчудай экен», — деп ойлоду майдан талаасына байкоо салып турган Кир.

«Дүйнөнүн жарымын караткан менин жаачыларым жааны көкүрөгүнө чейин чоюп кое беришсе, бул массагеттер жааны колдун бүткүл күчү менен кулагына чейин чоюп кое беришет экен — демек, жебенин өлтүргүч күчү жана учуу аралыгы жогору. Менин жоокерлерим бет алдындагыларды гана мээлешсе жана жааны оң колу менен гана тартса, бул көчмөндөр жааны оңду-солду чоюшат экен, — деп Кир өзүнчө кейиштүү жыйынтык чыгарды.

Душмандын атчандары кезектеги чабуулун баштаганын көрүп, Кир: «Жоокердин өзүн эмес, атын аткыла. Жөө калган жоокерди алуу жеңил», — деп буюрду.

Бул натыйжа берди. Массагеттердин көбү атсыз калышты, бирок ошентсе да жаа тарта беришти. Персиянын кылыччан атчандары жөө калган сактарды каптап кетишти.

Перстердин жөө аскерлери катарларын кайра түзөп, сактарга сол тараптан, а оор жаракчандары — оң тараптан сокку урду. Перстер акырындап сактарды кыса башташты, айрыкча сол тарабы сактардын катарына шынаа болуп урду. Кир сол тарапка резервдеги аскеринен жаңы күч жиберип, кысымды күчөтүп, анан сактарды артына кылчайтпай кубалоону ойлоду.

Бирок Томирис андан озунуп кетти. Уруштун жүрүшүнө көз сала, сөзсүз чечкиндүү чара көрүүчү учур жеткенин сезди да, төөчөн аскердин бөлүгүн урушка киргизди. Тоодой болгон зор төөлөр ооздорунан көбүк бүркүп, бууракандап буркулдап душманды жапырып олтуруп, баштапкы позициясына сүрүп таштады. Перстер оор ат арабаларын кое берди, алар капталындагы ороктору жана чалгылары менен сактардын жөө жана атчан аскерлерин аеосуз сулата башташты. Ханыша алдыга жаа тартуучуларды, найза ыргытуучуларды жана салмоорчуларды кое берди, персиялыктардын ээсиз калган аттары чамгарактап туш келди качып жүрдү. Майдан талаасында убактылуу тайталаш өкүм сүрдү.

«Эми менин кезегим келди», — деп ойлоду Кир, жоо жарагын байланып жатып. Боюн чактап бүтүп, өзүнүн падышалык аскерин баштап алып, сактарды беттеди. Перстер өлүмдөн кайра тартпаган сак жоокерлерин кыса башташты. Ушунун баары ханышанын көз жаздымында калган жок. Анын артында жоого кирүүнү эрдин тиштеп чыдамсыздана күткөн анын жоокер кыздары турду. Алардын аттары чыдамсыздана тыбырчылап, буйрук күткөнсүшөт. Томирис шашылбады.

Сактар көп жоготууга учурап, кашык каны калганча кармашып жатышты. «Маалы келди!» — деди ханыша. Ата-бабалардын арбактарына жалынып, кылычын кынынан сууруп алды да, жогору көтөрүп булгалай:

— Сиңдилерим! Эми кезек биздики! — деп кыйкырды.

Ханыша Окжетпеси менен уруштун кайнаган жерине кирип барды. Анын артынан: «Томирис!» деп ураан чакырып, беш миң жоокер кыз жоону качырып кирди.

Сокку ушунчалык катуу жана күтүүсүз болгондуктан перстердин алдыңкы отряды артка аргасыздан жапырылды.

Атчан аскерлердин күтүүсүз соккусунан жана жоокер кыздардын жанкечти кысымынан алдастаган перстердин шаштысы кетип, үрөйү учуп калды.

Кир өзүнүн ишенимдүү гвардиясы менен курчоодо калып, ит урушун салып жатты. Сактар курчоону улам кыса берди. Өзү колго түшүп каларына көзү жеткен Кир кылычын көтөрүп, алдыга чыкты. Ал үч жоокерди сулатып, төртүнчүсүн оор жарадар кылды... Ушул учурда ханыша Томиристин жаасынын жебеси Кирдин мойнуна кадалып, күрөө тамырын жарып өттү. Падыша мүрт кетти.

Сактардын уламышына караганда, Томирис салгылашуулардын биринде оор жаракат алат: жебе оң капталдагы төртүнчү кабыргага кадалат. Майдан талаасынан жарадар ханышаны боз үйгө алып келип жаткырышат. Ханыша ошол бойдон баш көтөрбөптүр...

Томирис ханышанын тарыхый образы адабий жана драмалык чыгармаларда көптөгөн уламыштарды жаратты.

Байыркы авторлор Геродоттун, Трога-Юстиндин, Страбондун «тарыхый хроникаларынын», казак жазуучусу Б. Жандарбековдун «Сактар», өзбек жазуучусу Я. Илиясовдун «Темгил ажал» повесттеринин беттеринен алынып, эркиндикти сүйгөн сак урууларынын жолбашчысы Томиристин образы 1982-жылы А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрына балетке айланып келди. Окуялар менен каармандардын тарыхый жактан алыс калгандыгына карабай, «Томирис» балетин түзүүчүлөр: Кыргыз эл артисти, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты У. Сарбагышев, композитор У. Мусаев, театрдын башкы балеринасы, Кыргыз эл артисти, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Ч.Айтматов атындагы Эл аралык сыйлыктын лауреаты А.Токомбаева өз эл-жерин коргоонун патриоттук идеясын, элге кайгы-касирет, кара кырсык алып келген согушка — «Темгил ажалга» болгон жек көрүүнү ачык жана баса көрсөтө алышты.

Томирис ханыша — биздин ата-бабаларыбыздын духун көкөлөткөн улуу адам.

 

КАНЫКЕЙ — МАНАСТЫН ЖАНШЕРИГИ

«Манас» эпосу — кыргыз энциклопедиясы. Анда кыргыз элинин байыртан берки турмушу: анын этникалык курамы, жашоо-тиричилиги, каада-салты, адам, дүйнө, жаратылыш, абийир-ахлак жана кадыр-барк жөнүндө философиялык ой жүгүртүүсү, диний көзкарашы, медициналык, географиялык жана башка түшүнүктөрү кеңири камтылган.

Манас — эпостогу башкы каарман, калган кейипкерлер анын тегерегине топтолгон. Манас — бирдиктүү мамлекет түзүү үчүн 40 чоросу менен укмуштуудай эрдиктерди көрсөткөн баатыр. Эл анны ошондуктан хан көтөргөн.

Манас кыргыздарды бириктирип, дайыма кыргыздарды чаап алып, талап-тоноп турган баскынчы коңшу элдерге бир нече жолу жортуулга чыгат. Кыргыздардын бирдиктүү күчтүү мамлекетин түзөт.

Манастын жары Каныкей — эпостун баш каармандарынын бири. Чыныгы аты — Санирабийга. Каныкей деген атка ал Манас жуучу түшкөндөн кийин конот. Каныкей — «Кан никайи» деген сөздөн чыгып, «кандын аялы» деген маанини билдирет. Эпосто Каныкей аркылуу аялдын — аял Эненин, аял— жаншериктин жана өмүрлүк жардын идеалдагы образы ачылган. Каныкей — бүткүл элдин сүймөнчүгүнө айланган каарман. Анын образы — адамдын үйбүлөдөгү, эл ичиндеги орду жана жүрүш-турушу жөнүндөгү элдик идеалдын көркөм чагылдырылышы. Манасты Манас кылган Каныкей деген ойду камтыган ыр саптары эпосто арбын кездешет. Манастын чоролору, бүткүл эл:

Хандын кандай болушу
    Хандан эмес — ханышадан, — дешет.

Каныкей—элдин өкүлү. Анын образы нечен кылымдардан бери аздектеп келаткан бардык асыл, жаркын сапаттарды камтыйт.

Улуу манасчылар бизге Каныкей образында идеалдагы эпикалык аялдын укмуштай толук образын түзүп жеткиришти.

Каныкей — ханыша кыз

Каныкей жөнүндө жалпы кабар берүү үчүн эпосто кудалашуу эпизоду пайдаланылган. Эзелки каада-салт боюнча Манасты үйлөнтмөк болушат. Манас каршы эмес, кыйла кеп-кеңештерден кийин Жакып уулуна колукту караштырууга аттанат. Кыйла элдин кыйырын артып, көңүлүнө толор кыз таппай, акырында тажиктердин жерине келет. Ал Букардан уулуна татыктуу кыз табат. Ал — тажик ханы Каракандын сүйүктүү кызы. Хандын гүлзарына жашырынып кирип, Жакып кыз оюнунда жүргөн келинин далдадан карап турат.

Жакып көп укмуштуудай сулуу кыздарды көрдү. Алар чангдын, рубобдун коштоосунда ийилип-чоюлуп жай бийлеп жатышты. Бирок алардын арасында баарынан сулуусу Каракан кызы Санирабийга эле.

«Бул кыз менин уулум үчүн төрөлгөн экен», — деди Жакып ичинен. Аны Сагымбай манасчы төмөндөгүдөй сүрөттөйт:

Санирабийга кыз экен,
    Сап сулуунун өзү экен.
    Жыла сүйлөп «мыңк» этип,
    Акыл толгон кези экен.
    Он алты жарым жашы бар,
    Олоңдой кара чачы бар,
    Сары алтындан түймөдөй,
    Келишкен кара кашы бар.
    Боростой кийим кийинип,
    Ботодой бели ийилип,
    Чийдей кашы чийилип,
    Жазы маңдай кара көз,
    Жатык тилдүү, ширин сөз.
    Аркасы кайкы, аркар төш,
    Ай чырайлуу, ботокөз.
    Кызыл жүзү нурданган,
    Кыпча бели буралган.

Каныкейдин салабаттуу, акылдуу сөздөрү, сөөлөттүү жана салмактуулугу, сырдуу кербездиги эрине чыныгы жаншерик-жөлөк болорун билдирип турду:

Короз моюн, колоң чач,
    Босого маңдай,боору таш,
    Бекемдик жайы бар экен.
    Болжогондой сөзү бар,
    Болор кепти бир айткан,
    Чечендик жайы бар экен!

Кыраакы Жакып болочок келининин турмуш-тиричиликке тыңдыгын, акылга зиректигин жана бүйрөлүгүн, адилет жана ак ниеттигин, мээримдүүлүгүн, колу ачык жана сарамжалдуулугун байкап койду:

Болжолу жок боорукер,
    Эзилтип адам көңүлүн,
    Эт боорунан жараган.
    Үзүлгөнүн улаган,
    Көзү чалган пенденин,
    Үзүрү болсо сураган.
    Жетишпедим дегенге,
    Жеңин кесип бергендей,
    Берендик жайы бар экен.
    Жеткире акыл ойлогон,
    Тереңдик жайы бар экен.

Анын боюна тыкандыгы дилинин тазалыгын билдирди:

Кирпиктей кирди койбостон,
    Боюн сылап тараган.
    Аяк-башын имерип,
    Жыртык койбой караган.

Аялдын — үйдүн ээсинин, коломтонун кутунун башкы сапаты — бозүйдүн босогосун ким аттабасын—сылык, сыйлуу мамилени талап кылуучу меймандостук—эпосто бөтөнчө гиперболаштырылат, анткени көчмөн турмуштун нормасы боюнча жаан-чачынга жана түнгө калып, чарчап-чаалыккан жолоочуну меймандостук менен үйдө болгондун баарын алдына коюп тосуп алуу ата салты болгон.

Кылган иши баары амал,
    Кызылдай бою сарамжал,
    Жок дегениң табылган,
    Кастарлуу жайы бар экен.
    ....................................
    Арбын болсо дүйнөсү,
    Адамдан төмөн мүнөзү,
    Ким болсо көтөрүлбөгөн.
    Жаманды күткөн жакшыдай,
    Жиндини күткөн бакшыдай,
    Бакшыны күткөн кожодой,
    Кожону күткөн, башында,
    Падышасы болгондой,
    Жигитти күткөн эриндей,
    Эрге кылар кылыгы,
    Эми эле келген келиндей.

Мына ушул сүрөттөөдө Каныкейдин адамдык сапаты толук чагылдырылган: анын сарамжалдыгы, бүйрөлүгү, жупунулугу, кенендиги жана сылык-сыпаа адамкерчилиги.

«Анын көзү ачыктыгы, алдыда болчу иштерди алдын ала көрө билгендиги керемет күч, сыйкырга жакын. Бирок эпосто Каныкейдин бул өзгөчөлүгү кандайдыр бир тышкы сыйкырдуу күчтүн таасири эмес, анын акылмандыгы, терең ойлуулугу катары көрсөтүлөт», — деп жазат Каныкейдин образын изилдөөчүлөрдүн бири С. Мусаев.

Каракандын кызы сынына аябай толуп, Жакып, калыңдын өлчөөсүз көптүгүнө карабай, куда түшөт да, элине кайтып келет. Калыңдын малы чогулганда 12 миң жигитинин коштоосунда, 40 миң аскер кол баштап, Манас атасы жана эл мыктылары менен Букарга жөнөйт. Шаардын четине келип, өргөөсүн көтөрүп, чатырын жайып коюп, колуктусун көрмөккө Манас Санирабийганын жаткан жайына кирип барат. Манастын бул кылыгына ызаланган кыз анны канжар менен билекке саят, Манас болсо кызды төштөн ары жыга тээп, чыгып кетет. Санирабийганын мындай чынтийбес кербездигине жини келген Манас Букарды чаап алмакка добулбас урат, бирок атасы Жакып жана жанындагы акылман карыялар токтотот.

Каракан жаалы катуу, ачуусу чукул күйөө баласынын таарынычын жазуу үчүн аны азем менен жасалгаланган үйгө киргиздирет, бирок шаарды каптап кеткен калыңга келген сансыз малдын, Манас менен кошо келген миңдеген колдун камы менен жүрүп, Манас унутулуп калат. Үстүнө үйрүлүп эч ким кирбей, тамак да ичпей, эки күн бою ал үйдө жалгыз олтуруп калат. Жини шакардай кайнаган Манас Каракандын шаарын талкаламак болот. Анын ачуусун басуу үчүн Санирабийга алдынан тосуп чыгып, ак жоолук таштайт да, күнөөнүн баарын өз мойнуна алып, Манастын атын жылоолойт. Ошентип Манаска жар болуу менен, Санирабийга канга никелеш дегенди билдирген Каныкей атка конот. Келинге ак бата тиленип, чачыла чачылат.

Нике тойго арналып 40 өргөө көтөрүлөт. Мына ошондо Каныкейдин дүйнөдө теңдеши жок чебер уз экени билинет. Бош убактысын текке кетирбей, курбу-курдаштары менен ал иш жасай берген экен: эркекке да, аялга да кийим тигип, жаздык, жууркан, төшөктөрдү, туш кийиздерди жасап, ар кандай кыял салып саймалап, килем, жүк жабууларды согуп, үй-оокатка керектүү буюм-тайымдарды жыйнай бериптир. Ошентип анын сарамжалы менен жасалган кийим-кече, буюм-тайым никелешкен 40 үйлүү жупка кенен-кесир жеткидей болот. Каныкей, хандын кызы экенине карабай, мээнеткеч, баатырдын жары, очоктун ээси, балдардын энеси, баатырга үйдө да, сыртта да жаншерик жардамчы болууга даяр.

Каныкей — ханыша, Манастын жары

Манастын жаншериги болуу менен, Каныкей коомдук турмушка активдүү киришет, өзүн Манастын эң жакын жанжолдошу катары көргөзөт. Жортуулга баратып, Манас урууну башкарууну ага тапшырат. Каныкей эрине урмат-сыйы, берилгендиги, ысык сүйүүсү менен мээнеткечтиги, терең акылы, келечекти көрө билип, кас менен досту айныбай ажырата билгендиги менен жалпы урмат-сыйга жана Манастын мактоосуна татыйт.

Акылга дыйкан даанышман,
    Тула бою нур экен.
    Боюнда жалгыз арстан,
    Көкүрөк жайык келишкен,
    Кемибейт экен ар иштен.
    Алакан жайык, колу ачык,
    Алган эри ушунун,
    Кайда барса жолу ачык.
    Ак көрпө жайыл ургаачы,
    Аты элге дайын, сындачы.
    Жабылуу катар кара инген,
    Жакшысы элге билинген.

Ушундан баштап Манас эпикалык чегине жетти—ал аял алган жок, ага канат бүттү. Баатырдын акылман жаншериги Каныкейдин көзү ачык: «алты айчылык кырсыкты алдын ала айта алат».

Ал баатырды нечен ирет кырсыктан калкалайт, нечен ирет өлүмдөн сактап калат, нечен ирет жараатын дарылап, айыктырат. Ал Манастын күчүнө күч кошот, даңкын көкөлөтөт. Ал баатырдын ишенимдүү жары, акылман кеңешчиси жана берилген жаншериги. Элде: «Катын жакшы — эр жакшы, обозгер жакшы — хан жакшы» деп төгүн айтылган эмес.

Каныкей бирде үй тигип, бирде тууган-туушкандарына дасторкон жайып, бирде чоролордун зоот-чопкуттарын жана жоо-жарактарын чактап, бирде алардын жоого минчү аттарын сынап жатканын көрөбүз. Эпосто каармандын минген аты өтө жогору бааланат, көп учурда баатырдын баатырдыгы анын минген аты менен сыналат. Ошондуктан жоого минчү атты өтө жакын билерман жана берилген кыйбас адамына гана каратып сындатат.

Каныкей эң жогорку элдик кадыр-баркка хандын аялы болгондуктан эмес, иш билги акылмандыгынан улам жетишет. Ал Манастын жоо кийими аколпокту күн тыным, түн уйку билбей 12 жыл жасайт. Ал «жок дегендин баарысы кайсыл учур болсо да жок дегизбей табылган» болжолсуз сарамжалдуу жан. Эпостогу кийинки эпизод Каныкейдин улам жаңы сапатын ачып, мурда сөз болгонду тереңдетип, кеңейтип олтурат да, анын келбетин ишенимдүү жана толук көрсөтөт. Алсак, «Көкөтөйдүн ашындагы» эпизоддо Каныкей өзгөчө кызматы менен жамы журтка белгилүү аял. Ошондон тартып ал Манастын айтканын жасаган жан болбостон, Манас анын айтканын аткаруучу. Анын кеңешин жалгыз эле Манас укпайт, ал өтө мерчемдүү иштерге бүткүл эл алдында батыл катышууга акылуу. Эл алдында мындай бийик кадыр-баркка жетишине Каныкейдин чебер уздугу да көмөкчү. Манастын жана анын 40 чоросунун кийимин, зоот-чопкуттарын дайыма өзү тигет. Каныкей укмуш: «сыр бараң атса ок өтпөйт, табылгы жакса чок өтпөйт», «кыштын күнү суук өтпөйт, жайкы ысыкта тердетпейт», «жебенин огу өтпөгөн, найзанын учу тешпеген, айбалта мизи албаган» кийим.

Анын усталар менен уздарды башкарып иш жасатканы бөтөнчө бааланат. Эпосто, маселен, чоролор кийүүчү кандагайды жасоо процесси төмөндөгүчө сүрөттөлөт:

Кандагай тегин болгон жок,
    Каныкей тегин койгон жок!
    ............................................
    Баштаганы бул шымды,
    Так 12 жыл болду.
    Анжияндын ары жагы,
    Айым-Мүнсөк бери жагы,
    Даңдуң баштын тоо теке,
    Аң уулап адам көрбөгөн,
    Сырты кара зоо теке,
    Абыкени баш кылып,
    60 мерген аткарып,
    Териге залал кылдырбай,
    Бир-бир көзгө аттырып.
    Күндүн көзүн чалдырбай,
    Кургатканын кундуйтуп,
    Ар сандыкка каттырып.
    Ашаткысын эринбей,
    Аярлык менен Каныкей,
    Жез челекке жаткырып.
    Алма кабык алдырып,
    Алты ай малма салдырып,
    Анжияндын шагыл сарт
    Боекчусун алдырып,
    Катын бычып, кыз тигип,
    Оймоктуудан кыз тигип,
    Өңкөй уздар иштеген.
    Кайыпбектин Арууке
    90 кызга баш болуп,
    9 күнү тиштеген.
    Тиштегени билинбей,
    Кандай түрлүү иш кылып,
    Иштегени билинбей,
    Карап көрсөң өлчөөсүн
    Кайыгы көзгө илинбей,
    Жымырата тиктирген,
    Жылан боор бүктүргөн.
    Кош кобулдап тиштеген,
    Ичине буулум ичтеген.
    Найза тийсе тешер деп,
    Бышыктабай койгондо,
    Мында да ишим бекер деп,
    Болот эгеп ширеткен,
    70 балбан бөкөгө
    Жеке ушул шым каранды
    Алым салып ийлеткен,
    Боегун Каныш бийлеткен.
    Сынамакка бул шымды,
    Сыр бараң атсам ок өтпөйт,
    Так үстүнө карандын,
    Табылгы жаксам чок өтпөйт.
    Бүктөөсүн адам таппаган,
    Уздар көрүп мактаган.

Кыргыздын колу Бээжинге «Чоң казатка» жөнөрдө Каныкей жоокерлердин баарына жортуулга кийүүчү, ысылуу-суукка ыңгайлуу кийим тартуулайт. Андан тышкары ок-дары салынган куржун, курал-жарак жана ат жабдыктарын тапшырат.

Каныкей жоокерлерге курал-жарак, жоо кийимдеринэле бербестен, сапарда зарыл болуучу гүлазык менен да жабдыйт. Бул касиеттүү гүлазыктан сууга бир чымчым салсаң бир жоокер тойгудай тамак болот, ал суусунуңду да кандырат, «ооруган жериң басылат, умачтай көзүң ачылат», күчүңө күч кошот. Каныкейдин сарамжалы бүткүл элге пайдалуу, ал жеке эринин эле эмес, чоролордун да камын жейт. Ошол катаал, ал турсун ташбоор замандын шарттарында Каныкей адамкерчиликтүү мээрмандыгы менен да бөлүнүп көрүнүп турат. Ал ар кайсы жактан чогулган 40 чоронун, дегеле жамы кыргыз элинин энеси болуп калды.

Эпосто Каныкей ар кайсы уруунун өкүлдөрүн бир үйбүлөгө бириктирет. Ошол доор үчүн бул өтө улуу иш болгон. Бул анын терең акылын, даанышмандыгын, адилет жана адамкерчилигин, өтө кылдат саясатчы экендигин көрсөтүп турат. Ал Манастын энеси Чыйырдыга өтө назик мамиле жасайт — бул анын бийик адамкерчилигинин күбөсү. Чыйырдыга жасаган урмат Каныкейдин жеке сапаты эле эмес, анда улууну урматтоо, ата-энени сыйлоо, алсыздарга карашуу ж.б.у.с. элдик түшүнүктөр камтылган.

Эпосто адамкерчилик жана гуманизм каармандарды баалоонун критерийи катары кызмат кылат. Эпостун каармандары оң жана терс болуп бөлүнүшөт. Мээрман, акниет, аруу, агедил Каныкейдин образы эпостогу каардуу, мерес, арамза, карөзгөй персонаждарга карама каршы коюлат.

Каныкейдин бардык асыл сапаттары терең акылы менен шайкеш. Анын ар бир жасаган аракети даанышмандыктын, зиректиктин натыйжасы. Баатырдын акылдуу, берилген жана камкор аялы эпостун аягында элдик даанышмандын даражасына жетет. Анын акылына Кошой, Бакай сыяктуу акылман карыялар да баа беришип, Каныкейдин акылына, кеп-кеңешине баш ийишет.Чынында эле ал акылынын тереңдиги, алысты көрө билгендиги жагынан баёо, алакөөдөн Манастан эле эмес, даанышмандыктын жана адилетчиликтин идеалы болгон Бакайдан да кыйла жогору турат. Элдин генийинин эпосто аялга берген баасы мына ушундай.

Каныкей — элдин, ханзада Семетейдин энеси

Бозала туйгун болпоңум
    Боз карчыга чолпонум.
    Өлчөп чачым өргөнүм
    Өлөрүмдө көргөнүм.
    Бир көрөргө түнүм бар,
    Жалгызым аман болсо деп
    Бир кудайга кылдым зар.

Бечара Каныкейдин ийининен үч оордук ныгыра басып турду. Ал Манасты күтүп куса болду, бул азаптуу оордук эле. Ал эл башкарды, хандын ордуна хан болуп эл башкаруу — бул да оор иш эле. Ал төрөтү жакындап, бала күтүп жаткан — бул жагымдуу оордук болчу.

Кыргыздар чоң казатка аттанганда курсактагы балага эки ай болгон. Андан бери жарым жыл өттү. Каныкей аскерлердин кайтып келишин чыдамсыздык менен күтүп жатты; алардын тагдыры эмне болду, Манас да жок, ушинтип баласынын кыйкырып түшкөн үнүн укпай калабы?

Мына ушундай ойлор анын санаасын санга бөлүп, түн уйкусун алды.

Бетиндеги бырыштары ага алдыдагы келечеги кайгылуу болорун билдиргендигиненби, же карындагы баласы жарык дүйнөгө чыккысы келип жаткандыгынанбы, айтор Каныкейдин көзү караңгылап кетти. Ал карылыгы жеткен кайыненесин жана 40 курбусун чакырды да, мындай деди:

— Менин жанымда болгула, сыягы мезгилим келди көрүнөт.

Кубанганынан жашара түшкөн Чыйырды үйдө жаткан Жакыпка чуркап кирди да:

— Көзүбүздүн кареги, акылдуу туулган Каныкей бизди неберелүү кылам дейт. Кадырлуу карыялар тойго камынышсын, анткени алдыда улуу иш — Каныкей калк энеси болгону турат, — деп кыйкырды.

Чыйырдынын бул сөзү үйдөн үйгө тарады, кабар Каныкейдин өргөөсүнө жеткенде, анда эбак аялдар жаңы перзент качан жер жаңырта кыйкырып жарык дүйнөгө келет дешип топурап калышыптыр. Бардыгынын оозунда: «элдин энеси» деген эки сөз турду, анткени ушундан баштап кыргыздар акылман Каныкейди «эл энеси» деп атай башташты.

«Ишимди менин ким улайт, изимди менин ким басат? Мен кум жыйып жүрүп таш кылдым, курама жыйып эл кылдым. Эмми ташым кайра кумга айланабы, элимди башкарар туяксыз каламбы?» Манас мына ушуларды ойлонду, бирок Каныкейдин көңүлүн оорутпайын деп айткан эмес.

Каныкейдин Ак өргөөсүндө тымтырс. Бир маалда түн ортосу ченде кыйкырык чыкты. Ал коркунучтун, же эти ооругандыктын, же жардамга чакыргандыктын кыйкырыгы эмес болчу. Ал таңкалгандык менен кубанычтын кыйкырыгы болчу.

Минтип жарык дүйнөгө жаңы келген жана кайгы деген эмне экенин билбеген перзент гана кыйкырмак.

— Өйдө бол!— деди Чыйырды чалына. — Сүйүнчү! Кудай берди, Каныкей бизге тукум алып келди!..

Жакып баланы колуна алды. Эркек! Чоң атасынын эпсиз колуна барганда бала баркырап ыйлап коё берди. Балага кошулуп Жакып ыйлады, экөө тең — карыя менен ымыркай — кубанычтан ыйлашты. Жакып баланы Чыйырдыга карматып, эки алаканын жайып, бата берди:

— Канаттуудан шумкар бол, карабайыр тулпар бол, терек болсоң чынар бол, адам болсоң мунар бол! Аз элиңе чеп болгун, үмүт болгун, эс болгун! Найзага таккан желек бол, кыргызыңа керек бол! Атың Семетей болсун — о-оомийин!

Эртеси Манас уулдуу болгонун, Жакып асан чакырып, атын Семетей койгонун элдин баары билди.

Каныкей эне болду, анын аты ыйык, сүтүнүн өзгөчө касиети бар. Каныкей эне эле эмес, элдик баатырды тарбиялап өстүрүүчү нускоочу. Элдик баатырды чоңойтуп, ага туура тарбия берүү — жооптуу иш. Манас өлөр алдында бул милдетти эл алдында Каныкейге тапшырып кеткен жана баланы алып, төркүнүнө кетүүнү буюрган. Манас өзүнө берилген жан жолдоштору менен бирге душмандын колунан каза болгондо Каныкей кайгы тартып, кан ичти.

Калың эл жолбашчысы менен коштошуп жаткандагы арманкошогунда Каныкей баатыры өлгөндөгү жеке керт башынын эле кайгысын айтпайт, ал Манастын элге кылган кызматына баа берет да, ага-туугандарын айкөлдүн ишин андан ары улантууга, кыргыздын биримдүүлүгүн сактап, аны кас душманга кабылбоого чакырат:

Баягы каралуу катын Каныкей,
    Айлана басып сабылып.
    «Уулдар» деп ошондо
    Алты арамга жалынып:
    «Сенин байлап жаткан белиң жок, уул-ай!
    Сенин белесте турган шериң жок, уул-ай!
    Белгилүү Манас өлгөндө,
    Уул-ай, өрт өчкөндөй болбогун!
    Береки кыйырда турган душман көп,
    Уул-ай, ошонун жайын ойлогун!»

Эл малын багып, аштыгын айдап, бейпил, бейкут турмушта жашашы үчүн Манаска окшогон баатыр керек деп ойлоду Каныкей. Ал калган өмүрүнүн баарын уулун аман асырап, атасынын ордун баскан татыктуу уул кылып тарбиялоого жумшады. Жесир калган Каныкей өзүнүн эмки милдетин мына ушундан көрдү.

Бирок кайгыны акыл жеңди — Каныкей калк башына турду.

Ал Манасты барыдан мурда элдин тиреги, жолбашчысы деп билген, ошондуктан кан жуткурган кайгыны жеңип, элдин эртеңкиси жөнүндө ойлоого күч тапты. Душмандары сөөгүн кордобосун деп Манасты ал жашырып көмдү, баатырга күмбөз тургузду, элдин жана анын баатырларынын ынтымагын сактоого аракеттенди.

Эзелтен келаткан салт боюнча Жакыптын батасын алуу менен Манастын бир туугандары Каныкейди алардын бирине тийүүнү талап кылышты. Манастын туугандарынын мындай акылсыз ишин Каныкей баатырдын арбагын сыйлабагандык деп түшүндү да, төркүнүнө качууга мажбур болду. Ал келечектеги кыргыздын ханы Семетейди тарбиялап өстүрүп, ал он экиге чыкканда Манастын мекенине, өз элине алпарышы керек. Атасы Манастын ыйык ишин улантуучу Семетейдин келечеги үчүн Каныкей ар кандай кыйынчылыктарды тартат. Эпостун идеясы боюнча бул — элге кызмат кылуунун, эл иши үчүн күрөшүүнүн үлгүсү.

Семетей он эки жашка толгондо, ойлонор кези болгондо, анын көңүлүн даңазалуу ата-бабасына бөлүү үчүн Каныкей төлгө кылып, Тайторуну чапмак болот. Чыныгы ата-теги ким экенин али билбеген жана өзүн Ысмайылдын (Каныкейдин иниси) уулумун деп жүргөн Семетей, «атасынын» буйругу менен Тайторунун чыгып келишине жолто болушу жана аттын ээсин — «эжесин» — өлтүрүүгө тийиш. Каныкей кереметинде бул буйрукту билет. Айласы кетип, көзүнөн жашысалаалайт, ичимен чыккан баламан өлөмбү деп арман кылат:

Каскалдак деген кайран куш,
    Кайрылып келбейт талаадан.
    Ат чабам деп мен бейбак,
    Ушинтип өлмөк экемин,
    Ичимден чыккан баладан...

Уулуна болгон энелик мээрими, сүйүүсү, сыймыктануусу, мактанычы төмөнкү ырдан көрүнөт.

Бозала туйгун болпоңум,
    Боз карчыга чолпонум...

Уулуна болгон энелик мээриминен кубат алып, Каныкей көңүлү жайланып, жашын сүртөт да: эгер Тайтору байгеден чыгып келбесе, Семетейдин колунан өлгүчө өз жанымды өзүм кыяйын деп чечим кылат. Кайратын боюна жыйып, Манастын арбагына сыйынып, төлгө кылып чаап атканын айтып,чыгып келе көр деп Тайторуга жалынат. Тайтору, чындап канат бүткөнсүп, биринчи келет. Атчабыштан кийин Каныкей Семетейге шашпай башынан аягына чейин баарын: атасы айкөл Манаска жар болгонунан тартып, Букарга качып келгенине чейин, уулун аман алып калуу үчүн Ысмайылга асыроого бергенин, Манастын керээзин айтып берет. Ошентип эненин сабырдуу жүрөгү уулун кайрадан табат, аны менен кошо Мекенин жана элин табат.

Эне-бала темасы аркылуу эпосто Каныкейдин образы жалпы элдик даңазага чейин көтөрүлөт. Уулун атамекенинен алыста тарбиялап өстүрүү менен ал анын канына атамекенине, эл-жерге болгон сүйүүнү сиңирет. Ансыз элдин уулу, анын жолбашчысы болмокпу. Каныкейдин Семетейге Таласты сүрөттөп айтып бергени эч качан эл-жерге, мекенге болгон сезимдин тереңдигин жана бийиктигин жоготпойт.

Жылгындуу Кеңкол, кең Талас,
    Жаткан экен жайкалып,
    Жердеген адам тунбайбы,
    Жер соорусу турбайбы.
    Өлкө түзүн караса,
    Токою бар, талы бар,
    Ал токойдун ичинде,
    Жан бүткөндүн баары бар...
    Өзөнчөдөн бөлүнүп,
    Өзүнчө аккан булагы,
    Ай жаныбар кең Талас,
    Бейиштен артык сыягы.
    Кеңирсиген кең Талас
    Кабылан Манас турагы.

Атамекенге болгон бул сезим Манастын осуятын аягына чейин тутунган жана бардык кыйынчылыктарды жеңүүгө күч тапкан

Каныкейдин жандүйнөсүнөн кайнап чыккан болчу. Каныкейдин энелик жанаябастыгынын, жубайынын идеалдарына берилгендигинин аркасында эпикалык жомокто кыргыз эли кайрадан татыктуу жолбашчыга, улуу баатырдын ишин жана өрнөгүн улантуучу Семетейге ээ болот. Эпос аял-энени даңктап ырдоо менен элдин түшүнүгүндө энелик жана коомдук милдет гармониялык биримдикке ээ болгон Каныкейдин улуу образын түздү жана ал образ кылымдар бою жышылып олтуруп, «Эл Энеси Каныкей» деген кыска жана нуска эпикалык формулага сыйып калган.

 

АЙЖАМАЛДУУ АЙЧҮРӨК

«Манас» эпосунда Айчүрөк Семетей баатырдын колуктусу, анан жубайы, Сейтектин энеси. Манас өлөргө жакын жаңы төрөлгөн Семетейге Айчүрөктү кудалап койгон.

Айчүрөк – Үргөнчтүн башкаруучусу, Оогандын ханы Акунхандын кызы. Айчүрөк адамдан туулбагандыгын, Акунхан аны ымыркай чагында талаадан таап алгандыгын манасчы С.Каралаев баса көрсөтөт:

Белендинин белинен
    Пери ойногон жеринен.
    Берен Акун көйкашка
    Сексен балбан кошчу алып,
    Ууга барган жеринен,
    Таап алган Чүрөк деп,
    Кээ бир адам кеп айтат
    Перинин кызы Чүрөк деп.

«Перинин кызы Айчүрөк» анын элин баскынчылардан коргой турган өзүнө татыктуу эр издеп, аккуу кебин кийинип, кырды кыдырып, сырды сыдырып, «булуттуу көктүн астынан, муундуу чөптүн үстүнөн» учуп жүрүп,баатырлардын баарын сындайт. Ошондо анын купулуна кудалап койгон Семетей гана толот.

Бирок андан Семетейдин кабары жок. Баралына толгондо ал Толтой баатырдын колуктусу Чачыкейди бузуп алат. Ыза болгон Толтой өч алуучу учурду чыдамсыздык менен күтүп жүрөт. Семетейге каршы ачык чыгуудан коркуп, ал Чынкожо деген феодал менен биригип, Айчүрөктүн мекенине кол салат. Сарайда дүрбөлөң.

Тайманбастан Чынкожо
    Дүмөктү мыктап салды эми,
    Чалгынды мыктап чалды эми,
    Жайлоого чыккан мал койбой,
    Жалпы тийип алды эми.
    Күрүчүн атка жем кылып,
    Алты сан элин дем кылып,
    Камап жатып калды эми.

Айчүрөк баарынан катуу чочуйт, ал курбулары менен атасы Акун-хандан жардам сурайт. «Кантип аман каламын?» дейт ал капалуу.

Толтой менен Чынкожо нөкөрлөрү менен Акунхандын аксарайын курчап алат да, шарт коёт: «Айчүрөктү Толтойго бересиң, бербесең чаап алабыз элиңди, сындырабыз белиңди» дейт.

Болуп жаткандардын баарын Айчүрөк жүрөгү сыздап көрүп турат. Ал бир азга гана олку-солку болот да, анан чечим кабыл алат. Акунханга мындай дейт:

Алам десе барамын, ата
    Элимди сактап каламын, ата!

Акунхандын макул болбоско аргасы жок. Бирок Айчүрөк Семетейди күтөт. Ал жылмайып келип, Чынкожонун кылычын кынына салат да, Толтойго тийүүгө убадасын берет. Бирок нике тойду кырк күнгө чейин токтото турууну суранат. Кызынын көзкарашынан Акунхан Айчүрөк бир амал ойлоп тапканын сезет.

Айчүрөктүн кырк амал
    Кайсынысын билебиз?
    Караса көзү каардуу
    Айтса сөзү заардуу...

Ушул мезгил ичинде Айчүрөк Семетейди таап, андан жардам суроого үмүттөнөт. Ошентип сүйгөн баатырына берилген Айчүрөк, аккуу кебин кийип, кыргыздардын өлкөсүнө жөнөйт.

Акунхандын Айчүрөк
    Ааламга салар чоң дүмөк.
    Аккуу кебин жамынып,
    Канатын күнгө каккылап,
    Куйругун кумга чапкылап,
    Ак куурай башын сыдырып,
    Ай ааламды кыдырып...

Айчүрөк Семетейге жолуга албай калат, анын жолун заарлуу жана карамүртөз Чачыкей торойт. Айчүрөк Чачыкейге күнүлөш экенин билбестен андан колдоо сурайт. Бирок анын акниеттен кайрылуусун Чачыкей кадимки ичитарлык менен кабылдайт. Ошондо Айчүрөктүн алпейимдиги каардуу жек көрүүчүлүккө айланат. Аккуу — Айчүрөк ага салынган Акшумкарды алып, «акыры артынан издеп келээрсиң» деген ой менен кетет.

Акшумкарды Айчүрөк алып кеткендигин билгенде Семетейдин кара жини кармады. Ал Акунхандын шаарынын ташталканын чыгарып, Айчүрөктү туткундап алууга сөз берип, күпүлдөйт. Бирок Манасты бардык жортуулдарында узатып жүргөн жана дайыма ишенимдүү кеңешчиси болгон аксакал Бакай карыя, акылы тунук олуя Манас Семетейди Айчүрөккө кудалап койгондугун айтат. Ошондо Семетей аң-таң калат. Ал дароо Акунхандын шаарына аттанат, бирок мурдагыдай чаап алуу үчүн эмес, күйөөлөгөн күйөө бала катары жана Айчүрөктүн мекенин коргоочу катары аттанат.

Семетей Акунхандын аксарайына асемдүү үртүк жабылган, ат жабдыгы алтын менен күмүштөн жасалган санжыргалуу акбоз буудан минип кирип барат. Ал Айчүрөктүн сулуулугуна суктанып, таң калат.

Акундун кызы Айчүрөк
    Бадана кийип балкылдап,
    Басып чыкты жаркылдап.
    Акундун кызы Чүрөктүн,
    Айдай бети көрүнүп,
    Бели кындай, бети айдай,
    Белгилүү сулуу түгөнгүр
    Алкымы аппак көрүнүп,
    Сүлөөсүндөй көрүнүп,
    Сүйлөөгө сөздөн эринип,
    Шекерди көр, сөзүн көр
    Чолпонду көр, көзүн көр,
    Кара жерге кан тамса,
    Кардан аппак этин көр,
    Кар үстүнө кан тамса,
    Канды көр да, бетин көр.
    Жибекти көр, чачын көр,
    Алманы көр, башын көр.
    Эрдинин үстү жагында
    Түйрүгүрөөк жери бар,
    Түгөнгөн Чүрөк бейбактын,
    Кай жеринде кеми бар.

Кыз оюн, той-тамаша, нике тоюнунун шаан-шөкөтү. Манасчы баатырларды даңктап ырдап турат:

Айдай сулуу Айчүрөк
    Элин сактап калыптыр!
    Семетей баатыр душманга
    Калайманды салыптыр...
    Айкөлдүн уулу эр Семең,
    Айчүрөктү алыптыр,
    Тамашага батыптыр...

Семетейге баргандан кийин Айчүрөк коомдук ишке активдүү катышат. Анын акылы терең, пейили кенен. Семетей Коңурбайдан атасынын өчүн алмакка душманын карай аттанарда, Айчүрөк башка аялдар менен бирге зоот-чопкут, жоокер кийимдерин, гүлазык, дары-дармек даярдайт.

Айлакер жана коркунучтуу Коңурбайды жеңгенден кийин, Семетей Таласка кайтат. Ичитар, көрө албаган Кыяз менен кармашта Семетей чыккынчылыктын курманы болот.Саткындар бийликти тартып алышат. Кыязхан Айчүрөктү зордоп алып кетип, бутуколуна кишен салат, анын тагдырын Каныкей менен Бакай да бөлүшөт.

Кыязхандын өлкөсүндө Семетейдин уулу Сейтек төрөлөт. Айчүрөк өзүнүн сыйкырдуу күчү менен амалданып жатып, баласын өлүмдөн алып калат.

Акылман тууган Айчүрөк,
    Касиеттүү бейтаалай.
    Керемети бирдалай.
    Кең көйнөктүү зайыптан,
    Артыла чыккан жан экен.
    Перизаада бейбактын
    Тилинде мөөрү бар экен...
    Учканын жума күн билген,
    Жүргөнүн кадыр түн билген.
    Ыраңдуу түздү жайлаган
    Көз боочулап дубалап,
    Адамдын көзүн байлаган.
    Адамга бүткөн акылдан,
    Кылдай неме калбаган.
    Каргышы жаман, заары күч,
    Каргаганды кылат түз...
    Тегин дебе Чүрөктү
    Деги балаа дүмөктүү.

«Манас» эпосунда Айчүрөктүн образы көп жагынан Каныкейдин образын кайталап турат, ал турсун көп жагынан андан ашып түшөт. Зарыл учурда ал аккууга айланып, кубулуп кетет. Булл аккууга айлануучу мифтик мотив эң байыркы бутпарастык түшүнүктөрдү билдирип, Айчүрөктүн асмандагы периден келип чыкканын каңкуулап турат.

Каныкей менен Айчүрөк—аял идеалынын — берилгендиктин, ишенимдин, акылмандыктын жетилип бүткөн эпикалык бирдиктүү образы.

 

КЫЗ САЙКАЛ — БААТЫР КЫЗ

Кыргыз элине Кетментөбө өрөөнүнөн чыккан каарман жоокер аял, Рыскулбек Нарботоев деген манаптын аялы Сайкалдын ысмы кеңири белгилүү. Уруулаштары кыйын абалга туш болгон кезде, эркектин зоот-чопкутун кийип, жоо жарактарын байланып, жарадар болгон күйөөсүн туткундоого келген баскынчы ларга сокку уруу үчүн отрядды жетектеген. Манап Рыскулбек Нарботоев башында турган он миң түтүн саяк уруусу 1864-жылы Россиянын курамына кирген.

Кыргыз элинде эркек бала көрбөй, кыздуу болушкан үйбүлөдө Кыз Сайкалдай, Жаңыл Мырзадай баатыр болуп, элдин намысына жарап, чекте турсун, — эркек баланын ордун бассын деп кыздардын атын Сайкал, Жаңыл коюшчу. Эс тарта баштагандан аларды эркекче тарбиялап, баатыр кыздардын эрдигин кулактарына кумдай куюп өстүрүшчү. Ошентип кыздар чоң таалим алып бой жетишчү. Рыскулбектин зайыбы Сайкалдын мисалы буга жандуу күбө жана ал жалгыз эмес.

“Манас” эпосунда баатыр кыз Сайкал — калмак ханынын кызы, Манастын жортуулдарынын биринде ага кошулуп кеткен Текес хандын небереси. Жашынан жоокерчиликке тарбияланган Сайкал урушта эрдиги жана шамдагайлыгы жагынан көп баатырдан калышчу эмес.

Манасчы Сагынбай Орозбаков Сайкалды мындайча сыпаттайт:

Тал чыбыктай ийилген,
    Эркекче кийим кийинген.
    Акак тиштүү, кыйгач каш,
    Жазы маңдай, түймө чач.
    Ак, кызылы бөлүнгөн,
    Айнектей көзү көрүнгөн.
    Нурдуу кызыл бети бар,
    Ууздан аппак эти бар,
    Короз моюн, кобул кол,
    Атанын сонун сулуу бол!
    Талабы журттан бөлүнгөн,
    Жуткан кызыл кымызы,
    Тамагынан көрүнгөн.

17 жашар Кыз Сайкал эр жүрөк, балбан билек болгон. Ал Манас менен жекеге тайманбай чыгат.

Он жетиде жашы бар,
    Башында түйүм чачы бар.
    Сарыбуурул аты бар,
    Сайкал чыкты каркы бар.
    Беттешкенди мерт кылып,
    Кетсем деген дарты бар.
    Арстан Манас баатыры,
    Атка камчы салганы,
    Астын тосуп Сайкалдын,
    Качырып Манас барганы.
    Карап көрсө кыз экен,
    Как сулуунун өзү экен.

С. Орозбаковдун вариантында тойдо Сайкал эр сайышка чыгып, Манасты жарадар кылат. Ошондо Чубак жетип барып, кыздын атын башка чаап жиберип (оюндун эрежесин бузуп, токтотуу үчүн), эр сайышты токтотууга калыстарды мажбурлайт. Сайкал эр сайышты улантуудан баш тартат, калмактар Манаска ат тартуулап кутулушат.

Бирок Саякбай Каралаевдин вариантында Сайкал Манас экөө эки ирет беттешет. Биринчи жолку кармашта Сайкал Манасты жеңет, Манас качып кутулат. Экинчи жолку беттешүүдө Манас жеңет жана Сайкалды мага тий дейт. Сайкал макул болбойт, анткени каргышы ката кетпеген Каныкейден коркорун айтат. Кокус ал Манаска бир нерседен улам таарынып калса, оозуна кайткыс катуу каргыш алып коёт, дейт баатыр кыз. Сайкал Манаска тигил дүйнөдө жар болууга убада берет.

Ошентип Сайкал Манастын эң жакын жанжолдошу болуп калат. Акылдуу, кайраттуу эр жүрөк Кыз Сайкал аялдарга адилетсиз мамилеге, патриархатка, эркектердин аялдарга чексиз бийлигине каршы чыгат. Ал дайыма өз уруусунун, өз жеринин таламын талашууга тикесинен тик турат.

“Манас” эпосунда Кыз Сайкалдын образы ар кайсы варианта ар кандай. Бир вариантта ал калмактын баатыры болуп, Манас менен эр сайышка чыкса, дагы бир вариантта кыргыздар тарапта болуп, кытай, калмакка каршы чыгат. Бирок бир нерсе айныксыз: кайсы гана вариантта болбосун Сайкал кайсы бир элдин жерине, малына көз арткан баскынчы эмес, эл намысын коргогон, адилеттик жана актык үчүн, аял намысы үчүн жанын аябаган баатыр кыз. Анын образы—эпостордогу бардык элдик баатырларды мүнөздөгөн классикалык салттуу образ. Ал сулуу да, адилет да, ашкере баатыр да, балбан да. Мына ошол үчүн анын образы кыргыз элинин аң-сезимине өз улуттук баатыры катары, аялзатынын идеал образы катары сиңип калган, ошон үчүн кыргыздар тээ атамзамандан бери кыздарынын атын Сайкалдай баатыр, сулуу, акылдуу болсун дешип, Сайкал коюп келишкен. Анын ысмы ушул азыр да архаикалык деп эсептелбей, эл арасында өтө аздектелген Каныкей, Айчүрөк, Чачыкей, Зулайка (“Кожожаштагы”) ж. б. эпикалык ысымдар менен бирге кыздарга коюлуп келатат.

Манасчы О. Урманбетовдун вариантындагы Кыз Сайкалдын өзгөчөлөнгөн образын келтирип көрөлү.

…Мына ошондо Сайкалдын,
    Он жетиде чагы экен.
    Он эки мүчө тең болуп,
    Толуп турган чагы экен.
    Олоңдой болгон кара чач
    Кежигеге түйүптур.
    Эр көркүнө келтирип,
    Башына туулга кийиптир.
    Жети кабат болот соот
    Төшкө тагып чарайна,
    Жанына кылыч илиптир.
    …Ортого Сайкал чыкканда,
    Турганда көөнү бөлүнүп,
    Айбаты башка адамдан
    Жаш жолборстой көрүнүп,
    Сулуулугу келишкен,
    Бетинен нуру төгүлүп.
    Ак кандагай, сайма шым,
    Багелеги саймалуу.
    Кара жаак булдурсун,
    Канжыгада байлануу.
    Белине кемер жарашып,
    Бек олтуруп Буурулга,
    Кыз Сайкал турат шаңданып.
    Кыргызга намыс талашып.
    Көргөн жерден чур деди
    Кытай, калмак элдери,
    Тура калып карашып.
    Тулку бою башкача
    Ким болду деп самашып.
    Кыйлалары таңданып,
    Акылдан турду адашып.
    Ал аңгыча айтылды,
    Карача кандын кызы деп,
    Сайкал деген ушу деп.
    Кызга карай ошондо
    Айтылып жатты кыйла кеп.
    Адамга айтпай Карача
    Багып жүргөн экен деп.
    Эч бир жанга көргөзбөй,
    Эч адамга билгизбей
    Катып жүргөн экен деп.
    Кое бермек болушту
    Кежир менен Сайкалды.
    Эки шердин ошондо
    Беттешкен жерин айталы.
    Кежир бекер эр эмес,
    А да карап турбады.
    Жекеге минип чыгыптыр,
    Майданкөк деген бууданды.
    Беттешүүгө кыз менен
    Беленденип турганы.
    Сазаңшаң элдин тунугу,
    Кытайлардын ичинен
    Менмин деген улугу.
    Найзакер беттеп чыкпаган,
    Жоо дегенде элирип,
    Найзасын канга чыктаган.
    Кыттай калмак төрөсү,
    Коштоп келип Кежирди
    Кое берген кезеги.
    Оңдой кармап найзасын,
    “Заруундап” ураан чакырып.
    Каарланып бакырып,
    Алдындагы Майданкөк
    Куландай кулак жапырып.
    Аркасында айдар чач,
    Чубалып жерге чачылып.
    Карача кандын Кыз Сайкал,
    Буурулду минип булкунтуп,
    Атырылтып жулкунтуп.
    А да жөнөп калды эле…
    Бала жолборс Кыз Сайкал,
    Найза кармап барышы.
    Мурункудан азыраак
    Сырын алган Кыз Сайкал,
    Аты менен Кежирдин
    Ыгын алган Кыз Сайкал.
    Баштагыдан кичине
    Озо кармап найзаны
    Узунураак имерип
    Созо кармап найзаны.
    Кекиртектин өзүнө
    Тозо кармап найзаны.
    Көз ирмебей бат сайып,
    Көздөгөн жерге так сайып,
    Тоголотту Кежирди.

Ошентип Кыз Сайкалдын атагы ар кимдин оозунан кетпей, олтурган жерде кеп болуп, кыйла жерге тарады. Ошол күндөн баштап, ордо аскерине Кыз Сайкал башчы болуп, бардыгы анын сөзүн угуп, көзүн карап, ар акылына көнүп, өзүлөрүнө чыныгы жолбашчы кылып алды, деп аяктайт манасчы Кыз Сайкал жөнүндө баянын.

Эр жүрөк, балбан билек Сайкал эл эсинде баатыр кыз болуп сакталган.

 

ЭР ЖҮРӨК ЖАҢЫЛ МЫРЗА

Кыргыз элинин уламышында баатыр кыз Жаңыл мырзанын Түлкү баатырга ашык болуп калгандыгы жөнүндө узун сабак сөз айтылат. Жаңыл мырза Кыргызстандын чыгышындагы Кытай менен чектеш Какшаал жерин мекендеген кыргыз элинин нойгут уруусунун башчысы болгон. Жаңыл баатырдыгы башынан ашкан, кара күчү жана жоокердик илекордугу эркектерден ашса ашкан, бирок калышпаган, майдан талаасында эч кимден жеңилбеген, ошондуктан Жаңыл мырза аталган, эр жүрөк кыз болгон. Ал өз керт башынын бактысынан элинин эркиндигин жана баатырдын арнамысын жогору койгон, өз милдетин аткарууну ыйык көргөн.

Бирок феодалдар аялзатын төмөн санашкан. Баатыр кыз мына ошолордун көрө албастыгы жана караниеттиги менен күрөштө курман болот.

Жаңыл мырзага байланыштуу окуялардын баарынын тарыхый чындыгы бар. Кыргызстанда Жаңыл менен Түлкүнүн бейити cакталган.

ХVII кылымдагы уламыш үч кылымдан кийин Кыргыз ССРинин эл акыны Тенти Адышеванын «Жаңыл мырза» поэмасынын негизин түздү.

Жаңыл мырза эл камы дегенде түн уйкусун билбеген акылман жолбашчы катары даңкталат. Элдик уламыш боюнча Какшаал жеринде кыргыз урууларынын башчысынын бири узак убакыт бала көрбөйт. Акыры жүрүп ал кыздуу болот. Атын Жаңыл коюшат. Ал уруу аралык кагылышуулардын жана чет элдик баскынчылар менен күрөшүүнүн жылдары эле. Ал жоокер эр азаматтарды эле эмес, жоокер кыздарды да жараткан катаал мезгил болгон. Атаэне мураскорго, ал эми уруу — колбашчыга муктаж болгондуктан, кызды эркекче өстүрүшкөн.

Кезинде,
    Жаңыл мырза төрөлгөндө,
    Кыз келип
    Эр ордунда бөлөнгөндө.
    Жаңылып,
    «Кыз артынан уул келсин!..» — деп,
    Коюшкан атын жакшы жөрөлгөгө.
    Анда да бүгүнкүдөй хан атасы
    Эчен күн төрдөн турбай жатып калган.
    «Тукумсуз өтөт деген ушубу» — деп,
    Кайгынын тереңине батып калган...
    Даам татпай койгондугун угуп ханша,
    Колуна чөйчөк алып басып барган.
    «Дүйнөдө туяк көрбөй өткөндөр көп,
    Кыз деле тукум го»,— деп көңүлүн алган...
    Хан ата калың элин жыйып алып,
    Ханшанын кадыр-көөнүн кыйбагандан,
    Элине жар чакыртты эрте туруп,
    Сооротуп өз жүрөгүн ыйлагандан
    — Кыз эмес, Жаңыл мырза туулду бизге,
    Эр кийимин кийгиземин эрке багып.
    Кимде ким кыз атаса Жаңылымды,
    Күнөөлөйм суроосу жок башын алып!..
    Ушинтип Жаңыл кыздын хан атасы,
    Табигый жаралышка согуш ачкан.
    Эркелеп, Жаңыл мырза эркин өсүп,
    Аралап тоо-токойду,
    Жаасын тарткан...

Жаңыл абдан сулуу болчу. Ага нечен эр азаматтар жуучу жиберишкен. Ал жоокерчилик, мергенчилик өнөрдү да мыкты билчү. Ал ит агытып, куш салып, жаа тартканда мээлегенин жаза кетирген эмес.

Сулуу кызга
    Бойго жеткен гүл сымак.
    Жуучу келбей,
    Хан атадан кол сурап.
    Эмнегедир багындырып алмакка,
    Баатыр келчү
    Кара түмөн
    Кол курап.
    Ишенбесең Капчыгайдан сурагын,
    Жоо чубаган каратаман жол турат...
    Кулдук уруп
    Куда түшпөй Жаңылга,
    Жигит келчү,
    Жылкы тийип аралап.
    Бейкут жаткан жазыгы жок элине
    Бүлүк салып, жаш жүрөгүн жаралап.
    Мына ушинтип
    «Күйөөчүлөп» келгенди,
    Жаңыл турчу
    Жаасын алып кубалап...

Тыңдыгы жана тайбастыгы, жаа тарткандан алдына адам салбагандыгы үчүн аны мырза атап коюшкан. Анын акылы менен сулуулугу, эрдиги менен назиктиги шайкеш келген, сейрек жаралган бир жан эле.

Анын атагы алыска кеткен, Жаңылды багынтсам дегенде нечен эр азаматтардын эки көзү төрт болгон. Бирок алардын тилегени ишке ашкан эмес. Баары баатыр кыздан жеңилишкен, ал турсун ажал табышкан. Жаңылдын купулуна жалгыз гана Түлкү баатыр толгон.

Кечээ болду,
    Бир айылда кызык той,
    Кыргыз, казак бардыгынан чогулду.
    Кемегеде казан-казан эт кайнап,
    Эчен ирик, эчен бээлер союлду.
    О Чынарым,
    Жалгыз өзүң билесиң,
    Ушул күнгө мен сүйүүнү билбегем.
    Канча жигит,
    Хан балдары жүрсө да,
    Эч бирөөнү мен көзүмө илбегем...
    Кечээ көрдүм
    Эр азамат Түлкүнү,
    Келишимдүү, жарык маңдай, күлкүлүү.
    өкүнөмүн кыз кийминде кылактап,
    Турбаганга мен тагынып үкүнү...
    Атта сындуу,
    Жоого сүрдүү жигитти
    Жакын жерден көрбөгөнмүн жамалын.
    Эр намысы, эли сүйгөн баатырды,
    Бир көрүүнү көңүлүмдө самадым...

Түлкү менен Жаңылдын биринчи жолугушуусу. Түлкү жанжигиттери менен Жаңылдын өргөөсүнө кирет да, менменсинип олтурбай коёт. Жаңыл мейманды сылык кабыл алат, бирок ошол эле учурда какшык менен суроо узатат: «Биздин үйгө камчыңызды сүйрөй киргениңиз кандай, жолоочум?»

Жаңылдын күтүүсүздөн берген курч суроосуна Түлкү алгач жооп таба албай кайсалай түшөт. Бирок анысын билдирбөө үчүн: «Мына менин сунган колум, көп созбой жообуңду бер, жарым бол түбөлүккө ажырагыс» деп түз качырып кирет.

Баатырдын чечкиндүүлүгү кызга жагат. Ал макул болууга даяр. Анын колу баатырдын сунулган колуна коюлмакчы болот.

Бирок кызга Түлкү өтө эле менменсингендей, азыр макулдугун берүү намысын алдыргандай болуп сезилет. Ошентип Жаңыл азырынча менин айылымда мейман болуңуз дегенчелик сыпайы жооп берет.

Түлкү баатыр кадамын оор таштап, кабагына кар жаап, үнсөзсүз үйдөн чыгып кетет. Ошол замат ал жандап жүргөн жигитине колду жыйып, Жаңылдын айылына кол салууну буюрат.

Жаңыл Түлкүнү катуу жактырып калган эле, ал Түлкү менен махабаттын таттуу лаззатына батуу, бейкут жашоо жөнүндө кыялданат. Бирок анын бул таттуу кыялын Түлкү анын айылын чаап, жылкысын тийип кетти деген кабар одоно бузду. Жаңыл жоо жарагын шайланып, чапкынчылардын артынан түшөт.

Кабаарыңкы эриндери кыбырайт.
    «Кош бол, сүйүү,
    Кордоого мен чыдабайм!» —
    Жаңыл мырза
    Жаасын тарткан кобурайт.
    О, шум дүйнө,
    Шумдугуңа карачы!
    Окко учкандар
    От жанында тыбырайт...

Көктөгү айдын көзүн атып салгандай,
    Тунуп калды көрүнбөстөн айлана.
    Жаңыл мырза өзүн атып салгандай,
    Туруп калды көкүрөгүн кармана...

Капалыкты кабагына илбеген,
    Көздүн жашы эмне экенин билбеген,
    Жаңыл кыздын төштөрүнө төгүлүп,
    Агып жатты кирпигинен ирмеген.

Көп өтпөй баатырдын туугандары өч алышты. Жаңыл туткундалып, кордукка дуушарланды. Элдеги уламышка караганда, ал Калматай аттуу көкшүн чалга токол болду, бирок намыстуу баатыр кыз бул кордукка чыдабай, андан качып барып, Түлкүнүн бейитин кучактап, өз жанын өзү кыйды.

Аттигиң ай!
    Алданып сен курдуңбу?!
    Же болбосо
    «Мен турганда тынчтык жок,
    Кетейин» — деп
    Колго түшүп тындыңбы?!
    Ансыз дагы ачкасы көп тогунан,
    Айыл аралап
    Азганы көп жогунан
    Алсыз элиң аргасынан айрылса
    Ал тынчтыкты алат кимдин колунан?..
    Тынуу кайда
    Жаңыл баскан жолунда...
    Жайдак атың,
    Жарагың жок колуңда...
    Ашуу дабан,
    Эми кыйын жол келет,
    Жакшы күндөр
    Калып кетти соңуңда...

Жылдар өтүп тагдырына баш ийип,
    Бала төрөп, эмчек берип сүт ийип,
    Балкыйт дене энеликтин мээринде,
    Балканактай уул менен кыз сүйүп.
    Өйдө-төмөн өкүнүчтүү дүйнөдө,
    Жаңыл жүрдү бирде өчүп, бир күйүп...

Жаңылдын колунан курман болгон баатырлардын урук-туугандары Жаңылдын сезими менен эсептешишкен жок. Бирок кол куушуруп, баш ийгенден бир нече жылдан кийин жолбашчы жана баатыр Жаңыл мырза дагы жеңишке жетти. Ачык кармашта ал туткундан кутулуп чыгат да, туулган жери Какшаалды көздөй жол тартат. Анын аялдык сезимин ойготкон эркектин өлүмүнөн кийин жашоо ага туткундагыдан оор болду. Ал бул кризистен кутулуп, турмушта өз жолун табууга далалат жасады. Бирок ар-намысына доо кеткен, кордуктун ызасын тарткан жылдар жана ал турсун эне болуу да аны турмуштун жаңы жолуна чыгара алган жок.

Көксөгөн эркиндиктин күчү жеңип,
    Көрүшөт жери менен Жаңыл келип.
    Жер турат, эли кайда?.. эмнеликтен
    Кандайдыр бир ээнчилик көөнүн бөлүп...

Бозоруп топо жутуп, талаа турат,
    Кулпуруп торко кийбей, чөбү куурап...
    Жашылдуу жалгыз кайың көрүнгөнсүйт,
    Качанкы калган тамда дубалы урап.

Жаш төгүп, Жаңыл барып бек кучактайт,
    Көрсөк бейм
    Мунун дагы сырын сурап...
    Эркелеп, жел ойногон эски кайың,
    Эмне үчүн ээн турасың,
    Айтчы дайның?..
    Көөнөрүп көркү кеткен айланаңдын,
    Өлбөстөй өкүм сүрүп турган жайың?..
    Закымдап канаттуудай келе жатып,
    Кайрылды муңга батып курган Жаңыл.

Туулган мекенине качып кетүү, өз элине, эркиндикке, мурдагы өзүнө жасаган зор умтулуу ага жол ачпады. Туулуп-өскөн Какшаалына кайтып келип, Жаңыл мурдагы айылынын ордуна шамал улуган тапталган ээн талааны көрдү.

Тапталган талаа, качып-бозгон эл, опосуз эрдиктер, үйбүлөдөн ажыроо, анан Жаңыл мырзанын өлүмү. Эпикалык тарых мына ушинтип аяктайт.

Капырай кандай болот Жаңыл күнү?!
    Аттанып Жаңыл мырза жолго түштү...
    Көрүнбөй көзгө асман,жердин үстү...
    Кайралап камчы салат Боз жоргого,
    Кандай күч
    Каакымдантып алып учту?!
    Шамалдай бара жатып Жаңыл мырза
    Закымдап көздөн кайым кете берди.
    Кылымдар кыркалашып ээрчий карап,
    Кыргыздар жомоктошуп келе берди.

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Файлды PDF форматында толук тексти менен, китепти сүрөттөрү менен ачуу

 

© Бектурганова К. 2006. Бардык укуктар корголгон
    © Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. Бардык укуктар корголгон

 


Количество просмотров: 91385