Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Публицистика / Даректүү жана өмүр баянды чагылдырган адабият
© Бектурганова К.А., 2006. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 18-майы

Кульбюбю Арыковна БЕКТУРГАНОВА

Отунбаева Роза

Кыргызстандын белгилүү саясий жана коомдук ишмер жөнүндө макала “Кыргызстандын асыл кыздары” китебинен басылды (Бишкек ш., 2006-ж.)

Бектурганова Күлбүбү Арыковна. Кыргызстандын асыл кыздары. Сүрөтчүсү А. Касымалиев. – Б.: Мамл. тил ж-а энциклопедия борбору, 2006. – 416 б. китебинен алынды

УДК 396
    ББК 66.74
    Б-42
    ISBN 9967-14-040-2

 

Кыргыз элинин чыгаан кызы, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, саясатчы, дипломат. Жалындаган эрудит, публицист, бир нече чет тилдерди билген мыкты оратор, толкуп-ташкан энергиясы жана курч аналитикалык акыл-эси бар адам.

Р.И. Отунбаева эки жолу Кыргызстандын өкмөт башчысынын орун басары, төрт жолу тышкы иштер министри болуп дайындалган. Баткен районунан Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болуп шайланган. Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы эң биринчи Толук ыйгарым укуктуу элчиси болгон. СССРдеги бирден бир аялдардан СССР тышкы иштер министрлигинин коллегия мүчөсү, ЮНЕСКО иштери боюнча СССРдеги комиссиянын төрагасы, ЮНЕСКОнун аткаруу кеңешинин вице—президенти.

Россиянын тышкы саясат кызматынын 200 жылдык юбилейине Россиянын жана Советтер Союзунун жети аял—элчилеринин арасында белгиленген. Кыргыз Республикасынын Улуу Британия Бириккен Королчулугунун жана Түндүк Ирландиянын биринчи толук жана ыйгарым укуктуу элчиси. Грузияда БУУнун Генералдык секретарынын атайын өкүлчүлүгүнүн орун басары.

"Атажурт" коомдук-саясий кыймылынын лидери.

   Роза Исаковна Отунбаева

Роза Исаковнанын биографиясы чындыгында уникалдуу. Бишкекте туулган, атасы Искак Отунбаев республиканын белгилүү юристи, республиканын Жогорку сотунун мүчөсү болуп чейрек кылым иштеген, ага чейин облустук соттун төрагасы катары үйбүлөсү менен республиканын бардык облустарында жашаган. Апасы Даниярова Салийка педагогикалык окуу жайын, андан кийин Ош мамлекеттик педагогикалык институтун бүткөн жана баштапкы класстарда мугалим болуп иштеген. Сегиз баланын апасы. Билим алуу чоң үйбүлөдө негизги болуп саналган, апасы жана балдары бүткүл бош убактысын китепке, фильмдерге, ырларга жана дастандарга арнаган.

Үйбүлөдөгү экинчи кыз — Розанын балалыгы Нарын шаарында өткөн. Ал бакчага баруу менен бардыгына тез үйрөнгөн. Бакчада эмнелерди жасашканын үйүнө айтып келчү, беш жашында өзү газета окуп, бир нечелеген ырларды жатка айтчу жана ата-энелерине келген коноктордун алдында да окуп берчү. Балдар менен ойногондо дайыма мугалим болчу.

Биринчи класска ал Чкалов атындагы орто мектепке барды. Анда жалаң бешке окуп, төртүнчү класста бүткүл союздук "Артек" пионер лагерине жолдомо менен сыйланган. Ал жерде анны пионерге салтанаттуу кабыл алышкан. Ош шаарында окуп жүргөндө алтынчы класста дагы Артекке барып, ал жерде биринчи космонавт Юрий Гагарин менен жолугушкан.

Отунбаевдердин үйбүлөсү Нарында он жыл жашашты. Балдар кышында чокой, шуба кийишип, чана, коньки, лыжа тебишчү. 1963-жылы И.Отунбаевди Ош шаарына ишке которушат. Ошол убакта Нарында али кар жаткан, өзүнүн сүйүктүү мектеби, мугалимдери, достору жана коңшулары менен балдар ыйлап коштошкон. Жалалабат шаарынын аэропортунда аларды апрель айынын ысык, айлана көк-жашыл болуп гүлдөп калган өзүнчө аалам тосуп алды. Роза Киров атындагы орто мектепте окуп, класстын комсоргу болуу менен химия, тарых боюнча шаардык жана облустук олимпиадаларга активдүү катышып, биринчи, экинчи орундарды ээлеген. Ал айрыкча жаңы сабак — коомтаанууну өтө жакшы көрүп жана Москвада окуу максатын койгон.

Мектепти алтын медаль менен бүтүрүп, Роза Ломоносов атындагы МГУнун философия факультетине тапшырууну чечти. Бирок, атасы ошол убакта Фрунзеге ишке которулуп, ал кызынын Москвада окушуна финансылык кыйынчылыктардан улам таптакыр каршы экендигин телефон аркылуу билдирди. Роза философия факультетине тапшырууга дарамети жетеби деген шектенүү күч болчу. Анткени, талап өзгөчө катуу эле. Ага өтүш үчүн кеминде эки жылдык иш стажы, ага кошумча КПССке мүчө болуу керек эле. Жападан жалгыз жол—бардык экзаменди эң жакшы тапшырыш керек. Роза болсо өз билимине ишенчү, ошондуктан ал тапшырууга апасын ишендирди. Чечкиндүү, өз күчүнө ишенген кызына Салийка апа Ош-Москва самолетуна билет сатып берип, алгачкы муктаждыктарына колуна акча карматты. Апасынын чечкиндүү аракетинин аркасында Роза эңсегенине жетти, болбосо анын турмушу таптакыр башка жол менен кетээр беле. Биринчи сессияны Роза эң жакшы тапшырып, студенттик коомдук жана илимий турмушка активдүү катышты. Ал "Чайка" интернационалдык клубдун штабынын грамотасы, элдердин ортосундагы достукту чыңдаганы үчүн СССР-ЧССР диплому, коомдук илимдердин проблемалары боюнча студенттик иштердин IV Бүткүл союздук конкурсуна катышкандыгы үчүн II даражадагы диплом менен сыйланган. Роза Исаковна МГУну кызыл диплом менен аяктагандан кийин ошол жерде аспирантурада калып, КПССке мүчө болгон. Кандидаттык диссертациясын ФРГнын азыркы учурдагы философиясынын проблемалары боюнча эң мыкты коргогон.

Розанын ата-энеси балдарын жашынан эле китепти сүйүүгө үйрөтүп, эң башкысы балдарга билим берүү деп эсептешип, максаттарына жетишкен. Жети кыз, бир уулга жогорку билим беришкен—бешөө Москвада жогорку окуу жайларын аякташкан. Үйбүлөдө илимдин 5 кандидаты бар. Мында Розанын да эмгеги көп, ал сиңдилерине кенен, туура багыт берген. Ал Москвадан келген сайын сиңдилери окуулары, өздөрүнүн мектептен тышкары кызыгуулары тууралуу отчет берип турушчу. Квартирада "Окуу, окуу жана окуу" деген плакат илинип турчу. Роза үйбүлөнүн "акылы жана жүрөгү" болуу менен, кыздарга гана эмес, ата-энесине да келип чыккан проблемаларды кандай чечүү керек экендигине кеңеш берчү.

Философиялык билим ага барыдан мурда көзкарандысыз логикалык туура ой жүгүртүүнү берди жана ушунун бардыгы үчүн Роза үйбүлөдөгү кыргыздын эң мыкты каада-салттарындагы тарбияга жана дүйнөдөгү мыкты окуу жайдын бири болгон ММУдагы элиталык билим алууга өзүн милдеттүү деп эсептейт.

Республикага Роза Исаковна 1975-жылы философия илимдеринин кандидаты катары кайтып келди. Мугалим болуп иштеп, 1978-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин философия кафедрасынын башчысы болуп калды. Кыргызстан ЛКСМ БКнын жаш окумуштуулар кеңешинин мүчөсү болуп шайланган.

Алгач ирет мен аны менен аялдардан биринчи космонавт В.В.Терешкованын келишине арналган республикалык аялдар активинде таанышкам. Кыргызмамуниверситетинин кафедра башчысы Р.И. Отунбаевага сөз беришкенде трибунага жеңил көгүш көйнөкчөн, чачын байлаган кыз чыкты. Өзүнүн таасын, кайталангыс эркин сүйлөгөн сөздөрү менен ал бардык катышуучуларды, Валентина Терешкованы муютуп, дароо эле партиянын борбордук комитетинин аялдар кадрларынын резервине илинди.

Көп узабай 1980-жылы ал партиялык ишке: Фрунзе шаарындагы партиянын Ленин райондук комитетинин экинчи секретарлыгына, партиянын борбордук шаардык комитетинин секретарлыгына көтөрүлдү, ал эми 1986-жылы Министрлер Советинин төрагасынын орун басарлыгына жана республиканын тышкы иштер министрине дайындалган. Анын карамагында социалдык-маданий маселелер, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт, туризм, социалдык камсыздоо болгон. Анын жетекчилиги менен (мен анда Талас облустук аткаруу комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп иштечүмүн) Талас шаарында 1986-жылы республикалык "Манасчы" фестивалы алгач ирет өткөрүлүп, анын демилгеси боюнча "Манас" музейин реконструкциялоо маселеси көтөрүлгөн.

Тышкы иштер министри катарында Р.И. Отунбаеванын Америкага биринчи визити БУУнун Генералдык Ассамблеясына СССРдин делегациясынын курамында болгон. Нью-Йоркто иштеген үч айда ал БУУнун комитеттеринде чыгып сүйлөп, көп нерселерге үйрөнгөн, көп адамдар менен таанышкан, андан соң аны союздук башка делегацияларга киргизе башташкан.

1988-жылы ал мурдагы союздук республикалардын тышкы иштер министрлеринин Бүткүл союздук кеңешмесине катышкан. Анын мазмундуу, эсте каларлык сүйлөгөн сөзү союздун мурдагы жетекчилеринин көңүлүнөн тышкары калган эмес. Партиялык, советтик органдарда, БУУда иштеши анын тажрыйбасын, билимин, турмуш чындыгын, адамдардын муктаждыктарын, республиканын проблемаларын терең түшүнүшүн байыткан. Булардын бардыгы анын эл аралык аренада иштешине көмөктөшкөн.

Бир жылдан соң СССР ТИМи Р.И.Отунбаеваны ЮНЕСКОнун иштери боюнча СССР комиссиясынын жооптуу катчысы катарында Москвага чакырат. Ал жерден Розанын советтик, россиялык, кыргыз дипломатиясына карай даңгыр жолу башталган. Ага СССРдин толук жана ыйгарым укуктуу элчисинин рангы ыйгарылган. ЮНЕСКОнун иштери боюнча СССР комиссиясынын төрагасы болуу менен ал СССР тышкы иштер министрлигинин коллегия мүчөсү болуп дайындалган. Коллегиянын курамында советтик дипломатиялык мектептин могикандары болгон 25 көрүнүктүү дипломат бар эле жана Р.И.Отунбаева мындай жогорку даражадагы биринчи жана жападан жалгыз аял болгон. СССР ТИМинин коллегия мүчөсү болуу — өтө жогорку даражадагы статус болуп саналат.

Ал кезде Советтер Союзунда 160 элчилик бар эле, СССР Америка менен гана атаандашуучу ири держава болуп саналчу. Роза Исаковна ЮНЕСКОдо иштөө, бүткүл дүйнөлүк маданият, илим, билим берүү системасы менен таанышуу бактысына туш келген, Грузияда, Якутияда, Тажикстанда, Казакстанда, Кыргызстанда ЮНЕСКОнун улуттук комиссияларын биринчи түзгөн. 1989—92-жылдар Советтер Союзунун бүткүл тышкы саясий ишинде ары кызыктуу, бурулуш жылдары болгон. СССР ТИМинин коллегия мүчөсү болуу менен ал тагдыр чечүүчү маселелерди: советтик аскерлерди Афганстандан чыгаруу, Берлин стенасынын кулашы жана эки Германиянын кошулушу, жарыша куралданууларды азайтуу, Батыш мамилелериндеги кескин жылый баштоо жана башка маселелерди талкуулоого жана чечүүгө катышкан.

Бул тарыхый мезгил эле. Р.И.Отунбаева бүт дүйнөнү кыдырып чыккан. Ал Ильичев, Менделеевич сыяктуу советтик дипломатиянын мэтрлери, Бессмертных, Воронцов, Карпов, Петровский сыяктуу советтик дипломатиянын гиганттары менен иштөө бактысына туш болгон.

Р.И.Отунбаева 1991-жылы Малайзия жана Брунейдеги советтик элчи болуп дайындалган, бирок СССРдин кулашы менен ал жакка барган эмес.

1991-жылдын декабрында СССР тараган. 1992-жылдын январында көзкарандысыз Кыргыз Республикасынын биринчи Президентинин өтүнүчү боюнча мекенине кайтып келип, парламент тарабынан Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри болуп бекитилген, эгемендүү ошол эле учурда республиканын Вице-премьер-министринин ордун ээлеген. 1992-жылдын июлунда АКШ жана Канадада Кыргыз Республикасынын биринчи толук жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалат. Бул республикабыздын чет өлкөлөрдөгү биринчи элчиси болгон. Анда иштеген эки жылдын ичинде ал 15 штатты кыдырып, жаңы эгемен республика тууралуу лекцияларды окуган. Кыргызстан жөнүндө жакшы элестете алышпаган америкалыктар мурдагы СССРдин мусулман өлкөсүнөн чыккан биринчи аял-элчиге таң беришкен жана жалпыга маалымдоо каражаттарында анын чаалыкпас жана ишкер дипломат экендигин белгилешкен.

Р.И.Отунбаева элчи болуп иштөө менен жаш Кыргыз Республикасынын кадыр-баркын дүйнөлүк деңгээлге көтөрүүгө көмөктөшкөн. Анын бир нече чет тилдерди эң сонун билиши котормочусуз иштөөгө мүмкүндүк бергендигин белгилей кетүү керек. Эгерде Кыргызстанды көптөгөн мамлекеттер демократиялык мамлекет катары тааныса, мында Р.И.Отунбаеванын сиңирген эмгеги зор.

1993-жылы ал биринчи болуп чакан кредит берүү боюнча фонд менен таанышып, чакан кредиттер аркылуу жакырчылыкты жоюу боюнча Кыргызстанга долбоорлорду алып келүүгө мүмкүндүк болгон. Кыргызстанга биринчи болуп чакан кредит боюнча консультанттар, Бангладештен доктор Юнустун, ФИНКАнын жана АКШдан Триклаптын өкүлдөрү келишкен.

1990-жылдардын башталышындагы гуманитардык жардам жүктөрү, Кыргызстан менен АКШнын, Канаданын ортосунда соода-экономикалык кызматташтык боюнча бир катар келишимдерге кол коюу, Кыргыз Республикасы үчүн МВФ, МБ, БУУ, ПРООН, ЮСАИД жана башкалар сыяктуу эл аралык уюмдардын финансылык-техникалык жана кредиттик линияларды ачуу — ушулардын бардыгы Кыргызстандын Вашингтондогу элчилигинин чаалыкпас иштеринин күбөсү болуп саналат.

1994-жылы Р.И.Отунбаева Кыргызстанга чакырылат жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аны Тышкы иштер министринин кызматына бекитет. Духу боюнча новатор жана реформатор Роза Исаковна 1994—97-жылдары ТИМдин ишин жолго койгон.

1994—95-жылдары ал биринчи жолу Ош жергесинде тажик жана афган качкындары менен жолугушкан, коомдук көңүлдү ушул проблемага буруу үчүн кызмат өтөгөн. КР ТИМи биринчи ирет алгачкылардан болуп Борбордук Азияда качкындар менен иштөө зарылдыгын таанышып, жаңжалдарда качкындардын маселеси, гуманитардык жардам маселелери боюнча иш жүргүзгөн. 1997-жылы ал КМШнын качкындары боюнча Женевада БУУнун конференциясынын төрагасы болуп шайланган.

1995-жылы Р.И.Отунбаева Пекинде аялдардын Бүткүл дүйнөлүк конференциясына кыргыз делегациясын жетектеген. Ушул конференцияда кабыл алынган иш-аракеттердин платформасы эгемендүү Кыргызстандын тарыхында гендердик теңчиликти бекемдөө, коомдогу аялдардын абалына ой жүгүртүүнүн жаңы мамилелерин өнүктүрүү ишинде күчтүү стимул болуп калган.

Р.И.Отунбаева Нью-Йоркто БУУнун 49, 50-жана 51-сессияларында кыргыз делегациясына башчылык кылган. БУУнун 50-юбилейлик сессиясында кыргыздын улуттук кийими жана элечеги менен чыгып сөз сүйлөгөн. АКШнын Президенти Бушка, Британиянын королевасы Елизавета IIге ишеним грамотасын улуттук кийимчен тапшырган.

1997-жылы Р.И.Отунбаева Улуу Британиянын Бириккен Королчулугунда жана Түндүк Ирландияда Кыргыз Республикасынын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалат. Лондон жүздөгөн жана миңдеген кыргызстандыктар үчүн билим алуунун, иштөөнүн жана бизнестин шаарына айланган. Ири бизнес конференциясын өлкөнүн чегинен сырткары Улуу Британиянын борборунда өткөргөн. Роза Исаковна 10 миңге жакын компьютер (пайдаланылган) чогултууга жана республиканын мектептерине жөнөтүүгө жетишкен. Өзүнүн билимин жана иш тажрыйбасын пайдалануу менен эл аралык уюмдарда, конференцияларда чыгып сүйлөп, Кыргызстанга АКШнын, Канаданын, Улуу Британиянын, Европа өлкөлөрүнүн көптөгөн ишкер адамдары үчүн эшик ачып, өз өлкөсүнүн кадыр-баркын көтөрүүгө көмөктөшкөн. АКШга, Канадага, Улуу Британияга өкмөттүк жана парламенттик деңгээлдеги делегациялардын, бизнесмендер менен ишкерлердин топторунун агымы, мектеп окуучулары менен студенттерди жиберүү боюнча окуу сапарлары биз үчүн кадыресе көрүнүшкө айланган.

2002-жылы Р.И.Отунбаеваны БУУга анын Грузиядагы Генералдык секретарынын атайын орун басары болуп иштөөгө чакырган, бул тынчтык жаратуучу 17 миссиянын бири эле. Миссиянын башкы милдети жаңы кан төгүүлөргө жол бербөө, качкындардын Абхазияга кайтып келишин, Грузиянын аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүү үчүн шарт түзүү болгон. Бул милдет оор жана татаал, саясий жактан курч эле.

Роза Исаковна Грузияда 2,5 жыл иштеген. Ал грузин-абхаз жаңжалдарынан бай жаңы духовный тажрыйба алып чыккан, эки эл тууралуу эскерүү анын жүрөгүндө сакталып калган. Ал жакта Р.Исаковнанын көптөгөн достору бар, анын атын Абхазия менен Грузияда ар бир үйбүлө билет.

Роза Исаковнанын акыл-эси жана жандүйнөсү, энелик жүрөгү менен бардык адамзат проблемаларын, качкындар проблемаларын, корголбогон адамдардын, жаңжалдуу кырдаалга кабылган энелер менен балдардын проблемаларын эң жакшы түшүнөт.

Ушул убакка чейин аны Баткендеги адамдардын жашоосу тынчсыздандырып келет, ал жактан беш жыл депутат болуп шайланган. Москвада иштеп жүрүп ал Баткендин балдарына оюнчуктарды жөнөткөн. Сузактагы суу ташкынынын убагында Отунбаева Лондондо иштеп жана 1998-жылы суу ташкынынан жабыр тарткан сузактыктарга 8 миң АКШ долларын жиберген, анын 5 миңи жеке Роза Исаковнанын салымы. 2003-жылы ал суу ташкындан жапа чегишкен өзгөндүктөргө 2 миң доллар жардам берген. Нарын жана Ош шаарларынын мектеп бүтүрүүчүлөрүнө 6 стипендия төлөгөн. Карапайым адамдардын муктаждыктары ал үчүн дайыма маанилүү. Роза Исаковна эки баланын энеси. Кызы Карачач Лондондо иштейт. Уулу Атай студент.

Мен Роза Исаковнаны чейрек кылымдан бери билем. Р.И. Отунбаева — жаңы формациянын ишкер айымы, өз өлкөсүнүн патриоту. Ал аялдарга тиешелүү сентименталдуулуктан жана иллюзиялардан алыс. Бекем көзкараштагы, куру кыялдарга алдырбаган, максатка умтулган адам. Р.И.Отунбаева өзү сүйгөн кесибин ишкер мамилелер менен айкалыштыра билген, улуттук каада-салттар менен кесиптик жолун бирге ала жүргөн биздин замандын каарманы. Анын башкы миссиясы туруктуулук жана келечекке болгон ишенимде.

 

© Бектурганова К.А., 2006. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 7390