Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Бөлөкбаева В., 2005. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 21-майы

Венера БӨЛӨКБАЕВА

Жүрөгүмдө

Ой-толгоолор

Китепте Венера Бөлөкбаеванын сулуулук, жаратылыш, жаратылышты коргоо, жашоо, өмүр, балалык, өмүрдүн кызыктуу көз ирмемдери, адам менен табияттын байланышы жөнүндө ырлары жана ой-толгоолору камтылган.

Бөлөкбаева В. Жүрөгүмдө. Ырлар жана ой-толгоолор. – Б.: Фиеста Бланка, 2005. – 100 б. китебинен алынды

УДК 82/821
    ББК 84 Ки 7-5
    Б 86
    ISBN 9967-22-616-1
    Б 4702300200-05

Нускасы 1000

 

 

КӨЗДӨР. КӨЗДӨР... КӨЗДӨР? КӨЗДӨР!
    (ой-толгоолор)

 

Эң биринчи көргөн көз

Эң биринчи көргөн көз... Бул апамдын көздөрү. Мен жарыктыкты, жашай турган бул кооз ааламды көрө электен мурун эң биринчи апамдын көздөрүн көргөм. Ошол күндөн ушул күнгө чейин ошол көздөр мага мээримин чачып, күлсөм сүйүнүп, капа болсом аяп, жамандыктан сактап, коргоп келет. Дүйнөдөгү эң жакын адамымдын көзү бар үчүн – мен азыр бактылуумун!..

 

Жылдыздар жашаган көз

Курдашым, калемдешим Айнагүлдүн көздөрү – сиз, биз жакшы көргөн түнкү жылдыздарыбыздын баары батып алгансып жымыңдап турат. Айнагүл экөөбүздүн көздөрүбүз ээрчишип алып жалаң жакшылыктарды, жакшы адамдарды, кооз жерлерди бирге көргөн. Бир жамандыкты гана чогуу көргөнбүз. Ал – илгери илек-илектер мекендеген Лейлектин жолунда жаткан жыландын өлүгү эле...

 

Наристенин көзү

Күн жылып бир тоонун чокусунан жанындагы бир тоонун чокусуна бат эле өтүп кетчү, кууш эки тоонун ортосундагы жайлоого барганымда жолуккаан Сыргак байкенин Айпери аттуу 5 жашар кызынын көздөрү да мен үчүн тоолордон бийик, күндөн жылуу болуп эсимде калыптыр. Наристе тили менен мактап, топчудай тегерек, суудай тунук тап-таза көздөрү менен суктана карап мени жанынан кетиргиси жок.

Азыр Айпери кыз чоңойгон болуш керек. Ылайым эле, көздөрү мен көргөн бойдон тап-таза калса экен!

 

Мен аяган көз

Көзү көрбөгөн жигит. Дайыма радио гана угат.Үнүң аркылуу гана сүйлөшөт. Аяй берем, аяй берем өзүнө билгизбей.

Менин аялуум! Сырдашым! Бул дүйнөнүн түркүн-түстүү боёгун, адамдарды, жан-жаныбарларды көрө албаса, анан түштү кантип көрөт болду экен? Түш жөнүндө ага суроо бергенден чоочулайм. Бүт сырымды айтканым менен, дайыма түшүмө кирген кооз дарыялар жөнүндө ага айтып бере элекмин...

 

Ай көз

Бул жигиттин көздөрүн Ай жаңыдан асманга жаңырып чыкканына окшоштура берем. Өзүнө жарашып турат. Мени бат-бат саматып, каратып турат. Мен ал жигиттин көздөрүнөн боорукерликти, токтоолукту, сезимталдыкты көрөм.

 

Тыйын чычкандын көзү

Кайдан кармап, кайдан алып келгенин билбейм. Бактыгүл 8-Мартка тыйын чычкандын кичинекей баласын белек катары берген. Талдан-талга секирип ойночу эле. Ошентип, эшигимдин алдында ойноп жүрүп жоголуп кетти. Бир эле эмес, көп күн издедим. Табылган жок. Көздөрү ушунчалык “бейбаш” эле. Тоотпой, тостоңдоп карачу мени. Ошондон кийин тал, теректерде оюн салып жүргөн тыйын чычкандардын баарысы меникиндей туюла берет. Өзүнчө бир жаралган, сулуу, кичинекей жаныбарым болгон. Аны да “Жумшагым” деп эркелетип койчумун.

 

Тегиз, терең, бийик көз

Көздөрүнө казак туугандардын улуу талааларынын тегиздигин, алыстагы океандардын тереңдигин, аска-зоолорубуздун бийиктигин батырып алгансыган агайыбыз – Абдували Камилович эле.

Адамкерчиликтин жарыгын чачып, студенттерин жагымдуу көздөрү менен жылуу карап, баарыбызга бирдей мамиле кылчу, маркум агайыбыз.

 

Кайберен көз

Курдашым Бактыгүлдүн көздөрү жалаң бийикте жүргөн – арчалар менен, аскалар менен сырдашкан кайберендердин көздөрүндөй. Касиеттүү бул жаныбарлардын көздөрү сулуу, жагымдуу болот эмеспи. Мен эмне жөнүндө сүйлөбөйүн, ошол көздөрүн сакчыдай кайтарып турган узун кирпиктерин ирмеп коюп угуп олтурса, ал менин жүрөгүмдүн ичине кирип алып тыңшап тургандай сезилип кетет...

 

Тамчыдай тунук көз

Зарыл эженин жаш кезиндеги көзү. Азыр деле ошондой сулуу, жамгырдын тамчысындай же жашыл чөптөгү шүүдүрүмдөй мөлтүрөп турат. Сулуу көздөрүн ого бетер сулуу кылган ички дүйнөсүнүн тазалыгы да болсо керек, -— деп ойлоп калам.

 

Сагынычка, кусага баттырган көз

Уландын көзү. Бул көзгө кокусунан эле жолугуп калгам. Көздөрүнө тагылган көз айнеги анын жакшынакай көздөрүн жашырып койчу. Экөөбүздүн көздөрүбүз бат эле “ажырашты”. Уландын көздөрү бир убакта мени сулуулукка, сүйүүгө тундурганы менен, кайра сагынычтын, кусанын бешигине түбөлүккө бөлөп коюп, түбөлүктүүлүкө кетип калган...

 

Таранчымдын көзү

Бала кезибиз эле. Кадимки эле таранчынын сары ооз балапанын кармап алып Каля (балалыгыбыз бирге өткөн) мага тартуулаган. Багып жүрдүм. Ага болсо “Үлпүлдөк” деп ат коюп алгам. Ал таранчымын шурудай болгон көздөрүнөн мага гана ишенгенин, таянганын, мени адам-энесиндей кабыл алганын көрчүмүн. Таятам, эки апам, Гүкү энем баары чогулуп мени бапестеп багышса, анда менин бапестегеним ошол балапан-таранчым эле.

Бутуна ничке, узун жип байлап алып кээде жанымдагы таштарга, кээде чырпыктарга, чөптөргө жиптин учун илип коюп ойной берчү элем. Ал шурудай көздөрү менен эки жакты эле элеңдеп карабастан менин көздөрүмдү да көпкө карап туруп калчу.

Бир күнү Каля экөөбүз сайдагы суунун жээгинде ойноп жүрсөк, аскер кийимин кийген эки жигит жаныбыздан өтүп бараткан. Ал экөөнүн бириси кичинекей талга байланып турган балапан-таранчымды колуна алып, башын денесинен жулуп эки жака ыргытып туруп басып кетишкен. Ошондогу ыйлаганымдай, эч качан ыйлабасам экен!

Азыр ар бир таранчыны көргөн сайын жүрөгүм ооруйт. Балким, мен аны колго кармап бакпасам, аны ким кармап өлтүрөт эле?! Таранчылардын бир тукумуна өлүмгө шарт түзүп бергеним үчүн өзүмдү эч кечире албай келем.

 

Жердей көтөрүмдүү көз

Анан таятамдын көздөрү да эсимде түбөлүккө калган. Ал көздөр азырынча менин көздөрүмдө жашап, анан, анан... Анан, кайсыл бир күнү мени менен чогуу кетет болуш керек...

Таятамдын көздөрү азыр жер алдында болсо да, менин көз алдымда турат. Уяң, назик, жалооруган көздөрү бар болчу. Бир да жанды тикирейе, тике карачу эмес. Бир гана акырын жалт карап коюп анан карээгин жерге жумшак таштачу. Баары менен жер карап сүйлөшчү. Таятам жерге жакын, жердей көтөрүмдүү, жердей жөнөкөй адам эле.

 

Балалыктын көзү – жаман көздү кечире албайт

Бала байкабайт деп мага көргөзүп алса керек. Ал аялдын бул жаман жоругун күйөөсү да, жакындары да көргөн эмес. Мен гана эки-үч жолу көрүп калгам.

Ал аял эки алаканын жайып алып, бири-бирине бириктирип күрөң көздөрүнүн алдына алып келип анан бирде алканын, бирде көктү карап коюп кээ бир адамдарды шыбырап-күбүрөп каргап туруп бата кылчу. Каргыштары жаман эле... Ал убакта анча түшүнбөсөм да дээриме жат болуп калыптыр. Эмдигиче кулагыма жаңырып турат. Ал аял кимдерди жана эмне үчүн каргаганын билбейм...

Бирок... Балалыктын көздөрү – жамандыктын көздөрүн эч качан кечире албайт экен! Анын көздөрү күрөң, муздак эле. Тилинин учунан чыккан каргыштарындай муздак эле, көздөрү... Жашоомдогу эң жаман көргөн көздүн биринчиси жана акыркысы болуп калса экен!

Көзү күрөң бир аялдан коркчумун,
    Көктү карап көп адамды каргачу.
    Ипичке манжалары бата кылып...
    Каргабайын, каргабаймын бирөөнү,
    Көзүм дагы, окшошпочу эч ага!.. — деп, анын күрөң көздөрүнө көздөрүмдү окшоштургум келбей ак баракты чиймелегем...

2004. Январь

 

ЖҮРӨГҮМДӨ

 

Терезе

Таштап келдим... Кандай жаман!? Калып калгандарга андан жаман болсо керек...
Иштеген жерибизден көчүп кеткенибиз үчүн таштап келдим аларды... Терезем калды. Ар күнү ошол терезем аркылуу сырткы дүйнөнү эки-үч жолу карап туруу мага жагымдуу эле. Сыртты терезеден караган да өзүнчө бир башка көрүнүш... Ошол тереземе жалбырактары, бутактары менен эркелеп, жөлөнүп турчу карт даракты калтырдым, ийилтип. Дарак менен кошо өмүр сүргөн, жанындагы кичинекей үйдү, ал үйдө жашаган Аялы менен Күйөөсүн калтырдым. Колго өстүрүлгөн гүлдөрүм бар эле, жалбырактары сеңселген. Жетөөнү калтырып, калганын өзүм менен ала кеттим. Кесиптеш инилеримдин күлкүсү, кубанычы толгон, бирок, ээндеп, ээнсиреп калган ары жылуу, ары ыңгайлуу бөлмө үчүн анан Терезем үчүн калтыргам ал гүлдөрдү.

Кызы болбосом да “кызым” деп кайрылган, атам болбосо да мен “ата” деп кайрылган кошуна бөлмөдө иштеген Александр Григорьевич калды, таарынып...

Дайыма жылмаюуу менен гана жүргөн Алик байке калды. Жумушка келе жатканда имараттын босогосунан тосуп, кетип жатканда көзү менен узатып карап калчу эле, жылмайып. Баары калган...

...Алар бирок, калышпаптыр. Ушул кичинекей жүрөгүмө салып алып аларды да көчүрүп келиптирмин. Алар мурда менин жанымда, көз алдымда жашашса, азыр менин жүрөгүмдүн ичинде жашап калышыптыр... Терезем дагы...

 

Оюнчук

Бала кезимдеги бир оюнчугумду да көп жылдар жүрөгүмо сактап алып жүргөм. Ал оюнчугумдун өзү ошондо эле жоголуп кеткен. Үлүлдүн (чүлүлүйдүн) формасына окшош – тегерек, ортосунда карандаштай сабы бар, аны басып койсом тегерек оюнчугум тегеренип көпкө турчу. Сары, кызыл, көк сызыктары бар эле.

Башка оюнчуктарымдай оюнчуктарды (куурчак, топ) көп жолу балдардын колунан көргөндүктөнбү? Издегеним, сагынганым жок... Ал эми, тигил тегеренген оюнчугумду оюнчук ойнобой калган мезгилден баштап издей берчүмүн. Оюнчук саткан жерлерге кирсем көзүм, балалыкты эстесем оюм издечү. Табылчу эмес, ал оюнчугум. Дүйнө жүзүн кыдырсам да таппайм го деп, ичимден өзүмдү-өзүм тамашалап калчумун. Канчалаган жылдардан кийин, издеген оюнчугумду бир кунү таптым. Балким, мен курактуу кыздын же баланын оюнчугудур. Балким, менин оюнчугумдур! Абдан эле эскирип калыптыр, мен эскиргендей...

Азербайжан улутундагы Надир аке (кошуна жашачу элек экөөбүз) эртең менен өзүнөн чоң кара чемоданынын “курсагын” кабырылтып көтөрүп кетип, кечинде чемоданынын “курсагын” толтуруп келчү. Жез, темир чогултуп бир жерге алып барып өткөрүп, андан түшкөн акчага жанын бакчу.

Бир күнү кечинде ошол кара чемоданындагы темир-тезектерди шалдыратып төгүп жатканын уккам. Эртеси эртең менен турганымда ошол темирлеринин арасынан канчалаган жылдардан бери издеп жүргөн оюнчугумду көрүп калдым! Адам абдан кубанса каткырып күлүп ийсе керек. Көзүмдөн жаш акканча күлгөм. Күлкүлүү деле эч нерсе жок болчу. Канча жылдан бери издеген оюнчугумдун Надир акенин темирлеринин арасынан оңой эле табылып калганына күлсөм керек. Надир акеге издеп жүргөн оюнчугум экенин айтып, ал оюнчукту сурадым. Надир аке барктана, баалана сүйлөп: -— Муну сатсам кыйраткан деле акча болбойт. Ушунчалык көзүңө жакшы көрүнүп турабы? Анда ала бер оюнчугуңду. Берейин. Мен сенин айтканыңды аткарайын. Сен да менин айтканымды аткар!Аялымдын жасаган тамагын абдан сагындым. Аял затынын атайын мага гана арналып жасалган тамагын жегим келет... — деди. Мен Надир акенин айтканын аткарууга кириштим. Кубанганымдан “өзгөчө” жасайм деп, бака жалбырак чөбүн, бакчада өсүп турган ромашка гүлүнүн таажыларынан, бир алманы да кошуп кооздоп жасагам. Бапестеп жасаган тамагым Надир акеге жакпай: -— Мен сага эчки же уй белем, же аскаларда жашаган аркар белем жалаң чөп жегидей, — деп таарынып, жасалган тамагым ошол бойдон желбей калып, ал кишини катуу таарынтып алгам.

Издеп жүргөн оюнчугум азыр жанымда. Бирок, жүрөгумдө не бир кызык-кызык жоруктары менен Надир аке жашап жүрөт...

Надир акедей адамдар, ошондой романтикалуу күндөр болгон үчүн Күн күлүп, көпөлөктөр көкөлөп учууга жаралып, жаз, жай деген мезгил болуп, асман чексиздикке айланып, жер үстүндө түркүн гүлдөр өссө керек.

 

Сөөлжанга

Табигат сага жашоону Жер-Эненин чекесине, топурактын арасына берген экен. Өмүрүмдүн жамгыр жааган күндөрүндө сага көп жолуктум. Ийилип, иймейип жатканыңды көрөм. Керилип, чоюлуп, тартылып, топуракка оронуп атканыңды көрөм. Көзүң кайда? Кулагың кайда? Оозуң кайда? Буларды сурабайм. Сүйлөй берем сага. Унчукпайсың. Укканың билинбейт. Карасам, карабайсың же караганың билинбейт.

Мени Жараткан табигат – сени да Жараткан. Экөөбүз да тууганбыз! Топурактын ичинде топурак жеп жашагандардан сени эле тааныйт экенмин, Сөөлжан-тууган. Бизди төбөсүнө көтөрүп турган Жер-Эненин бүт сырын билген сен болсоң керек.

Жер-Энебиз кээде силкинип алат. Анын табышмактуу таарынычыдыр, үшкүрүгүдүр... Ошолоруна ортоктош болуп сен да силкинесиң... Жер менен кошо термелесиң, титирейсиң. Жылан, чычкан, курт, кумурскалардай сыртта да жашооң болуп жылып, басып кетсең гана! Ийнедей эле сөөгүң болсо да жакшы болмок...

Акырын эле үн чыгарчы?! Болбодубу? Болбосо болбостур... Болбосо да адам-тууганың сага боорун төшөп турат. Жибектей жумшак сенин алдыңда буттары, катуу тиштери, соймоңдогон тилдери бар басып жүргөн адам менен айбанаттар, учуп жүргөн канаттуулар секирип баскан бакалар, боору менен чимириле сойлогон жыландардын арманы болбостур...

Топурак коюнундагы жа-аай жашооң дагы эмнелерден турат болду экен? Канчасы каалаганыңдай? Канчасына кейип, канчасына ыраазы болдуң экен?

Менин топурак үстүндөгү жашоомбу? Мээримден, Сулуулуктан, Сагынычтан, Сүйүүдөн, Күлкүдөн, Ызадан, Күтүүдөн, Кумарлануудан, Унутуудан, Кыялдан, Өкүнүчтөн, Санаадан анан ушулардын баарын эсинен чыгарып койгон Уйкудан турат. Булардын жарымы жагат, жарымы жакпайт. Жактырсам да, жактырбасам да бир убакта баарынан ажырап калаарымды билем. Ал дагы экөөбүздү Жараткан табигаттын кылаары...

Сөөлжан-тууган! Сени көрсөм эле менден эб-аак кеткен бала кезимдин бир күнү эске түшөт. Ошол күндөн сени аягам, ушул күнгө чейин сени аяп келет экенмин. Кача албасыңды, баса албасыңды аяйм...

Чычкан капчыгайындагы Өйүш-Булак деген кооз жер болчу. Жайкы эс алууда (пионерь лагеринде) элек. Күндүн нурун бизге жеткирбей тоолор менен карагайлардын учтары тосуп алчу. Шаркыраган суу жээгинде төртөөбүз кооз таштарды чогултуп жүргөнбүз. Бизге таттуу-таттуу тамактарды жасаган чоң кишиге жалындата от жагып берген жигит сени кайрымагынын учуна илип алып сууга салганы жатыптыр. Экөөбүз бооруңдан теше сайылган сени аяп, берки экөө “сени жейм” деп бир аздан кийин кайрымакка илинчү балыкты аяп бир топко чейин чурулдап алганбыз. Кайрымактуу, от жаккан жигитке гана баары бир болду. Боору бүтүн, бөтөгөсү толук... Бир аз убакыт өтпөй, сени жутуп-жутпай кайрымактын учуна илинип балык чыкты. Жашоосу жалаң сууда болгон, балык байкуш дагы сендей үн чыгарбайт эмеспи. Баарысы ичинде...

Ал күнү Сөөлжан-тууган, сени балык-тууган, балык-тууганды адам-тууганым жеди. Желдиң... Желинди...

Ушундай Сөөлжан! Сага салыштырмалуу алп болуп турам. Андай болгонум менен жүрөгүм кичинекей эле экен. Ушул кичинекей жүрөгүмдө сен да жашап жүрөсүң.

“Жүрөккө баарын көтөрүп жүрүш кыйын. Ооруйт... Кысылат...” деп сени унутайын дедим. Мунумду ак таңдарга айттым. Айтылды да калды. Ак барактарга нечен жолу жаздым. Жазылды, кайра айрылды. Жүрөгүм эч качан сени да “коё бербей” койду. Жүрөгүмдүн босогосун аттагандардын баары кайра “артка кайткан” жок. Сени да артка кайтара албадым...

Жүрө бер – Жүрөгүмдө! Сөөлжан-тууган!

 

Таанышуу

— Кичинекей урук элең. Мынабул көйнөгүмдүн топчусунан да кичине. Качан? Кайсыл күнү аялуу буюмдарымды салган баштыгыма түшүп калдың экен? Үч жыл баштык түбүндө урук бойдон жашадың. Сени жерге тиккенге шартым болбоду. Күнүмдүк турмушка жетеленип жүрө бердим. Сен дагы томолонуп, тоголонуп жүрө бердиң. Эмненин уругу экениңди деле билгеним жок. Аял заты эмесминби, гүлдүн уругудур деген бир ой кеткен...

Быйыл гана эрте жазда сени баштык түбүнөн алып чыгып, ушул алакандай жерге сайып койгом. Оо, ошол күндүн эртеси эле үстүңө себеленип кар жаап салды. Ал кыштын акыркы кары экен. Эртеси кайра жамгыр төгүлдү үстүңө.

Ошондон үшүп калдың окшойт. Сени көп күттүм. Сен жашоону баштаган алакандай ушул жерге карээгим көп кадалды. – Гүлсүңбү? – дедим. – Жемишсиңби же жел аргыга ыргалган мажүрүм тал болосуңбу? – дедим. Дедим да күтө бердим. Кубанычтуу күтүү болду. Эмне болсо да, мен жашоону сүйүп жашагандай, сенин да жашоону сүйүп жаралышыңды, жашашыңды кааладым.

(Бир аз күнгө алыс жакка барып келсем, баягыл урукту таштаган жеримен минтип ааламга моюн созуп, чыпалактай болуп жашыл тикенек чыгып калыптыр.)

— Мына! Жарык дүйнөгө келипсиң! Көз жарышың менен, Тикенек! Мен тиккен уруктан чыктыңбы, же өзүң өсүп чыктыңбы? Жашоо каалайм. Жер менен Көктүн ортосундагы жашооң башталды...

Тээ-тетигил чексиздикти Асман дейбиз, Көк дейбиз. Экөөбүзгө жылуулугун жиберип, жылмайып турган ал – Күн. Ушинтип оң жагыңан чыгып, сол жагыңа өткөндө батып кетет. Аман болсок, кайра эртеси эле Күн менен жолугабыз. “Мен чыктым. Сенин дагы бир жаңы күнүң башталды!” – дегенсип чыгат, нурларын чачырата. Күн батып бараткандачы?! Анда: “Эх! Бир күнүңөрдү да мени менен жашадыңар. Силердин бирден өмүр күнүңөр да бирден кетилип, кемилип баратат. Таңды кууп келип, таң маңдайыңарда жылбай туруп алгым келет. Бирок, жаратылышым, жаралгандан ушундай экенмин...” – дегенсип кызарып батып кетет.

Ал эми, тигил Көк бетинде ап-аппак болуп булайып жабышып турганды Булут, булуттар дейбиз. Булуттар кээде ушинтип кыймылдабай, бир калыпта бизди карап туруп калышат. Кээде буралышып, буулугушуп бир жактарга шашып жылып бараткан болот. Айрым убакта баары чогулушуп, бүт асманды ээлеп алышып жашын төгүшөт. асман ыйлайбы же булуттардын өздөрү ыйлайбы аны билбейт экенмин. Ыйынын тамчылары сенин үстүңө да төгүлөт. Үйүмө кирбей туруп алсам менин үстүмө да төгүлөт. Калканычы, чатыры жоктордун баарына төгүлөт. Булуттарды да Кудай жараткан. Аларды асмандан шамал, жел гана айдай алат.

— Шамал, жел деген эмне?

— Шамал көзгө көрүнбөйт. Шуу-шуу эткен үнү бар. Салкын болот. Ачуулу десем да болчудай. Ачууланса учуруп кетет. Шамалдын жумшагыраак, назигирээгин сыдырым Жел деп коёбуз. Ал да көзгө көрүнбөйт. Сендей болуп жерге буттары түбөлүккө байланган карагайлардын, арчалардын, гүлдөрдүн, чөптөрдүн, алыстагы деңиздердин жыттарын да өзү менен кошо ала келет.

— Тикенек, сен таарынба, “Мени күтпөпсүң. Мен болсо Тикенек болуп тикчийип чыгып алдым” — деп. Асман, Ай, Күн, Жылдыздар баткан жүрөгүмө сен да батасың. Сен да Жер-Энебизди кооздогон жашыл дүйнөбүздүн чүрпөсүсүң. Жашыл дүйнөбүз сендейлерден куралып өсүп, айланабызга көрк берип келет. А качантан бери экенин билбейм...

Унутуп калган турбаймынбы, Тикенек! Жарыктыктын караңгылыгы да бар (өзүң көрө баштадың). Жана айткандай, Күн батып кетет эмеспи. Ошондо күүгүм кирет. Караңгылыктын кучагына утурумдук кире баштайбыз. Анан Ай деген ажайып нерсесин “көтөрүп” Түн деген келет. Түндүн денесине “тагылган” Жылдыздары бар. Аларды Асманды карасаң көрөсүң. Түн асманда да, жерде да жашай берет. Сырдуу, табышмактуу...

— Жалгыз элеминби?

— Бирөө менен бирөө бирге куурап, бирге жан бербейт...Баарыбыз жарык дүйнөгө жалгыз келгенден кийин баарыбыз жалгызбыз...

Мен үйгө кирип кетсем Күн калат сени менен. Күн уясына кирип кетсе Түн, Жылдыздар калат сени менен. Жалгызбыз дагы, жалгыз эмеспиз дагы...

Тикенек, азырынча жалгыз эмессиң. Сени күндө карап турган биз (аалам) барбыз...

Жүрөгүмдө -— отуз жаштан кийинки көктөмүмдөгү кубанычтуу күтүүм болуп калып калгансың. Жашай бер, Жүрөгүмдө...

2004. Апрель

 

ЭКӨӨ

 

Аял...

Эркек...

Экөөнү эмнегедир көп эстейм. Бирин эстегенде экинчисин. Экинчисин эстегенде, биринчисин. Жиптин эки учундай экөө...

Экөө... Бир Кудай, бир асмандын алдында, бир айылда, бир арыктан суу ичип жашашкан.

Экөө... Эки башка үйдө, эки башка турмушта, тагдырда өмүр сүрүшкөн. Аял – көп балалуу. Эркек – баласыз эле.

Экөө... Бири-бирине жакшылыктарда жолугушчу эмес. Чакырышпаса анан... Качан жамандык болгондо гана экөөнө “Чакыруу” келчү. Анда да, айылдын бир пендеси о дүйнөгө узаганда.

Ошентип, экөө жакшылыктардан калып, жамандыктарга барып... Кара кийинген караандардын арасынан сөзсүз көрүнүшчү.

Эркек

Ал дайыма кырдагы бейитте, маркумга жай казгандардын башында жүрчү. Берки эркектер алмашса да ал алмашчу эмес. Башкалар күрөк-кетмендерин жерге жаткырып эс алып олтуруп калышса да, Эркектин колундагы күрөгү эс албачу.

Аял

Аялды болсо маркумга кошок айттырганы чакырышчу. Кайгылуу кошок-ыры ырдалбай калган маркумду Аял кошогу менен узатаар эле. Кээде маркумдун башка жакындары кошок айтып жатса деле, ал Аялдын кошогу бирөөсүнө да окшобогон үн менен жаңырып турчу. Жүрөгүнөн жулунуп чыккансыган кайгылуу үн эле. Кошкон кошокторунун саптары мөндүрдөй сабаалап сап-сап болуп түшчү. Кошогун коштоп, көз жашы буурчак-буурчак болуп төгүлсө керек.

Эркек

Бою кичинекей эле. Тегерек бет, көздөрү ничке. Бир караганда күлүмсүрөп тургандай көрүнгөнсүйт. Бейит казгандан башка эмне иш кылчу экенин билбейм.

Өзүндөй жапыс үйү, үйүндө алган жары, короосу, короосунда боз эшеги бар эле. Аягында өзү казган бейиттер жайгашкан узун кыр ылдый жайдак эшегин кыдыңдата минип алып, комуз чертип кетип жатканда колундагы комузун көргөм бир жолу. Андан кийин көп жолу кайталанды ошол көрүнүш. Кийинчерээк комузун коштогон муңканган ырларын ырдачу болуп калыптыр. Ким билет? Андан мурун деле муңдуу ырларын ырдап жүргөндүр. Мен укпагандырмын.

Ойноп жүргөнүбүздө биздин жаныбыздан көп өтчү. Кээде байкап калчубуз. Кээде байкабай деле калсак керек. Жаныбыздан жайдак эшегин минип өтүп баратканда кыңгырата черткен күүсүнүн ыргагы менен көзүн жумуп, башын чайкап алчу.

Айылдын улуулары менен кичүүлөрү, аларды туурап бешиктен бели чыга элек наристелер деле атынан чакырып айтышчу. Андай мамилебизге ал таарынчу деле эмес. Анын жан жолдошу, алган жарынан башка эрмеги – комузу, ырдаган ырлары анан боз эшеги болсо керек.

Аял

Жерге жакыныраак, кичине бойлуу адамдар бир башкача болот окшойт...

Аялдын да бою кичинекей эле. Эки бети боорсоктой борсоюп кызарып турат. Үстүңкү эки тиши алдыга чыгып оозу жабылбайт. Аялдын жүзүнөн бир адам жөнүндө да жагымсыз ойлобогону даана байкалат.

Аял күйөөсүнүн экинчи аялы эле. Күйөөсү өзүнөн бир топ жаш улуу болгону менен сакалы кара. Күйөөсү төрөбөгөн биринчи аялынын үйүндө көбүрөөк түнөчү. Анысына карабай, кошокчу Аял ага көп бала (9) төрөп берген...

Мага ушундай көрүнчүдүр. Аял дайыма суз жүрчү. Башкалардай болуп үймө-үй кыдырып, айылчылаганын деле көргөн эмесмин. Эмне үчүн Аял суз болду экен? Же, жайнаган жакшына балдары менен эринин жүрөгүнө толук батпаганына көңүлсүз күндөрдү кечирсе керек?

Аял эч кимге арызданып-айтпастан, өз дүйнөсүндөгү болгон сырын, кайгысын, капасын ыр болуп айтылган кошоктору менен кошо сыртка чыгарып алаттыр. Бир кошогунан башка Аялды ким түшүнүп, ким угат эле?

Эркек

Бир күнү, биз кичинекейлер айылдын четинде бүлдүркөн терип жүргөнбүз. Колундагы комузу, оозундагы ыры жок эле Эркек эшегин минип жаныбыздан өтүп баратты.

— Ии балдарым, бүлдүркөн бышып калыптырбы? – деп, эшегин токтотуп сурап калды.
Улуулар тоотпогондой эле, кичүүлөр деле аны тоотчу эмеспиз. Күңкүлдөп жакшы деле жооп бербедик. Ал эшегинен түшүп, башындагы жашыл топусун алып, анысын бир колу менен көкүрөгүнө кысып бизге кошулуп бүлдүркөн терип топусуна сала баштады. Боз эшеги болсо ээсин күтүп тура берди. Эркектин топусу да бүлдүркөнгө бат эле толуп калды.

— Балаңыз жок го, кимге алып барып бересиз? – деп, идиши бош, бүлдүркөн тере албаган кичинекейлердин бири сурап калды.

— Аялыма! – деп, күлмүңдөй күлүп жооп берип коюп Эркек эшегин минип жөнөп калды.

— Хи-ха-хаа... – деп тунук каткырык салды арабыздагы бирөөбүз.

— Аялы бүлдүркөн жейт экен! – деди таң калычтуу үнүн бийик чыгарып, көзү бакыракай 6 жашар бала.

— Уят, уялбай аялына бүлдүркөн алып барат!

— Чопо-чооң эле аялы бүлдүркөн жейт экен? – деп, чурулдап эле калдык.

— Баласы жок да, аялына кошомат кылып алып баратат... – деди, арабыздагы эң улуубуз жанан узунубуз.

Ушундай сөздөрдү айттык артынан. Эркек укса да укмаксан болуп, эшегин минип узап кетти.

Бүлдүркөн менен болсо да бирге жашаган жубайына кубаныч тартуулагысы келген Эркекти биз анда түшүнбөптүрбүз. Жубайына бүлдүркөңдөй ширин, бүлдүркөндөй бир башкача сезими бар экенин да...

Тырмактай болуп алып муштумга айланып, жоош, жамандык кылмак түгүл жагымсыз сөз сүйлөгөндү билбеген Эркектин назик жүрөгүн “муштагылаптырбыз”...

Кечиримсиз...

Эмдигиче, Эркек жөнүндө жазып олтурган ушул саамда да ойлоно берем. Бүлдүркөн терип барганда биз шылдыңдаган үйүндөгү өмүрлүк жары Эркекти капа кылбады бекен? Жок! Андай болушу мүмүн эмес. Акылдуу болуш керек. Эркектин баласыз болуп калган арманы – кыңгырата черткен күүлөрүнө, муңкана ырдаган ырларына айланып кеткендир. Ал эми бир калыптан жазбаган токтоо, жайдары жашоо кечиргени – этегинен бала түшпөсө да түгөйүнүн өзү гана сезген-билген эң бир сонун касиетинендир...

Аял

Менин эле эмес, бир айылдын баарына чоң эне болгон Энем да 100 жашка жакындап, күздүн бир күндөрүн карайтып дүйнө салды. Өзү келдиби же чакыртыштыбы, баягыл кошокчу Аял да келди. Мен ичимден ойлогом, жакындарыбыз кошок айтса деле баягыл Аял сөзсүз келет деп. Анткени, биздин үйдөгүлөр менен ымаласы жакыныраак эле.

Аял келатканда карап турдум. Жакындай берди, жакындай берди боз үйгө. Аялдын көз жаштарын эң жакындан ошондо көргөм. Анын көз жаштары таштан-ташка урунуп шар аккан суунун тунук тамчыларындай чачырайт. Боз үйдөгү үн созгондорду артка таштап, сызылып ыйлай кошогун кошуп кирди. Жети аялдын кошогу тигил кошокчу Аялдын кошогуна жеткен жок. Энебиздин жүрөгүнүн айкөлдүгүн Ала-Тоого салыштырды. Бийиктигин бийик тоолордон ары ашырды. Табияттын сулуу көрүнүштөрүнүн баарына теңеп кошту. Түн киргенде гана токтоп калды.

Азыр ойлоп жатпаймынбы, ал Аял кошок эле айтпай, көкүрөгүндөгү жеке көйгөйүн, сезгенин, туйганын ырга салып кагазга түшүргөндө же төгүп ырдаганда Акын Аял болмок экен.

Эркек

Ошентип, кылымды кошо карыткан асыл Энебиздин бейитин казмакка жигиттер камданып калышты. Алардын колдоруна кетмен, күрөк издеп таап карматып, баягыл Эркек жүрөт. Берки жигиттердин жүздөрү шайыр-шатман эле. Бир гана Эркектин көздөрү суз, капалуу. Айылдаштарын чет-четинен жер алдына узата берип ушундай болуп калгандыр.

Бул айтканым бир чети туура эмес. Биз менен бүлдүркөн терип үйүнө кеткенде, эшегин минип, комузун чертип, ырларын ырдап жүргөндө жүзү мындай капалуу эмес эле.

Эркекти да бейит казаардын алдындагы абалын жанынан биринчи көрүшүм. Аны жөн эле, бейиттердин арасына жигиттерди ээрчитип барып эл катары (кайдыгер эле) жер казып коёт деп ойлоп жүрүптүрмүн. Көрсө, Эркек ар бир көзү өткөн жанга жакынындай кейип, жарыгы караңгылап, боор эти сыздап жай казат турбайбы? Канча бейит казды?!

Бейитти көздөй ичимдиктерди, эттерди көтөрүшүп, жүздөрү майланышып:

— Аа, бул Энедей 100 жашка жакындап өлсөк, эки дүйнөдө арманыбыз болбос эле, -— деп шарактап жөнөгөн жигиттерге жол баштап, колуна эки күрөк, бир кетмен көтөрүп, убайым-аза тартып, башын ылдый салып, ак-ала боло баштаган кыска сакалы бар Эркек алдыда баратты...

Экөө...

Аял...

Эркек...

Мезгилдер жылыптыр. Жер үстү жашыл болуптур. Ак болуптур ушинтип нечен жолу алмашыптыр. Кичинекейлер бой жетипбиз.

Кундөрдүн биринде Аял менен Эркектин да бул дүйнөдөн өткөнүн уктум. Баары көз алдыма тартылды. Көзүм эле эмес, жүрөгүм да жаш төккөндөй...

Экөөнө — Экөөндөй гана болуп дили менен кейип бейит казып, дили менен ким сыздап кошок кошту экен?

Жүрөгүмдө Экөө да өчпөй жашай берет... Аял... Эркек...

 

© Бөлөкбаева В., 2005. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 3296