Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Бөлөкбаева В., 2008. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 22-майы

Венера БӨЛӨКБАЕВА

Көңүл

Китепке – Кыргыз Республиканын Жаштар сыйлыгынын лауреаты Венера Бөлөкбаеванын прозалык чыгармасы киргизилди. Буга чейин “Гүкү Энем” жана “Жүрөгүмдө” аттуу китептери жарыкка чыккан. Кыргызстан Жазуучулар Союзу менен “Сорос – Кыргызстан” фондусу тарабынан 1997-жылы өткөрүлгөн жаш жазуучулардын Республикалык “Ала-Тоо-97” фестивалынын лауреаты, Эл аралык Айтматов фондунун, Швейцариялык Өнүктүрүү жана кызматташуу боюнча Башкармалыктын колдоосу менен өткөн жаш авторлордун “Дебют-2004” Адабий конкурсунда – “виньет” чыгармалары менен жеңүүчү деп табылган. Ошондой эле колуңуздагы китептин айырым үзүндүлөрү 2005-жылы Республикалык “Айтыш” коомдук фондусунун “Калемгер” адабий клубу уюштурган конкурста “Мыкты аңгемелер сынагынын жеңүүчүсү” деген II даражадагы диплом менен сыйланган. “Көңүл” аттуу чыгармасы кыска, психологиялык мүнөздө чагылдырылган.

Бөлөкбаева В. Көңүл. Прозалык чыгарма. – Б.: Фиеста Бланка, 2008. – 98 б. китебинен алынды

УДК 821.51
    ББК 84 Ки 7-4
    Б 86
    ISBN 978-9967-24-753-6
    Б 4702300100-08

Нускасы 1000

 

1. Гүл

Кеч күздө, бойлору мени менен тең ак, көк, кызыл, сары болуп топтолуп өскөн гүлдөрүм бажырайып ачылып алышкан. Жыпар жытын аңкытышып жазда эле ачылышса болбойт беле? Антишпейт. Жыл сайын күз айы аяктап баратканда гана жер-ай-ааламга сулуулугун чачырата тартуулашат.

Эми минтип, эрте жааган кар алдында калышты. Таажылары үшүй баштады. Айланчыктап жандарынан чыкпайм. Акыры аларды сууктан сактап калуунун бир жолун таап алдым: Этеги жер чийген узун, көйкөлгөн көк плащымды сыртка алып чыгып, топтошкон гүлдөрүмдү чогултуп туруп плащымды “кийгизип”, топчуларын топчулап койдум. Мурда плащымдын жакасынан менин бир башым чыгып турчу. Бүгүн болсо түрдүү-түстүү гүлдөрүмдүн 15 (башы) таажысы жайнап чыгып алышты. Оң жеңи менен сол жеңине арасындагы 2 ак гүлүмдү акырын ийилтип туруп киргизип, 2 таажысын колдорумдун ордуна чыгарып койдум. Бел жагы ипичке болуп, этек жагы жайылып плащым аларга жарашып эле калды. Кыскасы, “эжесинин” эскисин “кийишти”.

Кар жаай электе гүлдөрүмдү жыттап, ар бирин назик сылап, эркелетээр элем. Кар жаап салгандан кийин жандарына басып баруудан чоочулайм. Жакындасам эле ыйлап-сүйлөп ийишчүдөй. Аба-ырайынын сууктугуна карабай “плащчан” гүлдөрүм туура 1 жума жашашты. Жуманын акыркы күнү кечинде таажылары томсоро тоңуп, узун-узун саптары жерге сулап, жатып калышыптыр. Аларды ошол бойдон таштап койгум келген жок. Плащты чечип, гүлдөрүмдү тамыры менен кошо жулуп, үйгө киргизип чоң бир идишке суу куюп салып койдум. Бирок, муздаган көңүл жылыбагандай эле, гүлдөрүм да кайра ордуна келбеди...

 

2. Чака

Алты кабат ак сарайдын жертөлөсүндө – имараттын электр линияларын, газ түтүктөрүн жана дагы башка техникалык жактарын тейлеген жумушчулардын иш бөлмөлөрү бар. Алардын катарындагы уядай чакан, жупуну бөлмө мага тиешелүү. Биринчи класста окуган бир азамат: – Үй-бүлөбүздө атам, агам, иним жана мен эркекпиз. Бир эле кыз бар, ал апам. – деп сочинение жазгандай, коңшуларым бүт эле эркектер. “Кыз” – мен элемин. Өткөн дүйшөнбү күнү комендантыбыз салтанаттуу жыйын өткөрүп, эки жумушчуга “Мактоо баракчасын” тапшырып, 400 сомду конвертке салып кошо берген. Көбүртүп айтканда, сыйлык тартуулаган. Сыйлыктын бирөөсүн Борис Петровичке. Ал биз иштеген имараттын айланасындагы тал-теректердин жалбырактарынан бери суу чачып жуундуруп туруучу багбаныбыз. Бош жаткан жерлерге жалаң фиалка гүлдөрүн сээп өстүрүп койгон. Багбандан кийинки сыйлык мага буйруптур. Шыпырсам чаң-чуңу кайра оозу-мурдума кирген, терезесиз, таза аба жетпеген жертөлөдөгү эмгегимди баалашкандай.

Дүйшөнбү, “Мактоо баракчасы”, 400 сом... О-ооф! Дүйнөнү, дүнүйөнү козгогон Дүйшөнбү!

Өйдө жакта (бийикте) иштегендер төмөн жакта иштегендерди басынтып, басып турушабы? Катуу буюм кармагандар жумшак буюм кармагандарга жакшылыкты ыраа көрүшпөйбү? Ошондой окшойт. Болбосо, эмнеге минтип кайра-кайра үшкүрүнүп калат элем. Дүйнөнү, дүнүйөнү козгогон Дүйшөнбү деп...

Ал келин экөөбүздүн шыпыргыларыбыз деле окшош, учтары барпайып. Каалга-дубалдарды жууп-сүрткөн чүпөрөгүбүз деле бозоргон боз кездемеден. Биздеги айырмачылык:

Ал жогорку, 5-кабаттын тазалыгына милдеттүү, кийимдерин алмаштырган иш-бөлмөсү да ошол жакта; эки чакасы катуу, темирден жасалган.

Мен эң төмөндөгү, жарактуу жана жараксыз жыгач эмеректер сакталган (токтоткула дегениме болбой, чычкандар укумдап-тукумдап жашаган) жертөлөнүн тазалыгына жоопкермин, 0-кабат десем болот. Орус туугандар мындай жерди “подвал” дешет экен; урунган чакам бирөө эле, жумшак, каучук чака.

Кесиптешим экөөбүз бош убак болсо божурашып сүйлөшүп, түштө чогуу шам-шум этип бири-бирибизге көнүп алганбыз. Дүйшөнбүдөн кийин анын көзүнө эмнегедир, “мокочо” көрүнүп калдым. Жаныма жакын басып келмек түгүл, салам айтканымды уккусу жок. Ага эмне болду? Алакандай “Мактоо баракчасы” жана 400 сомдук (купюра) – Кагаздар биздин жылуу мамилебизге чок таштагандай ушунчалык күчтүүбү? Барктуубу? Баалуубу? Кыйынбы? Бирдемкеси бар го... Этегин тыңыраак тарта албай жүргөн ушу мага көрө албастык болсо... Анда, атагы таш жарган таланттарга ырахмат, баардыгына чыдаган! Суктандырган сулууларга дагы ырахмат!

Ыраматылык, чоң энемдин бир жолку айткан сөзүн нечен жыл өткөндөн кийин, элейип эми эсиме түшүрдүм. Кыраакы жан, азыркы абалга тушугушумду сезгенсип, айтаар сөзүн алдын-ала ошонделе айтып койсо керек. Мындай деген эле: – Турмушуңда күтүлбөгөн өзгөрүү болсо, жакшы жылыштын жарыгы жанса. Ошондо сенин тегерегиңдегилер ортолоруна чагылган түшкөндөй “чарт” экиге бөлүнөт. Сага чын пейилинен боорун төшөгөндөр жакшылыгыңа кубанышат. Ал эми арамзалары касташууга өтөт...

Дүйшөнбүдөн кийин “Каралоо баракчаларына” ээ боло баштадым. Ал колго кармалбайт экен. Кулагыма гана тынымсыз “илинүүдө”. “Мактоо баракчасы” бирөө эле болсо, “Каралоо баракчасы” дегеле түгөнчүдөй эмес, санаганга жетишпейм. Зергер, уста акелердин бирине баргым келет, “коргошунуңуздан ээритип туруп кулагыма куюп бересизби?” деп.

Миз – кан көргөнчө, жан алганча жалманып кылыч менен канжарда (дагы бир нерседе бар, аны булардын катарына кошууну каалабайм, биздин тамак-ашыбызга керек) эле болот деп жүрүптүрмүн. Жалаңдап жалмап салчудай миз – кээ бир адам баласынын оозунун ичиндеги тилинин учунда, эриндерге бекинилүү болот турбайбы.

Акыры буюктумбу? Буулуктумбу? – Аңгырап кенен, шыпырып бүткөнчө эле шалдырап, шайым оойт, – деп наалып жүргөн жертөлөмдөн бут коёрго жай таппайм. Ишимди да жасагым келбейт, олтургум, тургум, сыртка да чыккым келбейт. Кантсем? Бомбадай “ба-ааааң” этип жарылсамбы? Жарыла албайм. Майда чаңдарга аралашып чаңызгып кетсемби? Ал да болбойт. Шыпыргым менен жерди чапкылап, каучук чакам менен асманды ургулагым келет. Эмне болуп жатам? Эмне болуп жатам? Мурда “Асманда Кудай бар, үстүбүздөн бизди карап турат” деп өйдө карап жалынып турчу элем. “Бизди көтөрүп турат” деп Жерге ызаат жасачумун. Эми болсо бирин чапкылап, бирин ургулагым келип турат. Жертөлөдө мен эмес эле, Желмогуз олтургандай. Бир колума шыпыргымды, бир колума чакамды көтөрүп коридорго чыктым. Эч ким көрүнбөйт. Жымырайып жымжырт. Күүлөп туруп шыпыргымды жерге чаптым, жерди чапкылагым келгендегиси. Чакамды кош колдоп туруп болгон күчүм менен өйдө ыргыттым, асманды ургулагым келгендегиси. Чакам потолокко “тарс” тийип, кайра башыма кийилип түштү. Башымдан чыгарып, чирене маңдайды көздөй ыргыттым. Электр линияларынын чебери, Кемел мырзанын тыпыйган бөлмөсүн “кайтарган” эшигине “карс” этип тийип чачырап сынып түштү. Ызаам ашынса да акыл-эсим ордунда эле. Тикемден-тик турганым менен бутум кыймылын токтотту. Карээгим “токмок жеген эшикте”. Кемел мырза сактангансып, кооптоно эшигин кичине ачып жылчыктан көзүн жүлжүйтө аңдыды. Анан кененирээк ачып, ак чачтуу башын чыгарды. Мени көрдү. Өңү купкуу болуп жаныма чуркап келди. Дароо эле чачтарымды сылады. Чака кийилгенде саксайса керек.

– Ким ал?! Кайда качты? Иш убагында, коомдук жайга келип сага кол салгандай кандай акысы бар экен!?! Кийими кандай? Бол айт! Азыр артынан жетип барам! – ызырына жеңдерин туруп, шымынын багелектерин бүктөп калчылдап атты.

– Тынч эле. Эч ким тийген жок, – деп айтайын десем тилим күрмөөгө келбей, тамагым буулгансыйт. Кайра ага таң калгансып, жалдырап карап турам.

Аңгыча эле, Алан (плотник) кычкач-балкаларын кармаган бойдон жетип келди.

– Комендант тилдедиби? Ага капа болбо! Ачуусу бат болгону менен алтын киши. Улуу экенибизге карабай Кемелди деле, мени деле тилдей берет. Сөгүп да ийет. Кайра кечирим сурайт. – деп ал да эч нерсени түшүнбөй эле мени соорото баштады.

Жеми тамагында турган жөжөдөй үрпөйүп ага да түшүндүрүп айта албадым. Кемел мырза болсо ким бирөөгө ачууланып, мушташууга даярданып аткансып шымаланганын токтото элек. Кайдан-жайдан имараттагы телефондорду оңдогон жаш жигиттер да пайда болуп калышты.

– Сүйгөнүңүз жөнүндө жаман информация уктуңузбу?

– Ии, эже эмне болду? – деп кейип-кепчигендей суроо салышты.

Эң биринчи жаныма келген Кемел мырза аларга бакылдап коё берди.

– Сүйүү, информация дейсиңер! Эси-дартыңар башкада... Бир киши биздин кызыбызга кол салды! Урган экен, кудай жалгап, кызыбызга тийбей менин тигил эшигиме тийди. Радиону өчүрүп чыкканымча эле ың-жыңы жок качып жоголуптур. Кармагандабы! Кежигесинен карыштыра мыкчып туруп жанчмакмын! Тим элеби! Тим эле... Силер дагы эшигиңерди бекитпестен жертөлөдө өз жүрөбү, бөтөн жүрөбү деп байкоо салып турбайсыңарбы?!

“Мага кол салган бир киши” жөнүндө Кемел мырзанын жоромолу жүзүмө ырсаюуу тартуулап, бутумду иштетип, тилимди күрмөөгө келтирип салды. Анан эмне! Мен үчүн күйүп-бышып атса.

– Буушайман болбоңуздар... Эч ким кол салган жок. Бара бериңиздер. Өзүмчө эле... – деп тегеректеп алган төртөөнү тегерете карап жерде жаткан шыпыргымды алдым да ортолорунан жара өтүп барып чакамдын сыныктарын колума чогултуп бөлмөмө кирип кеттим. Алар турган-турган жеринде мени ээрчий караган бойдон калып калышты.

***

Бугум, буулукканым чыгып, дубалда жөлөнүп турам. Мага нааразы болгонсуган шыпыргым башын үч бурчтуу кылып улагада жатат. Анын жанында каучук чакамдын сыныктары. Сыныктардан муңдуу добуш сызылып чыгып, мага шыбырай сүйлөп жаткансыйт:

– Үндөбөстөн неге тополоң салдың? Оң колуңдан түшүрчү эмес элең. ”Жансыз буюмду да капалантпашыбыз керек” – деп ким бирөөгө айтканыңда жаныңда, оң колуңда кармалуу эмес белем, эсиңдеби? Укканымда ичимдеги муздак суу да жылый түшкөн. Күтпөгөн жерден ыргыттың. Кулагым үзүлдү, жүлүнүм талкаланды... Ага салмактуулук, токтоолук менен чыдап койсоң болмок. Кудуретиң жетпеди. Мени атайын талкалаган жоксуң. Ошон үчүн сени эч айыптабайм. Кайра сени аяйм... Сен эми мени, бир чакаңды эстеп алып ар дайым кыйнала бересиң. Бул мүнөз сенин жаның менен кошо бүткөндүктөн түбөлүккө кыйналасың го. Эми сага жардам бере албайм, мүмкүн да эмес. Мен талкаланып жок болуп эле кетпей, сага жарат болуп жабышып калаарыма өкүнөм. Бүгүндөн баштап жоготкондоруңдун, издеп жүргөндөрүңдүн, кайта кайрый албагандарыңдын катарына мен – бир каучук чакаң да кошулду. Ушу мени да унута албай мындан ары өзүңдү-өзүң жемелеп, жеший бересиң. Акыркы, алсырап бараткан үнүм менен коштошоюн, кош...

 

3. Энеке

Анда башка жерде эмгектенчүмүн. Жетекчим бир районго 12 күнгө жөнөттү. Колума 2 сумка карматты. Ичиндеги баракчаларда бакыйган бир кишинин сүрөтү жана өмүр баяны жазылган, аягында депутат болсом тигинтем-минтем деген убадалары. Аны мен ал райондун борборундагы ар бир үйгө кирип 12 күндүн ичинде таратып, таратып эле тим койбой аны мактап-жактап шашылбай, эрикпей түшүндүрүшүм керек экен. Ал жактагылар менен алдын-ала сүйлөшүп, таратуу убактысын да белгилеп коюптур. Эртең мененки саат 9дан баштап кечки саат 5ке чейин, кадимки жумуш күнүндөй. Жата турган жайым да даяр экен, күтүп атыптыр.

Мени тосуп алган шайлоо комиссиясындагы жигит мейманкана (жок болгондуктан) ордуна ким бирөөнүкүнө ээрчитип жөнөдү. Жолду катар сүйлөшкөн сөзүбүз аткаруучу ишибизге байланыштуу болду. Жайык өзөн аркылуу өтүп, дөңсөөдөгү үйгө бардык. Дарбазанын коңгуроосун басканда эле бизди күтүп тургансып, жашы жетимиштен ашкандай көрүнгөн, бирок, койкойгон түп-түз турпаттуу аялзаты ачты. Жакшынакай көз карашында карылыктан талашкансып жаштыгы турат.

Тигил мени ээрчитип барган замандашым аны менен саламга келбей эле (же “Энеке!” деп кайрылганынын ичинде саламы да жатса керек):

– Энеке, айтып аткан кызыбыз келди! Сизге эрмек болот. Бирге басып, бир айылчылайсыздарбы өзүңүздөр билесиздер. Колуңузга тапшырдым. Сизди болсо Кудайга тапшырдым. Мен шашылышмын, –деп, көтөрүшүп келген сумкаларды колума карматып коюп эле кайра артка жөнөдү.

– Карасаң кызым, карып баратыптырмын. Нан ооз тийип кет дебей калган турбаймынбы! Бурулуп кеткенден кийин айтышым уят, – деп сөөмөйлөрү менен эки жаак этин чийип койду да, – мейли эми, жүр мейманым, үйгө кир, – деп жол баштады. Алпейим жандын короосундагы ити да алпейим болот окшойт. Мага карап үргөндүн ордуна узун куйругу менен жердин чаңын чыгара чаап шыйпаңдап коёт.

Жеткирип келген жигиттин “Энеке” деп кайрылганы жагымдуу угулганынан мен да “Энекелеп” алдым. Тиги жигит тааныштырбай кетип калды да, өзүбүз тааныштык. Дароо эле уктоочу бөлмөсүнө, өзүнүн жанына мени жайгаштырды. Кийимдеримди салганга тыпыйган тумбочкасын бошотуп берди. Бүктөлүп турган шейшептерден алып кечинде жатаарыма да төшөк салып койду. Анан конок күтүүчү үйүнө чакырып, сүт кошулган куурма чайы, жумшак боорсогу менен дасторконун жазды. Абышкасы, бала-чакасы жөнүндө сурап алып ыңгайсыз абалга кептелдим. Энеке 17 жашында арзышып жүргөн Калыс аттуу жигитке турмушка чыгыптыр. Чогуу жашай башташканына 1 ай толо электе ал Улуу Ата Мекендик согушка кетиптир. Апаат согушту элибиз Жеңиш менен аяктаганына жарым кылымдан да ашып кеткен. Бирок, Энеке үчүн Калысы согушка кеткен бойдон “келе элек ” экен. Өзүн болсо ошондогу 17 жаштагы келиндей сезгени билинип турат. Жаш кездеги кылыгы кыймыл-аракетинде сакталып калган. Канчалаган жылдардан бери Калысын “келет” деп күткөнүнөн улам ойлоп койдум. Ишеничтен, Сүйүүдөн дагы Үмүттүн “өмүрү узак” болот окшойт...

Эртең менен дайыма тапшырылган ишти аткарууга кетем. Энеке мени самоварга кайнатылган сүт кошулган чайы менен узатат. Кечинде өпкө-жүрөгүн чаап, кагылып-согулуп тосуп алат.

– Ийе! Чунагым келдиңби? – деген жагымдуу сөзүн дайым короосун аттап киргенде угам.

Кээде ысымыбызды атабай, эркелетип чакыргандар бар эмеспи. Дайыма эле ысымымдын кайталана беришин каалабайм. Бала чагымдан мындай эркелетүүлөрдү угуп жүрүп көнө түшкөм. Алыбай-ата – Кара кызым десе, чоң энем – Булагым деп, таятам – Коёнум дечү. Эми болсо, Энекенин – Чунагым дегени кошулду. “Чунагым” дегенинин маанисин анчалык түшүнбөйм. “Улагым” деп айткандай кабыл алам.

Кечинде келгенимде бир дагы үй жумушун калтырбай бүтүрүп коёт. Идиш-аяктарын жалтырата жууп, короосун шыпырып. Энекени “күүлүү-күчтүү” деп айтууну каалабайм, анткени, бул карылыкка баш койгондорго карата айтылат. Энеке – шаттуу-демдүү! Демек, жаш эле. Ошон үчүн мени иш жасатпайт. Жасайын десем да колуман алып, заматта бүтүрүп салат. Өтө назик кыймылдаганы менен шамдагай.

Ар күндүн мээлүн кечи Энеке экөөбүздүкү. Күүгүм тынчып баратса, биз “ачылып” бараткан болобуз. Бакчасындагы бийик өскөн алчасынын алдында жайланышкан тапчанынын үстүндө жаңырган ырларыбыз ай! Созолонгон кайрыктар! Ырдаган ырларыбыздын эң алыскы угармандары кимдер, эмнелер экенин айта албайм. Эң жакынкы угармандарыбыз: алча, ага “жөлөнгөн” тапчан, 7 терек, казандуу кемеге жана шуулдап суу кайнаган самовар эле.

– Өмүр токтоп турат дейт. Дасторконду анан жыйнайын, – деп коюп ырдап баштайт. Үнүндө да жаштыгы сакталган, жылаажындай. Салыштырсам, меники карганын эле каркылдагы. Анымды сезсем да сезбегенсип обон созом. Махабатынын таттуулугун көзгө көрүнбөгөн аба да кошулуп даңктап аткансып Энеке менден өтүп шаңшыйт.

***

Ар дайым маңдайы жарыла жаркылдап жүргөн Энеке бир күнү кичүү абысыныкына барып, маанайы чөгүңкү келди. Сүт алып келүүчү идиши бош. Таңкы саандагы сүттөн берип тураар эле. Эгерде, абысынынын капа кылганы жөнүндө сүйлөнсө мен сооротууга жарамакмын. Энеке таарынууну, бирөөлөрдү жамандоону билбегени үчүн мага эч нерсе айткан жок. Айта да албайт эле. Бирок, эс-дүйнөсү эңшерилгендей. Кеч кирип, Ай чыкканча мурунку, жаркылдап жүргөн абалына келген жок. Кантип көңүлүн көтөрүшүм керек? Жүзүндөгү өчүп турган жылдызын жандырганга ичимден арга издей баштадым. Калп нерсени ойлоп таап айта салайын десем күнөө, таза адамга сиңбейт дагы. Теребелди суз карап, самоварына суу куюп, алдына от жага баштаган. Көңүлүн көтөрүүчү сөз дилимден өзү эле суурулуп чыкты.

– Энеке, өткөн өмүрүмдүн баарын эле эстей албайм. Кыпындай элеси жок жылдарды деле жашап коюптурмун. Аз күнгө келсем да, эми эч качан сиз менен бирге жашаган күндөрдү унутпайм. Сизден улам го, негедир ушул айыл мага бөтөнчө жакты. И-ии баса, дагы, билесизби, тигил Ай сиздин үйүңүзгө жап-жакын тийет экен. Бир башкача. Же үйүңүз Айга жакынбы?

– Чунагым ий, аа-аа, Ай кандайча башкача экен? – деп бир мени, бир асманды карап кыткылыктап күлүп кирди.

– Карасаңыз, Ай тигине, биз мына!

Чындык. Бул Энекенин үйүнө келген күнү эле: “Ай неге мынча жакын?” – деп аңырайып асманды карап суктангам. Таң калгам. Анан жыйынтык чыгаргам: “Дөңсөөдөгү, тоодогу үйлөр Айга жакын болоттур. Анүстүнө, адамгерчилиги бийик, жакшылыктан үмүтү үзүлбөгөн, көкүрөгү таза адамдардын жанында биз да бийиктеп кетет окшойбуз.”

Менин айтканыма Энеке укмуштуудай кубанды. Андай учурда уурутундагы уячалары дагы нарыраак жаагына кирип, көздөрү ого бетер сулуу болуп чыгат.

– Сенин багыңа Ай да чачырап тийип... Сонун мезгилде келбедиңби. Эми дайыма келип тур, бир Энекем бар эле деп. Мен дагы, шаарда бир кызым бар эле деп эми сени күтүп жашай баштайм. Алыстан мага көп деле адам каттабайт. Мени деле Эне кылып ал. Туура, келин алганда, бала төрөлгөндө “башыбызга баш кошулду” деп сүйүнөбүз. Кыргыздар байыртадан эле, ар кандай кырдаал болуп калганда башка бирөөнүн баласын да бала кылып, тууган кылып, башка энени – эне, башка атаны – ата кылып бапестеп алышкан. Эң башкысы жүрөктү чектебей кенен коюш керек. “Башыбыз бирикти” деген сөз бекеринен эл арасына сиңген эмес. Тагдыр, турмуш да кошот, бириктирет. Андай “бириккен баштарды” кейриштеп бөлүп сүйлөгөн, сындаган, сөз кылып эрмектеп өздөрүн бактылуу сезгендер да айланада өмүр сүрө беришет. Бирок, эң адилет тараза бар, Кудай деген! Бу дүйнөдө “тагдырымды өз колум менен жасадым” дегендерди аз көрдүм. Тээ үстүбүз тараптын буйругу кошулбаган эч нерсе жок. Ии-ий, кебимди узартып ийиптирмин. Ай жакын деп... Ай жөнүндө айтып жаттың беле? Ошондой, ооба. Көбү жакын бул үйгө. Калысым эле алыс. Келбейт дей беришет. Ишенбейм аларга. Ушунча жыл күттүргөндөн кийин Кудай бизди сөзсүз жолуктурат. Тигил дарактарга конгон паренделер да эң төмөн жагындагы бутактарына конуп алып жакындан сайрашат. Ушунча жыл жашап, Айдын үйүмө жакын экенин мен сезбептирмин. Тооба, сен айткандай, Ай тигине, биз мына... Жанында турбайбызбы...

Аз гана, үч жума эле жашаган күйөөсүн өмүр бою күтүп, 70 жашка жакындаган Энекенин Ай жарыгындагы (жанындагы) мээримдүү, үмүттүү турпатына салыштырганга – татынакай нерсени таппай келем.

***

“Күйөөгө тийбеген же баласыз аялзатынын баары эле мээримсиз, ташбоор, өзүмчүл болушат”, – дешкендерге күбө болгом. Мен мындай кептерге эч качан кошулбас элем. Болгону аз эле күн жүргөнүм менен, жөнөкөй эле күнүмдүк тирикчилигинде Энеке адамкерчиликтин не бир сонун үлгүлөрүн көргөздү. Жетекчиме эми ыраазымын, ага каяша айтып, ыргылжың болуп жатып Энеке жашаган жерге араң келдим эле. Дагы мен дал өзүндөй сүрөттөп айта албай турам. Энекеге жанагындай жаман сөздөрдү жакындатпайм. Апакемдин мага чачкан чексиз мээримдеринин бир учкунун – ал Энекеден да сезгем. Бир жолу келатып аңга кулап түштүм, чыканагым кичине ачышкан. Келээрим менен “сыйрылган терим” үчүн кыймылдатпай жаткырып, бинт менен таңып, жаныма тамагын көтөрүп келип жегизип, “эртең да байкабай түшүп кетпе, иниме айтып аңды тегиздетип келейин” деп караңгыга кайыл болуп сыртка чыгып кеткен Энекени унутуп калууга акым жок.

Ага турмушу окшошпогон: күйөөлүү, 8 балалуу аялзатынын көз алдымда калган бир жолку мээримсиз мамилесин эстей берүүгө да акым жок эле. Бирок, көңүлдөгү кара так өчпөйт экен!..

Ошондо, Мунар, Ширин, мен болуп ээн талаада куушмай ойноп жүргөнбүз. Кокустан жалпак таштын шиштүү учу Мунардын бутуна кирип кетип, кан токтобой ага баштады. Ширин Мунардын бутуна топурактарды уучтап келип сыйпады. Мен чөптөрдү үзүп келип үстүнө жаптым. Шырылдаган кан биздин аракетибизди тоотпостон ага берди. Ошол маалда Шириндин апасы келип, Мунардын бутун кайдыгер гана карап коюп, жардам бермек түгүл, эмне үчүн канап атканын сурап да койбостон Шириндин колунан жетелеп унчукпай басып кеткен.

Андан 4-5 күн мурун балдардын “Байчечекей” журналынан Индия элинин Балдарды Коргоо министри – Ромеша Чандра жөнүндө окугам. Сүрөтү да чыгыптыр. “Бизди коргойт экен” деп ичимден кубангам. Ал инсан өз эл-жеринин балдарын коргоорун ал мезгилде түшүнбөптүрмүн. Көзүнөн жаш буурчактап аккан Мунардын жанында туруп алып алыс жолдогу караандарды күтүп, арасынан бизди көздөй бурулуп Ромеша Чандра жетип келүүчүдөй жол карагам. Мунардын бутун өз колу менен айыктыраарына ишенгем.

Тагдыр – кичинекейлерди деле курдаштарынан ажыратканы өтө кейиштүү. “Көк асманда көк боёк... ” деп, так секире ырдаган Мунар эле.

“Көк боёктор” жерге түшүп, бир бутунан “кызыл боёк” көп аккан Мунар кызды өздөрү жашаган тегерек-чети жок чексиздикке түбөлүккө алып кетишкен.

***

Ал Энеке экөөбүздүн ортобузда күлкү аралаган да окуялар болгон. Он чакты индюгу бар эле. Жөнөөрүмө беш манжа менен эле санай турган күн калган.

– Индюктар жумуртка туубай... Жеп кетсең болбойт беле. Тооктукуна караганда берекелүү, витаминдүү. Айылдагы тааныштардын индюктары бар, бүт эле ургаачы болуп жатат. Жакын арадан бу коңшум, аксакалдыкында эле бар, эркек индюк. Анысы да тоокторунун арасында. Эч жакка чыгарбайт. Кургурга зейним кейийт. Кээде куйруктарын жайкалтып жайып алып укмуштуудай азалуу куркулдайт дейсиң. Адам эле эмес айбан да жанында турууга чыдабайт... – деп, кабагы саал-саал жыйрылды.

– Сиздин индюктарыңызга кошуп койбойбу. – дедим.

– Дурус иш кылмак. Жаны бейиште болгур, байбичеси Пери тирүү болгондо өзү эле түшүнүп киргизип бермек.

– Аксакалдан деле сурай бербейсизби?

– Айе, бир жолу сурагам.

– Бербей койдубу?

– Өтө тамашакөй жан да. Кайра мага сөз ыргытат...

– Кандай мааниде?

– Тентек десе... “Жеңе, кокустан өзүңүзгө короз керек болуп жаткан жокпу?”– дейт. Тамашасынын аягына чыкканча эле чыдабай жылып жөнөгөм. Эт-бетим ысып, кирерге жер таппай жаман болбодумбу. Калысымдын алысыраак тууган инилеринен. Тең курлуубуз. Элүү жылдан бери “жеңекелеп” мени менен икая айтышып, азилдешкиси келе берет. Азилин түшүнбөгөн аңкоо болумуш этип кутулам.

– Индюгун азыр мен барып сурап келейинби?

– Тим эле коё туралы. Биринчиден мейманымсың. Экинчиден кызындай, керек болсо небересиндейсиң. Жалгыз индюгун бербей койсо же сени да тамашага чалам деп ашыкча сөзү чыгып кетсе назарың сынып түшпөсүн. Кичүүлөрдүн жаңылыштыгын улуулар кечирип коюшат, “курчтук кылып ийди”, “жаза басып алды”, “жаш да, жымсалдабай айтып салды” деп. Улуулардын жаңылыштыгын кичүүлөр кечириши кыйын. Кандай сөз менен алаксытып кечиришет? Сурабай эле коёлу индюгун, өзүң айткандай “Айга жакын үйдөн” бейгам кетип, бейгам келип жүр. Жалгыз бой турмуш – согуш башталгандагы жаштыгымдан азыркы карылыгыма чейин жандап жүрөт. Жалгыз бой жандар ар кандай абалга кептелишет. Муштумдай булуттун көлөкөсүнөн эле үшүп... Булактын шылдыраганы да шылдыңдап жаткандай туюлат...

– Сиз жалаң ургаачы индюктарды калтырып, эркектерин жок кылып койгонсузбу? – деп Энекени “темабызга” бурдум.

– Былтыр эле балапан кездеринде сатып алгам. Андайында билинбейт экен, чөбүрөшүп баары эле сүйкүмдүү...

– Тооктордуку билинип турат. Короз боло турган жөжөлөрүнүн муйтуйган, чымчым куйругу болот. – деп билерман болдум.

– Элес албаптырмын. Мурдараак эле айылды түрө кыдырып таап келип индюктарыма кошуп койгондо, эмдигиче... Кең-кесири жумуртка жеп кетмек экенсиң.

– Эч нерсе эмес, Энеке. Мындан ары ушундай мүмкүнчүлүк болуп калса эле сизди көздөй сызып жөнөйм. Ага чейин жумурткалашат да...

– Мүмкүнчүлүктү күтүп жүрөсүңбү! Жума күнү эле кечинде баса берсең. Ишемби күнү тигил, дарыянын жээгинде басабыз. Туугандарымдыкына кыдыртам. Жекшембиде чоң жолдун жээгинен эле узатып коюп турам. Кандай машина болсо да токтойт, “байкуш, кемпир тосуп турат” деп. И, баса, бүгүн тигил мектептин жанындагы эң кичүү кайнимдин аялы өзгөчө кубантты: “Шаардык кызыңыз кетээр күнү аялдамага саат канчада бараарын мага акырын айтып коюңуз. Нукура айылдын тамактары менен узатышайын. Билдирбеңиз “сюрприз” да болот.” – дейт. Жакшы нерсени эмнеге билдирбейм? Мага көргөздү, сүзмө куюп коюптур, каймак чогултуп атыптыр, дагы бирдемкелери бар го. “Сюрприз” дегени эмнеси?

– “Билдирбеңиз” дегени ошол Энеке, “сюрприз”. Ал эже жанагыл сүзмө, каймактарын колума алып келип карматканга чейин анын узатышаары, мага эмне берээри жөнүндө укпашым, билбешим керек эле. – деп шылкылдап, күлкүмдү көпкө токтото албадым.

– Шерменде болгон турбаймынбы!? Эми барып Сакенге айтып келейин, “сюрпризиңди” билбей айтып алыптырмын деп.

– Эч нерсе болбойт Энеке, убара тартып барбай эле коюңуз. Ага таарынбаса деле керек. – дедим.

– Таарынбайт дечи. Туура эмес иш кылдым да, барып кечирим сурашым керек. Бат эле келип калам.

Энеке кайнисиникине болбой атып кетип калды. Барган, келгени менен бир топ эле алыс басат. Мен жалгыз калып калдым. Бир маалда эле биз сөз кылып алган, “эр табылбаган” индюктар чурулдашып киришти. Кымгуут-кыйсыпыр салып жатышкандай. Жер силкингени жатабы, жан-жаныбарлар алдын-ала билишчү эле деп шашыла сыртка чыктым. Тиги ирегелеш жашаган аксакалдын жалгыз индюгу “эркиндикке” чыгып алып, Энекенин ургаачы индюктарынын арасында кып-кызыл мурунун салаңдата ылдый түшүрүп, канаттарын жая, каалашынча кербезденип жаткан кези экен. Ортодо бөлүп турган темир тосмону ашып учуп түшсө керек. Энеке зейини кейип айткандай, “кургур”. Жалаң тооктордун арасынан жадаган да.

Энеке келээри менен “сүйүнчүлөдүм”.

– Энеке, сизге сонун жаңылык айтайынбы?

– Айт, айт, өмүрүң узун болгур!

– Индюктарыңыз эми тынбай тууп баштайт...

– Тууп баштайт?

– Тууп баштайт! Аксакалдын индюгу тосмодон ашып өтүп, сиздикилердин бирин калтырбай зордуктап жатат. Жүрсөңүз, көргөзөм!

– Чунагым ии-ий, антип айтпайт. Көп нерсени элебеген, байкабаган мүнөзүң бар үчүн Чунагым дейм да, Чунагым дейм! – мени кармай жөлөнүп алып бүт денеси менен сүлкүлдөп көпкө күлдү. Андан мурун мен да ошентип күлгөм, сюрпризди – “сюрприз кылбай койгон Энекеге.”

– Күйөөлөдү дешим керекпи?

Жоолугунун байланган учу менен күлкүдөн аккан көзүнүн жашын аарчып бүтүп жай сүйлөй акырын гана:

– Кыргыздарда жаныбарларга, канатууларга, адам баласына тиешелүү өзүнчө айтыла турган сөздөр бар. Арман!.. Биздин муун кандай гана нарктуу, таттуу сөздөрдү аталардын сөөгү менен кошо жерге тапшыргансып унутту. Кийинкилер андан бетер. Эми силердин муун! Бири кем дүйнө! Баалуу сөздөрүбүз басаңдап, көмүлүп эле бараткандай. Казылып чыгып, калыбына келээр... Кандан-канга, жандан-жанга өтүп жашаган тилибиздин байыртадан эле касиеттүү экенине таазим этип жүр. Бир эле маанидеги түшүнүктү: Кайрымдуу, Боорукер, Мээримдүү – деген жанга жагымдуу сөздөр менен билдирет кыргыз, мисалы да...

– Энеке, ак чөп башта! Айтсаңыз анда, зордуктады дебегенде эмне дешим керек???

Күлкүсү өчө элек жүзү менен мени “жалт” карап алып, бир нерсесин жоготконсуп кайпалактап:

– Ап-пей ботом, сени күнөөлөп коём. Таппай атам... Алжый баштагамбы? “Коңшу аксакалдын индюгу Энекемдин индюктарын кууду” деп турчу, азырынча...

 

4. Таш

Үстүнөн өтүп баратып алдындагы аккан сууну дайыма эңкейип карап коём. Суу экөөбүздө кандайдыр бир жакындык бар, “окшошпуз”. Мелмилдейбиз, шарылдайбыз, ылайланабыз, тунабыз...

Араба-машиналардын дөңгөлөктөрүнө, эки-төрт буттуулардын тамандарына тебелетпей алдындагы “мага окшош сууну” калкалаган – көпүрө. Бу өйүз менен тиги өйүздү эле бириктирбестен, мурунку дүйнө менен азыркы дүйнөнүн ортосун да байланыштыргансыган көрүнүшкө ээ. Эзелкидей эскирген. Куруп-салып кеткен аталарыбыздын маңдай терин урмат кылгандар чыккандыр, өз замандарында. Ал эми, астын “бели” менен аярлап, үстүнө “боорун” тоскон, эзелки көпүрөнүн эмгегин баалап, үнсүз даңктагансып, жанында кара таш жашачу эле. Бир четинде же бир учунда десем болот. Калдайып, көпүрөгө караан, кайтаруучу болгонсуп. Ким бирөөлөргө көркүн бузгандай көрүнгөнбү? Башка маселеден уламбы? Таш азыр ордунан козголгон. Томолонуп кулаган бойдон томсоруп сайда жатат. Майда-майда туугандарын баса жыгылып.

Буга кимдер күнөөлүү? Жолду оңдоо тармагында иштегендер же эл өтүүчү көпүрөнү да менчиктеп алган бир “менчик-мен” чыккан. Килейген тракторду (бульдозер) дүрүлдөтүп айдап ичинде бирөө келди. Жандаган жеңил машина менен эки мурутчан киши келди. Алар жерге түшүп узуну мурутун, кыскасы белин кармалап карап турушту. Дүр-дүр этип үнүн баспаган трактор темир мурдунун күчүнө, аны башкарган айдоочу колунун кыймылына таянып заматта эле жанагы ташты сайды көздөй ала салдырып жиберишти. Өзөктү өйүткөн бул көрүнүшкө күбө болуу да маңдайыма жазылыптыр! Байкуш таш, көпүрөбүзгө күнү-түнү эрмек болуп, көркүнө көрк кошуп гана турчу эле.

Кайсыл бир эл, балдарына бир жолу карматып ойнотуш үчүн жердеген жеринен бармактай да таш таба алышпайт имиш деп уккам.

Азыр мен жер бетиндеги чоң, кичине таш аттууларга да таазим этип турам. Жанагинтип күчкө салып эле ийбесек... Таштар тегерегинде өскөн ийнедей ичке чөптүн, курулган курулуштун же казылган ийиндин жанынан жарым карыш да жылып кетишпейт. Буларда кетип калуу, жанындагысын алмаштыруу, таштап кетүү деген жок. Улуу Жаратуучубуз ташты жасап атып кайра өзү таңданган болуш керек, “туулбай жатып” туруктуулугуна, бекемдигине. “Баары бир пайдаланбайсың” деп, ошон үчүн учуп кетүүчү канатын, жайылып кетүүчү тамырын, басып кетүүчү бутун жасабай тим койгондур.

Мени менен кошо сизди да кейишке салган, көпүрө жанындагы таш ошентип төбөсүндөй көрүнгөн, шоңшойгон жагы менен сайга сайылып түштү. Сайда эмес, кырда, көпүрөнүн жанында жашоону каалагандыр. Адам балдарына көпүрөнүн жанында салам айткансып тосуп алып, калдайган карааны менен карап узатып. Түртүлдү таш...

Сырдашым да (сырдашым – жигит) бир жолу түртүлгөн, кол менен түртүлгөн. Аным акылдуу, бирок, дагы эле айласыз момун. Дилине кир жолобойт. Автокырсыкка кабылгандан бери таяк менен басат. Бир жолу алты саны аман таанышы ачуусун андан чыгарып, тоголото түртүп жиберген. Ортого түшө калып, сырдашымды калкалап жыгылтпай алып калууга жараган эмесмин. Боз-ала чаң болуп жатканда тургузганым кеч эле. Сырдашымды жарым жан кылган автокырсыкты, тигил чоң муштумдууну деле айыптай албайм. Кырсык билинбей келип, ачуу да оңой менен токтобойт эмеспи.

Менин колумдан эмнеге эч нерсе келбейт? Жок дегенде, тоголонуп, жыгылып бараткандарды да сактай албайм. Качан керекке жарайм?

Оймо-сайма болгон ойлорум менен болсо баарын кыйратам: Ачкаларды тойгузам. Жыгылгандарды тургузам. Сынгандарды бүтөйм. Ажырагандарды бириктирем. Капалардын капасын жазам. Кызык...

 

5. Белен

Белен аттуу чүрпөнүн жарык дүйнөгө келишин белгиледик. Белендин анда 1 айлык болуп курсакта калганын атакеси баш болуп, бирөөбүз да билбептирбиз.

Атакеси токой чарбасында иштейт. Февраль айынын башталышында каада көрсөтөйүн дегениби? Сыягы, башка айымга алаксыган... “Мени кызганбайсың” деген шылтоо менен чыр баштап анан бир-эки сыйра кийимин колтуктап, кабагын карыш салып келинчегинин алдына келет:

– Кеттим... Токойдо жашап-иштейм, – деп күңк-мыңк сүйлөнүп жөнөөгө камынат.

– Токоюңдун каеринде? Дайын-дарегиңди айтып кетпейсиңби... – дейт анысы да тоотпогонсуп.

– Аякта көчө болмок беле! Дайын дарегим – Токой! – деп күрсүлдөп чыгып кетет.

Жубайы да өчөшүп артынан “издөө” салбайт.

Айлантып 6 ай өткөрүп атакеси кече эртең менен “каркырадай кайтып келиптир”. Арып-ачып келсе үйү бек. Кыздары го белгилүү, мектепте. Аялы кайда? Коңшуларынан сурайт. Сүйлөшүп алышкансып жалаң эле кожойкелери чыгышып оозу-мурдун бүлкүлдөтүшүп оңгулуктуу жооп беришпейт. Жакында эле той өткөргөн үйдөгү жаш келин гана үлбүрөп, колу менен жаңсап төрөт үйү жакты көргөзгөнгө араң жарайт.

Төрөт үйүнүн дүпүйгөн багынын арасында көптөн бери көрө элек достору, коңшулары (кожоюндары гана), дагы башка бейтааныштар үймөктөшүп турган жеринен тигини жазылышып, чачырай тосуп алышат:

– Охо-хоо! Токойчу! Бешик боо бек болсун!

– Салкын абанын эркеси!

– Кыйынсың кыдыргыч...

– Бу сен астрологсуң го? Кайсыл күнү аялың төрөп, канча күндөн кийин, саат канчаларда аялыңды чыгараарын билген! – дешип бажылдашып, бажакташып “токойдон узакка келбей койгон” мырзаны көкүрөктөрүнө сыга бирден кучакташат.

– Түшүнбөдүм... Менин аялым минеге төрөйт? – жана эле жайдаңдап келаткан “токойчу” жүзүн өзгөртүп, обу жок тамашалашып жатат дегенсип, аларга жактырбаган түр көрсөтүп четке жылып, бөйрөгүн таянып туруп калат.

– Эй, сен эмне бу жерге келдиң анда? Дөөдүрөбөчү! Сенин аялың төрөбөгөндө менин аялым төрөптүрбү? – деп көзүн алайтат, мурда классташ, кийин курсташ, азыр кошуна болуп жашаган эң жакыны.

– Токтоткулачы! – бакырат, эки жакка басып. – Мен токойдо 6 ай жүрдүм, иш деп! Кетип жатканда аялымдын боюнда 3 ай болуш керек эле да, анда... Эчтемкеси билинчү эмес. Токсикозу да. Анан кандайча? – деп нымшыган чекесин аарчыйт.

Ак халатын чечип жанындагы мөмөсү бышып турган малинанын үстүнө коюп койгон, колуна шарап куюлган чөйчөк кармап турган – төрөт үйүнүн башкы дарыгери кызара туталанып, мушташууга даяр турган кыймыл-аракет көргөзүп, айлананы жаңыртат :

– Сен, эй! Уяты жок десе... Алжактан Кудай ура турган немеге айланып келгенсиңби?! Бала сөзсүз эле 9 айлык болуп төрөлүш керекпи!? Аялыңдын боюнда 1 айлык учурунда калыптыр. Сен деген 6 ай жоголдуң... Ошондо 7 айбы? Балаң 7 айлык болуп төрөлдү. Текшердик, ден-соолугу чыйрак, кадимки 9 айлык баладай. Кайра жалынып, көзүбүздү карагандын ордуна керсеңдеп бизди кекетесиң, келесоо десе... Мендей акушерлерге да убал жок! Гипократтын анты урсун, эгер сөзүмө турбасам! Үйүмө алып кетип калам балаңды, сен бала кылбасаң мен бала кылып алам! Уулум жок эле...

– Уул? Уулбу? Уул бекен? Кечиргиле, сөзүмдү кайра алдым... Жанале уул дебейсиңерби... Айланайындар, жаңылсам кечиргиле! Түшүмбү же өңүмбү? Апам уктубу? – деп “токойчу” акылдан адашкансып ойду-тоону сүйлөп карбаластап кирет. Эсине келе калып шап дарыгердин моюнуна асылып өпкүлөп, анан тигил коңшуларын, жолдошторунун бирин калтырбайт. Аягында актана баштайт.

“Токойчу эле” эми “маскарапозго айланып кетпесин” деген тымызын ойго бирдей чуулганып алышкансып беркилердин ачуу, жиндери заматта таркап кетет.

Шарап мелтиреп толгон чөйчөктү колуна карматышат. “Төрөлүү майрамы” эми күчүнө киргенсип уланат. “Токойчу” уулун көрбөй жатып эле чөнтөгүнөн тутамдап акча сууруп чыгып, куттуу кабар айткандарга бөйпөлөктөп “Сүйүнчү” – “Көрүндүк” таратат. Анысы аз болгонсуп, төрөт үйүнүн “Чоң атасы” аталган – башкы дарыгерге тирүү карышкыр, өтө жакын кошунасына тирүү аюу, калгандарына түлкү, аркар-кулжаларды токойдон жетелеп келип берээрин жарыялайт. Жарыясын бышыктайт, “сөз эле дебегиле, бирден жетелеп келип карматам, эгер айтканыма турбасам...” деп карганып да жиберет. Уул жана уул аркылуу “Баалуу байлыктарга” ээ болушканы үчүн топтошкон мырзалар чөйчөктөрдү бошотушат.

Дагы бир сыйра шараптан толтуруп куюп чыккан досу өзү сөз алат:

– Тилибизди ук эми. Келбесең эмне кылат элек? Эмне кылып алат элек? Келинчегиңди өксүтпөйлү, сени жоктотпойлу деп... Жоро-жолдошторуң минтип чогулдук, чыгарып кетиш үчүн. Ушунча болду, азыр эле, биротоло уулуңдун ысымын коёбуз. Эгер макул болбосоң карышкыр, түлкү, аюуларыңды албайбыз, дос! – деп жанындагыларга карайт, силер да коштогула дегенсип.

– Маселенин маңызы туура...

– Кетем десең кетип, келем десең келип... Чыныгы эркиндик сенде болду. Азыр эркиндик бербейби-ииз...

– Карт жигит болуп 45ке чыкканда уулду болсоң, бирок, сенден мурун уулуңдун мурдун биз өпсөк... Анан ысымын биз койбогондо ким коёт? Акыбыз аттын башындай! – дешет.

Бат эле мас болуп калган атаке терисине батпай:

– Каалашыңарча, каалашыңарча... Жаны аман болсо болду. Керек болсо онуңар он ысым таап метрикасына жаздырып койгула. Уруксат бербедимби, жан биргелерим! – деп жаш баладай так секирип токтобойт.

– Атасы келген күнү төрөлдү, Келдибек коёлу, – дейт бирөөсү.

– Согуштан келиптирби, келсе досубуз токойдон келди да. Элибиздин асыл уулдарынан болсун, Асыл деп коёбуз.

– Таптым, таптым! Энесинин этегинен түшөөр менен атасын баш кылып, башкы врачты төш кылып, аяш аталарын ушул куттуу жерге чакырып алды – Чакырчак коёбуз. – дешип ар кимиси бөбөктүн ысымын койгонго аракеттенишет.

– Тамашаны токтотолу, туугандар, ысым коюлуп жатат, – дейт, салабаттуу тартып, “тирүү карышкырлуу” башкы дарыгер.

– Жарайт, жарайт, тартипти сактайлы.

– Жигитти көп күнөөлөбөйлү. Жашыл тоолорду “мекендеп” келди, ал жакка кетпесе уулу төрөлгөнчө чыдабай, чыдамы кетмек. Ырас эле кылыптыр. Эми жаркырап-жайнап жаныбызда. Анысын аңдабай менин аялым туталанат, өзүнүн күйөөсү башка бирөөгө кетип калгансып. А дейбизби, бу дейбизби... Буга чейин эч нерсе сезбесе, досубуз. Жүрсө, арча-кайыңдын арасында. Келсе эле көксөгөн уулу белен. Ошон үчүн ысымы – Белен болсун! Илимий жактан алганда да, бул ысымда ийгиликтердин, жакшылыктардын баары жолунда даяр турсун, белен турсун деген тилек жашырылган. Колдойсуңар деген ойдомун. – турган турпаты менен аксөөк кошунасынын ушул сунушу баарына жагат. Илимге байланыштырып жибербедиби.

– Зап кана таптың да!

– Белен – атасы менен биздин эле уул эмес, элдин уулу болсун!

– Ма-ма... Макулмун секеттерим! Макулмун, айланайындар! – Белендин атакеси эки колун өйдө көтөрүп, көзүн жумуп, буттарын тыбыратып астейдил тегерене баштайт: – Мага музыка! Музыка гана жетишпей турат! Кайда азыр музыка!?! Эми бийлеш гана керек! Вальс, танго, твист, полька, ча-ча-ча...

– Музыкага кечинде бийлейбиз, досум... – деп күлмүңдөйт, жанындагылардын бири.

Аңгыча эле, бөбөктү аярлай көтөргөн ак халатчан айым, аны колтуктап алган алсыз келинчеги жандарына акырын басып келип, катарлай туруп калышат. Өзүнүн денесинин ичинде “жаңырган музыкага” эле тегеренип бийлеп жаткан, татына бөбөктүн атакесине тигил айым назик үн менен кайрылат:

– Токтоңуз, токтоңуз эми, уулуңуз менен көрүшүп алыңыз... Бешик бооңуз бек болсун! – деп наристени аярлай алаканына сунат.

Ороо-чулгоодогу “биринчи тукум улоочусу” абадан эле пайда болуп калгансып, келинчегинин жүзүнө бир бурулуп карап коюу да оюна келбей, кубанычы коюнуна батпай “жаштык-мастыктагы” атаке уулун бооруна кыса кучактаган бойдон олтура калып, тура калып аймалап өпкүлөп баштайт. Анан бүкчүйүп бир колун шымынын алдыңкы чөнтөгүнө салат, тигил айымга кыргыз салтын жасап колуна бирдеме карматайын деп. Бирок, уулун көрө элек жатып эле “Көрүндүк” – “Сүйүнчү” деп болгон акчасын жанында тегеректеп турган жоро-жолдошторуна таратып берип койгон, ысымы да коюлуп калган – Белен аттуу чүрпөнүн атакесинин чөнтөгүнөн бырышкан бет аарчысынан башка эч нерсе чыкпайт.

 

6. Сүрөтчү

Кыялдын гана эмес, ар түркүн ой-санаанын да түйшүктөрүнө “баймын”. Бул түйшүктөр мени издейби же өзүм чогултуп үйүп аламбы? Акылым жетпейт. Оюм бириндейт. Дилим бөксөрөт. Мындай учурларым чегинен ашканда кийимдеримдин да оң-тетирисин баамдабай кийип алам. Азыркы абалымдай, чачтарыма да тарак жетпейт.

Угузба, угузба! Эч бир жандын кулагына мындай кабарды угузба! Таланты ташкындаган чоорчу жөнүндө коркунучтуу кабар уктум. Тирүү эле, бирок өлүмүнө камылга көрүп жатышыптыр.

Жашап жаткан адам баласынын жакындап калган өлүмү жөнүндө айтылган кабар – Ааламдагы эң жаман кабар. Эң жаман кабарды уктум. Ылайым эле наристе кезимдеги Нурландыкындай болсо экен! Анда да жүзүм бозоруп, денем калтырап, аягы жакшылык менен бүттү эле. Ал мындай болгон: Ойноочу жерибизге Нурлан келген жок. Башка балдар менен да көрүнбөйт. Чакырып келгени жөнөдүм. Аныкына баратканымда жолдон обочороок жерде топтошкон улуулар сүйлөшүп атышат. Арасындагы Молдо-Аке жанындагыларга:

– Тилден калыптыр. Дем алганы менен көзүн ачпай, эч нерсени сезбей жатат. Ылайыкташтырып боз үй тиге бергиле. – деди.

– Кимдердин боз үйүн сурайбыз? – деп сурады бириси.

– Өздөрүнүкү да бар. Темирбектикин сурагыла. Ким эле? Узунчу, аныкын алгыла.

– Коюңузчу, ал узун кишиңиз боз үй түгүл бакчасында жаткан ташты да бербейт. – деп беркилер кужулдашты.

Мындан ары сөздөрү дагы уландыбы же токтодубу белгисиз. Жарым жолдон кайра үйдү көздөй артка бурулдум. Кой сарайыбыздын артындагы далдоо жер гана мага азыр ыңгайлуудай. Чоң кишилер мени менен тең, кичинекей Нурлан жөнүндө айтып жатышкандай болду. Өлүмдүн каардуу, заардуу экенин анчалык түшүнбөсөм да балалык сезимим тыбырчылай туйлап турду. Көзүм алаңдап, өңүм кубарып кетсе керек. Апам кокустан мени көрүп чоочуп кетти.

– Эмне бозоруп биерде турасың? Бир балээнин ичинен чыккансың го... Анда ким урду? Чынын айт!

Жооп бербестен бышактадым. Ачуусу келди окшойт. Алаканындагы “май токочу” менен далыма анча оорутпагандай чаап-чаап ийди.

– Жылан көрүп тилден калгансыйсың да, айтпайсыңбы?

Нурланга атасы: “Кыз менен ойносоң кыз болуп каласың” – деп мени менен ойногонго тыюу салчу. Мага апам: “Кыз бала эркек бала менен ойнобойт, көп ойносоң сен дагы Нурландай бейбаш балага айланасың” – дечү. Тыюу салышкандарына карайбызбы. Берки балдар кыздарга караганда экөөбүз “тил табышып ” ынтымактуу элек. Мен куурчактарым менен ойногум келсе ал дагы кошулуп ойноочу. Ал чыбыкты ат кылып минип алса, мен дагы бир чыбыкка минип жөнөчүмүн.

Кечке жуук жолдо сүйлөшүп аткандар Нурландардын эшигинин алдына боз үй тигишти. Эртеси уйкудан тураарым менен ошол жакты карадым. Ак халатчан дарыгерлер жай баракат чыгып баратышыптыр. Алар кеткенден кийин боз үйдү чече башташты.

Апам мен ойгоно электе эле Нурландардыкына барып келген окшойт. Чачымды өрүп атканда акырын гана минтип айтты.

– Элдин балдары ойнобогон оюнду таап ойнойсуңар. Колуңар сынып же көзүңөр сокур болуп калса эмне болот?! Нурлан го эр-жигит болот, ага жараша берет. Сен кызсың, сымбаттуу, алты саның бүтүн болуп чоңоюшуң керек. Нурлан тентек болгону үчүн, кече күнү чоң атасы басып баратып эле кулап кетиптир. Турбай жатып калганда дарыгерлер келип араңдан зорго сакайтты. Сен дагы тамдын, тал-дарактын башына чыгып ойногонуңду азайтпасаң мен дагы сенин чачыңды өрбөй, эркелетпей, сүйлөбөй, жыгылып жатып калам...

Ишенген жокмун! Ах, апалар деле көп нерсени аңдай алышпайт! Кече күнү так ошол тентек Нурлан үчүн алаңдап, кубарып-кумсарып бышактаганымды сезген да жок.

***

Ка-ап, Аруунун туулган күнүн куттуктап, карбаластай мастерскаясына жетип барбай эле, телефондон каалоо-тилегимди билдирип койбой... “Баатыр” деген одеколонду сатып алып жөнөгөм. Кар жаап атканда кызыл пальточон болуп чыктым эле. Ага ак пальточон болуп жетип бардым. Куттуктап келгендерин узатып коюп олтурган жерин ирээттегенге киришиптир. Анын жашаган тамы – мастерскаясы, мастерскаясы – тамы. Жашаган, иштеген жери чогуу дегеним. Өчпөс жаратмандыгы бар өнөрлүү жигит. Сүрөтчү. Жеке турмушун айтсам, карт бойдоктордун катарында. Жандаган кыздары көп, түбөлүк бирге жашаганга тандаганы жок.

Аруу үстүмөн пальтомду алып силккенде бир топ кар түштү. Одеколонумду сунуп куттуктадым.

– Балпылдап кар жаап жатат, ызгаар суукта зарыл беле сага куттукташ? –деди, аяп.

– Мен куттуктап келбей калган да учурлар болот! – деп жибериптирмин.

– Балким... 19-январда такыр мени таппай калган да мезгил болот. Үшкүрсөңөр, бакырсаңар да табылбайм...

Саамга унчукпай муңая түштүк. Эртеби, кечпи Өмүрдүн аягындагы Өлүм деген нерсе ойго салат тура.

Мен ак сарайдын жертөлөсүндө иштесем, Аруу 5 кабат үйдүн жер төлөсүңдө. Таң калам, мастерскаясы үчүн сүрөтчүлөргө дайыма кычык-кучуктардан, имараттардын эң алдыларынан же эң үстүлөрүнөн (ачык асман алдынан) жай таап берип коюшат. Биздин жертөлөдө да бир сүрөтчү бар, чачын далысына, сакалын төшүнө чейин өстүрүп койгон. Коменданттан баарыбыз тартынып турабыз, ал тартынбайт. Ижара акысын айына төлөп коёт, бүттү. Жыргап жүрө берет, каалашынча, эркин.

Бийик, жапыс тамдардын ичине кирип жүргөнүм менен эки жагына кызыга карабаган адатым бар. Аруунукуна кирдим, өзгөрүлөм. Айнексиз, терезесиз мастерскаясынын босогосунан төрүнө, түбүнөн төбөсүнө чейин көзүм менен сыдыра карай берем. Кенен эле бир бөлмө. Бир бурчуна 9-10 мык кагып койгон. Кийимдерин жууса ошерге илип кургатат. Чыгармачыл Аруунун иштеп, жашаган жери алаканыма салып эле көтөрүп жүргүм келген, керемет-жер. Себеби, барган сайын мени өзүнө жалдыратып караткан бир картинасы бар. Босого жагында илинүү. Картинада: Күн кылкылдап кызарып батып бара жатат. Ташы, чөбү жок ээн талаа менен тээ алыста бириндеп, бери көздөй атасы, баласы, апасы басып келе жатышат. Жөнөкөй, жеңил кийинишкен. Апасы менен баласынын үстү жагы көз тайгылткан көп-көк асман. Атасы жагында андай эмес, ала-була булуттар. Жакшылап байкасак, булуттар аркылуу чачын жазган татынакай аялзатынын элеси тартылган. Улам-улам карай берем. Апасына өзүмдү окшоштурам. Баласына тилегимдеги, Дээр уулумду. Атасына кимди окшоштурарымды билбейм. Бар бирөө. Бирок, үстү жагындагы булут менен тартылган – чачын жазып коё берген сулуудан кызганам.

Туулган күнү болуп, достору менден мурун куттуктап кетсе да Аруунун жүзүндөгү жылдызы өчүңкү экен. Акылы бар жандын баары туулган күнүндө Апасын эстейт да. Аруу 4 жашка чыкканда апасы катуу оорудан каза болуптур. Топ кармап турганда эт-жүрөгү ээрий, элжиреп карап турган көз ирмем гана элеси эсинде сакталып калганын өзү айтып берген.

Аруунун кабагын бүркөө бойдон калтырып кетпейин дедим. Санаалаш, сырдаш дегендин жардамы анан качан керек! Күлкүлүү, кызыктуу окуяларды эбиреп-жебиреп баяндап кирдим. Арасына анча-мынча апыртмаларым да кошулуп кетти. Башталышында угаар-укмаксан болуп көңүлсүз олтурду. Акыры, Аруунун салыңкы кабагы жазылды. Куттуктап берген одеколонду колуна алып, тегерете карап, моюн жагына себинип:

– “Баатыр” деген одеколон! Аталышы эле сүрдөтөт. Булчуңдары буркуйган спортсмендер үчүн го. Мага “Арык”, “Илмейген” деген одеколон куп жарашмак. – деди тамашалай.

– Сүрөтчүлөрдүн колдору ичке, илмейип турганы эле дурус. Алдагы ичке колдоруң менен Манас баатырыбызды дал жаныбызда карап тургандай тарткансың. – деп капталда илинген “Манас ата” деген картинасын суктана карадым. Ыраазылыгын билдире башын ийкегиледи. Тартынгансып барып оюндагысын айта салды.

– Куттуктап келгениңе чын жүрөктөн алкыш айтам. Одеколонуңа дагы алкыш! Себиндим. Ачык эле айтайын, бирок одеколондун ордуна боёк алсаң ого бетер кубанмакмын. Негизи эле, жазуучулар калем, сүрөтчүлөр боёк алганды жакшы көрүшөт...

– Сүйүктүүңө “Баатырды” себинип барсаң баатырлардын духу жаныңда болот. Өзүң да баатырлардын сүрөтүн көп тартасың. Макул, ырас эскерттиң. Эми туулган күнүңдө жалаң боёкторду берем. Азыр деле кеч эмес, акча бар, таштайм боёгуңа, – дедим, пальтомду карап, акча чөнтөгүндө дегенсип. Көбүнчө бош жүргөн чөнтөгүм айлык алган үчүн толо эле. “Керегине жарайт экенмин” деп сүйүндүм.

Аруу дубалга тизиле коюлган картиналарынын арасынынан жука кара карандаш менен кимдир бирөөнүн элеси түшүрүлгєн портретти алып келип көрсөттү, “иштеп аткан ишим” деп. Жаңы эле тартып баштаса да элеси тааныштай. Бетинин түзүлүшү, солго таралган чачы, кырдач мурду. Тааныдым, элибизге аттын кашкасындай таанымал – чоорчу. Талант ( сүрөтчү) – талантты (чоорчуну) тартып аткан экен да!

– Ай-ий, бул атактуу адам! Сага өзү келиптирби? – дедим.

– Билем, атактуулугун. Туугандары бармактай сүрөтүн (3х4) таштап кетишти. Ошондон эле көчүрүп тартып жатам.

– Жашы 80ге барып калса керек. Юбилейи белгиленет бекен?

– Юбилей болсо жакшы болмок. Айыккыс оорудан улам төшөктөн баш көтөрбөйт, катуу дешти. Тезирээк бүтүрүп бер деп алып келип беришкен. Бүгүн бейшембиби? Дем алышка чейин тездетишим керек. Камырабаган киши да, даңк-даражасы гүлдөп турганда чыгынып бир портретин тарттырып койбойбу. Айтор... Эмдигиче өзүм деле автопортретимди тарта элек экенмин. Туугандарынын айтымында бул адамдын өлүмү жакындаптыр. Сүрөтү эле калса керек. Көзү өткөндө илгенге даяр болсун деп керек-жарагын да бүт алперишкен. Эргүүм ашып-ташыганынан абстракция тартып жиберип коротуп койдум. Уятымды чыгарбайын деген го, чоорчу жашап жатат. Аман болгону үчүн туугандары келе элек да. Эртең боёк сатып алсам колумдун учу менен эле портретин аягына чыгарып коём.

Муздун үстүндө жылаңайлак тургандай денемди майда титирөө анан тер басты. Анымды айтпай эле ордумдан туруп жөнөөгө камындым. Жаман абалга түшкөнүмдү Аруу байкады.

– Менде күнөө жок да, досум? – дейт, абдан ыңгайсыздана.

– Сенде күнөө жок, досум! Менде дагы. Чоорчуда, туугандарында дагы. Табигаттан пайда болгон боёкторуңдун арасындагы күңүрт, кара түстөр жашоо-турмушубузда да кездешерине кейип, кыйналып турам. Кете берейинчи...

 

7. Шоола жеңе

Шоола жеңебиз! Жаңы келин болуп келгенден бүгүнкү күнгө чейин, тууган-туушкандардын кыздарына үлгү. Тамак-аштын таттуулугу, жакшынакай тигилген кийимдер, таза мамиле жөнүндө сырдашсак эле Шоола жеңенин ысымы сөзсүз аралашып кетет. Ар бирибиздин көөдөнүбүздө жеңебиз менен сыймыктанган мактаныч орногон. Мынакей, мен да өзүмчө мактануудамын. Жеңебиздин оозу-мурдун чүйрүбөй, жайдары созулуп сүйлөгөнүн Элнур туурап бой жетти. Азыр ал кайын-журтунда барктуу келин. Кышында жука жоолукту үлпүлдөтүп алдынан байлап салынганын мен үйрөнүп алгам. Эми дагы баскан-турганына байкоо салып жүрөбүз. Карылыкка баратканда кандай күлүп, кандай сүйлөп калаар экен деп. Жакшына сапаттарын ар бирибиз “энчилеп” алгыбыз келет.

Шоола жеңебиз сиңдилерине мыкты-мыкты касиеттерин тегиз чачыратканы менен жекече баарлашканда демейкиден өзгөрүлөт. Анысын кийинчерээк байкадык. “Мен баарын билем, баарын түшүнөм” деп айтканын уккан жокпуз. Бирок, баарын билип, баарын түшүнөт. Чебер колдуу Нуркыз (дизайндын чебери) менен сүйлөшсө да маалыматы кенен. Саясатты “сайраган” сиңдиси менен так өзүндөй “сайрашат”. Эч нерсеге жөндөмсүз – менин жандүйнөмдөн да өзүнчө орун таап, “уя” салып койгон. Жөнөкөй гана жаратылышка тартып, алар жөнүндө кызыктуу нерселерди айтып берет. Эми ошол “уяда” бүлгүн... Бактылуу турмуштун түркүгүн кармаган Шоола жеңенин көкүрөк түпкүрүндөгү аянычына кошулдум...

Бизге сыймыктанаар жеңе таап берген агабыз балдарын жанына алып курортко кеткен. Шоола жеңе себепсиз эле жасай берүүчү сыйларынын бирине чакырды. Алдыма биринчи тамагын алып келип, дагы экинчиси шашпай бышып жатканын эскерткендей кеп таштады, мени менен жай-баракат маектешүүгө чыгынгандай. Бээнин сүтүнүн дарылык касиети жөнүндө билгенибизди ортого сала баарлашып киргенбиз. Сүттөн улам эстей койду окшойт, же оюнда турганбы?

— Түркмөн элинин койлорунун тагдыры жөнүндө билеттирсиң? – деди күтүүсүздөн.

— Коюңузчу! Койлордо да тагдыр болмок беле? – дедим, ишенбей.

— Болот, жарык дүйнөгө келүүнүн өзү – тагдыр да. Адам баласы сыяктуу эле...

— Түркмөн койлорунун тагдыры кандай экен?

— Жаман, жаман...

— Жаман дейсизби, эмнеге?

— Козуларыныкы андан, байкуштардын! Атайын кармап баккан “каракүл” породасындагы койлор. Туур менен эле көз алдында козусун мууздап туруп терисин жайып салышат. Таалайсыз козулар дагы тармал жүндүү болуп жоодурап туулушат тура. Дароо мууздап салышса терисиндеги тармалы жазылбай ошол бойдон калат экен. Андай терилерди сен деле көрүп жүрөсүң, көп адамдар жакаларына тагып, баштарына “папах” деп да кийип жүрүшпөйбү. Картайганда баягыл, бактысыз козулардын энелерин мууздап боорун алышса кээсиники берч болуп, кээсиники кадимки таштай катып калат экен. Былтыр ал жакта элчиликте иштеп жүргөн туугандардыкына барганбыз. Биз барган жерде таштар аз эле экен. Бирок, ошол аз таштары көзүмө урунган сайын абалым өзгөрүлүп атты. Бир туруп, колум, бутум, башым шылдыраган муздардан куралгансып. Бир туруп, менин денем да ташка айланып бараткансып. Ошентсе да, шордуу койлордун катып калган боорлору болбосун деп, ал таштарды тебелебей, аярлап аттап өттүм. Убакыт болсо жанымдагылардан бөлүнүп калып, таштардын чоң-кичинесин калтырбай тегерете сылап чыккым келди. Кээ бирин бир карап алып кайра дагы үңүлө карадым, жанымдагыларга байкатпай. Балким, ушул таштардан ыйлаган жаштар чыгып жаткандыр деп. Жок, тескерисинче, алар мага канга чөмүлүп туруп анан катып калгансыган кызыл таштардай көрүнүштү. Ал эми, жанагы шордуу койлор жылыга тууп, эмчек сүтү диркиреп ага баштаганда эле козусун көз алдында кызыл жаян кылып мууздап туруп терисин сыйрып жиберишсе! Анан, анан аягынан түшкөн ар бир козусу үчүн толгонуп, кыйналып, акырында боору ташка айланып кетет тура. Козуларынын шордуулугучу! Энесинин сүтүн, Жер-Эненин бир уурттам суусун ичкенге жетишпей...

— Ай-ий байкуштары-ыым десе, сиз муну кимден уктуңуз эле? – деп ичиркене, кейиштүү бырышып-тырыштым.

— Көп жыл болду, көз алдымдан жылбайт, документалдуу фильмден көрсөм керек. Айрым адамдардын мүнөзү катуулап баратса, эч кимге ишенбей же ким бирөөнүн жанына жолобой качып калса... Мен эмнегедир, аларга нааразы болбойм... Тирүүлүктүн ысыгы, суугу да таасирин тийгизет. Аңдадыңбы? Муну эмне себептен сага айтып жатам?

— Жок, жеңе.

— Ушу кызга айтып беришим керекпи же айтпашым керекпи деп көптөн бери санааркап жүргөм. Бүгүн минтип чыгындым. Жеңе катары эмес, улуулук озуйпамды аткарып, жөн гана...

— Айтыңыз, айтыңыз...

— Айтып бүттүм... Атайын чакырып, чай берип алып эмне үчүн башымды оорутат деп ооруксунба. Сен дагы мага окшошсуң, сезимталдуулугуң боюнча. Боор эле эмес, көңүл да катат. Көңүл катканда таштан да бекем болуп катат. Сиңдим, сага айтаарым, ашыкча кетпесең да кичине-кичине эле чыйрагыраак, кайдыгерирээк анан дагы кебелбес болсоңчу. Боло албасаң, анда өзүңдү үйрөт, тарбияла. Өтө марттыгыңды да токтот. Мен дагы тээ студент кезимде обу жок элем. Мындайча айтканда, бул ким, кимге, эмне себептен берип жатам?— дебей эле колумда эмне болсо ошону жаныма калтырбастан, алаканымда бекер жамгырдын тамчылары тургансып чачып жиберчүмүн. Ал сапатым мени түрдүү жандарга кездештирген. Аягында, өмүр теңдеп баратканда, эми араң гана жыйынтык чыгарып адамдарды эки түскө бөлүп койдум. Ак түстө: урмат-сыйды көрүп-түшүнүп өскөндөр. Кара түстө: урмат-сыйды көрбөй, билбей өскөндөр. Кара түстөгү мисалым коркунучтуу. Эл ичиндеги макалдай, ашыңды ичип, кадырыңды булгайт. Сыйыңды коркконуңан, аңкоолугуңдан жасап аткансып кабыл алгандар болот. Анысын байкап калган сен ирээнжийсиң, жийиркенесиң алардан. Көңүлүң дагы кирдейт. Анан гөр, баштагыдай туп-тунук болуп тазаланаар бекенсиң? Көңүл да катат, какчыйып. Дагы айтаарым, бир тал ничке чачтын кыймылын да байкай бересиң. Ар бир мамилени, кыймыл-аракетти рентгендей кабыл алганыңдын да зыяны бар...

Азыр көндүк, Шоола жеңебиз жаңы келин болуп келгенде жаш элек. Аны алыстан карап туруп алып, өзүбүзчө шылдыңдачубуз. Анткени, башка жеңелерден өзгөчөлөнүп, иттерине сөөктү ыргытып бербестен жанына барып оозуна тиштетип коёр эле.

Ылайыктуу учурдан пайдаланып сурап ийдим. Шоола жеңем чачылып, чечилип турат. Көп-көп сүйлөп бергиси келип. Суроом маегибизге үндөшүп, тиешелүүдөй.

— Сиз иттерге нан же сөөк бергенде оозуна тиштеткениңиздин да мааниси барбы деп ойлой берээр элем...

— Купуя суроолоруңду четинен чыгара бер, жооп берем. Кандай десем, ыргытпай бергенге көнгөм. Айтканыңдай мааниси бар. Башынан баштап баяндап берейин. Эми, эми акыл калчасам, анда эс тарта баштаптырмын. Эгиз экенибизди билесиң да. Түгөйүм, Нур – уул бала. Ата-энебиз аны сүннөткө олтургузуп мусулман кылышты, 5 жашка толгонбуз. Нурга бир нерсе ала келгендер мени да кур калтырышпайт. Бетимден өөп карматышчу. Алыскы шаардан атамдын карындашы да келди. Дасторкондун четинен белек-бечкегин тарата баштады. Эжебиз Нурга тыпыйган чапан алып келиптир. Аны жанында олтурган атама карматты. Анан кызыл-ала болуп токулган свитерди: “Ме, бул сага” деп маңдай жагында олтурган мага ыргытты. Дасторкондун үстүнөн көкөлөп өткөн свитер тыпыйган тиземе талпайып жабылып түштү. Тырмактай болсом да баамчылдыгымды! “Эмне үчүн мени жанына чакырып үстүмө кийгизбейт”, “колума карматпай, ыргытып берет” деп бир кызыктай болгом. Көрсө, ызаланыптырмын. Көрдүңбү, ошондо эр коюнунда жатканды билген аялзаты – колундагы буюмду балага да ыргытып берүү туура эмес экенин билбептир. Кыскартып айтканда, эчаак өткөн бир секунддук эле мамиле. Ошол мамиле мага чоң сабак болуптур. Бир туугандарга камкордук көргөндөн чарчабаган, эң улуу Алтын эжем мени кармап алып “төшүңө жылуу” деп кабат-кабат кийимимдин үстүнө ошол свитерди каттап коёр эле. Мага жылуулугу жок, жөн гана үстүмдөгү жүктөй сезилчү. Бир аз убакыт өткөндөн кийин эле чечип ыргытып ийчүмүн. Мени “ызалаган” нерсени киймек белем? Тажады окшойт, кийин “кий” деп кыйнаган жок. Бир күнү свитерди чубап, ширенкенин кутусуна ороду, томолоктоп. Анан алаканы менен таманымды ченеп алды. Эртеси ошол жиптен байпак токуй баштады. Түшүнүктүү да, кимге экени. Байпак токулуп бүткөндөн кийин эжем да “ме” деп ыргытып береби деген күмөнсүнүү кичинекей жүрөгүмдү тепчиди. Алтын эжем анткен жок. Мени жанына чакырып, алдына акырын олтургузуп, токуган байпагын сылап-сыйпап кийгизип анан коё берди. Байпактын жумшактыгы менен жылуулугу бир укмуш. Жатаарда да чечким келбейт. Свитер сөгүлүп байпак болду, бир эле жиптен. Балким ал байпагым жылуу, жумшак деле эместир. Ыргытылбай бутума кийилгени үчүн баркы кымбаттагандыр. Түшүндүң да, берген, сунган буюмуң менен ал колго – назик бир касиеттүү мамиле да кошо өтүшү керек. Кибиреген 5 жашымдан баштап колумдагы нерсени иттен баштап адам баласына чейин эч качан ыргытып бербейм. Итке бир кесим нан берсем оозуна тиштетем. Эки-үч кесим болсо алдындагы идишине салып коём. Адам баласына болсо ого бетер кылдат карайм. Сурооңо жеңеңден канааттандыраарлык жооп алдыңбы?

— Албай анан, жеңе!.. Кызык экен. Жообуңуздун артынан түгөнгүс кенчтей акыл-насаатарыңыз дайыма агылып чыгат. Аны пайдаланганга мүмкүнчүлүгүбүз, акылыбыз жетээр бекен?

— Жетет, учуру келет. Сага айтып берем деп камданып жүргөнүм менен катуу жаңылыпмын. Кайра өкүнүп атам. Жанагы түркмөндөрдүн койлору жөнүндө укпай-билбей эле жүрө берсең болмок экен. Кокуй ай! Сени түшүнүп, билип туруп кылганымды! Эми ичиңден азап тартып, кейип-кепчип баштайсың...

— Шоола жеңе, Сизчи, сиз! Сиз кайра мен үчүн санаа чегип баштабадыңызбы...

 

8. Менин жарык, жаркын адамдарым

Баш-аягы жок ойлорду ойлой берип деле чарчайм. Чарчап бүткөндөн кийин үшкүрүгүм башталат. Анан: “Ким эле, үшкүрүгү токтобогон?” – деп ысымын таба албай, элесин да элестете албай акыл-эсимди убарага салып келгем. Таптым, Алыбай-ата экен. Андан бери көп жылдар өттү. Алыбай-ата биздикине бат-бат каттачу эле. Чечилип сырдашаар, теңтуш болуп тамашалашаар адамдары тай атам менен тай энемдир. Ал бир топ күн биздикине каттабай калса кадимкидей жол карап күтөөр элек.

– Бешөө келатат, кокуй, тосуп алгыла! – дечү кубанып алган тай энем, Алыбай-атанын келатканын биринчи көрүп калса. Өзү чоң күзгүнүн алдына барып, жоолугун түздөп салынып.

Чын эле бешөө келүүчү эле: Алыбай-ата, колуна конуп алган кушу, минген аты, ээрчиген 2 тайган иттери. Биз өзүнчө эле “музыканттардын оркестрин” тосуп алгандай болобуз.

Алыбай-атанын көрүшкөн бийик үнүн коштоп, кушу да бутундагы томогосун шалдырттатып жиберет.

Дайыма күттүргөн мейманыбызга арнап даамдуу “беш бармак” тамагын жасаганга киришчү, тай энем. Тай атам жал-куйругу төгүлгөн атынын алдына дароо эле суу куюлган идишти коёт. Тай атам акылдуу! Бүт жан-жаныбар суусарын билет! Анан алдына чөп таштачу. Кушуна арнап, сөзсүз бир тоогун курмандыкка чалат. Тайгандарына “сый тамак” жасоо менин милдетим болгондуктан тай энем өзүнчө казан, картошка, күрүч жана кичине май бөлүп берет. Эми ойлосом, эң биринчи казан кармоомо түрткү беришип анан колумдан эң биринчи даам сызган – Карагат жана Мандалак аттуу тайган иттер болуптур. Алардын курсактарын тойгузганга камынып, жеңдеримди түрүнө баштаганда Алыбай-атанын мактоосуна маарычумун. “Кара кызыбыз иштерман”, “Мандалак менен Карагат бүгүн дагы эң таттуу тамак жешет”. “Кара кызым” дегени жакпаганы менен берки мактоолорун укканды жактырам. Сүйүнгөнүмдөн кыймылым ого бетер чамгаракка айланат. Кара кызды “жайгарып” койгондон кийин сакалын сылаган Алыбай-ата куудулдана тай энеме кайрылат.

– Ээсин сыйласаң, итине сөөк сал, – дешчү беле...

Анткен сайын тай энемдин колундагы жиликтердин биринин эттери шылынып алынып, сөөгү колумдагы казанга түшөт. Ошондо Алыбай-ата сүйлөсө деле, күлсө деле үшкүрүнө берүүчү. “Эмне үчүн тай атам минтпейт?” – деген оюмду ичиме сактачумун. Анан дагы таңкалганым, тай атам да, тай энем да башкаларга салыштырганда Алыбай-атанын карээги менен тең айлана бөйпөңдөшүп калышаар эле. Анын келгенине укмуштай кубанып атышканын билгизишкенсип сөз арасында кыткылыктай күлүшүп. Куран окуткан жерге да барбай коюшуп, ал жак жөнүндө ооз ачышпай.

Алыбай-атаны биз менен кошо күтүп: жайкысын сүрсүгөн эттер, кышкысын алма, коондор сакталуу эле.

***

Жер-жемиштер бышып, кээ бири түгөнө баштаган маалда Алыбай-ата келип калды. Биз үчөөбүз мурункудай эле “бешөөнүн” камылгасын көрүп жүргөнбүз. Ошо саамда тай атамдар сыртта эле. Чарчап келген го, Алыбай-ата үйүбүздөгү эң жасалгалуу бөлмөнүн төрүндө жаткан. Мен үйдөн кол аарчыгыч издеп таап, сыртка чыкканча эле 5-6 жолу үшкүрүп ийди. Үшкүрүктүн үнүн укканым менен “үшкүрүк” деген сөздү айтканды да билбей, ал сөздүн маанисине деле түшүнчү эмесмин. Чыгып баратып:

– Алыбай-ата, сиз эмне үчүн үйдү дайыма эле “уф-ууф-ууфф” деп үйлөй бересиз? – дедим тостоюп.

Үйдүн төбөсүн карап турган калыбында дагы бир жолу үшкүрүнүп (үйлөп) койду, унчукпай. Укпай калдыбы дедим. Бала кезде суроону берип алып жооп укмайынча жылмай жок да. Карап тура бердим. Бир маалда каткыра күлүп, жаткан жеринен туруп, мандаш токуна отуруп, башын өйдө көтөрүп:

– Кара кызым десе, силердин үйүңөрдү үйлөп туруш үчүн келип жүрбөймүнбү,– деди жүзүн кызаруу каптап.

– Үйдү үйлөш керекпи?

– Ий-ээ, иттерге тамак жасап берген кызы бар үйдү үйлөш керек.

Мына эми! Булуттардын үстүндө же терезеден колду сунуп кармап алыш үчүн булуттардын арасында жашасак деген тилегим аткарылмак болду!

– Биздин үйдү мындан да катуу, катуу үйлөй аласызбы?

– Үйлөй берейин, үйлөй берейин анан?

– Үйлөй берсеңиз, үйлөй берсеңиз, анан асманга чейин үйүбүз чоюлса биз булут, жылдыздар менен чогуу жашап калат элек да! –деп колумду кенен жайып барып өзүмдү “кучактап”алдым.

– Асманга чейин чоюп үйлөбөйм. Үйдү ушул бойдон эле үйлөп учура алам! Анда кайда жашайсыңар?

– Бизди кошо учурсаңыз болобу?

– Болот. Эң сонун болот. Оозумдун күчү жетет, – ишенимдүү айтты.

Сары, жашыл шарларымдай учуп баратканыбызды кыялдандым: каалгып бак-шагы менен көтөрүлүп “жөнөгөн” тамыбыз, небересин жонуна миндирип алган абышка менен кемпиринин буттары жай көтөрүлдү...

Кыял, кыялдар! Силер жаркыраган нуруңар менен маңдайымда пайда болуп анан бат эле жок болуп кетесиңер.

– Кара кызым дейм, ой, кара кызым дейм. Оозумду карап туруп эле эч нерсе укпай атасың да! Мен дагы силер менен учсам болобу?

– Болот. – чопочоң эле киши менден уруксат сураганын.

– Ий-ээ, жакшы, жакшы...

– Атыңыз, кушуңуз, иттериңизчи? Карагат, Мандалактар калып калышабы?

– Аларды да үйлөйм.

– А сизди ким үйлөп учурат? – чыйпылыктай шашып сурадым.

– Мени Жер үйлөйт! – деп алып, өз сөзүнөн өзү чоочуп ийиндерин өйдө көтөрүп алды. Башка эч нерсе айткан жок. анан башын алдыга эңкейтти. Чекесиндеги бырыштарына дагы бырыштар кошулганын көрдүм. Жүзү ылдый карап турса деле көздөрүн жумганы байкалды. Ошол калыбында уңулдап ыйлап кирди!

Коркконумдан сыртка атып чыгып, дүркүрөп өскөн калың багыбыздын чет жагын көздөй тызылдап чуркап жөнөдүм. Ал жерде бутактары жайылган алма өсөт, баш жагына чейин чыгып барып үзүп жечүмүн. Ошол алманын жогору жагындагы ичке бутагына чыгып олтуруп алдым, бутумду ылдый түшүрүп. Жалбырактардын арасынан шыкаалап үй жакты карасам тай атам, тай энем экөө от жаккан кемегенин жанында пайда болуп калышыптыр. Бир маалда үйгө кирип кетишти.

“Алыбай-атаңды эмне үчүн ыйлаттың?” – деп эми мени урушат, өзгөчө тай атамдан коркуп атам...

Алманын башынан түшпөйм. Кокус түбүнөн аралап жиберишсечи? Анда кантем? – ушулардын баарын ойлоп коркконумдан кирпиктерим суулана баштады. Күнөөм көп. “Булуттардын жанында жашабай калдык”. Мандалактар ачка, эми тамак жасаганга киришкенимде...

Көпкө жымжырт болду, “аңдып олтурган тарабым”. Майда бутактарды бекем кармабай колумду эркин койгум келет. Бутакта “конбой” баскым же бир нерсеге жөлөнүп олтургум келип чыдамым кете баштады. Бир маалда үчөө үйдөн чыгышты, жа-аай басышып бери көздөй жөнөштү. Арттарынан эшикте суналып уктап жатышкан Карагат менен Мандалак ээрчип алышты. Ана, мага дагы “бешөө келатат”! Көрүп калышыптыр бекинген “жайымды”. Дагы бир бутакка жогорулап чыгып алдым. Алар жакындаган сайын улам өйдөңкү бутакка жылам. Башымды ары-бери буруп жалбырактардын арасындагы жылчыктардан алардын жүздөрүн аңдыйм. Ачуулангандары байкалбайт. Алманын түбүнө келип калышты. Анан эң бийик бутакта кыймылдабай (калтыраганымды кошпогондо) отурган мага карашты.

– Түшөгой, Алыбай-атаңдын, сенин да курсагың ачты, – деди тай энем эч нерсе болбогондой.

– Этиеттеп түш, балапаным, жыгыласың, — бул тай атамдын Алыбай-ата менен сүйлөшүп атып мага кайрылганы. “Коёнум” дечү эле, алманын башында “конуп” олтурганым үчүн тай атам канаттуулардын балапанына теңеп салды окшойт.

– Кара кызым, мага бир алма ала түш. Эзилип бышканынан танда, тишиме жумшак. Азыр көрөсүңөр, кызыбыз эң таттуусун алып түшөт!

Алыбай-атанын ушул сөзү жеп жүргөн каймагымдай жакты. Так маңдайымдагы бутакта илинген чоң алманы үзүп алдым. Кантип чыккам? Түшүп келе жатканда бутактар чырмалышып дегеле коё бергилери жок. Алмамды Алыбай-атага карматканча ашыктым. Бир колу менен менин чачымдан сылап, бир колу менен алманы тиштеп, ырахаттана жеп баштады. Качканымдын себебин сурашкан да жок, урушушкан да жок. Дегеле мен жөнүндө сөз жок.

Бою кыскалар алдыда келаттык. Мен, Карагат, Мандалак. Артта бою узундар. Алыбай-ата, тай энем, тай атам.

***

Кийин-кийин тай энемден сурадым:

– Эмнеге Алыбай-ата үшкүрүнө берүчү эле?

– Ым-мм, тооба... Сенин да эсиңде турбайбы. Чымынга да Кудай жалгыздык бербесин! Ал кезде Алыбай-атаң жалгыз жашачу. Үйлөнүп, ажырашып...

– Ажырашса анда... Жаман киши болгон экен да. – дедим.

– Антип айтпа! – башын чайкап, кабагын түйдү.

– Анда ажырашпайт эле да?

– Ажырашкандардын баары эле жаман болбойт. Мейилкан менен перзент болбогону үчүн ажырашты эле. Кийинчерээк дагы үйлөндү. Акыркысын алганда биз теңтуштары үйлөндүрдүк. Бир да жолу ымыркай жытын жыттабады. Ошондуктанбы, аялдары менен ширелишип жашай албады. Бала деген аял менен күйөөнүн ортосун бекемдейт турбайбы. Алыбай-атаң жалгыз жашаган тагдырына, баласыз өмүр сүрүп жүргөнүнө үшкүрүнсө керек анда... .

Менин жарык, жаркын адамдарым! Алыбай-атанын жалгыздыгын, баласыздыгын ичтеринен аяп, сырттарынан билгизбей... Сүйлөп койсо эле каткырып, кылаар иштерин жыйыштырып, ачылып-чачылып, элден башкача эркелетип тосуп алышкандары эми мага түшүнүктүү.

 

9. Күзгү

Жасанып келип каранганда койколоктойм, өзүмдү – өзүмө көргөзүп жаткан буюмум менен ишим жоктой. Башка күндөрү күзгүмө дооматымды артып нааразымын.

— Сен, сен эле...

Ушинтип тилденип алам. Илинген күзгүмдүн бетиндеги чаңды көпкө чейин сүртпөй коём. Атайын башка күзгүгө каранып ойкуштанам. Алым жеткени эле ушул күзгү. Урушам, угат, унчукпайт. Мындан да бир күнү үн чыгып кетеби деп корком. Унчукпай жүрүп уугуп бүткөндөрдүн ички бугу жердин силкингенинен да күчтүү болооруна күбө болгом.

Кубанып карасам күзгүм да кубанып турган болот. Муңайсам, муңаят...

Жагымсыз аял караса,
    Каранып анан наалыса,
    Айыбым эмне? – дейттирсиң.

Күзгүм, күзгүм,
    Күзгүм, уккун сен гана:

Кайсыл жылы,
    Кайсыл кылым билбеймин,
    Мен кайра бир, 
    Жаралаарым билемин.
    Карагаттай,
    Кара болот көздөрүм.
    Ак кайыңдай,
    Бойлуу болом буралган.

Анда деле,
    Сүйөм Көк-Жер ортосун,
    Анда деле,
    Тамгаларга тизилем.
    Бул өмүрдө
    Жолукпады бир сүйүү,
    Ал өмүрдө,
    Сөзсүз ага кезигем.

Жалгыз болбойм,
    Жарым болот жандаган.
    Жабыркабайм,
    Бала төрөйм жайнаган.
    Ар каранган,
    Күзгүм болот бактылуу,
    Ар биринде,
    Сулуу болуп мен калам.

 

10. Гүл-Гүл эжей

Кыйла мурун. Тээ илгери десем деле болчудай. Чоң апалардын анан мугалим эжейлердин эң сулуусу биздин гана кыштакта жашайт деп жыйынтык чыгаргам. Чоң апалардан менин чоң апам, жүзүндө калдары бар. Эжейлерден – 2 — “г” класска сабак берген Гүл-Гүл аттуу эжей. Ал кыштагыбыздын дал ортосундагы муз сымал жалтыраган чатырчасы бар үйдө өзү эле жашачу.

***

Күз ортолоп, суук боло баштаган. Ал күнү атам жумушуна кеткен бойдон келбей калды. Түн кирип уктаар маалыбыз жакындаганда апам мага:

– Сен дагы жылуулап кийин, – деп коюп, инилеримди кийинте баштады.

– Кайда барабыз? – дедим.

– Бала деген сурабайт.

Апам үйдү бекиткен жок. Жөн гана эшигин жаап койду. Чөбүрөтүп төртөөбүздү ээрчитип жөнөдү. Кууш каналга орнотулган көпүрөдөн, фото салондон өттүк. Нуржигиттин үйүнүн жанына жеткенибизде мени алдыга салып, инилеримди жетелеп алган апам:

– Жайыраак баскыла. Чурулдабагыла,– деди.

Андан ары Гүл-Гүл эжейдикине жакындадык. Апам бизди токтотту. Үнүбүздү чыгарып же кыймылдасак токмок жээрибизди эскертип, колдорубузду кармаштыра тизилтип тургузуп коюп, Гүл-Гүл эжейдин жолду карагансыган терезелерин көздөй акырын басып жөнөдү. Бирөөсүндө жашыл пардо тагылып, жарык күйүп турат. Апам шашпай басып барып ошол “жашыл терезенин” түбүнө кулагын тосуп бир азга турду. Андан ары жылып өтүп, жанындагы жарыксыз “кара терезесин” тыңшап, аерде көбүрөөк турду. Биз чурулдаганыбыз жок. Керек болсо, таң калганыбыздан бирөөбүздун да дем алганыбыз билинбейт. Апабызга терезелер “кызыктуу” болсо, бизге апабыздын түн ичиндеги кыймыл-аракети түшүнүксүз. Бир маалда артка бурулуп, шырп алдырбай жаныбызга жеткенден кийин кайра артка, үйгө ээрчитип жөнөдү. Бизди эч ким көргөн жок, Нуржигиттин гана эшеги көрдү окшойт, байланып турган жеринен аңылдап айкырып ийген.

Кызматтык машинасын айдаган айдоочусу менен атам ал күндүн эртеси келди. Ыш, кымыз жыттанышып. Жайлоодо көп жылкы баккан досунукуна барып, күз мезгилинин кымызына мас болуп, мурунку күнү чыга албаса керек.

***

Кар жаагысы келип, айлана тумандап турган. Ушул күнү биз класс жетекчибиз – Мавлюда эжейибизди “уурдатып” ийдик. Алып качышты. Эне-тил сабагын өтүп жатканда бойлору узун-узун сомодой 4 жигит классыбызга кирип келишти. Бирөөсү гана ак калпак кийип, жасанып алыптыр. Калгандары спорттук кийимчен. Алар бизди тоотушкан жок. Кичинекей болгонубуз менен көп элек. Мавлюда эжейибизди доскага жазып жаткан ак бору менен кошо белинен, буту-колунан кармай көтөрүшүп, чыңырып ыйлаганына карабай сыртка алып чыгып машинага салып кетишти. Биз “кароосуз” калдык. Жарымыбыз класстын ичинде куушуп, жарымыбыз коридордо ары-бери чуркап жүргөнбүз. Алыстан мектептин директорунун классыбызга кирип, орду-ордубузга олтурууга буйруган үнү чыкты. Баарыбыз тынчтанганда кирип келип:

– Балдар, силер жолдо ойнобой, эч жакка кайрылбай түз гана үйүңөргө бара бергиле. Эртеңден баштап түшкү саат 2де сабакка келесиңер, – деп таратып жиберди. Берки 2-а – б – г класстарынан алыстап, түштөн кийин окумак болдук. Эртең менен 2-г классты, түштөн кийин биздин 2-в классты окута баштады баягыл, апакай Гүл-Гүл эжей.

Декабрь айынын ортосу эле. Сабак учурунда бир аял эшикти ачып, сөөмөйү менен эле үнсүз гана Гүл-Гүл эжейибизди сыртка чакырып алды. Чыгып көпкө жоголду. Адатыбызча тентектиктин түрүн баштаганбыз. Бир маалда эжейибиз солкулдап ыйлап кирип келди. Мурдунан бери кызарып чыгыптыр. Парталарыбызга барып тып-тынч отуруп, 29 окуучу – 29 бөжөккө айланып, бакырайган көздөрүбүз эжейибизди гана караган. Ал болсо биз олтурган парталарды аралай бир бурчтан бир бурчка тынымсыз басып, ыйлай берди, ыйлай берди. Менин көзүмдөн да 3-4 жаш ыргып чыгып кетти. Көз жашымды кофтама кооздук үчүн тагылган, салпылдаган жиптеринин учундагы жумшак “топ” менен аарчыдым. Коңгуроонун кагылган үнү чыкты. Акыркы сабагыбыз эле. Эжейибиз китеп, дептер салган сумкасынан дагы бир кичирээк сыдырмалуу сумка алып чыкты. Анын ичинен күзгүсүн, упасын алып кызарган көзүнүн, мурдунун тегерегин упалады. Дагы бирдемкесин алып чыгып, алчага окшош оозунун үстүнө сыйпады. Андан кийин өзүн гана жалдырай карап турган “бөжөктөргө” башын өйдө көтөрүп:

– Садагаларым, сабак бүтпөдүбү.Чыгууга коңгуроо кагылбадыбы? Бара бергиле силер. Чолпон, сен калчы, чогуу кетебиз, – деп арткы партада отурган мага кызарып кеткен көздөрү менен карады.

Китептеримди салыштырып, сумкамды жонума асынып алганым менен партадан жылган жокмун. Бүт окуучулар чыккандан кийин:

– Келегой жаныма. Азыр сабак учуру эмес да. – деди

Эжейимдин жанына басып бардым. Терең улутунуп алып, башымдан сылап лентамды оңдоду.

– Сен эмне үчүн ыйладың? – муңайым бирок мээримдүү тигилди.

Кызык! Көзүн басып ыйлап жатып менин көзүмдөн чыккан жашты көрүп алганын!

– Сизге ыйладым, – дедим, топчуларымды кармалап.

– Мага эмне үчүн ыйладың?

– Билбейм...

– Мен эмне үчүн ыйлаганымды билесиңби?

– Билбейм.

– Жумшак жүрөгүм десе! – чекемден өптү.

Мугалим да окуучусун өбөбү? Сумкасынын түбүн чукулап бир алма, бир “батончик” деген конфетти алып чыгып колума карматты.

– Ге, сумкаң оор, чечип коё тур. Сен буларды жеп бүткөнчө көзүмдүн шишигени тарайт. Коркпо ээ, үйүңө жеткирип коём.

Макулдугумду билдиргенсип башымды ийкегиледим. Эжейим эки колу менен башын, чекесин укалай баштады, олтурган жеринде. Столуна ары-бери сөйкөнүп атып алма менен конфетти жеп койдум.

– Сүрөт альбомума аюунун баласын тартсам болобу, эжеке? – деп “батончиктин” кагазындагы күрөң мамалакты көргөздүм.

– Болот...

– Эжеке мине үчүн мени эле алып калдыңыз? – дедим.

– Мен ыйласам сен дагы кошулуп ыйлабадыңбы...

– Баарыбыз ыйласак, баарыбызды ушинтип алып калат белеңиз?

– Ооба.

– Анда 29 алманы, 29 батончикти кайдан табат элеңиз? – дедим, “сумкамда бар, дагы жейсиңби?” деп бере койчудай үмүт этип.

– Дүкөнгө чуркап барып алып келе коймокмун да! – тизилген тиштерин кашкайта мени карап жылмайды.

Чамамда эшик жабылбаса керек. Ысымын деле билбейм. Ал кишинин карааны көрүнсө бейбаштык кылып жаткан балдар “Мармелад келатат” деп безе качышчу, көк фуфайкасын үстүнөн түшүрбөгөн мектебибиздин кароолчусу босогодо кабагын карыш түйүп туруптур. Нааразы болгонсуп сүйлөндү.

– Жанатан бери силерди эле күтүп турам. Чыккыла, мектепти жабам. Менин жашаган жерим силердикинен да алыс! Караңгы качан эле киргенин билесиңерби?

Гүл-Гүл эжейим сумкамды өзүнүн сумкасына кошуп көтөрүп, бир колу менен мени жетелеп алды. Машиналар өтүүчү кең жолго түшүп бараттык. Эжейим баскан карлар “карт-карт” деп угулат, менин бут алдымдагылар “кырт-кырт” деп акырын. Эмне үчүн эжейим баскан карлар “картылдак”, меники болсо “кыртылдак” деп таңкала ойлонуп бараткам.

– Чолпон, сүйлөп берчи мага... – деди.

– ...

– Мен ыйлап жатсам сен эмнеге ыйладың. Жооп берчи.

– Сиз биринчи айтсаңыз.

– Апаң, эжең ыйласа сен дагы ыйлай бересиңби?

– Апам такыр ыйлабайт. Эжем жок, бөбөктөрүм эле бар, үчөө. Алар кийин жигит болушат.

– Анда башка бирөөлөр ыйласа деле ыйлай бересиңби?

– Жо-ок! Сиз ыйласаңыз эле ыйлайм.

Ошол жерден эжейим сумкаларды из түшө элек жолдун жээгине таштай койду да, менин эки колтугумдан эки колун өткөрүп бекем кучактап алып тегерете чимирилтип кайра ордума тургузуп, колун көкүрөк тушуна коюп, өйдө карап:

– О Жаратканым! Жок дегенде сербейген секелек окуучуң жанга кубат болот тура. Мугалимдик тагдырыма миң мертебе шүгүр айтам...
Эжейим кимге сүйлөп атат? – деп чалкаладым. Эч ким көрүнбөйт. Жолубузду уладык. Жарымына араң жеттик. Гүл-Гүл эжейим колумдан жетелеп келатканынан улам ага жакындай түштүм окшойт.

– Эжеке, сизди жанагыл аял урдубу? – дедим.

– Чоңдор бири-бирин урбайт.

– Анда ыйлабай эле коюшпайбы?

– Эжейлер, апалар ыйлай беришет...

– Агайлар, аталарчы?

– Алар ыйлашпайт...

– А–аа... Эжейлер эмнеге ыйлашат?

– Жөн эле...

– Жөн эле ыйлай беришеби эжейлер?

– Жөн эмес, Чолпон, чоңойгондо түшүнөсүң. Ушак дегенге ыйлашат.

– Ушак жаман ээ, эжеке?

– Жаман. Уусу болот.

– Жыландыкындай ээ?

– Жыландыкынан да жаман.

– Ушак дүкөндө сатылбайбы?

– Сатылбайт. Көңүлдү сындыруучу гана жаман сөз.

– Көңүл деген эмне, эжеке?

– Чо-оң кыз болгондо түшүнөсүң. Чолпон, сен менин суроолорума жооп берчи. Кийин-кийин экөөбүздүн ыйлаганды унутпайсыңбы?

– Унутайынбы?

– Унутпа. Көңүл деген сөздү азыр түшүнбөйсүң, чоңойгондо түшүнөсүң. Жаттап ал, кана, кайталачы! Көңүл, көңүл деп.

– Көңүл, көңүл, көңүл...

– Токтото гой, зээндүү кызсың ушундай. Эми эч эсиңден чыкпайт.

– Ушак дегенди да жаттайынбы?

– Жаттаба! Кереги жок.

Биздин үйгө жакындап калыптырбыз.

– Сиз биздикине баратасызбы?

– Барбайм, азыр сени дарбазага эле киргизип коём. Жанымда жүрүп кечиктиң.

А биздин үйдө “майрам” экен. Мени унутуп коюшкандай. Залдагы жайылган столдон өздөрүнчө бөлүнүшүп, атам жана достору башка бир бөлмөнү ээлешип, карта ойноп атышыптыр. Баарын көрүп жүргөм, атамдын кыштактагы достору.

Апам болсо ал кишилердин аялдары менен башка бөлмөдө экен. Кирип бардым. Айтканы туура чыга тургансып, апам бейкапар гана:

– Бүгүн да Жаңы Жылга даярдандыңар окшойт. Коркпой эле келдиңби? –деди.

– Гүл-Гүл эжейим жеткирди.

– Ар бириңерди жеткирип жүрөбү?

Мен жооп бергенче эле төрдө, кош жаздыкка жөлөнүп жаткан толук аял:

– Ии ботом! Ошол сени окутабы? – деди, өңү-башын бузуп.

– Ооба.

Ооналактап жаздыктан башын көтөрүп, апама кайрылды.

– Ыя эже, байкайсызбы? Гүл-Гүл деген немени. Тим-меле жамбашын обу жок чайкап басат. Турган турпаты бүт жасалма. Көчүп келгенден эле ошондой...

Апам жооп берген жок. Толук аялдын жаман угулган сөзүн жанындагы жашыраак, кашынын учтары самолеттун канатына окшош келин улады.

– Ийи, кызыл-тазыл кийинип алып эле моймолжуп сүйлөөр-сүйлөмөксөн. Эмнесине каадаланат дейм да? Чырайын чылап иче тургандар чыкса минтип жүрбөйт эле да... Жакшы болсо эр алат эле да.

– Кайда барсам эле Гүл-Гүл, Гүл-Гүл, Гүл-Гүлсүз таң атпай тургансып. Ошону кеп кылбай эле коёлучу. – деп мурдун чүйрүдү, бурч жактагы кыска чачтуу аял.

Апам мага карап, жумшак үн менен:

– Эжекең жөнүндө кеп-сөздөрдүн сага кереги жок. Барагой, кийимдериңди алмаштырып, тамагыңды ич. Бөбөктөрүң болсо уктап жатышат.

Сумкамды көтөргөн бойдон атамдар отурган бөлмөгө кирип бардым. Атам эзилип бышкан помидордой кып-кызыл. Дуулдап-күүлдөп алган.

– Муногу кызым жалаң “5” деген бааларды алат. Кана айткылачы, кимиңердин кызыңар менин кызымдай?! Бирок, мектепке кийген кийимдерин кээде ушинтип чечпей койгону эле болбосо...

– Ата, азыр эле келдим – дедим, чыйпылыктап .

– Кокуй күн десе! Караңгыдабы? – пардону ачып, сырттагы караңгылыкты көрүп үрпөйүп коркуп алыптыр.

– Гүл-Гүл эжейим дарбазага чейин жеткирди.

– Аман болсун!

– Айланып кетейин, вилкадай болуп чыкчыйган Гүл-Гүл класс жетекчиңби? – деди арасындагы атамдын аккан досу.

– Ийи, Мавлюда эжейибиз күйөөгө тийип кеткенден кийин Гүл-Гүл эжеке бизге да класс жетекчи болгон.

– Басканы Анна Герман, Марлен Дитрихтей. Кечинде да ошондой басат болду бекен? – деп жанындагыларды карады, тартыла элек тамекисин ушалай кармап, төбөсү жалтыраган киши.

– Э-эй бөлөм, сумкасына чалынып араң жүргөн кызыбыз байкамак беле. Күйдүргү элесиң да. – карта ойноп жаткан атамдын досу жактырбай сүйлөндү.

– Мен кызыбызга эмес, силердин реакцияңарды байкагым келип турат. Эмне дешет болду экен деп... – актанып койду.

– Дейли, дейли. Анда ким дейсиң? Марлин анан Германия деп атасыңбы? Гүл-Гүлдүн марлиндей аппактыгы чын. Анан Германия деп немецтерге окшоштуруп жатканың туура эмес. Окшоштурсаң да өзүбүздүн жомок, легендага айланышкан сулуу, сулуу кыздарыбызга окшоштурчу.

– Немецтерге эмес, басканы Анна Герман деген ырчыга окшош дейм. “Надежда” деген ырды ырдаган. Марлин эмес, Марлен Дитрих деген актриса болгон Америкада...

Бир маалда дагы бирөөсү атамдын дубалда илинип турган комузун ала коюп, аны шартылдата чертип, чертилген комуздун үнүнө окшошкон обон менен, кайырмасына эжейимдин ысымын улам-улам – Гүл-Гүл  — деп кошуп ырдап кирди. Маанисине түшүнгөнүм жок. Бирок, “шилекейди чуурутат”, “аккуудай”, “көгүчкөн”, “пахтасың” дегендери түшүнүктүү эле. Эжейиме эмне үчүн шилекейди анан жалаң чымчыктарды байланыштырышат?

Диванда коңурук тарта костюмчан эле уктап калган атамдын ГЭСте иштеген досу бети-башын ушалай ойгонуп кетти.

– Гүл-Гүл дейсиңерби?

Беркилер каткыра күлүп шылдыңдоого өтүштү.

– Аппетитин! Досубуздун аппетитин!

– Эй, Гүл-Гүл баскан изине да жолотпойт, биздейлерди.

– Сени ойготуучу “дарыны” билип алдык. Ичиңе “жылыткыч” киргенден кийин эле уктап каласың. Эми мындан ары күрүлдөп коңурук тарта баштаганыңда эле кулагыңдын түбүнө келип “Гүл-Гүл” деп шыбырап коёбуз. Көзүң умачтай ачыла түшөт экен.

Атам алардын сөзүн токтотту.

– Кызымдын эжекесине көп суктана бербегиле, туугандар! “Түф-түф” деп түкүрүп койгула. Кызым азыр тамактанып алып эле тапшырмаларын аткарып, сабагын даярдап кирет.

“Бакылдактардан” чыгып коридордо туруп калдым. Инилерим эрте эле уктап калышыптыр. Өзүм жалгыз тамактангым келген жок. Коридордон угулууда, апамдар тарап күбүр-шыбыр. Гүл-Гүл эле дешет...

Атамдар да жарыша Гүл-Гүл эжекени мактаганын токтотушпай бакылдашууда. Алардыкы даана угулат.

– О-оо, Гүл-Гүл...

– Келгиле Гүл-Гүл үчүн ичебиз!

– Кеч туулуп...

– Чын эле, чын эле...

– Акырын сүйлөгүлө, тигил жактагы аялдарыбыз угат!

Аңгыча “аялдар бөлмөсүнөн” апам чыга калды.

– Бас, өз үйүңдүн ичинен өзүң коркуп атасыңбы дагы... Чоңойгон сайын артыңа кеттиң, – деп тамак жасачу бөлмөбүзгө мени дикилдетип жетелеп жөнөдү.

***

Боорукерлигим үчүн го. Эртеси эле Гүл-Гүл эжейим класстагы “кызматымды” жогорулатты. Эжейибизден кийин эле балдарга “башкарма” Тилек эле. Мен андан кийин. Эми биринчи мен, анан Тилек “башкара” турган кылып дайындады.

Калган күндөрү эжейибиздин ыйлаганын көргөнүбүз жок. Биздин 2-в классты 3-в класска көчүрүп коюп, баягыл, муздай жалтыраган чатыры бар үйдөн эжейибиз кайсыл бир жакка көчүп кетти.

***

Азыр мен ошондогу Гүл-Гүл эжейимдин курагындамын... Жанасыл май токоч ороп апкелген газетаны окуганыма бир топ күн болду. Ал газетага “Карылар үйү” жөнүндө чыгыптыр. Гүл-Гүл деген ысымдуу бирөө жүрөт. Гүл-Гүл... Мындай ысым бир канча жылдар мурун эртең менен 2-“г” классты, түштөн кийин 2— “в” классты окуткан Гүл-Гүл эжейибизге гана жарашчу! Башкалардын ысымында бир эле “гүл” кошулуп айтылса, биздин эжекебиздикинде экөө! Ысымы эки Гүлдөн турат. Башка эч нерсе кошулуп айтылбай, чоң тамгалар менен жазылат: Гүл-Гүл!

Газета карайып, май болуп калса да кыркып алдым. Фамилиясын жазышпаптыр:

“ Гүл-Гүл : – Жашыбыз боюнча эсептегенде буердегилердин эң аягында турам. Мугалимдик кесипте иштеп жүрүп, былтыр эле пенсияга чыккам. Директор “иштей бериңиз” – деди. Бирок, өзөгүмдө өрт пайда болуп эле өчпөй койду. Үйүмө да батпай... Жалгыздыктан кыйналдым. Билбейм... Көкүрөк өрттөнүп туруп алса окуучуларга кантип билим берем? Алардын убалына калбаймынбы... Бул жактан зерикпейм. Сейилдеп басабыз. Өткөн-кеткен күн, жылдарды сүйлөшөбүз. Бири-бирибизди алаксытабыз. Тагдырыбыз бирдей эмеспи... Мага техникалык персоналдар убара болушпайт азырынча. Бош отура албайм, мүңкүрөгөн карыларды жөлөп-таяп, жуундуруп, баса албагандарын колтуктап бастырып жардам берем. Ошон үчүн мага “Кыз бала”деп кайрылышат. Мурда күнү 87 жаштагы чоң энени жер алдына бердик. Денесин куурчап алып бирибиз калбай боздоп-сыздап үн чыгардык...”

Ардактуу мугалимим – Гүл-Гүл эжей! Сиз жөнүндө кабардар болуп, кайда экениңизди билгенден бери жаныңызга учуп эле баргым келет. Убакыт кенен, акча деле жетет. Аттиң ай, дем-кубатым гана жетпей... Камынып алып кайра “шуу” үшкүрүнүп олтуруп калам. Алдын-ала сезем, кучагымды жайып Сизге жакындап баратканымда карегиңизге жаштыгыңыз тартылат: кыш; караңгы кеч; машина өткөн чоң жол; колуңузду кармап алган жаныңыздагы жарым метр караан (мен). Анан Сизге 2-3 кадам калганда менин жүзүмдөн өзүңүздүн жаштыгыңызды көрүп, анан жаштыгыңызды, ыйлаган күндөрүңүздү эстеп... Өзүңүздү кармай албай каласызбы деген апкааруу бар. Көтөрө алаар бекенсиз? Ошондуктан Сизге өзүмдү “көргөзбөйм”.

Ысык-Көлгө барып 7 күн жүрүп келдим. Кундуз аттуу курдашым эс алып кет деп “чакыруу” жөнөтүптүр. Ал жакка бирде мен көргөн жаш кезиңиз, бирде мен көрбөй эле элестеткен пенсиядагы курагыңыз кошо барды. Кошо келди. Кундуз курдашым нааразы болгон бойдон калды... “Күлкүң чыкпады. Үлүрөйүп эле маанайыңды ачпайсың. Эчтеке айтпай эле ыйлайсың.” – дейт. Ичимдеги санаамдын кайсы бирин айтып башын оорутам!?

Ыйлагам... Суу жетпегендей эле, чөп чыкпаган таштак жерге соксоюп өсүп алыптыр бир өрүк. Ошондо дагы тап-таттуу кызыл-сары болуп бышкан мөмөлөрдү байлап, алары жерге түшүп өрүктүн түбүн жайнап куурчап алышыптыр. Жесем, шириндигине сөз жетпейт! Анан, анан... Өрүктү сизге, мөмөлөрүн бир убактагы 2-“в” класстын балдарына окшоштуруп (салыштырып) албадымбы...

Ыйлагам, дагы бир жолу... Кундуздун үйүнүн жанынан, түшкө маал жаңы төрөлгөн наристесин көтөргөн жаш келин өйдө көздөй өтүп, кайра ылдый өтүп жүргөн. Курдашымдын коңшусу ал жөнүндө айтып берди. Бөбөк жерге түшөөр менен денесинен кан көп кетип калган энеси жан бериптир. Тигил көтөргөн, энесинин сиңдиси экен. Төрөт үйүнө күнүгө бир маал алып барса жаш энелер эмчек эмизип беришет, – дейт. Калган учурда үйүндөгү эчкилеринин сүтү менен багып атышыптыр. Менин каалоом боюнча – сары майга жүгөрүнү дымдап бышырып жаткан Кундуздун жанына барбай, мончосуна кирип алып ыйлап аттым. Кээ бирине өмүр берип, бала бербейт. Же бала берип туруп, өмүрдөн ажыратып коёт. Бетин ачып көрбөсөм да бөбөккө боорум ооруду. Кызбы, уулбу сурабаптырмын. Садага болоюн, эс тартканда энелүүлөрдү карап умсунуп-умсунуп алат го. Кемиген дүйнөсүн ого бетер кемитип, тыңсынгандар жанына жолобосо экен! Кундуз мени “таап алды”, мончодон. Экинчи жолу таарынды: “Мурда күнү чөнтөгүңө өрүк салып келип берип алып ыйлайсың. Бүгүн сейилдейм деп чыгып алып... Айыбым болсо, таарынтсам ачык эле айтчы байболгур! Оңолоюн, оңдоноюн...”

Өрүк менен бөбөккө жалгыз ыйласам, ажайып көлүбүз Ысык-Көлгө кошулуп, Ысык-Көл менен бирге ыйладым. Көл дагы арманга батып, жалгызсырап ыйлайт экен. Ага чейин жээгиндеги кумда жатканбыз. Күн нуруна кактанып, жарымыбыз көл суусуна оронуп чабак уруп, ооналактап жүргөнбүз. Заматта эле асманды караалжын булут басып, чимирилген куюн бизди аралап өттү. Анан удургуган бороон-чапкындуу шамал башталды. Бирибиз да калбай жай-жайыбызды көздөй чуркадык. Коттеджибизге (3 күнгө ээлеген) жанталаша күйүгүп жеттик. Терезе, каалгаларыбыздан бери шамал жулкулдатып, жулуп алчудай шуулдайт. Бир топ убакыт өткөндөн кийин эшикти ачып, Ысык-Көл тарапты карадым. Мага көл мурдагыдан башкача көрүндү. Көл –жалгыз калыптыр. Тарам-тарам, майда ак толкундары – тоодой болгон бир гана ак көбүккө биригишип, ары жулкунуп, бери жулкунуп, толкун аркылуу асманга тамчыларын ыргытып-ыргытып атыптыр. Мага дапдаана эле көл ыйлап жаткандай көрүндү. Анан ага мен да кошулдум. Биз, адамдар көлдү ысык аптапта пайдаланыптырбыз. Кучагында эркелептирбиз. Ден-соолугубузду чыңдап, кумарлана сүзүп, анан кир-чаңгылт шамалда жасалмалуу жайларыбызга жаныбызды калкалаганы баса бериптирбиз. Шамалдан коркуп. Жээгинде карап, шерик болуп турганга бир дагы тирүү жан (адамдар) жарабаптыр. Аккуулар жүрдү эле. Алар да учуп кетишкендей!..

Кундуз артымдан келип колумдан тартып ичке киргизип, кроватыма олтургузду да үн дебестен башын чайкап койду.

Гүл-Гүл эжеке! Сиздей асыл жандарды, Ысык-Көлдөй улуу жаратылышты кубанычка бөлөгөндөр да көп. Ызаага, өксүккө салгандары да жарышкансып кошо жүрбөй эле койбойбу...

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Бөлөкбаева В., 2008. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 5277