Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия
© Карагулова Б., 2005. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 5-июну

Бурулкан КАРАГУЛОВА

Сүйүүңдү сүртүп кеттиң жүрөгүмө

(Ырлар)

Акындын бул китебине кийинки мезгилдерде жазылган жаңы ырлары топтолду. Б.Карагулованын поэзиясы турмуштун өзүндөгүдөй нукуралуулугу, чынчылдыгы жана жөнөкөй катаалдыгы менен айырмаланып турат. Китеп окурмандарын калың катмарына арналган.

Карагулова Бурулкан. Сүйүүңдү сүртүп кеттиң жүрөгүмө: Ырлар – Б: Айат, 2005. – 92 б. китебинен алынды

УДК 82/821
ББК 84 Ки 7-5
К 21
ISBN 9967-403-83-7
К 4702300200-05
Нускасы 5000 экз.

 

Токтогул көлү көл эмес

Токтогул суу сактагычынын курулуп бүткөнүнө быйыл 30 жыл толот.

Токтогул суунун түбүндө,
Атамдын изи калгандыр.
Алаамат ушул дүнүйө,
Миң деген менен жалгандыр.

Эс тартып калган кезимде,
Көл каптайт деген имиштер
айланып кетип чындыкка,
Көрчүлөр ишке киришкен.

Казыла баштап мүрзөлөр,
Топтолгон эл-журт айылдан.
Чок басып апам алгандай,
Бетине жашы жайланган.

Ишенип жүрдүм мен болсо,
Атамды көрөт экем деп.
Алты жыл жаткан көрүнөн,
Бүп-бүтүн чыгат экен деп.

Шагырап чыкты сөөктөрү,
Көзүнүн орду чуңкурчак.
Кабырга, жилик терисиз,
Тургандар ыйлайт бүт курчап.

Апамды көргөн адамдар,
Кейишип көзүн жаштады.
Жоолугун шамал учуруп,
Жайылып кетти чачтары.

Калтага сөөктү салышып,
Көрчүлөр гана кейишпейт.
Карылар “жаман адат” – деп,
Сөөктөрдү үйгө беришпейт.

Сөөктөрдү жүктөп калың эл,
Жаңы эле жүктөп кетишкен.
Секирип түшүп чуңкурга,
Атама боюм тенешкем.

Бышактап жүргөн бир топ эл,
Мүрзөгө тынбай барышкан.
Чуңкурдан мени көрүшүп,
Кокуйлап сууруп алышкан.

Адамдар мындай азапка,
Аргасыз эле көнүшкөн.
Атамдын сөөгүн өз жери,
Мазар-Суу жакка көмүшкөн.

Алаамат түшкөн учурду,
Унутсун кантип көргөндөр.
Жандары жаннат болсо экен,
Бир эмес эки өлгөндөр.

Ошондон бери ушул күн,
Арманым келет арылбай.
Көп болуп сөөктөр, атамдын
Мүрзөсү калган таанылбай.

Эңсеген элдин тилеги:
“Жеримди кайрып берсе экен.
Суулардан жерди бошотуп,
Бейпилдик кезим келсе экен”.

Токтогул суусу суу эмес,
Көзүмдүн жашы ал менин.
Бабалар жерин сагынган,
Көзүнүн жашы ал элдин.

Токтогул көлү көл эмес,
Көзүмдүн каны ал менин.
Бейиштей жерден айрылган,
Жүрөктүн каны ал элдин.

 

Кырк жаш

Кырчылдаган опуртал,
Кырк жаш деген не деген?
Кыр-кырлардан гүл терип,
Кызылгаттан же деген.

Таш чайнаган күндөрчү?
Таңдайыма бекиптир.
Кызык кезим кылактап,
Кырдан ашып кетиптир.

О улуу күч, өлүмдөн
башкаларын тез келтир.
Бүкүрү бел, тиши жок,
Жетип келет жез кемпир.

 

Ай узатат ыр пирин

Эртеңкиге таштап калган тирлигин,
Асман уктайт Жерге төшөп кирпигин.
Коюу кирпик жылчыгынан шыкаалап,
Ай узатат мени көздөй ыр пирин.

Терезеге мурдум менен бир тийип,
Уйку соонун ортосунда киртийип.
Өжөрлөнүп жырыгына чырактын,
Олтурамын жылдыздардан ыр тигип.

Буту менен Айды тээп акырын,
Асман аста жыйып барат канатын.
Жерди көздөй ырыс чачып жиберди,
Чыгыштан Күн нур себелеп баратып.

 

Илхам

Ыр менен баштап таңымды,
Ыр менен күндү бүтүрөм.
Пар жаздык жаздап башыма,
Илхамды тосуп күтүнөм.

Гүл төшөп салдым астыма,
Колго алып ырдын теспесин.
Ак жоолук салдым башыма,
Учуртуп шамал кетпесин.

Келегөр илхам келегөр,
Өмүрү ырдан танбаймын.
Күйөөсүз жашай алсам да,
Лирасыз жашай албаймын.

Уктабай түндө көшөрө,
Сүйүүдөн тартып көшөгө.
Жанымды сенден аябайм,
Нөшөрлө ырым, нөшөрлө.

Көкүрөк жашым кулатып,
Көөдөндү жарып туйлаба.
Аз күндө келем ыр болуп,
Ыйлаба ырым, ыйлаба.

 

Неге мынча сулуусуңар

Жигиттер силер укмуш сулуусуңар,
Жүзүңөр мээрим чачып жылуусуңар.
Антсе да берген антты аткаралбай,
Кээ бириң жалган айткан шылуунсуңар.

Жигиттер, өмүргө нур чачасыңар,
Жайнатып кыздын көркүн ачасыңар.
А бирок, мен сүйлөсөм анча-мынчаң,
Тымпыйып жооп табалбай качасыңар.

Жашоонун жыргалына тунасыңар,
Сүйүүдөн силер бакыт курасыңар.
Сүйдүрүп өзүңөргө ашык кылган,
Жигиттер, неге мынча сулуусуңар.

 

Бактыма деген билигим али жана элек

Сураба досум, сураба корком, жашымды,
Бийикке чыгып алыстап кетип карасам,
Ат чабым алыс, өтө эле алыс аралык,
Оор тартып түшөт жашымды салган таразам.
Бийиктеп барам канчалык узак жол билбейм,
Алдымда токой чытырман кирсем адашам.
Алдаба жашым, отузда ойнум кана элек,
Оңколой ашып, кечээ эле ойноо бала элек.
Калп айтпа жашым, паспортум актай бош турат,
Бактыма деген билигим али жана элек.
Азоо тай минип ооздуктап турсам туйлатып,
Суурулуп колдон бошонуп чыгып баратат.
Денемде жүрсөң билбепмин ууру экениң,
Кеттиңби жашым көрүнөө мени карактап.

 

Ыр менен жашым төгөм

Сүйүүмдү сунсам сага,
Сүйүүгө болбой даба.
Ооруган жүрөгүмдү,
Оорутуп койдуң кайра.

Сүйүүнүн көзү сокур,
Байкабай сүйдүм кокус.
Бир мээлеп атып салдың,
Гүлгүн жаш менен отуз.

Көзүңдө менин түсүм,
Муңайым муңдуу жүзүм.
Мөлтүрөйт карап көрчү,
Кыйнадың эмне үчүн.

Көкөлөп көккө төбөм,
Көрүнөө эрдиң өбөм.
Ырахат тартууласаң,
Ыр менен жашым төгөм.

Түртүшүп турмуш жүгүн,
Түшкүчө иңир күүгүм,
Тагдырга табалатпай,
Түгөйүм болчу бүгүн.

 

Көздөрүң

Көздөрүң сенин электр,
Киловольт чачып жүзүмө.
Тулкумдун баарын күйгүзүп,
Жөн кирген жоксуң түшүмө.

Көздөрүң сенин — көз боочу,
Кыздай көрк берип түсүмө.
Толкунга мени мингизип,
Соо кирген жоксуң түшүмө.

Чачыма сайган тарагым,
Колума тийген жарагым.
Электр чачкан көзүңдү,
Элжиреп келет карагым.

 

***

Онтойм неге, оорум бар беле,
Ойлойм сени, акым бар беле.
Оргуштаган ичте толкунду,
Батыралбай ичим тар беле.

Ден-соолугум таза, чың дегем,
Өз ишимде бир топ тың элем.
Карегиңде торго кептелип,
Унчукпастан турам кың дебей.

Онтотпогун менин жанымды,
Кайрып бергин супа таңымды.
Көздү жумуп өтүп кетмекмин,
Бул дүйнөдө билсем барыңды.

 

Жанымды таштап кетипмин

Кыямат-кайым түшүрүп,
Кыядан туруп кезиктиң.
Кылчактап карап жаныңда,
Жанымды таштап кетипмин.

Тетиктей тилсиз баш ийем,
Каалаган жакка бурасаң.
Колуңда турат бир жаным,
Түшүрүп ийбе суранам.

Гүл болуп өскөн таштагы,
Ойноок кез калды баштагы.
Апкелип берчи жанымды,
Албайын сенден башканы.

 

Жашагымды келтирет

Кирпиктерим асманды шыпырышат,
Кош көздөрүм тоолорду сылап турат.
Көк шиберге жыгылсам кулач уруп,
Шылдыр булак жылгада жашайт кулап.

Шылдыр булак дайрага шашыларбы,
Дайра ташып деңизге ташыларбы?
“Ээн талаа,эрме чөл” жашоо тыптынч,
Жашагымды келтирет жашагымды.

Кол кармашып бөлүнбөйт тоолор жаны,
Былкылдабайт, тоготпойт атагымды.
Үшүп турган боз чымчык жаз чакырат,
Жашагымды келтирип жашагымды.

 

Сенден өткөн

Күнгө жайган төшөктө уктатамын,
Күн жыттанып магдырап укта жаным.
Күндү көргүн түшүңдө айды көргүн,
Кызганычтан сүйлөнсөм укпа жаным.

Айдай кызды алкымдан сүйүп көргүн,
Гүлдөй кызды көзүнөн өөп көргүн.
Ширин кызга ширеңди төгүп көргүн,
Төгүп бүтүп, ойгонуп мага келгин.

Чоочун аял баары бир мендей болбойт,
Менден өткөн бактылуу бүлө болбойт.
Күн жытанып мемиреп укта жаным,
Сенден өткөн дүйнөдө күйөө болбойт.

 

Перевод

Одеяла развешу сушиться на солнце,
Спи, любимой мой, в пахнущей светом постели.
Снится пусть тебе Солнце с Луной темно-белой,
И не слушай ревнивых моих песнопений.

Обнимай Луноликую, станом газели,
Зацелуй Солнцеликую в губ карамели.
Мед любви, расплескай ты у сладостей в теле,
И, проснувшись, к моей возвращайся постели.

Ведь чужие они, не сравнятся со мною,
В счастье быть тебе парой, в любви беспримерной.
Спи, любимый мой, в пахнущей солнцем постели,
В мире лучше тебя нет мужчины, поверь мне!

 

Байкатпастан багымды ачып салдың

Кош бол менин акылсыз эски жылым,
Сүймөнчүктүү күнүмөн уурдап алган.
Боз кыроодо бозоруп үнүм ооруп,
Каргылданып артыңан ырдап калгам.

Кош аргасыз, эси жок эски жылым,
Көйрөңдүктү үстүмө үйгөнүңчү.
Көпкөндүктөн кыркымда кыргын болуп,
Кырчындай жаш баланы сүйгөнүмчү.

Кош эмесе, эсилим эски жылым,
Ат жалынан карматпай качып калдың.
Көшөгөмдү көгөртүп, жүзүм сылап,
Байкатпастан багымды ачып салдың.

 

Балканактай бала сал

Кел жаңы жыл, куржун толгон жык-жыйма,
Бакыт, насип, ырыс чачып кылымга.
Мээримдүү кыл адамдардын жүрөгүн,
Адамга окшош маймылдардын жылында.

Кел жаңы жыл, жакшылыкка жарап кал,
Жамандыктын жолун тороп ала сал.
Бешигиме ыйлаак, кежир, тебенээк,
Эрке, тентек балканактай бала сал!

 

Ала-Тоо сени бербеймин

Ак жоолук салып башына,
Ай мончок сулуу келиндей.
Ала-Тоо турат ийилип,
Ак пейил кутман элиндей.

Күрмөнү кийип жашылдан,
Көкүрөк тосуп жоосуна.
Ала-Тоо сени бербеймин,
Жанымдан жакын досума.

Төрүңдө өскөн көк майсан,
Үргүлөп кетем кыңкайсам.
Көркүңө көркүң кошулат,
Үстүңө төшөп ыр жайсам.

 

Баркыңа жетер бекемин

Ээлеген айыл этегин,
Улуу тоо менин мекеним.
Баркыңа жетип ырдоого,
Үлгүрбөй калбас бекемин.

Улуу тоо менин мекеним,
Уларлар ээлеп этегин.
Көзүм бар кезде көп ырдап,
Баркыңа жетер бекемин.

 

Ноокатым

Мен Ноокат районундагы Токтогул атындагы мектеп-интернатта окугам.

Кагылайын Ноокатым,
Ыр жаз деп калем карматтың.
Өзүңдөн жазып үйрөнүп,
Чоң китеп эми жараттым.

Бытыкый кезде окуган,
Интернат кетпей көңүлдөн.
Жөтөлүп калсам бөпөлөп,
Энемдей мээрим төгүлгөн.

Алыстан келип кошулсам,
Өгөйлөбөй баткызды.
Унутту бекен агайлар,
Арыкчырай ак кызды.

Мен көргөн Сава, жашыл бак,
Ордунда баары тургандыр.
Ошондо өзүм көргөндөй,
Оюн-зоок, майрам кургандыр.

Издерим калган сайлар да,
Келет деп мени күткөндүр.
Кештедей жердин кооздугу,
Шыктантып мени түрткөндүр.

Арадан өттү жыл сызып,
Бир жолу дагы барбадым.
Балалык өткөн жер ысык,
Эсимден кетпей арбадың.

Сагындым сени Ноокатым,
Чыгарып быйыл демимди.
Тиземди бүгүп чөгөлөп,
Кучактап келем жериңди.

Сагындым сени Ноокатым,
Толтуруп быйыл кемимди.
Чыгынып барып жүздөшүп,
Өөп бир келем элиңди.

 

Анан дагы сен ыйык

Апа сенин тилиң албай тултуям,
Эшикти «тарс» жаап салып дуңкуям.
Капысынан коркунучка кабылсам,
Жандалбастап апакелеп кыйкырам.

Тоготпостон басып кетем кол шилтеп,
Моюн толгоп каяша айтып сөзүңө.
Жаман жолдо тайып кетсем баары бир,
Коргойсуң деп ишенемин өзүңө.

Кудайсызды кудайлап жүр деп тыйып,
Кудай ыйык деп калабыз кеп кылып.
«А» дегенде «апа» келет оозума,
Кудай ыйык, анан дагы сен ыйык!

 

Бар экеним билинем

Тирүүмдө көзүм барында,
Тик жазган ырым ыргалат.
Кыргызда жүрсөм, мендейди
Казагың көрбөй кыйналат.

Азапта жүрүп мен өчсөм,
Арманга бышкан ыр калат.
Кытайга кетсем, мендейди
Кыргызың таппай кыйналат.

Кыргызың колдо бир ууч дейт,
Акын көп дешет калкыңан.
Ушундай сонун акын бар,
Арасын ачып калпысаң.

Калпысаң колго илинем,
Бар экеним билинем.
Бир ууч эмес, миң ууч деп,
Кыргызды мактап сүйүнөм.

 

Күйүттү башка үйдүңбү

Сагындым сени сагындым,
Сагынган үнүм жетпейби.
Саргайтып жүрө бергенде,
Сагынчым уруп кетпейби.

Күттүрдүң мени күттүрдүң,
Күткөнүм билбей жүрдүңбү.
Бейкапар жүргөн кезимде,
Күйүттү башка үйдүңбү.

Сүйдүрдүң мени сүйдүрдүң,
Сүйгөнүм билбей жүрдүңбү.
Сүйүптүр ушу байкуш деп,
Сөөмөйүң сайып күлдүңбү.

Сагындым сени сагындым,
Сүйүүмө ууну куйсаң ад.
Жарыя айтып таштадым,
Мейли күл, мейли ырсаңда.

 

Кайтайын эми артыма

Чарчадым окшойт, кайтайын эми артыма,
Тургандыр күтүп түнөгүм деле түнөрүп.
Күткөндөн сени, күткөндөн пайда таппадым,
Көрүшпөй калсак кош болгун, кошкун түбөлүк.

Эскирип сүйүүм, тетиги сынган трактыр,
Андагы сүйүүм сүйүү эмес десем уяттыр.
Керимсел согуп анда да ушул жел эле,
Дагы эле ошол керимсел согуп тураттыр.

Турмушка тыңсың, өжөрсүң дагы тетиксиң,
Көздөгөн максат, ойлогон ойго жетипсиң.
Агарып чачым калгыча күтүп мен жүрсөм,
Башканы сүйүп, бөлөктү сүйүп кетипсиң.

 

Издеримди издериң

Өтө берип сен баскан асфальтыңан,
Таманымдын такасы тешип салган.
Менин изим көрүнөт бадырайып,
Миң-миллион издердин арасынан.

Үйгө кеткен жолуңду карап улам,
Таманымдын такасы таптап салган.
Сенин изиң көрүнөт бадырайып,
Санак жеткис издердин арасынан.

Издериңди издерим басат таптап,
Экөөнү тең учурат шамал жайпап.
Сага кеткен изимди улаштырса,
Айга жетип кайрадан жерге кайтат.

Табигаттын ичинин тардыгын эх,
Айга жеткен издерим сага жетпейт.
Күтүүлөрдүн буттары жолдо калып,
Таманымдын тактары эстен кетпейт.

 

Өөп койчу

Кирпигим уюп турат,
Сагынчты көтөралбай.
Келем деп келбей койдуң,
Кетпеген кегиң бардай.

Сагынчты саргайттырбай,
Саат сайын көрүшөлү.
Далилдеп сүйүүбүздү,
Кел жаным өбүшөлү.

Эл угат акырын бол,
Эл билбес жакыным бол.
Ааламды алоолонткон,
Атактуу акыным бол.

Кирпигим сынып барат,
Кирпикче жумшак болчу.
Унутуп күтүүлөрдү,
Кел мени өөп койчу.

 

***

Ырдасам ырым укпайсың,
Ойлосом ойдон чыкпайсың.
Ыргытып берсем бактымды,
Алакан жайып тутпайсың.

Эх, жыргал экен көздөрүң,
Адашып кетти сөздөрүм.
Көкүрөк ылдый кулатып,
Көлдөтүп жашым төккөнүм.

Ырдасам мукам үнүмсүң,
Ыргалып назик гүлүмсүң.
Жайнатып турсаң көзүңдү,
Көкүрөк кантип түңүлсүн.

Карагат экен көздөрүң,
Канжалап кетти сөздөрүм.
Азгырып коюп жүрө бер,
Өгөйүм эмес өздөйүм.

 

Периштем экениң билбепмин

Асманда жашасаң эмгиче,
Келмексиң угузуп бир дабыш.
Сен кеткен жол татаал, жол алыс,
Асман-Жер ортосу бир карыш.

Жерде да жашабайт окшойсуң,
Айылдап барганда көрмөкмүн.
Дидарың сагындым секетим,
Азап го өзүңдү көрмөгүм.

Тайгылсам түз жолго түшүрүп,
Жолумду түзөгөн ким депмин.
Ийнимде отурган периштем,
Периштем экениң билбепмин.

 

Таалайлуу болгун сен эми

Көзүмө батты сүрөттөй,
Экөөбүз жүргөн кош элес.
Тумандай каптап тепсеген,
Ойлордон башым бош эмес.

Сен менен, сен-сен, сен менен,
Бактылуу күндү тилегем.
Быт-чыты чыгып чачылып,
Калаарын такыр билбегем.

Турмуштун өткүр элеги,
Таалайлуу болгун сен эми.
Сөөрүмдө калды илинип,
Сүйүүнүн сары желеги.

 

Өрт өчүргүч табылбайт

Жүрөгүмдөн алоолонгон от көрдүм,
Жалыны тээп, жабыркатып кабылдайт.
Өрттү койгон табылса да заматта,
Өрттү өчүргүч алигиче табылбайт.

Кыян жүрбөй, сел каптабай дегеле,
Жеңил болсо убаданын бекиши.
Сүйүү кургур оңой кирип денеге,
Бу сүйүүнүн тозок экен кетиши.

Бери буруп жөөккө арык ачсам да,
Кошулбайсың, башка, бөлөк нуктасың.
Көрүнөсүң көрбөс үчүн качсам да,
Мени гана кыйнаганга устасың.

Жүрөгүмөн алоолонгон от көрдүм,
Жалындайт да, жалбырттайт да, балбылдайт.
Өрттү койгон табылса да оо эчак,
Өрттү өчүргүч эмдигиче табылбайт.

 

Сагындым

Сагындым сени. Сагынбайм дегем о бирде,
Сабаалап оюм, асмандап бийик жүргөндө.
Санаага батып, убайым тартып отуруп,
Жүгүрүп чыгам, абалап итим үргөндө.

Сагындым сени, сагынуу сырын ич билет,
Сагынчым сага жеткиче салкын кеч кирет.
Жаз-күзгө, анан кара чач акка алмашат,
Бардыгы тегиз өзгөрөт дагы эскирет.

Жыртылып калган кепемдин ичи тар болуп,
Жер үстүн тепсеп, жол басып келем кар болуп.
Сүйдүрүп коюп, денеме канды чуркатып,
Каниет канча, жүргөнүң сенин бар болуп.

 

Алп денеңди эстеп коём

Сен жашаган атыр жыттуу калаага,
Келе берем магниттей тартылып.
Алп денеңди бир кучактап сүйгүм бар,
Ашып-ташып сагынычым артылып.

Ак сарайдын дарбазасы ачылуу,
Кирип келдим баштагыдай тартынбай.
Мен өзүңдү ээлеп алган сыяктуу,
Эшигиңди тарс-турс урам каккылай.

Каалгаң ачты эндик сүрткөн бир аял,
Ызаландым бойго бүтүп күйүтүм.
Тарс дедире жаакка чаап ийгендей,
Босогоңдо талкаланды үмүтүм.

Сен жашаган атыр жыттуу калаага,
Келбей калдым, көп күн өттү билинбей.
Аялдардын эрди сүйгөн жалмалап,
Алп денеңди эстеп коем түңүлбөй.

 

Сүйүүңдү сүртүп кеттиң жүрөгүмө

Катарлаш жүргөнүңдө баркың сезбей,
Канатсыз каларымды неге эстебей.
Коштошуп койдум беле курган жаным,
Канетип сенсиз өмүр өтөт дебей.

Сен кеткен караңгы жол жарык чачып,
Күнүгө ыйлай берем өңдөн азып.
Билгизбей тушап коюп кетиптирсиң,
Жаралап жүрөгүмө атың жазып.

Жумуштан шаңдуу кайтып түнөгүмө,
Оорубай куландан соо жүргөнүмдө.
Доктурдун күчү жеткис илдет берип,
Сүйүүңдү сыйпап кеттиң жүрөгүмө.

Асманда шамал толкуп, булут үркөт,
Ырдасам каргылданып үнүм бүтөт.
Коштошуп койдум беле курган жаным,
Канткенде эми сенсиз өмүр өтөт.

 

Көздөрүң сулуу

Көзүңдүн нуру,
Жүрөктүн тору.
Тили жок жоодой,
Туткундап туру.

Көзүңдүн нуру,
Жүрөктүн шору.
Жиби жок тушап,
Бастырбай туру.

Көзүңдүн нуру,
Өзүңдө шуру.
Мынчалык неге,
Көздөрүң сулуу.

 

Эчен сай

Эчен, эчен,эчен сай,
Эчендеген кечем сай.
Сайдын ичин жаңырткан,
Булбул үнүн жаңылткан,
Тил безеген чечен сай.

Эсил кайран чечен сай!
Кургап калган нечен сай.
Суу калбаптыр агызган,
Сайдын ичин жаңырткан,
Сук-сугалак сагызган.

 

Айрый көрбө Ысык Көлдөн

Кыргызымдын бермети Ысык Көлүм,
Энчим болуп белекке келген эле.
Сүзүп жүр деп көлүмө чабак уруп,
Ысык Көлдүк жигитим берген эле.

Күчтүүсү ай, сүйүүнүн ошондогу,
Көлүн берип жанынан ыйык көргөн.
Ысык-Көлдүк баладан айрылганмын,
Айрый көрбө кудайым Ысык Көлдөн.

Колтугума бапестеп кысып келгем,
Муштумумдай жүрөккө сыйып келген.
Айрылганым жетишет жигитимден,
Айрыбачы жараткан Ысык-Көлдөн.

 

Өзүң бил

Жүрөгүмдүн терезесин ачам да,
Карегимди төшөп салып жолуңа.
Көгүчкөндөй учуп барып бырпырап,
Аста-секин конуп турам колуңа.

Көгүчкөндү эмне кылсаң өзүң бил,
Эрк өзүңдө чөктүрсөң да, өпсөң да.
Каалайсыңбы канаттарын жетилтип,
Баштан сылап көкөлөтүп өтсөң да.

 

Экинчи келбейм

Экинчи келбейм кош болчу деги,
Кечирип койчу акылсыз мени,
Күкүктөп дайым күндө эле чакыр,
Күүгүмдөп кечте келбеймин эми.

Сен үчүн эгер көрүнсөм делби,
Кимгедир балким көрүнөм пери.
Жолукпай калдык жер жүзүн изде,
Баркыма жетип баалоочу сенби.

Кайрылып келбейм канатым сынган,
Жоголуп калды бычагым кындан.
Эстебе мени бардыгы бүткөн,
Пайда жок эми төгүлгөн ыйдан.

Экинчи келбейм кош болгун эми,
Очокко түртүп өрттөдүң мени.
Күлүмдү көккө сапырсаң дагы,
Гүл болуп чыгам көрктөнтүп элди,
Гүлдөтүп жерди.

 

***

Сүйүүдөн кылыч жасадым!
Чөгөлөтүш үчүн сени бутума.
Моюн толгоп буйругума көнбөсөң,
Кыя чаап туруп кетем кутула.

Сүйүүдөн канжар жасадым!
Кучактатыш үчүн сага тиземди.
Тил албасаң малып алып өпкөңө,
Ыргытамын жүрөгүмдө кишенди.

Бир сулуунун тизесин бек кучактап,
Жатыптырсың жалынып жерде сулап.
Мен сүйүүдөн жасаган кылыч, канжар,
Көзүмдөгү жаш менен кетти кулап.

 

Өкүт

Ширини болчум алманын,
Ширеси болчум алчанын.
Оозуна түшпөй чууруттум,
Шилекейин канчанын.

Шиңгили болчум жүзүмдүн,
Бышыгы болчум күзүмдүн.
Болжогон жерге үзүлбөй,
Болбогон колго үзүлдүм.

“Чымчыкты дагы кыйнабай,
Касапчы сойсун” деген бар.
Алчаны салса оозуна,
Данеги менен жеген бар.

Ичтеги данек түшмөк бар,
Боюна жердин бүтмөк бар.
Шак ийип, кайра мөмөлөп,
Турганым билбейт үзгөн жар.

 

Сүйүүдөн өлүп көргөн

Көзүңдүн огу тийип,
Чачырап бириндегем.
Сүйүүдөн өлүп калып,
Сүйүүдөн тирилгенмин.

Жаратым карттанса да,
Сыйрылбай кабык бойдон.
Жан сырым жан дүйнөмдө,
Келатат жабык бойдон.

Көз жашым түшүнүшөр,
Менчелик сүйүп көргөн.
Түшүнүп үшкүрүшөр,
Сүйүүдөн өлүп көргөн.

 

Күйүттү ичип алам

Кыжалат болгом далай өтүп кетти,
Ыйлагам далай ишке, бүтүп кетти.
Көбүнө колду шилтеп койгон менен,
Чачтарым кыроо басып үшүп кетти.

Көп күндөр көз алдымда кайып кетти,
Убада берген жигит тайып кетти.
Отуз жаш окторулуп оюн салып,
Казанда бышкан сүттөй байып кетти.

Чачымды сулуулаймын тарак менен,
Ырымды түгөйлөймүн барак менен.
Өткөндөр өттү кетти, кейимей жок,
Күйүттү ичип алам арак менен.

 

Белди байлап, бекем жүрөм тыңыман

О кудай ай! Кимге мени кошконсуң,
Миң кабаттап чынжыр менен тосконсуң?
Бар пендеңе бакты бөлүп жатканда,
Мага чымчым бак бөлгөндөн коркконсуң.
Күндө,түндө атың менен сыйынам,
Тоону бөгөп көл курадым ыйыман.
Белди бүгүп төрт бүктөлүп калбастан,
Белди байлап бекем жүрөм тыңыман.

 

Сүйүп чыккам

Жакшы көйнөк кийип чыксам,
Сени чындап сүйүп чыккам.
Жаман көйнөк кийип чыксам,
Келбесиңди билип чыккам.

Үйдөн эрте күлүп чыксам,
Сени эңсеп сүйүп чыккам.
Кабагымды түйүп чыксам,
Алдаганың билип чыккам.

 

Кош он сегиз

Сүйрөлгөн бирөөдөн,
Сүйбөгөн күйөөдөн,
Сүймөнчүк балдарды,
Төрөгөм, төрөгөм.

Гүл болдум таштагы,
Сүйүүмө баштагы,
Талпынып жетпегем,
Он сегиз жаштагы.

Кайдасың он сегиз,
Билгизбей көптүргөн.
Айлакер жигитке,
Алкымым өптүргөн.

Кош эми он сегиз,
Күйүттөн жаш тамган.
Өзүңө жолугуп,
Жаздыгым бош калган.

 

Сүйгөнүм чыккынчылар

Күйөө деп тийгендерим,
Күйүткө илгендерим.
Күнчүлүк өмүрүнө,
Күкүктү мингендерим.

Түрлөнүп кийгендерим,
Түн сырым билгендерим.
Көрүнөө сатып кеткен,
Туруксуз сүйгөндөрүм.

Сүйүүгө кычкылсыңар,
Кашатсыз ычкырсыңар.
Турмушка Алдар-Көсө,
Сүйгөнүм чыкынчылар.

 

Сүйүп калдым

Турганда кыл учунда,
Кептелип бийик жардын.
Томолоп түшөрүмдө,
Мен сени сүйүп калдым.

Ушак кеп уулуп-уңшуп,
Уйпалап кара чаңдын.
Уусуна көмгөн кезде,
Мен сени сүйүп калдым.

Ой жигит оттон ысык,
Отуңа куйкаландым.
Жетпесим билсем деле,
Баары бир сүйүп калдым.

 

Түбөлүк биздин үйүбүз

Томсоруп турат мүрзөлөр,
Баралы жакын жүрсөңөр.
Томсоруу — кулак тундурат,
Тундурат кулак түрсөңөр.

Томсоруп турат мүрзөлөр,
Арбакка чындап күйсөңөр.
Курандан башка сурабайт,
Куранды оку билсеңер.

Жер үстүн тукум улантат,
Калтырып кеткен сүйүүбүз.
Томсоргон томпок мүрзөлөр,
Түбөлүк биздин үйүбүз.

 

Сөзүң сулуу чырактай

Ай жетилген чырактай,
Абдыраттың чунак ай.
Ай көрүнгөн тамагың,
Аңги-маңги кылат ай.

Күн жетилген чырактай,
Күрмөлтөсүң ынак ай.
Күн көрүнгөн тамагың,
Күйгүзүп чок кылат ай.

Сөзүң сулуу чырактай,
Сай-сөөгүмдү чыдатпай.
Сүйрөлтөсүң артыңан,
Сүйөрүңдү чын айтпай.

 

***

Ууртуңдан секет кетейин,
Жүрбөдүм беле камыкпай.
Татына күлкүң эжеңди,
Толкутуп ийди кайыктай.

Күлкүңдөн эжең үргүлсүн,
Бажырап ачкан түр гүлсүң.
Бапестеп жүз жыл жүрсөм да,
Багыма конгон бир күнсүң.

 

Жаш бала

Курсагым ачты аябай,
Нанга деп тыйын таштаба.
Сүйүүдөн шиңгил таштап кет,
Сүйгөндү билсең жаш бала.

Кардым бир ачты аябай,
Кантыңды жебейм, мактаба.
Канттан да ширин сүйүүңдөн,
Калтырып кетчи жаш бала.

Сүйлөнүп өтөм жаныңдан,
Суйкая сүйлөп каш кага.
Сүйүпмүн сени кантейин,
Сүйкүмү артык жаш бала.

 

Карысына баратам

Жаш балага жылмайсам,
Жаштыгыма жолугам.
Карт агайга жылмайсам,
Калем ыргыйт колуман.

Жаш баланы карасам,
Жашыл шибер төрдөмүн.
Карт агайды карасам,
Чөйчөк сүйүүм төгөмүн.

Толгоо тартып сүйүүдөн,
Жаштын чыгып үйүнөн.
Карысына баратам,
Мен ушуга күйүнөм.

 

Ай койнунда уйпаланам

Күн астынан күндөп өтөм,
Күмүш көзүн карап өтөм.
Ай астынан айлап өтөм,
Алтын чачын тарап өтөм.
Күмүш чачкан нурун жутуп,
Күн кучактап куйкаланам.
Алтын чачын тарап атып,
Ай койнунда уйпаланам.
Айга жеттим, күнгө жеттим,
Күн кучактап Ай койнунда,
Магдырап бир уктап кеттим.

 

Өбүңүзчү

Өбүңүзчү, акетай өбүңүзчү,
Көзүмдөгү күн нурун көрүңүзчү.
Кубанычтан эреркеп бир төгүлүп,
Нурга чылап кетейин төшүңүздү.

Өбүңүзчү, өбүшүп кетеличи,
Махабаттын дүйнөсүн кезеличи.
Ак карасы аралаш бул жашоонун,
Таш тагдырын жаш менен эзеличи.

Өбүңүзчү дагы да өбүңүзчү,
Өзгөртпөңүз кезиксек өңүңүздү.
Менден кетип азапка кабылгыча,
Кучагымда тумчугуп көрүңүзчү.

Миң-миңдеген кыздардын арасынан,
Издеп келип ийилип өбүңүзчү.
Карагаттай көзүмдүн карасынан,
Кайыл болуп кагылып көрүңүзчү.
Андан көрө бир келип өбүңүзчү!?!

 

Күйөөнүн ыры

Тибиртке чыксын тилиңе,
Ушакты буурдап жеген.
Жүрөсүң кыбыр этип,
Жан багып ушак менен.

Ызадан –
Буунтуп салсам бекен?
Чылк уктап жатканыңда.
Тилиңди суурусам ээ,
Ушакты айтканыңда.

Сени туурап –
Боортоктоп кантип жылам,
Тилиң уу, денең жылан.
Койнуңа жата албадым,
Мен эми,
Кантип сени катын кылам.

 

Бир жигитке өптүрөм

Койчу жаман сөз айтпайын,
Жаман алга чөктүрөм.
Кечинде эле ушул оозду,
Бир жигитке өптүрөм.

Койчу жаман сөз сүйлөбөй,
Туруп кетем ордуман.
Кечинде эле ушул тилди,
Бир жигитке сордурам.

 

Айтпайле койсоң болмок

Көңүлүм ооруп калды...
Көкүрөк тооруп Айды,
Көөдөнүм шаңдуу ойноп,
Жүргөнүм сезгениң соң,
Айтпайле койсоң болмок,
Ошондой жаман сөздү.
“Кыздардын чырагы кырк”,
Чырагым эми жанып,
Бүлбүлдөп келатканда,
Үйлөбөй койсоң болмок.
Көңүлүм гүлдөй жумшак,
Ушундай сөздү кургак,
Угузбай койсоң болмок.
Май тамып жалгыз тамчы,
Чырагым кайра жанчы.
Бир гана суранаарым,
Сөзүңдү кайра алчы?!?

 

Жытоочумун

Жыттоочум менин, жытыңан апаң кагылсын,
Башыңа бакты, жолуңа чырак жагылсын.
Кулунчак кызым кызматым баары сен үчүн,
Жанажан кызым жанымдан артык жанымсың.

Туулган күндөй жайнаган жүзүң өбөйүн,
Кутманым менин кутумду сен деп төгөйүн.
Эркетай кызым жалжылдап карап эркелеп,
Жүрөгүм мына, башыңды койчу жөлөйүн.

 

Ыйлаба кызым

Теңелбе кызым, кошуна кызга оюнсаак,
Ойнобо кызым, оюндан асти түңүлгүн.
Атасы анын кол менен жасайт бактысын,
Өз бактың үчүн күрөшкүн кызым, жүгүргүн.

Ыйлаба кызым, тагдырда жазмыш ушундай,
Төрөгөн менмин, күнөө жок сенде кымындай.
Садагаң болуп, кагылып кетип калайын,
Чыркырап турган жаныңдан сенин чымындай.

Энелүү жетим эркетай жетим, бирок да,
Эркелеп жатсак, өнөрдү бизге ким берет,
Өнөрүң өргө чабылсын кызым, такшалгын,
Дүркүрөп дүйнө, атагың чыгаар күн келет.

 

Өзүңсүң

Теңирим сүйүп бергеним,
Тегеренем эрмегим.
Кудайым сүйүп тапканым,
Куурчактай кылып бакканым.
Сүйлөмүм баары өзүңсүң,
Сүйүнүп көргөн көзүмсүң.
Кадамым дагы өзүңсүң,
Карагат эки көзүмсүң.
Атаңды сүйлөп үшкүрсөң,
Азаптуу башым кайгым бар.
Элжиреп ичим эзилип,
Ичиме салып алгым бар.
Акылман айткан сөздөрдү,
Көкүрөккө түйө жүр.
Тоту куштай сылаган,
Апаңдын баркын биле жүр.

 

Кенен бол

Кубаттан таят алгыр да,
Кубатсыз жоого алдырба!
Көңүлсүз кепти көп сүйлөп,
Көбүнөн көңүл калтырба.

Чаңкаса суусун кандыраар,
Акылы терең кудук бол!
Керексиз жерде байкабай,
Байланып тилиң дудук бол!

Акмактар айткан айыңга,
Кулагың укпай керең бол.
Береке төгүп чачылып,
Ачылып колуң кенен бол!

 

Апаңды жаман мөгдөттүң

Урушуп койсо эжейиң,
Көз жашың неге көлдөттүң.
Көз жашың менен каралдым,
Апаңды жаман мөгдөттүң.

Майрамдын асты куттуктап,
Жыттайын дегем жүзүңдөн.
Апаңа кылган белегиң,
Мөлтүр жаш беле көзүңдөн.

Урушчаак эжей деректир,
Кызматтан бир күн кететтир.
Кейибе кызым, элиңе,
Таланттар сендей керектир.

 

***

Отурба кызым тиземе,
Талыкшып денең талбасын.
Катуусу өтүп тиземдин,
Көтөнүң ооруп калбасын.

Керемет мүчөң, көзүң да,
Күмүштөй мончок сөзүң да.
Керектен керек, бардыгың
Көтөнүң дагы, өзүң да.

 

Кызыма кат

Сен кечиктиң, каяктасың билбедим,
Түнү менен кирпик көзүм илбедим.
Эстесеңчи энекеңдин абалын,
Жүрөгүмдү жүз жеринен тилбегин.
Күтүп-күтүп көз карегим талыды,
Көчөдөгү көпкөндөрдү сүйбөгүн.
Аяр сүйлөп, таттуу сүйлөп алдашат,
Ала барман ар кошконго тийбегин.

Келер менен оку кызым, кат жазам,
Тамгаларын каным менен жаратам.
Кат экен деп түртүп койбо, кагазга
Жүрөгүмдү таштап кетип баратам.

 

Уул төрөбөй калыпмын

Сезим менен алыштым,
Семиз эмес арыкмын.
Билбегенге караңгы,
Билгендерге жарыкмын.
Калың элден суурулган,
Кичинекей тарыхмын.
Жата-жата зарыктым,
Жамбаш уюп талыктым.
Убакытка уттурдум,
Уйкучумун аным чын.
Уктай берип, унутуп,
Уул төрөбөй калыпмын.

 

***

Уугум болоор уулум жок,
Уулдан өткөн кызым шок.
Керегем бар, кызым бар,
Керек болсо көңүл ток.

 

Дирт этет өлгөн денем

Колумда тагдырым бар,
Оюмда жакшына жар.
Күйөөгө тийдим, анан
Челкейип боюмда бар.

Күйөөгө тийген менен,
Күйөөнү сүйгөн жокмун.
Эмнелер пешенеме,
Жазылган, билген жокмун.

Ээрчишип келе жатсак,
Алдыдан цыган чыкты.
Турмушка төлгө тарткан,
Бу лөлүң жылаан чыкты:

“Үч жылдан ашып-ашпай,
Жашайсың кажылдашып.
Экини төрөйсүң да,
Кетесиң ажырашып.

Узакка бойдок жүрүп,
Көп эркек куштар болот.
Балдарга каралашпай,
Бул эриң душман болот.

Көрөсүң далай азап,
Ыйлайсың, эчкиресиң.
Чоңойтуп балдарыңды,
Күйөөгө кеч тийесиң.

Чоңоюп-чочойгондо,
Балдарың душман чыгат.
Атанын канын тартып,
Жаатташып туштан чыгат”.

Деди да лөлү-цыган,
Ооз ачып а дегиче,
Далдаада кайып кетти.
Табышмак алигиче.

Кеткенмин ажырашып,
Сүйбөгөн күйөө менен.
Каап-деймин өкүнүчтүү,
Койбопмун түлөө берип.

Балдары чоңойгонго,
Баратат душмандашып.
Лөлүнүн сөзүнөн соң,
Койсомчу ташка басып.

...Баратам күйөөм менен...
Лөлүнү көргөн жерден.
Тик туруп төбө чачым,
Дирт этет өлгөн денем...

 

Мен эмес, менден башка

Мен аны сүйгөн болчум,
Ал мени таштап кетти.
Сүйөм деп алдап жүрүп,
Сүйрөлүп жазга жетти.

Шыңга бой, узун болчу,
Акылы кыска болчу.
Денеси эттен бүткөн,
Кучакка батпай турчу.

Муштаса албан болчу,
Эсепсиз айбан болчу.
Курдашы болот дебей,
Баарына барган болчу.

Балээни баштап кетти,
Башыман аттап кетти.
Мен эмес, менден башка,
Бешөөнү таштап кетти.

Кийгенге күрмө белен,
Түймөлөп түймө менен.
Бул сериал аяктады,
Аягы түрмө менен.

 

***

Жамасам болбойт тигиштен,
Көйнөгүм сүзүлүп жүрөт.
Кыз алган ушул эримден,
Көңүлүм бузулуп жүрөт.

Бир караан көрсө каңкуулап,
Кандегим үзүлүп үрөт.
Ал караан ким деп шектенип,
Алганым сызылып жүрөт.

 

Катка жооп

Жарымды жаш деп санааркап жүрсөм, кой үкөм,
Көздөрүң жаңы төрсөйүп бышкан бүлдүркөн.
Чекеңден сылап, бара гой десем, колума
Сүйөм деп жазган катыңды салдың бир бүктөм.

Сүйүшүү жакшы, сүйүүдөн көңүл өчөлек,
Сүйөм деп катты жазганга биз да өч элек.
Кыз кезде чүмүп кыялдын чексиз түбүнө,
Сүйгөнүм жап-жаш, суп-сулуу болсо дечү элек.

Ал кезең өттү, өттү деш өзү оор экен,
Сүйөм деп турган жигитти сүйбөш кор экен.
Кол менен бетте бырыштар эле болбосо,
Баягы жүрөк өзгөрбөй дале шол экен.

Таарынба үкө, татыксыз менин жообума,
Таңыркап алба, тагдыры татаал жолума.
Сүйөм деп берген катыңдын жообун атайлап,
Карматкан жокмун пакиза, таза колуңа.

 

Өзүң сүйгөн Лираңмын

Уктап жатсам бейпил түндө көөшүлүп,
Эшигимди кимдир бирөө каккылайт.
Каккылайт да көзүм ачсам унчукпайт,
“Эй, сен кимсиң, кимсиңер дейм, айткыла!”

Терс бурулуп уктап калсам чүмкөнүп,
Кайра дагы тереземди черткилейт.
Черткилейт да, үн чыгарбай жок болот,
“Эй, сен кимсиң, кимсиңер дейм, кеткиле!”

Уктамышка салып коюп аңдысам,
Жаны калбай, түрс-түрс согуп туйлаган,
Жүрөгүмдүн тамырында жүргөнсүйт,
“Эй, сен кимсиң, жети түндө кыйнаган!”

“Мен, мен эле, өчүрбөчү ыраңың,
Укталбастан атсын мейли, бир таңың.
Калем кармап үстөлүңө отургун,
Бул мен эле, өзүң сүйгөн Лираңмын!”

Ураа-ураа, сүйгөн Лирам келдиңби,
Талаа-түстөн издеп сени чарчагам.
Түгөйүм бол, түнөгүм бол, жалгызмын,
Бар жигиттер мени чанып таштаган.
...Лира сенсиз жашаганга акым жок,
Таразам бол, тагдырымды калчаган!

 

Татаал тагдыр

Жараткан – түстү бердиң, өңдү бердиң,
Түз жолду ыраа көрбөй, дөңдү бердиң.
Жаш кезде кучак толо арман бердиң,
Келбетти убактылуу жалган бердиң.

Жигиттер жалт эткире карашканда,
Турпатым түбөлүк деп адашкам да.
Жараткан – кайда сенин калыстыгың,
Бир чымчым бакытыңдан алыс кылдың.

Билем го берген жанды аларың бар,
Жан алып андан эмне табарың бар.
Жаш экем – бардыгына чыдадым да,
Май тамыз карыганда чырагыма.

 

***

Татаал тагдыр, татаалдыгың кантейин,
Күйүп-күйүп кемегеңде от болдум.
Күйүтүмдөн ичип кетсем кеп кылат,
Түшүнүшпөй алысташкан досторум.

Катаал турмуш, катаалдыгың сенин ай,
Чиеленем чимирикте жип болуп.
Сеникиндей катаал мүнөз күтө албай,
Кайра баштан сүйүп калам ит болуп.

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Карагулова Б., 2005. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 7677