Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Даректүү жана өмүр баянды чагылдырган адабият
© Иманалиев К., 2010. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 8-июну

Каныбек ИМАНАЛИЕВ

Саякбай

Гений жөнүндө баллада

Бул китепте «ХХ кылымдын Гомери» аталган алп Манасчы Саякбай Каралаевдин өмүрү, чыгармачылыгы, өзгөчө мүнөзү, залкар адамдар менен болгон мамилеси тууралуу окуялар жана жалпы эле Манастын ыйык касиетине байланыштуу ойлор баяндалат.

Иманалиев Каныбек. Саякбай: Гений жөнүндө баллада (очерк-эссе). – Б.: Бийиктик, 2010. – 296 б. китебинен алынды

УДК 821.51
    ББК 84 Ки 7-4
    И 50
    ISBN 978-9967-13-657-1
    И 4702300100-10
    Нускасы 1000 даана.

Мукабанын биринчи бетинде С. Чокморов тарткан портрет пайдаланылды.

 

I. САЯКБАЙ

(Гений жөнүндө баллада)

 

ЭПИЛОГ ОРДУНА

Блиц-анкета
    (азыркы доордун ыргагы менен)

Аты-жөнү: Саякбай Каралаев
    Туулган жери: Ыйык Ысык-Көлдүн жээги
    Туулган жылы: 1894
    Зодиак белгиси: Алп Манастыкындай
    Салмагы: Сайдын ташындай
    Бою: Сары алтын — сакадай
    Устаты: Чоюке манасчы
    Улуту: Кыргыз
    Урааны: Манас, Манас эр Манас
    Дини: Манасия
    Билими: Чокмордун сүрөтүн тартып кол койгонду билет
    Кыялы: Кылыктуу кыз-келиндер
    Максаты: 7 миң тилде сүйлөгөн 7 миллиард адамзаты чогулган жерде жети күн, жети түн тынбай Манас айтуу
    Эрмеги: Бүркүт салуу
    Хоббиси: Ашата сөгүнүү, теңтуштарына ат коюу
    Жактырган саясатчысы: Карт Бакай, Кан Кошой жана Ленин
    Жактырган өнөрпозу: Кара Молдо
    Жакшы көргөн суусундугу: Айымкандын бозосу
    Жактырган машинеси: Москвич
    Партиясы: Кырк чоро
    Достору: Кара Молдо, Чалагыз, Мидин, Райкан, Байдылда, ж.б.

 

Манасчы ким?

Күргүштөтө Манас айтканда жүз миң кол аскер келаткандай сүр көрсөткөн — кеменгер, темирди үзүп чыккан Теңир Алптай сезилген, сакадай боюна сан миллион дастан сабын батырган Саякбай Каралаевдин «Манасын» укканда деги бир башка дүйнөгө арбалып, өзүңдүн бу дүйнөдө бир кичинекей көрпенде экениңди сезесиң… Манас, Манас дейбиз. Саякбай миңин билсе, биз ал билгендин миңден бирин билээрбиз.

…Деги Сакең ким? Болгону манасчы элеби? Же андан да улуу күчпү? Жөн эле өнөр адамыбы? Же башка бир касиет даарыган өзгөчө жанбы?

Деги манасчы ким?

Манасчы -өткөн-кеткенди, тээ качанкы бир атам заманды көз алдыңа элестеткен санжырачыбы?

Манасчы ким?

Байыркыдан берки эле баянын, айкөл баатыр эрдигин саймедиреген жомокчубу?

Ал өткөн доор, замандар менен бүгүнкүнү байланыштырып турган көпүрөбү?! Ошону үчүн манасчы бизди оңой эле миң жыл артка алпарып, ал мезгилге аралаштырып жатпайбы!

Манасчы — жан-дүйнөңдү козгоп, көңүл эргитип айгай салган төкмө!

Ойду нускалап айткан чечен.

Ырчы гана эмей, айтчу кебин уйкаштыкта сабалата төккөн акын. Бир эле мезгилде жанга жагымдуу аваздык көркөмдүктөгү обондорду чыгарган обончу.

Эр жүрөктүүлүктү даңаза кылган улуу чакырык.

Сөздү алтын, күмүш, бермет, жакут менен шөкөттөгөн зергер.

Баян баамын сөз менен кооздоп, сөз менен элес тарткан сүрөткер.

Манасчы — акылман. Ал Манас айтат, акыл айтат, осуят айтат. Жипсиз байлайт.

Манасчы жөн гана сөз эккен өнөр ээси эмес. Ал өнөр-билим себелеген билги. Сөз менен сыркоону сакайткан эмчи. Сөз менен дартты сабап айыктырган домчу. Дартка даба дарыгер.

Манас айтып жаан чакырган жайчы.

Кыргыз дүйнөсүн тааныткан аалым.

Манасчы — Манас аркылуу эртеңкини көрө билген олуя. Өткөндү даңктай да, баалай билген кеменгер.

Манасчы — сырткы душмандан коргогон чеп сыңары. Душман менен кармашаарда колго кармаган алмаз кылыч, жоо курал.

Манас айтканда өзүнчө бир улуу илеп уруп турган — энергия. Күч-кубат.

Манасчы — эр Манастын кишиси. Анын жердеги өкүлү. Адамзат, айрыкча Кыргыз Рухун көкөлөткөн кудурет, күч.

Чыныгы турмуш менен кыял жашоонун ортосун ажайып адемилеген керемет.

Куш учуу үчүн жаралса, манасчы Манас айтуу үчүн жаралат. Бүт өмүрүн дастан бийиктигине арнайт. Алар үчүн жашоо — тиреги Манас. Алар өмүрдөн өтсө да, өнөрү улана берет.

Манасты окуп билим, өстүрүп, илимий даражага ээ болсо болот. Бирок, Манасты окуп манасчы болуу мүмкүн эмес. Аны Манас даарыйт. Арбак даарыйт. Көкө теңир даарыйт. Аны жакшысы да угат, жаманы да угат. Аны — манасчыны Манас тандайт.

Манасчы — ичи тарлыктан, ушак сөздөн, көр турмуш көйгөйүнөн сырт жашаган руху бийик инсан. Ал периште сындуу. Анын көңүлүн калтырганга болбойт.

Манасчы ким? Байыркыдан Жайсаң Үмөт уулу менен Ырамандын ырчы уулу. Токтогул ырчы. Келдибек менен Балыкооз. Музооке менен Чонду. Акылбек менен Тыныбек Жапый уулу. Назар Болот уулу менен Дайырбек. Жеңижок менен Назар. Найманбай менен Кенжекара. Дыйканбай менен Багыш Сазан уулу. Чоюке менен Тоголок Молдо. Кайдуу Сопу уулу менен Алмабек Тойчубек уулу. Шапак менен Куйручук. Сагымбай менен Саякбай. Жаңыбай менен Жакшылык. Молдобасан Мусулманкул уулу менен Мамбет Чокмор уулу. Дуңкана Кочуке уулу менен Ыбырайым Абдырахман уулу. Акмат Рысменде уулу менен Жусуп Мамай. Манасчы Сейде Дейди кызы менен семетейчи Сейдана эне. Шаабай Азизов менен Кааба Атабеков. Азыркылардан: Уркаш Мамбеталиев, Асанкан Жуманалиев, Сапарбек Касмамбетов, Назаркул Сейдиракманов, Кубанычбек Алмабеков. Аялзаададан айрыкча чыккан аялуу эжебиз Бүбүмариям. Бу улуу көчтү улап келаткандар: Талантаалы Бакчиев, Улан Исмаилов, Рысбай Исаков, Тилек Асанов, Дөөлөт Сыдыков, Замир Баялиев жана дагы башкалар.

Баарыбыздын жүрөгүбүздө Манас бар.

Манастын жүрөгүндө ким бар болду экен?

Манасчы буркан-шаркан түшүп айтып кирсе жазгы кирген дайрага окшош…

Дымып калса түбү терең көл шекилдүү…

Ойлоно кетсе опол-тоо сымал…

Үч күн, үч түн айтса түгөнбөгөн көөнөрбөс. Түбөлүгү кебелбес. Кылымдар чети оюлбас, кыйыры кемибес уйкудагы ак кар, көк муз ордологон Улуу Мөңгү таризде…

Саймедиреп айтып баштаса улуу тоо коюнунан оргуштай көз жарып чыккан тунук булактай аруу.

Манас — күч. Калканыч, чеп, ыйыктык. Өзүңдү өзүң таануу. Манасты угуу — бийиктикке чыгуу, аруулануу. Өтүп кеткен ата-бабалар менен кездешүү.

Төр булагы сымал улам бир манасчы чыгып улуу сапар уланып турат.

Кыязы Манасты толук айтып бүткөнгө бир адамдын өмүрү жетпейт, бүтүндөй бир улуттун өмүрү керек болоор…

Манасты жүрөктүү адам гана айта алат.

Болбосо бу сүрдүү жана сыйкырдуу дүйнөгө даап баш багуу өтө опурталдуу иш эмеспи. Манасчыны укканда өзүң да ошо доордун азабын көргөндөй болуп кетесиң.

Жүрөгү кыргыз болсо Манасты дүлөй да угат, азиз да көрөт. Жүрөгү менен туят. Манас касиети мына ушундай эмеспи.

Биз болсо кыргыздар, Манас даарыган элбиз.

 

Үчилтик касиети

Саякбай атанын башка манасчылардан айырмаланып, ар бир кыргызды, кыргыз тургай аны бир уккан угарманды улутуна карабай өзүнө тарта билген касиети болгон. Анын сыры эмнеде?

Кудум куйма чулу алтындан жасап койгон сыяктуу сакадай бою сары алтын келбетиндеби? Же бүт он сегиз миң ааламга угуза айтып жаткан шекилдүү айгайлаган үнүндөбү? А балким дастан айтып жатканда тээ байыркы кылымдардын оюгуна кирип кетип, өң-келбети жүз кылым карыткан кейиптенип кеткен өзгөчө өңүндөбү?

Саякбай манасчыны көргөн сайын көзүң тойбойт. Уккан сайын кулагың тойбойт. Көксөгөн сайын көкүрөгүң тойбойт.

Анын касиет даарыган инсан экени шексиз. Кандай касиет? Манасчынын мындай сыйкыр талантынын сыры эмнеде экенин билүү максатында белгилүү врач, медицина илимдеринин кандидаты Исаева Жанаргүл Дүйшекеевна менен маектешип жатып, ошол соболдорго жооп тапкандай болдум.

…Ар манасчы өз-өзүнчө талант. Бир окшоштугу алардын баары тегин жан эмес. Экинчи окшоштугу баарына тең Манас түш аркылуу аян болуп киргени. Үчүнчүсү — бирине Манас кулагына угулат, бирине көзүнө көрүнөт, а кай бири көкүрөгү менен туюп айтат. Маселен, залкар манасчы Сагымбай Орозбаков «Манас» айтканда кулагына угулуп, ал аны элге баяндап берип турган. Калыгул олуя да оң жагын бир каранып, сол жагын бир каранып, периштелери менен кеңешип анан кеменгерлик өнөрүн узанган.

Келдибек манасчы болсо көзүнө ошол окуя кудум кинотасмадан өтүп жаткандай көрүнүп, ошол көргөн-билгенин айтып берип отурган.

Кытайлык Жусуп Мамай атабыз болсо көкүрөгү менен туюп билип, баяндап жазат.

Ал эми Саякбайга болсо, жараткан берешендик менен ошол үч касиетти тең ыроологон экен! Дегеним, Сакең Манас айтып жатканда бир эле учурда улуу жомок кулагына угулуп, көзүнө даана окуялар көрүнүп, анан анын баарын көкүрөгү менен туюп айткан. Ойлогон ою сыртынан төгүлүп турган… шондуктан.

Ошол врач, психолог Исаева Жанаргүл эженин илимий негиздеп айткан далилине таянсак, бир эле учурда Манасты угуп, Манасты көрүп, Манасты туюп айткан адам өзүнүн ички акыл-сезими, аң-туюму менен ошол Манастагы орошон окуяларга катышкан адамдардан кем эмес таасирленет. Ошолорчо кейийт. Ошолорчо сүйүнөт. Жыргайт. Кабатырланат. Кейүүчү жерде кошо кейип, ыйлачу жерде кошо ыйлайт. А тургай окуяда айтылып жаткан Баатыр бир жеринен жаракат алса манасчынын дал ошол мүчөсү ооруксунат.

Мына ошон үчүн Саякбайдын Манас айтканы азыркы 100 миллион доллар кетирип (мисалы Тимур Бекмамбетовдун «Особо опасен» деген фильми) компьютерлик жасалгоолор менен чыккан фильмдерден да таасирдүү болуп атпайбы.

Сакең жалгыз өзү режиссер. Өзү жалгыз үн режиссеру. Өзү сценарист, өзү баш каарман болуп атпайбы.

Кайран Сакең, Айкөл Манас атанын калкагар караанын гана көрбөстөн, анын айбаттуу үнүн угуп, баатырды өзүнүн баатыр жүрөгү менен туюп, ошонун баарын чулу денесине батыра бербей энергиясы сыртка ашып-ташып, өзү толкуп, ошол эле учурда тулку бою, колу, буту, башы, бүт денеси кыймылдап, айтып берип атпайбы.

Бу не деген энергия! Спортто эң алыска деген олимпиадалык марафондо күлүктөр 2 саат 42 мүнөт чуркап, маарага көл-шал болуп тердеп араң жетип, эстери ооп жыгылышат.

Саякбай Каралаев болсо үч күн, үч түн бою бир тынбай, демек 72 саат Манас айтып, 72 саат бою колу, денеси, башы кыймылдап, тили сайрап атпайбы. Бул жараткандан жалганган талант, тиги Көкө Теңир Көктөн жиберилген бир башка көөнө касиет го!

Дүйнөлүк эң мыкты деген дөө-шаалар, маселен, Паворотти, же азыркы У.Хьюстон ашып кетсе 6-8 саат тынбай үн созо алышат экен.

А Сакең адам баласынан бир башкача жаралган жан болуп атпайбы. Бери эле дегенде 50-60 саат ырдап атпайбы. Ошончо күч-кубатты, энергияны кайдан алып жатат? Албетте, улуу дастандан, улуу баатырлардын кудурет рухунан...

Москвадагы адамдын мээси илимий институтунун жетекчиси, нейрофизиолог, академик Наталья Петровна Бехтерованын далили боюнча адамдын мээси 70 миң маалыматты өз эс тутумуна сактай алат.

А Саякбай бир айтканда бир жарым миллион сапты шурудай тизип, кыраатын келтире, жаңылбай, жазбай айтып атпайбы.

Бу не деген керемет!

Анан шер Саякбай гений болбогондо ким гений?!

Рух дегенибиз ошол эмеспи! Ал колго кармала бербейт экен... Бирок, энергиясы кайрат, күч-дем берет экен…

Биз Сакеңди көргөндө эле Манастын өзүн көргөндөй толкунданып кетип атпайбызбы. Анда Манастын өзү кандай болду экен деген ой келет.

Ач арстан төштөнгөн,
    Алгыр бүркүт көздөнгөн!
    Кынсыз кылыч байланган,
    Кайра жаачу булуттай
    Каар бетине айланган.
    Кара чаар кабылан
    Капталында чамынат
    Чолок куйрук арстан
    Бет алдынан камынат.
    Алп кара куш — зымырык
    Алып кетчү немедей,
    Асман бугуп салыптыр.

Сакең чындап кызып Манас айтып жатканда жанына киши даап бара албас сүрдүү, айбаттуу көрүнүп, адамды шердентип тураар эле, чиркин манасчылардын Манасы десе…

 

Манасчынын төрөлүшү

…Жокчулуктун азабынан эл кыдырып жүргөндө Тоңдун Ак-Өлөңүндөгү саяк уруусунун ичине көчүп келгенде төрөлгөнсүң. Ошондуктан атыңды Саякбай койгонбуз. Төрөлөрүңө бир айча калганда уктап жаткан энеңдин бутуна жылан оролуп, чочуганынан таштан алыс кеткен. Балам, тай эмессиңби, канат-куйругуң жетилээр, — деп айтып калаар эле Дакиш чоң энеси.

…Ошондо Саякбайдын энесинин боюнда эле. Сегиз ай чамасы болуп калган. Айылга бир манасчы келип жарым күн тынбай Манас айтат. Коңурбай келип Айкөл Манасты сайган жерин айтканын угуп аткандар көзүнө жаш алат. Энеси ошондо бир муңканып, аны сезгендей курсактагы бала тебинип, тыбырчылап кеткенин туят.

…Үйүнө келип уктап атса түшүндө курсагына ажыдаар найза салып аткан болот. Баламды сактап калайын деп тынчы кетип ойгонсо, бутуна жылан оролуп жаткан экен. Чочуганынан денесин алыс таштайт. Боюндагы бала денеден козголуп, жүрөгү тез-тез согуп, оозун ачып жиберсе бала оозунан чыгып кетчүдөй сезет өзүн. Кошуна келин-кезектер келип курсагын тебелеп, баланы сууруп алмак болушат. Ошондо бир билги байбиче келип сегиз айлык ара төрөлгөн бала мал болбой калышы мүмкүн деп, тамырын кармап, кечээ түнкү манасчыны алдыртат. Тиги манасчы боюнан козголгон келиндин жанында түн бою Манас айтат. Жылдыз таркап баштаганда манасты муюп угуп жатып, азыр эле жаны көзүнө көрүнүп жаткан кош бойлуу келин көшүлүп уктап кетет. Ошентип төрөлө элек наристе эне боюнда аман калып, ай-күнү жеткенде көз жарып, саяк уруусунун ичинде төрөлдү деп атын Саякбай коюшат.

Улуу манасчы ошондой болгон, эненин курсагында жатканда эле Манас уккан. Улуу дастанды угуп калып гана ара төрөлбөй, убак сааты жеткенде аман көз жарган.

 

Бала чак. Өспүрүм курак

Болочоктогу залкар манасчы 1894-жылы күр¬дөөлдүү күздө керемет Ысык-Көлдүн тескейиндеги Тоңдун Ак Өлөң деген жеринде кембагалдын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келет. Атасы Карала кедей адам болгондуктан, үй-бүлөсү жокчулуктун запкысын көп тартат. Же жокчулук турмуштун айынанбы, же балама батасы тийсин дегенби, атасы Карала мал союлган жерде «Саяк¬байыма бирдеме бергиле, Саякбайым ооз тийип калсын» деп суранып жүрчү дейт. Өмүрү өткөнчө ал адатын таштабай жүрүп көз жумат. Сакең да өзү бала кезинен ырым тутуп чоңойгонун жашырбайт. Ал жокчулуктун айынан Ысык-Көлдү айланып, улуу манасчы али бешикте кезинде азыркы Жети-Өгүз районундагы Жыдык-Көл деген жерге барып күн көрүүгө аргасыз болот. Саякбай наристе кезинен өспүрүм куракка чейин чоң атасы Сасайдын тарбиясында өскөн. Бир мүчөл жашка келгенде ал чоң атасынан ажырайт. Атасы Карала ырдыктык дунган Жыкынын бир быштысын минип жүрүп өлтүрүп алат. Ал дунган өлгөн атынын кунун кымбат баалап, Карала үч жыл бекер малай болуп жүрүп араң кутулат.

Көрүнүктүү манасчы Саякбай Каралаев жаш күнүндө өчпөстүн отун жагып, өлбөстүн күнүн көрүп өсөт.

Өзү «Унутулгус күндөр» деген китебиндеги эскерүүсүндө жазгандай, жети жашка келип, ата-эненин акылына көнүп, айткан жөнүнө баш ийип, чоңоё баштайт.

Бала кез кандай аземи да, кандай кызык!

…Топураңдап торпок минип, дүнүйө-капар, орок менен божомолдоп арык казып, өтүктү жанбашынан майрык басып, чылгый тонду чубалжыта кийип, бир чырпыкты кунаным деп ат кылып минип, көйнөктөрдүн этегин артка түйүп алып, такымга алаканды чаап камчы уруп ойноп өстүк дейт.

Бала чагыбызда мектеп бетин көрбөй, курсактын айынан айылдан каймак уурдап жедик. «Кемелине келбегин, тентек» деген сөздөрдү көп уктук. Такым эттин баарын тарай-тарай чаптырып, кагуу-согууну көп көрдүк. «Кара чычкак кандай неме эле» деп айылдагылар жек көрдү. Балалыктын ойну, баёо сезим кызыгы көкүрөккө кат болуп, жокчулуктун мүшкүлү көөдөндөн кетпес дат болду. Кыштын кыраан чилдесинде жылаңайлак, жылаңбаш от жанында жаттык. Жокчулуктун азабын так ушинтип тарттык.

Көпөлөктү кушум деп өзөн-сууну бойлодум. Дүнүйөнүн кызыгына эч бир тойбодум. Мурдуман булак суу токтобой чыгып турганда, тондун узун жеңи менен ары-бери сүртүп алчу элем. Кайран жең, какач болуп калчу эле. Жыртыгынан кар кирип кетчү майрык өтүгүм менен ойду коюп, тоону басар элем, «чечек» деп, энебиз жаза-буза бир муштап, буттан сууруп алар эле. Жылаңайлак бут, узун жеңдүү тон менен бул ышкыбоздукту койбой, күрөндүгө чыгып алчу элем. Күрөндүгө чуркап чыга калып, ары-бери өткөн элди карап калар элем. Эгер куш кондуруп, ит ээрчиткен, мылтык асынган киши көрүнө калса, жылаңайлак-жылаңбаш, үшүгөнүмө карабай анын артынан ээрчип, кызыгып кароо менен экинчи айылга жеткенче жүрө берчүмүн.

…Жылаңбаш болгондуктан суукка чыдабай кулагым тырсылдап, бутум какшап, жанды көздөн чыгарчу. Эптеп үйгө жетип, бутумду тонго ороп олтуруп өзүмчө: башка балдарды тайлуу да, тондуу да кылдың, а менде эчтеме жок. Менин эмне жазыгым бар? — деп, ошондогу тагдырыма таарынар элем:

Тай бербестен жөө кылдың,
    Жардылык сага не кылдым?
    Жарды кылдың жок кылдың.
    Жан кейитип кор кылдың.
    Бу турмушту тар кылдың,
    Карда минип ойнорго,
    Бир торпокко зар кылдың.
    Эркин ойноп кечүүгө
    Бир өтүккө зар кылдың.
    Айылдан тамак уурдатып,
    Эки колду шок кылдың.
    Жыртылып тонум сан бөлөк,
    Шоона менен жамадым.
    Жаманынан күйгүзүп,
    Жардылыктан жададым.
    Бир чырпыкты ат кылып,
    Тайым го деп минемин.
    Бай балдары жарышса,
    Майрык басып өтүктү,
    Өрттөнүп күйүп жүрөмүн. –

деп, жокчулукка капа болуп, кайгырып, терең ойго чөмүлөр элем… дейт.

 

Насаат

Ушинетип башынан оор күндөр өтүп жатканын, зар ыйлап бирин экинчисине кошуп ырдап жүргөнүн чоң энеси Дакиш угуп калган экен да, анда:

— Ээ, алдыңа кетейин балам. Кудай өмүр берсе далайды көрөсүң. «Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет» деген. Тушооң чечилип, шоруң арылар күн болор, садагаң болоюн. Көп ыйлап, көп капа болбогун. «Ач бала ток баладай ойнобойт, ток бала ач болом деп ойлобойт». Жылаңайлак, жөө жүрөм деп, Саякбай балам, ыйлап, капалана бербегин, кайгы адамды сарыктырат, өмүрдү кесет. Сенин да багың ачылар, балам. Жарык күн сага да тийер. Жабыркаганы болбосо, жакырчылыктан адам өлбөйт. «Булут минип, муз бүркүп, эрен да өткөн дүйнөдөн, бербейм, бербейм деп жүрүп бай да өтөт дүйнөдөн». Бул байлардан ырайым жок. Алардын балдары ат жарыштырып ойнобогондо анан ким ойносун! Жардылыктан адам өлбөйт, жан кейийт. Бир күнү жарыкчылык болор, өтө куурап кеткендин өмүрү болсо, жыргалчылыгы да болот, — деп ыраматылык чоң энеси жамактатып мына муну айтчу:

Сабыр кылчы, кулунум,
    Муратыңа жетерсиң.
    Жаш болотсуң, жетилип
    Адам болуп кетерсиң.
    Булбул куштай так сайрап,
    Бир чынарга конорсуң.
    Өмүрүң болсо акыры,
    Эл эрмеги болорсуң.
    Арыган ат семирет,
    Ачкан курсак тоюнат.
    Тентектикти кой балам,
    Бөлөк жорук сүй балам.
    Сөздү, сөз деп жүр,
    Артынан көздөп жүр.
    Экөө болсоң бирөө ага,
    Жалгыз жүрсөң бөрүк ага.

Сен да чоңоюп адам болорсуң, багың ачылар, деп насаат кебин, нарк сөзүн айтып калаар эле.

…«Билими бар миңди жыгат, билеги жоон бирди жыгат». «Калк казанын көп астым. Кана, колумдун көөсү» — деген кептер бар. Жокчулукка кейибе, тушоо чечилген күнү багың ачылат. Сөзгө ынтызаарды коюп, аны үйрөн. Акылдуу бол! Адамда куйма кулак деген да бар. Кепти, насият сөздү кулагына куюп калат. Ал эми акма кулак деген да бар. Акыл айткан менен аңдабайт. Кулагынан агып калат. Сабырдуу, токтоо адам бол! Айткан сөзүң орундуу, жөндүү болсун. «Акылсыздын белгиси кургак кайрат, жел өпкө, эч убакта жарабайт кургак сөздөн бөлөккө», «Тебенектен бутуңду тарт, ушакчыдан тилиңди тарт!», «Таза болсоң суудай бол, баарын жууп кетирген, калың болсоң жердей бол, баарын чыдап көтөргөн» деген лакаптардан тыянак чыгар. Ушакчы болбо, таза өс. «Жакшы» деген бир ат бар, кууп отуруп жетпейт, «жаман» деген бир ат бар, жууган менен эч кетпейт. Өзүң болуп алгыча, болгон эрди жакала, өзүң болуп алган соң, өзүңдү-өзүң такала. Сен көп билесиң, ашкан ышкыбозсуң. Барып турган тентексиң. Көрүнгөн балдар менен мушташасың. Ошондо башка чаап ийбегей эле деп жаным чыгат. Экинчи айылдын балдары бул айылга Саякбай бар деп келбейт. Ушул жакшы болобу? Өзүң ойлочу. Бешиктин баласы беш жол түлөйт деген, тентектигиңди таштап жөнгө кел, балам, — дечү экен жарыктык чоң энеси.

…Саякбай балалык чагы өтө аянычтуу болгон менен элдик көркөм чыгармачылыкты көп билген чөйрөдө өткөрөт. Айрыкча тарбиялап чоңойткон чоң энеси Дакиштен «Төштүк» эпосун, мергенчилер, жаныбарлар жөнүндөгү укмуштуу жомокторду уккан. Чоң энеси билген жомокторун, улама сөздөрүн, уккан-көргөндөрүн эрикпей айтып берүү менен, өзүнүн боор этиндей көргөн небересинин баамчыл, сезимтал болушун кыялданган. Ал киши кезинде Суранчы сыяктуу чоң манасчылардан таасир алган. Анысын төкпөй-чачпай небересине айтып берип турган.

…Сөз тыңдап, сөз аңдап чоңойду.

Тентектигин, шоктугун койбоду. Эр жетип, эресеге жеткенде да. Улгайганда да.

 

Биринчи устат

Элдик адамдар менен кездешип, айылга келип жүргөн Жакшылык деген ырчыдан үлгү алгын деп чоң энеси насаат кебин айтат.

Жакшылык деген ырчы чап жаак, чара баш, ар бир сөзү орундуу, эң таттуу адам эле. Кеби бычак менен чыртылдатып тилгендей курч. Тартынбай сөз сүйлөп, талыкпай ырдаган, таамайлап жөндү сындаган сынчы да экен. Оозун ачса эле адам жадагыс сонун сөздөр куюлуп турат. Отурганы очоктой, ажары айдай төгүлгөн, ар бир сөзү менен элди кубандырган, элдин шайыры, булбулу, кабак ачар куудулу экен. Аппак сакалынан нур чачырагандай, кара сур, эки ийнине эки киши олтургандай кең далылуу, иши кылып келбети менен түрүнө киши ыраазы болгондой адам экен.

Бир күнү айылдагы адамдар Жакшылык ырчынын ырын угуу үчүн келип, ал отурган үйдүн ичине кишилер батпай кетти. Коломтодо койдун нагыз көңүнөн калаган от адамдын жүзүнө кызыл нур берип күйүп турат. Отургандардын назары жалгыз гана төрдө малдаш токунуп, комузун күүгө салып олтурган ак сакал адамга бурулган… Алар ар түрдүү сөз сүйлөшүп, өзгөчө ушул олтурган ырчы жөнүндө көп нерсени айтып жатышты. Алардын ичинен бирөө, сакалын сылап коюп:

— Жакшылык акем жетимиштин жетисине келиптир. Уруусу моңолдор. Баягы, айтылуу Токтор чечендин уулу. Айтканы элге жагымдуу, өзү кадырлуу, сөзү менен элдин көңүлүн көтөргөн киши. Биздин айылга келип калыптыр. Бул адамдын алтындай болгон ар бир сөзүн угуп, өрнөк алуу керек. Элдик сөздөрдү көп билет. Билгенин эч качан аябайт. Жакем көбүнчө биз сыяктуулардын тилегине тилектеш. Өзү да далай кыйынчылык турмушту башынан өткөргөн. Кыргыздын Ала-Тоосун кыдырып, элге эрмек болгон. Бул кишинин сөзүн уккула, — деп элге жарыя айтып, анан Жакшылык ырчыга кайрылды:

— Жакшылык аке, акыл-насият сөзүңүздү балдарыңызга айта олтуруңуз…

Жакшылык ырчы отургандарды айланта карап алып:

— Көп кордукту баштан өткөрдүк. Элден, жерден ажырап кор да болдук. Акыры бай-манаптардын, оёз, чиновниктердин кордугуна чыдабай маң да болдук. Тоо этектеп, жердин асылынан ажырадык. Элибиз караңгы, жерибиз шорго малынып, элге пайдасы тийбес да болду. Ушул кан соргучтардын торунда онтоп жаткан кезибиз. Ошентип оор турмушту баштан өткөрүп жаткан чагыбызда, кедей кургурлардын шору качан арылат деп капаланып, дүйнөгө катуу таарынып, «Сен дүйнө, кимге опа болосуң» деген ыр чыгардым эле — деп комузун колго алып, күүгө салып жиберди:

Чиркин дүйнө, чиркин дүйнө,
    Кимге опа болдуң сен?
    Жокчулуктун айынан,
    Күн көрүштүн жайынан,
    Кетменге колум жооруду.
    Чокойдон бутум ооруду.
    Кардын керип кан соргон,
    Байдан көңүлүм ооруду.
    Алгыз атым көк ала
    Кызыл чок жасоол тооруду.
    Адилети такыр жок,
    Кедейден бөлөк касы жок.
    Улуктан көөнүм ооруду.
    Жорго жолдон суурулду,
    Жок-жок заман куурулду.

Кээ бир учурда Жакшылык манасчы да болгон деп айтылып келет. Дакиш чоң энесинен кийинки эле жаш манасчыны таасирленткен ушу Жакшылык ырчы болгон. Даркан манасчы С.Каралаевдин айтуусуна таянсак ал 1933-34-жылдары дөөлөттүү карылыкка таяп көз жумган.

Караланын үй-бүлөсү турмуштун запкысын көп көргөн. Ошол мезгилдеги кыргыз коомчулугунда өкүм сүргөн эреже боюнча бир адам өз уруусунан, жеринен жер которуп башка жакка кетип калса, алык-салыкты өз уруусу баш ийген болуштукка төлөй турган. Карала Семиз-Бел болуштугуна караган. Жыл маалында Семиз-Белден өкүл келип, Караладан алык-салыкты алып кетүүчү. Бир жолу ушундай алык-салыкка Карала Узун Молдо дегенден үч сом алып берген. Карала ал карыздан кирип турган жаман алачыгын, бирин-эки чарбасын, таап-ташыган үй мүлкүн бүт берип, араңдан зорго кутулат.

…Булактын тунугун, тоонун бийигин, ойдун тереңин айтып баштап, Улуу Тоодон улуу кеп башталды ошол жылдары.

 

Орус менен достошуу

…Жашым он бештерге келип, аркы-беркиге түшүнүп, эне-атасына кол кабыш кылып, мурунку тентектигим жоголуп, турмушка түшүнө баштаган учур. Ошондой болсо да, жокчулук эки бутту бек тушап, ары-бери жылдырбай кармап турду деп эскерет кийинчерээк. Курсак бирде тойсо, бирде ач болот, ар кимге жалданып иштөө баштатан эле адат болуп калган. Балдарга, өзгөчө жокчулукка баткан элге өтө мээримдүү мамиле кылган Баженов деген орус Жар-Көлдө, чоң жолдун боюнда турчу эле. Ал ошол жердеги кыргыз менен эл болуп, ак иштеп, акыйкат жашап, жерди сүйгөн, эмгекке өтө берилген эмгекчи да эле. Өзүнө жетерлик чарбасы бар. Үйүнүн айланасына бак-дарак тигип, өрүк, алмадан мол түшүм алчу. Эрте жазда кош чыгарып, жай бою өз жеринде эмгек кылууну өтө жакшы көрчү. Айдаган эгининен көп түшүм ала турган. Тамашалап көңүл ачып, кээде бизди эркелетип, көбүнчө нанга аябай тойгузуп кетире турган. Бир топ кедейдин балдары чогулуп калган күндөрдө ак бөлкөнү астыга жайып коюп ал киши Саякбай сындуу кыргыз балдарга:

— Ээ, жигиттер, силер качан адам болосуңар? Азыр силер караңгысыңар. Силердин оор турмушуңарга ким күнөөлүү экенин ажырата биле албайсыңар. Өзүңөр ойлоп көргүлөчү! Бай-манаптардын колунда мал да, дан да бар. Эч нерсеге муктаж эмес. Эмгекчи элдин эмгегинен чексиз пайдаланып, аларды аёосуз эзип жатышат. Орустун митаам чиновниктери менен бир тилекте болуп, элдин мойнуна эчен түрдүү мыйзамсыз чыгымдарды салып жатат. Жергиликтүү бай-манаптарды падышанын өзү жактап, колдоп жатат.

Бирок калың эл ошо зулумдардын бул заардуу уусуна чыдабай, аларга каршы чыгып да жатышат. Элдин күчүн майтарууга аларда күч жок. Элден, жерден ажырап, алыска көчүрүлүп жиберген ошондой эле адамдардын бирөө менмин. Ошентип, өзүм туулуп-өскөн жеримден, ага-туугандардан ажырап, ушу жерге туш келдим. Тентигеним да, өлгөнүм да жок. Өлбөс оокат кылып жатам. «Жер адамдын эмгегин жебейт» деген лакапты эске алып, бардык күчүмдү ушул чарбачылыкка жумшадым. Силердин ата-энеңер да эмгек кылып жатышат. Бирок ал эмгек ким үчүн? Элге эркиндик алып берүү үчүн башталган адилеттүү кыймылды падыша өкмөтүн токтотууга эч кандай күчү келбейт. «Ит өлөрүндө кайышчы болот» — дегендей, бул өкмөт эркиндик талашкан алдыңкы адамдарды куугунтуктап, каторгага, сүргүнгө айдап жок кылуу максатын көздөп жатат. Элди аябай кысымга алды. Карагылачы тетиги кишенделген адамдарды, — деп өтүп бара жаткан алты кишини көрсөтүп колун нускады.

Өтүп бара жаткан, колдоруна чынжыр салынган кишилерге бардыгыбыз жабыла карап калдык дейт болочок манасчы. Аларды үч солдат тегеректеп айдап алыптыр. Ал бечаралардын кийимдери жыртылган, өңдөрү кубарган, бирок кабактары ачык, эч нерсе ойлобогон адамдардай сезилет. Алардын шаңдуу үндөрү кулакка абдан сүйкүмдүү угулат. Эки жакты жалт карашып, бизге баштарын ийкешет. Биз абдан таң калып, жалдырап бири-бирибизге карадык. Ошондо Баженовдун эки көзүнөн чыккан жаш жаагынан агып, тигилерге тигиле карап турган экен.

— Ээ, балдар, силерге айта турган сөз толуп жатат. Бул адамдардын ушинтип кайгылуу турмушка кез келгенинде, тигинтип колуна кишен салынганында терең сыр бар.

…Булар эл менен жакын. Элдин талабын, тилегин орундатчу адамдар. Азыркы жашап турган падыша өкмөтүнүн катуу кысымына каршы чыгышкан. Жумушчуларга, ооба, кедейлерге эркиндик берүүнү эңсеген адамдар. Буларды каторжниктер деп аташат. Падыша өкмөтүнүн сатылгыч соту аларды өмүр бою колу-буту кишенде болууга, айылдан-айыл кыдыртып айдап жүрүүгө өкүм чыгарган. Алдыңкы эстүү адамдардан болуп эсептелишет. Буларды чиновниктер кордоп «болчек» деп аташат. Чындыгында «болчек» эмес, большевиктер, деп аталган адамдар. Калың элдин арасында кеңири түшүнүктөрдү жүргүзүп алардын сезимин ойготуу менен бүт Россия элин күрөшкө чакырууда. Большевиктер жалгыз гана орус кедейлерине эркиндик алып берүүнү ойлобостон, орус падышачылыгынын кол астында онтоп жаткан улуттарды боштондукка чыгарууну көздөшөт. Ушул жердеги бай-манаптарга да алар каршы турушат. Анткени бай-манаптар падышанын жер-жерлердеги тиреги болуу менен бирге, анын сасык, элге каршы болгон саясатын жүргүзүүчүлөр, падышанын саясатын колдошуп, өзүнүн элин саткан жүзү каралар болуп эсептелишет. Падышаны жоготуп бийликти кедейлерге алып берүү үчүн алдыда зор иш жана айыгышкан күрөш турат. Балдарым, эсиңер бар, ойлогула, силер эми кичине эмессиңер. Кимдин ким экенин билиш керек.

…Баженовдун уулу Сергей Саякбайдан беш жаш чамасында улуу эле. Эки көзү дайым ойноктогон, чачы алтындай сары жана жылтылдап турган, шайыр бала эле. Биз менен ойноону өтө жакшы көрчү. Ал Пржевальскиде окуй турган. Кайсы класста, эмне окуп жүргөнүн анда ким билсин. Атасынын сөзүн кадырлап уккан, жумшаган иштерине дилгир, орунсуз сөз сүйлөбөгөн токтоо эле.

Баженов үй-бүлөсү менен көл аягына көчүп кетти. Көрсө ошондой кысым болгон экен. Эл чогулуп, аны жөнөтүштү. Баженов борс-борс күлүп, эл менен коштошту:

— Кош, аман болгула, агайындар! Азат күн келип, силер менен бирге бактыбыз ачыла турган мезгил келер. Көрүшөрбүз. Мен алыс кетпейм, көл аягынан барып жаңы орун алам. Бул жерден кетүүгө кагаз келди. Саламат болгула! — деп атын айдай баштады. Мен чуркап келип, Сергей менен кол алышып коштоштум. Сергей мага:

— Саякбай, бирге ойногонубузду унутпа! Дагы кезигишербиз, — деп колун кыса-кыса кармады. Баженовдун өзү жана анын үй-бүлөсүнүн кетип калышы бул жактагы кедейлердин чоң күйүтү болду. Арабанын артынан ээрчий басып узатышты. Кээ бирлеринин көзүнөн жаш кылгырып турду. Кийин Саякбай Рыбачье шаарына издеп барса, баласы Сергей эбак эле аскерге кетип, атасы анын келишин чыдамсыздык менен күтүп жүргөн болот.

Жаралган жандар зоонуку,
    Аркар кулжа тоонуку,
    Айдап жүргөн көп жылкың
    Кыйкырса бир күн жоонуку.

Жакшырак жардам беришсе,
    Жакшы ага, ини куттуку,
    Ишенип турган көп малың
    Күн жааса болот жуттуку.

…Айкөл манасчы Баженовдордун үй-бүлөсү менен ымалалаш болгондугун өмүрү бүткөнчө айтып жүрдү. Жакшылыктын кеби да түгөнбөйт эмеспи.

 

Ыйык аян

Оо ал күнү — же Күн тутулган күн беле, же Ай менен Күн тогошкон түн беле, ким билет? Айтор ошондо 1908-жылдын Орозо айы болчу.

14 жаштагы Саякбай алдын ала бирдеңкени сезгенсип, жүрөгү туйлайт. Көңүлү бир жерге токтобой сезими не бир алып учат. Акылы эч тынч албай түркүн ойлор келет. Демейде басыгынан жазбаган кунаны да аны туйгандай улам тездеп алдыга жүткүнөт.

…Кыязы бүгүнкү күн башкача. Асманда токумдай булут жок. Туптунук. Кыйкырып койсок жарылып кетчүдөй. Кочкордун суусу да туптунук, күндүн күмүш нуруна балыктар чагылышып сүзүп жүрөт. Аба да таптаза, оозуң менен дем алсаң булак даамданып.

Мына ушуларга куштар болуп, ойлору гана эмес, дене бою да алып учуп, азыр эле Орто-Токойдо айыл кыдырып, жарамазан айтып жүргөн Саякбай тели-теңтуштарынан бөлүнүп, жалгыз аяк жол менен үйүн көздөй бет алды. Жарамазан айтып жүрүп тапкан биртике тыйып-тыпыры бар. Эми Караколго барып жакшы кийим-кече сатып кийип алсам деп ичинен кыялданат.

Тар капчыгайдан өтүп келатканда окустан жаңырыгы тоолорду титиреткен бир укмуштай чаңырык чыкты. Туш тараптан эмес, тээ көктөн угулгандай болду. Анан аз өттүбү, көп өттүбү — өзү эс-мас. Алдында азыр эле тигилгендей түндүгү көк тиреген ак боз үй пайда болду. Мурда мындай жок эле. Же түш эмес, же өңү эмес. Ак өргөөнүн тушуна жете бергенде алдынан өңү да, чырайы да келишкен, кийген кийими бүт алтын, күмүш, жакут менен шөкөттөлгөн, ай жүздүү, күн нурлуу бир сулуу келин сурайылдай суурулуп чыга келип, Сакеңди мурда таанып жүргөндөй:

Атаны алдыңа кетейин,
    Кыдыр чалган жол болуп,
    Кылымдын баары козголуп,
    Ал гана эмес мол болуп,
    Кол чогулуп аткан мезгилде,
    Эң эле ырас болбодубу келгениң, –

деп сыпайы кайрылат.

— Ошол колдун тамагынан бир ооз тий, кулунум. Аттан түшүп, даам сыза кетсеңер экен, — деп жалооруй карап суранат.

Ак боз үйдүн өзүнө жараша ак кийинип, ак элечек салынган апакай сулуу, ай чырайлуу заада жомоктон түшө калгансып суранып жатса, Сакең да өзүн жигит сезип, туйлаган кунанын мамыга байлап, тиги келин эшикти ачып, боз үйгө баш бакты.

Түндүгү жабылуу турса да ичи күн тийгендей жапжарык. Жайылган дасторкон үстүндө күмүш, жез табактарга салынган кырк түрлүү дүйүм тамак. Жаңы эле бышкан боорсоктун жыты. Устукандалган жаш эт. Саамал кымыз. Бейиштей бир башка дүйнө.

Мындай сыйды мурда көрбөгөн, анан калса, эски жаргак жыртык шымынан кысынып-кысталып, үн каталбай мукактанып турган бу тоголок жигитти байкаган тиги келин: «Ушу касиеттүү Манастын жол жүрүп бара жаткандагы тамагы эле, ошондон көбүрөөк жесең болот эле. Уялба, кысынбай эле дасторкондун үстүндөгү тамактын ар түрүнөн даам тат» — деп үн катат.

«Бул аялзаты көрсө кадимки касиеттүү Каныкей энебиз экенин кийин билдим» — дейт Саякбай.

Саякбай шаша-буша ооз тийимиш болуп, кысынып тез эле артка бурулуп кетейин дейт. Анын тайсалдап турганын көрүп ак элечеги менен чач учтугунда акак, берметтери жалтыраган алиги айым дагы меймандостугун көрсөтүп:

— Ала кой, тартынбай ал. Жолоочу сыйламак биздин салтыбыз, — деген соң, ошондо гана Саякбай сыягы булар тааныш-билиштер го деп эң четки табактан бир жиликти алып мүлжүп жеп, туураган эттен бурдады. Тиги келин да анын даам сызганына ыраазы болуп карап отурду.

— Эми суусундук ичкиле, — деп бетине оюу түшүрүлгөн кесеге толтура кымыз куюп балага сунду. Ал бир тартып жиберди. Даамы бир башкача сезилди.

Сакең сүрдөгөндүктөн бир сөз айталбай, а тургай «оомийин» деген батаны да ичинен айтып, ичинен алкап болоордо, тиги жароокер келин: «Ак жолуң ачылсын» деди мээримдүү.

Саякбайдын ого бетер жүрөгү түшөт. Денесин калтырак басат. Өңү же түшү экенин билбейт.

Сыртка чыкса айланасы атчан жоокерлерге толуп кетиптир. Арасынан зоот көк тулпар ат минген, колунда найзасы бар, кирпиктери көзүн жапкан, ак сакалы жайкалган, нур жүздүү киши:

Көк сүлөөсүн, бүркүтүн,
    Көп ала салып ойногон.
    Алыс жерди болжогон
    Бакай абаң болом.

Чоң казатка жол жүрүп баратабыз. Эки алаканыңды тос, сен да гүлазыктан ооз тий, келкелиңе келгенде улуу жомокту улап айтаарсың, деп кайыш баштыгынан актаган тарууну уучтап берет. Оозуна салса кум сыяктуу кычырап чайналбайт, эптеп аптыгып атып жутат. Өчкөн отту тамызган, өлгөн жанды тирилткен Бакай ата анан оң тарабында Аккуласын алкынтып турган, ааламда таалайы артык жаралган абройлуу Айкөл Манасты көргөзөт.

Майланган буудай жүздөнгөн,
    Күүгүм туман көздөнгөн,
    арстандай сүрдүү экен.
    Андан ары катары
    Узун бойлуу кең далы,
    Ары балбан, ары шер.
    Айсарала ат минген
    Азиз хандын жалгызы,

сарала ат минген Алмамбет, ирээти менен туурасы жоон, бою пас, тулку бою кара таш,

Адам күчү жетпеген,
    Арстан тиши өтпөгөн

сары сур киши Чубакты тааныштырат. Айрыкча Алп Манасты киши батынып карай алчудай эмес. Оң ийнинде кара чаар кабылан, сол ийнинде ажыдаар отургандай сүрдүү. Соңунда атка жеңил, тайга чак, уйкусу жок, жолго сак, кан Манастын Сыргагы. Ошондо куудай сакалын сылап болуп Бакай Ата:

— Мындан ары барганда алдыңан эки кой айдаган бирөө жолугат. Койлорун сатып алып, курмандык чалып, эл-журттун ак батасын аласың. Айкөл Манасты канча даңаза кылсаң, өз даңкың да ошончо алыска кетет. Өйүздөгү Балпык деген бука минген абышканы, төмөнкү сарайдагы Таабалды сокурду, Түлөн деген байбичени чакырып келип батасын ал. Эми сен алты-жети жылдан кийин чоң манасчы болосуң. Ага дейре ойду тоого урунуп жүрө берээрсиң, — деп батасын берип, дүбүртү жер дүңгүрөткөн кол менен заматта көздөн кайым болот. Туяк астында дүңгүрөгөн жердин үнүнөн кулагы тунуп барып басылат. Артында асманга көтөрүлгөн чаң эле калат.

Эсине келсе, өзү баягы чоң кара таштын түбүндө жатыптыр. Бул окуяны же түшүндө, же өңүндө көргөнүнө ишенип-ишенбей, кунанына минип жолдо келатса астынан эки кой айдаган киши чыгат. Жарамазан айтып жүрүп тапкан акчасынан баягы кишиге берип, эки койду айдап үйүнө келип, Бакай ата айткандай койлорду союп, эл-журттун батасын алат.

…Мына ушул шумдуктуу окуя болгондун эртеси Саякбай тили сүйлөөгө келбей дудук болуп калат. Тилин кыймылдатканга, сүйлөөгө кудурети жетпейт. Үйдөгүлөр аны жин тийген эмедей карап жаткандай сезилип баштайт. Кичине балдар болсо колу менен жаңсап көрсөтүп, таш менен ургулашат. Өзү да акылдан айнып баратканын сезип, элге уят болбоюн деген ниетте айылдан алыстап, ээндеп токой-тоону аралап, чөп-чар терип жеп, өлбөстүн күнүн көрөт. Сакең өзү айтмакчы, «ойго да, тоого да урунуп, зоодон кулап, суудан да актым, бирок өлбөдүм. Жеңем кайтарып, жанымды аман алып калып жүрдү» дейт. Ошентип, тоо-ташта тентип жүрүп көп убакыт өтөт. Бир күнү таңга маал суу күргүштөп кирип жаткандай үн угулат. Титирей коркуп ойгонот. Түшүндө Алмамбетти көрөт. Ал Саякбайга «Бакай аба сага көрүнгөндөн бери жети жыл өттү. Бүгүндөн калбай астыңдагы минген атыңды Манаска атап союп, элдин батасын алгын» дейт. Ойгоноору менен оозунан сөз оргуштап атылып, өзүн өзү токтото албай элирип үйүнө келет. Ошондо үнү кетет айгайлап, алда кайда жаңырып, сызып бороон кыр менен, кыйкырык-чуу сүр менен, аркар баскан бел менен, кулжа баскан төр менен, булут шашкан жел менен.

Эмне жөнүндө сүйлөп атканы белгисиз. Кээде эле «Манас», «Манас» деп айтып жатканын элес-булас билет. Үйүнө келсе, атасы камчы менен далыга чаап жатып, эсине келтирип токтотот. Мына ушинтип Улуу Жомок башталат.

Мына ошондон ушул күнгө дейре Саякбайдын үнү басылбай, кайра күчөп, адыр-түздү, Ала-Тоону аралап келет, жүрөктөрдөн жүрөккө, кылымдардан кылымга жетип.

…Ошентип сыйкырдуу Манас дүйнөсүнүн алтын дарбазасы ачылып, Сакең Манас айтып баштап, түгөнбөс Улуу Дастан уланат. Кылыч менен кыркылбас, найза менен жыртылбас. Түбөлүк бүтпөй турган.

Саякбайдын калган өмүрү Манас ааламына арналат. Бир кочуш дан миллион сап ырга айланат.

Ошондон соң Сакең жүзүнөн ырыс таамп жаш алды.

Кийин өз ыктыяры менен Кызыл аскерде жүргөндө Бухарага барып, ошол жерден өмүрүндө биринчи ирээт балдын даамын татып, ошондо гана баягы Орто-Токойдо оозуна келген акталган таруунун даамына окшоштурат.

Манас дүйнөсү өзү керемет дүйнө. Ал адатта арбак даарыган түш аркылуу аян берип келет. Эмне үчүн? Кандай? Бу илимдин тили менен да түшүндүрүп бере алгыс али туңгуюк сыр. Манасчы Манас айтаарда түштү эңсеп, түш дегдеп жашайт.

Улуу жомок өзү керемет түш менен башталат эмеспи. Манас бойго бүтөөрдө атасы Жакып түш көрүп, аны элге жорутуп, түлөө өткөзүп, ага арнап ак шумкарды байлайт. Ошондо түштү Акбалта минтип жоруйт эмеспи: «Кырк үйлүү кыргыз жакыр журт, сары адырмак, шабыргак белди табат экенбиз. О кудай, киндик кесип, кир жууган жерди табат экенбиз. Баана берип, жараткан элди табат экенбиз. Ушу түшүң чын болсо, кара калмак, манжуудан ажыратып алуучу бизге арстан бала табылат! Үзүлгөнүң уланат, чачылганың жыйналат. Өчкөн отуң тамылат. Өлгөн жаның тирилет. Ээй, чиркин, ар нерсе түшөт эсиме, кыргыз кайда, эл кайда, Жакып түштү көрүпсүң, элге жетер күн кайда. Чыйырды жолборстун жүрөгүнө талгак болот. Кийин Алмамбет баатырга жолугаарын да алдын ала түшүндө көрөт.

 

Үркүндө

1916-жылдын жазы кырсыктуу болду. Кыш катуу болуп, малдын өлүм-житими көбөйгөн эле. Өлбөгөнү жазга араң жетип, караламан калк өзгөчө запкылыкты көрүп, жаз чыгары менен жерге тырмышып жаткан учур.

Күндөрдүн биринде, айыл ичинде күбүр-шыбыр кеп тарады. Бардыгынын кабактары суз, жарпы жазылып, жайдары жүргөн эч бирөөнү көрө албайсың. Саякбай да айылдагы кедейлерден түзүлгөн бир топко барып кошулду. Ортосунда Ыбырай деген өзү теңдүү кедейлерге сөзүн айтып жаткан экен:

— Падыша жыйырма жаштан кырк жашка чейинки эркектерди солдатка алууга буйрук жарыялаптыр. Ар кайсы жерде күн көрүп, тоодогу кийиктердей тоо башында араң жашап жатсак, бай-манаптар, бий-болуштар болсо солдатка барсаң да барасың, барбасаң да барасың, ак падыша буйругун аткарбаска чама жок, деп элди кыстап жатыптыр. Көл башында кедейдин таламын талашкан Исмаил, Берикбай деген адамдар: «Айыл-айылга барбагыла! Бекер өлүмгө учурабагыла! Кол, курал-жарак жыйнап ак падышага каршы тургула!» деген кабарды жибериптир. Кана, туугандар, биз эмне дейбиз?

Ошондо олтурган эл орундарынан козголушуп:

— Калың журт эмне болсо, биз дагы ошондой болорбуз. «Жатып өлгөнчө, атып өл» деген. Бала-бакырадан тирүүлөй ажырап, кайда барып өлөбүз? — дешти.

Ыбырай элге ыраазы болуп:

— Болуптур эмесе, күч аттарды таптап, курал-жарак даярдагандай бололу. Бардык нерсебизди шай кылып, даяр туралы, — деп ордунан турду.

Эл дуулдашып, чоң маселе чечилгендей тарап жатышты.

Эл тим жатпай күнү-түнү тынбай, курал-жарак даярдай башташты. Айылдан айылга чаап жүргөн чабармандар көбөйдү. Солдат бербейбиз деген бир топ баштуу кедейлерди кармап, Караколдо атылды деген кабар угулду. Падыша тарабынан кыстоо барган сайын күчөй баштады.
Көп узабай калайык-калк дүрбөлөңгө түштү. Качуу керек деген сөздөр таралды. Бала-бакыра, кемпир-чалдарды Кытайга карай качыра берип, эр азаматтар жоо менен беттешүүгө топтолуша баштады. …Атаат заман, кой үркчү эле, жылкы үркчү эле, бу ирээт кыргыздар үрктү. Куралдуу солдаттарга каршы уруша албастыгына көздөрү жеткенден кийин жабыла кача баштады. Эр азаматтар артта калып, элди коргогондой болот. Ашуу ашып, таш басып, күчтүүнүн күнү тууп, алсыздын алы кетти. Жөө басып таман ооруду. Жүк арткан унаа жооруду. Малдан, дандан ажырап, оору-сыркоо бардык жагынан тооруду. Ошондо Саякбай мындай деп ырдайт:

Жүктөн ооруп белибиз,
    Жалдырады элибиз.
    Байланды белем багыбыз,
    Сынды белем шагыбыз.

Ошол учурдагы, үркүндөгү эл-журттун көргөн азабын С.Каралаев сай-сөөгү сыздап жазат. Мындагы «кайран эл» деген сап улам кайталанып, карыя акын Ысак Шайбековдун «Кайран эл» поэмасына өтө үндөш сезилет.

Жол билгени ашууга,
    Баштап кетип баратат.
    Алсыздарын талаага,
    Таштап кетип баратат.
    Ийинине жүк артып,
    Кесип кетип баратат.
    Атасынан баласы,
    Безип кетип баратат.
    Бүт дүйнөнү кайран эл,
    Чачып кетип баратат.
    Бир журтуна эки күн,
    Жатпай кетип баратат.
    Жер үстүнө кайран эл,
    Батпай кетип баратат.
    Кайыр сурап кээ бирөө,
    Карып болуп баратат.
    Талаада өлүп мал калса,
    Жешип кетип баратат.
    Тобокел кылдык, шүкүрлүк,
    Дешип кетип баратат.

Кеч күздө сууктан, ачкадан, ашуудагы муздан тайгаланып өлгөндөр да болгон.

Астын тосту чоң Музарт -
    Суудан чыгат калың буу,
    Дайраны бөгөп көп өлүк,
    Ар жактан чыгат кайгы чуу,
    Музарттан кечип өтө албай,
    Кыйналып турат элибиз.
    Оюбуздан түк кетпейт
    Туулган өскөн жерибиз.

Ошондо кыргыз намысынан кайтпай, каршы чыгууга бир топ эр бөлүнүп чыгып солдаттар менен согушуп, кан төгүлөт орто жолдо.

Беш жыгачтын башын бууп,
    Сайма кылды кайран эл.
    Борбуй ундан коюулап,
    Жарма кылды кайран эл.

Андан ары барып кытай тараптан бир жактан калмак кутурду.

Бул бурут деген журт деп,
    Бирин койбой курут деп,
    Калмак салды балааны, –

деп калмактардын кош азуусуна туш болгонун жазат.

Качып тентип бириндеп,
    Өлүм түштү санаага.
    Асты кетти көрүнбөй,
    Үрүмчү, Манас калаага,
    Тескери карай бурулдук,
    Үч-Турпан жана Кашкарга.
    Үч-Турпанга барганбыз,
    Мээнетке минтип калганбыз.

Андан ары Ак-Сууга келип Мамбетакун деген уйгурга жалчы болгондугун ырдайт.

Ал колунда үч жүз малайы бар, адамды малга айырбаштаган «кутургур» бай, ташбоор адам экен. Ошентип, тоё тамак жей албай, канча иштесе да ит ордуна көрбөгөн зордук-зомбулукту баштан өткөзүп жатканда падыша тактан кулаптыр деген кабар келет.

Анан өз эл-жерин, элин сагынып кайра кайтып, тентиген эл чогулуп Теңир-Тоосун көздөй теминип жолго чыгат.

Киндик кесип, кирди жууп,
    Толготуп эне тууган жер.
    Алдейлеп эне өстүрүп,
    Кир көйнөктү жууган жер.
    Адыр болуп, калкайган
    Атадан калган мураа бел.
    Бул жерлерди көргөндө,
    Буркурап ийди кайран эл.
    Эки жыл мурун жеримди,
    Каптаган эле калың сел.
    Элдин баарын бүлүнтүп,
    Соккон эле катуу жел.
    Жел аргы жүрүп чачыптыр,
    Күндүн бети ачылып,
    Тоо башында ак кар, муз,
    Аябай эрип жатыптыр.
    Жер жаңырып, күлүңдөп,
    Октябрь нурун чачыптыр.
    Жердин бетин түрлөнтүп,
    Кызыл гүл гүлүн ачыптыр.
    Курчап жаткан булуттун,
    Бирөөн койбой чачыптыр.

Ошондо туулган жер, тууган энени сагынып келаткандагы сезимин манасчы минтип толкунданып эскерет.

«Маңдайыбыз жарылып, көңүлүбүз ачылып, жол жүрүп келе жатканыбызда суу, тоо-таш өзүнүн тилегин тилегенсип жатты. Кубанчыбыз коюнга батпай илгери карай жүрдүк. Андан ары жүрүп, Арын-Көл аркылуу өттүк. Анда келгенде жер атанын азыгындай, эненин эмчегиндей көрүндү, элдин көңүлү уйгу-туйгу болуп бөлүндү. Өзөн-өзөн тартып, жайылып жаткан жерди көргөндө чекеден тер кетип, аябай кубанып турдук. Элсиз ээн калган жер элди көрүп, көңүлү ачылып, күлүңдөп тургансыды. Андан ары көз жүгүртүп карасак, өзүнүн атыр жыттуу агымын аска-зоого жиберип, чалкалап Ысык-Көл жаты. Бул көлдүн атыр жыттуу жели беттен сылап, бизди эркелетип тосуп алгандай болуп турду. Кайран жерибизди көргөндө аргасыздан баштан өткөндү ойго салдык. Баатыр эне чын толготуп, бизди тапкан жер бир чыбыкты ат кылып, калдырканды куш кылып ойноп көңүл ачкан жер. Бул ойлор эсибизге кылт түшүп, илгери карай адымдап жүрдүк. Үргүнчү, Капкак, Чоң— Турак, асты жагы Адыр-Төр, ар жагы Айгөй, тескейи чалкайып Сары-Жаз жайлоосу жаткан экен. Жайлоо болсо, ушул Сары-Жаздай болсун. Адам көңүлүн ачып, аң уулап жүрө турган жер эмеспи. Жайлоонун кеңдиги эркин элге эс алууга өтө ыңгайлуу жер».

Ушул Сары-Жазды көрүп, келбети көңүлүнө толгондо кудум эпостогудай ырдаганы:

Көрүп көңүл эриди
    Ал Сары-Жаз жеримди
    Адыр-адыр көрүнүп,
    Адыраңдап дыр коюп,
    Аркар-кулжа бөлүнүп,
    Эчки-теке, каман бар,
    Өндүрүндө талы бар.
    Тоосунда аппак кары бар.
    Токоюнда чары бар.
    Ушул өңдүү токойдо
    Жан бүткөндүн бары бар.
    Оро-Башы, Чокмор-Таш,
    Ошондо кызык аралаш.
    Жерди көрүп өзгөчө,
    Көңүл санга бөлүнөт.
    Суусап эмген эненин,
    Эмчегиндей көрүнөт.
    Бүркүт-Ашуу, Сары-Таш,
    Үч-Көл менен Сары-Чат.
    Кош-Кара-Бел майда адыр
    Алкымы болот Майлуу-Баш.
    Эңгилчек менен Кайыңды,
    Эми таптык дайныңды.
    Бедел менен Ак-Шыйрак,
    Эшек-Ат менен Тарагай,
    Жаман-Эчки, Кара-Сай,
    Кара-Кужур, Чоң-Балгарт,
    Арпа менен кең Ак-Сай
    Суусамыр менен Соң-Көлдү
    Ата-баба жердеген.
    Көркөмдүү келген Каркыра,
    Көз жетпеген кең жайлоо.
    Жайдын күнү кетпеген,
    Тоо-тоосунда музу бар.
    Ар коктусу булак суу,
    Булакта кашка тузу бар,
    Карагай бар, талы бар,
    Адамга керек баары бар.
    Элим чыгып эркиндеп,
    Сүйүнүп жаткан чагы бар.
    Тону, ташты көп көрүп,
    Ар кулпунган чөп көрүп,
    Ашуу ашып, суу басып,
    Жүк көтөрүп, жөө ташып,
    Жер-сууну көрүп оолуктук, –

деп улуу манасчы октябрь ыңкылабын да ырга кошуп жазат.

…Булут салып көгүнө, бугун артып көлүнө анан Сакең кайтып келди элине.

 

Кызыл Аскерде

…1918-жылдын башы. Кыштын кычыраган чилдеси өкүм сүрүп, ызгаарын төгүп турат. Сууктун катуулугунан карыш жер көрүнбөйт. Мээни тызылдаткан ызгаардуу жел жүрүп, каман кулак учуп турган кез. Бубак биринин үстүнө бири жабыша бергендиктен, бир тал чий жеңдей болуп көрүнөт. Карга, сагызган асманга эбелектеп учуп чыгат да, сууктун катуулугунан алыска уча албай, топ этип жерге түшүшөт. Каарын тиккен кандай катуу кыш! Тизгин-чылбыр кармаган колду силкип алганча, манжаларыңдын учтары тикенек менен сайгандай тызылдайт. Бирок, кыш канчалык катуу болсо да, жигиттердин бүткөн бою ысып, көк буу чыгып, тердеп турар эле. Анткени, биздин партизандык отрядда азык-түлүк жетиштүү болчу. Мен ошо кезде партизандык отряддагы командир Крыльцов командалык кылган биринчи эскадрондо элем. Бул эскадрондо кыргыздан мени менен бирге Адамгалый Байбатыров, Момун Карабаев, Айдаралы Камбаев, Маке Кыдырбаев, Төрөбек Сулайманов, Мамбет Сүйүмбаев, Чогомбай Талканчиев, Күчүк Эркетаев деген жолдошторум да бар болчу. Биз Чонжу, Чочоной, Шумкар, Кетмен, Калжат, Малыбай, Атамкул деп аталган жерлерди ээлеп жаткан элек.

Чилденин кырчылдап турган ушундай ызгаардуу суук убагында актардын атаманы Анненков көп кол менен Кытай менен чектеш Жаргент шаарында уруш баштады.

Атаман Анненков мындан пайдаланып, казак орустун Жылаңач деп аталган чоң кыштагы аркылуу үч жүз казак орусту өткөзүп, Пржевальск шаарын ээлеп алууга жибериптир деген кабар биздин партизандык отрядга келип жетти. Мына ошо кезде эскадрондун командири Крыльцов жолго чыгууга бизге буйрук берди. Алеки-саатта даяр болдук. Крыльцовдун баштоосу астында Куулук, Тор-Айгыр деген ашууларды ашып, Ысык-Көл өрөөнүнө түштүк. Кечинде Тасманын жонуна чыктык. Ушу кезде тиги келген казак орустар үчкө бөлүнүптүр. Пржевальскийди ээлеп алуу үчүн замбиректи үстөкө-босток дүңгүрөтүп атып турушкан экен. Ат коюп шаарга кирүүгө да даяр болуп калышыптыр.

Биз Жыргалаңдын боюна келгенде душман менен беттештик. Эчен жерде кылыч менен кырчылдата салгылаштык. Душмандын эчендеринин башы топтой учуп түштү. Бизге көп туруштук бере алышпай качып жөнөштү.

Ошентип, Пржевальск шаарын душманга алдырбастан, алардын тымтыракайын чыгардык. Калган-катканын туш-тушка качырып кирдик.

…Мына ушинтип сүрөттөйт ошондо аскерде жүргөнүн улуу манасчы.

Ошентип жоо менен атчан да, жөө да салгылашуунун адистигине машыгып, миңдеген киши казармада жатабыз. Кээ бир түндөрдө баякы жолдошторум чогулуп алышат да, мени ортого алышып:

— Кана, Саякбай, сен эми көңүлдү көтөрчү, чарчаганыбыз эстен чыгып кетсин. Башыңан өткөндөрдү, жаш кезиңде көргөндөрдү, кандайча манасчы болгонуңду жипке тизген шурудай, моокуну кандыра айтып берчи, — деп кысмакка алышар эле. Кайран жигиттер, илебине нан бышып, шаңкылдай күлүшүп, алакандарын чапылдата чаап турушар эле.

Ошондо мен мындай деп баштар элем:

— Көкөтөйдүн калмак, кыргыз көп жыйылган ашы болгон экен. Көп балбандар башчы болуптур. Найза саюучу мыкты да, айла таап журт багуучу ыктуу да келген экен. Ашта калмак менен кыргыз бет болуптур. Кыймылдаган адам көп болуптур. Коңурбай кордук көрсөтүп, Жолой тик качырып зордук кылган экен. Ырчы уул ырчы болуп, Манжунун Эскарасы эбегейсиз сынчы болгон экен. Чыр жокто ашта чыр чыгарышыптыр. Тиги Коңурбай менен Жолой кыргызды чаап жана талап алсак деген сыр чыгарып, жон көргөзүп, чоңдук кылып, ашты талап, адамды сабап, мүлктү бүлдүрүп, колун сунуп турушкан экен. Мына ушул көрүнүштү Суранчы абам мындай айтар эле деп мен да ырдап жиберер элем:

Ушу атың Маникер,
    Айгай укса шашпаган,
    Азар түмөн дуу болсо,
    Асман жарган чуу болсо,
    Бир изин ката баспаган,
    Бугудай мойнун бураган,
    Бута бою аң келсе,
    Буйдалбастан чураган
    Буудандыгы бар экен.
    Айткан сөзгө көнүңүз,
    Ачууланбай, жинденбей,
    Маникерди бериңиз.
    Беремжисин* салынып,
    Берендер минер мал экен.
    Алтын-күмүш артууга,
    Эсенканга тартууга
    Ылайыгы бар экен.

(*Беремжи – төөнүн терисине кебез менен кумду шитерип туруп, найза, ок өтпөс үчүн көкүрөккө байлануучу буюм)

— Айдын теңи караңгы, теңи жарык. Кезек экөө, өлүм бир. Ачтын тогу, арыктын семизи болот деген, балдар, көп капа болбогула. Турмуш оңолуп, кедейлердин маңдайына да бир бакыт жазылгандыр. «Ынтымактуу эл дөбөнүн башындагыны алар. Ынтымагы жок эл өзүн-өзү шорго малар». Анысыгандай ынтымактуу болгула деп акыл, насият сөздөрүн айтып жатты, — дегенимде, Адамгалый Байбатыров ордунан ыргып туруп: «Ой баракелде, Саке, айтканыңда эч калет жок. Миң күн көргөн азапты бир күнкү оюн-тамаша менен жууп, тазалап жибересиң», деп үнүнүн бардыгынча кыйкырып «Узак жашачы, узун өмүрлүү болчу!» деди.

…Шагылы болбой зоо болбойт, шайыры болбой эл болбойт демекчи, Сакебиз аскерде жүргөндө да өнөрпоздугунан жазбаган.

 

Үзөңгүлөш

Белгилүү баянчы, темир ооз комузчу Адамгалый Байбатыров менен аскерде бир болуп, ырдаса үндөш, жолдо үзөңгүлөш жүрүп ал тууралуу минтип эскергени бар.

…Адамгалый жигиттин жигити, адамдын гүлү эле. Мен жомок айтып, «Манасты» ырдасам, ал баянды алып кыргызча, орусча, татарча, казакча эчен күүлөрдү түрдөнтүп ойнор эле. Бул жолу да ал кыягын колго алып ойноп жиберди. Менин аңгемемди угуп олтургандар а-алашып, бабалашып орундарынан турушту. Адамгалыйдын орусча ойногон күүсүн ээрчип, айрым аскерлер жерди тепкилеп бийлешти. Уюп калган кандарын таратып, муун-жүүнүн жазышты.

Адамгалый кыякты коё коюп, ооз комузун ойноду. Укмуштуу кагар эле. Комузду оозунун ичине салып жиберип, тили менен кагып, ышкырып, ышкырыкты эки алаканы менен күүлөп миң кубултуп жиберчү.

Музыка токтогондо, жоокерлердин бака-шака түшкөн кыймылы да токтоду. Эчен улуттан куралган жоокерлер тамак ичүүгө кириштик.

Убакытты өткөзүш үчүн караңгы түндө эрмек керек болду. Кандай эрмек, эмне кылуу керек? Кыргыз, казак, орус жититтер ичинен Адамгалый Байбатыровду ортого алышты да: «Тарт кыягыңды! Ырда! Бий күүлөрүн ойногун! Азырак жер тепкилеп, бүткөн бойду жазабыз!» дешип дуулдашты.

Адамгалый маалкаткан жок. Кыягын алып, боосун ийнине илди, бирок эмне үчүндүр тамашага айландырып, татарча жана орусча сөздөрдү аралаштырып: «Ну, ипташлар, лучше сурамаңыз, я говорю вам, ич булмый» деп олтуруп алды.

Кээ бирөөлөрү: «Кыйратып жиберчүдөй жана ооздон чыга электе кыягыңды алдың эле, тартар болсоң, тартпайсыңбы!» дешти.

Адамгалыйдын бул жоругу тамаша экенин билип турабыз…

«Олуята казагынанмын» деп жүргөн ичибиздеги бир казак жигит Чиркинбаев шайыр, тамашакөй эле. Андай шайыр кишилер оюн-зоокко ырга ыктуу, күүгө шыктуу болот. Ал Адамгалыйдын жанына жакын келди да:

— Э, жолуң болгур! Кара көздөрүнөн караңгыда жарык чыгарып турган ушул азаматтардын демин суутуп, маалкатканың кандай? Тарт кыягыңды! Кошулуп ырдап да берем… Ойнобосоң чыныңды айтып, кыягыңды кучактаба! Кана, жолдоштор, мен ырдап берейин. Ырым менен күүмдү укканда, мына бул Адамгалыйдын кыягын тартпай чыдап турганын көрөрбүз, — деди.

Адамгалый ушул убакка чейин укпаган күүгө салайын деп ырдап жиберди. Чиркин ай, анын үнүнүн сонундугун айтпа! Аргенден кем эмес!.. Караңгыда Чиркинбаевдин жүзүн көрбөсөк да, ырды көркүнө келтирип жаткан, обон чыккан оозуна тигиле карап, кулагыбызды тостук.

Бирок, тилекке каршы, Чиркинбаев ырдаган ырынын аягына чыга электе старшина келип калды да: «Токтот! Жоокерлер, атка мингиле!» — деп кыйкырды.

Бул буйрукту эки кайталатуу бизде жок.

…Ошентип обону үзүлүп, обдулуп турушуп, оболу буйрукту аткарууга шашылышат.

 

Кармаш

Сууктун катуулугу ай! Кирпик менен мурутка тоңгон муз, камчы саптай боло калат. Козголуп койгондо калдыр-шалдыр эте түшөт. Тизгин колго жабышып, бүткөн бой куушурулат. Эмне кылуу керек? Жылынуу керек. Кантип? Үзөнгүнү чирене тээп, аттын башын алчактатып, кетип бара жаткан киренин бирде алдына, бирде артына чаап жүрөсүң. Кыймылда жүргөндө жылымак турсун, тердеп да кетет эмессиңби. Анын үстүнө тиги спирт куюлган челектер кетип бара жатпайбы. Керегинде жылып да алар элек дейт Сакең.

Ошондой Саякбайдын эч нерседен коркпогон тайманбас мүнөзүн байкап, бөөдө кырсыкка эрте учурап албагайле деген Момун аттуу кыргыз жигит минтип атпайбы.

— Садага болоюн Саякбай! Ойду-дөңдү карабай, жинди болгон эмедей алга карай умтула бересиң. Корголдой болгон коргошун башыңды жара коюшу мүмкүн. Көп эле оолуга бербей атыңдын башын тарта жүрчү. Өлсөк бир чуңкурда, тирүү болсок бир дөбөдө болгондой бололу.

— Ай, Момуке ай! Мылтык атып, кылыч чаап тоо бузалы. Тагдыр жетсе корголдой окко учалы. Эл үчүн курман болсок мейли! Эл үчүн эринди кесе тиштеп, кылычты кыя байлап, арстандай аралап топ бузгандан жакшы эмне болсун! Маңдайлашып турушуп, мылтык атып, найза сайып, бир тирешип көрөлү. Мылтыгыңды камда, кылычыңды суур, белиңди бекем курчан, демиңди ичиңе ал, Моке, — деп Саякбай жооп берет.

Душмандын аскерлери Дутовдун, Анненковдун, Колчактын командачылыгы астында жерге батпай, уюктагы аарыдай кыжылдайт.

Эскадрондун биринин начальниги Мамбет Сүйүмбаев болду. Баарыбыз эки миң беш жүз адам элек. Анын беш жүзчөсү кыргыз, казак элек да, калгандары негизинен орус эле. Баары аралашып бир ата-эненин балдарындай болуп кетишти.

Уруштун кандай болгонун сөз менен айтып түшүндүрүү эң кыйын. Мындай салгылашууну ылайым бендесине бербесин. Асманга кар аралаш топурак учуп, күндүн көзү көрүнбөй калды. Күндүзгү күн түнгө айлангандай болуп кетти. Анткени улуу манасчы ырдагандай:

Жер казылып оюлуп.
    Ажалдуу адам союлуп,
    Колотторго кан толуп,
    Бошчулук менен тынчтыкты,
    Бир көрүүгө зар болуп,
    Эрен өлдү, ат өлдү,
    Кылангар көзү жумулуп,
    Ажалы жеткен бат өлдү,
    Колотко чуулдап эл толду,
    Дөбө түзөң жер болду.
    Калк согушу башталды,
    Асты калың кара жер,
    Кулап кете таштады.

* * *

Капалга келгенде Анненковдун алты миң жоокери качып келип, кол берип багынган менен, Дутовдун аскери жапондордон жардам алып, айбатынан кайталек. С.Каралаев кызмат өтөгөн аскер бөлүгү, убактылуу эс алып, аларды түрктөрдөн турган жоокерлер алмашты.

…Кыпкызыл болгон бетеге аттын омуроосуна чыга өскөн экен. Каркыра менен тоодактар аралаштырып койгондой жердин бетин каптап жүрүшөт. Жеринин табигый байлыгын сураба! Өзөн-өзөн аккан суулар, аны бойлоп өскөн кайың менен тал жыш экен. Жердин соорусу экен. Балтыркандуу шиберинен элик бакырат. Укмуш. Карап туруп көз тойбойт. А тетиги аркайган таштарынан кулак тундуруп улар чакырат.

Бул жерде тыныгып жатканда абалы абдан жакшы болуп, жаңы өтүк, жаңы шинель кийишип, ээр токуму бүт жаңырып, атыр самындар менен көк кашка сууга түшүп, тамак-аш мол болуп, аскердик оюнду ойноп, тиешелүү машыгууларды өткөндөн кийин эркин эс алып, кээде тынч олтуруп эчен-эчен жомокторду айтып, өткөндөгү эрлерди, жыргал менен кууралды эске түшүрүп, ат эс алып ык болгон, жоокер эс алып бук болгон күндөр да болду.

Командири баш болуп, кыргыз менен казактан келген жоокерлер алы-жанын койбой, жаны-каны бирге курбулар. «Саке, айланайын, көп эле оолугуп алга кетпей жүрчү. Ок жолу ичке болсо да, жаңылбай койбойт. Сенин тирүү жүргөнүң биз үчүн аябаган чоң бел. «Манасыңды» уккан жоокерлер жоону кутказбай алуучудай кайраттанып, качырып кирип кетчүдөй болуп обдулуп турушат. Айт Саке! Токтобо! Буулукканыбыз жазыла түшсүн» — деп кысымга алышат.

…Саякбай ошондо күпүлдөп «Манасты» айтар эле. Кудум Күндү өңөрүп кетчүдөй. Үнү кудум көктөмдү жарып чыккан, жер көгөрткөн жамгырдай. Бирде эчен түрдүү эрдикти көрсөткөн жоокерлер жөнүндөгү улуу жомокторго да түшүп кетер эле.

Кечкисин күпүлдөп дастан айтып, түнкүсүн көп жоокердин түшүнө кирип жүрдү.

 

Жүзбай

Анда аскерге дейре болочок манасчы Жүзбай деген байдын малын кайтарып күн көрүп жүрүп, мына буларды эскерет.

Ошол убакыттагы заман ай! Аялдарда эрк жок, малга сатылып, оор турмушту башынан өткөрүп жаткан кез эле. Малга кароо аталар өзүнүн өсүп келе жаткан жаш кыздарына жарыкчылыкты көрсөтпөй, баасын малга бычып, 70-80деги абышкага токолдукка берчү. Ошондогу бир окуя эсимен кетпейт. Биздин айылда Жүзбай деген бир жүзүкара бар эле. Жүзбай пейли бузук, сөзү заар, ичи тар, бүт дүйнө өзүмдүкү болсун деген көркоо адам болчу. Дүйнө десе жанын аябаган, мал үчүн кызы эмес өзүн саткандардын бирөөнөн эле. Жүзбайдын Алымкан, Турдукан деген эки кызы бар. Кыздары тал чыбыктай ыргалып, бойго жетип турган чагы. Алар кең жарыкчылыкты көрбөй, катуу камоодо болду. Колдорунан ийне кетпейт. Эртеден кечке ушул ишке илешип, саргарып да болушкан. Эркин ойноо, көңүл ачуу бул кыздардын түшүнө да кирбейт. Улуу кызы Алымканды Жүзбай малга сатты. Алымкан кантсин, ботодой боздоп, көз жашын көлдөтө төгүп, зардап 80деги абышкага кетти. Кынык алып калган Жүзбай кичүү кызы Турдуканды жетимиштеги абышкага берүүгө макул болду. Алымканды алган абышканын эки, Турдуканды алмак болгон абышканын бир катыны бар экен. Атанын эркин орундатпай коюуга арга жок эле. Күндөрдүн биринде айылда күйөө күйөөлөп келди деген күбүр-шыбыр сөздөрдү Турдукан укту. Түн киргенде Турдукан көрөйүн деп, күйөө олтурган үйгө келип шыкааласа, бакчайган абышка олтурат. Турдукан кайра келип, зар ыйлап ичтеги калың зарды чыгарууга аракет кылып ырдаган ырынан эсимде калганын уккула:

Мөңкүсө туйлап чыга алгыс,
    Бекемдеген тордобуз.
    Башыбызга ээ болбой,
    Каптаган калың шордобуз…

Кулкулдаган куу атам,
    Ойлойт экен байырды.
    Канткенде таштап мен кетем,
    Жаным сүйгөн шайырды.
    Ителги салсаң кууга сал,
    Итейген чалга бергенче,
    Ичимди жарып сууга сал.
    Карчыга салсаң кууга сал,
    Калжайган чалга бергиче,
    Кардымды жарып сууга сал.

Кайгы жокто кайгы жеп,
    Куураган кандай жан эле.
    Жаш гүлүмдү соолтуп
    Жаш жүрөгүм оорутуп,
    Атамдын чалга сатары
    Кыялымда бар беле?.. -

деп зардап, муңун атасына айтты. Дүйнөкор Жүзбай кызынын арыз-муңун кулагына кысып да койгон жок. «Буудайдын барар жери тегирмен, кыздын барар жери күйөө! Кары менен жаштын айырмасы жок. Көп какшай бербесин!» деп коюптур имиш. Атанын сөзүн ким укпайт. Бир аз убакыт өткөндөн кийин Турдукан жетимиштеги абышканын торуна түштү. Башка кыздардын да көргөн күндөрү ушундай эле. Ай, шордуулар ай! Теңине жетпей, ичинен сызып, жүрөгү зырпылдап азаттык, теңдикти күтүштү эле!

 

Алма-Ата шаарында

…1919-жылдын август айы эле. Дутовдун аскерлерин да жеңип Алма-Ата калаасында эл айткандай, «ак төөнүн карды жарылган» убакыт болчу. Талаадагы эгин орулуп, кырман кызуу басылып жатат. Бактардагы эчен түрдүү жыгачтардын жемиши бышкан. Алма-Атанын тийип койсоң кан жая берчүдөй кыпкызыл болгон, ат башындай алмалары адамды өзүнө тартып, шилекейди чубуртуп турганын айтпай эле коёюн… Чиркин алма! Буга кимдердин көзү түшпөгөн! Кимдер суктанбаган! Кимдердин таңдайы такылдабаган! Айтууга сөз жетпейт. Жердин көркөмдүгү ай! Тоонун этегинен жогору жүрө берсең жемиштердин көптүгүнөн басып жүрө албайсың. Анда эмнелер гана жок! Тоонун башынан таштан-ташка урунуп, сымаптай тунук суусуна кимдер кызыкпаган! Мына ушул өзөндөрдүн боюндагы жапайы алмалар күбүлүп түшүп, суу менен агып келип бөгөт болуп калган. Жайкалган чөбүн аралап кеткенде кыпкызыл бүлдүркөндөн өтүгүң кызыл болуп калганын айтсам ким ишенер экен? Капчыгайдын эки капталын аралап өйдө чыгып барганда кожогаты төгүлүп, чыныгы карагаты күбүлүп кан төгүлгөндөй жер бети кызарып жатканын айтсам, ишенчүлөр болор бекен? Бадалдардагы бармактай бөрсөйүп турган бөрү карагат менен капкара чыны карагаттар шакты ийилтип салаңдап турганын айтсам, ишенчүлөр болор бекен? Ошо жемиштерге шилекейиңди чубуртуп, колуңду созуп, кадамыңды ылдамдатып, бейкапар баратканда, ошо бадалдардын түбүнөн тура качып, жүрөктү болк эткизген эликтерди айтсам ким ишенет? Тоонун бетинен кенедей жылчык койбой бүт каптап алган карагай менен кайыңын, Терек менен талын, четин менен арчасын, долоно менен ыргайын, шилби менен ит мурунун, табылгы менен моюлун, сары жыгач менен чычырканагын жана толуп жаткан көп жыгачтарын айтсам ким ишенет?!

Самсаалаган жүнү көздөрүн жапкан, карыш жерди баамдап баскан, шырт эткен табышты алда кайдан уккан аюуну мына ушул Алма-Атанын тоосунан көр! Мүйүзү он эки, он алты айры бугулар тумшугун көтөрүп, чычкан жүрө алгыс чытырман жерлерден октой өтүп жүргөнүн мына ушу тоодон көр! Куйругун таяктай көтөрүп, табылгасын көргөндө сүмбөдөй суналып, жер менен жер болуп комдонуп жаткан көк чаар илбирсти да мына ушу тоодон көрө бер!.. Жыйырма-отуздан топтошуп, кийик издеп жүргөн карышкырлар да так ушу жерде…

Түбөлүк мөңгү каптап жаткан чокулардын ылдый жагында, карагай-арчанын жогору жагында эчен-эчен кырларга бөлүнүп, жаркырап турган аскаларда бирде жайылып, бирде жуушап, бирде жоо тийгендей чымын-куюн болуп жүгүргөн аркар менен кулжаны, эчки менен текени, кийиктин эчен сонунун Ассы, Далаачылык, Жыңичке, Челек тоолорунан көрө бер!..

Жоокерлер алты-алтыдан катар тизилип, бирибиздин артыбыздан бирибиз чубап жолго түштүк. Аттардын туяктары сапырган топурак чаңдап, булуттай асманга көтөрүлдү. Бир бекетке түштөнүп, экинчисине кондук. Күз болсо да күн ысык. Кээ күндөрү мээни кайнатып жиберет. Көйнөктөрүбүз денеден чыккан терден чакалап суу куйгандай суу болду.

Алдагы кетип бараткандардын чаңы арткыларды каптады. Тер менен нымданган чачка чаң аралашып чыпкаланып калды. Жүзүбүздү жапкан чаң бирин бирине таанытпайт. Күн батар алдында гана суунун боюна токтоп, чаң-чуңду кагып, жууп алышат.

Алма-Атадан алыстагандан кийин Узун-Агачты басып өтүп, Каштек ашуусун ашты да, Пишпекти көздөй бет алышты.

Ошо келе жатканда биздин эскадрондогу кыргыз жигиттеринен эсимде калгандарын айта кетейин деп мындайча эскерет. Алар: Жумадыл Калкаев, Турдубай Карабеков, Сыдык Карачев, Акун Бекбоев, Дункана Алыбаев, Иткүчүк Эркетаев, Чоюнбай Талканчиев жана башкалар эле. Командирибиз Мамбет Сүйүмбаев экенин айтып кеткен элем. Оюбузда «Кудай буюрса Пишпекте туруп, эл ичинде болот экенбиз» деп сыр билдирбей сүйүнүп келатабыз.

Бирок сүйүнгөнүбүздүн жолу болсун! Куру талаага сүйүнүптүрбүз. Пишпекке кирген жокпуз. Командирибиз шаардын түндүк жагынан жети-сегиз чакырымдай алыстатып, кара сууларды кыдыртып, камыштарды аралатып, чымын-чиркейге талатып, баштап баратат. Бешим оой бергенде Сокулукка келип жеттик.

Биз келүүдөн бир канча убакыт мурда ушу жерде совет бийлигине каршы козголоң чыкты деп уккан элем. Бирок ал алда качан басылган, эл кадимкисиндей жайдары-жарык жүрүшөт. «Ушу жерде турабыз го! Дагы бир балакет болуп кетпесин деп, сес көрсөтүүгө алып келсе керек» деп ойлоочулар жана бири-бирине ушуну айтуучулар көп болду.

Бул жерде үч күн турдук… Андан кийин Ак-Сууга келип беш түнөдүк. Орус туугандарга мончолорун жактырып, кумардан чыкканча жуунуп тазаландык. Аттарыбыз өрүүн болду. Ары-бери жөө жүрөбүз. Ар бир үйдө үчтөн-төрттөн гана жоокер турат. Алтынчы күнү кечке маал атка минип, жарак-жабдыгыбызды алып, Ак-Суудан чыктык да, батышка бет алып жүрүп калдык…

Эчен адырларды аралап, эчен белестерди ашып, эчен капчыгайларды кыдырып жүрүп, бир нече күн өткөндөн кийин Түлкүбаска келдик. Мында токтоп турган жокпуз. Келишибизди күтүп турган Кызыл вагондорго атыбыз жана куралдарыбыз менен түштүк. Паровоз тартып жөнөдү…

Поезд чиркин күн, түндү, арып-ачканды билбеген эме экен. Аз эле күндө Ташкенден өтүп, Коконго келип жеттик. Ушу жерге келгенден кийин төртүнчү полкко кошулдук. Биздин эсадронго азыраак киши кошулду. Ошондой эле бизден да анча-мынча киши кетип, негизги уюткусу Алма-Атадан келген биз болдук да, баякы биринчи эскадрон деген наамыбыз менен кала бердик.

 

Сакеңдин жомокторунан

Бир күнү кечинде отту чоң жагып таштап, жыйырма чакты жоокер жыйылып ар кимин аңгеме айтууга мажбур кылды. Кээ бирөөлөр Сакеңди Каныкей Тайторуну чапканын ырда десе, кээ бирөөлөрү Көкөтөйдүн ашын берген жерден баштап ырдасын дешти. Эмне үчүндүр, манасчы көңүлү чаппай кыйыктанды да:

— Андан көрө жолдоштордун бирөө жомок айтсын. Кыдык өзүнүн башынан өткөндөрдү айтты. Менимче, Бекбаатырда бир кеп болуу керек. Карагылачы, эки ийнине эки жору конгондой, эки бетин көргөн адам өзүнөн өзү таң болгудай болуп турат, — дегенде, көпчүлүк Бекбаатырды «Өнөрүң болсо айт» деп кыстоого алды. Ал сөзүн мындайча баштады:

— Менин туулган жерим Чоң-Алайдын Бор-Дөбөсү. Атам Божу орто чарбалуу киши болчу. Жазгы бээ байлоо убагында качанаак бир бээбиз карматпай, желеге жакын жолобой койду. Үч күн убара болдук. Ошо кезде атам чыгып: «Киши болбой калгыла! Бир бээни кармай албай коюу арам тамактардын кылары!» деп урушкан сөзү сөөктөн өтүп чучукка жетип турат. Кыжырым кайнап, эки чайнап, бир жутчудай болуп турам.

Бир кезде качанаак бээ кулунун ээрчитип, жаныман өтүп баратканда бир секирип колумду шилтесем, куйругу колума уруна калды. Кош колдоп туруп бир силктим эле, жаныбар чыңырып жиберди да, чочоюп көчүгү менен отуруп калды. Ал ошо бойдон турган жок. Ары салып, бери салып тургуза албагандан кийин сойдук. Ачуум келип туруп силккендиктен бели үзүлүп кетиптир. Мына ошондон кийин «Божунун уулу Бекбаатыр бээни куйруктан кармап көтөрүп урганда, анын бели омкорулуп кетиптир. Арстандан да күчтүү экен» деген кеп элдин ичине жайылып кетти.

Өзбек, кыргыз, тажик чогулган жыйында күрөшкө түштүм. Оодарышта болдум. Килейген торпокту көкбөрү кылып тарттым. Ошентип, күрөштө да, оодарышта да, көкбөрүдө да жеңдим. Мага чак келе турган киши жок болду. Кийинки убакыттарда даап эч ким чыкпай койду.

Жаздын кызыл түлөөсүндө кыл кыркаар убакыт келди. Төрөбек деген байдын беш жүз топозу бар эле. Топоздун бышты чыкма букасы суу алганы барган төрт аялдын бирөөн ыргыта сүзүп, калгандарын сүзүүгө аңдып турат. Ал бечара аялдар кокуй-алаттап жерде жатышат. Эгер тура калса эле тиги ыргыта сүзмөкчү. Куйругун сыртына салып алып, корк-корк этип, жер чапчыйт. Ошо аялдарды кутказуу керек. Эки жагымды карасам, жерде бир четин укурук жаткан экен. Ичке башын сындырып ыргытып жибердим да, жоон жагынан кармап, кош колдоп туруп көзүн алайтып аялдарды тиктеп турган буканы капталга келтирип туруп бир чаптым. Азыраак кайкалай түштү да, мүйүзүн мага тикийтип, көздөрү чанагынан чыкчудай карады. Андан мурда озундум да, шап мүйүздөн кармап, толгой силкип, көтөрүп урдум. Бычакка келбей буканын жаны чыгып кетти…

Кийин буканы сойгондо карасак, укурук менен чапканда төрт кабыргасы сынып, өпкөсүнө кирип кеткен экен.

Сүзөнөөк бука элдин көкөйүнө тийген экен. Аны өлтүргөндөн кийин «Бекбаатыр аке өлбө! Күчүңө күч кошулсун!» деп кишилерин алкаганынан кулагым тунат.

Ушундай иштеп жүргөнүмдө кыш, жай өтүп күз келди. Ошо кезде бир көпкөндүк пайда болду. Оюмда: мага эчтеме даай албайт экен го! Топоздун сүзөнөөк букасын өлтүрдүм, кишичил буураны ийге келтирдим. Күрөшкө, оодарышка балбан чыкпай койду. Басмачылар да кынына кирди. Эми эмне кылам, ким менен кармашам деп, урушаарга жоо, урунаарга тоо таппай жүрдүм. Багалегим бутума батпай турат. Өзүмөн өзүм ээлигип, килейген аюу кезиксе, ошону менен бир күрөшсөм деп дегдегеним ай!..

Атаң алат дүнүйө, тилегеним жерде жаткан турбайбы. Кара атан өлсө союлар, кадырман атам өлсө коюлар. Бул сыяктуу сонор кайдан табылар! Алайдын күңгөй-тескей тоосуна көз жетпейт. Экөөнүн ортосу түз жайлоо. Бетеге аттын капталынан. Менин күрөшүүгө дегдеп жүргөн аюум ушу бгүнкү карда кантип кезикпесин деген ойго чумулдум.

Инимдин мага келген ачуусун айтпа! Ал урушуп:

— Аюу өгүздөй болгон тилсиз жоо! Кандай кокуй азапты баштаганы турганыңды билбейм. Көрбөйсүңбү, тигилерди, качып кетишти!.. Жүр кетели!? — Аюуң менен кара жерге кир! Мынча эмне оолуктуң! Жүр, кетебиз?! — деп каң какшаганын уккан кишинин төбө чачы тик тургандай.

Ошондо иниме ачуум келип:

— Бир жатындан чыкканбыз, эне сүтүн тырмалап, бир эмчектен эмишкенбиз, бир уядан учканбыз. Аюу менен күрөшпөй койбойм. Алым жетсе өлтүрөм, алсыз болсом ал мени өлтүрөт. Көзүң менен көрүп кет! Эгер макул болбосоң туугандыктан кечип, аюуга өзүңдү тирүүлөй кармап берем, — деп, бир жагынан таарынып, экинчи жагынан опозолоп коркуттум.

Айласы кеткен иним, эки тайган караан болуп ээрчип баратты. Экинчи бир колоттун башынан карасам, короо ордундай жер карарып чаңдап жатат. Аюудан акыл кетсе, талаага түшөт деген ошол. Кордой казган суурдун ийнинин ортосунда чогулуп жата турган жерин билет экен. Ташын омкоруп, чымын томкоруп казып кирет экен. Суурлардын чогулуп жаткан дал киндигин билет экен. Казандай-казандай таштарды арткы буту менен артка карай түртөт экен.

Аркыратып барып, аюу чыгуучу ийиндин оозуна атчан турдум. Жалаң даярдап алган кырктай сабоом бар эле. Бирөөнү шып сууруп алып карап турдум, биз кезде аюу акең килейген бир ташты көчүгү менен түртүп тышка чыкты. Ошондо: «Аюу аке, мына мен келдим!.. Күчүң болсо, күрпүлдөп күүлөнүп көр!.. Кайратың болсо, качырып түрлөнүп көр!..» деп кыйкырдым эле, баччагар шашып калды. Он сегиз миң ааламдын ээси адам деген чын экен. Айласын таппай, саксалаңдап, аябай шашты. Арткы аягына тик тура калып, мени бир карап алды да: «Ох, ох!» деп кыйкырды да качып жөнөдү. Өргө карай кыйын жүрөт экен да, түз жерде таптакыр жүрө албайт экен. Түздө кар жатпады беле. Жалпак тамандары туруштук бералбай, чокойчон киши тайгалангандай тайгаланып жыгыла берет экен. Ал кулап түшкөндө аркыратып жетип барам да, колумдагы сабоо менен жеркен жерде эки чаап, жетпеген жерде уруп калам. Ал мени качырганда жеткизбейм, ал качканда жетип эки-үч жолу удаасы менен салып өтпөсөм да, сабоо менен келтирип туруп уруп калам. Экөөбүздүн тамашабызды деги айтпагыла! Биз ошентип алышып жүрсөк, баякы иним кырда туруп: «Кокуй-алат, өлдүң! Эми токтосоңчу!.. Аюуң менен кара жерге киргир ай!.. Кандай балакетке жолуктуң! Өлдүң эле өлдүң!.. Кач эле кач!» деп чыймыйы чыгып боздоп турат. Ага кулак саламбы. Баякы сабоом менен сабап жүрүп баары бүттү. Атым да, өзүм да көл-шал тердеп бүттүк. Аюунун жүрүшү мурдагыдан алда-канча басаңдады.

Кээ бир кишилер аюу таш менен урат экен деп жүрүшпөйбү. Ырас, олтура калып ташты көтөрө коюп ыргытат экен. Бирок ал ыргытканы алга кетпестен артын көздөй кетет экен. Ал бир нече жолу таш алып мага карай ыргытты. Бирок жанакыдай артын көздөй кеткенин көргөндө күлүп атып боорум эзилип калды. Алайдагы кадимки Бор-Дөбөгө аюу мени үч жолу кууп чыкты, мен үч жолу кууп түштүм. Ошондо аюунун эки көзү чөйчөктөй болуп чанагынан чыгып кете жаздады. Оозу араандай ачылып, кыпкызыл тили жеңдей болуп салаңдап калды. Килейген эки таштын ортосундагы коңулга келип жыгылды.

Ошондо «Аюу жүрбөй калды, келгин! Азыр жыга чаап өлтүрүп алалы!» деп баякы инимди чакырсам, кашайын келсинби! «Аюуң менен кара жерге кир!» деп кыйкырат да турат. Көпөлөкчө көлөкөсү болгон жок. Анын келбесине ишенгенден кийин аттан түштүм да, жанына барсам, алдан тайып, шайманы кетип калган экен. Шамдагайлык менен арткы эки бутун жип менен күрмөй чалып байлай коюп, эки ташка керип койдум. Андан кийин мойнуна сыйыртмак салып, кериле тартып, дагы бир чоң ташка байладым. Ошентип, өгүздөй болгон чоң аюуну кыймылдагыс кылып таштадым… дейт.

 

Өзбек жергесинде

Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жерлерин кыдырып, Совет өкмөтүнө каршы чыккан басмачылык күчтөр менен кармашууга жигердүү катышат. Аны минтип эскерет:

Самаркандан, Кокондон
    Басмачы көрдүк ошондон.
    Күндүз эл тынч, түн жаңжал.
    Түндө жорткон партизан
    Эч калган жок бизде арман.
    Өзбек, тажик булардан,
    Зоо кыдырып таш басып,
    Көркөмдүү кызык жер көрүп,

* * *

Жай-жаракты жайланып,
    Жалаң кылыч байланып,
    Кайра жаачу булуттай
    Каары бетте айланып.
    Карман кызыл аскерлер
    Жоо-душманга камданып.
    Кылычты ташка бүлөдүк,
    Журт таалайын тиледик.
    Ашуу ашып таш басып,
    Кээде уйкудан аз болдук.
    Бөрү кыял басмачы,
    Эченине кез болдук.
    Бадахшан, Памир тоолорун
    Басып жүрүп жол кылдык.

Мургап деген бир тоодо болуп, бир эскадрон барып кадимки Жаныбек кор башчыны жок кылгандыгын баяндайт. Бул кадимки Өзгөндөн кеткен Жаныбек казы болсо керек деп ойлойм. Коконго кайтып келишет. Мамбет, Керимбай, Акун деген кыргыз жоокерлери менен бирдикте Самаркандда эс алышат.

Андан ары кара-калпак, түркмөндүн жерин аралап:

Кичипейил, меймандос,
    Эң бир эпчил узу бар
    Оймок ооз, бото көз,
    Ойкуштаган кара көз,
    Кырмызы көйнөк кыска чач,
    Бели кындай топчу баш,
    Пормалары бир түрлүү
    Аялы бар, кызы бар.
    Айраны бар, сүтү бар
    Дарыя бойлоп жери бар.
    Өйүз-бүйүз дарыяга
    Катарлап конгон эли бар
    Үрп адаттуу тою бар,
    Жайылган кисар кою бар.
    Жердеп Амур дарыяны
    Бойлоп конгон айлы бар,
    Кыргыз менен казакка
    Жакыныраак эли бар, -

деп каракалпак эли бизге жакын, бир тууган элдерден экенин баса белгилейт.

Бир кишидей былк этпейт,
    Чымын учуп чыңк этпейт.
    Катарлап турган жоокерлер
    Бир жеринен кылт этпейт, —

жоокердик темирдей тартипти ушинтип жазат.

Бухарада болгон совет өкмөтүнө каршы чыккандар менен кармаш мындай сүрөттөлөт:

Катар-катар бөлүнүп,
    Каптадык Букар калаасын.
    Кирдик душман тобуна
    Кол салдык эмир колуна
    Биз атчанбыз, алар жөө,
    Маңдайлашып туруштук.
    Пулемет чайкап ок атып,
    Былчылдашып уруштук.
    Хан эмирдин жоокери
    Күчүн жыйып куралды,
    Бет келгенин биз тарап,
    Кыргыз кылбай турарбы.
    Кызык уруш чуу болду,
    Асман, жерди козгогон
    Айгышкан уруш бу болду.

* * *

Азамат, тулпар окко учту,
    Каны эмир маанисиз,
    Айла таппай шашыптыр.
    Бийлигин таштап желмогуз,
    Эл жеринен айрылып,
    Аскеринен түңүлүп
    Жанын аяп качыптыр.
    Кызылдардын күчүнөн,
    Сепили бүт кулады.
    Там-дарактын баарысы
    Талкан болуп урады.
    Ураалап жоокер бакырды,
    Күрсүлдөгөн эмирдин
    Күлүн көккө сапырды.
    Жылаңаяк, жылаңбаш
    Шашып жүргөн аскер бар.
    Ала курчан, чаар чапан
    Качып жүргөн дагы бар.
    Алтыны бар, даны бар,
    Албан түрдүү малы бар,
    Бүт дүйнөнү чогултуп,
    Байыганы дагы бар.
    Бирдик күчү ушундай,
    Төрт армия төрт жактан,
    Курчоого алып бакырды.
    Кулжуңдаган Букардын
    Куп душмандык кылгандын
    Күлүн көккө сапырды!

* * *

Он сегиз вагон поездге
    Топтолтура салды эле,
    Букар бошоп жайланды,
    Арсыз эмир хан имиш,
    Мына минтип жай болду.
    Алты-алтыдан байлардын
    Үйүн тинтип киргенбиз.
    Селде оронгон ачык төш,
    Узун чапан жан экен.
    Ар төрөнүн үйүндө
    Үч жеринен кулпулуу.
    Эбегейсиз, эң бир чоң
    Сандыктары бар экен.
    Тамашага батканбыз,
    Ар билектей кулпусун
    Ээси ачпай койгон соң,
    Беш атар менен атканбыз.
    Октун күчү ушундай,
    Кулпусу сынды быркырап,
    Ичин ачып карасак,
    Ат башынын терисин
    Кооздоп тиккен зор баштык
    Ал баштыктын ичинде
    Топтолтура алтын бар.
    Опус кылып анысын
    Такыр жыйнап алганбыз.
    Ал дүйнөнү коротпой,
    Казынага салганбыз.

Аскерлердин талоончулугу ушундайча ырдалат.

Андан ары жол поезд менен Ашхабад шаарын көздөй уланат.

Түн ортосу мезгилде,
    Түркмөн шары Ашхабад,
    Кирдик муну аралап.
    Вагондон атты түшүрдү,
    Кызыл кишмиш, ак токоч,
    Жана сорпо таттуу аш,
    Коонун койдой жардырып,
    Аскерге тамак ичирди.
    Томуктай болгон тоосу жок,
    Токумдай чуңкур коосу жок,
    Кара-Кум деп аталган
    Мээ кайнаткан чөл экен.
    Ошол чөлгө барганда,
    Кумга койсо жумуртка,
    Демде бышып кайнаган.
    Деем ала албай ысыкта,
    Адамдын шору кайнаган.
    Жөө туман түшүп кир чалган,
    Так ушундай жер экен.

Анан бир күнү:
    Казына кайда, мүлк анда,
    Саякбай кайда, күлкү анда.
    Жомок айтып, ыр ырдап,
    Тамашага батканда,
    Ат сергитип, жан жыргап,
    Ашхабадда жатканда,
    Күз менен кыштын ортосу
    Ысык кетип күз келип,
    Эл кыштоого конгондо.
    Эгин-тегин оокатын
    Тегиз жыйнап болгондо.
    Бир күнү буйрук келиптир,
    Буйруктан жоокер кайтабы.
    Кайыр берип буйрукка
    Каяшаяк айтабы.
    Айт дегенге кыйт коёт,
    Оо дегенде чү коёт.
    Буйрук менен иш кылат,
    Барбаймын деп баш булгап,
    Законго кантип күч кылат!

Деп Украина жергесине сапар тартышат.

 

Украинада

Кийин Украинанын Чалбас деген жеринде турганда чогуу жүргөн жолдоштору кыстап, ырда дегенде, көптөн бери ырдабай буулугуп калган Сакең, маалкатпай түз эле мына мындай ырдап кирет:

Боз топурак учкан чаң,
    Кыртышы жок тала экен.
    Буркулдаган кээ жери
    Тизеге чыккан чаң экен.
    Мээ кайнатат эң ысык,
    Эл жердеген тала экен.
    Кылайган чымчым жүнү жок.
    Куйругу саяң жалы аз,
    Кыпкызыл эт жылаңач,
    Жылкыдан мындай малы бар.
    Өзү кара эң москоол.
    Узун бойлуу жаныбар.
    Эшеги бар, төөсү бар,
    Ар бир түрлүү жан болуп,
    Жаралган экен мындайлар, -

деп Украин жергеси анчейин жага бербегендигин айтып келип «Кыпкызыл эт жылаңач» деп чочкону сүрөттөйт. Сыягы Сакең ошондо кыргыз жеринин атыр жыттуу абасы, мөлтүр кашка булагы көзүнөн өтүп жүрүп жазган окшобойбу.

Полкубуз калды ал жерде,
    Буйрук кылды биздерге:
    — Украина элинде
    Киев, Харьков калаа бар.
    Ошол элди дүрбөткөн,
    Адамдыкка көнбөгөн,
    Элге тынчтык бербеген,
    Махно деген балаа бар.
    Каракчы-бандит өзү ошол,
    Душмандын кара көзү ошол.
    Ал өңдөнгөн душмандын,
    Жазасын колго бергиле!
    Карды катуу төккүлө,
    Канын суудай чачкыла!..

— деген приказ келет. Кошумча аскердик кийим да алышат.

…Эр башына бергени
    Бештен көйнөк, беш дамбал,
    Этин кирлер чалбаска,
    Аскер биттеп калбаска,
    Жана шинель, жана шым,
    Катарлап кийим кийгизди.

Жолдо поездде баратып Орусиянын кең талаасын басып өтүп:

Ошондо көрдүм — улуу журт -
    Орустун нечен калаасын!

— деп суктанып жазат. Украина жергесин болсо:

Жылкысы бар, кою бар,
    Чочкосу бар, ую бар.
    Талаасында даны бар,
    Элге таалай жер экен
    Жергиликтүү дыйканга,
    Тилегендин бары бар.
    Жаткан экен жайкалып,
    Устасы бар, узу бар,
    Колтуктап алып жетелейт,
    Ушундай шайыр кызы бар.
    «Биздикине конгун» дейт,
    «Бизге конок болгун» дейт.
    «Аскер көзүң салгын» дейт,
    «Чамаң келсе жоокерлер
    Махнодой кара душмандан,
    Кутказып бизди алгын» дейт.
    Өзү дыйкан калк экен
    Конок болсоң үйүнө,
    Тиги, бул деп бөлбөгөн.
    Кайран элдин салты экен.
    Ак майынан даам таттык.

— деп жазат.

Махнонун жан-жөкөрлөрүн тынчыткан соң кайра казак жергесине кайтып келишет. Азыркы Түлкү-Бас станциясына чейин поезд менен, андан ары ат менен жол жүрүшөт.

Башчыларга билинбей,
    Конок боло түшкөнбүз.
    Мешке* куйган жунжунду**
    Кээде сурап ичкенбиз.

(*Мешке – чанач)
    (**Жунжун – арак)

— деп «ачкылды» кантип татканын эскерип, анан «Жыйырма экинчи жылында, Аскерликтин кызматы, Алты жылга толгондо, Май өтүп, июнь айында, жыл жыргалдуу жайында өздөрү минип жүргөн аттары менчик жылкылар эле, комиссия анын акысына колго тыйын-пул берип аскерликтен бошонушат.

«Тоо кыдырып, суу кечтим. Эчен ашуу, эчен кыр, Желип жөө баскамын, Талды-Коргон, Алматы, Экөөн басып өткөмүн. Ал кезекте обулус, Алматыга жеткемин. — деп аскерден үйүн көздөй жөө-жалаңдап келгенин айтат. Бирок, Орозалиев Иймамбет, Өзү Көлдүн кыргызы, Окумуштуу жан экен. Обулусту башкарган, Улуктардын бири экен. Кат билбейсиңер окугула» деп Сакең, Ормонбек, Акун, Ысмайыл төртөөнү алты ай алып калып жазга дейре окутат.

Анан жолдо Алматыны сел каптап, ушу согушта өлбөй, табият кырсыгынан күм-жам болобузбу деген коркунуч пайда болот. Тагдырдын тамашасы, быйыл да 2010-жылы Алматыны сел каптап, жыйырмадай адам курман болду.

Алматыны сел каптап,
    Кыргын кылып бүтүрүп.
    Үй жыгылып, там кулап,
    Ушундай кыйын иш болду.
    Үйөр жүрүп суу каптап,
    Кара баткак, төөдөй таш,
    Жер солкулдап үй таптап.
    Эрен өлгөн, бала өлгөн,
    Алматынын селинде
    Эчен уруу, жан өлгөн.
    Бул мүшкүлдөн калк өлүп,
    Шаардын эки көчөсү,
    Казылган чуңкур коо болгон.
    Үйөр менен келген таш
    Үйүлүп калып тоо болгон.

Кийин жолго деп ар бирине бирден ат берилет.

Айкан сөзгө көндү эми.
    Жол каражат, тамак-аш,
    Ар минерге бир-бир ат
    Белек кылып берди эми.
    Аркасы тийип улуктун,
    Сакең жетип келди эми
    Киндик кесип, кир жууган,
    Ысык-Көлдүн жээгине,
    Туулуп өскөн жериме.

— деп өзү туулуп өскөн киндик каны тамган ажайып Ысык-Көлүнө келет.

Жыйырма экинчи жылында, өзү айткандай, «Эл уюшуп турганда, социализмге бет алып, калкым мойнун бурганда, Сельсовет болуп айлына» келет.

 

Чагылган аян бергенде

Ал жылдары Бейшекан апабызга үйлөнүп, кыздуу болуп, жаңыдан оокат тиричиликке аралашып, өзүнчө түтүн булатып, Ак-Өлөңдө жашап турушчу. Ошондой бейкапар күндөрдүн биринде кайнагаларынын бири тамаша сөз айтып койсо, Сакебиздин келинчеги анда эмне, эч жеме угуп көрөлек жаш келин, ага таарынып, ымыркайды көтөрүп, түнү менен жөө-жалаңдап көлдүн тескейиндеги Ак-Өлөң айылынын күңгөйүндөгү Бостери айылындагы төркүнүнө кетип калат. Бир чети өзү эрке өскөн байдын кызы эле, экинчи жагынан төркүн-төсүнүн сагынып, көптөн бери баралбай жүргөн. Эки-үч күнгө жетпей артынан сая түшүп энтеңдеп Сакең келет. Жай мезгили, күн ысык болгондуктан, бала да боор көтөрүп алсын деп Бостериде айлап туруп калышат. Айылдыктар манасчынын даңкын алыстан угуп, «Биз сени күйөө бала көрүп кызмат кылдырбайбыз, жомогуңдан эле айтып берсең болду» дешет. Күндөп-түндөп «Манасын» айтып, сөзгө чечендигин, тамашакөйлүгүн көрсөтүп, эл оозуна тез эле алынып, жоро-жолдош күтөт.

Бул жоругу байлыгын зор дөөлөт деп эсептеген кайнатасына анча жага бербейт. Ошондой күндөрдүн биринде кырсык басып: «Бу күйөө баланын колунан сөз сүйлөп, «Манас» айткандан башка эч нерсе келбейт, болбосо күйөө бала болгону калыңды мындай кой, бир чычкак улак союп келелек» деп кер ооз сөз айтат. Сакең бултуңдап жаш баладай таарынып, кызын өңөрүп, келинчегин ээрчитип жолго чыкмай болот. Ошондо…

… Анан ошондо күндүз ачык эле турган аба-ырайы кечке жуук бүркөлүп, асмандан кылыч чабылып аткандай «чарт-чурт» этип чагылган түшөт. Чагылган түшкөндө да азыр эле ыйык манасчы Саякбайга акаарат келтирип өткөн кайын атасынын үйүнө түшүп, үй-тамы, жыйган оокаты менен кагаз өрткө күйгөндөй бир заматта күлгө айланат.

Кечээ эле байлыгы кымбат көрүнүп аткан кайнатасы эми жаны көзүнө көрүнүп, баарынан жаны кымбат көрүнүп, жан соогалайт: «Малымды алсаң да жанымды алба, балдарыма тийе көрбө!».

Ошондо эл деген эл эмеспи, жыйналып келип, «Эми бул жөн окуя эмес, Көктөн түшкөн ишаарат. Эзели манасчыга ыплас сөз айтканга болбойт. Эми болоор иш болду. Кырсыктан дагы сактаналы десек, кечирим сурап, манасчыны бул Бостери айылына калтыралы. Бизге да кут оторлойт. Бул жерге калтырып, жер бөлүп берип, дубал көтөрөлү, өздөрүнчө түтүн булатсын. Биздин айыл ошондо манасчынын айылы аталып калат. Келген манасчыны кетирген болобу, конгон кушту качырган оңобу» дешип эл кеменгерлигин кылат.

Кабагын бүркөгөн менен бу жерде шерик күтүп, жерине көнө түшкөн манасчы да макул болот. Эртеси мал союлуп, айылда түлөө өткөрүлөт. Аксакалдар бата беришет. Жер бөлүп беришип, ашар чакырып, үйдүн пайдубалын түптөшөт. Сакең эми демейдегисиндей улуу кепти улантат.

Кечээ эле манасчыны бир тентиген немеге теңеп мамиле кылган кайнатасы эми кепке келип, «алласы оозунан түшүп» өз күйөө баласына бир Кудайдын атайын буюрган элчисиндей сый мамиле кылып баштайт. Ушул окуядан соң өмүрү өткөнчө жомокчу күйөө баласын ардактап, алпейим мамиле жасап жашаган экен.

... Улуу Манастын кудуретин караң!

... Улуу Саякбайдын касиетин көрүң!

... Ага шек келтирген болбойт тура!

... Табияттын сыйкырына анан кантип таң бербей коё аласың!

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Файлды PDF форматында толук тексти менен, китепти сүрөттөрү менен ачуу

 

© Иманалиев К., 2010. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 15066