Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Руханий адабият / Философия жана илим, Илим
© Рысбек, 2006. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 8-июну

РЫСБЕК (Richard Hewitt)

Ак калпак

Бул китеп жол кырсыгынан аман калган Амантурга арналат. Силердин эл дагы алдыдагы бардык кыйынчылыктарга бекем туруштук берүүсүнө тилектешмин. Ошондой эле мен бул китепти бардык ак калпак кийгендерге арнайм. 

Рысбек. Ак калпак. – 2-бас. – Б.: 2006. – 40 б. китебинен алынды

УДК 82/821
    ББК 84 Ки 7-4
    Р 95
    ISBN 9967-429-33-х
    Р 4702300100-06

 

 

Кириш сөз

Мен бул дүйнөдө жашап өткөн эң айбан элдердин катарына кирген жапайы англостор менен каапыр саксондордун тукумунанмын. Айкөл жана кадырман кыргыз элине абдан окшош келген Америкалык индеецтер сыяктуу көптөгөн элдердин кырылып, зордукталып жана кул болуусуна биз жооптуубуз. Менин элим жада калса силердин ата-бабаңардын далайын кырып, тукум курут кылган орустардан дагы артык мыкаачы. Мен уялганымды эч жашыра албайм. Менин жүрөгүмдү өкүнүч менен кайгы эзет. Силерге, силердин ата-баба, ага-инилериңерге каршы менин элимдин кетирген каталарын кечирип коюуңуздарды мен сиздерден — бүткүл кыргыз боордошторумдан көптөн-көп өтүнөм.

Элимдин илгерки кылмыштарынан мени бошотуп, Өзүнүн ыйык тоосуна алып чыгып, башымды жана абийиримди ак жабуу менен жабуулап Кыдыр даарыткан Кудайдын үнү чакырбаганда мен мындай китепти жазууга эч даай албас элем.

Көптөгөн кыргыздар сыяктуу мен деле динге кызыкпасам дагы Жаратканды таанууга өтө ынтызар болчумун. Күндөрдүн биринде, тоо аралап жүрүп Кудайдын бар экендигин ушунчалык так сезгенимде, так ошол жерде чөгөлөп туруп өмүрүмдү мени жараткан тирүү Кудайга арнадым. Ошол күндөн тартып, бүткүл жаратылыш, өзгөчө тоолор менин мечитим болуп калды.

Кыргызстанга келээрим менен кадырман кыргыз боордошторум мага арнап дароо козу союп коноктошту да, ак калпак кийгизип Ырысбек деген ат коюшту. Алардын мындай жөрөлгөнү кылуусуна Асман менен жердин Теңири эгедер болгонуна шегим жок. Бул китеп дагы адам колу менен жазылганына карабастан анын мазмунуна Асмандагы Падыша дем бергенине ишенем. Ошондуктан ушул жупуну китепти силерге момундук менен тартуулаймын.

 

Калпак

Калпак – бул кыргыздардын кийим-кечектеринин ичинен эң ыйыгы. Анын касиетин аны кийип жүргөндөр сезе алышат.Бул байыркы баш кийимди кийген адам илгерки бабаларынын тарыхына тамырлашып, калайык калкынын тагдырына бекем байланат. Бирок мындай сезимдер кайдан пайда болот? Калпактын ак жолтойлугу менен күчүнүн сыры эмнеде?

(Калпак жөнүндөгү элдик макалдар: Калпакчанды өлтүрүүгө болбойт. Калпакты жерге койбо. "Калпагыңды жоготсоң башыңды жоготосуң", "Калпагыңды сатсаң акылыңды сатасың", Калпакчан жүрсөң оорубайсың; калпак кышкысын жылытат да, жайкысын сергитет. Түнкүсүн калпагың ар дайым бут жагыңда эмес, баш жагыңда болсун).

 

Баш

Калпакты кыргыздын эркектери, үй-бүлөнүн ээлери башына кийип жүрүшөт. Алар өз бүлөсүн коргоп, кам көрүшөт. Калпак бүлө ээсинин бүтүндөй үй-бүлөгө карата камкордугун, кадыр-баркын билдирет. Бардык муундардагы кыргыздын жада калса залкар инсандарын дагы өзүнүн бийлигинин алдына кармап келе жаткан калпактын күчү эмнеде?

 

Ала-Тоо тоосу

Калпак ошону менен эле бирге улуу Ала-Тоо тоолоруна дагы окшоп кетет. Ал тоолор кутмандуу кыргыз элинин мекени болгондуктан анын жергиликтүү тургундары аны ыйык тутушат. Мындай көк мелжиген улуу тоолор жана ал тоолордо боз үй тигип жашаган чыйрак элдин маданияты, үрп-адаты сырттан келген конокторду кызыктырбай койбойт. Жылдын кайсы учуру болбосун чокусунан аппак кар кетпеген ошол улуу тоолор дыйкандын талаасын сугарып, чөлдүү жерлердеги көптөгөн шаарлар менен өлкөлөргө суу тартуулайт.

Бул тоолордун канчалык ыйыктыгын кыргыздын мындай уламышынан көрүүгө болот: Арабияга ажыга барган адам мындай суроо салат: "Улуу тоого чыккан барбы, улар үнүн уккан барбы?". Бул жерде өзүнөн дагы ыйыгыраак адамды, өзүнөн дагы артык адал иш жасаган адамды, Түштүк Арабияга ажыга баргандан дагы ыйык нерсе кылган пендени издеп жүргөн адам жөнүндө кеп болуп жаткандыгын көрүүгө болот. Ыйык чөлгө барып келген адамга ыйык тоого чыгып келген адамды издөөнүн эмне кажети бар? Биздин демибизге дем кошо турган байыркы касиеттүү сырларды улуу тоолор ачып бергендей эле кыргыздын калпагы дагы бизге мындай терең аян ачып бере алабы?

 

Ой эркиндиги

Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" китебинде башына кайыштан керилген баш кеби кийгизилген маңкурт жөнүндө баяндалат. Туткундун башындагы нымдуу кайыш кургаган сайын анын башын кысып, ой жүгүртүүсүнө тоскоолдук кылып олтуруп акыры аны кожоюндарынын бардык буйруктарын кыңк этпестен аткарган макулукка айландыруучу. Чыңгыз Айтматовдун мындай таамай келтирилген мисалы бузуку, чоочун жолдорго биз кандайча бат азгырыларыбызды эсибизге салат. Маңкурттун куушура кыскан баш кийими адашкан ишенимди, кыска түшүнүктү, жеңил ойлуулук менен майнапсыз үрп-адаттарды билдирет. Коркутуу менен күчкө салуу, мажбурлоо жана идеологияга багындыруу акыл-эстин ой жүгүртүү жөндөмүн чектөөгө багытталат эмеспи.

Ал эми калпак болсо маңкурттун тебетейине таптакыр карама-каршы десек дагы болот. Бардык баш кийимдерден жогору турган калпак адамзаттын миңдеген жылдар бою келе жаткан тарыхындагы пайгамбарлар, олуялар, окумуштуулардан калган аяндар менен асмандан түшкөн билимди жана эркин ой жүгүртүүчү ишенимди өзүнө камтыйт.

Калпактын ичиндеги мейкиндик эркиндиктин белгиси — эч кандай басым же коркунуч башка үстөмдүк кыла албайт. Калпактын ээси түрдүү көз караштагы ар кандай чечимдерди эркин кабыл алууга мүмкүнчүлүгү бар. Мындай кеңири ой жүгүртүү мүмкүнчүлүгү адамдын өз жолун туура табуусуна эгедер болот. Андай адамдар мындан ары чиркөөнүн, мечиттин, Москванын, чет элдиктердин, акчанын ж.б.ушул сыяктуу нерселердин жетегинде кала беришпестен такыбалыктын, боорукердиктин, акылмандыктын, адилеттиктин жана Кудай Рухунун жолун тандашат.

Мындай эркиндикке ээ болгон соң биз дүйнөнү кайрадан жаңыча кабыл алып, ага таптакыр башкача көзкараш менен карай алабыз. Дал ушундай залкар түшүнүктүн жыйынтыгында биз башка элдерге дагы ак бата алып келе ала турган жаңы ачылыштарга жетишебиз. Менин каапыр англо-саксон бабаларым дагы жүздөгөн жылдар мурун Жакыптын тукумдарынын китебин таап алганда дал ушундай "калпак" тажрыйбасын башынан өткөрүшкөн. Ата-бабаларым акыл-эстерин Жакыптын Теңирин кабыл алууга кеңири ачкан соң жер бетиндеги мурдагы ашкан зөөкүрлөрдөн болуп көрбөгөндөй элдештиргичтерге өзгөрүштү. Алардын караңгы туңгуюкта жаткан акыл-эси эркиндикке чыккан соң дүйнөгө телефон, радио, электр жарыгы ж.б. пайда болду. Чындыгында эле Кудай калпакты кыргыздарга — дал ошол эркиндикти жанынан артык сүйгөн, акылман калкка белек кылды. Бирок азыркы учурдагы кыргыздар дагы кудум эле алар сыяктуу ой жүгүртүүсүн каалаган чет элдик айрым окутуучулар калпактын кадырын түшүрүп жана силердин эркин ой жүгүртүүңөргө тоскоол болуп жаткан сыяктанат. Демейде биринчилерден болуп биздин көзкарашыбыз же дин тышкы соккуларга дуушар болот. Айтчы тууганым, деги сенде Кудайды таанууга эркиндигиң барбы же Жараткан жөнүндө бир гана ой-пикир менен чектелүүгө мажбурсуңбу? Башкача айтканда, акылэсти чырмап, көптөгөн элдердин акбатага ээ болуусуна жана гүлдөп өсүшүнө тоскоол болгон маңкурттун баш кийимин кийип жүргөн жоксуңбу?*

(*Биздин ишенимибиз биздин ким экендигибизди аныктайт. Ооганстандагы талибдер дагы ишенимине жараша өзгөрүшкөн. Алардын дини эле эмес, дал ошол ишеними аларды бүгүнкү күндө бизге таанымал болгондой кейипке келтирип олтурат. Бул жагдай шведдерге, монголдорго ж.б. дагы тийешелүү)

 

Ар бир мусулмандын 7 парызы

Биздин эркин көз карашыбызды чектеп, караңгылыкта кармаганга аракеттенген кимдир бирөөлөр бар экендигине далилди Кыргызстандан дагы табууга болот. Мен мусулмандардын төмөндөгүдөй жети парызы* бар экендигин билдим: Кудайга, периштелерге, ыйык китептерге, бардык пайгамбарларга, Сот Күнүнө, тагдырга жана тирүү жаратылышка ишенүү.

(*Айрым мусулмандар бул тизмени алты же беш парызга кыскартышканы менен алардын бардыгы ар бир мусулмандын бир Кудайга жана бардык пайгамбарларга ишенип, бардык ыйык китептерди окуусу керектигин моюнга алышат. Бул Курандагы негизги темалардын бири)

Бирок мен кездештирген мусулмандардын көбү бул парыздарды этибар алышпаган өңдүү. Мисалга алсак, мен ой токтотуп, эркин ой жүгүртүп жана ыйык китептерди ыйык туткан айрым гана мусулмандарды тааныйм. Алар өз элинин камын көрүп, дин жолунда бекем жүрүү менен бирге ой-түшүнүгүн кеңейтишет. Тилекке каршы, Кыргызстандагы мусулман окутуучуларынын көбү карапайым адамдардын Кудай Сөзүн окуп изилдеп, ал аркылуу Ага табынып, өзүнүн мусулмандык парзын аткаруусуна эмне себептен тоскоолдук кылып жаткандыктарын ачык түшүндүрүп бере алышпайт. Дал ошол тар түшүнүктүү окутуулар руханий табияты терең кыргыздардын далайын Кудай жолун башка диндерден издөөгө мажбурлады. Кыргыздар мусулманчылыктын бардык жети парызын өзүнө камтыган "ак калпак" дини аркылуу деле Кудайга табынышса болобу? Же Кудайдын Ыйык Сөзүн окуп, түшүнүүбүздү каалабаган чет элдик имамдардын "маңкурту" болуп кала берүүбүз керекпи? Менимче, Кудай бизди ой-түшүнүгүбүздүн башка өлкөлөрдөгү мусулмандардын ой-түшүнүгүнөн жогору жана кеңири болуусуна үндөйт. Ошондой эле Жараткан силерге ак калпакты тартуулоо менен силерди улуу ойчул, чыгармачыл жана Кудай жолун мыкты билүүчүлөр болууга чакырганына ишенемин.

 

Адам атанын дини

Мусулманчылыктын биринчи жана эң байыркы ыйык китеби Тоорат. Анда адамзаттын алгачкы санжырасы баяндалган жана бардык адамдар үчүн чыныгы Кудайдын жалгыз дини менен адамдар ойлоп тапкан жалган диндердин ортосундагы айырманы табууга керектүү маалымат камтылган*.

(*Куран 6:84-91, 154-157)

Тоорат китебинде Адам ата менен Обо эненин Кудайга каршы күнөө кетиргендиги айтылат. Күнөөгө баткан соң өз абийирин жабуу үчүн алар жалбырактардан жабуу жасап калкаланышкан. Бирок адамдардын мындай морт жабуусун Кудай кабылдабастан биздин ошол алгачкы ата-энебизге жаныбардын терисинен жасалган кийим кийгизди.

Кудай ошол терини кайдан алган деп ойлойсуз? Алгачкы ата-энебиздин абийирин жабуу үчүн Ал айыпсыз жаныбарды курмандыкка чалганбы?*

(*Башталыш 3, Куран 7:19-32)

Кудайдын парыздарын бузуу өтө коркунучтуу кесепеттерге алып келет. Аларды биздин ишибиз менен да, "өсүмдүктөн жасалган чүпүрөктөрүбүз" менен дагы жашыра албайбыз. Абийирин сооротуп, актануу үчүн адамзаты уламдан-улам жаңы диндер менен салттарды ойлоп табуу сыяктуу кооптуу жолго түштү. Бирок биздин жолдорубуз Кудайдын дагы жолдору боло бербейт да. Ал биздин адамдык диндерибизди кабылдабайт. Биз Кудайдын чечимине, Анын динине муктажбыз. Кудай Өз колу менен айыпсыз жандыкты курмандыкка чалып, ата-энебиздин абийирин жапкан. Жаныбарлардын жүнүнөн кийиз кылынып жасалган калпак дагы адамзаттын күнөөсү менен абийирин жабуу үчүн курмандыкка чалынган эң алгачкы жандыкты биздин эсибизге салат. Мүмкүн, калпак Кудай Адам атага тапшырган эң биринчи диндин, Кудайдын анык таза дининин белгиси (символу) болуп жүрбөсүн?

 

Кудайдын диниби же адамдын диниби?

Адам атанын алгачкы эки уулу жөнүндө Тоорат дагы эскертет:

"Адам менен Обо уулдуу болушуп, ага Кабыл деп ат коюшту. Обо: "Мен Теңирден адам алдым" — деди. Андан соң Обо дагы уулдуу болуп, атын Абыл деп койду. Кенжеси Абыл койчу болуп чоңойсо, улуусу Кабыл дыйкан болуп өстү.

Оруп жыйноо маалы келгенде Кабыл өзү өстүргөн жер-жемиштеринен Теңирге тартуу алып келди. Абыл болсо, өз койлорунун арасындагы төл башылардын эң мыктысын тандап туруп, Теңирге арнап курмандык чалды. Ошондо Теңир Абылды жана анын курмандыгын кабыл алып, ал эми Кабылдын өзүн да, анын белегин да кабыл албады. Кабыл буга өтө заарланып, өңү бузулду. Анда Теңир ага мындай деди: "Эмнеге ачууландың? Эмнеге өңүң бузулду? Эгерде туура иш кылсаң аның кантип кабыл болбосун? Эгерде туура иш кылбасаң, улагаңда күнөө уялайт. Ал сени канчалык азгырса да сен ага үстөмдүк кыл". Мындан көп убакыт өтпөй эле Кабыл иниси Абылды сөзгө алаксытып талаага алып чыкты да өлтүрүп салды. (Бул окуя Тоораттын Башталыш* китебиндеги 4-баптан алынды)**.

(*Мусанын биринчи китеби, б.а. Тирилик китеби)

(**Көпчүлүк имамдар Куранды башка тилдерге которгонго каршы болгондуктан мен Курандын шилтемелерин бул жерге келтирбестен, алардын даректерин гана өзүнчө орунга көргөзүп койдум)

Айыпсыз жандыкты Кудайга арнап курмандыкка чалганына караганда Абыл чыныгы Кудайдын динин туура түшүнгөн сыяктанат. Ал эми Кабыл болсо, "өзүм билемдик" кылып өз билген "намазын" (табынуусун) окуп — өсүмдүк тартуулоосун улантты. Адам атанын жалбырак жабуусу анын абийирин жаба албаган сыяктуу Кабылдын дагы өсүмдүктөн турган белектери Кудайга кабыл болбоду. Кабыл күнөөнүн олуттуулугун же Кудайдын ыйыктыгын түшүнбөгөндүктөн Теңирдин алдына курмандыксыз келсе керек. Ал курмандыкка жандыкты алып келип, мууздап кан чыгаруунун ордуна өсүмдүктөрдү гана тартуулаган. Ар түрдүү диний баш кийимдер менен селделердин көбү өсүмдүк кездемелеринен жасалган. Мындай диндердин Кудайга жагымсыздыгын көрсөтүү үчүн Жараткан ушул жагдайды символ катары колдонуп жүрбөсүн? Эгерде ошондой болсо, Кудайдын Руху бизге ак калпак аркылуу эмнени билдиргиси келет болду экен?

 

Кудай адамзатка жаңы башталышты — биринчи Ноорузду берди

Маңызы асмандан түшкөн ыйык китептер адамдын андан аркы бузулушун сүрөттөөнү улантат. Мезгил өткөн сайын Адам атанын тукумдары ушунчалык бузулуп, макүрөө (ыпылас) боло баштагандыктан Кудай аларды топон суу менен жок кылууну чечти. Адамзаттын күнөөлөрү ар дайым кыйроого жана өлүмгө дуушар кылуучу кооптуу кесепеттерге алып келет. Болгону Нух пайгамбар менен анын үй-бүлөсү гана чоң кеменин ичинде аман калышты. Топон суу басаңдаган кезде кеме бийик тоонун чокусуна токтоду. Нух жана анын үй-бүлөсү кемеден чыккан соң, адал жандыктардын мыктыларынан тандап туруп, Кудайга арнап курмандык чалышты. Ошол тоонун чокусунда адамзат үчүн жаңы өмүр берилген эле. Ал адамзаттын жаңы доорунун башаты болчу.

Калпактын ошол тоо кейиптүү сымбаты бизге Кудайдын керемет ырайымы жөнүндө эскертүү үчүн берилгенби? Теңир адамзатка дагы бир мүмкүнчүлүктү — башкача айтканда, "жаңы башатты" (Ноорузду) берип жатат. Анын ырайымдуулугун карачы! Анткени биз чындыгында эле бардыгыбыз "жаңы башатка" (жаңы башталышка) муктаж эмеспизби.

 

Кыдырга кезикмейин адамдын адашканы адашкан

Адамдар ошол бийик тоону калтырып түзөң жерлерде жашай баштагандыгы жөнүндө Тоораттан окуй алабыз. Түздүктө алардын ой-пикирлери да, ишенимдери дагы төмөндөп жана тарый баштады. Алар Теңирдин көк мелжиген түбөлүктүү тоолоруна окшоштуруп бийик мунара сала башташты. Ал мунара адамзатты даңазалап, атагын алыска кетирүүгө багышталган эле. Көпчүлүк учурда адамдардын дини адамдын эле өзүн даңазалоо үчүн колдонулат. Биз сыйынганда же башка кандайдыр бир диний иштерди жасаганда Кудайга жагуунун ордуна адамдарга жагууну көбүрөөк издейбиз. Диндин мындай түрүн Кудай эч качан кабыл кылбайт (Тоорат. Башталыш 11, Инжил. Матай 6, Куран 2). Пахтадан же синтетикадан жасалып, адамдарды кызыктырганы менен Акыркы Сот күнү Кудай алдында абийирибизди жаба албаган кездеме жабуу сыяктуу эле мындай жалган диндердин дагы эч бир майнабы жок. Чындыгында эле биз ыйык китептерде айтылгандай Кудайдан берилген жабууга муктажбыз*.

(*Куран 7:25 (24), Тоорат — Башталыш 3:21; Инжил — Римдиктер 13:14)

Нухтун көзү өткөн соң бардык элдер кайрадан диникайыр болуп калышты. Адам ата дүйнөдөн кайткандан 2000 жыл убакыт өткөндөн кийин Кудай Ыбрайымды чакырып алды да, анын тукуму бүткүл дүйнө үчүн ак бата алып келээрин ага убада кылды. Тоораттын айтымында, "Теңирдин элчиси" Ыбрайымдын үйүнө келгенинде Ыбрайым улгайып калган кези экен. Анын байбичеси дагы бала төрөө курагынан алда канча өтүп калыптыр. Кыргыздар "Кыдыр Алейки Саламды"* кандайча тосуп алуусу керек болсо, Ыбрайым дагы өз Теңирин дароо таанып, Анын келишин кичипейилдик менен тосуп алган экен. Кыдыр Алейки Салам Ыбрайымга ак батасын берип, ага так ошол улгайган, бала төрөбөс байбичеси аркылуу уул белек кылаарын убада кылган. (Башталыш китеби 18; Куран 11:71, 37:112). Эгерде Кыдыр Алейки Салам сизге келе турган болсо сиз дагы аны Ыбрайымдай болуп тааный алар белеңиз?

(*"Кыдыр Алейки Салам" — бул ар бир адамдын жашоосуна эч болбосо бир жолу келүүчү түбөлүк жолоочу пайгамбардын түркчө ысмы)

 

Ыбрайым жана тоодогу экинчи курмандык чалуу

Кыдыр Алейки Саламдын Ыбрайымга берген убадасы орундалып, Ыскак пайгамбар төрөлдү. Көп өтпөй эле Кудай Ыбрайымга убада аркылуу төрөлгөн уулун тоо үстүндө курмандыкка чалууну буюрду. Ыбрайым Кудайга моюн сунуп, өз баласын курмандыкка чалуу үчүн тоону көздөй бет алды. Ал баласынын буту-колун тушап бууп туруп мына бычак урмак болгондо Кудай аны токтотуп, Ыскактын ордуна кочкорду берди. Ыбрайым кара чечекей баласынын ордуна ошол кочкорду курмандыкка чалды.

Ыбрайымды сыноо менен Кудай Өзүн мыкаачы катары көргөзгүсү келдиби же адамзаттын күнөөлөрүнүн чыныгы баасын бизге сүрөттөп бергиси келдиби? Айрым аталардын айтымында, өз баласынын өлүмүн көргөнгө караганда атанын өзү өлүүсү артык. Демек, ошол тоодогу болгон окуя аркылуу Кудай бизге өзүбүздү өзүбүз үчүн курмандыкка чалсак дагы күнөөлөрүбүздү жууп же абийирибизди жаба албообузду көрсөткөн. Кудай ырайымдуу болгондуктан жандыктын өлүмүн символ катары гана кабыл алган. Ал эми чыныгы акыйкаттык Курман Айттагы жандыктар менен баглан козулардын төгүлгөн канынан дагы кымбатыраак кандын төгүлүшүн талап кылат.

Бүткүл адамзаттын күнөөлөрүн кечирүү үчүн төгүлүүгө кимдин жаны жана каны татыктуу?

 

Дөөлөттүү Жакып

Жакып пайгамбар дагы Кыдыр Алейки Саламга кезигип, укум-тукумдары бүткүл дүйнөгө ак бата алып келе тургандыгы жөнүндө андан улуу убада алган. Бүгүнкү күндө Ыйык Китепти изилдеген айрым адамдар Библиядагы (Тоорат, Забур жана Инжил) Жакып менен "Манас" дастанындагы бай Жакыптын окшоштугуна таңданышат. Жакып пайгамбар менен кыргыз эпосундагы Жакып — бир эле адам болуусу дагы мүмкүн.

Ал окшоштуктар ушунчалык көп болгондуктан аларды бул чакан китепке батыруу мүмкүн эмес. Бирок Тоораттагы да, "Манас" дастанындагы да Жакыптардын экөөнүн тең Манас* аттуу уулу болгон. Эки Жакып тең мал кармаган бай көчмөндөрдөн болуп, экиден аялдары, короо-короо койлору болгон. Экөө тең бөтөн жерде кысымга алынганына карабастан куулук-шумдугу менен өз мал-мүлкүн көбөйтүшкөн. Акырында, бул дөөлөттүү Жакыптардын экөө тең өз мекендерине кайтышкан. Алар экөө тең Көкө Теңирге (Асман Теңирине) сыйынып, өз тукумдары жөнүндө улуу убадага ээ болушкан. Өз максатына жетүү үчүн алар калпты колдонгон учурлары да болгон. Биздин заманга чейинки 720-жылы Манас тукумун Ассириялыктар басып алган соң алардын изи тарых беттеринен такыр жоголгондугун Библия дагы күбөлөндүрөт. Эгерде мусулманчылыктын бардык ыйык китептерин жана "Манас" дастанын толугу менен окуп чыксаңыз бул дөөлөттүү Жакыптардын ортосундагы окшоштуктар менен шайкеш келген окуялар мындан дагы көп экендигин көрөсүз.

(*Орус тилинде бул ысым Манасия деп аталат; англис тилинде болсо — Манасси; түрк тилдеринде — Манас. Ал 3500 жыл мурун жашап өткөн. Демек Ыйык Китепке салыштырганда Кыргыз Мамлекеттүүлүгүнө болжол менен 3500 жыл болот)

Кандай деп ойлойсуз, байыркы бир замандарда кыргыз элинин көөнөргүс улуу дастаны, руханий байлыгы жана сырдуу калпагы келип чыгышына ушул ыйык китептер түрткү болуусу мүмкүнбү? Буга жоопту сиз качан башыңызга калпак кийип, мусулмандык парыздарыңызды толугу менен аткара баштаганда гана таба аласыз.

 

Жакыптын Кудайынын үйү

Кудайдын пайгамбарларынын бири мындай деген экен: "Акыркы күндөрү Теңир үйү турган тоо бардык тоолордун башына коюлат, бардык дөбөлөрдөн жогору көтөрүлөт, ага бут элдер агып келет. Көптөгөн элдер келип: "Келгиле, Теңирдин тоосуна чыгып, Жакыптын Кудайынын үйүнө кирели, Ал бизге Өз жолдорун үйрөтөт, ошондо биз Анын жолдору менен жүрөбүз. Анткени Сиондон мыйзам чыгат, Иерусалимден Теңир Сөзү чыгат" — дешет". (Ышайа 2:2,3)

Мен калпактагы төрт кара сызыкты келечекте дүйнөнүн төрт бурчунан чогулуп Теңирдин тоосу менен Жакыптын Кудайынын боз үйүнө* бет алган элдер басуучу жолдорго салыштырганымда абдан толкунданам.

(*Боз үй көп элдерди караңгылыктан жарыкка алып чыгуу үчүн Кудай колдоно турган жашырын сырдуу "Жакыптын Кудайынын үйү" же "Дөөттүн чатырынын" үлгүсү боло аларын ыйык китептерди окугандар оңой эле көрсө болот. Боз үйдүн бардык эмеректеринин маанисин жазып чыгууга кимдир-бирөө бир китебин арнайт деген үмүттөмүн)

 

Тоо чокусундагы үчүнчү жолку Кудайдын курмандыгы

Дүйнөдөгү ири диндердин бардыгында алардын оюнча Кудайды таанып, Ага жага тургандай жолдору бар. Еврейлердин 10 осуяты бар болсо, Теңирчилик* дининде 7 осуят бар. Мусулмандардын 5 парызы бар болсо, христиандардын эки парызы бар. Бирок бул парыздар бизди Кудайга алып келбейт. Тескерисинче, алар биздин Кудайдан канчалык алыс экендигибизди түшүнүүбүзгө өбөлгө түзөт. Сиз дегеле бирөөнүн бир нерсесин эч качан каалабаган еврейди кезиктирдиңиз беле? Же беш ирекет намазын өмүр бою бир дагы күн калтырбай окуган мусулманды көргөнсүзбү? А балким, Кудайды бүт жүрөгү, акыл-эси жана күч-кубаты менен сүйүп, ар бир жакынын өзүн сүйгөндөй сүйгөн христианды жолуктургандырсыз? Мен өз динин кынтыксыз так сактаган адамды бир да жолу көрө элекмин.

(*Бул китепте Теңирчилик дини жөнүндө эскертүү менен мен кыргыздардын исламга чейинки ишенимин айткым келет. Байыркы кыргыздар мусулман болушпаса дагы, алардын сүннөткө олтургузулуп жана Чыныгы Жалгыз Жараткан Кудайга ишенгендерине ишенемин. Мен байыркы кыргыздардын анык бакшылар (шаман) болгондугуна ишене бербейм)

Бардык диндердин осуят-парыздарын окуп олтуруп негизи өзүмдүн пенделик табиятым боюнча мен Кудайдан өтө алыс экенимди түшүндүм. Дал ушундай момундукта болгондо гана мен көктөн (асмандан) келүүчү жардамга муктаж экендигимди түшүнө баштайм. Мен Кыдыр Алейки Саламдын батасына жана менден өткөн ары такыба, ары баалуу козу курмандыгына муктажмын. Такыба болуу, же күнөөлөрүмдөн арылуу далалатында кылган бардык аракетим эч нерсеге арзыбаган "өсүмдүк тартуусу" же "убактылуу жабуу" сыяктуу. Мага ыйык курмандык менен "калпак" сыяктуу жабуу (калканыч) керек.

Менин эрдемсинген жүрөгүмдү Кудайдын осуяттары жибитти да, жоошутту. Мен дагы Ыбрайым өңдөнүп "Кудайдын досу"болуп калган соң Теңир тоосуна назарымды бурдум. Ал тоо чокусунда бардык диндердин адамдарын коргой ала турган башка курмандыкты Кудай Өзү дайындап койгондугун көрдүм*. Ал Өзү менен бирге түлөөнү майрамдоо үчүн бүткүл адамзатты ошол ыйык тоого чакырды.

(*Куран 2:63,64)

 

Теңирдин дасторкону*

(*Куран 5:110-115)

Койду курмандыкка чалуудан кийин дайыма той болот эмеспи. Кудайдын пайгамбарларынын бири мындай деген экен: "...ошондо Себайот Теңир бардык эл учун ушул тоонун үстүндө майлуу тамактардан дасторкон жасайт, таза шараптан, жиликтин чучугунан, эң таза шараптан дасторкон жасайт. Ушул тоонун үстүндө бардык элдерди жаап турган жабууну, бардык уруулардын үстүндө жаткан жабууну жок кылат. Теңир өлүмдү түбөлүккө жок кылат, Кудай-Теңир бардык адамдардын бетиндеги көз жашты аарчыйт, бүт жер .жүзүндөгү Өз элинин маскарачылыгын алып салат, анткени Теңир ушинтип айтып жатат". (Ышайа 25:6-8)

Келиңиз эмесе, Теңирдин тоосуна чыгып, Кудай менен бирге тойлойлу. Ошондо Ал элибизди басып жаткан кара чүмбөттү жулуп ыргытат да бизди Өзүнүн үмүт нуруна бөлөйт.

 

Достуктун тоосу

Кудай көптөгөн пайгамбарлар менен тоо үстүндө жолугушуп, ошол жерден аларга улуу аяндарды берген. Тоолор адамдар Кудай менен кезиге турган жана канткенде алар Кудайдын досу боло алышарын үйрөнө турган жайдай сезилет. Ыбрайым Кудайдын досу болгондугу тууралуу Инжил менен Куранда айтылат. Кээ бир адамдардын айтымында Кудайдын кулдары көп, бирок достору жокко эсе. Азыркы учурда Кудайдын досу болгон кимдир бирөөнү сиз билесизби?

Кудай Өз пайгамбарлары менен тоодо жолугушуп, терең мамилелерди дал ошол тоолордо түзгөнүн калпак ар дайым менин эсимде жаңыртат; Тоолорго чыгып Теңирге сыйынганымда Анын дасторконунун четинде олтуруп Аны менен баарлашып жаткандай сезилет мага.

Кандай деген ойдосуз, Кудай үчүн биз менен Анын ортосундагы тыгыз мамилелерге караганда адамдын түгөнбөгөн иштери жана ар түрдүү диний парыздарды аткаруусу кымбатпы? Өзүңүздүн Кудай менен болгон мамилеңизди өрчүтүп жана Ал сизге эмне деп жаткандыгын кабылдоого сезимтал болууга аракеттениңиз.

 

Эки жол

Чындап келсе эки гана дин, башкача айтканда эки гана жол: өзүңүздүн жолуңуз же Кудайдын жолу; төмөнкү талаанын кеңири жолу же бийик тоонун тар жолу; убактылуу жол же түбөлүктүү жол; жансыз оңой жол же өмүр берүүчү татаал жол; ишеним жолу же ишенбестик жолу бар экендигин эсиңизге бекем тутуңуз. Же сиз адамдын тилине киресиз, же болбосо Кудайга баш ийесиз!

Ар бир адам төмөнкү жолдо төрөлөт. Биз коркунуч менен жалганчылыкка, жарым-жартылай чындыкка негизделген караңгы дүйнөдө тарбияланабыз. Көп адамдар ошол бойдон эле бул учу-кыйры билинбеген каргыштуу жолдон чыга албай кала беришет. Бирок качандыр бир кезде биз бардыгыбыз жолдорубуздун кесилишине келип, жогорудагы Теңир тоосуна алып баруучу негизги жолго назар салабыз. (Бул сиздин жашооңуздагы Кыдыр Алейки Саламга кезиккен учуруңуз). Кимдир бирөө биздин ыпылас дүйнөдөгү көз ирмемдик кумарлардан жүзүн тетири буруп Кудайдын түбөлүктүү тоосуна багыт алат. Падышасы Кудай болгон жогорку элге умтулган Ыбрайым сыяктуу бул элдер дагы дал ошол асман элине кошулууга умтулушат.

Бул эки жол тууралуу Иса пайгамбар мындай деген: "Тар дарбаза аркылуу киргиле. Анткени кең дарбаза менен кең жол өлүмгө алып барат, ал жолдо бараткандар көп. Ал эми тар дарбаза менен тар УКОЛ өмүргө алып барат, ал жолду тапкандар аз" (Матай 7:13,14)

Калпактын төмөнкү бөлүгүн курчаган жазы тилке тынымсыз тегерене чарк айланган кеңири жолду билдирет. Кажетсиз айлампаны айланган мындай кыймыл адамдын эч майнапсыз (пайда-батасы жок) "намазын" билдирет. Калпактын туу чокусуна чейин созулган ичке сызык Теңирдин тоосундагы түбөлүк майрамга алып бара турган кууш жол сыяктанат. Төмөндөгү жолдон суурулуп чыгып адамзаттын бактысынын туу чокусуна чыгууга жетишэрлик деңгээлде Кудайга ишенесизби?

 

Улуу "Курман Айт" майрамы келди

Мен биздин доорго чейин 4000 жыл мурда болуп өткөн биринчи курмандык — Кудайдын курмандык алып келүүсү жана биздин доорго чейин 2000 жыл мурда болуп өткөн Ыбрайымдын курмандыгы тууралуу айткан элем. Жана ошондой эле негизги Үчүнчү Улуу Курмандык жөнүндө кабарлаган байыркы пайгамбарчылыктарды дагы эске салгамын. Ыбрайымдын убагынан орто эсеп менен 2000 жыл өткөндөн кийин тоодо болуп өткөн Үчүнчү Улуу Курмандыктын тарыхый сүрөттөмөсүн ыйык китептерден табууга болот. Дал ушул Үчүнчү Улуу Курмандык бардык башка курмандыктардын максатынын орундалышы болуп саналат. Кудайдын адилет жана каардуу Сотунда адамзат анык ошол "Теңир тоосундагы курмандыктын" барманы (күчү) менен суу үстүндөгү мамыктай калкып, аман калды. Ошондо адамзатка жаңы башат белек кылынып, жаңы доор башталды. Адамзаттын бардык күнөөлөрүн жууп, абийирин толугу менен тазалаган баажеткис эң кымбат кан дал ошол тоодо курман кылынган (төгүлгөн). Анык ошол тоодо биз Кудай менен элдешип, Ал бардык өлкөлөргө, уруу, улуттар жана диндерге арнап даярдаган жайыл дасторкондо Аны менен бирге тойлой алабыз.

Кудайдын адамзатка арнап чалган жеткилең курмандыгы боло турган Кыдыр Алейки Салам бийик тоого назарын салып, ал жерде биздин күнөөлөрүбүз үчүн курмандыкка чалынууга Өз ыктыяры менен моюн сунду. Эбегейсиз көп сандагы адамдарды сооротуп, жардам көрсөткөн колдорго бутпарастардын айкашкан жыгачында мык кагылып, түбөлүк так калды. Кыдыр Алейки Саламдын колдорундагы канталаган терең жаракат менен Ал кадалган айкаш жыгач акыркы Улуу курмандыктын жана Кудайдын акылга сыйбаган ырайымынын белгиси болуп түбөлүккө кала бермекчи. Кудайдын адамзатка болгон чексиз сүйүүсү менен Кыдыр Алейки Саламдын Кудайга момундукта моюн сунуусу Анын колдорунда жана силердин калпагыңарда белги болуп калды*. Ооба, бул ыйык белги кыргыз баш кийиминин туу чокусунда түбөлүккө орун алган.

(*Калпактын төбөсүндөгү Исаны кадаган айкаш жыгач сыяктуу белги калпактын маанилүү бөлүктөрүнүн бири экендигин көпчүлүк кыргыз авторлор дагы эскертишкен)

Кудайдын чыныгы таза динине ишенгендер соттолбой, анткени алар Кудайдын белегин — Кыдыр Алейки Саламды кабыл алышты. Нухтун үй-бүлөсү менен Ыбрайымдын уулу сыяктуу алар дагы Кудай Сотунан сакталып жана түбөлүк бактылуу өмүр белегине ээ болушкан. Ал эми ырайым менен боорукердиктин ушул улуу белегин четке каккандар түбөлүккө өз бактысынан айрылып, жалыны өчпөс отто жандалбастап кыйналышат. Нухтун коңшулары өңдөнүп алар дагы калканычсыз калып, абийирин жабууга эч нерсе таппай калышат. Алардын өзүм билемдик менен жасаган бардык иштери кыйрап жок болот.

Башында калпагы бар адамды кыргыздар эч убакта өлтүрмөк тургай чекеге да чертпеген сыяктуу Кудай дагы Кыдыр Алейки Саламдын курмандыгын жүрөгү менен акыл-эсинде бекем туткан адамды эч качан соттобойт.

 

Муну Куран дагы күбөлөндүрөт

Иса Улуу Соттун белгиси экендигин Куран эмне себептен баса белгилээрин эми түшүнсөк болот. Сиздин Кудай алдында турганыңызды, ал эми шайтан менен анын жин-шайтандары сиздин бардык күнөөлөрүңүздү эске салып жаткандыктарын элестетип көрүңүзчү. Тозокту көздөй бараткан адамдардын кыйкырык-өкүрүгү кулагыңызга угулуп турат дейли. Бир маалда жакын тууганыңыздын тааныш үнү онтоп жиберди. Ал качандыр бир кезде калпактын көктөн түшкөн маанисине көңүл бөлбөй койгон эле. Ал адам ар дайым Кудайдын эмес, адамдын окутуусуна муюп, ошого моюн сунчу. Сиз ал жана ага окшогон бардык сүйүктүү жакындарыңыз жөнүндө кайгырып, өксөп ыйлап жатасыз. Андан соң сиз кетирген бардык күнөөлөр жазылган китеп ачылып сиздин айыбыңызды ашкерелей баштады. Шайтандар сизди өчпөс отко сүйрөп кетүүнү көксөп турушат* . Кудай алдында шайтан сиздин абийирсиз күнөөлөрүңүз жөнүндө эскертип турат. Тозок жалаңдап сизди күтүүдө. Бирок Соттоочу Кудай сиздеги калпактын белгисин көрдү; сиз Кыдыр Алейки Саламга чын дилиңизден ишенип, Аны кабыл алган адам болуп табылдыңыз. Сиз Кыдыр Алейки Саламдын ыйыктыгы менен ырайымын жамынып Жараткан ыйык Кудайдын алдында турасыз. Кудай сизге жылмайып мындай дейт: "Сен туура кылыптырсың. Сен көр дүйнөнү жеңип чыктың. Эми Менин кубанычыма ортоктош бол"** . Качан гана сиз Кудай алдында чөгөлөп, чыңырып ыйлап жана жандүйнөңүздүн тереңинен оргуп чыгып ташкындаган кубанычка ээ боло албай Кудайды даңктаганда гана жүрөгүңүз чыныгы бакыттын даамын татат...***

(*Куран 40:70-72)

(**16 Матай 25:21)

(***2001 жылдын январ айында анык келген өлүмдөн аман калган соң өлүүгө даярмынбы деген суроо мени эзе берчү эле. Мен Кыдыр Алейки Саламдын түбөлүктүү ак батасына толугу менен берилгенимден баштап Анын "калпагынын" такыбалыгы жана төлөнгөн акысы менин жанымды дайым сактаарына ишенем. Кыдыр Алейки Салам мага мени жек көргөндөрдү сүйүүнү жана "таш менен ургандарды аш менен урууну" осуят кылды. Ал менин жалгыз үмүтүм, калканычым, көптөн күткөнүм жана табынарым. Ал менин Асманга жол көрсөтүүчүм. Анын белгиси түбөлүккө менде болот. Иса – жүрөктүн бакыты, Теңир тоосунун байрагы, адамзаттын адалдыгы, Алланын ак батасы, Кудай боз үйүнүн түндүгү, Курман Айттын курмандык козусу, түбөлүк булак, жаңы доор, асмандан түшкөн нан, Манаска ат коюп батасын берген дагы Ошол, ар бир адамга эч болбогондо бир жолу жолугуучу Кыдыр Алейки Салам, түбөлүктүү пайгамбар... Ал ар бир эл жана ар бир адам үчүн асмандан түшкөн калпак)

Кыдыр Алейки Салам дагы бир шордууну тозоктун оозунан жулуп алып, Кудай менен дагы бир адамды элдештирүүгө далалат кылат.

Улуу Сот күнүндө дал ошол адам сиз болуп жүрбөңүз?

 

Иса – Кыдыр Алейки Салам

Кудай Кыдыр Алейки Саламдын жеткилең курмандыгын кабыл тутуп, Аны өлгөндөрдөн тирилтип, көрдөн алып чыкты да Өзү менен бирге асманга олтургузду. Бул чындыкты Куран да, Инжил дагы ырастайт* . Эгерде биз асман тууралуу Жакандын аянын окуп көрсөк, асманда Иса Кыдыр Алейки Саламдын жеткилең саны "7"нин орундалышы катары көрсөтүлгөн. Андан тышкары, Иса жаркырап көз тайгылткан ак кийимчен Кыдыр Алейки Салам катары дагы сүрөттөлөт. Исанын Кыдыр Алейки Салам экендигин түздөн-түз далилдеген дагы көп сүрөттөмөлөр бар**.

(*Куран 3:55)

(**Ыйык китептеги Жакып менен "Манас" дастанындагы бай Жакыптын ортосундагы окшоштуктарды издегендер үчүн "Манас" дастанындагы кыдыр менен Ыйык китептеги кыдырдын ортосундагы окшоштуктарды изилдөө дагы өтө кызыктуу болот. Азыркы учурда бул тууралуу мендеги маалыматтар абдан көп болгондуктан аларды мындай кичинекей китепке батыруу мүмкүн эмес. Бул маселе боюнча Кыргызстандагы окумуштуулардын бири кылдат изилдөөлөрдү өткөрсө деп өтүнөр элем. Кыргыз элине көмөк көргөзө турган дагы бир маселе байыркы замандагы Жакып тукумдары (Израил) атасынын динин саткандыгы үчүн кандай каргыштарга туш болгондугу. Дал ошондой эле каргыштар бүгүнкү күндө кыргыз элин дагы мүңкүрөтүп жатпайбы)

Ал асманда болгонуна карабастан Өзү тирилгенден кийин бир далай адамдарга кезиккен. Кыдыр Алейки Саламдын таанымал белгилеринин бири — Анын колдоруна кагылган мыктардан калган түбөлүк тактар. Өзүнүн күнөм санап турган шакиртине Иса жакын келип, колдорундагы жаракатка ал манжасын салып көрүүсүн сунуш кылгандыгы Инжил китебинде баяндалат (Жакан 20). Исанын колундагы жаракат, адамзат Аны өмүрүнүн акырына чейин Кудайдын эркине моюн сунган Кудайдын Кулу, Машаяк катары таануусуна өбөлгө түзгөн белги*. Иса эң такыба мусулман, Манастын колдоочусу, машаякчылыктын өзөгү жана бардык еврей пайгамбарлары аркылуу айтылган пайгамбарчылыктардын орундалышы. Ал бардык диндердин туу чокусу.

(*Илгертен калган католик сүрөттөрүндө Иса көбүнесе жараланган колдору менен көрсөтүлгөн)

 

Жолоочу жолдош

Ошол эле Инжил китебиндеги башка баянда бир нече жолоочулар Иса Кыдыр Алейки Саламды кезиктиришип, бирок Аны тааныбай койгондуктары айтылат. Качан гана алар Аны үйгө киргизгенден кийин Анын ким экендигин билишти. Бирок Иса көздөн кайым болду (Лука 24). "Манас" дастанындагы Кыдыр дагы көп учурда дал ушундай кылат. Иса бир айылдан экинчи айылды кыдырып жүрүп адамдарга Өзүнүн ак батасын, ырыскысын төккөнү жөнүндө Инжил менен Куран абдан көп мисалдарды келтирет. Мындай айылдардын кийинки келечеги алардын Кыдыр Алейки Саламды кандай тосуп аларына тыгыз байланыштуу (Матай 11:20-30).

Эмне себептен Иерусалимде мынча көп согуштар болгондугу тууралуу сизде суроо туулду беле? Луканын Жакшы Кабарындагы 19:28-44-аяттарда Кыдыр Алейки Саламдын эшек минип Иерусалимге киргендиги баяндалат. Аны иудейлер кабыл алышты беле? Кандай деп ойлойсуз, бүгүнкү күндө Кыдыр Алейки Салам Исаны Ооганстанда, Тажикстанда же Чеченстанда кабыл алып жатышабы? Мүмкүн, ал өлкөлөрдөгү кыргын-согуштар алардын казиреттүү Кыдыр Алейки Салам Исаны кабыл албай койгондуктарына байланыштуу болуп жүрбөсүн? Тынчтыктын пайгамбарын кабыл албай четке кагуу менен алар ар бир такыба мусулмандын намысын козгоп жатышпасын? Эки миң жыл мурун Иерусалимде, отуз беш жыл бою Ооганстанда болуп өткөндөй эле түшүнүгү чектелген караңгы динге курулай ураан чакыруу азыркы күндөгү Кыргызстанда да башталып жаткан жокпу? Ала-Тоонун ак карлуу чокусуна "чыгуучу убакыт" азыр бышып жеттиби? Тынчтыктын (салам)* пайгамбарынын суроосуна сиздин жообуңуз кандай?

(*Исага ишенбегендерди келечекте Кудай эмне кылары жөнүндө Куран менен Инжилден кунт коюп окуп чыгыңыз)

Кыргыздар, силер уюткулуу улуу элдин тукумусуңар, менин силерден өтүнөрүм: жакшылыкка умтулган мыктылардан болуп, эркин куштай эргип учкула. Байыркы бабаларыңардын намысын коргоп, азыркы дүйнөдөгү касташкан жоолордун жарашуусуна эгедер болгула. Ошондо гана силер бүгүнкү күндүн анык асылзат такыба мусулмандары болосуздар.

"Жолуңар шыдыр болсун, жолдошуңар Кыдыр болсун"

 

Тоодогу Кыдыр Алейки Салам

Айкашкан жыгачка кадалардан мурда Кыдыр Алейки Салам Иса көп иштерди тоо үстүндө бүтүргөн. Манас сыяктуу Ал дагы тоо үстүндө сыйынган (Матай 14). Өзүн ээрчиген миңдеген адамдарды Иса тоо үстүндө нанга тойгузган (Жакан 6). Андан сырткары, Иса тоо үстүнөн Кудайдын ыйык шарияттары жана Анын адамзат үчүн болгон баштапкы максаттары жөнүндө окуткан (Матай 5-7). Тилекке каршы, биз өзүбүздү Адам, Нух жана Ыбрайым аталарыбыздын бузулган тукумдарындай алып жүрөбүз. Биз Кудайдын тоодогу чакырылган "тоюнан" качып, ойдогу адамзаттын таштандысына шашабыз. Биз Кыдыр Алейки Саламдын чакырыгына назар салбастан, адамзаттын бузулган митайым окутуулары менен диндерине жармашабыз. Андай жоктон чыга калган секталар тоолордун, калпактын жана ыйык курмандыктын маанисин түшүнө алышпайт. Анысы аз келгенсип алар Кудайдын кызматчысына жалаа жаап, башка адамдардын ыйык китептерди окуусуна жана Кыдыр Алейки Саламга жолугуусуна тоскоолдук кылууга жанталашат. Алардын мындай караңгы иштери калпактын аппак кардай болгон "тоолуу" бөлүгүнө карама-каршы турган эң ылдыйкы бөлүгүндөгү кара тилке менен белгиленген.

 

Тоодогу ак кийимчен Кыдыр Алейки Салам

Кыдыр Алейки Салам Иса дагы бир ирет тоого чыгып, Өзүнүн чыныгы табиятын көрсөткөн:

"Алты кун өткөндөн кийин Иса Петирди, Жакып менен Жаканды ээрчитип, бир бийик тоого чыкты. Ошол жерде алардын көз алдында Исанын көрүнүшү өзгөрүлдү. Анын кийимдери жаркырап, кардай аппак болуп калды. Жер бетинде эч бир кездеме агартуучу андай агарта албас эле. Анан аларга Илияс менен Муса көрүндү, алар Иса менен сүйлөшүштү. Ошондо Петир Исага: "Устат, бул жерде болгонубуз жакшы экен. Үч алачык тургузалы: Сага бирди, Мусага бирди, Илияска бирди" — деди. Анткени ал эмне деп айтарын билбей калды, себеби аларды коркунуч баскан эле.

Ошондо булут пайда болуп, аларды каптап калды. Анан булут ичинен "Бул Менин сүйүктүү Уулум, Аны уккула" деген үн чыкты. Ошол замат шакирттер эки жагын карап, Исадан башка эч кимди көрүшкөн жок (Марк 9:2-8). Теңирдин тоосуна назарын салгандар Исанын анык ким экендигин көрүп жана Кудайдын үнүн уга алышат. Ал эми адамды артка тарткан пенделик диндерден башы чыкпай жүргөндөр эч убакта Кудайдын үнүн тааный алышпайт. Ошондой эле ири шаарлардагы ар түрдүү тынымсыз добуштар, намазга чакыруу менен бирге эле чиркөөнүн коңгуроолорунун чакырыгы аралашкан баш аламан кым-кууттун арасында Кудай үнүн таануу оңой эмес. Сиз Кыдыр Алейки Саламды жан-дилиңиз менен издеп жана Анын үнүн угууну эңсейсизби?

 

Анык башчыңарды урматтагыла

Кыргыздар калпакты урматташат. Алар аны жерге койбостон, ардактуу орунга коюшат. Жада калса уктаар алдында да калпакты эч убакта бут жагына коюшпайт. Калпакка кылган мындай мамиле адамзаттын башчысына биз кандай мамиле кылуубуз керектигинин белгиси. Тилекке каршы, еврейлердин башчылары

Кыдыр Алейки Саламды урматташпаган. Алар Ага чыккынчылык кылышып, Аны каапырлардын колуна салып беришкен жана карапайым элди Ага каршы тукурушкан. Мунун жыйынтыгында калайык калк: "Аны айкаш жыгачка када! Аны айкаш жыгачка када!"— деп кыйкырышты. Бүгүнкү күндө дагы коомдогу айрым жетекчилер буга окшош иштерди кылып жатышат. Адамдын кылмышкер уулу Кабыл өңдөнүп алар дагы Кудайга жалган жол менен, башкача айтканда, өзүм билемдик менен табынууга аракеттенишүүдө. Мындай башкаруучулар адамзаттын Башчысын кабыл албай, Ага каапыр деген ат коюп, жүрөгүндө кара жок карапайым жумурай журтту Ага каршы тукуруп жатышат. Мүмкүн сиз дагы ошол чакчаңдаган куру кыйкырык диний окутуучулардан коркуп, Кыдыр Алейки Саламга жолугуудан оолактап, Аны чоочун катары кабылдап жатсаңыз керек. Мен сиздин акыбалыңызды жакшы түшүнөм; анткени өзүм дагы мындай кооптуу акыбалда болуп көргөм. Бирок эч коркпоңуз* , алданып калбаңыз. Ата-бабаларыңыз табынып келген улуу пайгамбардан баш тартпаңыз жана өз Башчыңызга кыянаттык кылбаңыз. Анткени дал ушул кемчиликтер Кыргызстандагы азаптардын, тартипсиздиктин жана караңгылыктын себеби болуп жатпайбы.

(*Лука 12:4-7)

 

Бардык диндердин туу чокусу

Салыштырып айтканда, калпактын боорундагы төрт кара сызык өйдө карай жүрүп олтуруп так төбөсүндө бириккен сымалы дүйнөдөгү монотеисттик улуу төрт дин дагы акыры жүрүп Теңир тоонун чокусунда биригүүсү керек*. Муса менен Дөөттүн "Эгеси", Манас менен Жакыптын "Көк Теңири", Мухаммед менен Аалынын "Алласы" Пабыл менен Петирдин "Асмандагы Атасы" акыры жүрүп олтуруп Теңир тоодогу Кыдыр Алейки Саламга алып келет окшобойбу.

(*Куран 5:48. Такыбалыктын анык жеткилең үлгүсүн Иса тоодогу окутуусунда бергендигин эстеңизчи. Инжил — Матай 5-7)

Ар бир эл жана ар бир ири дин Кыдыр Алейки Салам жөнүндө билет. Иудейлер Аны "Машаях" же "Дөөттүн тукуму" деп аташса, кыргыз элинин теңирчилик дининде Аны "Машаяк"* дешет. Христиан дининде — "Массия" же "Христос" дешсе, исламда — "Месих" деп чакырышат. Машаяктын урматын жеке эле дүйнөдөгү монотеисттик ушул улуу төрт дин моюнга албастан мусулманчылыктын диний төрт китеби дагы Анын асмандагы кадыры жөнүндө күбөлөндүрөт. Ал Тоораттагы "Жакыптын бардык элдерге ак бата алып келе турган тукуму", Забур китебинде убада кылынган "Түбөлүктүү динбашчы жана Падыша", Инжилден мурас калган "Тирүү суу" жана Куранда айтылган "Ырайым". Ал Машаяк. Кыдыр Алейки Саламдын улуктугун Теңир тоонун туу чокусуна – кыдырга багытталган төрт жолду сүрөттөгөн калпактагы сүрөт дагы ырастайт.

(*Кыргыздын карыялары "Машаякты" улуу колбашчы же акылман жана күчтүү падыша катары элестетишерин байкадым. Мындай элестетүү Иса Машаяктын акыр заманда келүүсү тууралуу пайгамбарчылыктарга шайкеш келет. Мындай көз караш боюнча, Кыдыр сезимтал айыктыруучу, бардыгына жакшылык гана кылган боорукер. Бул так эле Кыдыр Алейки Салам Исанын өмүр баяны менен кереметтерине шайкеш келет. Ыйык китептердин айтымында, Машаяк дагы, Кыдыр Алейки Салам дагы — бул бир эле адам. Ал Алланын кызматчыларын ырайым жолунда жетелеп, ал эми акыркы күнү бардык душмандарын жок кылат)

 

Булак

Кыдыр Алейки Салам түбөлүк өмүрдүн булагынан (мүрөктүн суусунан) ичкендиктен эми түбөлүк жашап калгандыгы жөнүндө кыргыздын уламышы бар. Ага келип Ага ишенген ар бир адамга Ал ак батасын берип, ошол түбөлүк өмүрдү тартуулайт. Бул тууралуу Кудай Сөзүндө: "...ал адамдын ичинен өмүрдүн тирүү суулары дайра болуп агат" деп айтылат. Мөлтүр тунук булак сымал калпактын төбөсүндөгү так ортодон ылдый суналып түшүп турган чогу көктөн түшкөн убада менен түбөлүктүү чындыкты, башкача айтканда Кыдыр Алейки Салам Исаны билдирет*. Качан бардык элдер дүйнөнүн төрт бурчунан чогулуп Теңирдин тоосундагы тойго келгенде түбөлүк өмүрдүн анык булагынан ичкендиктерине ынанышат. Алардын арасында мындай сууну эч качан көрбөгөн, чөлдүү жерлерден келгендер дагы болмокчу**. Аларга сиздин жардамыңыз керек болот.

(*Булак Инжил менен Курандын айтымында бизди чындыкка жетектөөчү катары берилген Ыйык Рухту билдирет (Ышайа 44:3). Кудай Сөзүндөгү аяттарды окуп баштардан мурда сизди Өзүнүн Ыйык Руху менен жетектөөсүн Жараткандан тиленип сыйынууңузду мен кеңеш кылат элем)

(**Матай 10:42)

 

Диний бөлүнүүлөр

"Түздүктүн" дининен биз адамдын аракеттерин даңазалап жана кыдырдын мактоосуна татыктуу кыла турган имиш далай осуят-парыздарды уксак болот. Биз Кыдыр Алейки Салам Иса жөнүндөгү түшүнүгүбүздү арзыбаган деңгээлде (мисалы, иконалар же башка пайгамбарлар деңгээлинде) сактаганга топук кылып, ал эми Анын Өзүнө кулак салуунун зарылдыгын этибар албайбыз. Кыдыр Алейки Салам менен Анын окутуусу жөнүндөгү жаңылыштыктар бардык диндердин дал ошол төмөнкү деңгээлинде келип чыккан. Мына ошол жаңылыштыктардан жаралган калп адамдардын "ой-талааларынын" талаш-тартышына, бөлүнүп-жарылуусуна себеп болуп, акыры жүрүп диний согуштардын өзөгү болгон караңгылыкка алып келет. Кардай таза туу чокудан алыстай баштаганда биз башка элдер менен диндерди алардын "бир кызыктай" салттары же биздин "намазыбызга" (жолубузга) окшобогон "арам" (таза эмес) жүрүм-туруму үчүн оңой эле соттоп баштообуз мүмкүн.

Башкаларды соттоочу мындай көзкараш калпактын төбөсүндөгү сызыктар ылдыйлаган сайын бири-биринен да, Кыдыр Алейки Саламдан да алыстаганы менен сүрөттөлгөн*. Исадан канчалык алыстаган сайын биз бири-бирибизден дагы ошончолук алыстагандыктан биздин дүйнө бытыранды болуп чачырап жатат.

(*Куран 2:35-36)

Бирок Теңир тоодогу ар бир эл үчүн эшиги ачык турган Жакыптын Кудайынын боз үйүндө бардыгы толугу менен өзгөрөт. Биз Анын ырайымына жана бизге болгон сүйүүсүнө ушунчалык толгондуктан башкаларды соттоого жарабайбыз. Теңир тоосунда биз Кудайдан кабыл алган сүйүү менен кечирим башкаларды кечирип жана камкордук көрүүдө бизге көмөктөшөт* . Биздин көз карашыбыз дал ошол туу чокудан өзгөрөт жана ошондо гана биз айланабызга кыраакылык менен карай алабыз. Ошондо гана биз диндин туу чокусуна, бардык пайгамбарлардын Машаягына, түбөлүк ыйыкка келип, башка дин, маданият жана элдердин мыкты сапаттарын көрүп баалай алабыз:

(*Тоораттагы Манастын ысмы "унутууну" же "кечирүүнү" билдирери эсиңиздедир. Манастын акыркы ак батасы дал ушул жерде, Кудайдын тоосунда орундалып... бардыгыбыз таарынычтарыбыздын баарын унутуп, бири-бирибизди чын жүрөктөн тосуп аларыбыз кандай керемет!)

Бардык диндерге таандык болгон жалгыз бир гана пайгамбарда көптөгөн жолдор биригип* ал эми кыргындуу согуштар токтойт. "Карышкыр менен козу бирге жайылат, арстан өгүздөй болуп саман жейт, ал эми жыландын тамагы топурак болот. Алар Менин ыйыктоомдун эч бирине зыян келтирбейт, жамандык кылбайт, — дейт Теңир"**.

(*Куран 21:91-92; Инжил — Ефесалыктарга 2)

(**Ышайа 65:25)

Силер кыргыздар, Теңирдин тоосуна келип, жер бетиндеги өзүңөрдүн элдештирүү ишиңерди аткарсаңар кандай сонун болор эле!

 

Жалгыз бир гана осуят (парыз)

Биздин диний окутуучуларыбыз диндерге уламдан-улам жаңы эрежелер менен мыйзамдарды кошкон сайын биз ансыз деле түйшүгү көп жашообузда бардык диний салттарды жана ырым-жырымдарды так аткарууга кара жанды карч урабыз. Ал эми тоо чокусунан бизди чакырган үнгө болсо назар салбайбыз. Бардык диндер, түрдүү мыйзамдар, парыздар жана диний окутууларды жыйыштырып туруп, тоодон угулган бул жалгыз бир гана кеңеш сөзгө салуу керек.

Ошондо булут пайда болуп, аларды каптап калды. Анан булут ичинен "Бул Менин сүйүктүү Уулум, Аны уккула" деген ун чыкты. Ошол замат шакирттер эки жагын карап, Исадан башка эч кимди көрүшкөн жок (Марк 9:7-8)*.

(*Араб тилиндеги "уул" деген сөз бир жактуу мааниде болуп, жыныстык катнаштардын катышуусун билдирет. Ошондуктан Исаны "Кудайдын Уулу" катары кабыл алуу алар үчүн өтө кыйын. Кыргыздарда "ата" жана "уул" деген сөздөрдүн мааниси кеңири болгондуктан бул эч кандай кыйынчылык туудурбайт. Иса жыныстык катнаштын эмес, Кудайдын Руху (Деми) кыздыгы бар кызга түшүүсүнүн жыйынтыгында бойго бүткөндүгүн Куран ачык далилдейт)

Кудай сизден диниңизди алмаштырууну талап кылбаганына көңүл бурсаңыз. Ал тек гана сиз өз диниңиздин туу чокусуна жетүүңүздү жана ал жерде турган Тынчтыктын пайгамбарына назар салууңузду тилейт.

Сиз жогорудан угулган ушул ыйык үнгө назарыңызды бурасызбы же айланаңыздагы ар түрдүү маанисиз добуштарга кулак төшөйсүзбү?

 

Элдерге берген ак бата

Жакыптын китеби менин Кудайсыз ата-бабаларымдын колуна тийип, алар аны окуп чыгып жана Жакыптын Кудайына ишенип калышкандары эсиңиздеби? Ал китепте Кудайдын Жакыпка берген батасы жазылган: "Сенин тукумуң аркылуу бүткүл элдер батага ээ болушат". Качан менин каапыр элим кандайдыр бир жол менен силердин ата-бабаларыңардын Кудайына ишенип калганда ошол ак батанын бир бөлүгү менин элиме белек кылынган экен. Азыркы учурга чейин деле элимдин арасында ар түрдүү бутпарастык салттар сакталып келет. Буга карабастан Кудай аларды бардык өлкөлөрдөн келген бей-бечараларга түнөк берип, камкордук көргөзүп жана экономикалык жардам берүү үчүн колдонуп жатат. Бирок эң алгач бул ак бата менин караңгы ата-бабаларыма эмес, Жакыптын тукумуна берилген.

 

Жазмыш

Силер мусулман элисиңер жана еврей Жакыптын тукуму болушуңар мүмкүн. Силердин калпакта жана "Манас" дастаныңарда еврей пайгамбарларынын тарых-таржымалы жана сырлары жашырылган. Силердин тоолуу мамлекетиңердин аймагында чачыранды орун алган жүздөгөн байыркы христиан эстеликтери бар. А түгүл, Исанын шакирти Матай дагы өмүрүнүн акыркы жылдарын ушул Ысык-Көл аймагында жашап өткөн дешет. Силердин тоолуу аймагыңардын бири "Теңир тоо" деп аталат; силердин боз үйүңөр "Жакыптын Кудайынын үйүн" жана "бардык элдер үчүн үйдү" элестетет. Кудайдын чыныгы динин жана адам ар дайым чыгып жүрүүсү керек болгон "чокуларды" билдирген ыйык калпагыңар да бар. Силер ыйык китептерди эркин изилдеп, илим-билимиңерди арбыта аласыңар. Ал эми көптөгөн башка өлкөлөрдө муну кылууга эки жүздүү диний жетекчилер тыюу салып коюшкан. Мен бул китепти жазганда президентиңер жылды "Туризмдин жылы" деп атап, өлкөңөрдүн эшиктерин башка элдер үчүн кенен ачты*. Той өткөргөн жагынан го силер бул дүйнөдө эч бир элди алдыңарга чыгарбайт эмессиңерби. Улуу курмандыктан берки 2000 жылды Кудай силерге эмне үчүн берди? Мүмкүн Ал силерди жер бетиндеги касташкан элдерди Ала-Тоодо элдештирүүгө чакырып жатпасын? "Теңир тоо" чындыгында эле еврейлер, христиандар жана мусулмандар биргелешип кеп-кеңешке келүүчү жерби? Бул мындай боло турган болсо атаганат, анда Ала-тоо өз милдетин аткарганы жана Жакыптын тукумуна берилген убаданын орундалышы болбос беле! Өзүңөрдүн "кенчиңерди" ага зар болгондордон жашырбагыла да силерге тапшырылган тагдыр жазмышын так орундаткыла**. Силер тек гана Орто Азиядагы "Швейцария" болуп тим болбостон, мусапырларга жай берип жана аларды калкалап ала турган күчтүү эл болууңар керек. Ар бир адам силерге келгенде Кудай жолуна үйрөнүп, жүрөгүнө тынчтык табуу менен бирге жаңы өмүргө ээ болуп кеткидей болушун тилейм. Кагылайын кыргыз боордошторум, улуу тоонун туу чокусунан жаңырып жаткан Кудай үнүнө назарыңарды салып жана силер үчүн Ал даярдаган ак батага ээ болууңарды көптөн-көп суранам.

(*Качан согушуп жаткан өлкөлөрдөн Кыргызстанга качкындар келгенде алардын арасында согуштан башка эч нерсени көрбөгөндөр болуусу мүмкүн. Дал ошондой адамдарды силер тынчтык менен чындыкка үйрөтүүңөр керек. Мен аларга эң алгач калпак кийгизип туруп, андан соң такыбалыкка үйрөтүүнү сунуш кылар элем. Мисалы, сизге Ооганстандан качкындар келди дейли. Сиз аларга мусулмандар Тоорат, Забур менен Инжилди окуусу, Исага жана башка пайгамбарларга ишенүүсү керектиги тууралуу айткан Курандын жүздөгөн аяттарын көрсөтсөңүз болот. Андан сырткары, сиз аларга Кудайдын бардык китептерине ишенбеген адамдар кандай каргышка калары жөнүндөгү Курандын аяттарын көрсөтүңүз. Ошондо алар өз элинин эмне себептен азап чегип жатканын түшүнүп, бардык кыйынчылыктарында башкаларды күнөөлөгөндү токтотушат. Андан соң, бардык ыйык китептер жөнүндө тарыхый жана илимий маалыматтар менен тааныштырыңыз. Качан сиз Кыдыр Алейки Салам менен Инжил тууралуу баяндап бергениңизде алар "таш менен урганды аш менен уруу" керектигин түшүнүшөт. Алар кечиримдүү болуп, момундукка жана Кудай жолунда жүрүүгө үйрөнүшөт. Акыры алар чыныгы мусулмандар болушат. Ошондо Теңир тоодон төгүлгөн Кудай ырыскысы бүтүндөй Орто Азияны эле эмес, бүткүл дүйнөнү дагы каптайт)

(**Инжил — Матай 5:5-9)

 

Корутунду сөз

Кудайга жага турган жашоо менен жашоону көп эле адамдар каалайт. Алар Кудай менен адамдын ортосундагы болгон тарыхый байланыштардын бир бөлүгү болуп, түбөлүктө Аны менен бирге бактылуу болууну эңсешет. Мындай адамдар ата-бабаларынын чакырыгына жетеленип, элинин бактысына эгедер болушат. Алар ар дайым ак батага жана түбөлүктүү Кыдыр Алейки Саламдын бактысына чөмүлүп жашашмакчы. Алар деле Теңир тоосунда болуучу Кудайдын тоюндагы жайыл дасторконго ар башка диндерден жана ар түрдүү тагдырлардан чакырылган.

Кудайдын бул меймандары (достору) өзүлөрүнүн диндери же албан-албан иштери менен таанылбастан баштарындагы белгилери менен таанылмакчы. Ал белги Адам атанын тукумдары үчүн Кудай Өзү берген түбөлүктүү курмандык аркылуу алынган такыбалыктын белгиси*.

(*Инжил — Аян 7:3)

Келгиле кыргыз бооордошторум, Кыдыр Алейки Саламга жолдош бололу! Ошондо гана Кудай бизди Кыдыр Алейки Саламдын түбөлүктүү такыбалыгы менен калкалайт.

Ниетиң аппак болсун
    Башыңда калпак болсун
    Жолуң шыдыр болсун
    Жолдошуң Кыдыр болсун!
    Оомийин!

 

© Рысбек, 2006. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 9961