Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия / Мифтер, уламыштар, дастандар
© Иманалиев К., 2008. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 13-июлу

Каныбек ИМАНАЛИЕВ

Каганат

«Кыргызга деген кырк сөз»

(...Таш жазуудан үзүндүлөр...)

Байыркы Манас дастанына чейинки эң туңгуч кыргыз жазмаларын элестетип, көңкү Энесай тилинде ыргакталган жана кыргыз улутунун шондогу нарк-салт, салт-санаасын өзүнө сиңирип, ал доордогу коом жана мамлекет куруу эрежелерин камтыган бул көркөм-публицистикалык чыгарма кыргыздын кырк касиетин белгилеп, өзүнчө бир насаатнаме (трактат) иретинде берилгендиги менен өзгөчө айырмаланат. Кыргыз элибиздин өткөнүнө, бүгүнкүсүнө жана келечегине кайдыгер карабаган ар бир инсандын жүрөгүнөн түнөк табаары шексиз.

Иманалиев Каныбек. Каганат. “Кыргызга деген кырк сөз. (...Таш жазуудан үзүндүлөр...)”. Сүрөтчүсү Р.А. Исаков. – Б:. Бийиктик, 2008. – 84 б. китебинен алынды

УДК 821.51
ББК 84 Ки 7-4
И50
ISBN 978-9967-13-464-5
И 4702300100–08

Нускасы 1000 даана

 

Оболу

Бул сөз кайда, качан айтылганы табышмак. Окустан колубузга тийди. Али ачыла элек табышмак...
Алтай, Хакас, Монгол тараптагы чааташ жазууларынын кыргызча көчүрмөсү шекилди.
Баамдап көрүп, балким Манаска чейинки кыргыздын Ыйык табылгасы ушу болгой деп ой кубаладык. Не болсо да кыргыз тагдырына, рухуна жана эртеңине күйгөн кыргыз бар экен деп тамшандык.
Ким жазганын ким билсин...
Бир билгеним... кыргыз ууздай уютуп, кыттай кыйытып айткан эмеспи.
Бир билгеним... бу сөздү кыргыз баласы ичинен кан өтүп, жүрөгү сыздап, жүлүнү муздап турганда айткан бейм...
Балким өз ичинен өрт чыгып, өз кыргыздан жат чыгып, улуу туусу жыгылып, азаттыктан ажырап, бармагын жара чайнап отурганда зар какшаган үнүм элге жеткей эле депташка чегипжазган чыгар...
Аттигиниң, кыргыз азаттык үчүн миң өлүп, миң тирилбедиби!
... Бел-белесте удургуп, белде калган ушул сөз.
... Каган өлүп, калк өлүп, элде калган ушул сөз.
... Куюн учуп, таш өлүп, чөлдө калган ушул сөз.
... Каз өрдөгү атылып, көлдө калган ушул сөз.
Тыңшап көрүң, миң жыл илгери дүйнө дүңгүрөткөн Улуу Кыргыз каганатынын дүбүртү угулаар бекен...
Каның кыргыз, жаның кыргыз, наркың кыргыз, эркиң кыргыз экени чын болсо шу үндү жүрөгүң менен тыңдаарсың .
... Бул сөз коргонордо чеп болуп берээр.
... Жоо менен алышсаң өрт болуп жанып берсе...
... Бийикке учам десең сабалаган канат болуп бергей эле.
... Татаал жолдо астыңа күлүк болупбербей онан...
Кырк уруу, кырк уук кыргыз каганатынын түндүгүн көтөрөм десең кереге болупжайылаар, чиркин...
Жолоочу! Сен сыңары тирүүлүктө баарыбыз жолдобуз. Атыңдын башын буруп, береги ташка, жүрөккө чегилген сөздөргө көңүл бөлсөң... Өзүңдүн ким экениңди эстейсиң, сага күч, дем берет. Атың да шайдоот басат. Жол тез арбыйт. Сен узак жолду жеңил-желпи, шыбагалуу, көңүлүң көтөрүңкү басып өтөсүң.
Жолоочу, эмесе жолуң жолдуу болзын!
Күн менен жерди, ай менен сууну көргөндөн кала элекпиз го.
Кыргыз экениме моокум канбай келем...
Кыргыз жеринин сулуулугуна тойбой келем...
Булагына дайым чаңкап келем...
Сенде төрөлүш кандай бакыт.
Сен үчүн жан берүү да өлүм эмес го...
Таштар сүйлөйт, эшитиң .
Ташты тыңда, ал кумга айланып кете элегинде...
Анда эмесе жолго аттаналы. Байкаңар...
Күлүгүң арыбас болзын.
Кыргызым, өзүң да арыбаң!
Азаттык биздики!

 

I

Көкө Теңир

Береги тоонун туу чокусуна чыгып, алдыбызга ак курут жайып, Теңирге тайыныптурбуз... Тоолор.. булуттар, ...суулар. Башка эч нерсе.
Теңир -жаратканга кеткен жападан жалгыз аяк жолубуз. Бештин айында жумурай журтту чогултуп Көк Теңирге арнап аксарыбашыл айтып, арча түтөттүк.
Теңирге сыйындык, улуулукка сыйындык.
...Теңирге сыйынганыбыз — ыйыктыкка тайынганыбыз.
...Теңирге сыйынганыбыз — арууланганыбыз.
...Теңирге сыйынганыбыз — Ата-бабалардын арбагына табынганыбыз.
Оо, зоболосу зор Теңир, телегейди тең жалгаң, жерди жалгаң, элди жалгаң!
Улук тоолор уңшупулубаса экен...
Кичик тоолор муңуп муңдабаса экен...
Башыбыз бөөдө маң болбозын...
Бутубуз жөөдө чаң болбозын...
Оң маңдайдан Күн чыгат...
Сол маңдайдан Ай чыгат...
Ай толот. Кайра кемийт.
Күн чыгат. Ал да кемийт...
Теңирим гана эч кебелбей өз ордунда...
Күндөн да, айдан да, жылдыздан да Теңирим бийик турат.
Кагандан калыстык кетпесин... Баарыга Теңирим гана жалгыз күбө.
Тетири жүргөндү Теңирим сүйбөйт.
Теңир бизди көрүп, угуп, сезип, сынап тургай.
Теңирди тааный билсең жан-боюңа ырыс-кешик ыроолойт.
...Теңир гана ташбоорду боорукер этет.
...Коркогун жоокер кылат.
...Жалкоого эмгек, жалгызга ынак табат.
...Бузукунун тилин тыйат.
Теңир гана аталардын бабасы,
бабалардын кубары.
Теңир чындыктын дал өзү эмеспи.
Биз табынып бүтөрүбүз менен ак
жамгыр төктү. Алтын жамгыр экен!
Арууландык.
Теңир менен ынак болсоң, жаман
ойдон алыс болгонуң ийги.
Атпай журтка тынчтык бере көр!
Теңирге жалган айтпаң!
Кесир сүйлөбөң!
Акаарат келтирбең!
Теңирдин бары анык эмей...

***

 

II

Умай эне

Илгертен улук Теңирден кийин ыйык Умай энеге табынабыз.
Умай эне уул төрөдү. Бала бакырып көз жарды. Ымыркайдын киндигин кесип, сары май оозантты. Түн баласы кирпик какпай бапестеди.
Умай эненин эмчегинен сүт акканда эгинден мол түшүм болду.
Кызырдуу Умай эне ооруганды айыктырды.
Оң эмчегин өз уулуна берди. Ак уузун тең бөлдү. Сол эмчегин жетимге эмизди. Ак сүтү түгөнбөдү. Оны эмген ымыркай эми баатыр болду. Жараланган жоокерди ак сүтү менен эмдеп, өлүмдөн куткарганын көргөн эдик.
...Умай эненин ак сүтүн баарыбыз таттык. Саган да жетти.
...Умай эне мазак сөз укпады. Бөкпөдү. Өчпөдү.
Уулдары жоодо жүргөндө эненин эмчеги сыздады.
...Умай эне сайма түрлөнттү .
...Умай эне алпейим, айжаркын, ай чырай, ак элечек эди.
...Умай эне каралдым, ... чырагым,
... кулунум депмаңдайыбыздан сылады.
Жоодон жараланып жаным кыйналганда энемди эстедим.
Мээрими күндөй ысык эди. Көк асмандай кең, жердей көтөрүмдүү, дарамети зор эди. Теңирдей айкөл, акыйкат эди.
Жети аркар жылдыз Алтын казык жылдызды айланып жаркыраптурган болчу...
Табылгы гүлдөгөн учурда улук Умай энеден ажырадык.
Кан жутуп, ичибизден зил өтүп турдук го.
Баарыбыз таштай муздаптурдук. Жаш менен кан аралаш жерге тамчылады. Кабыргабыз кайышты. Жер майышты шонда.
Умай эне көмүлгөн жерден жылкычы чымчык учупчыкты.
Ыйык Умай энебиз өлбөптүр, ал түбөлүккө кайып болуптур.
Умай эненин жай ташы күн батышта. Ол жакты күнд ө карап умтулам.
Күн чыгат. Умай энени эстейм...
Күн чаңкаят. Умай энени эстейм...
Күн батат. Умай энени эстейм.
Күндө тийген күнүм эди!
Эне сүтүн унутпаң!
Эне сүтүн актаң!
Эне сүтүн сыйлаң!
Жылкычы чымчыкка таш ыргытпаң!
Энеден ыйык эмнебиз бар.

***

 

III

Сөз

Каган сөз төркүнүн балкып, муюп укту.
Күркөр жылдыз Көктө жайнайт.
Унчукпады. Сөз сыйлады. Сөз кагандан да улук экенин туйду.
Сөз сөз баккан жээрде чач карыя айтты. Каган сөзүн бөлбөдү.
Сөз улук да.
Купуя сыр айтылды.
Ар бир сөздүн куну бар. Жел сөз болбоду. Төкпөй-чачпай айтылды.
Күлүк жоготуп таптык. Сөз жоготуп таба албадык.
Сөз нугунан чыкпады. Айткан да байгер болгой, уккан да байгер болгой.
Таамай айтылды, так айтылды. Айтканы эм болду.
Чындыгынан жазган жок.
Кан чыгарбай баш кесилди сөз менен.
Кылыч чаппай жоо кетилди сөз менен.
... Сөз нарктуу болду. Терең болду. Терме болду.
... Санат болду. Накыл болду. Аруу болду.
... Астейдил айтылды... Кээде кыйытыпайтылды.
Бирде уютуп айтылды.
... Кыраакы сөз болду... Бүркүттөй тээ алдыны көргөн.
... Керемет сөз болду... Кээсине керээз сөз болду.
... Ырыс-кешиктүү сөз болду...
Баарыбызга бата сөз болду.
...Чеченибиз кызыпайтты, кээде сызыпайтты.
...Чоркок үзүпайтмак
... Чогоол бузупайтмак
Сөз бүткөндө тарадык. Ашык, арам сөз болбоду.
Сөзгө кумар канбады.
Сөз ойду байытты.
Сөз көңүлдү сергитти.
Сөз жан дүйнөнү жаркытты.
Чечен өлөт, сөз калат...
Ырчы өлөт, сөз калат...
Баатыр өлөт, даңк сөз калат.
...Сөз өлбөйт экен да.
Сөздү көмө албайт экен да. Мыкты сөз калзын.
Ымыркай төрөлөт, бешик ыры ырдалат, сөз айтылат.
Теңин сүйөт, арзуу сөзү арналат.
Киши өлөт, кошок коштойт арман салып.
Оо, айтылбай калган сөз төрөлбөй калган ымыркайдай...
Киши жашоосу болгону бир сап сөз экен го...
Бул жарыкта аккан суудай,
Айкаштагы чуудай,
Төгүлгөн кумдай бардыгы өтөт да кетет экен го...
Сөз гана калат. Сөз өзөнү гана ...
Жарык сөз өчпөзын! Сөз тозпозын!
Баба керээзи — сөз кунун барктаң! Аздектең!
Салт-наркты сактаң!
Ооз кесир сүйлөбөң!
Таңда жаман айтпаң!
Ачууга алдырбаң!

***

 

IV

Биримдик

Илгери бир атанын балдары эдик. Бир уянын балапандары эдик. Бир сайдын булагы эдик. Бир бутактын жемиши эдик.
Оо, биз бир жүргөндө, эрктүү бир эл болгондо колубузда кушубуз сайрап, төрүбүздө кутубуз көкөлөдү. Кой үстүнө торгой жумурткалады.
Кул кулдуу, күң күңдүү болгон эде.
Эми не болдук?...
Бытырадык... Ини агасын тааныбай, бала атага акарат келтирди...
Тамыр кыркылды... Ташыбыз талкан болду... Терибиз тескери сыйрылды. Талпагыбыз ташка жайылды.
Зоболобуз кулап, жоболоңдуу заман келди.
Биримдик кеткенде кыргызга кыргыз жоо болду.
Тилегибиз таш капты... Калыстыктан тайдык... Акты көө жапты.
Журт калкылдаптурду.
Жумурткадан кыр издедик. Жумурдагы табышмак ачылды.
Жүрөк ачыды.
Сөөк өчтү жоого колтук ачтык.
Жайлообуз жайлоо болбой калды... Кыштообуз кыштоо болбой калды.
Кыргыз биринин көзүн бири кашайтты. Жүрөгүбүздөн кан акты.
Айгыр ашыныпүйүрүн кажыды, Каган көөп элин кажады.
Каган калкын укпай, катынын укту. Журтун эмес, бүлөсүн коргоду.
Калыстыкка умтулбай, көр байлыкка жутунду. Ар жыйнабай, мал жыйнады. Ачуусун калкына чачты. Мына эми, эмне болду...
Биримдиги жок караламан кайран эл карга-кузгунга жем болобу.
...Элдүү элем. Элим кана.
...Жердүү элем. Жерим кана.
...Күндүү элем. Күнүм кана.
Бир ата, бир эненин балдары эдик... Бири-бирибизге бычак сайдык. Көзүбүз канталады... Кыргыз эненин эмчеги зыркырады... Арбактар алдастады... Зилзала болду... Чагылган түшүп, өрт чыкты. Нөшөр төгүп, сел жүрдү... Аска урап коо болду... Көл толкуду... Булак соолуду... Бак кыйрады... Чөп куурады... Элге убал болду...
Аттиң, биримдик болбосо бир журттун тирлиги бир кийиктин өмүрүндөй экен го!
Жат жоого таба болдук. Бетибиз күйдү.
Эл башындагылар бөлүнүп баштады... Бир ууч журтубуз өз, жатка бөлүндү... Уугубуз бычырапсынды... Түндүгүбүз кулап түштү... Улуу журт уруу-урууга тарады... Денеси тилинди, жүрөгү канады... Көзүнөн жаш куюлду, комузу сынды, калпагы тебеленди, камчысы колдон түштү... Күлүгү мүдүрүлдү... Барар жер, басаар тообуз түгөндү... Ач бел, куу жондо калдык... Арман ай, арман.
..Ушуга эл башы каган сен гана жаза тартасың! Эгерим арбактар кечирбейт. Каргыш узатпайт. Убал уктатпайт.
... Бутактан жарака кетсе, бүтүшү үчүн бир жыл керектир.
...Жерден жарака кетсе, топурак толуп, чөп өскөнчө жүз жыл күтөөрбүз.
... Элден жарака кетсечи...
Олда, бир боор элим, эми кайра зоболобуз көтөрүлгөн күндү миң жыл күт бүзбү ...
... Гүлдөөрүбүздө күлойрон болдук го.
... Күлүгүбүз мөөрөй аларда мүдүрүлдүк го.
... Бүркүтүбүз шаңшыр кезде мунжу болдук го.
... Комузубуз таңшыр кезде дүлөй болдук го.
... Элибиз ырыстуу болордо ээн талаада калдык го.
... Кан суудай акты... Сөөк тоодой жатты.
Төбөдөн көк баспаса,
Астыдан жер жарылбаса,
Кыргыз журту сени ким жоготот эле...
Сага ким тең келмек... биримдик болсо...
Аскар тообуз жапыз болду.
Обологон туубуз жыгылды.
Эми ким бирөөгө кул болобузбу...
Көралбастыгың түбүңө жеттиби акыр!
Төбөсү барын бүгүлттүң эди,
Төрөсү барын жүгүнттүң эди.
Эми канттик...
...Сынган билек да кыргыздыкы...
...Сыздаган жүрөк да кыргыздыкы.
Онда күн күркүрөдү
Бу Теңир каары!
Кара жанды карч урупкозгол!
Тек жатпаң!
Кек сактабаң!
Кечиримдүү болгой...
Биримдикке доо кетирбең!
Өз элиңе жаман ойлобоң!
Опсуз сүйлөбөң!
Урук улаң !
Каган чындыктан тайбазын дейли.
Душманга далыңды көрсөтпөң!
Өзүңдү жоготпоң!
Биз бир түпбайтерек элбиз!
...Биз бир элбиз!
...Биз бир канбыз!
...Биз бир сөөкпүз!
Биримдикти бузганды Ата-Журттун тузу ургай!
Анты ургай!

***

 

V

Боз үй 

Керегеси кең, түркүгү бек, түндүгү Көккө көкөлөп, уугу улуган желди кайыктырган боз үйдө кунарлуу кеп уланды. Биз уккан сайын уккубуз келип, карыя сүйлөгөн сайын күлүк аттай кызып баратты. Кыргыз баласы беш ааламда жашайт дейт, бир обдулупалып. Эң ириде, ...атанын белинде.
...Ондан соң эненин боюнда.
...Кийинкиси алтын бешикте.
...Утуру барыпушул боз үйдө.
...Аягында ичээр суу түгөнгөн соң кара жердин астында.
Атанын белиндеги өмүр... бери болсо бир айчалык, ары кетсе бир жайчалык болоор.
Эне боюнда ымыркайды тогуз ай көтөрүп, толгоо тартат.
Жоо өлтүргөн эрдик дейсиңер. Ымыркай төрөлүп аткандагы толгоо түйшүгүнө кай эркек чыдай алмак...
Бешиктеги өмүр ымыркай тай-тай басып тушоосу кесилгенче.
Кыргыздын калган жарыкчылыгы ушул боз үйдө өтөт го, чиркин! Жер үстүндөгү өмүрү десең!
Жер астындагы жашоосу түбөлүк уйку эмеспи.
Келечекте урпагыбыз кышта тоңбогой деп, ...жазда жамгырда калбагай деп, ...жайда ысык өтпөгөй деп, ...күздө шамалдабагай деп кыргыз ата менен кыргыз эне ушул боз үйдү бизге мурас калтырыптыр. Айкөл ата-бабаларыбыз.
Уучубуз куру эмес бекен.
Бул боз үй өзүнчө бир чалкып жаткан аалам. Кең ааламга онын эшиги менен түндүгү ар качан ачык. Ичинен жылдыздар көрүнөт. Тээ бийикте...
Ааламдын ыйыгы күн болсо, боз үйдүн ыйыгы – түндүгү.
Түндүктөн гана күн шооласы кут болуп куюлуп түшөт, аны сезе билгендерге.
Түндүк гана бизге Көк Теңирден, Кут Теңирден шоола, жарык, ырыскы сабалатып туру.
Түндүктүн айланасы – аалам чексиздиги экен го...
Бул шайкеш аалам сыңары, боз үйдө да улуу менен кичүүнүн, ургаачы менен эркектин, кыз менен келиндин өз орду бар.
Ата-эненин орду төрдө!
Сандыгы туру сан байлыгын ичине катып.
Боз үйдүн сол жагы эркек таналардыкы. Ол жакта ээр токум, чопкут, кылыч жатат. Оң жагы кыз-келинге таандык.
Онда чыгдан, көөкөр, сандык, көнөк, аяк кап, чыны кап, баштык коюлган.
Боз үйдүн бурчу болбойт. Ааламдай ай тегерек, ааламдай кенен.
Бабалар ийри олтуруп, түз кеңешип, бир үйдөн түтүн булатып, бир жакадан баш чыгарып, бир санаада жашап келишкен бейм, бу боз үйд ө.
Кереге жыгачтары эриш-аркак тыгыз көктөлгөнү – ата-баба бири-бириң менен эриш-аркак жашагыла дегени.
Ууктардын зымырата байланганы – урпактардын үй-бүлө ынтымагы бек болзын деген тилеги го...
Ууктардын түндүктү бекем тиреп турушу – улут намысына тике тур деп айткан осуяты бейм...
Боз үйдүн эшиги бийик болбойт.
Эңкейип, жүгүнүп киргениң – очокко таазим эткениң.
Оо, жомокчулар жомок айтканда боз үйдүн кийиз туурдуктары сыйрылып, таң атканча улама уккан өлбөс күндөр өтпөдүбү. Кызык түндөр өтпөдүбү. Аруу таңдар атпадыбы.
Түндүктү бириктирип турган айкалышкан үч жыгачы – чамгарагы – ата-бабаларыбыздын өткөн жомогун унутпаң дегени...
Ортоңкусу, эмки доордун сыйына жет дегени...
Соңкусу болсо, келечекке тирүүлүктө из калтыр дегени...
Жашоо – жаман менен жакшыдан, ак менен карадан куралган.
Той-топурга ак боз үй арналат.
Кайгыда кара боз үй тигилет эди.
Бир кара боз үйгө жүз ак боз үй тигилсе эгей!
Киши жашоосу ак менен каранын ортосунда боз чаңгыл болуп өтөт.
Онан боз үй мурас калган.
Бул тирүүлүктүн өңү. Биз бозомук турмушту кечип жашайбыз.
Учкан куштун канаты талыр...
Гүлдөгөн чечек күздө соолур...
Ошондо удургуган кезең келээр...
Топурактан үй көтөргөн учурду көрөөрсүңөр...
Таштан үй курган доор болоор...
Ошондо боз үйүңдү унутпаң!
Өз үй, өлөң төшөгүңдү ыйык тут!
Түндүгүбүз – бийик, түркүгүбүз – жыгылбас болгой!
Уугубуз узун, керегебиз кең болгой!
Боз үйүбүз – өз үйүбүз!
Сөз соңунда көктөн бир жылдыз учту. Дагы бир жандын ичээр суусу түгөнсө керек.
Аттигиниң!

***

 

VI

Комуз

Кызгалдак кылкылдап жайнап, кымыздык менен ышкын тегиз бышкан маал...
Комузчу берилип чертип, кайрыктары бир укмуш таңшып жатты.
Кол ойнотсо, комуздун кулагына булбул конуп андан ары учуп кетчү тейде.
Кай бирде ат сыяктуу кишенеп,… кай бирде Кагандан ажырагандай кошоктуу боздойт...
...Жүрөктөй сыздайт.
...Булактай оргуйт.
...Жоргодой безейт.
Ой менен ойлоп, тил менен жеткире албаганды комуз гана саймедиреди го чиркин!
Көмөкөйүн айтсаң ...
Бирде боштондукту таңшыйт,… бирде ашыктардын сүйүүсүн шаңшыйт,… бирде улуулукту даңазалайт...
Биз көрбөгөндү ушул комуз көргөндөй,... биз баса элек жолду комуздун үч кылы баскандай,... биз чыга элек бийикке комуздун тепкеси жеткендей.
Телмирип кымыз жуттук.
Күү чертилди, чер жазып... Каным дүргүдү. Көзүм жашылданды... Бүткөн боюм тердеди.
Атамды көрбөгөм,... бабамды көрбөгөм,... бубамды көрбөгөм,... жотомду көрбөгөм. Ырыскым бар экен, олардын керээзинен жаралган комузду көрдүм, күүсүн уктум.
Өлбөстүктүн даамын таттым.
Атам өлсө да, жотом өлсө да, ата-жотомду көргөн комуз өлбөзын дедим го чын жүрөктөн, кыргыз!..
Комуз чертилип атканда босогого жылан сойлоп келип, башын көтөрүп, тилин соймоңдотту. Ак чачып узаттык.
Билбегенге бул комуз бир дарактын сыныгыдыр, билгенге жүрөктүн кылыдыр!
Өмүрдүн муңудур,... тулпардын туягыдыр,... көсөмдүн сөзүдүр,... көрөгөчтүн көзүдүр.
Тирүүмдө комуз угуп жашадым. Комуз угупсайрандадым.
Комуз угупкүч-кубат алдым.
Комузчу менен өнөр ээси Каган сыяктуу сый көрсө экен деп тилендим.
Эми тилегимди жалгаң!
Өмүр жалгабай окустан ок жалгапкалса, көз жуумп баратып ый эмес, комуз угуп жан берейин.
Менин жаным комузда калды деп билгиле!
Түбөлүк жашоого татыктуу комузду жараткандарга алкыш!
Өлбөстүккө тете комузду бийик коюң!
Комузду билбесең чертпең!
Комуздун касиетине шек келтирбең!
Ар бир үйдүн төрүндө комуз илинип турса ээ, чиркиндики!

***

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Файлды PDF форматында толук тексти менен, китепти сүрөттөрү менен ачуу

 

© Иманалиев К., 2008. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 3823