Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Публицистика
© Жекшеев Ж.Ж., 2003. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 22-июлу

Жыпар Жекшеевич ЖЕКШЕЕВ

Атуулдук биримдикке чакырам

Бул жыйнакка белгилүү саясий жана коомдук ишмер, "Ашар", "Кыргызстан Демократиялык Кыймылы" коомдук жана коомдук-саясий кыймылдарынын негиздөөчүлөрүнүн бири, КДК-партиясынын түзүүчүсү Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын мурдагы депутаты Жыпар Жекшеевдин 1995-2002-жылдарындагы республикалык гезит беттерине жарыяланган макалалары, Жогорку Кенештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын отурумдарында сүйлөгөн сөздөрү киргизилди. Китеп азыркы Кыргызстанда орун алган коомдук процесстерге кызыккан өкмөттүк эмес уюмдардын ишмерлерине, мамлекеттик кызматкерлерге, студенттерге, окуу жайлардын окутуучуларына жана жалпы эле окурмандардын кеңири чөйрөсүнө тартууланат.

Жекшеев Жыпар. Атуулдук биримдикке чакырам. — Бишкек, 2003. — 112 6. китебинен алынды.

Автордук редакция Сарыбаев Эдилбекдики.

ББК 66.3 (2Ки) Ж-49
    Ж-49
    ISВN 9967-20-870-8
    Ж 0803010200-03

Нускасы 1000 даана

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ГИМНИ

Ак мөңгүлүү аска-зоолор, талаалар
    Элибиздин жаны менен барабар. 
    Сансыз кылым Алатоосун мекендеп, 
    Сактап келди биздин ата-бабалар.
    Кайырма: Алгалай бер, кыргыз эл, 
    Азаттыктын жолунда. 
    Өркүндөй бер, өсө бер, 
    Өз тагдырың колунда.
    Байыртадан бүткөн мүнөз элиме
    Досторуна даяр дилин берүүгө. 
    Бул ынтымак эл бирдигин ширетип, 
    Бейкуттукту берет кыргыз жерине.
    Аткарылып элдин үмүт, тилеги, 
    Желбиреяи эркиндиктин желеги. 
    Бизге жеткен ата салтын, мурасын 
    Ыйык сактап, урпактарга берели.

Түбөлүк муз баскан, асман тиреген ак карлуу Ала-Тоонун этегинде, көк кашка тунук көлдөрү жана өзөндөрү жайгашкан берекелүү өрөөндөрүн жердеп, дүйнөдөгү эң байыркы элдердин бири болгон кыргыздардын тукумдарын улантуучулары — биз жашап келе жатабыз. Чынында эле, ушул катаал тоолор арасында өз тарыхында нечендеген кыйын кезендерди башынан өткөргөн кыр-гыздын каны төгүлбөгөн, ата-бабасынын сөөгү жатпаган бир дагы капчыгай, бир дагы ашуу болбосо керек. Биз үчүн алар өз өмүрлөрүн кыйып, чыныгы бейиштин жериндей жерди сактап келишти.

«Кудай элдерге жер бөлүп жаткан учурда бейкапар уктап калганын көрүп, биздин ата-бабабызга өзүнүн эң ажайып жаратылышынын бири – Ысык-Көлдү берген экен. Өз үлүшүн алуудан кечигип калган ыкшоо балдарына боору ооруп, Кудай өзүнө калтырган акыркы жерин кыргызга бериптир». Элибиздин психологиялык портретинин мүнөздөмөсүнө өз сөзүн кошумчалаган байыркы уламада ушундайча айтылып жүрөт.

Кыргыз элинин тарыхый өнүгүшүнүн бардык доорлорундагы турмуш-тиричилигинде терең тамырланган нагыз демократиялык принциптер байыркы мезгилден бизге келип жеткен ар кандай оңдогон дастандарда чагылдырылган чындыкка үндөш, тарыхта ташка баскан тамгадай кашкайып көрүнүп турат. Ошондуктан, демократия биз үчүн жаңы түшүнүк эмес, ал биздин каныбызга сиңип, иш-аракетибизге багыт көрсөткөн, биздин ата-бабабыздын үлүшүнө туура келген тарыхтын бардык татаалдыктарына туруштук берип, бизди этнос катары сактап, улуттук аң-сезимди кристаллдаштырып, боосу бекем, терен адеп-ахлактык салттарды, маданиятты калыптандырган, дүйнөгө көз карашты данды кебектен ажыраткандай тазартып, турмуштун өзүн маани-мазмуундуу кылган рух өзөгү дал ошол.

Улуттун турмушундагы эң негизги өзгөрүлбөс баалуулук кыргыздын эки мин жылдан ашуун тарыхы бар мамлекеттик түзүлүш — структуралык тышкы атрибуттарынын болушунда же тигил же бул тарыхий мезгилдин саясий коньюктурасында гана эмес, элдин бүгүнкү күнүн жана келечегин аныктай турган коомдун ички рухий абалынын деңгээлинде камтылган.

Эгерде биз татаал күндөлүк турмуштун бардык эң зарыл маселелерине ишениктүү атуулдук позициядан мамиле кылган болсок жана коом өзү терең социалдык депрессияга, саясий кай-дыгерликке кабылбаганда, акыркы жылдары Кыргызстанда орун алган мамлекеттеги саясий, социалдык-экономикалык кризис мындай тереңдикке жана масштабга ээ болмок эмес. Коомдо көп жылдан бери чечилбей келе жаткан социалдык-экономикалык жана саясий-укуктук проблемалар топтолду. Коррупция өлкөбүздүн жүзүн узунунан да, туурасынан да каратумандай каптады. Жүз миңдеген квалификациялуу адистер иш таба албай жүрүшөт. Миңдеген балдар кароосуз калып, көчөлөрдө жана базарларда кайырчылык кылышууда.

Коом менен мамлекеттин, эл менен бийликтин ортосунда эрегешүү күчөп өз ара түшүнүшүү дээрлик жок болду. Бул проблемалар бийлик тарабынан расмий түрдө моюнга алынып, алар өзүнүн эң бийик чокусуна жетип, эч күнөөсү жок, күлгүндөй жаш биздин мекендештерибиздин өмүрүн кыйган Аксыдагы кандуу окуяга айланды. Ушул кайгылуу окуя жана андан кийин болуп өткөн окуялар акыл-сезиминен ажырай элек ар бир адамдын жүрөгүн титиретти. Азыркы дүйнөлүк цивилизациянын тарыхы Нью-Йоркто 2001-жылдын 11-сентябрында болуп өткөн трагедияга «чейинки» жана андан «кийинки» деп бөлүндү, ошоңдой эле Кыргызстандын азыркы тарыхы кааласак да, каалабасак да Аксы трагедиясы болуп өткөн 2002-жылдып 17-мартына «чейинки» жана андан «кийинки» деп бөлүнүп калганы бүгүн ырасталып турат.

"Жаман падышанын ордуна жакшы падыша келип, бардыгын орду-ордуна коюп, бардык жерде акыйкаттык орнотот" -дегендик — бул бери болгондо эле аңкоолук. Элде «ар бир эл өзүнө жараша башчыга ээ» — деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Тымызын жыйылып жаткан социалдык, укуктук жана саясий негативдерди оргуштатып вулкан жарылгандай Аксы окуясында сыртка атырылгандын себеби — айрым саясатчылардын, айрым жогорку кызматтагы бийлик чиновниктеринин өз кызыкчылыктарын коомдукуна карама-каршы койгон өзүм билемдигине биздин башы бош, агым кайда акса ошо менен агып кете берген, унчукпас кайдыгерлигибиз канчалык деңгээлде мүмкүндүк берсе, ошончолук даражада жасоого жол берген өзүбүздүн маңыроолугубуз, үн дебей бардыгына макул болгон жооштук мамилебиздин тереңинде жатат.

Азыркы заман тууралуу таластык акын Тургунбек Бекболотовтун ыры жакты:

Уурдатып убадага жылдарыңды,
    Ата Журт, билем ооруп турганынды. 
    Жан тартып, жакшы сөздү айтамын деп,
    Жараңдын оозун кайра тырмадымбы?
    Ачуун — акактаткан аптабыңбы?
    Жамгырың — жашың төгүп жатканынбы?
    Капилет канга боеп капчыгайың,
    Кас душман каап өттү капталынды.
    Көбөйүп көкүрөгү бечелдерин,
    Берилип кете берер бекен жериң?
    Мезгилдин кан тамырын кармай албай,
    Мертинтип алабызбы Мекен белин?!
    Сөз менен ишинде жок туруктугу –
    Ушулар улутума уюткубу?!
    Кылымдан кыйкырыгы чыгып турса,
    Улуттун ошол окшойт улуктугу.
    Ата Журт, дарт-арманын ичиңдеби?
    Улуттун оңой окшойт үзүлмөгү.
    Кылымдын көчү кайда бара жатат,
    Тагдырлар устаранын мизиндеби?!

Бул көрсөтүлгөн кризистин мындан аркы терендешин токтотуу үчүн биздин, өз Ата Мекенибиздин атуулдарынын жападан жалгыз жолубуз — бул көрүнүшкө ыңгайлуу жагдай түзгөн аки-чүкүсүн түп тамырынан бери жоготуу болуп эсептеленет. Мамлекеттик саясий институттардын коомго жасай турган аракетин эсепке албаганда, биздин, Кыргызстандын ату-улдарынын колунан келген чараларды тактап алуубуз зарыл. Эгерде эң алды Ата Мекенин сүйүү, өз мамлекетинин тарыхы менен сыймыктануу, ар-намыс, адептүүлүк жана ар бирибиздеги адамдык асыл сапаттарды сактап калуу жөндөмүбүз, ар бирибиздин ушул сапаттарды урпактарга, келечек муундарга өткөрүп берүүдөгү жоопкерчилигибиз сыяктуу адамзаттын табиятына таандык болгон доөлөттөрүбүз атуулдук коомдун туусу болсо, ал күчтүү коом болот.

Качан биз ар бирибиздеги кайдыгерликти, эки жүздүүлүктү, жасакерликти, бардык кубанычтарды, кайгы-капаны ичкиликтин суудай түгөнбөгөн агымына чөктүргөн ит адатыбызды жок кылганыбызда гана кийинки денгээлге, атуулдук жоопкерчиликтин, коомдук кыймыл-аракеттүүлүктүн жана натыйжалуу ишкердиктин денгээлине көтөрүлө алабыз.

Бирок ушул мен санап кеткен бардык маселелерде эң алды өзүндөгү ыкшоолукту, көндүм болгон зыяндуу адат-салтты күрөш менен жеңбейинче, алдыга бир дагы кадам жасоого мүмкүн эмес. Биз күндөлүк шарттардын, үрп-адаттардын, көнүмүштөрдүн миңдеген жиптерине бири-бирибиз чийеленишип байланышканбыз. Дал ушул себептен бир пикирдештердин бүгүнкү күндө биригиши өтө маанилүү. Кыргызстандын тагдыры үчүн күйгөн демилгелүү топ тарабынан 2002-жылдын 26-декабрында «Атуулдук Биримдик» аттуу коомдук уюм түзүлгөн. Биримдиктин ишин бүт республика боюнча уюштуруу жана өлкөнүн бардык региондорунан келген өкүлдөр катышкан конференцияны даярдап өткөрүү мага тапшырылган.

Бул коомдук бирикмени эмне үчүн түздүк жана анын максаты кандай? Ар бир иштиктүү атуулдук позицияда турган инсан биздин өлкөдө адилеттүүлүккө жалгыз адам эч качан жетише албастыгын жакшы билет. "Жалгыз дарак токой болбойт"— деген эле кеп. Буга коомдук өзгөрүүлөрдүн өнүгүшүнө таасир тийгизе тургандай жетишерлик күчкө ээ боло элек саясий партиянын катарында дагы жетишүүгө мүмкүн эмес. Анын үстүнө, саясий партиялардын негизги максаты — бийлик үчүн гана күрөш. Кыргызстандагы коомдук-саясий процесстердин өнүгүшү массалык коомдук кыймылдардын мезгили өтүп кетти деген тезистин туура эмес экендигин айгинеледи.

Ошондуктан, биз коомдогу акыйкат күчтөрүн бириктирип, азыркы бийликке конфронтация түзгөн келишпес оппозиция катары эмес, биздин коомдун бүгүнкү кризистин негизги себептери менен күрөшүүдө конструктивдүү кызматташ болууну көздөп, "Атуулдук Биримдикти" түздүк. Бүгүнкү кемчиликтердин бардык булактарын, анын негизги себептерин жойбой туруп, биз мындан бийик максатка жетүү үчүн алдыга жыла ал-байбыз. Атам замандан бери биздин бабаларыбыз — көчмөн кыргыздар кара таандай каптаган жоого кары-жаш, аял-эркек дебей ийиндеш катар туруп, бир женден кол, бир жакадан баш чыгарып, түмөндөгөн душмандын мизин кайтарышкан, андан кийин чогуусу менен эл башына түшкөн мүшкүлдү баарылап жеңип, турмушту калыбына келтиришкен. Ошондуктан, биз өзүлөрүнүн коомдук-тиричилик абалына карабастан, абийирдүүлүк, адептүүлүк, ар-намыстуулук, атуулдук сезим жана жоопкерчилик сыяктуу сапаттарды туу туткан Кыргызстандын бардык атуулдарын биригүүгө чакырабыз.

Биздин татаал мезгилибиздин өкүмдүгүнө каршы, өзүбүздөгү өткүрлүктү курчутуп, коомубуздун манкурттуктун, кайдыгерликтин, жалганчылыктын, эки жүздүүлүктүн, жасакерликтин, кылмыштуулуктун, сойкулуктун, бангиликтин, масчылыктын туңгуюгуна мындан ары дагы жылмышып түшүүсүн өзүнүн аракети менен токтотуучулардын катарына кошулууга ким даяр болсо, бардыгын чакырабыз. Биз конфликттерге жана түшүнбөстүктөргө себеп болбосу үчүн өлкөдөгү бардык бийлик структураларынын, бардык социалдык институттардын иш-аракеттерин-де коомчулуктан жашыруун зоналардын жок болуусун, бардык чечимдер айкындык жана маалымдуулуктун шартында кабыл алынуусун каалайбыз.

Мен бекеринен бул аңгемемди өлкөнүн мамлекеттик гимнинин текстинен баштаган жокмун. Өз Ата Мекениңе сүйүүнү, анын мамлекеттик символдору — гимнге, гербге, желекке сый-урмат кылууну өзүбүздө калыптандырбасак, өлкөгө ыйык, аяр мамиле кылууну биз балдарыбызга жана неберелерибизге эч качан үйрөтө албайбыз. Мурдатан айтылып жүргөндөй, Ата Мекен ушундан баш-талат, биз андан качып кутула албайбыз. Биз, өзүбүз гана, өз Ата Мекенибиздин атуулдары, бир-бирибизге жардам көрсөтүп, колдоо менен гана арууланууга жөндөмдүүбүз. Биз, өзүбүз гана, мамле-кетибиздин атуулдары, Кыргызстандын тагдыры боюнча, урпак-тарыбызга калтыра турган мурас боюнча өзүбүздүн жоопкерчили гибизди сезе билүүбүз керек. Биз өзүбүздүн атуулдук, саясий, со-циалдык-экономикалык жана маданий укуктарыбызды толугу менен сезе билип, аны коргошубуз зарыл.

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу акыркы жылдары республикалык гезит беттеринде жарыяланган Жогорку Кенештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын отурумдарында айтылган ар кан-дай коомдук мааниси бар маселелерди чагылдырган ой-пикирлеримди, урматтуу окурмандар, силер менен бөлүшкүм келет.

Автор

 

ЧЫГЫШ СИНДРОМУ ЖЕ БИЙЛИКТИН МӨӨНӨТҮН УЗАРТУУ ЫКМАСЫНЫН ЖЕМИШСИЗ АЯКТАГАНЫ
    (Жарыяланбаган жазылма. 1-сентябрь. 1998-жыл)

1995-жыл. Президенттин жан-жөкөрлөрүнүн коомдогу үстөмдүгүн сактап калып, "менчиктештирүү" процессин аяктап, кландар арасындагы теңтайлаштагы өз позицияларын бекемдөөгө болгон далалаты президенттин полномочиелерин "бүткүл элдик" референдум аркылуу узартууга аракет кылууга алып келди. Бул кампаниянын демилгечилери болуп Ысыккөл областынын губернатору Ж. Сааданбеков, Ош областынын Губернатору Ж.Рустенбеков сыяктуу "айтылуу" бийик даражалуу чиновниктер жана аларга окшогон саясатчылар чыгышты. Бул идеяны аткаруу бийлигинин бардык структуралары команда берилгендей колдоп чыгышып, ал бат эле бүткүл элдик мүнөзгө ээ болду. Албетте, мен ререндумду өткөрүү идеясына ырааттуу түрдө каршы чыгып келе жаткан бекем ишенимдеги азганакей саясатчылардын арасында болчумун, анткени, бул Кыргызстандын азырынча сакталып келе жаткан демократиялык аброюна олуттуу сокку урмак. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 35 депутатынын ичинен президенттин администрациясынын жана аткаруу бийлигинин басымына туруштук берген "кежирлердин" ичинде Р.Ачылова, Ж.Жекшеев, И.Кадырбеков, А.Мадумаров, А.Проненко, Д.Садырбаев, О.Суваналиев, О.Текебаев сыяктуу жана башка ончакты депутаттар бар эле.

Биз бул референдумдун бетпактыгы жана жол берилбестиги жөнүндө колдон келген бардык каражаттардын жардамы менен мекендештерибиздин аң-сезимине жеткирүүгө аракет жасадык. Бирок биздин мүмкүнчүлүктөр, башка граждандардын мүмкүнчүлүктөрүн айтпай эле коелу, депутаттык мүмкүнчүлүктөр өтө чектелүү болду.

Улуттук телевидение, радио жана өкмөттүк ММК аткаруу бийлигинин монополиясына айланып кетип, бизге жол жабык болгондуктан, туруктуу негизде иштеген депутаттар катары эл менен жолугушуп, аларга болгонун болгондой, оозмо-ооз түшүндүрүүгө убактыбыз жетпеди. Бирок, мүмкүн болушунча ынгайлуу жагдайларды колдон чыгарбай пайдаланып, алар менен кездешүү менен референдумду уюштуруучулардыкынан өзгөчөлөнгөн өз позицияларыбызды түшүндүрүп жаттык.

А.Акаев абдан жеңил жол менен өз полномочиелерин экинчи мөөнөткө узартып алуу мүмкүнчүлүктөрүнүн жакындыгын сезип, республиканын бардык региондорун кыдырып жүрдү. Элге аткарыла турган деле, аткарылбай турган деле убадалар берилип жатты. Күтүлбөгөн жерден мага Ысыккөл областынын качкынан Аскар Акаев менен боло турган жолугушуунун күнү көрсөтүлүп, ага катышып жана толуп кеткен актуалдуу проблемаларды президенттин алдында калыс жана чын ниетимден айтып берүүмдү суранышкан бир нече телеграммалар келип калды. Албетте, мен баш тарта албадым жана белгиленген саатта Караколго, жолугушуу өтө турган областык драмтеатрдын имаратына жетип келүүгө үлгүрдүм. Театрды бир нече катар курчаган милициянын тосмосунан өтүү мага, депутатка, зор кыйынчылыктарды пайда кылганы кейиштүү жана таң калыштуу таасир калтырды. Атайын чакыруусу жок оңдогон жана жүздөгөн жарандар экинчи сорттогу адамдар катары милиииянын бекем тосмосунун артында кала беришти.

Мен бул жолугушууга чакырылган адамдардын тизмеси мындан эки жума мурда обладминистрация тарабынан катуу текшерилип, бекитилгендигин билдим. Катышкандардын 70%ти Каракол университетинин студенттери эле. Анын үстүнө, алардын бири дагы жапырт "колдойбуз" деген сценарийди бузуп жибербешине катуу көзөмөл кылуу үчүн ар бир 10 студенттин ортосуна бирден окутуучу отургузулуптур. Ал эми "дүжүр" чечендердин сүйлөй турган тексттеринин бардыгын обладминистрациянын башчысы Ж.Сааданбековдун өзү текшерген экен. Мен биринчи катардын он жак четиндеги жападан жалгыз бош орунду ээледим. Президиумда А.Акаев, президенттин администрациясынын жетекчиси К.Жумалиев, ЖКтин МЧЖнын төрагасы М.Чолпонбаев, ЖКнын ЭОЖнын төрагасы А.Матубраимов жана областтын губернатору Ж.Сааданбеков олтурушту.

Мага сөз берилбей калып, шайлоочуларымдын үмүтүн актабай каламбы деп кооптонгонумдан, чогулуш ачылары менен эле атайын депутаттык баракка сөз сурап жазылган запискамды залда отурган жалпы элдин көзүнчө атайын туруп барып секретариатка сундум. Мурдатан алдын ала даярдалган ораторлор биринин артынан бири аларга кечээ эле өтүп кеткен коммунизм духунда атайын жазылган тексттерин тырышчаактык менен окуп жатышты. Менин запискамды Сааданбековго тапшырышты. Ал, А.А., Чолпонбаев үчөөнүн баштары биригип, "Чогулуштун президиумуна. Сөз сураймын. Депутат Ж.Жекшеев." — деп жазылган кагазымды кармаган боюнча көпкө кеңешишти. Менин күтүлбөгөн жерден пайда болгонумду ачык эле жактырышпаган булар менден кутулуунун амалын издешип, акыры табышты окшойт.

А.А.дын сиңирген эмгектерин түгөтө албай мактап, андай акылдуу жана күчтүү саясатчы Кыргызстанда гана эмес, бүткүл Борбордук Азияда дагы жок, ошонун аркасында биз бейиштин төрүндө жашап жатабыз, демек, биз убара болуп шайлоо өткөрүп, чыгым болбой эле референдум аркылуу экинчи мөөнөттү ага беришибиз керек деген пикирди бир кишидей билдиришкен "дежур" ораторлор сүйлөп бүткөндөн кийин, төрагалык кылып жаткан губернатор залга кайрылып, минтип айтты: "Жолдоштор, биздин улуу урматтуу президентибиздин 40 мүнөт гана убактысы калды. Самолет учууга даяр. Бишкекте чет өлкөлүк делегациялар күтүп жатышат. Айрым чыгып сүйлөй турган жолдошторго убакыт жетпей калды (бир топ фамилиянын ичинде мени дагы кошо атады). Ошондуктан сөз урматтуу А.А.га берилет". Акаев адаттагы өзүнүн жеңилдиги менен трибунага дээрлик чуркап келди. Капыстан залдан адегенде бирөө, андан кийин бир нече, улам көбөйгөн үндөр жалпы хор менен "Жекшеевге сөз берилсин",— деп талап кыла башташты. Өлкөнүн президенти эмне кылаарын билбей, чогулуштун президиуму дагы дабдаарып калды. Сааданбековдун мага сөз бербөө боюнча "тапкычтыгы" суу кечкен жок. А.А өзүнүн абалынын оордугун түшүнүп, президиумдагы өз ордуна тез кайтты.

Ошондогу Сааданбековдун абалын көрсөңөр болот эле. Кыпкызыл болгон ал "Жекшеевге сөз берилет", — деп айтканга арандан зорго жарады. Ошондон кийин гана мен сценага жай көтөрүлүп, президиумда отургандардын жанынан өтүп баратып, А.А.дин жанына токтоп, өтө пас үн менен: "Аскар Акаевич, эмоцияга анча-мынча алдырган өз элиңизди кечирип коюнуз", — дедим. Ал макул болуп, башын ийкегиледи. Залда тымтырстык орун алып, А.А.ди мактаган мурдагы ораторлордон жадап, чарчаган катышуучулардын менин сөзүмө болгон зор кызыгуусун билдирип турду.

“Урматтуу Президент мырза, сиз бүгүн окугандардын сөзүн уккан жоксуз, сиз Сааданбеков каалаган сөздөрдү уктуңуз. Тексттердин бардыгын ал даярдаган. Ошондуктан элдин атынан сүйлөдү. Балким, алар деле менин жүздөгөн, миңдеген жердештерим сыяктуу эле башка нерселерди айткысы келип жаткандыр, бирок кркушкандыгынан айта алышкан жок. Мен болсом, бирөөнүн тексттин окубайм, жөнөкөй адамдардын арасында болуп, көргөнүмдү айтамын. Алардын кандай жашап жаткандыгын, чечилбеген кандай маселелердин чогулганын, мыйзамсыз приватташтыруунун натыйжасында сиздин бир ууч чиновниктериңиз кантип байып, элди талоону улантып жаткандыгын айтамын.

Сиз бүгүн Тамга айылында айыл чарбасындагы реформаны тереңдетүү боюнча өткөргөн семинардын катышуучулары, башкача айтканда, сиз ишенген акимдер кечээ кечинде Балыкчыда эс алуу кечесин өткөрүшүп, алардын көнүлдөрүн ыр-бий менен ачкан жаш кыздар менен жигиттерге приз катары ири купюрадагы сомдорду гана эмес, долларларды дагы ыргытышкандыгы жөнүндө айтамын. Ошол эле учурда көп жылдык эмгек стажысы бар мугалим эжей таманы ажыраган бут кийиминен уялып, мектепке бара албай жаткандыгын мага айтып ыйлады. Сиз ушул мугалим жарыбаган акчасын жарым жылдан бери ала албай келе жаткан учурда, өзүнүздүн аким-реформаторлорунуз акчаларды кандай чачып жаткандыгын көрсөнүз болот эле. Мугалимдин көз жашын көрүп, акимдердин маянасынын өлчөмүн, алар кандай жашап, күн сайын эмес, саат сайын толуп, семирип жатканын билип туруп, туура жыйынтык чыгарсаңыз болот эле. Урматтуу А.А., менин колумдагы мына бул папкеде Ысыккөл областынын калкынын көз жашы толгон каттары менен телеграммалары жатат, анда жергиликтүү чиновниктердин, укук коргоочу органдарынын өкүлдөрүнүн бийликтен карасанатайлык менен пайдалануулары жазылган. Сиздин кымбат убактынызды албоо үчүн биринчи колго тийгенин окуп берейин. Бул телеграммада Аксуу районунун Челпек айылында ушул чарбанын жетекчиси Жункеевдин губернатор жана облпрокурор менен биргелешип алып жасаган мыйзамсыз иштери айтылат. Алар жасалма докуменггер менен жерге жана мүлккө болгон үлүштөрүн мыйзамсыз менчиктеп алышкан".

Жергиликтүү бийлик органдарынын мындан башкадагы чектен чыккан мыйзам бузуу фактыларына көңүлүн буруп, аягында минтип айттым:"Аскар Акаевич, бүгүнкү чыгып сүйлөгөндөр сизге тен келе турган атаандаш жок деп айтышты. Мен дагы ошондой деп ойлоймун. Бирок анда референдумдун эмне кереги бар? Акыйкат шайлоо өткөрүнүз, эгерде сиз акыйкаттуу атаандаштыктын негизинде шайлоо өткөрсөңүз, мен жана биздин партия сизди колдойбуз. Эгерде сиз референдум жолу менен экинчи мөөнөткө калам десениз, биз буга каршы күрөшөбүз, анткени бул демократиядан баш тартуу."

Менин сөзүмдөн кийин өзүмдүн ордума жетип отургуча зал дүркүрөгөн кол чабууга толуп турду. Ал эми мен президиумдун жанынан өтүп бара жатканда күтүлбөгөн жерден А.А. ордунан туруп, колумду катуу кысты. Эмне үчүн анткенин, мен бүгүнкүгө чейин түшүнбөймүн. Күтүлбөгөн жана күлкүлүү окуя кийин болду. Ордума отураарым менен артымдан бирөө чакырды. Артыма кайрылып, мага сунулган А.А.дин бир нече китеби менен "Жыпар байке, сиздин кол тамганызсыз бул китеп биз үчүн толук баалуу боло албайт. Сизди сыйлаган студенттер"— деген записканы көрдүм. Чогулуш алдында бардык студенттерге "Асаба" гезитинин журналисттери тарабынан чыгарылган Акаев жөнүндөгү китеби бекер таратылып берилген экен. Мен бул китепке кол тамгамды коюуга эч кандай моралдык укугум жоктугун, анын үстүнө залда Акаев өзү отурса,— деген менин жүйөлөрүм студенттердин жапырт каршылыгына дуушар болду. Алар биринин артынан бири китептерди пачкелери менен мага жөнөтө башташты. Мен баш тартуудан пайда жок экендигин түшүнүп, жанымда отурган ошол кездеги Эмгек жана камсыздоо министринин кыткылыктаган күлкүсүнө аралаш А.А.дин китебине өзүмдүн кыска кол тамгамды тез-тез кое баштадым.

Президенттин администрациясынын депутаттарга басым көрсөтүү боюнча иштери улантылып жатты. Референдумга макул болбогон ар бир депутатты тигил же бул чиновник кепке чакырып, мамлекетте башка маанилүү иш калбаган сыяктуу, референдум өткөрүү идеясын колдоого үндөп жатты. Ар бир чиновник өзүнүн президентке берилгендигин көрсөткүсү келип жатты. Ошондуктан, мага ошол кездеги мамлекеттик катчы, андан кийин премьер-министрдин постун ээлеген мен терең сыйлаган, маркум Жумабек Ибраимов телефон чалганда анча деле таң калган жокмун. Биз Ак үйдүн жетинчи кабатын-дагы анын кабинетинде жолугуштук. Биздин ортобузда өтө жылуу сыйлашуу мамиле бар эле. Ал дароо эле: "Жыпар Жекшеевич, сиз коп жолу эл алдында эгер А.А. шайлоого барса, аны колдоймун деп айткансыз", — деди. Бул сөз ЖК МЧЖнын депутаттары көпчүлүк добуш менен референдум аркылуу президенттин полномочиелерин узартууга каршы чечим алгандан кийин болгон. Кийинки күнү эле АА. мыйзам чыгаруу палатасына келип, палатанын чечимин так аткарып, шайлоого бара тургандыгын айткан. Башталган создү улантып, Ж.Ибраимов "Сөзүңүзгө бекем болуп, ишенимдүү адам катары А.А.ди колдоп бериңиз",— деди. Мен ага "А.А. шайлоого барган жок, ага биз, мыйзамчылар барууга мажбур кылдык, ал эми бул эки башка нерсе",— дедим. Мен ишенимдүү адам болуудан баш тарттым, бирок телевидениеден чыгып сүйлөп, шайлоочуларыма өз позициямды билдирүү менен, азыр президенттикке официалдуу катталган үч кандидатуранын ичинен А.А.дин бардык кемчиликтерине, айрыкча кадр саясатына карабастан, анын кандидатурасын колдоо талапка ылайык болорун айттым. Экономикада кыйроо болсо, жок дегенде андан сураш үчүн колдоо керек болчу. Биздин талапкерлердии шайлоо учурунда туура багыт алуусу үчүн ушул эле жетиштүү эле.

Биз, демократтар, реакционерлер менен болгон өтө оор, принципиалдуу таймашта президентти шайлоого барууга мажбур кылып, демократияны коргоп капдык.

Бирок биз ушундан тартып 90-жылдардын башындагы биздин демократиялык романтизмибизге орун жоктугун, жана чыгыш синдрому референдумду өткөрүү менен президенттин полномочиесин экинчи мөөнөткө калтыруу далалаты аркылуу ачыкка чыккандыгын түшүндүк. Бирок, биз бул демократиялык проиесстерди акырындап муунтуу жана авторитаризмге карата багыт алуу тенденциясы өз тамырын уламдан-улам тереңдете берерин толук өлчөмдө андабаган экенбиз.

 

ЖЫЛМАЙГАН ДИКТАТУРА ОРНООДО
    (ЖК МЧЖ 1998-жылы 8-сентябрда сүйлөгөн сөзү)

Урматтуу депутаттар, урматтуу шайлоочулар! Силерге кайрылуумдун себеби — президенттин чексиз жеке бийликке умтулуу саясатынын дагы бир ирет оюнчугуна айланып жатканыбыз түрткү болууда. Көнүмүш адатка айланган анын элди тажата баштаган, саймедиреп сайроосу, ыплас ыкманы эч бир жерибестен, көздөгөн максатына көнгөн эле референдум менен жетиш үчүн далбастоодо. "Дүйнөдөгү эң мыкты тажрыйбага таянып", Жогорку Кеиешти эки баштуу кылып тынган референдумдун протоколдорунун сыясы кургай элек жатканда, дагы бир референдум өткөрүү зарылчылыгы, көрсө, эми депутатка талапкерлерди ошол шайлануучу өз округдарында жашагандарды гана шайлоону мыйзамдаштарыш үчүн керек болуп калган имиш (ценз оседлости). Анын аягы бүтпөгөн шайтан оюн уламышын туура көрбөсөк деле, оозубузду ачып, макулдаша бергенге да көнүп алдык көрүнөт.

Элибиз бир ууч "дежур" чалдардан, кынк эте албаган номенклатура кызматкерлеринен, күнкарама депутаттардан куру эмес экен. Алар ажобуз сөзүн бүтө электе эле жалпы хор менен колдоо көрсөтөөрү турган эле иш. Ал колдоочулар агымына биз деле көпчүлүгүбүз туруштук бере алчудай эмеспиз. Ошондуктан "Кыргызстан" аттуу "цирктин" үйрөтүлгөн айбанаттарындай болуп, бийликтин каалаганын аргасыздан аткарып берчүдөй болуп калдык. Көрсө, саясий элита өкүлдөрү жалаң эле региондордо жашагандыгынан, алар шайлана албай, борборубузда жашагандар шайланып алат экен да. Аргумент болбосон кое кал. Ооба, уккан кулагынарга танкалбагыла, так ошондой. Мыктылардын баары райондордо экен, чалакайымдар борборго чогулуп алган окшобойбузбу. Анын эмне максатты көздөп жатканы кирпиге да түшүнүктүү болду көрүнөт. Кыйын болсоңор жергиликтүү акимдерге, губернаторлорго такыр көз каранды болбогон, эки жакка кылчактабай, өзүнүн оюн түз айта алган саясатчылардын канчоосу кайсы региондордо — тандап көргүлөчү.

Акаев региондон шайлануучулардын, жергиликтүү бийликке борбордун тургундарына караганда канча эсе көз каранды экенин бизден жакшы билген үчүн, так ошол кыңк эте албай Ак үйдүн сунуштарын колдоп берүүчүлөрдү чогултуп алып парламентти бүгүнкүдөн да көбүрөөк мамыга байлап салууну көздөгөнү ачык эле көрүнүп турат. Эмне үчүн эки баштуу парламентти өзү каалагандай түзүп алгандан кийин да Акаевдин жаны жай албайт? Анткени ал элдин ан сезими бүгүнкүдөй өсүп кеткенин, ошол себептен бийликтин кысым көрсөткөнүнө карабай бир ууч бийликке көз каранды болбогон оппозициялык маанайдагы депутаттар шайланып келээрин жана алар аз болсо да, анын кекиртегине сайылган сөөктөй болуп, саясатына чоң тоскоол кылуучу күчкө айланаарын күтпөсө керек. Акаевдин бир гана багыттагы туруктуулугу байкалат. Ал мамлекеттеги бардык маселени колунан келсе да, келбесе да, өзү гана чечкиси бар. Анын элдин кызыкчылыгынан да жогору болгон жеке максатын түшүнбөй, өз алдынча бийликтин башка бутагы катары иштөөгө аракет кылган күчтөргө кыжырланып турганы байкалат.

Референдумга коюлуп жаткан экинчи маселе — жерге жеке менчикти киргизүү. Бул элдин көкөйүндө турган маселени киргизгенинин себеби, өзүнүн саясий амбициясына жетүүдө элдин көпчүлүгүнүн колдосуна ээ болуу. Анткени, референдумга коюлган беш суроого элдин бир гана жооп берүүсү керек. Демек, жер маселесине макул болгондор автомат түрүндө бардык башка суроолорго да ООБА дээри максатына ылайык болуп жатпайбы. Так ошол себептен Кыргызстандагы жердин шартын тереңирээк изилдебей, саясий жана укуктук негизсиз эле, кылым бою эл ортосунда со-гуштардын, кагылуушулардын негизги себеби болуп келген жер маселесин ушунчалык чийки боюнча шашып референдумга алып чыкпадыбы. Эгерде, урматтуу коллегалар, жердин жеке менчикке өтүүсүнүн концепциясы иштелип чыгып, технологиясы такталган болсо, коомчулукта мынча ашыкча ызычуу болбойт эле.

Урматтуу депутаттар, эгер силер атайын чыгынып, Бишкектен 10-15 чакырым аралыкка чыксаңар эле, орто кылымдын кулдарынын кейпин кийген жапжаш кыз-келиндердин күндүзү кул, түнкүсү токол милдетин аткарып жүргөндүгүн көрмөксүңөр. Ошондойлордун бирөө менен жолугуп, анын аты жөнүн жана таржымалын билүүгө аракет кылам деп канчалык коркутуп алганымды көрсөңөр эле, бүгүн жер маселесинде канча биз билбеген сырлар бар экенин түшүнмөксүңөр. Кайдан-жайдан пайда боло калган жер ээлеринин кордугуна чыдап, өлбөстүн күнүн өткөрүп жургөндөрдүн көргөн күнү эмне болот? Ал эми эчак эле жерди бөлүштүрө электе кожоюн болуп алгандар кайдан чыгышты? Кыскасы, жер боюнча маселенин жообунан суроосу көп башаламандык, кымкууттук, кылмыштуулук өкүм сүрүүдө. Жерди жеке менчикке берээрден мурда аны инвентаризациялоо керек. 70% элибиз жакырчылыкта жана бир гана жер менен жашоосун өткөрүүдөн башка айласы жок.

Президенттин кайрылуусундагы кийинки маселе массалык маалымат каражаттарга (ММК) эркиндик берүү жөнүндө. Көрсө ММКларга — Ак үй эмес эле депутаттар эркиндигин бузуп жаткан имиш. Минтип айтуубашка бир дагы саясатчынын колунан келмек эмес. Жооп бергилечи, урматтуу коллегалар, ушул өткөн эгемендүүлүк жылдарында, биз, депутаттар, канча журналистерди те-миртордун аржагына отургуздук? Кайсы журналист, кайсы күнөөсү үчүн жана кимдердин кысымы менен кесилип отуруп чыгышканы баарыбызга белгилүү эмеспи. Баарын айтпастан, бир эле жашы жетелек балдары бар Замира Сыдыкованын мисалын айтсак эле жетиштүү болот го. Так ошол президенттин командасы тарабынан журналистер куугунтукталып жатканына депутаттар күнөөлүү болгонуна таң калбаска айла жок. Балким, Жогорку Кенештин "Свободные горы" гезитин, көз каранды эмес "Политика" гезитин да биз жаптырдык?! Депутаттарды өкмөттүк ММК "шыбаганы" эле болбосо, башка бул маселеге эч байланышы деле жок. Алар дайым ММК тарабынан сындала берет, бирок ошого каршылык чара көрүү иммунитети да жок. Бүгүн, ушул сөздүн ыгы келип калганынан пайдаланып, журналистерге кайрылаар элем: "Биз силерден 100% чындыкты талап кылбайбыз, 50% эле калыстык кылган болсоңор чексиз ыраазы болоор элек. Ал эми силердин эркин сөзүңөр коомчулукка өтө керек, ошондуктан, өзүңөр билгендей мен силерди дайым колдоп келгемин жана колдой бермекчимин".

Кийинки маселе — бул депутаттардан кол тийбестикти алып салуу. Эгерде эсиңиздерде болсо, мен МЧЖдын биринчи эле отурумунда ушул кол тийбестикти депутатардан алып салууну сунуш кылдым эле. Бирок, өзүңөр билгендей менин сунушумду 3 гана депутат колдоп, палатадан өтпөй калган. Андан бери көп эле убакыт өттү. Бүгүн мени тан калдырган өкмөттүк ММКнын жалгыз гана депутат-тардын кол тийбестигин көтөрүп жатышкандыгы. Аларга бере турган суроом: "Эмне үчүн, силер ошончолук эле көрөгөч болсоңор, бийликтин башка бутагындагы кол тийбестик жөнүндө ооз ачып да койбойсуңар? Алсак баарынан алып салалы, бир эле депутаттардан эмес".

Ансыз деле Ак үй айрым чындыкты айткан депутаттардын арка-сынан узун укуругун салып жатышканы жашырын деле сыр болбой калды. Элди кандай алдасаң да жарашат дегенсип, Акаев депутаттардан кол тийбестикти алдырып койсок эле Ак үйдүн жетинчи кабатына жеткен коррупция да жоголуп кетчүдөй түр көрсөтөт. Турмушубуз ушул депутатгардын кол тийбестигин алып салсак эле околуп кете турган болсо, кенедей да ойлонуп отурбастан эле алып салалы.

Урматтуу депутаттар, биз өткөн референдумда эч кийлигишпейли деп, мыйзам чыгаруу иши менен гана алек болуп, Адахан айткандай «өзүбүздү биттеттирип» алдык эле. Эми да биз кийли-гишпей эле коелу деп, анын бийлик кумарына малынган аппетитин күчөтүп жатканыбызга жол болсун. Баарыбыз илимпоздун лабораториясында эксперимент үчүн кызмат кылуучу жандыктардан айырмабыз жок болуп баратканыбыз мени тынчсыздандырып жатат. Ошондуктан, бул өтө маанилүү саясий маселе боюнча биз даярдаган элге кайрылууну колдоп берүүнөрдү өтүнөмүн. Тексти сиздерге таратылган. Эртең кеч болуп калаарын унутпасаңыздар.

Жок, колдобосоңуздар, анда биз эл аралык коомчулукка кайрылып, мындан ары Кыргызстанда парламенттик институт биротоло жоюлуп, анын ордуна эч бир мамлекеттин тажрыйбасында болуп көрбөгөн, ачык курал колдонбогон, оппозицияны катуу куугунтуктабаган, ошол эле мезгилде талыкпастан демократиялык баалуу укуктарды, адам укугун курулай эле жарлыктай берип, ал эми чындыгына келгенде өтө куулук менен ал касиеттердин баарынын тамырын жулган, кайталангыс, өтө куу, жылмайган диктатура, кыргыз модификациясы бар диктатура орногонун жарыялап туруп, тарап кетишибиз керек.

Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат!

 

САЯСИЙ КРИЗИСТИН СЕБЕПТЕРИ ЖАНА САБАКТАРЫ
    ("Кыргыз ордо", 29-август – 5-сентярь, 2002-жыл)

Бүгүнкү саясий кризис кандайча пайда болду, эми эмне болот жана ал кризистен кангип чыгуу керек? — деген суроого так жооп бөрүү өтө оор.

Биринчиден: саясий кырдаалдын курчуп кетишине, албетте Аксы окуясы түрткү болду. Ал эми Аксы окуясы кайдан чыкты? Элибиз бийликтин 12 жылдан берки кылык-жоруктарын көтөрүп, сабырдуулук кылып отуруп, акыры өз бийлигинен ок жегенден кийин, эч күнөөсүз азаматтарынан айрылгандан кийин жарылып отурат. Куралсыз өзүнүн конституциялык саясий укугун накта де-мократиялык жол менен коргогону үчүн мыкаачылык менен согушта душманынын огуна учкандай акыбалга дуушар болушту. Бул кандуу окуя мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч туудургандыгынан эмес, алардын арам байлыгына жана эки жүздүү бийлигине көз арткандан эмес, жоопкерчиликтүү чиновниктин өмүрүнө коркунуч болгондуктан эмес, же болбосо кайсы бир жергиликтүү начальник акылынан адашып калып буйрук бергенинен эмес, куралы колунда бар милииия өзүнүн өмүрүн коргогондуктан эмес, мамлекеттик бийлик элди коркутуп тыюу жана жазалоо максатында атайын аттырды. Аттырбаганда эмне кылмак? Качан эле кыргыз эли бийликке каршы чыкчу эле, качан эле оппозициялык партиялар, журналисттер жана коомдук укук коргоочулар аксылыктарчалык массалык түрдө узак мөөнөт жүрүш уюштуруп, өзүлөрү бекем талап койчу эле?

Бул Аксы коогаланы Кыргызстандын кайсы булун-бурчунда болбосун жана качан болбосун, акыры болмок. Буга чейинки Кыргызстандагы саясий коомдук процессттердин терс багыттагы өнүгүүсү акыры ушул трагедияга жеткирмек. Кыргызстандын атуулдарынын коомдук саясий иштериндеги кайдыгердиги, саясий күчтөрдүн чабалдыгы, бийликтин карөзгөйлүгү, карапайым элине карата чексиз "өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илгенинде" болду.

1993-жылда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыкты Конституцияны өзгөртүүнүн кажети бар беле? Албетте, жок. Аны өзгөртүү үчүн миллиондогон каражаттарды чачып, үч сапар "жалпы элдик" референдумду өткөрүп жана аны көз боемоочулук менен жалпы эл колдоду кылып парламенттин, өкмөттүн бийлигинин эсебинен президенттин укугун көбөйтүп жана сот бийлигин жеке президенттин кол баласына айлантуу кимдин кызыкчылыгына жооп бермек? Шайлоо комиссиясынын шайтан оюндарын көрүп турсак да каршылык кыла албадык. Анткени уят-сыйытты такыр унутуп коюшуп, КГБсы, МВДсы, Прокуратурасы, Соту, бардык мамлекеттик структуралары шайлоону өз колу менен баштап жана өзү билгендей бүтүрүп жатса эл эмне кыла алат эле? Боршайком Ак үйдүн заказын аткаруу экспериментинин жемиштүү жениши катары 1995-жылкы парла-менттик шайлоодо Сокулук районунда М.Шеримкуловду жайлады-бы? Жайлады. Андан көп мезгил өтпөй президенттик шайлоодо жеке эле Баткен, Ош, Жалалабадда эмес, жалпы эле Кыргызстандын ре-гиондорунда Апсамат Масалиевдин добуштарын жайладыбы? Жайлады. 2000-жылкы парламенттик шайлоодо №44 Карабуура округунда Ф.Куловдун, Ысыккөл районунда Ө.Суваналиевдин шайлоочуларынын берген добуштарын, Ф.Куловту КДК партиясынын тизмесине кошуп койгондугубуз үчүн сотаркылуу КДК партиясын жайладыбы? Жайлады. Мен жалпы элге аттын кашкасындай белгилүү гана окуяларга токтолуп жатам. Мындай фактылардын өтө эле көбүн келтирүүгө болот.

Мына ушул удаа-удаа өткөн рефсрендумдарда 1993-жылкы Конституаияны бузуп, бүт маселелерди президент өзү гана чечип калды. А бирок президент ошол эле убакытта такыр эч нерсеге жооп бербейт. Алббетте, МВФ, Дүйнөлүк банк жана башка ушул сыяктуу кредит инвестицияларды берүүчү донор уюмдардын жана Кыргызстан мүчө болуп кирген эл аралык уюмдардын талабына ылайык келишимдерди, мыйзамдарды кабыл алдык. Антпесек бизге ким каражат берет? Конституциябызда цивилизацияга жеткен демократиялык мамлекеттин саясий атуулдук укуктарын камсыз кылуучу шарттар болсо дагы, иш жүзүндө алар одоно бузула берди.

Саясатчылар өзүлөрүнүн оюн ачык айтып жана аны иш жүзүнө ашыруу укугунан ажырашты. Ишкерлерибиз жогору жакта колдоосу болбосо мыйзамдын негизинде ачык-айкын өзүнүн ишин жүргүзө албай калышкан. Мамлекеттик ири кызматтарды, бардык структураларында кызматты сатып алуу кадимкидей элетабигый көрүнүшкө айланып калды. Коррупция, Акаев айткандай, Ак үйдүн жетинчи кабатынан башталат. Криминал топтор, жооптуу мамкызматкерлер, укук коргоо органдары эбак эле биригип кетишкен. Кыргызстандын түрмөлөрүндө соттолуп отургандар мамлекеттин миллиондогон сомдорун сугунуп койгон аткаминерлер эмес, айласы кетип майда-чүйдө уурулук менен бала-бакырасын багам деп кармалып калган шордуулар. Натыйжада, сөз жүзүндө бир, иш жүзүндө такыр башка стандарт менен жашоо жеке эле бийлик чөйрөсүнө таандык болбостон, жалпы коомчулукка табигый көрүнүш катары таркады. Үстүдө айтылып кеткендей шайлоолор, референдумдар ачык эле фальсификация кылуу менен Ак үйдүн заказын гана аткарып калганына көзү жеткен элде дээрлик мамлекеттик бардык саясий укуктук институттарга болгон ишеними жоголду.

Ошол эле учурда оппозициялык саясий партияларга, өкмөттүк эмес уюмдарга, көз каранды эмес массалык маалымат каражаттарына мамлекеттик колдоону мындай эле кой, алардын баарына мамлекеттик бийлик өзүлөрүнүн партияларын, ӨЭУын, мамлекеттик каражат менен каржыланган гезиттерин, КТРди каршы коюшту. КТР жана өкмөттүк гезиттер дезинформация ишин ачык эле Күчөттү. Өзүнө жакпаган саясатчыларды, ӨЭУдун өкүлдөрүн, журналисттерди куугунтуктоого алып, айрымдарын соттоотуудан да кайра тарткан жок. Бюджеттик мекемелерди, студенттерди, айрыкча аскер кызматындагыларды жана ички иштер кызматкерлерин элге каршы күч катары пайдаланышууда. Ал эми УКК болсо оппозицияны андыгандан башка эмне иш кылганын эч ким билбейт.

Мамбийлик бир жагынан өзүнүн ресурсундагы бардык структуралар аркылуу граждандардын укугун тебелеп, экинчи жагынан бийликтин мыйзамсыз жорук-жосундарына кеңири жол ачып койгон. Ал эми ... элдин, саясий партиялардын өзүлөрүнүн оюн, идеясын, пикирлерин эркин билдирүүгө жана таркатууга куралсыз тынч чогулууга, митингдерди жана демонстрацияларды эркин өткөрүүгө... түздөн түз Конституция (16 статьясы) берген укугун одоно бузушуп, акыркы 7-8 жылдын ичинде бир дагы саясий партияга митинг өткөрүүгө уруксат беришкен эмес. Мен жеке өзүм эле акыркы жылдары жергиликтүү бийликке мыйзамдын бузулгандыгына на-аразылык билдирүү үчүн митинг өткөрүүгө КДК партиясынын жетекчиси катары беш сапар кайрылып, бирок бир да жолу уруксат ала алган эмесмин. Бул адамдын укугун бузуу эмей эмне?

Мына, ушул үстүдө айтылган коомдук терс процесстердин өнүгүүсү бийликтин көзүн май бастырып, тынч жана куралсыз, өзүлөрүнүн пикирлерин эркин билдирүү максатында келе жаткан аксылыктарды ээн талаадан тосуп алып аттыргандыгы акыры бир күнү болмок. Болду. Кан төгүлдү. Аксылыктар М.Бекмуратов, К.Сапаралиев, С.Тагаев, Э.Четинбаев, Э.Умөталиев, С.Уркунбаев жана аксылыктардын адилеттүү талабын колдоп, саясий ачкачылыкта Ш.На-заркулов өзүлөрүнүн өмүрлөрүн берсе, дагы оңдогон аксылыктар ок жеп жаракат алып, бир гана А. Бекназаровдун боштондугу үчүн эмес, жалпы бардык кыргызстандыктардын тебеленген укугун коргоп, демократия үчүн жерибиздин, мекенибиздин бүтүндүгү үчүн күрөшүштү. Мындай бийликтин огунан курман болгон азаматтарыбызга эң жогорку Кыргыз Республикасынын Баатыры деген наамды ыйгаруусун бардыгыбыз талап кылышыбыз керек. Ал жогорку наамдын баркын кетирип, өзүнүн кошоматчыларына деле берип жатпайбы президент. Ошентип, мамбийлик өзүнүн граждандарынын эн биринчи укугу болгон — жер жүзүндө жашоо укугунан ажыратып отурат. Бийлик бүгүн аксылыктарды аттырса, эртең таластыктарды, көлдүктөрдү, нарындыктарды, чүйлүктөдү, бишкектиктерди аттырбайт деп ким кепилдик бере алат?

Жогоруда аталган акын Бекболотовдун дагы бир ырына көңүлүңөрдү бурайын.

АКСЫ ЫЙЫ

Сынып чындык, калыстык уурдалганын
    Уккан сайын ызага ууланамын.
    Катар туруп кайгынды бөлүшалбай,
    Кандай кылам, аксылык туугандарым?!

Бүтө турган иш эле жакшылыкча,
    Ок атылып капилет аксылыкка,
    Алатоону аралап жүрөт окшойт,
    Арбактары айланып ак булутка.

Кантип аттын, катыгүн, өз элинди,
    Өрттөдүбү өкүнүч өзөгүңдү?
    Кашайгыр ай, кашайып калгырдыкы,
    Ата-энеңе автомат кезедиңби?

Канга боеп Боспиек, Кербен жерин,
    "Аткыла" деп буйрукту бергендер ким?
    Жалган куран айынын он жетиси –
    Бийлик үчүн тарыхта шерменде күн.

Алар деле каалаган баш аманды,
    Бир аз эле жакшыраак жашаганды.
    Кан какшаган калк үнүн укпагандар.
    Кудай берсин силердин жазаңарды!

Экинчиден: зар какшап, "күнөөлүүлөрдү жазалагыла"— деген элдин талабына президент түкүрүп эле койду го. Анан ошол үчүн анын отставкасын талап кылган оппозиииянын өкүлдөрүн душманы кылып, бюджеттик мекемелердин коллективдерин, студенттерди, УККсын, ИИМин кошуп, баарын таанылбасын деп граждандык кийимчен чыгарып, "дежурлардан" башка бирөө сүйлөбөсүн деп, трибунаны курчатып, бирин "кызматтан кууласың", экинчисин — "окуудан чыгасың, барып Акаевди колдобосоң" — деп коркутуп, мажбурлап, Бишкектин борборундагы эски аянтка айдап чыгышып, кадимки 1930-1937-жылдардагы Совет бийлигинин, партиянын жол башчыларынын ыкмасындай массалык түрдө оппозииияны айыптап, Сталинди мактагансып Акаевди мактап, ошол оппозициянын жетекчилерин мамлекеттик кылмышкерге айлантып, камакка алууну максат кылышканы даана эле көрүнүп турбайбы.

Аксы коогалаңы болуп, ал окуя саясий кризиске алып келгенинин айрым эле себептерине токтолуп кеттик. Ал эми бүгүн ар бирибиз күбө болуп жаткан Акаевди колдоо митингдери жер-жерлерде өтүп, анда өтө кыраакылык менен тандалган "дүжүрлөргө" алдын ала "такталган" тексттерди окутуп жатканы сокурга да көрүнүп турат. Эмнегедир шилекейи чачыраганча Акаевди мактап, аны коргоо керек деп жатышса да, убагында Сталинди колдогондой дүркүрөгөн кол чабуулар байкалбайт. Тескерисинче, Бишкектеги бийлик уюштурган "митинг жабык"— дегенде, аргасыздан катышып тургандар биринчи жолу көңүлдөнүп, кол чаап жатышпайбы. Бирок, кеп чын ниети менен катышкан катышпаганында эмес, ошол мойнунан байлаган ит сыңары, арга жок элдин санын көбөйтүп эле туруп бергени эле керек бийликке. Анткени, КТР жаналекетке түшүп, жалпы эл көтөрүлүп чыгып оппозицияны айыптап, Акаевди колдоп жатат деген жомогун улантып, элибиздин ан-сезимин көнгөн адатынча тескери буруп жатпайбы. Токмокто (Бурана), Сокулукта, Бишкекте, Таласта (Манасордо), Кочкордо, Жумгалда, Ысыккөлдө (Кербенжүрүш) жана түштүктө өтүп жаткан жалпы элдик митингилер арасындагы адамга күлкү келтиргендей көрүнүш болгону менен өкмөттүк теле, радио, гезиттер аркылуу коомдук пикирди оппозициялык кыймылга, анын жетекчилерине каршы мобилизациялоодо, ошону менен бирге, бийликке аларды куугунтуктап, кылмышкер катары камоого, соттоого жакшы шарт түзүп берүүдө.

Кечээки эле 89-90-жылдары "Ашар" коомунун, андан кийин КДКнын башынан өткөн окуяларды эстесек эле жетиштүү болот. Мисалы, 1989-жылы өлкөбүздө кайра куруу башталгандан кийин, оңдогон жылдары Бишкектеги өндүрүш ишканаларынын эң оор бөлүктөрүндөө эмгектенип келишип, үйгө жете албай ар кайсы батирлерде бала-бакырасы менен кордук көрүп келген кыргыз жаштарынын конституциялык укугун коргоо максатында "Ашар" коомун уюштурганыбызда бизди да, артыкча, жетекчиси катары мени. Бишкектин бардык колективдерине, райондук жыйындарда улутчул, түрмөдөн жаңы эле чыккан рецидивист, экстремист деп ошондогу жетекчилер коомдук пикир түзгөндүгүнүн натыйжасында үстүмөн кылмыш ишин козгошуп, тогуз ай тергөө ишин жүргүзүшүп, үйүмдүтинтишип, акыры эч күнөөмдү далилдей албаганынан кылмыш ишин токтотушкан. Ошол эле учурда жаны конушка үй салуу укугун алган Бишкектин тегерегиндеги жаштарга элди каршы коюу максатында бийлик канча провокацияларды гана уюштурган эмес. Биз, "Ашардын" жетекчилери, союздук бийлик элдик кыймылды токтотуу үчүн түрлүү провокацияга бараарын алдын-ала билип, жаштардын арасында түшүндүрүү иштерин жакшы жүргүзгөндүгүбүздөн гана бийликтин максаты ишке ашкан эмес.

Жаштар арасында КГБ тарабынан кандай гана бузуу, жаруу, кайраштыруу аракеттери жүрбөдү. Ырас, күч колдонуп кыймылды токтотуу үчүн шылтоо керек болчу. Эгерде эле ашарчылар жана алар-ды активдүү колдогон студенттер, жаштар жана алдынкы интеллигенция өкүлдөрү провокацияга алданып, кандайдыр инцидентке кабылганда, мамлекет күч менен басып, бизди узак мөөнөткө ка-моосу шексиз эле. Эн алгачкы саясий митингди 1990-жылдын 25-январында Ак үйдүн астында өткөрүп, бирок эл көп болгондугуна байланыштуу эртеси 26-январда Алатоо аянтында өткөзгөнбүз. Ошол 26-январдагы митинг болоордо КГБ мени кармап кетип, каматуу планын даярдаган экен. Бирок, мен алардын жашыруун арам планын билгендей митинг башталганда эле аянтта турган элге кайрылып, аларды ашкерелеп, планын бузуп, өзүмдү сактап калганымды 4-5 жылдан кийин ошол КГБнын бир жооптуу кызматчысы бир Конокто отуруп, байкабай менин жердешиме айтып алган.

Бир жыл өтпөй Кыргызстан демократиялык кыймылы (КДК) түзүлдү— КДКнын кыргыз тарыхында жасаган зор эмгегин башка бирдагы саясий кыймыл же партия азырынча жасай элек. Кеп анда эмес. Кеп бүгүнкү саясий курч кырдаалдагы бийликтин "Акаевдин отставкасы жана эл үчүн реформа" кыймылына каршы уюштуруп жаткан бүгүнкү шайтан оюну жөнүндө. (Ушул жерде айтыи кетчү дагы бир сөз бар. Мен ушул кыймылдын атын "Аксы коогалаңы Кнйталанбасын"— деп атайт элем. Бул сунушумду башкалар колдобой коюшкан. Менимче мындай ат ишке көп зыян алып келди.) Алардын накта максаты эмнени көздөйт жана биз ошол кечээ эле Жакында башыбыздан өткөргөн окуялардын сабагы эмнени айтып турат, кеп ошондо. Эгерде, биз ар бир өткөн саясий турмушубуздан Жигердүү сабак албасак, анда накта бүгүнкү бийликтин таз кейпин биз да кийип калабыз.

Биринчи сабак. Бийлик сөзсүз түрдө элдик кыймылга каршы провокация уюштурат. Чатак чыгарууга, эл арасындагы кагышуу болушуна аракет кылат. Бүгүнкү бийлик өзү өткөрүп жаткан жер— жерлердеги митингилер ошол аракетинин башаты. Адегенде кыймылга каршы коомдук пикир түзүү, оппозициялык күчтөрдүн кыжырына тийип, алардын тартип бузууга, мыйзамды бузууга шартын түзүү. Андай болгон соң оппозицияны күнөөлөп, көпчүлүк элдин колдоосуна таянып, Кыймылга каршы чечкиндүү күч колдонуу жана анын башындагыларды биротоло эл душманы кылып жана анын шылтоосу менен авторитардык режимдин диктатурасын орнотуу үчүн ыңгайлуу шарт түзүү. Демек, мындай чатактын чыгышы эч качан элдик кыймылдын, кайсы бир оппозициялык структуранын максатына таптакыр жооп бербестен, түздөн түз бийликтин гана кызыкчылыгын көздөйт. Бардык күчүн оппозииияга каршы колдонууга оңой жол ачат.

1990-жылы СССР империясы Балтика жээгиндеги республикаларды өз тутумунда кармап кала албай жана алардын бөлүнүп, өз алдынча эгемендүү мамлекет болуп кетүүсүнөн, башка союздук рес-публикаларга да үлгү боло баштаган таасиринен коркуп, Вильнюс, Кишинев, Тбилиси, Алматы, Баку, Душанбедеги окуяларын жана ошондой эле Ош окуясынын чыгышын тымызын уюштуруп, ошол улуттар ортосуна от жагып, аларды бири-бирине каршы кагыштырып, алсыратып, анан армия, милиция менен алардын жазасын берип жана элдин ынтымагын. саясий стабилдүүлүктү сактоо үчүн чара көрдүк деген шылтоо менен эл аралык масштабда өзүлөрүн актоо жана экинчи тараптан СССРди сактап калуу аракети болучу. Бул жөн гана менин фантазиям эмес.

Мен 1989-жылдын аягында 90-жылдын башында конспиративдүү түрдө эки сапар Литвага барып, союздук респуликалардын элдик фронтторунун, демократия кыймылдарынын, саясий күчтөрүнүн лидерлери менен жолугушуп жана үстүндө айтылуу кандуу окуяларды чагылдырган видеотасмаларды, башка документтерди көргөн адам катары айтып жатамын. Деги эле бүгүнкү кыргыз бийлиги өзү уюштуруп жаткан митингилер ошол мен айткан кандуу окуялардын авторлорунукунан эч кандай айырмасы жок, накта ошол эле сценарий менен жүрүп жатканында.

Экинчи сабак. Эгерде аксылыктар өзүлөрүнүн талаптарына ылайык Бишкекке келишсе жана аларды колдогон башка региондордон келгендер да бийлик өзү митингдерди жер-жерлерде өткөрүп, үлгү болуп жаткандай шартта (канча кылганы менен прецедент бар да) митинг өткөрүшүп, талабы аткарылмайынча тирешүүгө барышса, анда мамбийлиги тарабынан опурталдуу провокация аркылуу башаламандык уюштуруусу толук мүмкүн.

1990-жылы Дүйшөнбүдө он миңдеген адамдар (документалдуу видеотасманы коргөнүмдө бир да масты же болбосо наркоманды жана куралчан адамды көргөн эмесмин) ошондогу Тажикистандын компартиясынын 1-катчысы Махкамовдун отставкасын талап кылышканда так ошол, азыркы тажик президентинин резиденциясынан снайперчи маңдайдагы үйдө, кухнясынан аянттагы элди карап турган башка улуттагы аялды чекеге атып, ызычуу, баш-аламандык уюштуруп, элге наркомандар башка улуттарга каршы ок атышты деп, өзүлөрү баштап алып, бүгүнкүгө чейин тажик жеринде толук тынчтыкты орното албай келишет. Мына, кайсы бийлик болбосун, ал эми биздин бийлик артыкча, өзүнүн байлыгынан ажырап калбас үчүн да адамдын өмүрүн бир тыйынга баалабастан, эл ичинде массалык психоз жаратышып, элдин ичиндеги карама-каршылыкты атайын эле күчөтүшүүдө.

Бийлик оппозициянын ичин бөлүп-жаруудагы биринчи "жеңишине" жетти десек болот. "Агым" гезитинин кожоюну Мелис Эшимканов Оштогу отставкадагы милициянын генералы Абд-рахманов сыяктуу А.Акаевди эми дагы бир жети жылдык мөөнөткө шайлап алууга чакырбаса да Акаевден башкалардын баары согушка дапдаяр болуп турган "толпа" деген маанайда "Аргументы и факты" гезитинде интервью берип салды. Бул Мелистин өз абийринде болсун. Толпа деп Акаевди колдоо үчүн күч менен аянтка айдап чыккан митингдеги элди айтса окшошмок, бирок аксылыктардын жогорку саясий маданияты, кыраакылыгы, туруктуулугу, эрки жаңы соңку кыргыз тарыхындагы демократия үчүн кошкон салымы терең урматтоого гана татыктуу.

Аксы окуясы бүт элди ойготту. Аксылыктар бийликтин маскасын сыйрып ташташты, карапайым элге чоң ишеним жана үмүт берди. Акырында айтаарым, элди кайраштырган, Конституцияны, Мыйзамды бузган, абийирин унуткан, өз элинин ичинен душман издеген жана жеке бийлик кызыкчылыгын бардыгынан жогору койгон бийликтин келечеги жок.

Президент Акаев өзүнүн Указы менен Конституциялык кеңешме курамын түзүп салды. Бул тегерек стол-1, тегерек стол-2 жана тегерек стол-3 сыяктуу эле кезектеги амалкөйлүгү, анткени эл талап Кылган конституциялык реформа Акаевдин саясий оюндарынын Кесепетинен чыккан бийлик башаламандыгын жоюу эле. Менимче, Акаев өзү башында турган бул орган Акаевдин саясий укуктук манипуляциясынын ишке ашуусуна гана жардам берет.

Жалпы элибиз бийликтин провокацияларына жеңдирбей, конституциянын, закондун негизинде биримдигин бузбай саясий талаптарын коюшса, оппозиииялык күчтөр айрым азгырма ораторлорду ээрчибестен, эмоцияга алдырбай, конструктивдүү талаптарды коюп, алардын ишке ашуусун жогорку деңгээлде уюштура алышса жана президент өз абийри менен отставкага кетсе, конституциялык реформа бардык бийлик бутактарынын тең салмактуулугун камсыз кылса жерибизде тынчтык, стабилдүүлүк жана демократия орношуна көзүм жетет.

 

БУЛАР БЕКЕРИНЕН БИЙЛИКТЕН АЙРЫЛГЫСЫ КЕЛБЕЙТ
    ("Республика", 4-сентябрь, 2002-жыл)

— Жыпар Жекшеевич, сиз 1989-90-жылдардагы массалык акциялардын башатында болгонсуз. Андан бери 12 жыл өткөнүнө карабастан тарых кайталанууда. Бул мекенибиздин тарыхындагы эки мезгилдин эмне айырмасы жана эмне окшоштугу бар?

— Кандай режим болбосун, массалык түрдө каршы пикирлер иш-аракеттер үчүн жүйөөлүү себептер болуп турат. 1989-жыл. Ошол "Ашар" кыймылын уюштурууга түрткү болгон өлкөдөгү чечилбей келген курч мүнөздөгү социалдык маселелер болучу. Бирок кыймылдын түзүлүшүнүн негизги өзөгү, албетте, орчундуу саясий талаптар эле. Ал мезгилде бирдиктүү Союз, коммунисттик режим ачакей көз караштарга, саясий структураларды түзүүгө мүмкүнчүлүк бербей тургандыгынан, коомдук-саясий кырдаалдын татаалдыгынан, ошол шартка ылайыктап, коомдук талаптарды ачык коюунун формасын табуу зарыл эле.

Ал эми кыргыз жаштары өндүрүштүн эң оор, ден соолукка зыяндуу жерлеринде оңдогон жылдары эмгектенип келишкенине карабастан, үй-бүлөсү болсо да, эмнегедир үй алуу укугуна сырттан келгендерге салыштырмалуу ээ болбой келишкен. Алар биригип, бир күч болгондо гана астында турган социалдык маселелерди көтөрүп жана аларды чечүүгө болот эле. Бирок, бул башталышында социалдык маселенин тегерегинде бириккенибиз менен, кийинчерээк биздин катарыбызга саясий көз караштары калыптанган инсандар кошула баштады. 1990-жылы 25-январда Ак үйдүн астында, 26-январда — Борбордук аянтта уланган 6-7 миң адам катышкан эң ачгачкы саясий митингилер биринчи жолу өз алдынча мамлекеттүлүктү, кыргыз тилине мамлекеттик статусун алып берүү жана башка ушундай сыяктуу талаптарды койгондугу менен тарыхта калды.

Башкача айтканда, КДКнын программасындагы кийин жаңы Конституцияга кирген биртоп эгемендүүлүктү тастыктаган талаптар так ошондо башталган эле. Ал эми ушул 2002— жылдын элдин массалык толкундоосу, жүрүштөрү алардын бүгүнкү бийликке ишеними кеткендиктен, терең нааразычылыктан чыгып отурат. Сиз "12 жыл" деп жатасыз. Ооба, элдин коомдук-саясий процесстерине ошончо мезгилден бери кайдыгер мамиле кылгандыгынан бүгүнкүдөй жеке бир адамдын колуна чексиз бийликти топтоосуна алып келип отурат. Бүгүнкү окуялардын чыгышынын бирден бир себеби ошондо.

Мамлекетибиздин аймактын бүтүмдүгүн бир эле адам өзү билгендей чечип коюп, андан кийин аргасыз болгондуктан аны мыйзамдаштыруу иш-аракеттерин издегени эле көп нерсени айтып турат. Баарыбыз эле демократиялык мамлекет куруп жатабыз деген кыялдан арый албай, кайдыгер жүрө берип, бийликтин коомчулук бар экенин эсинен чыгарып, өзүлөрүнүн конституциялык укуктары үчүн күрөшкөн жарандарыбызга бийлик ок атты. Так ошол ок атылган мүнөттөн Кыргызстандын тарыхынын жаңы баракчасы башталды. Замандаштарыбыздын аң-сезими түп тамырынан өзгөрдү. Акыры бардыгы ойгонду. Эгерде бийлик адамды Кудай берген жер жүзүндө жашоо укугунан ажыратпаса мынчалык өтө тез элдин аң сезиминде өзгөрүш болмок эмес. Эки окуяга ар башка себептер түрткү болгону менен, алардын окшоштугу — бул элдин бийликке жана алардын жүргүзгөн саясатына каршы көз карашын билдирүүсү.

— Эгерде 90-жылы бийлик кандай болбосун элдин нааразычылыгы улам күч алып баратканын, режимдин күнү бүтүп калганын туура түшүнгөндөй мамиле кылган болсо, бүгүнкү бийлик мүмкүн болгон бардык технологияны колдонуу менен каршылык көрсөтүүдө. Элдик
массанын бүгүнкү бийликке жасаган кысымы, бул режимдин кетүүсүн ишке ашыра алышы канчалык реалдуу?

— Качан баары — бийлик жана эл, — өзүлөрүнүн тирешүүсүндө белгилүү мыйзам чегинен чыга баштагандан кийин, качан эл бийликтин саясий жана укуктук институттарынын бардыгына ишеними такыр кеткен учурда, качан бийлик маалымат согушунда оппозицияга жеңилип жаткандыгын мойнуна алып жана эл өкүлдөрүн массалык түрдө "соттоо", айыптоо иштерин жүргүзө башташканда социаллык жарылуулардын болушу ажеп эмес. Мындай корүнүштөр режимдин күнү бүтүп баратканынын белгиси сыяктанат. Демек, коомдо орчундуу өзгөрүүлөр күтүлөт.

— Азыркы бийлик бул болуп жаткан элдик козголуштардын аркасында кандай айла менен болсо да бийликке келүүнү көздөгөн саясатчылар турат деген имишин элге танымсыз ишендирүүгө далбастап жатышат. Ошол эле учурда бул кыймылда биримдик жана бирдиктүү каршылык көрсөтө алгандай эрк жоктой. Сиз Аксыда курултайда жана түндүк региондордо да көптөгөн эл менен жолугушуп жүрөсүз. Канчалык 90 — жылдардагыдай жалпы эл колдоо көрсөтүүгө даяр?

— Бийликке умтулган саясатчылар дайым болуп келген. Мындай умтулуу менен өзүлөрүнүн болгон күч-кубатын иш жүзүндө көргөзүү аракети экени түшүнүктүү. Бирок мени таң калтырганы -бийлик элди өз акылы, өз түшүнүгү жок, бир кишинин айткан сөзү менен эле бир нече ай бою жүрүш уюуштура берген айдатма топ катары эеептешкени. Ал жүрүшкө күнүмдүк бала-бакырасын багуу түйшүгүнө карабастан, бир нече миң адамдардын өтө жогорку саясий маданияттуулугу, сабырдуулугу менен катышуусу эле эмне дегенди айтып турат. Мен бүгүн саясатчылардан да эл жетиштүү шашылып калганын айтаар элем. Албетте, жогорку деңгээлдеги, элдик кыймылды жетектеп келген саясатчылар өзүлөрүнүн талаптарын кое билери шексиз.

Деги эле тарыхта бир адамдын субъективдүү пикири менен эле эл котөрүлүп кеткен учур болгон эмес.

— Сиздин оюңузча, бул режим деле 90-жылы А. Масалиев кеткендей кетин кала алабы? Акаев эмне кылат, же эмне кылууга тийиш эле?

— Масалиев эч кандай күч колдонбой, кандайдыр бир каршылык кылбастан, салыштырмалуу жеңил эле бийликтен кетип калганы, анын А.Акаевдикиндей бийликтен ажырабас үчүн ушунчалык зор жеке кызыкчылыгы болсо да, Акаевге караганда ал көп эле тазалыгы менен айырмаланган.

Масалиев бийликтен башка эч нерсе жоготкон жок. Ал эми бүгүнкүлөр бийликтен ажыраса, өтө эле чоң жоготууда болоору талашсыз. Бул бийликтегилер амалкөйлүк менен топтоп алышкан ою чоң байлыгын жоготуудан катуу коркушат. Ошол себептен бардык коомдогу балээнин баары оппозициянын лидерлеринде деп көпчүлүктү алдоого аракет кылышат. Келечекте, керек болсо элге, оппозицияга каршы чечкиндүү күч колдонуп кан төгүүдөн да артка чегинбеш үчүн алдын ала идеологиялык негиз түзүшкүсү келишет. Экинчи этапта болсо — оппозициянын жетекчилерин камоо, соттоо аркылуу диктатура орнотууга жол ачуу.

— Кантсе да, алар эчак эле бул этапты басып өтүшүп, диктатураны орнотуп коюшту го?

— Диктатуранын чегин аныкташ өтө оор. Анын ар кандай түрлөрү болот. Жакында эле депутат Д.Садырбаевге кирип калсам: "1998-жылы референдумдун астындагы депутаттардын сүйлөгөн сөздөрүнүн ичинен эң мыктысы сеники болуптур, Жыпар" — деп жатпайбы. Анда менин айтканым: "Сиздер качан "жылмайган" диктатура орноп калганда гана менин бүгүн эскерткен сөзүмдү эстээрсиңер" -дептирмин — "өзгөчөлөнгөн кыргыз диктатурасы. Бүгүн ал толук калыптанган чегине жете элек. Бул диктатуранын астында биз билбеген мүмкүнчүлүктөрү зор".

— Сиздин ошол жылдардагы шериктешиңиз, менин коллегам Мелис Эшимканов өткөн жумада эле, тартипсиздик, тоноо, зордук-зомбулук башталып кетиши мүмкүн — деп коркутту. 1990-жылы да ушундай болду беле?

— Качан гана бийлик өзү бузукуларды (правокаторлорду) атайлап жибергенде гана баш-аламандык, тартип бузуулар болот. Биздин башыбыздан андай мисалдар көп эле откөн. Бийлик, КГБ эмнеге жөндөмдүү экенин жакшы билгендигибизден алдын-ала тиешелүү аракеттерди көрчүбүз. Биз биринчилер эмес элек. Бизге чейин эле Алматы, Кишинев, Дүйшөмбү, Вильнюстагы кандуу окуялар болгон. Мен ал кандуу окуяларынын видеотасмаларын, көптөгөн башка документтерин көргөндө, бардык окуялар бир гана сценарий менен болгонуна ынангам. Булардын арасына Ош окуясын да кошот элем. Канчалык кыргыз менен өзбек эли кагылышкан болсо да, аны кайсы күчтөр жана эмне максат менен уюштурганын билүү анча кыйын эмес.

Мелистин коркутканы жаңылык деле эмес. Бийликти актоочулардын баары мындай ыкманы колдонушчу. Мени тан калтырганы — бул Мелистин акыркы жылдары эле үч жолу өзүнүн көз карашын 180 градуска өзгөрткөнү. Ал бир туруп келишпес оппозиционер да, бир туруп Акаевдин эң эле ишенимдүү коргоочусу болуп чыгып келет. Мелис, бизге көнүмүш болуп калган өзүлөрүнүн жеке керт башынын кызыкчылыгы, же болбосо бала-чакасынын иштеген кызматына байланыштуу дүжүр чалдардын катарына кошулууга мажбур болгондордон да ашып түштү көрүнөт.

— Акыркы суроо: Келечектеги лидер ким? Ырас, 90-жылдары мындай суроо эч кимдин оюна келбесе керек. Менин түшүнүгүмдө -бул анча орундуу деле суроо эместир. Бийликке каршы болуунун жаратылышы деле, эгерде сен бирөө үчүн күрөшүп жатканың, бул биринчи ирет өзүң, өзүңдүн укугуң үчүн экенин түшүндүрө бербейт. Ал эми экинчи жагынан алып карасаң, биз туура эмес жасаган иштерибизден чоң сабак алууга тийишпиз. А мүмкүн, эми дагы, биз түшүнбөстөн, бизди туура багытка алпара албаган кимдир бирөөнү бийликке алып келип албайбызбы?

— Бүгүн андан да маанилүү эки маселе — бул президенттин отставкасы жана Конституциялык реформа. Эмне үчүн ушул эки маселе маанилүү экенин көпчүлүгүбүз мүмкүн жетишээрлик түшүнбөй ЖГПсандырбыз. Булар бири-бири менен тыгызбайланышта. Анткени, бийликке кимиси келбесин, кимисин шайлабайлы, Акаев өз билгенин бүгүн кылып жаткандай шартты жок кылыш үчүн сөзсүз түрдө Конституциялык реформа керек.

Аңгемелешкен Замира Сыдыкова

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 


Количество просмотров: 3625