Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Сарманбетов А.И., 2010. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 9-сентябры

Айдарбек Имангазиевич САРМАНБЕТОВ

Ойтамчылар

Эсселер

Так, философиялык маанайда кыска сөз айтып, адамдарды дүйнөгө терең көз караш менен кароого чакырат. Рухий, тарбиялык маанидеги эсселер окууга жеңил элпек тил менен жазылган. Юморлук стили аргасыз жылмайтпай да койбойт.

 

Кандын кудурети. Мышык

Табигаттын кудурет-күчүнө таң калгандан бөлөк адам баласына арга жок. Табигат-Кудай улук!

Күндөрдүн бир күнү мышыгыбыз эки мый тууду. Көп өтпөй энеси өлүп калды. Себебин эч ким билбейт. Кыңылдап, кыбырап жүрүп эле суналып калыптыр. Көөмп койдук.

Балдары итиркей келтирип кызыл эт, мажирөө. Мурдун сүткө тыксаң араң ичет. Алсыз, макоо. Анан эле эки-үч ай өтүп таң эрте ишке баратсам бири чычкан тиштеп алыптыр! “Ың-рр!” деп талашпагын, эч бербеймин дегенсип айбат кыла сүр көрсөтүп мыялап коет! Анын чычканын мен талашчудан бетер.

Кудая тобо, деп айран таң калдым ичимден, өзүмчө. Кызыл эт кезинде эле ата-энесиз жетим калса, эч ким аны чычкан карма, аны мындай амал менен ал, олжоңду эч кимге, эч качан бербегин деп үйрөтпөсө. Анан ал мындай тээ, миң, миллион жылдан бери келаткан тукумунун кыял-жоругун, айбатын, жан багуу жол-жобосун кайдан көрүп, кимден үйрөнүп, каяктан тапты десең? Демек, анын мышыктык адат-мүнөзү канынан келген. Кан – суюктук, ал эми суу – акыл-эсти алып жүрөт, маалымат ташыган касиетке ээ деген чын тура. Адам баласы да ошондой, канын тарткан касиетке ээ...

Ошон үчүн “баарыбир канын тартат” деп ата-бабаларыбыз терең сырды даана, ачык айтып койгон экен да. Тобо! Аны алар кайдан билип алышкан, азыркыдай биттин ичегисине чейин көрүп, айтып турган компьютер, техникасы жок туруп?..

 

Бай, селсаяк жана мен

Иштеп олтурсам кожоюнум:

— Айдаке, жүрүңүз бир эс алып келелик. Чарчадыңыз го?— деп калды.

Сыйдан ким качсын. Эзели жете алгыс капкара ЖИПке түшүп, мурдатан угуп жүргөн “Старая крепость” деген байлардын эс алчу ордосуна келдик. Дүр-дүйүм тамак жайнап, биринен-бири сулуу кыздар жүгүнө тамак жаңыртып, магдыраткан аваздуу музыка... бейиш!

Анан бильярд ойноп, ар бири бир адамдын айлык жашоосуна тете арактан үч-төрттү ичип, алагүү болгондо байым:

— Кой, эми кайталык. Ишим, балдарым эмне болду экен? Таң эрте кайрадан азап...— деп убай тартып калды.

Ушуга да шүгүр, бейиш жыргалын таттым окшойт деп, каниет кыла мен да үйгө кайттым. Жыргал! “Кедейдин бир тойгону – орто байыганы” эмеспи. Оо, үйүмө ЖИП жеткизип келди.

Анан эшик алдындагы акыр-чикир ташталчу челекти аңтарып жаткан селсаякты көрүп эсиме келе түштүм. Наарга жарай турган тамак, же бир аз тыйын болчу көр-жер издеп жатат да, байкуш. Бу жашоо кимге бейиш да, кимге тозок?! Тиги бай акылынын акыбетин көрүп жатабы, же бул селсаяк акылдуулугунан бай, санаасы тынчпы? Эмнеге жарык жашоого бирдей эле жылаңач төрөлгөн жандардын бирин бай, экинчисин кедей кылып теңсиз жаратып коет, Кудай?

Селсаяк мени тааный коюп ызаат көргөзө жол бошото берди. Экөөнүн тең сыйына арзыган мен киммин? Балким чыныгы бай болуп жүрбөйүн?..

 

Жиндибаш

Балдарымдын кичүүсү да, таттуусу да кыз. Аты Мээрим. Бир жолу эркелетип, адатымча:

— Жиндибаш кыз, бир чыны чай куюп берчи.— деп калдым, иштебатып.

— Азыр, “жиндибаш” ата.-десе болобу ал!

Менин жактырбай, олурая караганымды байкай коюп кызым:

— Эмнеге таң каласыз, жиндибаш кыздын атасы ким болот? — деп, мени “мат” кылса болобу!

Эмне демек элем, үнсүз жыгылдым. “Акыл – жаштан, асыл – баштан” деген ушул. Жазуучу атасын тарткан да...

 

Көкбет

Үчүнчү балам Азат экөөбүз сүйлөшкөн эле жерден талашып-тартыша кетебиз. Эч оюн бербейт. Мен адатымча акылымды айтам. Жаңылып-жаза тайып калбасын дегеним да.

— Экөөң сүйлөшпөгүлөчү, деги. Урушкандан башканы билбейсиңер, окшошкон көкбеттер.— деп ортого арачы түшөт, энеси.

Мен ичимден жыргайм: баламдын ушундай, беттегенин бербеген “көкбет”, өз оюн коргоп, өз акылына туруктуу адам болуп баратканына. Оомалыктан алыс болсун, ал баарыбир өзү билгениндей жасайт: кээде жаңылышат, кай бирде аныкы чын чыгат. Демек, изденүүдө. Ал — жеңүүчүнүн сапаты, акыры сөзсүз ийгилик жылоолобой койбойт!

 

Эки дос

Дос деп айтуу чоң ыклас. Бир досуң табылса бактылуусуң, экөөнө татысаң төрт тарабың кыбыла. Калганы – карманар, анан жарма достор. Достуктун опол тоодой жүгү бар. Аны татыктуулар гана көтөрүп, бакыт-кайгыңа чыдай алат. Андай ак достор аз болсо да али бар. Шаршенбек, Камчыбек ошондой чын досторум эле... экөө тең эрте кетип жалгыз Мажит калды... дагы бири ал ыкласымды көтөрө албай жүрөт.

Казы бажамдын экинчи уулу Алмаз менен анын досу Бердибекти көргөндө көзүм да, көңүлүм да тоюп калат. Бирине бири татыктуу. Алмаз атасындай алпейим, ашкере аккөңүл, ага жараша катылгандын катыгын катуу берчү айкөлдөрдөн болсо, Бердибеги байыркы баатырлардын бардык сапатын түгөл алган берендерден. Дайыма жакшы көргөнүнө жайдары, жаркылдап, маңдайы жарык. Санжыра, уламыштарда айтылган кыргыз баатырларынын айкөл мүнөзү толук Бердибекте. Анан кыраакы да. Ачууланса душманынын таш-талканын чыгарып жиберет. Бирок, эң алгач баарыга сыйкор.

Бердибектин ашкере сыйынан уялып кой деп ызаат кылсам да болбой төгүлүп турат. Эч качан жок дебейт. Ошого жараша мен да сыйлайм. “Сыйга сый, сыр аякка бал” деген ошол. Чачырай сыйлап турган адамды ким сыйлабай койсун. Душманың да сый күтөт. Физикада ар бир заттын артка кайыруу касиети бар делет. Туура, жакшылыкка сый, жамандыкка муш жооп болот. Бердибектей досу бар Алмаз бактылуу. Анткени, ал дайыма жанында, артынан камтама тартпайт. Ишенимдүү жөлөгү бар.

Бердибектей иним бар, менин да санаам тынч. Бар болсун. Жашоону ушундай угуттуу адамдар көрктөп турат.

 

Ким ойлоптур!

Ишке күнүгө КМУнун башкы имаратынын маңдайындагы 2-жатаканасынын жанынан өтөм. “Маршрутканын” терезесинен көзгө тааныш да, сүйкүм да эски имаратты көргөнүмдө 1970-жылдын жайындагы жалындуу тилектерге азгырылган абитуриент кезим эсимде кайталай жаңыра берет. Ошол, филфакка тапшырып, эч тааныш-тууганым жоктугунан улам бир милийсанын кууганына карабай көчөдөгү олтургучтарга жатып-уктап, салынып бүтө элек курулуштардагы кызыл кыштарга гезит төшөп, чемоданымды жазданып алып түн кечирип, түнөп жүрүп мендей боз баш балдарды дүрбөй ээрчип, жалтак элеңдеп, жөөлөшүп, араңдан зорго жатаканадан орун алып, китепканасында көз тешилте китеп окуп жүргөнүмдө акын-жазуучу болом деген бүдөмүк таттуу ой гана бар эле.

Ошондо журналист катары эларалык, өкмөттүк гезиттердин жетекчиси болом, Т.Усубалиев, Б.Осмонов, Ө.Текебаев, М.Султанов, М.Чолпонбаев, Д.Сооронбаев сындуу алп депутаттар менен тике иштешип, “Кеңеш” гезитинин редактору болом, жазуучу катары эларалык Махмуд Кашгари атындагы, Казакстандын, Кыргызстандын көптөгөн сынактарында жеңип, башкы сыйлыктарын аламын, баарынан да Кыргызстандын Улуттук жазуучулар Союзунун жооптуу катчысы болуп, атактуу акын агам О.Султанов менен ийиндеш иштешип, улуу Ч.Айтматов менен маектешип, Түгөлбай, Хусейин сыяктуу алп аксакалдын колун кармап учурашып, сукбатташамын деп максат кылмак тургай түк ойлогон да эмесмин. Түшүмө да кирген эмес. Кимдир бирөө ошентип айтса акылыңан айланып калган белемсиң деп шылдыңдай каткыраар элем. Же кемсинтип, келекелеп жатат деп мурдун дароо каңдамакмын. Чынында эле мындай болот деп ошогезде ким ойлоптур!

Алгы максат, талбас эмгек, анан аманчылык болсо бу жашоодо ойго келбес окуялар болуп кетет тура.

Бир гана жатакана баягы...

 

Жалбырактар...

Күзүндө күбүлүп түшүп жаткан жалбырактарды көргөнүмдө көзү өтүп кеткен алп адамдар, айжаркын замандаштарым эске түшөт. Аттиң, жалбырактар кайрадан бутагына эгерим илине албаган сыңары эми ал, адеми адамдар эч качан жарык жашоого кайрылып келишпейт! Жалындуу жан дүйнөлөрү да түбөлүккө жок болду...

Жаңы муундун келиши, жашоонун жакшыруусу үчүн эскилердин орун бошотуп туруусу мыйзамченем окшобойбу. Азыркы тирүүлөр да эртели-кеч, күндөрдүн бир күнү акыры кайрылгыс сапарга кетишет... Кандай катаал мыйзам! Бу, буюктурган мыйзамченемди даана туюп туруп жалбырттап жашаган адамзаты да эр экен!

А жаштар неге эрте жайрашат?!..

 

Табият мыйзамы

Бала кезден эсимде: атам койчу эле, койлорду короодон чыгарганда же жайыттан айдап келгенде эркеч баштап келчү. Койлор жалгыз гана аны ээрчийт. Кайда басса басат, болбосо жок, маа демектен атып ий. Жылкыларды айгыр ийрип, көз салып, коруйт. Жада калса жайнаган тоокторду да жалгыз короз башкарат. “Эмнеге?” деп ойлоп таң калчу элем балалык кыял менен.

Эми ойлойм: эркек – табиятынан жолбашчы, коргоочу тура. Ал, аң-сезимдин уюткусу менен берилет окшобойбу. Жаратылыштын мыйзамы ошондой. Азыркы заманда эркектин кадыры кеткенде үй-бүлө бузула баштады, андан улам элден ырк кетти. Демек, улуу мыйзам бузулду...

 

Генийлер...

Деги, жалпы эле калемгерлер калкы кызык калк, айрыкча кыргыздарда. Калеми чийе салганынын баары эле шедевр, өзүн гений санашат. Бири калбай. Өздөрү окуп, угуп, көрүп билишет – гений деген дүйнөдө, өз заманында миңден, миллиондон бир чыгаарын, чыкпаса жогун деле жакшы билишет. Бирок, жок, кыкка жабалактап, кайра-кайра конгон чымындардай дыңылдашып эле баары тең гений болгусу келе беришет... Кызык!

 

© Сарманбетов А.И., 2010. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 2625