Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Драматургия, киносценарийлер, Драматургия
© Байжиев Т.И., 1944. Бардык укуктар корголгон
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 20-сентябры

Ташим Исхакович БАЙДЖИЕВ

Жигиттер

Майдан турмуштан алынган 6 сүрөттүү драма.

 

КАТЫШУУЧУЛАР:

Грачев — Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор — 50 жашта
Гүлсүн — радистка — 18 жашта
Асанов — лейтенант — 25 жашта
Эрмек — сержант, Кызыл Туу ордендүү сталинградчы — 25 жашта
Болжур — Боронбаев — катардагы жоокер — 50 жашта
Үмөт — катардагы жоокер — 26-28 жашта
Бакир — катардагы жоокер  — 28-30 жашта
Туткун — жоокер — 35-36 жашта
Демьян — (Кузнецов Демьян Данилович) — 30-35 жашта
Маевский (Кузьмин) — 35-38 жашта
Агафона(украинка) — 30 жашта
Староста (украинка) — 50-55 жашта
Обер-лейтенант — 25-26 жашта
Фельдфебель — 28-30 жашта
Немец капитаны — 35 жашта
Ефрейтор — 26-30 жашта
Көчөрбаев катардагы жоокер — 25-28 жашта
Немец полковниги — 50-55 жашта

Булардан башка кызыл аскерлер, солдаттпар, украипдик эр-кек-аялдар, бала-бакыра, советптпик полковник, майор, капитан, офицерлер.

Окуя Днепрдин өйүз-бүйүзүнде 1943-жылдын сентябринде өтөт.

 

1-сүрөт

Дивизиянын штабы. Өрттөнгөн кыштактагы бүтүн калган үй. Ачык короо, бир жакта калың токой, алыста Днепр. Короодо күзөтчу ары-бери басып турат. Кабинетте Грачев, полковник, майор, капитан. Столдо типографиялык карта. Кошогө ачылганда какайып турган Эрмекке Грачев буйрук берүүдө. Отурган ордендүү командирлер картаны карап жатышат.
Эрмек. Жарайт! (Кетет)
Грачев (отуруп). Деснадан, Сеймден эң сонун өттүңөр. Бирок ал Десна жана Сейм болучу. Бул... Бул кандуу Днепр. Че-бердик ык керек, сүйүктүүлөрүм. Кызыл армия эми Днепрден кан-тер экен деп бүткүл дүйнө кулагын түрүп турат. Терең ойлоп, мыкты даярдангыла. Чыгымсыз, тез, өтө тездик менен өйүзгө чыккыла. {Картадан көрсөтүп.) Мына бул тегерек дөңдөн өйүз-бүйүздү аткылайт.
Баары. Жарайт, киришебиз. (Кетишет.)
Грачев. Капитан Карабеков! (Карабеков кайра келет.)
Асанов кирет
Асанов. Буйругуңуз боюнча, лейтенант Асанов.
Грачев. Жакшы. Сизге бөтөнчө тапшырма берем.
(Картадан көрсөтуп). Мына бул тегерек дөң, немецтердин күчтүү оборонасы. Так ушул жерден өткөөлдөргө ок жаадырат. Сиз мына бул кырдын түбүнө барып, душмандын огун өткөөлгө жибербей өзүңүзгө тартасыз. Мыкты жигиттерден 40-30 киши алыңыз. Өтө маанилүү, эң зор ишке барасыз.
Асанов. Түшүнөм!
Грачев. Чебердеңиз! Немецтердин алдыңкы линиясын аралап өтүүгө
туура келет. Өтө чебердик, кайрат, ылдамдык керек.
Асанов. Түшүнөм, жолдош генерал-майор.
Грачев (саатын карап). Даярданыңыз, саат төрт ноль-нольдо кырдын этегинде болуңуз.
Асанов. Жарайт! (Кете баштайт)
Грачев (аркасынан). Асанов, кетериңде Гүлсүн менен жакшылап
коштош, таарынып калбасын...
Асанов. Баары орундалат, Сергей Иванович (кетет).
Гүлсүн (Грачевдун жанына келип). Сергей Иванович, мени да Асанов менен кошо жибериңиз.
Грачев. Жок, эң коркунучтуу, эң татаал.
Г ү л с ү н. Ошон үчүн бирге баргым келет. Кыйынчылыкты Алеша менен бирге көрөйүн. Жибериңиз, Сергей Иванович!
Грачев. Жок!
Гүлсүн. Сергей Иванович!
Грачев. Сен мында керексиң!
(Гүлсүн, көңүлү чөгүңкү ордуна келет. Ушул учурда Эрмек кыргыздарды строй менен короого алып келет. Грачев тартмадан кат алып, стройду тосо чыгат.)
Эрмек. Смирно! Равнение налево! Жолдош генерал-майор буйругуңуз боюнча кыргыздарды алып келдим. Сержант Керимбеков.
Грачев. Саламатсыңарбы жолдоштор!
Строй. Саламат!
Грачев. Вольно!
Эрмек. Вольно!
Грачев. Кош, бүркүттөрүм, ал-абал кандай?
Кыргыздар. Жакшы, эң жакшыбыз.
Грачев. Жакшы болсун (Асылбекке). Үйгө кат жаздыңбы?
Асылбек. Жок, чолоо жок.
Грачев (Үмөткө). Сизчи? (Бакирге). Сизчи?
Бакир. Жок.
Грачев. Жарабайт (Болжурга). Сизчи?
Болжур. Адрести орусча жаза албайм.
Грачев. Жарабайт, жолдоштор. Үйдөгүлөр өлүүбү.тирүүбү деп, санаасы чыдабай жатат. Силер кат жазбайсыңар, туура эмес (Асылбекке). Бүгүндөн калтырбай Маржага кат жаз. Сержант! (Болжурду көрсөтүп.) Буга адресин жазып бер. Баарыңар кат жазгыла. Үйгө кат жазбагандар менен чырлашып калам.
Баары . Жазабыз, жазабыз.
Грачев (Болжурга). Нече балаң бар?
Болжур. Жалгыз сары кызым бар, айланайын командир (Бышактап ыйлап жиберет).
Баары. Эмне болду?
Грачев. Эмне ыйлайт, сурагылачы?
Эрмек. Эмне болду Боке? Датың болсо ушул кишиге айт.
Болжур. Жөн эле. (Жашып) Жаман кызым эсиме түшө калды.
Эрмек. Ой катыгүн десе, кызымды сагындым дейт жолдош генерал-майор.
Грачев. Ээ, анда жөнү бар. Мен да баламды сагындым, аялымды андан бетер сагындым. Силер сагындыңарбы?
Баары. Сагындык, өтө сагындык.
Грачев. Тууган жерин, бала-чакасын, сүйгөн жарын ким сагынбайт.
Эрмек. Мен Күлүйпаны абдан сагындым, жолдош генерал-майор.
Грачев (күлуп). Кана, эне, атаң. Күлүйпа үчөөнүн кимиси көбүрөөк эсиңе түшөт.
Баары. Чыныңды айт эми!
Эрмек. Үчөөнү тең эстейм. Үчөө тең түшүмө кирет. Бирок түшүмө атам чанда бир, энем кез-кезде, Күлүйпам күндө кирет. Себебин билбейм, жолдош генерал-майор.
Грачев. Сагынгандарды тез көрүү үчүн душманды талкалашыбыз керек. Көрдүңөрбү, тетиги-Днепр деген ошол. Бизди ошондон өткөзбөөгү аракет кылат. Бардык амалды, техниканы колдонот.
Баары. Талкалайбыз, жолдош генерал!
Грачев. Силерге элиңерден кат келди. Ошону чогуу окушсун деп чакырдым.
Баары. Ыракмат, жолдош генерал! (Асмандан самолеттун уну угулат)
Грачев. Ложись! (Боецтер жата калышат. Грачев окоптон бинокль менен карал турат. Тыштан уч-төрт жолу бомба жарылат) Тургула! (Баары. туруп мурунку орундарына келишет). Мына мындай отургула. (Уй мүйүз тартып отурушат. (Эрмекке). Оку!
Эрмек (тике туруп катты окуйт). "Таң" колхозундагы чогулуштун тапшыруусу боюнча.
Эрмек (окуйт). Фронттогу кыргыз азаматтарынан Адылдын окко учканы жөнүндө кабар алдык.
Боецтер. Кайсы Адыл?
Эрмек. Мыкты чалгынчы Адыл Алыбаев, Ата Мекен үчүн Брянскиде окко учкан.
Грачев. А, алиги... Кызыл туу ордени менен сыйладык беле? Ооба, ооба, эсимде.
Эрмек (окуйт). Бул кабар зээнибизди кейитти. Немецке кыжырыбызды кайнатып, кегибизди күчөттү. Каралуу жыйналышта маркумдун сексендеги энеси чыгып «уулум шейит кетти», бул жалгыз менин башыма түшкөн мүшкүл эмес, Адыл жок болсо, силер барсыңар, айланайындар. Ыйлабаймын. Немецти тез жоготкула. Уулумдун канына кан алгыла! деп сүйлөдү. Согуштун керегине жараткыла деп уюнун торпогун жетелеп келди. Жыйна-лыштагылардын баары кемпирге ыраазы болуп, анын үлгүсү менен тез эле эки миллион сом жыйнап жиберишти.
Боецтер. Ата бечаралар ай, ээ!..
Кек алабыз деп, Адылдын аялы Кенжекан, колхоздун кыздары Алмаш Асанова, Гүлсүн Чоткараева — үчөө өз эрктери боюнча фронтко кетишти.
Болжур. Баракелде!
Эрмек (окуп). Жоо бетиндеги биздин бир боорорубуз, акы-реттик өмүр шериктерибиз, аталарыбыз, биздин бакты-таалайыбыз үчүн, бала-чаканын келечек жыргалы үчүн немецти жок кылып, силер менен эсен-соо күрөшүү үчүн күн-түн тынымсыз иштеп жатабыз. Дүнүйөбүздү, күчүбүздү да беребиз. Керек болсо кара башыбыз да даяр. Биздин арстан уландар! Силерге айтаарыбыз бул: эр Манастын тукуму элеңер. Ата-бабанын изин издеп, жолун жолдоп, душманга кыргын салгыла {окуп). Немецтерди кыргыла! Биз силерге ишенип отурабыз, айланайындар! Жооп күтөбүз... Миллионер «Таң» колхозунун мүчөлөрү. 15-август 1943-жыл. (Катты Грачевге берет.)
Грачев (турат. Боецтер да тура калышат). Кана эмне жооп айтасыңар?
Боецтер (бири-бирине). Жакшылап жооп кайтаралы. Кат жаздыралы Эрмек сен...
Эрмек. Колхозчуларга азыр жибере турган жообубуз жок. Колхозчуларга жооп катарында өтө зор милдет аткарууга жиберүүңүздү сурайм. Кандай гана татаал милдет болсо да атка¬рууга (илгери басып честь берип) даярмын.
Үмөт. Мен да суранам. (Илгери чыгып Эрмекке жанашат.)
Тапшырма бериңиз, жолдош генерал-майор. (Катардагылар чыгып кеткенде, Гулсүн менен Асанов өбүшуп, коштошот).

 

2-сүрөт

Кузгу караңгы тун. Калың токой. Ортодо кичине ачыктык бар. Көшөгө ачылганда тынчтык. Токой чымчыктары ышкырат. Эрмек көрунөт, бир колунда канжар, бир колунда автомат, боору менен жылып ачыкка келет, туруп эки жакты карап, тыңшап, эч ким жоктугуна көзу жеткенден кийин, тунку чымчык-ты туурап ышкырат.
Асанов (унун акырын чыгара). Кандай?
Эрмек (акырын). Эчтеке билинбейт.
Асанов. (Эки жакты карап келип.). Чакыр!
Эрмек (мурункудан башкача, чымчыкты туурап ышкырат. Демьян, Болжур, Бакир, дагы жыйырма чакты аскер кирет. Колдорунда канжар, ийиндеринде автоматтар асылуу).
Асанов. Жаткыла! (Баары жатышат. Бирөөнун курөгу шыңгыр дей тушөт)
Болжур (боецке). Ой, кокуй! Олдоксон экенсиң.
Асанов. Акырын! Ким шыңгыратты? Тегеректин баары немец, биз ортодобуз. Шырт эткен дабыш укса бүттү. Тапшырма да калат. Баарыбыз жок болобуз. Баарыңа эскертем. Ким дабыш чыгарса, таарынбасын. Таң сүрө электе кырга жетишибиз керек. Немецтердин аягы басылганда жөнөйбүз. (Чакырып) Демьян, Үмөт! Экөөң мени менен барасың. Ачык жер издейбиз. Эрмек, тегерек оборона? Мен...
Асанов. Эчтеке эмес. Менден кам санаба. Арысы бир саатта келем. Жүргүлө. (Демьян, Асанов, Үмөт кетет).
Эрмек (чакырып). Алапаев, Орлов, Иванов, Үсөнов.сакчылыкка турасыңар. Артыман! (айтылгандар жана Эрмек кетет.) Болжур. Ушундай да караңгы түн болот экен, ээ? Боецтерден. Немецтин чок ортосуна келип алдык. Эмне болор...
Бакир (сөзун бөлуп). Тиш! Убалыбызга каласың. (Эрмек кирет. Тыштан калың атыш. Минанын уну, жарылуулар. Боецтер жер менен жер болушат. Булардын уступе кесек топурактар, жыгачтын сыныктары тушөт.)
Болжур. (Өзүнчө коркуп.) Кудай сактай көр! Айланайын арбактар!.. (Тынчтык. Жугүруп сакчы кирет.)
Сакчы (Эрмекке акырын). Тетиги жерге чуркап келип отуруп калды.
Эрмек. Нечөө, кайсы жерде? Сакчы. Бирөө эле, тетиги жерде.
Эрмек (сакчыга). Жакшы. Азыр аны тирүү алабыз. Ордуңа бар! (Сакчы кетет. Боецтерге) Жалгыз дейт. Ким барат? Бакир. Мен барам. Кокодон алып сүйрөп келем. Боецтерден. Мен.
Эрмек. Бакир, сен бар. Көчөрбаевди жаныңа ал. Өлтүрбөгүлө.
Бакир. Жарайт. Жүр! (Бакир Көчөрбаев автоматтарын таштап, канжар менен кетишет).
Б о л ж у р. Эң эле караңгы...Жанакы барчу жерге качан жетебиз, Эрмек?
Эрмек. Жетебиз. Караңгы болгону жакшы. Боке. Жарык болсо, бул жерден баарыбызды мойсойт болучу. Болжур. Капырай!
Эрмек. Коркпо, Боке! Баарыңа эскертем, жолдоштор, коркпо. Эгер корксоң, ичиңде болсун. Өзүңдү сактай бил. Бири-бириңе кайрымдуу бол. Биринди-бириң корго.
Болжур. Ой, токточу. Онтойбу? (Баары тыңшайт.) (Тыштан онтоо угу лат).
Эрмек. Ой, жолуңар болсун. Келе бат. Эмне болду? (Санитар Эрмек экөө жарадардын жаратын байлайт.) Эби жок жигит экен. Сорон-сороң этет. Жатпай, тоо издегенсип, сороюп басып журөт.
Эрмек. Дагы эле отурабы?
Бакир. Отурат. Өзү да коркуп отурган эме болсо керек.
Эрмек. Жүр, Бакир. Атааң көрүнү...(Бакир, Эрмек кетет)
Көчөрбаев (онтоп). Өх, суу бергиле!
Боецтерден. Онтобо!
Болжур. Ме, кичине кылт эт (Флягадан суу ичирет. Көчөрбаев дагы онтойт).
Боецтер. Чиш...акырын. Убалыбызга каласың.
Көчөрбаев Чучугум какшап баратат.
Баары. Чыда, эптеп чыда!
Болжур. Чыдай көр, айланайын!
Көчөрбаев. Өх, суу Боке. Кичине эле кылт этейин, өрттөнүп бара жатам.
Болжур(Флягын карап, кыйбай туруп). Ме! Көп эле жут, онтобосоң болду. (Көчөрбаев кичине жутуп кайра берет.) Жут, жут, баарын жут. {Көчөрбаев жутат).Баарыбыздын бала-чака, көрөлү деген күнүбүз бар, айланайын, үнүңдү чыгара көрбө.
Көчөрбаев. Макул, Боке, макул. Эми унчукпайын...
Болжур. Ошент, айланайын. Эми жат! (Көчөрбаевди жат-кызат. Эрмек, Бакир кирет.)
Эрмек (плащпалаткага орогон немени талдын тубунө коюп). Мына Көчөрбаевди аткан мерген.
Баары. Оо, атаңдын көрү. Кандай неме экен?
Көчөрбаев (башын котөрүп).Кана. Өч алгыла, айланайындар. Жаныма алып кел, Эрмек, каныма кан алайын.
Баары. Көрөлү, көрөлү! (Кээси туруп келишет.)
Эрмек. Чиш, дагы шоокум! Унутуп калдыңарбы? Көрүп жүргөн көк тумшук немецтин бирин. Эмнеси кызык. Жай-жайыңа! (Боецтер жай-жайына кетет.) Лейтенант кечикти, бир саат болду го!
Бакир. Ай, адашып кетишти го.
Эрмек. Бул жерде адаштым дегенче, өлдүм деп кой. (Туткундан плащты сыйрып жамынып.) Жүр, карап келели. Боке, сен карап тур. Эгер туткунду качырсаң же өлтүрүп койсоң трибуналга берем.
Болжур. Жарайт. Колго тийген коенду, кое берген оңор6у.(Эрмек, бир боец кетет. Туткун козголуп жөтөлөт. Болжур автомат менен түртүп.) Ой, тише! Капут(бүткөн башын козгол-тот), Ий, жанын. Элдин жаны да сеникиндей. Ой, шайтан, өлгөндөргө курман чалайынбы? Эмне согуш жасайсың? (Артиллериянын үнү угулат.)
Бакир. Биздики! (Тынчтык)
Болжур. Канча кан төгүп, дүйнөнү бүлдүрүп, баарыбызды мусапыр кылып, бала-чакаң бардыр сенин да (түртүп). Ой, желмогуз, баранчук — бала дома?
Бакир. Боке, пендесиң да. Сенин тилиңди түшүнмөк беле ал.
Болжур.Түшүнбөй-айбанбы. (Түртүп.) Ой, шайтан баранчук дома? (Катуу түртүп). Сүйлө!
Туткун. Кокуй, башым! Менде эмне сөз болот, айланайын!
Болжур. Ой, кимсиң? (Катуу түртүп.) Сүйлө!
Туткун. Сөзүм жок.
Бакир. Мунунар кыргыз го?! (Туруп бетин карайт).
Боецтер. Кайдагы кыргыз болмок эле.
Болжур. Кыргыз эле. Кыргыз.
Бакир (келип). Кана, токточу. (Карайт, үч, төрт боец келип кийимин кармалап, өңүн карашат.)
Боец. Немец эле. Кийимин көрбөйсүңөрбү?.
Баары. Сүйлө, Кимсин, айт? (Туткун унчукпайт.)
Бакир. (Көчүккө тээп.) Кимсиң айт, азыр мууздайм.
Туткун. Ий, кокуй, кыргызмын...
Боецтер. Эмне дейт?! (Баары келишет.)
Бакир. Жинди го!
Болжур. Айтпадымбы, кыргыз. (Баары тегеректеп, бир аз туруп калышат.)
Бакир. Кайдагы кыргызсың?
Боецтер. Немецте жүрдүңбү, айт.
Туткун. Ат-Башыданмын. Немецте... Жок! Адашып...Унчукпай калат. Көчөрбаев көчүгү менен жылып келет.)
Бакир. Чыккынчы. Кыргыздардын бетине бул чиркөө!.
Көчөрбаев. Мени аткан ошол. Бутуман ажырадым. Өч алгыла.
Боецтер. Ой, доңуз. Кимди аттың карачы! (Камакка алышат.)
Туткун. Карангыда...(Көчөрбаев жетип, башка муштайт.)
Бакир. Өлтүр доңузду! Кыргызмын дейт ...(Баары тепкилешет.)
Боецтер. (Тепкилеп.) Бизге ок атасыңбы?
Бакир. Немец болгуң келген экен, ээ? (Боец Эрмек кирет) Эрмек (тапанча кезеп) Токто! Бул эмне бейбаштык (Туткун көмкөрөсүнөн жатат). Туткунду урууга ким уруксат берди? Жай-жайына! Бул кылмышка жооп бересиң, Болжур Боронбаев.
Боецтер. (Кетпей.) Туткунуң кыргыз экен!
Баары. Чыккынчы!
Боецтер. Бетке чиркөө! Өлтүрөбүз!
Эрмек. Жай-жайыңа!
Боецтер. Туткунду бер, өлтурөбүз.
Эрмек. Жумушчу-Дыйкан Кызыл Армиясынын атынан, Совет өкмөтүнүн атынан буюрамын. Жай-жайыңа (Пистолетти атууга камдап). Кана? (Боецтер жай-жайына кетет. Эрмек туткунду шилиден алып тургузуп). Өлүмүш болбо, кимсиң? Фамилияң?
Туткун. Качкынтаев.
Эрмек. Немецке качан кеттиң? Эмне үчүн кеттиң? Сенден башка кыргыз барбы? Чыныңды айт.
Туткун. Жок, немецте болгонум жок...Адашып...Кыргыз көргөнүм жок. Жалгыз...Өлүмдөн башка азаптын бардыгын көрдүм. Кыйналдым. (Ыйлап.) Мен бир шордуумун!
Эрмек. Кууланба! Бул жер кууланчу жер эмес. Ойноочу да жер эмес. Адамдын каны суудай агып жатат. Чыныңды айт.
Болжур. Эй, жүзү кара, кийген киймиң, жүргөн жериң эле айтып турбайбы. Кудайды карасаңчы.
Туткун. Жан айласы, айланайындар. Жан айласы...
Эрмек. Эмне жан айласы?
Туткун. Колго түшсөм, германдын тылына жиберсе, согуштан
кутулуп.тирүү калам го деп ойлоп...
Эрмек.Качып кеттиңби?
Туткун. Туткунга түштүм.
Эрмек. Германдын тылы! Германдын тылы сага Гитлердин кызын алып берет дедиңби? Германдын тылында чехтер, поляктар, француздар, гректер ач-жылаңач, таяктын алдында, оор эмгектин аркасында мөгдөп жатканын уккан жоксуңбу? Германдын тылы орустардын, украиндыктардын дүйнөсүн чачып, жазыксыз момундарын атып, кайраттууларын асып жатканын көргөн жоксуңбу? Согуштук туткундардын көзүн чукуп, кулак—мурдун кесип, тирүүлөй көөмп жатканын билген жоксуңбу? Же сенин ушу-лардын баарынан артык, фашиттерге сүйгунчүктүү боло турган шыйкырың бар беле? Же мунун баарын сезбей турган макоосуңбу? Айтчы!
Туткун. Макоо эмесмин, караңгымын.
Бакир. Тигини! (Тал, берет.)
Болжур. Ушул күндө караңгы кыргыз калдыбы?
Эрмек. Туура. Азыр караңгы кыргыз жок. Буга окшогон бирин-серин бузуку кыргыз жок эмес.
Болжур. Э, жузу кара, намыссыз. (Элди көрсөтүп.) Ушун-
дай кыргызды кыйып таштап, кантип кеттиң? Кыргызды кыйсаң да, үй-бүлө, бала-чакаңды, ага-тууганыңды кантип кыйдың?
Туткун. Үй-бүлөм жок, ага-тууганым да жок. Эчтекем жок.
Эрмек. Эчтекең жок тоголок жетим болсоң да, кыргыз деген берекелүү элди, өскөн жерди кантип сагынбайт элең?
Туткун. Сагынбайт элем. Сагынбай көнүп калганмын.
Баары. Селсаяк! Бузуку!
Туткун. Таптыңар. Селсаякмын. Сагынбай көнүп калганмын. Баарың кыраакысыңар. Эмнесин жашырайын. 58-менен эки жолу кесилип, биринде 6 жыл жүрүп келип, экинчисинде 10 жылга кетип, жолдон качканмын.
Акмолодо алып сатарлык кылып жүргөнүмдө кармап штрафной ротага жиберген.
Мага окшогондорду, мени «Баргыла» немец менен согушкула! Арам оюнарды баатырлык менен алмаштыргыла, күнөөңөрдү сатып алгыла!" деген. Көбү күнөөсүнөн кутулду. Мен. Мен акмак, мен митаам кутулганым жок. Күнөөмдү көбөйттүм, качып кеттим, силерге ок аттым. (Көчөрбаевди көрсөтүп). Тигине! Болду эми! (Каны кызып.) Ырым түгөндү, сырым бүттү. Кайда барсам Мамайдын көрү.
Эрмек. Бул согуш далай ырды бүтүрүп, далай сырды ачат.
Туткун. Жашоону каалабайм. Аткыла! Атып салгыла!
Боецтер. Атып сал, итти!
Баки р. Тилегин колуна карматайын. (атууга мылтык сун-дурат).
Баары.Атып сал! (Бир-экөө жугүрүп келет.)
Эрмек. Токто!
Баары. И, ий?!
Эрмек. Лейтенант келсин. Жай-жайыңа. (Тыштан добуш.)
Бакир. Токтогулачы! (Баары тыңшайт.)(Демьян, Үмөт Асановду көтөрүп киришет).
Баары. Эмне болду?
Үмөт. Жарадар. (Асановду жаткызышат.) Кыдырып не-мецтин оборонасынан кичине ачык таап, боортоктоп жылып өттүк. Сезишкен жок. Айтылган кырга жетип, ыңгайлуу жерди белгиле-дик. Кайра тартып узай бергенибизде, жолдош лейтенантка селсаяк ок тийди.
Баары. Кап!
Эрмек. Жолдош лейтенант! Мукаш! (Жүрөгүн тыңшап.) Тирүү!..
Баары. Ошондой болсун!
Болжур. Оозуна суу тамызгыла.
Эрмек. Суу! (Үчөө, төртөө флягаларын сунушат. Эрмек оозуна суу тамызат.)
Асанов (башын көтөрүп). Эрмек, жолдоштор!
Эрмек. Айтыңыз, кулагым сизде.
Баары. Айтыңыз, айтыңыз, жолдош лейтенант.
Асанов. Силер...Силер амансыңарбы?
Эрмек. Аманбыз. Баарыбыз түгөл аманбыз. Туткун алдык.
Асанов. (өйдөрөөк көтөрүлуп, сергий тушуи).Туткун!..Ыракмат, жигиттер. Кана көрсөт. Көрсөт немецти. (Чеңгелдеп.) Башын үзүп алайын.
Эрмек. Бирок туткун немец эмес... Кыр...
Асанов. Эмне? Ким?
Эрмек (өзүнчө). Айтууга да ооз барбайт. (Асановго.) Туткун кыргыз болуп чыкты.
Асанов.Кыргыз?!
Эрмек. Кыргыз?!. Чыккынчы.
Асанов. Немецче тил билеби?
Бакир. Билбейт.
Асанов. Демек...(Жыгылат. Дагы суу жуткузушат. Асанов башын көтөрүп турапг. Тургандар эмне айпгар жен дегендей, күпгүп турапг.) Тил билбесе, маалымат бере албайт. Эчтеке айта албайт.
Үмөт. Ырас эле. Тил билбесе эмнени айта алсын. Эптеп жан багып жүргөн да.
Эрмек (өзүнчө туткунду карап). Маалымат бере албайт.-Арзыбаган туткун.
Асанов. Суу... Суу! (Суу беришет. Тынып.) Эрмек. Демьян, Үмөт! Мен силерге ишенем.
Демьян. Айтыңыз!
Асанов. Мен аранардан кетем. Өч алгыла. Эрмек, сен менин ордума командир...
Эрмек. Жарайт!
Асанов. Генерал-майор...Прик...(Эсы оой пгүшөт. Суу жут-курушат.) Ушул приказды аткарсаңар, менин мүрзөмө гүл өсөт, мени эстешет. Жолдоштор, аткаргыла.
Баары. Аткарабыз!
Асанов. Эстешет... Гүлсүн! Бар, бар! Энеке!..(колун созуп.)
Эне! Огонь! Огонь! О!... (Жыгылат, жан берет.) '
Эрмек. Кош, кымбаттуу командир! (Каскасын алат. Баары жылаңбаштанып аза күтүшөт. Асановдун автоматын алып.) Сенин керээз буйругуңду кашык каным калганча аткарууга ант берем. (Автоматтын оозун өбөт. Андан Демьян алып өбөт. Тургандардын баары өбүшөт).
Болжур. Айтканыңдан жансам, автоматтын оозу урсун! (Өбөт.)
Эрмек. Менин командамды ук! (Баары кулак салат.) Жөнөөгө камынгыла! (Камынышат. Көчөрбаевди экөө колтуктап, сөөктү эки мылтыктын ортосуна жаткызып, экөө көтөруп кетүүгө даяр турушат. Эрмек туткунга келип.) Маалымат бере албайт...Баасыз туткун...кыргыздардын бетине чиркоо!.. (Атып салат.)
Боецтер. Бая эле!..
Көчөрбаев. Өх! Бүткөн боюм чымырай түштү.
Эрмек. Даярсыңарбы?
Баары. Даярбыз.
(Тыштан калың атыш. Часовой жүгүрүп кирет.)
Часовой. Кеп немец каптап келе жатат.
Эрмек. Канжар. (Баары канжарларын чыгарышат.) Ок чыгарба. Көрбөсө өтүп кетсин. Жат! (Чачылып жатышат. Сөөктү алып чыгып кетишет. Демьян, Эрмек жанаша жатат. Тыштан. Хальт! Хальт! Алдында ефрейтор, немец солдаттары кирет. Коркуп жогору карай иретсиз аткылай бергенде, Демьян бутунан тартып жыгат. Эрмек канжар менен жүрөккө эки жолу уруп алат. Демьян экөөлөп сүйрөп, артына далдага жаткырышат. Офицер эки жагында эки солдат менен ачыкка келет).
Офицер. Мага. (Алдыңкылар кайрылышат.) Орустар ушундай караңгыда кол салат. (Жанындагы солдатты жаакка чаап). Уктаба! (Баарына.) Көзүңөрдү ачкыла. (Ефрейтор кирет).
Ефрейтор. Господинобер-лейтенант, түкэчтекекөрүнбөйт.
Офицер. Жалган! Токойдо жүргөндөр шайтанбы.
Ефрейтор. Ушул терен тылга кантип келсин.
Офицер. Маалымат бар. Отделение менен сол жакты тинт.
Ефрейтор. Жарайт. Отделение! Артыман. (Кетет. Телефонист офицерге трубканы берет. Эрмек улам барып саюуга ыкыс берип турат, Демьян кармап жибербейт.)
Офицер (трубкага). Мен бака, мен бака. Качан? Днепр-денби? Акмактар! Издеп жүрөбүз. Бири да тирүү кутулбайт. Токойду курчатыңыз. (Трубканы берип). Халт! (Илгери кетишет. Арткы бирөө автоматтын магазинин салып жатканда, Эрмек илбирстей учуп барып, автоматты кагып түшүрүп плащ палатаны үстүнө жаба коет. Демьян кучактап көтөрүп кетет. Жаткан жерине алып келип, экөө басып жатышат. Бир аз тынчтык. Эрмек ышкырат. Боецтер келет. Үмөт, эки боец, бир унтерофицерди оозуна чупурөк тыгып колунан жетелеп, Волжур автомат такап киришет).
Эрмек (туткун немецтин погонун кармалап көруп).Унтер-офицер. Унаа табылды, жигиттер. Ыракмат, жолдоштор. (Сөөкту, жарадарды киргизишет.) Оозун таңгыла! (Мурунку тут-кундун оозун таңат. Бакир бир колу таңылуу кирет).
Эрмек. Ой, эмне болду?
Бакир. Бирөөнү эшип, канжарды кайра тартканымда, шак дей түштү.
Эрмек. Кап!
Бакир. Эчтеке эмес. Сөөмойүм эле. Каным сая кеткен жок. Мьта.(Канжарды көрсөтвт.)
Эрмек (канжардын канын көрүп). Жарайсың! (Чакырып.) Демьян! Үч боецти алып, буларды жеткир. Айтылуу жерге саат үчтөрдө жөнөдү дегин. Кайыкты таба аласыңбы?
Демьян. Табам, өзүм каткамын.
Эрмек. Жөнөгүлө!
Демьян. Кошкула!
Эрмек. Тез кайткыла. (Демьян экөө кол алышып өбүшөт.Үч боец, Демьян эки туткунга сөөкту көтөртуп кетишет.) Сак болгула! Бакир, сен да кет.
Бакир. Сөөмөйүм эле. Уят эмеспи.
Эрмек. Мейлиң. Айтылуу кырга артыман! (Баары кетет.)

 

3-сүрөт

Эртең менен жерге жарык түшкөн. Эки жагы тик эңкейиш тегерек дөң. Немецтин оборонасы. Шахмат тартибинде казылган окоптордогу ар бир солдаттын аракети элге көрүнөт. Фронт сахнанын арт жагына бет алган. Алыстан Днепр көрүнөт. Көшөгө ачылганда ефрейтор, офицер бинокль менен суу жакты карап турушат. Солдаттардын кээси нан жеп, кээси тамеки тартып олтурат.
1-солдат (калтырап үшүп). Капырай эмитен ушунча суук болобу?!
2-солдат. Жакында Берлинге жетебиз. Жылыйсың.(Офицерге угузбай.) Орустун чабуулун бул жерде да токтото албайбыз...
1-солдат. Акырын!
Офицер (угуп калып). Бу ким? Улуу империянын жеңишине шек кылган ким? Орустардын кууп келе жатышына
көңүлүңөр чөкпөсүн. Бул чегиниш аларды тузакка түшүрүү үчүн. Бул артка чегиниш эмес, маневр. Европаны! Бүтүн Европаны мыкчып турган немецтер орустардан жеңилбейт. Эми, так ушул жерде, Днепрдин өйүзбөйүзүндө орустарга көр казабыз. Берки өйүзгө бир да орус өтпөйт. Мындан ары күн батышка бир да немец кетпейт. Уккула, солдаттар.
Солдаттар. Угабыз.
Офицер. Эми күн батышка бир кадам жылбайсыңар. Бул биздин фюрердин өз буйругу. Кана, ким бул буйрукту аткарбайт?
Солдаттар. Аткарабыз!
Офицер. Эгер ким жеңишке шек кылса, ким силерге күбүр-шыбыр жүргүзсө (чакырып). Шульц майор.
2-солдат (жугуруп келип). Улуу урматыңызга, мен!
Офицер, (солдатты атып салып). Мына! Ушул жоопту алат. Көрдүңөрбү?
Солдаттар. Көрдүк.
Офицер. Биздин закон ушул.
Солдаттар. Түшүнөбүз.
Офицер. Германиянын улуу даңкы үчүн ыйык буйрукту аткарабыз.
Солдаттар. Аткарабыз
Офицер. Хайл Гитлер!
Офицер. Жарайт, жакшы. Келе (ефрейтор ромдон куюп, колбаса сайып берет. Офицер ичип жиберет. Ефрейтор жээкти карап турат).
1-солдат. Орустар Смоленскийди, Таганрогду алды дейт, ыраспы?
Офицер (чайнап). Жалган!
3-солдат. Биздикилер Донбасстан бүт чыга берди дейт, ыраспы?
Офицер. Жалган! Мындай кулакка жакпаган ушакты ким айтты? Жалган!.
Солдаттар. Жалган болсо керек...Украиндыктар айтышат.
Офицер. Ушак!.. Ээ, украиндыктарбы, украиндыктар силерди коркуткусу келген экен го. Алардын деми дагы эле сууй элек экен да. Суутабыз. Эми кыштакка барганда (кыжырлана) аларды иттин күчүгүндөй атамын. Бала-чакасына ызычуу түшүрөмүн. Көкөйүнөн кеткис кыламын. Силер да ким эмне ай-тар экен деп кулагыңарды камдап жүрсөңөр керек. Байкагыла!
Солдаттар. Байкайбыз.
Офицер. Кулагыңардын тешигине чара табылат.
Солдаттар. Албетте!
Ефрейтор (шашып). Господин обер-лейтенант, орустар жээкке жакындап калышты.
Офицер (ыргып барып карап). Аха. (Солдаттарга.) Даяр бол! (Солдаттар атууга камынышат.)
Ефрейтор. Өткөөлгө келишти. Тигине паром. Төмөн жактан да өткөн жатышат. Жогор жактан да өткөн жатышат.
Офицер (телефон менен). Доңуз, донуз. Мен бака. Ооба, орустар өткөөлгө келди. Ориентир бир, эки үч. Тез миномет! (Оң жактан.)
Ефрейтор. Душман оң жактан. Туурадан. Кырдын түбүндө.
Офицер (трубканы шаша таштап, оң туураны карап). Биздики болуш керек. Бул жакка кайдан келе койсун.
Солдаттар. Орустар! Оң жактан орустар!
Офицер. Жаагыңды бас! Мылтык атылса эле, орустар. Орустар...Жээкке ат! (Баары атат. Оң жактан дагы калың атуу. Эки солдат өлөт. Бирөө жарадар болот.)
Солдаттар (чурулдап). Орустар оң жакта!
Офицер (илгери басып карап). Орустар...Тфу, иттер, жердей чыктыбы?! Оң туурага, кырдын түбүнө ат! (Баары оң жакка бурулуп жатышат. Асманда самолеттун үнү. Алыстан минометтун атылышы. Жакын жерде жарылуулар. Дагы үч терт солдат өлөт. Үч, төртөө качмакчы болот. Атыш кызыйт. Бир солдат артка кача берерде жыгылат. Бирөө окоптон чыга берерде офицер көрөт). Кайда-а-а' (Солдат ордуна жатат.) Ат! Оңго! Жээкке! (Трубканы алып) 25! 25, мен бака, тегерек дөңгө. Ко-шумча! Кошумча! Ооба, 96-14, 12-31-12, тез жибер. (Трубканы коет.)
Ефрейтор. Эң эле көп, эң эле көп.
Офицер. Ат, иттер! (Бирин-серин эле атып калат. Оң жактан дагы калың атыш. Офицер качууга камынып турганда 10 чакты солдат, бир станковой пулемет кошумча келет.) Ырас болду! (Офицер кубанып.) Ат, ат! (Кызуу атыш.)
Эрмек кирет. Бир колунда күрөк, бир колунда канжар. Дөңдүн эңкейиши менен боортоктоп жылып келип, биринчи номер пуле-метчикти күрөк менен жаткыза чабат. Экинчи номер жанында-гы автоматты алып ата берерде, жүрөккө саят. Пулеметту немецтерге буруп атат. Бир топ солдаттар жыгылат. Офицер кайрылып Эрмекти ата берерде, арттан жылып келе жаткан Демьян офицерди атат.
Демьян (Эрмекке жетип). Келе мага, сактан!
Эрмек (тура калып). Ура! Жолдоштор, ура-а!
Тыштан. Ура-а! (Боецтер жүгүрүп киришет. Немецтер качат).
Эрмек (Демьянга). Артынан! (Демьян пулеметту немецтер качкан жакка атат). Окоптун ичин! (Боецтер окопроду аралап атышат.) Чайка, Демьян, Чайка! Токойго! (Боецтер окоп-торго жайланышат.)
Болжур. (Траншейден эки немецти тургузуп, айдап келет.) Бас, кудай эсебиңди тапкыр... (Үмөт, Бакир үч немецти алып кирет).
Эрмек. Жарайсың, Боке! (Үмөткө.) Буларды тинт! (Боец-терге.) Камынып тургула. Немецтер контратакага келет. (Эрмек траншейди аралайт. Үмөт туткундарды тинтет.)
Демьян (немецтерге келип, бирөөн далыга чаап). Кайран кузгундар. Кана хайл Гитлер?
Немецтер. Гитлер капут! Гитлер капут!
Демьян. Силерда капут
Немецтер. Биз солдатпыз.
Болжур. Эмне деп жатышат?
Демьян. Бизде күнөө жок. Күнөө Гитлерде, ошол өлсүн дегени.
Болжур. Жан чиркин оңой эмес да.
Үмөт (немецтин баштыгынан жаш баланын батинкесин чыгарып). Оо, атаңдын көрү, олжосун карагылачы!
Эрмек. Германияда батинке жок го.
1-немец. Кичине номери иштелбейт.
Демьян (бир топ тарелка, табак чыгарып). Булардын камбылдыгын карагыла.
Боецтер. Аны кайдан алган иттер?
Демьян Кайдан алдың эле?
2-немец. Нежиндин ресторанынан...
Эрмек (күлүп, табактарды салмактап). Бир пуд бар экен. Мен мунун ордуна патрон көтөрөр элем.
Демьян. Германияда тамак түгөндүбү?
2-немец. Заводдорубуз көптөн бери темир гана иштетет.
Демьян (үчүнчү немецке). Бул камбылдыгыңыз ашык.
3-немец. Албайт элем, аялым кооз тарелка деп, зарлап кат жазыптыр.
4-немец. Бул олжосуз бетке чиркөө.
2-немец. Силердин олжоңор бетке чиркөө эмеспи. Эшиктин туткасынан көрө тарелка кымбатыраак.
Эрмек. Кана эшиктин туткасы?
2-немец (көрсөтуп). Тетиги баштыкта. (Эрмек көрсөткөн баштыктан эшиктин туткасын алып чыгат).
3-немец. Жок, ал жөн эле...
2-немец (сөзун бөлүп). Кантип жөн эле. Конотоптогу китепкананы өрттөгөндө, тырмышып чыгарып жатканыңарды көргөмүн.
Эрмек. Мына германдык солдаттардын бети. (Тутканы ыргытат.)
Демьян. (Башка баштыкты аңтарып жатып каны кызып.) Мыкаачы доңуздар! Кимиңердики бул, айткыла? Канкорлор!
Боецтер. Ал эмне экен, эмне болду?
Эрмек. Эмне көрдүң?
Демьян. Айткыла тез, кимиңердики? Айткыла кимдики?
Эрмек (баштыктан канга боелгон жибек көйнөк чыгарып). Жибек, жаңы, төшү ачык. 15-16 жашар кыздын көйнөгү.
Демьян (немецти коколоп). Ээсин эмне кылдың, я?
Эрмек (Демъянды тартып). Каныңды бузба! (Демьян немецти кое берет. Немец темтеңдей түшуп барып оңолот). Жаш кызды эмне үчүн аттың, я?
Немец. Айып өзүңдө!
Демьян. Эмне айып?
Немец. Сыйың менен чеч десем каршылык кылды.
Эрмек (ачуулу). Каршылык кылды... Чечтирди... Аттың... Сыйрып алдың! Атып сал, Демьян! (Элге.) Көрдүңөрбү?
Демьян (немецти жыга муштайт).
Боецтер. Атып сал! (Демьян Болжурдун автоматын ала коюп, атып салат).
Боецтер. Баарын ат! (Демьян башкаларды да атарда.)
Эрмек. Токто! Штабга алып бар. Генералга мындай деп маалымат бер: Айтылган маалда кырга жеттик. Буйрулбаса да жигиттердин демилгеси менен дөңдү ээледик. Дөң биздики. Душ-мандан өлгөнү 74, туткун 5, олжобуз 2 пулемет, 100 дөй мылтык, көп патрон. Бизден өлгөн үчөө, жарадар бешөө, стройдо 22. Буйрук күтөм. Командир -Керимбеков.
Демьян. Жарайт.
Эрмек. Тез кел! (Бир боец кошоктолгон немецтерди жетелеп Демьян артына тушуп кетишет) Тез-тез алгыла. Анан кол тийбейт. Бакир, Орлов тетиги жерге барып, кароолго турту-ла. (Айтылгандар кетет. Боецтер баштыктарын чечип, тамак жешет.)
Болжур. Колхозго катты качан жазабыз?
Боецтер. Ушундай ара-чолодо жазалы.
Эрмек. Жок, шашпагыла. Немецтен көбүрөөк дагы туткун алалы, дагы бир чоңураак иш көрсөтөлү. Адылдын энеси укса, моокуму кансын.
Боецтер. Туура.

Тыным

Эрмек. Боке, сен бүгүн жарадың. Ушул колуңдан жазба.
Үмөт. Карыган кедеймин деп эле каласың. Эчедесиң?
Болжур. 45 темин.
Баары. Бала эле бойдон турбайсыңбы?
Үмөт. Мен сени 55 терде бар го дедим эле. Өңүң кары.
Болжур. Ээ, балдар, жумуштун запкысы кимди карыт-пайт. Силер жамандык көргөн жоксуңар. Жыргалга бөлөнүп чоңойдуңар. Мен болсом эненин сүтүн да ооз тийгеним жок. 15 жашымда эле кары болчумун.
Боецтер. Анын ырас, Боке.
Эрмек. Токтоткула! (Баары баштыктарын байлашат. Ары-бери басып, эки жакты карап келип, четки боецке.) Сен эмне сабырың суз олтурасың?
Боец. Жөн эле, ар кайсыны ойлойт экенсиң.
Эрмек. Көп ойлобо, Такыр эчтеке ойлобо. Маңдайыңды жарып, күлүп жүр. Ал өзүңө кубат болот. (Боецтерге.) Деле баарыңа айтканым; бала-чаканы, кемпир-кесекти, тиги-муну ойлой берсең, саргарьш кетесиң. Мен жаңыдан фронтко келгенде жаман болгонмун. Ойлогон менен самаганың колуңа тийбейт. (Үмөт кыңылдап куу салып отурат.)
Баары. Аның ырас.
Болжур. Кишини санаа карытат, балдар!
Туура айтат. Санаба, ойноп-күл. Курсагыңды ачырба. Согуш деген ошол. Башка келгенде көрөбүз. Андан көрө Үмөт ырдап жиберчи. Ат-Башылык эмессиңби.
Болжур. Ырас эле күүңө сөз аралаштыр.
Үмөт (ырдайт.)
Баары. Ой, өлбө атандын көрү! Баса десеңчи. (Эрмек эки жакты карап турат.)
Үмөт. Көк ала шайы пар жаздык
Ал кегүчкөн куштун жүнү эле,
Моюн алышып бир жүргөн,
Жигиттер ой, жигиттер ай,
Ал таалайлуу да кандай күн эле?
Боецтер. Оо, атаңдын көрү дечи. (Бакир жугүрүп кирет.)
Бакир. Токойдон калың немец чыкты. Келе жатат.
Эрмек (карап). Даярдан! (Боецтер шашылыш ату у га камынышат. Гранаталарын ыңтайлашат. Алыстан артиллериянын унү. Тышта жарылуулар.) Ок талаага кетпесин!
Боецтер. Келе жатышат!
Эрмек. Токто, шашпа! Шашпа!
Эрмек. Цепке аткыла! (Баары атышат). Дагы, дагы! Тезирээк. Гранат! (Ыргытышат.)
Боецтерден. Токойго кирип бара жатат.
Бакир. Кыйрап калышты, айланайындар!
Эрмек. Дагы, дагы! (Атышат.) Токто! Көрдүңөрбү?
Баары. Көрдүк. Көрдүк. Ой сонун болду!
Эрмек (четтен карап). Тетиги дөнде 60-70 киши өлүп жатат.
Болжур. Жатсын, жатсын (Демьян, эки боец кирет).
Демьян. Буйругуңуз орундалды, жолдош командир.
Эрмек. Жакшы, эмне буйрук бар?
Демьян. Кайратыңарга, демилгеңерге ыракмат. Дөңдү саат И.ООгө чейин карман тургула!-деди.
Эрмек. Жакшы. Бир жарым саат бар. Бир жарым саат, жолдоштор, Дөндү бербейбиз!
Үмөт. Дагы эле жатышат.
Эрмек. Камынгыла! Демьян пулеметко! (Демьян Үмөттүн жанына жатат). Жанакы кол менен, айланайындар. Жакындасын. Мээлеп соккула!
1-6оец. Оң жактан да чыкты
2-6оец. Батпай келе жатышат.
Эрмек. Калтаарыбагыла. (Тыштан атыш.) Аткыла. Дагы, дагы! (Атышат.)
Боец. Кирип келди. (Немецтер тыштан уу-чуу кылып уураалайт.)
Эрмек. Гранат! (Гранат ыргытышат. Эки, үчөө жарадар болот. Үмөттүн колуна ок тиет, Демьян шашып байлайт.) Дагы! Дагы! (Ыргытышат. Тыштагы чуу басылат.) Кайра тартты. Ат! (Атышат.) Дагы, (Пулеметту Демьян атып турат. Үмөт бир колу менен лентаны берип турат.)
Боецтер. Токойго кирип кетишти.
Эрмек. Токто. (Атыш токтойтю.) Дагы келишет. Солк этпегиле. 50 минут калды. Жакшы карагыла, айланайындар. (Тамеки күйгүзүүгө Демьян жанына келет.) Давай закурим, Миша!
Демьян. Кел. (Зажигалканы чагат.)
Эрмек (ырдайт, Демьян кошулат).
...Давай закурим, товарищ, по одной,
Давай закурим,
Товарищ мой. (Кароолго кеткен эки боец жугурүп кирет.)
1-боец. Жолдош сержант, немецтер келе жатат.
2-боец. Эң эле көп.
Эрмек (экөөнө). Орду-ордуна! (Карап.) Бек болгула, жолдоштор.
Жакындасын. (Кутуп турушат.)
Демьян (пулеметту текшерип, унун акырын чыгарып). Короодон чыкты ай болуп, Коңур чачы май болуп (эсине тушө калып).
Тфу! Такыр унутуптурмын. Жолдош сержант (койнунан конверт алып, Эрмекке берет). Эсимде...Жок. Штабдан беришти эле.
Эрмек (концерттин тышын окуп). Күлүйпаман!..
Бакир. Жакын калды!
Эрмек. Баятан бербей. (Катты катат.) Душмандын цебине ат! (Атыш.) Ат! Дагы! (Кызуу атыш.)
Болжур. Кирип келди, айланайын Эрмек. (Эки боец жарадар болот. Бирөө жан берет.)
Боец. Сержант, сержант. Асанов өлду!
Эрмек. Маалымат сураганым жок! Жарадарың артка жыл! (Эки, үчөө онтоп артка жылып кетет, Демьяндын бутуна ок тиет.)
Демьян. Эрмек! (Бутун көрсөтөт, Эрмек Демьяндын өтугун чечип, бутун таңат. Демьян ата берет.)
Боецтер. Танка, танка!
Бакир. Тигр, тигр!
Эрмек. Бакир, 20 метр алга! Танканы! Коркпогула, жолдоштор! (Демьян бутунун ооруганын сезип, атып турат. Бакир противотанковый гранатты алып, жыгылып кетет.)
1-боец. Жакындап калды!
2-боец. Баарыбызды былчыйтат!
З-боец. Сержант, танка тепсемек болду.
Эрмек. Сен командир Демьян! (Противотанковый гранатаны алып.) Атаңдын оозун...(Жугуруп кетет. Тыштан танканын уну улам жакындайт. Атыш кызыйт.)
Демьян. Коркпо, жигиттер. (Атып токтоп, кайра атып.) Эчтеке кыла албайт. (Эки, үчөө өлөт. Демьяндын колуна ок тиет. Пулемет токтойт. Үмөт бир колу менен пулеметту атып турат. Тыштан эки жолу жарылуу. Танканын уну басылат.)
Үмөт. Танка токтоду!
Болжур. О, балаңдан айланайындар.
Боецтер. Күйүп жатат. Кайра тартышты.
Демьян. Аткыла! (Эрмек, Бакир кирет.)
Баары. Ыракмат, айланайындар!
Болжур. О, колундан айланайындар! (Бакирге ок тийип жыгылат. Эрмек өзу пулеметко отурат.)
Эрмек. Жарадарынар артка кет! (Боецтер атпай калат. Үчөө, төртөө жарадар болуп артка жылып кетет.) Эмне атпайсыңар! (Жооп жок.) Эмне атпайсыңар?
Баары. Патрон! Патрон!
Эрмек. Кап! (Пулемет атылбай токтойт.) Лента. Лента, Үмөт! (Кайрылып Үмөткө карай бергенде, башына ок тийип, чекесинен кан кетет.)
Үмөт. (Чекесин көруп.) Ой, айланайын Эрмек! (Шашылыш чекесин таңат)
Эрмек. Лента.
Үмөт. Такыр эчтеке жок.
Болжур. Жылып келе жатышат. Арбак колдо!
Эрмек. Ок жогун билди...
Үмөт (Эрмекке). Эс ал. (Эрмекти жаткырам дегенде, өзүнө ок тийип жыгылат. Бакир онтойт. Башын көтөруп, кайра жыгылат.)
Эрмек. Гранат!
Болжур. Гранат да жок!
Эрмек. Канжар! (Канжарын колуна алат. Болжур, эки боец канжарларын алып даяр турушат.)
Болжур. Жакындап калды. (Тыштан атыш. Соо турган эки боец тең жарадар болуп жыгылат.) Келип калды. (Тегерегиндегилерди көруп.) Эрмек айланайын, экөөбүз эле...Кетели! Эң эле көп...Кетели!
Эрмек. Куткарбайт! Баары бир... Андан көрө!.. (Алы кетип саатын карап, биле албай турат.) Канча калды? Эмне келишпеди?! саатын карап). Көрүнбөйт. Көзүм эмне болду?!
Болжур. Эмне болду? Келишпеди. Канча калды?..
Эрмек. Аз калды! Аз эле калды!.. Кош.Кош, Үмөт. Тирүү калсам энеңе дайыныңды угузайын. Салам айтайын. Кош! (Жыгылат.)
Болжур (жугуруп Эрмектин жанына келип). Эрмек! Арстаным! (Журөгун тыңшап, тамырын кармап.) Тирүү! (Флягадан суу алып, суу ичирмекчи болот. Суу жок.) Чиркин ай! (Фляганы таштайт. Үмөттун тамырын кармап.) Тамыры согуп жатат. (Бакирдин журөгун тыңшап.) Жаны бар. (Демьяндын тамырын кармап.) Тирүү. О, айланайын. Кагылайын арбактар! (Өлгөн боецке.) Кош энекең сенден айрылыптыр...(Этш жагын карап). Мен эле...Мен жалгыз. О, кудай, мени дүйнөгө түркүк кыласыңбы? (Немецтер жакты карап.) Бугуп жатышат...Келет. Кетейин. Жок. Жок. (Колуна канжар кармап, калтырап окопко барып.) Кел! Келгиле иттер! Эр болсоң, кел!
Тыштан. Хальт, Хальт!
Болжур (кыйкыра). Кел!

 

4-сүрет

Украиндын короосу. Бастырманын алдында жарадар Кызыл аскерлер жатат. Эрмектин башы таңылуу. Колунда кагаз, дөңгөчкө отуруп, жанында жаткандарга аңгеме айтып отурат. Короодо немец часовою ары-бери басып турат. Короонун четинде немец штабы. Кабинет, телефон.
Эрмек (унун акырын чыгарып ырдайт).
Алыс сапар арсар кетер кезимде,
Так оюндун он бешинчи кечинде.
Жүрөгүмө маңдайыңды сен коюп,
Сабылыңкы бир турганың эсимде,
Биз турганда көлдүн серүүн четинде
Сабырың суз терең санаа бетинде.
Кара көздөн бурчак жашың мөлт этип,
Секин гана "кош" дегениң эсимде...
Туткундар. Дагы.
Эрмек. Ушул эле. Ырчы эмесмин. Эсиме түшкөндө, өтө сагынын кеткенде ырдап калам. Көңүлүм ачылгансып калат.
Часовой (келип). Эмне шоокум? Же бирди көргөн турасы-ңарбы? (Туткундар тим болот. Эрмек кагазды катат.) Эми шоокум кылсаңар, көрсөтөм! (Кетет.) (Маевский, капитан каби-нетке кирет.)
Капитан (устөлду муштап). Жапайы иттер, бир нече күндөн бери эчтеке айтышпайт. Ушулар да Германияга керек болду. (Отурат.)
Невский. Айтып калышар. Өлүм жакындаганда акылдары кирер. Айтар, шашпаңыз!
Капитан.Господин Маевский, тигилерге өз тилинде түшүндүрүңүз. Эгер дагы эчтеке айтпаса, жок кылынат.
Маевский. Жарайт! Господин капитан. (Капитан чыгып кетет.) Жок кылынат!..(Ойлоно чыгып кетет.)
Туткундар. Анан. Анан эмне болду!
Эрмек. Ошентип, Күлүйпаны бешимде үйгө алып келдим. Бир сааттан кийин повестка келди да, саат 6 да жөнөп кеттик. Тойго камдангандар жайнап калды.
Үмөт. 4 жыл күтүшүп, жок дегенде беш күнгө бирге турбап-сыңар да.
Эрмек. Айла барбы, согуш...
Бакир. Анан Күлүйпаң кантип калды?
Эрмек. Кантип калсын. Келгө чейин узатып келди. Сөз айтпайт. Улутунат. Эми эмне кылам, эми эмне кылам дегенсип мени эле жал-жал карайт. Мен аны караим. «Баланчада келем, күт»— дей албайм. Келбейм, башка бирөөнү таап алдешке ооз барбайт. Экеөбүз тең өкүнүчүбүз ичибизде, көп сөз көкүрөктө. Эл пароходго түшүп жатат. Кемпир-кесек, бала-чака ыйлап туру-шат. Мае болуп жүргөндөр да бар. Биз колтукташып элден обочо жээкте басып жүрөбүз. Аңгыча коңгуроо чалынды.Биз унчукпай дагы бири-бирибизге жалдырап карашып калдык. Анын көзүнөн эң мурун эки тоголок жаш мөлт ыргып кетти да, анан буулугуп "тагдырыбыз ушу экен ээ!" деп жашын төгүп жиберди. Менин да зээним кейип, көзүм суулана түштү.
Үмөт. Сенин да көзүң сууланат экен ээ?
Эрмек. Ошенткен менен кээде эле жашыкмын.
Бакир. Анан?
Эрмек. Көзүм суулана түшүп, аны карай албай, мойнумду бурун, көзүмдү ирмеп алдым. Эркек карга эмесминби, кайратта-нып: «Эчтеке эмес, менден кам жебе. Келем»— дедим. Унчукпай дагы бир аз турдук да: «Кош эми, кош эми!»—дешип кол кар-маштык Биз кеттик. Биздин карааныбыз үзүлгөнчө жүз аарчысын булгалай, пароходду ээрчий, жээктей басып келип көрүнбөй калды. Ошол! (Катын көрсөтүп.) Ушуну менен 4 жолу кат алдым.
Үмөт. Азыр кайда?
Эрмек. Дагы эле биздикинде. Мени күтүп жүрөт.
Болжур. Кем болбосун бечара.
Үмөт. Байкуш аялдар күтүп, зэригип жатышат.
Бакир. Ооба, күтүп жатышат. Менин аялым эки баламды таштап, мен кеткени 2 никелүү болуптур. Жерге кирсин бети жок.
Эрмек. Аялың анык талпак болгон экен. (Кулку. Вакир унчукпай жер карайт).
Үмөт (Эрмекке). Жанагы ырыңды окучу дагы.
Эрмек. Ырчылыктан эмес, көңүлү толкуп жазган да. (Окуйт.)
Эр Кожожаш мергендей,
Көк немецти терсем дейм.
Төкөр, майып болсо да,
Өзү келип берсе дейм.
{Часовой жакындайт. Туткундар тим болот. Часовой кеткенден кийин.)
Кырчын кетпей, бозоюм,
Душманды жеңип бере көр.
Мени бейбак калтырбай,
Эсен-аман келе көр.
Сүйгөнүң Күлүйпа.
Үмөт. Көкүрөгүндөгүсүн жазган экен, байкуш. (Бир аз тынчтык. Жарадарлар унсуз жатышат. Эрмек ойлонуп олтурат.)
Болжур. (Туруп отуруп, бирввну издегендей эки жагын каранып.) Сереңдеген кагылайын. (Шолоктоп ыйлап жиберет.)
Эрмек. Эмне болду?
Туткундар. (Баары баштарын көтвруп.Эмне болду?
Болжур. Эчтеке эмес. Көзүм илинип кетсе, кичинекей сары кызым жаман чачын серендетип, атакелеп, алдыман чыкты. (Ыйлап.) Балакетиңди алайын!..
Туткундар. Ой, кокуй, ой! (Кайра жатышат.)
Эрмек. Мунуң жакшы түш, Бирок камыштын башы кый-мылдаса да көзүңөн жаш ыргып кетет экен. Кайрат кыл. Эркексиң го. Кайрат, чыдамдуулук ушундай жерде керек.
Баары. Туура.
Эрмек. Мындан кийин көзүңдүн жашын көрбөйүн.
Болжур. Макул, Эми түк ыйлабайм.
Демьян. Эй, бөйрөгүм. (Суйлөй албай бөйрөгун карман кайра жыгылат.)
Туткундардан (араң жан). Суу! Суу! Каным. Өпкө боорум куушурулуп бара жатат. Өх!
Часовой (келип). Дагы эмне шоокум? Унутуп калдыңарбы? Дагы эстетейинби? (Туткундар тим болот. Часовой кетет).
Эрмек (ар кимисине барып.) Тиштенгиле, жигиттер. Тиштенгиле. Вектур, Бектур! Таяктан кутулган экен... (Ордуна келип отурат.)
Үмөт. Дүйнөдө ушундай да адилетсиздик болобу? Жок дегенде бир кашык суу жуткуруп туруп анан сурак кылсачы. Суу! Өх, суу! (Башын көтөруп, эки жагын каранып, тамшанып кайра жатат. Староста кирет.)
Староста. Ай-ай, силерди аяймын.
1-боец. Суу, кичине суу.
2-боец. Суу берсин. (Туткундардын баары баштарын көтөрушуп, старостадан суу сурайт.)
Староста. Суубу. Азыр. Суу бергиле деп айтып келейин. (Кетет.)
Боец. Өх, (Староста менен солдат кирет.)
Солдат. Ким суу ичет? (Жооп жок.)
Староста. Айткыла, суу берет.
Тутк ундар. Биз төрт күндөн бери суу ичкенибиз жок. Кан кетти, суусадык.
Солдат. Мына сага суу. (Баарын резинка таяк менен сабайт.) Мына! Суусасаңар айтып тургула. (Чыгып кетет. Тут-кундар унчукпай жатып калышат.)
Староста. Ай-аяй, мен силерди аяймын. Бекер каршы-лык кыласыңар.
Демьян (зорго көтөрулүп, старостага). Жогол, жогол, шайтан!
Староста (Демъянга). Жат, жат. Оор жаралуусуң. Ай-аяй, мен силерди аяймын. Бекер кыласыңар. Ал өкмөт, анда күч бар (Демъянга). Сен орус кишисиң. Сен билесиң, өкмөт, өкмөт. Анда күч бар. Сен буларга түшүндүрүүң керек.
Демьян. Жогол!
Баары. Кет! Кет азыр!
Староста. Ай-аяй, аяймын. (Кетет. Кабинетке капитан Маевскии кирет.)
Капитан (трубкага). Алло! Алло! Жооптуу дежурныйды. Ооба. Сизби? Кыштактан үстү темир үй таап, жабдыңыз. Үйдүн эки жүз метр айланасы таза болсун. Ооба, ооба. Германиядан генерал-полковник Фон Рихтер Грец Гуц келет. Жаркыратыңыз. (Трубканы коюп, телеграмманы ичинен окуп.) Львов, 18 ноль, ноль. 18.8.43.
Маевский. Мен ал кишини Берлинде көрсөм керек. Акылдуу генерал боло турган эле.
Капитан. Оо, акылдуу гана эмес, тартынбаган карышкыр, ач көз генерал. Анын аскерлери бөрк ал десе, баш кескен кан ичерлер эмеспи. Ал кийинки күнгө чейин Күн Батыш фронтто болчу.
Маевский. Келсин. Келсин. Эң жакшы болду. Бүгүн, эртең келип калат го.
Капитан. Господин Маевскии, анын келер күнүн талкуулоого акыбыз жок.
Маевский. Туура айтасыз. Мен муну жакшыраак даярдануу маанисинде айтып жатам.,
Капитан. Аа, мунуңузга макулмун. Ий, баса (шашып телеграмманы дагы окуп), тех, байкабай мени кара баса жазда-ган экен. (Шашылыш трубкага.) Дагы дежурныйды. Ооба, мен. Торопойдон 4-5ти тандап сойгула. Ооба, билбейсизби, торопой, торопой. Господин генерал украиндыктардын семиз торопоюн жакшы көрөт экен. Ооба, түртө салбай, жакшылап даярдатыңыз.
Маевскии (сыр менен). Ушуну ырас эстедиңиз!
Капитан. Кантип эстебейсиң, телеграммага атайын жазыптыр. (Ойлонуп.) Кой, өзүм барып бышыктап даярдатайын.
Маевскии. Мунуңуз акыл! (Капитан кетет. Ойлоно). Генерал-полковник. Львов. (Жазып алганын окуп). 18.00,18.8.43. Командарм. (Ойлоно). Түщүнүктүү. Демек, генерал-полковник Фон Рихтер кеминде бир армия менен батыштан мында келе жаткан экен. 18.00, Львов. Демек, бүгүн, эртең. Станция Н.Станция Д. (Элге.) Украиндык семиз торопою көзүнө элестеп, шилекейи чачырап келе жатса керек. (Эшикти карап келип.) Рокоссовскийге. Львов. Станция Н.Станция Д. 24.00.21.8.43. Генерал-полковник Фон Рихтер командасы алдында бир армияга жакын тандал-малуу бөлүк келе жатат. Так ушинтип кабар кылайын. Шумкар-лар учуп келет эмеспи. (Туткундар онтоп жатышат. Маевский туткундардын аркасына келет.)
Маевский (эки жагын каранып туруп). Абалыңар кандай?
Демьян. Дагы алдаганы келдиңби. Абалыбызды көрбөй турасыңбы?
Маевский. Тынчтан. Тынчтан. Жаныңды кейитпе.
Демьян. Боору оорумуш болот. Кет, чыккынчы, ит!
Маевский.Канынды бекер кызытпа, жолдош. Алың кетет.
Болжур. Жолдош...Ушул оруска түшүнбөй койдум.
Эрмек. Ырас эле, сен кимсиң?
Маевский. Орусмун. Накта орустун тукумумун. (Чакырып.) Конвой! (Эки солдат кирет. Эрмекти көрсөтүп.) Мына муну алып кел мага. (Эки солдат колу байлануу Эрмекти кабинетке Маевскийге алып киришет.) Эшке! (Солдаттар кетет.) Отур, Эрмек! (Эрмек отурат, Маевскии эшикти карап келип.) Туруктуулугуңарга баракелде! Дагы чыдагыла, дагы бек тургула. Балким кутулуп каларсыңар.
Эрмек. Сен кимсиң?
Маевский. Господин Маевскиймин.
Эрмек. Өзүңкү жетишет. Алдайм деп убара болбо.
Маевский. Курчтук кылба! (Акырын.) Партияда барсыңбы?
Эрмек. Бармын, эмне?
Маевский. Угуп тур. Биздикилер Кременчугду, Чернигов-ду алып, Таманды бүт бошотту. Бул багыттан 50 кыштак бошотушту. Ушул кабарды жолдошторуңа айт. Көңүлдөрүн көтөр, мени айтты дебе.
Эрмек. Макул! Сиз кимсиз?
Маевский. Господин Маевский... (Тыштан капитандын уну чыгат.)
Капитан (короодогу часовойго). Ач көзүңдү. Сак тур! (Кабинетке кирет.)
Маевский (шашып тапанчасын сууруп, Эрмекке кезей кыйкырып). Шайтан! Чынынды айтпайсың. Бар. Эртеңке чейин ойлон. Конвой! (Эки солдат келип Эрмекти ордуна жеткирет.)
Капитан (тапанчасын тазалап). Торопоюн бербейм дейт. Бизге торопой зарыл экенин түшүнгүсү жок. Ажылдаган канчык.
Маевский. Ажылдатпай атып салгандырсыз.
Капитан. Башка айла барбы? (Тапанчасын салып.) Марал окуп отурууга убакыт жок. (Фельдфебель 7-8 солдатты короого строй менен алып келип токтотот. Фельдфебель старостанын кабинетине кирет.)
Фельдфебель. Господин капитан, 44 катын, 17 бала, 32 эркек киши Андрейдин короосуна чогултулду.
Староста (жарыша). Баары-89. Кээси каршылык кылып келбей жатат. Менин тилимди албайт, сөгөт. Германияга барбай-быз, атсаңар да барбайбыз дейт. Менде эмне куч? Курал жок. Мага курал берилсе экен, господин капитан.
Капитан. Сага куралдын кереги жок. Каршылык кылган ким?
Староста. Ильчино Агафона.
Капитан (Фельдфебелге). Тез алып кел!
Фельдфебель. Азыр келтирем. (Фелъдфебел, староста короодогу солдаттарды алып кетет. Кабинетке тамак алып келишет. Капитан отуруп тамак ичет. Маевский аркы уйгө ки-рип кетет.)
Эрмек. Тургула, жолдоштор!
Туткундар (баштарын котөруп). Бир жакшылык барбы?
Эрмек. Жакшылык ушул, Кызыл Армия Черниговду алып, Таманьды тазалаптыр. Биздин участкадан кечээ 50дөй кыштак бошоту шуптур.
Туткундар (өйдө туруп). Оозуңа май, айланайын. Оозуңа май. Ата кудай-а. Кайдан уктуң.
Эрмек. Советтик информбюродон уктум.
Туткундар. Баракелде. Эми кыйратат. Жакында согуш бүтөт.
Бакир. Мейли. Эми ыраазымын.
Туткундар. Мейли!
Эрмек. Баары жакшы. Бир гана жери жаман.
Туткундар. Эмнеси жаман.
Эрмек. Жеңишти көрбөй арманда кетебиз.
Туткундар (үшкүрүп). Атаң көрү ай дечи.

Тыным

Эрмек. Эмгегибиз талаага кетти. Туткунбуз. Жакшы атак эмес. Канча баатырдык кылсаң да туткунга түшүү чабалдыкты көрсөтет. Тегерек деңдү айтылган убакка чейин кармап турба-дык. Саат 11.00. Эсим оой электе 12 минут калды эле. Андан кийин билбейм.
Баары. Ырас.

Тыным

Баарынын көңулдөру чөгуп, ойго чөмулушөт.
Болжур. Өткөн ишке өкүнбегүлө, айланайындар. Эч ки-миңде айып жок. Ок түгөндү. Гранат жок. Баарыңар жарадар болдуңар. Баарың кансырап калдыңар. Биз 10 чакты, алар 500-600 жүз эле.
Эрмек. Аның ырас. Бирок биздин абалыбызды эч ким көрбөй калды да. Генерал-майор укса: "Э, немейтер атака коюп келгенде эле, кыргыздар кол көтөрүп туруп берген экен"-деп ой-лойт го. (Тура калып.) Жок! Мен минтип сансыз, сыимыксыз өлүм менен өлгүм келбейт. Кандай жол менен болсо да тирүү ка-лууга аракет көрсөтөм.
Үмөт. Мен дагы. Мейли төбөм менен жер каздырсын. Дагы бир 10 чактысынын канын төгүп туруп анан өлөм.
Демьян. Демек эмне? Немецтерге сатылмакчы болосуңарбы?
Эрмек. Жок. Сен түшүнбөй жатасың. Демьян.
Демьян. Мен жакшы түшүнөмүн. Сураган маалыматыи айтып берсеңер. Силерге кызмат кылабыз дейсиңер. Андан башка кутула турган мүмкүндүк жок.
Эрмек. Андай эмес, Демьян. Тилимди тирүүлөй сууруп алса да маалымат айтпаймын. Мүмкүндүк болсо деген ой. Валким иш оң келер. Ишибиз ак... (Капитан тамак ичип бутуп, ары-бери басып, папирос тартып турат). (Эшиктен катындардын уну.) Кое бер, кое бер. Баарыбызды алып бар. Өлтүр. Барбайбыз.
Эшиктен (кичине кыздын уну). Апаке, барба. Апаке!
Эшиктен (эркек). Кеткиле! Атабыз, кеткиле? (10 чакты катын 7-8 солдатты түртуп короого кирет. Солдаттар кир-гизбөөгө аракет кылат. Фельдфебель женен староста Агафонаны суйрөп кирет. 7-8 жашар кыз энесинин этегине жармаша кирет.)
Фельдфебель (катындарга). Жай-жайыңа кеткиле!
Катындар. Кетпейбиз. Агафонаны бер! Күнөөсү жок!
Капитан (тыңдап). Дагы, украиндыктын тентек катындары!
Фельдфебель (солдаттарга). Катындарды көздөй! (Солдаттар атууга даярданышат. Катындар ызы-чуу, артка канат.) Ат! (Вир залп атылат. Качкан катындарга кулүшөт.)
Солдат. Тетиги кемпирге эмне жок? (Кулку.)
Староста (катындардын артынан). Мына, койгула дегемин. Тилимди алышпайт. Өкмөт, өкмөт. Анда күч бар. (Агафонаны кабинетке киргизишет. Кызы энесинин артына корголойт.)
Фельдфебель. Муну алып келдик.
Староста. Мына, ушул катын, господин капитан.
Капитан. Германияга барууну каалайсыңбы?
Агафона. Каалабайм.
Староста. Тигине. Катындарды да үгүттөп жатат.
Капитан (жаакка чаап). Барасың. (Кызы ыйлайт.)
Агафона. Барбаймын!
Капитан. Жогот кызын! (Кызды шыйрагынан суйрөп кетишет).
Агафона. Кызыма тийбе, мыкаачылар (Маевский кирет).
Капитан. Кош, барбайсыңарбы?
Агафона. Барбаймын.
Капитан (тиштенип). Партизанка!
Агафона. Партизанкамын. Эрим да партизан. Тырмактай кызым да партизан, барбаймын, ат. Ат! Кутурган, ит.
Капитан. Жакшы, эң жакшы. Фельдфебель! Чоң жолго. Баары көргүдөй ачыкка астыр. Алып баргыла.
Фельдфебель. Жарайт. (Агафонаны алып кете баштайт.)
Капитан. Унутпа. Өкмөткө моюн сунбагандыгы үчүн деп жазып, мойнуна илип койгула!
Фельдфебель. Жарайт. (Эшиктен кыздын ачуу бакырыгы угу лат.)
Туткундар. Ой, байкуш ай.
Эрмек. Кыздын мээси чачырай түштү Маевский. Кайратын кердүңбү, баш ийген жок.
Капитан. Баш ийүүнү үйрөтөм. (Арыбери басып туруп
кнопканы басат. Эки солдат кирет.) Бакир Касымовду. (Солдаттар Вакирди кабинетке киргизет. Капитан кнопканы басат. Эки офицер кирет. Вирөө Вакирди сурөткө тартып алат.)
Капитан. Качандан бери Кызыл Армиядасың?
Бакир. Былтыртан бери (Экинчи офицер жазып отурат.)
Капитан. Кайсы бөлүктө кызмат кылдың?
Бакир. Билбеймин.
Капитан. Кантип билбейсиң?
Бакир. Билбеймин.
Капитан. Номер, номер. Дивизиянын номери. 1, 2, 10, 50, 60?
Бакир. Кат билбеймин. Номерди эстей албаймын.
Капитан. Жалган! (Жанына барып.) Кууланбай айт. Болбосо, (револъверди Бакирдин оозуна такап) өлөсуң! (жооп жок).
Староста. Нацмендер ашкан анткор болот, господин капитан.
Капитан. (Солдаттарга) Сергиткиле? (Солдаттар Вакирди сабайт. Вакирдин бети-башы айрылып, оозу-мурдунан кан кетет.) Токто! (Урууну токтотуп, кармап турушат.) Айтасың-бы, жокпу?
Бакир. Жок!
Капитан (ордуна барып отуруп). Ойлон. Айтпасаң жок болосуң.
Бакир. Мейли!
Капитан. Сөөктөрүңдү талкалатам!
Бакир. Мейли!
Капитан (Бакирдин жанына барып). Тирүүлөй куйкала-там!
Бакир. Баары бир, мейли!
Маевский (Бакирге). Ажалың жетет.
Бакир. 500 жыл жашабаймын.
Капитан. Ал! (Солдаттар Вакирди жыгып алып саба-шат. Жаралуу бутун толгошот. Бакир бакырат.)
Эрмек. Уктуңарбы?
Туткундар. Уктук. Уктук! (Кулактарын басышат.)
Демьян. Мыкаачылар! (Кыйкырып.) Кан ичерлер!
Эрмек. Иш-т...(Туткундар тим болот.)
Фельдфебель. Буйругуңуз орундалды.
Капитан. Жарайт. Тургуз! (Вакирди тургузуп, жөлоп турушат.) Эми айтасыңарбы? (Бакир унчукпайт.)
Фельдфебель. Эси ооп калыптыр.
Капитан. Башкасын! (Вакирдин ордуна Үмөттү алып келишет).
Капитан. Фамилияң? (Үмөт дудукча жандайт). Дагы баягы дудук. Ал! Тили барын алып келгиле. (Үмөттү ордуна алып барып, Демьянды алышат).
Демьян. Кошкула! Кайтпасмын.
Эрмек. Кош! {Солдаттар Демьянды түртүп алып кетишет.) Көңүлүңө кир алба, Демьян.
Демьян. Албаймын.
Капитан. Кузнецов?
Демьян. Туура.
Капитан. Демьян Данилович!
Демьян. Так ошондой.
Капитан. Сиз азиат эмессиз. Убара кылбай көрген-билгениңди толук айтасыз.
Демьян. Кечириңиз, господин капитан. Мен 39 жашта-мын. Көрген-билгенимдин баарын айтсам зеригесиз го.
Капитан. Жок, мага согуштук маалымат кызыктуу.
Демьян. Кандай маалымат? Мен карапайым солдатмын. Жогору командование мага кеңеш салбайт. Мен өзүмдүн мылтыгымды, мага берген буйрукту гана билем.
Капитан. Кандай буйрук?
Демьян. Кадимкидей буйрук.
Туткундар. Ура!
Эрмек. Чиш-ш!...
Капитан. Үнүңдү бас! Ура дебе, акырын сүйлө.
Демьян. Ошондон бери кууп келе жатабыз. Силер качып келе жатасыңар.
Капитан. Ал эмес! Аны сураган жерим жок.
Демьян. Мен билген согуштук маалымат ушул.
Капитан. Жарайт. Билгениң ушул экен, укканың кайсы?
Демьян. Угуп жүрөм. Жакында Кызыл Армия Черниговду, Кременчугду алды. Таманьды бошотту деп уктум.
Капитан. Андай эмес! Бул кабарды кимден уктуң, айт. Маймылдын тукуму! (Офицерлер Демьяндын жообун жарданып күтүшөт.)
Демьян. Эч кимден.
Офицерлер. Кыпкызыл анткор, господин капитан.
Капитан (жаакка чаап). Кимден уктуң, айт!
Маевский. Бирөөдөн уккандырсың, айт! Тилиңди сууруп алам!
Демьян. Чыккынчы! Бети кара. Мени коркута албайсың.
Маевский. Коркута алам! (Жаакка чабат).
Капитан. Кабарды кайдан уктуң, айт!
Демьян (кыйкырып). Советтик информбюродон уктум.
Эрмек. Советтик информбюродон... Уктуңарбы?
Туткундар. Уктук!
Капитан. Советтик, Кайда болсо да советтик!.. (Демьянды кулакка атып.) Мына сенин сергек кулагыңа. (Тургандарга.) Уктуңарбы, калпактар. Демек бир жерде радиоприемник бар.
Офицерлер. Сөзсүз. Болбосо кантип.
Эрмек (мылтыктын үнун угуп). Кош, жолдош Демьян. (Туткундар жылаң баштанып аза күтүшөт.)
Капитан. Туткундарды, тегеректи тинткиле? Приемникти тапкыла!
Фельдфебель. Жарайт. (Староста, солдаттар Демьянды сүйрөп кетишет. Фельдфебель ышкырат. Солдаттар кирип стройго тизилет. Офицерлер короого чыгат.)
Капитая(трубканы алып). Алло, 25. Эсенби? Кыштакта-гы 106-79-үйдү тинтип чыккыла. Приемник болуш керек. (Ары-бери басып ойлонуп турат.)
Фельдфебель (кирип). Эч жерде приемник жок.
Маевский. Эчтеке таба албадык.
Капитан. Эч жерде жок. Туткундарга Совинформбюронун кабарын шайтан угуздубу? Кыштакта кимде приемник бар?
Староста. Эч кимде жок.
Капитан. Кайдан укту?
Офицерл ер. Ким айтты экен?
Маевский. Туткундардан эле чыккан кабар го.
Офицерл ер. Сураш керек.
Капитан. Тыңыраагын! (Эрмекти алып келишет.) Керимбеков?
Эрмек. Менмин.
Капитан. Чыныңды айтпасаң эмне болоруңду билесиңби?
Эрмек. Калп айтууну билбеймин.
Капитан. Совинформбюронун кабарын уктуңбу?
Эрмек. Уктум. Кызыл Армия Черниговду, Кременчугду ээлеген...
Капитан. Токто! Жалган.
Эрмек. Мүмкүн. Уккан кулакта жазык жок.
Капитан (тапанча кезеп). Ким айтты? (Ваары тапанча кезеп турат.)
Эрмек (күлүмсүрөп). Тапанчасыз эле айтам, господиндер.
Баары. Кана айт! Чын айт!
Эрмек (тургандардын баарын кыдырата басып карап, старостага токтойт. Көрсөтуп). Так ушул айтты.
Баары. Староста.
Капитан. Карыган шайтан!
Староста. Кудай урсун. Теңир урсун. Мен кантип...
Маевский. Алдагың келген экен ээ. Ме сага! (Атып салат).
Капитан. Ырас кылдыңыз! Сүйрөп сал! (Старостины сүйрөп кетишет.) Дагы эмне айтты?
Эрмек. Дагы. Дагы... Силердин участкадан 50 кыштакты бошотту деди.
Капитан. Токто. Аны сурабайм. Дагы башка.
Эрмек. Башка эчтеке айта албайм!
Капитан. Айта албайсыңар. Түбөлүкке үнүнөрдү өчүрөм. Фельдфебель! Жашырын талаага. Бензин куюп баарын куйкалат. (Эрмекти, туткундарды тургузуп, кээсин сүйрөп чыга башта-шат.)
Офицерлер. Ырас кылдыңыз.
Капитан (эшиктен баш багып). Фельдфебель, билесиңби? Большевиктердин газетасы дагы кулактын кужурун алгыдай бол-босун. Из калтырба. Бийиги 4, узуну 15 метр.
Фельдфебель. Жарайт!
Капитан. Кана, господалар. Чогулткан кишилерди көрелү.
Офицерлер. Көрөлү. Көрөлү. Баары кетишет.)

 

5-сүрет

Талаа. Оң жактан кыштак, алыстыкта кыштакка кет-кен чоң жол, жолдун боюнда дарга асылган Агафона көрунөт. Талаала 4-5 туткун өздөрун өлтүруучу аңды казып турушат. Адан бери талаага барчу жалгыз аяк жолдун боюнда оор жаралуу туткундар өлум кутуп жатышат. Андан бери "өтуугө уруксат жок" деген жазылуу тактай кадалган. Тактайдын жананды часовой басып турат. Андан бери орнотулган узун эки скамейка, бир стол. Бери жактан штабдын бурчу көрунөт. Фельдфебель кирет.
Солдат (Фельдфебелъди тосо чыгып). Господин, узуну 8, туурасы 2, тереңдиги 1 метр болду.
Жарабайт. (Саатын карап.) Эмгиче эмне бүтүргөнүң жок?
Солдат. Жери таштак экен. Төртөө гана илээлеп казып жатышат. Башкасынын казууга дарманы жок.
Фельдфебель. Дарманы менен ишиң эмне? Билбейсиң акмак. Эти ачышса, эң сонун казат. Экөебүздөн кыйын казат. 2 литр бензин, 1 кучак саман алып кел.
Солдат. Жарайт. (кетет.)
Фельдфебель. Кана, каза албаган дармандарын көрөйүнчү. (Туткундарды Фельдфебель сабап, чуңкурду көздөй жыл-дырып кетет. Полковник, анын адъютанты, Маевский кирет.)
Маевский. Ырас айтасыз. Мен өзүм үгүт-насият үчүн бардык күчүмдү жумшап жатам. Ал турмак бая күнү 20 чакты торопой айдап бара жаткан украиндыктын сүрөтүн алып, алды-на: «Тезирээк күн батышка, алга!» деп жазып, газетага жибер-дим. Демек, ээси торопойлорун большевиктерден качырып, күн батышка кууп баратат дегенди түшүндүрөт да. Мен тетиги кыр-гыздарды да пайдалансак дедим эле. Булар эң жакшы туткундар. Мен муну үгүт-насияттын пайдасы үчүн айтып жатам, господин полковник.
Полковник. Алар жалан кыргызбы?
Маевский. Жалаң. (Дурбу салып карашат.)
Адьютант. Баарынын чачы кара экен.
Полковник. Туура айтасыз, баары кыргыз. Бул чанда бир боло турган окуя. Кызыл Армиянын сабында улут көп. Бу-ларды бир чоң саясат менен жиберишкен го.
Маевский. Кайдагы саясат? Орустар да бар болучу, жок кылдык.
Полковник. Ырас болуптур. Айтыңызчы, кыргыздардын мүнездөрү кандай болот?
Маевский. Мүнөздөрү жөнөкөй. Оомачыл, дөдөй, саясат менен иши жок. Дүнүйөкор, ач көз, караңгы эл. Азыр аларга таттуураак тамак, көбүрөөк сорпонун четин көрсөтүү гана жети-шет, господин полковник.
Полковник. Демек.
Маевский. Демек, ушулардын өзү агитатордук милдетти аткарышы мүмкүн. Демек бизге топ-тобу менен жүгүрүп өтүүчүлөр болмок. Демек бир мыктысын, барктуусун жиберсек, андагы жол-дошторун ээрчитип кел иши мүмкүн.
Полковник. Бул туура ой. Эгер бизге кара чачтуулардан бир гана группа жүгүрүп өтсө, чоң саясый жеңиш. Анда бул окуяны дүйнөлүк масштабдагы саясатыбыздын таламы үчүн пайдала-на алабыз. Бирок, господин Маевский, жиберген кишиңиз кайра келеби?
Маевский. Менин оюмча жиберчү кишини өзүбүзгө тарта алышыбыз керек. Келбесе бир туткун согуштун тагдырын чечпейт. Эсиниздеби, господин полковник, өгүнкү өзбектерди үндөп таштаган баракчалар эч натыйжа берген жок.
Полковник. Билемин. Бир да өзбек бизге жүгүрүп өткөн жок.
Маевский. Себеби, баракчаларды алар окуган жок. Кат билишпейт. Ошондуктан бир тонна баракча таштагандан көре, өздөрүнөн бир киши жиберүү туура.
Полковник. Дурус ой. (Капитан, эки офицер кирет.)
Капитан. Господин полковник, туткундар бизге жаңы маалымат бере алган жок. Баарын жоготкула.
Полковник. Токтоңуз. Албетте маалымат бербейт. Сурак кылууну билбейбиз. Жоокердин психологиясын эсепке албайбыз. Жоокерлердин кебетелерин карадыңызбы?
Капитан. Карадым. Азияттар, господин полковник. (Булардын ар жагынан строй тенен солдаттар өтөт.)
Полковник. Солдаттар кайда барат?
Капитан. Туткундарды жоготууга бара жатышат.
Полковник. Кайтар. Туткундарды да кайтар. Чечимиңиз туура эмес.
Капитан. Токто! Ордуңарга! {Строй кайрылып кайра кетет.) Туткун кызыл Аскерлер жөнүндө мага берилген 0 99, 0505-жашырын инструкцияны колдонуп чечип чыгардым.
Полковник. Инструкция! Инструкцияны шартка ылайык колдонуңуз. Инструкцияларды кууш түшүнбөңүз. Бул инструкция менен орустун нечен миллиондогон армиясын жок кылу-уга чамаңыз келбестигин билиңиз. Бул моторлордун гана, эки армиянын гана согушу эмес. Эки саясаттын согушу экенин, моралдардын психологиялык согушу экенин түшүнүнүз. Бул согушта снаряд, ок, бомба жетишпейт. Адамдардын көңүлүнө бүлүк салуу керек экенин, демек үгүттөө зарыл экенин эске алыңыз. Бул жөнүндө господин Геббельстин 0,5 077 инстукциясын жаттап алы-шыңыз керек.
Капитан. Түшүнүктүү, господин полковник.
Полковник. Туткундарга майлуу тамак бергизиңиз. Көңүлдөрүн ачыңыз. Уруп-согууну токтоткула. Немецтик армиянын тартибине, мамилесине алар ыраазы болушсун. Ошол.
Капитан. Жарайт! (Баары кетишет. Туткундарды оң жакка алып өтүшөт. Бир аздан кийин солдаттар, столовой кызматкерлери стол коюп, дасторкон жайып, идиш-аяк, сорпо алып келишет. Куралсыз конвойлор, колдору чечилген туткундар кирет.)
Фельдфебель (жаңдап столду көрсөтүп). Битте, тамак гут! (Туткундар окуяга таң болуп, тамакка отурбай, ийрилип туруп калышат. Маевский кирет.)
Эрмек . Түшүнбөйбүз!
Маевский. Коркпой жей бергиле. Отуруңуз, Керимбек! Кел, чочубагыла. (Туткундар тамакка отурушат. Бирок чочуп жешпейт. Кээси жыттап кетет.)
Бакир. Уу салган го?
Үмөт. Уу берип тырп өлтүргөнү жатса керек.
Болжур. Байкагыла, айланайындар!
Маевский. Убалыңар болсун. (Эрмектин кулагына шыбырап). Он келген ишти тескери айландырбагыла.
Эрмек . Ичип-жегиле, башка келгенди көрөбүз... (Ичип-жешет, Маевский, Фельдфебель кетет. Солдаттар да айра-таң болуп турушат. Офицер кирип туткундарды сүрөткө тартып кетет.)
Болжур. Ач өзөктү үзүп кетпесин!
Эрмек . Ырас эстеттиң. Токтоткула. (Туткундар иче беришет.) Токтоткула! Ач өзөккө жетишет.
Туткундар. Бир жолу тоюп алалы.
Эрмек. Болду. Ичкен тамактан өлбейлү.
Баары. Туура. (Тамактанууну токтотушат.)
Фельдфебель (баш. багып солдаттарга). Баарың мага кел. (Солдаттар кирет.)
Бакир. Бул эмне, айланайындар?
Эрмек. Бул укмуш. (Ойлонот.)
Баары. Күтпегөн жорук.
Үмөт. Согуш бүткөн го.
Баары. Болсо болот.
Болжур. Оозуңарга май, айланайындар.
Туткундардан. Кайдан бүтө калсын. Далай жер немецтин колунда турат.
Болжур. Ан нан берди. Бул жакшылыктын жышанасы. Эки өкмөт ынтымакка келген го.
Бакир. Ынтымакташмактан, кучакташып калса да булардын корду гун кантип унутайын. Жарадар бутумду толгоп, сай сөегүмдү сыздатты. Көйгөйүмдөн өлгөнчө кетпейт.
Туткундардан. Өкмөт жарашса да, сен жарашпайт турбайсынбы!
Бакир. Мен кантип жарашам.
Эрмек. Жарашпай эле Германияга алып бармакчы болгондур. Малчы эмеспизби, уй кайтартам десе керек.
Көбү. Болсо болор. (Артиллериянын үну.)
Эрмек. Уктуңарбы? Биздин дальнебойный согуп жатат. Согуш бүткөн го дейсиңер?
Болжур. Ий, кабар жетпей калган калган бирөе атып жаткандыр.
Эрмек. Булар бир амал ойлоп жатса керек. Азырынча бизди өлтүрө койбойт. Деги сергек болгула.
Фельдфебель (эшиктен.) Колуңар тийбесин. Алганы-ңарды кайра бергиле. (Солдаттар Фельдфебель кирет. Солдаттар туткундардын майда-чуйдөлөрун ээлерине беришет).
Туткундард. Буюм-тыйымдарырыбзды тартып алышты эле, кайра берип жатышат. Мында бир чоң кеп бар. (Дасторкон, идиш-яактя жыйнап кетишет. Полковник, капитан, Маевский, эки офицер кирет. Маевский «ушул» дегендей Эрмекти сөөмөйү менен көрсөтөт.)
Полковник. Жарайт. Силерди өлүм жазасынан бошот-тук. Силерде күнөө жок экенин билебиз. Силер бизде тынч жашап жүрө бересиңер. Тынч жерге алып барып коебуз. Согуш бүткөндө алмашып, өз жериңерге жиберебиз. Тынч жерге барууну каалайсыңарбы? (Жооп жок.) Албетте каалайсыңар.
Маевский. Каалашат.
Полковник. Ошентип, бүгүндөн баштап согуштан кутуласыңар. Бирок силер мында тынч жүрүүңөр керек. Буюрган ишти аткарууңар керек.
Маевский. Түшүндүңөрбү, кыргыздар? (Жооп жок.) Түшүнгөн жоксуңарбы?
Эрмек. Баары түшүнүктүү. (Самолеттун үнү чыгат.)
Адьютант. Орустуку!
Полковник. Соройбогула! (Солдаттар жатып калы-шат. Туткундардан башкасы кетет.)
Бакир. Кайран шумкуарлар, таштай көр эми!
Эрмек. Булардын юона түшүндүңөрбү?
Баары. Сөзүнүн түркүнү маалым болду. (Фельдфебель кирет.)
Фельдфебель. Кыргыз. Доктор, доктор. (Баары кетет. Маевский, Эрмек далдаага келет.)
Маевский. Сени жибермекчи. Сыр алдырба. Баарына макул де.
(Кетишет.) Полковник, капитан, адъютант кирет.
Полковник. Кызыл армиянын сабында кеминде 40 улут бар. Ошонун баары эле орустарды сүйүп калды дейсизби. Демек, кыргыздар кетсе, аны көрүп өзбектер кетишет. Кызыл Армиянын сабы ирийт.
Капитан. Бул ой биз Берлинден чыга электе таттуу эле.
Азыр даамы кетти. Натыйжа чыкпайт
Полковник. Даамы кеткен ойлорубуз азбы? 1941-жылы Берлинден чыга электе «Блиц крах» — дедик эле, анын да даамы кетти. Жакында тоталдык мобилизация дедик эле, мунун да даа¬мы кеттии. Демек, сиздин оюңузча согуш аракетин да токтотуу керек. Ошондойбу?
Капитан. Ошондойдур.
Полковник. Үнүңдү бас! Пессимист. Оппозиция. Силердей офицерлёрдин кесиринен артка чегинип бара жатабыз. Улуу германиянын алдында чоң күнөө. Ушул минуттан баштап сизди иштен бошотом. Жаз, адъютант. (Адъютант жазат.)
Капитан. Пикириме түшүнгөн жоксуз, господин полковник.
Полковник. Пикириңизди трибуналга түшүндүрөсүз. (Кетет.)
Капитан. Трибунал! Мына кызык. Ишке ашпаган пландар үчүн мен аиыптуумунбу. Азиялыктарды үндөп алганыңды көрөрмүн. Демиң сууй элек экен али, господин полковник! (Кетет. Эрмек, Маевский, полковник кирет.)
Полковник (Эрмекке). Эмнени каалайсыз, айтчы?
Эрмек. Жашоону каалайм. Экинчи — үй-бүлөмдү, үчүнчү-жолдошторумду, анан төртүнчү-жакшы жашоого зарыл неселерди кааалайм.
Полковник. Демек, зарыл нерсе акча да.
Маевский. Акчабы?
Эрмек. Албетте.
Полковник. Силердин бөлүктө канча кыргыз бар?
Эрмек. Көпчүлүгү кыргыз. Өзбек, казак, башкалар да бар.
Полковник. Алар сени тааный турган чыгар.
Эрмек. Мени баары таанышат. Мен орусча тил билемин. Алар мени окумуштуу, баарын билген киши деп ойлоп, менден ар кайсыны сурап турушат.
Полковник. Маселен, жакындарыңдан саясый айдоодо жүргөндүр барбы?
Эрмек. Мен өзүм 10 жылга кесилгемин. Киши өлтүрүп, уурулук кылган үчүн кескен.
Полковник. Аа, уурулук кылып, киши өлтүргөн үчүнбү? Эми кеп мындай: өзүң да, жолдошторуң да согуштан кутуласыңар. Согуш бүткөндө үй-бүлөңөрдү көрөсүңөр.
Эрмек. Ыракмат. Кудай жалгасын, господин полковник. Үйгө кайтсам эле болду.
Полковник. Барасың. Барасың. Жана жакшы жашооң үчүн көп акча беребиз. Бирок, сен андан мурун бизге бир иш бүтүрөсүң. Өзүңдүн часыңа барып, тааныгандарыңдын баарысын ээрчитип келесиң. Ушуну орундатсаң 1000 червон беребиз.
Эрмек. Миң червон...Артыбыздан ок. Корком. Колуман келбес.
Маевский. Колуңан келет. Коркпо. Баары бир согуш. Кана айт.
Полковник. Кана айт!
Эрмек (Маевскийге). Эң татаал ишке барам го. Акчаны көбөйтөр бекен?
Маевский. Червонду кичине арбыта түшүңүз
Полковник. Мейли, 200 червон. Аткарып келсе болду.
Маевский (Эрмекке). Уктуңбу, эмне дейсиң?
Эрмек. Эки миң червон. Макул. Атасынын көрү, аткарам.
Полковник. Бирок акча иш бүткөндөн кийин.
Эрмек. Макул.
Полковник. Болду. Камынгыла. (Маевский, Эрмек кетпет. Адъютант кирет).
Адъютант. Жаздым.
Полковник. Оку.
Адъютант. (Окуйт.) Бою 165-170 сантиметр, чачы кара, мурду кыска, көзү тегерек, кабагы бийик, буту тейтек, көөдөнү кең, калганы мына бул. (Полковникке берет. Полковник окуп туруп кол коет. Адъютант конвертке салып алып, кетет.)
Эрмек (шыбырап). Туп-туура генерал-майор Грачевдин өзүнө барам. Мындагы ишти Үмөт менен сүйлөшөсүз, жолдош Кузьмин.
Маевский. Ал дудук эмеспи?
Эрмек. Жок, тил-оозу бар.
Маевский. Жарайсыңар, жолдоштор. Кош эми Кузьмин Иван Григорьев десен, балким мени билишер. (Кетишет. Фельдфебель, эки солдат, кирет.)
Фельдфебель. Жөнөөгө даярбыз.
Полковник. Жакшы. Муну алдыңкы линиядан өткөзөсүңөр. Пакетти майор Шульцка (Эрмекке). Жекшемби күнү саат 8 менен 12нин ортосунда күтөбүз.
Эрмек. Жарайт. Кудай буюрса.
Жолуң ачылсын. Селсаяк октон сактан!. (Баары кетет. Артиллерия кызуу атат.)

 

6-сүрөт

Мурунку сахна. Блиндаж. Полковник, Маевский, сүрөтчү, офицер, адъютант блиндажда кайкаланып отурушат. Фельдфебель кирет.
Полковник. Көрүнөбү?.
Фельдфебель. Жок. Эч ким көрүнбөйт.
Полковник. 1 саат 10 минут өттү.
Маевский. Меники боюнча 55 минут өттү.
Полковник. Тетиги дөбөгө чыгып карагыла. (Полков-никтен башкасы чыгат). Кыргыздар келбесе, капитандын пикири туура болуп чыгат. Демек СССРдеги майда улуттардын орустарга нааразылыгы жөнүндөгү биздин теоретиктердин далилдери жалган. Капитан бирдемени сезген го... (Ойлоп.) Жок! Андай бо-лушу мүмкүн эмес. Господин Геббельс, Гитлер, тигилер ушул кедей капитандан аз билет дешке болбойт. Лейтенант Круптун ору-старга кире качып кеткенин көр. Акмак. Мейли! Андайлар азбы. (Трубкага.) Мен. Ооба. Кошумча жиберүүгө эч ким жок. (Маевский далдага келип тыңшап турат.) Акыркы солдатка чейин тургула. Генерал-полковник Фонрихтер Гицгуцтун войскасы эки күнсүз келбейт. Ооба, ооба. Үч эшелон кыйраган. Генерал-полковник өзү да жарадар. (Трубканы коет. Капитанга.) Кыргызда-рыбыз кечикти.
Капитан. Менимче келбөө керек. Ал турмак, Маевскийге да ишенбеймин. Ал тыңчы убактылуу жүргөн түлкү. Керектүү ишин бүтүрүп алып, бир күнү болыпевиктерди көздөй жылт коет.
Полковник. Далил?
Капитан. Далил биринчи. Туткун кыргыздар менен күбүр-шыбыры көп. Экинчи совинформбюронун кабарын туткундарга угуза турган андан башка эч ким жок. Демек, кабарды староста эмес, ошол угузду. Буга ишениңиз. Үчүнчү, ал графтын баласы эмеспи. Кыргыздын тилин кайдан билди. Граф тукумуна кыргыз тилинин эмне кереги бар. Демек, ал граф эмес, кара орус. Эмитен жок кылыш керек. ( Кетип калат.)
Полковник. Жаңылыш. Атасынын башына барабы. Ал ак гвардеец. Эмигрант. «Знамя» газетасына үзбөй макале жазып турат. Муну болыневиктер билбейт дейсизби. Бул барса болыпе-виктер бетинен өбө койбойт. Ал мында ак ниет менен жүрүүгө аргасыз. Анд а мен түшүнбөймүн. Кабарды туткундарга ким угузду. Таң каларлык иш...Бирок, мүмкүн господин капитан, тилмеч Маевскийибиз кантсе да орус, нээти кара болушу мүмкүн.
Капитан. Туура айтасыз. Муну эмитен жанагы кыргызда-ры менен кошуп жок кылып жиберели.
Полковник. Шашпаңыз. Биздин чеңгелден кайда кетет. (Фельдфебель, Маевский кирет.)
Маевский. Көрүнбөйт.
Полковник. Балким келбес. (Маевскийге.) Экөөбүздү алдаган го.
Маевский. Ким билет?
Полковник. Сиз билесиз да. Бир саат 25 минут өттү. Дагы карап келгиле. (Маевский, полковниктен башкасы чыгат.) Сиз кыргыз тилин эмне үчүн үйрөндүнүз?
Маевский. Зарылдыктан. Граждандык согуш убагында Түркстандан качып, Кулжага бардым. Кытайлар мени большевиктерге карман берерде, талаага кыргыз арасына качып кеттим. Бир жарым жыл жүрдүм. Ошондо булардын тилин үйрөндүм.
Полковник. Оңой үйрөнгөн экенсиз.
Маевский. Ошондой болду (Артиллериялык атуу кызыйт.)
Адьютант (шашып). Господин полковник. (Трубканы берет.)
Полковник. Мен. Мен, эмне. Биздин оборонаны жарып өттү дейсизби? Иттер, уктап калган бекен. Чогулткан кишилерди тез узаткыла. Кыштакты өрттесүн. Штабдын мүлкүн жүктөгүлө. Машинаны туура тарт. (Полковниктен башкасы кетет. Сахнынын төрү женен граждандарды айдап өтушөт. Кыштак өрттөнөнт. Капитан, офицерлер кирип, баары айдалып бара жат-кандарды карап турушат. Солдаттар штабдын мүлктөрун блин-даждын жанына үйүшөт. Артиллериянын унү кучөйт. Маевский, Үмөт, Бакир далдага киришет).
Маевский. Эрмек келбей калды. Эми силерди да, мени да атат. (Экөөнө эки гранат берип.) Ыңгайлуу учурда ыргыткыла. Билгизип койбогула.
Үмөт. Э Макул.
Бакир.
Маевский. (Шымынын чөнтөгунө эки гранат салып.) Азыр шек алдырбай жай-жайында жүрө бер. (Кетишет. Граждандар өтуп бутөт.)
Кыргыздар көрүнбөйбү? (Бинокль менен карашат).
Капитан. Үмүттү үзүү керек.
Офицер. Келбейт.,
Полковник. Алдаган экен. Туткундарды далдаага алып барып аткыла. Маевскийди (ачуулана) тирүүлөй эки көзүн чукуп, чечен тилин кесип туруп, чоң жолго аскыла. Чакыр! (Офицер жугуруп кетет. Капитанга.) Сиздин жаңылышынызды азырынча кечирдим. Бирок мындан кийин партиянын сызыгына кылт этсе-низ...билесиз го. Азыр согуш убактысы...
Капитан. Түшүнөм, господин полковник. Ыракмат! (Маевский, офицер кирет).
Полковник. (Маевскийге папирос су ну п.) Тартыңыз, капа болуп жүрөсүз. (Маевский папирос аларда, эки жагына револьвер такашат. Эки солдат даяр болот. Маевский колун көтөрөт. Капитан акырын револьверин алып устөлгө коет.)
Маевский. Бекер убара болосуңар. Пистолетти жен эле берет элем. Бул мага ашык болучу.
Полковник. Алпаргыла. (Маевскийди чыгарып бара жатканда Фельдфебель жугуруп кирет.)
Фельдфебель (шашып). Господин полковник, келе жатышат, 20-30 киши. Штыктарын жер караткан. Алдыда ак желек кармаган бирөө бар.
Полковник. Токто! Аа, Керимбеков, азамат! (Солдат-тарга.) Баргыла. (Солдаттар кетет.)
Маевский (ордунда туруп калат). Түшүнбөйм.
Полковник. Кечириңиз. Инстинктиңизди сынадым. Револьвер сунганда көз ирмеген жоксуз. Бул баатырлык. (Фельд-фебельге). Алыспы?
Фельдфебель. Бир чакырымча бар. Сол жактан чыгышты.
Полковник (ойлоп). Сол жактан...Мүмкүн. Мылтыктары октолуу чыгар. Өтүмүш болуп келип ок атышы мүмкүн. Тетиги жерге станковой пулемет койгула. Тетиги далдага автоматчик-терди отургузгула. Баарың сергек бол! Келгендерден көзүңөр айрылбасын. Эгер куралдарын тынч таштаса, былк этпейсиңер. Жай-жайыңа!
(Адъютант полковниктен башкасы чыгат. Полковник бинокль менен карап турат. Станковый пулеметту суйрөп, авто-матчиктер өтушөт. Маевский, Үмөт, Бакир далдага келишет.)
Маевский. Мен Эрмекке жетер менен (Үмөткө) сен станковой пулеметко. (Бакирге.) Сен автоматчиктерге гранат ташта. (Чөнтөгунөн дагы гранаттар алып берип.) Удаа-удаа ыргыткыла.
Үмөт. Жарайт. (Баары кетишет. Эшиктен легковой ма-шинанын (сгналы угулат.)
Полковник (эшикке). Шофер, машинаны ошо жерге кой. (Сахнанын төрунө, кыргыз, казак, өзбек, ору с боецтери строй менен келип, найзаларын жерге сайып турушат. Эрмек кичине-кей ак желек кармап, орто менен илгери басат. Маевский тосо чыгат. Капитан да көрүнөт. Маевский менен Эрмек кошулуша тушкөндө, тыштан гранаттар жарылат).
Полковник. Бул ким, акмак!
Эрмек. Мекен үчүн, ура! (Боецтер атака коюшат. Полковник револьверин чыгаргыча эки боец, Эрмек келип туткун кы-лат). Убара болбо, кечиктин. (Адьютантты, полковникти ку-ралсыздандырышат. Боецтер тыштан солдаттарды, Фельдфебелди, капитанды айдап киришет.) Граждандарды!
Бакир. Артыман! (Бешалты боец менен жүгүрүп чыгып кетет. Болжур кирет).
Болжур. (Эрмекке умтулуп.) Айланайын, Эрмек, көрөр күнүбүз бар экен.
Эрмек. Башкалар кайда?
Болжур. Доктур укол еалды, баары өлдү. Үчөөбүз эле калдык. {Боецтер штабдын мүлкүн чогултушат. 2-3 чемодан алып киришет.)
Маевский (капитанга чемоданды алып келип). Чемоданыңызды алыңыз.
Капитан. Ыракмат!
Маевский. Ачыңыз.
Капитан. Бул штабдыкы эмес. Өзүмө менчиктүү.
Маевский (чемоданды ачып, ак чүпурөккө оролгон бирде-ме алып, бул менин приемнигим).
Капитан. Приемник?. Менин чемоданыма кайдан түштү?
Маевский. Шек албас жер деп өзүм катканмын.
Полковник (капитанга). Сен приемникти талаадан издеп жүрөсүң, калпак!
Тыштан. (Коп кишинин үнү.) Ыракмат, кудай жалгасын. (Сахнанын төрүнөн эркек, аял, бала-чака көрүнөт. Боецтер менен аралашып амандашат. Тыштан машинанын сигналы.)
Боецтерден. Генерал-майор, генерал-майор! (Грачев, Гүлсүн кирет.)
Эрмек (тосо чыгып). Смирно, равнение налево. Жолдош генерал-майор, немец штабын талкалап, буларды туткунга алдык.
Грачев. Вольно!
Эрмек. Вольно!
Грачев (Эрмек менен кол алышат. Маевскийге). Иван Кузьмич! (Экөө өбүшүп көрүшөт. Грачев Эрмек менен Маевскийди кучактап.) Шумкарларым! (Полковникке). Кана, улуу Германиянын таза кандуу өгүзү.
Полковник (илгери аттап, честь берип). Полковник Фон Фридрих Ганс!
Грачев. Билемин, полковник Фон Фридрих Ганс! Көптөн бери бир багытта биз менен жашынмак ойноп келе жатасыз. Сиз жогорку согуштук билимдүү тажрыйбалуу таза кандуу фонсуз. Бирок (чакырып). Сержант Керимбеков! (Эрмек келет.) Кызыл Армиянын жаш сержанты мына бул кыргыз Керимбековго уттурдуңуз. Тактикаңыз талаага кетти. (Өрттөнүп жаткан кыштакты көрсөтүп.) Тигине, андан башка утушуңуз жок! Биздин бөлүк Днепрден өтүп, бияктан плацдармды кеңитти. Алгыла (Туткундарды айдап кетишет. Боецтерге). Тактикалык дөңдү айтылган убактан ашык кармап турдуңар. Силердин бул туруктуулугуңар-дын аркасында биздин бөлүк Днепрден зыянсыз өттү. Ала-Тоонун кыргыздары. Силер Мекендин ишенимин актап, элиңердин мүдөөсүнө чыктыңар. Граждандык ыйык милдетти ардак менен аткардыңар! Ыракмат, жигиттер!
Баары. Советтер Союзуна кызмат өтөйбүз.
Грачев. Силерди сыймыктануу менен ордендер менен сый-лоону жогортон суранамын. Керимбеков! Адылдын энесине, "Таң" колхозуна жоо бетиндеги кыргыздын эр жигиттеринин атынан кат жаз. Баарыңар кол койгула!
Баары. Жарайт, жолдош генерал-майор!
Грачев. Жаңы жеңишти көздөй, алга! (кетишет).

 

Украина фронту.
Госпиталь. 1944-жыл.
«Советтик Кыргызстан» журналы. 1944ж

 


Количество просмотров: 2937