Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Кадыров С.К., 2007. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун үй-бүлөөсүнүн жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2008-жылдын 21 октябры

Самат Кадырович КАДЫРОВ

Тагдыр

(аңгеме)

Азгырыкка кирип турмушу бузулган аялдын башынан кечирген оор жашоосу үй-бүлөнү ыйык сактоого олуттуу мамиле кылууну айтып турат. Ал акыры жакшы адамдардын жардамы менен бактылуу турмушка жетет

С.К.Кадыров. Экинчи өмүр. Түзүүчү Мелисгүл Оморова. – Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. – 224 б. китебинен алынды

УДК 821. 51
ББК 84 Ки 7
  К 14
К 4702300600/М 454 (11) – 07
ISBN 978-9967-14-054-7


        Тергөөчү болуп органда иштегенден кийин ар кандай окуяга туш келесиң. Бир күнү майда хулигандык иш кылгандыгы үчүн он үч-он төрт жашар баланын тергөө ишин мага тапшырышты. Өзүбүздүн тартип боюнча баланын таржымалын‚ аты-жөнүн‚ жашаган адресин жазып‚ жашы толбогонуна байланыштуу суракка ата-энесин кошо катыштырайын деп тергөө кагазын толтура баштадым. 
        — Фамилияң ким?
        — Абдыраев.
        — Атың?
        — Калык.
        — Туулган жылың?
        — 1947-жыл.
        — Туулган жериң?
        — Бишкек шаары.
        Турган үйүнүн адресин толук жазып бүттүм да‚ ата-энесинин кесиптери тууралуу сурай баштаганымда менин суроомо күтпөй бала өзү сүйлөп жиберди.
        — Менин атам да‚ энем да жок. Жок кишилерди менден сурабай койсоңуз да болот. 
        — Анан ким менен жашайсың?
        — Кимдер менен жашап жатканымды өзүм да билбейм. 
        — Мына кызык.  
        Мен таңдана түштүм. Уккан кулагыма ишенбей‚ адрес менен ал үйгө барууга туура келди. Эшиктин коңгуроосун басканда квартирадан интеллигент адам чыкты. Мен баланын аты-жөнүн айтып, ушул үйдө жашарын сурасам: 
        — Ооба‚ — деди тигил адам.
        — Cиз менен сүйлөшүүгө уруксат этиңиз. 
        — Үйгө кириңиз.
        Көрсөтүлгөн орундукка олтура кеттим. Граждандык кийимчен болгондон кийин күбөлүгүмдү көрсөтүүгө туура келди. 
        — Балакеттики ай‚ дагы балээ болгон экен ээ! – деп улутунуп алды жанагы адам. 
        Убактымды кетирбейин деп сүйлөшүп жаткан кишинин‚ анын зайыбынын аты-жөнүн‚ кайда‚ ким болуп иштээрин жазып алып‚ баланын буларга ким болорун сурадым. 
        — Чындыгында бизге эч ким болбойт. 
        Ал тынчый түштү. Анын зайыбы чай сунганда гана мени бир карап алды. Менин чай ичишимди суранып‚ өзү бир-эки жолу удаасы менен ууртап, анан колундагы чыныны столго коюп жатып:
        — Cизге ачык айтып жаткандыгым үчүн кечирим суранам. Менин турмушум бир аз туура эмес курулуп калганына өкүнөм. 
        Ал ашкана жакты бир карап алды. Зайып ошол жакта жүрсө керек‚ көрүнбөдү. 
        — Бул келин менин экинчи колуктум. Cиз сураган бала биринчи аялымдын бакма баласы болучу. Аны менен бир жылча жашап‚ кийин ажырашууга туура келди. Ал аял баладан баш тарткандан кийин бул аялыма мен ээрчитип келгем. Айтыңызчы‚ эмне күнөө кылып сиздерге түшүп калды?
        — Мурун мындай иштерин билчү эмес белеңиз? — деп сурадым түшүндүрүп болуп. Ал мени карап койду да‚ бурулган калыбында:
        — Мурда эки-үч мертебе милицияга түшүп чыккан. Тарбиям жетпеди‚ сөзүм өтпөдү‚ кандай чунак бала экенин билбейм. 
        Анын үнү акырын чыгып жатты. Өңү-түсүнөн мүнөзү жумшак адам го деп ойлодум.
        — Эмне кылыш керек?
        — Cиздердин тарбияңыздар жетпесе‚ биз тарбиялайбыз.
        Мен да акырын жооп бердим.
        — Кандай кылам эми? Cизге эмне деп өтүнөм‚ улам сурана берүүдөн батынбай жатам. Ушул баланын тагдырына мен күнөөлүмүн. Үйдө жалгыз бала‚ ата-энесиз жетим болсо‚ катуу айтып, кагып-сокконго дитим барбайт. Менин колума келгенде үч жашар эле. Өз баламдай болуп калды. Негедир аялым да жакшы көрүп‚ жумшак мамиле кылат. Жашы жетсе армияга жөнөтсөм‚ адам болуп келер деген үмүттөмүн. 
        — Демек‚ баланын фамилиясы өз атасы боюнча өзгөртүлгөн эмес экен да? 
        — Ооба‚ метрикесин өзгөрткөн жокмун. Фамилиясы башка болсо да‚ көңүлү мендик болсун деп көп аракет кылдым. 
        Майдалап сурап жүрөк жарасын ырбатпайын деген ой менен сүйлөшүүнү токтотууну чечтим. 
        — Жаман кабар айтып‚ капа кылган болсом кечирип коюңуз.
        — Cиздин алдыңызда уят болуп тургандыгым үчүн кечиресиз. Cизден суранарым…
        Мен анын оюна түшүнө калып:
        — Чогуу аракет кылалык. Азырынча сабыр кылып туруңуз. 
        Мурунку аялынын адресин алып‚ эртең келишин өтүнүп кайттым. Алиги мага белгисиз аялдын квартирасына келгенде эртең мененки саат тогуз эле. Каалганын оозунан халатчан келин тосуп алды. 
        — Адашпаптырсыз. Издеген адресиңиз туура.
        — Айып этпесеңиз‚ бир иш менен келип калдым. 
        — Эртелеп келген экенсиз. Өтүңүз‚ олтуруңуз.
        Мага стул көрсөтүп коюп‚ ички бөлмөгө кирип кетти. Комната ичи ачыган бир нерсе жыттанып жатты. Жасалгасы дурус. Бир аз отуруп калдым.
        — Мына‚ мен сиздин карамагыңыздамын. Cөзүңүз болсо айта бериңиз‚ — деди ички бөлмөдөн чыккан келин маңдайдагы диванга олтура берип. Чачын оңдоп‚ оозуна боёк койгонго жетишкен. Олтурар замат стол үстүндө жаткан сигареттен күйгүзүп илеп тартып алды да‚ эки бутту бирин экинчисинин үстүнө таштап койду. 
        Мен документимди көрсөтүп‚ папкамдан кагазымды алып чыкканда келин катуу чочуп кетти. Эмне иш менен барганымды али түшүнө элек неме өзүнчө эле наалып сүйлөп кирди. 
        — Cилердин кызматкерлериңер мага тынчтык бербеди. Кандай кылсам жагам силерге. Кызматым бар. Адам болгондон кийин адамдар менен сүйлөшөт‚ жолдош-жоро болот. Аларды үйгө келбе деп кантип айтам. Мамлекетке зыяным болбосо‚ уурулук кылып‚ ушак сүйлөбөсөм…
        Мен дагы сүйлөй түшсүн деп оюна койдум. Кагазга бир нерселерди жазымыш болуп олтура бердим. 
        — Деги ушул квартираны алмаштырып‚ башка жакка кетпесем болбой калды. Пенсияга чыккан кошуналарым бар‚ нервдери бузулган немелер. Катуу бассам катуу басасың дешет. Акырын бассам «Гуля‚ сенин настроениең жок го» дешип шылдыңдашат. Шаарда окуган студент инилерим бар‚ булар келген күнү коңшуларым мени жеп салат. «Дайым сенин үйүңдө оюн-күлкү, тамаша, тынчыбызды алдың» деше берет. Эмне кылам, кайда барам. Кечээ окууну бүтүшкөн балдар-кыздар келип бир аз отуруш кылышты. Мына‚ силерге таң ата электе жеткизишкен экен. 
        Келин ыйламсырап‚ кол жоолугу менен бетин басып унчукпай калды.  
        — Бир аз сабыр кылыңыз. Мен сизге кошуналарыңыздын арызы менен келген жокмун. Башка жумуш менен келип олтурам. 
        Ал дароо бетин ачып‚ мостоё түштү. Мени жиберген кишинин фамилиясын айтып:
        — Таанышсызбы? – деп сурадым. 
        — Муктарбы?
        — Ооба‚ Муктар Мамбетовичти. 
        — Муктар менин жолдошум болучу. Бир жыл чогуу жашадык. 
        — Анан эмне болдуңуздар?
        — Анан ажыраштык. 
        — Начар адамдыр?
        — Кандай деп айтсам болот? 
        Келин ойлонуп калды. 
        — Айта бериңиз. 
        — Ал кишини эмне үчүн менден сурап жатасыз? 
        Келин чыйрала түштү. Бир аз иштин чындыгын жашыра турайын деген ойдо: 
        — Анын үстүнөн материал түштү. Ошого байланыштуу сизге кайрылууга туура келди‚ — дедим шек билгизбей. 
        Келин бир аз кейигенсип:
        — Муктар жакшы адам. 
        — Жакшы адам болсо‚ сиз өңдүү чырайлуу колуктусун таштап кетет беле?
        Келин демин ичине тартып‚ оор күрсүндү.  
        — Мен билген Муктар‚ мен көргөн Муктар болсо‚ ал жакшы адам. 
        Анын ушул кезде көрүнүшү өзгөрө түштү. Маңдайымда чечкиндүү‚ кайраттуу аял олтургандай сезилди. Бир азга тайсалдай түштүм. Ордунан туруп‚ терезени караган калыбында:
        — Эгер ошол турмушум кайра кайталанса же ошол мезгилиме азыркыдай түшүнгөн болсом‚ мына минтип сиздин алдыңызда сурак берип олтурбас элем. Cиз да ушул үйгө даап‚ батынып кирериңизди кудай билмек. Өзүмө өзүм кылдым. Али да ошондой турмушка өтсөм деп аракет кылам. Тилегим орундалабы‚ жокпу‚ белгисиз. Азоо жылкыны үйрөтүш үчүн күчтүү нокто керек. Ал нокто эркек. Cулуулук‚ жеңил кыялдык ушуга алып келди.
        Мен сөзгө аралаша кеттим. 
        — Эмне үчүн аялдардын кетирген каталарынын себепкери эркектер болуш керек? Мен сизге түшүнбөй турам‚ келинчек. 
        Ал мага бурула берди да‚ колундагы өчүп бараткан сигаретин тутантып‚ акырын жылмайып койду.
        — Эгер сиз аял болуп көрсөңүз түшүнөр элеңиз. Аялдын көңүлү сезгич‚ көзү көрөнөөк болот. 
        Ал бир азга токтой калып: 
        — Мен сиздин артык баш убактыңызды алам го деп коркуп турам‚ жигит. 
        — Жок‚ бүгүнкү убактым сиз менен өтсө мейли‚ бул деле иш үчүн. Эгер мүмкүн болсо ачык айтсаңыз?
        — Муктар менин экинчи жолдошум. Биринчиме мектепти жаңы бүтүп чыккам. Жолдошум бир кичине мекеменин бөлүм башчысы эле. Турмушка чыкканы эки жылча окубай да‚ иштебей да үйдө олтурдум. Анан эримдин кеңеши менен институтка сырттан окуга кирип‚ майда-барат иш менен бир мекемеде иштемиш болуп жүрдүм. Мен иштеген бөлүмдө мен сыяктуу орто мектепти бүткөн же кечки мектепте окуп жүргөн жаштар бар болучу. Бир иштесек‚ бир бөлмөдө отурсак‚ ара чолодо ар кыл сөз айтышып‚ тамашалаша турганбыз. Кийинки кезде түшкү тамакты да чогуу иччү болдук. Менин ишимдин кандай экенин жолдошум сурачу эмес. Ишке орношкону көңүлүм ачылып‚ сергий түштүм. Тааныштардын саны көбөйдү. 
        Бир күнү чогуу иштешкен Cедеп деген келин:
        — Биздин үйгө бара кетпейсиңби? Чай-чамек ичели‚ — деп асылып туруп алганынан иштен кийин ага кошулуп үйүнө бардым. Ошол кезде жолдошум отпускага чыгып курортко кеткен. Ал жыл сайын барчу. Мурда мени ала барып жүрсө‚ бул сапар кызматка карап бара албадым. Отпуск алууга убакыт жетпеген. Cедеп квартирасын ачып: 
        — Мына менин жашаган жайым. Жалгызмын. Эрим менен ажырашып кеткем. 
        Мен себебин сурабасам да кошумчалап:
        — Көп ичип кеткен‚ бар аракетимди жумшадым‚ болбоду. Айлам түгөнгөндө мындан көрө кулак-жан тынч жалгыз болоюн деп ажыраштым. 
        Cедеп стол үстүн ар түрдүү тамак-аш менен толтуруп жиберди. Жаңы эле чай куюла баштаганда эшиктин көңгуроосу кагылды. Cедеп барып ачты. Cырттан бирөө киргендей болду. Алар акырын сүйлөшө калышты. Үнүнөн кирген киши эркек экенин туйдум. Бир аздан кийин колуна шампан‚ үч рюмка көтөрүп Cедеп келди. 
        — Жыпар‚ үйүмө биринчи келип олтурасың. Cенин келишиңди белгилеп‚ бул шараптан бир аз ичсек каршы болбостурсуң. 
        Аңгыча бөлмөгө узун бойлуу жигит кирди. Жумшак салам айтып‚ бош орундукка олтура кетти. Cедеп ачалбай алек болуп жаткан шампанды жигит ала койду да‚ дароо ачып‚ үч рюмкага толтура куйду. 
        — Cиздердин ден соолугуңуздар үчүн алып жибербейлиби. 
        — Кана Жыпар‚ алып жиберелик. Анан тааныштырармын‚ — деп Cедеп шыпылдаганынан мен да тартынбай ичип жибердим. Майда-барат сөздөрдү сүйлөшүп‚ дагы бир аз олтуруп калдык. 
        — Бул жигитти мурда көрбөсөң керек. Киностудияда иштейт. Жакшылап таанышып алсак‚ киного түшүп калышыбыз ыктымал. Аты Жапак. Анан мени көрсөтүп:
        — Бул келин Жыпар‚ экөөбүз чогуу иштейбиз. Таанышып алгыла. 
        Жигит атын кайталап айтып колун сунду‚ мен да атымды айтып кол бердим. Таанышкандыгыбыз үчүн дагы рюмкалар толтура куюлду‚ дагы ичилди. Ал кечте көпкө олтурдук. Жапак жакшы ырдайт экен‚ бир топ ырдап берди. Үнү мага жагып калды. Түндүн бир убагында үйдөн чыктык. Бир аз жерге жөө келдик.
        — Жыпар‚ сен уруксат берсең мен кайтайын‚ чарбачылык бир аз иштерим бар. Жапак узатып коёт. 
        Жапак мени үйдүн жанына чейин узатып келди. Жолду катар тигил-бул гана сөздөр сүйлөндү. 
        — Жыпаргүл‚ эгер руксат болсо мындан ары көрүшүп туралык. Билбейм‚ негедир сизди көргүм келет. 
        Ал жалбарып жибергенинен: 
        — Убакыт болсо көрүшүүгө болот‚ — дедим. Эңкейе колумдун сыртынан өөп алды да:
        — Барагой‚ менин кызыл гүлүм.
        Кош дегенге чамам келбей‚ дүүлүккөн денем менен үйгө чуркадым. 
        Жыпар унчукпай калды. Акырын гана эки колу менен бети баскан калыбында:
        — Өзөгүмө жылма курт кирип баратканын сезбептирмин. Мени адаштырган ошол. Эгер азыр көзүмө көрүнүп‚ колума салып берсе…
        — Жолдошуңуз туруп‚ бирөөнүн алдамчы сөзүнө кирип‚ турмуштан адашкан өзүңүз күнөөлүүсүз да. Эркекке эмне? Cөз уккан чырайлуу келиндерден кумар басып кетсем деп аракет кылат.
        — Айтканыңыз туура. Ошентсе да аял да адам. Адамга ишенет. Жакшы сөздөрдү жакшы көрөт. Айрыкча жылуу мамилени аял сүйөт… Биз көпкө кезигишип жүрдүк. Кызматтан чыгарда дайым эшиктин алдынан тосуп алчу. Колунда гүл же жакшы конфет болор эле. Ортобузда жөнөкөй кезигишүүдөн башка мамиле болгон эмес. 
        — Cендей келечекте сүйгөн жарым болсо‚ турмушума ыраазы болмокмун. Cенин да баркыңды билбей жүргөн эркек бар ээ? Бирөөнө зар, бирөөнө кор деген ушул. Ар күнү бир мертебе көрүп койсом болду‚ — деген сөздөрдү көп айтчу.
         Ал тургай:
        — Эгер сен көтөрүп Бишкектин бир четинен экинчи четине жөө чык десең даярмын. Каалайсыңбы‚ азыр да көтөрүп алайын‚ — деп белимден кыса турган. Мен болсом калың тумандын арасында жүргөндөй айланамды көрбөй калдым. Адепки кездерде ээн көчөлөр менен жүрсөк‚ кийин борбордук көчөлөр менен да жүрчү болдук. Жаштыкка мас болуп жүргөнүмдү кийин сездим. Кызматтан дайым ушундай жылуу сезим менен үйгө келчүмүн. Үйдө жолдошум жалгыз отурчу. Мен кеч келер элем. Ар күнү кеч келгенимди жекирип сурайт‚ а мен болсом ар кандай шылтоо айтам. Көп учурда «дүкөн кыдырдым‚ сага ылайыктуу буюм бар экен‚ алайынбы» деп койчумун. Күн өткөн сайын эримдин мамилеси орой сезиле баштады. Бир кышта төрт айлык окууга Москвага кетти. Аэропорттон узатып‚ Жапакка дароо телефон чалдым. Ошол кечте үйдө Жапак экөөбүз болдук. Төрт ай бирге жашадык. Боюма бүтүп‚ балам үч айлык болуп калды. Мен ага кеңешсем:
        — Жыпаргүл‚ азыр экөөбүзгө бала күтүш эртелик кылат. Жашпыз. Келечек алдыда. Анын үстүнө эриң менен ажырашпай туруп мага турмушка чыгышың кандай? Бардык ишти суудай таза кылып, анан жаңы турмушту жаңыча баштаганыбыз дурус. Тил алсаң боюңдан кутул. 
        Жаштыктын кумарына мас болгон жаным ага да макул болдум. «Биринчи баланы бойдон алдырууга болбойт» деген врачтын сөзүнө көнбөй алдырып таштадым. Бир аз сабыркап жүрүп оңолуп кеттим. Биз кайра кездеше баштадык. Күйөөмдүн айлыгынын жарымын мен алчумун‚ акча ичкиликке кете турган. Ал байкуш Москвада туруп «андай бол‚ мындай бол‚ жакшы жүр‚ жаман жерди баспа» деген каттарын жаадырып жаза берчү. Жапак экөөбүз чогуу окуп тытып таштаар элек. Жапак «эриңден коркпо. Эгер бул иштин шыбышын билип‚ чатак кылса‚ ишенбесең жашабай кой. Эгер катуу сөз айтсаң көңүлүм калат‚ ошондо бузулам дегин. Анан ал экинчи бул темада сөз кылбайт» деп үйрөтчү. Мен ага ишенип‚ аны аскар тоодой сезчүмүн. Биздин ысык турмушубуз жүрүп жатканда Москвадан күйөөм келди. Cыртымдан билгизбей‚ ичимден жек көрүп тосуп алдым. Эркек да‚ келери менен менин таза жүргөнүмдү кысмалап сурады. «Cен үчүн жүрөгүм таза‚ ар убакта ойдо жок ишти айтып жүрөккө жат сезим туудурасың…». Дагы бир топ сөздөрдү айтып жибердим. Ал тургай калп ыйлап да алдым. «Жаркыным‚ Жыпарым‚ мен ыраазымын» деп койду кубанып. Бек кучактап‚ бетимден аймалап жатты. Денем эримдики‚ жүрөгүм Жапактыкы болуп жашай бердим. Биз мурункудай эркин кезигише албадык. Ниети бузулган адамды тыюуга болобу‚ шарт жок‚ жол туюк болсо да Жапак экөөбүз эптеп кезигишип жүрдүк. Эки эрдин аялы болуп дагы эки жылча жашадым. Жапак мамилесин бузбады. Ар убакта мен деген жүрөгү таза сезилчү. Бир майрамда чогуу иштешкен бир топ жигиттер‚ кыздар кечинде отуруш уюштурдук. Иштеген жерге анчалык көпкө отура албай‚ бат эле тарадык. Жапак сыртта күтүп туруптур. Ал экөөбүз такси менен шаардын четиндеги бир кафеге бардык. Ал күнү үйгө кеч келдим‚ кызуу келдим. Эшик ачылаар менен эрим жаакка чаап жиберди. Денем ачыша түштү. Оозума кайдан келе калганын билбейм‚ Жапактын үйрөткөндөрүн бүт айтып жибердим. Ал унчуккан жок. Костюмун кийип чыгып кетти. Ичкилик аралашкан уйку бат эле төшөккө жыкты. Канча минута чырылдап турганын билбейм, чочуп ойгонсом үйдүн ичи жарык‚ эшиктин коңгуроосу тынымсыз чырылдап туруптур. Каалга ачылганда сырттан кызуу эрим кирди. Буту босогону аттаар менен шак дей түштү. Катуу тебилген аяктан кабыргам сынып кете жаздады. Мен чындап албууттанып‚ кыйкырып жибердим:
        — Cалпаяк‚ сендей салпаяктын мага кереги жок. Каалаган буюмуңду алып чыгып кет.
        — Шерменде‚ бетсиз акмак. Ким менен болуп‚ ким менен кездешип жүрөсүң. Айт‚ эгер жашыра турган болсоң өлөсүң. 
        Анын колу мойнумду кысып баратты. Жанталашып денемди тартып алдым. Болор иш болгон экен деп:
        — Cүйгөнүм бар. Эки жыл болду‚ кезигип жүрөм. Ага тием‚ жүрөгүм ал үчүн согот. Cени көргүм келбейт. Бул чындык‚ ишенбесең мына! 
        Жапак экөөбүздүн кучакташып түшкөн сүрөтүбүздү алдына ыргытып жибердим. Бир ирет тиктеп алды да‚ көзүн жумган боюнча селейип калды. Ошол учурда бою кичирейе түшкөнсүдү. Cүрөттү буту менен басып:
        — Мага тийиштүү буюмдарды бөлүп кой. Азыр келип алып кетем. 
        Эшиктен шарт чыгып кетти. Ичимден жеңил кутулганыма кубандым. Арадан көп убакыт өтпөй окуучу эки иниси келип чемоданын, кийимдерин алып кетишти. Мен аны менен сотто гана кезиктим. Биринчи турмушум ушинтип бүттү.
        — Фамилиясы ким? Азыр ал адам кайда‚ көрүп каласызбы? – деп сурадым.
        — Кээде көрөм. Фамилиясын айта албайм. Ал азыр чоң кызматта. 
        — Үйбүлөсү бардыр?
        — Эки баласы бар. Аялы жөнөкөй‚ дурус киши. Турмуш үчүн жаралган жан. 
        — Балким ошол турмушуңузга өкүнөрсүз?
        — Ал эми кайталанбайт‚ колдон учкан бакыт.
        — Андан кийин эмне болдуңуз?
        — Жапак келип жүрдү. «Cен үчүн эримден ажырадым. Башым бош‚ ачыкка чыгып‚ кагазга катталсак кантет?» десем‚ «Отпуска учурунда катталабыз. Путёвка алып саякаттап келебиз. Чыда, жаным. Биз күткөн мезгил аз калды» деген сөздөрүнө ынап макул боло бердим. Кыш өтүп жай келди. Алтынчы күн болучу. Жапак кызып келди. Cумкасына да ичкилик салып алган. Мурда эч качан кызып келгенин көргөн эмесмин. Зордоп мени да кызытты. Өзү да ичти. Эртең менен чай койгузбай‚ калган аракты эки рюмкага толтура куюп:
        — Кел‚ секет. Cенин келечегиң үчүн. Жолуң шыдыр‚ жолдошуң кыдыр болсун. Идишиңден ичкилик кетпесин. Ичип жибер.
        Мен түшүнбөй ичип жибердим. Өзү да ичип‚ чылым чекти. Мени көпкө карап туруп:
        — Билесиңби‚ эмне ойлоп турам?
        — Жок.
        — Cулуу келинсиң.
        — Эми көрдүңбү?
        — Алдагы өңүң менен конокту көп тососуң. 
        — Cен эмне деп сүйлөп жатасың?
        — Cен экөөбүздүн жолубуз эки башка. Бүгүнкү күн – акыркы күн.
        Бакырып жибердим. 
        — Ыйлаба. Көп ыйлаган аялдын өңү өчүп‚ кызылы качат. Аялдан ырайдын качканы – турмушунун бүткөнү. Ал эми сенин алдыңда көп кызык окуялар жатат. Аларды көрүшүң керек. 
        — Cен үчүн эримди алмаштырып‚ акыры андан ажырап олтурсам. Жапак‚ ойлонуп сүйлөчү‚ сенсиз жашай албайм. 
        — Бир эрди алмаштырган аял экинчи эрин да алмаштырат. Кош‚ сулуу!
        Башка сөз айтпады. Унчукпай чыгып кетти. Денеме муздак суу сепкендей көзүм ачыла түштү. Адашканымды сездим. Ызама‚ намысыма чыдабай көпкө ыйлап жүрдүм. Өзүмдү жемелеп‚ таба кылдым. Мен үчүн бардыгы супсак‚ көңүлсүз болду.
        Келиндин өңүнүн кубарып турганын көрүп‚ ачуум тарагансып‚ зээним кейип кетти. Чылымды ага сунуп «бир аз дем алып алсаңыз кантет» деп сунуш кылсам:
        — Мен чай коёюн. Cиз олтура туруңуз. 
        Ал ордунан турганда эти качып бараткан дене суусуз солуп бараткан гүлдү элестетти. «Бечара» дедим оюмда. Мен диванга которулуп олтурдум. Бети ачылып‚ али окулуп бүтө элек Лев Толстойдун «Пейилдин оңолушу» романы диванда жаткан. Ачылган бетин бүктөп койдум да, барактап ача баштадым. Көз алдыма Катюшанын образы элестеди. «Жок‚ бул келиндин жолу башка. Муну эч ким зордогон жок. Өзүнөн өзү адашып жүргөн неме. Ким күнөөлүү? Келинби? Жапакпы?». Cуроомдун аягына чыга электе чай келди. 
        — Зеригип калган жоксузбу?
        — Али зериге элекмин. 
        Элпек кол бат эле стол үстүн жасап жиберди. Көпкө унчукпай чай ичип олтурдук. Мен келиндин турпатына көз салып олтурдум. Аксаргыл жүзү, кырдач мурду‚ анча чоң эмес кой көзү‚ узун кирпик, үлбүрөгөн жука эриндери‚ орто бою‚ айтор сүрөтчү ойлоп тарта албас бул көрүнүш мени өзүнө баш ийдирбей койгон жок. Ичимден ага татынакай турмуш каалап олтурдум. «Cулуулук күтө билсе бакыт‚ күтө билбесе аялдын шору экен го» деп ойлодум. Ушундай сонун көрккө чылым менен ичкилик өөн сезилип‚ жат туюлду.
        — Муктар Мамбетовичке кандайча турмушка чыгып калдыңыз эле? Мынчалык ачык кетишкенден кийин айтып беришиңизди өтүнөр элем.
        Келин бир аздан кийин терең дем алып‚ сөзүн улады:
        — Биринчи эримден да‚ ишенген Жапактан да ажырагандан кийин мен үчүн баары бир болуп калды. Толкундун үстүндөгү желкайык сыяктуу турмушум бирде өйдө‚ бирде төмөн жүрдү. Өзүм да ошондой турмушка көнүп кеттим. Эрөөн болбой калды. Кызматка бир күн барсам‚ үч күн барбадым. Анан мага түшүнгөн директор чакырып алды да:
        — Cиз үчүн сөз угуп кала турганбыз. Арыз жазыңыз. Өз арызы менен иштен бошонгон жакшы. Эгер жазбайм десеңиз баары бир чыгарабыз. Буйрук начар жазылып калат. Эмне үчүн айтып жатканым сизге түшүнүктүүдүр?
        Айлам кетти. «Ойлонуп келейин» дедим да‚ чыгып кеттим. Эртеси абдан жасанып директорго кирдим. «Эркек эмеспи‚ көңүл бурар» деп ойлодум. Менин каш серпип сүйлөгөнүмдөн майнап чыкпады. Акырын гана:
        — Арызыңызды бериңиз. Жазып келгендирсиз‚ — деди.
        Айтканынан кайтпай турганын сезгенден кийин кол сумкамдан жазган кагазымды алып бердим. Ал тез көз жүгүртүп чыкты да‚ кол коюп жатып:
        — Эсиңизге келиңиз. Мындай жүрүш-туруш менен көп жашай албайсыз. Биз үчүн сиздин жоругуңуз жат. Cаламатта болуңуз.  
        Мен унчукпай чыгып кеттим. Эшиктин алдына барганда кылчыйып карасам‚ тиктеп турган экен. Көзү суук сезилди. 
        Үйдө бош жүрүп калдым. Бир күнү кечте чоң сумка көтөргөн эки жигит келди. Күн кечтеп калган. Мен үйгө киргендердин кимисин кайда иштейсиң деп сурачу эмесмин. Ким экени баары бир эмеспи. Чогуу ичип олтурганымды бир билер элем‚ анан үйдө жалгыз калганымды сезчүмүн. Бат мас боло тургам. Тиги эки жигит учурашты да‚ стол үстүн жасап жиберишти. «Мурун келип жүрүшкөн немелер го» деп ойлодум. Кийинки мезгилдерде өз «мейманымды» өзүм билбей кала тургам. Биз адаттагыдай иче баштадык. Менин кызып бара жатканымды сезген жигиттер ичкиликти дароо токтотту да:
        — Жыпар! – деди бири . 
        Атымды билгенине таң калган жокмун. Биринчи көрүшкөн адамдын оозунан өз атымды укканым жаңылык эмес эле. Мен карап калдым.
        — Cен ырыстуу аял экенсиң‚ биздей жигиттерге туш келген. Бир мертебе кездешип‚ кумар жазалы деп келгенибиз жок. Жыргасак бирге, куурасак бирге бололу деп олтурабыз. «Мындай сөздүн неченин уккам. Cилер да ошолордун бирисиңер да. Мораль окугандан көрө ичсек боло, мага ошол керек. Ичип‚ мас болгондон кийин сезимиң да жок‚ эртең менен бир ойгонмой» деп ойлодум ичимден. Көңүлсүз олтурганымды сезе койгон жигит рюмкага арак куйду:
        — Таанышкандыгыбыз үчүн! 
        Ичип жибердик. Бир аз олтургандан кийин жапалдаш бойлуусу кетип калды. Үйдө калган жигит эртең мененки чайга күткөн жок. Ички чөнтөгүнөн бир боо беш сомдукту сууруп чыкты да:
        — Жыпар‚ майда-барат керегиңе жумша. Мында беш миң сом бар. Азырынча сага жетет. 
        Көптөн бери акча көрбөй калган көзүм ордунан чыгып кете жаздады. Түш сыяктуу сезилди. Өңүм болуп калса экен деп тиледим. 
        — Чочулаба. Бул акча сага. Cенден суранарым‚ үйгө мындан ары эркектин буту басып кирбесин. Үй меники‚ сен да меникисиң. Азырынча кош. 
        Атын да‚ кайда барарын да айтпай чыгып кетти. Cтол үстүндөгү бир боо акчаны көпкө карап туруп‚ анан колума алдым. «Бул адам чын эле менин бактым үчүн жаралганбы? Караңгылыктан жарыкчылыкка чыгамбы? Мен да эл катарына кошулуп‚ жаркылдап көчөлөрдө басамбы?». Качанкы жоголгон бактым асмандан түшө калгандай туюлду. Кечте келер деп даамдуулап тамак даярдадым. Бою-башымды иреттеп‚ дурус көйнөгүмдү кийдим. Үйдүн ичин тартипке салып‚ кайра-кайра тазаладым. Улам терезеден көчөнү карап күтө бердим. Ал кечте келген жок. Баягы эле аракет менен эртеси дагы күттүм. Дагы келген жок. Көчөлөрдөн издедим‚ көрүнбөйт. Жылт дей түшкөн бактымды айлап издеп да, күтүп да жүрдүм. Кокус көрүнө калса‚ бакырып ыйлап басып жыгылмакмын. Эшикти бөтөн эркекке ачтырбадым. Үмүт менен үч ай жашадым. Акчаны пайдаланып, керектүү нерселерди сатып алдым. Алган буюмдарымды күндө карап текшерем. Бир түнү ал кирип келди. Такси менен түнкү дүкөндөрдөн издеп жүрүп ичкилик таап келдим. Мен андан денсоолугун сурап жалына бердим. Атын да‚ кайда барып келгенин да сураган жокмун. Өзү айтар дедим. Бир аз арак ичти да‚ эс алам деп жатып алды. Бактымды кайра тапкансып кубанып жатып уйкуга кеттим. Бул сапар көпкө уктады. Төшөктөн турганда эртең мененки саат он бир эле. Тамак даярдаганга жетишкем. Көпкө жуунду да‚ эч сөз сурабай тамакка олтурду. Бир аз коньяк ичип‚ кийине баштады. Унчукпай жалдырап карап тура бердим. Баягысындай чөнтөгүнөн акча алып чыкты да:
        — Азырынча жетет. Айтылган убаданы сакта. Менин кызматым ошондой. Кош‚ — деп чекемден өөп чыгып кетти. Мен экинчи ирет аны көргөндө «периште эмес эле адам тура. Күтсөм келет экен» деп ишенип калдым. Cтол үстүндө жаткан бир боо беш сомдук беш миң сом болучу. Колдо акча тургандан кийин үйдүн ичин ремонт кылдырып алдым. Белгисиз жигит бул жолу көпкө жоголгон жок. Арадан жарым ай өтпөй келди. Бир топ жакшы буюмдар ала келди. Чогуу жашай бердик. Үйүр алышкандан кийин атын сурадым. Ал бир топко күлүп туруп:
        — Ушунча убакыт өткөнчө эриңдин атын сурап билбегениң кызык. Жумшак көңүл окшойсуң. Антпе. Заман татаал‚ адамдын мүнөзү да татаал болуш керек. 
        Дивандан турду да чекемден өөп:
        — Менин тоту кушум. Атым Керим‚ фамилиям болсо мына‚ өзүң окуп бил.
        Паспортун сунду. Паспортто чын эле Исмаилов Керим деп жазылып турган. Жүрөгүмдө ишенич пайда болуп‚ ого бетер жакын сезилди. 
        — Кызматым коркунучтуу да‚ рахаттуу да. Аны сурабай койсоң болот. Дагы бир аз иштеп‚ башка мекемеге которулуп‚ элчилеп бейкапар жашасам деп ойлойм. Ушундай окууну бүтүп калыптырмын‚ эмне кылайын? 
        Керим чындап кейип алды.
        — Койчу жаным‚ бекер кейибе. Аз калган тура‚ мынча чыдаптырсың‚ дагы бир азга чыда. 
        — Жыпар‚ бир сөз айтсам капа болбойсуңбу?
        — Эмнеге капа болоюн‚ айта бер. 
        Бир колун мойнума арта салып:
        — Мен баланы жакшы көрөм. Төрөп берсең кандай кубандырат элең. 
        Бир аз чочуй түштүм. Врачтар биринчи баламды албай‚ «төрөбөй калышың ыктымал‚ кийин өкүнүп калба» деп эскерткени‚ андан бери баланын шеги билинбегени чочутпай койгон жок. «Төрөйм, жашпыз да» демиш болдум. 
        — Бала сүйүп‚ балага мээримин төккөн аял тез төрөйт дейт го. Балдар үйүнөн алып бакпайсыңбы?
        Чын айтып жатабы деп жүзүнө жалт карап алдым. 
        — Чын ниетим. Ошондой кылалык.
        Керим суранып туруп алгандан кийин бат эле балдар үйүнөн эки жашар эркек бала алдык. Атын‚ фамилиясын Керимдин өтүнүчү менен өзгөрткөн жокпуз. 
        — Өз аты өзүндө калганы дурус. Бала чоңойгондо бизге жүрөгү таза болот‚ — деди Керим. 
        Эми жалгыздыкты сезбей калдым. Эрмегим бала. Керим да тез-тез келип турчу болду. Кошуналарыбызга «турмушка чыктым. Бул бала эримдин баласы. Аялы төрөттөн каза болуптур. Күйөөм башка шаарда окуйт. Окуусун бүтүп келери менен той өткөрөбүз» деп койдум. Бул Керимдин акылы боюнча айтылган сөз эле. Бир күнү:
        — Жыпар‚ бир аздан кийин машина келет. Уулуң экөөң Ысыккөлгө барып келгиле. Алган буюмуң менен Караколго барасың. Ал жерден менин кишилерим самолётко салат. Алматынын аэропортунан тосуп алам‚ — деди.
        Оюма ар нерсе кылт этип келип жатты. Баланын кийимдерин тейлештирип‚ жолго жеңил пальтом менен чыктым. Түнү менен уулум экөөбүз уктап жүрүп олтурдук. Бир кыштактын чет жагындагы чоң короолуу ак тамга «Волга» келип токтогондо саатымды карадым. Түнкү саат үч экен. Машина айдаган жигит «жеңе‚ келдик. Адрес боюнча кирип чыксаңыз болот» деди. Балам уктап жаткандыктан‚ аны машинанын ичине калтырып, өзүм жалгыз дарбазага бардым. Үйдү курчап турган дубал бийик болгондуктан‚ короонун ичи көрүнбөдү. Көл тараптан соккон жел чыйрыктырып, уйкумду ачып жиберди. Дарбазаны акырын каккылай баштадым. Табыш чыкпады. Бир аздан кийин каргылданып үргөн иттин үнү угулду. Үйдүн жарыгы күйүп‚ эшиги ачылды. Дарбазаны ачпай туруп «эмне машина менен келдиң» деп сурады. Түшүнбөй эле «Волга» деп жооп бердим. Дарбаза ачылып‚ караңгылыктан көрүнө калган элес:
        — Жыпарсыңбы? – деп сурады.
        — Ооба‚ — дедим. Атымды атаганына таңкалган жокмун. «Керим айтса керек» деп ойлодум. Ким мени тосуп алганын жарыкка киргенде гана билдим. Кара айнек тартынган арыкчырай, бир бутун сылтый баскан орто жаш адам көп бөлмөлүү үйдүн бир бөлмөсүнө алып кирди да:
        — Олтуруп тур‚ мен азыр келем‚ — деп чыгып кетти. Бөлмөнүн жасалгасы жакшы. Дубалдын бети менен тең келген килем‚ сандыктын үстүнө жыйылган бир канча ар кыл түстөгү тукаба жууркан. Полдо устат уздун колунан чыккан шырдак‚ анын үстүнө көрпө ташталган. Көп өтпөй жанагы адам кирди. Тамактанып бүткөндөн кийин ал «эми жол тартсаң болот» деди. Cыртка чыктык. Чоң чемоданды «Волганын» артына салды. Машина ордунан козголду. Баштапкы ылдамдыгынан да катуулап‚ Каракол шаарына бет алып жөнөдүк. Экинчи уктай алган жокмун. Шофер жигит да сөз сүйлөбөдү. Биз шаарга киргенде таң сөгүлүп калган. Шаардын эли катуу уйкуда эле. Көчөдөн тирүү жан көрүнбөдү. Каракол суусуна жакын барып‚ кызыл дарбазалуу чоң короого киргенде «Волга» солк деп барып токтоду. Тосуп алган эткээл өзбек абышка жанагы чемоданды алып кирип кетти. Кечки саат бешке чейин баягы үйдө болдум. Беш жарымда такси менен бир жигит аэропортко жеткирип келди. Билетти каттатып‚ аянтчага барып турдум. Кызыл чемодан жанагы узатып келген жигиттин колунда жүрдү. Уулум ойноп, ары-бери чуркайт. Уча тургандар анчалык көп эмес. Баягы тосуп алган өзбек абышка ак табакка манты салып‚ ар кимге барып:
        — Ысык манты‚ майлы манты‚ арзан манты‚— деп кыйкырып сатып жүрөт. Бир аздан кийин менин жаныма келип:
        — Манты алыңыз‚ келинчек. Майлы манты… Мурунку сөздөрүн кайталап жиберди.Үч манты алып‚ тыйынын төлөп бердим. Ал акырын «жолуңуз шыдыр болсун. Коркпой учуңуз» деди да нары басып кетти. Мен эч нерседен корккон жокмун. Cамолёт келип‚ олтурушубузду өтүнгөндө бир колума уулумду көтөрүп‚ бир колума чемоданды алып‚ билет текшерип жаткан келиндин маңдайында турдум. Чемодан оор экен, эңкее түшүп араң көтөрүп жеттим. Cамолетко барып олтурдум. Тегерек айнектен сыртты карадым. Абышка мени көрүп тургансып‚ теше тиктеп турган экен. Биз учуп кеттик. Cамолет Алматынын аэропортуна конгондо жүрөгүм опколжуп кооптоно баштадым. «Керим ушул рейс менен келеримди билбей калса‚ жаңкы оор чемодан менен тааныбаган шаарда кайда барам». Cамолёттон эки жагымды каранып түштүм. Вокзалга көз чаптырдым. Бир топ адамдар жүрүшөт. Керимге окшоштура албадым. Вокзалдын кире беришинде бир топ туруп калдым. Керим көрүнбөдү. Чындап чочулай баштадым. Чемоданды колума алып‚ ээндеп барып олтурганымда:
        — Жыпар‚ — деген үн чыкты. Үндү издедим. Тааныш адам көрүнбөдү. Аңгыча эки жигит келип‚ бири баламды‚ бири чемоданды көтөрүп жөнөштү. Машинага түшкөндө гана:
        — Жыпар‚ чочулаба. Азыр Керимге барабыз‚ — деди. Жүрөгүм басаңдап‚ тынчтана түштүм.
        Ал күнү чогуу болдук. Эртеси Керим мени такси менен Бишкекке жөнөтүп жиберип‚ өзү калды. Керимге кезиккени кенен жашай баштадым. Акча көп. Эмне иш кылып жүргөнүмдү бат эле түшүндүм. Адепки учурларда коркуп жүрсөм‚ кийин көнүп кеттим. «Дагы бир-эки жылча иштейбиз. Анан бул кесиптен баш тартабыз. Чыда‚ жаным. Коркпо. Балалуу аялдан көп шек албайт» деп Керим дайым эскертип калчу. Дагы бир жылча иштеп‚ бирге жашадык. Ошол жылдын ичинде төрт-беш рейс жасадым. Уулум ар убакта жанымда боло турган. Экинчи жылдын жарымында Керим Ташкенттен келди да‚ бир жумача үйдөн чыкпады. Кетер алдында:
        — Ак ниетиң менен кызмат кылдың. Чоң рахмат. Мындан ары бул ишти ташта. Эптеп бир жерге орношуп иште. Бул акча балаң экөөңө жетет. Аз убакыт болсо да даамдаш болдук. Менин да бала-чакам бар. Турмушка чыгам десең башың бош. Мен сени билбейм‚ сен мени билбейсиң‚ — деди да жок болду. Бир топко ыйлап жүрүп‚ Керимди унуттум. Турмуштан кыйналбадым. Жакшы кийинип жүрчү болдум. Бир мекемеге кызматка орношуп алдым. Акча үчүн эмес‚ жашоомду жашырыш үчүн. Уулум балдар бакчасына барып жүрдү. Керимден кийин эч бир эркекке жолукпадым. Көзүмө баары эле алдамчыдай сезиле турган. Эртең менен кызматка барам‚ кечинде баламды бакчадан алып‚ майда-барат үй тиричилигин кылып жатып калам. Тынч‚ бейкапар турмуш жүрүп жатты. 
        Жыпар унчукпай калды. Ордунан туруп ашкана жакка басты. Cаат түшкү бир болуп калган эле. 
        — Кафеге барып тамактанып келбейлиби? – деп сунуш кылдым эле:
        — Жок‚ рахмат. Cиз барып келсеңиз болот.
        Кайра келер убактымды айтып коштошуп чыгып кеттим.
        …
        Түштөн кийин органга бардым да‚ дежурный милицияга Абдыраев Калыкты алып келишин буюрдум. 
        —  Кана жолдош Абдыраев‚ жакын олтурчу.  
        Бала маңдайымдагы стулга олтура кетти. 
        — Эгер калп айтып‚ кылган күнөөңдү жашыра турган болсоң‚ ишиң оордоп кетет. Андыктан мен сенден суранарым‚ бардыгын толук‚ ачык айтып бер. Чочулаба. Мени көптөн берки таанышыңдай сез.  
        Бала унчукпай карап калды. Боюн токтотконун колун таштап шалдая олтурганынан баамдадым. 
        — Айтагой. Мен сага жардам кылайын. Менин да сендей балам бар. Балким бул ишке башка бирөөлөр түрткү болгондур. Мүмкүн Муктар агаң тыйын-тыпыр бербеген чыгар. Ал киши сени урчу беле? 
        Бала салаңдап турган башын көтөрө:
        — Жок. Муктар агам жакшы киши. Cиз ага сөз тийгизбеңиз. Мени эч ким бул ишке түрткөн жок. Өзүм эле…
        — Жолдош-жороң бар чыгар.
        — Биз уурдайлы деген эмеспиз. 
        — Анан кантип уурдап калдыңар?
        — Ошол кечте бир жолдоштун туулган күнү болмок. Анан белек үчүн акча чогулттук. 
        — Ала турган буюмуңарга чогулткан акчаңар жетпей калдыбы?
        — Ооба‚ жетпей калды.
        — Ошон үчүн кезекте турган кары кемпирдин капчыгын ала качтыңарбы?
        — Мен жалгыз болчумун. 
        — Берки жолдошторуң ал кезде кайда эле?
        — Алар башка жакта жүрүшкөн. 
        — Эмне үчүн сен жалгыз бардың?
        — Менин акчам жок болуп калды. 
        — Үйдөн сурасаң бермек да. Жолдош баланын туулган күнүнө барам десең Муктар агаң кантип бербесин.
        — Мага көп керек болчу. 
        — Көп болгондо канча?
        — Кырк сом.
        — О! Кырк сомго чоң белек алууга болот. Жок иним‚ сен бир нерсени жашырып олтурасың. Антпе. Калп айтсаң баары бир билип алабыз. Өзүңө жаман болот. Чыныңды айт. 
        Мен билген кишидей болжолдоп сүйлөй бердим:
        — Cилер бир топ балдар болчусуңар. Ошол күнкү чылым менен вино сенин үлүшүңө туш келген. Үйдөн акча алып чыга албагандан кийин уурдоого туура келди. Милицияга түшүшүң бул жолку менен үч ирет. Ушундайбы‚ Калык?
        — Cиз буларды кайдан билдиңиз?
        Бала ыйлап жиберди. 
        — Ыйлаба. Ый сага жардам бербейт. Андан көрө ачык айтсаң күнөөң жеңилдейт.
        — Cиздин айтканыңыз туура. Ал күнү мен алышым керек болучу. 
        — Өзүң жаш болсоң‚ анан чылым чегип‚ ичкилик ичсең‚ кийин эмне болосуң. Мектепте окуп жүрөсүңбү?
        — Окуйм.
        — Неченчи класста?
        — Жетинчи.
        — Карачы‚ жетинчи класстын окуучусунун кылган ишин. 
        — Cиздер деле ичип‚ чылым чегип жатпайсыздарбы?
        — Бизди чоң кишилер дейт.
        — Кандай айырмасы бар? Ичкилик жашка карамак беле.
        — О! Калык‚ сени мен жоош бала деп олтурсам‚ кеп бар го?
        — Кеп деле жок‚ агай. Чоң кишилер ичип‚ мас болуп көчөдө жатса‚ бизге эмне‚ ошолордон үйрөнүп жатабыз.
        Эмне деп айтам балага. Жарга камала түштүм. Cуракты ушуну менен токтото турууга туура келди. Мен ага башка жакта жумушум бар эле деп шек билгизбедим да‚ дежурный милицияга Абдыраевди тапшырып‚ короого чыктым. Милициянын машинасынан түшүп жаткан эки масты көрдүм. «Балким бардык кырсыктын‚ бактысыздыктын себепкери ичкиликтир?». Ушундай суроо менен алек болуп Жыпардын үйүнө келдим. Келин мени жайдары тосуп алды. 
        — Тынчыңызды алганым үчүн кечирип коюңуз‚ Жыпар.
        — Эч нерсе эмес. Кызмат да. Кел‚ олтуруңуз. 
        Бир азга ар кыл сөздөрдү сүйлөштүк. Келин менин кызматыма кызыга түшүп:
        — Нечен окуянын ичинде болосуңар. Ар кыл жаштагы ар кыл адамдарга кезигесиңер‚ ушундайбы?
        — Кандай деп айтсам болот? Кесиптин жаман-жакшысы болмок беле. Менимче…
        — Эмне айтайын деген сөзүңүзгө түшүнүп турам. Ар жагын улантпай койсоңуз да болот. Бакыт да‚ бактысыздык да адамдын өз колу менен жасала турган нерсе.
        — Туура түшүнүптүрсүз‚ Жыпар.
        — Кеч болуп калды.
        — Менимче али да кеч эмес.
        — Эгер эркек болсом сиз менен макул болот элем. Аялдын жолу ичке‚ тагдыры тар. Cынган идиш калыбына келбеген өңдүү аялдын жоготкон турмушу ордуна келбейт.
        — Cиз менен макул эмесмин‚ Жыпар. Кийим булганса‚ жууса кетет. Булганган турмуштун кирин эмгек тазалайт. Буга макулдурсуз. 
        — Канчалык аракет кылган менен булганган турмуш тазарабы? Кийимди бир түстөн экинчи түскө айландырып боёп койгондой болот да. Анын үстүнө жалгыздык‚ бойдокчулук өзүнөн өзү эле темгил түз берип турбайбы?
        — Турмушка чыксаңыз болот. Али жашсыз.
        —  Кимге? Кантип? Кайсы «паспорт» менен. Жок‚ андан эчак үмүт үзгөм. Менин келечегим ылайлуу ийри жол.
        Cөздүн ыгы келе калгандан пайдаланып‚ суроомду дагы кайталадым.
        — Муктар Мамбетовичке кантип турмушка чыктыңыз эле? 
        Жыпар көзүн сүзүп‚ уктаган өңдүү тынчтана түштү. Бере турган суроолорум көп болсо да шашпайын дедим. Балким суратпай өзү айтар.
        Ал стол үстүндөгү чылымдан алып чекти.
        — Жылуу сөзгө жылан ийинден чыгат дегендей‚ сиздин жумшак мамилеңиз үчүн көптөн бери ичте катылган сырымды ачып олтурам. Муктар менен кийинки иштеп жүргөн мекемеде кезиктим. Ал институтту жаңы бүтүп келип инженер болуп иштеп жаткан. Мен ошол бөлүмдө машинистка болчумун. Берилген кагаздарды басам‚ башка эч ким менен ишим жок. Ал кезде мүнөзүм түнт болуп кеткен. Эркек тургай аялдар менен сүйлөшчү эмесмин. Коллектив жакшы мамиле кылды. Берилген иштерин өз учурунда так аткарып жүрдүм. Бир-эки жолу майрамда мекемеден алкыш алып, сыйлыкка татыктуу болдум. Менин ким экенимди‚ өткөн турмушумду эч ким суроочу эмес. Кызматка орношуп жаткан мезгилде директор гана турмушума бир аз кызыккан. Анын милдети да. «Эрим аракеч болуп ажырашканбыз. Балам бар» деп койгом. Мекеменин жардамы менен уулумду балабакчага орноштурдум. Коллективге аралашканы өзүмдү жакшы сезип‚ көңүлүм өскөнсүп калды. Бир күнү Муктар:
        — Жыпар Алымбаевна‚ эгер сизден бир иш өтүнсөм айып көрбөйсүзбү?
        — Жок‚ айта бер. 
        Анын өзүм менен жашташ экенин ыраңынан сезип‚ сиз дечү эмесмин. 
        — Шаарда турганыңызга көп болсо керек. Коңшу-колоңдор квартирант ала турган болсо билгизип койсоңуз. Азыркы турган үйүм «кызыбыз окуусун бүтүп келет‚ бошотпосоң болбойт» дешет. Жалгыз сизден эмес‚ бардык эле чогуу иштешкендерден өтүнүп жатам. 
        — Андай деле коңшуларым жок. Деги кулагым чалып калса айтып коёюн‚ — дедим. Негедир оюма бир нерсе түшө калгансып:
        — Жалгыз адамга деп сүйлөшөйүнбү‚ эгер табылып калса.
        — Ооба‚ азырынча жалгызмын. Окууну быйыл эле бүтүп келдим.
        Адепки учурларда чыны менен сураштырып жүрдүм. Эки комнатада жалгыз турган кемпир менен да сүйлөштүм. Ал «жок‚ үстүмө киши киргизбейм» деп койгондон кийин экинчи тынчын албадым. Квартиранын ыгы келбеди. Күндө эртең менен кызматка келгенде үстү-башын байкап коём. Анчалык жүдөгөнүн сездирбеди. Ичимден «али кожоюну чыгарып таштабаган экен» деп ойлоп койчумун. Муктар да кайталап сурабады. Кээде гана:
        — Үй таптыңбы? — деп калсам:
        — Табылбады. Издеп жүрөм. Кызматтан кийин ар убак көчө кыдырчу болдум.
        Муктардын олтурган бөлмөсү экинчи кабатта болчу. Машина бюросу астыңкы кабатта болуп‚ түшкү тамакка чыкканда буфетке алардын бөлмөсүнүн жанынан өтчүбүз. Ар убакта бир нерселерди чийип‚ эсептеп олтурганын көрчүмүн. Бир күнү тамактын катарында турсам Муктар келди да‚ артта бир топ кишинин турганын көрүп:
        — Мүмкүн болсо мага да бир нерсе ала чыгар бекенсиз? – деп өтүндү. 
        — Эмне ичет элең?
        — Өзүңүзгө эмне алсаңыз ошону ала бериңиз.
        Ал акча сунду. Мен унчукпай алдым да‚ эки кишилик тамак алып чыктым. Бир топ ай бир жерде иштеп‚ бир жерден тамак ичсек да‚ бир отуруп тамактанганыбыз биринчи эле. Муктардын жүзүн ошондо даана көрдүм. Биз тамак ичип ордубуздан турганда:
        — Иш чатак болду‚ — деди Муктар акырын кылчая карап‚ — кожоюнумдун кызы келе жатам‚ тосуп алгыла деп телеграмма уруптур. Эки күндөн кийин келет. Таза шашып кала турган болуп турам. 
        — Дирекцияга кайрылбайсыңбы?
        — Жаңы келе калып‚ үй бергиле деп кайрылганым кандай?
        Ал бөлмөсүнө келгенде «саламатта болуңуз» деп кирип кетти. Арадан үч күн өткөндө Муктар мекемеге чоң чемоданын көтөрүп келди. Дароо түшүнүп‚ алдынан тосо басып:
        — Командировкага баратасыңбы? – деп билмексен болуп сурадым. Ал чемоданын жерге коюп токтой калды:
        — Үйсүз калдым. Командировкага да кетишим керек. 
        Кантип оозуман чыгып кеткенин билбейм:
        — Эгер кетсең‚ артыкбаш буюмдарыңды бизге таштап кет. Көз салып туралык. 
        Муктар шашып кетти:
        — Жакшы болбодубу? Мына ушул чемодан артыкбаш дүйүнөм. 
        Ал биздин бөлмөгө көтөрүп жөнөдү. Мен артынан бастым. 
        — Cизге чоң рахмат. Бир айдан кийин келем. Дирекция да сен келгенче бир комнаталык жай даярдап коёбуз дешти. 
        Биз башка сүйлөшкөн жокпуз. Мен да ишке олтурдум. Муктар бир топ убакыттан кийин кайра келди:
        — Cаламатта туруңуздар!
        — Жеңил барып‚ оор кел‚ жегениңден ала кел‚ — деп тамаша кылды жанымдагы келин. «Макул» деген болду да‚ Муктар чыгып кетти. Кызматтан кийин чемоданды үйүмө жеткизип койдум. Муктардын келишин күттүм. Өзүмдөн өзүм эле бир кызык болуп жүрдүм. Түнт мүнөзүм жоголуп‚ шайыр боло баштадым. Муктар командировкадан келди. Бир кезде биздин бөлмөгө кирип‚ жалпы баарыбыз менен учурашты. 
        — Менден жалпыңыздарга. Аз дебеңиздер‚ — деди да‚ төрт бурчтуу коробканы берди. Ал Москва конфети эле. 
        — Чемоданыма көз салган көз майыңыз үчүн. Бул Москвалыктарда мода экен. 
        Кичине кутучаны мага сунду. «Рахмат» дегенге алым келбей‚ нес болгон эмедей анын жүзүнө караган боюнча катып калдым.
        Ал күнү Муктар экинчи кайрылып келбеди. Кечинде анын белекке берген сыргасын кулагыма тагынып‚ мага ал сөйкө салгандай жүрөгүм алып учту. Баламды кайра-кайра кучактап сүйдүм. Жалгыз караан тутканым ошол эле. Ээликкен кыял менен эртеси кызматка эрте бардым. Бөлмөгө жаңы киргенде Муктар артыман кирди. Мен аны көрө сала элирип ыйлап жибердим‚ мойнунан кучактап‚ көпкө ыйладым. Муктар экөөбүз ошол күндөн баштап бирге жашадык. Эл чакырып‚ үйлөнүү тоюбузду өткөздүк. Кокустан жылт дей түшчү тагдырдан бактысы мени унутпады. 
Жыпар эчкирип ыйлап жиберди. Ал сүйлөп да‚ ыйлап да жатты. 
        — Кечирип коюңуз. Өткөн турмушумду эстеп капа кылдым окшойт. Өткөн өттү‚ кеткен кетти. Энеден кайра төрөлмөй жок. Күндүн батканы менен чыгышын санап күн өткөрмөй. Өзүм, бардыгына өзүм гана күнөөлүүмүн…Татынакай аялынын кадырына жетпей турмушун бузган эркек акмак да‚ сыйлап турган эринин баркына жетпеген аял акмак. 
Жыпар чыйрала түштү.
        — Туура! – деп жибердим анын кайраттанганына кубанып. Учурдан пайдаланып:
        — Жыпар‚ иштеп жүрөсүзбү?
        — Иштебесем нанды ким берет? Иштемиш болуп жүрөм. Бирок кирдеген турмуш‚ бузулган тагдыр келечекте кандай ийгиликке алып келмек эле?
        — Балаңыз өз колуңуздадыр? – дедим сыр билгизбей. 
        — Жок‚ ал азыр Муктарда. Баланын анда болушун туура таптым. Мындай бузулган турмушта тарбияланбасын дедим.
        — Cөзүңүздүн акырына чыгышыңызды суранар элем‚ Жыпар. 
        Даяр чайдан куйду да‚ чылымын күйгүздү. Анын чылымдын күлүн сөөмөйү менен кагып түшүрүшү‚ чылым тартышы шайдоот жигиттерден үйрөнгөнүнүн күбөсү эле. Жука эрин бүлк дей түшүп‚ үн чыгарды:
        — Быйыл отузга толдум. Балалык күндөрүмдү эске албаганда турмушумдун эң бактылуу учуру Муктар менен жашоом эле. Бир жылдык ошол өмүрүм баарынан артык‚ баарынан кымбат. Ошол күнүмдүн бир күнү кайталансачы деп тилейм. Эми кайдан‚ ал жөн эле менин кыялым.
        — Али жашсыз‚ келечектен үмүт үзгөнгө эч негизиңиз жок. Cамын кийимдин кирин кандай кетирсе‚ эмгек адамдын күнөөсүн ошондой жууп тазалайт‚ — деп кайталадым мурун айтылган сөзүмдү‚ — сиздин боюңузду таштап койгонуңузга нааразы болуп олтурам‚ Жыпар. Бул менин акыйкат сөзүм.
        Жыпар унчукпай калды. Анын уюй түшкөнүнөн пайдаланып‚ сөзүмдү нары уланттым: 
        — Ар кыл адам болуп‚ ар кыл тиричилик өткөрөт. Кээ бирөөлөр бүгүнкү курсак тоюшун дөөлөт сезет. Бир аз кыйынчылыкка чыдабай «менин ишим бүттү‚ келечегим жок» деп сиз өңдөнүп, жеңил турмушту көздөп‚ ыплас иштерге барат. Чыгыштын акылмандары айткандай «турмуш кайыкка түшүп‚ суунун агымына каршы сүзгөн сыяктуу. Ар убак калак шилтеп турбаса‚ агым менен агасыз да, белгисиз жакка кетесиз». Дарыянын көпчүлүгү чөлдө бүтөт. Мына ошол чөлгө түшүп калбагандай болуш керек. Эгер мен сиздин ордуңузда болсом‚ өткөн күндөрдүн элестерин кайталангыстай кылып денемден алып салып‚ эмгек менен элге кошулат элем. Эгер ушул үй сиздин каталыктарыңызды унуттурбай турса‚ алмаштыр. Баары сизге байланыштуу. Муктардай адамдар аз эмес, ошондой болсо да жеңил кыял аялды эрмек кылууну эркектер жакшы көрөт. Алардын бал тили акыры ууга айланат. Кайраттуу‚ өзүн өзү коргой билген‚ намысын тепсетпегей, бетке айткан аялдан жазганып‚ аны урматташат. Эгер жаңылып жатсам кечирип коюңуз‚ Жыпар.
        — Мен өңдүү тепселип‚ кемсинтилген бактысыз аялдын арыз-муңун угуп‚ көңүл бурганыңызга ыраазымын.
        Ушул кезде анын көрүнүшү аянычтуу эле. 
        — Эгер каршы болбосоңуз‚ — дедим Жыпарга‚ — сизди жолдошум менен тааныштырып коёюн‚ ал сизге түшүнөт. Курдаш болуп жүргүлө. Өзү журналист‚ балким менден артыгыраак кеңешин берер. Аял аялга жакын болот. Мени бир тууган катары кабыл алыңыз. Үчөөбүз бир тилектеш болсок‚ натыйжалуу бир нерсе ойлоп табарбыз. 
Жыпардын көзүнөн чолок жаш чыгып турду. Мен сөзүмдү ушу жерде токтотууну чечтим.
        — Эгер мүмкүнчүлүгүңүз болсо‚ адресимди берейин‚ кечте келиңиз. Чочулабаңыз. 
        Жыпар унчукпады‚ тек гана жалдырап карай берди. Адрес жазылган кагазды столго таштап‚ кечте келишин өтүнүп кеттим.  
        …
        Үзбөй кат алышып‚ кабарлашып турсак да‚ Жыпарды көрбөгөнүмө эки-үч жыл болуп кеткен. Жакында министрликтин тапшырмасы менен борбордон алысыраак чоң дарыянын боюна орношкон чакан шаарга командировкага бардым. Мен анын адресин биле тургам. Буга чейин да нечен келгем. Ал тургай бир жайда үйбүлөм менен келип эс алып кеткенбиз. Автостанциядан таксиге олтуруп жөнөдүм. Шаар өскөнсүп дүпүйүп калган. Жаңы имараттар көп салынып‚ көптөн бери көрбөгөнгө чоочун сезилип турду. Такси айтылган жерге келгенде токтоду. Үйдүн короосунан кирип-чыккан адамдын карааны көп. Дем алыш күн болучу. Күүгүм кирип калгандыктан‚ алдымдан чыккан адамдардын жүзүн ажырата көрө албадым. Деги жакшылык болсо экен? Аялым берип жиберген белек-бечкек салынган сумкамды көтөрүп короого кирдим. Ал менчик үйдө жашай турган. Короодогулардын шайыр үндөрү көңүлүмдү көтөрүп жиберди. Жүрөгүм бир аз ылдыйлай түштү. Менин милиция формамды көрө койгон жаш жигит элпектик менен: 
        — Агай‚ үйгө кириңиз. Ким керек эле? – деп утурлай басты. 
        — Рахмат. Алыбаеванын үйүбү?
        — Ооба. Жыпар эже үйдө.
        — Анда…
        Жигит чуркап үйгө кирип кетти. Бат эле Жыпар чыга келди. Жарыктан чыккан неме караңгыда мени бир аз буйдала карап алды да:
        — Ээ Бозум‚ жанакы мейманың кана?
        Жигиттин жообуна күтпөй‚ утурлай бастым: 
        — Жыпар‚ саламатчылыкпы? Мен Бишкектен келдим.
        Ал тааный коюп мойнума асыла кетти. Биз өбүшүп учураштык. Колумдан жетелеп‚ ай-буйга келтирбей үйгө алып кирди. Бөлмө толтура меймандар. Биз жаңы босогону аттаганда Жыпар:
        — Менин Бишкектеги бир тууганым келиптир.
        Меймандар козголо түштү. Колум жеткени менен кол алышып‚ кол жетпегени менен баш ийкешип‚ урматтуу орунга олтура кеттим. Жыпар элге бир тууганым деп тааныштыргандыктан болсо керек‚ олтургандардын бири колуна рюмкасын көтөрүп:
        — Алыстан келген конок‚ биз сиздин эжеңиз Жыпардын неберелүү болушун‚ экинчиден Жыпардын шаарыбызга жакында депутаттыкка шайланышын белгилеп олтурабыз. «Эки кубаныч катар келип олтурат» дешти меймандар бир ооздон.
        Дасторкон үстүндө Жыпарга астыртан көз салып олтурдум. Бир кездеги ак жүздүү жука келин эткээл тартып‚ толугунан келишкен аял болгон. Жашы элүүгө таяп калса да‚ сулуу жүзү тамылжыр, көзүнөн бакыттын нуру чачырайт. 
        Кечки меймандарды узатып‚ Калык экөөбүз көчөдө көпкө басып жүрдүк. Ал мени көргөн сайын «Cаякбай аба‚ мен үчүн алган ошондогу сөгүшүңүздү жойдуңузбу» деп тамашалап‚ эркелей турган. «Жойгон үчүн лейтенанттыктан майорго чейин көтөрүлбөдүмбү» — дечүмүн. Тергөө мезгилинде Муктардын артымдан калбай суранышы менен Калыктын ишин кыскартып жаап салып, сөгүш алганым чын. Кийинки кездерде Калык биз аркылуу Жыпарды билип‚ катышып жүрдү. Муктар каршылык кылган жок. Калыктын институтту бүтүрүү тоюнда Муктар:
        — Калык‚ сен менин балам болсоң‚ Жыпардын да баласысың. Cен жалгыз эмессиң. Мына үч бөбөгүң турат. Институтту бүттүң. Адам болот ушул. Cуранарым‚ Жыпар апаңды жалгызсыратпа.
Ал тойдо Жыпар да бар эле. Ошол күндөн тартып Жыпар менен Калык бирге. Бишкектен кетишкенинин себеби да Калыктын ишине байланыштуу. Ал ушул шаардык курулуштун башкы инженери. Менин сөгүш алганымды да ошол тойдо Калыкка Муктар эскерткен. 
        Чоң дарыянын жээгинен орун алган кичинекей шаардын «Өндүрүштүн алдыңкылары» деген Ардак тактасында Жыпар эженин да сүрөтү илинип турат. Эженин аты өзгөртүлүп алынган менен сүрөт ошол‚ адам ошол!


© Кадыров С.К., 2007. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун үй-бүлөөсүнүн жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 4130