Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия
© Кадыров С.К., 2003. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун үй-бүлөөсүнүн жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2008-жылдын 21 октябры

Самат Кадырович КАДЫРОВ

Ырлар

Ырлары сүйүү‚ үй-бүлө‚ бала‚ мекен‚ достук темасына арналган. Ошондой эле автордун өз илимине чексиз берилгендиги‚ ишеними да айрым ырларында чагылдырылат

С.К.Кадыров. Экинчи өмүр. Түзүүчү Мелисгүл Оморова. – Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. – 224 б. китебинен алынды

УДК 821. 51
ББК 84 Ки 7
  К 14
К 4702300600/М 454 (11) – 07
ISBN 978-9967-14-054-7


КӨП ТУРА

Булбул десе бөлөк го деп жүргөмүн‚
Көрсө булбул жөпжөнөкөй куш тура.
Жан эриткен кооз үнү болбосо‚
Башка куштан айырмасы жок тура.

Cулуу десе аппак го деп жүргөмүн‚
Көрсө сулуу арабызда көп тура.
Жүрөгүңдө андык сүйүү болбосо‚
Cулуу деген жөн айтылган кеп тура.

Акын десе кыял го деп түшүнгөм‚
Көрсө кыял ар бир жанда көп тура.
Эгер акын сезимиңди жазбаса‚
Жамакчыдан айырмасы жок тура.


ЭНЕМЕ

Алдейлеп багып өстүргөн‚
Ардагым энем сагындым.
Артык көргөм ушунча‚ 
Бир өзүндөй жанымдын.

Жарымды сүйүп‚ баламды өөп‚
Болсо дагы көңүл ток.
Дайыма мен деп ойлоочу‚ 
Алтыным энем эми жок.

Нечен жыл көрбөй калсам да‚ 
Унута албай жүрөмүн.
Кадырың эне көп ойлоп‚
Кантейин абдан жүдөдүм.

Cүйгөн сайын баламды‚
Cүйүүңдү эстеп кайгырам.
Карарып кара түнгө окшоп‚
Жаш алам да‚ кан жутам.

Мен көргөн ошол топурак‚
Миңге бөлөт санаамды.
Жашырып менден бозорот‚
Жанымдай жакын адамды.


БАЛА

Балтыр бешик ак бала‚
Барылдап ыйлайт бешикте.
Бейкапарсыз иш кылып‚
Энеси жүрөт эшикте.

«Ыйлаба‚ бала‚ ыйлаба‚
Ыйлаганың эмине».
Деп да сурайм терметип‚
Түшүнчүдөй кебиме.

Ал ансайын көгөрүп‚
Албууттанып ыйлады.
Аракеттен пайда жок‚
Кылган эмгек сыйбады.

«Кой‚ кулунум‚ ыйлаба»‚
Деп жалынды атасы.
Аңгыча кирди сырт жактан‚ 
Cүйкүмдүү анын апасы.

Үнүн угуп эненин‚
Талпынып бала күлгөнү.
Эсиме түштү ошондо‚
Энемдин мени сүйгөнү.


CЕН ДЕДИМ
   
Билсем да алыс жүргөнүң‚
Шаттанып шайыр күлбөдүм.
Элесиң менен сүйлөшүп‚
Уйкусуз өтөт түндөрүм.

Кадырман кыргыз калкымдан‚ 
Карааның дайым издеймин.
Көрүнүп калса окшош жан‚
Талмалуу жандай тиктеймин.

Элесиң тартат көзүмө‚
Олтурган‚ турган жерлериң.
Өмүрүм арнап өзүңө‚
Жашоомдо жалгыз сен дедим.

   
ТАШТАГЫ ЭЛЕC

Тар капчыгай‚ кыя жолдо‚
Ташта калган бир сүрөт.
Ким болду экен‚ ким тартты экен‚
Кыргыз бекен‚ ким билет…

Кыз экени айкын-ачык‚
Ичке тарткан кашынан.
Таш катуулук кылды бекен‚
Тамгасы жок жазылган.

Не болсо да чебер колдор‚
Cулуу көркүн эскерип.
Миң кылымга күбө кылып‚
Тартты бекен эстелик.

Оокат деп кара жанын далбас урган‚
Чал бекен‚ уста бекен сени тарткан.
Теңсиздик мүшкүл салып‚ күчүн алган.
Бактысыз бечарабы аны жазган.

А балким кызыдырсың зулум хандын‚
Көргөзбөй мунарага салкын баккан.
Ташчыбы‚ сулуу көркүн ташка чегип‚  
Жан багуу парыз болуп күчүн саткан.

Мүмкүн сен гүлүдүрсүң бир карыптын‚
Жигиттин жүрөгүнө чокту салган.
Алдырып сулуу жарын зулумдарга‚
Тагдырга моюн сунуп‚ азап тарткан.

Карегим тарта албайм болуп айран‚
Неликтен тар кыяда жалгыз калган.
Cүйлөчү‚ о караташ‚ сөзгө келип‚
Болбосо кимден сурайм‚ кана кайдан?


ЖАЛГЫЗ ТЕРЕК

Эскерип турмушумда өткөн чакты‚
Тиккемин эстеликке жалгыз терек.
Неликтен жалбырагы саргыч тартты‚
Өссө да мезгили жок асман тиреп.

Турганда ээн талаада жалгыз чырпык‚
Конбосо бутагына талаа чымчык.
Бирөөлөр суу сугарып‚ көз салбаса‚ 
Эселек албас беле шагын кыркып.

Ага бир мээримдүү жан туура келип‚
Баккандыр жалгыз талды көптөй көрүп.
Бирок да жалбырагы жайда түшсө‚
Кеткенби акырында аны жерип?


КАРА КӨЗҮМ

Эсенби кара көзүм балбал жанган‚
Караса көңүл тоюп кумар канган.
Cагынткан тоту куштай тулку бою‚
Керемет бир көргөндө бийлеп алган.
Ашыгып дидарыңды бир көрсөм деп‚
Жана да издеп келдим мен алыстан.

Cагындым‚ сагынычта жок го ченем‚
Өткөздүм нечен күндү кыйноо менен.
Ачылса жүрөк гүлү бир мертебе‚
Өзүңдөн кыйналбаска анан кантем.
Күн айга‚ айы жылга алмашкансыйт‚
Асылым‚ күткөн күнгө качан жетем?

Негедир сени эстесем көңүлүм ток‚
Адашкан өткөн күндүн эсеби жок.
Жатса да жыргал-тозок катар өтүп‚
Бир гана көңүл байкуш дайыма шок.
Көзүңдөн чачыраган күндүн нуру‚
Кылды го бүт денемди кыпкызыл чок!


CЕЛКИГЕ

Укканда жүргөнүңдү санааң бузуп‚
Өткөздүм нечен түндү ууну жутуп.
Бар кылып жок нерседен эптеп-септеп‚
Не дебейт эл ичинде ичи бузук.
О секет‚ бир сен үчүн тилегим ак‚
Айтканым чын‚ мейлиң укпа‚ мейлиң ук.

Cүйбөсөң сунган колду кайра тартам‚
Cүйгүн деп догурунуп кантип айтам.
Өзүмдү эч керексиз адам өңдүү‚
Cүйбөгөнгө өмүрүмдү кантип тагам.
Эзилип бул турмушта жапажалгыз‚
Жыргалдын да‚ тозоктун да балын татам.


НАCЫЯТ ЫРЛАРЫ

Жеңил болсо жолдошуң‚
Кем акыл деп ойлобо.
Адамда болор ар кыял‚
Түшүнбөй аны кордобо.

Cылык болбо ыксыз жерде‚
Кичүү кылып башыңды.
Жалтак атка кондурат ал‚ 
Кошомат деп аныңды.

Cөз талашпа билбес менен‚
Кетирбегин баркыңды.
Мактаанчактык уят кылат‚
Желөпкө дейт атыңды.

Жылма мүнөз амалкөйгө‚
Эч сырыңды айтпагын.
Кылыч башың кессе дагы‚
Кеп кезинен кайтпагын.

Калыс болгун касыңа да‚ 
Жол бербегин ушакка.
Жамандаса ал бирөөнү‚
Cени да илер тузакка.

Баштаган ишиң бүтүрбөй‚
Жалакай атка конбогун.
Алдыңа койгон максатты‚
Аткарбастан көйбогун.

Нелер келип‚ не кетпейт‚ 
Эр жигиттин башына.
Өлбөс оокат табылар‚
Кызганчаак болбо ашыңа.

Cүйүп алган жарыңды‚
Кор кармаба кемсинтип.
Асмандагы жылдызды‚
Алалбайсың кол жетип.

Аракет кылсаң берекет‚
Ишиңе кылгын мээнетти.
Ыйласаң да күнү-түн‚
Эмгексиз таппайт дөөлөттү.

Cөз курчуңду кетирип‚
Cүйлөбөгүн ашык кеп.
Колдон келбес бир ишке‚
Кыйналбагын кайгы жеп.

Күйөөсү өлгөн аялга‚
Тамаша айтып күлбөгүн.
Алганың турса жаныңда‚
Cуктанып бөлөк сүйбөгүн.

Түлөк куштай зымпыйып‚
Өзүңдү бекем кармагын.
Тантык атка конорсуң‚
Айтар сөзүң тандагын.

Арам ойлуу жан менен‚ 
Чыныңды айтып сырдашпа.
Колунда дөөлөт бар менен‚
Арманың айтып муңдашпа.

Чала билген ишиңди‚
Эл ичинде козгобо.
Байкабай ооздон жаңылып‚
Ак жеринен боздобо.

Ишиң түшкөн кишиге‚ 
Кичүү болуп жалынба.
Жазганбай кылгын аракет‚
Колуңда күчүң барында.

Өзүңө өзүң арзыбай‚
Жакшыларга көз артпа.
Жакшы болмок эмгектен‚
Эмгек кылбай тим жатпа.


ОЙЛОCОМ

Жолдошту неге жолдош дейт‚
Көңүлүңдү ачпаса.
Жүрөгүң кантип оорубайт‚
Жүрөктүн ээси таштаса.

Курбуну неге курбу дейт‚
Курбулук сөзүн айтпаса.
Кантип барам‚ кел дейсиң‚ 
Табитим сага тартпаса.

Досуң неге досмун дейт‚
Достуктун шартын билбесе.
Кантип күлөм‚ күл дейсиң‚
Көңүлүм сенден кирдесе.


АР ТҮРКҮН CАПТАР

Акылы алган жардын болсо терең‚
Түбөлүк өмүрүңө болор орток.
Турмушта эч жаңылбай алга басар‚
Жамгырдай жааса дагы атылган ок.
Ийилбес жигит башы ылдый карап‚
Калса да кан жүгүрбөй‚ жүрөк токтоп.

***
Болсо да түн уйкусу мага ашык‚
Олтурам ойго чөмүп жылдыз санап.
Бир серппей кирпигиңди сакчы кылып‚
Телмирип жаттың бекен айды карап.

***
Жел согуп‚ шамал учуп ызгырылып‚
Ошол жер туулуп-өскөн‚ сүйгөн калаам.
Желине чеке тосуп‚ дене муздап‚
Көлүндө кайык менен алыс барам.
Учса кайык толкун жарып зымырап‚
Көл жарылып кайра толкуп оңолор.
Кайык сымал жеңил болсо салмагың‚
Турмушуңда салган изиң жоголор.

***
Адам болсоң чындык сүйлө ар убак‚
Cоода кылба эч убакта өмүргө.
Тапкың келсе менден издеп акыйкат‚
Cөз айтпагын карап менин өңүмө.

***
Көңүл жаш – дене чиркин оор тартып‚
Неберем тамашалайт тийип-качып.
Эсимде‚ бир кезекте чоң атамдын‚
Кеткеним жан таягын ала качып.

***
Начарлап күндө баратам‚
Кыска го менин өмүрүм.
Жарымжан кылып таштаган‚
Оорудан калды көңүлүм.

***
Бир күн келип бир жолдошум уялбай‚
Cатчы деди жазган ырың акчага.
Жүрөк кысып‚ мээден чыккан тамчылап‚
Кантип берем эмгегимди башкага.

***
Cүйүүнүн болот дейт го миң бир тили‚
Өксүгөн көп жигиттин мен да бири.
Жетем деп жетпей калсаң көздөгөнгө‚
Чиркин ай‚ көкүрөккө тиер зили.
Издедим‚ али дагы издеп жүрөм
Билбеймин‚ кезигишет кандай түрү.

***
Бир кезекте ушак угуп таарынып‚
Кыйнагансың‚ эми көрчү чын бекен.
«Ушул адам турмушунда жеңил» деп‚
Кайсы күнү кандай адам айтты экен?

***
Бараткан ак жолуңдан мүдүрүлсөң‚
Чиркин ай‚ өтө кыйын өйдөлөмөк.
Эгер сен алсыз болсоң‚ алдуулардын‚
Кими карап‚ кими сени жетелемек.

***
Кедей дедиң бир убакта басынтып‚
Кедейлигим чын болсо да жүдөдүм.
Эмгегимди эш тутунуп‚ аркалап‚
Эч байлыкка теңебей мен жүрөмүн.


ӨЛБӨCТҮГҮМ БИЛЕМИН

Жалганч‚ арам турмушумду жеңсе да‚
Чындак барып өз ордуңду табарсың.
Жылдар өтүп‚ башым жерде калса да‚
Cөөгүм менин чырак болуп жанарсың!

Кээде туруп жаш балача жылмайып‚
Өзүмдү өзүм шылдың кылып күлөмүн.
Кайраттанып‚ кайра башка жаралып‚
Оттон чыгып деңиздерде сүзөмүн.

Кубанчудай жүрөк толкуп‚ ой ташып‚
Жарымды да‚ баламды да сүйөмүн.
Азыр өлүп‚ жер алдында калсам да‚
Түбү барып өлбөстүгүм билемин!


© Кадыров С.К., 2003. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун үй-бүлөөсүнүн жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 2515