Сайнидин Ишенович көп жылдардан бери китепканалык иштер боюнча усулчу болуп иштөө менен өзү иштеген китепканага гана эмес, бүтүндөй Кыргызстандын китепканаларынын ишти жакшы жолго коюп өсүп-өнүгүшүнө өзүнүн жигердүү салымын кошуп келет.
Ал, 1938-жылы 1— апрелде азыркы Ысык-Ата районунун “Үч-Эмчек” айылында дыйкандын үй— бүлөсүндө төрөлгөн. Жети жылдык билимди “Нооруз” мектебинен, он жылдык билимди Фрунзе шаарындагы А.С. Пушкин атындагы №5-кыргыз орто мектебинен алган.
Ал, алгач Токмок шаарындагы Республикалык маданий-агартуу окуу жайынан окуп, аны 1958— жылы бүтүрүп, жолдомо менен Нарын шаардык китепкананын китепканачысы болуп эмгек жолун баштаган. 1963-жылы Москва шаарындагы Мамлекеттик китепканалык институтту бүтүргөн.
Анын негизги кесиби китепти элге окутуу маселеси болгондуктан жана Республикалык балдар китепканасында иштегендиктен республикабыздагы мектептерде окуп жаткан балдардын китеп окууга тартылышын иликтеп чыгып, алардын үчтөн бири гана китеп окугандыгын аныктаган. Мына ушулардын бардыгын китепканага тартуу иштерин уюштуруу үчүн айылдык китепканаларда балдардын канчалык бөлүгү окуп жатышкандыгы да иликтенген.
Ал, 1961-жылы эле “Кичине балдар, чоң балдар – китептин сөзүн уккула” деген ырын “Кыргызстан пионери” гезитине жарыялап, китептин маанисин, балдардын турмушундагы анын ордун, китепти жакшы тутуу, аны окуп түшүнүү жөнүндө кеңири баяндаган.
Ошол учурда Фрунзе шаарында мектеп жашындагы балдардын дээрлик бардыгы китепканадан китеп окууга тартылган болсо, бул маселе республикабыз боюнча жаңыдан гана активдүү иштер жүргүзүлүп, али жакшы ийгиликтерге жетишүү алдыда эле. Көп аракеттерди жүргүзгөндөн кийин гана бир-эки жылдын ичинде мектеп окуучуларынын бардыгы өзүлөрү жашаган жериндеги китепканага бүтүндөй тартылышкан.
Өзү китепканалык иш боюнча адис болгондуктан, мектеп китепканаларында жана айылдык китепканаларда иштер кандайча уюштурулуп, кандай деңгээлде жүрүп жаткандыгын көрө билип, аларга туура багыт берүү максатында бир нече китептерди жазып, басмадан чыгарган. Мисалы, “Мектеп китепканасынын иштерин” жана “Селолук китепканада балдар менен иштөө” жөнүндөгү китептерди айтсак болот.
Ал өмүр бою китепканада иштөө менен кыргыз жергеси жана кыргыз жазуучуларынын балдарга арналган чыгармаларын жайылтып келет. Мисалы: “Кыргыз жазуучулары-балдарга” деген китепчени жазып, анда башталгыч мектептерде окуган балдарга акын-жазуучуларыбыздын чыгармаларын жаңыча ыкма менен сунуштайт. Тестиер жана өспүрүм балдардын жаш курагына туура келе турган китептерди дагы “Кыргыз жазуучулары – балдарга”деген аталыш менен өзүнчө китеп кылып чыгарды.
“Кыргыз балдар адабияты”: 1926-1986-ж.ж. деген үч китептен турган бул справочникте(маалымдама) 60 жылдын аралыгында жарык көргөн балдар адабияты чагылдырылган. Жогоруда аталган китептердин бардыгы бүгүнкү күндөргө чейин өзүлөрүнүн актуалдуулугун жогото элек. Китепкананын терең маанисин чагылдырган анын “Китепкана – биздин дос” деген китеби жана “Окурман болуу – искусство” деген китепчеси жөнүндө айта кетүү абдан абзел. Биринчиси — адамдын турмушундагы китепкананын ролу жөнүндө болсо, экинчиси — китепти кандай окуганда мыкты окурмандардын катарына кошулууга болотургандыгы баяндалат.
Ал, мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдар үчүн өзү да көркөм чыгармаларды жазып жатат. Белгилүү жазуучулардын бир томдук жыйнактарын, азыркы акындардын ыр жыйнактарын жана дүйнөлүк балдар адабиятынын мыкты үлгүлөрүнөн кыргызчага которуп, басмадан чыгаруу иштерине активдүү катышып келет.
Кыргызстандын Журналисттер союзуна 1995-жылы, Улуттук Жазуучулар союзуна 1997-жылы мүчөлүккө кабыл алынган.
Ал КР Маданият министрлигинин “Ардак Грамотасы” менен 5 жолу жана “Маданияттын мыкты кызматкери” деген төш белгиси менен сыйланган. СССР Жогорку Советинин атынан “Ветеран труда” жана СССР Маданият министрлигинин “Н.К. Крупская” деген медалдары менен жана “За отличную работу” деген төш белгиси, “Китепкана жылдызы” медалы менен сыйланган.
Китепканалык-библиографиялык иштер боюнча жазган эмгектери
1. Кыргыз жазуучулары — балдарга. — Ф., 1963.
2. Мектеп китепканасынын иштери: Практикалык колдонмо. — Ф., 1967.
3. Селолук китепканада балдар менен иштөө: Практикалык колдонмо. — Ф., 1972.
4. Балдар китепканасынын справкалык-библиографиялык иштери. — Ф., 1968.
5. Кыргыз балдар адабияты: Маалымдама (Справочник) Үч китептен турат; 60 жылда чыккан балдар адабиятын маалымдайт. — Ф., 1969-1990-ж.(Авторлош).
6. Китепкана-биздин дос: Китепкана жөнүндө аңгемелер. — Ф., 1979.
7. Кыргыз жазуучулары–балдарга: Тестиер жана өспүрүм балдар үчүн сунуштар. — Ф., 1986. (Авторлош)
8. Окурман болуу – искусство: Мыкты окурман болуу жөнүндө. — 1989.
МЕКТЕП ЖАШЫНА ЧЕЙИНКИЛЕР ЖАНА МЕКТЕП ЖАШЫНДАГЫ БАЛДАР ҮЧҮН ЧЫГАРМАЛАРЫ
9. Тракторчу секелектин баяны: Даректүү аңгеме. — Б., 2003.
10. Балдарга мен ыр сунам: Ырлар жыйнагы. — Б., 2005.
11. Балдар бакчасы: Мектепке чейинкилер үчүн ырлар. — Б., 2007.
12. Мекеним: 6-7 жаштардагы балдар үчүн ырлар. — Б., 2008.
13. Баатырлар/Р.Султангазиева менен бирдикте; Дүйнөлүк Банк, Борбордук Азиянын Евразия фондусу. — Б., Аль-Салам, 2008.— 12 б. Портр.-р менен.
ТҮЗГӨН КИТЕПТЕРИ
14 .“Манастын библиографиясы” //”Манас” энциклопедиясы. — 2-т.-Б., 1995.-385-428-б.
15. Бөкөнбаев Ж. Тандалган чыгармалар: Бир томдук.-Б., 2003.
16. Эркин Кыргызстаным: Учурдагы кыргыз акындарынын ырлар жыйнагы. — Б., 2003.
17. Тенти /Адышева/. Кылы үзүлгөн комузум: Тандалган чыгармаларынын бир томдугу. — Б., 2003. Жана башкалар.
ОРУСЧАДАН КОТОРГОН КИТЕПТЕРИ
18. Мальт В. Стеклянная история. — Ф., 1975.
19. Лацисс В. Соколёнок: Рассказы. — Ф., 1977.
20. Поварнин С.И. Как читать книгу: Методика чтений. — Ф., 1978.
21. Погодин Р. Шутка: Рассказ. — Ф., 1978.
22. Антокольский А. Семь ключей от семи дворцов: Рассказы и пьесы. – Ф.,1983.
23. Винграновский Н. Первинка: Рассказ. — Ф., 1985.
24. Кривич М., Ольгин О. Школа пешехода: Рассказ. — Ф., 1989. жана башкалар.
Байланышуу даректери:
Тел: +996/312/66-20-31
үй +996/312/42-49-05