Загрузка...
Жүктөлүү...
[X]

ВНИМАНИЕ!

Материал является объектом авторского права и защищен Законом об авторских правах.

Его использование в коммерческих целях не разрешается без письменного согласия автора (издателя).

Я соглашаюсь / Я не соглашаюсь

Бишкекте 24 ноябрь 2024,
кыргызча / орусча

Кыргызстандын жаңы адабияты

Новая литература Кыргызстана

Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун жаркын элесине арналат
Мекендеш калемгерлердин чыгармаларынан турган эң ири электрондук китепкана
Эгемендүүлүк мезгилинде жазылган чыгармалардан түзүлгөн

Кимиси ким


Жылкычы ЖАПИЕВ

— Автор

Багыты: Көркөм кара сөз, Поэзия

Биографиялык маалымат:

Жапиев Жылкычы (1943) — жазуучу, акын.

Кыскача өмүр таржымалы
Жылкычы Жапиев 1943-жылы 10-майда Жайыл ооданынын Сары-Булак айылында туулган. 1976-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин сырттан окуган.
Эмгек жолун 1960-жылы Эриктүү сегиз жылдык мектепте мугалим болуудан баштаган.
1963–1966 жылдары Кеңештик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
1967-жылы Калинин маданият оодандык бөлүмүндө автоклубдун башчысы.
1971–1981 жылдары «Кыргызстан» басмасында кенже редактор, редактор, улук редактор, редакция башчысы, башкы редакторлук кызматта,
1982-жылдан «Ала-Тоо» журналынын бөлүм башчысы, 1992-жылдан «Учкун» АКысынын редактору болуп эмгектенген.
Чыгармалары 1970-жылдан мезгилдүү басма сөздөргө басыла баштаган. Алгачкы «Сагыныч» аттуу ырлар жыйнагы 1971-жылы жарык көргөн.
Ж.Жапиев А.Гриндин жомокторун, вьетнам элдик жомокторун ж.б. которгон.
1984-жылдан Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Жарык көргөн китептери
Кыргыз тилинде
Сагыныч: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1971. – 30 б.
Каркыралар: Новеллалар менен повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1977. – 135 б.
Жамгыр бийи: Аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 188 б.
Көк жээк: Аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 186 б.
Айыл баяны: Повесть, аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1987. – 176 б.
Котормолору
Африка акындарынын ырлары: – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 98 б.
Таң жергеси: Өзбек жазуучуларынын аңгемелери. – 1976 ж.
Грин А. Кыргыйдын баяны. – Ф.: Мектеп, 1980. – 32 б.
Ханзада Иван менен карышкыр: Жомок – Ф.: Мектеп, 1984. – 25 б.
Сыйкырдуу бермет: Вьетнам эл жомогу. – Ф.: Мектеп, 1985. – 32 б.
Грин Александр. Кыргыйдын баяны: Болгон окуя. 2-бас. – Ф.: Адабият, 1990. – 24 б.
(Википедия)
Чыгармалары:
  1. Умай эне
     

Көңүл буруңуздар! Калемгерлерди кызматташууга чакырабыз