Материал является объектом авторского права и защищен Законом об авторских правах.
Его использование в коммерческих целях не разрешается без письменного согласия автора (издателя).
Багыты: Художественная проза, Поэзия
Иманкулов Чалагыз (1889–1980) — акын.
Кыргыз элинин карыя акындарынын бири, Ысык-Көлдүн күңгөй жагындагы Булан-Сөгөттү айылында 1889-жылы туулган. Ч.Иманкулов акын гана эмес, таанымал комузчу. Октябрь Революциясына чейин эл арасында өзүнчө элдик ырларды жаттап, ырдап жана күү чертип жүргөн. Ал кыргыз арасына элдин эски жомокторун айтууда, аны жайылтууда зор иш жасаган.
1954-жылы алгачкы ырлар жыйнагы чыккан.
1950-жылдан СССР Жазуучулар союзуна мүчө.
1970-жылы «Кыргыз ССРнин маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген наам берилген.
«Эмгектеги артыкчылыгы үчүн», «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн», В.И. Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалы жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы менен сыйланган.
ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ
Кыргыз тилинде
(Викпедия)