Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз / Даректүү жана өмүр баянды чагылдырган адабият
© Исабаева Ж., 2009. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 2-июну

Жыпар ИСАБАЕВА

Сексен жетинчи ашуу...

(Даректүү повесть)

Бул чыгарма атактуу семетейчи аял Сейдананын өмүрү жөнүндө баяндайт.

 

Чыгарма семетейчи Сейдана апанын, Үркүн атанын, алардын уулу Тилегендин жаркын элестерине жана Токтогул өрөөнүнүн 80 жылдык мааракесине арналды.

 

***

Түн ортосу. Алда кайдан дүпүрөп дүбүрт угулду...

Көзү илинбей, бирок бала-бакыра түйшөлбөй эс алсын деп, уктаган киши өңдүү көшүлүп, тынч жаткан байбиче дабышка кулак түрүп, демин ичине катты.

Жаңылбаптыр! Тээ Шамшыкал тараптан бери беттенген дүбүрт заматта Көтөрмө айылын аралап кирип келди да, эми эле тынч жаткан айыл ичи заматта азоолордун азынаган үнүнө, найза, чокмор, кылычтардын карсылдагына, барабандын тарсылдагына, айтор, кудум кан майдандагыдай ызы-чууга толуп чыкты!..

“Баатырларым келатат...” – акыл-туюмунда ушинтти байбиче. Кубанып кеткен окшоду. Бирок баягыдай элпек тура калып, меймандарына тооп кыла алган жок. Тек гана акыл-туюмун аларды көздөй “чуркатып” жиберип, өзү ордунда “сулк” жатты. Турганы менен деле баатырларын көз менен көрө албайт болчу...

Акыркы убактарда айлана-тегерегин, жашоону көкүрөк менен гана көрүп, акыл-сезими менен гана туюп, ошого да каниет деп жашап калган. Болбосо, сексен жети жаш деген оңойбу?! Мындай куракта күпүлдөтүп “Семетей” айткан, акыл-сезими али да булактай тунук ким бар дейсиң?

– Капырай, унутуп калбай, ушунчанын баарын кантип айтасыз? – деп анын эс-тутумуна чыны менен эле таң калгандарга:

– Менин эсиме салып тураар баатырларым бар эмеспи, – дейт эне.

 

***

Эми тулпарлардын туягы терезенин так түбүнөн угулуп, кимдир бирөөлөр качырата кар кечип, үйдү айланта бастырып жүргөндөй болушту.

Эмнегедир Сейдана апанын муун-жүүнү бошоп, эриндери саал диртилдей түшүп, эреркеп кеткенсиди.

Ошону сырттагылар да туйдубу, семетейчинин баамында өздөрүнчө күбүң-шыбың болуп, тынчый калышып, тоодой караан терезенин бетин жаап, азыр эле Сейданага кыйгач тийип турган Айдын нурун тосо, үй ичине көз жиберди. Муну кадимки көзү бардагыдай туюп, сезди эне.

“Семетейим тура...” – аны дабышынан тааныды семетейчи. Анткени, Манастын келиши башка. Жердин бетин аңтар-теңтер түшүрүп, аламаат салып ийчүдөй, алда канча катуу келет. Андай доошту эзели укпаган жаны, адегенде кулагын кош колдоп жаба калып, коркуп жүрбөдүбү...

– Мокой түшкөнсүң го, Сейдеш? Андайың жок эле?.. – эркелеткендей коңур, жумшак үн катты сырттагы.

– Чарчадым, баатырым, – эриндерин акырын “бүлк”

Эттирди семетейчи. – Сапарым карып баратпайбы... Сексен жетинчи ашуу... оңойбу?

– Баланын жашындай... – тамаша-чыны белгисиз, балким байбиченин көңүлүн улагысы келдиби, ушинтти баатыры. – Мына, бизди айт.

– Силердин жөнүңөр башка эмеспи...

Ортону жымылдаган жым-жырттык уялай түштү. Семетейчи Сейдананын кирпиктери нымдалышып, “мөлт” этип кулаган жаш дагы да жаздыгына тамды.

– Ыйлап атасыңбы? Мен сени кайраттуу деп ойлодум эле, Сейдана?!

– Бала-бакырага билдирбегеним менен, бу жарык жашоону кыйыш кыйын экен...

– Айтмакчы, Жараткандан жазды сурап аттың беле?..

– Чыкылдаган чилдеде өлсөм, балдарым куруп калабы дейм!..

– Энесиң да, Сейдеш!..

“Энесиң да!..” Ушул сөздөн улам, Сейдештин эсине бойтоңдоп ойноп турган кездердинде, биринен сала бири “чарчаган” төрт уулу түшүп кетти. Кудум ошол кездегидей боор эти сыздап, жүрөгү мыкчылды. Карегинде ысык жаш каканактай түшүп, көкүрөгүн солкулдата, узакка улутунду эне:

– Не дейсиң, баатырым, о дүйнөдөн балдарыма кезигээр бекемин?..

Баатыры тек гана аны чыйралткысы келгендей, же келген максаты ушул өңдүү:

– Андан көрө, тирүүлөрүңдүн өмүрүн тиле. Айтмакчы, өнөрүңдү кимге бересиң? Ошону ойлодуңбу, энеси? – деди.

– Алмазымдан бирдеме чыкчудай...

– Небереңди айтасың го? Ал жаштык кылабы дейм. Анын атасын – Тилегенди ойлочу?..

Семетейчи Сейдана ойго тунуп, тунжурап кеткендей болду.

Келгендеги максаты ушул сымак, семетейчини узун ойдун кучагына салып коюп, баатырлары эми узап бараткандай болду...

 

***

Эненин көз алдына бала кезинен ашыкча кеп-сөзү жок, токтоо, момун уулу элестеди. Эстеп көрсө, уулунун обон созуп ырдамак түгүл, чечилип сүйлөгөнүн укпаптыр. “Ка-ап, баланы кыргызча эле окутсак болмок экен. Кабылдай алаар бекен эми?..” – деди эненин ой-санаасы.

Эмнегедир эне уулун аяды...

 

***

Ушул түнү баатырлардын жер солкулдаткан дүбүртүн Тилеген да укту. Адегенде анын эмне экенин билбей чочуп, бирок кенедей кезинен апасынан угуп жүргөндөрү көкүрөгүнө “тык!” дей калып: “Апамдын баатырларыбы?!... Алар ушинтип келет турбайбы?!” – деди оюнда.

Демин ичине жутуп, “былк” этпей жатты.

Шумдугуң кур! Ал булар тууралуу канча ирээт укканы менен, эмнегедир баарын тек гана жомок катары аңдачу. Эми ошонун жомок эмес, чын экенине күбө болуп, ошого айран-таң калды.

 

Тээ алда кайдан дүпүрөп келип, түз эле булардын үйүнө айланчыктап токтогон топ атчан апасына байырлап көпкө жүрүшкөндөй болду.

“Эмне үчүн булар башта угулбай, эми угулуп атат?..” – деди бир ою. Бир топ күндөн бери төшөктө жатып калган апасын азыр баатырлары алып кетчүдөй сезилип кетти да, өз оюнан өзү кайра коркуп кетти. Жүрөгү катуу дүкүлдөп, тамагы жашка муунуп чыкты!..

“Жок, жо-ок! Апамды албагыла! Апакеме тийбегиле?!” – деп жандилинде бакырык салды уул. А бирок ал канчалык далбас уруп, аракет кылганы менен ордунан козголо албай, жада калса тили буулуп калгансып, так үстүнөн салкайтып, таш бастырып салгансып, тек гана кара терге, жаналакетке түшүп сулк жатты.

Анткен менен апасынын же уйкусурап, же түшүндө сүйлөп жаткандай, болор-болобос күңгүрөнгөнү анын көңүлүн тынчытып коюп атты...

 

***

Тилеген уйку-соонун ортосунда ушинтип жатты. Атүгүл атчандардын алыстап, узап бараткан дүбүртүн дагы эшитти ал. Ошондон кийин гана үстүндөгү жүктү бирөө алып салгандай жеңилдеп, колу-бутуна аздап жан кире баштады. Ошондо да жанталашып, апасынын дем алганын тыңшап, бар экенине ишенгенде гана: “Өх-х!” – деди.

Апасынын жанына келип, сыңар тизелей отуруп, эненин колун аяр алып, эрдин тийгизип, анан көкүрөгүнө басты.

Энелик мээрими кан тамырлары аркылуу сызылып чуркап, кудум бала эмизген кездегидей, эненин бүт тулку бою ийип, бакытка балкый түштү.

– Кагылайын... Кагылып кетейиним! – деди эне да уулунун колун жыттап, өөп. – Турдуңбу?

– Турдум. Кандай уктадыңыз?

– Кудайга шүгүр, уулум. Баатырларым келип кетти...

– Билдим, апа.

Эне серпиле түшүп, кайра да тактап сурады:

– Билдиңби? – бул суроонун артында: “Кантип?” – деген маани жаткан.

– Туяктардын дүбүртүн, кандайдыр күңгүрөнгөн үндөрдү, баатырлардын салгылашып, кармашып жаткандай ызы-чуу, кыйкырыктарды уктум, апа.

– Ии, – деди эне билгени бардай. – Коркподуңбу анан?

– Жок. Бирок... Алар сизди алып кетчүдөй болуп...

Эне ууртунан күлүмсүрөдү:

– Мага ажал азыр эмес – жазда, Нооруздан кийин келет. Андан көрө, ошого чейин кем-карчыңарды толуктап, камданып албайсыңарбы. Бактыгүлгө да айт...

– Апа, көзүңүз эле болбосо... ал деген карылыктыкы да, Кудай кут кылсын, ден соолугуңуз жакшы эле. Онтоп, оорудум дегениңизди уккан жокпуз, тамак ичкениңиз, сүйлөгөнүңүз, акыл-сезимиңиз баары жакшы. Семетейиңизди деле айтып атасыз. Эмнеге эле анан өлүмгө эртелеп камынап атасыз?!

– Аа, балам, бул дүйнөгө түркүк болгон ким бар дейсиң?.. Ыраматылык чоң атаң бул жалган жашоодон туура сексен жетисинде өткөн. Мен да быйыл ошол жашка чыгам...

– Анын сизге кандай тийешеси бар?!

– Бар, балам! Бар болгондо да кандай! Аны ананыраак айтайын, Кудайдын күнү узун эмеспи... А баса, менин баатырларым сага эмнеге сыр кылганын сездиңби?

– Жок, апа...

– Мен Кудайдын берген бул өнөрүн көрүмө ала жатпашым керек да, балам. Баатырларым: “Балдарыңдын кимисине бересиң?” – дегенинен Алмазды айтсам: “Небереңиз жаштык кылат го, атасы айтсын” дегендей кылышты азыр... Сага сыр кылып кетишкени да ошол.

– Кантип?! Бир да сабын билбесем, өмүрү обон созуп ырдабасам... – Тилеген күнөөлүүдөй буйдала түштү да, көкүрөк-көңүлүндөгүнү ачык айтты: – Анын үстүнө орусча окусам, анын баарын кантип жаттайм, апа?

– Ниетиңди, пейилиңди койсоң, алар өзүнөн-өзү оозуңдан куюлуп берет. Мени эмне, жаттап айтчу дейсиңби?

– ...

 

***

Таңга маалкы ушул маек Тилегендин жандүйнөсүнө тополоң салып жиберди. Кадимкидей кара терге түшүп, үстүндөгү көйнөгү сууга чыланып кеткен окшоду. Анткени, бул жаңылык ага күтүүсүз келди. Апасынан да, баатырлардан да мындай ишеним болот деп, үч уктаса түшүнө да кирген эмес! Кантет эми?! Кандай күн болот?! А балким так кесе эле: “Апаке, мени кечиргиле?! Мен бул ишенимди актай албайт окшойм! Мен өзүмө-өзүм ишенбейм!..” – десечи?!

Жок, жок! Антүүгө болбойт! Анда... ансыз да жандүйнөсүндө жабыркап, бу жарык дүйнөдөгү ичээр суусун манжа менен санап, кетээр күнүн күтүнүп калган, жандай көргөн апакесинин көңүлү оорубайбы! Тилегендин анткиси келбейт! Апасынын ичине таарыныч, өксүк кошо кетишин каалабайт, ал!

Анда кантиш керек?! Көздү жуумп, баардыгына бел байлап: “Апамдын айтпай калган сөзүн мен айтам!” – деп моюн сунсунбу?.. Колдон келбей калсачы?!.. Арты кандай болот?

 

***

Сейдана апа тургусу келгендей обдулганда уулу ыргып-секирип тура калып, апакесин жөлөп-таяп сыртка алып чыкты.

Сейдана апа агарып келаткан таңдын ак жарыгына жүзүн тосуп, таза абадан терең-терең дем алып, уулу алып келе койгон сууга бети-колун чайып, эшиктин алдына отурурду.

Эмнегедир көңүлү куунак, жүзү тамылжып, нурдуу. Мындай убакта апасынын сөзсүз баатырларын айтаарын билген баласы жанына отуруп, күтүнө кулак түрүп калды.

Айткандай эле, алтын күндүн алгачкы нурлары менен кошо семетейчи апанын үнү айылды аралап, алыс-алыс угулуп атты...

Анын эч бир айтуучуларга окшобогон башкача бир коңгуроодой добушу көмөкөйүнөн бирде көлкүлдөп, мөл булактай сызылып чыкса, бирде кош колун бөйрөгүнө коё коюп күпүлдөп, көздөрүн жума чалкалай калып, бирде бөк түшө, жер сүзүп калчудай чайпала түшүп... Манастын түспөлүн сүрөттөп айтып жатты:

– Ээ-эй, алдын сала бергенде,
    Алты миң эрдин сүрү бар!
    Аркасын сала бергенде,
    Ажыдаардын түрү бар!
    Кара чаар кабылан
    Капталында чамынат!
    Чолок көк жал арстан,
    Жандай салып камынат!
    Манасың –
    Алтын менен күмүштүн
    Ширөөсүнөн бүткөндөй,
    Айың менен күнүңдүн
    Бир өзүнөн бүткөндөй!
    Агып жаткан дайранын
    алкымынан бүткөндөй!
    Калыңынан кара жер,
    Манаска
    Жердигинен түткөндөй!
    Күлүмсүрөп күлбөгөн,
    Күңгүрөнүп сүйлөгөн!..
    Майлаган буудай жүздөнүп,
    Күүгүм туман көздөнүп,
    Көргөндүн көөнү бөлүнөт!
    Бир караган кишиге,
    Айкөл Манас баатырың,
    Миң кишидей көрүнөт!..

 

***

– Тилеген, күн чак түш болуп кетпедиби, апам эртең мененки чайын иче элек, алы кетип калбасын! – тээ бир убакта Гүлнара ушинтип түйшөлдү. Бул – Тилегендин жубайы.

Ал чоң энени тегеректеп, аңкайып ооздору ачылып отурган балдардын улам бирин колунан жетелеп, туш-тушка таратып атты. Жубайынын анысын эп көргөндөй Тилеген да анан:

– Апа, кардыбыз ачты, – деди бала кездегидей эркелеп, – Апа дейм?..

 

***

Кечээки түн менен таңга маал уулу менен болгон маеги Сейдана апанын тээ качанкы балалыгы менен жаштыгын эске салды.

Бир кезде өзү да азыркы Тилегендей семетейчилик милдетти моюнга ала албай коркуп, бир чети: “Аял киши кантип манасчы болсун?” – деп намыстанып, кайын-журттан, элден ыйбаа кылса, бир чети өзүнө-өзү ишене албай буйдалбады беле...

“Жаштык кылган экем! – деди эми шыпшынып, –

Антегенимде, алмончоктой болгон төрт уулумдан ажырабай калат белем?..”

Ушул өксүк кекиртегине “тык!” этип тура калган эне, бир чети бала-бакырага сабак болсун дедиби, балким тек гана түш сыяктуу бүлбүлдөп, тээ алыста калган балалыгына, жаштыгына, өткөн өмүр, кеткен күндөрүнө кусаланып, кыялында кайра бир кайрылгысы келдиби:

– Ушундай күндөр өткөн, балдарым... – деп бирде башын болор-болбос ийкеңдете, бирде тунжурап ойго тунуп, бирде жүзү тамылжый калса, добушун бирде дирилдек басып... айлана-тегерегине чогулган уул-келин, кыз-кыркын, неберелерине башынан өткөндөрдү кобурап, айтып берип отурду:

– Апаларымдын айтымында, ошол мен төрөлөөр күнү таң эрте башталган кар түнү бою балпалактап жаап туруптур. Ошону да ыраматылык белги кылып: “Кызым касиеттүү кыз болот, ал төрөлгөндө асмандан кут жаап турган”, – деп калчу. Анын үстүнө, апам экөө баш кошкондон көп өтпөй эле атам түш көрүп, түшүндө эки алаканына кызыл эт ымыркай көтөрүп, кубанычы койнуна сыйбай келаткан болот. Ошол түшүндө ымыркайы экөөнүн үстүнөн кудум кар бүртүгүндөй жылтылдап, жылдыз жаап турган имиш...

Айтканыдай эле, түшү туш келип, жыл айланбай үчөө кыздуу болушат.

– Үчөө дейсизби? – небере кыздадын бири семетейчи эненин сөзүн бөлөт. – Экөө дебейсизби?

– Алар үчөө болчу да.

– Кандайча?

– Эми угуп турсаң, билесиң...

 

Эрке жылдыз...

Түн жарымында ай-күнүнө жетип калган Айтбү аста кыңкыстап, онтолоп ойгонду.

– Эмне, башталдыбы?!

– Ичим... Башталды окшойт...

Ушуну эле күтүп тургандай, күйөөсү шашкалактап тура калып, чала-була кийинип, кайдадыр чуркап кетти. Айтбү улам ичи бураган сайын эрдин кырча тиштеп, босогону таяна жаналакетке түшүп, Кудайга үнү жете онтолой калып атты.

Молдоке бу кезде берки үйүнө жетип, улуу аялы Сонунбүнү ойготуп аткан. Айтбүнүн толготуп калганын уккан зайып ыргып-секирип тура калып, шашкандан бекен, же кубанганданбы, же алда кандай болот деп корктубу, муун-шүүнү бошоп, колу-бутун майда калтырак басып кетти. Үстүндөгү чапан-жоолугун оң-тескери кийинди да, жанындагы төрт жашар уулун кымтылап жаап, чырак күйгүздү.

Эми эле коюу караңгынын кучагында тып-тынч жаткан үйдүн ичи заматта тополоң болду да калды. Чырактын билигиндеги бир үзүм от үлпүлдөп, тиги калдаңдаган экөөнүн караанын там боорунда ого бетер арбайтып-тарбайтып...

Бая эле, атасы күйүгүп кирип келгенде ойгонуп кеткен бала ушунун баарына көз салып, карап жатты.

– Сен кайда? – деди Сонунбү өзү менен кошо жөнөгөн күйөөсүнө. – Балдардын жанында болбосоң, эстери чыкпайбы.

Айткандай эле, кичинекейи апасын издегендей жанын сыйпалап, чукурана баштады эле, барып таптай койду.

Кара терге түшүп кеткен Молдоке жанын коёрго жер таппай жаткандай, үйдүн ичинде карбаластап, айланып-тегерене берди эле:

– Ата, – деди он жашаар уулу.

Күтүүсүз үндөн улам селт этип чочуп кеткен Молдоке төшөктөн башын соройтуп отурган уулун көрө коюп:

– Эмне уктабай жатасың? – деди.

– Сиз ойготуп ийдиңиз го.

– Ии, ооба... Апаң толготуп, шашып келбедимби. Кудай буюрса, бөбөктүү болосуң, уулум!

– Аа... Эркек бөбөкпү же кызбы?

– Билбейм, балам! Ким болсо да аман-эсен төрөлсүнчү... Жат, жата гой. Уктай бер. Үшүп каласың.

Төшөгүнө капортосуна чейин оронуп отуруп алган уулу:

– Уйкум келбей атат, – деди. – Тура берейинчи?

Атасы аны түшүндү. Ошон үчүн каршы болгон жок. Анын үстүнө жанына караан туттубу:

– Бөбөгүңдү көргүң келип атабы? Мейлиң. Тура бер. Менден киийнки эле, үйдүн ишенээри сен эмессиңби, баса. Жылуу кийинип ал, макулбу? – деди эңкейип, бейкапар уктап жаткан берки үчөөнү кымтылап, жаап атып.

– Кудай берип, Айтикем аман-эсен көз жарып алса, таң атаары менен айылга сүйүнчүлөйсүң, макулбу?

– Макул.

Ата-бала сыртка чыгып, эки үйдүн ортосунда качырата кар кечип, ары-бери басып турушту.

– Ата, таң атып калган го? – деди уулу. – Эшик жарык турбайбы.

– Айдын толгон убагы эмеспи, уулум.

– Кана, ай?

– Ай – булуттардын ары жагында. Ошого карабай жарыгын карачы. Кудай буюрса, бөбөгүңдүн акыл-ою кардай ак, маңдайы айдай жарык болот экен... – өзүнчө тилек кылып, ушинтти ата.

 

Бала болсо өз ою менен алек болуп кетти. Бир убакта оюндагысын “балп” эттирип ачыкка чыгарып айтып алды:

– Ата, эгерде өзүбүздүн атабыз тирүү болсо, анда деле бул бөбөк төрөлөт беле?..

 

Молдоке “селт” этти. Уулуна кандай жооп берээрин билбей жаткандай, кепке какай түштү да:

– Атаңды сагындыңбы? – деди суроого суроо менен жооп кыла, уулун бооруна кысып, төбөсүнөн шорулдата жыттап. Ушул убакта баланын жүзүнө ысык тамчылар таамп кетти.

– Ата, сен ыйлап атасың го? – деди бала.

 

Молдоке эмнеге ыйлаганын өзү да ажыратып биле албай калды. Балким ал биринчи жары Сонунбүнүн согончогу канабай, ошончо жыл бою бала күтүп, бала жытына зар болуп жүрүп, жесир калган жеңесинен Кудай айтып, минтип ата болуу бактысына кабылып жатканына ыйлагандыр? Же кенедей баланын ушул кубанычты өз атасынын көрбөй калганына тымызын өксүп, ушундай ирмемдерде атасын эстегенине жүрөгү жанчылгандыр?.. Эмнеси болсо да:

– Кагылайыным, – деди уулун кайра да бооруна кысып. – Бир боорумдан, асылым агамдан калган туяктарым! Көзүм тирүү турса, силерди канаттууга кактырбайм, тумшуктууга чоктурбайм! Силер менин боор этим менен тең экениңерди ар дайым эсиңерге туткула! Жарайбы?

– Жарайт! – уулу да атасын мойнунан кучактап, бетинен “чоп!” эттирип өөп койду.

 

***

Так ошол, 1920-жылдын декабрынын бир ажайып таңында башкача бир буркан-шаркан түшүп ыйлап, ымыркай келди дүйнөгө!

Ата-бала кубангандан дабдаарый түшүп, кайра анан бир кишидей болуп, бекем кучакташып калышты.

Жаңы эле эки колун бооруна алып, боюнан бошонуп алган эне баш көтөрүп, Сонунбү апасынын колунда колу-бутун тарбалаңдатып, берки балдарына окшобой, деги эле башкача ыйлап аткан кызына элжирей карады.

– Кичинекей коңгуроодой болуп, үнү башкача экен, – деди буга чейин төрт уул төрөгөн эне жалгыз кызы менен сыймыктангандай.

– Кыз да, – деди Сонунбү өзүнчө сүйлөнүп. Андан ары кызына жалынып, өзү менен өзү болуп кетти:

– Кыз да, апасы! Кызыл жамбы да! Тарбаңдаган колдоруңдан айланайын, буттарыңдан айланайын!..

Кызыл эт кызды ак шейшепке ороп-чулгап, балбаалап ыйлап да алган Сонунбү. Ал ушул кезде өзүнүн согончогу эч качан канабасын, бул кызды – кечээки абысыны, бүгүнкү күңдөшү өзүнүн бармактайынан кошулган эринен төрөп жатканын тап-такыр эсине да албай, кудум өзү төрөп алгандай эле... Кенендигин, кеменгерлигин айт...

Молдоке жүрөт сыртта, бир Кудайына, бир жаңы эле жашоого келген перзентине жалынып.

Уулу кетти, “сүйүнчү” айтып, айылды түтүнмө-түтүн кыдырып чуркап:

– Сүйүнчү, апам кыз төрөдү! Сүйүнчү, апам кыз төрөдү!..

 

***

Айтбүнүн төрөп-түшкөнү эле болбосо, баланы Сонунбү бакты. Эки үйдүн ортосунда эркелеп, эч нерседен бейкапар өсүп келатты, сезимтал кыз Сейдана.

– Апа, эмнеге менин атым Сейдана? – деди бир күнү агалары менен ойноп жүргөн кыз чуркап келип.

Сонунбү апасы кызынын ээгиндеги бармак басым калды өөп:

– Мына бул калың үчүн ошентип койдук да, кызым, – деди.

– А... эмнеге?

– Ата-бабадан калган жөрөлгө, ырым ошондой, секетим! Токто! – деди анан кайра эле келген жагын көздөй сексеңдеп чуркаган кызыл колдон алып. – Токто, кагылайын. Жаңы эле саап келдим, сүт ичип ал.

– Аны-ый...

– “Аныйлаба!” Төөнүн сүтү деген кыз балага дары болот.

– Мен ооруган жокмун го?

– Ооруба! Ылайым эле ооруба! – деген Сонунбү апа жыгач аякка мелт-калт куюлган төөнүн жылуу сүтүн кызынын оозуна кармады. – Муну дайыма ичип жүргөн кишинин бетине бырыш түшпөйт, садагам. Жүзүң жылмакай, сулуу кыз болосуң.

– Бырыш карыганда түшөт да!

– Муну ичсең, карыганда да түшпөйт. Жетмиш, сексенге чыкканда да бетиң алданемедей болот.

– Кемпир болбоймбу?

– Болосуң, берекем! Кудай ошол кемпирликке жеткирсин. Бирок сулуу кемпир болосуң! Ич, иче гой?..

 

Энесине эркелеп, ары кетип, бери кетип атып кеседеги сүттү кылкылдата жутуп алып, чымылдап чуркаган боюнча кетет кыз.

– Жыгылат экен, эми! Акырын, ай!.. – деп кыйкырган эне кыжымы кызыл чыптама, өзү колго тигип берген сылама көйнөк кийген кызын бактылуу болуп, узата карап турат.

 

Алгачкы жана акыреттик махабат

Сейдана он үчкө келген кезде айыл-айылдарда кеңеш бийлиги бекемдеп, эл колхоздошуп, мектептер ачылып калган. Молдокелердин конушу кыштоодон алыс болчу. Анын үстүнө ал кезде айылдын баарында эле мектеп курула элек, кат тааныта турган бирден-бир окуу жай Кетмен-Төбөдөгү балдар интернаты болгондуктан, балдарды ошол жакка окууга беришкен.

Эскирип, чоңоюп эле калганы менен эркелиги эч кала элек кыз энелеринин жанынан эки карыш кеткиси жок. Экөө эки жагынан ары айтып, бери айтып, атасы бир жагынан алдап-соолап жатып араң жөнөтүшөт.

Баарынан да, Сейдана үчүн ошондо дүнүйөнүн тозогу – чачы болгон! Ал кезде жаш кыздардын чачы беш көкүл өрүлүп, качан гана кыз бала баралына жетип, күйөөгө узап жатканда жеңелери беш көкүлүн чечип, эки чач кылып өрө турган.

Бир күнү анан ойдо жок окуя болуп, интернаттын ичи ызы-чуу болуп эле жатып калды.

Тарбиячы эжеке кыздарды чогултуп:

– Кыздар, бүгүндөн тарта чачыңарды эки чач кылып өрөсүңөр, – деди. Эмнегедир баарынын өңдөрү өзгөрүлүп, көздөрүндө: “Эмнеге?!” – деген суроо жайнап, жалдырай карашты.

Эжеке алардын эмнеге анткенин түшүндү. Ууртунан жымыйып:

– Коркпогула, – деди, – Биз силерди эч кайда, эч кимге бербейбиз. Тек гана жаңы замандын талабы ушундай. Анын үстүнө мен күн сайын ар бириңердин чачыңарды беш көкүл кылып, кантип өрүп отурмак элем, ыраспы? Ал эми сабакка силер дайыма чачыңар таралуу, тыкан барышыңар керек.

Сейдана кыздардын эң улуусу болчу. Анын үстүнө тартынуу эмне экенин билбей өскөн тири карак кыз:

– Чечпейм! – деп тал-тал өрүлгөн беш көкүлүн эки колуна уучтай тутамдап алды. Эгерде кимдир бирөө эле азыр ага жакындаса, жаңжал салып ийчүдөй тирмийип, даяр эле.

Эмне дээрин билбей, эмне болуп жатканына акылдары жетпей, аң-таң болуп турган кыздардын бардыгы чурулдап, Сейдананын артына корголоп, бардыгы аны туурап чачтарын уучтай кармап, ансыз да ата-энелерин сагынып араң турган эмелер чурулдап-чуркурап, ыйлай башташты.

Мугалим эжеке жанагысындай эле кыздарга мээримдүү, ууртунан күлүмсүрөп, тегерете карап алды да:

– Эмнеге антесиң, Сейдана? – деди. Балким Сейденанын тигилерге салыштырмалуу жашы улуураак экенине карадыбы, же ушул кыз аркылуу калган кыздардын бардыгын ынандырса болот деп көзү жеттиби, жалгыз ага кайрылып, анан маңдайынан сылады:

– Силер деген мектепке, советтик мектепке келбедиңерби?

– Мектебиңердин мага кереги жок! Окубайм!

– Антпеш керек, Сейдеш. Азыр деген заман жаңы. Окуш керек. Келечек – окугандардыкы. Мектептер курулат, элдерди дарылаган ооруканалар ачылат. Билимдүүлөр бала окутуп, адам дарылайт. Окубагандар кор болот...

 

Мугалимдин “Сейдеш” дегенине жибидиби, же дээринен сезимтал, зирек кыз анын келечек тууралуу айткандарына ынандыбы, бара-бара эжейине ишенип, тарамыштай түйүлгөн тулку-бою жазылып баратты.

Бул жыл – 1933-жылдын сентябры болчу.

 

***

Айткандай эле Сейдана окуунун алдыңкысы болду. Бардык сабакты ылдам кабыл алып, мугалим менен теңтайлашып, кайра башка окуучуларга билгенин үйрөтүп, сергек жүрдү.

А бирок атасы, апалары кызды бат-бат сагынып, ат тезегин кургатпай келип-кетип турушчу. Ошого деле карабай, зарыгып күткөнү – каникул. Тарай турган мезгил жакындаган сайын эки көзү төрт болуп, Кара-Тектир жакты умсунуп карай берет.

 

***

Интернатта окуп жүрүп, Сейдана тагдырына жолукту. Тагдыры дегеним – болочок түгөйү да ушул жерде окучу.

Өзүнөн бар болгону бир класс жогору окуган, көзгө топ баладан айырмаланып көрүнгөн, кудум өзүндөй элпек, тирикарак, чыйрак бала экен. Жылдыздары келишип, бат эле тил табышып кетишти. Экөө бири-бирине ымала санап, бири-бирин жакынсып, чогуу ойноп жүрүшүп, кийин кичине эс кирип калган кезден сабактарын да чогуу даярдай турган болушту.

Бара-бара балалык аруу сезимдер алгачкы махабатка айланып кетти. Анын үстүнө убакыттын өтүшү менен өздөрү да керилип: “Менин жарым болсочу, ээ?!” – дедирген, жакшына бир кыз-уланга айланышты.

Экөө бир мектепте окуганы менен, бири-бирин сагынып, бат-бат эле көргүлөрү келип, издешип калышат. Түндөсү да экөө өз-өз бөлмөлөрүндө жатып алышып, бири-бири тууралуу кыялданышат. Атүгүл көкүрөк-көңүлүндө Кудай таала берген таланты бар кыз ал тууралуу уйкаштырып, алгачкы саптарын да жараткан. Балалык кылып, ошонун баарын жазып, ак кагазга түшүрүп койбогонун айт...

Бирок, бир гана өксүк – балалыктын бактылуу, бейкам, баёо күндөрү узакка созулган жок! Кайдан-жайдан эле бар кереметтен, экөөнү да бири-биринен айырган алаамат башталып кетти...

 

Мен сөзсүз кайтып келем!..

Ал экөөнүн солкулдаган жаштыгы согуш жылдарына туш келди. Сейдана окуусун таштап, айылга кетти. Анткени айылдагы жашы жеткен эркектердин баардыгы кан майданга аттанып, эгин айдап, мал бакканга жалаң кыз-келин, кары-картаңдар калган.

О, ал жылдардын жүзү курусун! Капысынан башталган кара баскан кан майдан бар жакшылыкты жалмап кеткендей туюлган ошондо!

Жалмаганы ошо – Молдокенин төрт уулу, төртөө бирдей согушка аттанып кетти. Алардын эле эмес, ар бир үйдүн башына келген кайгы болчу бул.

Айылда ар күн сайын узатуу, ар күн сайын ый, ызы-чуу!..

Жесир калган алмамончоктой жеңелер жер тытып, ботосун жоктогон энелер боздоп, аталар сакалдарынан жаш тамызып, улам бир баласын аскерге узатып кала берип жатышты.

Сейдана атасынын балдарына калыс, камкор ата экенин ошондо бир билди. Агасынан калган төрт уулу үчүн өмүрүнүн көбүн алдырып ийгендей болду жарыктык киши.

Айрыкча, 1943-жылы эки уулунан тең бирдей кара кагаз келгенин айт!.. Жер сүзүп жыгылып калды атасы! Күйүттөн жүрөгү эзилип бараткандай болгон!

– Кайрат кыл, атасы! Бекем бол! Уулдарын берген сен жалгыз бекенсиң! Бүткүл элдин башына түшкөн кайгы бул! Башка бала-бакыраларга тээк болуп, чыйрал! – дешти кайрат айткандар.

– Ооба десең, андан көрө берки эки уулуңдун амандыгын тиле, Кудайдан! – деген болушту. Мындай сөздөр, ошол кездеги айланын жогунан, бири-бирине чыйралтыш үчүн айтылган кайрат эле.

Айткандай эле, ата дагы белин бек бууп, баш көтөрдү. Калган балдарынын амандыгын Кудайдан тилеп, зарлады. Бирок... бу сапар да Молдокени жер сүздүрүп, мүңкүрөтпөйлү дедиби, берки эки уулунан “кара” да, “ак” да кабар келген жок! Тек гана ата-энелерди үмүткө жетелетип, өмүр бою күттүрүп койду тагдыр...

 

***

Көп узабай эле Үркүн да согушка аттанды. Аттанып кетип жатып:

– Сейдеш, – деди эки ийнин солкулдатып, солуктап ыйлаган кызды сооротуп. – Ыйлабачы, Сейдеш. Көрөсүң го, мен сөзсүз аман-эсен кайтып келем. Экөөбүз анан баш кошобуз. Көп балалуу, бактылуу болобуз.

Ыйлабачы?.. Же, айтчы, мага ишенбейсиңби?

Агалары кетип, жедеп жоготуудан көңүлү калган кыз ошо сөздөргө бирок каниет кылды.

– Андан көрө кетип калбай, мени күтсөң, – тамаша-чыны аралаш ушинтти улан. – Жарайбы?

– Ийи, – деди кыз солуктап басылып.

– Мен сөзсүз келем, күт?!..

 

Тилек

Эл башына түшкөн ушул алаамат эрке кызды бат эле токтолтуп койду. Эркектер жасай турган талаа жумуштарына эми жалаң кыз-келиндер, катын-калачтар чыгып, алар менен кошо Сейдана да таң кылайгандан каш карайганга чейин баш көтөрбөй иштеп жүрдү.

О, ошондогу арман менен азапка оролгон айлар, күйүткө күйүп, ыйга чыланган күндөр, жыландай муздак жыластуу жылдар!

Кыз-келиндердин жылаңайлак, чор тамандарын тикенек-таш тилип, балтырларынан кан сызылып агып, ботодой боздогондой болсо, жанындарына киши тура алгыс!

Эсинде, ошондо курбу-курдаштары, жеңелеринин үнү Кудайга жетип, тилдегени эле душман менен Кудай болуп калган:

– Кудай, ай! Мынчалык эмне кыйнайсың?! Мындан көрө алып эле кетсең эмне?! Тойдум, ушундай күнгө! Кереги жок эле мага мындай жашоонун! Бул дүйнөнүн тозогуна салбай, андан көрө өлтүрүп эле койбойт белең?! – деп зыркырап ыйлаша турган.

Бирок Сейдана антчү эмес. Балким, ага Үркүндүн: “Мен сөзсүз келем! Мени күт! Экөөбүз бактылуу болобуз!” – дегени кубат болчубу, же Кудай-Таала башкалардан башкачараак жараткан сезимтал кыз алдыда али керемет күндөр бар экенин сезчү, туйчу беле, айтор курбуларына окшоп, жанынан аша кеччү эмес.

Ал ушул күндөрдүн артында, тээ каяктадыр жакшы күндөрдүн карааны келатканын боолгочу...

Бири-бирин кучактап алышып, ботодой боздогон кыз-келиндерден андайда оолактап кетип калчу да, эч ким көрбөгөндөй, эч ким укпагандай алыс, аңыз ичине кирип алып:

– О, Кудай?! Кудурети күчтүү Кудай?! Кыздардын чыдамсыздыгын, сабырсыздыгын кечир?! Мен сага ишенем, Кудай! Мен сенин бар экениңе жана күчтүү кудуретиңе, боорукерлигиңе, айкөлдүгүңө ишенем! Менин жашагым келет, менин Үркүнүмдү тирүү тоскум, аны менен бактылуу болгум келет! Менин бала төрөп, эне болгум келет?! Ушул тилектеримди кабыл кыл?! Мен сенден суранам, Кудай?! Мен сага ишенем, Кудай! – деп алакан жайып суранып, бата тиленип алып, кайтып келчү.

Эми ойлосо, айтканы айтканындай эле келген экен. Кудай-Таала адам баласы эмне тилек кылса, кабыл кылат, жаштын тилегин берет деген чын.

Айткандай эле алиги кыз-келиндердин бир даары өмүрдөн эрте кетип, бир даарынын тагдыры татаалдашып калды кийин!

 

***

Сейдана а кезде Семейтей айта элек кези. Атүгүл үч уктаса түшүнө а кире элек кез. Бирок талаага чыгып эркек болуп, эр азаматтардын жумушун жасап, үйгө келип бир колу куургуч, бир колу туткуч болгон бечара аялдарды, кыз-келиндерди аяп, аларды жубатып, алаксытуу үчүн заңкылдап ырдап берет эле.

– Ай-ий, ай, Сейдеш! Үнүңү тим эле укмуш!

– Ай, бу сөздөрдү кайдан таап айтып атасың, я? – деп, азап-тозокту азга унута калышып, андайда баары Сейдешти тегеректеп калышчу. Өздөрү да анан Сейданага кошулуп ырдап, бир заматта эми элеки ый менен кайгы жел менен кошо кайып болуп кеткендей, кыз-келиндердин арасын тамаша, күлкү аралап кетээр эле.

 

Сейданда Атайды жеңгенде...

1944-жыл.

Таң кылайгандан тартып эле бригадир үйлөрдү түтүнмө-түтүн кыдырып, талаага айдайт. “Аный, чыкпайм!” – деген киши жок. Таңдан кечке жер чукулап, машак термей. Элдин курсагы чала тоют. Баарынын эки көзү төрт болуп: “Атаа-а, ушундан бир үйгө ооз толгудай ала кетсем, ээ?” – дегени менен, бир бүдүр дан алууга уруксат жок. Бригадир улам бир жерге жаман атын соксоктотуп чаап келип, карап кетет. Кокус кичине эле шигиң билинди дегиче болду, айыпка жыгыласың. А бирок эл деген эл экен да, ошондо да эбин таап алып кетендер болчу.

Мына ушундай күндөрдүн биринде Кетмен-Төбөдөгү кадимки Коргоолдун айылына азыр да эл оозунан түшпөгөн айтылуу Атай Огонбаев келип, жашап калды. “Эл оозунда элек жок” эмеспи, ал келгенден көп өтпөй эле артынан “имиш-имиштер” айдарым жел менен кошо айылды аралап, кыдырып жүрдү:

– Ботом, аңыздан машак уурдап, кесилип кете турган болгондо качып келиптир, – дешти бири.

– Жок, ай. Антпей эле машакка чыкпай, бригадирди уруп коюп, ошондон ооп келиптир дейт...

 

А көрсө Атайдын бир тууганынын тестиер баласын бригадир машак менен кармап алат. Балким какыс-кукус кылып коёюн дегенби, же чындап эле жаны ачыганбы, баланы аёосуз ур-токмокко ала баштайт. Ошол учурда үстүнөн чыгып калган Атай:

– Балада эмне күнөө?! Жыргаганынан алыптырбы?! “Өлгөндүн үстүнө – көмгөн” кылып, эмне урасың?! – деп инисине болушуп, бригадирдин өзүн уруп коёт. А кезде идеология, тартип ошондой катуу эле: “Фашизм менен күрөшүүдө Ата-Мекенге чыккынчылык кылды” деген жалаа менен соттолуп кетиши мүмкүн болчу. Ошого жеткирбей, Атай Коргоолду эш тутуп, Кетмен-Төбөгө баса бериптир.

Ушундай күндөрдүн биринде Сейдана ошол айылга, өкүл эжесиникине барып калат. Жер-жерлерде канткен менен, элдин көңүлү өссүн үчүн оюн-зооктор, кичинеден той-топурлар боло калчу экен. Ошондой тойго туш болот.

Отругандар ыр кесе ойноп, кезек төрдө жакшынакай кийинип отурган сулуучумак жигитке тийет. Түгөнгүр десең, ыр кесе сунган келин сүрдөп калды окшойт, чалынып кетип, кеседеги бозо Атайдын этегине жаба төгүлөт.

Ошондо Атай комузун ала коюп, ыр кесеге жооп кылып, ара чолодо:

– Кетмен-Төбө кенен жер,
    Эзелтен эли кеменгер.
    А бирок,
    Этегине меймандын,
    Бозо куят жеңелер, – деп кошуп ырдап жибергенде, кыз-келиндер бири-бирин чымчылашып, анан Сейдананы:

– Ай, Сейдеш, оозуңда жамагың го, жооп кыла койсоңчу, – деп түрткүлөп калышат. Ошондо кер маралдай керилген кыздын төгүп турган кербези дейт:

– Акыным,
    Жаркарттын белин алаңдап,
    Ашып келген экенсиң.
    Айлыңдан буудай, дан уурдап,
    Качып келген экенсиң.
    Камалып кокус кетээрде,
    Кетмен-Төбө жерине,
    Шашып келген экенсиң.
    Телегейиң тегиздей,
    Эми,
    Эрдемсинип ырдайсың,
    Кыз-келинди сындайсың!..

Ошондо сөздү сыйлап, сөз баккан акын эки колун бооруна ала коюп:

– Жыгылдым, бийкеч! Жыгылдым! – деп ордунан тура калыптыр.

Ошондон кийин Кетмен-Төбөдө: “Сейдана Атайды жеңгенде”, – деген кеп тараган.

 

Түш

1946– жылдын жай айы.

Сейдана түш көрөт. Түшүнө бу тоонун башынан тиги тоонун башына аргымагын аттатып өтүп бараткан, найзачан баатыр кирет. Аргымактын таноолорунан түтүн бүркүп, абада арыш керген сайын аттын туяктарынан жылдыз чачырайт.

Эртең менен дене-бою башкача жеңил болуп, көкүрөк-көңүлүнө кандайдыр кубаныч толуп, сергек ойгонгон кыз: “Кудай буюрса Үркүнүм аман-эсен келет экен”, – деп түшүн тымызын жакшылыкка жоруп, кудуңдап калат. Ошол канаттуу аргымак минген найзачан баатыр көз алдынан, эсинен кетпей, жадымында сакталып калат.

Кийин ойлосо, ал атчан – баатырларынын бири окшобойбу. Ага ошондо эле баатырлары назар салып, болочок семетейчиге акырындап белги бере баштаса керек. А бирок аны кайдан туйду, аны кайдан ойлоду дейсиң ал...

Айтор, бир карасаң жомоктогудай, бир карасаң өңүндөгүдөй ошол түштү дагы бир кайталап көрүүнү самачу болгон.

Кыял деген кандай күлүк, кыялында ошол баатырды – өзүнүн арзыганы катары элестетип, эч кимдикине окшобогон бир ажайып жашоо жаратып алган: Ар дайым ошол канаттуу арыгмакчан махабаты булуттарды бурдай кечип, бир колуна жымыңдаган жылдыз, бир колуна алтын ай кармап, аргымагын алкынтып асмандан түшүп келчү да, Сейдананы жерден элпек эңип ала коюп, закымдарга сиңип кетчү... Эки ашык анан жер кезип, аалам кезип кетишчү...

 

***

Дагы бир жолу түшүндө так ошол тоону, ошол баатырды көрдү.

“Үркүн?!..” – деди көмөкөйүндө кыйкырып. А бирок үнү суыртка чыкпай, кубанычка муунуп калгандай болду. Тоонун кылда чокусунда найзасы асман чийип, тулпарынын туягы жер чапчып турган жоокерден: “Мен – башкамын. Мына – Үркүнүң!” – дегендей туюм келди да, аңгыча аскер кийимчен жигит көрүндү. Эки өңүрүн шамалга делбектетип, кыр ылдый түшүп келатыптыр ал.

Сейдана серпиле түшүп, эми алиги жоокерди унутуп салып, аскер кийимченге умсуна карап, жүрөгү “болк!” этти.

“Менин Үркүнүм?!” – деген ой акыл-сезимин, бүт эркин бийлеп, өзүнүн бары-жогун унутуп салып аны утурлап баратты анан. Көзүнүн жашы он талаа болуп, ыйлап алган.

– Ой, Кудайым ай, ошол болсо экен?! Ошол!.. – дейт жүрөгү. Аңгыча алиги караан да баш кийимин ала коюп, Сейданага булгалай:

– Сейде-еш?! – дейт. Ушул үн бүтүндөй Кетмен-Төбөнү жаңыртып, айылды аралап, андан ары аска-зоолорго барып жаңырыктагансыйт.

Сейдана буту-бутуна тийбей чуркап, жаңы эле жетип бой ташаганда чочуп ойгонот...

Кудум өңүндө чуркап күйүккөндөй энтигип, күйүгүп алыптыр десең. Ыргып тура калып эле жеңесине чуркаган.

– Жеңеке, мен бир жакшы түш көрдүм!

– Түшүң туш болсун, кызыке!

Айткандай эле, ошондон бир ай өтүп-өтпөй, Сейденанын эсинен эч качан кетпей турган, керемет окуя болгон...

 

Аскер...

Анда азыркыдай байланыш – телефон деген болбогону менен, аркы айылда болгон окуя берки айылга желаргыдай тарап турат эле. Ары-бери каттагандар ташычу, жаңылыкты.

Күндөрдүн бир күндөрүндө кечке маал:

– Көтөрмөлүк бир жигит аскерден келиптир! Алты саны аман экен! “Прансуз” дегендерге туткунга түшүп калып, Сталин өзү куткарып алыптыр! – деген кабар ар бир үйгө баш багып, ар бир жүрөктү, ар бир сезимди “селт!” эттирип, каректерди жашка чайытып, айылды аралап, жел менен кошо тарап жүрдү.

– Ай, Сейдеш, уктуңбу?! – жеңеси угуп эле кызыкесине чуркады.

– Уктум, жеңе! – өзү да алда нени алдыртан сезген сезимтал кыздын ой-кыялы алып учуп, бир орунга тура албай, кармаган буюму улам колунан ыргып, эси-дарты элеп-желеп болуп калды.

Анткен менен: “Кайсы бактылуу адамдын бүлөсү десең? Ким болду экен?!” – дедирип, элди дүрбөлөңгө салган коңшу айылдык ошол жигиттин өзүнүн да эси-дарты Кара-Тектир тарапка ооп, канаты болсо мына азыр учуп кетчүдөй көңүлү алагды болуп, жаны жай ала албай өрөөпкүп турганын башкалар билди дейсиңби?

Баарынан да, Сейитбек ата менен Айкан апаны, урук-туугандарын аман-эсен келип бир кубанткан жигит:

– Эки-үч күндө келинчек алып келем! – деп дагы бир кубантты.

– Аксарбашыл, айланайын Кудай! Үйүбүзгө баш кирип, той артынан той болот экен! Кудайым берет деген ушул! – деп ата-эне камынып калды.

 

***

Эртеси кечке маал Сейдананын айлына келди Үркүн. Аскер кийимчен жигитти кайсы үй болбосун жылуу кабыл алып, даам таттырып, тестиерлер текилдеп чуркап, артынан калбай эрчип жүрүштү.

– Айланайын кулунум, менин уулумду көрө алдыңбы? – кайда барбасын, күтүүдөн жедеп көз майы түгөнгөн кемпир-чалдардын биринчи эле суроосу ушул.

– Балким, кетмен-төбөлүкмүн дегендир? Эстеп көрчү кагылайын?

– Аке, менин атамды тааныйсызбы? – дейт чыт курсак балдар менен, беш көкүл кыздар. – Ал дагы согушка кеткен.

– Жок, көрө алган жокмун... Жолуга албадым... – ар бирине берген жообу ушул, бирөө гана. Шаабайы сууп, умсуна карап калган кары-картаңдарды, түгөйү уруштан кайтпай, ордуна алакандай кара кагаз алган жесирлер менен жетимдерди аяп, заманасы куурулат. Кекиртегине ысык бир нерсе кептеле түшүп, муун-жүүнү бошойт. Анткен менен аны мындай азаптардын баарынан аруу кызга болгон ак сүйүүсү арачалайт. Сейдешин ойлогондо буга чейинки көргөн азап-тозокторунун баардыгы эстен чыгып, жандүйнөсү жарык боло түшөт.

 

***

Мына, эки жаш эчактан күткөн, Жаратканга жалынып жүрүп сурап, тилеп алган көз ирмем!

Күүгүм талаш жигит үйгө кирип келип, төрдө жамбаштап жаткан Молдоке атага ийилип, салам айтты:

– Ассалоому алейкум, ата?

– Алейкима...

Аскер кийимчен жигитти көрө, анын үстүнө “ата” деген үндөн улам, үмүтү “жылт”!” деп, обдула түшкөн Молдоке саламынын ары жагын жутуп алгандай, жигитти нес боло тиктеди. Бирок, бу саам да сокур үмүт аны алдап кетти. “Балдарымдын бири болбосун?” – деп ойлогон болчу ата. Колдору калчылдай, тамагы жашка муунуп: “Кудай бере көр? Кудай бере көр?!” – деп күүгүмдө карааны гана көрүнүп, жүзү бүлбүлдөгөн жигитти бүшүркөй тиктеген. Качан жанына жакын келгенде гана жигиттин колун кармалап көрүп, башка бала экенин билди ата.

– Алейкима ассалам, – деди анан каргылданган, күйүнгөнү да, сүйүнгөнү да белгисиз, ый аралаш үн менен. – Аман-эсен келдиңби, кагылайыным?

– Жакшы, ата. Аман-эсен...

– Ден соолук жакшыбы, алты сан аманбы?

– Аман, ата. Баары жакшы.

– Ошондой эле болсун! Болсун, балам! – деген ата жубайларына кайрылды: – Тамак аскыла, балага. Кудай сүйгөн бала экен, айланайын!..

Уулдарын жоготуп, күйүткө күйүп турган эки эне андан ары кармана албай кетишти. Үй ээси менен учурашып, бери обдулган жигитти улам бири бооруна кысып, маңдайынан өөп, балбаалап ыйлап-сыктап атышты.

– Кантет?! Аман-эсен келген балага ыйлап, кантет?! – Молдоке зайыптарын тыйган болду.

 

***

Үркүндүн эси-дарты башкада болуп атты. Үйдү айланта караган кош карек Сейдананы издеди. Эмнегедир анын карааны көрүнбөгөн соң: “Мени келбей калды деп, турмушка чыгып кеткенби?!” – деген шумдуктуу ой тулку боюн кошо чырмап, көздөрү караңгылашып, замансы тарый түштү.

Бу тапта кыз-келиндер менен суу алып, булактан келаткан болчу Сейдана. Бир убакта алардын үйүнө агылып кирип аткан элди көрө коюп, эмнегедир дендароо боло түштү кыз. Оюна жакшы да, жаман да нерселер түшүп, денесинен чыпылдап тер чыгып кетти.

Челкилдетип көтөргөн суусун жонунан алып ыргытып жиберип, үйдү көздөй чымылдап чуркагысы келди. Бирок өзүн-өзү кармап:

“Жок, жок, сабырдуу бол! Токто! Шашылба!” – деп тынчытып келатты.

“Эмне болуп кетти?! – деди экинчи бир туюму. – Акелеримден... кара кагаз келдиби, же?!.. Жок, жок! Андайды кулакка угуза көрбө, Жараткан?! Андай кыйнооңду апаларым да, бечара атам да көтөрө албайт! Токточу, андай болсо үйдөн өкүрүк чыгат эле го?! А балким, агаларымдан бирөө аман-эсен келип калды бекен?! О, Кудай! Андай аттуу күн кайда?!..”

Аларга удаа эле акыл-өсезимине айлампадай аланып, Үркүн келе калып атты. Ансайын жүрөгү туйлап, эки буту жер баспай, учуп бараткандай сезилип кетти.

“Жок, жок! – дейт бу саам да өзүн токтотуп. – Үркүн үйгө кайдан даап келсин? Кантип батынмак эле?..”

Бирок а кезде аскерден келгендердин тааныса да, тааныбаса да ар бир үйгө баш багып, кары-картаңдар менен амандашып, ал-жай сурашканы эч кимге өөн эмес эле.

Эмнеси болсо да ар кандай ойлор, божомолдор менен алпурушуп отуруп, Сейдана үйгө жетип-жетпей чакасын таштай салып, а бирок андан ары кадамдары тушалып калгансып... үйгө бир машакат менен кирди!

О, Кудай! Үмүтү аны алдабаптыр!

“Үлп-үлп” эткен май чырактын жарыгынан ал Үркүнүн жазбай тааныды! Экөө саамга тиктешип калышты. Үйдүн ичиндегилер да эки жашты алмак-салмак карап, каректер менен, жүрөктөр менен сүйлөшүп, сагынычтарды айтышкан ирмемдерди бузгулары келишпегендей, саамга демдерин ичине катып турушту.

– Саламатсыңбы, Сейдана? – жигиттин дир-дир эткен добушунан улам кыз эсине келе түштү да, карап турган ушунчалык көп көздөргө туруштук кыла албай, сыртка атып чыкты... Үйдү аланып, кудум Үркүн отурган тушка учуп жетти. Тамга сүйнөнүп, башын саал чалкалата, көздөрүн жумду...

Жер айланкөчөк болуп аткансыды ушу саам. Анткени бакыттан башы айланып, сагынычка, кубанычка, сүйүүгө ушунчалык мас болчу кыз ошондо...

 

Баш кошуу

Аскер менен учурашканы келген эл:

– Ии, балам, сүйлө, – деп жигитти кепке тартып отуруп, тээ бир далайда барып тарашты. Алар менен Үркүн да кетүүгө камынды. Чыгып баратып, селкисине катарлаш келе калган жигит:

– Сейдеш, эртең келип алып кетем, – деп шыбыраганга үлгүрүп, чыгып кетти.

Айткандай эле эртеси Үркүн урук-тууганы менен келип, колуктусун алып кетти.

 

***

Бул дүйнөдө Сейитбек ата менен Айкан ападай бактылуу жандар жок эле. Бир жагынан уулунун кан төгүлгөн кыргындан аман-эсен кайтып келгенине чечекейлери чеч болсо, бир жагынан жаркылдаган жароокер, тири карак келиндүү болгондоруна жетине албай, отуруп-туруп эле келин-уулуна батасын берип атышты.

Айрыкча албарсты менен алышып, куучулук өнөрдү аркалаган, кадимки кыш чилденин Токсон-чалы менен саламдашкан Сейитбек ата бу келин баланын жөн бала эмес экенине көзү жетчү.

– Келинимде кандайдыр касиет бар, апасы, – дечү байбичесине кээде сыр кылып. – Кудай сүйгөн бала бу, колдоочулары бар...

“Кокус, эртеби-кечпи, билинет бу. Ошондо Үркүн чочулап, же ишенбей күнөөгө батпасын” дедиби, бир күнү ойлоп жүргөнүн уулуна да акырын кыйытып, четин чыгарып койду:

– Сейдекемде кандайдыр касиет бар. Түшүнбөстүк кылып, көңүлүн оорутпа, балам.

Уулу адегенде тамашалап күлгөн болду:

– Cиз ушу, бизге билгизбей гана, өзүңүздүн касиеттериңизди келиниңизге берип атат окшойсуз?

– “Ичи тар итине бок бербейт” болуп атасың, ээ? Анан Сейдекеме бербегенде, сага берейинби? – деген атасы анда “карс-карс” күлүп.

 

Сейитбек калоо

Сейдананы келиним экен дебей, өз кызындай жакшы көрүп, экөө ата-баладай сырдана эле. Атүгүл Сейитбек ата бир ирээт, өздөрүнүн түпкү теги Аксылык экенин, кандайча болуп Токтогулду жердеп калганын да айтып берди.

Ал мындайча болуптур...

 

***

Илгери колунда бар бай-манаптар кызынын себине кол арага жарап калган бир кыз, тестиер бир эркек бала кошуп бере турган.

Мен тогузга келгенде, биздин айылдын кыйын чыктыларынын бири да кызын Кетмен-Төбө тарапка күйөөгө узатып: “Бири кызыбыздын чачпагын көтөрүп, бири отунун жагып, суусун алсын!” – деп жети жашаар жетим кыз экөөбүздү кошо жөнөттү.

Балабыз, анын үстүнө каршылык кылууга каруубуз, арачалап калаар жатындашыбыз жок болгон соң, кете бердик да...

Бирок келген күндөн эле кетмен-төбөлүк бийге баш терим жакканбы, кара жумушка салбай, болгону эле келген-кеткен меймандардын колуна суу куйгуч кызматка койду.

Бой жетип, эрезеге жеткен кезимде ишенип, үйүр-үйүр жылкыларын кайтартты. А бирок мен анда ал бий болочокто менин өз кайнатам болот, ошонун көзгө басаар жалгыз, эрке кызына үйлөнөм деп ойлоп коюптурмунбу? Айтор, кийин-кийин бий мына ушул апаңды берип, өзүнчө үй көтөртүп, мал бөлүп берген.

Эл да ошону эп көрүп, бир менин эрдигиме, бир кайнатамдын билгилигине ыраазы эле...

 

Бир жылы Кетмен-Төбөдө болуп көрбөгөндөй жут болгон.

Анткени, жайдын этегинде эле очойтуп кар жаап салбадыбы. Ошол кезде мен күтүрөгөн үйүр-үйүр жылкым менен тоодо элем. Кыштоого түшүп келе албай, аска-тоолордун арасында калдым.

Бул адегенде абдан коркунучтуу да, сүрдүү да эле.

Адамдын ою дароо эле жамандыкка кетет экен: “Арам өлөт деген ушул турбайбы! Кожожаштай, сөөгүм сөпөт болуп, аска-зоонун арасында калат окшойм!” – дедим оюмда. Күн өткөн сайын заманам тарып, асман-жерим аңтарылып баратты. Анткени, “Мына эми жол ачылаар” деп күткөн сайын, табиятың кайра ошончо каарданып, сурун салып туруп алды. Баягы мен жылкы айдап өтчү кыя жолдор жолдор көк жалтаң музга айланып, үстүнөн учуп канаттуу куш эле өтпөсө, адам түгүл кайберениңдин өзү да даай алгыс!

А бирок, ажал жетпесе адам деген өлбөйт экен, балам. А балким, “Кудай деген кул өлбөйт” деген ошодур, Алла-Таалам өзү колдоп, ата-бабаларымдын арбагы караан болуп, күтүрөгөн жылкыларды кыштан аман-эсен кыштатып, өзүм да тирүү чыктым.

Азыгым – жаш кулундун эти менен, бээнин сүтү болду.

Сууктан далдоо болсун деп, кучак-кучак таштарды калап, өзүмө баш калка, жылкыларга короо жасадым. Ошол жердин “Сейитбектин калоосу” деп атаган калышынын жөнү ошол, балам...

Отуруп-туруп Кудайга сыйынам. Мени бир үйүр жылкым менен корголотуп, айлана-тегерегимди айланта курчап турган тоо-ташка сыйынып, сырымды айтам. “Ак жолтой боло көр? Силерди айдап алып, айылыма аман-эсен жетсем экен”, – деп күтүрөгөн төрт түлүккө жалынам.

Кудай-Таалама үнүм жетип, тилегимди берди акыры. Оорубай-сыктабай, малым да өлүм-житимге кабылбай, кыштан эсе-соо чыгып алдым.

Жаздын жылуу илеби жыттанган сайын бу дүйнөдө менден өткөн бактылуу адам жоктой, асман тиреген тоолор атам менен энемдей, жатындашымдай сезилип, ошолорду кучактап, боорума кыскым, канатым эле болсо үстүндө айланып, шаңшып учкум келет!

Ошол жер менин өмүрүмдүн эң кызыктуу учуру сыяктуу, ар бир аткан таңы менен баткан күнү эми да жадымымда жатталуу турат.

 

Токсон-Чалга жолугуу

Мына ушул кышта кадимки кыш чилденин пири – Токсон-чалды көрдүм, – деди маегин улаган ата. – Ошондо бу кыргыз элинин көрөгөч, билгичтигине таң калдым. Чыны менен эле кудай сүйгөн эл экенбиз дедим. Болбосо, кайсы эл жылдыздарды карап туруп эле айдын, жылдын эсебин билет? Бир эле кыш мезгилин алалы, анын ар бир аптасынын өз аты, ошого жараша өз мүнөзү, “кылык-жоругу” бар. Көрсө, мунун баары жомок эмес экен, балам...

Бир күнү жылкылардын изин кууп отуруп, эгерим үстүнөн ак кар, көк муз кетпеген жалама аскага жетип калган экем. Кыялымда: “Балким, менден кийин деле бул аскага эч кимдин буту жетпейт чыгаар”, – деп өз бактыма өзүм корстон болуп, алдымдагы азоомду алчактатып келаткам.

Бирок, бир убакта карасам эле... көк жалтаң муздун үстүндө, жанаша өскөн карт арчанын түбүндө аппак кементай, аппак заңкайган аппак баш кийимчен, сакалы белине жетип, өзү да кардай аппак, сулуу карыя мени карап отурат!..

Көргөн көзүмө ишенбей, кирпигимди ирмеп-ирмеп алдым. Бир чети саал чочулай түштүм да, бир чети таң калып, бир чети көптөн бери адам аттуунун карааны көздөн учуп жүргөн үчүнбү, кубанып да кеттим!

“Жок, токточу, Сейитбек! – деди аңгыча бир оюм. – Бу, ак кар, көк муздуу аска-зоолордун арасында кайдагы адам?!..”

Ойго какап, буйдала түштүм. Ак карыя болсо жанагы жерде, жанагысындай эле мени карап, кадимкисиндей эле ак сакалы күн нуруна чагылыша жалтылдап, салабаттуу отурат. Жүзүнөн тим эле нур тамат десең!

Бир кезде оюма ата-бабалардан айтылып келаткан кадимки Кыдыр алеки салам түшүп кетти.

“Ооба, ошол! – дедим оюмда. – Кыдыр алеки салам! Ал баарына эле жолуга бербейт! Кыдыр атага кезигип, колун кармаган адамдын иши оңолот! Муратына жетет! Пендеңе берейин дегениң ушул экен да, о Кудай?!..”

А кезде менин бир эле муратым – эл-жерге өлбөй, аман-эсен кошулуу эле!

Ушуну ойлодум да, жакындап барып, аттан ыргып түшүп:

– Ассалоому алейкум, ата? – деп колумду сундум.

Бирок карыя алигимди да, колумду да албай, катып калган адамдай, сунулган колумду карап, сустайып көпкө отурду да:

– Ка-ап, балам, колуңду бекер сундуң, – деди.

Менин бүткөн боюм титиреп кетти. Бирок колумду кайра тартып да ала албай, нес болдум.

– Мейли эми, назарың сынбасын, – деди анан. – Кармап коёюн. Бирок чыпалагыңдын эле учун бер?

Карбаластай түшүп, айтканын жасадым. Ал өзү да чыпалагымды аярлап, баш бармагы менен сөөмөйүнүн учун гана тийгизип койду да:

– Эми өмүр бою өкүнөсүң го, балам, – деди “кол алышкандан” кийин. – Мен деген – Токсон-чалмын!

“Токсон –чал?! Ал ким эле?” – деп оюмду жыя албай турганымда:

– Кыш чилдеси түшкөн маалда, “Токсон түштү” дегенди кулагың чалды беле? Уктуң беле? – деди.

– Ооба. Ооба, ата, – деп ийдим жогумду таап алгандай. – Уккам.

– Ии, уксаң, ошол кыш чилденин атасы, Токсон-чал деген мен болом!

Анан ал ордунан элпек туруп, кудум булуттай жумшак, элпек кыймылдап:

– Балам, мына бу сууну көрдүңбү? – деди тоо ылдый аккан сууну жаңсап.

– Көрдүм, ата.

– Мен азыр ошол сууга бой таштап, агымга каршы кулач керем.

– ?..

– Өйдөнү карай сүзөм. Ошондо үйүр жүрөт!

Мен эсимди топтоп: “Кандайча?” – деп ойлонуп үлгүргүчө, Токсон-чалдын кош аягы жерге тийип-тийбей, учуп жүргөндөй, шамалдай ыкчам кыймылдап, сууга кирип кетти да, өйдөнү карай сүзүп баратты. Мен анын караанын көпкө чейин жандалбастап карап аттым. Бирде көрүнбөй калып, бирде “кылак” этип ар кай жерден чыга калып, узап кетти...

Айткандай эле, азыр эле тынч агып аткан суу заматта түрүн өзгөрттү. Кучак-кучак муздар пайда болуп, үрөйдү учурган үйүр жүрүп кетти!

Мен ошондо гана сездим, Токсон-чал кармаган чыпалагымдын учу меники эместей, башкача болуп долдоюп туруптур.

Көрсө, бая чал кармаганда эле үшүк алып кеткен экен аны...

 

Тартуу

Ошентип, тээ жаз бүтүп, жай башталаган маалда, туура алты айдан кийин, күтүрөгөн төрт түлүгүмдү төлдөтүп алып, эсен-соо айылга түшүп келдим.

Көзүң жамандыкты көрбөсүн! Мен келгенде Кетмен-Төбөдө адалдуудан түк калбай калган экен! Кыш каарына алып, өрөөндү кышы бою былкылдатпай, жут басып туруптур.

Малдан кол жууган эл жаз алды менен колдоруна кетмен, күрөк алып, өмүрүндө биринчи жолу жер сайып, дыйканчылыкка бел байлашыптыр. Ошондон кийин өрөөн Кемен-Төбө аталып калган, балам...

Мени эл да, бий да: “Бечара жигит үйүрү менен күрткүгө түшүп, же көчкү басып, жок эле дегенде ачкадан тоңуп өлдү”, – деп, эчак эле унутуп, эстеринин чыгарып коюшкан экен.

Сенден башка пейили бузук бирөө болгондо, семизинен териси жылтылдап, алчактаган чоң үйүрдү айдап алып, башка багытты көздөй ашуу ашып, суу кечип, “ким көрдү” болмок”, – дегендер да болду.

А бирок антүү, чынымды айтсам оюма да келген эмес менин.

Айтор, “Кызылым – кызыл, агым – ак” болуп, болгондо да эл башына кыйын кезең түшүп турганда жакшылыктын, токчулуктун белгисиндей болуп кирип келишим айылга өзгөчө жаңылык болгон.

Эчактан бери эт көрбөй, ачкачылыктан азып, өп-чап күн көрүп аткан эл чынында эле эт жеп, ак ичип дегендей, оңуй түшкөн.

Мына ошондон улам Бий мага ыраазы болуп:

– Бир айыл элди ачкачылыктан аман алып калдың, уулум! – деп жалгыз кызын тартуу кылып, өзүнчө өргөө тиктирип, мал бөлүп, батасын берген...

 

Албарстынын мөөрү

Жарык жашоого жаралгандан эле атасына жакын өскөн жалгыз кыз үчүн кайын атасы да бөлөк-бөтөн адам эмес эле. Анын ар бир айткан-дегени сабак, акыл-насааты ыйык боло турган. Дээринен куйма кулак кыз ар сөздү ынтаа менен, ыкласын коюп тыңдайт эле.

Дагы бир ирээт Сейдана атасынан албарстынын мөөрүн кантип алып, кандайча куучу болуп калганын сураганы бар. Ата анда да баш тартпай, балдарына куучулуктун сырын мындайча жомоктогон...

 

***

Анда апаң экөөбүз баш кошуп, балалуу болуп калган кез. Бир ирээт жылкылар желеге келбей, кечиккенинен кечке маал издеп чыктым. Бир убакта эле көзүмө тээ алыста кыбыр-сыбыр эткен караандар чалдыккансыйт. Бир туруп эле көрүнө калып, бир туруп эле жок боло калат десең.

“Бу мен эмне болуп атам? Же көзүмө ошондой көрүнүп атабы?” – деп ошол тарапка бастырдым.

А бирок, болжогон жерге жакындаган сайын атым кошкуруп, баскысы келбей эле артты көздөй кетенчиктейт. Мен да болбойм, байкушту башка-көзгө чапкылап.

Шумдугуң кур! Бир убакта анан даана көрдүм баягыларды!

Менин жылкыларымды аксайган-саксайган албарстылар оң-тетири минип алышып, ары бастырып, бери бастырып, тим эле жыргалга батып ойноп атышат! Шаракташат, оңбогурлар! Оюндун кызыгына оголе катуу кирип, берилип алышып, мени ошон үчүн байкабай калышты окшобойбу.

Жерде чайыр куурайдан жасалган бешиктери да бар экен. Балдарын да ошого оң-тетири кылып бөлөп коюшуптур, оңбогурлар. Баарынан да улам эңкейе калып, ошолорду терметип коюшат.

– Ата-а, силерден келгенди көрдүм! – дедим да анан көзгө илээшпей чаап жетип, бешиктин бирин эңип ала койдум! Заматта көздөн кайым болуп кетишти. Бир гана колумдагы бешик, бешиктеги бала-албарстынын энеси калды жанымда!

Саамга буйдалып, эмне кылаарымды ойлоно калдым. Улуу кишилерден угуп жүргөн, албарстылар тууралуу “жомоктор” эсиме түшүп, бешикти такымга бекем кыстым да, айылды көздөй чапкан боюнча кеттим!

Айткандай эле энеси саксактап, артымдан ээрчип алды. Андан да менин атымды билип алыптыр оңбогур:

– Айланайын Сейитбек, баламды бер! Кагылайын Сейитбек, баламды бер?! Эзели алдыңдан каршы чыкпайын?! Сен баскан изди баспайын! Айланып кетейин Сейитбек?! – деп жалынып, өпкө-жүрөгүн чаба турган болсо жанына киши тура алгыс! Аларга да бала ошончолук ысык экенин ошондо бир билдим. Анткен менен мага жакындоого даай албай, бирде жанаша түшүп, бирде озуп, бирде артта калып, бирде оң жагыма чыгып, бирде сол жагыма чыгып, соксоксоп келатат.

Бир убакта анан жакындап, жанаша түштү эле “шап!” эттире чачынан алдым. Тим эле чучуктай чыңырып, тим эле бир ушундай жалынат десең, түгөнгүр! Жанагы: “Албарстыдай жалынган!” – деген сөз ошондон калган экен да, көрсө!

Угуп жүргөнүм боюнча анан, камчы менен менен так төбөгө каршы-терши берип калдым эле, колдон суурулуп, жерге житип кеткендей, көздөн кайым боло түштү. Аттан ыргып түшүп, ал житип кеткен жерди маким менен аркы-терки, каршы-терши тилип жибердим. Бети-башы кан жалап, кайра суурулуп чыга калганда кайра чачтан алып, билегиме чыккыс кылып ороп ала койдум.

– Сураганыңды ал! Каалаганыңды ал, кагылайын Сейитбек?! – деп өпкө-жүрөгүн калбыр кылат.

– Мөөрүңдү бер?! – дедим. Ошондо да кыйылып атып, бир топко алдап, аны айтып, муну айтып атып атат. Мен да болбой, айтканымдан кайтпай койдум. Бир убакта анан айласы куруду окшойт, тилинин алдынан бир тырмактын агындай болгон нерсени алып бере койду.

– Бул мага эмне кызмат кылып берет? – дедим.

– Муну менен баарын жасайсың. Каалагандай кубуласың, – деди.

– Болуптур! Бирок эми көзүмө көрүнчү болбо! – дедим да, бешигин берип, айылды карай чапкан боюнча кеттим.

Баарынан кызыгы, үйгө баягыны алып келээрин алып келип алып, кайда катаарымды билбейм! Акыры ак чүпүрөккө ородум да, чокоюмдун таманына салып туруп кийип алып, түндөсү чокоюмду чечпей жатып алдым.

Бирок, албарсты дегенге айла айла жок экен. Мен уктагандан кийин кайра келип, мөөрүн уурдап кетиптир.

Эртең менен турсам эле, чокоюмдун таманы алжайып ачылып жүрөт. Көрсө, тилип ийиптир!

Ошондон кийин кара баскан аялдардын үстүнө кирип барсам, апсайган түгөнгүр:

– Айланайын, Сейитбек! Айланып кетейин Сейитбек!.. – деп артын карабай качып жок болот. Куучу деген өнөрдү ошентип тутунуп калгам, балам...

 

Кайнатанын батасы

Ошол жылкы жер титирөө кетмен-төбөлүктөрдүн белин дагы бир ирээт майыштырып, кабыргасын кайыштырып койду. Жердин чайпалып келип, бир катуу силкиниши менен канчалаган үйлөр кыйрап, канчалаган мал-жан топурактын астында калды.

Сейдана семетейчин кайын энеси, ыраматылык Айкан апа да айттырбай келген ошол кырсыктын курманы болуп, бир катуу силкинип өтүп кеткен жер титирөө өзү менен кошо алып кете берген экен.

А бирок жетимишке аяк баскан Сейитбек атаны бу саам да Кудай колдоптур.

Анткен менен куландынын астында калып, белинен очорулуп, жылбай калды. Анын үстүнө, байбичесинен тигинтип бир заматта айрылуусу аны ого бетер жерге ныгыра басып койду. Анткен менен кайраттуу, касиеттүү киши эмеспи: “Өлүп калбагандан кийин уул-келинге салмагымды артпасам экен”, – деп эрдин кырча тиштенип, эркин бек тутуп, келини Сейдананын жардамы менен өзүн-өзү дарылап, жыл айланбай сак саламат туруп кетти.

Сейдана атасынын кареги менен тең айланып, айтканын аткарып жүрдү. Күнүгө бир маал тоого чыгып барып, өзөн өрдөп, суу кечип, тикенек-ташка таманын тилдирип, атасы айткан өсүмдүктү, чөптүн тамырын таап келет эле. Ансайын атасы жалынып-жалбарып:

– Алда-а айланайын балам, ай! Карыган атаңды карайм деп, кыйналдың го. Азабымды тарттырбай, андан көрө Айкан менен эле кошо кетке бербей не болдум? – деп кейит кээде, келинин аяп.

– Андай дебеңиз, ата. Кудай жардам берсе, баары жакшы болот, – деп ансайын имерилип, ийилип, дарысын жасайт келин бала.

– Сага өмүр-жашымды бердим, балам! Өмүр-жашымды бердим!

Кайнатасы келме келтиргендей эле улам кайра ушинтип батасын берип калды.

Келиндин эмгеги кайтып, айткандай эле Сейитбек ата кадимкисиндей элге аралашып, туруп кетти. Жетимишке таяп, ак сакалы көкүрөгүнө түшүп турганы менен атасынын баскан-турганы жаш жигиттей ыкчам, шамалга окшоп шамдагай, шайдоот киши эле.

Атүгүл апасынын кара ашынан кийин келини өзү теңдүү Алмакан деген келин менен сүйлөшүп, экинчи “апалуу” да болгон.

Алмакан менен баш кошкондон кийин Сейитбек ата дагы төрт балалуу болуп, бакубат жашап, бүгүнкү Сейдана апанын жашында – сексен жетисинде, жаздын күнү өмүрдөн өттү.

Атасына Кудайындай ишенген Сейдананын:

– Мага атам өмүр-жашын берген, сексен жетиге чыгам! – деп калганы ошол...

 

Токтогул ата

Кадимки Токтогул Сатылган уулун Сейдана беш көкүл бала кезинде, жети жашында көргөн.

Атасы Молдоке өзү ырдабаганы менен комузчулук, ырчылык, кошокчулук өнөрдү өтө аздектеп сыйлаган, андай адамдардын алдынан кыя өтпөгөн адам экен.

Эсинде, бир жолу алардын үйүнө Токтогул деген ырчы келди.

Көктөм болчу. Жерге кызыл-тазыл гүлү бар жашыл килем төшөп койгондой, көйкөлгөн көк шибердин үстүндө өзү теңдүү курбулары менен “упай” ойноп отурган. Аңгыча атасы үйгө мейман алып келди. Бейкам отурган энелери күйпөктөп, конок камын көрүп, кирип-чыгып калышты. Көп өтпөй эле үйдөн кыңгырттап комуз кылы күүлөндү...

– Балдар, чуркагыла! Баарына кабар айткыла: “Молдоке атамдыкыкына Токтогул ырчы келди” дегиле! – деди аңгыча атасы балдарды үй-үйлөрүнө чуркатып. Токтогулдун ким экенин билип койгондой, балдар туш-тушка чымылдашты.

Ошондон көп өтпөй эле алардын үйүнө айылдын эли агылып келе баштады. Үйгө батпай кетишкендиктен, баары кайра бапырап сыртка чыгып отурушкан.

Ырчынын алдына калыңдап төшөк салынып, чыканагына жаздык коюлуп, өздөрү да ага бет маңдай, уй мүйүз тарта тегеректеп, бир ыптага алоолонто кызыл жалынды жагып салып, былк этпей отуруп ыр угушкан. Кемпир-кесектин тизесинде отурган чыт курсактар, беш көкүл кыздар менен энесинин алдында эмчек соргон ымыркайлар уктап, эл түндүн тээ бир оокумунда барып тарашкан.

Сейдана да атасынын алдында улам үргүлөп кетип, “селт” деп кайра ойгонуп, бирде меймандын колундагы кубулжуган керемет комузга суктанса, бирде анын кызыл жалындын жарыгында ого бетер ажарлуу көрүнүп, ээгиндеги сакалын сербеңдетип, көздөрүн бирде жумуп, бирде ачып, маңдайынан тер чыпылдап, а бирок ага да кайыл өңдүү, төгүлүп-чачылып ырдап атканына сонуркап, карап отурган.

 

***

Ошол ырчыга кийин-кийин, бала-чакалуу болуп калган кезинде, бирок өңүндө эмес, түшүндө жолукту Сейдана.

Ийрелеңдеген ичке, узун жолдун бир учунда ат минип, эки жагына эки куржунду теңденип артынып алган ак таңдай акын кудум баягысындай эле ырдап келатыптыр. Сейдананын кадамдары тушалып, бир чети улуу адамга жол бошото ыйбаа кылып, четке чыга берет.

Токтогул так Сейдананын тушуна келгенде ырын токтотуп, атынын тизгинин тартып:

– Сейдана, сен ырчы болосуң! – дейт ишенимдүү.

Кандай жооп айтаарын билбей, уккан кулагына бирде ишенип, бирде ишенбейт Сейдана. Аңгыча акын куржундагы кумдан бир кочуштап ала коюп, эмне дээрин билбей, аңкайып туруп калган келиндин оозун толтуруп, кум салып, андан ары узап кете бербеспи!

– Айланайын, Токо! – деп тээ бир убакта соңунан чуркайт Сейдана. – Мен аял киши болсом, кантип ырдамак элем?! Мунуңду башкага бер, Токо?!..

А бирок кечигип калыптыр. Ал убакта Токтонун карааны алда кайда кетип, бара-бара бир чекитке айланып, жок болуп бараткан...

 

Биринчи кездешүү

Убакыттын учкулдугун кара. Бул окуялардын көбү Сейдана семетейчиге кечээ эле, жанараак эле болуп өткөндөй туюлат. А бирок, ортодо аяк-башы көзгө илээшпеген чейрек кылым жатат...

Экөө баш кошкондон кийин Үркүн бат эле педтехникумга тапшырып, өтүп кетти. Сейдана болсо, аял-эне катары үй-бүлөнүн түйшүгүнөн чыга албай, окуу жөнүндөгү таттуу кыялдарынан кол жууп, отуруп калды.

 

***

1958-жылдын майы эле.

Мотурайган-мотурайган, анан калса баладан башкача көзгө сүйкүм, бешенелеринен жылдызы жанган төрт бөбөк – Арзыбек, Дөөлөтбек, Мырзабек, Таласбек бири-бирин кубалап, бири-бирин эркелетип, бир ыйласа экинчиси бооруна кысып сооротуп, өздөрү менен өздөрү болуп ойноп атышкан.

Энеси үчүн балдарынын кылык-жоругундай, күлкүсүндөй бакыт, ошолордун жытындай жыргал жок, ар бир аткан таңды бактылуу тосуп алып, Үркүн иштен келгиче тиричилиги менен алектенип, кечинде күлүп-жайнап тосуп алчу.

Ал кезде жыгач отун, таш көмүр деген элге жете элек кез. Жайкысын саман, куурай менен нан жаап, чай кайнатыша турган. Кышкысын жайлата камдап алган тезек, көң менен чыгышчу.

Ошондой күндөрдүн биринде болуп көрбөгөндөй укмуштуу окуяга кабылды Сейдана.

 

***

Оюнда эч нерсе жок, күндөгүдөй эле казанга нан жапты. Андан соң оттун табы кайта электе чай кайнатып алайын деп, кызыл чокко чөөгүнүн койду. Ой-санаасында балдарына ысык нан менен чай бере коюш. Андан ары да жасай турган түйшүк көп...

Көп өтпөй эле чөөгүндөгү суу шарактап кайнай баштады. Балдары ак астарконду тегеректеп, апасын күтүп отуруп калышкан. Бирок, Сейдана жаңы эле эңкейип, чөөгүнгө колун сунган кезде, бет маңдайынан башкача бир:

– Сейдана?! – деген бейтааныш үн “заңк!” эте түштү.

Сейдана “селт” этип кетти. Мындай – жаңырыкка окшогон... жок, андан да башкача, кандайдыр жагымдуу да добушту ал эч качан, эч кайдан уккан эмес болчу. Анын үстүн бу тегеректе эми эле эч ким жок эле.

Чөөгүнгө сунган колун кайра тартып ала коюп, башын көтөрө койгон келин анан нес болду! Көргөн көзүнө бирде ишенсе, бирде ишенбей, бет алдындагыларды аңкайып караган боюнча катты да, калды.

Кайдан-жайдан келгендери белгисиз, эшиктин алды кылкылдап, жоокерлергеге батпай кетиптир! Баары бирдей зоот атчан, баарынын колдорунда асман сайган найзалар, көкүрөктөрүндө – калкан! Аттардын таноолорунан түтүн бүркүп, туяктары жер чапчыйт!

“Булар кимдер?! Кайдан келе калышты?! Эмне болуп кетти, Жараткан?!” – оюна ушул келди. Ой-санаанын ылдамдыгын кара. Заматта эсине илгери-илгери деп айтылган уламыштар “кылт” этти. Ошондогу капысынан каптап келип, бейкам жаткан элди чапкан жоону ойлоду. Шамшыкал жөнүндөгү уламыш да көңүлдөн сырт калган жок. Атүгүл баягы-баягы, түшүндө тоонун бир учунан бир учуна ат менен секирик жасап бараткан жалгыз жоокер да көз алдына тартыла калды. Көз ирмемчелик эле убакттын ичинде ушун баары элестелип өттү.

Сейдананын жүрөгү кабынан ыргып кетчүдөй, болкулдай баштады.

– Сейдана! – деди анын коркуп кеткенин биле койгондой, бет маңдайындагы ак сакалы жайкалып төшүн жапкан, башкача бир көркөм, оймо-чиймелүү бийик калпак кийип, көгүш тулпар минген карыя жумшак унчугуп:

– Биз Бээжинге баратабыз. Мына бул турган – Алтын сакал ай кожо, күмүш сакал күн кожо деген элчи болот...

Карыя жанындагы сакалынан агыш нур тамчылыган кишини камчысы менен жандай көрсөттү да:

– Намаз окуй турган маал болуп калды. Биз үйүңө кирип, намаз окуп алалы. Айтмакчы, сен мындан кийин бизди айта турган болосуң. Сага ошондой ишеним бердик.

– ?!..

– А тигил болсо, – деп камчысынын учу менен дагы ары жакты жаңсай көрсөттү, – Манас баатыр – биздин шерибиз. Жакшылап карап ал!

“Жакшылап карап ал!” – дегенди кандайдыр басым менен айтты карыя.

“Манас” дегенди укканда, бул ысым бала кезинен тааныш болгон үчүнбү, эмнегедир “жалт” бир карап алды да, карек оту бирок баатырга жетип-жетпей, коркконунан бир катуу кыйкырып ийип, колу менен башы-көзүн калкалап, отура калды Сейдана.

Андан ары эмне болгонун билбейт.

Эси ооп жыгылган болчу ал. Канча убак жатканын ким билсин, бир кезде уйкудан ойгонгондой чочуп тура калса, Үркүн али иштен келе элек, балдары чурулдап ыйлап, оттогу чайы кайнай берип, эчак соолуп калыптыр.

Баарынан да таң калганы, эшиктин алды кудум соко менен айдап кеткендей, топурактар омкорулуп, тулпарлардын туягынан калган издер жатат...

 

Бир өксүк

Сөзүнүн ушул жерине келгенде семетейчи Сейдана апа көкүрөгүн солкулдата терең улутунуп алды да:

– Мен ошонума али күнчө өкүнөм, – деди, – Ка-ап дечи, чыны менен эле катындык кылып, коркуп койгон экенмин, балдарым. Болбосо, Манас баатырды тике бир карап алганымда эмне?! Анда мен “Манастын” өзүн айтмак экемин...

“Манасты көрдүм”, – деген манасчыларды мен көп уктум. Бирок, Саякбайдан башкаларынын бирине да ишене албайм. Манас-атаны көрүү шыбагасы ошол гана кишиге буюрган. Калгандарынын көргөнү Манас эмес, башка баатырлар чыгаар. Анткени Манас-атаны көргөн адам – адамдан башкача болмок. Аны көрүш үчүн баатыр жүрөк керек...

 

***

Эне оңдонуп отуруп, Манас-атанын кебете-келбетин жөн сөз менен айтып жеткире албачудай, баягы көргөнүн элестетип жаткан окшоп көздөрүн жума, эки ийнин алмак-салмак күүшөп, бир туруп кудум кирген буурадай буркулдап, Манасты сүрөттөп, айтып берип атты:

– Көзү – көлдүн буткулдай!
    Көрүнгөндү жуткудай!
    Мурду – тоонун сеңирдей,
    Муруту – көлдүн камыштай,
    Ким көрүнсө жегидей!

Алдын сала бергенде,
    Алты миң эрдин сүрү бар.
    Артына сала бергенде,
    Ажыдаардын түрү бар!

Кара чаар кабылан
    Капталынан камынат!
    Чолок көк жал арстан,
    Жандай салып чамынат!..

Баарынан да тоодой болгон Ак куланын кулагынан шам күйүп турат экен!

Ошо бир “жалт” карап алганымда көргөнүм ушулар болду. Баарынан да көзүмө биринчи эле баатырдын сол ыптасындагы көк жал арстаны урунду! Тим эле мени теше тиктеп, ушу азыр тытып жечүдөй октолуп турган экен.

Андан аркысын билбейм...

Эсиме келип, жанталашып тура калдым да, кайра от жагып чай кайнаттым.

Баягы аялдык түйшүк, аялдык көртирлик уланып кетти анан.

Бирок ошондон кийин түшүмдөгү ак сакалы жайкалган карыянын:

“Мен – Бакаймын. Сен эми бизди айта турган болосуң. Биз сага ишеним бердик!” – деген мээрман добушу көпкө чейин унутулбай, кулагымда улам кайра жаңырыктап, улам кайра эсиме түшүп туруп алчу болгон.

Бул – менин баатырларым менен биринчи кездешүүм экен...

 

Азап...

Сейдана апа чарчадыбы, же тек гана андан аркы айта тургандарын сары эсепке салып, көкүрөк-көңүлүндө тизмектеп аттыбы, саамга унчукпай, тунжурап отуруп, анан-анан аңгемесин улады...

 

***

Ооба, эгерде кандайдыр улуу иштер үчүн Кудай-Таала өзү, же ата-бабалар, а балким эл ишенип, мойнуңа жоопкерчиликти артып койсо, сен аны актоого тийишсиң! Андайда сени башка эч ким, эч нерсе, эч бир кызыкчылык алагды кылбаш керек. Азыткы ойлордон, азгырык жолдордон коргонуп, бардык тоскоолдуктарга, агымга каршы бой урушуң абзел! Болбосо, айыбың үчүн Алла-Тааланын каарына каласың!..

Муну кийин, Жараткандын жан чыдагыс жазасынан соң түшүнүп отурбаймынбы, арман!

 

***

Ошол, баатырлары келип-кеткенден кийин Сейдана бир топко чейин уйку-соонун ортосунда жүргөндөй, кызыктай бир акыбалда жүрдү. Басып-турган сайын баягы дүпүрөгөн туяктардын дабышы, “Сен эми бизди айта баштайсың!” – деген Бакай-атанын кулак кагышы улам сайын так ошондогудай кулагынан кирип, тулку боюнда дүңгүрөп... жерге батпай кылкылдаган сан жоокер менен бешенелеринен алтын нур тамган ак кементай карыялардын элеси эрчип алды аны. Баарынан да Манас-бабанын көздөрүнөн чаар чачыраган арстаны менен көк жал жолборсун көргөн сайын көзүн жуумп, кулагын баса калып отура калат.

– Бир жериң ооруп турабы, балам? – деди бир күнү ошону байкай калган Сейитбек ата.

– Жок, ата. Жакшы эле... – деп кымырылып-кысылып, ыйбаа кылат андайда. Болбосо: “Көзүмө баатырлар көрүнүп атат”, – деп кантип айтат?

Жаңы замандын андай “эскиликке” мамилеси каат эле. “Караңгылыктын” белгиси катары кабылданып калган андайлар. Анын үстүнө, элди жаңыча жашоого үндөп, сабатсыздыгын жоюп, кат тааныткан мугалимдин үйүндө мындай нерсенин болушу акылга сыйбагандык болмок.

Колдон келишинче баатырларынан качып калды анан. Качан кулагы дүңгүрөп, баягы тааныш туюм келатканда ордунан ыргып тура калып элге аралашып, аянды кабыл албоого аракет кыла баштачу. “Бара-бара көңүлдөрү калып, баатырлар башка бирөөлөргө ооп кетээр”, – деди оюнда.

Бирок андай болгон жок, ансайын артынан сая түшүп алышты. Түшүнөн чочуп, бакырып тура калчу болду эми. Басып бараткан жеринде эле бакырып ийип, башы-көзүн калкалап отура калмайы көбөйдү.

Ошентип жүрүп, ооруп да калды. Дээринен тирикарак жаны баягыдай тикилдеп иш кыла албай, дендароо болуп эле, эси ооп отуруп калмай адат тапты.

– Эмне эле болуп атасың, Сейде? – деди бир күнү мектептен келген күйөөсү.

– Билбейм. Эмне болуп атканымды өзүм да билбейм! Каяктагы бир кыйноо, азапка кабылдым!.. – деп буркурап ыйлап жиберди. Өмүрлүк жолдошуна бар сырын төкпөй-чачпай айтып берди анан.

– Ошол элеби? – деди күйөөсү анын көңүлүн көтөргүсү келгендей. – Анда “оорунун” дабасы оңой эле турбайбы. Жыт чыгарып, ата-бабаларга багыштап куран окуталы.

Ошентишти. Айткандай эле, ошондон кийин Сейданага арбактар саал жумшаргандай, жоошугандай сезилди. Уйкусу тынчып, баштагыдай кабагы ачылып, жаркылдап-жайнап, оңоло түшкөнсүдү.

А бирок, апта айланбай эле баягынын баары кайра башталды.

– Сейдана, сен бизди айтасың! Айтасың!.. – деген жаңырык аркасынан эрчип алды эми.

– Айтпайм! Айта албайм! – деди ансайын Сейдана да көгөрүп. – Кантип айтам?! Өзүм аял киши болсом, бала-чакалуу болсом... анан калса эзели айтып көрбөсөм, эки ооз жатка билбесем, кантип айтам?!

– Нитеиңди эле койсоң, калганы биздин болот, Сейдана! – деди баягы Бакай-атанын үнү.

– Кайын-журтумдун бетин кантип карайм?!

– Сен күнөө кылып аттың беле?!

– Күнөө эмей эмне, аял кишинин ырдап жүргөнүн ата-бабамда уккан да, көргөн да эмесмин! Эл шылдың кылбайбы! Андай азапка мен чыдай албайм!

– Ойлон, кызым! Антпесең, чыныгы азапка кабылышың мүмкүн!

– Андан да кыйын чыныгы азап бар бекен?

Бакай-ата: “Оозуңдан жаңылдың!” – деп нааразы болгондой, күңгүрөнгөндү. Анын күңгүрөнүшү – кудум күндүн күркүрөгүнө окшош эле.

 

Семетей менен кезигүү

Күндөгүдөй эле күйпүл-ала болуп, күнүмдүк тирлик менен алышып, анткен менен оозуна кайдан-жайдан келип аткан уйкаш саптарды биринин артынан бирин айтып, обонго салып кыңылдап ырдап отурган.

Анда-санда токтоло калып: “Капырай, жаттап алгансып, буларды каяктан алып ырдап атам?” – деп таң калгансып коёт.

Эсинде, эч нерседен кабары жок, беш көкүл кыз кезинде аны атасы: “Куйма кулак кызым”, – деп койчу. Анткени укканын – уккандай жаттап калып, канча убактардан кийин болсо да кайра айтып берчү. Атүгүл, баягы Токтогул ырчынын да айрым саптарын жаттап калып, ата-энелерине ырдап берсе, ушундай бир сүйүнүп да, таң калып да, айтып түгөтө албай атышпады беле.

– Көргөнүңөрдү көрмөксөн, укканыңарды укмаксан эле болуп койсоңор. Көз тийбесин, сербейиме, – деп Сонунбү апасы кызынын мойнуна тумар тагып көздөн, сөздөн корголуп калчу андайда.

Бой жеткен кезде да кыз-кыркын, келин-кесектердин арасында жамактап төгүп жиберип, бирок анда деле муну ар бир эле адамдын колунан келе турган нерседей ойлочу.

– Капырай, анын эмнеси бар? Оозуңду ачсаң сенден деле ыр чыгат, – дечү таң калып, шыпшынган кыз-келиндерге.

Эсинде, келин болуп келгенине үч-төрт эле күн болгон. Кайненесинин жанында, очоктун боюнда отуруп, кудум азыркыдай кыңылдап, ырдап калыптыр. Жаш да, аны өзү деле байкабай, этибар албай калса керек.

Кайнене деле:

– Кой, балам, кайнатаң угат, антпе, – деп тыйып койбойбу десең.

Айткандай эле Сейитбек ата адегенде келининин кыңылдап ырдап отурганын эшитип: “Бу бала кайсы ырды ырдап атты экен?” – деп чындап эле кызыгып калат. Бирок ырдын обону, кайрыктары эч бир ырга окшобойт. Байкаса өзү жамактап, өз обонуна салып, төгүп жаткандай.

Балким, сөздөрүн так укпаганы менен, Сейитбек атага келин баласынын авазы жаккандыр, жетине албай кубанып:

– Ушу, менин келинимден бирдеме чыгат. Бу келиним жөн келин эмес! – деп көрүнгөнгө мактанып, көпкө чейин барпалаңдап жүргөн дейт.

Сейдана азыр да көкүрөгүнөн өзүнөн-өзү төгүлүп аткан аваздуу ырга алаксып, баятан бери байкоо салып турган баатырларды байкаган жок. Тээ бир топто гана топ атчандын караанын туя коюп: “Баягылар дагы келген экен”, – деп, коркконунан башын өйдө кыла албай, муун-жүүнү калчылдап, көздөрүн жумуп ийип, отуруп калды.

Алар да унчукпай, ың-жыңы жок жымжырттык кылымга тете болуп, созулуп кеткендей болду. Сейдана ушу убакта балдарынын “апалап” чуркап келишин, же дагы ары-бери өткөндүн капыл-тапыл кирип келип, аны ушул жолугушуудан арачалап калышын каалап атты. А бирок андай болгон жок...

Тээ бир убакта көзүн ачып, башын жерден албаган тейден, кирпиктеринин арасынан карады Сейдана. Адегенде эле баягыларды көрдү: Аттардын алтын така туяктары!.. Жүрөгү опкоолжуду.

Кандайдыр бир күч эми аны ээгинен акырын, жумшак көтөрүп, атчандардын алдында турган баатырга каратты...

Сейдана эс-мас боло түштү. Ал өмүрүндө мындай сулуу жанды көрө элек болчу! Көздөрү күлмүңдөгөн ушунчалык мээримдүү, жакшынакай жоокер адам аны жадырай тиктеп, күлө багып туруптур.

Аппак жүзү тамылжып, айлана-тегерегине андан агыш нур таралып, добушу да башкача уккулуктуу, эркелеткендей жагымдуу экен:

– Сейдана, Семетей-баатыр деген мен болом, – деди ал. Үнү ушунчалык жагымдуу болгондуктан, азыр эле абдаарып турган Сейдананын тулку-боюндагы коркуу сезимин жууп-чайып кеткендей болду.

Баатырдан көзүн тартып ала албай, кадала карап калганын өзү да анан байкай калып, уялгандан эки бети ысып-күйүп, жер карап кетти...

 

Жазалоо...

Баатырлардан баягыдай качпай калды. Тескерисинче, Семетей менен кездешүү ага ушунчалык жагымдуу эле. Анын күлө багып жагымдуу, жайдары карашынан, эң эле бир уккулуктуу добушунан кандайдыр кубат, дем алчу. Ар бир жолу ага жолуккан сайын көңүлү өсүп, маанайы жаркып калар эле. Бирок, ошондо да айтуучулук өнөрдү мойнуна алгысы келбей жүрдү. Анткени анын бүт акыл-сезиминде баягы эле: “Өзүм аял болсом, кантип айтам?!..” – деген куру намыс орноп калган.

Баарынан да күйөөсүнө кыйын болду. Анын көз алдында бир кездеги шаңкылдап, шартылдаган жубайынын кулк-мүнөзү болуп көрбөгөндөй өзгөрүп, чүнчүп баратты. Кээ бир кездерде түнү менен чабалактап, баатырлардын атын айтып сүйлөнүп, ким бирөө менен кармашып аткандай, кара терге түшүп чабалактап, ботодой боздоп ыйлаганы канча? Кээде уктап атып эле түшүнүксүз бирдемелерди дөөрүп, ырдап аткансыйт. Айрым кездерде катуу кыйкырып, элеңдеп тура чуркап, күйөөсүнүн да колунан суурулуп, кайдадыр качып, элирет.

– Сейде, бул – мен! Менмин, Сейдана! – күйөөсүнүн ушул үнүн эшиткенде гана тынчып:

– Өх-х, сенсиңби?! – деп шалдайып отуруп калат.

– Эмне, дагы түш көрдүңбү?

– Алар мени жалама асканын башына алып чыгып: “Бизди айтасыңбы же ушул жардан ыргыталыбы?” – деп, анан асканын кылда учуна, чарык ичке жипке асып, салаңдатып коюшту...

 

***

Дагы бир сапар Сейдана кудум сууга чөгүп, тумчугуп аткандай далбас уруп, ушунчалык кыйналып жатты. Анда да Үркүн чочутуп албайын дегендей акырын-аста үн катып:

– Сейде? Сейдеш? – деди.

Бул үндү Сейдеш түшүндө укту. Үн чыккан жакка далбастап, күргүштөгөн сууга бирде чумкуп, бирде “култ” деп чыга калып, какап-чакап агып баратып, жээкте суунун агымы ылдый, өзүнө далбастап колун сунуп чуркап келаткан күйөөсүн көрөт.

– Сейдана, Сейде?! – дейт ал.

“Атымды эле айтат, андан көрө тартып алсачы?” – дейт агып баратып. Айткандай эле Үркүндүн тааныш колу колуна урунганда, суудан суурулуп жээкке чыга калгансыйт. Ойгонсо күйөөсү колунан кармап, ойготуп атыптыр.

– Мен... эмне болдум? – дейт Сейдана.

– Баары жайында. Болгону эле түш көрдүң, – деди күйөөсү.

– Өх-х! Ушундай да кыйноо бар экен, ээ?!..

 

***

Мындан да кыйын сыноого чыдады Сейдана. Түшүндө аны кимдир бирөөлөр жалбырттап күйүп жаткан отко алып келип салышты. Денеси чычаладай чыркырап, чучуктай чыңырып атып ойгонду анда да...

– Эч нерсе эмес, жакшы болуп кетесиң. Чарчагандыкы... – деди анда да күйөөсү жубатып. – Көрөсүң го, баары жакшы болот. Туруп эле доктурга барабыз, дарыланасың. Баары унутулат.

 

“Төрт шериңди алабыз...”

Бир күнү уйку-соонун ортосунда кайдан-жайдан сырдуу, сүрдүү үн угулду:

– Сейдана! Бизди качан айтасың?!

“Баатырлар... – деди туюмунда Сейдана. – Дагы келишкен экен!..”

– Айта албайм! – деди анан.

– Анда сени алдыда аябагандай кыйын жазалар күтүп атат!

– Бардык жазаңарга макулмун, бир гана “айт” дегениңерди укпасам болду.

– Төрт шериңди алабыз?..

– ?..

Ошону менен жым-жым болушту. Ойгонуп кетип: “Төрт шери” ким?” – деди оюнда. “Манас, Семетей... – деп санаган болду, – дагы ким? Алмамбет... Кызык. Э, алса алсынчы!” – деди оюнда башка эч нерсе жок.

 

***

Ошондон көп өтпөй, кол-арага жарап калган тун уулу жакшынакай чуркап баратып эле чалкасынан жыгылып, эс-учуна келе албай жатты.

– Кагылайын, кагылайын?! – деп карбаластап, ким-кимди жардамга чакырып, чыркырап атты эне. Төрөлгөндө эле чоң төрөлгөн эркек бала энекесинин колунда салкайып, жардам сурагандай каректери жалдырап жатып, бир-эки жолу денеси “дирт-дирт” этип алды да, сулк жатып калды!

 

Ботосун бооруна кысып, боздогон эне ошондо да эч нерсени туйган эмес...

– Катуу жыгылгандан, кан тамырларынын бири үзүлүп кеткен, – дешти доктурлар.

– Жок, өзү баладан башкача эле, буга көз эле тийди, – деди кемпир-кесектер.

 

Ошентип, Сейдананын төрт шери бир заматта бирге кемип, сербейип үчөө калды. Уулунун күйүтүнөн өзөгү өрттөнүп, далайга чейин өзүнө келе албай жүрдү эне.

Баатырлары да көрүнбөй, келбей калышты. Көрсө: “Кантээр экен, эми эсине кеээр бекен?” – дешкендир да...

– Өлгөндүн артынан өлгөн эч ким жок! Калган үч балаң эмне, көзүңө көрүнбөй атабы? Ошолордун амандыгын тиле! – деген кары-картаңдардын кайратынан улам да: “Ооба, Кудайым ушулардын өмүрүн берсин”, – деп белин бууп, жанды жеген айрылуу азабынан жаңы эле бошонуп келатканда... Экинчи, үчүнчү, төртүнчү балдары бирин-бири издеп, бу жарык жашоону эртелеп таштап, биринин артынан бири “учуп” кетип атышты!

Аттиң десеңчи, арман! Сейдана ошондо гана “Төрт шери” – төрт уулу экенин түшүнүп атпайбы! Ошондо анан жер сабап, башын муштагылап атпайбы!

 

“Жинди” Сейдана

Күйүттөн эси-учун жоготуп жүргөн эне баатырларды деле эстейт беле, эстебейт беле, тескери карап ыйлап отурса, Бакай-ата экөөнүн маеги кулагына жаңырыктай түшүп атпайбы:

“Сейдана, сен бизди айтасың!..”

“Айта албайм! Кантип айтам?! Өзүм аял киши болсом, бала-чакалуу болсом... анан калса эзели айтып көрбөсөм, эки ооз жатка билбесем, кантип айтам?!”

“Ниетиңди эле койсоң, калганы биздин болот, Сейдана!”

“Кайын-журтумдун бетин кантип карайм?!”

“Сен күнөө кылып аттың беле?!”

“Күнөө эмей эмне, аял кишинин ырдап жүргөнүн ата-бабамда уккан да, көргөн да эмесмин! Эл шылдың кылбайбы! Андай азапка мен чыдай албайм, ата!”

“Ал – азап эмес! Айтпасаң, андан да кыйын азаптарга кабыласың!”

“Мага андан өткөн азап жок!..”

Ушул тапта, Бакай ата ага нааразы болгондой, күңгүрөнүп жиберген..!

Анысы көрсө: “Ка-ап, балам, оозуңдан жаңылдың!” – дегени экен да!

Кан жутуп отуруп ушинтип ойлоду Сейдана. Уккандарын кайталап, кайра да бир угуп көрдү. Баатырлардын кимиси экенин ажыратып биле албайт. Кайра да жаңырыктай баягы үн:

“Сейдана! Бизди качан айтасың?!”

“Айта албайм!”

“Анда сени аябагандай кыйын жазалар күтүп атат!”

“Бардык жазаңарга макулмун, бир гана “айт” деп мени азапка салбагыла!”

“Анда, төрт шериңди алабыз!”

– Жо-ок, жок, жок! – деп бакырып ийди эми эне! – Айланайындар! Албагыла! Албагыла төрт шеримди?! Айтканыңарды кылайын, болгону эле балдарыма тийбегиле?! Тийбегиле-е?!..

Күйүттөн өрттөнүп, күйүп чыккан боорун тытмалап, эки бетин апчып, жер сүзүп жыгылган Сейдананы катын-калачтар кармап, бетине суу чачып, эсине келтире албай: “Күйүттөн дөөрүп атат”, – деп атышты.

– “Айтуудан” башка азап жок, бар жазаңарга макулмун дебедиң беле, Сейдана? – деди эми аялдын мээримдүү үнү. – Болоору болду, кайрат кыл эми?

– Сен кимсиң?! – “селт” этти Сейдана.

– Каныкей-Энемин, кызым.

– Каныкей?.. Эне?!.. Эне болсоң эмнеге мени бул азаптан арачалаган жоксуң?! Эмнеге мени аяган жоксуң?! Айтчы, кантем мен эми?! Жер бетинде кантип басып жүрөм?! Андан көрө мени албайт белеңер?! Балдарымда эмне күнөөсү бар эле, кокуй?! Бул жашоого жаңы эле келген, бейкүнөө наристелер эмес беле?!.. Айланып гана кетейиндерим, ай! Бергиле, бергиле дейм балдарымды?! Бакай-ата, Семетей?! Каныкей эне?! Мен айтам! Мен баарына макулмун! Бергиле балдарымды?!..

– Беребиз! – ишенимдүү үн катты эми Каныкей-Эне, – Беребиз, Сейдана. Анүчүн бир аз убактыт керек. Болгону өзүңдү кармап, кайратыңды жый!..

– Манастан корксоң, бизди айт, – кайдан-жайдан Каныкейден алда канча жаш, адамды эстен тандырган сулуу айым пайда боло калды.

“Айчүрөк тура”, – деди иичнде Сейдана. Ал антип ойлогучакты ак куу кебитн кийинген Айчүрөк абага сиңип кеткендей, көздөн кайым болуп кетти.

Ошондон кийин Каныкей да көпкө турбай, Сейдананын саамайынан сылап, эркелеткен болуп, суйкая басып кайтып баратты. Улам арылаган сайын: “Мени карап тур”, – дегендей артына жылмайыңкы кылчайып коюп, узап барат.

 

***

Каныкей-Эне мелмилдеген ээндикке сиңип бараткандай туюлду адегенде.

Бир убакта анан башындагы элечегин чечип, эңкейип жерге койду эле, олоң чачы согончогу ылдый суналып жатып калды. Эки колун көк желкеге алып келип, чубалган кара чачты как төбөгө түйүп таштап, эр-жигитке айланып, жоо жарагын байланып, бир колуна тайтору атты жетелеп, кайдадыр беттенип калды...

Андан ары Сейдана Букар деген жерди көрдү, кылкылдаган калың журт, элди көрдү... Аламан байге сайылган ат чабыш болуп жаткансыйт. Кадимки Каныкей-эне ат чабышка тайторусун чапкансыйт... Келинине бата берип чыркырап, Чыйырдынын көз жашы көл-талаа болуп аккансыйт...

Өгүнү өзү уккандай, дүбүртү жер титиреткен туяктардан уюлгуган чаң кара жер менен көк асмандын ортосунда уюлгуйт...

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Исабаева Ж., 2009. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 4130