Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз / Даректүү жана өмүр баянды чагылдырган адабият
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 2-июну
Тагдыр жана сыйкыр
(даректүү повесть)
Бул китепте дубакөй Алмаш Бекованын балалык чагы жана башынан өткөн окуялары өзүнүн айтып бергендеринин негизинде көркөмдөлүп баяндалды жана башкы каармандын тегерегиндеги айрым адамдардын аты-жөнү өзгөртүлүп берилди.
Аппак машинечен айым борбордук аянтка жеткенде ылдамдыкты азайтып, айланага муңайым карап өттү. Аянттын тегереги али башаламан! Ар кай-ар кай жерде адамдар кечээкиден калган таштандыларды тазалап, жыйнап жүрүшөт...
Жандүйнөсү жанчылып, жүрөгү мыкчыла түштү.
«Бу жалган жашоого убактылуу келгенин деги адамдар качан түшүнөт?!.. Дүйнөгө түркүк болчудай же байлык менен бийликти өзү менен кошо ала кетчүдөй бул өмүрдү, тирүүлүктү мынча эмнеге кордошот?!..” – бул анын тээ качантан берки, жообу табыла элек суроосу эле. Бир чети ага жооп деле издегиси келчү эмес. Тескерисинче улам акыл токтотуп, улам эс кирип, дүйнө таанып, ак-караны таразалай баштаган кезден тартып, ушул ойду ойлоонун өзүнөн каччу болгон. Анткени, улам бир суроо-жооптун артынан улам кийинкилери суурулуп чыгып, жандүйнөсү быкпырдай кайнаган башаламандыкка толуп кетчү. “Койдумчу! – дечү анан өзүн ошол ойлордон жула качып, – Жер каймактагандан жашоо ушундай эмеспи! Анын сырын мен эмес, менменсиген акылмандар, аалымдар чече албай келатпайбы!..”
А бирок, анда деле адамдардын бири-бирине болгон көрө албастыгы, карасанатайлыгы, ушак-айыңы кужулдап, кулагына туш-туштан угула берет! Ансайын жаны кыйналып, ичинен түтөйт. Жакшы кабар, жаңылык алса жаш баладай кубанат. Анан да өзүнө жакпаган бир кызыктай адаты: кандайдыр бир маанилүү маалымат келген кезде, ал өз эркине өзү ээ боло албай калмайы бар. Белгисиз бир күч дегдеңдетип жетелейт да, ошол боло турган опурталдуу окуяны: “Адамдарга айт!” – деп алып жөнөйт. Ал үчүн бул дүнүйөнүн барып турган тозогу ошол! Ааламдан алган маалымат боюнча анан тааныган же тааныбаган эле ким бирөөлөрдү издеп чыгат. Ар кайсы эшикти сагалап, атүгүл канчасынан жаман-жакшы кеп укту?!
Бир ирээт аяны аны шашылыш, таңга жуук ойготту. Алган маалыматы боюнча эртең жумурай журтка белгилүү, кайсы бир укук коргоо кызматкерин Бишкектин ички жолдорунун биринде кырсык күтүп жатыптыр! Аны атайын даярдалган бирөөлөр автокырсыкка учуратат имиш!
– Ким ал?! Аты-жөнү ким?! Мен анын дарегин, иштеген жерин билбесем кайдан табам?! – өзүнүн акыл-туюму аркылуу келген буйрукка адегенде ушинтип каяша айтты ал.
– Табасың! Табышың керек! – деди көкүрөгүндөгү үн. Атүгүл анын аты-жөнүн, дагы ким бирөөнүн фамилиясын атаганда:
– Анысы ким?! – деди Алмаш мойнунан байлагандай жоошуй.
– Жардамчысы! Сен ошого жолугасың! – ушинтти, туюмундагы үн. Ошондон туруп алып, шаарга кыймыл киргенден көз байлангыча ошол эки фамилияны издеп, барбаган жери, баш бакпаган эшиги калган жок! Канча ирээт артына кайтып кеткиси келди. Бирок бирөө-жарым кадамын бура бастырбай, кудум кежигесинен түрткүлөп турган сыяктуу эле. Акыры алиги адамдын өзүн эмес, айткандай эле жардамчысын тапты! Таң саардан анын үйүнөн чыккан жол түшкө жакын мамлекеттик желек илинген имараттын алдына келип токтоду. А бирок анын ичине кириш тозок болду. Айласы куруганда эшиктин алдында туруп алып, кирип-чыккандын баарынан эле: “Баланчаев дегендерди билесизби? Өтө шашылыш, маанилүү маалыматым бар. Көрсөңүз айтып коюңузчу?!” – дей берди. Эшик тоскон кайтаруучулардан суранып, кайра-кайра ичкери телефон чалды. Кудай жалгап, бирөө-жарым айткан окшойт, бир убакта анан жардамчы чыгып келди да:
– Сиз кимсиз?! Сизге эмне керек?! – деди аялды таң калгандай, бутунан төбөсүнө чейин сыдыра карап.
– Сиз ушундай адамды тааныйсызбы? – деди Алмаш таңга маал уккан фамилияны айтып.
– А эмне болду?! – тигил кайра сурады.
– Таанысаңыз, анда бул өтө шашылыш маалымат! Аны алдыда кырсык күтүп жатат. Айтып коюңузчу, этият болсун! – Алмаш жаналакетке түшүп, кырсык болчу жерди убакыт-саатынан бери айтып, бирок тигинин ынанбай жатканын билип айласы түгөнөт. Айткандай эле алиги адам аны мыскылдай мыйыгынан күлүп, шылдыңдагансып басып кетет да, так ошол күнү, так ошол убакта анан, так ошол Алмаш алдын ала айткан кырсык болуп, кыргыздын бир чыгаан уулу белгисиз бирөөлөрдүн колунан жаракат алат! Алмаштын өкүнгөнүн сураба! Анча болду ошол замат эле үзүлүп кетпей, канча убакытка чейин жарым жан кыйналып жатпадыбы, арман! Ал ансайын өзүн күнөөлүү сезип, Алмаштын да чымындай жаны чыркырап, жанчылып жүргөн!
Кудум ошондогудай болуп, атылган октун жаңырыгы аны оюнан ойготту. «Селт!» этип чочуп кетти! Бирок, Кудайга шүгүр, айлана-тегерек тынч, адамдар бейкам. Эми элеки элестөөдөн уламбы, тек гана кулагына угулуптур... “Ылайым эле ошондой болсо экен!.. бул өткөндүн гана жаңырыгы болсо экен! Теңирим элге ыйман, ынсап, ынтымак берсе экен!..” – деп жанталашып жиберди. Чакчалекей түшкөн ой-санаалардан арылгысы келип, радиону бурады. А бирок Алмаштын антип тайсалдай түшкөнүн билген сымак, аны бул сезим, бул туюмдан качыргысы келбегендей, баягы бала кезден кулагына жатталып бүткөн тааныш үндөр кайра дагы угулду:
– Сенин жалакайланууга акың жок, Алмаш! – деди өз дилинен угулган ошол үн, – Көзүң көрүп, көкүрөгүң туйганды башкаларга айтышың керек! Бул жашоодо сенин аткара турган парзың ошо! – ушинтип башталган үн улам жаңырыктап, сезим-туюмунда, көөдөнүндө дагы көп нерселер көк иримдей улам кайра имериле эс-акылын алып, бирок бул абалдан арылам деп өзүн ар кандай амалга салып ала качканы менен, сырдуу күч бура бастырбай, жолун тороп алды!
– Айтпайм! – деди аял да кайдан-жайдан агылып келип жаткан толгон-токой маалыматтарды эсине туткусу келбей. Акыл-сезимине баш ийбей, тээ бала чагынан келе берчү сыйкырдуу сырга акыркы убактарда ушинтип каяша айтчу болгон ал. Эми да ошентти:
– Айткан менен не пайда?! Адамдар азыр мени эмес, Теңирдин өзүн укпай, ким-кимисинин көзүн май басып калган. Канча ирет өзүң берген аманатты айтам деп, канчалардын келекеси, күлкүсүнө айландым?! Менин тегерегимде менин Кудайдан алган кудуретимди өз кызыкчылыктарына пайдаланам дегендер, анан да менин тапкан-ташыганыма айланчыктап, кызыккандар толуп кетти. А бирок көрсөтүп берген оң жолду көпчүлүгүнүн баскысы жок! Анткени ишенишпейт!
– Балким, өзүң да кандайдыр... жаңылып жаткандырсың?..
– Жаңылып?! Кимге болбосун үзүлүп түшүп, жакшылык гана жасаган жазыгымбы?!
– ?!...
– Кай бирине денсоолук, кай бирине бала, кай бирине дөөлөт, кызмат тилеп бердим. Бирок биринен, атүгүл аталаштан, энелештен да жан жыргаткан, кулак кубанткан жакшы сөз уккан жокмун! Жада калса мага сүйүүм да кастык кылды! Ушу азыр жүрөгүм ыза менен кусадан жанчылып турат! Жок дегенде мага кечигип, кемип, адашып жүрүп жолуккан ак сүйүүм далысын салбаса болот беле?!.. Мен ал үчүн колумдан келгендин баарын жасабадым беле?!
– ?..
– Эмне унчукпайсың?
– ?..
– Жасаган иштеримди атасам эле унчукпай калчу болдуң?.. Же аны айтууга да акым жокпу?..
– !..
***
Жол боюна токтоп, таза абага чыкты. Машинесине жөлөнө, өткөн-кеткен адамдарга сереп салып, ар биринин тагдырын алаканга салгандай көрүп, бирин кубанып, бирин аяп узата карап турганда, бу шыңга бойлуу, ак жуумал, сулууча айым өзү да ким бирөөлөрдүн назарына илинди.
– Апе-ей, өлүгүңдү көрөйүн! Тиги ким?! – жолдун аркы өйүзүндөгү аялдамада турган эки аялдын бири ага бүшүркөй карап, ушинтип чочуп кетти.
– Кайсы?! – экинчиси да ал караган тарапка үңүлө карады.
– Тигичи, машинеге жөлөнгөн?!
– Андай «деловой» катынды сен эле билбесең...
– Билесиң! – биринчи аял аркы өйүздөн көзүн албаган тейден тигини чыканак менен бир койду. – Алигичи?!.. Атың өчкүр?!... Ии, жинди Алмашчы?!
– Кой, ээ?! – ток ургандай ыргып-секирип кетти тиги. – Өл, аа! Чын эле ошо го?!
– Буга эмне болгон?! – көргөн көздөрүнө ишенип-ишенбей, эски таанышына аңкая карашып, баягы бала кездериндей бышкырык атышты алар:
– Эсиңдеби, аның алтынчы эле класстан эрге тийбеди беле?!
– Жыргаганынан дейсиңби… Жүрү ай, барып келели?
– О, коюңчу, жини чарпыйт да?! – кудум ошондогудай тартынчыктады келин,– Апам айткан, андан алыс бол деп!
Экөө анан каткырып бир күлүп алышты.
– «Кара кыздын агынан эмес, багынан» деген чын... Бак айтып койгон го, буга?! – беркисинин жүзүндөгү күлкү эмнегедир жоголо түшүп ушинтти.
– Балким башка болуп жүрбөсүн?
– Ошо эле!
Көп өтпөй эле чаар баштыктарын жондоруна арта салган эки аял жолдун аркы өйүзүнө өтүштү. Алмаш да өзүн беттей, тим эле энесин көргөндөй «кубанып» келаткан аялдарды таанып, же кучак жаярын, же бурулуп басып кетээрин билбей ыңгайсыздана түштү эле, биринчи аял чын эле кубанып келаткандай чаар баштыгын алда кайда ыргытып салып:
– Алмаш-ш?! – деп канатын жая калдактап чуркап келди да, “жинди кызды” өөп-жыттап басып жыгылды. – Кандай? Аман-эсен барсыңбы?! Дени-кардың сакпы?!
Ал ошентип коюп, бир милдеттен кутулгандай беркисине орун бошотуп, четтей бергенде экинчиси да колун бооруна ала эпилдеп, эсенчилик сурады. Оозу учунан:
– Жакшы. Өзүңөр кандай жүрөсүңөр? Эсенчиликпи? – деген Алмаштын көз алдына баягы бала чагы, так ушул кыздардан корунуп, чүнчүгөн жүдөңкү кебетеси элестеди. Ошондон уламбы, алар канчалык эпилдеп-жепдеесайн дн-боюн ала качып, жыйрыла берди. Аядар күткөндөй алар менен эзилишип, чечилишип, кантип машинелүү болуп, кантип ушундай солкулдаган чырайлуу айымга айланганынын айтпай, салкын тартты.
– Чоюлбай өл, аа! – деди азыр эле жакшынакай коштошуп бараткан аялдардын бири, – Кербезденет, тим эле!
– Өл-лүгүн көрөйүн! Тим эле бизди теңине албай калган го..!
Алмаш курдаштарынын эмне ойлоп, эмне деп баратканын билип эле атты. Билген менен таарынбады, тек гана аларды аяды.
Эмнегедир ал балалыгын да, бой тарткан кезин да тап-такыр эстегиси келчү эмес! Ата-эне мээриминен эрте ажырап, сербейип ар кимдин көзүн карап, кор болгон балалыгы көз алдына тартылган сайын сайсөөгү сыздап, жүрөгү каначу. Өчөшкөнсүп, алиги аялдар ошонун баарын кайра баштан эске салып кетпедиби! Өзөгүндө өксүк болуп жашап калган бала күндөрүнө эми… кайрылбай коюуга бу саам кудурети жетпейт эле!
– Ошент! – деди жана унчукпай, тунжурай калган көкүрөгүндөгү үн да кайдан-жайдан жаңырыктап, – “Жокту – жок табат” эмеспи, балким ара чолодо издегениң да табылаар?..
Айым машинесин от алдырып, ат тизгинин ойдо жок жерден эле түштүктү көздөй бурду. Эми ойлосо, Ош тарапка бара элегине көп болуптур. Күнүмдүк тиричилик менен алпурушуп жүрүп башта байкабаганын көр, айылын, айрыкча кызын абдан сагыныптыр!
Ошентип, оңой менен бөлөк-бөтөндөрдөн бошобогон ой-санаасы бу саам балалык чагы менен туулган жердин талаалары, тоолорунда баратты...
***
“Качандыр-качандыр биздин Башбулак да кудум бейиштин төрүндөй кооз, бак-шактуу айыл болуптур. Тармал-тармал булактар ар кай-ар кай жерден “чуркап” чыгып, таштан-ташка секирип, ойноп акчу экен... Ошондой бакубат күндөрдүн биринде анан... айылдын эли каргышка калыптыр…”
Бир жолу чачын өрүп отуруп, апасы айтып берген ушул жомок тырбыйган арык, кичине кыздын эсинен такыр кетпей, эс тарткан кезде деле түшүнө кире берчү... Баарынан да таң калганы, сайдын суусунун тээ жогору жактан татынакай агып келатып эле, булардын айлына аз калганда жер жутуп кеткендей жоголуп кеткени! Эс тарткандан тартып эле Алмаш ушул “табышмактын” жообун издей берүүчү. Суу бойлоп, улам кайра жогору барып, суунун агымы менен улам кайра ылдыйга жөнөчү. Кокус жаза тайып байкабай калбайын деп, суунун шарынан көзүн албай тирмийе тиктеп, тикилдеген боюнча келет эле. Бир убакта эле... жок! Эми эле өзү менен келаткан суу дайынсыз жок болуп кетчү!
Табияттын бул кубулушу ага али күнчө табышмак.
Ансайын апасы айтып берген эски жомок эсине түшөт.
***
“... Бул окуя илгери-илгери болуптур.
Ала-шалбырт жаз келип, жаңы эле ак кар, көк муз эрип, күндүн тумшугу жылый баштаган маал экен.
Канча бир күндөрдөн бери тынбай, нөшөрлөп жааган ак жаандын арты акыры селге айланып, укмуштуудай алаамат болуп кетээрин билип, айылдын аксакалдары элди баштап, тоого чыгып кетишет экен. Жалгыз гана кай жактандыр жер кезип, эч нерседен кабары жок келаткан думана менен эшеги тилсиз жоого жем болот!
– Жардам-м?! Жардам бергиле-е?! – деп жанталашат экен бечара абышка! Бирок ага эч ким... эч бир адам даап жардам кылбайт!
– А сизчи?! – дейт кыз чачын өрүп, “жомок” айтып жаткан апасына имериле карап, – Атамчы?!
– Жок, бул окуя тээ илгери-илгери болгон да! Анда атаң экөөбүз да, биздин ата-энелер… алардын ата-энелери да али төрөлө элек болчу экен.
– Анан?! – дейт бечара думанага бору ооруп, тынчсызданган кыздын кичинекей жүрөгү дикилдеп, кабагын чытып, – Анан ал суудан кантип чыгыптыр?!..
– Чыкпай калыптыр! Ошондо Кудайга үнү жеткен шордуу думана: «О, мерез эл! Эзели сууга жетпей, сайыңар какшып калсын! Айлыңардын башы көл болсун да, аягы чөл болсун!» – деп каргаган имиш. Айткандай эле, ошондон кийин баягы күрпүлдөп аккан сай да, кыз-келиндер кылактап сууга келчү булактар да кан буугандай токтоп, Баш-Булак суусуз калыптыр!..”
***
Апасынын жомогу ушул жерге келгенде «серең!» этип тура калып, тээ думана байкушту сел агызган тарапка алып-учуп чуркайт, кыз. Көз алдында күргүштөп, буркан-шаркан түшкөн суу! Тигине, думана!.. Улам бир жерден серектеп чыга калып, кайра «култ!» деп кирип кетип, жанталаша кол булгалап, жансоогалап агып баратат!
– Думана ата-а! Мен баратам-м, думана ата! – чуркап да, ушинтип кыйкырып да, ыйлап да баратат кыз.
– Тигил Бектин кызы го?! Ага эмне болгон? Эпкиндеп калгандан сообу?! – дешип, чымын-куюн болуп, ким бирөөгө кол булгалап, кыйкырып ыйлап кетип бараткан кызды көргөндөр аңкая карашат. Алмаш болсо алардын өзүнө таң калат: «Эмнеге чоң кишилер кызык?! Эмнеге алар ушундай?! Эмнеге алар таш боор?! Эмнеге алар адам агып баратса жардам кылбай, аңкайып карашат?!»
Суу болсо байкуш думананы ансайын бултактатып, өчү бардай алып кетип баратат!
– Азыр! Азыр… – деген кыз сууга бой таштайт. Бирок, күрпүлдөгөнү менен суу ташкыны ага абадай жумшак, буладай жеңил, ого эле жагымдуу сезилди. Ошон үчүнбү, суу жиреп, кудум балыктай сүзүп баратып таң калып коет: «Суу жумшак... боорукер... жакшына экен го? Эмнеге анда думана ата агып баратат?»
Мына, апасы айткан чокчо сакал, буудай ыраң думананы ал жакындан көрдү! Көрдү да, ого бетер таң калды: Думананын өңүндө коркуунун белгиси жок! Тескерисинче көздөрүнөн нур жанып, бешенеси жаркып, эки ууртунда күлкү жүрөт?! Неге?.. Бул суроого кайра эле өзү жооп таба койду: «Аа, мен жардамга келдим да, өлбөй калдым деп ошого сүйүнүп жатпайбы!..» Өз оюна өзү кошо «жарк» эте сүйүнгөн кыз думанага быйтыйган колун сунат. Думана бир колуна эшегин жетелеп алыптыр. Анан калса экөө тең эбелектей болушуп, эң эле жепжеңил экен!..
Алар жээкке чыгаары менен адырлардын арасы кулак-мурун кескендей жымырай түштү. Эми эле бүт кокту-колотту, талаа-түздү дүңгүрөтүп, күү-шаа түшүп, кулактын кужурун, жүрөктүн үшүн алган сел да жок! Көздөн кайым болуп, эмнегедир жерге сиңип кеткендей жок болду да калды!
Айлана-тегерекке аңкая карап, эмне болуп жатканына акылы жетпей, айланып турган кызды думана эркелете маңдайынан сылап, күлө багат. Атүгүл анын эшеги да акылдуу окшобойбу...
– Минесиңби? – кыздын ошого назар сала калганын байкаган думана ушинтет.
– Минем! – эми элеки эс-акылын айран кылган укмуштун баарын унута салып, кудуңдап сүйүнүп кетет кыз.
Аны жерден тап-так көтөрүп ала койгон абышканын колу да, эшектин жону да кудум булуттай жумшак экен. Өзүн абада учуп бараткандай бир башкача жеңил сезип, кытылдап күлөт кыз.
Думана менен эшек ага аябай жакты. Үйүнө такыр баргысы келбей, тээ көз байланып кеткиче алар менен жүрө берип, бир убакта апасы айткан тармал булактар эсине «кылт» эте түштү да:
– Думана ата, эми биздин сууларыбызды кайра бересизби? – деди Алмаш. А бирок ага жооп алгыча алда-кайдан:
– Алма–аш! Оо-уу, Алматай-й?! – деген апасынын санааркаган, ыйлаган үнүн угуп «селт!» этти. Эми эле жанында турган думана менен эшек да коркуп кеткендей, көздөн кайым болуп кетти. Тегеренип таппай калды кыз. Аларды жоготуп алганы үчүнбү, же жалгыз калганы үчүнбү, же апасынан коркту бекен, жүрөгүнүн ичинде таруудай бир нерсе тегеренип-тегеренип, тамагы жашка муунуп кетти. Балким, ал анда жаңы эле тапкан эң жакшы «досторун» эми эч качан көрбөй каламын деп корккондур? А балким, ал думанадан тээ качандыр соолуп калган булактарын кайрып ала албай калганына ызаланды бекен?..
– Мында жалгыз эмне кылып жүрөсүң, балам?! Бая, саардан бери үйгө келбепсиң го?! – деген апасы кызын бооруна көтөрүп ала коюп:
– Айтчы, кайда жүрдүң? – деди. – Курган жаным, чуркап кеткениңден ойноп-ойноп кайра келер деп, ишке жөнөп кетпедимби! Ошондо эле артыңдан келсемчи?! Жанагы киши да кызык, издеп койсо эмне болот эле?!.. – күйөөсүнө нааразы боло, апасы ушинтип күңкүлдөп келатты. Бирок кызы алардын бирин укса, бирин укпай, эчак эле шылкылдап уктап кеткен.
Таттуу түш көрүп, чукуранып ойгонгон кыз апасынын бышактап ыйлаганын укту:
– Бала эртеден кечке оозуна наар албай, талаалап жүрүптүр! Карга-кузгун жеп кетет деп ойлогон жоксузбу? Мал жоголсо деле издейт экен!..
Демин ичине катып, экөөнү төшөктүн астынан шыкаалайт кыз.
– И, басанаактыгынан көрсүн! – дейт көк чайдан дембе-дем ууртап отурган өгөй атасы, – Мунуң жин даарыгандан соо эмес! Бу... атасы түзүк беле, өзү?!
– Э, коюңузчу, каяктагыны айтпай! – ыргып-секирип, чычалайт энеси, – Бала да!
– Бала болбой, башын жеп калсын!!!
Өгөй атасынын чын дилинен баса айткан сөзүнөн “селт” этип, чүмкөнө калган Алмаш, апасынын да жүрөгү ыргып кетчүдөй «болк!» эткенин туят. А бирок, эрине кайра акаарат айтып, кызына болушууга андан ары кудурети жок. Анда эле үйдүн куту учуп, чыр-чатак чыгат. Өгөй атасынын мурунку аялынан калган эки кыз да ошону билип алган. Кээде жап-жакшынакай ойноп отуруп эле чырылдап ыйлай беришет. Андайда өгөй атанын күрөктөй колу Алмаштын кежигесине, далысына же куйругуна «күпүлдөй» түшөт. Көнгүчө көмкөрөсүнөн, чалкасынан кулап түшүп, башы-көзүн калкалап ыйлап ийчү кыз эми таштай катып, тарамыштай түйүлүп, көздөрүн бекем жумуп, титиреп тура бергенди үйрөнгөн. Сооротоору болбогон соң, ыйлаганда не?!
Кийинки күндөрү өгөй атасынын кыздарынан качып, башка балдарга да кошулбай, эч кимге окшобогон «достору» менен гана сүйлөшүп, ошолор менен ойноп, ошолор күлсө күлүп, ырдаса ырдап, өзүнчө жүрмөй адат тапкан. А бирок, Алмаш бир нерсеге таң калчу: Эмнегедир анын «досторуна» өзүнөн башкалар бүт кайдыгер, көрмөксөн сыяктанышчу. Кайдан-жайдан пайда болуп, кайра эле ошондой көздөн кайым болуп кетишчү достору да башкаларга бой салчу эмес. «Эмнеге?!..» Бирок, бул суроого жоопту өтө кийин, кеч тапты: А көрсө, Алмаштын жанында турушуп эле адамдар аларды көрчү эмес турбайбы! Бала эме аны кайдан билиптир?! Билсе башкачараак болбойт беле!
Алмаш “досторун” элеңдеп издеп калчу. Ошону билгендей алар да кайдан-жайдан пайда боло калышат эле. Алмаш аларды көргөндө жан алы калбай сүйүнүп кетчү да, ошолор менен тең жарышып чуркап кетчү. Кээде дарактын, үйдүн, тоонун башына кантип чыгып кеткенин өзү да байкабай, кээде “достору” менен ошо жерде кучакташып, уктап да калар эле.
Бечара апасы андайда аны күндөп-түндөп издеп, ыйлап жүрүп таап келчү. Бир жолу аны боз-ала чаңга оонап, үңкүрдө уктап аткан жеринен таап алып, эс-учун жоготуп, өлүп кала жаздаган. Ошондо да өгөй атасы:
– Жогот кызыңды! Башка бала-бакыраны жини чарпый электе, ылдам жогот! Бобосо өзүң кошо кет! – деп апасын чыңыртып урганы эсинде. Алмаш ошондо биринчи жолу ушинтип ойлогон: «Эмнеге мени жинди дешет? Жиндилердин акыл-эси кем болот да? Мен жакшы эле турам?! Же тигил досторум менен ойногонумду жактырбай жатышабы?! Алар жакшы эмеспи?! Мени урбайт, таарынтпайт?..»
Күндөрдүн бир күндөрүндө апасы аны демейдегиден эрте ойготту. Эмнегедир маанайы пас, көзүнүн кычыгында эки тамчы. Бирок аны сыртка чыгарбай, тиштенип алыптыр. Алда неге катуу санааркап, ким бирөөгө катуу таарынганы көрүнүп турат. Анан калса, акыркы күндөрү ал Алмашка да баягыдай үзүлүп-түшпөй калды. Анткени күйөөсү анын баскан-турганын бүт кылдат байкап, аңдый берчү мүнөз күткөн. Атургай акыркы күндөрү:
– Ии, анын тентмиш атасын сүйүп тийгенсиң да, ээ?! Ошон үчүн кызын кыйбай атпайсыңбы! – дечү болгон.
– Тентисе ушул бала үчүн тентигендир да...
– Тарт! – өгөй атасы андайда калчылдап-титиреп кетчү, – Тилиңди тарт! Жетимди азыр жетимдер үйү багат! Көзүмө көрсөтпөй алып барып сал!
Апасы да акыры ушуну эп көрдү окшойт. Өгөй атанын ирегесинде итерилбей, барса барсынчы деди го. Бир күнү Алмаштын кийим-кечеси салынган муштумдай түйүнчөктү төбөсүнө көтөрүп, бир колу менен кызын жетелеп, таң эрте жолго чыккан. Эмнегедир секелек кыздын эт жүрөгү баарын сезип, алдыда аны анчалык деле жыргалдуу күндөр күтүп турбаганын туйганы менен, бир чети бир тоодой азаптан – өгөй атасынын каарынан кутулганына сүйүнгөн. Ошондо да, бала туруп өзүн-өзү алдап, ушул үйдөн өзү менен кошо апасы да бирге кетип, ушул жолдор аларды жакшы күндөргө агызып бараткандай тепилдей басып, тоо тараптан кылтыйып келаткан күн жебесин күлүмсүрөй карап, улам бир көзүн ачакей, жумакей кылып ойноп, анткен менен унчукпай ыйлап келаткан апасын аяган. Кичинекей жандүйнөсүн жабалактап, жообу жок суроолор жанчып бараткан: “Эмнеге апам өгөй атамдан, анын баласынан коркот? Эмнеге алар урушса, урса деле унчукпай жашай берет?! Эмнеге апам бул чоочун үйдөн кетип калбайт?!..”
Ушул үйдөн кетишсе эле апасы экөө бүт азаптан арылчудай сезилер эле ага.
– Апа, бүт кыздар-балдардын аталары тирүү, а эмнеге менин атам өлүп калган?.. – деген бир убакта.
– Атаң аябай жакшы адам эле да, кызым.
Апасынын жообуна түшүнбөй, аңкая караганында:
– Жакшы кишилер ал жакка да керек окшойт да, кызым, – деген апасы анын суроосун айттырбай биле коюп.
Балким, бала болсо да эсинде сакталып калар деди бекен, же тек гана кызынын атасы менен өткөргөн азаптуу да, бактылуу да күндөрүн эстеп, көкүрөк-көңүлүндөгү көксөөсүн суутуп алайын дедиби, анан апасы жол бою Алмашка атасы тууралуу айтып, кобурап барган...
***
...Анда Атамекендик согуштун жаңы эле бүткөн маалы болчу. Эрлери согуштан келбей калган жесирлердин ичинде мен да бар...
Бирок, арадан бир топ жылдар өткөндөн кийин сенин атаңа жолуктум. Маркум атаң шыңга бойлуу, күлмүң көз, акжуумалынан келген чырайлуу жигит болчу.
– Өзбекстандан ылайыктуу бирөө-жарымды таппадыңызбы? – деп кийин тамашаласам:
– Ошон үчүн сени таап келдим да, – деп күлүп калчу. Оштон каттаган бирөө-жарымдан мен тууралуу угуп, атайын издеп келиптир. Ошентип баш коштук. Теңирим кошкон ошол күндөн тарта экөөбүз өзүбүздү бул дүйнөдөгү эң бактылуу түгөйлөрбүз деп билчүбүз. Бирок бу жалганда дүйнөсү түгөл, телегейи тегиз, төгөрөгү төп эч ким болбойт экен. Кудайым бизден да бир нерсени – башты кемитти. Улам көрүнгөн ымыркайыбыз улам кайра чымчык болуп учуп кете берди. Жаратканга жалынып жүрүп, акыры эжеңди токтотуп калдык. Аны да аман калса экен деп ырымдап, киндигин балта менен кестирип, атын Балтыш коюп, башка бирөөлөргө асырап бердик. А бирок, андан кийин да эки уулдуу болуп, экөөнү тең алты ай болгон кезинде кайра жоготуп алдык.
Экинчи уулумду жайына берип, кан жутуп отурсам, короочу итибиздин да күчүгү өлүп калыптыр. “Алыс алып барып көмүп кел” деп атаң күчүктү шоопурунан берип жиберген. Бир убакта сыртка чыксам, бечара ит баягы күчүгүн кайра таап келип, башына жаздап алып, көздөрүн жашылдантып жатыптыр. Аны көрүп: “Ушул итчелик боло албаганымды кара!..” – деп бир сай сөөгүмдүн сыздаганын айт! Атаң кургур ошондо күйүттөн да мени аяп, мүңкүрөп калган.
Ошентип, башкаларга окшоп Теңирден дүнүйө-мүлк эмес, ымыркай гана сурап-тилеп жашачу болдук.. Ошондой күндөрдүн биринде атаң түш көрүптүр. Түшүнө бир аксакал карыя кирип:
– Кайын журтуңда ыйык булак бар. Ошого барып сыйынып, элдин батасын алсаңар гана балаңар токтойт, – деген экен. Өзбекстанда элге алынган, абройлуу прокурор болчу атаң! Бала үчүн анан үй-жайын, кызматын, бардыгын таштап салып, кайын журтуна келди!
Төркүнүмө келгени биздин жашоо таптакыр башка нукка бурулду. Кайын журту атаңа: “Бир жыл бою элдин малын акысыз баккан бадачы болосуң! Ошондо гана сага батабызды беребиз!” – деген ырайымсыз таклип коюшту. Ал кезде бул кызмат азыркынын кулу менен барабар болчу. Алар атаңды өзгө элден деп өгөйлөп, кор тутушту. Алардын оюнча мен каяктагы өзбекстандыкка эмес, алар көрүп-билип, кудалаган жерге барышым керек эле...
А бирок биз, айрыкча атаң бардыгына чыдады. Таңдан кечке элдин бадасын багып, кечинде «үйгө» бутун тарта албай келчү. Үй дегеним – дүкөндүн кароолчусу жашай турган, кичинекей кепече эле. Түнкүсүн кайра, таң атканча ошол дүкөндү кайтарчу. Акыры, Жараткандын бизге боору ооруп, сени берди. Сүйүнгөнүбүздү сураба!
Бирок! Бирок бизди кайра да кайгы басты! Жакшынакай чоңоюп келатып эле, балканактай болуп отуруп, алты айга толгон кезиңде сен да катуу ооруп калдың. Ага чейинки беш-алтоо да так ушул курактарында “учуп” кетишкен. Бала жоготкондон жедеп жүрөгүбүз калган жаныбыз, карайлап эле калдык. Ошондо атаң:
– О, Кудай, баламды албай мени ал! Балама жаным курман! Балама жаным садага! – деп, чарчоодон суй жыгылып калгыча бешигиңди тегеренип, безеленип Теңирден сурана берген! Тилене берген!.. Кудай анан тилегин берип, сен куландан сопсоо айыгып кеттиң. Бирок атаң ошондон кийин бат эле ооруп жыгылган да, сага жанын садага чаап, кете берген...
Апасынын “жомогу” ушуну менен токтогон. Алмаш өйдө караса анын көздөрүнөн салаалап куюлган жаш дагы эле эки бети ылдый куюлуп жатыптыр. Ушул тапта Алмаш апасын сооротуп, жакшы бир нерселерди айткысы келип, эмнегедир эч нерсе айта албай койгон.
Эне-баланы ушул жол жетим балдар үйүнө алып келиптир...
– О, шордуум! Шорго жаралдың беле, шордуум?! Кагылайыным! Каргадай болгон каралдым! Колумдан келсе жанымдан карыш чыгарбайт элем! Кантейин?!.. Кечир, кызым?! – деген апасы Алмашты таштап кетип баратып, ботодой боздоп, – Өзүңдүн атаң болгондо канаттууга кактырбай, тумшуктууга чоктурбайт эле! Баладан башкача болбойт белең! Кудайдан тилеп, сурап алган зар баласынын ушинтип кор балага айланганын шордуу атаң да туюп, тынч жата албай жаткандыр?! Кантейин?!..
Чоң кишидей баарын түшүнгөн кыз ошондо да көзүнө бир тоголок тамчы албай, апасын аяган. Быйтыйган манжалары менен апасынын башынан сылап, унчукпай сооротконсуган. Унчукканда не? Анда эле бакырып ыйлап ийгени араң турган... Качан гана апасы узап, карааны көрүнбөй кеткенде гана аркасынан умсуна, жер кучактай жыгылып, үнү бүткүчө бакырып-бакырып ыйлаган!..
Бирок, өгөй атасынан кеткенден кийин деле кыз «жинди» деген ат менен ким бирөөлөрдүн келекесинен кутулган жок. Кубанганы – аны менен кошо баягы-баягы... эч кимге көрүнбөгөн «досторунун” да келгени болду…
***
Бишкек-Ош жолунда зымырап, тоолор менен тең жарышкан ак машине Ташкөмүр шаарынан өтө берип, Аюу-Булакка токтогондо, тоо түбүндөгү жалгыз ашкана-үйдөн татынакай жаш келин чыга калып, илбериңки учурашты:
– Саламатсызбы, эже?
– Жакшыбы, алтыным. Иштер кандай?
– Жакшы.
Жолоочу айым ичкери кирбей, эшиктин алдындагы сөрүгө чыгып, таза абадан кере-кере дем ала отурду.
– Эмне ичесиз, эже?
– Мен силерге эмне үчүн токтоорумду билесиң да, сиңдим.
– Жарайт, – келин илгиртпей кирип кетти.
Асман тиреген улуу тоорлордун тээ чокусуна карады Алмаш. Оо бийигинде айланып учуп, куш жүрөт. Сыягы, уясы бар окшобойбу. Эмнегедир, Алмаштын карегине ып-ысык жаш каканактай, тамагы жашка мууна түштү. «Жада калса чымчык да жумуртка тууп, бооруна басып балапан чыгарат экен. Ошолорчо болбогонумду карасаң!..»
Ары-бери өткөн сайын ар дайым ушул жерге токтоп, эчкинин сүтүнөн уютулган айран ичип, анан тээ мелжиген бийик тоолорго, бирде бетин ала булут, сур булут басып, бирде ап-ачык болуп шаңкайган асманга тунжурай карайт. Андайда жолоочу эжесинин сырын билип калган ашпозчу келин айрандан мурда чырылдата жумуртка кууруп, көк чай менен дастарконго коет. Бу саам да ошентти. Ошентти да көздөрүн жумуп, башын саал артка чалкалата, тамга сүйөнүп отурган “шоопур” айымдын тынчын албайын дегендей, бутунун учу менен кайра акырын басып кирип кетти. Ой чабыты алда кайда, алыс-алыста жүргөнү менен Алмаш а келиндин кыбыр эткени түгүл, эмнени ойлоп жатканынан бери туюп, ансайын ага ичи жылый, тымызын жакшы көрүп, алкап кетет.
Тамактанып отуруп оюна өзүнүн кызы түшүп кетти. «Айланып кетейиним десе!» – өңүндөгү эми элеки муңаюу тарап, эки бети тамылжый, ууртунда күлүмсүрөө пайда болду. Эмнегедир, баятан суз келаткан көздөрү да күлүңдөй түштү. «Кызык, мен эмнеге муңканам? – деди кайра өзүн-өзү тилдеп, – Туубасам да тутунган кызым турбайбы!..»
Элнуранын эч кири жок баёо тиктеген, кудум куурчактын көздөрүндөй бадырайган көгүш көздөрүн элестетти. «Жаным, эң эле баладан башкача! – деди эне маңдайында сексейип тура калган элести эркелетип, – Анан калса, кадыресе адамдай баарына акыл калчап, салмактап турганычы?! Кагылайыным, ий! Кагылып эле кетем го, сенден! Жалгызым менин! Наристем! Сен үчүн жашап жүрөт да энең! Болбосо, мага жашоонун кандай кызыгы бар эле?! Эчак эле бул өмүрдүн бүт жыргалы-кууралынан кечип, кайыл болуп кетпейт белем! Дарымсың, сен менин! Ушу сенин бой жетип, адам болгонуңду көрсөм экен! Мага окшоп, эне мээриминен эрте ажырап калбасаң экен, каралдым!..» Ушуну ойлоп алып, денеси «дирт!» этип кетти: «Жок, жок, пендем десең кызыма мен көргөн күндү көрсөтпө, Теңир!»
Элнуранын ымыркай кезин эстеди...
***
Деги, жашоо деген кызык, өзү. Бирөө ичээрге суу таппай жүрсө, бирөө кечээрге суу таппай жүрөт. Болбосо, үч күндүк кызды ким бирөөнүн колуна таштай качкан эне дагы энеби?! Оо, ошондо өзүнүн согончогу канабаса да, кудум өзү туугандай кызыл эт ымыркайды кармаган колу кубанычтан “калч-калч...” этип, кудум он ай көтөрүп, омурткасы сыздап, эми-эми төрөп түшкөндөй дене бою балкылдап, ай-ааламдын өзүн алаканына салып тургандай бакыттан башы айланып, башкача бир ажайып ырахатка мас болуп, эч качан эсине да келбеген Энелик кереметти туюп, балбаалап ыйлап турган! Баланын өз энеси азыр кайтып келип, колунан баланы жулуп алып: «Карап кой, муну! Эмне кылаар экен десе!..» – дечүдөй коркуп да, кызганып да, бу жарык дүйнөгө келээри менен ата-эне мээриминен ажырап жаткан, эч күнөөсү жок наристени аяп, сай сөөгү сыздап да аткан! «Кечир, кызым?! – деген көзүнүн жашын көл-шал кылып ыйлап, – Жарык жашоого жаралаарың менен сага айрылууну белек кылган өзүңдүн ата-энеңди кечир?!..»
Кудайдын бир улуу күнүндө ошентип ал Эне болгон!
– Мага дагы бир кыздын кереги жок! Муну үйгө алып барсам күйөөм мени кечирбейт! Мени ушул азаптан куткаргылачы?!.. – деп өз денесинен чыккан баланы төрөт үйүнө таштай качкан келинди эми: «Кандай шордуу, бактысыз катынсың?!..» – деп аяп да, жек көрүп да кетти Алмаш.
– Эже, – деди аңгыча акырын, аяр үн, – Оокатыңыз муздап калды окшойт. Дастарконго караңыз...
– Аа… Ооба, ойлонуп кеткенимди көр…
Андан кийин жар башында отуруп, береги чокусу көк тиреген аска алдында күзгүдөй тунуп жаткан Нарынга назар төшөдү. Анан калса, жандилинде ушул же агып жатканы, же тек гана тунуп, тунжурап жатканы белгисиз, асман түстүү дарыяны көз албай тиктегенди жактырат. Кудум күзгү… Жада калса ага жээкте турган тал-терек түгүл, асканын боорундагы ар бир таш, учуп бараткан куш, асман, булуттар да каранат. «Канчалык терең болду экен? – дейт оюнда, – Үстү ушинтип, күзгүдөй мелтирегени менен, алдында буркан-шаркан түшүп, албууттанып агып жатса керек? Албетте!»
Эмнегедир, дарыянын бул турушун өзүнө окшотуп койду. «Кызык, кудум мендей… Сыртымдан көргөн адам мени азыр: «Өтө токтоо, салмактуу, тынч аял экен,» – дээр. А чынында ичимдеги буркан-шаркан түшүп жаткан дүйнөнү эч ким билбейт! Кай бирде өзүмө-өзүм батпай, дарыядай ашып-ташып, төгүлүп, а кай бирде өрт болуп күйүп, чагылган болуп чартылдап!..»
***
Тасмадай жылма, түп-түз жолдо зуулдаган машина аны өзүнүн туулуп-өскөн кичи мекенине алып баратат. Кудай жол берсе, түн кезип сиңдисиникине кирип барат. Баягы-баягы аны жетим балдар үйүнө калтырып кеткенден кийин апасы аны эки бөбөктүү – инилүү, анан сиңдилүү кылган. Азыр Алмаштын кызы сиңдиси – Акбермет менен күйөө баласы – Адандын колунда. Элнура шаардын ызы-чуусунан алыс, тынч жашоодо чоңойсун үчүн экөөнө ишенип берген. “Секетиң кетейин кызым, ушу азыр апаңдын келатканын туюп, билип жаттың бекен же эч нерседен капарсыз уйкудасыңбы?..”
***
Кудум Элнурадай кези... Оп-окшош кийинишкен интернатчы кыздардын арасында Алмаш көзгө бат урунчу. Анткени, курбуларына салыштырмалуу бою шыңга келип, өңү-түсү да акжуумалына тартып, күлмүңдөгөн кош кареги ойноктоп, бир көргөндө эле адамга жагымдуулук жаратып турат эле. Анан калса абдан зирек, зээндүү боло турган. Билем дегенин илгиртпей илип алчу. Бирок: “Кана, Кудай кай жерде турат? Бар болсо он беш тыйын сурап көрөлүчү, берер бекен?” – деп окуткан мугалимдердин билими эмнегедир эле мээсине жукчу эмес. Андан көрө өзү менен өзү болуп, жалгыздап жүргөндү жакшы көрчү. Тээ эң арткы партада отуруп алып, башкаларга көрүнбөгөн достору менен ойноп, ошолор менен сүйлөшчү. Кыздар-балдар ансайын андан бойлорун ала качып, “жинди кыз” деп оолактап турушат эле.
Бир күнү сабак учурунда кызык окуя болгон. Ким бирөөлөрдүн келатканын туйган кыздын жүрөгү элеп-желеп боло түшкөн. Анан калса бул шоорат башкалардан такыр башкача – шуудурап назик, жумшак, жагымдуу болчу. Элеңдеп, эки жагын каранып, кайсактай түшүп, анан терезенин ачык көзүнөн кирип келаткан жылаңач, кош канаттуу «бөбөктайды» көрө салган да:
– Ой, кандай сонун бала?! – деп ордунан ыргып тура калган.
– Бекова! Жиниң кармап жатабы?! Тынч отур! – деген агайын угуп да койбой, өзүн көздөй учуп келаткан наристеге кош колун жайып тосуп алган да, өзүнүн так маңдайына, дептерлеринин үстүнө отургузуп алып, баланын бойпойгон аппак манжаларын, калдыркандын канатындай «дир-дир» эткен үлбүрчөк канаттарын кармалап:
– Сен кимсиң? – деген.
– Бекова! Сүйлөбөй отур деп жатам! – агайынын бир нече ирээт ушинтип эскерткенин ал угуп да койгон эмес. А бирок, агайы анын андай учурда айлана-чөйрөсүн укпай, көрбөй, өз дүйнөсү менен гана жашап калаарын каяктан билиптир?! Жаңы теманы өзү да укпай, “күлкүлүү” кылык-жоруктары менен башкаларды да окуудан алаксытып, өзү менен өзү сүйлөшүп отурган кызды мугалим бир убакта колундагы бор менен так чыкыйга урган! Кызыкты ошондо көрүп ал! Көзүнөн от чагылыша түшкөн кыз эмне болуп кеткенине акылы жетпей, алактап калган! Бирок окуучулар да, мугалим да ошондо укмуштуу бир окуяга күбө болгон. Мугалим Алмашты кандай чапса, так ошол сунулган боюнча колу катып, сенейип калса болобу! Жыгачка окшоп зиңкийген жансыз колуна бир карап, Алмашка бир карап жанталашкан мугалим анан жансоога сурагандай:
– Кечир, кызым? – дегенге араң жараган да, класстан чыгып кеткен.
– Оми-ий!!! – көздү ачып жумгуча мугалимди “сыйкырлап” салган “жинди” кызды заматта окуучулар тегеректеп калышкан. Бирок, анда Алмаш мугалимдин колун кантип сенейткенин айтып, классташтарынын кызыгуусун кандырмак түгүл, эмне болуп кеткенине өзүнүн да акылы жетпей, бирок курбуларынын арасынан канаттуу наристени издеп, элеңдеп калган. Топтон суурулуп чыга качкан кызга:
– Эй, жинди, эмнени издеп жатасың?! – дешкен жарданган классташтары.
– Канатчан баланы...
Класстын ичин “дуу!” эткен күлкү жарып ийген:
– “Канатчан баланы” дейби?!..
– Аха-ха-ха!
– Эй, бул деген жинди да! Андан кеп сураган силер да мындайсыңар! – деп жалаң бешке окуган, жанагы баштыкчан кыздардын бири өз чыкыйын сөөмөйү менен чукуп, тигилерге тыңсынып турган.
Ошондон кийин ошо агайдын колу көпкө чейин кыймылдабай жүрдү. А бирок андан кийин Алмашты урмак түгүл, эми анын кызыктай кылык-жоруктарын көрсө да көрмөксөн, билсе да билмексен болуп калды…
***
Азыр эле Алмаштын чаңында калган «ВМВ» эрегишкендей эми андан озуп өтүп, тээ далайга чейин жол бербей буйтактап, алдына түшүп алды. Качан аял айдаган ак машиненин жүрүшү жайлап, артта калганда гана табасы кангандай кайра-кайра сигнал басып, ойкуп-кайкыган боюнча көздөн кайым болуп кетти. «Мени аял киши деп басынткыңар келди го?! – рулдагы айым мыйыгынан күлдү. – Бекер кыласыңар!..» Айткандай эле, ошондон чай кайнам убакыт өтүп-өтпөй баягы «ВМВге» кайра да жолукту. Сомодой болгон төрт эркек машиненин капотун ачып коюп, улам бири келип чукулап, аргасы кетип турушкан болчу. «Ии, эрдемсип кетпедиңер беле?!» – дегендей эми Алмаш да аларды качыра сигнал басып, чаңдаткан боюнча өтүп кетти.
«Алтын баштуу аялдан – бака баштуу эр артык!» Бармактайынан кайненеси кулагына куя берчү ушул сөз кайра да эсине «кылт» этти. Адегенде өзү да ошого ынанып, муюп калчу болсо, кийин ичинде кайненесине каяша айтчу: «Кантип эле?! Кантип эле ошондой болсун?! Анда эмнеге: «Манасты – Манас кылган Каныкей» дешет? Анда эмнеге Курманжан энебиз датка аталып калган? Кантип анда: «Эненин таманы турган жер – бейиш?» Кудай-Таалам деле Жерден барган пендесине: «Адегенде энеңди сыйла, андан кийин атаңды сыйла!» – дептир го?..» Он үч-он төрттөгү, эне сүтү али оозунан кете элек «келин» ушинтип ойлоп, өзүнүн тегерек-белине карачу да, айылындагы чубуртуп бала төрөп, ал аз келгенсип үйгө кирип катын, сыртка чыгып эркек болгон бечара аялдарды аячу. Өзү да бешиктен бели чыга элек жатып кайнене менен абысындын каарын тартып, күйпүл-ала болуп отун алып, күл чыгарып жүрүп, бир күнү колуна Абылкасымова деген акындын китеби тийип калганы эсинде. Ошондогу бир ырды өтө тереңдеп түшүнбөсө да, эмнегедир жаттап алган:
«...Энелери жоолуктарын тарта албай,
Кайсыл элде жүдөө күтсө зайыпты,
Бул да кырсык – бирге жүргөн байкалбай,
Ошол элдин уулуна кой, айыпты!..”
“Сөз эмес бекен! – деди эми да, – Деги эле, аял байкуш табиятынан ит жандуу экени чын! Аялдын башкасын айтпаганда эле он ай көтөрүп омурткасы сыздап, анан ажал менен арбашып ары кетип, бери келип атып бу жарык жашоодо Адам тукумун улап жатканы эле канча?! Ошондо да кээ бир эркектердин: «Кыз тууп салдың! Эркек тууп салдың!» – деп кор тутканын кантесиң?!”
Көз алдына кинотасма сыяктуу дагы бир окуяны алып келди.
***
Өзү төрбөбөнү менен төрөт үйүн жакшы көрчү. Убактысы, ыгы келе калганда анын жанынан атайылап эле өтөр эле. Айрыкча төрөт үйүнүн эне жыттанып, бала жыттанып турганы ага жакчу. Көзүнүн жашын көлдөтүп ыйлап, эрдин кырча тиштенип алып, бирде чалкалай түшсө, бирде эңкейе калып, жаны кыйнала толготуп жаткан аялдар, жарык дүйнөгө жаңы эле келе калып, баркырап ыйлап жаткан “адамчалар”... Эмне деген керемет?! Жашоо ушинтип уланып, жашоо ушинтип жаңыланып жатпайбы!.. Жаратканы ага так ушул баытты эмнеге бербеди экен?!..
Бир жолу төрөт үйүнүн терезесинде кечээ эле төрөгөн жап-жаш келин ыйлап туруптур. Сыртта турган күйөөсү кайра-кайра чылым чегип, “күйүтүнөн” аркы-терки басып, тим эле жанына киши туралгыстай түтөп турган экен. Алмаш аларды аяп кетти. А бирок ал: «Байкуштар баласынан айрылып калган окшобойбу…» – деген оюнун аягына чыга электе:
– Эй! Эн-нең!.. Эй!!! – деп алиги эркек тамекисин “чыйт” түкүрүп таштап, аялына «тарс!» жарылып кетти. – Мен сага эмне дедим эле?!
– Кечирип койчу?.. – аялы ансайын безилдеп ыйлайт, – Кыз төрөрүмдү мен билип коюптурмунбу? Дагы деле балалуу болобуз да, Кадыр? Капа болбочу, эми?!...
– Эй, эш-ек!!! Жаагыңды жаап кал деп жатам, мен сени! Уктуңбу?! Кыйратып салгансып кайсы арыңа безилдейсиң?! Эн-нең!.. Тураттын катынынча жоксуңбу, эй?! Үйгө чыкчы, эмне кылаар экемин! Өпкөңдү үзүп!.. – күйөөсү андан ары да оозунан дагы ак ит кирип, кара ит чыгып жатты. Кеп төркүнүн ошондо гана түшүнгөн Алмаш андан ары өзүн кармана албай, безгек болгон эмедей калчылдап кетти:
– Ай, аялың жаңы төрөп жатса, ал эмнең?!..
– Ишиң болбосун! – корс этти жигит. – Сага ким сүйлөп жатыптыр?! Өз жолуң менен бара бер да!
– Катын-баланын кадырын билбеген акмак экенсиң!
– Ал менин ишим! Менин катыным, менин балам! Эмне десем, эмне кылсам өзүм билем!
– Өзүң билгидей, анчалык кимсиң, үкам?!
– Эркекмин!!!
Советтик «жыргализмдин» доору бүтөөрү менен так ошол “эркекмин!” дегендердин көбү эс-учун жыя албай калышпадыбы, анан! Дагы эле ошол бечара аялдар түттү. Бир колун туткуч, бир колун куургуч кылып, ошончо бала-бакырага кошуп эрин багам деп, эң эле болбой калганы базарда баштык-үштүк сатып, болбосо башына эркектин шапкесин, бутуна өтүгүн кийе коюп, чаар баштыкты жондоруна артып алып бөлөк эл, бөтөн жерлерге жер кезип иштеп кетишти.
***
Телефондун безилдеги аны оюнан “ойготту”.
– Алло, Алмаш эже?! Кайдасыз?! – шашкалактап, аптыга сүйлөдү телефондогу жигит. – Алло?! Алло деп жатам?! Алмаш эже?!
– Да, да, Эсен? Эмне кыйкырасың?!
– Алло, угуп атасызбы?!
– Сүйлөй бер, угуп атам.
– Иш чатак, эже. Сизге жолугушум керек!..
– Мен Ошко кетип баратам, үкам. Жолдомун.
– Ошко?! – Алмаштын андан аркы сөзүн укпай, ийне менен сайгандай ыргып-секирип кетти жигит. – Качан келесиз?!
– Айта албайм.
– Өх-х!!! – акыркы үмүтү «жалп!» өчкөндөй, өңгөчүн тарта үшкүрдү Эсен.
– Эмне болду?!
– Сиз айткан келип!.. Туңгуюкта турам, эже! Артымдан сая түшүп алышты!.. – туюк-туюк сүйлөдү телефондогу. Анын эмне жөнүндө айтып жатканын билген Алмаш:
– Ушундай болот деп мен сага бир жыл мурун айткамын, ыраспы?! – табалагандай эмес, жаны ачыгандай, нааразы болгондой айтты, – А сен бышкырык айтып, уккуң да келген эмес! «Кудайга шүгүр эле бутуңа туруп алыпсың, үкам, «ашык дөөлөт баш жарат», алдагы «ишиңди» эми токтот” дегем!
– Дегенсиз! – айыптуудай унчукту жигит. – Эми кандай болот, эже?! Балдарым жаш…
– Балдарың эмес, өзүңдүн да он гүлүңдүн бири ачыла элек!
– Бирдеме айтыңызчы?! Кантем?!
– Жаап-жашырганыңды ачык айтып, ак сүйлөп, берип кутул да. А бирок амалданам деп ойлобой эле кой, анткени алиги тармал чач, кара тултук досуң «кыбыр» эткениңдин баарын төкпөй-чачпай жеткирип турат экен.
– Акмак!!! А мен ага ишенип!.. – бир сындырым нанын да тең бөлүп жеген досуна жигит кекенип алып, а бирок эсине бир нерсе түшө калгандай, алда неден шектенгендей сурап ийди. – А сиз аны кайдан тааныйсыз?!
– Тааныбайм! – Алмаш ачуулана айтты. – Мага көрүнүп атпайбы!
– Аа… Анда берсем эле баары бүтөбү?
– Андан аркысы Кудайга аманат!
– Ту-ут! Ту-ут!..
***
«Деги адамдар кызыкпыз… – жигит менен сүйлөшүп телефонду таптакыр өчүргөн аял ушинтип ойлоду. – Бу жалган жашоого, дүйнөгө түркүк болчудай, же өлгөндө кошо ала жатчудай дүнүйөгө тойбойбуз! Байлык менен бийликтин кумарынан көзүбүздү май басып!.. Эзели энесинен башкага бетин тоспогон пакиза кыздарыбыз кашкайып туруп алып көрүнгөнгө көзүн, ... сатып!.. Бирибизди-бирибиз алдап, бирибизди-бирибиз карактап!.. Адамдык абийирден, ар-намыстан тайып, атасы баласын, баласы атасын тааныбай, атамзамандан келаткан асыл касиеттерибизди, ата салтыбызды танып, акча деген бир эле бүктөм кагазга кул болуп!.. Акыр замандын балдарына окшоп барабыз!.. Элди айтып коем, өзүмчү?!..”
Тамагына томуктай бир нерсе кептеле түшкөндөй болду. Катуу келаткан машиненин дөңгөлөгү асфальтты “тытып” барып токтоду. Рульга өбөктөй көпкө отурду да, тээ мелмилдеген улуу чексиздикке умтула карап, узакка улутунду: «Кечир?.. – деди алда кимге, – Билип да, билбей да жасаган айыбымды кечир?! Өзүңдүн алдыңда чексиз күнөөлүүмүн! Жаштык кылдым, мастык кылдым! Сен берген ак жарыкты бетиме кармап алып, сен көрсөткөн жолдон азып, адаштым, Теңир!.. Ооба, азгырылдым! Өзүмдү-өзүм жооткотуп: «Заманаң бөрү болсо – бөрү бол, түлкү болсо – түлкү бол» дедим. Адегенде канчалаган бей-бечаралардын сообуна калып, өзүңдүн улуу кудуретиң менен эбепке-себеп болдум. Алы азга – ал, жаны азга – жан коштум. Арактын азабынан ботодой боздоп, бала-бакырасын ач-жылаңач калтырып, калчылдаган аракечти арактан, байлатма жинди менен онтогон оорулууну азаптан арачаладым. Акырындап-акырындап… жарды-жабырлардан алыстап чыга бердим!.. Анткени, күндөрдүн бир күндөрүнөн тартып, менин жардамым, окуган дубам дөөлөттүү, аттуу-баштуу адамдарга да керек боло баштады! Ким бирөөлөр үчүн ыйманга эмес, байлыкка, бийликке жол ачып бер деп анан өзүңө кайрылып, өзүңдүн кудуретиңе сыйынып, өзүңдөн ошолор үчүн жардам сурап калдым: “Алар да сенин пенделериң, Жараткан (бул менин өзүмдү сооротуум эле)! Алар да бу жалгандан каалаган ой-максаттарына жетиш керек. Анын үстүнө алар да жөнөкөй адамдар эмес: «Элге кызмат кылам, ошол карапайым калк үчүн иштейм деген, элдин бычакка сап уул-кыздар» – дедим! Ооба, мени алардын «ыраазычылыгы» жанга баткан жардылыктан куткарды! Болбосо, эсиңдеби, мен көргөн күндөр?! Жетимчиликтин, жокчулуктун айынан, бала туруп башымдан нелерди гана кечирбедим эле?! Кара курсактын айынан көрүнгөндүн көзүн карап, көрүнгөндөн кагуу угуп, муштум жеген күндөрүмчү?! Жада калса менден жадашканда, соо жанымды «жинди» кылып, жиндиканага алып барып ташташып, чыгаарда үстүмдө үйрүп салаар киймим жок, башынан ылдый бит басып келген байламта жиндини акмалап, качан доктур үстүндөгү чалдыбарын сыйрып ыргытканда «жым!» эте тосуп алып кийе коюп, «азаттыкка» чыкпадым беле?! Баш калкалар бир жай жок, ар ким үйүнөн итерип чыгарып таштаганда өлгөндөрдү пааналап, ошолорду жакынсып, үстү ачык «үңкүрлөрдө» түнөгөн күндөрүмчү?! Ал дагы эсиңде эмей!.. Ошонун баарына өзүң гана күбө, өзүң гана калыссың, Жараткан! Анан да… бир окуя эч эсимден кетпейт! Көрсө, кыргыздын кыздарынынын абийрин, арын сатып, сойку болушуна бирден-бир себептердин бири ошол эле жокчулук, ошол эле коомчулук окшобойбу?!..
Сакалың өрттөнгүр, ошол таякем али да тирүү, айылдын аксакалы болуп жүрөт, азыр! Апамдын жакын эле төркүндөрүнөн болот. Кеңседе иштейт эле. Кайыр сурап, сөлбүрөп кирип барсам, босогодо турган мени башты көтөрө бир башкача карап алды! Бул карашта эмне жатканын анчалык аңдай албасам да, ошол көздөрдөн муздак, коркунучтуу бир нерсе денеме жабыла түшкөндөй, бүткөн боюм «дүр-р!» эткен. А бирок ачка элем!..
– Тага, нанга тыйыныңыз болсо берип коюңчу?! – деп эшиктин алдында жер тиктеп, илмийип тургам.
– Эшикте күтүп туруп, мобул элдин баары кеткенде кир, макулбу? – деди тагам. “Макул” дегендей баш ийкеп чыгып баратсам:
– Бирок кетип калба, макулбу?! – деди.
Оозума кара суу келип, кара курсакты бир жолу эле кампайтып алсам, андан кийин эч качан кардым ачпачудай кайыр болуп күтүп отурам. Андайда убакыт да байлап койгонсуп жылбай калат эмеспи. Бир убакта элдин аягы сээлдеп отуруп, кабылдамада менден башка эч ким калбай калды. Эми ойлосом, жумуш күнү бүткөн убак өңдөнөт. Жыртык-тешик, чубалган жаман көйнөгүмдү сүйрөлтүп, капкара узун чачымдын учун кармалап, тагамдын үстүнө кайра кирдим.
– Ии, кел? Курсагың ачкабы?! – мени сынай, бутумдан төбө чачыма чейин сыдыра тиктеди. Башымды ийкедим.
– Аябай ачкасыңбы?! – бир балакетти баштап ийчүдөй, түшүнүксүз сурады. Башымды ийкедим дагы.
– Мен сага азыр акча берем…
Сүйүнүп кеттим. «Жалт!» карадым. Мунум ага жакты окшобойбу:
– Бирок, сен азыр мен айткандай болосуң... Анан берем. Жарайбы?! – деп ордунан туруп, мага улам жакындап келатты. Кудум олжосуна келаткан жырткыч сыяктуу кош кареги кыбыңдап, шумдуктуу эле. Капаска түшкөн чымчыктай, жандүйнөмдө «чыркырай» түштүм.
– Деги эле… анан калса мунун сулуулугун кантейин?! Көздөрүн кара! – деди да ээгимден өйдө көтөрүп, өзүнө каратты. Калчылдап, коркуп жатканымды көрүп:
– Коркпо! – деди. – Жакшы болот! Дайыма ушинтип келип турсаң, дайыма акча берип турам!
Тырмышып, эшик жакка кача баштадым. Ал мени ошол жерден жылдырбай, бир ыптасы менен тамга ныгыра басты да, бир колу менен эшикти илди.
– Кетем! Кетем! Акча бербей эле коюң, кое бериң?! – дедим.
– Каяка кетесиң?! Сенин курсагың али тое элек да?!
– Кое бериң! Кетем!
– Эриңеби?! – “күш-быш” этип энтигип чыкты, – Ал сени эмне, “тойгузбай” койдубу? Каякта аның, өзү?
Кепке тартылып кетсе, алаксып калабы деп жанталашып ийдим:
– Ал жумушка кеткен. Алыс жакта...
– А сен каяктан келатасың?
– Жиндиканадан! Жеңем үйгө киргизбей коюп…
Мен аны антип алаксыта алган жокмун. Ал мени угуп да койгон жок. Жанталашып жерге сүйрөп, этек-жеңимди түрүп, өзү күшүлдөп-бышылдап ычкырын чечип кирди. Кантсе да баламын да, шамдагайлык кылдым, тагамдын алдынан суурулуп чыгып, тура качтым. Мышык-чычкан болуп, кабинеттин ичинде кубалашып жүрдүк. Эми ал жалынып-жалбара баштады. Аябай тойгузаарын, күн сайын акча берип жыргатаарын айтып атат! Шымы шыпырылып, улам өйдө кыла коет, анысы кайра ылдый түшүп кетип, эки аягын тушап, чалынып, жыгылып-турат. Ошондой бир ирмемде эшикке учуп жеттим да, сыртка атып чыктым. Ансыз да «жинди» атка конгон жаным ого бетер чачы-башымды саксайтып-үксөйтүп, туш келди чымын-куюн болуп качып бараттым!.. Ыйлап бараттым!.. Ачка калганыма эмес, адамдардын ушунчалык таш боор эле болбой, ыпылас, акмактыгына ызаланып ыйладым! Бара турган жерим жок. Эң акыркы үмүтүм ушул тагам болчу. Ошентип, кайра эле анан өзүмдүн мени эч кимиси таарынтпаган, мени унчукпай тосуп алып, унчукпай узатчу, көнгөн жайым – көрүстөндөрдүн арасына бараттым…
Бир күнү эсиме башка кыздарга салыштырмалуу мени аяй турган Жыпархан аттуу курбум түшүп кетти. Башкалардын шылдыңынан коруп, дайыма мага болушат эле… Ошолорду ойлоп, курбумдун үйүнө келдим да, бирок дарбазасына жакын барганга даабай, алыстан акмалап, айланчыктап турдум. Айтмакчы, өгүнкү окуядан кийин дагы бир, бирок бип-бир тууган тагамдыкына баргам. Менин короого кирип келгенимди көрүп эле таяжеңем:
– Коку-уй, жиндиң келатат! Жогот! Балдарымды жин чарпыйт, кокуй!!! – деп таякемди чакырып чыкты. Апамдын бип-бир тууган жатындашы, менин ошондогу жап-жалгыз таянычым, ишенчим – таякем мага анан ачууланып басып келди да, каруумдан капшыра кармап туруп дарбазага чейин жулкулдатып жетелеп келип:
– Бар, кет! Экинчи келбе! Бул үй – сен келчү үй эмес!! – деп көчөгө итерип ташатады. Ага салыштырмалуу, курбумдун апасы мага ким эле?! Ал да кубалап, айылдын аяк-башына угуза айкырып-кыйкырса кантем?! Ушул ой кекиртегиме чейин келип, ызадан ынтыга түштүм. «Эмне экен?! Андай сөздү укпай жүрдүң беле?! – деди бир оюм кайра, – жакындап бара бер! Эмнең кетип атты эле?!» Айткандай эле акырын жылып, жакындап келдим. Ошону эле күтүп тургансып, аңгыча үйдөн Карамат апа чыга калды да, мени бир серпиле карап алып:
– Бу… ким элең?! – деди бүшүркөй.
– Алмашмын! – ушул сөздү эмнегедир баса айттым. «Эмне десең да даярмын!» – дегеним эле ал. А бирок, аяш апам мен күткөндөй болбой:
– Ии-ий, айланайын, Алмаш дейсиңби?! Баягы… Алмашпы? – деди боору ачыгандай. Башымды ийкедим. Мен эчак унуткан жылуу сөз, жылуу мамилеге, эне мээримине дене-боюм, муун-жүүнүм болбурап, бошой түштүм. Көптөн бери ыйлай элек көздөрүмө да ып-ысык жаш тегеренип келди да, мөлтүлдөп эки бетим тыпылдап кулап жатты.
– Келе гой, айланайын. Эмне ал жерге туруп калдың? Кир үйгө? – деди апа. Мага курсак тойгузаар тамактын да, эч нерсенин кереги жоктой, ушул сөз гана керек өңдүү, кыймылдасам эле ушул ирмем, ушул сезим жоголуп кетчүдөй коркуп, ошол турган жеримде телмирип тура берипмин. Качан гана Карамат апа келип:
– Ыйлап атасыңбы? Ыйлаба, берекем? – деп алаканы менен көзүмдүн жашын аарчып, билегимден аяр кармап үйдү көздөй жетелегенде гана эсиме келе түштүм. Мен ошол күнү, эң биринчи жолу өзүмдү бала сезип, эң биринчи жолу өзүмдү бактылуу сезгемин! Адегенде башымдан суу тегертип чачып, колума бир чөйчөк айран, бир сындырым нан берип, анан:
– Досуң азыр келет, – деди. Ал антип оозун жыйгыча курбум да кирип келген. Мени көрүп сүйүнүп кеткени! Менден эч коркпой, жийиркенбей туруп эле кучактап, канча күндөрдөн бери жуулбаган беттеримден өптү да, апасына айтып, өзүнүн эч кийе элек, жапжаңы эле тиктирген көйнөгүн мага берди. Ошол күнү экөөбүз мончого түштүк.
– Айи-ий, ушунчалык чырайлуу болуп чыга калдың го?! – деп анан мени айландыра карашып, чыны менен эле суктанып жатышканы эсимде. Өзүм да жуунуп, таза кийингенге, анын үстүнө жакшы мамилеге кубангандан бутум жер баспай, абада учуп жүргөндөй сезгем, өзүмдү. Көрсө, ошол мезгилде мени жоголуп кетүүдөн аз болсо да ошолорго окшогон мээримдүү адамдар сактап калыптыр…
Ошондо мен: “Чоңойсом мен да Карамат ападай боорукер болбосом... Анан да карап тур, бүт бардык жетим балдарды чогултпасам дагы, баарына апа болбосом...” – деп кыялданганым эсимде...
***
Ошол түндө эки кыз тээ түндүн бир оокумуна чейин күбүрөшүп-шыбырашып, чүмкөнүп алып кээде аябай кыткылыктап күлүп, кээде бирин ээрчий экинчиси үшкүрүнүп, сөздөрү такыр бүтпөй жаткан. Бала турду.
– Ал сени өбөбү? – дейт курбусу кыткылыктап.
– Кызыксың го, күйөөң болгондон кийин өбөт да!
– А сенчи?!
– Мен деле… Аялы болгондон кийин өбүш керек дейт.
– Ким?
– Күйөөм…
– Быш-ш!!! – эркек-аялдын мамилесин түшүнмөк түгүл, алгачкы сүйүүгө да кезиге элек кыз бышкырык атат.
– Ий, койчу! Түшүнбөйт экенсиң! – дейт анда өзү деле анчалык көп нерсени аңдап биле албаган Алмаш. Деген менен курбусунун ушул али эч нерсе түшүнө элек, биле элек бактысына суктанат.
– Сен да анан төрөйсүңбү? Күйөөгө тийгендер төрөш керек да? – дейт курбусу.
«Чын эле!» – дейт оюнда Алмаш. Буга чейин бул жөнүндө ойлобогонун карасаң. Өзү бала болгон үчүнбү, эмнегедир кызыл эт ымыркайды элестетип алып, денеси жыйрылып кеткен. “Мен аны кантип багам? Эмчегим да кичинекей, кантип эмизем? Жеңем үйдөн чыгарып салгандачы? Аны көтөрүп алып... кайда барып түнөйм?” Бул оюнун аяк-башына чыккыча кыз кайра баштан суроолорун жаадырат:
– Күйөөгө тийген... жакшыбы?
– Билбейм!..
– Кантип билбейсиң?! Ай, и-ий, айтсаң эми?..
– Эмнеси жакшы?! – «тарс» жарылат, – Эгерде менин өзүмдүн атам тирүү болсо, апам байкуш да башка эрге тийбейт эле. Мен дагы анда сендей болуп, эч нерсени билбей эркелеп, жыргап жашайт элем! Өх-х!!! – бүт денесин сокулдата үшкүрөт кыз.
А сенин атаң... эмне болду эле?..
Ийнин куушурат. Тээ бир топто анан качандыр бир апасынан эшиткендерин айтат:
– Атам менен апам бири-бирин аябай сүйүшчү экен. Билесиңби, атам ошондо күйөөсү согуштан келбей калган апамды атайын Өзбекстандан издеп, таап келиптир. Бирок, апам улам төрөсө эле токтобой, Кудайга жалынып, тиленип жүрүп эжем экөөбүздү көрүшүптүр. «Сен атаңа союп каптагандай окшош, балканактай аппак кыз болчусуң», – дечү апам. Бир күнү анан көз тийип, ооруп калыпмын. Ошондо атам байкуш кара улакты жетелеп:
– О, Кудай, айланайын! Пендем десең кызымдын ордуна мени ал! Кызыма жаным курман! Кызыма жаным садага! – деп мага өзүн садага чаап, көзүнүн жашы сакал-мурутун жууп, жедеп чарчап, суй жыгылгыча бешигимди айланып, мени тегерене берген дейт! Бечара атам!!! Ошондон көп өтпөй мен куландан соп-соо айыгып, күлүп ойгонупмун да, атам шордууну кесел басып жыгылып, акыры алып тыныптыр! Апамды анан ага-туугандары башкага күйөөгө берип жатышпайбы!
– Анан?!
– Анан ал кишиге да апам төрөп берди. Бир кыз, бир уул. Бирок өгөй атам өтө өзүмчүл адам эле. Ишенесиңби, атүгүл анын мурунку аялынан калган баласы да апамды уруп-сабачу! Бирде эринен, бирде өгөй баласынан токмок жеп, жерде башы-көзүн калкалап, түйүнчөктөй түйүлүп жаткан апамды көргөндө алсыздыгыма арданчумун! Болбособу!... Жүрөгүм таштай түйүлүп, өзөгүмдү өрт каптап кетчү!
– Жинди го?! Баласы эмнеге урат?!
– Бир жолу апам байкуштун ыйлап жатып: «Акмак! Атасынын катыны менен жатам дегени эмне шумдук?!” – деп сүйлөнүп жатканын уккам. Көрсө апамды: “Эмне үчүн мага макул болбойсуң?!” деп урчу экен.
– Жаман киши турбайбы!
– Апамдын мени балдар үйүнө өткөрүп, бат эле анан эрге бере салганынын бир себеби ошол го дейм эми. Бир күнү байкушум жиндиканага келиптир. Ишенесиңби, өгөй атам апамды жада калса мени көрүп кеткенге жиберчү эмес. Ал күнү кандай шылтоо айтып, кантип келгенин билбейм. Ошол келишинде: «Ооруп жүрөм, кызым! Сен бактыңды таап, күйөөгө кеткиче өлбөй жашай турсам экен!..» – деп ысык-суукка бышкан шадылуу алаканын майда калтырак басып, маңдайымдан сылап, ыйлаганы эсимде. Жиндиканадан чыккандан кийин да бир күнү интернатка келген! Эмнегедир энтеңдеп, башкача болуп алыптыр. Кармаганы эле колунан ыргып, калдалаңдайт. Анан калса ошол күнү мени үйгө сурап келди да киринтип, чачы-башымды тарап, үстүмдү жаңылаган болду. Көрсө, бир жигит мени сыртымдан көрүп эле: «Ушул кызды албасам болбойт!» – деп ата-энесин үйгө жуучу жөнөтүптүр. Ошентип апамдын көктөн тилегени жерден табылып жатпайбы! Бирок баары бир эне да: «Кызым жаш эле... Кантээр экен?!» – деп кыйылса: «Ал жагынан кам санаба, өз балабыздай асырап алабыз. Илгери кызды он үч, он төртүндө бербесе, кара далы болуп калчу турбайбы!» – деп бал тилге салышкан окшойт. Ошентип, мени ала качты кылып алып кетишкен.
Эки күн өтүп-өтпөй эле артымдан милиция келди. «Жашы жете элек, 6-класстын окуучусун зордоп алды,» – деп мугалимдерим ызы-чуу түшүп, сотко беришиптир.
Күйөөмдү милиция кармап кетип, камап койду. Мени болсо кайын журтум: “Кетпеймин деп айткының!” – деп үйрөтүп жатып, алып калышты.
– Жүрү, сен деген али кичинекейсиң. Окушуң керек, – деп мугалимдер колумдан жетелешкенде: “Кетпейм!” – деп чучуктай чыңырып, жер тепкилеп ыйладым. Анткени, окууга кайтып барганымда апам жер карайт эле, окуучулар да: “Өл-аа!..” – деп мурдуларын чүйүрмөк.
Ошентип, ар күн сайын таң заардан кайненем ойготот:
– Тиякта эриң камалып жатса, уйкуну сага ким коюптур?! Тур, барып кел! – деп. Барам да, кайненем үйрөткөн боюнча:
– Мен күйөөмдү сүйөм! Мен өз каалоом менен эле тийгем. Күйөөмдү бошотуп койгулачы?! Мен ансыз жашай албайм! – деп ыйлап, милициянын эшигин сагалайм.
Бир күнү анан тергөөчү белимчиге окшоп бир айтканын кайра-кайра кайталап, таң аткандан күн баткыча маңдайында безилдей берсем мени аяп, боору ачыдыбы же тажадыбы:
– Бери келчи! Мындай отур, – деди да, үстөлдүн учунда учуп кетүүчүдөй болуп, коомай конуп отурган мени көз айнегинин үстүнөн бүшүркөй карап, – А сен сүйүү деген эмне экенин билесиңби? – десе болобу! – Аны жейби же ичеби?!
Кызык, баарын үйрөткөн кайненем ошону деле үйрөтүп койбойбу десең!
– Билбейм, – деп жер тиктесем:
– Ай, ай, ай! – деп башын чайкады да, – Мобуга кол кой, – деп бир-эки кагазга кол койдуруп, күйөөмдү бошотуп берди.
Ошентип, андан аркы тагдырым абысынымдын колуна түштү. Жеңебиз адегенде түзүк эле болчу. Бара-бара жасаган оокатым жакпай, кылдан кыйкым таап, какылдап-какшап тилдей берчү болду. «Катуу бассам – таскак, акырын бассам – аксак» дейт. Айтор, тилинин ачуусун айтпа! Анысы аз келгенсип бетимден аткый кармап, колунун кычуусу кангыча жулкулдатып, кээде башымды тамга койгулайт. Көбүнчөсү кубалап чыгат.
– Күйөөң болушпайбы?
– Ал келгенде унчукпай калат.
– Сени эмнеге жаман көрөт ал? Жинди деппи?
– Жок, – деген Алмаш жеңесинин эмнеге өзүн жаман көрөрүн эстей коюп, каткырып күлүп жиберет. Курбусуна бул ансайын кызык:
– Эмнеге күлдүң, айтсаң?
– Жеңем башында анчалык эмес болчу, – дейт күлкүсү пастаган кыз, – Кийин эле ошондой болуп калган.
– Эмне үчүн?
– Анткени, мен анын бир нерсесин күйөөмө айтып таштагам!
– Эмнесин?!
– Эмнегедир жеңем дайыма эле шорулдатып мурдун тарта берчү. Бир күнү анан биздикине коноктор келмей болуп калды. Күйөөмдүн теңтуш балдары. Жеңем байкуш жакшы эле чуркап, даярданды. Мен да бир жагынан жардам берип тыпылдап жүрөм... Күйөөм мантыны жакшы көрчү. Бу саам да жеңем экөөбүз манты жасамай болдук. Баягыдай эле мурдун кайра-кайра тартып коюп, жеңем тердеп-кургап камыр жууруп жаткан. Бир убакта эле мурдунун суусу чубалып, камырга түшүп кетип жатпайбы!
– И-ий, анан?!
– Анан жеңем шашып кетип камырды бат-бат ийлеп ийди. Мени байкабай калды деди окшойт... Мен ойлодум: “И, азыр анысын итке берип, башкасын жуурат го”, – деп. Жок, анткен жок...
– Анан сен айтып салдың?
– Жок, адегенде айта алган жокмун. Жаш келин болсом, анын үстүнө уялтпайын дедим да. Жеңем өзү билип, кайра жуурат деп ойлогом. Бирок анткен жок...
– Анан?
– Анан коноктор келди. Күйөөм баш болуп алып: “Аябай жакшы болуптур,” – деп мантыны ушундай бир жеп жатышат дейсиң! Жалгыз эле мен жебей отурам. Жеңемдин баягысы эле көз алдымдан кетпейт. Күйөөм да кызык, өзү унчукпай жей бербей мени кыйнап, кыстайт десең! Акыры чыдабай кеттим да:
– Алдагы мантыга жеңеңдин чимкириги түшүп калган! – дедим. Өмүр чоң сугунуп алган экен, эшикке атып эле чыкты. Дагы ким бирөөлөр угуп калган окшобойбу, жеңемдин мантысы жөнүндөгү ошол окуя анан бүт айылга “дүң!” дейт түштү!
– И-ий! Уят эле иш болгон экен...
– Ошондон кийин мен жеңемдин номур биринчи душманына айландым! Күйөөм бар кезде унчукпай калат да, ал кетээри менен эле баса калат.
– А сен эми аныкына барбай эле кой да? Биздикинде жашай бер?
Эрден чыккан уят да… – улутунат Алмаш.
– Ай, эки кыз! Уктабайсыңарбы! – дейт аңгыча аяш апасы. – Эртең эрте турасыңар! Базарга барасыңарбы, жокпу?!
Айткандай эле, эртеси ошол базардан үч уктаса түшкө кирбес бир окуя болгон.
***
Кызык, тагдыры бул сүйүүнү ага эмне себептен кабылтты экен?.. А балким, тек гана жашоодо ушундай да керемет сезимдер бар экенин билсин дегендир? Мүмкүн. А балким, Теңир аны бардыгына кайыл болуп, ошол сүйүү, ошол бакытты кармап калсын дегендир? А балким ал тек гана Алла-Тааланын Алмашка жиберген сыноосу болгон чыгар? Ким билет, айтор курбусу экөө базарга чыккан күнү эстен кеткис бир окуя болгон.
Айтмакчы, бул кандайча башталды эле?..
Ооба, базардын чыга беришинде кыздар шаардыктарча кийинген, жакшынакай бир жигит менен карпа-курпа урунуша түшүшкөн. Эмнегедир эле ошол бейтааныш жигит менен Алмаш бири-бирине тартылыша, саамга тиктеше калышып, жүрөгү бир башкача «солк!» эткен. А бирок, артына канчалык кылчайгысы келген менен, бурулуп караган эмес анда. Жигит тууралуу ойлоого, башка эркекти кароого анткени анын акысы да жок болчу! Ушундай ойлор менен Алмаш тез эле эми элеки жандүйнөсүн «дирт!» эттирген табышмак бир сезимди жууп салган. А бирок өчөшкөнсүп, жанагы жигит бир убакта катарында кайра да пайда боло калган да, экинчи жолу да жан дүйнөсүнө бүлүк түшүп кеткен. Ошол ирмемдерден тарта жигит алардын артынан акмалап, эрчип албады беле. Жигиттин да жалгыз эмес, жанында жолдош балдары бар экенин Алмаш кийин байкаган.
Эки кыз жигиттерди калп эле байкамаксан болгон менен курбусунун да жүрөгү элеп-желеп болуп алган… Бири-бирин чыканак менен түртүп, экөө бирдей бой түсөп, кербездене керилишет. Анан эмне болду эле? Аа, ооба! Качан гана алиги жигит:
– Чоң кыз, сиздин атыңыз ким? – деп бура бастырбай жолун торогондо, ким бирөө көрүп койчудай жандилинде Алмаш тыбырчылап ийген: «Жеңем билсе өлтүрөт!» – абысынынын ачуу айкырыгы, көржемеси кулагында чуулдап, акшыя караган заардуу көздөрү элестей түшкөн. «Апе-ей, жашабай жатып, эриң туруп эрсиреген кандай немесиң?! Бар кет!» – деген аяш апасы да көз алдына тартыла калган.
– Тур, мындай! Жолду торобо деп жатам! – чын ниетинде жигиттин кетишин каалабай жатса да кекете, өктөм сүйлөгөн кыз.
– Атың ким? – эми ал да “сенге” өтүп, жигит ансайын каректерине кадала караган.
– Айтпайм! Өткөр деп жатам?!
– Атыңды айтсаң өткөрөм!
– Болуптур! Алмаш...
– А менин атым – Асан! – Алмаштын жумшак, ичке манжаларын коё бербей, күлө багат Асан. Деги эле адам болуп эс тартканы, Алмаш мындай карашты биринчи көрүшү. Эмнегедир кайра да тулку-боюн жыбыраган майда калтырак басып, эки бети дуулдап ысып чыккан.
– Сен аябай сулуу кыз экенсиң, – деген жигит да ансайын. – Билесиңби, сен кыздардан такыр башкача кыз экенсиң. Сен... Сен мага жагып калдың!
Башкалар укпасын дедиби, эмнегедир: “Сен мага жагып калдың!” – дегенди кайра да кайталап акырын, шыбырап айтты улан.
Кыздын ыйлагысы келип кетти! Өзөгүн өрт аралап, жандүйнөсүн жалын каптап кеткен сыяктуу, бир башкача абалга тушукту. Бирок бул сезим – арман менен өкүнүч экенин анда Алмаш билген эмес! Көрсө ошондо ал биринчи, тун сүйүүсүнө кезиккен окшойт! Бирок кеч, өтө кечигип келген сүйүүгө кандай жооп айтып, кандай мамиле кылууга Алмаш даяр эмес болчу. Жүрөктү титиреткен мындай сезимге, мындай көз карашка качандыр жолугам деген ой анын түшүнө да кирген эмес. Бирок эми жанагыдай эмес, күнөөлүү адамдай жер тиктеп, акырын унчукту:
– Менин эрим бар... – Анын добушунда өкүнүч бар болчу.
Асан анын айтканына ишенип-ишенбей, көздөрүн бакырайта, кирпиктерин ачып-жумуп туруп калды. Жанындагы жолдош балдары болсо бири-бирин карап, кыраан-каткырык салып күлүп жиберишкен:
– “Эрим бар” дейби?
– “Эрим?!..” Аха-ха-ха!
Жап-жаш, тал чыбыктай ийилген, ийнеликтей илбериңки кыздын «эрим бар» дегени чындап эле бир уккан кишиге күлкүнү келтирерлик эле...
– Чын эле мунун күйөөсү бар, – деген курбусунун сөзү да каткырык менен жуулуп, эч кимисинин кулагына жукпай, чындык чыркыраган боюнча желге тарап жок болуп кеткен.
Ошол күнү бир көрүп эле ашык болгон Алайлык жигит Алмашты айлына ала качкан! Көздөрү күлмүңдөгөн жакшына кыздын жол бою канкакшап: “Күйөөм бар!” – деп ыйлаганына уландар ишенмек түгүл, угуп да коюшкан эмес.
Алмаш анда өзү да таң калган. Ал күйөөсү бар экенин канчалык далбас уруп, чын дилинде буларды ынандыра албай жатканы менен, өзүнүн көкүрөк-көңүлүндө, жүрөгүнүн тереңинде башбаккан бейтааныш бир сезимге башы айланып калган болчу. «Кызык, бул сезим мага кайдан келди? Башта ал кайда эле? Эмнеге мен анын бар экенин буга чейин билген жок элем? Балким бул сүйүүдүр?!”
Кап десең, эгерде эрге тийе элек, башы бош болгондобу?!.. Анда бул жигиттин сүйө тиктеген кирсиз каректерине канбай, жалтактабай кайра-кайра карап албайт беле?! Анын аяр кармаган ысык алакандарын итерип салбай, жүрөгүнө басмак. Бечараны туш келди ургулабай, тескерисинче ийнине башын жөлөп, эчактан жалгызсырап, жетимсиреп жүргөн жарты жүрөгүнүн бүтүндөмөк! Ооба, анын жүрөгү, көкүрөгү ошону каалап турган. Бирок!.. Кап десеңчи!
Ошол түн ушунчалык сулуу болчу. Ай да, жылдыздар да жерге түшүп кетчүдөй жап-жакын, жарык эле. Айрыкча бири-бирине жөлөнүп, калдайып жаткан алп тоолор кудум жомоктогу уктап калган дөөлөрдү элестеткен.
Машина токтоору менен балдардын бири үйгө чуркап кирип кетти да, заматта үйдөн бала-бакыра, аял-эркектер чыгып, кошуна-колоң, тууган-туушкандарга кабар кетип: “Келин келди!” – болуп дүрбөлөң түшүп калышкан.
– Балакет-мээнетиңди алайын, алганың менен тең кары! – деп жоолук алып келген аялдарга бой бербей:
– Апалар, мен кыз эмесмин, мен келинмин! Менин күйөөм бар! – деп чырылдаган Алмаш. Чыпалактай болгон жаш кыздын анткенин алар да уккан эмес. Тек гана отурбаштын амалы, алдайм деген балалык баёо шылтоо катары түшүнүшкөн. Ошондо Алмаш:
– Мен деген жиндиканада жатып чыккам! Мен – жиндимин! – деп чыңырган.
– Кой, антчү эмес, кагылайын! – деп кыздын жоругуна энелердин ого бетер ичи элжиреген. Андан да айла болбогондо кыз:
– Мен … алтынчы эле классты бүткөм! Мен!.. – деп жанталашты эле:
– Биз деле министрдин окуусун окуган эмеспиз! Окуу эле эмне экен?! Аман болсоңор далай окууну окуйсуңар. Али жашсыңар. Тигине, күйөөң шаарда окуп жүрөт. Эртең жетелешип алып бирге окуп кетесиңер!.. – дешти.
“Андай болсо жакшы эле болбойт беле, атаганат!.. А бирок!..” – дилинде ушинткен Алмаш жоолукту улам алып ыргыта берип, акыры колун өйдө кылууга дарманы келбей, чарчоодон жыгылганда гана шалдайып олтуруп калган.
Биринен сала бири келип, келин көргөндөр көбөйө берди. Алмашка айрыкча көшөгөнүн улам бир жеринен шыкаалап, шынаарлаган беш көкүл кыздар жакты.
Эс-мас олтуруп, бир убакта анан эсине келе түштү: “Эрим!.. Эрим бар эмес беле?! Мен эмне отурам?! Эмне кылыш керек?!”
Оюна бир нерсе «кылт!» этти. А бирок антип ойлоорун ойлоп алып, кайра өзүнүн дене бою дүркүрөп, жиндиканадагы чын эле жиндилер көз алдына элестей түштү... Антпейин десе, андан башка айла-амалы жок болчу. «Ооба, ошентиш керек! – деди чындап, – Болбосо, эри туруп эргеп тийет деген эмне шумдук?! Эл эмне дейт?! “Эзели эне тарбиясын көрбөгөн ээн баш эме да! Болбосо, соо киши кантип ушундай кылсын?! Ии-ий, бетиң түгөнгүр!» – деген үндөр кулагында кужулдап, алакандары менен кулагын жаба калды.
Кайра эле көз алдына классташтары, мугалимдер, кайын-журту тартылды. Азыр мунун эри бар жубан экенине ишенбей жатканы менен, бияктагылар да анан: «Абийири менен келбептир!» – дешип, жети өмүрүн жерге киргизбейби!.. Ооба десең!
Ой-санаанын күлүктүгүн кара! Заматтын ортосунда Гүлдана аттуу кыздын окуясы көз алдынан чубап өттү...
***
Гүлдана аттуу ошол кыз экөө капысынан таанышып, бирок эчактан берки тааныштардай өтө эле ынак боло калышкан.
Ошол күнү да Алмаш адатынча “достору” менен ойноп отуруп, интернаттан кантип чыгып, коңшу айылга кантип кетип калганын билбейт. Бир убакта эле эсине келсе, таптакыр башка жерде жүрөт. Эки жагын элеңдей карап, коркуп кеткен. Алмаштын айлана-тегерекке чочуркай караганын байкагандай, артында келаткан кыз:
– Сен... кимдин үйүнө келдиң эле? – деген.
– Эч кимдин! – жедеп улуу-кичүүлөрдөн көңүлү калган Алмаш адегенде тиртеңдей түшкөн. А бирок тигил кыз аны анчалык деле этибар албагандай, жакшына жүз менен күлүмсүрөй караган:
– Сенин кийимиң жакшы экен. Ботинкаң дагы... Сен кайдан келгенсиң? Оштонбу же Фрунзеденби? – чын айтканы же тек гана Алмашты кепке тартуу үчүн айтканы белгисиз, ушинткен болчу кыз.
Эмнегедир кызга ичи жылый түшүп:
– Интернатта окуйм... – деген Алмаш.
– Канчанчы классың?
– Алтынчы. А сенчи?
– Мен да алтынчы. Кел, анда таанышып алалы, – кыз колун сунган, – Менин атым – Гүлдана.
– А менин атым – Алмаш.
Экөө бир топко чейин унчугушпай басышкан.
– Сага кайсыл сабак жагат? – деген аздан кийин Гүлдана.
– Магабы?.. – Алмаш буйдала калган. Кайсыл сабак жагаарын өзү деле билбейт экен. Оюна эле келген бирөөнү айта салайын десе, бу кыз бирдеме деп сурап жибереби дейт. Анан ачыгын айткан:
– Мага эч бир сабак жакпайт!
– Эмнеге?!.. – кыз аңкая карган. Тек гана ийнин куушурган Алмаш.
Анын кыйын абалда калганын түшүнө койгон сезимтал кыз:
– Билесиңби, мага адабият сабагы жагат, – деп абалды оңдоп кеткен, – Эмнегедир менин да ыр жазгым келет.
– ?..
– А сен түшүңдө учтуң беле? – Гүлдана кыялдана сураган. Алмаш анда да унчуга албай калганы менен оюнда: “Түшүмдө эмес, өңүмдө деле учуп кетеримди билбейсиң да!.. Болбосо биякка эмне, самолет менен келди дейсиңби?!” – деген. Гүлдана болсо:
– А мен түшүмдө ар дайым бийик-бийик учуп, тоолордун, деңиздердин үстүнөн карап өтөм да, ак булуттарга минип алып, ай-жылдыздарга барам... – деген. Алмаш ушул тапта андан да алда нени шекшигендей караган. Атүгүл, эсинде:
– А сен минтип ар кимге айта берсең, сени да жиндиканага жаткырып салышпасын, мендей кылып! – деп ийген болчу.
– Сени ошентишти беле?
Алмаш башын ийкеген.
– Кимдер?!
– Мугалимдер. Интернаттагы...
– Билдим! Сен ошондуктан окугуң келбейт турбайбы?!.. – кыз жанагы, жүрөгүн түпөйүл кылып калган суроосуна жооп тапкандай сүйүнүп кеткен, – Анда биздин мектепке келип окубайсыңбы? Мен сага жардам берем. Дептеримден көчүртөм?
Чын дилинен ушинтип, Алмаштын көздөрүнө караган Гүлдан. Ушул баёо, кирсиз көздөрдө чындап эле сураныч, өтүнүч бар болчу. Алмаш да балалык кыялында: “Чын эле... – деген, – Гүлдана жакшы кыз экен... Ал мени жиндиканага жаткам десем деле жакшы көрүп жатпайбы, балким чын эле интернатка эми эч качан барбай койсом эмне болот?..”
– Алмаш, кел чын эле ошентебиз? Мен сени эртең мектепке эрчитип барам?! Ансыз да биздин класста кыздар аз. Экөөбүз дос болобуз. Сабакка чогуу барып, үйлөрүбүзгө да чогуу кетип турабыз. А чын эле сенин үйүң кайсыл?! – деген Гүлдана.
– Менин үйүм жок! Мен интернатта жашайм да!
– Бияккачы? Кимдикине келдиң эле?
– Эч кимдикине!
– ?! – кыз аңкая карган.
– Мен биякка кантип келгенимди билбейм! Жана интернаттын короосунда “досторум” менен ойноп жаткам. Анан карасам эле... чоочун айылга келип калыпмын. Сен келатыпсың... Балким, менин биякка кантип келип калганымды сен көргөндүрсүң?
– Жо-ок, – дейт кыз актангандай, – Көргөн жокмун. Мен дүкөндөн келатсам, сен келатыпсың, – деп анан санааркай сураган Гүлдан, – Эмне кыласың эми?
– Билбейм, – ийнин куушурат Алмаш, – А сен бул айылдан кантип кетиш керек экенин билесиңби?
– Ооба. Эртең менен айылдын башына автобус келет. Элдер ошого түшүп Ошко, борборго кетишет...
– Азыр кайсы убак?
Гүлдана ого бетер аны аңкая карайт:
– Азыр кеч кирейин деп калбадыбы!
Алмаш эмне кылаарын билбей, турган ордунда тегеренип туруп калганда:
– Ыйлагың келип жатабы? – деп Гүлдана боору ооруй, үңүлө караган, – Коркпой эле кой. Жүрү биздикине. Апам экөөбүз ансыз деле жалгызбыз.
Анан эсине бир нерсе түшүп кеткендей “жарк” этип күлүп жиберген:
– Балким эртең менин мектебимди да көрүп кетерсиң? И?..
Алмаштын ансыз да башка айласы жок болчу. Анын үстүнө түшкү тамактан да калып калганга ичи эңшерилип калыптыр.
– Үйүңө барсам, апаң урушпайбы? – деген.
– Урушпайт. Жүрү! – Гүлдана аны жетелеген боюнча, баалуу бир нерсе таап алгандай үйүнө ашыккан.
Алар келгенде Гүланданын апасы эшиктин алдында кир жууп отуруптур. Отуз-кырктын ортосундагы каратору, чырайлуу аялзаты экен. Бейтааныш кызды жетелеп, шаңыраңдып кубанып алган кызына:
– Гүлү, эмне мынча кечиктиң?! – деди, – Ылдам кел дебедим беле!
– Апа, бул – Алмаш, – деди Гүлү анын суроосун укпай калгандай алактап, – Алмаш интернатта окуйт экен. Биякка адашып келип калыптыр. Кайра кете албайт да. Эртеңге чейин биздикине жатып алсынбы?
Кудай жалгап, эмнегедир Гүлдананын апасы: “Кантип, качан, кайдан адаштың? Каякта турчу элең?” – сыяктуу суроолорду берген жок. Анысы Алмашка майдай жакты. Ансыз да башка иши көп же ою ордунда эмес адамча, атүгүл адашкан кыздын кебетесине анчейин деле үңүлүп карабай, тек гана кызына:
– Мага кир жуушсаң болбойбу?! Сен эми чоң кыз болдуң, кир жууп, нан жапканды үйрөнүшүң керек! – деди. Бул анын Алмашка уруксат бериш үчүн алдын ала койгон шарты окшоду.
– Макул! – деди кыз илгиртпей. – Кир жуушсам, анан макул болосузбу?
Макул болгондой апасы унчуккан жок.
– Мен да жуушсам болобу? – Гүлдананын боорукерлигине ыраазы болгон Алмаш да муну чын дилинен айтты.
Гүлдана аңгыча алда нени эстей койгондой курбусун билектен алып, үйдү көздөй жетеледи:
– Биринчи тамактанып алалы, анан...
Ага да макул өңдүү апасы дагы үн катпай, жагымдуу бир нерсени же жакшы бирөөнү эстеп, ичи элжирегендей кээде өзүнчө мыйыгынан күлүмсүрөп коюп, баш көтөрбөй кирин жууй берди.
Чыны менен эле Гүлдананын апасынын шашканынын жөнү бар экен. Бир үймөк кирди үчөөлөп арыдан бери жууй салгандан кийин өзү да жуунуп-тазаланып, кийимин которунуп:
– Гүл, курбуң экөөң үйдө отуруп тургула. Сен эми кичинекей кыз эмессиң да, эрчигидей, – деди, – Мен Тынар акеникине барып келейин.
– Неге?
– Тынар акенин уулу келинчек алып келиптир, көчөнүн этегиндеги Абдулла акенин кызын. Той берет экен.
Демейде: “Мен да барайынчы?! Аны-ый!” –деп кыйылчу кызы бу саам шыр кетти:
– Бара бериңиз, апа!
Апасы кеткенден кийин эки кыз үйдө кобурашып биртопко отурушкан. Гүлдана мектепке көтөрчү булгаары сумкесин ачып, китеп-дептерлерин, бааларын көрсөткөн. Алмашты таң калганы – анын бааларынын баары окшош бүт – “5” болчу. Анан ал классында окуган Эрмек аттуу баланын аябай жакшы бала экенин, сабакты жашы окуурун, тартип да бузбай тургандыгын ушундай бир толкундануу менен айткан болчу. Гүлдана менен Эрмек атүгүл чогуу отурат экен. Ушулардын баарын айтып болуп, бирок ары жагына бир жашыруун сырды катып калгандай, көздөрү күлүңдөй калган. Аны туя койгон Алмаш да ансайын: “Айтсаң эми? Мен эч кимге айтпайм”, – деген.
– Чын эле эч кимге айтпайсыңбы? – эч ким билбес ошол сыр ичин кытыгылап, сыртка чыккысы келип туйлап жаткандай Гүлдананын жүзү албырып, нурданып кеткен.
– Өлүп кетейин айтпайм, – деген Алмаш. Гүлдана ошондо алаканы менен өзүнүн сол бетин кыялдана басып:
– Ал менин бетимден өпкөн, – деген.
– Койчу?! – таң калгандан Алмаштын көздөрү алайып кеткен.
– Ооба, анан да ал мага кат жазган.
– Эмне деп?
– Көрсөтөйүнбү?
– Кана?
Гүлдана сыртка чуркап чыгып кеткен. Алмаш артынан чыкса короонун бурчунда бүжүңдөп, бир нерсе издеп жатат.
– Эмне кылып жатасың? – дейт Алмаш.
– Катты издеп жатам.
– Ушуякка каттың беле? – өзү да отура калып, улам бир ташты аласалдырып, издешип жатып сураган Алмаш.
– Үйгө катсам апам таап алат да. Сумкеме салсам мугалимдер таап алат.
– А сен окуп туруп тытып койбойт белең?
– Мен аны бат-бат эле окугум келе берет да. Билесиңби, кээде апам уктагандан кийин эшикке акырын чыгып алып, айдын жарыгында окуйм... Бая күнү түшүмдө катты мугалимдер таап алышып, мени кыздар чогулушуна салып, бетимден чоюп жатышыптыр. Апамды да чакырышкан экен... Ал болсо санымдан аткый чымчып, солкулдаган чыбык менен туш келди чаап, сабап жатыптыр. Баарынан жаманы – кыздар катты колдон-колго ала качып окуп жүрүшөт... Мен болсом: “Катымды берип койгулачы?” – деп ар кимисине жалдырап, көзүмдүн жашын он талаа кылып ыйлап жатыпмын. Алар ансайын ырсаңдап, бербей качышат. Бир убакта карасам жалама асканын учуна келип калыпмын. Кайра артка качайын дегиче бутумдун алдындагы таш тайып, таш менен кошо кулап кеттим. Мен бараткан жак ушунчалык коркунучтуу, анан караңгы экен...
Эмнегедир Алмаштын жүрөгү ийне менен сайгандай “зырп!” дей түшкөн да, заматта көз алдына бир жаңы картина тартыла түшүп жок болгон. Анда канатчан бала экөө Гүлдананы ошол коркунучтуу, караңгы туңгуюкка жеткирбей алып калууга жандалбастап, кудум зымырык куштай ылдыйды көздөй шукшурулуп баратышыптыр. А бирок, алар мына-мына жетээр кезде ортодо алай-дүлөйлүү бороон-чапкын пайда болуп, Гүлданды андан ары көрө албай калышты... Бир убакта баары кулак-мурун кескендей жымжырт боло түшүп, абада асылган экөө тээ түпкүргө үңүлүштү. Жанагы калдалаңдап ылдый учуп бараткан курбусу ал кезде эч жерде жок болчу!.. Бир гана көз алдыларында – тээ тереңде коркунучтуу караңгылык гана уюлгуп, демин ичине катып турган.
– Алмаш?! Сага эмне болду, Алмаш?! – курбусунун үнүнөн “селт” этип ойдон ойгонгон кыз Гүлданды бир башкача, телмире тиктеп, катып турган.
– Алмаш?! – оюнда эч нерсе жок, кытылдап күлөт кыз, – Сага эмне болду? Тоңуп калдыңбы?!
Ошондо гана Алмаш кызды жаңы көрүп, сагынычы тарабай жаткан адамча бекем кучактай калган да:
– Сен ал баланы жакшы көрбөй эле койчу? – деген.
– Эмнеге? – таң калган ал.
– Ошон үчүн жаман түштөрдү көрөт турбайсыңбы!
Бирок Алмаш эми элеки көргөнүн ага айта албай койгон. Бирок бул тууралуу андан ары сөз болгон жок. Анткени Гүлдан аны айтса да баары бир ишенмек эмес, Алмашты жаман көрүп, таарынмак. Анткени ал үчүн Эрмек – баары эле!
Экөө үйгө кирип, эшикти ичинен илишкен да, бурчка тыгылып отуруп алышып, катты окушкан:
“Гүлдана! Бир класста окуп, күнүгө бир партада отуруп, кат жазып жатканым өзүмө да таң калыштуу. Бирок, эмнегедир эле жазгым келди. Билесиңби, сен эч бир кыздардай эмессиң, эмнегедир жомоктогу кыздарга окшойсуң. Сенин жаныңдан эч жакка жылбай, сабак да бүтпөй, дайыма сени менен бирге болгум келет. Мен сени аябай жакшы көрөм. Сенчи?”
– Чын эле... Сенчи?.. – Алмаш да суроону кабыргасынан койгон.
– Мен дагы... Эрмек мага да жагат! – кыз муну Эрмектин өзүнө айтып жаткандай көздөрүн жума, эки бети ысып-күйүп, бир башкача бактылуу айткан. Эмнеге экенин билбейт, бирок ошол ирмемде Алмаш да өзүн бой жете түшкөндөй сезген.
Экөө бир топко унчугушпай, өз-өз кыялдары менен алпурушуп отурушкан болчу. Бир кезде анан Гүлдана:
– Жүрү, той көрүп келебиз?! – деген оюна бир нерсе түшкөндөй ыргып тура калып.
Ошондо он үчкө толуп-толо элек, сеңселип жаңы өсүп келе жаткан гүлдөрдөй үлбүрөгөн эки кыз айылдын боз топурак жолу менен сербейип, эрчишип баратышкан. Бүгүн эле жаңы көрүшүп, жаңы таанышканы менен эчактан берки ынактардай, эгиз гүлдөй жакшына, тамчыдай таза, баёо да эле, экөө.
Алар келгенде той берген үйдөгүлөр бака-шака түшүп жатышыптыр. Таяк таянып, небере жетелеген абышка-кемпирлер менен баштарына, колдоруна түйүнчөк көтөргөн аялдар биринен-сала бири той берген үйгө агылып кирип, ансайын короодо бака-шака көбөйүп, тойдун шаңы артып турган кез экен.
Өздөрүн абалкыдан алда канча чоң сезип, эс кирип калган эки кыз жеңе жандап, жанында отурсак деп дегдегени менен, баштагыдай шадыраңдап кирип бара алышпай ыйбаа кылып, короонун сыртынан шыкаалап турушкан. Тигине, сөрүдө аксакалдар чайдан дембе-дем ичип, алдыга келген палоодон алып, жайбаракат отурушат. Кемпир-кезектер өзүнчө. Бирок, Гүлдана коруктун тешигинен канчалык үзүлүп түшүп издегени менен өзүнүн апасын такыр көрө албай койгон.
– Апам көрүнбөйт. Менимче, келиндин жанында окшойт...
– Анда кире берелиби?
– “Эрчибей жүр” дебеди беле. Урушат да. Ал эшикте болгондо го, байкатпай кирип кетет элек...
– Кап десең! – өкүндү Алмаш, – Көшөгөдө келиндин кантип отурганын көрсөк болмок.
– А сен көрө элексиңби?
– Жок.
– Мен көп эле көргөм. Анархан жеңе, Жийде жеңе, Рахима жеңе келгенде апам мени эрчитип келип, бүт кыздар жеңе жандаганбыз.
– Азыр эмнеге анткен жок?
– Билбейм, – ийнин куушурат кыз, – Апам айтты го: “Сен эми чоң кызсың, үйдө отурушуң керек” деп. Балким ошон үчүн...
Аңгыча үйдөн бир топ аял келинди сыртка алып чыгып, улуу-кичүүгө жүгүнткөн окшоду. Экөө канчалык жандалбас кылып, бири-бирин түрткүлөп караганы менен келиндин жүзүн эч көрө албай коюшту. Келиндин жоолугу бетин жаап, далдалап алыптыр.
– Эрмек экөөбүз да ушундай той жасайбыз... – Гүлдана жаш келинди суктана карап, ушинтип кыялданган.
А бирок Алмаштын көз алдына кайра да жанагы сүрөт тартыла түшүп, курбусун аялуу бир карап алган. “Кандай акылдуу, кандай сезимтал, жароокер кыз?.. Эмнеге анан?!..” – оюнун акырына чыкпай, тамагына бир томуктай нерсе кептеле, каректерине ысык жаш каканактай түшкөн. Ошону да байкай койгон кыз:
– Сен эмне, ыйлап жатасыңбы? – деп үйрүлүп түшө калган, – Апаңды сагындыңбы?
– Жок...
– Анда үйүңө кеткиң келип жатабы?
Башын чайкайт Алмаш.
– Анда эмне, мугалимдериңден коркуп жатасыңбы? Же курсагың ачтыбы?
Алмаш унчуккан жок.
– Жүрү үйгө, – курбусунун эмнеге ыйлаганын билгендей ушинтти кыз, – Азыр барып каймакка нан малып жейбиз...
Бул убакта көз байланып, бирин-серин жылдых чыгып калган.
– Ай-ий, ай тууптур! – деди Гүлдан аңгыча сүйүнгөндөй, – “Айдан аман, жылдан эсен чыгалы” деп тилек айтып, тооп кылыш керек.
Ошентишкен экөө. Кудум Гүлдандын иймегиндей ичке, илмейген “арык” айга үч жолудан жүгүнүшкөн. “Мен оорумдан айыгып, эч качан, эч качан оорубасам экен?” – деп тилеген анда Алмаш.
Жолду катар ар кайсы үйдөн иттер абалап чыга калып, Гүлданды тааныгандай кайра унчукпай калып жатышты. Кесүүдөн жанараак эле келип, жуушаган уй-койдун кепшегени, акырдагы аттын карсылдатып чөп чайнап, чегирткенин чырылдаганы менен баканын чардагыны... анан калса жаңы эле бышкан ысык нандын, түтүндүн жыты... булардын баары кечки айылдын керемет кайрыктарындай, адамга эң эле жагымдуу эле.
– Айлыңар мага жакты, – деген ошондо Алмаш чын дилинен. – Жакшы экен...
– А силердин айыл кандай?
– Жакшы. Бирок бизде суу жок.
– Такыр жокпу?
– Такыр.
– Эмнеге?
– Билбейм...
– А бизде суу кенен. Тээ тигил жерде, – колу менен кайдадыр жандады Гүлдан, – Мажүрүм тал бар. Анын түбүнөн булак агып чыгат. Эрмек экөөбүз ага эмне деп ат койгонубузду билесиңби?
– Эмне деп?
– Мөлбулак деп... Көрөсүңбү, жүрү?
Алар айылдын жолунан чыгып, талааны көздөй кетишти. Анчалык деле алыс эместе дүпүйгөн бир караанды колу менен жаңсап:
– Тигине алар! – деди кыз эң жакын бирөөсүн көргөндөй кубанып. – Жүрү ылдам.
Алар жетип-жете электе булактын шылдырап аккан дабышы угулду.
– Карачы үнүн! – деди булакка озунуп учуп жетип, булакка колун салган кыз, – Керемет бекен?
– Ооба, – булактын анчалык керемет экенин туюп-туйбай туруп аны коштоду Алмаш. Атүгүл ушул азыр курбусунун зиректигине, сезимталдыгы менен баардык нерсеге аяр, башкача бир, чоң адамдай мамиле жасай тургандыгына суктанып да кетти. Башта өзү аралашып эле жүргөн нерселердин жаңыча бир өңүтүн көрүп жаткандай сезимдерге кабылды.
– Билесиңби, баягыда Эрмек экөөбүз келгенбиз. Катты мага ушул жерден берген. Анан... ал мени бетимден өөп алып, коркконунан калтырап кеткен.
– Эмнеге?
– Мени таарынды, эми экинчи сүйлөшпөйт же эжейлерге айтат деп ойлоду окшойт да. А мен ага таарынган жокмун дечи, бирок... мен да... бир нерседен коркуп ыйладым.
– Эмнеден?
– Апам айткан: “Эгерде кыз эркек менен өбүшсө же көкүрөгүн карматса “абийри” жок калат. Ошондуктан кыз бала күйөөгө тийгенге чейин эч кимге өптүрбөш керек!” – деп.
– Койчу?!
– Чын эле. Анан да... билесиңби, Эрлан бетимден өпкөндө денем дирилдеп, башым айланып, кулап кете жаздагам. Мен анан апамдын айтканын ойлодум да, “абийир” ушинтип кетет турбайбы деп корктум...
Бул жөнүндө эч кабары жок Алмаш анда Гүлүгө эмне айтаарын билбей, дендароо турган. Эмнегедир бет алдындагы кыз эчак эле кыз абийринен айрылып калгандай, ошондуктан ал артыкча акылдуудай туюлуп кеткен. Экөө тең бирдей бала экен да көрсө...
– Сен билбейсиңби, балким андай эместир? – Гүлү андан бир айла издегендей тигилген.
– Билбейм... – ийнин куушурган кыз. – Апаңдан сурабайсыңбы?
– Андай нерселерди сурасам апам урушат. “Аны билгенге азыр эрте! Же эмне, эрсирей баштадыңбы?!” – деп бир жолу тыйып койгон. “Күйөөгө тийгенде билип аласың!” – дейт...
– А балким аны Эрмек билеттир?
– Ал деле билбейт экен. “Ыйлабачы, сени баары бир чоңойгондо мен алам да...” – деген.
Эки кыздын сөзү ушуну менен бүткөн да, тээ бир далайга чейин унчугушпай келе беришкен. Үйгө жетип-жетпей Гүлү ийне менен сайгандай ыргып-секирип кеткен:
– Апам-м! Апам келген турбайбы!
– Кана?
– Үйдүн жарыгы күйүп калыптыр го! Эми мени “өлтүрөт”!
– Эмнеге?
– “Каякта жүрдүң” дейт да!
– А биз тойго бардык, анан булакка бардык дейбиз да?
– Ооба, сага! – текилдеп чуркап келишип, экөө эшиктин алдында буйдала калышкан.
– Эми эмне дейбиз? – шыбырап, акырын унчукту Гүлү.
– Билбейм... Сен айтчы, акылдуусуң го...
Ынангандай Гүлү саамга тунжурап, унчукпай калган да, каниет кылгандай эшикти акырын ачып, ичкери баш баккан. Бирок, үйдүн ичи кулак-мурун кескендей жымжырт, эч ким жок экен. Ошентсе да:
– Апа? – деп үн салды кыз. Жооп болгон жок. Ошондо гана бирөө үстүндөгү жүктү алып ыргытып ийгендей кыз:
– Өх-х! – деп терең дем алып алды. Жедеп ар кимден тил угуп жүрүп жедеп көңүлү калган Алмаш да кубангандан күлүп жиберди. Бирок кыздардын кубанычы көпкө созулган жок. Көп өтпөй эле сырттан Гүлдандын апасы, дагы бирөө кирип келди эле эки кыз эки жерде элейип туруп калышты.
– Апа?! – Гүлү бир чети намыстангандай, бир чети ызалангандай, анан да Алмаштан уялгандай ый аралаш, өктөм үн катты.
– Эмне?! – босогодогу кызымтал, жоолугу желкесине шыпырылып түшүп, чачтары уйпаланган апасы кызынын анткенин жактырбагандай карады.
– Апа?!
– Апалаба! – кызынын жактырбай жатканын түшүнгөн апасы ушинтти да, мына-мына кулап кетүүчүдөй ыргалган шеригине эркелей, мойнунан кучактады:
– Жаным! Өйдө өт?.. Балдардан да корколубу? Ал эми чоң кыз да, түшүнөт...
– Апа дейм?!
– Гүлү! Чш-ш!.. Антпе! Жакшы кыз бол. Мен деле адаммын го. Же эмне, сенин атаңды мен өлтүрдүм беле?!
Ошондо Гүлдан каккан казыктай туруп алып, мелтиреп ыйлап турган. Апасы болсо бул экөөнү таптакыр эсинен чыгарып таштап, ичкилик менен эркек жытына мас болуп, таптакыр башкача дүйнөдө жүргөн. Алмаш эч ойдо жок жерден түзүлө калган ушул ыңгайсыз абалдан кутулаар ирмемди эңсеп кеткен.
– Гүлү, – деген бир убакта шыбырып, – Жүрү, эшикке чыгабыз?
Ошондо гана эсине келе калгандай Гүлү эшикке атып чыккан. Ага удаа эле чыккан Алмаш бир топко чейин анын аркасынан чуркап, жетпей бараткан болчу. Эмнегедир, түз эле Мөлбулакты көздөй бет алган, Гүлү...
Экөө ошол жерде тээ түндүн бир оокумуна чейин отурушкан. Гүлүнү алаксытып, сооротуш үчүн Алмаш тынбай эле сүйлөп жаткансыган. Бирок ошондо ага эмнелерди айтып жатканы эсинде калбаптыр.
Алар келгенде Гүлүнүн апасы үйдө өзү эле, бул дүйнөдөгү жап-жалгыз бактылуу аял окшоп канатын жайып таштап бейкам, мемиреп уктап жаткан.
Эртеси Гүлү Алмашты эрте ойготуп, мектепке эрчитип келди.
Мына, али да көз алдында турат... Гүлү менен кирип келген чоочун кызга бүт класс кадала карап калышкан. Курбусун таарынтпаш үчүн шаңыраңдап эрчип келген Алмаш өзүн жабалактай тиктеген канча бир көздөрдөн сүрдөп, жалтактай түшкөн. Мугалим болсо:
– Бул кыз ким? – деген көз айнегинин үстүнөн бүшүркөй карап.
– Бул – менин досум, Алмаш... Алмаш Карасууда, интернатта окуйт. Биякка... – мукактана түшүп, – Биздикине келген. Анан... биздин мектепти көргүсү келет экен, – деди эле:
– Болуптур! Бол эми, ылдам отургула, – деди эжей. Мугалиминин каршылык кылып, чоо-жайды сурап отурбай шыр кеткенинен Алмаш Гүлүнүн мектептеги аброюн баамдады.
Эң арткы партада отуруп, бардык балдар-кыздарды айландыра карап чыкты. Эмнегедир алардын өңү-түсү эле эмес кулк-мүнөзү, кыймыл-аракеттери, сабакка катышуусу да интернаттын балдарынан саал башкачараактай туюлду. Аларда кандайдыр өзүнө-өзү ишенгендик, кербездик, анан эркелик бар эле. “Албетте, булар өз үйү, өлөң төшөгүндө жашайт да...” – деп ойлоду Алмаш. Баарынан да ал Эрмекке көбүрөөк көз таштады. Чыны менен эле башка балдардан айырмаланып өзүн кадыресе салабаттуу, чоң кишидей токтоо кармаган, бою да башкалардан бийик, өңдүү-түстүүсүнөн келген каратору бала экен. Эмнегедир Гүлү аны тик карабай, көздөрүн ала качып, кайпактап кетет экен. Эрмек да аны сүрдөнтүп, өчөшкөндөй көздөрүн жалжылдатып, кайра-кайра карай бергенин айт!
Эрмекти эрчий өзү кошо Гүлүгө карек кадаган Алмаш анын чын эле жутуп ийчүдөй болуп өтө татынакай экенин көргөн. Өңү аксаргыынан келип, эки ууртундагы уячалары ага ушунчалык жарашат экен. Кирпиктеринин узунун айт... “Кечээтен байкабаганымды кара!” – деген ичинде.
Мугалим болсо “тарых” сабагын өтүп жатты:
– Ошентип, адам баласы адегенде кандай болуптур, балдар?
– Маймылдай! – хор менен жооп беришти балдар.
– Ооба. Анда алар эмне менен тамактанчу экен?
– Чөптүн тамыры менен!
– Чийки эт менен!
– Азаматтар, андан кийин тамакты кантип жешти үйрөнүшүптүр?
– Бышырып!
Ошол убакта терезени карап, сабакка көңүлү келбей алаксып отурган бала:
– Эжей, эмнеге тетиги атты тескери минип алган?! – деп таң калганынан кыйкырып жиберди.
– Тынч! Бери карап отур! – дегени мугалим терезеге бир жалт карап алып, ошол боюнча өзү да карегин тартып ала албай, тиктеп калды.
Окуучулар “уу-дуу” түшүп, баары терезеге үймөлөктөшүп калышты. Ийрелеңдеген арык байталдын куйругун түйүп, жайдактап туруп, аял кишини тескери каратып мингизип алып, көчө аралата жетелеп бараткандарга Алмаш да таң калды.
– Бул деген Тынар акенин байталы да! – деди балдардын бири. Мугалим көз айнегин ала коюп:
– А тигил?.. – деп тигинин ким экенин баамдап, ишенип-ишенбегендей бүшүркөдү, – Жаңы алган келини го?!..
– Ошол! Ошол! – деди Тынар акеге кошуна жашаган Берметгүл деген кыз, – Ошонун өзү! Мен кечээ көшөгөдө, жанында отурган болчумун.
– Мм... де! – алда неге көзү жеткендей, мугалим эжей аларды узап кеткичекти карап турду. Атка тескери, болгондо да жайдак минип, элди тик багуудан айбыккандай эки бүктөлө, бетин кош колдоп басып, аттын жонун сүзгүлөп ыйлап бараткан бечара келиндин тагдыры андан ары кандай болду экен деп, эми деле жүрөкзаада боло берет Алмаш.
– Отургула! – деди аңгыча мугалим, – Ордуңарга баргыла!
– Эжей, аны эмнеге атка тескери мингизип алышкан? – балдар туш-туштан жабалактап суроо беришти эле:
Кыз барган жерине абийри менен барбаса ошентет! Көп баскан аяк бок басат деген ушул! – деди.
Алмаш эмнегедир Гүлдананы карады. Курбусу алдыңкы партада отургандыктан, Алмаш анын өңүн көрө алган жок, бирок башы ылдый “шылк!” эте түшкөнүн көрдү. Эрмек болсо айыптуу адамдай аны алдыртан, кылыя карады.
Ошондон кийин мектепте тартип маселелеси катуу каралып, Тынар акенин “кыз эмес” барган келининин кеби бүтпөй, ата-энелер чогулушу чакырылып, андан кийин кыздар чогулушу өтүп, мектептин ичи да “уу-дуу” болуп эле жатып калды. Атүгүл райондук, облустук элге билим берүү бөлүмдөрүнөн да кишилер келип, мектепти уяткарып кетти дешти.
Коркуп, санаа таркан үчүнбү, же убагы ошол учурга туура келип калганбы, бир күнү, так кыздардын жыйналышы өтүп жатканда каргашадай болуп, Гүлүнүн биринчи “айызы” келип калбаспы!..
Ошол кездеги элдин караңгылыгыбы же советтик тартиптин чегинен ашкандыгыбы, мектепте “кыздар кеңеши” иштеп: “Ким-кимге кат жазды? Эмне үчүн баланча кыздын көкүрөгү эрте чыкты? Эмнеге тигил кыз койкоңдоп басат?” сыяктуу маселелерди козгоп, чогулуш өткөрүлүп турар эле. Бул сапар да кыздар кеңешинин төрайымы жалпы кыздарды сабактан кийин алып калып, “сактыкта кордук жок” деп, “текшерүү” жүргүзүп жаткан. Демейде эле чокчоңдоп, кыздардын иймегинен бут кийимине чейин назар салып, жакшыраак кийингендердин кийимин чечип алып, кайым айтканкандардын бетинен чоюп чогулушка салчу башталгыч класстын мугалими Бурмакан эжейге эми таптакыр жага бербей калыптыр. Улам бир класстын кыздарын доскага тизип алып:
– Ары кара, бери кара! – деп кыздарды айландырып карап, ары жак, бери жагын кармалап көрүп, атүгүл ылдыйкы ич кийимдерин ачып карап... айтор бечара кыздардын үрөйүн учуруп, катуу “текшерүүгө” өттү.
Эң артта, Алмаш менен отурган Гүлү өзүнө кезек жакындаган сайын чый-пыйы чыгып, кош карегин жайната улам Алмашты карай берди. Анын эмнеге анткенин Алмаш анчейин түшүнбөптүр. Аңгыча алардын классы доскага чакырылды! Мына-мына азыр бир балакет болуп кетчүдөй Алмаштын жүрөгү дүкүлдөп, денесин майда калтырак басып кетти. Айткандай эле мугалим Гүлүгө келгенде... Гүлү коркконунан ыйлап, эки бетин басып отура калды.
– Ай, сага эмне болду?! – деди мугалим чыңкылдап. – Бери келчи, мындай! Мага жакыныраак?!.. – кандайдыр бир шектүү нерсенин учугу колуна илингендей отургучка шашпай отуруп, Гүлүнү өзүнө чакырды:
– Эмне болду, сага?!
– Эч нерсе.
– Кантип “эч нерсе?” Шектүү шекинет болуп... Ушу бир балакетиң бар, сенин! Айт, эмне ыйладың?!
– Жөн эле...
– Эже, ал жигит менен сүйлөшөт! – деп жиберди аңгыча удаа класстагы кыздардын бири. – Сабак учурунда экөө дайыма жалдырашып, тиктешип отурушат экен.
– Аны сен кайдан билесиң?!
– Бүт баары эле билишет.
– Чынбы, Туратбекова?! – мугалим Гүлданадан сурады.
Гүлдана унчукпай, мелтиреп жер тиктеди.
– Ай, кыз! Чынбы деп жатам?!
– Баягүнү Эрмек экөөнү балдар булактан көрүшүптүр! – чоңураак класстын кыздарынан дагы бирөө ушинтти эле:
– Ыя-а?! – мугалим чырагына май таамп, сүйүнүп кетендей чыңырып ийди. – Койчу?! Ошентет бекен?! Чынбы, Туратбекова?!
Анан ал кызды каруудан ала, жулкулдата өзүнө жакын алып келди да:
– Эй, чынбы деп жатам?! – деп колундагы ичке таяк менен чукулап, сайгылай баштаганда Гүлү ыйлап жиберип, башын ийкеди. Ошол замат Бурмакан эжей эшикке атып чыкты да, бир аздан кийин мектептин директорун, завучту эрчитип кайра кирди.
– Мынакей, “жакшы, жакшы!” деген кызыңар! “Мактаган кыз тойдо оосурат” болуп, бу көрсө жылма жасайт экен да, баарын! Сабак учурунда балдар менен жалдырашып тиктешип отурат экен. Мен да байкагам эки-үч жолу. Тынар акенин келини да так ушундай неме болчу! Көрдүңөрбү, акыры “ушул мектепте окуган” деп, биздин да бетибизге көө жабылды! Анан да мунуңар сабактан чыгып алып, эркек бала менен “Сүйүү булагына” барат экен! “Энесин көрүп кызын ал” деген чын! Айтмакчы, мунун энесинин да акыркы кездерде жүрүш-турушу жакшы эмес, – деп анан завуч аялга шыбыраган болуп, угуза эле айтты, – Менин күйөөмдү өгүнү ичирип, үйүнө киргизип алыптыр. Артынан барып алып кетпедимби! Айтмакчы, ошол убакта бул үйүндө жок болчу. Дүйшөмбү күнү түн ичине, мен барганда үйүңдө жок эмес белең?! Каякта элең, Туратбекова?!
Завуч да такып сурады:
– Каякта элең, Гүлү?
– Булакта болчубуз... – Гүлү ыйлап айтты.
– Көрдүңөрбү?! – Бурмакан эжейдин көздөрү жалжылдап кетти, – Түн ичинде энеси кайда-а, кызы кайда?! Мына!..
– Булакка ал мени менен барган болчу! – чыдабай кетип арттан кыйкырып жиберди Алмаш.
Баары бурулуп Алмашты карашты.
– Ай кыз! Сенден эч ким сураган жок! Жөн отурчу! – деди Бурмакан эжей аны тыйып.
– Ал Эрмек менен эмес, мени менен барган! – деди Алмаш болбой эле.
– А бул ким?! – деди директор аял Алмашты таң кала карап.
– Бул Туратбекованын үйүнө келиптир. Интернатчы экен. Эки-үч күндөн бери сабакка эрчип келип жүрөт.
– Тууганыбыз... – өзү антип “капаста” туруп да Алмашка сөз тийип калбасын дегендей, жер тиктеген калыбында акырын унчукту Гүлү. Мугалимдер ишенди го, унчукпай, абалкы темага кайра өтүп кетишти. Баарынан коркунучтуусу, жезкемпирдей болгон алиги аял Гүлүнүн буттарын улам кайра бири-бирине кайчылаштыра, кыса коюп жатканын байкай койсо болобу!
– Ай, соо эмес, мобу! Бери болчу, эмне бутуңду антип жатасың?! – деди эле, Гүлү коркконунан көздөрүн жалжылдатып, кетенчиктей берди:
– Жөн эле...
– Бери бол! – мугалим аны жанагинтип өзүнө тартып алды да, кино көргөнсүп, ооздорун ачып карап турушкан кыздарга:
– Баргыла, кете бергиле! – деп чыгарып жиберди. Дагы ушуга шүгүр деген Алмаш да артына кылчактап жатып, элдин шары менен сыртка чыкты. Бирок, класстын эшиги ачык болгондуктан сыртка баары угулуп турду. Атүгүл кыздардын айрымдары кетпей, жанталашып тыңшап жатышты.
– Этегиңди көтөрчү?! – деди Бурмакан эжей өктөм. Ортону саамга жымжырттык уялады.
– Көтөр деп жатам! – бакырды мугалим. Ортону саамга жымжырттык уялады.
– Басчы бери! – деди анан эжей кызды каруудан кармай, өзүнө тартып. Каршылык көрсөтүп тырмышканына карабай анан Гүлүнүн этегин түрүп, ич кийимин ачып карады да:
– И-ий, кокуй! – деп чочуп кетти, – Кызыл-жаян го баары!!! Жашабай жатып, муну кара! Эмитен... эрсирегениндей бар турбайбы! Өлүп кетейин ай, мунуңар соо болбой калыптыр! Мен билгем...
Ошондон кийин Гүлү эжейлердин “токто!” дегенине карабай, сыртка атып эле чыкты!
Алмаш анын артынан чуркады. Ушунчалык ыза, кордук, уятка чыдабай, баарынан да: “Чын эле мен соо болбой калган турбаймынбы!” деген коркунучтуу ишеним бүт денесин, акыл-эсин ээлеп, заманасы тарып, көзүнө боз туңгуюктан башка эч нерсе көрүнбөй, чымын-куюн болуп чуркап келди да, Мөлбулакка жеткенде гана токтоду кыз. Аркасынан жете келген Алмаш:
– Ыйлабачы? – деп аны кучагына кысып, букулдап кошо ыйлады.
– Жүрү, мени менен кетип кал, – деген болчу анан курбусун чындап эле өзү менен кошо алыс-алыс жактарга алып кеткиси келип, – Эч ким, эч ким тааныбаган жактарга кетебиз...
Гүлүнүн ыйлап-ыйлап, бир топто анан эки ийнин солкулдата басылып калганын Алмаш макул болду го деп жоруган. Көрсө Гүлү оюнда башканы ойлоп жаткан тура!..
– Эртеңкиге мектепке чакыртышыптыр? – деген алар келгенде эч нерседен кабары жок апасы, – Бул курбуңдун чоо-жайын сурайлы дешкен го. Айтмакчы, кайсы айылдан келдиң эле, кызым? Ата-энең барбы? Эмнеге кетпей жүрөсүң?
– Апа, эч нерсе деп сурабай эле коюңузчу, – деген сиркеси суу көтөрбөй турган Гүлү, – Кеп Алмаш жөнүндө эмес...
– Анан эмне жөнүндө?
– ?.. – Гүлү апасынан көздөрүн ала качып кеткен да, укпай калган кишиче унчукпай койгон.
Алмаш эртең менен ойгонсо эле анан... жанында Гүлү жок! Сыйпалап таппай калган! Атүгүл апасы да али тура элек экен. “Балким сыртка чыккандыр, келип калаар” деп күтүп жатып, курбусу кечиккенинен Алмаш артынан чыкса, жымжырт. Эч дабыш билинбейт. Чуркап барып баягы кат катылган бурчка барса, таштар аласалып, ордунан жылып калыптыр. Сыягы Гүлү катты өзү менен кошо ала кеткен окшойт.
– Гүлү?! Гүлү?! – деп үйдү айлана карап, кыйкырып да көргөн. Алмаштын антип чакыра бергенинен улам, Гүлүнүн апасы да көздөрүн ушалап туруп келди:
– Элдин тынчын алып, эмне таң атпай туруп алдыңар?!
Кандайдыр бир жамандыкты туйган Алмаш:
– Гүлүнү таппай жатам, эже! – деп ыйлап жиберген.
Аял түшүнбөй калгандай саал буйдала калды:
– Эмне дейсиң?! – деди бүшүркөй.
– Ойгонсом Гүлү жанымда жок экен...
– Кайда кетиптир?!
– Билбейм...
Бирок экөөлөп ары-бери чуркап издешкени менен, Гүлү эч жерде жок болчу.
– Мектепке кетип калган жокпу? Мен барып келейинчи, – деп анан Гүлүнүн апасы камынып жатканда аял-эркеги, чоң-кичинеси бар жоон топ адам түз эле булардыкын көздөй келатты. Аларды көрө коюп экөө эки жерде селейе катышты.
– Булар... Булар эмне келатышат, ыя?! – деп алардын түрүн көрүп эле аял өң-алеттен кете түштү аял.
Короого кирип-кирбей, алда нени жашыргандай күбүң-шыбың болуп, буйдала калышкандарга анан:
– Эмне?! Эмне болду?! Эмне келдиңер?! – деп бир чаңырып алды.
– Кайрат кыл, кагылайын! – деп алардан аксакалы бөлүнүп бери басты эле:
– Эмне?!.. Ким?!.. Гүлү?!.. – деп колдорун калчылдата: “Жок, ал эмес!” – деген сөздү күтүп, ар бирин жалдырай тиктеди аял.
– Гүлүдөн айрылып калган турбайбызбы, кокуй! Деги баладай бала болсочу, айланайындар! Өз жанын өзү кыйып, асылып калгыдай жанына эмне күч келди, коккуй?!– деп аңгыча чыдабай кетти окшойт, топтун ичиндеги кошуна аял буркурап ыйлап, Гүлүнүн апасын басып жыгылды.
– Гүлда-ан!!! Кызым-м!!! Жок-жок! – деп энесинин жер тытып, чаңырып жатканын бир билет Алмаш. Өзү да:
– Ба-аа!!! – деп бир бакырып алган. Андан аркысы эсинде жок. Көзүн ачса ооруканада жатыптыр. Асмандан түшө калгансып, жанында мугалими отурат.
– Кандай? – деди анан ал кайдыгерирээк. – Эсиңе келдиңби?
Алмаш көздөрүн жумуп алды. Кудум түш көрүп ойгонгондой, Гүлү деген кыз жөнүндө жөн гана түш көргөндөй... Бир туруп Гүлүнү жоготконун эстегенде өзөгү өрттөнүп, жумулган көздөрүнөн жаш чубуруп, унчукпай жата берди. Гүлү менен бирге өткөргөн үч-төрт эле күндүн ичинде жандүйнөсүндө кыйла өзгөрүүлөр болуп, чоңоё түшкөнсүгөн ошондо.
Адамдын ой-кыялы кандай күлүк. Заматтын ортосунда ушунун баарын көз алдынан чубат өтүп, Гүлүнүн баягы: “Биздин да тоюбуз ушинтип өтөт”, – дегенин эстеди. Анан ошол, Гүлү суктанган келиндин эртең мененки шермендеси көз алдына тартыла түшүп, уйкудан ойгонгондой серпиле түштү Алмаш:
– Жок, менин кетишим керек!..
Эшиктеги тамаша-оюн, кемпир-кесектердин: «Келин ак жолтой болсун! Көшөгөсү көгөрүп, артын мал, алдын бала бассын!”» – деп алкаганы, айтор баары-баары азап менен тозок болуп, бирин укса бирин укпай, жандилинде ушинтип чакчалекей түшүп, жанчылып жатты Алмаш. «Ооба! Ошентишим керек! – деди акыры чындап эле оюндагыны жасамай болуп, – башка аргам жок!»
Ошентти! Анын «жинди экенине» адегенде айылдын этегинде жашаган Жийде эне күбө болду. Кирип келип эле көшөгөнүн ары жагында башын улам бир ийнине салаңдатып, көзүн чалырайтып, оозун кыйшыйтып, тилин бултайтып чыгарып таштап, акшырайып карап олтурган келинди көрдү да:
– Ок! – деп чочуп кетип, артка кетенчиктей берди.
– Келиниңизге бата бериңиз, эне! – деген Асандын апасы оюнда эч нерсе жок, ары жакта барпалаңдап жүрөт.
– Ии, бечара! – ушинткен кемпир жаңы келиндин жүзүнөн өпмөк турсун, андан ары дит багып кароого даабай, бат эле ал үйдөн чыга качты. Алар чыгып кеткенден кийин келин кемпирдин бырышып-тырышып кеткен кебетесин эстеп, каткырып күлүп алды.
Кемпир чыгып эле жанында олтурган курдашына шыбырады:
– Ботом, эң эле түрү суук эме го?!
– Кимди айтасыз?
– Эк! – Кемпир тигини чыканагы менен нукуду. – Ботом, сен көргөн жоксуңбу?
– Эмнени?!
– Ай, алиги келиндин кебетесин айтам! Көзү чалыр, оозу чулчук экен го?! Анысы аз келгенсип, эс-акылы да соо эмеспи дейм, тилин бир ууртуна салаңдатып, чыгарып таштаптыр!
– Э, коюңузчу! Сиздин көзүңүз эмне болуп калган? Жутуп ийчүдөй болгон адеми эле кыз го?
– Адеми болбой калсын!..
Экөө көпкө чейин күбүң-шыбың болуп, талашып-тартышып жатса, калгандары да кулак түрүп, жаңы келиндин куниктиги жөнүндөгү кеп-сөздөр заматта айылга «дүң!» дей түштү.
– Койгулачы, ботом! Мончоктой болгон келинди жаманатты кылбай! Эми эле өз көзүбүз менен көргөнбүз! – деп жатышты мурунураак көргөндөр. Аңгыча көшөгөнү ачып келген дагы бирөө:
– Ии-ий! – деп сөөмөйү менен бетин чукуган боюнча келди. – Түрү укмуш! Мончоктой болгон баланын келинчеги кантип ушундай болсун?!
– Ботом, булар эмне деп эле жатышат?! – деп, анткен менен өзүнүн да жүрөгү опкоолжуп калган кайнене бир убакта өзү баш бакты эле, байкоо салбай олтурган Алмаш кебетесин бузганга жетишпей калып, бирок дагы амалданып ийди. Же жаш бала эмес, же жинди эмес кейиптенип:
– Аяй?!.. Аяй?!.. – деп үстүндөгү жаңы көйнөгүнүн этек-жеңин чойгулап, жоолугун мактана көрсөтүп, кайра-кайра эле «аяйлай» берди. «Апе-ей, кокуй алат күн! Мунуңар чын эле жинди экен го?! Бечара жана эмне эле «жиндимин» деп безилдейт десе! – деп эненин эми элеки кубанычы кумга айланып, жери айлан-көчөк болуп, шаабайы сууп кайра чыкты. Андан кийин киргендерге деле улам ошенте берди, Алмаш…
***
Ушуларды көз алдынан тизмектеп отуруп:
«Адамдан амал качып кутулбайт! Деги эле анан, бала туруп ошону ойлоп тапканымды көр!..» – деп ууртунан күлүп, а бирок ага удаа эле уялгандан эми да эки бети тамылжып, ысып-күйүп кетти. Андан ары эстегиси келбей, ушул ойлордун баарын айдарым желге сапырылтып, алда кайда учуруп жибергиси келгендей айнекти ачты. Айткандай таптаза аба рулдагы айымдын саамай чачтарын дирилдетип, жан дүйнөсүн, көкүрөк-көңүлүн ого бетер кытыгылап, ой чабытын дүрбөлөңгө салып, акыры «эстебейинчи!» – деген ойдун өзүн айнектен ары учуруп алып кетти.
Терезени жаап, жолго үңүлгөн аялдын көз алдында үзүлгөн окуя андан ары уланып баратты…
(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)
Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн
© Исабаева Ж., 2011. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Количество просмотров: 5692 |