Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз / Котормолор
© Солженицын А.И.
© Кыргызчага У.Ж.Жунушбаев которгон, 2011. Бардык укуктар корголгон
Котормо котормочунун кат түрүндө уруксаты менен жарыяланып жатат.
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 6-октябры

Улан Жанузакович ЖУНУШБАЕВ

Рак корпусу

(Роман)

Өлүм менен өмүр... Түрмө жана эркиндик... А.И.Солженицындын каармандары дайыма чукул жагдайларга кабылып, сынак алдында турушат. Айтмакчы, мунун бардыгын жазуучу өз башынан өткөрдү. Түрмөгө отурду, сүргүнгө айдалды, рак менен ооруду. “Рак корпусу” романды жазуу идеясын А.И.Солженицын Ташкенттеги рак диспансеринен сакайып, дарбазасынан чыгып бараткан жеринен ойлоп коюптур. Роман 1963-65-жылдары жазылган. СССРде жарыяланган эмес.

Орус тилинен которгон Улан Жунушбаев. Кыргыз тилинде биринчи жарыяланышы.

 

1

Рак корпусунун номери да он үчүнчү экен. Павел Николаевич Русанов ырымчыл эмес болчу жана болбой турган күндө да, жолдомого: «он үчүнчү корпуска» деп жазып бергенде, ичтен шылк эте түштү. Он үчүнчү деп кайсы бир протездик же ичи ооругандардын корпусун атоого акыл жеткен жокпу!

Бирок бүт республика боюнча ага азыр ушул клиникадан башка жардам берээр жер жок.

– Меники бирок – рак эмес да, доктор? Меники – рак эмес да? – үмүтүн үзбөй сурап жатты Павел Николаевич, моюндун оң жагында күн сайын өсүп бараткан, сыртынан ошондой эле ак жуумал кадимки териси менен капталган каардуу шишигин кармагылап.

– Жок ой, жок дебедимби, – жанын жаялтып онунчу жолу айтты доктор Донцова, оору баянындагы барактарга тартайган жазууларын толтуруп жатып. Ал жазып жатканда бурчтары тегеректелген төрт бурчтуу көз айнегин тагынчу, жазып бүткөндө – чечип койчу. Жашы бир топко барып калган, кебетеси да кубарыңкы, өтө чаалыккандай.

Бул амбулаториялык кабыл алууда болгон, бир нече күн мурун. Рак деп амбулаториялык кабыл алууга эле жазылып калган бейтаптар уйку дегенди унутушчу. Павел Николаевичке болсо Донцова жаткын деп дайындады, болушунча эртерээк.

Күтпөгөн, камынбаган, бейкапар бактылуу адамга эки жумада чапкындай тийген оорунун өзү гана эмес, – оорусунан огош бетер Павел Николаевичти бул клиникага жалпы, башкалар менен кошула, – ушинтип качан дарыланганын ал унутуп да койгон, жатыш керектиги кыйнады. Телефон чалышты – Евгений Семёновичке, Шендяпинге, Ульмасбаевге, тигилер болсо башкаларга чалып атышты, бул клиникада атайын палата барбы, жок болсо чакан бөлмөнү атайын палата кылып убактылуу уюштурууга болобу деп. Бирок бул жердеги бөлмөлөрдүн тартыштыгынан эчтеке чыккан жок.

Башкы дарыгер аркылуу мына жалгыз булар тууралуу сүйлөшүүгө мүмкүн болду – кабыл алуу жайдан, жалпы мончодон жана кийинтүүдөн бошотушту.

Ошентип өздөрүнүн көгүлтүр москвичи менен Юра атасын жана апасын Он үчүнчү корпустун тепкичтерине чейин жеткирип келди.

Күндүн суугуна карабай сүсүлгөн халатчан эки аял эшиктин алдындагы таш тепкичтерде турушуптур – куушурулуп үшүсө да турушат.

Ушул таза эмес халаттардан баштап бардыгы бул жерде Павел Николаевичке жагымсыз көрүндү: кире бериштеги канча бут кирип-чыгып тешкен цемент пол; канча бейтаптын колдору кармаган эшиктин өңү өчкөн кармагычтары; сыры чыккан полу менен күтүүчүлөр үчүн вестибюль, саргылт жашыл сырдалган бийик дубалдары (ушул түсү тим эле киргилдей көрүнөт) жана чоң рейкалуу отургучтар, аларга батпай полго да жайгашып, алыстан келген бейтаптар отурат – кабып тигилген кебез халатчан өзбектер, улгайып калган өзбек аялдары ак жоолукчан, жаштары – көгүш, кызыл-тазыл салынышкан, бардыгы өтүкчөн жана көлөшчөн. Бир орус бала бүт отургучту ээлеп жатат, пальтосу полго чейин самсаалаган, өзү ыркыйып, ичи болсо дулдуюп шишиген, ооруганынан тынбай кыйкырып атат. Ошол кыйкырыктары Павел Николаевичти башка чапкандай эсин алып, тигил бала өзүнө эмес, ушул Павел Николаевич жөнүндө бакыргандай сезилди.

Павел Николаевич эриндерине чейин куп-куу боло түшүп, токтоду да шыбырады аялына:

– Капа! Мен бул жерден өлөм. Кереги жок. Кетеличи.

Капитолина Матвеевна анын колун бек кысты:

– Пашенька! Каяка кетебиз?..Андан нары эмне болот?

– Балким Москва менен иш оңунан чыгып калаар…

Капитолина Матвеевна күйөөсүнө өзүнүн чоң, жез сымал кооздолуп кыркылган тармал чачтары менен да кеңейтилген башын кайрып сүйлөдү:

– Пашенька! Москва – бул дагы эки жума созулат, балким болбой да калат. Кантип күтөбүз? Оногу күн сайын чоңойгондон чоңоюп баратпайбы!

Аялы кайрат бергендей билегинен бек кысып турду. Атуулдук жана кызматтык иштерде Павел Николаевич өзү да тайманбас болчу,– ошончолук үй-бүлөлүк иштерде дайыма аялына ишенүү ал үчүн жагымдуу жана тынч сезилчү: бардык маанилүү нерселерди аялы туура жана бачым чечип койчу.

Отургучтагы бала болсо бакырып-кыйкырганын койбойт!

– Балким, дарыгерлер үйгө макул болушат…Төлөп беребиз…– күмөндүү моюн бербегенсиди Павел Николаевич.

– Пасик! – күйөөсү менен кошо кыйналып, көндүрүп атты аялы, – билесиңго, мен биринчи дайыма ушул үчүн: адамды жалдап, акча төлөп берүүгө. Бирок биз билбедикпи: бул дарыгерлер акча алышпайт, үйгө барышпайт. Анан алардын аппаратурасы бар. Болбойт…

Павел Николаевич болбостугун өзү деле түшүнүп турду. А балким болуп кетеби деген куру кыялы менен күбүрөнүп койгону да.

Онкологиялык диспансердин башкы дарыгери менен сүйлөшкөндөй, саат экиде мына ушул жерде, азыр балдакчан бейтап этияттык менен түшүп келаткан тепкичтин ылдый жагында улук медайым аларды күтүп турушу керек болчу. А бирок улук медайым, албетте, ордунда жок болуп чыкты жана тепкич алдындагы анын чатырчасы кулпуланып турат.

– Эч ким менен сүйлөшүп болбойт! – чарт жини келди Капитолина Матвеевнанын. – Эмгек акыны эмне кызматына алышат булар, билбейм!

«Сырт кийим менен кирүүгө тыюу салынат», – деген жазуусу бар коридорду бойлой Капитолина Матвеевна эки калтар ийиндерине жамынган бойдон жөнөп кетти.

Павел Николаевич вестибюлда калды. Ал акырын, башын оңго салып, акырек менен жаактын ортосундагы өзүнүн шишигин кармагылады. Жарым сааттын ичинде – үйдөн моюнду ороп жатып, акыркы жолу күзгүгө карагандан бери, – ал дагы чоңоюп кеткендей сезилди. Алы кетип, Павел Николаевичтин отургусу келди. Бирок отургучтар кир көрүнөт, анан дагы аласында майланышкан кабы менен отурган жоолукчан бир катынды жылып кой деп сураныш керек болчу. Алыстан болсо да ошол каптан сасык жыт Павел Николаевичке жетип атты.

Качан биздин эл таза чыкыйган чемодан менен жүргөнгө үйрөнөт! (А бирок, азыр, шишиктен мунун бардыгы баары бир болуп калды.)

Тигил баланын кыйкырыгынан, мурдуга келген жыттардан жана ар нерсени көргөнүнөн жаман болуп, Русанов дубалдын чыгып турган жерине жөлөнүп турду. Тыштан бир карапайым киши кагаз чапталган, ичинде саргыч суюктук толтура жарым литр банканы колун алдыга сунуп, жашырбай, кезекте туруп алган бир кружка сырасындай алып кирди. Павел Николаевичтин жанына келип токтоп, бир нерсени сурайын деп, анын жылмакай териден тигилген шапкесин көрүп, нары жактан башканы көзү менен издегилеп, балдакчан бейтапка кайрылды:

– Айланып кетейин, буну каяка алып барыш керек, ыя?

Буту жок лабораториянын эшигин көрсөттү.

Павел Николаевич кускусу келип араң турду.

Тыштагы эшик кайра ачылып, ак халатчан татына эмес, бети узун медайым кирип келди. Ал дароо Павел Николаевичти байкап, ким экенин билип жанына келди.

– Кечирип коюңуз, – деди ал демин токтото албай, беттери боёлгон ооздоруна чейин кып-кызыл, ушунчалык шашылып жүрүптүр. – Кечириңиз. Сиз мени көпкө күтүп калдыңызбы? Тигил жакта дары-дармек алып келиптир, мен кабыл алып жатам.

Павел Николаевич чукуп сүйлөйүн деди эле, бирок карманды. Күтүп турганы аяктаганына сүйүндү. Чемодан жана продуктулары менен баштыкты көтөрүп Юра келип калды – костюмчан, шапкеси жок, машине айдаган боюнча – бейкапар басып, басканда ак көкүлү селкилдейт.

– Жүргүлө! – улук медайым өзүнүн тепкич алдындагы кампасына эрчитти. – Мен билем, Низамутдин Бахрамович мага айткан, сиз өзүңүздүн ич кийим менен болосуз, пижама алып келдиңиз, бирок колдонулбаганбы, э?

– Дүкөндөн.

– Бул сөзсүз түрдө болушу керек, анткени дезинфекциялоо керек болот, сиз түшүнөсүз да? Мына бул жерден кийиниңиз.

Ал фанера эшикти ачып, шамды жакты. Үстү жагы жантайган бөлмөсүндө терезе жок экен, түстүү карандаш менен чиймеленген көп графиктер илинип туруптур.

Юра унчукпай чемоданды киргизди, чыкты, Павел Николаевич болсо кийингени кирип кетти. Улук медайым дагы бир жагына безип кетейин деп талпынды эле, бирок ошол маалда Капитолина Матвеевна келип калды:

– Ай, кыз, эмне ушунча шашып атасыңбы?

– И-и, бир аз…

– Атың ким?

– Мита.

– Кызык ат экен. Орус эмессиңби?

– Немис…

– Бизди күттүрүп койдуң.

– Кечирип коюңуз. Мен азыр тигил жакта кабыл алып жатам…

– Бери уккула, Мита, силер билишиңер керек. Менин күйөм – эмгек сиңирген адам, абройлуу кызматкер. Анын аты-жөнү Павел Николаевич.

– Павел Николаевич, жакшы, менин эсимде болот.

– Түшүнгүлө, ал негизинен жакшы кароого көнгөн киши, азыр болсо ал мына катуу ооруп калды. Анын жанында дайыма отурган медайымдын кезекчилигин уюштурса болобу?

Кам көрүп жүргөнү бетинде жазылган тынчсызданган Митанын жүзү огош бетер үңүлүп калды. Ал башын чайкады:

– Бизде операциялыктардан тышкары алтымыш адамга күндүз үч кезекчи медайым бар. Түнкүсүн экөө.

– Мына көрдүңөрбү! Бул жерде өлүп атсаң да, кыйкырсаң да – эч ким келбейт.

– Эмнеге антип ойлойсуңар? Бардыгына келишет.

«Бардыгына»!.. «Бардыгына келишет» деп жаткан адамга эмнени түшүндүрүш керек?

– Анан дагы алар алмашып турушат да?

– Ооба, он эки саат сайын.

– Адамды карабаган дарылоо деген ушул да!.. Мен өзүм кызым менен кезектешип отурат элем! Мен өзүмдүн эсебимен дайыма жанында отуруп караган адамды чакырат элем, – бул дагы болбойбу..?

– Болбойт болуш керек. Мындай эч ким кылган эмес. Палатада отургуч коёрго жер жок.

– О кудай, элестетип жатам, эмне болгон палата экенин! Ошол палатаны да карап көрүш керек экен! Ал жакта канча койка?

– Тогуз. Дагы жакшы дароо палатага жаткырды. Бизде жаңы келгендер тепкичтерде, коридордо жатышат.

– Кызым, мен суранат элем, силер өз адамдарды билесиңер да, силер уюштурсаңар оң болот. Медайым же санитарка менен сүйлөшкүлө, Павел Николаевичке жакшылап көңүл бурушсун…– ал чоң кара ридикюлду ачып, үч элүү сомдукту алып чыкты.

Жакын турган унчукпаган уулу нары жакка көзүн катты.

Мита эки колун артына алды.

– Жок, жок. Мындай тапшырманы…

– Мен өзүңө берген жокмун да! – көкүрөгүнө кыстырып атты кагаздарын Капитолина Матвеевна. – Эгерде муну мыйзам түрүндө жасаганга болбосо… Мен жумушуңарга төлөп атам! Жөн гана берип кой берчүлөргө!

– Жок-жок,– ичтен муздай түштү медайым.– Бизде мындай кылбайт.

Бөлмөнүн эшиги кыйчылдап, ал жактан Павел Николаевич жаңы жашыл-күрөң түстүү пижамада жана жылуу, жээктеп териден тигилген үйдөн кийчү туфлийчен чыкты. Чачы калбай бараткан башына жаңы кызыл ала тебетей кийип алыптыр. Мойну оролбогон, жакасы жок кийимчен азыр анын муштумдай болгон шишиги моюндун капталында өзгөчө коркунучтуу болуп көрүнүп турду. Ал башын да эми түз кармабай, бир аз кыйшайтып алган.

Уулу чемоданга кийимдерди чогултканы кетти. Акчаны ридикюлга катып, аялы кам санап күйөөсүн карады:

– Үшүбөйсүңбү?.. Жылуу халат алыш керек болчу. Алып келем. И-и, бул жерде шарф бар, – чөнтөктөн алып чыкты. – Ороп ал, суук тийбесин! – кара жакалуу тон кийинген ал өз күйөөсүнөн үч эсе чоң көрүнүп турду. – Эми палатага баргын, жайланышкын. Продуктуларды сал, эки жакты карап көр, сага эмне керек болот, ойлонгун, мен бул жерде күтүп отурам. Анан түшүп, айткын – кечинде бардыгын алып келем.

Ал өзүн жоготкон жок, ал бардыгын алдын ала көрүп турду. Ал турмушундагы чыныгы ынак жолдошу! Павел Николаевичтин жүзүндө ыраазычылыгы жана кыйналганы жазылып турду, ал ошентип аялын, анан уулун карады.

– Демек, эми кетесиң да, Юра?

– Кечинде поезд, папа, – жакын келди Юра. Ал атасы менен сый кармачу өзүн, бирок талпынуу деген жок мында, мына азыр – ооруканада калтырып жаткан атасы менен коштошууга талпынуусу жок. Ал бардыгына басмырт мамиле кылат.

– Эми мындай, балам. Бул сенин биринчи олуттуу иш сапарың. Дароо туура кармай билгин өзүңдү. Эч кандай жумшактык болбосун! Сени жумшактык көргө жеткирет! Дайыма эсиңде болсун, сен – жөн гана Юра Русанов, жеке адам эмес, сен – мый-зам-дын өкүлүсүң, түшүндүңбү?

Юра түшүндүбү же жокпу, бирок Павел Николаевичке азыр мындан тагыраак сөз табууга кыйын болуп турду. Мита кыйпычыктап, бир жагына барганга талпынып атты.

– Мен мамам менен бул жерде болуп турам, – күлүмсүрөдү Юра.– Сен азыр коштошпой тур, пап, бара бер.

– Сиз өзүңүз жетип аласызбы? – сурады Мита.

– О, кудайым ай, адам араң басып жүрөт, керебетке чейин жеткирип коюш кыйынбы? Баштыгын көтөрүшүп!

Павел Николаевич жетимсиреп өз жакындарын карады да, Митанын жардам берейин деген колун четке кагып, кармагычты бекем кармап чыга баштады. Жүрөк солк этти, бирок жогору чыга баштагандан эмес такыр. Ал тепкичтер менен, жанагы немеге чыккандай, атың өчкүр, жанагы трибунага окшош, тигил өөдө жактан башты кесетко…ошол жакка чыгып бараткандай сезилди.

Улук медайым алдыга басып, баштыкты көтөргөн бойдон үстүнө чуркап чыгып кетти, ал жактан Марияга бирдеке деп кыйкырып, Павел Николаевич тепкичтин кайрылышына чыккыча, башка тепкич менен чуркап түшүп корпустан безди, ошону менен Капитолина Матвеевнага ачык көрсөтүп, күйөөсү бул жерден кандай камкордук көрөрүн.

Павел Николаевич болсо тепкичтин кайрылыш аянтчасына – кенен жана чоң, эски имараттарда гана ушундайлар болот – жай чыкты. Ушул ортодогу аянтчада кыймылга эч тоскоолдук бербей бейтаптары менен эки керебет, жанында тумбочкалары туруптур. Бир бейтап өтө начар, жүдөгөн, кычкылтек жаздыкчаны соруп жатат.

Үмүтү үзүлүп бараткан анын жүзүн көргөндөн качып, Русанов кайрылып өөдө карай жолун улантты. Бирок өөдө жактан да кайрат кошчу эч нерсе болбоду. Ал жакта медайым Мария туруптур. Анын мисирейген жүзү жылмайып да, учурашып да койгудай эмес. Бою узун, арыкчырай жана тактайдай түз, ал аскерге окшоп күтүп турду жана дароо эле өөдөкү вестибюль менен каяка барыш керекти көрсөтүп басты. Бул жакта бир нече эшиктер бар экен, аларды тороп калбагыдай кылып дагы бир нече керебеттер бейтаптары менен турат. Терезеси жок кайрылыш бурчта дайыма күйүп турган үстөл шам чырагында медайымдын жазма столчосу, анын процедуралык столчосу жайгашкан, жанында кызыл крест тартылган агыш айнеги менен илме шкаф дубалга кагылган. Ошол столчолорду, дагы керебеттерди өтүп, Мария узун, куурап калгандай колу менен көрсөттү:

– Терезеден экинчи.

Анан дароо эле кеткени шашты – жалпы оорукананын жагымсыз белгилеринин бири, киши менен туруп, сүйлөшүп койбойт.

Палатанын эшиктери дайыма ачылып турчу, бирок баары бир, босогодон кирип келатып Павел Николаевич ным тарткан бузулган – анын жыттарга сезгичтигинен чыдагыс, аралашма, бир четинен дарылардын жытын сезди.

Керебеттер туурасынан дубалга тыгыз жайгашкан, ортосунда бир тумбочка баткандай жолчосу бар жана бөлмөнүн ортосунда ортоңку жолчо да эки киши өткүдөй тыгыз.

Ошол жолчодо чымыр, далылуу, кызыл ала тилкелүү пижамада бейтап туруптур. Анын моюну бинттер менен жоон жана катуу байланган – жогору, кулак учуна чейин. Ак бинттин кысымында чачттары өсүп кеткен анын оор чоң башы ээн-эркин кыймылдабай калган.

Ал керебеттерде жаткан башка бейтаптарга кыргыл үнү менен бирдеке айтып жатыптыр. Русанов кирип келгенде бүт тулку бою менен кайрылып, көңүлсүз карады да айтып койду:

– А мына – дагы бир ракчан.

Павел Николаевич мындай теңтушсунуп сүйлөгөнүнө жооп бергиси келген жок. Азыр бөлмө ичиндегилердин бардыгы аны карап жатканын сезип, бирок ушул кокустан туш келген адамдар менен карашып, алар менен учурашкысы да келген жок. Ал колу менен жол бошоткондой шилтеп, жанагы чачы өскөн бейтапка жол бер дегенсип көрсөттү. Тигил Павел Николаевичти коё берип, башы менен кошо кыймылдаган тулку боюн артынан кайрыды.

– Бери уксаң, байкеси, сендеги рак – эмненики? – таза эмес үнү менен сурады.

Өзүнүн керебетине жетип калган Павел Николаевичке бул суроо өзөгүнөн кыргандай болду. Ал көздөрүн орой немеге көтөрүп, ачуусун билдирбей (бирок баары бир ийиндери тартылып кетти) сүйлөдү:

– Эчч-текеники эмес. Меники такыр рак эмес.

Чачы өскөн бир аз кышылдап, бүт бөлмөгө өкүмүн чыгарды:

– Келесоо десе! Эгерде рак болбосо – ушул жакка жаткырмак беле?

 

2

Ушул палатадагы биринчи кечте, бир нече сааттын ичинде Павел Николаевичтин үрөйү кадимкидей учту.

Катуу тоголок шишиги – күтүүсүз, керексиз, түшүнүксүз, эч кимге пайдасы жок, балыкты кармаган кайырмактай ушул жерге сүйрөп келип, ушул темир, кууш, кебетеси кеткен, кыйчылдаган жана эптеген матрасча менен төшөлгөн керебетке таштады. Тепкичтин алдынан азыркы киймин кийип, жакындары менен коштошуп, ушул палатага кирди эле – бүт мурдагы жашоосу жабылып, бул жерден ушундай бир тирилик оркоюп чыгып келди дейсиң, шишиктин өзүнөн эмес, ошондон үрөйү уча турган болду. Жагымдуу, тынчтандырган нерсени карап тандамак түгүл, азыр өзүнө теңдеш болуп калган, турмуштун соккусун жеген сегиз адамды аргасыз караш керек болду – кызыл ала – ак ала сүсүлгөн, эчак эскирген, кай жери жамачы, бардыгына тең чак эмес тандалган пижамаларды кийинген сегиз бейтапты. Эмнени укканды тандамак түгүл, ушул ар кошкондон чогулган адамдардын жадатма, Павел Николаевичке такыр тиешеси жок жана кызыксыз сүйлөшкөндөрүн угуш керек болду. Алардын жаагын жап кылып, буйрук берип койсо го, өзгөчө мынабу жадаткыр, чачы өскөн, башын кыстыра моюну бинт менен оролгон немеге – аны бардыгы жөн гана Ефрем деп коюшат, өзү жаш болбосо да.

Бирок Ефрем тынчыбастан, жаткан жок жана палатадан эч жакка кетпей, бөлмөнү бойлой ортоңку жолчо менен аркы-терки басып жүрдү. Кээ кезде ал бетин тырыштырып, укол алгансып башын кармап калат. Анан кайра басканын койбойт. Ошентип басып жүрүп, дал Русановдун керебетинин тушуна токтойт да, ийилбеген аркасы менен бери эңкейип, чаар ала үтүрөйгөн чоң бетин көрсөтүп, акылын үйрөтүп коёт:

– Бүттү эми, профессор. Кайра барбайсың үйгө, түшүндүңбү? – Палатада жылуу болчу, Павел Николаевич жууркандын үстүндө пижамачан жана тебетейи менен жаткан. Алтындын буусуна жасалгаланган кармагычтарынан көз айнегин түздөп, Ефремди болгон каары менен карады да жооп берди:

– Мен түшүнгөн жокмун, менден сизге эмне керек? Эмне мени коркутуп атасыз? Мен сизге суроо берген жокмун го.

Ефрем жини менен ыргытып салды:

– Суроо бересиңби, бербейсиңби, үйгө барбай калдың. Көз айнегиң анагы кайтарып бер. Пижамаңды.

Орой сөзүн ыргытып, кайрылбаган тулку боюн түздөп кайра аркы-терки басканын улантты, кагыңгыр.

Павел Николаевич, албетте, аны кагып, ордуна коюп коймок, бирок ошол үчүн азыр демейдеги эркти өзүнөн таппады: анысы өчүп, мойну оролгон шайтандын сөзүнөн дагы өчүп баратты. Азыр колдоо керек болчу, анын ордуна аңга түртүп жатышты. Бир нече сааттын ичинде Русанов өз абалын, сиңирген эмгегин, келечекке койгон пландарын жоготуп – өз эртеңин билбеген жетимиш кило эти бар борпоң дене болуп калды.

Куса болгону жүзүндө жазылып калган бы, кийинки жолу бери басып келгенде Ефрем бет маңдай токтоп, эми коркутпай сүйлөдү:

– Эгерде үйгө барып калсаң да – көпкө чейин эмес, кайра бияка келесиң. Рак адамды жакшы көрөт. Рак кимди кармаса – көргө чейин жетелеп барат.

Павел Николаевичтин каяша айтууга күчү болгон жок – Ефрем кайта басканын улантты. Деги бул бөлмөдө аны тыя турган ким бар дейсиң! – жатышат бардыгы токмок жегендей же орус эместер. Наркы тарапта мештин бир жагы чыгып тургандыктан төрт гана керебет жайгашкан, бир керебети – туура Русановдун бет маңдайында, бутма бут жолчо менен бөлүнгөн, Ефремдики экен, калган үчөөдө бардыгы жаш балдар: мештин жанында жупуну кара тору бала, анан жаш өзүбек бала балдакчан, терезенин жанында – чыбыктай арык, керебетинде эки бүктөлүп жаткан, саргайып онтогон бала. Бул, Павел Николаевич жаткан катарда, сол жагында эки башка улуттагы адамдар, эшиктин жанында орус бала, бою узун, чачын машинкеге алдырган, окуп отурат, – бул жагында болсо акыркы терезенин тушундагы керебетте орус неме отурат, бирок мындай кошунага куунак болбойсуңго: түрү тим эле каракчы. Андай көрүнүшү, балким, тырыктан болгон чыгар (тырыгы оозунун бурчунан башталып, сол жаактын ылдый жагы менен мойнуна чейин кеткен); же таралбаган, жатпаган кара чачтарынан бы; а балким орой, тайманып койбогон көз карашынан бы. Бу каракчыны да карап кой, маданиятка тартылып, китеп окуп аяктап жаткан окшойт.

Жарык жагылган – үстүдө эки жаркыраган лампа. Терезеден караңгы киргени көрүнөт. Кечки тамакты күтүп отурган кез.

– Мына бул жакта бир чал бар, – баягысын кайра баштады Ефрем, – ылдый жакта жатат, эртең операция кылышат. Мына ошого кырк экинчи жылы тырнактай ракчасын кесип таштап, айтышкан, бар кете бергин деп. Түшүндүңбү? – Ефрем шар сүйлөгөнү менен, үнү азыр өзүн кесип аткандай. – Он үч жыл өттү, ал жанагы диспансерди унутуп да койгон, арак ичип, аял-кыздарды жөн коё берчи эмес – сонун чал, көрөсүңго. Азыр моо-ондай рак өстү дейсиң! – Ефрем аң-таң болгонун оозун менен чоп эттире көрсөттү, – столдон түз эле морг тарапка кетпегидей эле.

– Болду эми, жетишет жаман жоромол айтып! – кол серпиди нары карап Павел Николаевич, үнү өзүнө бейтааныш угулду: ушунчалык абройсуз, ушунчалык муңдуу.

Бардыгы унчукпай жатышты. Тигил катарда терезенин жанында ооналактаган арык бала да жанды кейите онтоп жатты. Отурар – отурбас, жатар – жатпас болуп, тизесин төшүнө кадап бүктөлүп алган, эч бир ык табалбай, жаздыктан нары керебеттин бут жагына арта салып жатты. Акырын-акырын онтоп коёт, бетинин бырышканы, тартылганы менен канчалык ооруп жатканын көрсөтүп.

Павел Николаевич тескери карап, бутун үйдөн кийген тапичкесине салды да өзүнүн тумбочкасын дайын жок аңтара баштады, эшикчесин жаап – ачып, анын ичинде продуктулар жыш салынган, же үстүнкү суурмасын ачып коёт, анда самын-памын, электробритвасы бар.

Ефрем болсо баягыдай аркы-терки басып жүрөт, колдорун төшүнө кайчылаш коюп алган, кээ кезде сайып оорутканынан бырышып коёт, анан болбой эле жанагы өзүнүкүн кайталайт, өлгөндө жүргөндөй:

– Ошондой биздин иш, жама-ан… бүттү биздин соодабыз…

Павел Николаевичтин артынан шарт эттирген добуш угулду. Ошол жакка этият кайрылып карады, анткени моюндун ар бир кыймылы оорутуп аткан, ал жакта кошунасы, каракчыдай неме, окуп бүткөн китептин кабын тарс жаап, кесилген чоң колдорунда кармалап отуруптур. Тышы кара көк китептин бетинде жана четинде кыйгачтап жазуучунун мурда жалтырак сары, азыр өңү өчкөн аты-жөнү жазылган. Эмне болгон жазуучу экенин Павел Николаевич окуп албай калды, а жанагы немеден сурагың да келбейт. Ал кошунасын Оглоед деген атка кондурду. Жарашып калды ошого.

Оглоед сүрдүү көздөрү менен китепти карап, тартынбастан бүт бөлмөгө жар салды:

– Эгерде Дёмка бул китепти шкафтан тандап алып келбесе, бизге муну атайын окусун деп таштап кеткен деп ишенип калмакмын.

– А, эмне – Дёмка? Кайсы китепти? – эшиктин жанындагы бала жооп берди өзүнүкүн окуп жатып.

– Бүт шаарды атайы тинтип чыккын – мындай китепти таппайсың. – Оглоед Ефремдин жазы желкесин карады (ыңгайсыздан көптөн бери кыркылбаган анын чачтары байламасы үстүнө чыгып кеткен), анан чымырай жүзүн. – Ефрем! Күңкүлдөбөй, мына андан көрө китеп окучу.

Букадай болгон Ефрем токтой калып, көрөр-көрбөс көздөрү менен карады.

– Эмне кылам окуп? Жакында бардыгыбыз тыйпыл болобуз – окугандын кереги не?

Оглоед тырыгын бырыштырып сүйлөдү:

– Мына ошондуктан шашылгын, жакында тыйпыл болсок. Ме, ме.

Ал китепти Ефремге сунуп жатты, бирок тигил бери баскан жок:

– Окушка бунуң көп экен. Окубайм.

– Сен окуганды билбейсиңго дейм? – көп деле көндүрбөдү Оглоед.

– Менин билбегеним жок. Мага эмне керек болсо – мен аны жакшы билип алам.

Оглоед терезе текчесинен карандашты издегилеп, китепти аягынан ачты да бир сыйра карап, ар жерге чекиттерди койду.

– Коркпо, – сүйлөнүп койду ал, – мында аңгемелер чакан-чакан. Мына буларды окуп көрчү. Жадаттың деги, күңкүлдөй берип. Окуп көр.

– А Ефрем эч нерседен коркпойт! – деп китепти алып, өзүнүн керебетине ыргытып салды.

Эшик жактан жалгыз балдакчан жаш өзбек бала Ахматжан сылтып кирип келди – бөлмөдөгү көңүлү жайдары бир гана адам. Жарыя кылды:

– Кашыктарды даярда!

Мештин жанындагы кара балага да жан кирди:

– Кечки тамакты алып келатышат, балдар!

Колун өөдө көтөрүп ак халатчан тамак таркаткыч аял кирип келди. Ал подносту алдына коюп, ар бир керебетке келип тарката баштады. Терезенин жанындагы онтогон баладан башка бардыгы кыймылга келип, чөйчөктөрүн алып жатышты. Ар биринин палатада тумбочкасы бар, Дёмканыкы гана жок, ал сөөктүү казах менен чогуу отурат, тигинин үстүнкү эрини шишип, бинттелбеген түрү бузук кара кочкул карты көрүнүп турат.

Павел Николаевичтин азыр булардын тамагына эмес, өзүнүн үйдөн келген тамагына да көңүлү тартпаганын айтпай эле коёлу, бирок ушул кечки тамактын түрүн көргөндө – чоюлган төрт бурчтук буудай акшагы сары килкилдек соусу менен жана сабагы эки буралган боз алюминий кашыгы – дагы бир жолу ал каяка туш келгенин жана ушул клиникага макул болуп, кандай ката кетиргенин азыр өкүнтө эскертип койду.

Бардыгы, онтоп жаткан баланы кошпогондо, жапырт жеп башташты. Павел Николаевич чөйчөгүн колуна албай, тырмагы менен анын кырына каккылап, кимге берсем дегенсип эки жакты карады. Айрымдары ага карата капталынан, башкалары аркасынан отурушат, эшиктин жанындагы бала гана азыр маңдайында.

– Сенин атың ким? – үнүн катуу чыгарбай (тигил өзү угуп калышы керек), сурады Павел Николаевич.

Кашыктар каңгырап жатса да, бала ага кайрылып жатканын түшүнүп, ошол замат жооп берди:

– Прошка… той, э-э-э… Прокофий Семёныч.

– Алагой.

– А не экен, алсак болот…– Прошка басып келип, чөйчөктү алды, ыраазылыгы менен башын ийкеди.

Павел Николаевич болсо жаак алдындагы катуу шишиктин дулдуюп турганын сезип, бир маалда оюуна түшүрдү – бул жерде анын оорусу оңойлордон эмес! Тогуз адамдын ичинен бирөө гана таңылган – Ефрем, дал ушул Павел Николаевичти да кесип коюшу мүмкүн жерден. Жана бирөө гана катуу ооругандан онтоп жатат. Жана алдагы наркы керебеттеги килейген казахтын кара кочкул карты көрүнүп турат. Анан мына – жаш өзбектин балдагы бар, ал анысына болор-болбос таянып жүрөт. Калган бардыгынын сырттан эч кандай шишиги көрүнбөйт, түрү бузук эч кандай нерселери жок, сопсоо адамдардай жүрүшөт. Өзгөчө – Прошка, ал ооруканада эмес, эс алуучу үйдө жүргөндөй беттери кып кызыл жана мына азыр чөйчөгүн жалап-жулап бүтүрүп атат. Оглоеддин жүзү кумсарып турса да, басып турганы ээн-эркин, сүйлөгөндө тартынбайт, ал эми тамак жегени ушундай киришти дейсиң, Павел Николаевичтин оюнда кылт эте түштү – симулянт эмеспи бул? мамлекеттин бекер оокатында отурат, өлкөбүздө бейтаптар үчүн тамак аш акысыз да.

Павел Николаевичти болсо дулдуйган шишиги башынын алды жагынан жөөлөп, кайрылганы жолто болуп, саат сайын өсүп баратты – бирок дарыгерлер бул жерде саатты санашпайт экен: түштөн бери кечки тамакка чейин Русановду эч ким караган жок жана эч кандай дарылоо болгон жок. Ал эми доктор Донцова аны бул жакка тез дарылоо керек деп жаткырган. Демек, ал жоопкерчиликсиз, шалакы, кылмышкер адам. Русанов болсо азыр Москва менен телефон чалышып, ошол тарапка учкандын ордуна ушул немеге ишенип, алтын убакытын былгыган палатада коротуп жатат.

Ката кетиргенин, ичти ооруткан кечеңдикти сезип туруп, шишиктен жаны кашайганы кошулганда Павел Николаевичтин жүрөгү кысылып, эч нерсе уккусу келбей, ушул чөйчөктөргө кашык каңгырагынан баштап, алдагы темир керебеттерди, одуракай жууркан, дубал, лампаларды, адамдарды көрөйүн деген көзү жок. Тузакка кабылгандай, эртең мененкиге чейин бир чечкиндүү кадам жасоого болбой калгансыды.

Бактысы кеткен немедей, жатып алып, көзүн үйдөн алып келген сүлгүсү менен жарыктан, деги эле бардыгынан корголоп жаап алды. Алаксыш үчүн, үйдү, үй-бүлөсүн териштире баштады, алар азыр эмне кылып жатышат. Юра поездде баратат. Анын биринчи практикалык инспекциясы. Өзүн туура көрсөткөнү өтө маанилүү. Бирок Юра – тырышчак эмес, жүүнү бош, маскара болбосо болду. Авиета Москвада, каникулда. Анча-мынча көңүл ачып, театрларга барып, эң негизгиси бирок – жумуш максаты бар: аркы-беркини карап, байланыш түзүп, мына бешинчи курс болуп калбадыбы, турмушта туура багыт алыш керек. Авиета шыктуу журналист болот, ишти катырат жана, албетте, ал Москвага барышы керек, бул жак ал үчүн тар болуп калат. Ал ушундай эстүү, ушундай таланттуу, үй-бүлөдө эчкимиси андай эмес – тажрыйбасы, албетте, жетишсиз, бирок бардыгын ошол замат түшүнөт! Лаврик – бир аз бекерчи, эптеп-септеп окуп жүрөт, бирок спортто – тим эле талант, Рига шаарына мелдешке барып келди, ал жакта чоң кишиге окшоп мейманканада жашады. Мына машина да айдап жүрөт. Эми ДОСААФтан права алууга окуп жатат. Экинчи чейректе эки эки алыптыр, оңдош керек. Майка болсо азыр үйдө болушу керек, пианинодо ойноп жатыры (ага чейин эч ким ойночу эмес). Коридордо килемчеде Жолборс жатат. Акыркы жылы Павел Николаевич аны эртең мененкисин өзү чыгарып сейилдеп келүүгө көнүп калган, бул өзүңө да пайдалуу. Эми Лаврик чыгарып сейилдетет. Ал жакшы көрөт – өтүп бараткан адамга жулкунтуп коюп, өзү болсо: коркпой эле койгула, мен аны кармап турам! деп коёт.

Мына ушундай ынтымактуу үлгүлүү Русановдордун үй-бүлөсү, алардын бардык ыктуу жашоосу, мизилдеген квартирасы – бунун бардыгы бир нече күндүн ичинде четке чыгып, шишиктин т и г и л т а р а б ы н д а калды. Алар жашап жүрүшөт жана жашайт, атасы эмне болбосун. Эми кантип гана тынчсызданып, кам көрүп, ыйлашса да – шишик аны дубалдай нары түртүп салды, ал жакта жападан жалгыз өзүңсүн.

Үй тууралуу ойлору жардам берген жок, Павел Николаевич мамлекеттик ойлор менен өзүн алаксытайын деди. Ишемби күнү Союздун Жогорку Советинин сессиясы ачылат. Эч кандай ири нерсе күтүлбөгөндөй, бюджетти бекитишет. Бүгүн ал үйдөн ооруканага чыгып баратканда радиодон оор өнөр жайы жөнүндө чоң доклад берип башташкан. Бул жерде, палатада, радио да жок, коридордо жок, мына сага кызык! Эч болбогондо «Правданы» үзгүлтүксүз алып келишин камсыз кылыш керек экен. Бүгүн – оор өнөр жайы жөнүндө, кечөө – мал чарбалык продуктулардын өндүрүшүн көбөйтүү жөнүндө токтом. Ооба! Экономикалык турмуш ыкчам өнүгүп келатат жана, албетте, ар кандай мамлекеттик жана чарбалык уюмдарда чоң өзгөрүүлөр күтүлөт.

Павел Николаевич республика жана облус масштабында кандай кайра уюштуруулар күтүлүшүн элестетти. Мындай кайра уюштуруулар дайыма майрамдуу маанайда толкундантып, күнүнкү жумуштан бир аз алаксытар эле, кызматкерлер бири бири менен телефон чалышып, жолугушуп, мүмкүндүктөрдү талкуулашчу. Ошол кайра уюштуруулар кайсы жагына ооп кетпесин, айрым учурда такыр тескери жагына, бирок эч кимди эч убакта, анын ичинде Павел Николаевичти да, төмөндөтпөй, дайыма көтөрүшчү.

Бирок бул ойлор менен да көпкө алаксып, жандана түшкөн жок. Моюндун алды жагы сайгылады эле – эч кимди укпаган, эч кимдин сөзүнөн жибибеген шишиги оркоюп чыгып, бүт дүйнөнү ээлеп алды. Анан кайрадан: бюджет, оор өнөр жайы, мал чарбачылыгы жана кайра өзгөрүүлөр – бунун бардыгы шишиктин н а р к ы жагында калды. Бул жагында болсо – Павел Николаевич Русанов. Жалгыз.

Палатада аялдын жагымдуу үнү угулду. Бүгүн Павел Николаевичке эч нерсе жагымдуу көрүнбөс болсо да, бирок үнү тим эле таттуу угулат:

– Температура ченейли! – момпосуй тараткандай сүйлөдү.

Русанов сүлгүсүн башынан тартып, бир аз көтөрүлдү да көз айнегин кийди. Кереметтики! – бул жанагы карайган бүркөө Мария эмес, толукчурай тыкан, башында үч бурчтук жоолук эмес, алтындай чачтарында докторлор кийип жүргөн шапичкеси бар неме экен.

– Азовкин! А, Азовкин! – койкасынын алдында туруп алып, терезенин жанындагы жаш балага көңүлдүү кайрылып атты. Тигил мурдагыдан кызыктай жатып алган болчу – керебеттин туурасынан, тоңкоюуп алып, ичине жаздыкты коюуп алган, иттерче башын ээги менен матраска такап, керебеттин сымдарына үңүлгөн, көрүнүшү темир тордо жаткандай. Анын жукарган бетинде ичтеги ооругандын бардыгы тартылып турду. Колу полго чейин шылкыйган.

– Кел, кармансаң! – намыстантты медайым. – Күчүң дегеле бар. Термометрди өзүң алгын.

Ал кудуктан чака көтөргөндөй полдон колун араң көтөрүп, термометрди кармады. Ушунчалык алсырап, ушунчалык ооруганына үңүлүп алган, он жети жашар бала деп эч ким айтпайт муну.

– Зоя! – онтоп сурады ал.– Жылыткыч бергилечи мага!

– Сен өзүңө душмансың, – Зоянын кабагы бүркөлө түштү.– жылыткыч берсек, аны уколго эмес, ичиңе коюп жатпадыңбы!

– Мага ошондо жеңилдеп атпайбы, – кыйналып көшөргөнсүдү ал.

– Силерге түшүндүрбөдү беле, ошентип шишикти өстүрөсүңөр. Онкологияда жылыткыч деген болбойт, атайын силер үчүн алып келишкен.

– Анда мен укол сайдырбаймын.

Бирок Зоя аны укпай, Оглоеддин бош керебетине бармагы менен каккылап сурады:

– Костоглотов каякта?

(Карасаң ай! – Павел Николаевичтин туура тапканын! Костог-глод – Оглоед – таамай!)

– Тамеки чеккени кеткен, – эшиктен Дёмка үн чыгарды. Ал дагы эле окуп жаткан болчу.

– Тамеки чеккенди көрсөтөм мен ага!– күңкүлдөп койду Зоя.

Кандай татына кыздарыбыз бар! Павел Николаевич анын тыкан тыгыз томпойгонуна жана бакыракай көздөрүнө суктана карап турду – жөн гана арам оюу жок карап, көңүлү жибип баратканын сезди. Кыз күлүмсүрөп термометрди сунду. Ал туура шишик тарабында турду, бирок чоочулаганын же мындайды мурда көрбөгөнүн кабак-кашынан билгизген жок.

– А мага эч кандай дарылоо жазып берген жокпу? – суроо берди Русанов.

– Азырынча жок, – жылмаюу менен кечирим сурады ал.

– Эмне үчүн? Врачтар каякта?

– Алардын жумуш күнү бүткөн.

Зояга ачууланып болбойт эле, бирок Русановду дарылабаганы үчүн кимдир бирөө күнөөлүү да! Бирдеке кылыш керек! Русанов алакан жайганды жана былжырак мүнөздү жек көрчү. Зоя термометрди алганы келгенде, сурады:

– Шаардык телефон каякта? Кантип барсам болот? – мына азыр чечилип, жолдош Остапенкого телефон чалыш керек! Телефон тууралуу келген жөнөкөй ой Павел Николаевичке анын көнүп калган дүйнөсүн ордуна келтирди. Кайрадан кайрат берди. Ал өзүн күрөшчү адам катары сезип калды.

– Отуз жети, – жылмайды Зоя жана керебеттин башында илинип турган жаңы температуралык карточкага графиктин биринчи чекитин койду.– Телефон – каттоо жайында. Бирок азыр баралбайсыңар. Аяка башка жагынан кириш керек.

– Ушул кантип болсун, чоң кыз! – Павел Николаевич бир аз көтөрүлүп, кабагын түйдү. – Кантип эле клиникада телефон жок? Мына азыр бирдеке болсочу? Мени менен, мисалы.

– Чуркап барабыз, чалабыз, – корккон жок Зоя.

– Бороон-чапкын болсочу?

Зоя кошунасына, картаң өзбекке өтүп кетип, анын графигин улантып атты.

– Күндүз түз эле барабыз, азыр болсо жабык.

Жагымдуусу жагымдуу, а бирок корс мүнөзү бар экен: акырына чейин укпай, казакка өтүп кетти. Анын аркасынан Павел Николаевич аргасыздан үндү көтөрүп сүйлөндү:

– Башка телефон болуш керек да! Кантип эле болбосун?

– Бар, – казактын керебети жанында отуруп, жооп берди Зоя.– Бирок башкы дарыгердин кабинетинде.

– Эмне болду анан?

– Дёма… Отуз алты сегиз… Кабинет болсо бек, анан Низамутдин Бахрамович каалабайт…

Деп кетип калды.

Мунун да жөнү бар. Албетте, сен жокто сенин кабинетиңе кирип жүрүшсө, бул жагымсыз көрүнүш. Бирок ооруканада бир нерсени ойлоп табышы керек эле да…

Бир көз ирмемге тышкы дүйнөгө жип ыргытылып – ошол замат үзүлүп калды. Анан кайрадан бүт дүйнөнү муштумдай болгон жаак алдындагы шишик жаап салды.

Павел Николаевич күзгүнү алып карады. Ух, дулдуюп эле баратат! Бөтөн көз менен карасаң коркчудай – өзүңдүкү мененчи? Мындай болуп көрбөгөн да! Мына тегеректе эч кимдики жокко! Кырк беш жашка келгенге чейин Павел Николаевич эч кимден мындай түрү суук немени көргөн эмес!..

Салыштырганды да койду – чоңойдубу дагы, жокпу, күзгүнү катты да тумбочкадан бир аз алып чайнады.

Эки орой – Ефрем менен Оглоед палатада жок болчу, чыгып кетишкен. Азовкин терезенин жанында дагы жаңыча буралып алган, бирок онтогон жок. Калгандары тынч, китеп беттеринин ачылганы угулат, айрымдары уктап жатышат. Русановго да уктагандан башка кылар иш жок. Түндү эптеп өткөрсөк, ойлонбой – эртең менен дарыгерлердин сазайын көрсөтүш керек.

Ал чечинип, жуурканды жамынды, башын сүлгү менен жаап, уктаганы аракеттенди.

Бирок жымжыртта бирөөнүн – так гана Павел Николаевичтин кулагына кобурап эле кобурап жатканы өзгөчө угулуп, кыжырга тийди. Ал чыдабай кетип, бетинен сүлгүсүн тартып салды, моюн орубагыдай болуп көтөрүлдү – көрсө бул кошунасы өзбек кобурап жатыптыр – арык, кара күрөң куураган чал кичине кара сакалы менен, сүсүлгөн тебетейчен.

Ал колдорун башына алып аркасынан жатыптыр, бөлмөнүн төбөсүн карап кобурайт – намазын окуп жатабы, карыган келесоо?

– Э! аксакал! – сөмөйү менен зекитти Русанов.– Токтот! Уктатпай жатасың!

Аксакал тынчып калды. Русанов кайра башын жаздыка коюп, сүлгү менен жамынды. Бирок бары бир уктай албай койду. Эми үстүдөгү эки лампанын – ачык жана абажур менен эптеп жабылган көзгө урган жарыгы тоскоолдук кылып, тынчытпай жатканын түшүндү. Калың сүлгүдөн да өтүп атты ошол жарыгы. Павел Николаевич кайра шишигин оорутпай колу менен жаздыктан турду.

Прошка өзүнүн керебетинде, свет өчүргүчтүн жанында туруп, чечинип баштаптыр.

– Чоң жигит! Светти өчүрүп койчу! – буйруду Павел Николаевич.

– Те, эме… дары алып келе элек да…– оңтойсузданып туруп калды Прошка, бирок колун өчүргүчкө көтөрдү.

– «Өчүр» дегениңер кандай? – Русановдун аркасынан Оглоед арылдады.– Колду кыскарт, бул жерде жалгыз эмессиңер.

Павел Николаевич ыкталып отуруп, көз айнегин кийди, шишигин аяп, керебеттин торчосун кыйчылдатып, бери карады:

– А сиз с ы л ы к сүйлөсөңүз болбойбу?

Корсулдаган неме оозу мурдун кыйшайтып, төмөн үнгө салып жооп кайтарды:

– Акыл үйрөтпө, аппараттыңда эмесмин.

Павел Николаевич өзүнүн каардуу бир көз карашын ыргытты эле, бирок Оглоедге ал такыр таасирин тийгизген жок.

– Мейли, жарык азыр эмнеге керек? – тынчтык сүйлөшүүлөргө жол ачты Русанов.

– Көтөн чукуганы, – оройлонду Костоглотов.

Павел Николаевич палатадагы абага канчалык көнүп калса да, ушул жерден деми кыстыгып кетти. Бул бети жок немени жыйырма мүнөттө ооруканадан чыгарып, жумушка жибериш керек болчу! Бирок колдо азыр эч кандай таасир берчү нерсе жок.

– Эгерде ким окуса же башка жумушу болсо – коридорго чыксын, – туурасын көрсөттү Павел Николаевич.– Сиз эмнеге бардыгы үчүн чечип салдыңыз? Бул жерде – ар кандай бейтаптар жатат, айырмалаш керек…

– Айырмалашат, – тиштери менен сүйлөдү тигил.– Силерге некролог жазышат, баланча жылдан бери мүчө деп, бизди болсо – түз эле көргө.

Мындай тыйылбас баш ийбестикти, мындай көзөмөлсүз өзүм билемдикти Павел Николаевич эч качан көргөн эмес, эсинде жок.

Өзүн жоготуп да койду – буга эмнени каршы коюш керек? Жанагы кызга даттанмак беле? Өзүн түшүрбөй, сөздү токтотууга туура келди. Павел Николаевич көз айнегин чечип, этияттап жатты, сүлгүсүн жамынды.

Ушул клиникага макул болуп жатканына азыр кусаланып, жини жарылчудай кайнады. Бирок эртең кайра чыгып кетүүгө кеч эмес.

Саат тогуздан өтүп баратканын көрсөттү. Мейли, ал бардыгына чыдаганды чечти. Качандыр булар тынчтанат да.

Бирок керебеттер ортосунда кайра солкулдатып баскандары башталды – бул, албетте, Ефрем кайтып келди. Бөлмөнүн эски жыгачтары анын басканын туурап, Русановдун керебети жана жаздыгы аркылуу берилип атты. Павел Николаевич ага бирдеке айтуудан баш тартты, чыдайын деп чечти.

Маданиятсыздык качан кетет биздин калктан! Ушул жүк менен кантип жаңы турмушка барабыз анан!

Кечки убакыт созулуп, бүтпөй койду! Медайым улам келип кетип атты – бир жолу, экинчи, үчүнчү, төртүнчү ирет, бирине микстура алып келет, экинчиге порошок, үчүнчү жана төртүнчүгө укол сайды. Азовкин укол алганда онтоп жиберди, сайган жерине кайрадан жылыткыч бер деп жалдырады. Ефрем жанагыдай тияка-бияка басып жүрдү, тынчы кетип. Ахматжан Прошка менен сүйлөшүп жатты, ар кими өз керебетинде. Бардыгы азыр гана тирилик кылып баштагандай, эчтеке аларды оорутпай, эч нерседен дарыланбагандай. Жада калса Дёмка да уктабай, Костоглотовдун керебетине келип алып, Павел Николаевичтин кулак түбүндө кобурашып отурушту.

– Көбүрөк окуюн деп аракеттенип атам, – Дёмка сүйлөп жатты,– убакыт барда. Университетке өткүм келип жүрөт.

– Бунуң жакшы. Бирок билгиниң: илим-билим адамга акыл кошпойт. (Балага эмнени үйрөтүп жатат, Оглоед!)

– Кантип эле кошпойт?!

– Ошентип.

– А эмне кошот анан?

– Т-турмуш.

Дёмка унчукпай туруп, жооп берди:

– Мен макул эмесмин.

– Биздин бөлүктө комиссар бар болчу, Пашкин, ал дайыма айтчу: илим-билим адамга акыл кошпойт деп. Наам алсаң да – кошулбайт. Кээ бирөөнө желкесине жылдыз кошуп койсо, ойлоп калат – акылы да кошулуп калды деп. Андай эмес.

– Эмне анан – окубай коюш керекпи? Макул эмесмин.

– Эмнеге окубаш керек? Окугун. Бирок өзүң эске тутуп жүргүн – акыл деген мында эмес деп.

– Акыл эмнеде анан?

– Акыл эмнеде дейсиңби? Көзүң менен көргөнүңө ишен, кулагыңа ишенбе. Кайсы факультетке өтөйүн деп жүрөсүң?

– Дагы эле чече элекмин. Тарых жагына баргым келет, адабий жагына да баргым келет.

– Техникалык жагыначы?

– Жо-ок.

– Кызык. Биздин убакта ушундай болчу. Азыр болсо балдардын бардыгы техниканы жакшы көрүшөт. Сен – техникага жоксуңбу?

– Мени… коомдук турмуш өтө кызыктырат.

– Коомдук?... Ох, Дёмка, техника менен – тынч жашайсың. Андан көрө приёмниктерди чогултканды үйрөнбөйсүңбү.

– Тынч жашагандын кереги не мага?... Азыр мына эки ай биякта жатсам – тогузунчу класстын экинчи жарым жылдыгын кууп жетишим керек.

– Окуу китептерчи?

– Бар экөө. Стереометрия аябай кыйын экен.

– Стереометрия?! Кана алып келчи!

Баланын барып, кайра кайтып келгени угулду.

– Так, так, так…Киселёвдун стереометриясы, качаңкы… Ошол бойдон… Түз жана тегиздик бири бирине параллелдүү… Эгерде түз тегиздикте жайгашкан башка бир түзгө параллелдүү болсо, ал тегиздикке да параллелдүү болот… Дурайын десе, мына китеп, Дёмка! Бардыгы ушинтип жазса! Жуп-жука, э? А бирок не деген нерселер бар мында!

– Бир жарым жыл окутат бул китеп менен.

– Мен да бул китептен окугам. Жакшы билчүмүн!

– Качан?

– Азыр айтам сага. Тогузунчу класс, экинчи жарым жылдыктан… демек, отуз жетинчи жана отуз сегизинчи жылдар. Азыр колго кармасам кызыктай болуп турам. Мен геометрияны бардыгынан жакшы көрчүмүн.

– Андан кийинчи?

– Эмне андан кийин?

– Мектептен кийин.

– Мектептен кийин мен сонун бөлүмгө өткөм – геофизикалык.

– Ал каерде?

– Ошол жакта эле, Ленинградда.

– Анан эмне болду?

– Биринчи курсту бүтүрдүм, отуз тогузунчу жылдын сентябрында армияга он тогуз жаштан баштап алынсын деген жарлык чыккан, мени алып кетти.

– Ананчы?

– Анан армияда болдум.

– Ананчы?

– Анан билбейсиңби, эмне болгонун? Согуш.

– Силер офицер болдуңарбы?

– Жок, сержант.

– Эмне үчүн?

– Бардыгы генерал болуп кетсе, согушту ким жеңип берет… Эгерде тегиздик башка тегиздикке параллелдүү түз аркылуу өтсө жана ошол тегиздикти кесип өтсө, кесилиш линиясы… Дёмка, бери укчу! Кел мен сени күнүгө сетереометрияга окутам? Ох, жылдырабыз! Каалайсыңбы?

– Каалайм.

(Ушул жетишпей жатты эле, кулак түптө күн сайын кобурашканы)

– Сабак берем сага.

– Бере бер.

– Чын эле, убакытты жөн кетирбей. Түз эле азыр баштайбыз. Мынабу үч аксиоманы иликтеп көрөлү. Бул аксиомалар, эсиңде болсун, жөнөкөй көрүнөт, бирок алар кийин ар бир теоремада жашырын камтылып турат, сен көрүшүң керек – кай жерде. Мына биринчиси: эгерде түздүн эки точкасы тегиздикке таандык болсо, бул түздүн ар бир точкасы да ошого таандык болот. Бунун мааниси эмнеде? Мынабу китеп тегиздик болсун дейли, карандаш – түз, туурабы? Эми жайгаштырып көрчү…

Кап-кайдагыны баштап алып, көпкө дейре аксиомалар жана натыйжалар жөнүндө күңгүрөп отурушту. Бирок Павел Николаевич чыдайын деп чечти, атайылап нары жакты карап жатып алган. Акыры, үндөрү угулбай калды, тарап кетти окшойт. Уктатуучу дарыдан экилик дозаны алып, Азовкин да үн чыгарбай уктап калды. А бирок ушул тапта Павел Николаевич карап жаткан тараптагы аксакал жөтөлө баштады. Светти да өчүрүп коюшкан, тигил чал болсо, кашайгыр, ушундай жаман жөткүрүп атты дейсиң, узак, кырылдап, дем жетпей өлүп калчудай.

Павел Николаевич коңторулуп, нары карап жатты. Ал башынан сүлгүсүн алды, бирок бары бир чыныгы караңгы болбой турду: коридордон светтин жарыгы түшүп турат, ал жакта уу-чуу, басып жүргөндөрү угулуп, түкүргүчтөр менен чакалар каңгырап атты.

Уйку жок. Шишиктин басымы сезилип турду. Ушундай бактылуу, ушундай пайдалуу өмүр үзүлгөнү турат. Өзүнө өзү жаны аябагандай ачып кетти. Көздөн жаш кылгырганы кичине гана түрткү жетпей турат.

Ошол түрткүнү Ефрем өткөрүп ийген жок, берди. Ал караңгыда да тынчыбай, Ахматжанга, кошунасына жиндидей жомок айтып жатты:

– Адамга жүз жашка чыгуунун кереги не? Кереги жок. Иш мындай болуптур. Алла жашоо таркатып жатканда бардык айбанаттарга элүү жаштан бериптир, жетет дегенсип. Адам болсо акыркы келиптир, Аллада жыйырма беш жаш гана калган экен.

– Төрттөн бир бөлүгүбү?

– Ооба. Адам таарына баштаптыр: аз! дегенсип. Алла айтат: жетет деп. Адам болсо: аз дейт. Анда мейли, барып сурап көр, кимде ашык болсо берет чыгар. Адам кетип баратса, алдынан жылкы чыгат. «Бери укчу,– дейт жылкыга, – жашоом аз болуп калды. Берчи мага бир аз.» – «Мейли,– дейт,– алгын жыйырма бешти.». Андан ары баратса, итти жолуктурат. «Бери укчу, ит, жошооңон бөлүшчү!» «Ме жыйырма бешти!» Кетти андан нары. Алдынан маймыл. Андан да жыйырма бешти сурап алыптыр. Аллага келет анан. Алла болсо айтат: «Эми не кылсаң да, муну сен тандадың. Биринчи жыйырма беш жашты адамдай жашайсың. Экинчи жыйырма бешти эшектей иштейсиң. Үчүнчү жыйырма беште бардыгына иттей ажылдайсың. Калган жыйырма беште сени маймылга окшоштуруп шылдыңдашат…»

 

3

Зоя канчалык зээндүү жана чыйрак болсо да, канчалык бачым өз кабатында столдон керебеттерге жана кайра столго чуркаса да, бейтаптарды жаткыруу маалга чейин бардык дайындоолорду аткарууга үлгүрбөгөнүн көрдү. Анда ал эркектер палатасын жана аялдардын кичи палатасын бүткөрүп, светин өчүрүүгө эптеди. Аялдардын чоң палатасында – килейген, отуз койкалуу палатада аялдар эч качан, светин өчүрөсүңбү, өчүрбөйсүңбү өз убагында тынчып калышчу эмес. Алардын ичинен кыйласы көптөн бери жатышат, ооруканадан тажап, уйкулары качып калган, бөлмөдө үп, улам талаша беришчү – балкон эшигин ачык коёлубу, же жаап коюш керекпи. Анан бир нечеси бурчтан бурчка отуруп алып ушакташканды жакшы көргөндөр бар. Түн ортосуна чейин, түнкү бирге чейин бул жерде бааларды, продуктуларды, эмеректерди, балдарды, күйөөлөрүн, коңшуларын талкуулап отурушчу – уятсыз сөздөргө чейин.

Бүгүн болсо ал жакта полду санитарка Нэлля жууп жаткан – куйруктуу дарылдаган, каштары коюу, эриндери чоң аял. Ал эчак эле баштаган, бирок ар бир сөзгө кошулуп, бүтпөй койду. Ошол эле учурда Сибгатов өзүнүн ванночкасын күтүп жаткан, анын керебети вестибюлда эркектердин палатасына кире бериште турат. Ушул кечки ванночкасы үчүн жана аркасындагы жагымсыз жыттан тартынып, Сибгатов өз ыктыяры менен вестибюлда жатып калган, өзү болсо бул жерде качаңкыдан бери жатат – бейтап эмес эле, түбөлүк кызматта жүргөндөй.

Аялдардын палатасында чуркап жүрүп, Зоя бир жолу Нэлляга эскертме берди, экинчи жолу, бирок Нэлля каяша айтып, жай жылып баратты. Ал Зоя курактуу болчу, жаш немеге баш ийүүнү өзүнө төмөн көрчү. Зоя бүгүн жумушка майрамдуу маанайда келген, бирок санитарканын каршылыгы анын кыжырына тийди. Зоянын ойлогону боюнча ар бир адамдын эркиндиктен үлүшү болушу керек, жумушка келгенден кийин суй жыгылганча иштегендин деле кажети жок, бирок ар бир нерсенин, өзгөчө бейтаптар менен иштегенде өзүнүн ченеми бар да.

Акырында, Зоя бардыгын таркатып бүттү, Нэлля да полду жууп бүткөрдү, аялдардын палатасында жана вестибюлда өөдөкү светти өчүрүштү, Нэлля жылуу эритмени биринчи кабатта аралаштырып, Сибгатовго анын тазигине алып келгенде саат он эки болуп калыптыр.

– О-о-ой, чарчаганымды айтпа, – болгон үнү менен эстеди ал.– Бир үч жүз мүнөткө жок болуп кетсемби. Сен, оорулуу, эки саат отурасың да, сени күткүчө зарыгасың. Сен анан өзүң тазикти ылдый алып барып, төгүп койбойсуңбу, ыя?

(Ушул бекем эски имаратта, кенен вестибюлдары менен үстүнөн төкчү жай жок болчу.)

Шараф Сибгатов мурда кандай адам болчу – азыр элестетүүгө кыйын, эч нерседен баамдай албайсың: анын азап жегени ушунчалык узарып кеткенден, мурдагы турмушунан эчтеке калбай калгандай. Үч жылдык үзгүлтүксүз кыйнаган оорудан ушул жаш татар бала бүт клиниканын эң момун, эң сылык адамы болуп калган. Ал башкаларды убара кылып көпкө чейин жатканына кечирим сурагансып, улам-улам күлүмсүрөп коёт. Төрт айлап, жарым жылдап бул жерде жаткандыктан ал бардык дарыгерлерди, медайымдарды жана санитаркаларды өз кишисиндей таанып калган, алар да аны таанып калышкан. Нэлля болсо жаңы келген, бир нече жума болду.

– Мага оор болот, – акырын көнбөдү Сибгатов.– Эгерде кай жерге төгүш керек болсо, мен бөлүп-бөлүп алып барат элем.

Бирок Зоянын столу жакын болчу, ал угуп калып, тура качты:

– Уятың барбы сенин! Анын аркасын ийбеш керек, ал сага тазик көтөрөбү, ыя?

Ал мунун бардыгын кыйкыргандай айтты, бирок үнүн катуу чыгарбай, үчөөнөн башка эч кимге угулган жок. А Нэлля болсо жай баракат, бирок бүт экинчи кабатка жаңыртып:

– Эмнеси уят экен? Менин дагы кутурган иттей уйкум келди.

– Сен кызматтасың! Сага акча төлөшөт! – үнүн огош бетер басайтып, жини менен айтты Зоя.

– Хой! Төлөшөт! Ошол да акчабы? Мен текстилде көбүрөөк таап алам.

– Тш-ш! Акырын сүйлөй аласыңбы?

– О-о-ой,– үшкүрүнө онтоду бүт вестибюлга тармал чачы жазылган Нэлля.– Курбулаш секет жаздыгым! Ушундай уйкум келип ата-ат… Тигил түнү шопурлар менен майрам кылдым… Мейли, оорулуу, сен анан тазикти керебеттин алдына түртүп кой, эртең менен чыгарып коём.

Терең, узак оозун жаппай эстегилеп, аягында айтты Зояга:

– Бул жерде болом, отурумдар залында, диванда.

Анан, уруксат албай, бурчтагы эшикке жөнөп кетти – ал жакта дарыгерлердин отурумдар жана беш мүнөттүк кеңешмелер бөлмөсү жумшак эмереги менен бар болчу.

Ал бир топ жасалбаган иштерди калтырды, тазаланбаган түкүргүчтөрдү, вестибюлда пол жууп койсо болмок, бирок Зоя анын кең далысын карап, унчуккан жок. Ал өзү деле иштеп жүргөнүнө бир аз болду, бирок ушул өкүнүчтүү нерсени түшүнө баштады: ким ишти тартпаса, аны күчкө салсаң да аткарбайт, ким тартып жүрсө – эки кишиникин жасап коёт. Эртең эртең менен Елизавета Анатольевна келет, ал Нэлля үчүн да, өзү үчүн да бардыгын тазалап жууп коёт.

Эми, Сибгатовду жалгыз калтарышканда, ал куймулчагын ачып, керебеттин жанында полдогу тазикке ыңгайсыз чөгөөлөдү – ошентип отурду көпкө чейин акырын. Ар кандай этиятсыз кыймылдан сөөгү ооруп кетет, бирок жабыркаган жерине тийип кеткенде куйкалагандай ооруп кетчү, кийимин тийгизбей оорутчу. Аркасында эмнеси бар ал көргөн эмес, кээ кезде гана колу менен сыйпалап көрчү. Наркы жылы бул клиникага аны көтөрүп алып келишкен ташыма менен – туралбай, бутун шилтебей калган. Ошондо аны көп докторлор карашкан, бирок дайыма Людмила Афанасьевна дарылачу. Анан төрт айдын ичинде ооруганы такыр басылып калса болобу! – ал ээн-эркин басып, эңкейип, эч нерсеге даттанбай калган болчу. Ооруканадан чыгып баратканда ал, ыраазычылыгы койнуна батпай, Людмила Афанасьевнанын колунан өөп жиберген, бирок дарыгери эскерткен: «Этият бол, Шараф! Секирбе! Урунуп алба!» Бирок андай жумуш табылган жок, кайрадан экспедитор жумушуна иштеп кетти. Экспедитор – кантип кузовдон жерге секирбейт? Кантип жүктөөчүгө жана шопурга жардам бербейт? Бирок бардыгы эч нерсе эмес эле, бир окуяга чейин – машинеден челек тоголонуп барып Шарафты дал ооруган жерине урунган. Урунган жерден жараты ириңдей баштады. Айыкпай койду. Ошондон бери Сибгатов рак диспансерине чынжыр менен байлангандай болду.

Ызасы кетпей Зоя столго отуруп, дагы бир жолу текшерди, бардык процедураларды аткардыбы, жаман кагазда сыясы жайылган тилкелерде жыйылган сыя сызыкчаларын коюп чыкты. Рапорт жазуунун кажети жок. Зоя андайга жок болчу. Өзү ыгын табыш керек эле, бирок Нэлляны кантип көндүрүштү билбей койду. Мейли уктасын, уктагандын жамандыгы жок. Жакшы санитарка болгондо, Зоя өзү деле жарым түн уктап алмак. Азыр болсо отуруш керек болуп калды.

Ал өзүнүн кагазын карап отурганда, бир киши келип жанына турганын укту. Зоя башын көтөрдү. Костоглотов туруптур – сулууланбаган, таралбаган көмүрдөй кара чачтары менен, чоң колдору оорукана кийминин капталдагы чакан чөнтөкчөлөрүнө батпайт.

– Эчак укташ керек болчу, – күнөсүнттү Зоя.– Эмне басып жүрөсүңөр?

– Кутмандуу кеч, Зоенька, – болушунча созуп, жумшак сөзүн сууруп чыкты Костоглотов.

– Жакшы жаткыла, – жылмайып койду ал.– Кутмандуу кеч мен аркаңардан термометр менен чуркап жүргөндө болгон.

– Ал кызмат убагында болгон, урушпагылачы. Азыр мен силерге конокко келдим.

– Ыя, де? – (Кирпиктери өөдө серпилип же көздөрүн бакырайтканы өзүнөн өзү болуп калчу, буларды ал сезимине жеткизип жасачу эмес) – А неге мен конок күтөт экенмин?

– Анткени түнкү кезекчиликте мурда дайыма китеп жаттап отурчусуңар, бүгүн китебиңер жок экен. Акыркысын бердиңерби?

– Байкаптырсыңар. Тапшырдым.

– Эмне алдыңар анан? А бирок, бары бир.

– Эмнеге бары бир? Төрт алдым.

– А балким үч болуп калса, айтканы тартынасыңар деп атпайымбы. Эми каникулбу?

Ал шайыр жеңилдиги менен башын ийкеди. Башын ийкеп, ойлоп койду: чын эле, эмнеден көңүлүн бузмак эле? Эки жума каникул, жыргал ай! Клиникадан башка – эч жакка барбайт! Канча бош убактың бар! Кезекчиликте мына – китеп окусаң болот, же жөн гана азыркыдай сүйлөшүп отура бер.

– Демек, мен конокко туура келген экенмин да?

– Мейли, отургула.

– Айткылачы Зоя, эгерде мен унутпасам каникул деген мурда 25-январда башталчы эле го?

– А биз күзүндө пахтага чыкканбыз. Жыл сайын ушундай.

– Дагы канча жыл окуйсуңар эми?

– Бир жарым жыл

– Силерди каяка жибериши мүмкүн?

Ал томпойгон ийиндерин көтөрүп койду:

– Мекенибиз кенен.

Тынч отуруп караганда да анын бакырайган көздөрү кабагына батпагандай, тышка суранып турат.

– Бирок бияка калтырбайт?

– Ооба да, калтырбайт.

– Үй-бүлөңөрдү кимге таштайсыңар?

– Кайсы үй-бүлөмдү? Менин жалгыз гана чоң апам бар. Чоң апам мени менен болот.

– Ата-энеңерчи?

Зоя үшкүрүп койду.

– Энем каза болгон.

Костоглотов аны карап туруп, атасы жөнүндө сураган жок.

– Силер – бул жактансыңарбы?

– Жок, Смоленсктен.

– Во-о! Көп болдубу келгениңерге?

– Эвакуацияда, качан болмок эле.

– А-а. Эки классты тияктан аяктадың…Анан бул жерден чоң апаң экөөң кете албай калдыңар.

Зоя дубалдын жанында полдогу чоң чарбалык кызгылт сары сумкасына кериле колун салып, кичинекей күзгүнү алып чыкты, дарыгердик шапичкесин чечип, басылып калган чачтарын жазды да алардан чакан, бир аз көтөрүлүп ийилген алтын көкүлүн сулуулап тарады.

Алтындай жарыгы Костоглотовдун жумшарбаган жүзүнө да чагылды. Ал ичтен жазылып, кызды ырахаттанып байкап турду.

– А Сиздин чоң апаңыз каякта? – тамашалады Зоя, күзгү менен алектенгенин коюуп.

– Менин чоң апам, – тамашасы жок кабыл алды Костоглотов, – энекем экөө… блокада күндөрү каза табышты.

– Ленинграддагыбы?

– У-гм. Карындашым снарядга учкан. Ал дагы медайым болчу. Эне сүтү оозунан кете элек чычым.

– О-оба, – үшкүрүп койду Зоя.– Канчасы өлдү блокадада! Өлүп кеткир Гитлер!

Костоглотов ырсыйып койду:

– Гитлер – өлүп кеткир неме экендиги айтпаса да түшүнүктүү. Бирок мен Ленинграддагы блокаданы жалгыз анын күнөөсүнө илбейм.

– Кантип эле?! Эмне үчүн?

– Кантип! Гитлер бизди жок кылайын деп келген. Эмне, дарбазанын эшигин ачып коюп, блокадалыктарга сунуш берерин күттүк беле: «жабалактабай, бирден чыккыла» деген? Ал согушуп жаткан, ал душман. Блокадага башка бирөө күнөөлүү.

– Ким ал?? – айран таң шыбырады Зоя. Мындай сөздү ал эч кимден укпаган жана ойлогон эмес. Костоглотов кара кашын чогултту:

– Айталы, эгерде Гитлер менен Англия, Франция жана Америка кошулуп бизге кирип келсе, согушка даярбыз дегендер. Ким он жылдап эмгек акы алып жүрүп, Ленинграддын бурчта жайгашканын алдын ала карап, анын коргонуусун ойлогондор. Ким боло турган бомбалоо деңгээлин баалап, азык-түлүк кампаларды жер астына катыш керектигин билгендер. Мына ошолор Гитлер менен кошо менин энемди өлтүрүштү.

Бул түшүнүүгө жөнөкөй, бирок кандайдыр жаңыча угулуп турду.

Сибгатов бурчта, алардын артында өз ванночкасында акырын отурган

– Анан эмне…? Аларды… соттош керек да? – шыбырап болжоду Зоя.

– Билбейм. – Костоглотов ансыз деле кыйшайган эриндерин чүрчүйттү.– Билбейм.

Зоя шапичкесин кийген жок. Анын халатынын үстүнкү топчусу тагылбай, боз ала алтын түстүү көйнөктүн жакасы көрүнүп турду.

– Зоенька. А мен бир четинен иш менен да келдим силерге.

– Ах, ошондойбу! – кирпиктери секирди.– Анда, күндүз келгиле. Азыр болсо – укташ керек! Силер конокко деп суранбадыңарбы?

– Мен – конокко дагы. Бирок силер бузулуп кете электе, такыр эле дарыгерге айланып кете электе – мага адамдык колуңарды сунгулачы!

– Дарыгерлер эмне, сунбайбы?

– Эми, алардын колу да башкача… Сунбайт дагы. Зоенька, мен оюу жок маймылдай болгон эмесмин өмүр бою. Мени бул жерде дарылап атышат, бирок эч нерсе түшүндүрбөйт. Мен мындайга көнгө эмесмин. Кечөө силерден китеп көрүп калдым – «Патологиялык анатомия». Туурабы?

– Туура.

– Ошол китеп шишиктер жөнүндө, чынбы?

– Чын.

– Эми адам болуп, мага ошону алып келгилечи! Мен аны барактап, кай бир нерселер жөнүндө ойлонушум керек. Өзүм үчүн.

Зоя эриндерин томолоктоп, башын чайкады:

– Бейтаптарга медициналык китеп окуганга болбойт. Ал эмес биз, студенттер, кайсы бир ооруну өтүп атканда, дайыма сезиле берет…

– Ал кимдир бирөөгө болбойт, мага эмес! – Костоглотов чоң колу менен столду кагып койду. – Мени жашоодо канча коркутуп-үркүтүштү, коркуп бүттүм. Мага облустук ооруканада диагноз койгон кореялык хирург Жаңы жыл астында алгач түшүндүргүсү келген эмес, мен болсо: «айткыла!» «Биз андай кылбайбыз!» «Айта бергиле, мен жооп берем! Мен үй-бүлөлүк иштеримди бүтүрүшүм керек!» Ал анан айта салды: «Ашып кетсе үч жума жашайсыңар!»

– Анын кандай акысы бар эле!...

– Азамат! Адам экен! Мен анын колун бек кыстым. Мен билишим керек! Эгерде мен ошого чейин жарым жыл кыйналып жүрсөм, акыркы айда ооругандан же жата албайм, же отура албайм, же тура албайм, суткада бир нече мүнөт уктайм – мен бул аралыкта бир нерсени ойлонуп чыктым да! Ошол күздө мен өзүмөн көрдүм, адам денеси өлө электе, ал өлүмдүн босогосунан аттап коёт экен. Тиякта дагы эле каның жүгүрүп же ашказаның кулдурап жатса да – сен болсо психология жактан өлүмгө болгон бүт даярдыктан өтүп чыктың. Өлүмдүн наркы жээгине чыктың. Бардыгын көрдө жатып көргөндөй карайсың, эч сезимиң жок. Сен кудайга ишенесиңби же тескериби, бул маалда сени маскара кылгандарды кечирип, сени куугунтуктаган адамдарга жамандык каалабайсың. Сага бардыгы бары бир болуп калат, эч нерсени оңдоп түзөйм деп талпынбайсың, эч нерсеге өкүнбөйсүң. Мен айтар элем: эң эле салмактуу, табигый абал. Мени азыр чыгарышты ошол абалдан, азыр билбеймин – сүйүнүш керекпи. Бардык сезимдер кайра келет – жаманы да, жакшысы да.

– Антпегиле да! Сүйүнбөгөндөчү! Бул жерге келгениңерде… Канча күн өтүп кетти?...

– Он эки.

– Мына ушул жерде, вестибюлда, диванда буралып жаткансыңар – карасаң жүрөгүң түшөт, жүзүңөр өлүктүкүндөй, тамак ичпейсиңер, температура эртең менен да, кечинде да отуз сегиз – а эми азырчы? Коноктоп келдиңер… Бул укмуш да – он эки күндүн ичинде ушундай оңолот деген! Бизде мындай сейрек кездешет.

Чын эле – ошондо дайыма чыңалып-тырышып жүргөндүктөн анын жүзүндө терең, жыш, боз ала бырыштар ташка балка менен жасагандай пайда болгон. Азыр болсо алар кыйла азайып калды, калгандары агарып баратат.

– Менин бактыма – мен рентгенди жакшы көтөрөт экенмин.

– Бул дайыма боло бербейт! Бул өзүнчө эле табылга, жол болгондук! – жылуу сезими менен айтты Зоя.

Костоглотов көлүмсүрөп койду:

– Турмушта менин жолум болбой келатты эле, ушул рентгендикте өзүнүн бир адилети бар. Азыр мага кандайдыр бир эсиме калбай, бирок жагымдуу түштөр кире баштады. Ойлойм – бул айыгып бараткандын белгиси деп.

– Толук мүмкүн.

– Ошондуктан мага огош бетер түшүнүп билиш керек болуп жатпайбы! Мен түшүнгүм келет, дарылоо методу кандай, анын кандай өнүгүшү бар, кандай кыйындыктары. Мага ушунча жеңилдеп калды, балким дарылоону токтотуш керекпи? Буну түшүнбөйбүз. Людмила Афанасьевна деле, Вера Корнильевна деле мага эч нерсе түшүндүрүшпөйт, маймылды дарылагандай дарылашат. Китепти алып келгилечи, Зоя, суранамын! Мен силерди сатпаймын.

Ал ушунча көшөрүп сүйлөгөндүктөн жанданып кетти. Зоя олку-солку ойлоп, стол кутучасынын кармагычына колун койду.

– Китеп бул жердеби? – түшүндү Костоглотов.– Зоенька, бергилечи! – колун сунду.– Качан эмки кезекчилик болот?

– Жекшемби күнү, эртең менен.

– Ошол күнү кайтарып берем! Болду! Сүйлөштүк!

Кандай гана жакшы кыз, текебердиги жок, алтын чач көкүлү менен, бир аз бакыракай көздөрү менен!

Ал өзүн көргөн жок, башында үрпөгөй чачтары ар тарапка буралганын, жаздыкта жатып ошентип калыптыр, үстүнкү кийминен, моюнга чейин топчулабагандыктан ооруканадагы жөнөкөйлүк менен өкмөт берген ич кийминин чекеси чыгып турганын.

– Так-так-так, – китептин барактарын ачып, мазмунун карап атты.– Жакшы! Бул жерден бардыгын табат экенмин. Рахмат силерге! Болбосо, шайтан алгырдыкы, артык кылабыз деп тыртык кылып салышабы бул врачтарың. Аларга жазууларына графа толтуруш керек да. Алар менен да салгылашыш керек. Дарынын көптүгү кыскартат өмүрдү дейт.

– Мынакей! – алаканын серпиди Зоя.– Бербеш керек силерге! Кана, кайра бергиле!

Ал китепти бир колу менен, анан эки колдоп тартты. Бирок Костоглотов акырын бербей кармап турду.

– Китепкананын китеби, айрыйбыз! Бергиле!

Анын толук томолок ийиндери жана толук томпойгон колдору тартыла түшкөн халатта куюп койгондой көрүнөт. Моюну ичке эмес, жоон эмес, кыска эмес, узун эмес, өзүнө жарашыктуу.

Китепти тарткылап, алар жакындады, бири бирин тиктешип калды. Анын арбайган жүзүн жылмаюу жылытты. Тырыгы да мурдагыдай каардуу эмес, агарып калган, муруңку. Бош колу менен анын колун акырын китептен алып, Костоглотов шыбырап көндүрүп атты:

– Зоенька. Сиз мени караңгы бойдон калтырбайсызда, сиз билим үчүнбү? Адамдын өсүшүнө кантип балта чабасыз? Мен тамашалап койдум, эч ким менен салгылашпайм.

Күчөнгөн шыбыры менен ал да жооп берип жатты:

– Силерге мына дагы эмне үчүн окуган болбойт – эмнеге ооруңар күчөгөндө келдиңер? Эртерек келгенге болбойт беле? Эмне үчүн чала жан болуп келиш керек болчу?

– Э-э-эх, – үшкүрүндү Костоглотов. – Транспорт жок.

– Деги эмне болгон жер бул – транспорт жок болсо? Самолёт менен! Эмне үчүн акырына чейин күтүш керек? Эмнеге жайлуу жерге күн мурун көчүп барбайсыңар? Дарыгер, фельдшер деген барбы силерде?

Ал колдорун китептен алды.

– Дарыгер бар, гинеколог. Бир эмес экөө…

– Эки гинеколог!? – оозун жапты Зоя.– Силерде жалаң гана аялдарбы?

– Тескерисинче, аялдар жетишпейт. Гинекологдон экөө, а башка дарыгерлер жок. Лаборатория да жок. Текшерүүгө кан ала албай коюшту. Меники РОЭ көрсө, алтымыш экен, эч ким билбептир.

– Азап жегирдики! Анан ушундан кийин дарылансамбы, дарыланбасамбы дегенди ким коюптур силерге!? Өзүңөрдү аябасаңар – жакыныңарды аябайсыңарбы! Балдарды!

– Балдарды? – ойгонгонсуп кетти Костоглотов, жаңылеки китеп менен тамашалашканы түшүндө болгонсуп, мына азыр кайтадан анын катаал жүзү жана жай баракат сүйлөгөнү ордуна келе баштады. – Менин балдарым жок.

– Аялыңар адам эмеспи?

Ал огош бетер токтоо боло түштү.

– Аялым да жок.

– Эрекектер качан болсо аялым жок дешет. Анан кайсы үй-бүлөлүк иштерди тындырам деп жүрдүңөр эле? Корейге эмне дедиңер эле?

– Мен ага калп айтып койдум.

– А балким мага – азыр?

– Жок, чын эле жок. – Костоглотовдун жүзү үңүрөйдү. – Мен өтө иргей берем.

– Оор мүнөзүңөргө чыдабай койдубу? – түшүнүп башын ийкеди Зоя.

Костоглотов такыр эле жай чайкады башын.

– Болгон да эмес.

Зоя таңыркап өзүнчө баамдап жатты, бу канча жашта анан? Ал эриндерин кыймылдатып сурайын деп – сураган жок. Дагы бир жолу кыймылдатып – дагы сураган жок.

Зоя Сибгатовго аркасы менен отурган, Костоглотов болсо алды менен, тигил өтө этияттап ванночкадан туруп, эки колу менен белин карманып кургап жатканы ага көрүнүп турду. Анын кебетеси тозок көргөндүкүндөй: жанды эзген күйүттөн өтүп, а бирок шайыр жыргалга эч нерсе чакырбай калган.

Костоглотов катуу-катуу дем алды, дем алуу өзүнчө бир жумуш болгонсуп.

– Ох, тамеки чексемби? Болбойбу бул жерде?

– Эч убакта. Силер үчүн тамеки чегүү – өлүм.

– Такыр эле болбойбу?

– Болбойт такыр. Өзгөчө мен барда.

Бирок жылмаюу жүзүндө.

– Болгону бирөөнү?

– Бейтаптар уктап атат, кантип болсун!

Ал өзүнүн эндей узун куралып колдон жасалган мүштөгүн алып чыгып, аны тартып жаткандай сорду.

– Билесиңерби, мындай айтышат экен: жаш кезде үйлөнүүгө эрте көрүнөт, карыганда – кеч көрүнөт. – Столго эки чыканагын таяды, колун мүштөгү менен чачтарын аралатты. – Согуштан кийин үйлөнөрүмө аз калган: мен да, ал дагы – студентпиз. Үлөнмөкпүз баары бир, бирок заматта бардыгы кыйрады.

Зоя Костоглотовдун сүйкүмдүү эмес, бирок айбаттуу жүзүн карап турду. Ийин, колдору ичке – бирок бул ооругандыктан.

– Тил табышпай калдыңарбы?

– Ал … кандай десем … курман болгон. – бир көзүн жүлжүйтүп жумуп, бир көзү менен карап турду. – Курман болгон, бирок – тирүү. Өткөн жылы бир-эки кат алыштык.

Көзүн ачып, жүлжүйткөнүн койду. Колундагы мүштөгүн көрүп, чөнтөкчөсүнө салды.

– Билесиңерби, ошол каттардагы анча-мынча сөздөрдөн улам, мен ойлоуп калдым: чынында эле, мурда, ал мен көргөндөй жакшы беле? Же жакшы эмес беле?... Жыйырма беш жашта эмнени түшүнүп коюптурбуз?...

Ал Зояны кара-күрөң көздөрү менен тиктеди:

– Мына, силер мисалы – эркекте эмнени түшүнөсүңөр? Эч-те-ке!

Зоя күлдү:

– Түшүнсөмчү?

– Андай болушу мүмкүн эмес, – жат жазуу жаздыргандай сүйлөп берди Костоглотов.– Түшүнөмүн дегениңер – түшүнүү эмес такыр. Күйөөгө чыкканда – сөзсүз туура эмес болуп чыгат.

– Мына сага эртеңки күн! – башын чайкады Зоя, анан чоң кызгылт сары сумкасынан саймасын алып чыгып жазды: тартылган чакан кесинди, анда саймалап жашыл турна түшүрүлгөн, түлкү менен кумура болсо жөн гана тартылган.

Костоглотов таңыркап карап турду:

– Сайма саясыңарбы??

– Эмнесине таң калдыңар?

– Азыр мединституттун студенти сайма алып чыгары – элесиме келчи эмес экен.

– Кыздар сайма сайганын көргөн эмес белеңер?

– Тэ-эги балачак кезде көргөн болушум керек. Жыйырманчы жылдары. Ошондо эле буржуазиялык өнөр деп урушчу. Бул үчүн комсомолдук чогулушта бир сыйра мээңерге чай кайнатмак.

– Азыр буну көптөрдөн көрсөңөр болот. Көрө элексиңерби?

Башын чайкады.

– Колдобойсуңарбы?

– Койгулачы! Бу деген жакшынакай, жайлуу үйдү элестетип жатпайбы. Суктанып турам.

Ал тигишин тигишке улап салып баратты, тигинин суктанып карап турганын сезип. Ал өзүнүн саймасын караса, тигил аны карап турду. Лампанын сары жарыгында кирпиктери алтын чагышылып турду. Жана көйнөгүнүн ачык чекеси алтындай чагылышат.

– Сиз – алтын көкүл сары кыз, – деп шыбырады ал.

– Кандай? – башын көтөрбөй кирпиктерин ыргытты.

Кайталады.

– Ий-э? – Зоя өзүнө мындан чоңурак мактоо күткөндөй. – Силер жашаган жакта эгер эч ким сайма сайбаса, мулинэ ээн эркин сатылып жаткандыр?

– Эмне-эмне?

– Му-ли-нэ. Мына бу жиптер – жашыл, көк, кызыл, сары. Бизде таппайсың сатып алайын десең.

– Мулинэ. Эсимде болот, сураймын. Эгерде болсо – сөзсүз жиберемин. А эгерде биз жакта мулинэ ченеми жок көп болсо – өзүңөр эле биз жакка көчүп келбейсиңерби?

– Биз жакта дегениңер каякта?

– Эми мындай айтсак – целина тарап, дың жер.

– Силер – дың жерденсизби? Сиз – целинниксизби?

– Мен ал жакка барганда, эч кимдин оюуна да келчи эмес дың жер экени. Азыр болсо айтылып чыкты – целина деп, анан биз тарапка целинниктер келишет. Бөлүштүрүп жатканда бизге сурансаңар, айланайын деп жиберишет. – бизге жибербей койбойт.

– Силерде эмне, бардыгы ушунчалык жаманбы?

– Андай эмес. Азыркы адамдын жаман менен жакшы дегени асты-үстүндө болуп калбадыбы. Беш кабат капаста жашаган, үстүңөн тарсылдап басып жүргөн, ар тараптан радио жаңырган – буну сонун деп эсептешет. Ал эми талаанын четинде, сокмодон салган кепеде жашап, эмгекчил жер иштеткен адам болуш – жолу жоктун белгиси деп санашат.

Буну ал тамашага салбай, айткан сөзүн катуу үнү менен далилдегиси келбеген чарчаңкы ишеними менен айтты.

– Талаабы же чөлбү?

– Талаа. Бархандар жок. Анча-мынча чөп өсөт. Жантак деген чөп – төө тикенек, билбейсиңерби? Ал тикенек болгону менен, июль айында кызгылтым күлдөрүн ачат, жыты аябагандай назик. Казактар андан дарынын жүз түрүн жасашат.

– Жериңер Казакстандабы?

– У-гм.

– Аталышы кандай?

– Үч-Терек.

– Айылбы?

– Кааласаңар – айыл, кааласаңар – райондук борбор да. Оорукана бар. Бирок дарыгерлер жетишпейт. Келгиле биз жакка.

Көзүн жүлжүйттү.

– Башка эчтеке өспөйбү?

– Жок, эмне үчүн, сугарып жер иштетишет. Кант кызылча, жүгөрү. Огороддо эмне кааласаң, бардыгы бар. Көп иштеш керек бирок. Кетмен менен. Базарда гректерде дайыма сүт, курддарда кой эти, немистерде чочконун эти. А базарлар кандай көрктүү, көз кыйыгы менен бир көрсөңөр! Бардыгы улуттук кийимчен, төө минип алып келишет.

– Агроном болуп иштейсиңерби?

– Жок. Жер ченегич.

– Деги ал жакта эмне жоготтуңар?

Костоглотов мурдун тырмады:

– Мага ал жактын аба-ырайы жагат.

– Транспортуңар жок?

– Эмнеге, жүрө-өт машинелер, канча кааласаң.

– Бирок мен ал жакка эмнеге барышым керек экен?– көздүн кыйыгы менен карап турду. Экөө сүйлөшүп турган мезгилде Костоглотовдун жүзү жумшара, жоошуй түштү.

– Сизби? – ал тост айтканы ойлонуп жаткандай, чекесиндеги бырыштарын көтөрдү. – А сиз каяктан билмек элеңиз, жердин кайсы бурчунда бактылуу, а кайсы бир бурчунда бактысыз болоруңузду? Өзү тууралуу буну ким айталат экен?

 

4

Хирургиялык бейтаптарга, башкача айтканда кимдин шишигин операция менен алып салуу белгиленгендерге ылдыйкы кабаттагы палаталарда орун жетишпечи, ошондуктан аларды үстүнө да жаткырчу, «нурлануучулар», кимге химия менен нурлантуу дайындалгандар менен аралаш. Ошондуктан үстүндө ар эртең мененкисин эки карап чыгуу өтчү: нурланткычтар өз бейтаптарын карашчу, хирургдар – өздөрүнүкүн.

Бирок төртүнчү февраль жума күн болчу, операциялык күн, хирургдар кыдырып карачы эмес. Нурлануучуларды дарылаган врач, доктор Вера Корнильевна Гангарт беш мүнөттүк отурумдан кийин дароо кыдырып кароого киришпей, эркектер палатасынын эшик тушуна келип, башын салып карап койду.

Доктор Гангарт бийик эмес жана өтө сымбаттуу – кымча белдүү болгондуктан өтө сымбаттуу көрүнчү. Түйүп, эскиче желкесине жаткырылган чачтары карадан ачыгырак, бирок кочкул-саргылдан карарак болчу – мындай чачтарды түшүнүксүз «шатенка» деген сөз менен атап коюшат, а бирок мынтип айткан туура болор эле: саргыл кара чач деп – саргыл менен каранын ортосу.

Аны Ахматжан байкап калып, кубанып башын ийкеди. Костоглотов да чоң китептен башын көтөргөнү үлгүрүп, алыстан саламдашты. Ал экөөнө тең жылмайып коюуп, сөөмөйүн көтөрдү, кичинекей балдарды тынч отуруп тургула деп тынчтандыргандай. Ошол замат эшиктин босогосунан нары чыгып, кетип калды.

Бүгүн ал өзү жалгыз эмес, нурлантуучу бөлүмдүн башчысы Людмила Афанасьевна Донцова менен кыдырып карамак, бирок Людмила Афанасьевнаны башкы дарыгер Низамутдин Бахрамович чакырып, ошол жакта кармалып калды.

Ушул кыдырып кароо күндөрү гана, жумасына бир жолу, Донцова рентгендиагностика менен алышчу эмес. Демейде эң алгачкы эртең мененки эки саатты, көз көрөгөч жана акылың тунук кезде, ал өзүнүн кезектеги ординатору менен экран алдында өткөрчү. Ал ушуну өз ишинин эң татаал бөлүгү деп билет жана жыйырма жылдын ичинде диагноздогу кетирген каталардын канчалык баа жеткис болорун түшүндү. Анын бөлүмүндө үч дарыгер бар, бардыгы жаш аялдар, алардын ар биринин тажрыйбасы бирдей болушу үчүн, бири да диагностикадан артта калбашы үчүн Донцова аларды кезеги менен тегерете алмаштырып турчу, үч ай алгачкы амбулаториялык кабыл алууда, рентгендиагностикалык кабинетте жана клиникада дарылоочу врач катары.

Доктор Гангарттын азыр ошол үчүнчү мезгили жүрүп жатат. Бул жерде эң негизгиси, кооптуусу жана изилдене электиги – туура нурлантуу дозалоосун байкоо. Ар бир шишик үчүн аны өлтүрүүчү, ал эми калган денеге зыянсыз нурлантуу дозасын жана интенсивдүүлүгүн эсептеген формула жок болчу. Формула жок, а бирок кандайдыр бир тажрыйба, кайсы бир сезгичтик жана бейтаптын абалы менен салыштыруу мүмкүндүгү бар. Бул да өзүнчө бир операция болчу – нур менен, көрбөстөн жана убакытка созулган. Ооруга чалдыкпаган дурус клеткалар кошо өлтүрүлөт, аларга зыян келтирилет.

Дарылоочу врачтын калган милдеттери бир гана ырааттуулукту талап кылат: убагында анализ дайындоо, аларды текшерүү жана отуз канчанчы оору баянында жазууларды калтыруу. Бир дагы дарыгер графаланган бланкаларды толтурганды жакшы көрбөйт, бирок Вера Корнильевна аларды толтурууга өзүн көндүрдү, анткени үч ай бою анын өзүнүн бейтаптары болот – экрандагы чырмалышкан көлөкө жарыктардын чиймелери эмес, өзүнүн тирүү туруктуу адамдары, ага ишенген, анын үнүн жана көз карашын күткөн. Дарылоочу врачтын милдетин өткөрүп бергенде, ал кимди дарылап бүтпөсө, дайыма ошолор менен коштошуу ал үчүн кыйын болчу.

Кезекчи медайым, Олимпиада Владиславовна, улгайып калган, чачын ак баскан келбеттүү аял, кебетеси айрым дарыгерлерден абройлуу, палаталар боюнча нурлануучулар ордунда болуп турушун жарыялап кетти. Бирок аялдардын чоң палатасында ошол жарыяны гана күтүп турушкандай – ошол замат бир өңчөй боз халатчан аялдар биринин аркасынан бири тепкич тарапка же ылдый жакка чыга башташты: каймак алып келип жүргөн чал келдиби; сүт ташыган кемпир келип калган жокпу көргөнү; клиниканын оозунан операциялыктардын терезелерин шыкалаганы (акталган ылдыйкы жактын үстүнөн хирургдардын жана медайымдардын шапичкелери жана үстүнкү жарык лампалары көрүнчү); жана раковинадан банканы жууганы; жана кимдир бирөөгө барганы.

Алардын операциялык тагдыры гана эмес, мына бу кагаздай болгон эски халаттары, таза болсо да кир көрүнгөн, аялдарды алардын аялзаттык сүйкүмдүүлүгүнөн ажыратып койгон. Халаттардын бычылышы эч кандай эмес: алардын бардыгы ушунчалык кенен, ар дыңкыйган аял ага оңой кумтуланып алса болот, жеңдеринин формасы жок жөн гана ээн түтүк. Кызгылт-агыш тилкелүү эркектердин кийимдери кыйла тыкан көрүнөт, аялдарга болсо көйнөк берилбечи, ушул гана халаттар – же илмеги же топчусу жок. Кээ бирөөлөр аларды тигип алышчу, башкалары узартып алышчу, бирок ич киймин көрсөтпөш үчүн бардыгы бирдей кагаз сымал курлары менен белин байлашчу жана бардыгы бирдей көкүрөгүндөгү жакасын колу менен жаап жүрүшчү. Оорусунан көңүлү чөккөн жана ушундай халатта кебетеси келишкен аял эч кимдин көзүн кубанта албайт жана өзү да ошону түшүнүп жүрөт.

Эркектердин палатасында Русановдон башка бардыгы врачтардын кыдырып кароосун тынч, кыймылдабай күтүп жатышты.

Карыган өзбек, колходун кароолчусу Мурсалимов төшөлгөн жууркан үстүндө узатасынан аркасы менен жатат, өзүнүн демейки сүртүлүп эскирген тебетейи менен. Ал азыр жөтөлү ыкшытпагандыгына тобо деп жаткандыр. Колун демиккен көкүрөгүнө коюп, төбөсүндөгү бир жерди тиктеп жатыры. Анын кочкул колодой терисин баш сөөгү үстүнө тартып салгандай: мурун сөөктүн кырлары, бет сөөгү, ичкерген сакалы артында ээктин учтуу сөөгү көрүнүп турат. Кулактары ичкерип, жалпак кемирчектери гана калган. Мумияга чейин карайып соолуганча бир аз эле калгандай.

Анын жанында орто жашап калган казак чабан Егенбердиев өз керебетинде жатпай, малдаш токум отурат өз үйүндө кийизде отургандай. Чоң күчтүү колдорунун алакандары менен тизесин кармап алган – анын бекем денеси ушунчалык катуу мыкчыйып отургандыктан, эгерде өзүнүн кыймылдабас абалынан бир аз термелсе да, заводдун чоң морундай же мунарадай термелип коёт. Анын далысы менен аркасы киймин чытыратып салган, жеңдери булчуңдуу колдорунда айрылып кетпейгидей эле. Ооруканага эриндеги кичинекей жарасы менен келген, анысы бул жердеги түтүктөрдүн таасиринен чоң кочкул-кызыл картка айланды, оозун тосмолоп, ичүүгө жана жегенге тоскоолдук кылып калды. Бирок ал алдастабай, кыйпычыктабай, кыйкырык салбай өз чөйчөгүн шашпай, тап-таза кылып жеп, мына мынтип тынч нечен саат отура берет, эч жакты карабай.

Андан нары, эшикке жакын керебетте он алты жаштагы Дёма ооруган бутун керебетке сунуп, улам-улам сыйпалап, массаж кылып турат алаканы менен тажатып ооруган жерин. Экинчи бутун мышыктай кымтып алып, эч нерсеге көңүл бурбай окуп жатты. Ал деги эле уктабаган жана процедура албаган бош убакытта окуп отурат. Бардык анализдер жасалган лабораторияда лаборант аялдын китеп текчеси бар, Дёма ошол жакка уруксат алып, китептерди өзү барып алмаштап алчу, бүт палатага алмаштап бергиче күтпөй. Азыр ал сырты көгүлтүр түстүү журналды окуп атыптыр, бирок жаңы эмес, эскирип күнгө өңү өчкөн – лаборант аялдын текчесинде жаңылары жок экен.

Прошка дагы кылдаттык менен, бырыштырбай, үңкүр-чуңкур кылбай керебетин жыйнап тегиздеп, камырабай, чыдамдуу, полго буттарын түшүрүп алып оорубаган адамдай отурат. Аны сырттан карасаң оорубаган адамдай – палатада эч нерсеге даттанбайт, сырттан эч кандай жаракаты жок, болтойгон беттери дени соо адамдыкындай, чекесинде – жылмакай көкүл. Каяка чакырсаң да, мейли бийге чакырасыңбы жарап турган бала.

Анын жанында Ахматжан, ойногону өнөк таппай, жуурканына шашкенин тактайын бурчу менен коюп алып, өзү менен өзү бурч ойноп жатыры.

Ефрем өзүнүн катуу бинттелген оролмосунда, айланбаган башы менен демейдегидей керебет ортолорунда басып жүрбөй, эч кимдин кулак-мээсин жебей, эки жаздыкты артына өөдөрөк коюп алып, кече күнү кой десе болбой берген Костоглотовдун китебин көзүн албай окуп жатты. Чынын айтсак, барактарын ал ушунчалык сейрек барактагандыктан, сырттан ойлошуң мүмкүн – уктап жатат китеп менен.

Азовкин болсо кечекидей эле кыйналып жатты. Ал такыр эле уктаган жок болуш керек. Терезе койгучунда жана тумбочкасында анын буюмдары чачылган, жууркан-төшөгү томолоктошкон. Чеке-чыкыйы кара тер баскан, саргарган бетинен ичтеги сезилген ар бир ооруганы жазылып турду. Бир ал полго туруп алып, чыканактарын керебетине таяп, турат ушинтип эңкейген бойдон. Же эки колу менен ичин кармап, эки бүктөлүп жатып калат. Көп күн болду, бөлмөдө ал эч бир суроого жооп бербей калды, өзү жөнүндө эч нерсе сүйлөбөйт. Сөзүн ал медайым менен дарыгерлерден ашыкча дары-дармек сурап алууга гана коротчу. Анан үйдөгүлөрү келгенде, аларды бул жерде көргөн дары-дармек сатып алууга дароо жөнөтчү.

Терезеде бүркөк, шамалсыз, кандайдыр көркү жок күн көрүнүп турду. Костоглотов эртең мененки рентгенден келип, Павел Николаевичтен сурабастан форточканы ачып салды, ал жактан ным тартып турду, бирок суук эмес.

Шишигин үшүтүп албайын деп Павел Николаевич моюнду ороп, дубалга жакын отурду. Кандай бардыгы дөдөй, өз тагдырына багынган дөңгөч немелер! Азовкинден башка бул жерде эч ким деле чыныгы ооруган жок окшойт. Горький беле, ким бирөө айткандай, эркиндикке ошол гана татыктуу, ким ал үчүн майданга чыгып урушат. Ошондой эле – сакаюуда. Павел Николаевич болсо эртең мененкисин чечкиндүү кадамдарды жасады. Каттоо жайы ачылар замат, ал үйүнө чалганы барды жана аялына түнкү чечимин билдирди: бардык жолдор менен Москвага жолдомо алууга жетишүү, бул жерден тобокелге салбаш керек, өзүңдү өзүң өлтүрөсүң. Капа – өткүр неме, азыр аракетин баштады. Албетте, бул коркоктук болду: шишиктен чочулап бул жерге жата койгону. Эмнесин айтасың – кечеги күндүн түштөн кийинки саат үчтөн тартып эч ким келип караган жок – анын шишиги өстүбү, жокпу деп. Эч ким дары-дармек берген жок. Температуралык баракчасын илип коюшту дөөпайлар үчүн. Жо-ок, биздин дарылоо мекемелерди дагы бурап тартыш керек жана тартыш керек.

Акыры, дарыгерлер келишти, – бирок кайра эле бөлмөгө киришкен жок: ошол жерде, эшиктин артында токтоп калышты, көпкө турушту Сибгатовдун жанында. Ал аркасын ачып, көрсөтүп атты. (Ал учурда Костоглотов өз китебин матрас алдына катып койду.)

Мына палатага да киришти, – доктор Донцова, доктор Гангарт жана келбеттүү, чачы ак баскан медайым колунда блокноту жана чыканакта сүлгүсү менен. Бир нече ак халатчандардын кирип келиши өзү эле көңүлдү буруп, коркунуч менен үмүттөрдү жаратат – канчалык халат менен шапичкелери агыраак жана кабактары түйүлгөн болсо, ошончолук ошол үч сезимдер күчтүү болот. Мында бардыгынан абройлуу жана салтанаттуу өзүн кармаган медайым Олимпиада Владиславовна: ал үчүн бейтаптарды кыдырып кароо кайсы бир дин кишисинин чиркөөдө кудайга сыйынганындай. Мындай медайымдар үчүн дарыгерлер – жөнөкөй кишилерден жогору турушат, эч качан ката кетиришпейт, туура эмес дайындоолорду беришпейт. Ал ар бир дайындоону өзүн таалайлуу сезип блокнотуна жазат, азыркы медайымдар мынтпей калышкан.

Бирок палатага кирип келгенден кийин да, дарыгерлер Русановдун керебетине шашылган жок! Людмила Афанасьевна – көлөмдүү аял, бети жупуну чоң адамдыкындай, чачы агарган, бирок кыркылган жана тармалдатылган, жалпыга «салам» айтып, биринчи керебет, Дёманын жанына токтоп, аны түшүнөйүн дегенсип карады.

– Эмнени окуп жатасың, Дёма?

(Орундуу суроо тапкан жокпу! Кызматтык убакта!) Дёма аталышын айтпай, журналдын көгүлтүр өңү өчкөн сыртын көрсөттү. Донцова көзүн жүлжүйтүп карады.

– Ой, качаңкы неме, мурдагы жылкы экен. Кереги не?

– Бул жерде кызыктуу статья бар экен, – басым менен айтты Дёма.

– Эмне жөнүндө?

– А к н и е т жөнүндө. – дагы маанисин баса белгилеп жооп берди ал.– Адабиятта ак ниет жок болсо…

Ал ооруган бутун полго түшүрөйүн дегенде, Людмила Афанасьевна айтты:

– Кереги жок! Багалегин көтөрчү.

Багалегин көтөрдү, врач болсо анын керебетине отуруп, акырындап алыстан, бир нече манжалары менен бутун кармалап баштады.

Вера Корнильевна анын артында керебеттин аягына жөлөнүп, ийин аркасынан акырын айтап атты:

– Он беш сеанс, үч миң «эр».

– Бул жериң ооруйбу?

– Ооруйт.

– Бул жерчи?

– Андан нары да ооруйт.

– Эмне унчукпайсың анан? Батырдыкты койгун! Сен айткын, кай жерде ооруп жатканын.

Ал чектерин жай кармалап көрүп атты.

– Өзү ооруйбу? Түнүчүндө?

Дёманын таза бетинде бир тал чач өсө элек. Бирок дайыма чыңалыңкы анын кебетеси өз жашынан улуурак көрсөтүп койчу.

– Күнү түнү жей берет.

Людмила Афанасьевна Гангарт менен карашып койду.

– Бирок сен байкадыңбы – мына бу аралыкта катуурак оорудубу же басаңдай түштүбү?

– Билбейм. Бир аз жеңилирек болуп калдыбы. Же жөн эле ошентип сезилеби.

– Кан, – сурады Людмила Афанасьевна, Гангарт болсо оору баянын ага сунуп жаткан. Людмила Афанасьевна окуп, баланы карады.

– Табитиң жакшыбы?

– Мен өмүр бою эчтекени калтырбай жейм, – жооп берди Дёма чоң кишидей.

– Кошумча тамактана баштады, – баккан адамдай кошту сөзүн Вера Корнильевна, Дёманы карап күлүп коюп. Ал да жылмайды. – Трансфузия? – ошол замат акырын сурады Гангарт Донцовадан, оору баянын кайра алып атып.

– Ооба. Эмне кылдык эми, Дёма? – Людмила Афанасьевна кайрадан түшүнөйүн дегенсип карап турду. – Рентгенди уланталыбы?

– Ооба да, уланталы! – ачылып кетти бала.

Ыраазылыгы менен карады.

Ал мындай деп түшүндү – бул операциянын ордуна. Донцова да ушунтип түшүнөт деп ойлоду. (А Донцованын түшүнгөнү – сөөк саркоманы операция кылардан мурун анын активдүүлүгүн рентген менен басып, ошону менен метастазаларды алдын алуу керек.)

Егенбердиев эчак даярданып, чоочулаган немедей карап турду жана Людмила Афанасьевна коңшу керебеттен турар замат, өзү да турду керебеттер ортосунда, төшүн көтөрүп, аскерлерче зыңкыйып туруп алды.

Донцова аны карап күлүп, ооруган эринге жакындады, картын карады. Гангарт сандарды акырын окуп атты.

– И-и! Эң жакшы! – тили башка адамдар менен үнүн катуурак чыгарып сүйлөшкөндөй көңүлүн көтөрүп сүйлөдү Людмила Афанасьевна.– Бардыгы жайында, Егенбердиев! Жакында үйүңө барасың!

Ахматжан, өзүнүн милдетин билип, өзбекче которуп берди (ал Егенбердиев менен бири бирин түшүнүшчү, бирок тигинин тили тигиге бурмаланган болуп көрүнчү).

Егенбердиев үмүт менен, ишеними менен Людмила Афанасьевнаны көкөлөтө карап турду – ушул жөнөкөй адамдар чыныгы билимдүү жана чыныгы пайдалуу адамдарды сыйлаган көз караш менен карап турду. Бирок картынын жанынан колун жүргүзүп сурады.

– Чоңойдубу? өстүго? – которуп берди Ахматжан.

– Мунун бардыгы сыйрылып түшөт! Ушундай болушу керек! – жанагыдай катуу үнү менен Донцова күндүрүп жатты. – Бардыгы түшөт! Үйүңдө үч ай эс алгын – анан кайра бизге!

Анан Мурсалимов чалга өттү. Чал бутун түшүрүп, даярданып отурган, утуру алдынан чыгып турайын дегенде, аны ордуна отургузуп өзү да отурду. Ушул кургап калган колодой болгон чал да анын кудуретине толук ишенүү менен карайт. Ахматжан аркылуу жөтөлү тууралуу сурады, көйнөктү көтөрсүн деп буйруду, ооруган көкүрөгүн катуу баскылады, колу менен колун каккылап тыңшады, Вера Корнильевнанын сеанстар саны, кан, уколдор жөнүндө айтканын укту жана унчукпай оору баянын барактады. Мурун соо денеде бардыгы керектүү, бардыгы өз ордунда болсо, азыр бардыгы ашыкбаш жана оркоюп чыгып келди – каяктагы түйүндөр, бурчтар…

Донцова башка дагы уколдорду дайындап, кайсы таблеткаларды ичип жатканын тумбочкадан көрсөтсүн деп сурады.

Мурсалимов поливитаминдердин ичи бош флаконун алып чыкты. «Качан сатып алдың элең?» – суроо берди Донцова. Ахматжан которду: үч күн мурун. – «Таблеткалар кайда?» – Ичип салды.

– Кандайча ичип алды??-таңыркады Донцова.– Дароо бүт бардыгынбы?

– Жок, экиге бөлүп. – которуп берди Ахматжан.

Дарыгерлер, медайым, орус бейтаптар, Ахматжан каткырып жиберишти, Мурсалимов өзү да түшүнбөй, тиштерин ырсыйтып койду.

Павел Николаевичти гана алардын ообу жок, убакытка келишпеген күлкүсү кыжырын кайнатты. Мына, азыр силерди эсиңерге келтирет! Ал дарыгерлерди кандай позада тосуп алышты тандады, жарым-жартылай жаткан абалда айткан жакшы көрүнөт деп чечти.

Эчтеке эмес! Эчтеке эмес! – мактады Донцова Мурсалимовду. Анан, «С» витаминди дагы дайындап берип, медайым дилгири менен алдына сунган сүлгүгө колун арчып, кийинки керебетке өтөйүн деп бурулду. Эми, терезенин жарыгында жана жакын туруп, ал өзү да ооругандай бозоруп жана өтө эле чаалыккан көрүнөт.

Кашка баш, тебетейчен жана көз айнекчен, жууркан үстүндө кабагын түрүп отурган Павел Николаевич эмнегедир мугалимге окшошуп турду, жөнөкөй мугалим эмес, эмгек сиңирген, жүздөгөн окуучуларды өстүргөн мугалимге. Ал Людмила Афанасьевна керебетине келгенче күтүп туруп, көз айнегин түздөп, жарыялады:

– Так, жолдош Донцова. Мен бул клиникадагы тартиптер жөнүндө Саламаттык сактоо министрлигине айтууга аргасыз болуп турам. Жолдош Остапенкого да телефон чалып билдирем.

Врач селт эткен жок, кумсарган жок, өңү гана бир аз карайгансыды. Ийндери менен бир жолу кызыктай кыймылдап койду – айландыра, далысын тарткандан чарчап, ошондон бошоно албай жаткандай.

– Эгерде министрликке кирип жүрсөңүз, – дароо макулдугун билдирди, – жана жолдош Остапенко менен чалышып турсаңыз, мен материал кошуп берейин, макулсузбу?

– Каяка дагы кошуп? Силердеги көңүл коштук мамиле акылга сыярлык эмес! Мен бул жерде о н с е г и з сааттан бери жатам! – а дарылаган эч ким жок! А мен болсо…

(Мындан ашык дагы эмнени айтмак эле! Өзү түшүнүш керек да!)

Бөлмөдө бардыгы унчукпай Русановду карап турушту. Анын сөздөрү Донцовага эмес, Гангартка тийди – эриндерин ичкертип, чекесин бырыштырып алды, ообу жок нерсени көрүп, токтотууга дарманы жетпегендей.

Донцова болсо отурган Русановдун үстүнөн үңкүйүп, кабагын да бүркөгөн жок, ийиндерин гана дагы бир жолу айландыра кыймылдатып, көндүрө акырын айтты:

– Мына мен келдим дарылаганы.

– Жок, эми тим эле койгула! – кесип койду Павел Николаевич.– Мен бул жердеги тартиптерге тойдум – кетемин бул жактан. Эч ким кызыгып койбойт, эч ким диагноз койбойт!

Үнү күтүүсүз жерден калтырап кетти. Анткени чынында эле ыза болосуң да.

– Диагноз сизге коюлган, – жай баракат сүйлөдү Донцова, эки колун керебеттин аяк кармагычына тиреп. – Анан, силер эч кайда баралбайсыңар, бул ооруну республикада бизден башка эч жерде дарылоого алышпайт.

– Силер айтпадыңар беле – меники рак эмес деп?!... Андай болсо диагнозду угузгула!

– Негизи, биз бейтаптарга алардын оорусун айтууга милдеттүү эмеспиз. Бирок, эгерде ушул жеңилдик берсе, айтайын: лимфогрануломатоз.

– Рак эмес экен да!!

– Ооба, ооба – анын жүзүндө жана үнүндө талаштын ачуусу да болгон жок. Жаак алдындагы муштумдай болгон шишигин көрүп турбайбы. Кимге ачууланат? – шишиккеби? – Сизди бияка жаткыла деп эч ким сүйрөп келген жок. Кааласаңар, азыр чыгып кете бергиле. Бирок эсиңерде болсун…– Бир аз күмөн болду. Эскертти: – Адам рактан башка оорудан да өлүшү мүмкүн.

– Силер эмне – мени коркутуп жатасыңарбы?! – кыйкырып жиберди Павел Николаевич. – Эмнеге мени коркутасыңар? Методика боюнча мындай кылбашыңар керек! – дагы шыпылдата уруп атты ал, бирок «өлүм» деген сөздөн кийин ичтен муздай түштү.

Анан жумшарып сурады: – Силер эмне, меники ушунчалык коркунучтуу дейсиңерби?

– Эгерде клиникадан клиникага көчүп жүрсөңөр – албетте. Шарфты чечкилечи. Тургула.

Чечти шарфын, полго турду. Донцова этияттык менен шишигин, анан моюндун соо жагын да салыштырып кармагылады. Башты чалкалаткын деп суранды (көп чалкалатпай калыптыр, шишик ошол замат тартты), алдыга эңкейди, оңго, солго.

Мына сага! – башы ээн-эркин кыймылдабай калган турбайбы – соо кезде байкалбаган укмуштай элпектигинин бири жок.

– Үстүңкү кийимди чечкиле.

Жашыл-күрөң түстүү пижамасы чоң топчуларга топчуланчу жана тар эмес болчу, аны чечүү кыйынга турбагандай, а бирок колун сунганда моюнга зыңк этти дейсиң, Павел Николаевич онтоп жиберди. О, оңбой калган турбайбы иш!

Чачын бубак баскан медайым аны жеңдеринен чыгарганы жардам берди.

– Колтукта оорубайбы? – сурап жатты Донцова. – Оңтойсуз кылбайбы?

– А эмне, ал жакта да оорушу мүмкүнбү? – Русановдун үнү өчүп, азыр Людмила Афанасьевнанын үнүнөн акырын чыгып атты.

– Колдорду капталдата көтөргүлө! – үңүлүп, катуу баскылап колтук астыларын кармалады.

– Кантип дарылайсыңар? – сурады Павел Николаевич.

– Мен айтпадым белем: укол менен.

– Каяка? Шишиктин өзүнөбү?

– Жок, көк кан тамырга.

– Канча?

– Жумасына үч жолу. Кийине бергиле.

– Операция жасабайсыңарбы?

(Ал сурады – «жасабайсыңарбы?» деп, бирок бардыгынан ошол столго жаткандан коркуп турду. Бардык бейтаптардай эле ал, мейли узак болсун, бирок башка дарылоо болгонун тиледи)

– Операциянын кажети жок. – сунган сүлгүгө колун арчыды.

Кажети жоктугу жакшы! Павел Николаевич аркы-беркини ойлонду. Капа менен кеңешүү керек. Айланып аракет кылгандын да машакаты көп. Ал каалаганындай, бул жерде айтканындай бедели деле жок. Остапенкого чалыш деле оңой эмес.

– Мейли, мен ойлонуп көрөйүн. Анда эртең чечели?

– Жок, – өкүм сүрдү Донцова.– Бүгүн гана. Эртең биз укол жасабайбыз, эртең алтынчы күн.

Кайра эрежелер! Эрежени бузуш үчүн ойлоп чыгарышкан да!

– Эмнеге алтынчы күнү болбойт экен?

– Анткени организмдин реакциясын байкаш керек – укол сайган күнү жана анын эртеси. Жекшемби күнү байкоого мүмкүн эмес.

– Ал эмне, ошончолук маанилүү уколбу?...

Людмила Афанасьевна жооп берген жок. Ал Костоглотовго өтүп кетти.

– Биринчи күнгө калтырсакчы?...

– Жолдош Русанов! Сиз он сегиз саат мени эч ким дарылабайт дедиңиз. Эми жетимиш эки саатка кантип макул болуп атасыз? – (Ал жеңгендигин билип, азыр каалагандай тебелеп баратат, эч бир каршылык көрсөтө албайсың!) – Биз сизди дарылоого алабыз, же болбосо албайбыз. Ооба десеңиз бүгүн саат он бирде биринчи укол болот. Жок десеңиз – биздин дарылоодон баш тарттым деген кат жазып, бүгүн эле чыгып кете бересиз. Үч күн эч нерсе кылбай күткөнү акыбыз жок. Мен ушул палатаны карап чыкканча – ойлонгула, жообуңарды айтасыңар.

Русанов колдору менен бетин жапты.

Гангарт халатын мойнуна чейин топчуланган боюнча үнсүз жанынан өттү. Олимпиада Владиславовна да кемедей жанынан калкып өтүп кетти.

Донцова айтышкандан чарчап, кийинки керебеттен сүйүнүүгө үмүттөндү. Ал да, Гангарт да жылмаюуну каткан жок.

– И-и, Костоглотов, сиз эмне дейсиз?

Костоглотов, арбайган чачтарын бир аз сылап-сыйпап, катуу үнү менен, ишенимдүү, соо адамдай жооп берди:

– Эң сонун, Людмила Афанасьевна! Мындан жакшы болбойт!

Дарыгерлер бири бирин карашты. Вера Корнильевнанын эриндери бир аз гана жылмайгансыган, бирок көздөрү – кубанычтан тим эле күлүп атты.

– Эми, – Донцова анын керебетине отурду.– Сөз менен сүрөттөгүлөчү – өзүңөрдү кандай сезип жатасыңар? Ушул убакыттын ичинде эмне өзгөрдү?

– Мейли, сүрөттөп берейин! – жан-дили менен баштады Костоглотов.– Оорутканы экинчи сеанстан кийин басаңдады, төртүнчүдөн кийин такыр жоголду. Ошондо эле температура түштү. Азыр менин уйкум сонун, он сааттап каалагандай жатып алып уктаймын. Мурда болсо мен кандай жатсам да уктай алчу эмесмин. Тамакты көргүм келчү эмес, азыр болсо бардыгын калтырбай жеймин, дагы кошумча сураймын. Анан оорутпайт.

– Оорутпайт? – күлүп жиберди Гангарт.

– Берип атабы анан? – күлдү Донцова.

– Кээ кезде. Деги эмнесин айталы? – жашоого болгон сезимдер өзгөрбөдүбү. Мен бул жакка өлүк болуп келгем, азыр болсо тирүү жанмын.

– Көңүл айнып кускуңар келбейби?

– Жок.

Костоглотовду карап Донцова менен Гангарттын жүзү жаркырап турду – ушинтип мугалим өзүнүн көрүнүктүү мыкты окуган окуучусун карайт: өзүнүн билими жана тажрыйбасы менен эмес, окуучунун эң сонун жообу менен сыймыктанып. Мындай окуучу өзүнө тартып турат.

– Шишик сезилеби?

– Ал мага тоскоол болбой калды.

– Бирок сезилет?

– Мына жатканда – ашыкча бир оордукту сезем, ичтен нары-бери жылгансыйт. Бирок тоскоол болбойт! – дагы бир баса белгиледи Костоглотов.

– Кана, жаткылачы.

Костоглотов көнгөн кыймылы менен (анын шишигин акыркы айда ар кайсы ооруканада көп дарыгерлер, практиканттарына чейин, коңшу кабинеттерден чакырышып кармалап көрүшкөн, бардыгы таң калышкан) буттарын керебетке көтөрүп, тизелерин бүктү, жаздыксыз аркасынан жатып ичин ачты. Ошол замат ичтеги жанагысы, турмушундагы жандоочусу болуп калганы, тигил жакта түпкүрдө жатып алып, бир аз салмагы менен жатып алганын сезди.

Людмила Афанасьевна жанына отуруп алып, жумшак айландыра сыйпалашы менен шишикке жакындап баратты.

– Ичти бош койгула, бош койгула, – эстетип атты врач, тигил өзү билсе деле, бирок ичи өзүнөн өзү коргонууга чыңалып, шишикти сыйпалап көрүүгө тоскоол болуп жатты. Акырында, ичи колго көнүп жумшак болгондо, ал ашказан артында, тереңинде шишиктин четин даана сезди жана анын контуру боюнча биринчи жолу жумшак, экинчи жолу катуурак, үчүнчү жолу – андан катуу баскылап кирди.

Гангарт анын ийни артынан карап турду. Костоглотов да Гангартты тиктеди. Аябай сүйкүмдүү. Катуу мүнөз көрсөткүсү келет – а бирок чыкпайт: бейтаптарга тез эле көнүп кетет. Өзүн кыйла жашап калган адамдай көрсөткүсү келет, анысы да болбойт: кандайдыр бир жаш кыздын мүнөзү бар.

– Мурдагыдай даана пальпацияланат, – аныктады Людмила Афанасьевна.– Жалпак болуп калды, бул шексиз. Нары кирип, ашказанды бошотту, ошондуктан оорутпай калды. Жумшарды. Бирок контур – ошондой эле. Силер– карайсыңарбы?

– Жок, мен күнүгө карап жүрөм, үзгүлтүк менен караш керек. РОЭ – жыйырма беш, лейкоциттер – беш сегиз жүз, сегменттик…Мына, өзүңүз көрүңүз…

Русанов колдорунан башын көтөрүп, шыбырап сурады медайымдан:

– А – уколдор? Көп оорутпайбы?

Костоглотов да билейин дейт:

– Людмила Афанасьевна! Мага дагы канча сеанс калды?

– Аны азыр санап чыгууга мүмкүн эмес.

– Ошондой болсо да. Мени качан чыгарасыңар?

– Эмне???– Оору баянынан башын көтөрдү.– Эмне деп сурадыңар?

– Качан мени чыгарасыңар? – ошондой эле өзүнө ишенип кайталады Костоглотов. Ал тизесин кучактап, түрү эч кимге жемин жегизбегендей.

Жакшы окуучусу менен суктануусу Донцованын көз карашынан учуп кетти. Маңдайында көк беттенген татаал пациентти гана көрүп турду.

– Мен эми гана дарылоону баштап атам! – кагып салды аны. – Эртеңден баштаймын. Буга чейин жөн гана чалгындап көргөнбүз.

Бирок Костоглотов башын салган жок.

– Людмила Афанасьевна, бир аз түшүндүрүп айтайын дегем. Түшүнөмүн, толугу менен айыга элекмин, бирок мен толугу менен айыктыргыла деген жокмун да.

Кайсы чымын тийди бүгүн бейтаптарга! – биринен бири ашат. Людмила Афанасьевна үңүрөйүп калды, мына ушунда анын жини келди:

– Эмне деп сүйлөп жатасыңар? Силердин акыл-эсиңер ордундабы же жокпу?

– Людмила Афанасьевна, – камаарабай чоң колу менен четке какты Костоглотов,– азыркы адамдын акыл-эси тууралуу дискуссияны баштасак, аягын таппай калабыз… Мен сизге чын дилимен ыраазымын, сиз мени ушундай оңоп койдуңуз. Эми болсо ушундайымда бир аз болсо да жашап турайын. Ал эми мындан аркы дарылоодон кийин эмне болуп кетет – билбеймин. – Ал сөзүн улантып айткан сайын, Людмила Афанасьевнанын ылдыйкы эрини чыдамсыздыктан, кыжыры кайнагандыктан аңтарылып баратты. Гангарттын каштары секирип, көздөрү тигиден буга көчүп, кийлигишип басаңдатып жиберейин деп талпынды. Олимпиада Владиславовна козголоңчуну үстүдөн ылдый карап турду. – Бир сөз менен айтканда, мен тээ эртең-бүрсүгүнү эптеп жашаймын деген үмүт үчүн бүгүн каалагандай бааны төлөгүм келбейт. Организмдин коргонуу күчтөрүнө ишенип…

– Ошол организмдин коргонуу күчтөрү менен биздин клиникага төрт аяктап келгенсиңер! – сөзүн бузду Донцова, керебетинен турду.– Силер эмне менен ойноп жатканыңарды түшүнө элексиңер! Сүйлөшкүм да келбейт силер менен!

Ал эркекче колун шилтеп, Азовкинге кайрылды, бирок Костоглотов жуурканында тартылган тизелери менен тил албас кара иттей карап турду:

– А мен, Людмила Афанасьевна, сүйлөшкөнүңөрдү суранамын! Силерди эксперимент кызыктырып жаткандыр, бул эмне менен аяктайт деп, мен болсо тынч жашагым келет. Бир жыл болсо да. Болгону ушул.

– Мейли, – артты карай таштады Донцова.– Чакырабыз.

Өкүнүчү тарабай ал Азовкинди карап турду, жаңы сөзгө жана жаңы мамилеге дароо которулуп кете албай.

Азовкин турбай жатты. Ал ичин кармап ордунда отурду. Дарыгерлерге карай башын гана көтөрдү. Эриндери бир ооз болуп бирикпей, азап жегенин өз алдынча көрсөтүп турду. Көздөрүндө эч бир сезими жок, өтүнүчтөн башка – укпагандардан жардам сураганы.

– Эмне эми, Коля? Кандайсың? – Людмила Афанасьевна анын ийнинен кучактады.

– Жа-ман, – оозун гана кыймылдатып, көкүрөгү менен абаны түртпөгүдөй кылып акырын жооп берди, анткени өпкөнүн ар бир түрткөнү дароо ичиндеги шишикке доосун тийгизип атты.

Мындан жарым жыл мурда ал, күрөктү ийинге арта салып, комсомолдук жекшембиликтин алдыңкы катарында, болгон үнү менен ыр жаңыртып бараткан эле – азыр болсо өз оорусу жөнүндө шыбырдан катуу айтууга кудурети болбой калды.

– Кел, эми Коля, чогуу ойлонуп көрөлү, – ошондой эле акырын сүйлөдү Донцова.– Сен дарылоодон чарчадыңбы? Ооруканадан тажагандырсың? Тажадыңбы?

– Ооба…

– Сен бул жердиксиң да. Үйдөн эс аласыңбы? Макулсуңбу?... Бир – бир жарым айга үйдө болуптур?

– Анан… кайра аласыңарбы?...

– Албетте, алабыз. Сен биздики болуп калбадыңбы. Уколдон эс алгын. Анын ордуна дарыканадан дары сатып алып, күнүгө үч жолу тилиңдин алдына саласың.

– Синэстрол?...

– Ооба.

Донцова менен Гангарт билишпейт: бул жерде жаткан бүт күндөрү Азовкин ар бир кезекке чыккан медайымдан, ар бир кезекчи дарыгерден уктатуучу, оорутканды баскан ашыкча дарыларды, дайындоо боюнча өзүнө берген жана сайгандан башка ар кандай ашыкча порошок же таблетканы көшөрүп сурап алчу. Ушул кездеме баштыгы толтура чогулткан дары-дармектерди ал мына бүгүнкү күнүнө, врачтар аны дарылагандан баш тарткан күнгө камдап келген.

– Эс алышың керек, Коля… Эс алышың керек…

Палатада тым-тырс болуп турду, ошондуктан Русанов үшкүрүнүп, башын колдорунан алып, жарыя кылганы жакшы угулду:

– Макулмун, доктор. Сайгыла!

 

5

Кандай десек? – капа болдубу? көңүлү чөктүбү? – кандайдыр көзгө көрүнгүс, бирок калың, оор, күңүрт нерсе көкүрөккө кирип, ороп-чулгап, ортодон кысып калат. Ошол кысымды, ошол тунарыкты сезип жүрүп, түшүнбөйбүз эмнеден мындай кыйналып кысталдык?

Кыдырып кароону бүтүп, тепкичтен Донцова экөө түшүп баратканда Вера Корнильевна өзүн дал ушундай сезип турду. Эмнегедир өтө оңтойсуз болуп турду.

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Солженицын А.И.
    © Кыргызчага У.Ж.Жунушбаев которгон, 2011

 


Количество просмотров: 3006