Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия / «Ковчег» жаштар адабий тобу / Адабий конкурстар
© Урманбетова З., 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма 2012-жылы Борбордук Азиядагы Америка университетинин (БААУ) «Алтын Орундук» адабий клубу жана «Кыргызстандын жаңы адабияты» электрондук китепканасы тарабынан уюштурулган конкурска сунушталган.
Конкурстун шарттарына жараша уюштуруу комитетинин уруксаты менен жарыяланууда.
Соода-сатык максатында чыгарманы же анын үзүндүлөрүн нускалоо жана жарыялоого тыюу салынат.
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2012-жылдын 16-августу

Зарина УРМАНБЕТОВА

Бишкек

Ырлар 2012-жылы уюштурулган Кыргызстан жаштарынын адабий чыгармачылыгы конкурсуна сунушталган. Калыстар тобу тарабынан белгиленген.

Много языков – один мир. Адабий алманах. – Бишкек: Турар, 2012. – 196 б. китеби боюнча жарыяланды

УДК 82/821
ББК 84 (2) 7
М 73
ISBN 978-9967-15-146-8
М 4702000000-12

Нускасы 3000

 

***

Бишкек!
Мага дайым чоочунсуң!
Издегеним табалбаймын көчөңдөн.
Кызыктырба!
Фонтан, сулуу гүл бакча,
Ыргагында шаардын
Түрдүү адамдар,
Ошондо да жалгызмын…
Эмнегедир, дайым сууксуң!
Ошол суугуң куйкалайт го,
Чиркин, жанымды!
Өз балдарың көкүрөккө катып,
Мени кууйсуң!
Кайда барам?
Өз үйүмдөй боло албадың!
Сүйүүңдү тең бөлө албайсың?!
Күн сайын боштон-бошсуң!
Өкүнүчкө белчемден батырасың!
Өчүң бардай?!
Же тагдырды тукуруп,
Таарынтасың!
Баары бир издейм аны…
Менден канча катсаң дагы!
Же жөн эле ойнодуңбу?
Ойнойсуңбу?
Тумчугам…
Издедим табалбадым…
Канча бурчуң араладым?!
Дагы кандай оюндарың
Атайын
Мен үчүн деп кайталайсың?
Бишкек
Мага накта чоочунсуң!
Издегеним табалбаймын
Көчөңдөн.
Ошентсе да сендентакыр жалкыбадым!
Узап кетсем эмнегедир сагынамын:
Фонтанды, сулуу гүл бакчаны,
Ыргагында шаардын
Түрдүү адамдарың.
Бишкек,
Мага дайым чоочунсуң!

 

***

Кечиктимби? Сен да кечиктиң!
Жо-ок! Бул кек эмес! Чындык, көздү жооруткан!
Бактылуу бол! Мен да болоюн!
Жо-ок! Бул боор оору эмес!
Каалоо-тилек, чыккан жүрөктөн!
Жаңылдымбы? Сен да жаңылдың!
Лабиринтте сезимдердин
Адаштырып, көңүл соолуткан!
Өкүнбөйсүң! Мен да өкүнбөйм!
Тагдыр эмес! Бирге боло албай,
Үздүк жипти кооздоп токуткан.
Түшүнбөйсүң! Мен да түшүнбөйм!
Оюңду сезимиңде болуп жаткан
Торнадону жолун кыйраткан!
Кечиктимби? Сен да кечиктиң!
Баарына кеч! Сага да, мага дагы!
Жаза албайбыз жаңыдан кааласак да,
Болгондорду өчүрүпбүт тарыхтан!

 

***

Бир катарда басып бараттык,
Ошентсе да ойлор башка,
Жүрөгүң согот башка деп,
Бушайманмын кандай калдык табышып?
Тек тараптуу сезимдерди
Байкадыңбы?
Жылмаюума себеп болду:
Көлөкөлөр бара жатты жанашып.

 

© Урманбетова З., 2012

Адабий алманахты толугу менен көчүрүү

 


Количество просмотров: 1580