Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз / «Ковчег» жаштар адабий тобу / Адабий конкурстар
© Урманбетова З., 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма 2012-жылы Борбордук Азиядагы Америка университетинин (БААУ) «Алтын Орундук» адабий клубу жана «Кыргызстандын жаңы адабияты» электрондук китепканасы тарабынан уюштурулган конкурска сунушталган.
Конкурстун шарттарына жараша уюштуруу комитетинин уруксаты менен жарыяланууда.
Соода-сатык максатында чыгарманы же анын үзүндүлөрүн нускалоо жана жарыялоого тыюу салынат.
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2012-жылдын 16-августу

Зарина УРМАНБЕТОВА

Бакыт

Аңгеме 2012-жылы уюштурулган Кыргызстан жаштарынын адабий чыгармачылыгы конкурсуна сунушталган. Калыстар тобу тарабынан белгиленген.

Много языков – один мир. Адабий алманах. – Бишкек: Турар, 2012. – 196 б. китеби боюнча жарыяланды

УДК 82/821
    ББК 84 (2) 7
    М 73
    ISBN 978-9967-15-146-8
    М 4702000000-12

Нускасы 3000ъ

 

Сыртта дыбырап жаап жаткан жамгыр жүрөгүнүн алдындагы кереметке бешик ырын ырдап жатты. Таң атканча ошол жамгырга арыз-муңун айтып, кирпик каккан жок.

— Ал эч качан кайтып келбейм деп кетти. Эмне кылышым керек? Жамгырга окшоп төгүлүп, төгүлүп, жерге сиңип кетсем эмне! Бул шордууга жашоо тартуулап эмне. Андан көрө алдырып салып, өзүмө эркиндик тартууласамбы? Кантип багам? Эмнеме багам? Бүт баардык жыргал, бакытымды бир көз ирмемде кыйраттың! Мен ал үчүн ата-энем, бир-туугандарым менен да катышпай калгам! Жашоомдо кезиктирген алгачкы махабатым менин, эмнеге таштап кеттиң? Баардыгына сен күнөөлүсүң! Ал кайра келбейт, эмне кылам? Сен жөнүндө укканда жок!

Шоргологон жашы мене жүзүн жууп, акылында ар кайсы ойдун учун чубап, башы катып отурду. Чындыгында сүйгөнү таштап кеткенине ичи күйүп, аны бир ойлосо, көкүрөгүнүн алдындагы согуп жаткан дагы бир жүрөк андан бетер ойго салды. Абдан чарчады. Ыйлаган сайынбы, же чын элеби, бөлмөнүн ичи да аны мнен кошо кайгырып тургансып күңүрт болуп көрүнө берди.

Таң аткыча басылбай жааган жамгыр тынчып, аба ушундай тазарып калган, бак-дарактар кечээ эле чаң басып, жалбырактар бозоруп турган. Бүгүн болсо, тим эле айлана жапжашыл, жаздын керемет жыты абага буркурап жайылып, дүйнө жаңырып калыптыр. Кечке ыйлап жатып көздөрү тоодой шишиген. Сырттагы таза абадан үйгө кирсин деп терезеге басып келип, форточканы ачаар замат жагымдуу жыт келди. Көзүн жумуп, көөдөнүн таза абага толтуруп, бир саамга ордунан жылбай турду. Үйдүн үстүнөн таамп жаткан тамчылардын жана үйдүн түбүндөгү жалгыз бактан келген чымчыктардын жагымдуу үнүнү угулууда. Чыркырап энесини оозунан тамак талашкан эки бала-чымчык. Эне-чымчык кезек-кезеги менен ачка балапандарынын оозуна таң атпай терип-тепчип, таап келген курт-кибирлерин салып жатты. «Мен ачкамын, мен ачкамын» дегенсип чыркырайт балапандар. Курсактары тойгон соң, үндөрү, кыял-жоруктары чыгып, ары-бери учканга аракеттенип, ойношту. Эне-чымчык кубанып, алар мене кошо ойноп, канаты менен сылап коёт улам-улам.

Көзүнө толгон жашы мөлтүр тамчыдай көзүнөн ылдый карай кулап баратты. Дүйнөгө аял заты болуп жаралганы үчүн өзүн-өзү ушунчалык жек көрдү. Ушул кичинекей жандыкта да керек болсо энелик мээрим бар, ал эми өзүнөн ошол мээримди таба албаганына жек көрдү. Күнөөсүз жанды жашоого мүмкүнчүлүк бербей, бул дүйнөнүн суусун ичирбей, абасын жуткурбай, эң башкысы «эне» деп айттырбай туруп, алдырам деген ою үчүн жек көрдү.

Мен ушул кичинекей чымчыкча жокмунбу? Ушул кичинекей жандыкта бар сүйүү, эрк, күч менден кантип табылбасын?!

Узун коридорду жаңырта жаңыдан жарык дүйнөгө келген ымыркайдын үнү угулду. Оор төрөттөн кийин эсине келе албай, абдан чарчаса да эптеп эс — учун жыйып, баласына колун узатып жатты. Жараткан уул тартуулаптыр. Колуна алып, көкүрөгүнө чаңырып жаткан ымыркайды карап туруп чыныгы бакыттын даамын сезди, эне болу бактысынын даамын. Эмне деген азап! Тогуз ай бою көтөрдү, кыйналып, тозок отуна кирип, чыкты. Бирок, азыр колундагы чыныгы «БАКЫТ» басып өткөн баардык азап-тозогун бир саамда унутка салды.

— Уулум! Кереметим! Менин уулум! Бакытым! Мага чексиз бакыт тартууладың! Эне болу быктысын! Бакыт! Атың Бакыт болсун уулум! Дайым бакыт жандап, кош кадам таштап жүрсүн!

Кеч күздө төккөн нөшөр төрөт үйүнүн №4 чү бөлмөсүнүн терезесин черткилеп, жаңы жарыкка келген Бакытка бешик ырын ырдап жатты. Ошол эле терезенин түбүндөгү жалгыз бакта бир үй-бүлө жамгырдан жашырынып чыйпылдайт…

 

© Урманбетова З., 2012

Адабий алманахты толугу менен көчүрүү

 


Количество просмотров: 1532