Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Бекказы Элебесов, 2013. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 5-декабры

Бекказы Сагалиевич ЭЛЕБЕСОВ

Жамалбүбү

Колуңуздардагы бул китепке ар кыл мезгилдерде жазылган автордун аңгемелери, драмасы киргизилди. Анда балалык байоо сезимдери аркылуу ууз сүйүүгө арналган тагдыры, улуттук каада-салттан улам сүйүүсүнө жетпей калган жаштардын жашоосу камтылган. “Армандуу махабат” китебине кирген чыгармалар сиздин сүйүп окуган чыгармаларыңыздардан болоруна ишенем. Анткени бул китептеги “Тагдыр”, “Намыс”, “Жамалбүбү” деген чыгармаларында адамзатынын чыныгы турмушу тыкаттык менен чагылдырылып, адамзатынын жашоосундагы негизги баа жеткис касиеттери туурасында жогорку чеберчиликте баяндалган.

Бекказы Элебесов. Армандуу махабат: Аңгемелер, драма. – К.: “Карга аке” басма үйү, 2013-ж. – 144 б. китебинен алынды

ББК 267890 (Ки2) 083
    УДК11941
    К14
    ISBN 9874-15-495

 

Ушул чыгармамды Жамалбүбү эжемдин жаркын элесине арнайм

 

Кеч күз. Ноябрь айы жаңы эле жаңырган. Таң жаңыдан куланөөк салып келатканда шамаал пайда болуп түнкү жымжырттыкты бузуп, кечээкилерден калган таштандыларды ары-бери учуруп, томсоруп турган областык оорукананын имаратынын терезелерине келип урунуп, ичиндегилерге:

— “Турбайсыңарбы, тирүүлүктүн дагы бир таңы атып келе жатат. Бул таңды көрүүгө ашыккыла, эртеңки таңды кээ бирөөң көрбөй калышың ыктымал”,— дегенсип табыш чыгаргандай болгондо, түнү бою өлүм менен өмүрдүн ортосунда оору менен кармашып, эс-мас абалында кыйналып, катуу оорулуулар жатуучу реанимация бөлмөсүндө жаткан эжем Жамалбүбү табыштан уламбы эсине келип көзүн ачып, башынын катуу ооруп жатканын сезип догдурларды жардамга чакырайын десе, үнү чыкпаган соң, көзүнүн кыйыгы менен “жарыкчылыкты дагы бир жолу көрөөр бекемин” дегендей терезеге көз жүгүрттү.

Терезенин көөдөй капкара болуп турганын көрүп, жылт эткен үмүтү жалп өчкөндөй суз тарта түштү. Балким ичинен:

— “Аттиң ай, жарыкчылыкты бир көрсөм арманым болбойт эле го”,— дегендир. Миң күнкү караңгылыктан бир күнкү жарыкчылык артык демекчи, адам баласы күндөлүк көр тирлик менен алек болуп жүрүп, жашоодогу ыйык нерселерди эстен чыгарып, баркына жетпей, “колдо бар алтындын баркы жок” дегендей, пенделик кылат окшобойбу.

Жамалбүбү эжем өзүнүн элүү эки жаш курагына келгенче канчалаган таңды тосподу дейсиң, ошол учурда таңды ушундай күтүп, ушундай барктады бекен, ким билет. Качан башына күн түшүп, таңды экинчи көрөөр көрбөсү арсар болуп жатканда, анын баркы билинген чыгаар. Ушул жарыкчылык сыяктуу, абанын, суунун жана башка адамдын жашоосуна зарыл нерселердин баары, качан гана башка оорчулук түшкөндө даана билинет окшобойбу.

Адамзат эмне үчүн жашоосунда көр тирлик менен алышып жүргөн учурунда, канчалык акыл эстүү болсо да, жашап жатканда зарыл болгон жакшы нерселердин баарына аяр мамиле кылып, кадыр баркына жетпейт болду экен. “Үмүт аягында өлөт” дегендей Жамалбүбү терезени тирмийип тиктеп жатып, терезенин агара баштаганын көргөндө:

— Оо кудайым таң агарып келе жаткан турбайбы, дагы бир таңды көрсөттүңбү –деди окшойт. Анын кубанып кеткенинен улам канчалык кыйналып ооруп жатса да, өңүндө билинээр билинбес жылмайуу пайда болду. Таңдын атканы ага бир топ дем, күч бердиби, ал тургай башынын ооруганы, бир аз басаңдай түшкөндөй болду окшойт.

Жамалбүбү 1951-жылдын январь айынын кыш мезгилинде малчынын үй бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Ал кезде экинчи дүйнөлүк Улуу Ата Мекендик согуш аяктап, согушта бүлгүн болгон чарбаларды кайра калыбына келтирүү иштери жүрүп, совет өкмөтү кайрадан баш учун жыйып, согуштун кара тактары элдин жүрөгүнөн дагы эле кетпей, турмуштары жаңыдан эле оңоло баштаган болчу.

Ата энебиз согуш бүткөндөн кийинки жылы баш кошуп, бир жылдан кийин Алымкан аттуу кыздуу болушуптур. Ал, эки жаштан өтүп, тили чыгып калган кезде, өзү теңдүүлөрдөн өзгөчө тетик болгондуктан, көз тийип, чарчап калыптыр. Андан кийин Жамалбүбү эжем төрөлгөндө биринчи баласы чарчап калып, коркуп калган ата-энебиз эркелетип, кызына мээримин салып жакшы кийинтип элдин көзүнө көрсөтүшпөй, жупуну багып чоңойто башташат. Малчынын кызы болгондуктан Жамалбүбү эжемдин балалык чагы Ысык-Көлдүн тегерегиндеги тоолордун арасындагы жайлоолордо өтүп, жаратылыштын кооздугунун кучагында чоңойот.

Эс тартып, мектепке окууга киргенден баштап, жалпы эле малчылардын балдарындай болуп, түйшүк тартып, ата-энебиз жайкысын жайлоодо, кышкысын айылдын четиндеги кашарларда мал багып жүрүшкөндө, балдардын улуусу болгондуктан, айылдагы үйдө бизге баш көз болуп ата ордуна ата, эне ордуна эне катары сиңдилерин, инилерин багуу анын мойнунда болду. Кенедейинен күйдүм-быштым болуп чоң аялдардын жумушун аткарып, бир туугандарын багып, кирлерин жууп, аларды тарбиялап, эшиктеги жумуштарды да жасап, окуусун окуп баарына жетишүүгө туура келди.

Атабыз Сагаалы, ата теги эл бийлеген манаптардан болгону менен октябрь революциясында жеке менчик коомдук менчикке өтүп, социализм орногондон баштап Кыргызстан өзүнчө мамлекет болуп, бай манаптарга кысым күчөп, кулакка тартуу саясаты жүрүп, мал-мүлктөрүн тартып алгандары аз келгенсип алдын атып, артын сүргүнгө айдай баштаганда, Элебес чоң ата мал-мүлкүн жаңы уюшулган колхозго өз ыктыяры менен өткөрүп берип, өзүнүн малын багып, калхозго малчы болуп жанын араң сактап калыптыр. Ошентип, атабыз бала күнүнөн атасына жардам берип, мал менен чоңоюп, кийинчерээк согуш чыгып, жаштык кези оор мезгилге туш келиптир.

Энебиз Жүзүмкандын да ата теги жакшы адамдардан болот. Тайатабыз октябрь революциясы жеңип, социялистик мамлекет болуп, компартия бийликке келгенден кийин айылдагы партиялык уюмун жетектеп жүрүп, кийин каза болуп, энебиз энесинин колунда үч бир тууганы менен жетим калат. Анын да жаштык кези каардуу согуш убагына туш келгендиктен көп кыйынчылыктар башынан өтөт. Жокчулуктун айынан энебиз он алты жашка жаңы толгондо, тайэнем өзүнүн жакын туугандарына күйөөгө берет. Согуш бүтө жаздап калганда күйөөсүнөн кат кабар келбей калат. Согуш бүткөнчө күтүп, күйөөсү согуштан кайтпай калганда төркүнүнө келип, даярдоо канторасында склад кармап, иштеп жүргөндө атабызга жолугуп калып, сүйлөшүп баш кошушат. Атабыз менен энебиз экөө тең, тектүү жердин тукумдары болгондуктан, ата тегинин намысын коргоп, элден калбай жакшы жашоого умтулушуп, жандарын сабап оокат кылышып, өздөрүнчө үй жай куруп, тогуз балалуу болушуп, аларды элдин балдарынан кем кылбай багып чоңойтуунун аракетинде жүрүшкөн. Атабыз оор басырыктуу, мүнөзү токтоо, узун бойлуу, кара тору, толмочунан келген, олбурлуу, сөздү чукугандай сүйлөп, сөздү бага билген жигит болчу. Энебиз ачык айрым, ак көңүл, сөзмөр, иштемчил, өтө намыскөй, бир нерсе жасаганда бүтүргөнчө шашкан күйүкчөөл, толмочунан келген, ак саргыл аял эле. Ал күйүгүп-бышыгып жүрүп, кант оорусуна чалдыгып кийинки кездерде оорукчан болуп калган.

Жамалбүбү эжем тектүү жердин кызы болуп, ата энесинен жакшы тарбия алгандыктан сезимтал, намыскөй, адептүү, иштемчил, ак көңүл, боорукер эле. Ушундай жакшы сапаттарына жараша өңдүү, түстүү да болуп, өз боюн тыкан алып жүрчү. Кандай кана кийим кийбесин өзүнө жарашып калчу. Түйшүгүнүн көптүгүнө карабай окуусун жакшы окуп, курбу кыздарынан калышпай, классындагы алдыңкы кыздарынын катарында жүрчү. Эжемдин акыл эстүү болуп жакшы чоңойуп жатканынан уламбы ата-энебиз аны менен кеңешип турушчу. Ал тургай бир туугандар да анын айткандарын угушчу. Өзгөчө экинчи иниси мен, экөөбүздүн жаныбыз бирге болчу. Мүнөздөрүбүз да бири-бирибиздикине окшоп кетчү. Мен тентек кылганда ачуусу келип кетип, сабап койгону менен, кайра боору ооруп, менин кылык жоруктарымды, сабагымды жакшы окуурумду, иштемчилдигимди, намыскөйлүгүмдү, ак көңүлдүгүмдү, боорукерлигимди эстеп кайра өкүнүп калчу. Мен да эжемди энебиздей көргөндүктөн, аны аяп, “эжем бизди багып ушунча түйшүк тартып жатса, капа кылып койдум”— деп этимдин ооруганына кайыл болуп, аны аяп, көңүлүн жубатууга аракет кылчумун.

Жамалбүбү эжем сегиз-тогуз жашынан баштап кир жууп, чоң печкага нан салып, оор түйшүк тарта баштады. Ага жети сегиз кишинин кирин жуугандан да, чоң чарага камыр жууруп печкага нан салган оор түйшүк жаратчу. Айрыкча кыштын күнү саман киргизген жердин жоктугунун айынан самандар суу болуп калганда, кургаткан менен чала кургаган саман печкага жакшы күйбөй түтөп, көзүнөн салаа-салаа жаш агызып, печканы кечке жагып жатып, араң ысытып, кайра муздап калбашы үчүн чийки камырларды салган идиштерди печкага салып жатканда, алы жетпей, күлгө түшүрүп жиберип же колун күйгүзүп алып, гүлала болуп жатканда, печкасы муздап калып, наны бышпай калганда ыйлаган күндөрүчү.

Ошондой күндөрдүн биринде, эжем көчөөдөгү эки печканын бирөөнө камырын самандарын эптеп ташып жеткирип, суу саманды тутантып күйгүзө албай, күл-ала болуп, кечке от жагып жатып, эптеп печка ысыганда адаттагысындай камыр салынган оор идиштерди печкага салып жатып, идиш турчу темирлердин ортосу чоң ачылып калгандыктан, идишти камыры менен түшүрүп жиберип, аны алам деп колун ысык темирге каарып алганда ооруганына чыдабай чыңырып ыйлап отура калып, эми эле идиштерди алып берип жаткан мени жардамга чакырайын десе, менин ойноп кеткенимди көрүп, бир чети печканын муздап баратканын көргөндө, айласыздан кайра тура калып, түшүп кеткен идишти алып, баардык идиштердеги камырларды салып бүткөнчө пекасы муздап калгандыктан, ачуусуна чыдабай теңтуштарым менен ойноп жаткан мени кууп жөнөдү. Эжемдин ачууланып келе жатканын көргөндө чымын-куюн түшүп качып бердим. Ага карабай эжемдин арышы чоңдук кылып, көчөөнүн аягына чейин кууп барып кармап, алка жалкадан алып көтөрүп чаап, башка, көзгө койгулап тепкилеп, аябай сабап жатып, бир убакта өзүнө келгенде гана артты көздөй басып кетти. Эжемден анчалыкты күтпөгөндүктөн, анын үстүнө теңтуштарымдын көзүнчө аябай таяк жегениме арданып, өпкө өпкөмө батпай, буркан-шаркан түшүп, ызама чыдабай үйдү көдөй ыйлап жөнөдүм. Эжем саман ташып келип, ак калган нанын чыгарып, кайра от жагып, нанын бышырып барганча караңгы да кирди. Үйгө барганда менин көмкөрөмдөн жатып алып, дагы эле бышактап ыйлап жатканымды көрүп бир чети боору ооруса, бир чети кайра ачуусу келип:

-Анан сеники жакшыбы, нан салалбай жатса, ойноп кетип? Сенин айыңдан печка муздап калып, нан бышпай калды, — дегенде тура калып.

-Эжеке кечирип коюңузчу. Мен сизди капа кылайын деген эмесмин. Нанды күндөгүдөй эле өзү салып алат экен деп, балдар чакырганынан ойноп кетиптирмин,— дегенде, Эжем, менин таяк жегеним үчүн ыйлабай эле, өзүмдүн күнөөмдүн мойнума алып ыйлап жатканыма боору ооруп:

-Айланайын Бекеним, болоор болбос нерсеге сени ушунчалык сабаганым үчүн кечирип кой, экинчи сага тийсем, колум сынсын,— деп мени бооруна кысып шолоктоп ыйлаганда, мен да мойнунан кучактап.

-Эжеке экинчи тентек кылып сизди капалантпайм,— деп ыйлап кирдим. Биздин кучакташып бири-бирибизден кечирим сурап, ыйлап турганыбызды көргөн берки бир туугандарым күнөө кимибизде экенине түшүнө алышпай таңданып карап турушту. Мындай окуялар эжемдин турмушунда далай ирээт кайталанып, оор түйшүктөрдү тартып чоңоюп жатты.

Ал учурда элдин турмушу жаңыдан оңоло баштаган. Балык-жон, үстү ылай менен жабылган эки бөлмөлүү үйлөрдөн, үстү шыйфыр менен жабылган төрт бөлмөлүү үйлөргө өтүп, короо жайларын оңдоп, аш-үй, сарайларын салып, кээ бир үйлөрдө дарбазалар пайда болуп, бак-шак отургузула баштаган. Мурда бир көчөдөн экинчи көчөгө түз өтүп кете турган болсок, эми огороддордун көпчүлүгү курчала баштагандыктан, көчө айланып, завылкелер менен өтүүгө туура келчү. Бирок атамдар көпчүлүк учурда малда жүрүп, айылдагы үйүндө көп болбой, биз оор түлүк жумушка жарай элек болгондуктан, эки бөлмөлүү үйүбүз жаңы салынып, шыйфыр менен учурулганы менен, сарайлардын үстү саман менен жабылып, огород кашаа менен тосулбай, дарбаза да орнотула элек болчу. Ал учурда көпчүлүк элдин үй жайы ушундай абалда болгондуктан, көзгө деле өөн учурабай, эл катары көрүнчү.

Үй жайлары кандай болсо, кийип ичингендери ошондой болуп сарамжалдуулардын кийген ичкендери оңолуп калган. Биздин үй-бүлөбүздүн ичип жегендерибиз жакшы болгону менен, кийген кийимдерибиз жупуну болчу. Эжем балдардын улуусу болгондуктан, кийген кийимдери өтө жакшы болбосо да, классташ кыздарынан кем калышпай кийинчү. Калган кичүүлөрүбүз “эжелүү кызга эски тон”— дегендей бирибиздикин бирибиз кийип чоңоюп жаттык.

Жамалбүбүнүн классында отуз окуучу окуп, анын он беши эркек, он беши кыздар болчу. Классындагы он беш кыздын ичинен жети кызы ынтымактуу болуп, басса-турса чогуу жүрүп, бири-биринен сырларын жашырышчу эмес. Алар сабактарын жакшы окушуп, жакшы кийинип, өзүлөрүн тың алып жүрүшкөндүктөн, берки кыздарынан айырмаланып турушчу.

Улам убакыт өткөн сайын алар да чоңоюп, класстан класска көчүп, бойго жетип, кылык жоруктары өзгөрүп, жасанып түзөнүп, алды жигит жандай башташат. Жамалбүбү эжемдин мойнунда бөбөктөрүн багып, улуу кызы болуп, үй жайларын кароо милдети тургандыктан, анын үстүнө энебиз Жүзүмкан келген сайын кулагына куйуп, “ата энелүү кыздардай болуп, андай баспай мындай бас, баланчанын кызы ата-энеси жогунан пайдаланып басып кетиптир дейт. Эркек балдар менен сүйлөшпө, жаман атты болосуң. Тартиптүү болуп бөбөктөрүңдү жакшы карап, эки жака чыкпа, отурушка барчу болбо!”— деп айта бергендиктенби же өзүнүн эле дээриненби окуусун бүтөөрү менен үйгө түз келип, түгөнбөгөн түйшүктөрү менен алышып, эс алганга кенедей да убактысы болчу эмес. Ошол эле чогу жүргөн кыздары жигиттер менен майрам күндөрү отурушка барышып, эртеси окууга келишкенде:

-Биз мындай жигит менен тааныштык, мынтип бийледик, тигинтип ырдадык,— дешип, отурушта болгондорду айтып, эжемди азгыра баштаганда, жаштык кылып ал дагы отурушка баргысы келсе да, кайра, бир чети ата-энебизге айтып коёт деп, бөбөктөрүнөн корксо, бир чети энебиз айткандай ушак айыңдан коркчу. Анткени кошуна аялдардын чогулуп отуруп алып, “баланчанын кызы баланчадай экен, түкүнчөнүн кызы түкүнчөдөй экен”— деп ушактап жаткандарын өз кулагы менен далай жолу уккан болчу. Ошондуктан отурушка бармак турсун, көчөөдө жигиттер менен чогу да басчу эмес. Көчөдөгү аялдар үйүндө ата-энеси жок Жамалбүбү эжем эмес, ата-энеси жанында, чоңоюп калган бир туугандары бар кыздарды да, көчөдө жигиттер менен ээрчишип басканын бирөө көрдү дегенче бүттү, айтаарга кеп табылып, атайын эле чоң жаңылык катары, бири-бирине көбүртүп-жабыртып айтып жеткирүүгө шашып, бат эле жаманаттылашып, “баланчанын кызы баланча менен басып жүрөт экен”— десе, кийинки уккандары кошмолоп отуруп, ал кыздын жер жебелине жетип, ал тургай, төрөгөнү калыптыр,— дегенге чейин барып, жаманатты кылып, бүт айылга чейин ушак таратып жиберишчү. Ошондон улам болсо керек, кыздар жигиттер менен сүйлөшкөндө, түнкүсүн эл көзүнө көрүнбөй сүйлөшүп же отуруштарга түнкүсүн гана жашырынып, эч кимге көрүнбөй барышчу. Анда да тогузунчу онунчу класстын кыздарынан класс боюнча төртөө, бешөө гана барчу. Калган кыздар көчөгө чыгышчу эмес. Отурушка барган кыздар баары бир, эртедир кечтир билинип калышып, көп баскан, тартиби начар кыз катары элге жаманатты болуп калчу.

Кийинки кездери эжем жолдош кыздарынын көңүлүн кыя албай, жигиттер менен таанышып отурушка бараар барбасын билбей же алардан бөлүнүп кете албай, эки ортодо жүргөндө күндөрдүн биринде ошол жолдош кыздарынын бири окууга келбей калат. Ангыча болбой жамандык жерге жатчубу түшкө жетпей эле.

-Баланчанын кызы уу ичип өлүптүр,— деген кабар айылга дүң дей түшөт. Көрсө ал окуя мындай болгон экен. Кыз адаттагысындай эле энесинен отурушка барам деп суранса энеси:

-Сени эл түнкүсүн отурушка барып, көп басат экен, деп жаманаттылап жатышат. Эми мындан ары түнкүсүн эч жака чыкпайсың,— деп тилдеп отурушка жибербей коюптур. Мурда эркелетип, эл кийбеген кийимди кийгизип, велосипет сатып берип, өз билгенин жасатып, ээн эркин басып жүргөн эрке кызга, энесинин, “эми түнкүсүн эч жака чыкпайсын”— деп тыйуу салганы одоно сезилип, ызалангандан уу ичип өлүп алыптыр. Бул окуя калган жолдошторуна, алардын ата-энесине сабак болду окшойт, түнкүсүн эч жака баспай калышат.

Убакыттын өткөнү билинбей эжемдер мектепти бүтүрүп, классындагылар уясынан учкан балапандардай болуп, ар кимиси өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша ар кайсы жака окуганы окууга, окубаганы иштеп кетишти. Эжемдин чоң окуудан окууга шарты келбегендиктен, экинчиден үйдөгүлөргө каралашып туруу үчүн жакыныраак Каракол шаарындагы бир жылдык бухгалтердик окууга тапшырып, ал окууга өткөндөн кийин мектепти жакшы окуп бүткөндүктөн, камчы салдырбай, ал жерден да жакшы окуп, тың жүргөндүктөн, курсташтарынын ичинен өзү теңдүү тың кыздар менен таанышып, алардын ичинен Жылдыз деген кыз менен достошуп кеткен. Жылдыз орто бойлуу, толмочунан келген, чачтары капкара көздөрү бакырайган кирпиктери узун, сулуусумак, ачык айрым жакшы кийинип, өз боюн таза алып жүргөн, жакшы окуган кыз болчу.

Жамалбүбү эжем менен Жылдыз кайда барбасын чогу барып, бир бөлмөлүү квартирада чогу жашап, окууга бир барып, эгиз козулардай ээрчишип жүрүшчү. Экөө тең татынакай болуп, кийген кийимдери жарашып, биринин сөзүн бири толуктап, көз караштары бир жерден чыгып тургандыктан, көргөндөр экөөнө суктана карашчу. Эжем айылдагы оор түйшүктөн арылып, шаарга келгени, бир гана окуу менен алек болуп, өзүнө көп убакыт бөлө баштагандыктан, көркүнө көрк кошулуп тал чыбыктай буралган сулуу кыз болуп чыга келген. Адеп шаарга келгени көп ачылалбай, жигиттер эмес кыздар менен көп сүйлөшпөй, өз алдынча жүргөн болсо, жоро жолдошторунун таасири менен күндөн күнгө шаарга көнө баштап, уламдан улам ачылып сүйлөп, өзүн эркин сезе баштады. Бирок айылдагы ата-энеси, бир туугандарын эсинен чыгарбай, дем алыш күндөрү айылга барып, нандарыбызды бышырып, кирлерди жууп, үйлөрдү актап берип келчү.

Эжем шаарга окууга келгенине жарым жылча убакыт өткөндө, досу Жылдыз, сүйлөшкөн жигити Сапардын досу Эсен деген жигит менен тааныштырат. Эсен жыйырма жаш курагынан өтүп калган, узун бойлуу, арыкчырай, мүнөзү токтоо, келбеттүү жигит болгондуктан, эжеме жагып калат. Эсен да эжемди жактырып калып, ар кандай шылтоолор менен бат баттан жолугуп турчу. Эжем мурда жигит жактырып, сүйүп көрбөгөндүктөн, башкача сезимге туш келип, эмнегедир Эсенди кайра кайра көргүсү келип, анын сүйлөгөн сөзүн уккусу келе берчү. Ошентип эжемдин алгачкы сүйүүсү башталып, жаштыктын жалындаган курагын башынан өткөрүп, сүйүүнүн ырахатына бөлөнүп, жашоо турмушу көңүлдүү өтүп жаткан убакта Жылдыз досун түп районунун четки айылдарынын бирине ала качып кетишет. Эжем досун жоктоп жалгызсыраганы болбосо, сүйгөнү Эсен менен дагы эле жолугушуп сүйлөшүп жүргөн.

Арадан бир топ убакыт өткөндөн кийин чогу окуган жакшы санаалаш жолдош кыздары болуп, Жылдыз досуна учурашып келгени жөнөшөт.

Каракол шаарынан эртең менен чыгышып жолу начар болгондуктан Жылдыз барган айылга түш ченде араң жетишет. Сурамжылап Жылдыз барган үйдү табышат. Үй шыйфыр менен учурмаланган, короо жайы түзүк, кире беришинде дарбаза орнотулган, төрт бөлмөлүү жаңы салынган үй болгондуктан, Жылдыздын жакшы жерге туш келгенин билишет. Жылдыз достору менен кадимкисиндей учурашып, кабагым кашым дебей, жадырап жайнап, ала качып кеткенине өкүнбөгөндөй түр көрсөтүп, жакшылап тосуп алып, сый көрсөтүп, кечке дейре сыйлап, кечке жуук кыздардын кетебиз деген ойлоруна койбой.

-Маңдайыбыздагы үйдөгү теңтуш балабыз конок болуп кетишсин деп болбой жатат,— деп безилдеп кыздарды кетирбей койот. Кыздар дос кызынын көңүлүн кыйбай аргасыздан көнүшүп, Жылдыз айткан үйгө коноко бармай болуп, үйдөн чыгып, айткан үйдү карашса, үстү ылай менен жабылган балык жон, эки бөлмөлүү, тегерегин чөп баскан, маңдайында саман менен жабылган кичинекей сарайы бар үйдү көрүшүп, кайра ирээнжишип кетмек болушат. Жылдыздын аяштары болбой Жылдыз, күйөөсү Уркалый баш болуп, оюн чындап кыздарды колдорунан сүйрөшүп алып барышат. Эжем босогону аттаганда эле көшөгөнү көрүп кайра качат. Атайын сөздөрүн бышырып, күн мурунтан камынып алган кемпирлер болбой чыркыратып сүйрөп киришип, көшөгөгө киргизип, жоолук салып отургузуп коюшат. Сексен жашка чукулдаган карыган кемпир:

-Мени аттап өтүп кетип көр,— деп догурунуп сыздап ыйлап, туурасынан жатып алат. Эжем түнү менен жулунуп-жулкунуп, таң атканча чаңырып ыйлап олтуруп, жедеп шайы кетип тигилердин коё бербесине көзү жеткенде, уурданып чогу келген кыздарынын биринен кат жазып төркүнүнө берип жиберет. Ал катта:

“Саламатсыздарбы ата-эне, мен чогу окуган жолдош кыздарым менен бир кызыбызды мурда ала качып кетишкендиктен, учурашканы барсак, ошол кыздын күйөөсүнүн теңтушу зордук менен жоолук салып, үйүнөн чыгарбай жатышат. Үч күнгө чейин силерди күтүп, абийирим менен калууга аракет жасайм. Тезирээк келип мени бошотуп кеткиле,— деп Жамалбүбү”,— деген жазуулар бар болчу. Тапшырган кызы катты ошол эле күнү Караколго келээри менен автобус бекетке барып, айылдашыбыздан берип жиберет. Эжем болсо тигилерге моюн бербей ыйлап көшөгөгө кирбей “ата энемден кабар келмейинче отурбайм”,— деп болбой койгондо, тигилер да тим коюшуп, эжемди басса-турса жанынан чыкпай кайтарып турушат.

Жамалбүбү бирде сүйгөн жигити Эсенди ойлосо, бирде ата-энесин бошотуп кетишсе экен деп кудайдан тилек кылып, досу Жылдызды колунан келгенче каргап-шилеп жатты.

Кат ата-энебиздин колуна эртеси күнү тийди. Кызды бошотуп келүүгө убакыт бар болчу. Бирок катты окуп энебиз Жүзүмкандын:

-Чыгарып келели -, деп чырылдаганына болбой атабыз Сагаалы:

-Баягынын кызы күйөөдөн чыгып келиптир, деп жаманатты боло албайм. Эртең элдин бетин кайсы бетим менен карайм, бир босогону аттагандан кийин ал жердегилердин да каргыш илкиши болот “кыздын бараар жери күйөө, буудайдын бараар жери тегирмен”, “таш түшкөн жеринде оор”, “отурган кыз орун табат” дегендей барган жеринен чыкпасын. Эгер чыгып келсе топурагымды түйүп берем, экинчи балам дебейм. Кызыңа ошентип кат жазып берип куугунчуларды жибер”,— деп бакылдап койгон эле.

Энебиз эне катары кызынын абалын сезип, жүрөгү ооруп турса да, элдин каада салтынан, күйөөсүнүн оюнан чыга албай, атабыздын айтканы боюнча кат жазып, мага туугандарыбыздан бир аял, бир эркекти кошуп, салт боюнча кубалатып дайынын билип келүүгө жиберген болчу.

Мен алтынчы класска жаңы кирген жаш бала болсом да, эжемди зордоп ала качып кеткенине зээним кейип, колумдан эч нерсе келбесе да, ала качкандарга ачууланып, бирде ыйлап, бирде сооронуп бараттым. Кечээ катты алаарыбыз менен эжемди зордоп, кыйнап алгандарын билип, катты ата-энеме өзүм жеткирип, энем тарапта болуп, эжемди чыгарып келели деп чырылдаганда атам: “жап жаагыңды бала туруп эмнени түшүнмөк элең, баланын баладай эле болгону жакшы” — деп кагып койгон. Бир чети атамдан ийменсем, бир чети коркконумдан унчукпай калганым менен уккандан бери көзүмдөн жаш кетпей, капаланып, жүрөгүм эзилип, өзүмдү койорго жер таппай жүргөм.

Башынан кыздарды ала качып алуу салтын жаман көргөндүктөн, өзүм колукту алганда алакачпай сүйлөшүп алсам, эже, карындаштарымды да ала качпай сүйлөшүп алышса экен деп жүргөм. Ал тургай былтыр эжем онунчу классты бүтөөрүндө, өзүм үч айлык каникулда жайлоодо ата энеме жардам берип кой багышып жүргөндө, айылдаш бир абышка келип, ата-энеме “кызыңарды бергиле, баламды үйлөнтүп, келин кылып алайын”— дегенде ата-энем макул болуп, “балаңыз ала качып кете берсин”,— дегендерин угуп, ата-энеме таарынып, караңгыда жолдун алыстыгына, жаанга, коркконума карабай айылга түн катып качып келип, эжеме кабар берип, ала качтырбай алып калганым али эсимден кете элек болчу.

Биз эжемдикине түш оой жеттик. Короого кире бериште эле бир кемпир чыга калып:

-Айланайын кудалар кулдугубуз бар, үйгө кириңиздер деп ийилип жүгүнгөндө, кууп барган туугандарыбыз менен жеңебиз үйдүн кебетесин көрүп ирээнжий түшүштү окшойт:

-Кулдугуңар кудайга, биз Жамалбүбүнү кууп келдик эле. Жамалбүбү менен жолугушуп сүйлөшмөйүнчө үйгө кирбейбиз,— дешти.

Короодогулардын үндөрүн уккан окшойт, аңгыча үйдөн эжем чуркап чыгып ага, жеңеси менен чала-була учурашып, оозун ачып карап турган мага келип кучактап, үн сөз жок ыйлап киргенде, мен мойнунан кучактап.

-Эжеке ыйлабаңызчы,— деп ыйлап жибердим. Эки бир туугандын эзилишип ыйлап жатканын көргөндөр, карагылары келбей зээндери кейип тескери карап кетишти.

Бизди мындай кейишке алып келип, колу буттарыбызды жипсиз байлап, каран күнгө салып жаткан тескери үрп адаттарды беттерине кармап, мажбурлап жаткандар, адамдардын өзүлөрү эле эмеспи. Адамдар бири-биринен зар муңун, кайгысын кээ бир убакта көрүшсө да түшүнүшкүлөрү келбей, кайдыгерлик кылып, өз баштарынан өтүп жатпагандан кийин, болушкулары келбей коймой адаттары бар. Качан гана өз баштарына ушундай кайгы келгенде гана “каап бекер кылыптырмын”,— дегенде, кеч болуп калганын билишет болду бекен. Деги эле адамзат бирине-бири эмне үчүн кыянаттык кылышып, жолтоо болушат болду экен. Кайра бирине-бири жардам берип, жөлөк таяк болуп жашашпайбы, ушунча акыл сезими менен ушундай жөнөкөй эле нерсени кантип түшүнүшпөйт деген ойго келесиң.

Бир топтон кийин эжем тагдырын өзгөртүп жиберчүдөй, маанилүү нерсе эсине түшө калгандай болуп, тура калып мени ийиндеримден мыкчый кармап, көздөрү менен теше тиктеп:

-Кана, Бекен айтчы үйдөгүлөр эмне деди?— дегенде, мен эжемдин суроосуна жооп бере албай, тилим байланып калгандай болуп, көзүмдөн жашымды шорголотуп төш чөнтөгүмө колумду салып, энебиз берген катты алып чыгып сундум. Эжем катты алып шаша-буша көз жүгүртүп окуп чыкты да, жаштыгы менен, сүйүүсү менен биротоло коштошуп жаткансып, мени кайрадан бооруна кыса кучактап алып, шолоктоп ыйлап жатты. Биздин муң зарды асмандан кудайым көрүп жашып кеткен сыяктуу нөшөрлөп, жаан төгүп жиберди. Аңгыча болбой тегерегиндеги үйлөрдөн басып келишкен аял эркектер:

-Эмне короодо суу болуп турасыздар, куда, кудагый үйгө кириңиздер,— дешкенде кууп келген ага жеңебиз иштин чоо жайын түшүнүшкөнсүп, үйдү көздөй басышты. Алардын артынан үйгө мен да кирдим.

Мен көп балалуу, орточо жашаган үй-бүлөдө чоңойгонум менен, үйдүн ичи мага өтө эле жупуну көрүндү. Бөлмөнүн оң жак булуңунда идиш аяк коюулган шкаф, андан өйдөрөөк кичинекей терезе, эски пардосу менен жанында көшөгө тартылып турат. Төр жагында эски туш кийиз, сол жак капталында плита, бери жагында ички бөлмөгө кирүүчү эшик, жерде эски кийиз, эски жер төшөктөр салыныптыр. Ички бөлмөнүн оң жак капталында жууркандар жыйылган кроват, тамдын боорунда эски туш кийиз, сол жак капталында терезе пардоолору, жерде деле анча жакшы эмес кийиз, жер төшөктөр, болгон оокаттары ушул экен. Ушуларды көрүп бала болсом да ичимден, “эми эжем ушул үйдө кантип жашаар экен” деген ойго келип, эжеме болгон айо сезимим күчөдү. Ошол убакта менин ойумду бир нерсе алагды кылып жатты. Ал “жездем кандай адам болду экен, аны качан көрөм”, деп жаткам.

Аңгыча бат эле дастаркон жайылып, үстүнө тамак аштар коюлуп, самоор менен чай даярдалып, бир эки чыныдан чай ичилгенден кийин арактар алынып келинип, стакандарга куюлуп, сунулгандан кийин, тостор сүйлөнүп, эки жашка жакшы каалоолор айтыла баштады. Үйдөгүлөр бака-шака түшүп жайланып отуруп калган кезде, мен жездемди көрүү максатында эшикке чыктым. Жаан да басылып, жайдын күнү болсо да, муздак желаргы жүрүп, күн батайын деп калыптыр. Эжем менин үйдөн чыгышымды күтүп жаткан окшойт, короодо жүргөн экен. Мени көрүп утурлай басып келип:

— Жүрүгой Бекен, тигиндейрээк барып сүйлөшөлү,— деди да бакты көздөй ээрчитип жөнөдү. Бакка барып, арыктын кырына отургандан кийин эжем көздөрүнүн тегерегиндеги мончоктогон жашын араң тыйып, каргылданган үнү менен  — Кагылайын каралдым, мени кудайым шорго малган окшойт, сага жезде болчу неме менден он жаш улуу жүдөгөн киши экен. Үй жайын деле көрүп турбайсыңбы, тың болсо эмгиче аял алып, үй жайын оңдоп албайт беле. Карыган энеси, өгөй иниси бар экен, өзүнөн улуу бир эжеси Ошко турмушка чыгып кетиптир. Жылына бир келсе келип, келбесе эки жылда бир келет экен. Каралашкан жакын тууганы деле жок көрүнөт. Ата-энең болсо катка барган жериңден чыкчу болбо, баягынын кызы эрден чыгыптыр деп элге жаманатты болобуз, эгер чыгып келе турган болсоң топурагыңды түйүп беребиз деп жазышыптыр. Эми эмне кылам, айлам эмне болот, же сүйлөшкөн жигитиме кетип калсамбы. Ал мени алакачканын угуп бирөөнөн “сенден ажырагым келбейт турмушка чыксаң деле мейли Караколго келгенде баары бир алып кетем”, деп кат жазып берип жибериптир. Эми эмне кылам?— деп мени караганда, араң турган көздөрүмдүн жашы чубуруп кетти. мен эжемдин көз жашын көрүп, ыйлап жиберип.

-Эжеке эгер жактырбасаңыз үйгө барбай эле Караколдон квартира таап алып жашай бербейсизби. Мен чоңойгондо Караколго келип окуганда, сиз менен чогу жашап, сизге эч кимди тийгизбейм,— дегенде, эжем өзүн кармай албай калды окшойт.

-Кагылайын каралдым, сен чоңоюп калганда эмне, азыр кичинекей болуп жатпайсыңбы. Чоң болгондо эч кимге тийгизбээриңе ишенем. Бул жерден кетсем ата-энең карабай койгону аз келгенсип, эрден чыккан кыз атыгып жаман атты болом го. Кантейин тагдырыма баш ийгенден башка аргам жок окшойт,— деп кайрадан шолоктоп ыйлап кирди. Эки бир тууган армандарыбызды айтышып, ал жерде көпкө отурдук. Эжем буга чейин тагдырына баш ийбей аткан болсо, эми гана башын ийип, ыйлап да, айтчу сөзүн айтып бүттү көрүнөт, бугу чыгып көксөөсү суудубу, үн сөз жок мени бир топко ойлуу тиктеп отуруп, — Жүрү Бекен, үшүп кеттиң окшойт, үйгө кирели,— дегенде, мен:

-Эже мага жезде болчу кишини көрсөтөсүзбү?— дедим. Эжем:

-Макул, өзүң байкап көрчү, кандай киши көрүнөт,— деп ары жактагы бактын түбүндө карта ойноп отурган төрт беш кишинин арасындагы отуз жаш курагына барып калган, жапалдаш бойлуу, арыкчырай, кебете кешпири абышкага окшогон кишини көрсөткөндө, биз адеп кирип келатканда короонун ортосунда турган киши экенин таанып, аны, алганы жаткан күйөөсүнүн атасы экен деп ойлогонумду эстедим да, эжемди капаланткым келбей, көңүлүмө жакпаса да, ойумду жашырып

-Ырас эле киши көрүнөт,— дегеним менен ичимден абдан капаланып калдым.

Үйгө кирсем, үйдүн ичиндегилер эч нерсе менен иштери жок, өздөрүнчө бакылдашып арак ичип отурушуптур. Ал түнү кууп келгендер, түндүн бир оокумуна чейин конок болуп, кеч жаттык.

Эртең менен бөлмөдө чогу жаткандардан эртерээк туруп тышка чыксам, күн аркан бою көтөрүлүп калыптыр. Эжем самоор коюп жүрүптүр. Эжем менен учурашсам эжемдин кабагы бүркөө экен. Салкын, көңүлкош алик алды. Мага эжемдин мүнөзү, өңү башы бир түндө эле өзгөрүп кеткендей сезилди. Биз эртең мененки чайларыбызды ичип жолго камынып чыкканча, күн түш болуп кетти. Бизди Бекболот жездем баштаган үч жигит автобус токтоочу жерге чейин узатып келишип, автобуска салып жиберишти. Мен келе жатканда кандай капаланып келсем, өз үйүмө кетип баратканда да ошондой эле капаланып жүрүп отурдум.

Эжемди төркүндөрү кеткенден үч күн өткөндөн кийин Жылдыз менен чогу Каракол шаарындагы окууларына Бекболот жездем менен Уркалый узатып барышып, үйлөрүнө кайра кетишиптир. Эжем канчалык Жылдызды жек көрүп калса да, андан башка өздөрү менен чогу окуп, бирге жашаган эки жолдош кызынан бөлүнүп кете албай, мурдакы квартирасында чогу жашап калышат. Эжем канчалык башкаларга сыр билдиргиси келбесе да, сабыры суз болуп, кабагы ачылбай, окуусуна барып келгени болбосо, эч жака чыкпай жанындагы жолдош кыздары менен да мурдагыдай ачылып сүйлөшпөй калат. Анын антип жүргөнүн көргөн жолдош кыздары аны аяп, ага жакшы мамиле кылышып, көңүлүн көтөрүүгө аракет кылышса да, алардан өзүн оолактатып, кыска жооп берип, же алардын сунушун кабыл албай, көз көрүнөө өзгөрүп, мурункудай болбой өз боюна карабай жүдөп кетет. Окуусун да жакшы окубай барды келди болуп, келечегинен үмүтү үзүлгөн адамдай, ар нерсеге кайдыгер карап, кош көңүл мамиле жасачу болгон.

Жылдыз болсо күйөөгө чыкканына кубангансып мурдагысынан да ачылып, жасанып түзөнүп, телегейи тегиз адамдай болуп, болоор болбос нерсеге шарактап күлүп, тамашакөй шайыр келинге айланып, сабагынан келгенде жатаканага көп турбай көчөгө чыгып кетчү болгон. Ал тургай бир жума өтүп өтпөй мурунку сүйлөшкөн жигити Сапар менен табышып алган. Аны менен жакындашып алгандан бери, кээ бир күнү жатаканасына келбей, башка жака түнөп калчу болгон. Бир күнү Жылдыз, эжеме:

-Сен эмне мынча капаланасың, көңүлүңдү чөгөрбөй жаш кезде ойноп күлүп алсаңчы. Эсен сага жолугат элем деп эле жанымды койбой, сени ала кел деп, эртең кечкиге ресторанга Сапар үчөөбүздү чакырып жатат. Жүрү барып келели, биздин ресторанга барганыбызды ким билмек эле. Уркалый менен Бекболотту бизди ала качып ал дедик беле,— дегенде, эжемдин ачуусу келип:

-Ай Жылдыз, эмне деп жатасың! Мени Бекболотко ала качып берип, багыма балта чапканың жетишет. Барсаң өзүң бара бер, мени өз жайыма кой!— деп уруша кеткен.

Арадан эки үч күн өткөндөн кийин эжем окуусунан чыгып, жаткан үйүн көздөй баратса, жолдо Эсен күтүп турган экен. Бурулуп кетээрде утурлай басып келип, алдынан тороп.

-Жамалбүбү менден эмне качасың. Алдыда кандай гана кыйынчылыктар болбосун моюн сунбай, баш кошуп, түбөлүк бир болобуз дечү эмес белек. Ошол сөздөрдү унуттуңбу,— дегенде эжем ичинен канчалык Эсенди жакшы көрүп, ал тургай арыз муңун айтып ыйлап, кучагына жыгылгысы келип турса да өзүн кармап.

-Эсен, кыйынчылыктарга мен туруштук бере албай калдым. Мени кечир, өз теңиңди таап бактылуу бол. Мени чындап сүйүп бактылуу болсун десең экинчи жолукчу болбо,— дегенге араң эле жарап, тескери бурулуп басып кетет. Эсен эч нерсе дебей жалдырап тиктеген боюнча калып калган. Эжем болсо жатаканасына жетээр жеткенче ыйлап жүрүп отурган. Ошол бойдон Эсен менен жолугушкан эмес. Дем алыш күндөрү Жылдыз айылга күйөөлөрүбүзгө барып келели десе да болбой жатаканасында калып калчу.

Ошентип жүрүп эжемдер эки айдан кийин окууларын бүтүп, турмушка чыккан жерлерине кетишет.

Эжемдин кайын атасы Окен, убагында колунан көөрү төгүлгөн уста зергер киши экен. Ал, бир кыздан кийин эркек балалуу болбой кудайга зар ыйлап “мага жок дегенде эркек деген аты бар, буту менен басып, мурду менен тынган ордумду басарга бир тукум бере көр” деп, тилек кылып жүрүп, ушул Бекболот жездемди көргөн экен. Окен устачылык кылып, колунда бардар болуп эки баласын багып чоңойтуп жатканда согуш маалы экен. Бир күнү түн ичинде бакканга шайманы келбей же никесиз төрөлгөн бала болсо керек, эркек баланы эшигинин алдына таштап кетиптир. Эртең менен туруп эшикке чыгышып, жалаяка оролгон кызыл эт баланын ыйлап атканын көрүп, Бекболотум жалгыз болбосун деп багып алышат.

Согуш жаңы бүткөн жылдары Окен карылыгы деле жетсе керек, оорудан каза болуп, кемпири Аян үч баланы жалгыз бой жүрүп, багып чоңойтуп, улуу кызын чоң окуудан окутат. Кийин ал кызы Оштук жигитке күйөөгө кетет. Аян карып калып алдан күчтөн тайыган кезде үй бүлөнү багуу түйшүгү Бекболотко жүктөлүп, мектепти окуй албай, карыган энеси менен инисин багып калат. Анын үстүнө Бекболот атасы кудайдан тилеп алгандай, чөптөн башкага зыяны жок, өтө эле жоош болуп, эч ким менен иши болбой өз алдынча жүрө берген, көп сүйлөбөгөн, бир сырдуу адам болуп чоңоёт. Ал атасынан тарбия көрбөй калгангабы, энесинин жаса дегенин жасап, энесинин айтканы менен болуп, өз алдынча оокат кылганды билбей өсөт. Иниси Темирболот агасынын жооштугунан пайдаланып, сен өгөйсүң деген бузукулардын сөзүнө кирип, энеси менен Бекболотко баш бербей, өз алдынча чоңоюп алгандан кийин “шаарда иштейт элем” -деп басып кетет. Эжеси болсо анда-санда бир каттап, аларга жардамы деле тийбейт. Эми Жамалбүбү келгени мурда каралашпаган туугандары, чогу окуган Бекболоттун теңтуштары келип, үйлөрүнө кишилер кирип чыгып калды.

Жамалбүбү тагдырына баш ийип отуруп калгандан кийин бир чети карыган кайын энесин аяса, бир чети күйөөсүн аяп, бүт оор түлүк түйшүктү өз мойнуна алып, белин бекем бууп, эл катары жансактоо үчүн намыстанып ишке киришти. Тышка чыгып эркектин, үйгө кирип аялдын жумушун жасап, бат эле айылдагы элдин оозуна алына баштады. Күндөн күнгө турмуш тиричиликтери оңолуунун үстүндө болду. Жамалбүбү бала күнүнөн оор түйшүк тартып чоңойгондуктан, жасап көнгөн жумуштарын кабагым кашым дебей жасап, келечекке чоң үмүт кылып, турмуш менен жекеме жеке күрөшүүгө аттанды.

Жылдыздын күйөөсү Уркалый балдардын кичүүсү болуп, ата-энесинин колунда эркелеп, кийбегенди кийип, ичпегенди ичип чоңойгон, өз жанына тың жигит болчу. Агалары өз алдыларынча үй жайлуу болушуп, аял алып бөлүнүп кетишкенден кийин атасы жакында эле каза болуп, карыган энесинин колунда ата энесинин бар байлыгын ээлеп калган. Жаңы салынган төрт бөлмөлүү үй, короо жайы менен, мал десе малы, мүлк десе мүлкү толтура болуп, бир айылдын байларынын катарында болчу. Бир тууган агалары жерге-жээги каралашып, колдон буттан алып турушчу. Өзү да шоопурдун окуусун окуп бүткөндөн кийин колхоздо шоопур болуп табылгасы жакшы эле. Жылдыз даяр оокат жайга келип, эрке келин болуп калды. Жылдыздын төркүнү жакынкы айылдардан болуп, ата-эне бир туугандары бардар жашап, бардар жердин кызы болгондуктан, бир жагынан алар бат баттан катташып, кийим кече тамак-аштын түрлөрүн өксүтпөй алып келип берип турушчу. Жылдыздын телегейи тең болгондуктан, төрт тарабы кыбыла болуп, кийбегенди кийип, ичпегенди ичип, жасаарга иши жок, жаштыктын дооранын сүрүп турган убагы болчу.

Уркалый менен Бекболот бир чети тууган, бир чети Уркалый кичүү болсо да, чогуу чоңоюп, теңтуш сыяктуу болушкандыктан, ортодо кандай ич күйдү болсо да бириникине бири барып, үйлөрү маңдай тескей болгондуктан, бат баттан катташып турушчу. Уркалыйдын үйүндө баары даяр болуп конок үйүндө элдикинде жок түстүү телевизор, стенка, жумшак мебелден баштап, тамак-ашына чейин шайма-шай болуп тургандыктан, алар үчүн Бекболот менен Жамалбүбүнү чакырып тамак берүү оңой турчу. Ал эми Болотбек менен Жамалбүбү тигилерди чакырып, тамак берээрде кыйналышканын сураба, жада калса алдыларына салганга оңураак алтыгаты жок, тамак-ашында андан мындан карыздап, энесинин пенсиясынын эсебинен карыз болуп жатып араң камдашчу.

Бекболот колхоздо сугатчы болуп иштегени менен эмгек акысына айына жыйырма отуз сомдон араң алчу. Калган акчаңарды жылдын аягында буудайлай аласыңар деп колхоз кармап калчу. Алар антип кыйналып камынгандары аз келгенсип Уркалый менен Жылдыз конокко келишкенде чыйрыкташып, даярдаган тамактарын оң жешпей, биз мындай ишчүбүз, тигиндей жечүбүз дешип эски жер төшөктөргө отурушкандан кийимдери булганып калчудай болуп, жийиркенишип жалпак отурушпай, коомайланып чыга кашчудай болуп отурушуп, тезирээк чыгып кетүүгө аракет кылышып, аларга жасаган сыйларын татытышчу эмес. Бекболот менен Жамалбүбү Уркалыйдыкына барганда жумшак диванга жайланышып отура алышпай, алар да коомай отурушуп, столдун үстүндөгү дүр-дүйүм тамактарды канчалык жегилери келип турушса да, ачка жүргөн немелердей болуп жулунуп жулкунуп жеп кетишти дешеби дегендей болуп, батынып жеп иче алышпай өздөрүнчө басынып, корунуп отурушчу. Алар анткен сайын тигилер өздөрүн жогору сезишип кыйындыгынан, өзүлөрү ушундай турмушка жетишкендей болуп көтөрүлүп сүйлөшчү.
Ансайын Жамалбүбү арданып ошолордукундай турмушка жетсек деп ойлобосо да, алардан кем калбасак экен деп колдо болгон оокаттарын жууп тарап, эски жууркан төшөктөрүн жерге салган жер төшөктөрүнөн өйдө сөгүп, жууп, сабап, кайра каптап, жыртылган жерлерин жамап-жазгап, кайын энеси менен Бекболоттун, өзүнүн кийим кечелерин бат баттан алмаштырып, таза кийинтип, короо жайларынан бери ирээтке келтирип, жаны тынбай оокат кылып жатканын көргөн кайын энеси менен күйөөсү да ага жардам берип, колдон буттан ала башташты.

Аян байбиче менен Бекболотту жокчулук жедеп эле желкесинен басып, баш көтөртпөй, кепке кемтик сөзгө сөлтүк кылып, эл менен аралашпай үй жайларын өз бойлорун караганга алдары жетпей калган окшобойбу. Жамалбүбү келгени Аян байбиче менен Бекболот элге аралашып, сөздөрү чыгып, аларда да жакшы жашоого үмүт пайда болду. Бекболот, чогу окуп чоңойгон теңтуштары менен катышпай жүргөн экен, алар менен катыша баштады. Бирок башынан бала күнүнөн бери келаткан түнт мүнөзүнөн, айдатмалыгынан, маажүрөөлүгүнөн арыла алган жок. Жедеп эле ушул жоруктары ага көнүмүш адатка айланып калган окшойт. Бекболот бирөөлөр сөз баштап сүйлөбөсө, өзү сөз баштап сүйлөбөй, ага бирөөлөр сүйлөсө кыска жооп берип, бирөө муну жаса десе жасап, өз алдынча бир нерсени билип жасабай, айдатма болуп, жумушту арбыта жасабай кыбыр жасап, кыймыл аракети жай болуп, өз боюн тың кармап жүрбөй бүкүрөйүп, абышкадай жүжүрөп, өтө эле маажүрөө болгону менен, бирок анын акыл эси кадимкидей болчу. Кээде сүйлөгөндө чукугандай сүйлөп, ал тургай райондук газетага макала жаза койчу. Аны көргөн Жамалбүбү, Бекболотту жумшаганча, ичи бышып кеткендиктен жумуштардын көпчүлүгүн өзү жасачу.

Жамалбүбү үй жумуштарын жасаган менен жалгыз Бекболоттун тыштан таап келгенине, өнүгүп кетишпесине көзү жетип, күз келгенде колхоздун канторуна барып кесиби боюнча иштейин деп иш сураса, бухгалтердик орун бош эмес болгондуктан, колхоздун талаа станына механизаторлорго тамак жасап берүү үчүн поварлык кызматка орношту. Ал жерде иштеген эки повар аялдын бирөө декретный отпускага кетип, бир орун бошоп, киши таппай, бир аял жалгыз тамак жасап жетише албай жатыптыр. Жамалбүбү эртеси күнү эле жумушка чыкты.

Учурда жер айдалып түшүм жыйналып иштин кызуу жүрүп жаткан учуру болгондуктан, талаа станында тамак ичкен механизаторлор көп болуп, жетимиш сексендей киши тамак ичишчү. Ошолорду үч маал ысык тамак, суусундугуна жарма жасап тамактандыруу эки аялдын мойнунда болчу. Печкага нан жабышып, кемегеге от жагып, тамак, жарма жасашчу. Отун жарып, суу ташуу да өз мойундарында болчу. Талаа станы айылдын четинде, Жамалбүбүлөрдүн үйүнөн бир жарым километрдей аралыкта болчу. Түндөн туруп басып барып, от жагып тамактарын жасаганча иш башталаар убакыт болуп кеткендиктен, эртең мененки тамактарына араң эле жетишишчү. Механизаторлор кечки тамактарын ичип бүткөнчө күүгүм кирип кетип, үйлөрүнө түн катып барышып, таң эртенден түнгө чейин иштегени аз келгенсип, түндүн бир оокумуна чейин үй бүлөөсүнүн кир кечелерин жууп, үй жайларын жыйнап тазалап коюп жатчу.

Ошонтип жанталашып иштегени менен үй бүлөөсүнүн жеген ичкендери кенен болуп калды. Тамак ашка кеткен чыгымдарды экономдоп өзүнүн, Бекболоттун эмгек акыларын, кайын энесинин пенсиясынан өйдө чогултуп, кеч күздө төркүндөрүнө, ата энесинин алдына барып, кайра аларды чакырып, эшик төрүн көргөзүп, баталарын алды. Ата-энеси себин кошо ала келишкен экен, үйлөрүнүн ичи эмереке толуп эле калды. Кыштай Жылдыздар менен болобу, телитеңтуш туугандары менен болобу, тең ата болушуп, барышып-келишип калышты. Турмуштары оңолуп калганы менен материалдык жактан жарды болгонго караганда, жан дүйнөнүн жардысы жаман дегендери чын бекен, Жамалбүбүнүн жан дүйнөсүнүн кемтиги толбой, Бекболоттун ага оңураак көңүл бурбай эркелеткенине алым сынбай жүргөн.

Ал кыштын узун түндөрүндө көз ирмебей ойлонуп, ушул түндөгүдөй уктабай таңды атырган күндөрү болгон. Бул түнү да эч нерседен бейкапар жаш баладай мышмыйып уктап жаткан Бекболотту көрүп, ага кыжыры келди көрүнөт, аны көргүсү келбей тескери оодарылып жатып, адаттагыдай ойго чөмүлүп кетти. Адегенде анын оюна жакшы түш сыяктуу өтүп кеткен Караколдогу адеп жаңы окууга кирип окуп жаткан күндөрү, андан кийин Эсен менен алгачкы жолу таанышып, сүйлөшүп жүргөн күндөрүн көз алдынан чубатып өткөрүп, өмүр бою эсинде калып калгандай болуп дайыма эстеп жүрчү. Эсен, Сапар, Жылдыз болуп Жети-Өгүз курортуна баргандарын көз алдына келтире баштады. Анда Эсен экөөнүн сүйлөшө баштаганына эки айдын жүзү болуп калган. Мурда ал экөө жолугушканда шаар кыдырып кинотеатрларга барып, шаардан чыгышчу эмес.

Бир күнү адаттагыдай эле кечкисин Эсен, Сапар, Жылдыз болуп төртөө индийский киного барышат. Индиянын киносун тоолорсуз, сүйүүсүз, жаансыз элестетүү кыйын эмеспи. Ал кинодо да эки дос сүйлөшкөн кыздары менен аппак кар баскан тоолорго чыгышып эс алып жүрүшөт. Ошол кинонун таасиринен уламбы бир убакта Эсен беркилерге шыбырап:

— Келгиле эртең биз дагы Жети-Өгүз курортуна барып, тоолорго чыгып келели. Карагылачы бул жердеги тоолор да биздин тоолорго абдан окшош экен,— дегенде Сапар менен Жылдыз ошол замат:

— Барса эмне экен, бизге тигилерчилеп эс алып келген жарашпайт бекен,— дешип коштоп кетишет. Баары бир тарапта болуп калганын көрүп, Жамалбүбүнүн баргысы келбесе да, айласыздан макул болот. Кинодон кийин эртеси эртең менен чогулчу жерди, убакытты болжошуп, тарап кетишет.

Эртеси эртең менен айтылган убакта болжошкон жерден жолугушуп, төртөө Жети-Өгүз курортуна жөнөп кетишти. Жети-Өгүз курортуна келип, түндөгү кинодогудай окшош тоолорду көрүп, кадимки кинодогу сүйлөшкөн жаштардай болуп, эки экиден кол кармашып, тоого чыга жөнөштү. Эсен учкучтун окуусун бүтүп, спорт менен машыгып жүрсө керек, өзү да узун бойлуу, чымыр жигит болгондуктан, Жамалбүбүнү колунан жетелеп, карды жиреп, карагайларды аралап, алдыга жөнөгөндө Жамалбүбү да бала чагынан тоодо өскөндүктөн, ал да Эсенден кем калышпай басып, Сапар менен Жылдыздан алдыга оозуп кетишти.

Кыштын да мемиреген жылуу жакшы күндөрү болот эмеспи, күн ачык болгондуктан, жыпжылуу болуп айланадагы бой тирешкен биринен-бири бийиксинип, сулуусунган жапжашыл карагайлар, көпкөк болгон асман, жер бетин каптаган аппак кар, таза аба бирине-бири төп келишип, жаратылыштын сулуулугу артып турган кези эле. Ансыз да бири-бирин сүйүп, биринен-бири көзүн алалбай жакшы көрүшүп, эт жүрөктөрү эзилип турган эки жашты айлана чөйрөнүн сулуулугу коштоп, тилектештиктерин билдирип турушкансыса, аларга мындан артык эч нерсенин кереги жоктой, дүйнөлөрү түгөл болуп, көңүлдөрү көтөрүлүп чыкты.

Эсен дагы эле алдыда Жамалбүбүнү жетелеп бараткан. Карагайларды аралап өтүп, ачык жерге келгенде чокуга аз эле калышкан. Сапар менен Жылдыздын караандары жок. Жамалбүбү чарчадыбы же Жылдыздарды күтөлү дедиби.

-Эсен токтоп эс алып, Жылдыздарды күтпөйлүбү,— дегенде Эсен токтоп экөө отура кетишти. Эсен алдыга Жамалбүбүнү жогору карай жетелеп чыгып келгенге, жаагынан ылдый тер куюлуп тердеп кетиптир. Ал аппак кардан алып бетин жууй баштаганда, Жамалбүбү тура калып, кардан чоң уучтап, Эсендин койнуна салып жиберип качып жөнөдү. Эсен “эх”— деп ичиркенип алып койнундагы карды күбүп, түшүрүп жиберип, Жамалбүбүнүн артынан кууп жетип, карга баса жыгылганда, Жамалбүбү коркуп кетип.

-Тур эле тур,— деп жанталашып төшкө койгулап жиберди. Эсен тура калып Жамалбүбүнү колунан тартып турууга жардам берип жатып:

-Жакеним эмне мынча коркуп кеттиң, же сен мага ишенбейсиңби?— дегенде Жамалбүбүнүн дагы эле таарынганы жазылбай.

-Сен аябай олдоксон экенсиң. Сени менен өйдө чыкпайм, жүрү кайра Жылдыздарга баралы,— дегенде, Эсен:

-Мына чокуга аз эле калды ушунча чыгып алып кайра түшөбүзбү. Жүрсөң эми чокуга чыгып, андан кийин кайра түшөлү,— деп жалооруй караганда Жамалбүбү коркуп калса керек.

-Мен эми мындан ары барбайм. Менин тилимди алсаң Жылдыздарга баралы,— деп болбой койду. Эсен чокуга чыккысы келип турса да, Жамалбүбүнүн көңүлүн кыя албай макул болууга аргасыз болуп:

-Жакен сен чарчаган окшойсуң, мен сени жөн бастырбай көтөрүп алайын деп карылуу колдору менен кучактай кармап, жаш баладай көтөрүп мойнуна салды да, ылдый карай басып жөнөдү. Жамалбүбү Эсендин күчтүүлүгүнө бир чети таң калса, бир чети ал жанында жүргөндө ага эч ким тийише албачудай, дүйнөдө анын жигитинен күчтүү адам жоктой болуп, ырахатка батып, Эсенинин мойнунан кучактап баратты. Алар келген жолдору менен ылдый түшүп, Сапар менен Жылдызды таппай коюшканда жарылган жүрөккө бармак болушту.

Жети-Өгүз деп аталып калганы, курорттун аягында кыдырата тизилген жети тоо бар болчу. Аны уламышта бир байдын жети торпогу жоголуп кетип, бир топ жылдан кийин издеп тапса, жети торпогу чоңоюп өгүз болуп катып калыптыр, деп айтылса, жарылган жүрөктү уламышта сүйүшкөн эки жаш бири-бирине кошулбай калышканда, кайгыдан тоо жарылып кетип, жарылган жүрөккө окшоп калгандыктан, “жарылган жүрөк” деп аталып калыптыр дешчү.

Ошол жарылган жүрөктүн жанына барып, Эсен менен Жамалбүбү өздөрүнчө кыялданып, келечек жөнүндө сүйлөшө башташканда, Жылдыз байкатпай чыга калып.

-Баа!— деп кыйкырып экөөнүн ортосуна тура калды. Эсен менен Жамалбүбү чоочуп кетишип, эки жака басып кетишти. Көрсө Сапар менен Жылдыз мурда эле келишип, экөөнүн келе жатканын көрүп, жашынып, сөздөрүн тыңшап турушкан экен.

Жамалбүбүнүн эсине ошол күнкү окуялар түшкөн сайын эмне үчүн чокуга чыкпай койгонун, эмне себептен жарылган жүрөккө барганда Жылдыз, экөөнүн сөздөрүн бөлүп жибергенин ойлоп, эгер ошондо чокуга чыгышып, келечек жөнүндө сүйлөшө баштаган сөздөрүн аягына чейин сүйлөшкөнүбүздө, Эсен экөөбүз баш кошуп, бактылуу жашамак белек. Ошондо да Жылдыз жолтоо болбоду беле, деп ойлонуп жатты. Аягында Жылдызга ачуусу келип, менин убалыма Жылдыз калды, кудайга койдум,— деди да адаттагысындай таңга маал уйкуга кетээринде киндигинин туурасынан муштумдай нерсе жыйрыла түшкөндө, жүрөгү опкоолжуй түшүп, бул бала го, балалуу болот окшойм. Мен эмнелерди ойлонуп жатам, бактылуу болот турбаймынбы. “Аялдын бактысы бала” деп коюшат эмеспи, мага мындан чоң бакыттын эмне кереги бар, деп кубангандан жүрөгү жарылып кете таштап, эми кийин баласы жөнүндө ойлонуп, аны элестетип, ар түрлүү кыялдарга чөмүлө баштады.

Бир убакта чоочуп кеткен адамдай болуп, селт эте түшүп, мен бул кабарды эмне үчүн Бекболотко айтканым жок, деп шаша-буша оодарылып, күйөөсүн караса, ал дагы эле мамырап уктап жаткан экен. Эмнегедир Жамалбүбүгө күйөөсүнүн өңү мурдагыдан өзгөрүп калгандай болуп, ага жакшы көрүндү. Ал мурункунун баарын бир заматта унутуп, күйөөсүнө мээримин салып жылмая карады. Акырын чекесинен сылап:

-Бокен ойгончу. Мен сага бир жакшы кабар айтайын деп жатам,— деди. Бекболот ойгонуп көзүн ачса, аялы чекесинен сылап, жылмайып тиктеп турган экен. Ал мурда аялынын мындай мамиле кылганын көрбөгөнгө, таң калып эмне кабар дегендей болуп тиктеп калганда, Жамалбүбү -Сүйүнчү биз жакында балалуу болот экенбиз,— деди. Бекболот:

-Жакшы кабарың ушулбу,— дагы эмне айтасың, дегендей, тиктеп тура берди. Анын унчукпаганына ичинен кыжыры келгени менен аны таарынтып албайын дегендей кылып, унчукпастан мурунку калыбындай оодарылып кетти. Жылмайган боюнча кубанычы койнуна батпай жакшы кыялдарга чөмүлүп жата берди. Ушундан улам аялзаты кечиримдүү, боорукер эң назик болуп, бала үчүн өз жанын курмандык кылуудан кайра тартпагандыгынан, дүйнөдө ушундай аялдар болгондуктан, “бейиш эненин таманынын алдында” делгени бекеринен болбосо керек.

Ошол күндөн баштап Жамалбүбүнүн жүзүнө күлкү уялап, мурдакы калыбына келип, ачылып сүйлөп, келечегинен чоң үмүт кыла баштады. Убакыт өткөн сайын курсагы чоңоюп, ага карабай жаз келип, талаада жумуш башталаары менен талаа станына барып, механизаторлорго тамак жасап, мурдакы ишинде иштей баштады. Бекболот да мурдакыга караганда тыңыгансып, жеңил желпи жумуштарды сугаттан келгенде жасай койчу болду. Аян байбиченин: “неберемди көрөт экемин”— деп кубанганын айтпа, ал кишиге да дем күч кошулуп, “Жамалбүбү жумушунан чарчап кеч келет”,— деп тамак жасап, үйүн жыйнап койчу болду. Кайниси Темирболот, үйдөгүлөрдүн жакшы жашап калганын айылдаштарынан укса керек, ал дагы училищадан окуп келдим деп келип, колхоздун гаражында иштей баштады.

Ошентип болочоктогу баланын шарданы менен бир үй-бүлө кайра чогулуп кубаттанып калышты. Жамалбүбү жайлата иштеп, күзүндө декретке чыгып, үйүндө болуп кеч күздө аман-эсен көз жарып, уулду болушуп, атын Жыргалбек коюшту.

Үй бүлөөнүн сүйүнгөнүн айтпа, кичинекей наристени улам бирөө көтөрүп, жерге коюшпай багып жатышты. Келдим-кеттим көбөйүп калгандыктан, баланы көрүп, жентектеп келип жатышты. Сүйүнчүлөп телеграмма жиберишсе Бекболоттун Оштогу эжеси Темиркан да күйөөсү менен келип, келини менен инисин көрүп, көңүлдөрү жайланып кубанып кетишти. Жамалбүбүнүн төркүндөрүнөн ата-энеси менен Бекказы келип кетишти. Иши кылып уккандын баары Бекболот жашы өтүп калганда уулду болгонуна, мурда катышпай кетишкен жээк жаатынан бери келип жатышты. Ошентип келгендер жазга чейин үзүлгөн жок.

“Жакшылык менен жамандык жанаша жүрөт” дегендей Аян байбиче жаз чыгаары менен ооруп калып, дүйнөдөн өтүп кетип, Бекболоттун үй-бүлөсү жетимсирей түшүштү. Жамалбүбү баладан чыга албай үйдө отуруп калып, Бекболот менен Темирболот колхоздон иштеп таап келип жатышты. Жайлата энесинин сыйнатын жасашып, кыркы, эстелиги, ашы дегендей иштерди өткөрүү менен алек болуп жатышып, кыштын кирип келгени да билинбей калды.

Жыргалбек бир жашка чыкканы менен буту басмак турсун, турууга аракет жасабай, отурганы болбосо өз маалындагы балдардан кеч жетилип жатканын көргөн ата-энеси, баланы көргөндөр атасындай жоош болгондуктан ушундай болсо керек деп ойлоп жатышкан. Убакыт өткөн сайын баланын ден соолугунан шек санагандар көбөйө баштады. Жамалбүбү да жүрөк заада болуп, баласынын оорукчан экенин сезсе да ишенгиси келбей жүрдү.

Жаз келип бала бир жарым жаштан өтүп калганда дагы эле баса элек болуп, аң сезими өспөй кыймыл-аракети аз болгондо гана баласынын оорукчан экенине толук көзү жетип, ишенүүгө аргасыз болду. Ичинен өз алдынча бушайман болуп, санаа тартканы менен, “ичтен чыккан ийри жылан” эмеспи элге шек билдирбей, багып чоңойто берди. Ошол эле учурда жазгы айдоо себүү жумуштары башталганда, колхозго чыгып, мурдагы иштеп жүргөн ишине чыкты. Эми мурдагыдан да түйшүгү көбөйүп, Бекболот сууга чыккан убакта баласын жумушуна ала барчу болду. Мурдагыдай эле жумушунан түн катып келип, түндүн бир оокумуна чейин үйдүн жумуштары менен алек болчу болду. Кеч күздө колхоздун жумуштары аяктагандан кийин үйүнүн жанына төрт бөлмөлүү чоң үйдүн фундаментин түптөштү. Ошондо да өзүнүн аял экенине карабай, цемент алып келип, таш кумдарын түшүртүп, апаловка, усталарды таап, ишти уюштуруп, күйүгүп-бышыгып, жанын сабап иштеп жүрдү.

Ошол эле учурда өзү курактуу Жылдыз дагы эле эчтеке менен иши жок, эч жерде иштебей күйөөсүнүн тапкан ташынганын кайын ата, кайын энесинин жыйган тергендерин четинен коротуп, эркелеп, кайын энесине үй жумуштарын жасатып коюп, ак кол келин болуп, эркелигин дагы эле коё элек болчу.

Келгенине үч жылдан өтүп калса да боюна боло элек эле. Анткен менен Уркалый оюнан чыкпай кийбегенди кийгизип, ичпегенди ичирип, көзүнүн кареги менен тең айланып турчу. Ага карабай Жылдыз эки жака көп басып Уркалыйга билгизбей, көзүнө чөп салып, көрүнгөн жигиттер менен жүрүп кеткен. Кийинки кездерде ичкиликти да көбүрөөк иче баштаган. Жамалбүбүгө жолукканда дагы эле теңсинип сүйлөгүсү келип, чоёктой баштаганда Жамалбүбү көзүнө тике карап:

-Эй, Жылдыз, койчу сен,— деп уруша кеткенде, жалтактап көзүн ала качып унчуга албай кайра жагалданып эмне кылаарын билбей калчу. Анын анткен себеби Жамалбүбү анын туура эмес жүргөндөрүн башынан бери билгендиктен, “уурунун аягы кууш” дегендей уруша кетсем, айтып жиберсе, абийирим ачылып калат деп корксо керек. Жамалбүбүнүн эч жеринен айып таба албаганынан улам, анын алдында өзүнүн күнөөлөрүн сезип, балким “адамга өзүнөн күчтүү акыйкат сот жок” деп айтылгандай, өзүн соттоп жүргөндүктөн өзүнүн пастыгын билип, унчуга албай жаткандыр. Уркалый да аялына кошулуп, көп ичип, өз боюна жакшы карабай, жумушунан да оңчулуктуу иштебей, “аял жакшы, эр жакшы” дегендей аялынын жаманатты болуп жүргөнүнөн уламбы, элге кадыр баркы кете баштады. Ал мурда Бекболотту теңтушундай атынан айтып тентуш болгону аз келгенсип, дайыма кемсинтип сүйлөчү эле. Эми андан көп сөз талашпай аба деп эсептешип калчу болду.

Жыргалбек экиге чыкканда араң басып, дагы эле кыймыл аракети аз болуп, тили чыга элек болгондуктан, Жамалбүбү баласынын оорукчан экендиги менен аргасыздан элдешүүгө туура келди. Бирок дагы боюнда болуп калгандыктан, “мунум оң болсо экен”— деп эми анысынан үмүт кыла баштады. Кышында колхоздо жумуш азайып калгандыктан, колхоздун коюнун тууту башталып, Бекболот сакмалга барганча, үй жайларын Темирболот кайнисине көздөтүп коюп, Жамалбүбү менен Бекболот айлапаларга барып жерге жээк ага туугандары менен катташып турушкандыктан, жакында эле Жамалбүбүнүн төркүнүнө барып келишкен.

Жамалбүбүнүн ата-энеси Жамалбүбү күйөөгө чыгып, экинчи кызы окуп кеткенден кийин колхоздун малын өткөрүп берип, жайкысын элдин жеке менчик койлорун багып, кышкысын айылдагы үйүндө болуп, энеси оорукчан болгондуктан, эч жерде иштебей үйдө балдар менен болсо, атасы колхоздун ар кайсы жумуштарынан иштеп жүргөн. Өзүнөн кийинки сиңдиси да Караколдо өзү окуган окууда окуп жүргөндө, өзүлөрүнүн айылынан эле бирөө алакачып алып, анын тоюна катышып келишти. Инилери чоңоюп улуу иниси Фрунзеде чоң окууда окуп жүрсө, кичүү иниси Бекказы быйыл онунчу класста окуп жатыптыр. “Болоор уул богунан” дегендей бала күнүнөн зээндүү болгондуктан, ата-энесинин колуна кол, бутуна бут болуп, жардам берип, эки бөлмөлүү үйүнө дагы эки бөлмө улап, короо сарайларын жаңыртып салып, жашоо турмуштарын оңдоп алышкан. Бекказы абдан эле токтолуп, өз боюн таза алып жүрүп, чоң кишилердей сүйлөгөн сөздөрү орундуу болуп, жакшы чоңойду. Андан кийинки бөбөктөрү удаа болушкандыктан, бирине сала бири чоңоюп мектепке окуп жатышкан. Жамалбүбүнүн төркүнү жакшы жашап жатышкандыктан, алардан санаасы тынч болгону менен, өз үй бүлөсүнүн түйшүгү ага жетиштүү эле.

Бирине тартса бирине жетпей, жанталашып үй жумуштарына да тыш жумуштарына да жетишип, жакшы иштеп жүрүп, эл арасында кадыр-баркы жогорулап, колхоздун чоңдорунун ишенимине да кирип алгандыктан, өзү иштеген талаа стандагы тоют базында кышкысын корукчу болуп орношуп алган. Ал жерде жашай турган үй болгондуктан, кышкысын үй бүлөөсү менен көчүп барып, тоют базын кайтарышып, күндүзүн күйөөсү экөө ал жерде иштей башташты. Жаз келгенде мурдаагы жумушунда механизаторлорго тамак жасаган жерде иштеп жүрүп, жайында декретный отпускага чыгып, күзгө жуук Ырахат деген кыздуу болду. Талаа станы менен тоют базы бир жерде болуп ошол жерде жашап туруп калышкандыктан, эки колун бооруна алып, тыңып алгандан кийин, күзгү айдап себүү башталганда, кирди чыкты болуп поварлык жумушун аткара баштады. Бир жагынан уста жалдашып чоң үйүн салдырып жатышты.

Кыш келгенде былтыркыдай күйөөсү экөө тоют базында иштешип, эми Бекболот экөө тыным албай жайдыр кыштыр иштеп жүрүштү. Жамалбүбү мурда уулду болгондо кандай кубанса, кызы Ырахат төрөлгөндө да ошондой кубанып, чоңойгондо өзүмө жолдош болуп кеңештеш болот деп жүрдү. Жыргалбеги үчтөн ашса да мурдагы боюнча калып, “чычам, сийем”— дегенди билбей дагы эле тили толук чыкпай, анча мынча эле жөнөкөй сөздөрдү сүйлөчү болду. Ал эми Ырахаты болсо жарым жашка чыкканда эле өз алдынча отуруп, үн чыгарып, эркелеткенде күлүп берип, эрмек болгонго жарап калды. Жамалбүбү кызынын элдин балдарындай өзүнүн маалына жараша чоңоюп келатканын көргөндө, топук кылып, эми калган балдарым да оорукчан болбой оң эле болотко деген ой менен жүрөгү ордуна келип калды.

Кайниси Темирболотко колукту алып беришкенден кийин бөлүнүп кетип, ал үйлүү жайлуу болуп, башка айылда жашаганы менен, анда -анда барышып келишип катташып турчу.

Убакыт билинбей өтүп, күндөн айга, айдан мезгилге, мезгилден жылга айланып, убакыттын өтүшү менен билинбей өмүр да өтүп жатты. Жамалбүбү менен Бекболот мурунку калыптарынан жазбай талыкпай жандарын сабап иштеп, турмуш тиричиликтери оңолуп жаңы сала башташкан чоң үйүн бүтүрүп, ага киргенден кийин, берки балык жон эски үйүн бузуп, кайра ордуна эки бөлмөлүү үй салып, ага да киришип, короо жайларын оңдоп, аш үй, сарайларын да жаңы салып алышып, бирин экин мал күтүп калышкан.

Жыргалбек менен Ырахаттан кийин дагы үч уулду болушуп, баш аягы беш балалуу болушкан. Ырахаттан кийинки уулдарын Ырысбек, Алтынбек, Мырзабек деп ат коюшкан. Ырысбеги да Ырахаттай болуп өз жанына тың болбой, атасындай жоош болгону менен элдин балдарындай дени сак болду. Аны тайата, тайэнеси уулдары катарлаш чоңоюп, бир мезгилде экөө тең армияга кетишкенде, убактылуу эрмек болсун деп багып алышып, ал уулу Жамалбүбүнүн төркүнүндө чоңоюп жаткан. Андан кийинки уулу Алтынбек кеч жетилип, Жыргалбектей болуп оорукчан болуп калса, эң кичүү уулу Ырахатындай болуп өз жанына тың аң сезимдүү тирикарак болуп чоңоюп жаткан. Эки баласы оорукчан болуп мектепте окуй албай, аң сезимдеринин начар болуп калганына өзгөчө Жамалбүбүгө чоң түйшүк жаратканы аз келгенсип, алардын келечегин ойлогондо оор кайгыга батчу болгон.

Жамалбүбү ушул мезгилге чейин балдарынын азабын эле тартпастан, Бекболоттун жооштугунан аялдын милдетин аткаруу менен эле чектелбестен, эркектин милдетин да аткарып, ички тышкы оор түйшүктүн баары мурдагыдай эле өзүнүн мойнунда болчу. Ал тургай жансактоонун айынан күзүндө кырман убагында түн катып коргондорду аралап, үйбүлөсүн багуу үчүн өзү жалгыз эгин уурдап келген күндөрү болгон. Ошол учурдагы бир түнкү окуясы мындай болгон эле.

Кадимкидей эле айсыз караңгы түндөрдүн бири болчу. Эгин себүү иштери кызуу жүрүп жаткан. Мамлекет жылдан жылга өнүгүп, өсүп бара жатканы менен элдин муктаждыгын толук аткарууга жетише элек болгондуктан, айылдагы элдин көпчүлүгү өзүлөрү тапкан эмгек акылары үй бүлөсүн багууга толук жетпегендиктен, айласыздан тартиптин катуу болгонуна карабай, коомдук мүлккө кол салышып, ууру кылууга аргасыз болушкан. Элдин эр бүлөлөрү, күйөөсү же чоңоюп калган эркек балдары ууру кылышса, Бекболот түнкүсүн ууруга бармак турсун, күндүзүн колхоздун жумушун жасап келгенден кийин, Жамалбүбү айдап, муну жаса тигини жаса демейин, эч нерсе жасачу эмес. Жансактоонун айынан түнкүсүн өзү ууруга барууга аргасыз болгон.

Жамалбүбү адаттагысындай эле үй бүлөсүн жаткырып коюп, тышка чыкканда ай караңгы болгондуктан, түн көөдөй караңгы болуп, жакын жердеги чоң-чоң нерселер эле карарып көрүнбөсө, башка эч нерсе көрүнбөй жалгыз аяк жолдун чыйыры менен болжолдоп басып, ага карабай кээ бир жерден жолунан чыгып кетип, чалынып жыгылып, кайра туруп кырман жакты көздөй баратты. Жамалбүбүлөр жашап жаткан тоют базынан алыс эмес жерде чоң-чоң мүрзөлөр бар болчу. Баз менен мүрзөлөрдүн ортосун айылдарды бириктирип турган чоң таш жол бөлүп өтчү. Ал жолдун бир жагы айылга кирип кетсе, бир жагы Каракол шаарын көздөй кетчү.

Компартиянын саясаты боюнча коомдук мүлккө кол салгандар айосуз жазаланган. Кээде соттолуп да кетишчү. Кырман айылдын аркы четинде болгондуктан, айылдан бирөөлөргө көрүнүп калсам, айтып коёбу деп чоң жолго чыкканда канчалык коркуп турса да, мүрзөлөрдү аралап, өткөн жалгыз аяк жолго салды. Мүрзөлөрдү айланып өтөйүн десе, ары чети саз болгондуктан, мүрзөлөр жолду жээктете узунунан жайгашкан. Кеминде бир километрден ашыгыраак жол басуу керек болчу. Мүрзөлөрдү аралап барса үч километр жол баспай, жолду эки эсе кыскартып, бир жарым километрдей жол басмак.

Мүрзөлөрдү аралап киргенде эле, ушул жол менен күнүгө өтүп жүргөнүнө карабай, мүрзөлөр сүрдүү көрүнүп, арасындагы жерди караандар кадимки басып жүргөн адамдардай болуп көрүнө баштады. Төбөдө жылдыздар жыбыраганы менен асмандын арт жагында жылдыздар көрүнбөйт. Демек күндүн арты бүркөлүп калган тура, жаанга калбай үйгө кайра жетишим керек деп, кадамын тездетти. Айылдагы иттердин алыстан анда-санда үргөнү билинээр билинбес угулганы болбосо, өзүнөн башка кыбыр эткен жан жок. Ал тургай жел аргы да токтоп калгандай мемирейт. Бир гана караан тутканы анча жарык бере алышпаса да, асмандагы жымыңдаган жылдыздар болчу. Мындайда адамдын ойуна капкайдагынын баары келет эмеспи. Жамалбүбүнүн оюна мурдатан угуп жүргөн арбактар жөнүндөгү окуялар келе баштады. Арбактар жөнүндө айтылгандарга караганда, түн ичинде өлгөн кишилер арбак болуп, мүрзөлөрүнөн туруп, тышка чыгышып басып жүрө беришет экен. Кээ бирөөнүн үй бүлөсү, тамак-аш жасап куран окутпаса, ал ач арбак болуп, бирөөлөрдөн үмүт кылып, кишилерге жолугуп, алардын жолдорун тороп, кол салганда, алар оорукчан болуп, кээ бир учурларда өлүп да калат экен, дегендерин угуп жүргөн. Эми жерди караандардын баары аны тегеректеп, чогулуп тосуп турушкансып, коркконунан жүрөгү жарылып кетчүдөй болуп, өзүнүн табышынан өзү коркуп, табыш чыгарбоого аракет кылып буттарынын учу менен басып баратты.

Качан гана мүрзөөлөр бүтүп ээн талаага чыкканда, эсин жыйып, жүрөгүнүн соккону бир азга жайлай түштү. Жүрүп отуруп кырманга жеткенде мурда өлгөн кишилерден корксо эми тирүүлөрдөн коркуп, кайра жүрөгү бат баттан согуп, өзгөчө корукчуну көргөндө оозуна тыгыла түшүп, куурайдын артына жашынып олтура калды. Корукчу үйүлгөн буудайларды тегеренип жүрүп өзүнүн жата турган жерине кирип кеткенде гана, куурайдан чыгып үйүлгөн буудайдын этегине далдаланып отура калып, белине таңып алган мүшөгүн алып, буудайды мүшөгүнө сала баштады. Мүшөккө аз бөксө буудай салып алгандан кийин, келген жолуна түшүп, үйүн көздөй кайра жөнөдү. Үстүндөгү жүгүнүн оордугуна карабай, артынан бирөө кууп келе жаткандай болуп, күшүлдөп-бышылдап күйүккөнүнө кайыл болуп, эч кимге билинбей үйүмө аман-эсен жетсем экен деп келатты. Мүрзөлөргө жеткенде келаткандагыдай өтө коркпосо да, баары бир, сүрүнөн корктубу табыш чыгарбоого аракет кылып, сестенип баратты. Тынбай келатканга шайы кетип калды көрүнөт, темтеңдеп кетип, мүшөгү колунан чыгып кетип жаткан.
Бир убакта бели ооруп чыдабай кетип, түшүп бараткан мүшөгүн өйдөлөтүп көтөрөйүн дегенде, темтеңдеп жолунан чыгып барып, чуңкур жерди басып алып, мүдүрүлүп жыгылып баратканда мүшөгү колунан чыгып кетип, үстү түшкөн көргө түшүп, өзү үстүнөн баса жыгылды. Коркуп кетип тура калып, мүшөгүн караса, оозу байланбагандыктан, жарымына жакыны төгүлүп калыптыр. Коркконуна карабай жанталашып жарым жартылайын кайра салып, көтөрүп чыгайын десе не бир чыгара алсачы. Мүшөгүн таштап чыгып кете албай, куру барганча өлгөнүм артык дедиби, мүшөгүнө олтуруп алып, коркунучтун баарын унутуп калып, бууркан-шаркан түшүп ыйлап кирди. Анын ойуна бала чагынан бери көргөн азап тозогу, айрыкча турмушка чыккандан бери көргөн кордуктары түшүп, башынан азап кетпегенине ызаланып ыйлап жатты.

Турмушка чыккандан берки он жылдын ичинде Жамалбүбү эмне деген кордуктарды көрүп, ушул турмушка жетип, эл катары үй жайлуу болуп, беш баланы төрөп чоңойткону аз келгенсип, анын экөө оорукчан болуп, күйөөсүнүн жоош болгону аз келгенсип балдарынан Ырысбеги да жоош болуп, экөө гана элдин балдарындай оңураак болуп калганын карабайсыңбы. Агартып уул, кызартып кыз төрөп, таза кийинтип ичинтип, үй жайлуу мал мүлктүү кылып, эл катарына кошконумду татытпай “мал арыгын сактаса— ооз майлайт, киши арыгын сактаса -төбө каңдайт”— дегендей жооштон жоон чыгып, Бекболотту аз ич дегенине болбой, кээде ичип алып, “энеңди”— деп сөгүп кол көтөрчү болгон. Ушунун баарын элге сыр билдирбей, ары карап ыйлап, бери карап күлүп, кабагым кашым дебей, көтөрүлүп, ичинен күйүп жүргөнү менен баары бир ден-соолугуна зыяны тийип, энесиникиндей кант оорусуна чалдыгып, кыйналып жүргөн. Энеси жакында эле ушул оорудан каза болуп калган.

Ыйлап отуруп көксөөсү сууганда эс алып калгангабы же муң зарын угуп кудай арбактардын боорлору ооруп, жардам бериштиби, айтор мүшөгүн жерден так көтөрүп, мүрзөнүн үстүнө коюп, артынан өзү чыгып, андан ары үйүн көздөй мүшөгүн көтөрүп жөнөдү. Үйүнө жаңы эле киргенде ушуну эле күтүп тургансып асмандан жаан себелей баштады.

Мындай оор түйшүк тартып жаны кыйналган күндөр, түндөр буга чейин Жамалбүбүнүн башынан далай жолу өткөн. Эми дагы эле өтө бермекчи.

“Турмушуң эшек араба, туулдуң калдын баляга”, дегендей адам баласы төрөлүп жарык дүйнөгө келгенден баштап, жашоо менен бирге турмуш башталып, айтылып жүргөндөй турмушта ар кандай балээлерге жолугуп, алар менен өмүр бою күрөшөт белем. “Балээ басып мээнет чырмап”— дегендей кээ бир адамдардын маңдайына ошондой жазылып калабы, өмүр бою балакет мээнеттен арыла албай, алар менен күрөшүп, жеңгени жеңип, аягына чейин күрөшсө, жеңбегени жеңилип, ошол бойдон өмүрүнүн аягына жетпей орто жолдон жоголот окшобойбу.

Менин оюмча ошол турмуштагы терс көрүнүштөр менен күрөшүүдө, ар бир адамдын канынын тазалыгына, акыл эсине, алган тарбиясына, ар-намысына, адеп-акылагына, кайратына жараша туруштук берсе керек. Жамалбүбүнүн ошондой жакшы сапаттары бар үчүн ушунча кыйынчылыктарга туруштук берип келди. Эми дагы алдыдагы кыйынчылыктарга канчага чейин туруштук бере алат болду экен.

Тескерисинче досу Жылдыз адегенде турмушу канчалык жеңил өтүп, жашоосу жакшы болгону менен турмуштун терс көрүнүштөрүнөн кутула албай балакет басып, мээнет чырмап, акылынын өзүнүн жеңил ойлуулугунан алган тарбиясынан ар-намысынын, адеп акылагынын, тартибинин жоктугунан турмуш менен күрөшө албай турмуштан жеңилип калып, орто жерден жок болгон. Ал кийинки жылдары аябай ичип көчөөгө басып кеткенде, Уркалый да аны менен кошо ичип жүрүп, милицияга айдоочулук күбөлүгүн алдырып жиберип, бош калган. Экөөлөп жыйган тергендерин, үй мүлкүн сатып, иче башташканда, кайын энеси кайгысына чыдабай каза болуп калган. Үй оокаттарын сатып бүтүп, акыры Жылдыз артына тукум калтырбастан ооруп каза болуп, Уркалый артында коколой башы калган. Ошентип бир адамдын айынан бир үй-бүлөө чачкын болуп, тукуму уланбай коломтосунан от күйбөй, тукум курут болсо, ошол эле учурда дагы бир адамдын аркасы менен, чачылган үй бүлө чогулуп, тукумдары уланып, бир эле эмес эки жерден коломтодо от күйүп, өнүп өсүп отурбайбы.

Ошондуктан “беш кол тең эмес”, дегендей адамдардын баары эле бирдей болбой, ар башкача болоору ушундан эле көрүнүп турбайбы. Жамалбүбү турмуш менен күрөшүүсүн улантып, турмуштагы терс көрүнүштөргө талыкпастан, өзүнө таандык жакшы сапаттары менен сокку уруп жатты. Убакыт өтүп арадан жылдар өткөн сайын турмуш тиричилиги мурдагыдан да оңолуп, айылдагы бирден бир байлардын катарына кошулуп, балдарын чоңойтуп, айылдагы кадыр барктуу адамдардын катарына кошулду.

Совет өкмөтү тарап өз алдынча эгемендүү мамлекет болгондон кийин, менчиктештирүү саясаты жүргөндө, өзү иштеп жашап жүргөн тоют базасын чогусу менен менчике чыгарып сатып алган. Оорукчан балдары Жыргалбек менен Алтынбеги мектепте окуй албай, өз алдыларынча үй жай күтүп, оокат кылып кете алышпагандыктан, бирөөнү үй оокаттарын жасатып бирөөнү мал кайтартып, өкмөттөн пенция чектетип, үй жайына каралаштырып, экөө тең колунда болчу. Ырысбек өтө эле жоош болгондуктан, колукту алып берсе, күтө албай азыркы убакта жалгыз бой чарбачылык менен алек болуп, үйүндө болчу. Ырахат кызын Бишкектеги И. Арабаева атындагы Институтунун Чет тилдер факультетинде окутуп бүтүрүп күйөөгө берген. Мырзабегине колукту алып берип, неберелүү болуп, чоң энесинин атына Айым койгон. Уулуна машина тептирип, чарбачылык иштерин жасатып, оор түлүк жумуштарын ошонусу бүтүрүп калган. Күйөөсү Бекболот менен бакубат турмушта жашап, жаңыдан ээрди ашка тиэрде, мынтип асылган оору акыры акыркы таңды тостуруп отурбайбы.

Жамалбүбүнү көргөнү келгендер адаттагыдай эле терезенин түбүнө келип, чогулуп, эшиктен киргизбегендиктен, терезеден шыкаалап карап жатышты. Жамалбүбү күн чыгарга жакын, кайра эсинен танып сезимин жоготту. Эки үч күндөн бери Жамалбүбүнүн катуу ооруп жатканын уккан күйөөсү Бекболот, уулу Мырзабек, төркүндөрүнөн атасы да быйыл жазында каза болуп калгандыктан, сиңдилери менен инилери болуп, оорукананы тегеренип, алда кандай болуп кетет дешип улам бир доктурдан суранып, жакшылап кароосун өтүнүп, баштыктар менен белек бечкек киргизип, үмүттөрүн үзгүлөрү келишпей жүрүшкөн. Врачтар мындай болуп кетээрин билишкен жокпу же баштыктарына карап тигилердин көңүлдөрүн кыя алышкан жокпу, Жамалбүбүнү,

-Жакшы болуп кетет, мындайлар биздин практикабызда көп кездешет. Жакшы даарыларды куйуп жатабыз,— дешип убадаларын берип жатышкан. Жамалбүбү дем алганын токтотуп, суналып жатып калганда, көп өтпөй медсестра кирип, бетин жаап чыгып кеткенден кийин гана, терезеден үмүт кылып карап тургандардын үмүттөрү үзүлүп, чыры-чуу түшүп ыйлап калышты.

Жамалбүбүнүн инилери Бекказы менен агасы экөө, Жамалбүбүнүн сөөгүн доктурлардын соёбуз дегендерине болбой сүйлөшүп жатып, сойдурбай машина менен Бекболоттун айылына алып кетишти. Аял да болсо айылдагыларга Жамалбүбүнүн кадыр-баркы аябагандай чоң экен. Уккандардын баары келип, ыйлабаган, кайгырбаган киши жок. Адам эмес, асман да кара булут чумкөп бирде ачылып, бирде жаап, күндүн көзү көрүнбөй кайгыга тең ортоктош болуп жаткандай болду. Айрыкча койор күнкү жааган жамгырды айтпа, көнөктөп куйгандай болуп, асмандан мөндүр аралаш жаан жаап жатса, бир жагынан бороон болуп, бетке чаба жаагандыктан, бир жагынан суук болуп, өтмө катарында суу өтүп кеткен.

Эл коюп бүтүп молдо куранын окуп бүткөнчө барган эл араң эле чыдады.

Кайран гана Жамалбүбү турмуш менен татыктуу күрөшө билип, адамдан жакшы сапаттарга жооп берген, жакшы адамдардан эмес белең. Өзүң бул жашоодон кеткениң менен артыңда тукумдарың, өлбөс өчпөс иштериң калып, бул жашоону татыктуу жашап кеттиң. Тиги дүйнө сага бейишин берсин, элиңдин эсинде түбөлүккө жакшы сөздөр менен калдың. Сен жөнүндө дагы далайлаган жакшы сөздөр улана бермекчи демекчимин.

 

© Бекказы Элебесов, 2013

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 


Количество просмотров: 2549