Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Бекказы Элебесов, 2013. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 5-декабры

Бекказы Сагалиевич ЭЛЕБЕСОВ

Намыс

Колуңуздардагы бул китепке ар кыл мезгилдерде жазылган автордун аңгемелери, драмасы киргизилди. Анда балалык байоо сезимдери аркылуу ууз сүйүүгө арналган тагдыры, улуттук каада-салттан улам сүйүүсүнө жетпей калган жаштардын жашоосу камтылган. “Армандуу махабат” китебине кирген чыгармалар сиздин сүйүп окуган чыгармаларыңыздардан болоруна ишенем. Анткени бул китептеги “Тагдыр”, “Намыс”, “Жамалбүбү” деген чыгармаларында адамзатынын чыныгы турмушу тыкаттык менен чагылдырылып, адамзатынын жашоосундагы негизги баа жеткис касиеттери туурасында жогорку чеберчиликте баяндалган.

Бекказы Элебесов. Армандуу махабат: Аңгемелер, драма. – К.: “Карга аке” басма үйү, 2013-ж. – 144 б. китебинен алынды

ББК 267890 (Ки2) 083
    УДК11941
    К14
    ISBN 9874-15-495

 

“Май айы, мына балдар жай айы” дегендей, май айынын сулуулугу тууралуу канчалаган сөздөр айтылып, жазылса да жеткире айтып жазганга мүмкүн болбосо керек. Май айы жаздын акыркы айы болгондуктан, жан жаныбыр, өсүмдүктөрдүн баары кышкы суук, жаздын алгачкы айларындагы аба ырайынын туруксуз күндөрүнөн кийин аба ырайы турукташып, жаз толук өзүнүн өкүмүн сүргөндүктөн тирденип, жаңы жашоолорун башташкансып, өздөрүнүн чыныгы көрктөрүнө чыгышкан сыяктуу болушкансыйт.

Мына ушундай май айынын акыркы күндөрүнө туш келген, мектептеги акыркы коңгуроо кечеси, мектепти бүтүрүүчүлөрдү гана эмес, жалпы окуучуларды айлана чөйрөнүн сулуулугу менен кызыл-тазыл болуп жакшы кийинген окуучулар, кечеде сүйлөнгөн жакшы сөздөр толкундатып жатты.

Мектептин бүтүрүүчүлөрү көптөн берки ойлогон ойлоруна жетип, мектептеги окууларын ийгиликтүү аяктап, бир жумуш бүтүргөндөй болуп кубанып жатышса, бир чети он жыл бирге окуган курбулары, сүйүктүү мугалимдери, экинчи үйү сыяктуу болгон мектеби менен коштошуп, алдыдагы жашоонун белгисиз дагы бир тепкичине кадам таштаганы жүрөктөрүн тызылдатып, сезимдерин козгоп, кээ бирлеринин көздөрүнүн тегерегинен жаш тегеренип жатса, ал эми мектепти бүтүрө электер бүтүрүүчүлөргө суктанып, биз дагы батыраак эле чоңойуп, ушулардай болуп, мектепти бүтүрсөк экен деп жатышты.

Кече аяктары менен бүтүрүүчүлөр өздөрү окуган класстарына киришип, классташтары менен мурдатан пландалган мектептеги окууларын бүтүрүшкөндүгүнө байланыштуу майрамдарды майрамдоо туурасындагы пландарын ишке ашыруу тууралуу талкууга өтүштү. Кечеде толкунданып алган кыздардын кээ бирөөлөрү класска киргенде да өздөрүн токтото алышпай, дагы эле ыйлап жатышкан.

Төлөндүн классташтары мурунтадан пландалгандай Жети-Өгүз курортуна барып, эс алып, сүрөткө түшүшмөй болушуп, кечеден кийин курортко жөнөп кетишти.

Жети-Өгүз курорту өзгөчө ажайып кооз жерден орун алгандыктан, айлана-чөйрөдөгү жаратылыштын кооздугу, жүрөктөрүн толкундоо ээлеп алган жаштарды ого бетер өзүнө тартып, сыйкырдуу дүйнөгө туш келтиргендей болду. Жалындаган жаштыктагы акактай тунук, байоо сезимдер жан дүйнөлөрүнө дүрбөн салып, бири-бирине жакшы сөздөрүн айттырып, жакшы көрүү сезимдерин козгоп, жаратылыш менен бирдикте жан дүйнөлөрү тазаланып, арууланып, көздөрүнө көрүнгөндүн бары кереметтүү жакшы көрүнүп, бул жалган дүйнө эч кынтыгы жок, жалаң жакшылыктан бүткөнсүп, дүйнөлөрү түгөл эле.

Алар ал кезде туурларынан жаңыдан учкан балапандардай болуп, алдыларында кандай жол күтүп турганын кайдан билишти дейсиң. Мектептеги окууларын бүтүп коюшканга өзүлөрүн чоңойуп барын билишкендей сезишип жатышты. Ал эми алар болсо ал кезде алдыдагы жаңы жолго алгачкы кадамдарын жаңыдан таштап, турмуш жолунда жакшылык менен жамандык коштоп, эчен сыноолордон өтүшөөрүн сезишпесе керек.

Булардын араларында жүргөн Төлөн менен Төлөмүш бири-бирин жакшы көрүшкөн, абдан ынак, ысык достордон болчу. Алар бала күнүнөн бирге чоңойуп, ушул күнгө чейин бирге өсүшкөндүктөн, сырттан карган кишиге аларды тирүүчүлүктө эч ким, эч нерсе, эч качан бөлө албоочудай көрүнчү. Бирисиз бирин элестетүү кыйын эле. Алар кайда жүрүшпөсүн чогу жүрүшүп, эгиз козулардай болуп, эч качан бөлүнүшчү эмес. Булардын ата-энелери да мал багышып, жайлоону бир жайлап, кыштоону бир кышташып, жайы кышы кошуна колоң болуп, бир үйдөгүдөй чогу жашап, сен мен дешпей ынтымактуу достордон болушкандыктан, экөө төрөлө электеринде эле аялдары төрөгөндө бири уул, бири кыз болсо, куда болуп, кийин экөө чоңойгондо баш коштуралы. Эгер экөө тең эркек же кыз болушса, достоштуралы дешип убадалашып коюшкандыктан, кийин төрөлгөндө биринин атын Төлөн, экинчисинин атын Төлөмүш коюшуп достоштуруп коюшкан.

Экөөнүн чыныгы достордон экендигин, экөөнүн үй-бүлөлөрү эле билбестен, бүт айылдагылардын бары билишип, улуу кичүүгө карабай, “дос болсо эле, Төлөн менен Төлөмүштөй болушса” дешип, кеп кылып калышчу.

Булар да кенедейинен чыйрак, зээндүү, тың балдардан болушуп, ынтымактуу болушкандыктан, эл көзүнө көрүнүп, оозго алынышты. Кийин мектепке окууга киришкенден баштап, сабактарына бирге даярданып, биринин билбегенин бири үйрөтүп, бири жакшы баа алса экинчиси да алууга аракет кылып, атаандашып окушкангабы, окууларын жакшы бааларга окушуп, таза, тартиптүү балдардан болушуп, мектепте үлгүлүү окуучулардан болушкандыктан, мектептин окуучуларынан баштап, мугалимдерге чейин сыйлап турушчу. Классташтарынын арасында кадыр барктуу болушчу. Эми мына минтип балалык күндөрү менен бирге мектеп менен кош айтышып, ата-эне, бир тууган, айылдаштарынан бөлүнүп, өз алдынча турмуш жолунда алгачкы кадамдарын ташташканы олтурушат.

Төлөн менен Төлөмүш канчалык ынтымактуу чыныгы достордон болушуп, биринин жылдызы бириникине келишип, бирин-бири жакшы көрүшкөнү менен адаттагыдай эле ар кимисинин өздөрүнө таандык бой келбеттери, мүнөздөрү, алдыга койгон максаттары ар башкача болчу.

Төлөн олбурлуу, узун бойлуу, толмочунан келген, ачык айрым, ак көңүл, малды жакшы көргөндүктөн, окуусун бүткөндөн кийин мал догдурдун окуусуна тапшырып, ооруган малды даарылоону самаса, Төлөмүш орто бойлуу, арыкчырай, мүнөзү токтоо, бир сырдуу болуп, окуусун бүткөндөн кийин киши догдурдун окуусуна тапшырып, ооруган адамдарды даарылоону самачу.

Төлөндөр ойноп күлүп, убактыларынын кандайча бат өтүп, күндүн түштөн эчак эле ооп, бешимге чукулдап калганын сезбей калышты. Качан гана Төлөмүш:

-Эй балдар, жүрүгүлө, кеч болуп кете элегинде жарылган-жүрөккө барып, сүрөткө түшөлү,— дегенде гана эстерине келип, жарылган-жүрөктү көздөй жөнөштү.

Жарылган-жүрөк демекчи Жети-Өгүз курортунун четирек жагында жайгашкан жүрөк формасындагы жарылып экиге бөлүнүп калган, өзүнчө турган кичинекей тоо эле. Ал тоо туурасында сүйүүгө байланыштуу эл ичинде ар кандай жоромолдор айтылып жүргөндүктөн, курортко эс алганы келген жаштар ал тоого барып сүрөткө түшмөйүнчө кетишчү эмес.

Төлөндөр жарылган-жүрөккө келишкенде ал жерде топтошкон жаштар сүрөткө түшүп жатышкан экен. Алар менен таанышып сүйлөшкөндөн кийин Балтабай айылынан келишкен, тогузунчу классты бүтүрүшкөн коңшу айылдын жаштары экендигин билишти. Тигилер кантсе да бир жашка болсо да кичүү болушкандыктан, жол бошотуп, Төлөндөр барганда четке чыга беришти. Коңшу айылдан келгендердин ичинен бир кыз Төлөнгө өзгөчө көрүнүп, басса турса андан көзүн ала албай, магниттей тартылды да калды. Тигил кыз кызыл жүздүү, кара көз, кырдач мурун, капкара чачтары экиге бөлүнүп өрүлгөн, келишимдүү орто бойлуу, денесине куп жарашып, чачтарынын учуна бекилген ак бантиктери өзүнчө көрк берип, кыздын кыймыл аракетине жараша күнгө чагылышат. Кыздын тулку бою, жүргөн турганы, сүйлөгөнү, күлгөнү, деги койчу бардык кыймыл-аракети Төлөндү өзүнө тартып, оп тартып арбап соруп бараткандай болду.

Ага эмелки айлана-чөйрөдөгү жаратылыштын сулуулугу, жакшы көргөн классташтары, жан дүйнөсүн жыргаткан көңүл терметкен учкул сезимдер, ал тургай эң жакшы көргөн досу Төлөмүштүн да жанында жүргөнү сезилбегендей жалгыз гана тигил кыз көрүнүп, башка эч нерсе көрүнбөй жаткандай болуп, мүнөзү бир заматта өзгөрүп, жүзүнөн күлкүнүн изи да калбай суз тарта түштү.

Төлөмүш, досунун өңдалаттан кетип, бир жерди ойлуу тиктеп калганын көрүп, Төлөндүн жанына басып келип,

-Төкө, бир жериң ооруп калган жокпу?— деп досунун мындай абалын эч качан көрбөгөнгө, тынчсызданып сураганда, Төлөн мүнөзүн өзгөртпөй, бир жерди тиктеген калыбында:

-Ооба, ооруп калдым окшойт, -дегенде, Төлөмүш безеленип:

-Кайсыл жериң ооруп жатат? Эмне болуп кетти,— деп айланчыктады. Төлөн:

-Жүрөгүм ооруп жатат,— деди.

Аны уккан Төлөмүш чындап эле коркуп кетип,

-Азыр чыдай тур, мен догдурларга барып, дары алып келейин,— деп чуркай турган болгондо, Төлөн:

-Токто! – деп буйрук бергендей кыйкырып жиберди. Төлөмүш эмне болуп кетти дегендей, артына кылчайганда, Төлөн билинер билинбес жылмайып.

-Мага дарынын кереги жок. Менин оорумдун дарысы тигил жакта көрүнөт, -дегенде, Төлөмүш уккан кулагына ишенер ишенбесин билбей, көрсөткөн жакты карап, тигил кызды көрүп, кубанып кетип.

-Эгер дартыңдын дабасы ошол кыз боло турган босо, анда оңой эле. Жүрү таанышалы, -деп Төлөндү колунан жетелеп жөнөдү. Төлөмүш топтошуп турган кыздарга жетери менен:

-Кыздар таанышып албайлыбы?— деп колун сунуп, атын айтып кыздар менен таанышып киргенде, Төлөн да артынан колуп берип, атын айтып таанышып жатты. Кезек тигил кызга жеткенде, кыз:

-Роза,— деп атын айтып колун бергенде, Төлөндүн жүрөгүн кандайдыр бир күч, артында турган тоодой кылып бөлүп кеткендей болуп, аз жерден өзүн жоготуп жибере таштап, кыздын колун секин кармап.

-Төлөн,— деп өз атын айтканга араң жарады.

Ошол учурда жанындагы кыздар:

-Роза кеттик. Автобус келе жатат,— дешип басып жөнөшкөндө, Роза да артка бурулуп, алардын артынан жөнөдү. Төлөн ээрчий карап, Роза деп угулар угулбас үн чыгарып, телмире тиктеп калды. Төлөмүш жанына басып келип, далысына колун коюп.

-Төкө, чынында эле жакшы кыз экен, -дегенде гана эсине келген сыяктуу Төлөмүштү карап.

-Ооба, мен дагы ошентип ойлоп жатам, чынында эле мактоого татырлык кыз экен,— деди. Экөө тең кыздарды бир топко чейин ээрчий карап турушту да, качан гана караандары үзүлгөндөн кийин классташтарын көздөй басышты.

Классташтар эч нерседен бейкапар ырдап, ойноп, сүрөткө түшүп жатышкан. Төлөн менен Төлөмүш классташтарына аралашканы менен, алар мурункудай болушпай, ар кимиси ичтеринен өз ойлору менен алек болуп өздөрү менен өздөрү болуп жүрүштү.

Роза экөөнүн тең жүрөктөрүнөн орун алып, ой-санааларын бийлеп алды. Мурда кыздар менен таанышып, сүйлөшүп, жакшы мамиледе жүрүшкөнү менен мындай чоң сүйүүгө кабылыша элек болчу. Мурда кимиси болсо да кыздарды жактырып же таанышып калса, бири бирине дароо барып айтып, кубанычтарын, сырларын тең бөлүшкөнчө ашыгышчу.

Бул сапар алар бири бирине ичиндеги сырларын өлүшкүсү келбей, ар кимиси Роза жөнүндөгү аруу сезимдерин ичтеринен гана ойлонуп, ал тургай, Розаны бири-биринен кызганып, “ал меники, эч кимге бербейм”, дешип, өздөрүнө энчилеп жатышты.

Кийинки күндөрү бүтүрүү экзамендерине даярдык башталганда да Төлөн менен Төлөмүш классташтары менен мектепке барды келди болуп, окууга көңүлдөрү чаппай, ой-санааларынын баары Розада болду. Алардын мүнөздөрү өзгөрүлүп, окууларын мурдагыдай окубай калышкандарына мугалимдери да кабатырланып жатышты.

Акыры экзамендер башталып, экөө тең экзамендерге жакшы даярданышпагандыктан, начар жооп берип, мурда билгендери эстеринен чыгып кеткендей, билгендерин айтып бере алышпай калганда, мугалимдер мурдагы окууларына карашып, көтөрмөлөп, “төрт” деген баа коюп берип жатышты. Айрыкча Төлөндүн мурдагы аккөңүл, ачык айрым мүнөзү жоголуп, кабагы бүркөлүп санаанын кучагында калды. Төлөмүш болсо башынан оорбасырыктуу, бир сырлуу болгондуктан, сыртынан билинбегени менен ал дагы санаада жүрдү.

Арадан жарым айча убакыт өткөндөн кийин Төлөн агынан жарылып, ичиндеги сырын ичине сактоого дарманы жетпей калганда сөз баштап.

-Төлөмүш, бүгүн экзаменден чыккандан кийин Розаны издеп Балтабайга барып келбейлиби?— дегенде, Төлөмүш ичинен сезип турса да, билмексенге салып.

-Розаны издегенде эмне?!— деди. Төлөмүштүн мындай жообу Төлөн үчүн күтүүсүз болуп, ал ичинен, көрсө Төлөмүш, Розаны сүйүп калса керек, деп бекер эле ойлоп жүргөн экемин да деп, ал тургай досунан кызганып жүргөнү үчүн уялып кетип.

-Төлөмүш, мен чынын айтсам, Розаны чындап эле сүйүп калган окшойм. Ал таанышкан күндөн бери бассам турсам эсимден кетпей, аны ойлогондо эч нерсеге көңүлүм чаппай калчу болду,— дегенде, Төлөмүш ичинен “каап, айээ, эмне үчүн мындан мурда Розаны сүйөөрүмдү буга оозунуп айткан жокмун. Эми мен дагы сүйүп калдым деп кантип айтам. Бара көрөйүн, балким Роза мени тандап калар”, деген үмүт менен сыр билдирбөөгө аракет кылып:

-Мейли, барса барып келели,— деп кыска жооп берди.

Экөөнө тең убакыттын өтмөгү аябай кыйын болду. Аларды экзаменден алуучу баалары да кызыктырган жок. Алар үчүн экзаменге кирди аты болсо эле болду болчу. Экзамен бүтөрү менен эч жака кайрылбастан, экөө ээрчишип жолго чыгышты.

Жети-Өгүз айылы негизги автожолдон сырткары үч-төрт километрдей жогору тоонун түбүндө жайгашкандыктан, айылга өзүнө баруучу автобустардан башка автобустар баруучу эмес. Өзүнө барчу автобустар эки-үч саатта бирден гана каттагандыктан, алар автобус күтүп олтурушпай жөө чыгышты. Ортодон Жон-Булак айылын басып өтүшсө кийинки айыл Балтабайга жетишмек. Алар жолдо карата ар кайсыны сүйлөшүшкөнү менен ичтеринен экөө тең Роза жөнүндө ойлонуп, ар кимиси Розага жолукканда эмне деп айтарына сөз камдап, аны менен сүйлөшүп жатышканын элестетип баратышты.

“Сүйүүнүн күчү керемет”, делип акындардын ырларында айтылгандай кереметтүү күч кубат бергенсип, таттуу ойлорго жетеленип олтурушуп Балтабай айлына тез эле жетип келишкендей болушту. Айыл кичинекей болгондуктан, Розанын үйүн бат эле сураштырып табышты. Роза да аларды эле күтүп жаткансып, үйүнөн чыгып келе жаткан экен. Берки экөөнү көрүп, буларды кайдан көрдүм эле дегендей болуп, карап туруп калганда, экөө жарыша салам айтып, жанына жетип барышканда гана таанып, булар бул жака кайдан келип калышты дегендей болбу.

Саламдашкандан кийин Төлөн адегенде оозунуп сөз баштап.

-Роза мен сизге жолуккандан бери бассам-турсам да элесиңиз көз алдымдан кетпей атайын сизге жолугайын деп келдим, — деп жалооруй караганда, Роза көзүн ала качып уялганынан эмне деп айтарын билбей тескери бурулуп басып кете турган болгондо, Төлөн өзүнүн одоно сүйлөп алганын сезе калып: — Роза мени кечирип коюңузчу. Мен байкабай эле туура эмес сүйлөп алдым окшойт. Биз учурашалы деп эле келип калдык эле, — деди. Төлөмүш:

-Роза бизди кечирип коюңузчу, -дегенде, Роза басып кетерин билбей же кайра кайрыларын билбей туруп калганда, Төлөн:

-Мүмкүн болсо, токтой турсаңыз,— деп жибергенде, Роза кайра бурулуп, булар эмне дешер экен дегендей кылып, жер тиктеп тыңшап калганда Төлөн ичинен, эми одоно сүйлөп алса, кыз качып кетерин сезип, калп айтууга аргасыз болуп.

-Биз бир тааныш дос балабыздыкына келгенбиз. Анан сизге учурашалы кетели деп эле келип калдык,— дегенде, Төлөмүш тигини коштоп.

-Ооба, ошондой, -деди.

Роза ошондо гана башын көтөрүп, тигилерди кароого батынды. Ал Төлөндүн тиктеп турганын көрүп, көздөрүнө көзү уруна түшкөндө жүрөгү болк дей түшүп көзүн ала качып кетти. Роза да Төлөндү адеп көргөндө эле ичинен жакшы жигит экен деген ойдо калган. Эми минтип кайрадан жолукканда Төлөндүн айткан сөздөрүнөн уламбы же көздөрүнүн тиктеше түшкөнүнөнбү кандайдыр бир жылуу сезим пайда болуп, анын жанынан кеткиси келбей, дагы эмне дер экен дегендей кылып тыңшап туруп калды.

Төлөн болсо кандай сөз айтсам Розага жагар экен деп ичинен сөз тандап жатса, Төлөмүш болсо, өзүн жемелеп, Төлөндөн мурда сөз айта албаганына ичи күйүп, эми сөз айтууга кеч болуп калганын сезип, бул сапар экөөнө тең сыр алдырбай сүйүүсүн жашыра турууну чечти.

Бир аз тыныгуудан кийин Төлөн сөз баштап, сөздү күндөлүк жашоо-турмуш турмуш туурасына бурганда, Төлөмүш кошумчалап, Роза алардын берген суроолоруна жооп берип, өзү да анда-санда суроо узатып жатты. Бара-бара үчөө тең бири бирине акырындап көнө башташты. Кээде Төлөн менен Розанын көздөрү тиктеше калып жатты. Эгер үйдөн Розанын энеси чыгып, чакырып калбаганда, ким билет, алар канчага чейин тура беришет эле. Роза:

-Мен үйгө кирейин, апам чакырып жатат, -дегенде гана коштошуу убагы келип калганын сезишип, айласыздан коштошууга туура келди. Төлөн, Розанын колун кое бергиси келбей кармап туруп калганда, Роза колун тартып алууга аракет кылбастан, күймөлөп туруп калганын Төлөмүш байкап, ичи ачышып, Төлөндү Роза да жактырып калганын сезди.

Жолдо карата Төлөн мурдагы калыбындай бакылдап, Роза менен болгон жолугушуу жөнүндө ийне жибине чейин кайра эскерип, ар бир айтылган сөздөрдү талдап, ага баа берип, жарпы жазылып, мүнөзү жайдары болуп келатты. Төлөмүш болсо Төлөнгө анда-санда гана кошулганы болбосо сабыры суз болуп, Төлөндүн сөздөрүн жактыра бербесе да ага кошулууга аргасыз болду.

Ошол эле учурда Роза да Төлөн жөнүндө ойлоп, анын ар бир кыймыл-аракетин элестетип, сүйлөгөн сөздөрүн талдап, өзүн жакшы көрүп калганын баамдап, өзү да аны жакшы көрүп калганын сезип, кайрадан ага жолуккусу келди.

Бул жолугушуудан кийин Төлөн кайра калыбына келип, мүнөзү өзгөрүп, мурдагы абалына келди. Ага Розасыз жашоо мүмкүн эместей сезилип, басса турса эсинен чыкпай, ал тургай кээде түшүнө да кирчү болду.

Ал экзаменден чыккандан кийин Розага барып жолугууну адат кылып алды. Эки үч күндөн ашык убакыт Розаны көрбөй калса, бир нерсесин унуткан адамдай болуп, бир орунга тура албай ары-бери баса берчү болду. Төлөмүш болсо убакыт өткөн сайын Төлөндөн алыстай берди. Төлөн ага канчалык жакындап, жакшы көргөң сайын жек көрүүсү күч алды. Роза андан алыстаган сайын ага болгон сүйүүсү артып, канткенде Розанын көңүлүн өзүнө бурдурарын билбей, Төлөн менен барган сайын, канчалык ага жагынып сөз айтпасын Роза анын сөзүн капарына албай, Төлөндүн көзүнүн агы менен тең айланчу болду. Канчалык ичинен Төлөндү жек көрүп, Розаны жакшы көрбөсүн, сыртынан аларга сырын билдирбөөгө аракет жасачу. Анткени алар бул оюн билип калышса, ал Роза менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырарын жакшы билчү. Ал мурдагыдан да сөзгө сараң болуп, ичине катылган сырлар аны ичинен жеп жаткан сыяктуу өңүнөн азып баратты. Анын да басса-турса Роза эсинен кетпей, ансыз жашай албачудай туюлуп, ал дагы жолугушчу күндү чыдамсыздык менен күтчү болду.

Роза болсо Төлөн менен жолугушкан сайын ага жолуккусу келип, аны чыдамсыздык менен күтчү. Ага да жашоосун Төлөнсүз элестетүү кыйын болду. Анын да ачык айрым мүнөзү жоголуп, мүнөзү токтоо тартып, бүткөн боюн жасап түзөп, күзгүнүн алдына көп барып, жакшы жарашыктуу кийингиси келип, эгер кийим алмаштырып кийип калса, же иймек, мончок тагынса, “булар Төлөнгө жагат болду бекен?” деген ойго келип, жалгыз Төлөн үчүн гана жашап жаткандай болуп калды. Ал Төлөмүшкө өзгөчө деле көңүл бурбай, ага Төлөндүн досу катары жакшы мамиле кылчу.

Розанын ата-энеси мугалим эле. Ал беш бир туугандын улуусу болуп, болгондо да жалгыз кыз болгондуктан ата-энесинин жумуштанколдору бошобогондуктан, үй-бүлөнүн түйшүгү негизинен анын мойнунда болчу. Ата-энеси бир туугандары Розага жакшы мамиле кылып, аны сыйлап, эркелетип, баары көзүн карап турушчу. Роза үй-бүлөнүн мындай мамилесине манчыркап кетпей, өзүнүн дээриненби же жакшы мамиледен уламбы, бой көтөрбөй өзүн жакшы алып жүрчү. Зээндүү тың, чыйрак болуп, мектептеги коомдук иштерге активдүү катышып, классында эле эмес, мектеп боюнча жакшы окуган окуучулардын катарында болуп, мектептеги ардак тактадан түшчү эмес.

Улам чоңойгон сайын тал чыбыктай буралып, бүткөн боюна кийген кийими жарашып, татынакай өңүнө кубулжуган үнү куп келишип, жакшы сапаттарына жараша, аял затына таандык жакшы мүнөзү бар эле. Бир сөз менен айтканда Розанын телегейи тең болчу. Мындай кыздарга кимдин гана көзү түшпөсүн. Мурда эчендеген жигиттер сөз айттырып, кат жазышса, бирөөнө да жооп берген эмес. Ал, сөз айттырып, кат жазган жигиттерди көргөндө жакшы көрүп жакындоонун ордуна, тескерисинче алардан качып өтчү. Ал Төлөндөн мурда мындай сезимге кабылып, бир дагы жигитти мынчалык жактырып көргөн эмес эле.

Ошентип жогоруда сөз кылган үчөөнү тең сүйүү деген улуу сезим бириктирип, үч бурчтук сыяктуу бири-биринен ажырагыс кылып байлап салды.

Жашоо-турмуш сыдыргыга салгандай бир калыпта өтө берет эмеспи. Үчөөнүн бир айдан берки калыптанып калган. Жашоо турмушу өзгөрүүгө дуушар болду. Төлөн менен Төлөмүш бүтүрүү экзамендерин берип бүтүшкөндөн кийин, окууларын бүткөндүгү тууралуу жетилүү аттестаттарын колдоруна алып, Фрунзе шаарына чоң окуу жайларында окуу үчүн экзамен тапшырышканы жөнөштү. Роза мектепти окуп бүтүрө элек болгондуктан, айлында калды.

Төлөн башынан эңсеп жүргөн кесиби боюнча айыл-чарба институтунун мал догдурларды окутуу бөлүмүнө тапшырса, Төлөмүш да өзү каалаган киши догдурларды окутуучу мединститутка тапшырды.

Төлөн күн өткөн сайын Розаны сагынып, куса боло баштады. Ал экзамендерге даярданганы китептерди окуп түшүнүүгө аракет кылганы менен, аракетинин бары текке кетип, башына эч нерсе кирбей, көз алдына Розанын элеси тартылып, колу жетпесе да оюу жетип, сезиминде аны менен сүйлөшө берчү болду. Ал тургай тамакка да табити тартпай, өңүнөн азып баратты.

Төлөмүш болсо Розаны эстеген сайын намыстанып, кайра чыйралып, ал Роза менен сүйлөшүп жаткандай, кимдин ким экенин көргөзбөсөм элеби, эгер Төлөнүң окууга өтпөй калып, мен чоң окууга өтүп, студент болуп калсам, мени карабаганда кайда бармак элең, деп, күндү күн дебей, түндү түн дебей көшөрүп окуп, экзамендерге даярданып жатты. Убакыт күтүп турчубу, экзамендер башталып, Төлөн мурда мектепти жакшы окуп бүтүргөндүктөн, экзаменге даярдыгы начар болсо да, эки сабагынан үч, эки сабагынан төрт деген баага татыктуу болуп, окуусуна өтүүгө эки бал жетпей калып кулап калса, Төлөмүш төрт сабагынан тең төрт деген баа алып, окуусуна өтүп кетти.

Экзамендердин жыйынтыгын угушары менен экөө чогу кайра айылга жөнөштү. Төлөн жолдо карата сабыры суз болуп, окууга өтпөй калганына арданып, кабагы ачылбаса да, Розага жолугарын ойлогондо, көңүлү бир азга болсо да жайланып, жеңилдей түшкөнсүп жатты. Төлөмүш болсо коркунучтуу жоону жеңип келе жаткансып, Төлөндүн кабагы бүркөлгөнүн көрүп, Розаны эстеген сайын кубанып, эми Роза меники дегендей жарпы жазылып, күлүп жайнап келе жатты.

Мына жашоо-турмуштун өйдө-ылдыйы деп ушуну айт. Өткөндө Розага адеп жолугушканда Төлөндүн жарпы жазылып, күлүп жайнап кубанса, эми Төлөмүштүн анын ордун алмашканын кара.

Роза да Төлөндөр окууга тапшырабыз деп кетишкенден бери, сагынычы күндөн күнгө күч алып, эч ким менен сүйлөшкүсү келбей, сөзгө сараң болуп, сүйлөшсө да кыска сүйлөп, кыска жооп берип, тегерегинде адамдар толуп жүрүшсө да, өзү эле жалгыз калгандай болду. Үч айлык каникулдун убактысы болгондуктан, үйдөгү жумуштарынан колу бошой калганда күнүнө бир маал айылдын четиндеги Төлөндөр менен дайыма жолугушуп туруучу дарактын түбүнө барып отуруп, Төлөндөр келип кетчү жолду далайга тиктеп отуруп, келеринен үмүтү үзүлгөндө гана үйүнө кетүүчү. Кээ күндөрү сагынычтан улам кусаланып, эч кимге көрсөтпөй ыйлап алган күндөрү да болгон.

Төлөндөр айылга келип, үй-бүлөлөрү менен учурашып, ал жай сурашкан соң токтоосуз Розага жолугушууга жөнөштү.

Жайдын толуп турган убагы болуп, күн узун болгондуктан, Фрунзеден бери беш жүз чакырымдай жол басып келишип, үй-бүлөлөрү менен учурашып, андан кийин жөө басышып, Балтабай айылына күн бата жетүүгө да үлгүрүштү. Төлөндөр адаттагысындай эле Розага кичинекей кошуна баладан кабар беришип, өзүлөрү, дайыма жолугушчу айылдын четиндеги бактын түбүндө күтүп турушкан. Арадан бир саатча убакыт өтүп өтпөй айыл жактан Розанын карааны көрүнгөндө берки экөө алдынан утурлай басышты.

Роза түз басып келип, Төлөндүн мойнуна асылып, бекем кучактап өпкүлөп жатып:

-Төкө жакшы барып келдиңби?— дегенде, Төлөн да бекем кучактап.

-Жакшы,— дегенге араң жарады.

Бул жолугушуу адаттан тышкары болду. Мурдагы жолугушууларда Төлөн менен Роза кол алышып учурашканда Төлөн Розанын бетинен бир гана жолу өөп койчу. Мындай жолугушууну Төлөн деле күтпөсө керек. Бетинен Роза өпкөн жерлери ысып, куйкаланып, өрттөнүп бараткандай болду. Ал болгон жакшы сөздөрүн Розанын кулагына шыбырап, бекем кучактап өпкүлөп жатты.

Мындай жолугушууну Төлөмүш деле күткөн элес эле. Ал экөөнү жалдырап тиктеп, эмне дээрин билбей, ичинен “Төлөнүң окууга өтпөй калды. Кимдин ким экенин али түшүнө элексиң. Мен чоң окууга өтүп, студент болдум, келечекте врач болуп, эл даарылап, чоң кызматкер болом. Ал эми Төлөнүң болсо чоң өтүк кийип алып, эртеңден баштап атасына жардам берип, койчу болот. Ошондо көрө жатарбыз” –деп ичи туз куйгандай ачышып жатты.

Бир топтон кийин Роза, Төлөндүн кучагынан бошонуп, Төлөмүшкө келип:

-Жакшы барып келдиңби?— деп колун бергенде, Төлөмүш, Роза сурабаса деле, жакшы кабарын айтууга ашыгып, колун кармап туруп.

-Роза мени куттуктай берсең болот. Эми мен медицина институтунун студентимин. Келечекте эл дарылаган врачтык кесиптин ээсимин,— деп салтанаттуу үн менен айтканда, Роза чын дилинен жылмайып.

-Студент болушуң менен куттуктайм,— деп, кайра артына бурулуп, “а сен эмне болдуң” дегендей болуп, Төлөндү караганда, Төлөн сабыры суз:

-Мен окууга өтө албай, кулап калдым, -деп жер карады. Роза басып келип мойнунан кучактап.

-Эч нерсе эмес, быйыл өтө албасаң эмдиги жылы өтөсүң,— дегенде, Төлөмүш таң калганынан оозун ачып туруп калды. Анын оюу бул сапар да ишке ашпай, таш капкандай болду. Ал экөөнү карап тургусу келбей, тескери бурулуп, обочорок барып отурду.

Төлөн менен Роза бири-бирине көргөн билгендерин чып-чыргасын коротпой, айтып түгөтө албай жатышты. Бир топ убакыттан кийин ай өйдө көтөрүлгөндө гана Төлөн менен Роза айылды көздөй ээрчишип басканда Төлөмүш алардын артынан жөнөдү.

Розаны үйүнө чейин узатып коюшуп, кайра үйлөрүнө жөнөшкөндө экөө орун алмашкансып, жолдо карата Төлөн окууга өтпөй калганын унутуп калгансып, жарпы жазылып, бакылдап сүйлөп, күлүп жайнап келатса, Төлөмүш сабыры суз болуп, кабагы бүркөлүп, тигинин суроолоруна кыска жооп берүү менен гана чектелип, ичинен чиеленген ойлорунун түйүнүн чече албай, өзүнчө бушайман болуп келе жатты.

Арадан көп убакыт өтпөй Төлөн ата-энесине жардам берип, мал багышканы жайлоого кетсе, Төлөмүш Фрунзе шаарына окууга кетти. Роза мектептеги окуусун улантып, онунчу класста окуй баштады. Төлөн жолдун алыстыгына карабай он чакты күндө бир жолу ат менен келип, Розага жолугуп кетип турду.

Төлөмүш шаардагы окуусунда окуп жүргөндө ал жерде окуган студент кыздардын көптүгүнө карабай, Розаны эч убакта эсинен чыгарган жок. Ага канчалаган сулуу кыздар жолукпасын бирөө да Розадай анын көңүлүн өзүнө бура албады. Анын жүрөгүндө жалгыз гана Роза жашап калган сыяктуу. Ал жолугушуулар учурунда Розанын өзүнө жасаган кош көңүл мамилесин, Төлөнгө жасаган жакшы мамилелерин эстегенде, ызаланып, ачуусу келип кетсе да, бары бир аны кечирип, ого бетер жакшы көрүү сезими күчөп, жолугушчу күндүн тезирээк эле келишин чыдамсыздык менен күтүп жатты.

Убакыт деген убакыт эмеспи, өз ченеми менен зуулдап өтүп, кандайча өтүп кеткени билинбей, жай мезгили күзгө айланды.

Үчөөнү кайрадан чогултуп, жолугуштурчу күн да келип жетти. Үчөөнүн чогу чогулуп жолугушуусунун негизги себеби, Төлөн советтик армиянын катарына кызмат өтөөгө чакырылгандыктан, аны армияга узатууга келишмек болчу. Ал кезде Жети-Өгүз району боюнча аскерге кетүүчү балдарды райондун борбору болгон Кызыл-Суу айылындагы аскер комиссариятынан узаткандыктан таң эрте райондун ар кайсы айылдарынан келген, элге жык толгон автобустар аскер комиссариятынын жанына келип токтоп, алардан элдер түшүп, маңдайдагы бактын арасынан топ топ болуп орун алып жатышкан. Алардын арасында Төлөндөр да бар болчу.

Армияга узатууга ата-эне, бир тууган, жерге жээги, тели-теңтуштарынан бери калбай келишкендиктен, ар бир армияга кетүүчү баланы бир автобус толтура киши узатканы келишчү. Армияга узатууга чоң маани берилгендиктен, кулагы уккан жакшы санаалаштарынан эч кимиси себепсиз келбей калуучу эмес.

Ошол себептүү Төлөндү узатууга Фрунзе шаарынан бери окуусунан суранып алып, Төлөмүш да түндө келип, таң атканча отурушта классташтары менен Төлөндүкүндө чогу болушкан. Бул отурушка башка айылда жашагандыктанбы, анын үстүнө ата-энесинин катуу көзөмөлүнөн уламбы Роза келип катыша алган жок. Автобустан түшүшөөрү менен Төлөн менен Төлөмүш эки жактарын элеңдеп карашып, элдин арасынан Розаны издеп жатышты.

Төлөн аскерге чакыруу кагазын үч күн мурда, алары менен жакшы санаалаштарынын барына кабарлап коюп, Розага кечээги күнү классташтары менен узатуу кечеси болорун, бүгүнкү күнү армияга жөнөп кетерин айтып, коштошуп кеткен болчу. Ал ага чейин Розаны сар-санаага салгысы келбей, армияга чакырылып, комиссиядан өтүп жаткандыгы тууралуу ооз ачкан эмес. Роза үч күндөн кийин Төлөндүн эки жылга армияга кетип жатканын укканда көздөрүнүн жашын тыя албай, узатуу кечесине кандай гана болбосун барарын айтып, ыйлаган боюнча калгандыктан, Төлөн кечээ кечинде классташтары чогула баштагандан тартып, Розаны чыдамсыздык менен күтүп, улам келип калат деген ой менен бир орунга тура албай, улам үйүнө кирип чыгып жол карап жаткан. Качан гана түн ортосу ооп узатууга келген классташтарынын үйү жакындары эртең мененкиге чейин эс алууга кетип, калганы калганда, эртең менен райондун борборундагы аскер комиссариятына келип, ошол жерден жолугушарбыз деген ой менен аз убакыт болсо да чырым этип эс алууга уйкуга кеткен.

Кайрадан таң заарынан ойгонгондон баштап, Роза менен жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп баштаган. Төлөмүш болсо мурдагы күнү Төлөн менен телефон аркылуу сүйлөшүп, кечээ күнү узатуу кечесине чакырылары менен окуусунан суранып алып, түнү менен жолго чыккан. Аны Төлөндүн армияга кетери жөнүндөгү кабар кайгыртпастан, тескерисинче кубанткан болчу. Ага эми Роза менен жолугушуп турууга эки жылга чейин эч ким жолтоо болмок эмес. Ал Төлөндү узатууга ашыкпастан, Розага жолугууга ашыгып келген болчу. Ал дагы кечээ кечтен бери Розаны Төлөндөн кем эмес чыдамсыздык менен күтүп жаткан.

Роза болсо капаска түшкөн барчындай болуп, үйдөгүлөрүнүн кайтаруусунан бошонуп, жалгыз өзү башка айылга бара албагандыктан, жанына бир жолдош кызын ээрчитип алып барайын десе, ал кызы мектептеги армияга узатуу кечелерине барбагыла деген тыюу салуудан коркуп чыга албагандыктан, Төлөнгө канткенде барып, жолугаардын айласын таба албай ыйлап жаткан. Ал дагы таң заарынан туруп, жолдон кызын ээрчитип алып, жолго чыккан болчу.

Розалар аскер комиссариятына жакындаганда эле Төлөн менен Төлөмүштү алыстан таанып, кадамын тездетери менен Төлөн да Розаны көрө коюп, алдынан утурлай чуркады. Экөөнүн кучакташып ыйлап жатышканын көрүп турушкан Розанын жолдош кызы менен Төлөмүш чыдап тура алышбай жашып кетишип, тескери бурулуп кетишти.

Ошол учурда Төлөн менен Розанын көздөрүнө эч нерсе көрүнбөгөндөй болуп, жалгыз экөө гана турушкансып, өбүшүп да, ыйлашып да, таттуу сөздөрүн бири-бирине арнап, сүйлөшүп да жатышты.

Ал учурда тегерек— кыжылдаган элге, бири учурашып, бири коштошуп, кээ бирлери ырдап бийлешип, аларды ар кай жерден чыккан музыканын үндөрү коштоп, ызы-чуу болуп жаткан. Бир убакта аскер комиссариятынын имаратынын учурмасынын үстүндө илинип турган чоң радиодон “келип каттала баштагыла” деген катуу үн чыкканда ызы-чуу бир саамга токтолуп, чакырылуучу балдардын алдын тели-теңтуштары колундагы чемоданы менен аскер комиссариятынын имаратынын ичине көтөрүп кире баштаганда гана Төлөн менен Роза ажырашты. Төлөн Розадан бошонуп, Төлөмүштү кучагына бек кысып,

-Кайра келгенче жакшы калгыла. Розаны сага, сени кудайга тапшырдым,— деди да, артына бурулуп, узатып келгендерди көздөй басканда, Роза:

-Төлөн жакшы барып кел, мен сени чыдамсыздык менен күтөм,— деп ыйлаган тейден калды. Төлөн узатып келгендери менен коштошкон соң, аны да тели-теңтуштары чемоданы менен кошо көтөрүп, аскер комиссариятынын ичине кирип кетишти.

Ошол күндөрү аскерге күнүнө жетимиш сексенден бала, үч төрт чоң автобус менен жөнөтүлүп жаткан. аскерге кетүүчү балдардын акыркысы имаратка кирип, тизмелери такталары менен аскер комиссариятынын короосунун дарбазасы ачылып, короодон чубашып чыккан үч автобус чоң жолду көздөй сапар алганда эл алдыларынан жабыла чуркап, алды автобустарды койгулап, кыйкырып өкүрүп коштошуп жатышса, автобустун ичиндегилер, улам бир терезеге чуркап, жакындарын көрсө көрбөсө да колдорун булгалашып, коштошуп кыйкырып жатышты.

Ал учурда Роза элдин четирээк жагында тургандыктан, автобустун ичиндегилерди көрүп, айрып тааныбаса да, үнүнүн жетишинче.

-Төлөн жакшы бар, мен сени күтөм!— деп кыйкырып, ыйлап жатты.

Автобустардын караандары үзүлөөрү менен ызы-чуу токтоп, узатууга келген эл жай жайына тарай баштады.

Төлөн аскерге барганы алгачкы күндөрү абдан кыйналды. Мурда бөтөн эл, бөтөн жерге мынчалык узак убакытка чыгып көрбөгөндүктөн, Россиянын Тюлень шаарына келгенден бери башка чоочун дүйнөгө келип калгандай болду. Ал кызмат өтөгөн аскердик гарнизон шаардан үч төрт километрдей четте жайгашкандыктан, гарнизондун ичинен аскердин кийимдерин кийинген адамдар согуштук техникалар менен солдаттар жашаган окшош курулган казармалар, аскердик гарнизонду тейлөө үчүн курулган чоң чоң имараттардан башка өзүнүн туулуп өскөн жериндегилердин бирин да көрө алган жок. Жада калса бул жерде бийик тоолор, тоодон шаркырап аккан тунук суулар, тоолордун арасындагы көз мончоктой болгон көлү да жок эле. Бул жактан ал түп-түз талааларды, токойлорду, жапыз бөксө тоолорду, саз баскан жерлерди гана көрүүчү.

Бир жагынан эл жерин, үй-бүлөсүн эстеп, сагынып, кусаланса, бир жагынан Розасын эстеп куса болуп жатты. Анын үстүнө аскерде тартип абдан катуу болгондуктан, уктап эс алган убагында эле тыным алышпаса, калган убакта күнү түнү тыным алышпай, аскердик эреже боюнча белгиленген убакыттан чыкпай, берилген буйруктарды аткарып, кызматтарын өтөшсө, бир жагынан мурунку барган солдаттар, үстөмдүк кылышып, өздөрүнүн жумуштарын жасатып, көңүлдөрүнө жагышпаса жаңы барган солдаттарды сабап, өз билгендерин жасап кыйнашчу.

Ал учурда дүйнө эки лагерге: социалистик, копиталистик болуп бөлүнүп, социалистик лагердин башында СССР, копиталистик лагердин башында АКШ туруп, алар бири менен бири “мен күчтүү, сен күчтүүсүң” дешип атаандашып, жарыша куралданышып, тирешип турушса, бир жагынан “Кытай СССРге мына ана кол салат экен” деген имиштер тарап турган мезгил эле. Ошондуктанбы армияда тартип абдан катуу болуп, согушка жогорку даярдыкта турчу.

Армияга жаңы барган солдаттар согуштук техникаларды теориялык жактан окуп үйрөнүп, аны иш жүзүндө практикалык жактан да пайдалана билүүлөрү тийиш болчу. Ага кошумча саясий жактан да ар бир мамлекеттин жүргүзүп жаткан саясаттары туурасында маалымат берилип, окутулуучу. “Башына түшсө байтал жорго болот” дегендей, адам баласынын башына кыйынчылык түшсө көнбөскө чара барбы. Төлөн да убакыт өткөн сайын кыйынчылыктарга көнө баштап, бош убакыт таап, адегенде үй-бүлөсүнө, Розага, кийин тели-теңтуш, жакшы санаалаштарына кат жазууга үлгүрө баштады.

Ал жакындарынан кат алганда үйүнө барып келгендей кубанса, айрыкча Розадан кат алганда жарпы жазылып, сүйүнүп, он чакты күнчө кадимкидей демденип калар эле. Арадан ондон ашык күн өтүп кетип, кат кечигип калса, кайрадан чыдамсыздык менен күтө баштачу. Ошентип кыйналып жүрүп кыш мезгили өтүп, жаз мезгили өз өкүмүн сүрө баштады.

Армияга жаңы чакырылган солдаттардын келе башташы менен Төлөндөрдүн түйшүгү жеңилдеп, аскердик кызматтарды жакшы өздөштүрүп, жер шартына көнүп калды.

Төлөмүш да бул учурда оор сыноолорду башынан өткөрүп жатты. Ал учурда мектептеги окуусуна караганда жогорку окуу жайында окуган абдан эле оор болду. Бир жагынан күнүнө алты жети саат окуса, бир жагынан орус, англис, немис тилдерин окуп үйрөнүүдө кыйналып жатты. Айрыкча кышкы сессия учурунда абдан кыйналып, ал тургай кат жазууга үлгүрө албай калган учурлары болду. Бош боло калган учурунда өтө жакын адамдарына гана кат жазууга араң үлгүрчү. Ал дагы айылына Төлөндү армияга узаткандан бери каттай элек болчу. Роза менен да кат аркылуу гана кабарлашып турган. Розага канчалык жагалданып, жакшы сөздөрдөн тандап кат жазбасын, Роза ага кат жазганда жалаң эле Төлөн жөнүндө жазып, андан кат алганын, аны сагынып жүргөнүн жазып, өзү жөнүндө окуусун, аманчылыгын сурагандан башка кызыгарлык эч нерсе жазчу эмес. Ошондой кат жазарын билип турса да Төлөмүш чыдамсыздык менен кат күтө, ага жолугушчу күндү самап, аны менен жолугушканын элестетип, өзүнчө таттуу кыялдарга бата берчү. Эми анын алдында жайкы сессия тургандыктан, ага кызуу даярданып жатты.

Роза, Төлөндү аскерге узаткандан кийин бир топко чейин сагынып, санаага батып жүрүп, акыры өзүн колго алып, жакшы окуп, Төлөн аскерден келгенче, Төлөн тапшырып өтпөй калган айыл-чарба институтуна тапшырып, окууга өтүп, Төлөндү ошол жактан күтүп алууну максат кылып койду. Ал жакшы баа алган сайын Төлөнгө белек катары эсептөөчү. Төлөндү сагынганда ага кат жазып, эгер кат келсе эч кимге көрүнбөй айылдын четиндеги экөө жолугушуучу дарактын түбүнө барып окуп, катты окугандан кийин экөө жолугушкан күндөрдү эстеп, таттуу кыялдарга батып, кээде Төлөн менен жолугушуу учурларын элестетчү. Ал көбүнчө Төлөндүн ушул дарактын түбүндө ак калпагын кийип ат жетелеп турганын, кээде алдын утурлай бастырып келип, карылуу колдору менен жаш баладай эңип алганын, ат мингенди үйрөткөндөрүн элестетчү. Төлөн жанында жүргөндөй болуп жылмайып күлүп алчу. Ал акыркы коңгуроо кечеси жакындаган сайын Төлөн менен алгачкы жолу таанышкан күндү көп эстөөчү болду.

Убакыт учкан куштай зымырап өтүп, жаз мезгили жайга айланды. Төлөн советтик армиянын катарында кызматын ийгиликтүү өтөп жаткан. Анын бош убактысы мурдагыдан көбүрөөк болуп калгандыктан, жакындары менен үзбөй кат алыша баштаган.

Жай мезгили ортолоп калган кезде Розадан кат келбей калды. Ал Розага удаа-удаасы менен кат жазса, жообун ала албады. Төлөмүшкө кат жазса андан да жооп болбоду. Роза акыркы катында “Мен окууну бүтүп, аттестат алдым. Эми жогорку окуу жайына өтүүгө экзамен тапшырганы Фрунзе шаарына жөнөгөнү жатам. Эгер менден кат кечиксе кабатыр болбо.” деп жазгандыктан, анын үмүтүн жандырган жалгыз гана ушул кат болду. Ал өзүнө өзү кайрат айтып, экзамендерин тапшырып колу бошобой жатса керек деп өзүн алаксытчу. Бирок жай мезгили өтүп, күз келсе да Розадан жооп болбогон соң, акырындап үмүтү үзүлүп, балким күйөө ала качып кетип же башка жигитти таап алдыбы деген ойлорго аргасыздан жетелене баштады. Кайра бул ойлоруна ишене албай кетип, жооп келер деген үмүт менен кат жазуусун уланта берди. Качан гана жыл жаңырганда үмүтү биротоло үзүлүп кат жазуусун токтоткону менен Роза анын эсинен түбөлүккө кетпей калгандыктан, Розаны сагынып, санаага батып, аны такыр эле унутуп кое алган жок.

Ал учурда Төлөмүш окуусунун биринчи курсун аяктаганы менен Розанын окуусун бүтүп, шаарга жогорку окуу жайына экзамен тапшырганы келерин билгендиктен, каникулда айылга үйүнө кетпей, атайын Розаны күтүп шаарда калган.

Төлөмүш шаарды жакшы билип калгандыктан, Роза экзамендерин тапшырганы шаарга келгенден баштап, жатаканасына, айыл-чарба институтуна үзбөй барып, жанынан чыкпай дайыма коштоп, экзамен тапшырган сайын белек-бечкек берип, шаар кыдыртып, кечкисин жатаканасына чейин узатып барып жүрчү. Ал канчалык Розага жагалданып, жакшы мамиле жасаганы менен Роза баары бир ага Төлөндүн досу, аяшы катары мамиле кылчу. Ансайын анын Розага болгон сүйүүсү күчөп, кандай гана болбосун Розаны колго түшүрүүнүн айласын таба албай жатты. Акыры аягында өзү билген айла амалдарынан майнап чыкпай койгондо, чогу окуп, бир комнатада жаткан жолдошу Марлеске бүт сырын айтып жардам сурап кайрылды.

Марлес узун бойлуу, толмочунан келген, ачык айрым, Төлөнгө түспөлдөш, андан айырмасы чоңдун баласы болгондуктан, жок барды билбеген, карамүртөс, көпкөлөң жигит эле. Марлес Төлөмүштүн сырын толук угуп бүткөндөн кийин, өзүн токтоо кармап, чечкиндүү үн менен:

-Сенин Розага жетүүгө бир гана жолуң бар экен,— деди. Төлөмүш көзүн алаңдатып, тура калып:

-Ал кандай жол экен?— дегенде, Марлес:

-Эгер чындап эле аны алчу оюң болсо, аны зордуктап салуу керек,— дегенде, Төлөмүш кайра ордуна отуруп жатып.

-Андай колумдан келбейт! Мен аны аябай сүйгөндүктөн, антмек турсун катуу сөз да айта албайм,— деди шаабайы сууп. Марлес бир азга ойлонуп отурду да башына бир ой келе калды окшойт, көзүн кыбыңдатып:

-Аны ишке ашыруу үчүн дагы бир жол бар,— деди. Төлөмүш бул сапар бары бир колумдан келбейт дегендей ордунан:

-Ал кандай жол экен?— деп суроо салганда, Марлес билектерин түрүнүп.

-Бул жерге чакырып келип, тамагына дары кошуп берсең, эч кандай зордуктоонун кереги жок ал өзү эле сеники болот, -дегенде, Төлөмүш бул сунушка өтө эле кубанып кетпестен.

-Болбойт ко, кийин бетин кантип карайм?— дегенде, Марлес кыжыры келип:

-Ой сен кандай келжиреген немесиң! Сен аны биротоло таштап кеткени жаттың беле! ал кайра сенин алганыңа кубанат. Сенде жигиттик намыс барбы? Андай карабаган неме керек болсо артыңдан мени качан аласың деп ээрчип жүрөт, -дегенде, Төлөмүштү айрыкча, “Сенде жигиттик намыс барбы? Андай карабаган неме керек болсо артыңдан мени качан аласың деп ээрчип жүрөт” деген сөздөрү муйутуп, ичинен эмне болсо да намыс үчүн Розага жетсем болбодубу деп Төлөмүш, Марлеске:

-Мен бул сунушуңа маакулмун,— деди.

Роза бул учурда экзамендерге күнү-түнү даярданып, бир чети колу бошобосо, бир чети биротоло экзамендер бүткөндөн кийин жыйынтыгын угузайын деп Төлөндү канчалык сагынса да кат жазуудан карманып жаткан. Ал башынан жакшы окуп, экзамендерге катуу даярдангандыктан, экзамендеринин барын төрт беш деген бааларга тапшырып, айыл-чарба институтунун суу чарба бөлүмүнүн биринчи курсунун студенти болду.

Ал акыркы экзаменин ийгиликтүү тапшырып, сыртка чыкса адаттагыдай эле аяшы Төлөмүш гүл кармап эшиктин алдында күтүп турган экен. Ал бул сапар белегин берип бетинен өөп, куттуктагандан кийин арам оюн ишке ашыруу үчүн:

-Роза, бүгүн сенин урматың үчүн студент болушуңду куттуктайын деп чакан кече уюштурдум эле,— дегенде, Роза:

-Төлөмүш, камкордугуң үчүн чоң рахмат, бүгүн Төлөнгө кат жазайын дедим эле. Ага экзамендердин жыйынтыгын кабарлайын деп көптөн бери кат жаза элек элем,— дегенде, Төлөмүш:

-Роза, бир күндүн ары-бериси кайсы, Төлөнгө катты эртең деле жазасың, атайын сен үчүн камынып, конокторду да чакырып койдум эле,— дегенде, Роза ичинен канчалык баргысы келбей кыйылып турса да, Төлөндүн кадыры үчүн досун таарынтып албайын деп.

-Макул, сен айткандай болсун, -деди.

Мурунтан арам ойду ишке ашыруу үчүн майда-баратынан өйдө тыкат пландалгандыктан, ошол түнү Төлөмүштүн арам оюу ишке ашты.

Роза түндүн бир оокумунда катуу уйкудан ойгонсо, бүткөн боюнун жанчылып, ооруп, өзүнүн жарым жылаңач Төлөмүш менен жатканын көрүп, абийиринен ажырап калганын сезе койду да, ордунан атып тура калып, Төлөмүштү алка жакадан алып:

-Уяты жок айбан, кантип ушул ишке бардың!— деп чапкылап, жулмалап киргенде, Төлөмүш уйкусунан чоочуп ойгонуп:

-Роза, ачууланбачы, бары бир мен сени алам. Сенсиз жашай албайм,— дегенде, Роза бетине түкүрүп,

-Жырткыч айбан! Сени менен жашаганча өлгөнүм артык!— деп сыртты көздөй чуркаганда, Төлөмүш артынан:

-Роза токтосоң! Эми жай олтуруп сүйлөшөлү,— деп кыйкырып кала берди.

Роза жанын кантип кыярга айла таппай, көчө бойлоп чуркап баратты. Розанын кайгысын тең бөлүшкөнсүп, асмандан нөшөрлөп жаан жаай баштады. Роза чуркап баратып, алдынан чыккан машиналарга эки жолу урунууга аракет жасады. Бир машина чукул бурулуп кетсе, экинчиси жетпей тормуз берип токтоду. Ал чуркап отуруп, жатаканасына жетип, өзү жаткан керебетине кулады да, болгон күчү менен шолоктоп ыйлап жатты.

Бирде Төлөндү эстеп, бирде ата-эне бир туугандарын, жакшы санаалаштарын эстеп “эми алардын бетин кантип карайм, мындан көрө өлгөнүм артык” деген ойдон башка башына эч нерсе кирбей, улам тура калып эки жакты кайсалап карап, жанын кыйууга ылайыктуу эч нерсе таппай, башын тамга койгулап, өзүн жулмалап, денеси ооруп, өлөйүн десе өлө албай койду. Акыры алы кетип, ыйлагандан башка эч нерсе колунан келбей калганда, ыйлап жата берди. Жанындагы кыздар экзамендерин тапшырып, үйлөрүнө кетишкендиктен, эч ким Розаны сооротуп, кайрат айткан жок.

Акыры эч нерсе наар албай ыйлап жатып, үч күндөн кийин гана жедеп башы тегеренип, баспай калганда жан деген таттуу эмеспи, өлбөстүн күнүн көрүш үчүн, муздак суу, каткан нан менен оозанды.

Бул учурда Төлөмүш, Роза кеткенден кийин кайра магдырап, таттуу уйкуга кеткен болчу. Эртең менен күн көтөрүлүп калганда, Марлес комнатага баш багып, Төлөмүштүн жалгыз уктап жатканын көрүп, тигини жулкулдатып ойготуп,

-Эй досум, кана жаныңдагы кызың?— дегенде, Төлөмүш уйкусунан араң ойгонуп.

-Таңга маал ыйлап кетип калды, -дегенде, Марлес:

-Эй эмне дейсиң!? Биздин пландар ишке ашпай калдыбы? –деп акырая караганда, Төлөмүш:

-Ишке ашарын ашты дечи, бирок таарынып, ыйлап алып, сөзгө келбей, ыйлаган тейден кетип калды,— дегенде, Марлестин жарпы жазыла күлүп:

-Анда эле болду. Бир жумадан кийин өзү сага келип, Төкө качан үйлөнөлү деп бутуңа жыгылат. Сен накта жигиттик кылыптырсың, андан көрө туруп бир нерсе таап кел. Сенин жеңишиңди белгилеп койолу,— дегенде, Төлөмүш ордунан туруп, дүкөнгө жөнөгөндө, Марлес комнатаны иреттеп чай койгонго киришти.

Төлөмүш арак алып келип, столдун үстүнө койгондо столдун үстү белен болчу. Экөө арак ичип түндөгү болгон окуя туурасында сүйлөшүп, каткырып, күлкүлөрү чыгып тамактанып жатышты.

Бул жалган дүйнөдө адам затынын башына нелер келип нелер кетпейт. Бирөөлөр жеңилип, шору кайнап, өлө албай жатса, бирөөлөр өлтүрүп, жеңишине манчыркап кубанып, бирөөлөрдүн башына кайгы мүшкүл түшүп жатса, бирөөлөрдүн илгертеден берки тилеги орундалып, дөөлөтүнө мас болуп көзү ачылбай, деги койчу айтып отурса түгөнбөйт. Бир сөз менен айтканда, бирөөнө кор, бирөөнө зар дүйнө деген ушул экенго. Ошон үчүн бул дүйнөнү жалган дүйнө деп койсо керек.

Ошентип, Роза өмүр бою эңсеген асыл максаттары бир түндүн ичинеде талкаланды да калды. Аял затынын назиктигин бекер жеринен гүлгө теңебесе керек. Роза да үзүлгөн гүлдөй болуп, бир жуманын ичинде эле оор кайгыдан өңүнөн азган, мүнөзү катуу, илмийген арык чыпалактай кызга айланды да калды.

Тирүү адамга жашоо турмуш улана берет тура. Роза да бир жумадан кийин көр тирликтин айынан көчөгө чыкты. Төлөмүш, Марлестин айтуусу боюнча Розаны бир жума жатаканасынан күттү. Акыры күтүүсүнөн майнап чыкпаганда, жолугуу үчүн Розанын жатаканысына келип, таппаган соң, жатакананын алдында күтүп турган эле. Бир убакта Розанын карааны көрүнөөрү менен алдынан утурлай тосуп чыгып:

-Роза мени уксаң? Өткөндөгүм үчүн мени кечирип кой. Сен карабай койгондо айласыздан ушул ишке бардым. Сен мен жөнүндө жаман ойлобо, эгер кааласаң азыр үйлөнүүгө даярмын,— деп безеленип ээрчий басканда, Роза бурулуп, жеп жиберчүдөй тиктеп.

-Айбан! Арам ишиңди аткарып, өз максатыңа жеттиң! Эми көзүмө көрүнбөй жогол! Сени көргүм да уккум да келбейт. Эми көзүмө көрүнсөң, менден жакшылык күтпө!— деп шарт бурулуп, жатаканасына чуркаган тейден кирип кеткенде.  Төлөмүш:

-Роза кечир мени!— деп артынан ээрчий кыйкырып калып калды. Ал кайра чыгып калабы деп эки саатча акыйып күтүп туруп, качан гана чыкпасына көзү жеткенде, жатаканасын көздөй терең ойдун кучагына батып, башын жерге салып, илкий басып жөнөдү. Ал жатаканасына келгенде Марлес алдынан тосуп чыгып:

-Ии кана, Розаң эмне деп жалынды?— дегенде, Төлөмүш мурунтан эле Марлеске тишин кайрап ачууланып келаткандыктан, өзүн кармай албай калып:

-Момунтип жалдырады!— деп тумшуктан ары койуп калганда, Марлестин тумшугунан кан жая берип.

-Ой энеңди, мени соккончо болдуңбу!— деп олбурлуу неме арыкчырай жапалдаш бойлуу немени баса калып тепкилеп кирди. Төлөмүш тепкиден алган оор жаракаттан төшөккө жатып калды. Ал өзүнүн ооруганына кайыл болуп, Розага кылган айбанча мамилесине өкүнүп, аябай кайгырып, ыйлап жатты. Ал чынында эле Розаны абдан сүйгөндүктөн, ал жөнүндө дагы эле жакшы ойдо калып, сүйүүсү күчүндө болчу. Ал дагы бир жумача ооруп жатып, өңүнөн азып турду. Турары менен Розага жолугууну самап, издеп жөнөдү.

Төлөмүш, Розаны жатаканасынын жанынан көрүп, жанына даап бара алган жок. Ал тек гана аны алыстан карап турду. Роза ага мурдакыдан да сүрдүү, сүйкүмдүү, кол жеткистей көрүндү. Канчалык жанына барайын десе да, буттары тушалып калгансып, алдыга кадам шилтей албай турду. Качан гана Розанын карааны үзүлгөндө, эми Розанын жанына баруу мүмкүнчүлүгүнөн да ажыраганын сезип, жанында турган отургучка отура калып, шолоктоп ыйлап жиберди. Бир топ ыйлагандан кийин эсине келип, бирөөлөр көрүп калабы деди окшойт, көзүнүн жашын колдору менен сүрүп, жаңыдан ыйлап сооронгон жаш балага окшоп, энтелеп жатты.

Арадан бир жумача убакыт өткөндөн кийин жаңы окуу жылы башталды. Роза айыл-чарба институтунун суу-чарба бөлүмүнүн биринчи курсуна кирсе, Төлөмүш мед.институтунун санэпидемалогия бөлүмүнүн экинчи курсуна кирип, окуп жатышты.

Төлөн болсо аскерде кызматын өтөп, үчөө үч башка жерде, сүйүү деген улуу күч бириктирген үч бурчтук сыяктуу, үчөө бирине –бири дагы эле байланган бойдон калышты.

Роза дагы эле Төлөн деп жашап, аны аябай сүйгөнү менен анын каттарына жооп жаздырбай, анын эки колун байлап, ар намысы жол бербеди. Ал бир канча ирет Төлөнгө жалындаган сүйүүсүн арнап, жооп жазып алып, кайра айрып салган күндөрү болду. Эми ал болгон ызасын окуудан чыгармай болуп, күнү-түнү дебей көшөрүп окуганга киришти.

Төлөн болсо аскерде Розадан жооп ала албай, сүйүүнүн жалынына күйүп жүрсө, Төлөмүш Розанын жанында жүрсө да жолугуп сүйлөшө албай, сүйүүнүн жалынына күйсө, Роза да Төлөнгө кат жаза албай сүйүүнүн жалынына күйүп жүрдү. Ошентип үчөө үч жерде азап тартып, сүйүүнүн жалынына күйүп жүрүшсө, жашоо— турмуш болсо өз нугу менен өтө берди.

Арадан дагы бир жылдын кандай өтүп кеткени билинбей калды. Төлөндүн аскердеги эки жылдык кызматы аяктап, туулуп өскөн эл жерине кайтып келди. Ал Фрунзе шаарына келип түшөрү менен Төлөмүш досун издеп, мед.институтка барып сураштырып, жатаканасын таап барса, Төлөмүш жок экен. Жанында жаткан балдары.

-Азыр келип калат, күтө туруңуз,— дешкенине болбой кайра сыртка чыкты. Ал комнатада бир минута да калгысы келбей, бир нерсени жүрөгү сезгенсип, аба жетпегендей болуп, деми кыстыкканынан сыртка чыккан.

Сыртка чыгып, таза абадан дем алаары менен өзүнө келе түштү. Ал Төлөмүш досун көзүнө сүртө албай, эки жакты алаңдап карап турду. Роза менен Төлөмүштөн кат кабар албаганына бир жылдан ашып калгандыктан, экөөнү тең аябай сагынып, куса болуп жүргөн болчу. Розага барайын десе дарегин билбегендиктен, адегенде Төлөмүш досуна жолугуп, ал аркылуу Розаны таап алам деп ойлогон болчу. Эми минтип эки жылдан бери жолуга элек, сагынып жүргөн эң жакын адамдарынын жолуктурар алдында, ал бир орунга тура албай, жүрөгү алып учуп, кабынан чыгып кетчүдөй болуп соккону, кулагына угулуп жаткандай болуп, дүкүлдөп жатты.

Кеч күз болуп, ноябрь айы ортолоп калгандыктан, кар жаабаса да күн суук болуп калган. Бирок сууктун күчү ага сезилбестен, анын бүт денеси ысып күйүп жаткандай болду. Ал ары-бери басып сыртта турган. Бир сааттай убакыт болуп калганда алыстан Төлөмүштүн карааны көрүндү.

Ал, Төлөндүн утурлай шыпылдай басып келе жатканын көрүп, катуу басып келе жатканынын себебин түшүнө албай, бир нерсени сезип калганбы дегендей болуп, коркуп кетип, ордунда туруп калганда, Төлөн жете келип.

-Төлөмүш досум, эмне мени тааныбай калдыңбы? –деп кучагына кыса кучактап, көзүнүн жашын куюлтуп, аябай сагынганын айтып, өпкүлөп киргенде гана Төлөмүш эсин жыйып, ал да бек кучактап өпкүлөп, жооп кайтарып жатты. Бир топтон кийин Төлөн кучагынан бошотуп, -Эмне үчүн каттарыма жооп жазган жоксуң? Розадан да дайын жок. Экөөң тең кеңешип алгансып, эмне үчүн жооп жазбайсыңар?— деп жаш куюлган көздөрү менен көзүнө тике караганда, Төлөмүш көзүн Төлөндүн көздөрүнөн ала качып, жер карап, калп айтууга аргасыз болуп.

-Төкө, каттарыңды алган жокмун. Дарегиңди да жоготуп жиберип, анын үстүнө Розанын да дайынын билбегендиктен, кат жаза алган жокмун,— деп мукактанып сүйлөгөндө, Төлөн кат жазбаганга уялып жатса керек деп түшүнүп, досун аяп кетип,

-Эч нерсе эмес, эми дайыма чогу болуп, Розаны да таап алабыз,— деп досунун күнөөсүнүн барын бир заматта кечирип салгандай болду.

Төлөмүш айткан сөзүнө Төлөндүн ишенип калганына ичинен кубанып, жеңилдей түштү да:

-Жүрү Төкө, бул жерде эмне турабыз, чай-пай ичип эс алалы. Жол жүрүп чарчап келсең керек,— дегенде, Төлөн:

-Мен жанаа эле сени издеп, сен жаткан комнатаңа кирип чыккам. Жолдон тамак ичкем, курсагым деле ачкан жери жок, андан көрө шаар кыдырып, туулган жердин абасынан дем алып, эл жерди көрөлү, абдан сагындым,— дегенде, Төлөмүш:

-Андай болсо макул, шаар кыдырса кыдыралы,— деп экөө ээрчишип алып, шаар кыдырып жөнөштү.

Төлөн айтаарга сөз таппай бакылдап сүйлөп жатса, Төлөмүш, Төлөндүн суроолоруна анда-санда жооп бергени болбосо, көп сүйлөбөй, ар кайсыны ойлоп, сар санаага батып баратты. Экөө шаарды түндүн бир оокумуна чейин кыдырып, жедеп чарчашканда гана келип жатышты. Төлөн эртең менен ойгоноору менен Төлөмүштү ойготуп, айылга барып, үйдөгүлөрү менен учурашып, Розаны издерин айтып, эртен мененки тамагын ичишкенден кийин айылга жөнөп кетти.

Бул жолугушуу Төлөмүшкө да оор болду. Анткени досунун дагы эле ага абдан ишенип, анын арамдык ишинен шек санабаганы аны өзгөчө кыйнады. Ал чындыкты досу Төлөнгө же Розага айта албай ичине катканы үчүнбү анын күнөөсүн ого бетер оорлотуп, ичинен өзүн өзү соттоп жатты.

Роза ал убакта ого бетер арыктап, чыканактай болуп кичирейип кеткендей, абдан жүдөнүп, санаага батып, Төлөнүнүн аскерден келер убагын болжоп билгендиктен, аны менен кантип жолугуп, эмне деп сүйлөшөрүн же жолугушпай койорун биле албай бушайман болуп жүргөн учуру эле.

Төлөн айылга барып ата-эне, бир тууган, жакшы санаалаштары менен учурашкандан кийин эртеси күнү эле Розаны издеп, Балтабай айылына жөнөдү. Ал үйүн билгендиктен, түз эле үйүнө барып, инисинен Розанын дарегин сураса, иниси чоочун жигитке эжесинин дарегин толук айтып бербестен, тек гана эжесинин бир жыл мурда Фрунзе шаарына жогорку окуу жайларынын бирине окууга тапшырып өткөнүн, учурда экинчи курста окуп жатканын айтты. Төлөн канчалык тактап алайын деп такып сурабасын, андан башка Роза жөнүндө маалымат ала алган жок. Ал айылында бир жумача араң чыдап туруп, Розаны издегени кайра Фрунзеге жөнөдү.

Фрунзеге келери менен кайрадан Төлөмүш досуна жолугуп, аны менен Розаны жогорку окуу жайларынын барына барып издей баштады. Барбаган окуу жайы калган жок. Ал жерде окуган студенттерден сураштырып, Роза аттуу кыздардын бир тобуна жолугуп, өзүнүн Розасын таба албаганда, дагы улантып издөө үчүн өзү мурда тапшырып өтпөй калган, айыл-чарба институтунун мал догдурларды окутуучу бөлүмүнүн келерки жылга окууга өтүү үчүн даярдоо бөлүмүнө тапшырды.

Бош боло калган убагында ар кайсы окуу жайларга барып, Розасын издөөнү уланта берди. Ага алдынан чыккан кыздарды карамайынча өтпөгөн адат да пайда болду. Төлөмүш болсо Розанын дарегин билип туруп айтпаганына, досунун сыр жашырбай, толук бойдон өзү менен бөлүшүп, өзүндөй ишенип жатканы, Розаны чын дилинен сүйүп, ага жолуга албай кыйналып жүргөнүн көргөн сайын ичинен кыйналып эчен жолу Төлөнгө болгонун болгондой айтып жибере таштап барып, өзүн араң токтотуп калып жүрдү. Ал өзүнүн досуна, Розага жасаган чыккынчылыгын, күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, өзүн өзү кечире албай кыйналып, досунун алдындагы чоң күнөөсүн сезгендиктен, Төлөндүн көздөрүнө тик карай албай, өзүн андан алыс кармоого аракет кылып, аны менен жолугушуудан каччу болду. Бирок Розаны жан дили менен сүйүп, дагы эле Төлөндөн кызганып, экөөнүн жолугушуусун каалаган жок. Ал дагы эле Розадан үмүтүн үзбөй, бош боло калган учурунда аны алыстан болсо да караанын көрүү үчүн Розаны издеп таап, анын алыстан караанын көрүп, таанып билгендерден ал жөнүндө сураштырып, дайнын билгенде гана санаасы тынып калчу. Ошентип, Розадан үмүтүн үзбөй, аны башкага ыра көрбөй, эртедир кечтир бары бир үйлөнөм деген оюнан кайтпай, аны сыртынан кайтарып жүргөн болчу.

Жыл жаңы эле жаңырып айлана чөйрө аппак карга оронуп, көп көк болгон асманда күн жылуу нурларын чачыратып, кыш чилдесинин убагы болсо да теребел жып жылуу болуп, айыл-чарба институтунун башкы корпусунун тегерегинде ары-бери баскан студенттер көп болчу. Бири имаратка кирип жатышса, бирөөлөрү чыгышып, айтор бары эле шыпылдай басышып, бир жака шашкан сыяктуу.

Роза көп студенттердин бириндей эле башкы корпуска эч нерседен бей капар шыпылдай басып кирип баратканда, алдынан эшиктен чыгып келе жаткан Төлөн карпа курпа чыга калды. Роза эмне дерин билбей туруп калганда, Төлөн тааныбай өтүп кетти. Эсин жыйа калып:

-Төлөн!— деп кандай кыйкырып жибергенин өзү да сезбей калды.

Төлөн жыйырма кадамдай өтүп, тепкичтен түшүп бараткан. Ага өзүнүн аты угулгандай болгондо артына кылчайып карады. Анын көзүнө имаратка кирип чыгып жатышкан студенттерден башка эч ким көрүнбөй, өзүн чакырып жаткан адам да көрүнбөгөндүктөн кайра кайрылып жолун улантты. Роза, Төлөн артына кайрылып караганда кайра кыйкырууга дарманы келбей, дел болуп карап туруп калган болчу. Төлөн кайра кайрылып жолун улантканда болгон күчүн жыйнап:

-Төкө! Төкө! –деп артынан кыйкырганы менен анын үнү катуу чыкпай буулуп, буттары тушалгансып, кыбырап баспай калды. Ал бираз жерге ээрчип барып, ыйлаган бойдон калып калды. Төлөн шыпылдай басып, караанын үзүп кетти.

Роза мурунтан эле өзүн сактап, Төлөнүн күтүп ала албаганына өзүн күнөөлүү сезип жүргөн болчу. Анын көзүнө Төлөн шыңга бойлуу, бой келбетине өңү түсү келишкен, өзүнөн ал, алда канча бийик жигиттей сезилди. Анын көз алдында баякы сүйкүмдүү, ак көңүл, боорукер, жөнөкөй Төлөнүнүн ордунда, келбети келишкен, татынакай, сүрдүү, өзүнө эч кимди теңебеген, эч ким менен сүйлөшпөгөн, мүнөзү катаал, коркунучтуу жигит кетип бараткандай болду. Ага Төлөн кол жеткистей сезилип, кийинки күндөрү да ошол бойдон калды. Ал канчалык Төлөнгө жолугайын десе да жолуга албады. Аны ар-намысы бутун тушап, үнүн чыгарбай жаткандай болду.

Роза, эми Төлөн менен бир институтта окуп жүргөнүн билгенден кийин ал Төлөндү алыстан болсо да көрүү үчүн дайыма эки жагын каранып, элдин арасынан Төлөнүн издөөчү болду. Кээде көрүп калса да жанына барып жолуга албай, Төлөмүш сыяктуу, сыртынан көз салып жүрдү.

Жашоо турмуш бир калыпта эле өтө бербейт эмеспи. Арадан бир топ жыл убакыт өткөндөн кийин бул үчөөнүн жашоо турмушунда да олуттуу өзгөрүүлөр болду.

Роза канчалык Төлөнүн жанындай көрүп, катуу сүйгөнү менен намысы жол берип, жолугушуп сүйлөшө албасына көзү жеткенден кийин өзү сүйбөсө да сүйүүсүн айтып, артынан жүргөн, өзү менен чогу окуган, Оштук Мурат деген жигитке күйөөгө чыгып, кызыл диплом менен жакшы окуп бүткөндүктөн, өзү окуп бүткөн институтта студенттерге сабак берип, мугалим болуп иштеп, шаарда жашап калат. Кийин Мурат экөө бир кыздуу болушкандан кийин экөөнүн ортосундагы пикир келишпестиктерден улам экөө ажырашып кетип, Роза кызы менен шаарда өз ишинде иштеп калып, күйөөсү Ошко кетет.

Төлөмүш, Розаны күтүп жүрүп, анын турмушка чыкканын угуп, көрүп, андан биротоло түңүлгөндөн кийин өзү менен чогу окуп бүткөн Анара деген кызга үйлөнүп, шаарда жашап, иштеп калышат.

Төлөн да Розаны беш жыл бою издеп, таппай калганда, окуусун бүтөөрдө, медучилищаны окуп бүткөн Айша деген кызга үйлөнүп, өзүнүн туулуп өскөн айлына барып, өзү мал догдурлук кызматка, колуктусу айылдык медпунка ишке орношот.

Ошентип бул үчөө турмуштун жазылбаган мыйзамдарына ылайык үч башка жерде жашап, иштеп жатышкандары менен сүйүү деген улуу күч жүрөктөрүндө жашоосун улантып, дагы эле бири-бирин унуттурбай өз ара биригип турган үч бурчтук сакталып калды.

Жашоо турмуш уланып, арадан жыйырма жылдай убакыттын кандай тездик менен өтүп кеткени билинбей, бул убакыттын ичинде үчөө тең бала чакалуу болушуп, балдарынын алды турмуш кура башташты. Төлөн айылда башкы мал догдур болуп иштеп, элинин кадыр баркына ээ болду. Төлөмүш кызматтан кызматка көтөрүлүп, мамлекеттик масштабдагы мекеменин жетекчиси кызматына чейин жетти. Роза илимдин доктору, профессор деген наамга ээ болуп, мамлекеттеги таанымал, кадыр барктуу адамдардын катарына кошулду.

Бирок алар канчалык чоң чоң ийгиликтерге жетишпесин, жетпей калган чыныгы сүйүүнүн оорду толбой, жан дүйнөлөрүндө боштук сезилип, жүрөктөрүн ээлеп алган чыныгы сүйүү деген улуу күч бири-бирин эстеген сайын жүрөктөрүн сыздатып, жолукпагандарына көптөгөн убакыт өтүп кетсе да, дагы эле сагынтып, жандарын жай алдырбай жүргөн.

Тагдырдын жазымышыбы же бул үчөөнүн кыйналып жүргөнүн билип, кудайымдын боору ооруп, бул үчөөнү дагы бир жолу жолуктуруп, биротоло түңүлтөйүн дедиби, болгондо да үчөөнү адеп алгачкы жолу таанышкан жарылган жүрөк тоосунун жанынан жолуктурду.

Ал жолугушуу мындай болгон эле.

Төлөмүш иш сапары менен Жети-Өгүз курортуна келгенде, Роза курортто эс алып жүргөн болчу. Төлөн болсо, аялы курортто медайым болуп иштеп жаткандыктан, ал дагы курортко жумуштап барып калат. Ойлорунда эч нерсе жок үчөө үч жактан келатышып, капысынан жолугуп калышат. Көргөн көздөрүнө ишенишпей, тил оозу жок бири-бирин тиктешип туруп калышат да, бир топтон кийин гана, бул чын эле сенсиңби? Дегендей болушуп, бири-биринин аттарын аташып, көз караштары аркылуу үн сөз жок сүйлөшө башташат.

Үчөөнүн тең акылдары жетик, сезимтал адамдардан болушкандыктан, өткөн окуяларды көз караштарынан окуп түшүнүшкөндүктөн, жүрөктөрүн ээлеп алган сүйүү деген улуу күчтү намыс деген андан да улуу күч сүрүп чыгарып, бир заматта бири-биринен биротоло түңүлткөндө үчөө үч жакка үн сөзсүз басып кетишти.

Ошентип сүйүү деген улуу күчкө байланып турган үч бурчтук “намыс” деген андан да улуу күч келгенде, бытчыт болуп туруштук бере албай быркылап, чачырандылары кең ааламдын кучагына сиңип жок болду.

Көрсө намыс адамзаттын аң-сезиминдеги күчтөрдүн эң улуусу, күчтүүсү да экенго. “Жигитти намыс, коёнду камыш өлтүрөт” деген эл оозундагы макал бекеринен калбаса керек.

 

© Бекказы Элебесов, 2013

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 


Количество просмотров: 1937