Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз / Улуттук жазуучулар Союзу сунуштайт
© Эшимкулова Г.Ф., 2005. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2008-жылдын 26 ноябры

Гүлмира Фронтбековна ЭШИМКУЛОВА

Тагдыр

(повесть)

Адам баласынын жүрөгүнө түбөлүккө кетпес так калтырган согуштун залдары канчалаган үй-бүлөлөрдү муң-кайгыга салып, атаны баладан, баланы энеден ажыратып алсыратты. Ошондой кайгылуу окуяны чагылдырган автордун бул повести окуган адамды кайдыгер калтырбайт. Чыгармадагы негизги проблема — ата-бабанын жолун жолдоп, артынан тукум калтыруу маселеси жаштарды ойлондурбай койбойт

Эшимкулова Гүлмира. Тагдыр. Повесть ж-а ырлар. /Сүрөтчүсү Азат Сыдыгалиев. – Б.: Бийиктик, 2005. – 112 б. китебинен алынды
УДК 82/821
ББК 84 Ки 7-4
        Э — 98
ISBN 9967-13-162-4
Э 4702300100-05


    Согуштун оту кайнап, күн сайын айылдын эр азаматтарына чакырык келип жатты. Ошондо Сыдыгалы жашы жыйырма бештер чамасындагы өң десе өңү, акыл десең акылы менен элди суктандырган, бардык жагынан бийик турган айылдын белсемдүү жигиттеринин бири эле. Өзү жактырып, сүйлөшүп жүрүп үйлөнгөн келинчеги Батма экөөнүн баш кошуп, түтүн булатканына мына быйыл беш жылдын жүзү болду. Бирок бири кем дүйнө деген ушул бейм, жараткан бул жаш жубайларга бала бербеди. Батма бала жытына зар болуп, барбаган дарыгери, эмчи-домчусу калбады. Айылдагы кошуна-колоңдоруна согушка чакырык келген сайын ичи туз куйгандай ачышып, эртеби, кечпи акыры бул үйгө дагы кабар келет го деп ичинен сызып да жүрдү. Акыркы күндөрү өзүнүн төрөй албасына биротоло көзү жетип, жалгыз мен деп жүрүп Сыдыгалы согушка кетсе, же аркасынан бала калбаса кандай болот деген ойлор Батманын башын чырмайт.

Бул күнү эртең менен эрте туруп, адатынча үй оокат менен алышып жүргөнүндө кошунасынын баласы Исламдын чаң сапырып чуркап келип:

— Жеңе, байкем үйдөбү? – деген сөзүн угуп, жүрөгү акактап оозуна тыгыла түштү.

— Үйдө, эмне болду? – деп алдынан шашыла чыкты. – Тынччылык элеби?

— Тынч эле, Асылбаштан Саара эжекем келе жатат. Мен ошону көрүп эле силерге айтайын деп келдим. Байкем үйдө жокпу? – деп тентек Ислам элеңдеп эки жагын карады.

— Үйдө. Сен чуркап келгениңден оюм башка жакка кетпедиби. Азыр чакырам, — деп идиш жууп жаткан суу колун суулукка аарчып, үйгө кирип, күйөөсүн чакырып чыкты.

Жолдошунун аталаш эжеси Сааранын түшүнө аян берип, Сыдыгалыны жакында согушка алып кетерине көзү жетип, инимди согушка алып кетсе эмне болот? Урушка аман-эсен барып келсе жакшы. Бирок кайтаарына көзүм жетпей турат, жок дегенде аркасынан туяк калса деген оюн келини менен ачык сүйлөшүү максатында келе жатканын жаш келин Батма али биле элек.

Сыдыгалы өзү дагы бул эжесин өзгөчө көрчү. «Эжем келе жатыптыр» — деген сөздү угуп, жетине албай, үстүнө көйнөгүн чала-була кийе коюп, алдынан чуркап чыкты.

— Ой, эжеке, кандай? Сагындык го сени, – деп адатынча күлүп-жайнап барып алдынан чыкты.

— Кандай, Сыдыгалы? Апаң кандай? Жакшыбы?

— Жакшы. Өзүңөр кандай жатасыңар? Жездем кандай?

— Жакшы.

— Келин кандай?

— Жакшы эле.

— Маңдайы жарык келинчегиң бар, жок дегенде бирди төрөп алса, жакшы болор эле.

— Аны бир айтасызбы, эки айтасызбы эжеке, балалуу болушка биздин дагы эки көзүбүз төрт.

Үйгө жакындап калган кайнежесин көрүп Батма алдынан чыкты. Саараны ал өзү дагы жакшы көрөт. Ал тургай кайнежеси менен көпчүлүк убакта сыймыктанып да кетет.

Саара үйгө кирип, үйдөгү Сыдыгалынын апасы Айыке менен учурашып, бир чыныдан чай ичишкенден кийин келини Батманы карап:

— Батма, экөөбүз көлдүн жээгине барып эс алып келбейлиби? – деди.

— Мейли, барса барып келели, – деп Батма дароо камынып, Саара экөө Бешкөрүктүн майда көлчөлөрүнүн бири Жекенди көлүн көздөй басышты.

Күн чыгыш тарабын камыш баскан Жекенди көлүнүн жээгине барып бир аз отурушкандан кийин сөз төркүнүн Батма өзү баштады:

— Эже, жакында дагы бир дарыгерге бардым, – деп Батма көлдү муңдуу тиктеди.

— Анан? – деп, Саара Батманы үмүттүү карады.

— Эч жакшы нерсе айткан жок.

— Дарыгер эмне дейт? — деп Саара жай сурады

— Эмне демек эле, – деп Батманын балбылдаган көздөрүнө жаш толуп кетти.

— Кой, ыйлаба. Ошол кантип болсун, – деп Саара Батманы кучактап бооруна тартты.

— Кантип ыйлабайм, сен эч качан балалуу болбойсуң,— деди.

— Дей берет. Сен аны укпа, андайларга көңүл бурба.

— Кечээ өйдөкү кошунанын баласын дагы согушка алып кетти. Бир күнү Сыдыгалыга дагы согушка чакырык келип, аны алып кетип калса, же аркасында туягы жок. Билбейм деги, – деп Батма көзүнүн жашын сүртүп, мелтиреп жаткан Жекенди көлүн тиктеди.

— Түндө түшүмө аян берди.

— Кандай аян?

— Билбейм, айтууга дагы оозум барбайт, – деп Саара өзү отурган жердеги бир тал чөптү үзүп сууга ыргытты. Бир аз ойлонуп отуруп анан:

— Бүгүн, эртең болбосо дагы жакын арада инимди согушка алып кетчүдөй эле болуп турат. Эмнегедир жүрөгүм туйлап, ички дүйнөм мага тынчтык бербегенсийт. Бүгүн эртең менен эрте туруп жездеңе: “Мен Бешкөрүккө барып келейин”— деп башка эч нерсе айтпай эле төркүнгө жетип келгенимдин себеби да ушул болду. Анан кечээ Асылбаштан бирөөлөр айтып жатышты эле Сокулук тарапта бир мыкты табып бар деп. Азыр ошол жакка барып келсек кантет?

— Ал табыпка дагы баргам, эч пайда чыкпады.

— Анда эмне кылабыз?

— Билбейм, мен барбаган дарыгерим калбады, – деп Батма кабагын бүркөп, көзүн жашылдандыра жер карады.

Саара бир аз ойлонуп отуруп анан:

— Баштагыдай тынчтык заман болсо, анда эч нерсе дебейт элем, Батма. Ушунча болуп мен сенин бир жаман кебиңди, же жаман көңүл калтырган кыялыңды деле көргөн жокмун. Сени түшүнүп эле турам, балага зар болуп жүрөсүң. Мен аныңды эң сонун түшүнөм. Бирок мени дагы туура түшүн, келиним. Өзүң билесиң баягыдай күпүлдөгөн Алдабердилер жок, көпчүлүгү өлүп, кырылып жок болушту. Ойлонуп отуруп башка арга таппадым. Инимдин башын бошот! Кеч болуп кала элегинде аракет кылып, бөлөк келинчек алып берели. Балким, жараткан шыпаа кылып экинчи алган келинчегинен бизге бир туяк калар. Сен дагы өзүңдү өзүң жапжаш туруп жемелебей таалайыңа жазганды көр,Батма.Боталынын тукуму соолуп бараткансыйт. Сыдыгалыдан бизге, сөзсүз бала калышы керек.Бизге тукум улаар эркек бала керек.Бактыңды башка менен изде.Кезинде сенин кайнатаң кандай адам эле? Ошол кишиден бизге дагы тукум.калышы керек да.Бизге туяк керек Батма,инимдин башын байлаба!

Ушул сөздү уккан Батма жердин катуулугунан, жандын таттуулугунан гана көзүнүн жашын чуурутуп, улам бир майда толкуну келип көлдүн жээгине урунган Жекенди көлдүн бетин телмире тиктеп, буулугуп, үн сөзү жок туруп калды.

Ошол күнү кечке чейин Батма да, Саара да өз ичтеринен бушайман болуп жүрүштү. Бирок экөө тең бул тууралуу Сыдыгалыга үндөшкөн жок.

Эртеси эртең менен таң заарда Батма тез-тез кийимдерин чогултуп, үйдөгүлөр тура элегинде босогодон биротоло чыгып кетти.

Эч нерседен капары жок Сыдыгалы кечээтен бери келинчегинин өзгөчө бир бушайман болуп жүргөнүн байкагансыган. Бирок минтип өзүнө бул жөнүндө эч нерсе айтпай туруп, үйдөн чыгып кетери тууралуу капары жок эле. Ал төшөктөн туруп жатып кокусунан Батманын жаздыгынын үстүндө турган куш тилиндей катты көрдү.

Сыдыгалы, мени кечирип кой. Бул катты жазыш мен үчүн деле оңой эмес, ичим жалын, сыртым чок болуп турат. Себеби сен экөөбүз баш кошуп, аздыр-көптүр беш жыл болсо дагы бирге жашадык. Сенден күнөө деле кеткен жок, балким, менден дагы… Жалгыз гана экөөбүздүн айыбыбыз-ортодо баланын жоктугу. Мени кечирип кой, Саара эжем туура айтты, чын эле мен сенин башыңды байлабайын. Өзүң деле ойлоп көрчү, согуштун азыр бүтө турган түрү жок. Бир күнү сени да алып кетсе, аркаңда «Ата» деп сени сагынып күтөөр балаң жок. Согуштан кайтып келсең жакшы. Анан кайтпай калсаңчы? Анда сенин да булактай тунук изиң соолуйт да калат. Баса, сенин деле эсиңдедир, мен былтыр өз айылыма барып үч күн апамдын жанына жатып келейин деп кетип, үч күндүн ордуна жыйырма күн жатып алганым. Анан мен кайра үйгө келгенде сен менден эмне мынча жоголдуң дегенде, мен апама жардам бердим десем, мага ишендиң эле. Бирок чындыгында мен апама жардам бербей эле сени менен ажырашып, сенин башыңды бошотоюн дегем Сыдыгалы, мен ошондо эле кайрылып сага келбейин дегем, бирок апам сени абдан жакшы көрөт эмеспи. Кечке кулагымды жеп, үйүңө бар дегенинен гана келгем. Сен мага таарынба. Бирок бул ачуулай чындык. Эми менин сенден акыркы өтүнүчүм айылдагы Абдыластын кызы Анаркүлгө эле үйлөн. Менин төшөгүмдү Анаркүлдөн бөлөк эч кимге тебелетпе, суранам сенден.

Баса, баягы экөөбүз жаңы үйлөнгөндө сайган мажүрүм талды кыйып салчы. Ал тал уламдан-улам бой тиреп, бутактары ийилген сайын экөөбүз эртели-кеч жаш баладай асырап, дагы өсүп, дагы бутактары куюлса экен дечү эмес белек. А, сенин ошондогу мажүрүм талга суктанып, ал тургай ыр чыгарып, ырдап жүргөнүң эсиңдедир? Сенин ошол ырың, ошондогу булбулдай кубулжуган үнүң менин кулагымда ар дайым үч кыл комуздун мукам күүсүндөй жаңырып, жүрөгүмдө сактала берерине мен ишенем. Бирок сенден өтүнөөрүм ошол талды кыйып салчы. Кыйып салчы дегенимдин себеби, кээ күндөрү экөөбүздүн баласыз жүргөндүгүбүзгө мен ушул күнөөсүз, бирок сулуулугу арткан талды отургузгандыгыбыз үчүн, экөөбүздү күнөөлөп дагы кетчүмүн. Бирок сага айтканга оозум барчу эмес. Анткени сен бул талга абдан суктанып, талды абдан жактырчу элең. Сен экөөбүз баш кошуп, жаңы эле үйлөнгөндө мен апама барып, кечээ биз Сыдыгалы экөөбүз мажүрүм тал отургуздук десем, апам тимеле ордунан секирип кетип: «Ай, балам ай, жаңы үйлөнүп, жаңы эле түтүн буулаткан жаш жубайлар дагы ушундай мөмө бербеген талды отургузмак беле? Ай акылы жокторум. Андан көрө Сарыөзөн Чүйдө өспөгөн бак-шак жок, алма, алмурут, чийе, жок дегенде бир түп өрүк отургузсаңар болмок» – деген сөзү кулагыма күнү бүгүнкүдөй жаңырып турат. Алтургай мөмө бере турган деген сөзү жыл өтүп, экөөбүз балага зар боло баштаган сайын эсиме түшчү болгон. Ырымдап, анын ордуна бир мөмө берген бак сайчы? Жыл сайын ошол багыңдын мөмөсү төгүлгөн сайын үйүңдө улам бир наристенин ыңаалаган үнү жаңырып турсунчу, сенин балдарың ошол дарактын мөмөсүн жеп, ошол дарактын алдына үй жасап ойношсунчу. Эми мага уруксат бер, мен кетейин. Албетте, мен бул катымда айткан сөзүмдү сага кат жүзүндө эмес оозмо-ооз айтышым керек эле. Бирок менин сага болгон махабатым, сага, сенин жүзүңдү карап туруп ушул сөздөрдү айтууга эрк бербейт. Ошол себептүү сага кат кана жазып коюшту туура көрдүм. Албетте, өмүр чиркин токтоп турбайт да, арадан ай өтөр, ай артынан жыл өтөр. Балким, мен бир кезде өкүнөөрмүн. А балким.... Бирок мен сени өмүр бою унутпайм, өмүр бою тагдырыма таарынам. Кош эми, менин алгачкы махабатым. Алладан сураарым сага уул берсин, бар бол. Кош бол эми, бактылуу бол, Сыдыгалы, кечир мени, унут мени, аркамдан издеп келбе, суранам сенден! Батма.»

Катты окугандан кийин ушул кең дүйнө Сыдыгалыга тарыгандай сезилип, жер үч көчкөндөй болду. Бешенесинен аккан муздак тер Сыдыгалынын чекесин эмес, бүткүл жан дүйнөсүн муздаткандай болуп, эки көзү терезени черткилей өскөн күнөөсүз мажүрүм талга кадалып, бир кезде өзү асырап өстүргөн мажүрүм тал көзүнө ушунчалык жаман көрүнүп, бардыгына ушул тал күнөөлүүдөй сезилип, эми талды жек көрө карады.

Ошол эле күнү Сыдыгалы келинчеги Батманын суранычын орундатып, терезенин түбүндө жайкалып өсүп турган мажүрүм талды кыйып салды. Энеси Айыке кемпир дагы Батманын суранычын орундатып, ошол эле айылдагы Абдыластын кызы Анаркүлгө куда түшүп барды.

«Боталынын уулу Сыдыгалы баланын жоктугунун айынан келинчеги менен биротоло ажырашып, энеси сага куда түшүп келиптир», – деген күтүлбөгөн, бирок, кубанычтуу кабарды уккан кулагына ишене албаган Анаркүл дароо эле ошол замат макулдугун берди.

«Анаркүл макул болду», – деген сөздү угуп Айыке:

— Бүгүн эле кечке маал келип келинибизди алып кетебиз деп, кулагындагы бир кезде өзүнө куда түшүп келгенде кайын энеси Эркин салган сөйкөнү чечип Анаркүлдүн кулагына салып, кеч курун кызыңарды алып кетебиз, –деп үйүнө келип бир чети жаңы келин келет деп сүйүнүп, бир чети өз кызындай көргөн келини Батма менен жок дегенде кетеринде оозмо-ооз бир сүйлөшпөгөнүнө, ак батасын берип, өз колу менен жылуу сөзүн айтып узата албагандыгына ичи күйүп, ичинен ага ушунчалык катуу таарынып, жаңы келиндин келишине камынып жүрдү.

Түш ооп калган маалда Айыке кемпир тээ алыстан келе жаткан айылдын почточусун көрүп, эмнегедир эне жүрөгү зырп дей түштү. Почточу Керим Айыкенин жанына келип

— Кандайсыз жеңе? Ден соолугуңуз жакшыбы, сени ооруп жүрөт деп уктум эле.

— Жакшы. Кудайга шүгүр. Өгүнчөрөөк бир аз сыркоологом, азыр жакшы болуп калдым. Кудайдын кулагы сүйүнсүн. Өзүң?...– деп Айыке,бул келсе эле мага бир жагымсыз кабар менен келчү эле. Бул жолу дагы эмне дээр экенсип Керимди эмнегедир шектүү карады.

— Жакшы ырахмат. А Сыдыгалы кайда?

— Кайда болмок эле курган согуш баарыбызды тытынттырып койбодубу, жумушта да. Оңбогон согуш оңбой калды! Элдин убал сообун,мен сыяктуу энелердин көз жашынан коркпогон Гитлер оңбосун, — деп ызалуу эне наалып алды.

— Келсе дагы кечирээк келет да ээ?

— Өтө деле кеч келбейт го. Бүгүн эртерээк келем дегем.

— Жөн — жай элеби?

— Жок, бүгүн эртең менен келиним Батма биз тура электе эч кимге айтпай, эч кимге көрүнбөй Сыдыгалыга бир, эки барак кат жазып таштап коюп биротоло төркүнүнө кетип калыптыр.

— Эмне дейт? – деп бул ойдо жок сөздү уккан Керим көзүн алайтып Айыкени таң кала карап туруп анан: – Уулуң экөө абдан ынтымактуу жашашчу эмес беле? Эмне болуп кетти анчалык?

Ынтымактуусу ынтымактуу эле жашашчу. Ал жагынан шегим жок. Батмам байкуш төрөйм деп барбаган жери, түшпөгөн табыбы калбады. Анан мына минтип айылдан улам бирөөнү согушка алып кетип жатканынан улам, кечээ эртең менен эрте Саара кайын сиңдим келип Батмага инимдин башын бошот дептир.

— Бир чети ал Саараныкы дагы туура да.

— Бир чети туурасы туура. Ал деле тукум калсын деди да. Айылдын эр-азаматтарынын баарын эле ылгабай согушка алып кетип жатпайбы. Садыгалынын келечегин ойлоду го.

— Ошентти жеңе, ошентти. Чалың Боталы аксакалдан өзү алты эркек бир тууган эле. Алтоонун ичинен сенин гана чалыңдан эркек балдар бар. Башкасынан бала калмак тургай, өзүлөрү дагы көп жашабай эле кете беришти. Эми Боталынын төрт уулунун ичинен жалгыз Сыдыктан азыр Мырзабегиң гана турат. Ал дагы айылда өз колуңда турган жери жок. Ушул кезде кан майданда жүрөт. Бөлөк балдарыңдан азырынча бала жок. Саара деле сезгич, көргүч аял, ал оңой аял эмес, алдын ала бир нерсени байкаган го.

— Сааранын өзүнүн айтканына караганда түшүнө аян берсе керек, тездетип бүгүндөн калбай келинчек алып бергиле болбосо Сыдыгалы куш болуп учуп кетпесин, өкүнүп калабыз деп эле мени дагы шаштырып жатат.

— Бүгүн эле алып келгенге даяр турган кайсы келин бар дейсиң?

— Дайындадык окшойт. Ушул эле айылдагы Абдыластын улуу кызына азыр эле барып куда түшүп келдим.

— Алар көнүшөбү?

— Ооба, жүр үйгө кир, жок дегенде бир чыны чай ичип кет. Мурдагыдай бешбармак болбосо дагы, – деп Айыке Керимди үйгө киргизип, дасторкон жайып, чайдын камын көрдү.

Ошол күндөгү убакыттын тездиги ай, көз ачып жумгуча күүгүм дагы болуп калды. Сыдыгалы дагы күүгүм менен жарышкансып шаша басып, салкын жел аралап үйгө келип, түз эле короо жакта Сыдыгалы келчү жолду акыя тиктеп отурушкан Айыке менен Саараны көздөй басып келип:

— Бүгүн тойду токтотолу, – деди.

— Жок, токтотпойбуз, – деген эки аялдын жообун угуп Сыдыгалы:

— Токтотпосок болбойт го. Анаркүл деле бирөөнүн баласы да. Бүгүн келинчегим кетээри менен эле аны кечинде алып келгенибиз туура эмес го.

— Эмнеси туура эмес?

— Эми жок дегенде арадан бир-эки ай убакыт өтсүн да.

— Бир-эки ай сенин тоюңду күткөнгө убакыт жок, — деп Саара булк этип алды.

— Эмнеге убакыт жок?

— Заманды көрүп турбайсыңбы.

— Заман менен Анаркүл экөөбүздүн тоюбуздун кандай тиешеси бар?

— Сыдыке, суранам сенден калп эле билмексен болбочу. Бирде болбосо бирде сени согушка алып кетип калса эмне болот?

— Эмне болмок эле, катем да.

— Кетип эле кайтып келе каласыңбы?

— Ким билет, эжеке. Болуптур, эжеке, мен апам экөөңөрдүн айтканыңарга көнөйүн. Силердин айтканыңардай болсун. Анан чын эле мени согушка алып кетсе, анда Анаркүл кайда барат?

— Кайда бармак эле, Анаркүл апаң менен үйдө тура берет, – деп Саара Сыдыгалынын сөзүн бөлдү.

— Үйдө тура бергендей мен аскерге кетпейм да, мен согушка аттанам да, эже.

— Билем, Сыдыке, мен баарын көрүп да, түшүнүп да турам. Мен керек болсо бүгүн сенин үй — бүлөңдү буздум, балким, Батма экөөңөрдүн убалыңарга калдымбы, же кудай Анаркүл менен сенин келечегиңерди кең кылса, сообуңарга калдымбы ким билет. Айтор, сенин турмушуңду бүгүн буздум да койдум. Бирок сен мени дагы туура түшүн, тукумубуз соолуп баратат. Мен бул ишке.

— Тиги жагың каяк?

— Болочок келин тарап, – деп Саара Сыдыгалыны көзүнүн төбөсү менен карады.

— Мен азыр эле Анаркүлгө жолугуп келе жатам, – деп Сыдыгалы дагы жай жооп берди

— Сен эмне ошол жактан келдиңби?

— Ооба.

— Мен тойду токтото туралы дедим.

— Тойду токтото турбайбыз, той бүгүн болот! – деп Айыке уулун нааразы боло карады.

Сыдыгалы ары мойсоп, бери мойсоп турганда энеси уулунун колун кармап:

— Келинге барчу оокатынын баары даяр. Болуптур, балам, сенин айтканыңа мен көнөйүн, той токтосун. Анан эмне болот? Сени согушка алып кетсечи? Сен ал жактан кайтпай калсанчы? Келбей калсаң мен эмне кылам? Элди ойлобой эле кой, сен өз энеңди ойлочу, атаң Боталынын арбагын ойлочу, балам. Ушул баламдын баласын көрсөм дечү эмес беле. Башкабыз кырылсак дагы мейли, жок дегенде ушул уулум аман калсын, ушул уулум тукумубузду уласын деп, сени тоонун арасында көпчүлүктүн көзүнөн оолак бактырбады беле? Кийин гана, сен чоңойгондо, айылга алып келгенин эмне эсиңден чыгарып жибердиңби?. Анын үстүнө Саара эжең дагы ушул Анаркүлдөн гана Сыдыгалы балалуу болот деп эле калды, эжең жөн айтчу эмес эле. Буйруктуу ишке айла жок да, балким, эжеңдин сөзү чын чыгар, – деп жатып Сыдыгалыны араң көндүрүштү.

Жерге караңгы кирип калганда Айыке, Саара, Сыдыгалы дагы бир-эки кишини алып, Абдыластыкына келинди алып келгенге кетишти.

Согуш күндөн-күнгө күчөп, элдин турмушу күндөн-күнгө начарлап баратканы менен пейли кенен ынтымактуу кыргыз эли ар ким өз колунан келген аздыр-көптүр оокатты алып, айыл-апа бүт чогулуп, келиндин келишин чыдамсыздык менен күтүп турган элдин оюн:

— Сүйүнчү, сүйүнчү келин келе жатат, – деп сүйүнчүлөп чуркап келген Сыдыгалынын уруулаш иниси Исанын кубанычтуу кабары бузду.

— Болсун, болсун! – деп ошол жерде турган бир топ айылдын кишилери балага сүйүнчүсүн берип, келиндин келишин толкундана күтүп калышты.

Исага удаалаш эле Анаркүлдү алып үй ээлери да келишти. Арабаны үйдүн алдына токтотуп, түшүп түшпөй эле Айыке улуу баласы Сыдыктын аялы Эркеханды карап:

— Эрехан балам, келинди арабадан түшүргөнчө үйдөн барып бир чөйчөк буудай алып чыкчы, — деди.

Келинди арабадан түшүргөнчө, Эркехан үйдөн былтыртан бери сактап жүргөн жарым баштык буудайынан бир чөйчөк сузуп, бир колуна чөйчөктү, экинчи колуна Айыке эртелеп эле Анаркүлдүн башына салам деп даярдап койгон ак жоолугун алып чыкты.

— Кел, балам, келиниңе жоолукту сен эле сал, — деп Айыке Эркеханды карады.

— Бактылуу бол! Аркаңарды мал, алдыңарды бала бассын. Ыймандуу, акыл-эстүү келин бол. Алганың менен тең кары деп,— келиндин башына ак жоолук салды. Айыке эне чөйчөктөгү буудайдан уучтап алып катар турушкан Сыдыгалы менен Анаркүлдүн алдына:

— Айланайын балдарым, жараткан экөөңөргө бак берсин, өмүр берсин, ырыс-кешик берсин, бала-чака берип, үйүңөр базар болсун! Бала-бакыраңар ушул буудайдай дүркүрөп өссүн, үйүңөргө кудай береке берсин!— деп эки жашка буудай чачканда, ошол жердеги жалпы эл алакандарын жайып, ак сакалдуу аталар, күмүш чачтуу энелер баш болуп ошол эки жашка бата берип, эң негизгиси аларга эмнегедир уул тилешти. Ошол убактагы оор турмуш белден басып турса дагы, кең пейил элибиз ар ким өз колунан келген жардамын аябай, аздыр-көптүр той ырымын кылышты.


    ***

Арадан эки айча убакыт өткөндөн кийин почточу Керим кайрадан үйгө түшкө маал жакындап келип, эмнегедир мурдагыдан башкача бир көз караш менен Айыкени карап:

— Кандайсыз, жеңе? — деп күнөөлүү немедей жер карады.

— Жакшы, айланайын. Кел, — деп эч нерседен капары жок Айыке эне Керимгежай жооп берди.

— Келдим, жеңе.

— Жүр үйгө кир, — деп Айыке эне Керимди үйгө киргизип дасторконун жая салды.

Бирок Керим эмнегедир чыйпылыктап тим отура албай, кысылып турганын байкаган байбиче:

— Сага эмне болду, кенен отурчу,-деди.

— Кантип, жеңе? – деп Керим жер карады.

— Кантип дегениң кандай? Байкеңдин үйүндө кенен отурбаганда, анан кай жерде кенен отурасың?

— Жеңе,— деп чай сунуп жаткан Айыкеден Керим көзүн ала качты:

— Эмне болду?

— Бүгүн уулуңа согушка чакырык келиптир.

— Ыя? — деп Айыке колунан чынысы кулап, отурган ордунда нес отуруп калды.

— Эртең Сыдыгалыны, дагы айылдан он чакты жигитти согушка алып кетет экен, — деп Керим чөнтөгүнөн кагазын алып чыгып, Айыкеге сунду. Өң— алеттен кетип, сунган кагазды алууга алы келбей турган жеңесин карап Керим:

— Жеңе, өтө эле чөгө бербе, Кудай бар да, — деди.

Жүрөгү сыздап турган эненин оюна ушул кезде бир жакшы ой келбей оюнун баары терс тарапка ооп турду. Ушул уккан сөзү, Керимдин сунган кагазы, күйүп турган согуш отунун баары балким түшүмдүр, ойгонуп кетсем бардыгы башкача болуп калгысы бардыр деп өңүндө, чындыгында эле болуп турган ишти тангысы келди. Бирок айла канча, адам чиркин маңдайына жазылганын көрөт тура.

Эртеси согушка кетээр күнү Сыдыгалы күндөгүдөн эртерээк туруп, намаз окуп, эшикке чыгып айылынын таза абасы менен кере-кере дем алып, бак ичинде сайраган бирин-экин чымчыктардын үнүн угуп, кыялында айылы менен коштошуп жүрүп анан үйгө жөлөнүп турган эчак эле жалбырак ачмак түгүл жалбырагы чоңойгон бир жерден казылып келген алманын көчөтүн көрө коюп Айыкеден:

— Апа, бул эмне көчөт? — деп сурады.

— Ал көчөттү бүгүн Сыдыке алып келиптир.

— Кайдан?

— Билбейм, балам.

— Көчөттү отургузайынбы?

— Ооба, балам отургуз. Байкең ырымдап алып келген көчөт. Анаркүл экөөңөр өз колуңар менен отургузгула.

Сыдыгалы үйгө барып Анаркүлдү караса келинчеги эчактан бери эле ойго жатыптыр.

— Сени ойгонуп алдыңбы? – деп Сыдыгалы Анаркүлдүн жанына келди.

— Мен уктаган эмесмин.

— Түнү мененби?

— Ооба, мен кээде ушинтип көзүмдү жумуп жата берем, бирок уктабайм.

— Кызык, – деп Сыдыгалы келинчегинин төшөгүнө келип отурду.

— Сыдыгалы, сен бүгүн майданга аттана турган күнүң да ээ?

— Ооба, – деп Сыдыгалы күнөөлүү немедей жер карады.

— Мен сени эч жакка кетирбейм.

— Кой, антпе, баары эле кетип жатышпайбы, элден менин эмнем артык.

— Аның чын, бирок үйлөнгөндөн кийин жок дегенде бир жыл болсо дагы чогуу жашасак кана, – деп Анаркүл Сыдыгалынын ийинине жөлөндү.

— Анаркүл, сен экөөбүздүн үйлөнгөнөбүз же эрте эмес, же эртең эмес болуп калды. Мени кечирип кой.

— Айтчы деги, сен тез эле келесиңби? Жеңиш менен тез эле келем деп мага сөз берчи.

— Жеңиш, сөзсүз, биздики болот Анаркүл, көрөсүң го.

— А сенчи? Сен кайра кайтып келесиңби?

— Билбейм, айта албайм согуш катуу деп жатышпайбы. Бул сурооңо мен так жооп бере албайм.

— Сыдыгалы, ишенсең, мен сени сыртыңдан көрүп, мен он төрт, он беш жашымдан бери эле жактырып жүргөм. Же сени айылдагылардын баары мактаганынан уламбы, же мен өзүм чын эле сенин сымбатыңа ашык белем билбейм. Мен сени ал убакта келинчегиңдин бар экендигине деле көңүл бөлбөй сыртыңдан сүйүп жүргөм. Эч убакта сага жетем деп ойлогон да эмесмин. Бирок эмнегедир акыры жүрүп сени менен никем бирге болду. Деги ушул никебиз түбөлүктүү болсо экен.

Сыдыгалы менен Анаркүл дагы бир аз отуруп, анан экөө эшикке ээрчишип бирге чыгышып, жанагы эшиктин алдында турган алманын көчөтүнүн ордун казып, Анаркүл көчөттү кармап, Сыдыгалы тамырын көмүп жатканын Айыке алыстан карап кубанып, ичинен келин-уулунун укум-тукуму ушул бактай бутактасын деп ичинен дуба кылып, сыртынан үндөбөй турду. Көчөт тигилгенде Сыдыгалы арыктан бир чака суу алып келип, алыстан акмалап турган апасын карап:

— Апа, ырым эмеспи, өзүң эле куйчу, – деди.

Калдаңдап барып келечекте мөмө берчү бактын түбүнө ар бир тамчы суу куюлган сайын Айыке кемпир кубанып, ушул баягы мөмө бербеген, бирок сулуулугу арткан жазыксыз мажүрүм талдын ордуна бир чети ушул мөмө берчү жаш көчөт тигилип калганына сүйүнүп, кудай буюрса, Батма айткандай бул алманын мөмөсү жерге төгүлгөн сайын тукумубуз мөмөдөй жайнаса экен деп өзүнчө тилек кылып турду. Көчөткө суу куюп бүткөндөн кийин Сыдыгалы:

— Апа, – деп Айкени карады.

— Ий.

— Апа, Анаркүл экөөбүз айылды аралап басып келелиби?

— Мейлиңер, бирок Анаркүл элге сөз болуп калат го.

— Эмне сөз?

— Жакында эле келип, бүгүн минтип таң атпай айылды аралап жүрөт деп.

— Эми түшүнбөгөн бирин-эки киши айтса айтаар.

— Мейлиңер балам, барсаңар баргыла. Эртең менен барып өзүңөр бала кезиңерде түшүп жүргөн Бешкөрүктүн көлү менен учурашып, андан кийин атаңардын мүрзөсүнө барып куран окуп койгула, – деп уул-келининин беттеринен өөп, Анаркүл менен Сыдыгалынын аркасынан карап туруп ичинен, согуш болбогондо экөө дал ушинтип ээрчишип эгиз козудай болуп жүрүшпөйт беле. Деги ушул кармашкан колдору жазылбай өмүр бою бирге болоор бекен деп көпкө ойлонуп турду.

Анаркүл менен Сыдыгалы кыштакты бүт аралап барып, биринчи эле айылдын чекесинен орун алган Жекенди көлгө барышты. Өзү чакан, бирок тунук көлдөн кадимкидей муздак бир жел келгенсип абасы таза, жанатан бери үнсүз — сөзсүз келе жатышкан жаш жубайлардын чекесинен Сарыөзөн Чүйдүн эртең мененки жазгы жели сылап турду. Анан Сыдыгалы Анаркүлдү карап:

— Мен кичине чагымда бир курдай Ыйманалы атам экөөбүз айылга келип, анан атам мени ушул көлгө алып келген. Ал өзү көпкө турбай, мени ушул жерде ойноп жүргөн чоңураак балдарга дайындап, өзү үйгө кеткенден кийин мен алыстан сойлоп келе жаткан бир жыланды көрүп коркуп кетип, кыйкырып ыйлап үйгө барганымды эстесем азыр деле күлкүм келет. Бирок кийинчерээк, мен ал жыланды көп көрчүмүн. Кээде суудан чыгып көлдүн жээгинде күнөстөп жатсам жаныма сойлоп келип ал дагы жатып алчу. Мен дагы эмнегедир ал жыланга кийинчерээк кадимкидей көнө түшкөм, ал тургай көлгө дайыма ошол жыланды көрүш үчүн да келчүмүн.

— Ал эмне жылан эле? Суу жыланбы?

— Ооба, узундугу алдагы таяктай болчу, – деп Сыдыгалы бир аз алысыраак жаткан узундугу бир-эки кулачтай таякты көргөздү. Жоондугу болжол менен бир-эки жашар балдардын билегиндей болсо керек эле. Өзү капкара бир жеринде дагы агы жок жалтыраган жылан болчу. Бирок мен ошондой сулуу жыланды кийин көргөн жокмун, — деп Сыдыгалы көк асманды ойлуу тиктеп калды, туптунук көпкөк асмандагы ары-бери өйдө-ылдый учуп жүргөн чымчыктар жана саргыч тарткан күзгү чөптөр, гүлдөр бири-бирине көрк болуп жатканы Сыдыгалыны суктандырып, өз мекенине болгон сүйүүсүн арттырып турду.

Айтмакчы, Сыдыгалынын аркасынан калбай көлгө келген сайын баягы жылан алдынан чыгып, күнөстөп кошо жатып жүрөт. Кийинки жылы жазда Ыйманалы Сыдыгалыны дагы бир жолу айылына алып келет. Ал убактагы алты жашар бала Сыдыгалы жүгүрүп короонун аягына чыга калып, баягы жыланды көрөт. Бул жолу ал жылан жерде сойлоп жүрбөстөн тигинен жерге сайылган таяктай түптүз болуп типтик туруп, эки көзүн Сыдыгалынын көзүнөн албай тиктеп туруптур. Ошондогу жыландын сүрүнөн корктубу ким билет, айтор, жыланды өзүнөн бир-эки кадам калганда көрүп, эч бир кыймылсыз тиктеп турганда баягы жылан күтүүсүз жерден түптүз бойдон баланын оң колуна жыгылып келип Сыдыгалыны чагып алат. Жылан чагып жатса дагы бир ооз сөз сүйлөөгө дарамети жок бала кыңк этип үн чыгарбай жыгылып калганын ошол жердеги куурай терип жүргөн бир кемпир байкап калып Ыйманаалыга келип айтат. Эси чыккан Ыйманаалы баланы көтөрүп шашкан бойдон үйгө келип, эсине келтире албай баланын өз атасы Боталаны да чакырат. Боталы келип баланын ахвалы өтө оор экендигин көрүп тамырын 
кармап анан:

— Муну жылан арбап чагыптыр, барып бала жыгылган жерди карачы. Арбап чаккан жылан көп алыс узай элек болуш керек, — деп Боталы Ыйманалыны ошол жакка жиберип, кошунасы Нурбекти карап:

— Сен ат менен тез чаап барып бакшыны алып кел, – дейт.

Ыйманаалы көпкө издеп отуруп анан чын эле агасы айткандай, бала жыгылган жерден көп алыс эмес жерде капкара жылан чала өлүк болуп жатыптыр. Ыйманаалы ал жыланды ала коюп эле шаша басып үйгө келсе, агасы үйдө өтө картаң эмес бир абышка менен отуруптур. Абышка Ыйманалынын колунан жыланды алып бир топко карап отуруп анан:

— Чын эле бул жылан балаңарды арбап чаккан экен. Кабатыр болбогула, мындай окуялар менин турмушумда көп эле кезиккен. Айыктырып берем, — деп баланын аяк жагына жыланды илип алып кандайдыр бир түшүнүксүз сөздөрдү күбүрөп улам жыланга түкүрүп коюп, анын Боталы менен Ыйманалыны карап:

— Бүгүн болбосо эртең балаңар туруп кетет, – деди.

Бакшы улам дубасын катуулап окуган сайын жылан кадимкидей ичкерип, уламдан— улам жыйрылып баратты. Ал киши бир маалда дубасын окуп бүтүп жыландын оозун ачып, андан кандайдыр бир суюктукту алып баланын жылан чаккан жерине коюп, анан дагы көпкө чейин окуп отуруп акыры экинчи күнү, күн уясына батканча баланы эсине биротоло келтирген.

Сыдыгалы Жекенди көлдү тиктеп туруп, азыр ушул кезде өзү башынан өткөргөн окуяны эстеп кетти. Ыйманалы ошондон кийин көпкө чейин баланы айылга алып келген жок. Өзү айылынан алыс жүрсө дагы Сыдыгалынын сабатын жоюп окуганды, жазганды билген өзүнүн тааныштарына сүйлөшүп баланы окутуп, ал тургай келечекте керек болот деп орус тилин дагы үйрөттү. Бала чоңоюп калганда айылга алып келип баланы өз энеси Айыкеге берет. Анан Айыке баласын өзү теңдүү балдар менен окутуп-чокутуп Сыдыгалыны биротоло өз колуна алат. Мына эми андан бери канча жыл өттү.

Сыдыгалы көлдүн жээгинде туруп бүгүн көп нерсени эстеп көп нерсенин башын ойлоп көпкө туруп анан келинчегин ээрчитип аталары Боталы менен Ыйманалынын мүрзөсүнө барып алардын арбагына багыштап курап окуп анан үйүнө келди. Келин-уулунун келгенин көрүп Айыке кемпир:

— Келдиңерби, – деп экөөнүн бетинен өөп тосуп алды. Сыдыгалынын бир тууган аталаш агалары Дербишалы менен Сейталы бир кой союп, башкалары дагы ушул сыяктуу өз колдорунан келген аракеттерин кылышып дасторкон жасап, ал кездеги кандуу турмуштан, согуштан, жетпеген турмуштун айынан жедеп кадимкидей мөгдүрөй түшкөн элдин көпчүлүгү Сыдыгалыны күтүп турушкан экен.

Эл дасторконго отурганда Айыке апа Сейталыны чакыртып:

— Уулум, барып арабаңды кошо бер, иниңдин кете турган убагы болуп калды, – деп оор үшкүрүп алды.

Эл тамак ичип болгондо Айыке уул — келинин катар тургузуп элди карап:

— Агайың – туугандар, бул келиним Анаркүлдү баарыңар эле билесиңер, тааныйсыңар. Бөлөк-бөтөн эмес өзүбүздүн эле кыз, эми алыс кетпей өзүбүзгө эле келин болуп калды. Ушул экөөнө батаңарды берип койгула, – деп уул-келинине бата сурап, элди карап алаканын жайды.

— Оомийин, алдыңарды бала, аркаңарды мал бассын, өзүңөр тиккен мына бул алманын тамыры кандай жайылып өсө турган болсо силердин дагы тамырыңар ошондой жайылып, турмушуңар уланып, Кудай Таалам экөөңөргө уул берип, зоболоңор өссүн! Сыдагалы бүгүнкү аттанып жаткан согуштан аман-эсен жеңиш менен кайтып келсин. Элде-журтта тынчтык болсун! Оомийин, – деп бата бергенден кийин ошол айылдын мектебинин мугалими, Бешкөрүк айылынын кадар-барктуу, сабаттуу адамдарынын бири — Анаркүлдүн Каныбек агайы келиндин жанына келип чөнтөгүнөн чүкө алып чыгып, колуна берип жатып:

— Кел, Анаркүл балам, мына бул чүкөнү алып кой, ырым болот, уулдуу бол, – деди.

“Каныбек өзү сабаттулугу аз келгенсип, көптү көрүп, көптү билген дөөлөттүү адам эмеспи”, – деп Айыке эне ичинен Каныбектин берген чүкөсүн сүйүнүп төлгөө кылып, анан Сыдыгалыны узатканга Сыдык, Эркехан менен Анаркүлдү гана жиберип, калган туугандарынын үйгө калтырды. Айылдын баары чогулушуп Сыдыгалыны узатып жатышканда, Айыке менен Саара эмнегедир Сыдыгалыны акыркы жолу көрүп жатышкансып, өзгөчө бир бук болуп, ичтери жалын, сырттары чок болуп турушту. Эми, айла канча, кичине кезинде атасы Ыйманалы көп айтчу эле: «Балам болоор бала богунан» – дейт. Өзүң кичине болсоң дагы келечекте кандай адам болооруң эмитен эле байкалып турат. Ачык-айрым мүнөзүң, шарлыгың, эч нерседен тартынбаган эр жүрөктүгүң бар, акылың тунук, бирок анча-мынча көк беттигиң бар. Ар нерсени кылдаттык менен ойлонуп чыгып, эмитен акылың менен иш кылганың мага абдан жагат. Эч нерседен тартынбагандыгың чоң аталарың Бекарстан менен Мамбеталыны тартып калса керек. Кайран гана кишилер, эмне деген инсандар эле чиркин, ким ойлоптур, ушинтип заман ушунчалык өзгөрөт деп. Эч нерседен тартынбаган ак сөөк немелер алдынан ажал келип турса дагы бир кирпик ирмебей туруп, кылычын жалаңдатып келген ажалга типтик караган бойдон кете беришпедиби.

— Алар эмне болуп өлүштү эле, – деп Сыдыгалы Ыйманалыны карады.

— Кийин айтып берем азыр али жашсың, балам. Дагы бир аз чоңойо түш, акыл-эсиң токтолсун. Азырынча сен али баласың. Бирок эсиңде болсун, сенин ата-бабаларыңдын бардыгы тең эле эли менен болгон. Эгер сен чыныгы ата уулу болсоң, балам, ата-бабаларыңдын жолун жолдоп ак сөөк бол, акылдуу бол, өз керт башыңды эмес, элиңдин кызыкчылыгын ойло. Бардык жагынан бийик тур, эли — жериң үчүн керек болсо кылычын кайрап ажал келсе дагы тартынба. Ажалдан корккон жигит жигит эмес, – деген сөзү эсине түштү. Бирок Сыдыгалынын бул оюн ары жактан келе жаткан ат арабанын дабышы менен энеси Айыкенин жан ооруп тиктеп турган көз карашы бөлдү.

— Сыдыгалы, аттаналы, – деп Сыдык ойлуу турган инисинин далысынан кучактады.

«Аттаналы» деген сөздү укканда Айыке эненин жүрөгү кысылып, жанатан бери өзүн — өзү араң кармап турган эне эми канчалык карманбасын, канчалык кайраттанбасын чыдамы, дарманы калбады, токтоно албай жүгүрүп барып, уулун кучактап, буркурап ыйлап жиберди.

— Айтчы, кулунум. Мага сөз берчи. Согуштан аман-эсен келем де.

— Келем апа, келем. Ошондо сен төшү толтура орден тагынган уулуңдун алдынан кыйкырып тосуп чыгасың. Койчу, апа ыйлабачы, ый менен коштошпойлу, андан көрө өзүңдү кара, эл көргөндү биз да көрөрбүз. Жеңиш кудай буюрса, сөзсүз, биздики болот. Эрки күчтүү совет эли, сөзсүз, жеңишке жетишет, көрөсүң го, – деп күлүмсүрөп энесинин ак баскан саамайынан сылап, бир аз кучактап туруп анан:— Апа, мага уруксат бер, мен кетейин, – деди.

Айыке эне кучагынан баласын коө бергиси келбей көзүнүн жашын куюлтуп ыйлап, уулун канчалык өпсө дагы, канчалык жыттаса да, моокуму канбай баласын кучагынан араң коө берди.

— Иш десең ишке, аш десең ашка тойбой турган маалыңда кан майданга аттанып жатасың. Кантейин кулунум, айлам жок, амалым жок кош деп айтканга оозум барбай, ичим жалын сыртын жок эле болуп турат.

— Кой эми апа, койчу ыйлабачы, уулуңдун эл катары мекенди коргоого аттанып жатканына андан көрө сыймыктанып, көзүңдүн жашын сүртүп, мени күлүп-жайнап майданга аттантчы, апа.

Баласынын бул сөзү Айыке энеге эмнегедир бир топ кайрат, ал тургай дем, күч бергенсиди.

— Болуптур, балам, ыйлабайын. Чын эле сен экөөбүз ый менен коштошпойлучу, — деп бырышкан колдору менен көзүнүн жашын сүрттү. Сенин дагы жүрөгүңдү эзбейин, берекем. Мен эми мындан ары сенин гана амандыгыңды тилейин, өзүң айткандай эрки күчтүү совет элинин кудуретин, күчүн тилейин. Аман барып, аман кел, садагасы. Бар эми, бара кой, балам. Үзбөй кат жазып тур.

Сыдыгалынын көзүнө энеси эмнегедир бир күндө картая түшкөндөй көрүндү. Айыке апанын бырыш түшкөн ак жүзүн жашылданган көздөрү менен ак саамайы коштоп турду.

— Кош, эми апакебай, кудай буюрса экөөбүз эртеби — кечпи кайрадан учурашып калаарбыз.

— Ооба, балам. Кудай буюрса, кийинки жолу мен кайгыдан эмес, кубанычтан ыйлайын. Эртелеп жоокерлер душманды жеңип төшүңөргө толтура орден тагынып келип кала көргүлө.

— Кош эми, апакем, апакебайым менин, – деп Сыдыгалы энесинин жүзүнөн дагы бир ирет сүйүп, анан ошол жерде турган бардык эл — журт менен кучакташып, коштошуп чыкты. Жанатан бери көзүнүн жашын тыйбай турган Саара эжесинин жанына барып:

— Болуптур, эжеке, койчу ыйыңды токтотчу жок дегенде сен ыйлабачы, суранам сенден. Сен баарынан кайраттуу элең го, эрки күчтүү деп сени бейиши болгур атам абдан жакшы көрчү эмес беле. Кой эжеке, ыйлаба.

— Менин ыйыма көңүл бөлбө, аял киши ушундай жашык болот, – деп Саара Сыдыгалыны бекем кучактап өпкүлөп алды. Көп нерсени алдыртан сезген сезгич аял ушул инисин акыркы жолу көрүп, акыркы жолу өпкүлөп жатканын эмнегедир сезгенсип, жүрөгү зыркырап турду.

— Кош эми, Сыдыгалы, эгер мүмкүнчүлүгүң болуп калса, жетериң менен эле бизге кат жибер. Кабарыңды билип туралы.

— Жазам эже, жазам. Мүмкүнчүлүгүм болсо эле жазам. Анан эже Анаркүлгө өзүң көз сала жүр, макулбу?

— Макул. Анаркүлдүн бир тал чачын түшүрбөй сен келгенче алаканыма ойнотуп турам. Бир аз Бешкөрүктө болуп турса анан Асылбашка эле өз колума алып кетсемби деп да турам. Сен келегенче ошол жерде болгону эле оң го.

— Билбейм эжеке, аны өзүң бил. Бирок Анаркүлдү мен сага тапшырдым.

— Айтканың айткандай, дегениң дегендей болот. Келинчегиңден кам санаба.Аман барып, аман кел, женищин менен кел. Өзүң билесиң сен үчүн да, мен үчүн да, тилегибиз– жеңиш. Бара гой эми кармабайын. Көздөгөн максатыңа жет, Сыдыке.

Сыдык, Эркехан, Анаркүл, Сыдыгалы болуп арабагы отуруп, араба козголуп жүрүп бара жатканда ошол жерде турган буга чейин согушка балдарын жөнөткөн энелер:

— Сыдыгалы, менин Аалымды көрсөң салам айт. Сыдыгалы менин Салмоорум, Медетим үчөөңөр эгер бир болуп калсаңар аларды жаныңдан чыгарбай өзүң ээрчитип жүрсөң. Сыдыгалы, Амантайды көрсөң айтчы кат жазсын. Сыдыгалы, Аскарга салам айт. Сыдыгалы, Алимухаммедке салам айт, Алижанга салам айт, Таалайбекке салам айт – деген сыяктуу салам, дубаларын айтып, арабанын аркасынан кыйкырып кала беришти. Айыке апа болсо уламдан— улам узап бара жаткан арабаны тиктеп, сөз сүйлөөгө дарманы жок, турган ордунда таштай катып көзүнүн жашын мөлтүрөтүп тура берди.

Бир топтон бери көзүнүн жашы тыйылбай катып турган энени ошол жерде турган эл-журт акырын жетелеп үйгө киргизгенде маңдайында илинип турган уулума деп бир кезде өзү тигип берген Сыдыгалынын чыптамасын көрүп Айыке түз эле ошол чыптамага барып, аны колуна ала коюп жыттап бакырып ыйлап жиберди.

— Балдарымдын баарынан мен ушул баламды артык көрчү элем. Кайрылып келериңе жүрөгүм алеп-желеп. Колумдан учкан куш болуп учуп кетпесең эле болду. Бардык балдарым бир тең, сен бир теңсиң, Сыдыгалым, деги кайра кайрылып келип ушул чыптамаңды кайра кийер бекенсиң, ушул үйдө ары-бери басып тамашалап көп нерсени сүйлөп, эркелеп басып жүргөнүңдү көрсөм анда энең асманга канаты жок эле учат го, балам. Ошол күнгө жетер бекемин. Балам, деги кандуу майдандан кайтып келээр бекенсиң. Энеңдин ушул ыйын кубанычка бөлөөр бекенсиң, же болбосо сенин жүзүңдү кайра кайрылып сени көрө албай мен шордуу өмүр бою сени күтүп жүрүп, арманда кетер бекенмин, – деп армандуу Айыке эне кенже уулун кандуу майданга өз колу менен узатып, боздоп калды.

   
    * * *

Райондун ар кыл айылдарынан согушка чакырылган күлгүндөй жапжаш жигиттер аскер коммисариатынын жанына чогулуп жатышты. Ал жигиттерди узатканы келишкен энелердин көз жаштарын жаратылыш дагы коштогон сыңар күн да бүркөлүп, түнөрүп турду. Жигиттер чогулгандан кийин алардын баардыгын ээрчитип бир жаш жигит ары жакка алып кетти. Бир маалда дыбырап жаап жаткан жамгыр күчөп, ошол жердеги буулуккан энелер уулдарын кучактарына кысып турушпаса дагы алыстан караандарын көрүп, үндөрүн чала-була уккандарына ыраазы болушуп, жамгырдан качып далдоо жерге бармак тургай баардыгына кайыл болуп, буркурап ыйлап телмирип, ошол жерде турушту.

Бир топ убакыт өткөндөн кийин Сыдыгалы сыртка чыгып, туугандарына келип:

— Биз бүгүн кетпей калдык, – деди.

— Анан качан кетмей болдуңар?

— Эртең, буйрук ошондой экен.

— Эртең кайсы убакта?

— Кыясы, эртең эртең менен го.

— Мейли эртең мененкиге чейин ушул жерде тура турарбыз, арабага түнөйбүз,— деди Эркехан.

— Кантип ушул жерде түнөмөк элеңер? Күндү көрүп турасыңар, ачыла турган түрү жок. Андан көрө үшүбөй үйгө кете бергиле.

— Анда эртең менен келели, – деди Сыдык.

— Убара болбой эле койгула. Бүгүн коштошолу, күндө эле жолдо убара болуп жүрө бересиңерби?

— Анын эч кандай убарасы жок.

— Айылда апам эмне болду, эртерээк барбасаңар болбойт го.

— Апаң жалгыз эмес.

— Ошентсе дагы, үйгө эле бара бергиле.

— Жок. Барбайбыз

— Бул жерде турганда эмне кылмак элеңер.

— Мен сенден улуумун, сөзүмдү ук, бизди айылга кеткиле дебе, – деп Сыдык инисин таарына карады.

— Мейлиңер, өзүңөр билгиле, байке. Анда бүгүнчө коштошолу, жеңем дагы, Анаркүл дагы, өзүң дагы үшүп кетипсиңер. Ооруп калбагыла, мен дагы бир азга эле силерге жолугуп коөюн деп суранып чыктым эле. Бир аздан кийин Сыдыгалы агасын айылга кете бергиле дегенге акыры көндүргөндөн кийин Сыдык:

— Мейли, анда бүгүнчө коштошсо коштошолу. Эртең кайра келебиз. Убара болбогула деп айтпачы, биз деле сени сагынабыз да деп, Сыдык инисин эркелете карады.

— Болуптур айтпайын, менден кетти, – деп Сыдыгалы да агасын күлүп кучактап жатып кулагына:

— Биз бүгүн түнү менен кетебиз, — деп берки экөөнө угузбай шыбырады,— тигил аялдардын көзүнчө жєн эле эртең деп койдум. Согуш катуу дейт. Бүгүн түнү менен алып кетмей болду. Анаркүлгө өзүң үйгө барганда ыгын таап айтып кой, бул жерде кайгырып тура бергенде эмне кылышмак эле. Апама салам айта баргыла, байке, – деп Сыдыгалы катуураак айтты.

— Апаңдан кам санаба. Андан көрө өзүңдүн аман-эсен жеңиш менен келишиңди тиле, сенин аман келгенин апаңдын өмүрүн узартып бергениң.

Ага-ини дагы бир жолу абдан бекем кучакташып алышты.

— Кой эми, Сыдыке, сенин убактыңды албайлы. Апаң менен келинчегиңден кабатыр болбо, колумдан келген аракетимдин баарын мен ушуларга жумшайм.

— Ишенем байке, ишенем, кош эми, аман болсок дагы көрүшөбүз, – деп ага-ини кучакташып, Сыдыгалы Анаркүлдү бир карап алды, келинчегинин көз карашы Сыдыгыланын жүрөгүн эзип жибергенсиди. Эч кимди, эч нерсени көзүнө илбей кайрылып барып келинчегин кучактагысы келди. Бирок айла канча, элдин көзүнчө келинчегин кучакташ ал убакта өтө уят болучу. Келинчегин аяп, ою уйгу-туйгу боло түшүп, анан Сыдыгалы Эркеханды карап:

— Бүгүнчө коштошолу, жеңе, – деди.

Эркехан кайнисин кучактап ыйлап жиберди.

— Кой эми, жеңе, ыйлабачы, ый эч нерсени чечпейт: «Ыйдын арты ый» – дейт жеңе, кой эми ыйлабачы, ыйдан кудай сактасын,— деп Сыдыгалы жеңесинин көз жашын сүрттү.

Ушул маалда Анаркүл күйөөсүн кучактап дагы бир жолу махабатын айткысы келди. Сыдыгыланы талыкпай чыдамсыздык менен ак сүйүүсүн өчүрбөй, сүйүүсүн сары майдай сактап күтөөрүн айткысы келди. Бирок уят менен ыйман жаш келиндин жолун тороп, буту-колун тушап турган кезде Сыдыгалы Анаркүлдү жылмая карап:

— Кош, эми көрүшкөнчө, – деп кол сунганы Анаркүлдүн көктөн тилеген тилегин жерден бергендей болду.

Эми Анаркүлдү эч нерсе токтото албады. Акактай ак сүйүүсүн ал эми эч кимден, эч нерседен жашыргысы келбеди. Буулугуп турган келинчегинин балбылдаган көздөрүнөн аккан жашы Сыдыгалы үчүн Анаркүлдүн көзүнөн эмес, жүрөгүнөн агып чыккандай сезилди. Буулуккан келинчегинин күтүлбөгөн жерден кайнагасын, ошол жерде турган жаш-карыны көзүнө илбей моюнуна асылганы Сыдыгалыны бир чети таң калтырса, бир чети шаштысын кетирди.

Жаш жубайларга тоскоол болбойлу дегенсип, Сыдык менен Эркехан дагы арабадан нарылап басып кетишти.

— Сыдыгалы, мен сени сүйгөндөй эч кимди сүйбөйм. Менин алгачкы махабатым. Сүйлөчү, эмне унчукпайсың, сүйлөчү, суранам сенден же сен менин айткам сөзүм, ак сүйүүмө ишенбей турасыңбы?

— Сенин ушул сөздөрүңдү угуп жүрөгүм эзилип турат. Сенин сөзүңө мен кантип ишенбей коө алам. Колуман келсе жаныңдан карыш жылбайт элем. Тагдырыбызга жазылганы ушул экен. Бирок менин сенин алдыңда күнөөм өтө чоң, майданга аттанып, сени жалгыз калтыргандыгым үчүн кечир мени,— деп Сыдыгалы Анаркүлдүн саамайынан сылап суктана карады.

— Сенде кайсы күнөө, Сыдыгалы?

— Күнөө ушул-же сага үйлөнбөй коө турбай, же үйлөнгөндөн кийин жаныңдан чыкпай сени менен чогуу жашабай, минтип эки айдан кийин эле согушка атталып отурам, кечир мени?.

— Сенин акыры кетээриңди мен билгем да.

— Бары бир, кечир мени.

— Сыдыгалы, мен сен үчүн бардыгына чыдайм. Мен сен үчүн бардыгына макулмун, – деп Анаркүл Сыдыгалынын көзүн тике карады, кыялында кучактап өпкүсү келди. Махабаттын кумарына кангысы келди. Бирок дагы эле уят менен улуларга болгон ыйбаа жаш келиндин буту-колунан тушап турду. Бирок акырында бардыгына кайыл болуп, Анаркүл аны кучагына алганда, Сыдыгалы анын колунан кармап:

— Кой уят, эл эмне дейт, – деп Анаркүлдүн колун мойнунан алды.

— Аның чын, – деп Анаркүл шылкыя түштү.

Аңгыча ары жактан бир жаш бала чуркап келип:

— Иманалиев Сыдыгалы, сизди чакырып жатышат, — деди.

— Кой, анда коштошолу, согуш бүтсө экөөбүз дагы далай бактылуу күндөрдү башыбыздан өткөзөбүз. Көрөсүң го, ошондо экөөбүздөн ашкан бактылуу адам болбойт. Аманчылык болуп согуштан аман-эсен жеңиш менен кайтып келсем, мен сени өмүр бою канаттууга кактырбайм, тумшуктууга чокутпайм. Көрүшкөнчө сак саламатта бол, – деп келинчегин дагы бир ирет жалт карап алды.

— Эртең келем, Сыдыгалы.

— Жок, Анаркүл келбей эле койчу, кайра-кайра эзиле бербечи. Андан көрө үйдө отуруп менин катымды күт. Экөөбүздүн коштошконубуз ушул болсун. Кош эми, көрүшкөнчө, – деп Сыдыгалы Анаркүлдү терең ойлуу көздөрү менен күлүмсүрөп бир карап алды, колун бекем кысып ары жакта турган агасы менен жеңесине кол булгап, көрүшкөнчө деп жарк этип күлүп, жанагы чакырып келген бала менен ары жакка шаша басып баратып келинчегин кыя албай, бурула калып дагы бир ирет караса Анаркүл жанагы сунган колун жыя албай көзүнүн жашын көлдөтүп карап туруптур. Албуут шамал Анаркүлдүн башындагы ак жолугун учуруп кеткенине дагы көңүл бөлбөй чачтарынын саамайларын шамалга учуруп, карап тура берди. Анаркүлдүн аппак жүзүн, аккуудай болгон моюнун жибектей төгүлгөн чачтарын, Сыдыгалы эми байкагансыды. Бирок эмнегедир ушул көз караш Сыдыгалы менен Анаркүлдүн акыркы көз карашы болгонсуп, Анаркүл да, Сыдыгалы да бир жамандыкты сезгенсип турушту Экөөнү алыстан байкап турган Сыдык менен Эркехан дагы ичтеринен сызып, өзгөчө көптү көргөн, ырымчыл неме 
Эркехан Анаркүлдүн ак келин жоолугу шамалга учуп барып, бир куурайга илинип, шамалга туруштук бере албай тегерегиндеги чачыктары дирилдеп турганын көрүп ичинен жаңы келген келиндин жоолугу башынан учканы жакшы болчу эмес эле, деги кайним кантээр экен деп ичинен ойлонуп турду.

Жол жүрүп араба менен үйгө келе жатканда үчөө тең эч нерсе деп сүйлөшпөй, ар кимиси ичинен буулугуп ойлонуп келе жатышты. Бир тууганын кан майданга узатып, бүгүнкү көрүшкөнүбүз балким, акыркы көрүшкөнүбүз болсочу. Бир тууганымды бул жалган дүйнөдөн кайра кайрылып көрөр бекенмин, – деп ичинен катуу ойлонуп, жүрөгү канап келе жаткан Сыдык келининин чыйрыгып отурганын жаңы гана байкады. Үстүндөгү чапанын чечип ага жаап:

— Ме, балам, кийип ал эртеден бери ойлонуп келе жатып сени да байкабай, сага да көңүл бурган эмес турбаймынбы Каап, балам ай, чыйрыгып калыпсың, эми ооруп калбасаң болду, — деди да чу-чулап атты чапкылады. Үйгө эртерээк барбасак Анаркүл балам, сен ооруп калган турасың,— деп өзү жалгыз көйнөкчөн калганына кайыл болуп, кайгылуу көздөрү менен тизгинди тиктеп күзгү жамгырды тоготпой кете берди.

Сыдыктан өзүнүн жалгыз уулу Мырзабектин согушка кеткенине ушул айда алты айдын жүзү болду. Бирок уулунан ушул күнгө чейин бир да жолу кат келген жок. Уулунун өлүк-тирүүсүн билбей, Эркехан экөө тең Керим ары-бери өткөн сайын:

— Менин уулумдан кат барбы? – деп сурап калышат.

— Же бир кат жок. Жалгыз уулубуз деп экөө тең баласын эркелетишип, кышкысын суукка чыгарбай, жайкысын ысыкка чыгарбай чоңойткон уулу минтип согушта жүрөт, анысы аз келгенсип, бир тууган эң кенже иниси Сыдыгалы дагы бүгүн түнү менен согушка аттанганы турат. Дагы эки бир тууган инилери Калыгул Мааматтан дагы кеткени бир барак кат келе элек. Деги бул кандуу согуш качан аяктаар экен, качан бир илеби кайтып изи муздаар экен? Кара жанын карч урган совет эли жеңишке жетишээр бекен, ушул азыркы тизгин кармаган колдорун уулум менен инилеримдин колдорун кармаар бекен?. Ден соолугум болсо күндөн— күнгө начарлап бара жатат. Баштагыдай күүлү-күчтүү эмесмин, менин колума кол, бутума бут болуп бере турган болуп Мырзабегим, Калыгулум, Мааматым менен Сыдыгалым аман-эсен келсе экен деп Сыдык ичинен сыздап бара жатты. Уулум, инилерим баарыбыздын тилегибиз, максатыбыз башка эмес беле? Эгер согуш болбосо, Мырзабегим быйыл шаарга окууга бармак эмес беле? Мектепте окуган эже— агайларынын баары:” Мырзабегиң мыкты, жакшы окуйт. Бул балаң мээси менен оокат кыла турган бала, бир аз ден соолугу начарыраак, бирок эң негизгиси мээси тунук”,— дешчү эмес беле. Сыдыгалыны болсо элдин баары мактап акыл-эстүү, илимдүү, билимдүү деп жаштыгына карабай бүт айыл, жаш— кары дебей сыйлашчу эле. Калыгулчу? Мааматчы? Ай, алтындарым ай, силерди ойлогондо жүрөгүм аңтарылып гана кетет го, деги төртөөңөрдүн тең тилегиңер ишке ашып аман кайтып келсеңер экен тилегиңер ташка тийбей, тилегиңерге, көздөгөн максатыңарга жетсеңер экен, карчыгадай садагаларым.

Үйгө жетип Сыдык энесине акырын:

— Сыдыгалы бүгүн түнү менен кетмей болуптур, буйрук ошондой экен, – деди.

Күйөөсүнүн бүгүн түнү менен кетери тууралуу эч кабары жок, Анаркүл эч кимге айтпай эртеңки жолуна камданып, алып барчу бирин-экин нерсесин камдап жүрүп эмне болуп күн батып, ал тургай түн болуп калганын да байкабай калды. Түн кирип калган убакта Анаркүл өз алдынча күйөөсүнө деп буудай кууруп, жаргылчакка тартып, аны чүпүрөк баштыкка салып,. өзүнчө тызылдап жүргөнүндө кошунанын баласы Ислам акактап чуркап келип эле эшикте бастырманын ичинде жүргөн Анаркүлдү дагы байкабай үйгө жүгүрүп келип:

— Чоң апа а-а, – деп кыйкырып калды.

— И-ий, ким бул? – деп Айыке шашылып эшикке чыкты.

— Чоң апа, Сыдыгалы байкемдерди, – деп элейип Айыкени тиктеп туруп калды.

Сыдыгалы дегенди угуп Анаркүл селт эте түшүп тыңшап бир аз туруп, анан Исламдын артынан жүгүрүп үйгө кирди.

— Сыдыгалы байкеңдер эмне болуптур? – деп оозуна келмеси келе түшкөн кемпир бакырып сурап жиберди.

— Байкемдерди бүгүн түнү менен алып кетпей болуптур.

— Уккам балам, уккам. Көкүрөк күчүгүмдүн бүгүн түнү менен алып кетээрин уккам. Уулумдун эми жанымдан чындап алыстаарын уккам, – деп ушул кезде уулу үчүн өз кара жанын садага чапканга дагы даяр турган эне жанындагы Анаркүлдү көрүп, бир аз чыйрала түшүп анан:

— Анаркүл балам, жана Сыдыгалы Сыдыкка айтыптыр бүгүн түнү менен кетмей болдук деп. Сага айтайын деп, сенин ыйлап турганыңды көрүп унчукпаптыр. Мен деле ошону туура көргөм, бүгүн айтайын десем өңүң жакшы эмес, мен эртең менен айтсамбы дегем. Мына эми кудайдын буйругу экен күтүүсүз жерден өзүң угуп калдың. Сыдык деле ошол жерде жүрсөмбү деп деле ойлоптур, бирок нөшөрлөгөн жамгырдын алдында түнү менен түнөсөк Анаркүл менен Эркехан оңбой калат деп аргасыз силерди ойлоп үйдү көздөй жол тартыптыр. Сыдыгалы дагы ушуну туура көрүптүр. Балам, эми эсиңди жый, согушка баргандардын баары эле келбей калган жери жок. Кудай буюрс, аман-эсен өзү айткандай жеңиш менен келип калаар. Эми эмне кылайын, балам. Сыдыгаалым келгенче сен экөөбүздө эми ый көп, балам. Сен экөөбүз дагы замандын, жалпы элдин башына түшкөн кыйынчылыктан эч жакка качып кутула албайбыз, – деген Айыкенин сөзү Анаркүлдүн кулагынын сыртынан кеткенсиди.

Анакүл ыйлаган бойдон эшикке чуркап чыгып, жанагы жаргылчакка тарткан талканын алып, сарайда байланып турган аттын башына жүгөнүн сала коюп, жайдак минип түйүнчөгүн колуна алып, жүгүрүп аркасынан келген кайненесин түртүп салып, атты болгон күчү менен чапкылап, демейде түндөн корккон Анаркүлгө көзгө сайса көрүнгүс жамгырлуу, караңгы түн эмес, алдынан кылычын кайрап ажал келсе дагы аны коркута албачудай сезилди. Анаркүлдүн аркасынан Сыдыгалынын ити Кумайык чуркап ээрчиди.

Келининин минтип буркураган бойдон жайдак атка минип жолго чыкканын көрүп, Айыке Сыдыктын үйүнө чуркап барып, аны Анаркүлдүн аркасынан бар,— деди.

Шаштысы кеткен Сыдык түн ичинде айылды аралап жүрүп, эптеп бир ат таап, Анаркүлдүн аркасынан жөнөдү.

Караңгы түн, көзгө сайса көрүнгүс. Жамгыр дагы эле өчөшкөнсүп нөшөрлөп жааганы басылчудай эмес. Кичинекей айылдын көпчүлүк эли таттуу уйкуда жатпаса дагы айыл мемирей түшкөн. Эч бир жерде жылт эткен жарык көрүнбөйт. Бирок эч нерсеге карабай, эч нерсеге моюн сунбай ушул кезде Сыдыгалы үчүн караңгы түн эмес, таш асканы тешип, эрме чөлдү кезип өткөнгө дагы даяр турган Анаркүл албууттанып атын чапкылап, көзүнүн жашын буурчактатып кете берди. Эртеден бери жамгыр жаап отуруп балчык болуп калган жерден ат улам тайгаланып барып туруп жатты. Аттын төрт туягынан чачыраган ылайлардын жерге балчылдап түшүп жатканы улам бир шамал менен келген уюлгуган муздак жамгыр Анаркүлдүн бетин тызылдатып кетип турду. Айылдан кеминде бир жыйырма чакырымча узагандан кийин караңгынын айынан ат көрбөй барып бир чоң бакка башын уруп алды. Атын бурам деп аракет кылып жатып, Анаркүл дагы бетин ошол бактын самсаалаган бир бутагына тыттырып алганы жаш келиндин ызасына ыза кошту. Бетинин ушунчалык ачуу ачышканына чыдабай күзгү жамгырдын музда
к суусунан жедеп муздап, үшүп бүткөн колдору менен бетин басып, бетинен аккан жылуу канды байкап өзү дагы чочуп кетти.

“Ох! Мага ушул эле жетпей жатты эле”, — деп андан бетер өксүп ыйлап алды.

Жаңы эле турмушка чыгып күйөөсүнөн ысыгы таркай элегинде, анысы минтип согушка аттанганы аз келгенсип, караңгы түндөгү саксайган бак-дарактардан таяк жегени бул жолу денесин же бетин эмес жүрөгүн канатып турду. Чыдатпай тызылдап ачышып бетинен аккан канды аарчып, убакытты бекер коротпой беттегенин бербеген, айтканынан кайтпаган Анаркүл жолун улай берди.

Бир аз, дагы эки чакырымча жолду кезип өткөндөн кийин ээн талаада алыстан улуп-уңшулаган чөөлөрдүн үнүн угуп денеси дүр деп, жанатан бери албууттанып, көк беттенип эч нерсеге моюн сунбай, эч нерсени көзүнө илбей караңгы түндүн сүрүнө моюн бербей, баатыр болуп келе жаткан Анаркүлдүн жүрөгү эми алсырай түштү.

“Эмне кылсам, айылдан алыстап кеттим. Станцияга али көп бар, таң жакын арада атчудай эмес. Эмне кылсам, же үйгө кайра барып, бирөө менен келсемби. Бирок анда Сыдыгалыны узатканга жетишпей калам да. Эмне кылсам, кандай кылсам”, – деп Анаркүл атын токтотуп ойлонуп туруп калды. ”Жана кайненем токто дегенде бир аз аны менен акылдашып, токтой туруп анан чыкпай. Үйгө кайрылып бара берсемби? Эмнеден намыстанам. Бирок болуптур үйгө кайрылайын, анда биз үйдөн чогулуп чыкканча таң атып кетип, ошону менен мен Сыдыгалыны көрбөй калсамчы? Жок, үйгө кайра кайрылып барганга убакыт жок, түн бакырдыкы деп кете берейин, кудай сактасын. Сыдыгалымды ушуну менен көрөмбү, көрбөймбү эмнеси болсо дагы кайрылып барып бир көрүп алайынчы”, – деп Анаркүл жолун кайра улады, бир аз убакыт өтпөй алыстан поезддин үнү кулагына шак дей түштү. Бул үн эмнегедир Анаркүл үчүн поезддин үнү эмес, Сыдыгалынын акыркы бир добушундай сезилип, жаш келиндин жүрөгү тызылдай түштү. Бул поездде, сөзсүз, Сыдыгалы бар дегенсип ал ансайын Анаркүл болгон күчү менен оңду-солду камчыланып, алыстан бүлбүлдөп күйгөн станциянын жарыгына шашылды.

Сыдык ээн талаада Анаркүл кеткен жолду болжоп аркасынын түштү. Оюнда Сыдык үйдөн чыккан Анаркүл минип кеткен ат бул менин минген атымдан бир топ кашаң, мен келиндин арасынан тез эле кууп жетем, деп ойлогон. Бирок эми минтип нечен чакырым жолду кесип өтсө дагы, Анаркүлдү көрмөк түгүл атынын дүбүртү угулбайт.

“Алда, Анаркүл ай, бекер кылдың да. Сенин мындайыңды билгенде жана келерим менен эле айтып койбойт белем. Же болбосо жана үйгө келбей эле ошол жерде түнөп калбайт белек. Акыры жамгырга калдың, — деп ичинен өзүн өзү жемелеп улам-улам:”Анаркү-ү-ү-л”, — деп кыйкырып коюп, атын чапкылап кете берди. Сыдыктын ал кыйкырыгын албуут жамгыр аралаш шамал жутуп алып тетири жакка айдап жаткансыды.

Улам жол илгерилеген сайын Анаркүл караңгы түндүн сүрүнөн уламдан— улам коркуп, бүткөн бою дүркүрөп, жүрөгү титиреп, эми чындап корко баштады. Көзүм жамандыкты көрбөсүн дегенсип эки көзүн бекем жумуп алып оңду-солду камчыланып баратып, аты баткакка тайгаланып Анаркүл кулап түштү. Ат чабалактап, улам турам деп жулунуп отуруп баткакты чачты, Анаркүл дагы ошол ылайдын чачырандысынан башынан бери баткак болуп, буту-колун чогулта албай жатканда Анаркүлдүн оң бутуна ат дүңк этип болгон күчү менен кулап түштү.

— Апа-а-а, — деп Анаркүл бутунун ооруганына чыдабай чучуктай чаңырып жиберди.

Алыстан бүлбүлдөгөн станциянын жарыгынан көзү өтүп, улам жакындап келе жаткан поезддин үнү кулагына шакылдап угулган сайын кара жанын карч урду. Тырмалаңдап эки колдоп бутунун ооруганына чыдабай, эптеп атты түртүмүш этти. Бирок турмак түгүл төрт аягын жыя албай дардайып жаткан ат Анаркүлдүн түрткөнүн тоготуп да койгон, жок ары оонап, бери оонап отуруп келиндин бутунун этин оорутуп анан көптөн кийин ордунан араң дегенде туруп бара жатып куйругун ары-бери чапкылап, Анаркүлдүн бетин зыркыратып бүтүрдү. Ат эми акыркы жолу обдулуп ордунан туруп бара жатып арткы оң буту тайып кетип, аттын алдыңкы буту Анаркүлдүн башына тийген. Өзү чарчап, чаалыгып араң келе жаткан келин аттын акыркы кылыгынан биротоло эси ооп эки көзү караңгылап барып, эс-учу жок жерге башы менен шылк дей түштү. Ат ордунан туруп алып эле түз эле келген жолу менен айылды көздөй бет алды. Аттын аркасынан жанатан бери шыйпаңдап ээрчип келе жаткан Кумайык Анаркүлдүн колунан ыргып кеткен чүпүрөк баштыктагы талканды жеп, Анаркүлдүн жанында бир топко чейин турду.

Айылдан бир нече чакырым узап кеткен Сыдык улам жол узарган сайын келининен санаасы тынбай жатты.

“Эми эмне кылсам, деги келинди аман-эсен тапсам экен,” – деп шашылып баратып, бир кезде дуулдаган шамал менен аттын дүбүртүн кулагы чала була чалгандай болду.

— Бул чын эле аттын дүбүртүбү же кулагым жастым уктубу, — деп аттын оозун тартып, шак токтой калды. Жакшылап тыңшап туруп анан чын эле аттын дүбүртү экендигине ынанып, алып ошол дүбүрт чыккан тарапка чапкылап жөнөдү. Бир топтон кийин дүбүрттөн адашып токтоп туруп калып, атын кайрадан токтотуп аттан түшө калып бир колу менен тизгинин кармалап, экинчи колу менен акырын таянып жер тыңшап көрдү. Бул дүбүрт октой сызып келе жаткан аттын дүбүртү экендигине эми чындап ишенип, келини аман-эсен колуна тийгенсип сүйүнүп, тура калып тизесине, алаканына, колуна, бети башына жабышкан ылайды тазалап, анан кайрадан атына минип аттын дүбүртү чыккан дабыш жакка октой сызып жөнөдү. Улам жол арылаган сайын баягы дүбүрт экен-токон болсо дагы шамалдын ыгы боло калган сайын кадимкидей даана угула калып турду. Дүбүрт жакындагандан жакындап отуруп акыры бир топ убакыт өткөндөн кийин баягы жулунуп келе жаткан ээси жок, ээри оогон ат Сыдыктын алдынан чыкты. Айлана караңгы, көзгө сайса көрүнгүс болсо дагы бул ат өзүнүн аты экендигин жазбай таанып, бирок аттын үстүндө киши жок экендигин көрүп жүрөгү бир башкача туйлай түштү. Жанатан аттын дүбүртүн уккандан бери келини колуна аман-эсен тийгенсип, бир аз болсо дагы көңүлү ордуна келе түшкөн Сыдыктын эми келинимди аман-эсен көрөм деген ою бир паста жалп деп өчө түшкөнсүдү. “Бул ат ээси жок баратканы эмнеси? Анаркүлгө бир балээ болгон го, ат жөнү жок эле ээсин таштап качпайт эле”, — деп Сыдык бир топко чейин туруп, анан чечкиндүү түрдө эч нерсеге алагды болбой жолун улап, айылдан бери атына удаалаш жарышып келе жаткан ити Актөштү бир карап алып, ат келген тарапты көздөй бет алды. Нөшүрлөп күзгү муздак жамгыр төгүп жатса дагы, улам жолду кезип келинин таба албай убайым тартып келе жаткан Сыдыктын жонунан муздак тер куюла түштү. Бир кезде Актөш токтой калып жерди шимшилеп бир нерсени байкагансып үрүп жиберди. Иттин үргөнүнөн улам Сыдык аттын тизгинин тарта салып:

“И, сага эмне болду, бир нерсе байкадыңбы?” – деп иттин кыймыл аракетин байкаганга аракет кылып карап туруп калды. Ит дагы бир аз шимшилеп туруп, анан аттын алдына түшүп күн батышты карай чуркады. Сыдык дагы атын желдирип иттин аркасынан кете берди. Жанатан бери шыпылдап из издеп келе жаткан Актөш эмнегедир бир нерседен коркконсуп кыңшылай баштады.

— Изде! Изде, Актөш! – деп кыйкырып коюп Сыдык жолун үзбөй кетип бара жатып, Актөштүн чын эле бир нерседен коркуп жатканын байкады. Бир кезде желип бара жаткан атка карабай Актөш аттын бутуна жабышып кыңшылап, ат бышкырып жиберди.

— Ой, силерге эмне болду? – деп алды артын караса бир аз алысыраак жерден караңгыда күйүп турган кош көздөрдү күрүп: — Эмне балээ болуп кетти десем булар ушуларды көргөн турбайбы. Оңбогон гана чөөлөр алыстан улуп – уңшуп отуруп акырындап жакындай баштаган экенсиңер да ээ, – деп кобурап жинденип жакшы эле жолун уламай болгондо Кумайык кыңшылап жүгүрүп келди.

— Сен кайдан? Кудай өзүң сактай көр, – деп аттан түшүп жалгыз куралы камчысын колуна алып, атын жетелеп баратып беш кадамча арыраак жактан көзүнө бир ак нерсе көрүнүп, шашып-бушуп ошол жерге жетсе ал ак нерсе ак көйнөкчөн Анаркүл болуп чыкты. Ак көйнөгү ылай менен кошо ботала болуп, араң жан болуп жаткан келининин чала-була согуп жаткан тамырын кармап, анан келинин акырын атка арта салып, өзү учкашып шамал менен кошо шамал болуп айылды көздөй бет алды.

Айыке Эркехан экөө Сыдык кеткенден бери кайгырып үйгө отура алышпай нөшөрлөгөн жамгырды сезбей эшикте улам чыгып, кирип жүрүштү. Өзү ден соолугу начар, өрү кайтып калган кемпир эки бутун араң эле шилтеп турганын көрүп Эркехан:

— Апа, үйгө кирели, – деди.

— Үйгө кирип эле жай алып отуруп каламбы? Андан көрө сен үйгө барып үстүңө бир нерсе кийип, ал мага караба.

— А сизчи?

— Мага караба.

— Анан ооруп каласыз апа, үйгө эле кирип отуралы.

— Үйгө киргенде деле ушул да. Андан көрө колумдан эч нерсе келбесе да ары бери ушул жерде басып жүргөнүм мага олжо болуп жатпайбы.

— Апа ооруп каласыз. Мен дагы суу болуп кеттим, – деп Эркехан Айыкени эптеп үйгө алып кирди.

Үйдүн ичинде эртеден бери күйүп турган май чырактын жыты жыттанып үй ичи көк түтүнгө толо түшүптүр. Айыке эшиктен кирип түз эле май чыракка барып чырактын билигин чукулап, ага дагы май куюп, үйдүн ичин бир аз жарык кылып анан үстүндөгү чапанын, жоолугун чечип мештин жанында кагылып турган мыктардын бирине илди. Эркехан дагы үстүндөгү чапанын чечип экинчи мыкка иле салып, мештин оозунда жаткан чырпыктарды алып от жага баштады.

— Ай, Эркехан, отту коө туруп алдагы жоолугуңду чечсеңчи.

— Бул үйдө мындан бөлөк жоолугум жок, апа.

— Жок болсо деле чеч, чечип жоолугуңду жайып кой. Жоолугуң эмес чачың дагы суу болуп бүттү, биротоло чачың дагы кургасын.

Эркехан кайненесинин көзүнчө жоолугун алгандан уялып жер тиктеп, жоолугун кармалап туруп калды.

— Чеч, келгениңе жыйырма жылдан ашып калды, келиндигиң деле калган жок. Өз кызымдай эле болуп калдың, эч нерсе болбойт, мен өзүм улуксаат берип жатпаймынбы, жылаңбаш эле жүрө бер.

Эркехан мелтиреп үндөбөдү.

Айыке эски сандыгын ачып андан өзүнүн бир жоолугун алып чыгып Эркеханга берди.

— Ме, анда уялсаң жок дегенде алдагы башыңдагы жоолугуңду которуп ал.

Эркехан кайненеси берген жоолугун салынып, өзүнүн суу болгон жоолугун жайып жатып селт этип тыңшап туруп калды.

— Эмне болду?

— Тыңшасаңыз, апа, аттын дүбүртүбү?

— Аттын дүбүртү. Келишти го дейм. Кемпир элеңдеп терезени карап, анан шаша басып эшикке чыкты.

Анаркүл минип кеткен жайдак ат кишенеп, аткан октой сызып түз эле дайыма байланып турчу ордуна барды.

Эси чыккан Айыке менен Эркехан аттын аркасынын сарайга кошо чуркашты. Айыке барып атты байлаган жибин издеп тапканча Эркехан ары жактан бир жипти алып келе калып атты акырына байлады.

— Бул эмнеси? Жанагы келин соо эмес го, соо киши мындай болбойт да,— деп аттын капталын сыйпалап жабышкан ылайларды байкап:

— Бул эмне ылай? Мынча эмне ылай болгон бул ат? Бул жаныбар итирейген арык Анаркүлдү оңдурбай келген го. Бул аны бир жерге көтөрүп чаап таштап келгенден соо эмес, — деп Айыкенин саны санга бөлүндү.

Таңга маал жерге жарык чала була кирип калганда Сыдык Анаркүлдү өңөрүп үйгө жетти. Баятан бери жакшылыктан үмүтүн үзүп койгон кемпир Сыдыктын колунда эч кыймылсыз жаткан Анаркүлдү көрүп оюнун баары бөлөк жакка кетти.

— Деги Анаркүл аманбы? – деп бакырып жиберди.

— Билбейм, апа, өзүң көрчү, азыр акырын аттан түшүрөлү, – деп Эркехан Сыдык экөөлөп кылдаттык менен Анаркүлдү аттын түшүрүп үйгө алып киришти.

Келининин бети-башындагы канды көрүп эненин жүрөгү дакылдап турду. Анаркүлдүн бети-башындагы канын аарчып, тамырын кармап көрдү. Тамыры согуп жатат. Бирок эс-учу жок.

— А бул эмне болгон кан, Сыдык?

— Кыясы ат тепсе керек апа, буту да оңбой калыптыр.

— Оңбой калмак түгүл жанчылып калган го, — деп шашылып Айыке Анаркүлдүн бутун карап жатып байкабай келининин тизесине жыгылып кетти.

— Ой-ой, – деп эртеден бери үнсүз жаткан Анаркүл бутунун ооруганына чыдабай отноп жиберди.

— Эркехан, келинге кургак кийим алып кел үстүндөгү кийимдерин бүт которбосок, жамгырдын суусу кийимине эмес чучугуна өтүп кетиптир,– деп экөөлөп башы менен бутуна кокусунан тийип албайлы дегенсип кылдаттык менен Анаркүлдүн кийимдерин которушту.

— Эми Эркехан балам, от жакпасаң күзгү жамгыр жаман болот, үйдү бир аз жылыталы, жылытпасак болбойт, – деп Айыке келинине от жактырып, өзү Анаркүлдүн башынын канын тазалап таза чүпүрөк менен байлап, денесине бүт койдун майын сүйкөп, иши кылып келинин дарылап жатты. Жерге жарык толук кирип калганда Анаркүлдүн жүзүн көрүп Айыке, келининин колун кармалап ыйлап жиберди:

— Айдай бетиңе аяктай так салынган тура. Токто десем укпай эмнеге кетип калдың?– деп өзүнчө кобуранып алды.

Сыдык Анаркүлдүн эсине келгенин көрүп жүрөгү эс алып, жаны бир аз болсо да жай ала түштү.

— Апа, келиниңден жүрөгүм бир аз болсо дагы тынчып калбадыбы, түндөкүгө караганда көп жакшы,– деп апасынын жанына басып келди.

— Караңгыда экөөңөр кантип табыштыңар?

— Жаман көргөн Актөшүң тапты,– деп Сыдык Актөштүн жонунан сылап эркелетип мактап койду. -Бул болбосо караңгыда Анаркүлдү көрмөк тургай байкабай ашып кете бермек экенмин.

— Таң агарып калганда келгениңе караганда айылдан бир топ эле алыстап калган го.

— Дагы кудай сактаптыр, ээн талаада чөөлөргө жем болбой.

— Айтпа, балам, келиниңдин ажалы жок экен, бир кудай сактаптыр.

— Апа, – деп Сыдык Айыкенин саамайынан сылап, Сыдыгалы оюмдан кетпей жатат, балким, түндө кетпей калгандыр станция тарапка кайрылып бир барып келсемби,— деди.

— Мейлиң. Бирок Анаркүл бара албайт го.

— Кой, ал барбай эле койсун. Араң жан неме жолго кантип чыкмак эле, — деп Сыдык жолго камданып жатканда Асылбаштагы бир тууган карындашы Калый көңүлү суз болуп эшиктен кирип келди.

Кызынын суз өңүн көрүп Айыке:

— Кандай, кызым, келдиңби? – деп араң баскан эки бутун сүйрөй басып кызынан алдынан тосуп чыкты.

— Жакшы, апа, – деп Калый суз жер тиктеди

— Сага эмне болду, кызым?

— Апа. Болду эми Сыдыгалы чындап эле согушка кетти. Мен бүгүн таң заарда туруп Сыдыгалыга станцияга баргам, ары чуркап, бери чуркап таппай калдым. Көрсө, түндө эле аларды алып кетиптир.


    ***

Ошондон бир-эки ай өткөндөн кийин Анаркүл башы айланып, кускусу келип, көп баса албай, өзүнөн өзү кыйналып жүргөнүн Айыке үстүртөдөн байкап жүрдү. Бир күнү келинин чакырып алып:

— Анаркүл акыркы күндөрү сен бир аз башкача болуп жүрөсүң, сага эмне болду, же кошбойлуусуңбу?

— Билбейм апа, ушу кош бойлуу окшойм.

— Этек кириң келип жатабы?

— Жок.

— Канчадан бери?

— Эки үч айдай болуп калды.

— Анда чын эле кош бойлуусуң го, балам. Оор көтөрбөй жүрчү. Анан анын өзүнчө бир ырымы бар, кош бойлуумун деп өз кишилериңден бөлөк жан кишиге айтпа,– деп Анаркүлдүн чекесинен өптү.-Мен эртең Саараны чакыртайын, андан акыл көп чыкчу эле.

Эртеси күнү Асылбашка бара жаткан бир кишиден Саара шашылыш түрдө келип кетсин деп айттырып жиберди.

Жеңең келип кетсин дегенди угуп Саара бардык ишин жыйыштырып Бешкөрүккө аттанды. Айыке Саара келери менен жетине албай келининин кош бойлуу экендигин айтты:

— Ой, жеңе, анда кудай бербедиби. Мен анда келиниңди бул айылга койбоюн бирөөнүн көзүндө, бирөөнүн сөзүндө бар. Келиндин ичиндеги баласын баарылап сары майдай сактайлы. Элдин көзүнөн оолагыраак эле мен муну Асылбашка алып кетейин. Сыдыгалыга дагы сөз берип койдум эле.

— Мейлиң өзүң бил, кыз. Келин менен бир ооз сүйлөшүп көр, келин макул болсо, мен каршылык кылбайм.

Саара ошол күнү кечке маал барып Анаркүл менен сүйлөшүп келинин макулдатып, аны түнү менен Асылбашка өз үйүнө алып кетет.


    ***

Жаздын алгачкы белгилери билинип, ал тургай кар ар кайсы жерлерде ала-була болуп жатса дагы кадимкидей айлана жаз жыттанып, кар эриген ала-була, ала шалбырт жерлерде жаздын карылгачы байчечекей гүл ачып, эрте жаздын көркүнө көрк кошо баштаган мезгил-жаз келип жер көпкөн сайын түркүн чымчыктар дагы түрдүү обон салып, кышы менен тоңуп уйкуда жаткан жерди ойготуп жазды даңазалай баштады. Көлдүн үстүндөгү тоңголок муздар эрип аба кадимкидей жер жыттанып калган учур. Бирок айлана канчалык кооз болбосун, жазда бууланып жер көөп жаратылыш жанданып түрлөнбөсүн, элдин пейили канчалык кенен болбосун, баары бир жашоо күндөн күнгө оордоп, көз көрүнө эл мөгдүрөп бара жаткансыйт. Айылда мурдагыдай жабыраган эркек жок. Бирин-экин саналуу гана, калса дагы жаш балдар, карыган чалдар же оорукчан эркектер. Бир кезде шаңга бөлөнүп кечкисин көчөгө оюн-күлкү эңсеп чыккан жаштар да калбай бараткансыйт. Айылда бойго жеткен балдарынан, сүйүкүү өмүрлүк жарларынан, аталарынан айрылып ботодой боздоп, кан жуткан энелердин, жесир аялдардын, жетим балдардын саны күн сайын көбөйдү. Айыке эненин дагы бүгүн көңүлү өзгөчө пас, кабагы өтө бүркөө бүгүн таң атпай туруп алып. Эч ким менен сүйлөшкүсү да келбей, өзүнчө туталанып, буулугуп, капа болуп жүрөт. Үйдүн төмөн жагындагы көп жылдан бери жаткан чоң таштардын жанына барып, тырмалаңдап болгон күчү менен түрткүлөп, аларды оодарып жатканын алыстан Эркехан байкап калып жанына келип:

— Апа, бул таштарды эмнеге оодарып жатасыз, оор да,— деди.

— Билем, балам, оор экенин. Бирок бул таштардын алдында жаткан майда жандыктар, курт-кумурскалар күн көрбөй калды.

— Анын сизге эмне анчалык зарылдыгы бар? — деп Эркехан күлүп жиберди.

— Ал мен үчүн өтө зарыл. Сага күлкү болсо, – деп Эркеханды нааразы болуп бир карап алып Айыке таштардын калгандарын оодара берди. Жок дегенде менин согуштагы балдарыма ушулардын сообу тийсин. Ушулардын сообу тийип Калыгулум, Мааматым, Сыдыгалым, Мырзабегим аман-эсен келип калгысы бардыр. Алар дагы ушул таштын алдында басылып жаткан майда жандыктардай болуп согуштун кайнаган отунун ичинде жатышпайбы. Алар дагы ушуларга окшоп муздак жерде жатып жүрүшөт го. Алар дагы тынччылык күндөгү чайыттай ачылган күндү көрө албай туңгуюк туманда зыркырап жүрүшөт да. Курсактары токпу, кийими бүтүнбү, жыртыкпы ким билет? Мени эмне карайсың, бул кемпир жинди болуп бара жатат деп таң калып жатасың го. Жок, балам, андай эмес, бул курт-кумурскалардын дагы жылуулукта жашашка акысы бар. Баарыбыздын менин балдарымдын дагы жылуу жумшак жашоодо жашоого акысы бар да.

Менин балдарымдын дагы менин маңдайында отуруп, менин колумдан даам татканга акысы барда,— деп өзүнчө ызалуу күбүрөнүп жедеп карылык менен кайгылуу турмуштан бырышып бүткөн колдору менен баягы таштарды оодара бергенинен улам, Эркехан дагы унчукпай эле Айыкенин көңүлүн карап таштардын барын оодарып чыгып анан:

— Апа, бүгүн сизге эмне болду? – деп сурады. Мүнөзүңүз, өзүңүз дагы күндөгүдөн башкачасыз.

— Кантип күндөгүдөй болом, — деп көзүнүн жашын чууртуп жиберди – түндө бир шумдук түш көрдүм, балам.

— Ал кандай түш экен?

— Бир көл бар экен, анда Сыдыгалы сүзүп жүрөт энеден туума жылаңач, мен болсо баламды карап туруп ичимен ойлойм. Эрте жазда муз эрий электе сууга түшүп жатканы аз келгенсип, элден уялбай жылаңач жүргөнү эмнеси деп, өз баламдан өзүм уялып кайрылып басып бара жатсам балам:”Апа!”, – деп кыйкырып калды. Баламды жалт карагандан уялып бетимди буруп көзүмдү ылдый каратып алып:”Ий” – десем: “Мени кара!” — деп кыйкырат. Карасам, балам балык сымал ары-бери чабак уруп, өзү мүнөзү шайыр неме каткырып күлүп суунун түбүнө чулк этип кирип кетип бир аздан кийин колуна аттын бир такасын алып чыгып анан:”Көрдүңбү, апа, мен суунун түбүнө чейин барып келдим. Ме тос, апа,. мен аттын такасын таап алдым” — деп мага така ыргытат. Анан мен ал таканы мүдүрүлүп чалынып отуруп тосуп алып:“Эмне көлдүн түбү ушунча тайыз бекен?” — десем: “Тайыз эле, апа, мен тез эле кирип чыкпадымбы”-дейт. Анан карап турсам баягы көл кадимкидей соолуп баратат, соолугандан соолуп отуруп бир маалда көл болбой эле кагырап соолуп калды, Балам жылаңач бойдон менден уялып эки колу менен уятын жаап, соолуган көлдүн ордунда туруп калды. Балама кийим издеп ары бери жүгүрүп жүрүп, түшүмөн чочуп ойгонуп да кеттим. Ойгонсом тим эле кара терге түшүп кетиптирмин. Тура калып эле бир чөйчөккө суу алып баламдын мага берген такасын кут кула көр. Кудайым буйруп жалгыз уулум уулдуу болот го деп жоруп, анан бети-колумду дагарага жууп баламдын суусу жок көлдүн ордунда калганы суу менен кетсин, караңгы түн менен кетсин деп жуунган суумду чачып жибердим. Ушул түштү көргөндөн бери жүрөгүм ордунда эмес балам.

— Эми түшкө эмнелер гана кирбейт, апа. Өзүңүз жатаарда уулуңузду ойлоп жаткансыз го.

Сыдыгалы согушка кеткенден тартып Айыке эне жатаарга гана эмес, дегеле бир паска дагы баласын эсинен чыгара албай калды го.

— Аш десең ашка, иш десең ишке, окуу десең окууга тойбой турган маалында карабайсыңбы. Гитлер өңбой калсын. Ошонун балдары дагы менин балдарымдай болуп, согуш отун аралып калсын,— деп Айыке эне катуу үшкүрүнүп шамалга туурулуп бүткөн колдору менен кайгыдан, карылыктан бырышкан бетиндеги көзүнүн аккан жашын сүрттү. — Мына быйыл Мырзабегим жыйырмага, Сыдыгаалым ушул жазда жыйырма алтыга, Калыгулум отуз алтыга, Мааматым кырк бирге чыгышты, – деп оодарылган таштардын ордун карады. Карачы, Мырзабек азыр жыйырмада, Айыке үчүн бул небересинин керек болсо эне сүтү оозунан кете элек. Согушка кетээр кеткенче кичине кезиндегидей эле эркелеп, чоң апасына атайын бир маал келип көкүрөгүн жыттап наристе баладай эркелеп, кээ күндөрү упузун болуп Айыкенин бутуна жатып алып уктап калса чоң энеси небереси ойгонгончо отура берип, бир чымынды кондурбай коруп турчу эле. Эми мына чымындан эмес немистен небересин коруй албай ичтен жалаң гана үмүт менен жашайт. Сыдыгалыны болсо берки балдарынын баары чоңоюп калгандан Калый аттуу кы
зынан кийин он эки жылдан өтүп, кырктын кырынан ашып калганда көргөн кенжем, көкүрөк күчүгүм деп анысын да бир башкача эркелетчү эле. Ушунун баарын ойлогон Айыке эненин сүргөн ар бир күнү күн эмес эле тирүүлөй күйгөн тозоктун отундай сезилип турат. Көп жылдардан бери таштын алдында басылып жаткан жер кадимкидей оюлуп таштын келбетин алып калыптыр. Ушул оюлган таштардын ордун ал өз жүрөгүнө салыштырды. Эмне деген азаптуу күндөрдү, уйкусуз түндөрдү, эмне гана деген оор турмушту башынан өткөрбөдү? Бай-манапты куугунтуктай баштаган жылдары, анда эң кенже баласы Сыдыгалы жаңы там-туң басып калган кез. Чалы Боталыны, анын бир туугандарынын барын бай — манап деп катуу куугунтукка алышты. Кайын журтунун канчасы сүргүнгө айдалып, канчасы ушул жерде кырылды. Эптеп жан сактап калуу максатында кайын атасы Үкүбай мал мүлкүнүн көпчүлүгүн, үй жайын кошо таштап түнү менен өзүнүн уруусун, бала-бакырасын саздын арасында жайгашкан Бешкөрүк деген айылга түнү менен бир түндө көчүрүп келүүгө аргасыз болгон. Ал жерге көчүп келгенинин себеби, ал кезде бул айылга барчу бир гана аяк жол бар эле. Башка жери бүт саз болгондуктан ал жолду алардан бөлөк бирин-экин гана киши билчү. Ошол жолду билем деген кишилердин көпчүлүгүнө ооз бастырык кылып малын берип Үкөбай Бешкөрүккө көчүп келет. Андай турмушту, андай азаптуу күндү Айыке азыр керек болсо, өзүнө эмес, туугандарына эмес, душманына дагы каалабас эле. Ошол кез, ошол турмуш Айыке карып-арыса дагы көз алдына күнү бүгүнкүгө чейин элестеп турат. Бир тууган кайнилери Үмөталы менен Байдалы сүргүнгө айдалып, көрбөгөн кордукту көрүп жүрүшүп кийинчирээк айылына кайтып келгенде, баштагы кыз-келиндерди кызыктырган келбеттери калбай, ак шишик тартып адам көргүс, адам чыдагыс азаптарды көрүп келгенин Айыке кантип унутат? Өзгөчө Үмөталы келип: “Жеңе, бизди кордошподубу, бизди кул кылышпадыбы”, — деген сөзү эмнгедир эсинен такыр кетпеди.Үмөталы, Байдалы экөө тең ага чейин апаппак кийинип, эл башкарып, журт башкарып, боз ат минип, куш салып, турмуштун каймагында гана жүргөн жигиттер эмес беле.

Айтмакчы, ошондогу аба ырайы дал бүгүнкү күндөй эле. Куду бүгүнкүдөй күн ачык, бирок сыдырым жазгы муздак жел согуп турган. Күн түштөн ооп калганда Айыке бешим намазын окуюн деп даарат алып, үстү башын оңдоп, кош жоолугун баса салынып, мындан көп жыл мурда өзүнүн чоң энеси Асыйна айылдын ишмер кыз — келиндерине атайын кооздотуп жасаткан жай намазын алып чыгып, намаз окуй баштаганда колуна жыгач кашыгын алып, тиштегилеп там-туң басып жаны тынбаган тентек Сыдыгалы бул жолу энесинен көзүн албай, эки колу менен кашыгын бекем көкүрөгүнө кармап, энеси намаз окуп бүткөнчө былк этпей эч кыймылсыз тиктеп турду. Анан энеси намазын окуп бүтүп, жайнамазын жыйнагандан кийин барып ары бери жүгүрүп, энеси намаз окуганда жасаган кыймыл аракетин жасап, Айыкени күлдүрүп жатканда эшиктен бака-шака үн чыкты.

— Айыке, үйдөсүңбү? – деген үндү угуп, баласын колуна алып бул ким болду экен деп эшикке чыга калып, маңдайында турган кайнилерин көрүп мындай күтүүсүз жагымсыздыкка чыдабай шалдырай түштү. Бир кездердеги өңдүү — түстүү, акыл — эстүү сын десең сыны, сүр десе сүрү, эси десең эси бар кайнилери бүгүн таптакыр башкача көрүндү. Чарчап— чаалыгып кыйналып, тепки жеп, кордук көрүп, бир түнкү уйкудан эмес, көп күндөн бери уйку көрбөгөндөрү бир караганда эле кебетелеринен көрүнүп турду. Айыке эч нерсе деп айта албай Байдалы менен Үмөталыдан көзүн албай туруп калды. Бир кезде булар жайлоодон кыштоого, кыштоодон жайлоого көчүп бара жатканда канча деген элдер алдыларынан тосуп чыгып, биздин колдон даам татып балдарыбызга баталарын берип кетишсе экен, ушул кишилердин берген батасын Алла Таалам кабыл кылып, сообун бала бакырабызга тийгизсе экен деп кучак жайып, качан болсун дасторконун белендеп кымызын, козусун даярдап алдыларынан тосуп турчу эмес беле?

Өзгөчө Байдалы шыңга бойлуу, ак жуумал, жай күндөрү апаппак кийинип алып, жандап жүргөн жигиттери менен жайлоону аралап жүргөндө жайлоонун көркүн жалгыз гана Байдалы ачып тургандай сезилчү эле. Кээде кере карыш суусар тебетейин кийип бозтүлөк кезинен өзү чоңойткон кушун ийнине кондуруп алып, куш салганга чыгып баратса, тимеле элдин баары өзгөчө кыз-келиндер суктаныша карап калышчу эле. Эми карачы, экөөнүн тең азыркы түрлөрүн күргөн киши суктанмак түгүл, жүрөгү түшүп эстен танчудай.

Ошол Үмөталы менен Байдалыны алып келген кишилердин айткандарына караганда манаптын балдары деп экөөнө тең көрбөгөндү көргөзүшсө керек. Ошондон көп узабай эле, күлгүндөй жапжаш бойдон он гүлүнүн бир гүлү ачыла элегинде Үмөталы каза болду. Байдалы болсо баштагыдай ден соолугу болбосо дагы көпкө чейин ооруп, кыйналып, кысталып жүрүп бир аз жакшы болуп кийинчерээк үйлөнүп, Гүлайым аттуу бир кыздуу болду. Байдалы уулду болбосо дагы Гүлайым тимеле оозу мурдунан түшкөнсүп атасынын өзү эле. Кийинчерээк ал кызы төрт — беш жашка чыгып калганда Байдалы дагы каза болду. Байдалы каза болгондон кийин байкемден калган жалгыз кыз деп ал кызын Саара өз колуна алып, Асылбашка алып кеткен. Ушундай аянычтуу тагдырларды көрүп, көрмөк түгүл өзү башынан өткөрүп, өз көзү менен көргөн күндөрүн эстеп ушул кезде Айыке эненин жүрөгү эзилип, ал тургай таалайына дагы таарынып кетип турду.

Баятан бери таштын ордун көз ирмебей капалуу тиктеп турган терең, бирок абдан кайгылуу көздөрүн жана өтө аянычтуу жүзүн баятан бери карап турган Эркехан анын эмнени эстеп, эмнени ойлоп турганын так билбесе дагы болжоп сезип билип турду.

Ошол күнү Айыке бир туруп Мырзабегинин баскан турганын, сүйлөгөн сөзүн, күлгөн күлкүсүн эстеп. Бир туруп Сыдыгаалынын кылык жоругун, ал тургай баласы ичте жатканда алгач ирет кыймылдаганын, жаңы төрөлгөндөгү, баласынын ыңаалап ыйлаган түрүн, алгачкы жолу «апа» деп чочугансып айтып алганын, биринчи жолу шилтеген кадамын, ары-бери чуркап борсулдап күлгөнүн, дегеле Мырзабек менен Сыдыгалынын кыбыр эткен кыймылдарынын баарын эстеп бир чети сагынып, бир чети солкулдап турган бир эмес, төрт уулунун аскерге эмес согушка кеткенине ичи ачышып, өзгөчө бүгүн түндөгү түшүнөн кийин туталанып жүрөт. Ал ансайын Актөш дагы улуп-уңшуп үнү басылбай турду, иттин улуган үнүн уккан сайын ырымчыл эненин оюна жамандыктан бөлөк жакшы ой келбей, ити улуган сайын бир жаман кабар укчудай эле болуп турду. Үнү басылбаган итке жини келип, ал кулак уккус, көз көргүз жакка колунан келсе бардык үйдөгү жана согуштагы бала-бакырасынын баарын чогултуп алып качып кеткиси да келди. Үйгө кирсе үйгө, эшикке чыкса эшикке отура албай бүгүнкү күндүн ар бир өткөн мүнөтү Айыке үчүн кылымга тете болуп кең дүйнө тарып турду.

Кечинде кечке маал Айыке Эркеханга:

— Үйдө бир аз ун бар болушу керек эле, — деп камыр жууруп жети токоч баабетин жасап, бутунун ооруганына карабай жети токочун чүпүрөк түйүнчөккө түйүп алып, таягын таянып, жолго чыкса, почточу Керим жүрүптүр. Аны көргөн Айыке, белин түзөп, токтой калып Керимди чакырды.

— Чын уктумбу, жастым уктумбу билбейм, Керим элдин айтканына караганда эртең Мусанын баласын согушка алып кетет окшойт?

— Ооба, байбиче. Эртеңкиге чакырык келген, — деп Керим ээр токумдун канжыгасында байланган баштыкчасын ачып:

— Ме, байбиче. Мааматыдан кат келди, — деп Мааматтын катын Айыкенин колуна берди.

Көптөн бери түтүп, ушул күндү эңсеп жүгөн Айыке эне уккан кулагына ишене албай кубанычтан бүткөн бою дирилдей түшүп, калчылдаган колдору менен кошколдоп Мааматтын катын алып жүрөгүнө кысып анан Керимди карап:

— Керим, менин көзүм көрбөйт. Баламдын катын сен окуп берчи. Деги балам эмне деп жазыптыр, — деп сүйүнгөнүнөн шаштысы кетип катты кайрадан Керимге сунду.

Керим катты ачып:

— Окуюнбу? – деп Айыкеге жылмайды.

— Оку балам, тезирээк окучу, — деп Айыке Керимди шаштырды.

«Апа, кандайсыңар? Сыдык байкем, Эркехан жеңем кандай? Сыдыгалы менен Батма жакшы эле жүрүшөбү? Менин угушума караганда Калыгул менен Мырзабек дагы согушка кетишкен турбайбы? Деги жок дегенде Сыдыгалыны алып кетишпесе экен. Апа, биз азыр чабуулга чыгып бара жатабыз. Мен кези келе калып эле кат жазып жатам. Баардыгына салам айт, апа, мен баарыңарды абдан сагындым, Маамат».

— Баламдын айтканына караганда, Керим, Маамат Сыдыгалы менен Батманын ажырашканын, инисин согушка алып кеткендигин дагы билбейт тура ээ?

— Билбейт окшойт. Баса, силер уктуңарбы. Кечээ өйдөкү көчөдө жашаган

Зарлык согуштан майып болуп келиптир.

— Майып болуп? Жаман болгон тура. Жаш эле эмес беле? — Айыке кейий түштү

— Менин айтайын дегеним Зарлык согуштан сенин Сыдыгалыңа кезигиптир.

— Ия? – деп Айыкенин жүзүндө бактылуу энелик жылмаюу пайда болду. Кезигиптирби? — деп Керимден дагы бир жолу тактап сурады

— Сенин балаң ал жерде связист экен.

— Эмне экен? — деп сабатсыз кемпир Керимди карады.

— Связист деп коюшат тура. Аны мен деле көп түшүнбөйм. Айтор

Зарлыктын айтканына караганда Сыдыгалынын белинде байланган телефону бар экен.

— Телефон дегениң эмнең? – деп Айыке көз алдына жарылып кетчү бир аскердик куралды элестетти.

— Сүйлөшүшөт экен го.

— Ким менен?

— Согуштан бири – бири менен да.

— Менин балам орсча билчү эле, анда ал Стакем менен ошол жерден сүлөшөт тура, – деп кыялында баласынын Сталиндин жанында жүгөнүн элептетти.

— Зарлыкка майдандан душмандын огу тийиптир, – деп Керим сөзүн улады. Байбиче, сенин уулуң ошол жерде жарадарлардын улам бирин бир ак кайыңдын түбүнө сүйрөп барып жатып кан сырап жаткан Зарлыкка ошол жерден кезигиптир.

— Анан?– деп Айыке Керимден көзүн албай кунт коюп угуп турду.

— Сыдыгалы Зарлыктын кан – сөлүн тазалап, жаратын таңып: «Сен ушул жерден жалба, байке. Бүгүн же эртең келип силерди араба менен госпиталга жеткизишет. Ажалың жок экен. Буюрса эми эли жериңе аман— эсен катмай болдуң. Мына бул консерваларды сага таштайын. Ушуну жеп, эптеп өзүңдү өзүң бага тур, байке. Бүгүн же болбосо эртең араба, сөзсүз келет. Чабуул катуу болуп жатат, жардарлар өтө эле көп дейт. Бирок биз сүйлөшкөнбүз ушул жерден жарадар болгондорду мына бул ак кайыңдын түбүнө топтойбуз, деп. Ошол сүйлөшкөн бойдон алар сөзсүз келишет. Аман— эсен айылга барсаң элге — журтка салам айт», – деп өзү телефон менен сүйлөшүп чабуулду карай кетиптир».

— Анан чабуулдан аман— эсен келиптирби?

— Билбейм, байбиче. Зарлыктын айтканына караганда ал балаңды кайрылып көрбөптүр.

— Эмнеге?

— Эмнеге болмок эле. Ошол түнү Зарлыктарды Сыдыгалы айтканындай эле арабакечтер келип, бир топ жарадарларды салып госпиталга алып кетишиптир. Кой, анда байбиче, мен бул жерде көпкө туруп калдым окшойт. Мага уруксаат берсең кетейин, – деп Керим Айыкенин жананан эмнегедир жер карап, энени аягансып атын жай бастырып жөнөп кетти.

Айыке байбиче ошол жерде белин түзөп бир аз туруп, анан жанагы токочун балдарга таркатып үйүнө келип, быйыл кышы менен үйүндө болгон жүндүн барын чогултуп, белинин ооруганына, көзүнүн жакшы көрбөгөнүнө карабай өжөрлөнүп отуруп беш түгөй байпак токуган. Эми Мусанын баласы согушка кетет дегенди угуп Эркеханга:

— Эркехан балам, бери келчи. Баягы мен токуп жүргөн байпактарымды алып келчи. Эртең өзүң айткандай Мусанын баласы согушка кете турган болсо, ушул беш байпакты алып барып берип келейин. Согушка барса, алардын төртөөнү Калыгул, Маамат, Сыдыгалы, Мырзабектерге берип, анан бирөөнү өзү кийсин, — деди.

Айыкенин бул сөзүн угуп, ары жакта турган Сыдык каткырып бырс күлүп жиберди:

— Койчу, апа, согуштагылардын баары эле бир жерде топтошуп турат дейсиңби? Ушундан ошол жакка сенин байпагың жетмек беле?

— Жетет! Ал төртөөнө жетпесе дагы башка балдарга жетсе болду. Менин балдарыма окшогон дагы бирөөлөр карда, суукта жүргөн балдар кийип алышсын. Бирок өз балдарыма жетип калса ажеп эмес,— деп Айыке эне баласына таарына түштү.

— Кечирип кой апа, мен жөн эле, – деп Сыдык күлкүсүн араң тыйды.

— Эмне эле шылкылдайсың? Бул эмне сага күлө турган ишпи, — деп Айыке жаш баладай мурчуюп баласына таарынып алды.

Сыдык апасына жакыныраак келип:

— Апа, андан көрө өзүң эле кийип албайсыңбы. Сенин берген байпактарың аларга барыбир жетпейт.

— Жетет!

— Жетпейт, көрөсүңго. Өзүң эле кийип алчы.

— Кантип кийип алайын, мен жаманбы-жакшыбы үйдө жүргөн кишимин. А, согушта жүргөн балдар ачпы-токпу, буттары жылуубу ким билет? Мейли жетпесе ушундай байпак токуган мен эле дейсиңби? Мендей дагы энелер бардыр, ошолордун биринин болбосо, биринин токуган байпагы менин балдарыма бары бир жетет. Мен ушинтип бере берсем, акыры менин балдарымдын колуна дагы бирден байпак тийер, ушулардын сообу тийсин,— деп ыйлап жиберип, анан келинине көзүн, колун көргөзүп: — Менин эки көзүмдү кудай албадыбы. Көзүм көрбөйт, май чырактын жарыгы менен токуйм деп отуруп, колумдун барын шишке сайдырып албадымбы,— деп жаш баладай келинине даттана карады.

Апасынын бул сөзүн, көз карашын көрүп Эркехан ичинен кайын энеси болсо дагы, жыйырма жылдан ашык кайын эне-келин болуп жүрүп, өз энесиндей эле болуп калган Айыкени аяп кетти. Апам байкуш чын эле картайыптыр, карыганынан дагы кайгы жеп бүттү деп ичинен кейип алды.

Анан бир маалда Актөш тимеле үнү басылбай тызылдап үрүп калганынан Эркехан эшикке чыкса почточу Керим экен. Эркехандын көчөгө чыкканын көрүп Керим:

— А силер бул үйдө белеңер? Мен силерди өзүңөрдүн үйүңөрдө го деп эле ошол жакка баратыптырмын. Сыдык үйдөбү?

— Жок, — деп Эркехан Сыдыкты үйдө экенин, эмнеге жашыргандыгын өзү дагы түшүнбөй калды.

Аңгыча ары жактан Сыдык:

— Мен мындамын, ким бул? — деп күтүүсүз жерден ары жактан чыга калган Сыдыкты көрүп Эркехан Керимден уялып ары жакка басып кетти.

— Мен эле Керим байкең.

Сыдык жакын келип Керим экөө учурашып туруп калышты. Анан Керим Сыдыкты карап, сен ушул үйдө эле болосуңбу мен азыр келем, — деп кайра бурулуп артка кетип, кечке маал айылдын бир топ кишилери менен үйгө кирип келди. Келген элдин бары бир топко чейин эптеп эле ооздорун кыбыратып ал жайларын сурамыш этишип анан айылдын эки орто эле жашап калган Эркехан курактуу аялдары Эркехандын эки жагына туруп калышкандан кийин, айылдын аксакалдарынын бири Кубанычбек сөз баштады:

— Эми, Айыке байбиче, Сыдык, Эркехан, ажал айтып келбейт экен. Бирине эрте келсе, бирине кеч келет тура. Эгер колубуздан келсе жаштар силер жашагыла деп биз кары — картаңдар көрөөрүбүздү көрдүк, сүрөөрүбүздү сүрдүк деп, улуулата кете берет элек. Бирок Кудай Таалам бизди андай кылып жаратпаптыр, – деди.

— Деги эмнени айткан турасың, айлантпай эле ачык айт. Түз сүйлө — деп Айыке эне ордунан тура калды.

— Куураган согуш далай жигиттердин өмүрүн алды го, бүгүн сенин неберең Сыдыктын уулу Мырзабекке кара кагаз келиптир...

Мырзабектин эки энеси тең чучуктай чаңырып жиберишти. Сыдыктын буту-колу чымырап, көзү тумандап, жалгызынан, орун басарынан, туягынан айрылып, какбаш калганына жүрөгү туз куйгандай ачышып, ичи жалын сырты чок болуп, жердин катуулугунан, жандын таттуулугунан гана ошол жерде таштай катып турду. Өкүрүк үйдү үч көтөрдү.

 

(Көңүл буруңуздар! Бул сайтта повесттин бир бөлүмү жайгаштырылган)

 
Текстти сүрөттөрү менен толун бойдон ушул жерден көгүрүп алсаңыз болот

 

 © Эшимкулова Г.Ф., 2005. Бардык укуктар корголгон
     Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 4745