Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз / Балдар адабияты
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2016-жылдын 18-ноябры
Таттуу үй
Бөбөктөр, тестиер жана жеткинчек балдар үчүн
1-китеп
Соңку жаңысы
Китепчеге автордун бөбөктөргө, тестиер жана жеткинчек балдарга арналган жалаң аңгемелери топтоштурулду. Аңгемелер бөбөктөрдүн жан дүйнөсүнө жакын, окуялары жеткиликтүү, түшүнүктүү деңгээлде жазылган. Каармандарынын кылык-жоруктары балдардын турмушун көркөм чагылдырып, аларды адеп-ахлакка үндөө менен, ата-энени, бир тууганды, эмгекти, билим алууну, табиятты сүйүүгө үйрөтөр, курчап турган чөйрөнү таанытар, тилин өстүрөр жана кыял чабыттарын байытар мазмунга ээ. Ширин жана жатык тил менен жазылган. Автор китепке кирген «Абыл унутчаактын күлкүлүү окуялары» аттуу аңгеме-баянында кенже жашынан баштап балдарды адеп-ахлакка, эң жөнөкөй турмуштук билимдерге, күндөлүк жүрүм-турум эрежелерине, ата менен энеге, бир тууганга, досторуна, окуткан мугалимине мамиле кылуунун элдик үлгүлөрүнө жана да үйдө, коомдук чөйрөдө өзүн-өзү туура алып жүрүүнүн мыкты мисалдарына карата тарбиялоо идеясын Абыл аттуу баланын образы, анын күлкүлүү жоруктары аркылуу кызыктуу кылып, жатык тил менен айтып берген. Китепче жалпы эле балдарга, алардын тарбиячыларына, мугалимдерине жана ата-энелерине арналат.
Рысбаев С. Таттуу үй: бөбөктөр, тестиер жана жеткинчек балдар үчүн аңгемелер жыйнагы, Б.: 2008, 196 б. китебинен алынды
Аңгемелер
Таттуу үй
Бекзаттын бир адаты бар. Колу бош боло калса эле ар түрдүү нерселерден үй сала баштайт. Үй салат да, «Мына бул менин үйүм» — деп жанындагыларга жарыя айта баштайт.
Бүгүн чай ичип отурсак, чакмак канттарды тизип алып тасмалдын четине үй куруп кирди.
— Ата, -деп мага көрсөттү ал, – көрдүңүзбү, булар – кирпичтер… Аппак кирпичтер бекен…
- Ооба…
- А булар болсо-шийпырлары…тактайлары…
Ошентип ал чакмак кант менен печеньелерден бат эле эки бөлмөлүү апакай там салып койду.
— Ата, мына бүттүм. Бул – менин үйүм…
— А-ий, Бекзат, сенин канттан салган үйүң жакшы үй болот го э? Канттай эле таттуу болот го… э? – дедим аны кубаттап.
— Ооба, — деди ал ойлонбой эле, –менин үйүм таттуу үй болот…
«Айтканың келсин, — дедим ичимден, Бекзатты саамайынан сылап, – сен да чоңоюп, өзүңө үй курасың. Үйүң таттуу үй болсун!».
Бекзат чакмак канттардан дагы да топтоп алып, баягы эки бөлмө үйүн чоңойто баштады…
Акбардын дарагы
Эрте жаз эле. Акбар жаш чырпыктан сындырып алып, ат кылып минип ойноп келатты. Бир чырпыкты камчы кылып алган. Арыктын жээгин бойлоп тамдын артына келсе, чоң атасы бир нерсе менен алектенип жүрүптүр. Байкаса, лом темир менен жерди чукуп, бактын бутактарын жерге сайып жатат. Чоң атанын колундагы бактын бутагы өзү ат кылып минип жүргөн чырпыкка окшош экен. Аны көрүп, чоң атасы дагы бактан сындырып алып ат кылып ойноп жүргөндөй көрүндү. Анан мындай деп сурады:
— Чоң ата, бул чырпыктарды сиз дагы ат кылып минип ойнодуңузбу?
Небересинин бул сөзү күлкүсүн келтирди.
— Жок, — деди чоң атасы. – Мен сага окшогон тентектер сындырып кетпесин деп, чырпыктарды бул жерге сайып отургузуп жатам.
— А булар эмне болот анан?
— Булар тетиги бактардай болуп, көкөлөп өсөт. Үйүбүздүн айланасына көрк берет. Ага булбулдар конуп сайрайт.
— А менин бул чырпыгымды өстүрсөм болобу? Ал дагы ошентип өсөбү?
— Ооба, ананчы, — деди да, чоң ата Акбар ат кылып минип жана камчыланып келген эки чырпыкты жерге сайып койду. Түбүн бекемдеп бекитти.
— Эми күнүгө арыкка суу жүргүзүп тур – деп эскертти чоң атасы,– арыкты көрсөтүп.–Антпесең куурап калат. Эчкилерден, улактардан корго. Алар кемирип кетет. Уктуңбу? Анан чоңоюп көкөлөп өскөндө «Акбардын дарагы» деп элдин баары сени мактап айтышат.
Акбар жаңы сайган чырпыкка «Менин да көкөлөп өскөн дарагым» болот деп сыймык менен карады.
Арадан күндөр өттү. Чырпык татынакай болуп бүрдөдү. Келерки жылы андан да көрктөнүп өстү. Көк тиреген дарактар кенедей эле чырпыктан өсүп чыгарын түшүнүп, таң калды Акбар.
Жылдар өтүп, баягы дарактар таң кечке булбул сайраган дүпүйгөн бакка айланарын, элдин баары ал жерге келип көлөкөлөп эс алып, аны «Акбардын дарактары» деп атап, суктанарын кыялданып турду Акбар.
«Экөө болчу»
Айжаз сабактан келип, өзүнүн бөлмөсүнө кирди. Күзгүгө каранса, анын текчесинде эки кызыл алма туруптур. Айжаз сүйүнүп, алмалардын бирин алды да, ашкана бөлмөгө кетти. Алманы жесе, аябай ширин алма экен. Аны «кызым келгенде жесин деп катып койгон» апасына ыраазы болду Айжаз.
Алманы жеп бүтүп, кайрадан өзүнүн бөлмөсүнө келди. Барса, күзгүнүн текчесинде калган дагы бир алма жок…
«Экөө эмес беле? Бирин ким жеп кетти?»– деп ыйлагысы келди Айжаздын.
Бирок, үйдө Айжаздан башка эчким жок болчу.
Чын эле, алманын бири кайда кетти? Табышып койгулачы…
Сагынуу
Нурай апасы айылдан келгенче күтүп сагына берди. Эжеси ойнотсо да, болбоду, сөзүн укпады. Бир кезде эжеси бөбөгү Нурайды ээрчитип алып, арык жээктеп апасынын жолун утурлап чыгышты. Бурулушка келишип, гүлдүү дөңсөөгө чыгып отурушту. Көпкө күтүштү. «Бат эле келем» деген апасы буларды күттүрүп кечигип жатты–Апам качан келет?– кайрадан ыйлай баштады Нурай.
– Азыр келет дебедимби. Сен жакшы кызсың да. Ыйлабайсың да.–деп, эжеси арык жээгиндеги кооз гүлдөрдөн десте кылып, бөбөгүнө карматты.
– Нурай, жыттачы. Сонун жыттуу гүлдөр экен ээ?
Эжеси Берген гүлдөр чын эле кооз да, жыпар– жыттуу да экен.Аны карап, чын эле алаксып калды. Анан кайра эле ыйлап кирди:
– Эжеке, апам качан келет?
Анны көрүп, эжеси эмне кылар айласын таппай турду.
…Эх десең! Гүл канчалык сулуу да, жыпар-жыттуу болсо да, сагынган балага апасынын сулуулугу менен жыпар жытын алмаштыра албайт да!
КИТЕП ОКУГАН ШАМАЛ
Данияр, эмнегедир, бир нерсе жасагысы келди. Колу бош. Убакыт деген толтура. Бирок, эмне жасаса болот? Багайын десе кой жок. Кой деген, тиякта, жайлоодо. Куурай терейин десе — бул жер айыл эмес. Куурайдын шаарга эмне кереги бар. Өткөн жылы каникулда айылга барганда козу-улак байлап, кулун кармашып, чоң апасына куурай терип берген. А, бу шаарда анын бири жок. Быйылкы каникулда айылга качан барат белгисиз.
Ошентип, Данияр аябай эригип отуруп, кызыктуу китеп окуюн деп көңүлдөндү. Текчеде атасы сатып берген китептери көп. Аны барактап бир ирет көргөнү болбосо, окуй элек. Өзү жакшы көргөн сүрөттүү китеби бар. Анын сүрөттөрүн канча ирет караса да, окуй элек болчу. Данияр ошол китепти алды да, чарпаяга барып, чалкасынан жатып окуй баштады...
Окуп жатты... Бирок чалкасынан жатып да китеп окуйт бекен. Чалкасынан жатып китеп окуганда уйку дегениң эми эле келе калат. Кыйынсынып китеп окууга киришкен Данияр жарым барак окуганда эле уйкуга киргенин байкабай калды...
Анын уктап калганын көргөн апасы тим койду. «Китеп окуп чарчады го...» деп ойлоду.
Бир кезде тентек шамал ичиркентип, Данияр ойготту. Уктап калганын ал ошо ойгонгондо билди. Уялды. Анан жанында барактары ачылып, ачылганда да аягына чейин ачылып жаткан китебин көрдү.
– Апа,–деди анда Данияр жүзүн күлкү чайып, — мен уктап калсам китебимди шамал окуп бүтүп коюптур... Карасаң, мен жаңы эле баштаган болчумун...
Апасы уулунун бул тамашасын туура түшүндү, бирок апасынын жообу аны уялтып салды. Апасы минтип айтты жалкоо уулуна:
– Сенин жалкоолугуңду көрүп, сен окубасаң мен окуюн деп, кызыктуу китепти эстүү шамал өзү эле окуп койгон турбайбы...
БААРЫНАН КИМ СУЛУУ?
Ойлончу…Дүйнөдө баарынан эмне сулуу? Менимче, баарынан кең дүйнөгө нурун тегиз чачкан күн сулуу!
Анан да, күн нуруна нурданган гүл сулуу. Жүзү гүлгө окшоп жадыраган бактылуу бөбөк сулуу. Анан дагы жаш бөбөктү эмизип отурган бактылуу эне сулуу!
Ооба, дүйнөдө сулуулар көп: жаш бөбөккө окшогон темир канат балапан, сары ооз жөжө да сулуу. Жөжөлөрүн жөжүрөтүп ээрчиткен, күрпү кете элек эне тоок сулуу. Улагы менен козусун ээрчиткен кой-эчки, музоосу менен кулунун ойнотуп жүргөн уй менен жылкы сулуу...
Жаңы көзүн ачып, балтаңдай баскан барак күчүк да сулуу көрүнөт. Жүк түбүнөн чыкпаган, уйкучу мышыктын баласы да сулуу...
Жаңы гүл ачкан, жаш эне сыяктанган жаш алча, алма, өрүк көчөттөрү андан бетер сулуу көрүнөт. Жаңы бүрдөгөн жалбырак сулуу. Жаңы туулган ай сулуу...
А бирок баарынан ким сулуу, билесиңерби, бөбөктөр?
Ушунун баарынын ичинен өзүң эмнени, кимди жакшы көрсөң-ошол сулуу! Ошентсе да, кичинекей бөбөк жана аны эркелетип отурган эне баарынан сулуу. Кандай дейсиңер? Туура айтамбы?
Мен ушул экөөнөн сулуу эч нерсени көрбөдүм...
ӨЗҮНҮКҮ ЖАНА ӨЗГӨНҮКҮ
Тилек жана Кушубек деген кошуна эки бала бар. Экөө абдан ынтымактуу. Бир күнү алар жолду чандатып ойноп жүрүштү. Анан чарчашты.
— Чыбыктан ат кылып минели,—деди Тилек.
Макулдашты. Экөө чыбык апкелмекке үйлөрүнө кетишти.
Тилек короодогу талдан сындырайын деп ойлоду. Бирок, аны сындыргандан аяды. Атасы көрсө тилдейт да. Анан ал Кушубектин короосун карады. Алардын ак, сары талдары сонун болуп өсүп калыптыр, узун сабактары ат кылып мингенге жарай тургандай көрүндү. Ары-бери караса, эч ким көрүнбөйт. Жашырынып чуркап келип, талдын ошол узун сабактарынан сындырып алды. Анан билгизбей артына жөнөдү. Короонун тешигинен сойлоп чыгып келатса, алдынан Кушубек жолукту. Экөө сүзүшүп калышты.
Ал дагы талдын узун сабактарынан сындырып алыптыр. Тааныды. Көрсө, Кушубек да өзүнүкүн аяп, Тилектин короосундагы талдардан сындырганын түшүндү. Кушубек да түшүндү.
Экөө бири-биринен аябай уялып калышты. Анан ойнобой эле үйлөрүнө кетип калышты.
Өзүңдүкүн кандай аясаң, өзгөнүкүн да ошондой аягын да.
КОРОЗ МЕНЕН КӨГҮЧКӨН
Тооктор короодо чукулдашып жем жеп жатышкан. Аңгыча алардын жанына көгүчкөн келип конду.
– Эй, көгүчкөн, — деди короз, аны жактырбай,– сен мында эмне жүрөсүң?
– Конокко келдим,–деди когүчкөн.
Анын карды ачып калган эле. Күн да абдан суук болчу. Айлана аппак кар.
Бирок короз анын сөзүн укпады, «конокко келиптир» деп сыйлабады, бир тоголок да дан жедирбеди.
Аны үйдүн ээси көрдү да, үйдөн бир кочуш буудай алып чыгып, көгүчкөндүн алдына чачты. Көгүчкөн качпай, үй ээсинин бутунун жанында жем жеди.
Ээси кеткен соң, короз көгүчкөндөн минтип сурады:
— Сени кишилер эмне үчүн мынчалык жакшы көрүшөт ыя? Биз кишилерге этибизди, жүнүбүздү, жумурткабызды беребиз. Ошондо да бизди сенчелик жакшы корүшпөйт...
Короз ичи күйүп, ушуларды айтты.
Көгүчкөн:
– Биз силерчилеп бир-бирибиз менен урушпайбыз, ынтымактуу жашайбыз. Адамдар бизди ошол үчүн жакшы көрушөт,–деди да, ага жем берген адамга ыраазы болуп, учуп кетти.
«КӨЗҮМДӨ ЭМНЕ БАР, АПА...?»
Раина апа жумуштан чарчап, үйгө келди. Келди да, босогодогу коңгуроону басты. Күндөгүдөй эле кызы Чолпон эшик ачты. Чолпон колуна, негедир, күзгү кармап алыптыр. Ал апасы менен учурашпай эле, минтип сурады шаштырып:
— Апа, дейм, апа, менин көзүмдө эмне турат?.
Апасы кызынын мындай суроосунан чочуп кетти. Көзүнө бир нерсе түшүрүп алып, чыгара албай жаткан тура деп, сумкасын жерге коё салып, кызына карады:
– Кызым, айланайын, көзүңө эмне түшүрүп алдың... Көрсөтчү...
– Жо-ок, апаке, карасаныз...-кызы бул суроосу менен апасын ого бетер таң калтырды, -Менин көзүмдө эмне турат?
— Эч нерсе деле жок го... – деди анда кайрадан кызынын көзүн карап көргөн апасы Раина, – көзүндө көзүң эле турат, кызым...
— Дагы... дагы эмне турат?!-деди эми кызы күлүп.
— Дагы... нур чачып, карегиң турат…
— Дагы...
Эми гана Раина эрке кызынын оюн түшүндү. Анын бүгүн өзгөчө кубанычтуу экенин, ошол кубанычы жүзүнө нур жайып турганын, кыялкеч кызынын көзүнөн төгүлгөн ошол нурду эми көрдү.
— Көзүңдөн айланайын, эрке кызым,-деди ошондо апасы, кызынын эки көзүнөн алмак-салмак өөп, — сенин көзүңдө кубаныч турат го дейм...
Апасынын жообуна Чолпон дагы эле ыраазы болбоду. Анан ал:
— Апа, бир аз жакын калдыныз эми...-деди.
Анда апасы:
— Айтчы, кызым, таппадым... — деди аргасыз.
— Апа, менин көзүмдө бакыт турат го! Караңызчы...-деди Чолпон ошондо.–Себеби, бүгүн менин эжейим: «Чолпон, сен биздин класстагы эң адептүү, эң сулуу кызыбызсың, чейрекке да жалаң «беш» чыгасың деп мактабадыбы... Анан сизди мектепке чакырды...
Чолпон, ошентип, апасынын мойнуна асылды. Апасы эрке кызынын кубанычын бөлүшүп, анын «бакыт» турган көздөрүнөн өпкүлөдү.
ДАРАК-ЭНЕ ЖАНА ТЕНТЕК БАЛДАР
Жол боюнда өсүп турган алма дарагы быйыл жазда жаңыдан гүл ачты. Мурда байкалбаган бул дарак бой тарткан кыз балага окшоп, күзгө сүйкүм көрүнүп, сулуу даракка айланды. Анан гүлү түшүп, алма бүчүрүн боюна катып, эне болууга даярданды. Эрке желге ыргала жалбырактары делбиреп, мөмөсүн төгөр күзүн күттү. Аны менен бирге, ары-бери өткөн балдар дагы алмасын жээр мезгилин күтүштү.
Балдар тентек, ойноок да, алма дарагын ой-боюна коёбу? Алмасы чүкөдөй болгондон баштап эле, бою жеткен жеринен үзүп жеп, жетпеген жерине таш ыргыта башташты. Алма дарагы болсо, аларга жооп айтарганга, кой деп коёрго тили жок.
«Бир азга чыдагыла, тентектерим. Мөмөлөрүм бышсын. Бышканда өзүм эле алдыңарга төгүп берем жемишимди...»– дейт нээтинде.
Балдар болсо ага көнбөй таш мылтык атышат. Дарак эненин эти ооруганы менен да, көңүлү ооруганы менен да иши жок.
Ошентип жүргөн күздүн ысык күндөрүнүн биринде толукшуган дарак эненин мөмөлөрү кызарып, айрыкча сулуу болуп бышып чыга келди. Анын кызыл жүздүү алмалары жыпар жытын чачып, дарак болсо энеден бетер тамылжып, тентек балдарды күтүп жатты.
Сабагынан тараган тентек балдар жабыла жүгүрүп келип эле дарак энени көздөй таш мынтык атып киришти.
Тентек балдар ар бир аткан ташына беш-алтыдан алма түшүп жатканына сүйүнүп, Дарак-эне болсо, тентек балдардын ар бир аткан ташына беш-алтыдан мөмөсүнөн берип, сүйүнтүп жатканына ыраазы болду.
Тентек балдардын кылары ошол эле. Дарак-эненин андан башка аргасы жок эле.
ЧЫНАРКАНДЫН ТҮШҮ
Чынаркан «чоңойгондо кандай адам болсом» деп кыялдана берди. «Комузчу болсомбу... Мугалим болсомбу...» — деп. Бир кезде «колумдан эч нерсе келбеген жалкоо болуп калсамчы...» деп ойлоп алып чочуп кетти. Анан бул оюн чоң атасы Жакыпка айтты.
Чоң атасы бул сергек кызынын сөзүнө ыраазы боло, тамашалап минтти:
-Сен түндө жаздыгыңдын астына комуз, китеп, анан нан коюп укта. Макулбу? Түшүңө эмне кирсе, чоңойгондо ошондой болосуң...
Чоң атасынын бул тамаша сөзү Чынарканды аябай ишендирип таштады. «А кокус, комуз да кирбей, китеп да кирбей, нан кирсечи...» – деп тынчсызданып жатып уктап кетти.
Түшүндө ал экинчи класстын «Эне тили» китебин көрдү. Эртең менен эле муну чоң атасына айтып берди. Чоң атасы кызынын түшүн жоруп:
– Түшүңө китеп кирсе, чонойгондо мугалим болот экенсиң, — деп эркелетти.
Андан бери далай жылдар өттү. Анткандай эле, Чынаркан чоңоюп жогорку окуу жайын бүтүрүп, мугалим болду. Азыр экинчи классты окутат.
АЙГЕРИМ МЕНЕН КҮЗГҮ
Колунда таттуу шоколады бар Айгерим күзгүнүн жанынан өтүп баратып, күзгүдөн өзүн көрдү да: «Эй, карачы, менин шоколадым бар, атам апкелди...»-деп мактанды. Арадан беш мүнөт өтпөй, шоколадын жеди да, кайрадан күзгүгө келди. Ал күзгүдөн бети-колу ботала-шатала болгон «тентек кызды» көрдү. Анан ал апасын чакырып:
— Апа, карачы, мобу кыздын бети-колу бүт ботала экен.. Мен андай эмесмин ээ...–деди. Апасы аны көрүп күлдү да:
— Көрдүңбү, бети-колунду жууп жүрбөсөң, сен дагы ошондой тентек кыз болуп каласың,-деп, бети-колун жуундурду. Бети-колу таза болуп калган Айгерим эми мактанайын деди да, кайрадан күзгүгө келди. Күзгүгө келсе — «баягы кыз» дагы бети-колун эчак жуунуп, супсулуу болуп алыптыр бир заматта... Айгерим бир саам таң кала карап калды.
— Апа, бул кыз дагы менчилеп бети-колун жууп алыптыр мени туурап, карасаң: «Кой, Айгеримдей болуп мен дагы жуунуп, таза, сулуу кыз болоюн — деген го э» — деди, өзүн өзү мактап.
БАЛАНЫН КАНАТЫ
Асмандап учуп жүргөн кайчы канат чабалекейлерди көрүп, Жусуп кызыгып карап отурду. Анан атасына келип, минтти:
— Ата, мага канат сатып берчи. Мен дагы учкум келип жатат.
— Макул, эртең сатып келип берейин,–деди ага атасы.
Жусуп атасынын «эртең канат сатып келип берем»-дегенине аябай сүйүндү. Тиги кайчы канат чабалекейлер менен жарышып, керек болсо, алардан да бийик учкусу келди.
Эртеси атасы Жусупка «Алиппе» китебин сатып келип берди.
«Балдардын канаты ушундай болобу?» дегенсип, Жусуп атасына ойлуу карады.
— Балдардын канаты «Алиппе» болот, — деди атасы уулуна китепти берип жатып, — Ушул китепти жакшы окусаң, чабалекейлерден да, керек болсо, самолёттордон да бийик учасың… Түшүндүңбү?
Жусуп башын ийкеп, китепти бооруна кыса кармады да, асманда дагы эле учуп жүргөн кайчы канат чабалекейлерге ойлуу карады.
ОЮНЧУКТУН ИЧИНДЕ ЭМНЕ БАР
Бир күнү уулум экөөбүз оюнчук дүкөнүнө кирип калдык. Уулум баарын бир сыйра карап чыкты да, бирөөнү тандады. Ал жыгач челегин кучактап сүйүнүп турган аюу эле. Баарынан кызыгы, жыгач челегинин боорунда «Мёд» деген жазуусу бар болчу.
— Ата,–деди Темирлан бери чыкканда, оюнчугун айланта карап. — Бул эмне деп жазылып турат?
— «Мёд» деп жазылып турат, — дедим. — «Мёд» деген эмне кыргызча, билбейсинби?
— Билем, бал деген сөз.
— Бал береби силерге бакчадан?..
— Ооба.
Үйгө келдик. Үйдө оюнчуктардын түрлөрү бар: капталында «Молоко», «Цемент», «Вода» деп жазылган желим машиналары бар. Бир күнү Темирлан үйдө өзү калган. Мен эшик-эликте иш менен алек болуп
жүрдүм. Апасы кайсы бир жакка кеткен. Мен колум тийбей жүрүп, эчак түштөнүү өткөнүн, уулумдун ачка болуп калганын эсимден чыгарып ийипмин. Тээ бир убакта үйгө кирсем, Темирлан текчеден бычакты алыптыр да «Молоко» деген машинаны, «Мёд» деген челекти жарып ойноп отуруптур.
— Ата, мени дүкөнчү эжеке алдап коюптур, — деди кирип барсам эле.
— Неге?.. Ай, аларды эмне жарып койгонсуң? Экинчи оюнчук алып бербейм сага, Тему, — десем:
— Ата, мунун ичинде сүтү жок, мунун ичинде балы жок турбайбы, — десе болобу.
Ошондо түшүндүм да, бырс күлдүм.
— А, сен бал кошуп сүт ичкиң келди беле?
— Ооба, кардым ачты.
Мен баламдын кардын ачырып койгонумду эми билдим. Ал ысык сүткө бал салып ичкенди жакшы көрчү эмес беле. Карасаң, оюнчуктун ичине сүт менен балды куюп койгонсуп....
Ай, Темирлан, Темирлан...
ГҮЛ ТЕРГЕН БАЛА
Күндө ушул жол менен жумушка өтөм. Жолдун боюнда чоң ак там бар. Тамдын артында дөң, дөңдүн бери жагында–кичинекей жашыл кокту. Айыл адамдары кой-эчкисин ушул кокту менен адырга айдап өтүшөт. Күнүгө эл менен кошо бир кичинекей бала да өтөт. Чоң энеси короодон кой-эчкисин
чыгарат да, элдин малына кошот. Жанагы кичинекей бала –нын небереси. Ал ошентип, күндө кой— эчкилерин айдап, чоң адамдар менен бирге чоң адырга чыгып келет...
Чоң энеси ал келгенче короонун четинде анын бөжүрөп кетип баратканын карап, келээрин күтүп отурат. Жазында дөңдүн артындагы коктуда кызгалдактар көп өсөт. Күндө эртең менен кызыл-кызыл болуп, далдайып бариктери ачылып калат. Бала адырдан келген соң, бөжөйүп отуруп, гүл терет. Гүл терген ал балага күндө жолугам.
Бир күнү гүл терген балага дагы жолугуп калдым.
— Эй, гүл терген бала, атың ким? — деп сурадым андан.
Ал байкабай отурса керек, чочуп кетип, тура калды. Терген гүлүн жашырып, артына кармады.
— Тере бер, тере бер...-дедим мен.-Сен жакшы баласың го, атың ким?
— Кушубек.
— Кушубек?.. Мында эмне кылып отурасың?
— Гүл терип...
— Гүлдү эмне кыласың?
— Апама апарам.
— Апама?.. А апаң эмне кылат гүлдү?
— Апам гүлдү жыттап, жашарат... Ал карып баратпайбы...
– «Жашарат»?
Мен күлдүм. Кушубек кичинекей гүлдестесин алып, тез-тез басып үйүн көздөй жөнөдү. Чоң энеси адатынча короонун четинде отуруптур. Небересин тосуп алды. Небереси ага терген гүлүн сунду. Чоң энеси гүлдү бир жыттады да, небересин бек кучактап узакка жыттагылап өптү. Алар мени байкабады. Мен жолдо өтүп баратып карап бараттым.
Аларды көрүп жанагы сөз эсиме кайра түштү:
«Апаң эмне кылат гүлдү?»
«Апам гүлдү жыттап, жашарат... Карып баратпайбы...»
Жанараак, кичинекей, алты жашар баланын ушул сөзүн угуп, күлдүм эле. Бала ызаланып калгандай болгон. Бекер кылыпмын. Ал туура айткан экен...
Ойлосом, чын эле туура айтыптыр...
Бели бекчейип бараткан курагында кичинексй небереси тигинтип кой-эчкилерин айдап, чоң адамдардын катарында бөжөйүп баратканын көрүп бир кубанса, эрте туруп, айтканын аткарып, эринчээк жалкоо тартпай, эмгекчил болуп чоңоюп келатканы эки кубантып, ага күндө күч-кубат, дем берип жаткан тура. Чоң энесин жашартат деген –ушу да.
ТАБЫЛГА
Саламат менен Алишер көчөдө баратышып акча таап алышты. Айланасын карашса, жакын жерде эч ким жок экен. Ошондуктан, акчаны ким жоготконун сурап-билүүгө болбойт эле.
Эмне кылуу керек анда?
— Кел, балмуздак сатып жейли, -деди Саламат сүйүнгөнүнөн.
— Азыр күн сууктап калбадыбы. « Тамагың ооруп калат» деген апам.
— Анда эмне кылсак? Кел, анда «чипсы» же «криешки»...
— Жок. Андан көрө, «йогурт» сатып ичели... Курсагым ачты...
— Чын эле... Ошентели. Жүрү...-
Чынында, экөөнүн тең карындары ач эле. Ошол үчүн Саламат шаштырып жөнөдү Алишерди. Бирок, Алишер «йогурт сатып алалы» – деп ойлогонунан бат эле айнып калды.
— Анда сен жебесең кой, мен шоколад сатып жейм... Сен өзүң бил...— деди Саламат таарынгандай. Ошентип алар акчаны бөлүп алышты. Саламат шоколад сатып алды. Алишер болсо, карды ачып турса да, кыйылып туруп, жакын жердеги китеп дүкөнүнөн сүрөттүү жомок китепчесин сатып алды.
Анан ал экөө үй-үйлөрүнө кайтып кетишти. Эртеси, кайрадан мектепке жөнөштү. Жолдо келатып Алишер баягы жомок китебинин сүрөттөрүн карап, кызыгып окуп келаткан.
— Ой-ий, сонун китеп го? Кайдан алдың? Мага да берчи көрөйүн...— деп жете келген Саламат талаша кетти. Алишер болсо китепти бергиси келбей минтти:
— Мен кечеги акчага сатып албадымбы?
— И-и, жакшы бекен?
— Ооба.
Анан Алишер Саламатты сынагысы келип жылмая.
— Сен эмне кечээги шоколадыңды жеп бүттүңбү?— деди китепти бооруна кысып. -Мен болсо, китебимди «жеп» бүтө элекмин...
Саламат досунун жүйөлүү сөзүнө унчуга албай калды.
БЕЛГИ
Апасы, атасы жана баласы болуп телевизор көрүп отурушту. Анда үйүнөн адашып дайынсыз жоголуп кеткен кичинекей бала жөнүндө, анын белгилери тууралуу айтып жатты. Аны угуп, Бакыт аябай коркту.
— Көрдүңбү, — деди апасы Бакытка, — ээн баш болсоң, тигинтип жоголуп кетесиң.
— Апа, — деди Бакыт көптөн кийин, — менин бир жериме белги салып койгулачы.
— Эмне үчүн? — деди атасы таң калып.
— Жанагы жоголгон баланын чекесинде белгиси бар турбайбы...
Баласы эмнеге бушайман болуп жатканын атасы эми түшүндү. Атасы ал жөнүндө эчак эле унутуп койгон болучу.
— Коркпо, бөжөгүм, мен сени эч качан жоготпойм,-деди атасы, уулунун чекесинен жыттап.
ЖОМОК
Алтын эжем 1-класста эне тилин сабагын өтүп жаткан. Ал окуучуларына кайрылды:
— Азыр балдар,биз жомок окуйбуз. Жомоктун аты «Чыпалак бала». Эмне деген жомок экен, балдар?
— «Чыпалак бала»-дешти окуучулар.
— Азаматсыңар. Эмесе, көңүл буруп уккула, мен окуп баштадым.
Балдар тынчтанып отуруп калышты. Алтын эже баарын бир сыйра карап алып, анан жа-ай окуй баштады:
— Илгери-илгери бир чыпалак бала болуптур. Чыпалак бала чыпалактай эле экен…
…Алмаз кечээ нан кесип жатып чыпалагын кесип алган эле. Каны басылбай жатып, араң басылган. Ал үчүн апасынан жеме укканычы… Эжей «чыпалак» деп окуса ушулар эсине түшүп жатпайбы. Анан Алмаз сол колунун таңып алган чыпалагын карады… Ошентем деп, эжейинен эскертүү да укту. Алмаз болсо баарын тескери уга берди:
— «Адегенде ал төөнү, анан карышкырды жутуп алыптур…». «Карасаң-деп ойлоду Алмаз,— өзү чыпалактай болуп алып… Төөнү жутуп жибергенин…».
Төө демекчи, төө айылдаа жок дечи, а карышкыр деген неме тоодо абдан эле көп. Ал бая күнү алардын беш эчкисин жеп кеткен болучу. А дагы ушу Алмаздын кесепетинен болгон. Алмаз кой— эчкиге баратып, жолдо ойноп жүрүп алган. Анда да апасынан сабоо жебедиби…
Ушинтип көңүл койбой отуруп, эжейинен дагы да эскертүү алды. Анын ушинте бермей адаты калбайт го…
Алмаз кайрадан уга баштады:
— Анан ал койчулардын коюна, уйчулардын уюна, жылкылардын жылкысына кол сала баштады... «Ой-ээй, чыпалактай болгону менен, өнөрү күч экен го...» деп ойлоп койду Алмаз. Ою дагы алыска кетти.
Алмаздын атасы жылкычы эмеспи. Кышында жакшы, жылкылар кыштоодо болот, жайындагыдай бээ саадырам деп, кулунга бунун тепсетпейт. Бирок кымыз жакшы дечи. Баарынан да эртең мененки көбүгү сонун... Бирок кымызды күндө иче берсен, ачуурканып иче албай каласың э. Эх, азыр бир эле чыны кымыз босочу...
Ошентип ойлонуп отуруп, эжейи жомокту окуп бүткөнүн байкабай калыптыр.
— Кана, кимде суроо бар? Эч кимде жокпу? Түшүнүктүүбү?
— Түшүнүктүү-деди Алмаз балдар менен кошулуп.
— Түшүнүктүү болсо, кана Алмаз, быякка келип, балдарга айтып берчи... — деди Алтын эжей.
Алмаз кара күчкө билмексен болуп, балдардын алдына чыкты да, токтолбостон эле айтып кирди:
— Илгери-илгери бир чыпалак бала болуптур. Чыпалак бала чыпалактай эле экен... Адегенде ал төөнү, анан карышкырды жутуп алыптыр... Анан ал койчулардын коюна, уйчулардын уюна, жылкычылардын жылкысына кол сала баштаптыр...
Балдар дуу күлүп жиберишти.
— Эмне дейсиң? — деп таң кала сурады эжейи.
Өзүнүн айыбын сезип калды Алмаз.
Анан: -Эжей, мен түшүнбөй калдым...-деп башын жерге салды. Анысы менен ал балдарды да, эжейдин да күлкүсүн тыя албады.
ЖЫЛМАЙЫП ТУРГАН ТАШ
Тимур атасы экөө сейил бакты аралап баратышкан. Аңгыча алар таш эстеликтин жанына келишти.
— Ата, -деди Тимур эстеликти карап. –Бул эмне?
— Бул-эстелик-деп түшүндүрдү атасы.
— Эстеликти эмнеден жасаган?
— Таштан жасаган.
Тимур түшүнгөндөй муюп, унчукпай турду. Анан мындай деп сурады.
— Ата, таш дагы күлөбү?
— Таш кантип күлсүн? Таш күлбөйт да,-деди атасы сөзгө маани бербей.
— А тиги таш күлүп турбайбы...
Атасы жүзү жадырап, жылмайып турган кызылчачы баатыр аялга тургузулган бул эстеликке эми үңүлө карады. Тимур ырас айтат, чын эле таш жылмайып турат.
— Сен туура айтасың,-деди атасы, уулунун кыялына моюн сунуп-таш дагы кээде ыйлайт, кээде күлөт, кээде ооруйт... Анан акырында талкаланат, өлөт... А бул азыр «күлүп» турат...
Тимур эми баарын түшүнгөнсүп унчукпай калды. Анан экөө жолун улап ары басышты. Бала ойноп баратты. Атасы ойго чөмүлдү.
ТАМГА «ТААНЫГАН» КЕР КҮЧҮК
Кубат биринчи класска жаңы киргсн. «А» тамгасын да биринчи ирет жазып үйрөндү. Мурда ал тамганын атын гана билчү эле. Ал үйгө келгенде, алдынан кер күчүгү тосуп алды.
— Эй, Кер күчүк, сен тамга тааныйсыңбы? — деди күчүгү менен учурашып. Кер күчүк сөзгө түшүнбөй, ага суроолуу карап калды. Кубат колуна чырпык алды да, жолдун таманын тазалай коюп, «А» тамгасын жазды.
— Кана, тааныйсыңбы, айтчы? Бул кайсы тамга?
Кер күчүк, ага бир нерсе бере тургансып, оозун ачып, Кубатты карады. Ал карды ачып калган. Күчүк оозун ачканы ага «А» тамгасын айтып жаткансып туюлду. Эжейи да ушинтип түшүндүрбөдүбү.
Кубат эртеси «Б» тамгасын жазып үйрөнүп келди да, «А» жана «Б» тамгасын жазып, оку-деп күчүгүнө көрсөттү.
Кер күчүк ал тамгаларды карап-карап турду да:
— Ав! — деп үрүп койду.
— Кандай? Кайра айтчы? –деди Кубат таң калып.-АВ эмес, АБ...
— «Ав!»—деди дагы Кер күчүк.
– В эмес, Б... дебейсиңби...
— «Ав...»— деди кайра Кер күчүк.
— Мейли, үйрөнүп кетерсиң, мен деле араң дегенде үйрөнбөдүмбү...
Кубат күчүгүн чын эле тамга тааныйт экен— деп ойлоп калды. Ал тургай, досторуна да эртеси жарыя салды.
КОШУНА БАЛАНЫН БЕЛЕГИ
Айылдагы үч-төрт коңшу үйдүн балдары бир курдуу да, ынтымактуу да эле. Үйүндө болгон оюнчуктарын алып келишип, жол боюндагы кум дөбөдөн чыгышчу эмес. Биринин трактору менен жол казып, биринин экскватору менен топурак салып, дагы биринин машинасы менен кум ташып оюн курушчу. Бул оюн аларды түк да жадатчу эмес.
Күндөрдүн биринде баягы машинасы бар бала, ата-энеси менен башка жакка көчүп кете турган болушту.
«Аттиң, алар көчүп кетишсе, машинасы жок калышабы?».
Бул ой алардын баарын кейитти. Бирок тиги Канат деген бала кетип жатып досторуна машинасын белекке калтырып кетти.
— Менин белегим силерге...— деди ал олуттуу түрдө. Достору Асек, Курман жана Дуулат болсо, «Машина кимибиздики болот» дешип, ач көздөнө талаша кетишти.
— Биринчи мага берди да, демек меники болот да,— деди машинаны бооруна кыса кармап алган Асек.
— Жок, үчөөбүзгө берди да, үчөөбүздүкү болот да, — деди, ага каршы болгон Курман.
— Андай болсо, бөлүшүп алалы— деди ачкөздөнгөн Дуулат.
Беркилер Дуулаттын пикирин аргасыз туура көрүштү да, машинаны үчкө бөлүп алмай болушту.
Дуулат чапчаңдык кылып, машинанын кузовун суруп алды, Курман болсо, дөңгөлөктөрүн алууга үлгүрдү. Асекке кабинасы тийди. Ошентип үчөө үй-үйлөрүнө кетти. Бирок алар өзүлөрүнө тийген белектеринин ээлери болгон менен алар менен эч нерсе жасай алышкан жок. Көрсө, алар эч нерсеге жарабаган какыраган темирлер экен...
Эртеси үчөө эртең менен баягы кум дөбөгө келишип, бири кузовун, бири дөңгөлөктөрүн, бири кабинасын бириктиришти да, машинаны курап алышты. «Мына эми жакшы болду» — дешкенсип, сүйүнүп кетишти да, кайрадан баягы оюнун улантууга киришти.
БИРИНЧИ КҮН
Тина өткөн жылы даярдоо классында окуган эле. А быйыл 1-класска кирип окуй баштады.
— Апа,-деди ал өзүн мектепке даярдап жаткан Бүкен апасына, негедир бир нерсени түшүнбөй жаткансып.– Мен былтыр да окугам э...
— Ооба, келөкөм...
Апасы кенже кызынын мектепке бара жатканына жетине албай, аны эркелетип, ак жакасын ондоду.
— Эми быйыл да окуймумбу?
Апасы кызынын бул суроосуна чын эле аябай күлүп алды да, минтти:
— Апей, анан окубай коймок белек. Окуйсун да...
— Эмдиги жылы дагыбы?
— Ооба.
— Анан дагыбы?
— Ооба, андан кийин дагы.
— А канчага чейин окуйм? Жылга эле жадабай окуй беремби?
Апасы дагы күлдү. Анын бул күлкүсү Тинага жакпады. Анан:
«Эмне үчүн»-деп, анын себебин билгиси келди.
— Лайли эжеңдей болгуча окуй бересин, окуй бересиң. Анан иштейсиң. Түшүндүңбү?
Ал башын ийкеди. Бирок түшүнгөн жок. Башын жөн эле ийкеп койду да, кийинип бүтүп мектепке жөнөдү. Ошентип мектепке келип, биринчи сабакка киришти. Жанагы суроо дагы эле оюнда тура берди.
Мугалим эжейи жазганды үйрөтүп жатты. Бир маалда:
— Кимде суроо бар? — деп балдарга кайрылды.
— Менде суроо бар, — деп Тина ордунан турду, Ал баятан бери ушундай ыңгайды күтүп жатпады беле.
— Эжей, мен былтыр дагы окубадым беле, эми быйыл дагы окуй беремби?
— Ооба,-деди эжейи.
— Эмдиги жылы дагыбы?
— Ооба, эмдиги жылы дагы. Быйыл биринчи классыңар, анан эмдиги жылы экинчи класс болосуңар. Анан үчүнчү, тортүнчү... болуп өйдөлөй бересиңер.
— Ошентип, качанга чейин окуй беребиз?
Тина эртеден бери түшүнө албай жаткан суроосун ушинтип бере берди.
— Ошону да билбейсинби? — деп жиберди бир нече окуучу.
Эжейи балдарды тынчтандырды да, ууртунан жылмайып, минтти:
— Ар бириң: доктур, мугалим, учкуч, инженер болгуча окуй бересиңер.
— Бизби?-деп сурады Тина чыдай албай. Биз дагы доктур... мугалим... учкуч болобузбу?
— Ооба. Ал үчүн жакшы окуш керек. Мен дагы силердей кезимде мектепте окугам.
Балдардын баары тынчтанып, ойлонуп отуруп калышты.
— Мен мугалим болгум келет, эжей. Мугалим болуш үчүн качантан баштап окуш керек?
Тина эмн оюндагысын тактап билгиси келип, ордунан ыргып турду.
— Бүгүндөн баштап окуш керек. А ким доктур болгусу келет?
— Мен,-деди Сүйүнбек.
— Демек сен дагы доктур болуш үчүн бүгүндөн баштап жакшылап окуй баштагын.
— А мен учкуч болгум келет,–деди Алмаз. Ага да эжей жогорудагыдай жооп берди.
«Демек мугалим болуш үчүн бүгүндөн баштап жакшы окуй башташ керек тура. Бүгүн биринчи күн экен да. Ушул чынбы? А окуй берип, окуй берип, анан чоңойгондо мугалим болбой, башка болуп калсамчы? А эжей да жалган айтабы? Жакшы окуш керек дебедиби? Балким, бүгүндөн баштап жакшы окусам, эжейим айткан сөз туура чыгар...»
Тина үйүнө келгенге чейин да ушинтип ойлоно берди.
Ойлоно берди...
Ооба, иши кылса, баарынын башталышы бүгүн да. Бүгүн ошол үчүн биринчи күн да!
ГҮЛ
Бокиндин атасы Казыбай катуу ооруп, ооруканада жаткан. Мына алты күн болду, «жылыш жок» деп жатышат доктурлар. Ал атасына күнүгө барат. Оорукана үйүнө жакын эле жерде. Жол боюнда түркүн кооз, назик гүлдөр өсүп турат. Бокин ар күнү атасына баратканда бир тутам гүл үзүп алчу болду. Аны атасына берет. Атасы гүлдөн бир, уулун бир жыттап, бооруна кысат. Бирок оорудан кыйналганымды көрбөсүн деп, тетири карайт.
— Эмнең ооруп жатат, ата?-деп сурайт уулу муңайым.
— Айыгып калдым — дейт атасы Казыбай.
— Анда үйгө барбайсыңбы?–Бокин аны жеңинен тартат.
— Бүгүн эмес, эртең. Эртең барам…
Ошентип, Бокин үйгө жөнөйт.
Атасы күндөн-күнгө оңолбой, абалы төмөндөп барат. Кенже уулу аны билбейт. Билгенде эмне, баланын колунан эмне келмек.
Тогуз күн дегенде, Казыбай алдан тайып калды. Бокиндин апасы, эже, байкелери топурап ооруканага чуркашты.
– Эмне болду? Каякка?-деп сурады мунайым Бокин байкесинен.
— Атаң ооруп атпайбы? — деди ал дагы муңайым. Бокин дагы алардын артынан жөнөдү. Бирок, ал байкесине жетпей, тээ артта кала берди. Эртең менен үйдөн чай да ичишкен эмес, эми ал чарчап, курсагы ачты. Эс алып отуруп, гүлдөр көзүнө урунду. «Атама гүл тере барайын» деди оюнда. Анан ал татынакай кызгалдакты үзүп алайын деп эңкейип колун созду...
«Кызгалдак-деди Бокин оюнда,-сен капа болбо, мен сени үзөйүн...»
«Эмне кыласың?» – деди кызгалдак тигиге.
«Менин атам катуу ооруп ооруканада жатпайбы. Атам сени жыттап, айыксын...»
«Андай болсо, үзүп ал да, соолуй элегимде тез жет. Уктуңбу, тез жет, ойноп жүрүп алба көчөдө...»
«Ооба, тез эле алып барам».
«Ошент».
«Ыракмат, сага кызгалдак...»
Бокин гүлдөрдү тез-тез үзүп алды да, оорукананы көздөй чуркады. Оорукана эң эле алыстай көрүнүп, ал жерге жете албачуудай шашып баратты.
Аңгыча оорукана жактан ый угулду. Ал ооруканага жеткенде аны тегеректеп көп эл жүргөн. Бокин алардын үнүн негедир уккан жок, бирок, алардын көздөрүнөн куюлган тунук жашты, кебетелеринин бир укмуштай болуп өзгөрүп кеткенин көрдү. Апасы да, эжеси да,
байкеси да – ооздору ачылган бойдон, көздөрүнөн жаш мончоктоп, ар кимиси ар кай жерде...
Аңгыча байкеси Бокинди кучактап ыйлап жиберди. Ошондо гана анын бакырган үнү кулагына угулду.
— Атабыздан ажырадык!..–деген ачуу үндөн улам гана, ал атасынын өлгөнүн билди.
«Каптип эле?» деп ойлоду Бокин, кечээ жакшымын, эртең үйгө барам» дебеди беле, алдаган экен да.
Эки көзү жолдо келатып үзүп алган тутам кызгалдактарга түштү.
«Андай болсо, үзүп ал да, соолуй элегимде тез жет атаңа...» деп турду гүл. Балээниби, ал келгенче атасынын гүл өмүрү үзүлүп калган тура.
Эми иштин баары бүттү.
Кап десең, атасы бул гүлдөн бир жыттап калсачы... Бир эле жыттап алсачы... Балким ал анда өлбөй калат беле... Бокин бир аз эле эртерээк келгендечи...
Бокин да Алмаз байкесинин мойнун кучактап эчкирип ыйлап жатты. Анын колундагы бир тутам кызыл гүлдү көрүшүп, элдин баары жаш баланы аяп ыйлады.
Бечара гүлдөр али да солуй элек болчу.
ШИРЕНКЕ
Жаңыл апа кызы Аселди бакчадан алып үйгө келди. Өзү да чарчап жумуштан жаңы чыкпадыбы. Бир ууртам чай ичкиси келип, чай коюуга камынды.
Негедир ширеңкени таппады, ары карады, бери карады, жайнаган ширеңкеден бирөө да көзгө көрүнбөйт.
Асел адатынча кийимдерин чечинип, үйдө кийчүсүн кийүү менен алектенип жаткан.
— Асел,-деди ага кайрылып Жаңыл апа, — ширеңкени көрдүңбү?
— Эмне,таппай жатасызбы, апа? — деди кызы байпагын кийип жатып, — азыр мен табам.
— Көргөн жериң болсо айтчы, өзүм эле таап алайын.
— Жок, апа... – Асел шашканынан байпагын тетири кийип алыптыр. Аны кайра чечип, убараланып калды. — Апа, таппай кое турсаныз, мен барып таап берейин...
Жаныл апа эрксиз жылмайды. Ал эми Аселдин кийинип бүтүшүн күтүп туруп калды. Бирок көзү өзүнөн өзү эле текчедеги оюнчуктардын арасындагы бир куту ширеңкеге уруна түштү. Бирок аны алууга шашылган жок. Кызынын кийинип бүтүшүн күттү. Ангыча Асел туруп, түз эле текчедеги бая өзү көргөн ширеңкени көздөй чуркады. Жаңыл апа кызынын артынан ээрчий карап, анын жароокерлигине ичи элжиреди.
АЙ, КӨК МУЗОО, АЙ!
Ушу көк музоонун азабы өттү го. Бүгүн да ээмп кетти. Энесинин жолун гана карап турат. Келээр маалын да билгеничи. Азамат көк музоону зорго кубалап жетти. Эми мунун кыйыктыгын айтпа. Мойнунан сүйрөсөң, анын артынан түрткенгө да бирөө керек...
Азамат ыйлактап жатып көк музоону энесинен араң ажыратты. Анан эс алганы арык жээгине отура кетти. Караса, шыбактын арасында гүлдөр жайнап өсүп турат. Кызыл, жашыл, сары..., деги, санагың жетпейт.
Көк музоо жаш шыбактан үзгүлөп жемиш болуп алаксып калды. Ошондо Азамат бир тутам гүл терип алды. Аңгыча, ага жардам бермекке Тина эжекеси келатыптыр. Аны алыстан көрүп сүйүнгөнүнөн музоону муунганына карабай жетелеп жөнөдү,
Эжекеси жанына жакын калганча гүлүн көрсөтпөй артына кармады. Ага байкатпай берейин деп ойлогон.
– Тина эже, мен сизге эмне берем, билесизби?– деп көзүн күлмүндөттү Азамат.
– Билбейм, көрсөтчү... — деди эжеси.
– Мына... Сизге атайын терип алдым...
Караса, баягы терип алган гүлдөрү жок, сабагы эле калыптыр.
Көрсө, Азамат гүлдөрүн эжеси келгенде көрсөтөм деп артына кармап келатканда, көк музоо эчак эле аймап коюптур...
Ай, көк музоо, ай! Азамат бирде гүлүн карап, бирде көк музоону карап, томсоруп калды…
БАКЫТ ДЕГЕН ЭМНЕ?
Токойго бардык жан-жаныбарлар чогулушуп, бир, маселени талкуулап жатышты.
Чын эле, «бакыт» деген эмне! Дүйнөдө ким бактылуу? Бул суроого адилеттүү жооп табуу баарынан кыйын болду.
– Мен токойдогу бардык жан-жаныбарларды башкарып турам, баары мага баш ийет. Мен баарынан бактылуумун — деп заңкылдады Арстан.
– Мен да баарынан бактылуумун, мен да эч кимге кор болбой жашай алам, — деп Карышкыр төшүн койгулады.
Деги койчу, ар бир жан-жаныбар өзүнүн ким жана кандай экендигин даңазалашып, «мен бактылуумун» деп жатышты. Биринин сөзү бирине жакпай, ар кимиси өзүнүкүн гана туура көрүп жатты.
Ушундай зор жандыктардын баары кумурскага чын эле бактылуудай туюлду. «Алар чоң, алар кандай бактылуу» деп ойлоп жатты. Анан бул жерден тез кеткиси келди, анткени «бирөөнүн бутунун алдында таптандында калып калбайын» деп коркту. Эмнеси болсо да, ал дагы өз оюн айтып калгысы келди.
– Мен бактылуумун деп мактана албайм, — деди ал үнүн чыйылдатып, — күн сайын эртең менен агарып таң атканын, кечинде кызарып күн батканын көрүп, бирөөгө кор болбой, өз эмгегим менен жашап жүргөнүмдүн эле өзү мен үчүн чон бакыт...
Ал ушу бир ооз сөзүн айтты да, чөптүн арасына жөргөлөп кирип кетип, көрүнбөй калды.
– Бул ким? –деди Арстан.
– Бул ким?..–дешип чоң жандыктар бири-биринен сурап жатышты. Себеби, бул сөзгө алар ызаланып калган эле. Аны эч кимиси таппай калышты.
ЧОҢ КИШИЛЕР БААРЫН БИЛЕБИ
Азамат бир күнү атасынан минтип сурады.
— Ата, сиз ат минип катуу чаптыра аласызбы?
– Ооба, уулум,– деди атасы иши менен алаксып отуруп.
— Ата, — деди Азамат баягы суроосун улантып,— Сиз чо-оң тоонун башына чыга аласызбы?
— Ооба, уулум, — деди атасы баягы калыбында.
— А чо-оң суудан да кече аласызбы?
— Кече алам, уулум...
— Сиз чоңсуз да, ата. Сиз баарын билесиз да э?..
– Ооба, күчүгүм... Мага жолтоо болбочу, балам...
Азамат ага болбой, суроосун дагы улантты:
— А чо-оң паравоз кантип жүрөт, билесизби, ата?..
Эми уулунун бул суроосуна атасы ойлонуп калды. Ал паравозго көп эле түшкөнү менен, анын кантип жүргөнүн, үнү кандай экенин байкабаптыр. Байкаса да, аны дал өзүндөй кылып туурап бере албайт эле. Ал баласын карап, жылмайды да, башын чайкады.
— А өзүң билесиңби?-дсп сурады уулунан.
Азамат заматта токтоо боло калды да, паравоздун кантип жүргөнүн өзүндөй кылып туурап кирди.
– Пыш-ш-ш... Буу-у-уп. Гар-гар-гар... гар... шау... шау... шау... шау... шау... дүк-дүк... шау— шау-дүкү-дүк... шау-щау–дүкү-дүк... бүү-үү-үп... Мына, көрдүңбү ата, мен паравоз айдай алам... Сизден да кыйын бекемин...
— Ооба, сен анык Азамат турбайсыңбы, — деди атасы уулун эркелетип.
Чын эле, баланын да билген нерсеси болот да...Аны улуулар биле албайт!
ШАХМАТ
Кичинекей балдардын атаандашып ойногону алардын атаандашып чоңоюп баратканы ошо го деп ойлоп кетем. Чын эле, атаандашып чоңойгону эмей эмне? Байпак кийгенинен — жарма ичкенине чейин атаандашып; «мен сенден кыйынмын» деп, ар кимиси өзүн өөдө санайт. А ойногону биякта калсын.
Алмаз менен байкеси Таланттын жоруктарын көрүп отуруп ушуларды ойлодум. Бир ирет үйгө жаңы шахмат сатып келдим. Бизди көрүп алар да шахмат ойноого үйрөнүп калышты. Алардын кызыкканын айтпа. Кичине эле бошой калышса болду, шахматка киришет. Чоң ишти бүткөрүүгө кам ургандай эрегишип, көгөрүп мелдешишет.
Экөөнүн кыял-жоругу эки башка: Талант утулуп баратса кызаңдап, колу-бутун тыбыратып, ойдолоп чыдабай кеткеничи. А Алмаз, тескерисинче, катуу ойлонуп, шахматтын түйүндүү маселесин чечип жаткансыйт. Бирок, баары бир, Талант Алмаз байкесине жетпейт.
Ошентип алар ойноп жатышканда апасы:
— Бирөөң дүкөнгө чуркап барып нан алып келе калгылачы – деп калды. Анда алар бирин-бири тиктей калышты да, бир ооздон:
– Ким утулса, ошол барсын, — дешти. Өткөндө да апасы: «Кошунанын элегин алып келе калгылачы» десе да ошентишкен болчу. Анда да чалагайым Талант шашкалактап жатып утулуп, бирок сөзүнө турган. Талант, көбүнчө ошентет, утулат, бирок убадага турганы турган. Кантсе да, ызаланганын туйгузбай, шарт туруп жөнөйт.
Ошентип ал дүкөнге кетти. Ал дүкөндөн нан алып кайра келген кезде Алмаз үйдө жок эле. Кандайдыр бир жакка кеткен. Талант келип эле шахматка жабышты. Кыялында Алмаз байкеси менен мелдешип жатты:
«Утулсаң, эмкиде апам жумшаганда сен жөнөйсүң»– деди оюнда.
«Аны коюп, биринчи утуп көрчү...» деди Алмаз.
— «Мен жолдо келатып сени кантип утушту ойлонуп келдим. Мына азыр көрөсүң го».
«Көрөбүз, баары бир утуласың...»
«Көрөбүз...»
«Болуптур эле...»
«Мына, шах..!»
«Ооба сага!.. Биякта кача турган жолум бар...»
Ал ошентип бирде өзү үчүн, бирде Алма байкеси үчүн жүрүш жасап, чебеленип, тыбырчылап жатты.
«А, эмичи... Шах! Ма-ат! Утулдуңбу?!»
Бир кезде өзүнүн оюна берилип, кыялындагы утушка кубанып кеткен Талант сүйүнгөнүнөн сыртка чыгарып ийди белем:
— Утту-ум, Утту-у-м! — деп кыйкырып жиберди.
— Кимди уттуң, Алмаздыбы! — дедим мен.–Же өзүндүбү?
Ал байкабай сүйлөп алганына уялып, унчукпай калды.
ШАБДААЛЫ
Ак көйнөгүн делбиретип, Асел базарга барды. Анын аз эле тыйыны бар болчу. Ал кечээ апасы менен барганда элжиреп бышкан шабдаалыны көргөн. Жегиси келсе да, апасына айткан эмес. Эми ошол үчүн келаткан. Балким, анын тыйынына бирөө эле келер... Мейли, бирөө болсо да жегиси келди.
Асел акырын басып кечээки кызыл шабдаалы сатып отурган базарчы кемпирге келди. Базарчы кемпир абдан эле карыган, бети-башын бырыш каптаган ак чач экен. Асел анын кызыл шабдаалыларынан көзү өттү. Анан сөөмөйү менен көрсөтүп:
— Шабдаалыңыздан бериңизчи...—деп, болгон тыйындарын ксмпиргс сунду.
Кемпир тыйындарды санап көрдү да:
– Бирөө эле келет экен, — деди.
Асел «мейли» дегенсип, башын ийкеди. Кемпир анын колуна жаңы эле саргайып келатканынан бирди берди. Кыз аны кармап көрдү да, ордуна койду.
— Эмне? Сага жакпай калдыбы бул? – деди да, кемпир ага башкасын карматты. Ал жерге түшүп жанчылып, бир капталы чирип бараткан эле. Кыз
колун сунуп баратып кайра тартып алды.
— Аны эмес, башкасын, — деди Асел.
— Кайсынысын... Алчы өзүң...
Асел көзү түшкөн кыпкызылына колун созду. Ал аны жаңы эле кармап аларында базарчы кемпир колго чапты:
— Муну кара, тандап гана жегиси келет... Асел колун тартып алып, артына кетенчиктеди. Базырчынын көзү иттин көзүндөй жашылданып турганын, бетиндеги бырыштары сансыз сөөлжандар сойлоп бараткандай ырайы суук экенин эми байкады Асел. Анан жүрөгү «шуу» эте түштү. Кеткиси келди.
Базарчы кемпир тиши жок ээрдин ыржайтып, эми башка бир шабдаалыны сунду да, кызды көздөй обдулду. Кыз эми «албайм» деп колун шилтеп, кемпирден боюн ала качты.
Ошентип, кичинекей Аселтай жегиси келип эңсеген шабдаалысын жей албай, же тыйыны да жок, үйүнө томсоруп кайтты... Ал эми кимге арызданат? Эмне деп даттанат?
Ал базарда айрым адамдар алма-өрүк эле эмес, тиги алдамчы кемпирдей, ар-намысын да сатып отурушаарын кайдан билсин...
ЭЖЕЙ ЭМНЕ ДЕДИ ЭЛЕ
Жайлоодо эле. Таажыбү апа камыр жууруду, нан жасайын деди. Бирок үйдөгү куурай жете турган эмес, аз экен. Анан ал небереси Касымды чакырды.
– Касым, ай Касым!..
– Эмне, чоң апа? - деп арытан чуркап келди Касым.
– Нан жасайын, сен куурай терип бсрсең боло, балам.
– Куурай?.. Азыр, апа. Мен бир аз ойноп келе коёюн. Бат эле келем... — деди ал токтолбостон.
Касым тез эле келмек болуп ойноп кетти. Бирок балдар менен чикит чаап жүрүп, оюндун кызуусуна киргенде, чоң апасына берген убадасын түк унутуп таштаптыр. Бир убакта курсагы ачты, баарынын тең эле курсактары ачты го. Кантип эле ачпасын. Шылкыйышып үйлөрүнө жонөштү.
Касым да үйгө келди. Чоң апасына берген убадасын ал качан карды ачканда гана эстеди.
Келсе, чоң апасы куурайды өзү эле терип, эки казан нанды эчак эле жаап коюптур. Ал тургай, Касым келсе жесин деп сүттүн кырмычыгын, казандын «чет кулактарын» да даярдап коюптур
— Апа, курсагым ачты, — деди Касым.
— Дагы бир аз ойной түшсөң болмок, -деди сынамакка Таажыбү апа.
— Жок, чоң апа, окуудан тарап жатканда эжейибиз: «Күндө өз убагында тамактанып жүргүлө, антпесеңер ден соолугуңар бузулат» деген, — деди Касым. Анда чоң апасы күлүп, минтти:
– Эжейиңер эң туура айткан экен. Анан дагы эмне деди эле?
Касым: «эжейибиз дагы эмне деди болду экен?..» деп, унутканын эстеп жаткан немедей ойлуу туруп калды.
– Эстечи... балким, эжейиңер; «Көп ойнобой, ата-энеңерге убагында жардам берип жүргүлө» деп да айткандыр... Туура айттымбы?–деди Таажыбү апа небересин сынай карап.
Касым айыбын сезгендей, унчукпай калды. Ал өзүнүн туура эмес кылганын эстеди. Чын эле, карды ачканда тамак ичем деп жүгүрүп келбей, ата-энеге жардам берип туруу да керек эмеспи... Эжейи муну айтпай койду дейсиңби...
Ооба, чын эле, эжейи дагы эмне деди болду экен?
АТАСЫ ЖАНА ҮЧ УУЛУ
Атасы балдарын өзүнө чакырды да, аларды сынай карап, мындай деди:
– Ким мени биринчи жакшы көрөт?
Анда балдарынын тентек кенжеси өзүнүн өтө жакшы көрөрүн биринчи ирет билдирип, эркелеп жиберди:
– Мен биринчи! — деди ал.
– Мен дагы, – деди жароокер, жоодар мүнөз ортончусу.
Улуусу жылмайып, уялып жер карады.
Үч баласынын мындай үч түрлүү кыялын байкап, атасы дагы минтип сурады:
– А билесиңерби? Мен силердин кимиңерди биринчи жакшы көрөм?
Атасынын бул суроосуна тентек кенжеси шашып кетип аз жерден «Мени...» деп жибере жаздап токтоду. Улуусу дагы да жылмая бир тиктеп алып, жер карады. Ошондо ортончусу тынчтыкты бузуп:
— Өзүнүз айтыңызчы... – деди жароокерлене.
– Мен силердин үчөөөңөрдү тең бирдей жакшы көрөм... – деди атасы ошондо.
Атасынын бул сөзү уулдарын терең ойго салып койду. Алардын «Мен биринчи жакшы көрөм... же мени биринчи жакшы көрөт» деп ойлогону чеки иш экен го. Атасына бири алыс, же бири жакын эмес экен го... Андай болгон соң, атасы да баарына бирдей экен го...
«КОЛ КАНАТЫМ» МЕНИН
Асылдын апасы ооруп калды. Атасы жумушта эле. Асыл «тез жардам» чакырды. Доктурлар тез эле келишти. «Дары ичип, жылууланыңыз» дешти доктурлар.
– Апа, мен төшөк салайын, жылуу жатыңыз,– деди Асыл.
– Кызым, сен төшөк сала албайсын го...
– Жок, апа, мен төшөк сала алам. Сиз дарыдан ичип, жылуу жатыңыз.
Асыл апасына төшок салып берген соң, кандай тамак ичээрин сурады.
— Сен тамак жасай албайсың да,-деди апасы.
– Жасай алам.
– Эмне жасай аласың?
– Куурума чай.
Ошентип, Асыл апасына бат эле куурума чай жасап берди. Аны апасы ичип, тердеп, ыраазы болду.
– Колундан айланайын, менин кол канатым, кичинекей жардамчым, Асыл кызым,-деди апасы жарпы жазылып, – Сен чоңоюп калган турбайсыңбы?
— Ооруган жериңиз айыктыбы, апаке... – деди анда Асыл куурума чай ичип, көңүлү ачылып калган апасын көрүп.
— Ооба, айыгып калдым!
Апасы жароокер кызын бооруна кысты.
КОРОЗ МЕНЕН КӨГҮЧКӨН
Тооктор короодо чукулдашып жем жеп жатышкан. Аңгыча алардын жанына көгүчкөн келип конду.
– Эй, көгүчкөн, — деди короз, аны жактырбай,– сен мында эмне жүрөсүң?
– Конокко келдим,–деди когүчкөн.
Анын карды ачып калган эле. Күн да абдан суук болчу.
Бирок короз анын сөзүн укпады, конокко келиптир деп сыйлабады, бир тоголок да дан жедирбеди. Аны үйдүн ээси көрдү да, үйдөн бир кочуш буудай алып чыгып, көгүчкөндүн алдына чачты. Көгүчкөн качпай, үй ээсинин бутунун жанында жем жеди. Ээси кеткен соң, короз көгүчкөндөн минтип сурады:
— Сени кишилер эмне үчүн мынчалык жакшы көрүшөт ыя? Биз кишилерге этибизди, жүнүбүздү, жумурткабызды беребиз. Ошондо да бизди сенчелик жакшы корүшпөйт...
Короз ичи күйүп, ушуларды айтты.
Көгүчкөн:
– Биз силерчилеп бир-бирибиз менен урушпайбыз, ынтымактуу жашайбыз. Адамдар бизди ошол үчүн жакшы көрушөт,–деди да, ага жем берген адамга ыраазы болуп, учуп кетти.
БАЛА КӨРГӨНҮН КЫЛАТ
Үйдүн жанында мажүрүм тал өсүп турат. Ал дүпүйүп чоң, түбү көлөкө. Балдар ойногонго эң эле жайлуу. Ошондон го, биздин кошуналардын майда балдар-кыздары ал жерден кетишпейт. Ойношот, оюндары эң эле түрдүү.
Бир күнү алардын жанынан өтүп бараткам. Менин кызым Аселдин үнү чыгып жатат. Ал быйыл экинчи класста окуйт эмеспи.
– ...Ушуну да билбейсиңби, бул деген–«Т» тамгасы. Кана, оку.
Мен тыңшап калдым. Бирөө китеп окуй албай жаткансыды. Кызыгып, мажүрүм талдын шактарынын арасынан аларды тиктедим.
– А...а-та... – деп эжелеп окуп жатты кошунанын биринчи класска жаңы кирген баласы Нуркан.
– Анда, кайтала, чогуу окуганда эмне болду?
Тиги бала унчукпай калды.
– «Ата» дебейсиңби? Сснин кандай мээң жок ыя, сенин мобу чарадай болгон башың башпы же, ашкабакпы ыя! Укпаган кулагынды эмне кылсам ыя!..
– Тынч. Мени карап түз отур, Айтбаева!..– деп, Асел колундагы ичке таякчасы менен сары кызды колго чапты.
– И-и-й,–деди тиги кыз, чыдай албай ыйламсырап. – Асел, катуу чаппачы...
– Чабам эле. Мугалим сабак билбеген, тартипсиздерди ошентип окутат!
– Биздин эжейибиз антпейт, -— деди бирөө.
– А биздин эжей ошентет. Мен бүгүн Салтанат эжеймин... Эртең силердин Зуура эжей болом...
Балдар унчукпай калышты. Карап туруп күлдүм. Алар сөз кылып жаткан Салтанат эжейин билем. Ал өтө катаал, экинчи класстын мугалими. Андан баары коркушаар эле. Чоң класстын окуучулары дагы. А Зуура эжейди баары сыйлашат.
Иши кылса, эмне болсо да булардын оюнуна абдан кызыгып калдым. Бир чети, таң калдым. Булардын оюнунун сырын да эми түшүндүм. Биздин кошуна балдар-кыздар баары сабакты жакшы окушат– деп мугалимдер айтышып калат. Көрсө, алар сабактан кийин күндө ушинтип бирин-бири окутушат тура.
Азаматтар экен. Мен баарына ыраазы болуп ичим жылыды. Бир гана «Салтанат эжейден» башкасына...
«Бала көргөнүн кылат деген ушу да», – дедим ичимден.
«ИТ БЕКЕН, КУШ БЕКЕН»
Үйдүн жанында бир түп кызыл өрүк болор эле. Жай келип, кызыл өрүк бышкан кез өзүнчө элс базар болот да калат: балдар түбүнөн кетпей жей да беришет, данегин да чагып жешет.
Күндөрдүн биринде алардын жанына бардым. Балдар тегерете тизилип алышып, таттуу данектин кызыгына батып отурушкан экен.
– Байке, данек жеңиз,–деп Тина чагылган бир ууч данекти сунду. Ал бая эле менин келатканымды көрүп, чогултуп жатса керек.
Тина эжесин корүп, Бакыт да, Тумар да экиден-үчтөн данекти алаканыма салышты. Бир гана Темирлан жер карап отуруп алып өзү жей берди.
— Эй, Тему, сен дагы бербейсиңби байкеме,— деди Тина. Ал дагы эле унчуккан жок.
– Кичи-кичи, Тему,- дедим мен ага колумду сунуп. Тему дагы деле мени карабады.
– Ит бекен, куш бекен. Тему, ит бекен, куш бекен...
Ал бул сөзүмө да көңүл койгон жок.
– А-а, Тему ит экен – деп жиберишти балдар баарысы бир ооздон. Өзүн жаалап жатышкан балдардын сөздөрүн угуп, Тему ыйлактап жиберди:
– Ийи, мен ит эмссмин...
– Анан эмнесиң?
– Кушмун, –деди Тему анда ыйламсырап, мени карап.–Кайра башынан айтыңыз!..
Мен күлүп анын өтүнүчүн аткарып:
– Ит бекен, куш бекен,–деп, көзүмдү жумуп, алаканымды тостум.
Темирлан кыйылып жатып эки данек салды.
– О-о, Темирлан да куш экен,–дедим аны мактап. Ал дагы ошентип айтыңызчы деп кайра суранды. Мен анын өтүнүчүн дагы да орундаттым. Темирлан алаканыма төрт-бешти салды да, өзүн актагысы келип:
– Ата, мен эми чын эле куш болуп калдымбы? –деди.
– Темирлан ит болчу, эми куш болду,– дешти балдар дагы. Темирлан «куш» болуп калганыиа аябай кубанды.
КЫЗЫКТУУ КИТЕП
Бир күнү уулун ээрчитип алып Рысбек китеп дүкөнүнө кирди. Текчелерде жайнаган түркүн китептерге кыдырата карап, Темирлан оозун ачты да калды. Анан ал сүрөттүү майда китептерден тандап, кучагына кысып алды. Атасы «Абай жолу», «Каар заман» деген эки томдон турган чоң-чоң китептерди алмак болду.
– Ата, — деди Темирлан аны көрүп,–мага көрсөтсөнүз, алар кандай китептер?
Рысбек аларды текчеге коюп, китеп тандамакка ары кетти. Темирлан аларды барактап чыкты. Сүрөттөрү жок экен, чын эле бир дагы сүрөтү жок экен. Жаккан жок. Алардан корөкчө өзү тандаган «Көк музоо», казак тилинде экенин билбесе да «Бир тилим ай» деген китепчелер абдан кызык көрүндү. Алар ичи толо кооз сүроттүү эле. Анан атасы келгенде минтти:
– Ата, бул чоң китептерди эмне алдыныз?
– Жакшы китептер да,– деди анда атасы.
– Жок, ата, алардан көрөкчө мобу китептер кызыктуу экен.–Ушуларды эле алалычы...
Атасы уулун карап ууртунан жылмайды.
– Булар сага кызыктуу, а булар мага кызыктуу.
КАЧАН?.. КАЧАН?..
— Ата, сен ат болчу, экөөбүз ойнойлу, – деди баласы атасына.
– Балам, убактым жок, — деди атасы.
– Эмне үчүн?
— Анын сага тиешеси жок, балам, — деди атасы.– А көрөкчө, машинаңды сындырбай ойногун...
— Ата, — деп сурады кайра бир кезде уулу, -— мага карышкыр менен эчки жөнүндөгү жомокту айтып берчи...
– Балам, колум бош эмес, көрүп турасын го...
Атасы столдо үйүлүп жаткан кагаздарга колун жаңсады.
— Кана?..
— Аны сага түшүндүрүп отурууга убактым жок,- деди айласы кеткен атасы.
– Эмне үчүн?
— Жумушум көп.
— Эмне үчүн?..
– Балам, жатып эс алчы, — деди анан атасы теригип, - эргең эрте бакчага барасың да.
Бала томсоро түштү. Ал эриккенинен атасы мснен ат болуп ойногусу келген эле. Бирок ал анча деле эриккен эмес, атасын кечке сагынгандан ошентип сезилген. Күнүгө кечке бакчада болот да,
атасын сагынат. А атасы болсо убактысы жок, баласы менен ат болуп ойногонго... Колу түк бошобойт... Ошон үчүн азыр томсоро түштү...
Атасы аны сезгенсип:
– Болуптур, бүгүн таарынбачы ээ, эртең ат болуп ойнойлу, жомок да айтып берем, макулбу? Азыр жатып уктай гой... Сен жакшы баласың да.
Бала ишенип, сүйүнүп кетти. Макул болду. Апасы тез эле төшөгүн даярдай койду. Бала жатты да, уктап кетти.
Түшүндө ал атасы экөө ат болуп ойнобой эле бири карышкыр, бири эчки болуп ойноп жатышыптыр. Атасынын чачы кагаздай аппак экен...
Эртеси кечинде бала кечээки суроосун дагы кайталалы. Анда дагы «убактым жок» деди атасы. Анын эртеси да ошентти. Анан дагы... дагы...
Атасынын колу бошободу, чын эле анын иши чачтан көп эле. Баласы менен ойногонго түк убактысы жок эле. Эмне үчүн? Деги, атасынын колу качан бошойт? Ал баласына качан жомок айтып берет?.. Качан ат болуп ойнойт экөө?..
Качан?..
Качан?..
КИМ БИРИНЧИ
Асыл иниси менен сиңдисин кийиндирип алып, көчөгө чыкмак болду. А Азат менен Жыпара эринишип тез кийинбеди. Анда Асыл аларга:
– Ким биринчи кийинсе, көчөдөн балмуздак сатып берем, –деди.
«Балмуздак» дегенде экөө тең шашып кийине башташты. Улуу эмеспи, Жыпар тез эле кийинип бүттү, «Мен биринчи кийинип буттүм»-деп Азатка карады. Анда Азат, артта калсам, балмуздак жебей каламбы-деп бышактап жибербедиби.
– Эжеси аны көрүп:
— Дагы ким биринчи кийинди? – десе:
– Эми мен биринчи...–деп Азат сүйүнүп кетти.
«ЭЧ КИМ СООРОТПОЙ КОЙДУ...»
Бакчага тиш доктур байке келди. Келди да, бардык балдардын тиштерин көрүп чыкты. Ал Айгеримдин да тиштерин ачып көрүп, анын апакай тиштерин аябай мактады. Анан балдарды тарбиячы эжейине айтып, «Медпунктка» ээрчитип барды.
— Карачы, балдар, Айгеримдин тиштери кандай таза, кандай аппак! Күндө жууйт го, э... -— деди тиш доктур, дагы да жанагы сөзүн улап.
Тиш доктур байкснин минтип мактанганынын жөнү бар эле. Тазасы го, таза эле. Бирок бир тишине курт түшүп калыптыр. Аны дарылоого болбойт, сууруп таштоо гана керек — деп ойлоду ичинен, тиш доктур байке.
Айгерим да апакай тиштери бар экенине аябай мактанып калды. Ал минтип апакай тиштерин доктур байке мактаарын ойлогон эмес. Карачы, бир гана начар тиши болбосо, Айке дагы да аябай сулуу болмок тура...
Ошол үчүн гана ал бир тишин «кичине эле дарылап» коюузуна доктур байкеге макул болду. Бирок доктур байкеси «жалтырак темир дарысы менен» кичине эле дарылап көрөм деген да. Бирок укол салып туруп баягы тишин сууруп таштады...
Айгерим «алданып калганына» ызаланып, көпкө ыйлады... Аны көрүп, башка майда балдар да ыйлады, себеби доктур байке алардын да бирден тиштерин «алдап туруп» сууруган болчу.
Тарбиячы эжей ар бирине күйпөлөктөп жүрүп, бирок баарын жакшылап да соорото да албады.
– А сен аябай ыйлагансың го э, алтын кызым, көзүң дагы эле кызарып турат... – деп сурады апасы.
– Ооба... мен аябай... ыйладым...-деди анда Айгерим, апасына арызданып, эркелеп.
– А эмне үчүн?..
– А мени эч ким жакшылап соороткон да жок… Ошол үчүн аябай ыйлай бердим...
ЭЧ КИМ КӨРГӨН ЭМЕС
Абыл бөжөйүп сабактан келсе, серванттагы табакта кыпкызыл бир алма туруптур. Анын карды аябай ачып келген болчу. Абыл кийимин чечип бүткөнчө көзүнө баягы алма көрүнө берди. Карабайын десе да болбой, көрүнө берди. Эми ал газга чай коюп, ал чай кайнаганча курсагы ача берет го.
Абыл: «Апам бул алманы мага коюп койгон го» — деп да ойлоду. Ошентип алманы алып жеп койду. Алма абдан ширин экен...
Кечинде ишинен келген апасы алманы ким жегенин сурады. Эжеси, байкеси көрбөгөнүн айтышты. Ал үчүн апасы: «Кап, атайын ушул кызыма деп алып келбедим беле... Ким жеп алды аны...» деп кейиди.
«Мен жегем...» деп эле айтып койбой, Абыл бушайман боло берди. Кап десең... Эми кеч болуп калды.
Чын нерсени убагында эле айтып коюш керек тура, көрсө. Ошону Абыл убагында эстебегенин карасаң…
ШОКОЛАД
Акылбек менен Жыпарага атасы таттуу шоколад алып келди.
– Бөлүп жегиле, — деди атасы аларга.
Жыпара шоколадды колуна алып, артына бекитти да, инисине минтти:
– Акыл, шоколад менин кайсы колумда, тапчы. Эгер тапсаң, азыр бөлүп жейбиз. А таба албасан, эртең жейбиз...
Акыл ойлонбой туруп эле шашып кетип: «сол колунда» деди. Шоколад Жыпаранын оң колунда эле. Өзү да жегиси келип турса, Акылдын минтип таба албай калганын карачы. Айткандан кийин сөзгө туруу керек да. Ошентсе да, Жыпара акыл тапты:
— Акыл, бул ирет таппай калдың, эми ойлонуп кайра айтчы...
(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)
Word форматында китепти көөчүрүү
© Сулайман Рысбаев, 2008
Количество просмотров: 3268 |