Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз / Котормолор
© Кыргызчага которгон Турусбек Мадылбай, 2015
© Басмагерлер менен китеп таратуучулар ассоциациясы, 2015
© АКШ элчилиги, 2015. Китептин Кыргызстандагы басылмасын Америка Кошмо Штаттарынын Элчилиги каржылаган.
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2017-жылдын 22-февралы
Уилла Кесер. Менин Антониам
«Менин Антониам» аттуу роман (1918) Америка адабиятынын классиги У. С. Кесердин (1873—1947) эң атактуу жана эң көп окулган чыгармаларынын бири. …Жайкы ысыктын аптабында Айова штатын аралап келе жаткан от арабада бала кезинен тааныш эки дос жолугуп калат. Экөө тең Нью-Йоркто жашаса да, бири бири менен алар өтө сейрек көрүшөт. Узак жолду кыскартыш үчүн эки дос бала кезин эстей баштайт. Ошондо экөөнүн тең эскерүүлөрүндө алар кичинекейинен тааныган бир кыздын элеси улам көз алдына тартыла берет…
Уилла С. Кесер. Менин Антониам. Котор. Турусбек Мадылбай. – Б.: Турар, 2015. – 304 б. китебинен алынды.
Тиражы 3500 нуска. Сатыкке эмес.
Которгон Турусбек Мадылбай
Сүрөттөрүн тарткан Злата Коксал
Басманын редактору А.Сарманбетов
Кириш сөз
Өткөн жайы саратанда мен кокусунан Жим Берденди Айовадан өтүп бараткан от арабадан жолуктуруп калдым. Биз Жим экөөбүз илгертеден дос элек, Небраска штатынын чакан бир шаарында чогуу өскөнбүз, ошондуктан сүйлөшүүгө сөзүбүз да даяр болчу. От араба гүлдөрү жайнаган шалбаалар менен эгини баш алып калган талаалар аркылуу, элеттин чакан шаарчалары менен күн алдында шылкыйган эмил токойлору аркылуу бизди учуруп алып баратканда, жыгач сырты кол тийгис болуп ысып кеткен вагондун бүтүндөй кызыл чаңга капталган чоң терезесинин түбүндө отуруп алып, баарлашып келе жаттык. Ушул чаң, аптап менен ысык шамал эсибиздеги көп нерсени козгоду. Биз, буудай менен жүгөрүнүн арасында жоголгон ушул сыяктуу шаарчалардын балдары кантип жашаарын талкуулап келдик. Бул жердин абасы адамды чыйралтып турат, анткени ал дайыма кескин өзгөрүлөт: аптаптын жадыраган жайкы асманы алдында бардык нерсе көгөрүп бышып, толкуп турат, ошондо өсүмдүктүн көбүнөн, калың чөп менен аштыктын бышканынан, алардын түсү менен жытынан тим эле башың айланат. Кыш бул жерде суук, кары аз болот, тегерекеги ээн талаалар тунукедей бозорот. Экөөбүз тең ойлонуп, ушундай талаалардын арасындагы шаарда өспөгөн бала мындайды көз алдына элестете да албайт деген тыянакка келдик. Ал эми бул жакта өскөндөр болсо бир туугандай болуп калышат.
Жим Берден дагы, мен дагы Нью-Йоркто жашаганыбыз менен биз көп көрүшпөйбүз деле. Жим Батыш темир жолдорунун ири ишканасында жактоочу, ошондуктан ал көп учурда бир апталап ишканасында болбойт дагы. Биздин сейрек жолугушканыбыздын бирден-бир себеби мына ушул. Дагы бир себеби – мага анын жубайы жага бербейт.
Жим бир кезде Нью-Йоркто өз жолун табуу үчүн жөнөкөй, жаш жактоочу болуп жүргөндө, анын багы бир заматта ачылып, ал үйлөнүп калды. Женевьев Уитни белгилүү кишинин жалгыз кызы болчу. Анын жаш Берденге турмушка чыгышы өз учурунда көптөгөн ушак-айың кепти жараткан. Аны өзүнүн бөлөсү Рутлан Уитни таштап кетип, ошондуктан ал Батыштан келген бул жупуну кишиге атайын өч алуу үчүн турмушка чыкканын көп айтышчу. Ал тынчы жок, кажыбас кайраттуу кыз эле, анан деле далай досторун таңгалдырган. Кийинчерээк деле, менин билишимче, ал дайыма күтүлбөгөн бир нерселерди чыгарып турчу. Ал өзүнүн бир чыгармасын Принсез театрында сахналаштыргандар үчүн шаардагы тамдарынын бирин шайлоо иштерине берип койгон, бир жолу кийим тигүүчүлөр менен кошо козголоңго чыккандыгы үчүн камакка алынган, анан дагы көп нерселерди кылган. Мен анын эч себепсиз эле кайсыл бир иштер үчүн, убактылуу эле бир кызыкчылыгы үчүн атын пайдаланууга макул боло бергенине эч ишене албайм. Ал сулуу, кажыбас кайраттуу, иштерман аял, бирок, менимче, ал өтө эле мисирейип, чыныгы сезимге да анча берилбейт. Менимче, эринин чектелүү жөндөмү аны кыжырлантайт окшойт, ошондуктан ал алдыңкы көз караштагы, бирок орто жөндөмдүү жаш сүрөтчү жана акындарга жардам бергенинен өзүнчө бир кумар алат көрүнөт. Анын өз каражаты жетиштүү, ошондуктан өзү каалагандай жашайт. Бирок эмнегедир өзүн Жеймс Берден айым деп эсептейт.
Ал эми Жим болсо оюндагыдай болбогонуна капаланган деле жок. Бала кезинде аны шылдыңдашкан зарынчылыгы кайра анын ийгилигине көмөк болду. Ал темир жолу жайылган аймакты абдан жакшы көрөт. Ошол, өз жерине чоң ишеним артуусу жана аны жакшы билгендиги анын бул тарапты өнүктүрүүгө бир топ салым кошуусуна өбөлгө болду.
Аптаптын ошол кайнаган күнү Айова аркылуу бара жатканда, биздин кебибиз экөөбүз тең жакшы тааныган бир чех кызына улам барып такалып жатты. Кимди гана эстебейли, алардын бири дагы ушул жерлер менен, бул жактын турмушу менен, бала чагыбыздын кызыктуу маалы менен андай тыгыз байланышта эмес болчу. Мен аны дайынсыз таппай калган учурда да, Жим көп жылдардан кийин кызды таап, өзү үчүн өтө кымбат достугун кайрадан улап алды. Биз от арабанын ичинде бара жатканда, ал кыз анын оюнан эч чыкпай койду. Ал менин дагы ошол кызга жакындыгымды эстетип койгондуктан, элеси көз алдыма тартылып туруп алды.
– Мезгил-мезгили менен мен Антониа тууралу эстегенимдин баарын жазып коюп жүрөм, – деди Жим. – Узак саякатта бул мени бир топ алаксытат. Өзүмчө отуруп алып жаза берем.
Мен деле анын жазгандарын окуйт элем десем, эгерде акыры бир күнү аяктасам, мен аларды сага сөзсүз көрсөтөм деди.
Бир нече ай өттү, анан бир күнү кыштын суук бир маалында Жим колуна килейген папканы алып келип калды.Анысын меймандар бөлмөсүнө алып кирип, колдорун отко жылытты да, анан мындай деди:
– Мына, Антониа жөнүндө менин жазгандарым. Дагы эле сен аларды көргөнгө кызыкдарсыңбы? Кечээ кечинде бүтүрдүм. Буларды иретке салганга деле чолом болгон жок, Антониа жөнүндө эстеген сайын эле мен буларды оюма келгендей жаза бергем. Бир балекетке кабылгандай эле го. Аты деле жок.
Ал коңшу бөлмөгө кирип, жозуга отурду да, папканын сыртына "Антониа" деп жазып койду. Бир аз мурчуюп туруп, анан алдына дагы бир сөз кошту: "Менин Антониам". Эми ушул ат ага жакккандай болду.
Optima dies... prima fugit.
Virgil
Мыкты күндөр... биринчи качат.
Виргил
БИРИНЧИ БӨЛҮК. ШИМЕРДАЛАР
1
Алгач Антониа жөнүндө мен ошондо түгөнбөс көрүнгөн Түндүк Американын ортоңку өрөөнүн өтүп бара жатканда укканмын. Ошол кезде жашта элем, менин атам менен апам бир жылы дүйнөдөн кайтып, туугандарыбыз мени Виржиниядан Небраскага чоңатам менен чоң апамдын колуна жөнөтүп жиберген. Мени ошондо тоолук жигит Жейк Марпол коштоп барган, ал бир кезде атамдын Блу-Риждеги эски фермасында жардамчы болуп иштечү, эми болсо ал чоңатам менен иштей турган болуп Батышка бара жатты. Жейк деле турмушту менчелик зорго билчү. Биз ушул белгисиз тарапка бактыбызды издеп жөнөгөнчө, ал деле бир да жолу от арабага түшүп көрбөптүр.
Жолдугата биз бардыгыбыз отуруп бардык, күндөн-күнгө биздеги кир менен ыш көбөйө берди, көбөйө берди. Жейк жолдон балдар ага сунуш кылган нерсенин баарын эле алып жатты: шириндиктер, портокал, жылтырак жез топчулар, сааттын чынжырлары, ал эми мага "Жесси Жеймстин турмушу" деген китепти сатып берди, мен ал китепти ушуга чейин окугандарымын эң мыктысы деп эсептейм. (Жесси Жеймс (1847–1882) – Жарандык согушта өз корун чогултуп алып, түштүктөгүлөр тарапта салгылашкан. Согуштан кийин душман деп жарыяланган. Он алты жыл бою каракчылык кылган. Анын башы үчүн сыйлык белгиленген. Шериктери тарабынан өлтүрүлгөн. Анын эрдиктери менен жоруктары ковбойлордун ырларында жана уламыштарында даңазаланган.) Чикагодон кийин биз бараткан жолду беш колундай билген сылык бир жолчу бизди коштоп келди, ага өзүбүз жөнүндө айтып берсек, ал да бизге көптөгөн кеңештерин айтты. Ал көптү көрүп, дүйнөнүн дээрлик баарын көргөн тажрыйбалуу киши болуп чыкты, ал алыскы штаттар менен шаарлардын аттарын жатка айтып жатты. Көптөгөн төш белгилери, шакек жана төйнөгүчтөр анын ар кандай жамааттарга тиешелүү экенин ырастап турду. Ал эмес жеңинин топчуларында кытай жазмалары жайнап, өзү болсо Миср айкелинен айырмасы жок болчу. Бир жолу биз менен сүйлөшкөнү отуруп, ал алдыдагы бозгундар вагонунда "мухиттин наркы бетинен" келген бир үй-бүлө баратканын, алар дагы биз тарапка жол тартканын айтты.
– Секелек кыздан башкасы иңглисче бир да сөз сүйлөй алышпайт, ошондо дагы тигил кыз болгону: "Небраска, Блек-Хок баратабыз", – дегенди билет. Ал он эки же он үч жашта, сенден бир аз эле улуу экен, Жим, бирок ушунчалык зирек! Барып, сени аны менен тааныштырып келейимби? Бакырайган көздөрү да капкара экен.
Анын акыркы сөздөрү биротоло менин эсими оодарды, мен башымды чайкаган бойдон "Жесси Жеймске" тигилдим. Жейк макул болгон өңдүү башын ийкеди дагы, чет элдиктерден кандай гана ооруну жуктурбайсың деди.
Миссуриден өткөнүбүз деле, Небраскадан жол жүргөнүбүз деле эсимде жок. Ага чейин биз далай сууну өтсөк керек, мен аларды көргүм деле келбей калды окшойт. Небраскадан мени бир нерсе таңгалдырды: биз күнү-түнү кете бердик, кете бердик, ал эми Небраска болсо эч түгөнбөй койду.
Акыры Блек-Хокко жеткенде, мен кызыл кыжым капталган отургучта небак бүрүшүп уктам жаткам. Жейк мени ойготуп, колуман жетеледи. Чалынып-чулунуп отуруп биз кайсы бир кишилер шамдарын көтөрүп алып, нары-бери басып жүргөн жыгач такталардын үстүнө түшүп бардык. Шаардын өзү эмес, алыста бүлбүлдөгөн оттору дагы көрүнгөн жок, биздин тегерегибиз бүт көзгө сайса көрүнгүс караңгы болуп турду. От араба узакка жүгүргөндүктөн энтигип калгансып бышылдап бара жатты. Оттун бүлбүлдөгөн жарыгы түз жерде үйүлгөн кишилерге тийип турду, алардын жанында түйүнчөк менен сандыктары тизилет. Мен алар баягы жолчу айтып берген бозгун үй-бүлө экенин түшүндүм. Аялдын башында чачылуу жоолук салынган, ал наристе баладай кичинекей темир кутуну көкүрөгүнө бекем кысып алыптыр. Аялдын жанында узун бойлуу, бүкүрөкөй киши турат. Өспүрүм эки бала менен бир кыз майланышкан тасмалга оролгон түйүнчөктү кармап турду, эң кичүү кыз болсо апасынын этегине жабышып алыптыр. Жарык кылган киши алардын жанына келип, анан алар катуу үн чыгарып сүйлөшө баштады. Мен кулагымды түрүп калдым, анткени ошондо биринчи жолу чет тилди угушум эле.
Жарык кылган дагы бирөө жакын келди. Ал шайдоот сүйлөдү:
– Эй, силер Берден мырзанын тууганы болбойсуңарбы? Эгерде тууганы болсоңор, анда мен силерге келдим. Менин атым Отто Фукс, мен Берден мырзанын колу астында иштейм, ошондуктан азыр силерди ага жеткирем. Ии, Жимми, алыскы батышка сапар тартуудан корккон жоксуңбу?
Мен жарыктан ушул бейтааныш кишинин өңүн кызыгуу менен карап турдум. Ал тим эле "Жесси Жеймстин" ичинен азыр чыга калгансыйт. Ал эндүү кайыштан тасма оролгон, жаркыраган таралгасы бар сомбрерону башына кийип, мурутунун эки учу болсо мүйүзгө окшоп чычайып турду. Ал жаалдуу-каардуу киши көрүндү. Балким, ал бир кезде далай окуяларга кабылган болушу керек деген ой кетти менде. Бетинде узун тырыгы бар экен, ошондуктан ал ууртунан жылмайганда өңү кара мүртөз сезилчү. Иреңи индиникиндей кара тору, кулагынын үстү жагы болсо биротоло жок. Айтор, өңү-башына карасаң, тим эле бир баш кесерге окшош. Бийик такалуу өтүкчөн ал биздин көржөрүбүздү чогултуп нары-бери басып жүргөндө, мен анын өтө эле арык, бирок чымыр экенин, шамдагай жана желдей ыкчам экенин байкадым. Ал жол узак, түн да болуп калды, ошондуктан эртерээк жөнөгөнүбүз оң деди. Аны менен кошо биз дагы эки араба аттары менен байланып турган жерге бардык, алардын бирөөнө жанагы келгиндер көржөрүн жүктөп жатканын көрдүм. Экинчи арабасы биздики экен. Жейк алдыңкы отургучтан – Отто Фукстун жанынан орун алды, мен болсо арбанын ичиндеги самандын арасына бизондун терисин жамынып жатып алдым. Бозгундар арабасы күрүлдөгөн бойдон караңгыда жоголуп кетти, биз да алардын артынан жөнөдүк.
Мен уктамак болдум, бирок арабада силкине берип, аз жерден тилими тиштеп ала жаздадым, анан белим да уюп кетти. Саман бир аз тапталгандан кийин астым катуу болуп калды. Мен теринин астынан акырын чыгып, тизеледим да, сыртка баш бактым. Алдыдагы жол буйтап бараткансыды, бирок бүлбүлдөгөн жылдыздын жарыгынан мен аны түзүктөп көрө албай койдум. Тегеректин бардыгы кара топурак болчу, бактар эмес, айдоолор эмес, ошонун баарын өстүргөн эле кара топурак. Ооба, айланабызда жалаң гана топурак эле, бир аз өңгүл-дөңгүл, аны мен кадимкидей сезип келе жаттым, анткени арабабыз тез эле кыйчылдап токтой калат, анан кайра өйдөнү карата кыйшая түшөт. Мага дүйнөнүн баары бүт артта калгандай сезилди, биз анын чегинен өтүп, эми адамга баш ийбеген ааламды аралап бараткансыдык. Буга чейин мен асманды торогон тоолордун тааныш караанын карап келе жаткам. Эми болсо көз алдымда эч нерсе торобогон, кеңсиз, ачык асман жайылып жатты. Ыраматылык атам менен апамдын арбактары мени ошол жактан тиктеп турганына эч ишене албай койдум, – алар мени дале кашаанын жанындагы суунун боюнан же тоодогу жайыттарды карай алып кеткен ак жолдон издеп жүргөнсүдү. Ата-энемин арбактары деле тээ алыста кала бергенсиди. Араба караңгыда күрүлдөгөн бойдон мени белгисиз бир тарапка алып бара жаткансыды. Үйүмө кайтууну да мен биротоло унуттум. Жете алабызбы же жокпу мага баары бир болуп калды. Ушул жер менен ушул асмандын ортосунда мен өзүмдү жоготуп, көрүнбөс болуп жоголуп бараткандай сездим. Ал түнү мен табынган да жокмун, мен билдим: буйруган нерсенин баары болот.
2
Таң заарга жакын биз чоң атамдын фермасына кантип жетип барганыбыз эсимде жок, жыйырма чакырымдан ашык жолду килейген жумушчу унаа менен басып өттүк. Мен түш оой ойгондум. Жаткан бөлмөм керебетимен бир аз эле чоңураак экен, баш жагымда жылуу айдарымдан жеңил желпилдеген парда илинген. Керебеттин жанында узун бойлуу, карачач, бети-башын бырыш-тырыш басып, күнгө күйгөн бир аял мени карап туруптур. Мен анын чоң апам экенин дароо түшүндүм. Ал ыйлаган өңдүү, бирок мен көздөрүмдү ачканда, ал жылмайымыш этти да, толкунданып мени карап, төшөктүн четине отурду.
– Уйкуң кандыбы, Жимми? – деп ал шайыр сурады. Анан өзүнчө кобурангансып башка үн менен кошумчалады. – Атаңа ушунчалык окшош экенсиң!
Ошондо гана атам бир кезде ушул аялдын уулу болгонун эстей койдум, бир кезде баласы турбай койсо, балким, ал күнүгө аны ойготкону эртең мененкисин ушул жакка чыгып келчү окшойт.
– Мына сенин таза кийимиң, – деп улады аял сөзүн, күнгө күйгөн колу менен бир сыйра төшөктү сылап. – Бирок ириде алооканага түшүп, очоктун артындагы челектеги сууга жакшылап жуунуп алалычы. Кийим-кечеңди колуңа алып ал, эч ким деле жок, биз өзүбүз элебиз.
"Алооканага түшүп" дегени мага кызыктай угулду, үйүбүздө дайыма "алооканага чыгып" дечибиз. Мен байпак менен бут кийимимди колума алып, мейманкана аркылуу, анан тепкичтен ылдый жертөлөгө чоңапамды ээрчип жөнөдүм. Ал жердеги ашкана тепкичтин оң жагында, алоокана болсо солунда экен. Эки бөлмө тең шыбалып-акталыптыр, жертөлө сыяктуу эле шыбак дубалдын үстүнө сүртүлгөн. Асты болсо катуу цемент. Жыгач шыптын астында парда тартылган кичинекей терезелердин жарымысы көрүнөт, алардын астындагы текчелерде каз тамак менен кыжым салынган идиштер тизилген. Алооканага кирерим менен жанжемил жыттанган токочтордун жытын сездим. Очок абдан чоң күмүш сымал жаркыратып кооздолгон экен, анын артында, дубалдын түбүндө килейген жыгач сөрү менен жуунуу үчүн калай чайкалган бир челек туруптур, чоңапам ага суу чабыштырды. Ал мага самын менен сүлгүрдү алып келгенде, мен өзүм жуунам дедим.
– Кулагыңды жууганды да унутпайсыңбы, Жимми? Чынбы? Мейли, сен азаматсың да!
Алоокананын ичи сонун экен. Батыш тараптагы терезеден күн челектеги сууну жарык кылып турат экен, килейген малт мышыгы улам мени карап коюп ошол челекке сүрүнүп жатты. Мен жышынып жатканда, чоң апам ашканада бир нерсе кылып жүрдү, ошондо мен шашып кетип кыйкырдым:
– Чоң апа, токоч күйүп кеткен жокпу?
Чоң апам күлгөн бойдон алооканага кирип келди да, тоок кубалагансып айпоочун желпип калды.
Чоң апам арык, узун бойлуу эле, бир аз бүкүрөйгөнү менен бирдемени тыңшагансып мойнун дайыма алдыга соройтуп алчу. Кийинчерээк чоңойгондо мен анын кандайдыр бир нерселерди өзүнчө ойлонуп жүргөнүн түшүндүм. Чоң апам тез, шамдагай болчу. Анын чаңкылдаган үнү катуу угулчу да, кандайдыр бир кабатырлыкты билгизип турчу: менимче, ал дайыма тартип менен адептүүлүк болсо экен деп тырышса керек. Анын күлкүсү да чыйылдап катуу чыгаар эле, бирок ал дайыма чын жүрөктөн өз учурунда гана күлчү. Ал ошол убакта элүү беште болчу, ошентсе да бекем, өтө чыдамкай эле.
Кийинип алып мен алоокананын жанындагы жертөлөнү карап чыктым. Анысы тамдын чатырынын так түбүнөн казылып, шыбалган, цементтелген да экен, андан тепкич менен жумушчулар короого кирүүчү эшикке барса болот эле. Терезенин астындагы жертөлөдө талаада иштеп келген жумушчулар жуунушчу.
Чоң апам кечки оокатты даярдап жатканда мен очоктун артындагы кенен сөрүгө отуруп алып, мышык менен таанышмак болдум. Ал жалаң эле келемиш-чычканды эмей, сары чычканды да кармай алат деген чоң апам. Күн шооласынын чагылышы жерден тепкичти карай жылып бараткан, ал эми биз чоң апам экөөбүз менин саякатым, биз менен кошо келген чехтердин үй-бүлөсү тууралу сүйлөшүп отурдук. Чоң апам тигилердин бизге эң жакын коңшу болоорун айтты. Чоң апам көп жыл бою жашаган Виржиниадагы чарбасы жөнүндө кеп козгогон жокпуз. Бирок эркектер талаадан келип, бардыгыбыз тамактанганы отурганда, чоң апам Жейктен мурунку үйү, жоро-жолдошу менен коңшу-колоңу тууралу сураштыра баштады. Чоң атам аз сүйлөчү. Үйгө кирип ал мени өөп, жароокерденип бирдемени сурады да, башка эч сыр билдирбей отуруп калды. Анын алдында мен дароо тартына түштүм, ал ушунчалык сүрдүү, салабаттуу экен. Биринчи эле көзүмө илинген чоң атамдын өзгөчөлүгү – анын балпайган, тармал, аппак сакалы болду. Эсимде, бир зияратчы анын сакалы кудум арап шайыктыкына окшош деген. Чоң атамдын башында бир да тал чач жок экен, ошондуктан анын сакалы ого бетер сүрдүү көрүнчү.
Көздөрү дегеле карыяныкындай эмес эле, алар көкмөк болуп, кыраакы, анан бир аз салкын тиктеп турчу. Тиштери түз, аппак, бекем болгондуктан чоң атам өмүрүндө бир да жолу тиш дарыгерге кайрылган эмес экен. Назик эти күнгө күйүп, шамалдан тез эле одурайып кетчү. Жаш кезинде чоң атам сары киши болчу, азыр деле анын каштары коло сымал саргаят.
Тамак үстүндө биз Отто Фукс экөөбүз улам бир-бирибизди карап коюп отурдук. Чоң апам оокат кылып жатканда эле мага Оттонун австриялык экенин, бул жерге ал жаш кезинде келгенин, Ыраакы Батыштагы кенчи жана малчылардын арасында ар кандай окуяларга кабылганын айтып берип койгон. Тоодо жүргөндө өпкөсүнө суук көп жолу тийгендиктен ал ден-соолугун жоготкон, ошондуктан азырынча ал биздин жылуу аймагыбызга көчүп келген. Немистердин Бисмарк деген бизден түндүктөгү кыштагында анын туугандары жашачу, бирок ал бир жылдан бери эле чоң атамдыкында иштейт.
Тамактанып бүткөндөн кийин Отто мени алооканага ээрчитип барып, атканада мен үчүн сатып алынган эргежел ат турганын, ал өзү ошол аттын кулк-мүнөзүн текшерип минип көргөнүн, ал эргежел "чыныгы асыл зат", анын аты Франт экенин айтты. Фукс мени кызыктырган нерсени бүт: почта арабасын айдап жүргөндө Вайомингдеги бороондо калып, кулагын үшүккө алдырганын, чалманы кантип ыргытуу керектигин айтып берчү. Ал эртеси күнү күүгүмдө менин көзүмчө бир букачарды чалып алмак болду. Анан Жейк экөөбүзгө өзүнүн ковбой жаргак шымы менен өтүгүнүн апкытындагы текөөрүн алып келип көрсөттү, майрамда кийген өтүгүн да алып чыкты, анын кончу бир кызыктай саймалар менен кооздолуптур: роза жана чыныгы сүйүүнүн белгиси болгон түймөктөр, жылаңач аялдардын сөлөкөттөрү. "Булар периштелер", – деп түшүндүрдү Отто сүрдүү карап.
Жатаардын алдында Жейк менен Оттону үстү жакка коноктор бөлмөсүнө табынууга чакырышты. Чоң атам күмүш алкагы бар көз айнектерин тагынып, бир нече забурду окуду. Анын үнү коңур чыгып, ал жан-дили менен окуп жатты, ошондо чоң атам Пашалар китебинин мен жакшы көргөн баптарын тандабаганына аябай өкүндүм. Чоң атам "селла" деген сөздү айтканда, денем бүт дүркүрөп кетти.
– Бизге мурасыбызды тандап берди, сүйүктүү Жакыптын сулуулугун тартуулады. Селла!
Мен акыркы сөздүн маанисин деле билбейм, чоң атам деле билбейт болушу керек. Бирок анын оозунан айтылган бул сөз олуянын айтканындай эле угулду.
Эртеси мен эки жагымды байкап билип алайын деп таң азандан чуркап чыктым. Блек-Хооктон батышты карай биздин тамдан башка бир да жыгач там көрүнбөйт деп айтышты, болгону норвегиялыктардын айылында гана бир нече жыгач там бар имиш. Коңшуларыбыздын баары жертөлөдө, чым менен жабылган, ыңгайлуу, бирок өтө кенен эмес кепелерде жашайт экен. Пайдубалынан бир жарым кабат дагы өйдө зоңкойгон ак тамыбыз короонун чыгыш бурчунда жайгашып, алооканасынын оозунан алыс эмес жерде тегирмен турчу. Тегирменден батышты карай короо эңкейип барып, ылдыйда сарай, кампа, чочкоканалар жайгашкан. Жандоонун бети какырап тапталып калган, анын ар жеринен жамгырдын ийри-буйру суусу агып турчу. Кампалардын артындагы кичинекей коктуда кырчын талга курчалган чакан, киргилт көлмө көрүнүп турат. Почтадан кийин жол биздин эшикти аралап өтүп, короону бир буйтап алып, көлмөнү бир сыйра айланчу да, андан кийин батыш жакка бурулуп, айдөшү бодур менен бадалдуу талаага чыгып барчы. Ошол кырдан ал мен мурун көрбөгөндөй килейген жүгөрү талааны айланып өтчү. Ошол талаа менен малкананын артындагы жүгөрү эгилген биртике жер гана айдалган болчу. Калган уч-кыйырсыз аймактын бардыгында менин боюман келген катуу, үрпөйгөн бир кызыл чөп өсчү.
Тамдан түндүккө карай чарбаны өрттөн сактоо үчүн айдалган жерде жапендес, жыш тигилген бариктүү зараң өсөт эле, анын жалбырактары саргая баштаптыр. Талдардан жасалган бул кашаа бир чакырымдай созулат экен, ошондуктан мен аны жакшылап көрөйүн деп көпкө тиктеп турдум. Жапыз бадалдар чөптүн арасында жоголуп кетип жатты. Дегеле калың өскөн чөп ушул кашааны дагы, чымдан курулган тоокканасы бар тикен токойду дагы басып калгыдай.
Мен айланамды карап турдум, деңиз жалаң эле суудан турган сымал бул аймак да мага жалаң чөптөн тургандай туюлду. Чөптүн кызыл түсүнөн улам бул чексиз талаа шарап төгүлүп кеткендей же жээкке чыгып калган тамылжыган кызыл балырлар менен капталгандай көрүнчү. Чөп дагы өзү бир жакка жылып бараткандай, ошондуктан талаа бүт тынымсыз кыймылда эле.
Мен чоң апам бар экенин деле унутуп коюптурмун, бир маалда эле ал күндөн калкаланып башына калпак кийип, колуна кап алып жаныма келип калды. Бостонго барып, түшкүгө бериңгит терип келелик деп чакырды ал.
Эң кызыгы, бостон үйдөн жарым чакырымдай алыстыкта экен, ошондуктан ал жакка кашаанын жанынан өткөн жантайманы жакалай басып отурдук. Чоң апам белиндеги кайышка илинген жез баштуу жаңгак келтегин көрсөттү. Калдыркандуу жыланга каршы деди ал. Мени дагы колуңа килейген келтек же чоң бычак алмайын бостонго барба деди. Чоң апам өзү нары-бери барып келгенче бир топ жыланды жайлап салды. Блек-Хоокко бара жаткан жолдо жашоочу бир кызды жылан бутунан чагып алып, ал жайы менен ооруп чыкты.
Ошол, сентябрдын таңында чоң апам экөөбүз дөңгөлөктүн изи менен бостонду карай бара жатканда, алдыбыздагы талаанын жайкалганы алигиче даана эсимде. Билбейм, балким, от арабада узак жол жүрүп, мен алигиче эсиме келе элек белем, бирок айланамдагы ар бир кыймылды ачык-айкын сезип турдум: анын бардыгы таңкы салкын айдарымда да, бүт айлана-чөйрөдө да даана туюлуп турду. Үрпөйгөн шалбаа кең жайылган жүн териге окшоп, анын астында жапан букалар чуркап бараткансыды...
Жалгыз мен бостонду тапмак деле эмесмин, мүмкүн, кокусунан эле жалбырактары куурап жылаңачтанып калган килейген сары ашкабактарды байкап калбасам. Бирок мага бостондун эч кызыгы деле жок болчу. Менин кызыл чөптүн арасында улам нары алыстап кете бергим келди, кол сунсаң эле жете тургандай жердин учуна баргым келди. Абанын тунуктугунан ушул жерде бүт баары аяктай тургандай көрүндү, болгону гана жер, күн жана асман калат, андан нары бир аз бассаң, күн менен эле асман калат, ошондо сен чөптүн үстүнө көлөкөсүн жай түшүрүп үстүбүздө калкып жүргөн жээрде карчыга сымал учуп жөнөйсүң. Ошентип чоң апам жөөктөрдүн бирине сайылган бешиликти алып, бериңгитти казып, мен болсо аларды жумшак топурактан алып, капка салып жаткан учурда карчыгаларды тынбай карай бердим. Ойлоп көрсөм, мен деле бийикте калкып учуп жүрсөм болмок да.
Чоң апам кетмек болгондо, мен бир аз дагы калайын дедим. Ал мени калпагынын кырынын астынан карады.
– Жыландан коркпойсуңбу?
– Кичине корком, – дедим мен. – Ошентсе да биерде бир пас отургум келип атат.
– Анда мейли, жыланды көрсөң тийбе. Сарала күрөң чоң жыландардын коркунучу жок, алар сары жылан, алар сары чычкандарды кууйт. Эгерде тээтигил уядан бирдеме чыкканын көрсөң, коркпой эле кой. Ал кашкулак. Анын чоңдугу мышыктыкындай эле, болгону тумшугу карала жолдуу болот. Кээде ал жөжө уурдайт, бирок мен кызматчыларыма тийбегиле дейм. Бу жаңы жерлерде айбанатка жакын болуп калат экенсиң. Мен жер казып атканда, ал ийнинен чыгып карап турганын жакшы көрөм.
Чоң апам бир кап бериңгитти ийнине арта салды да, улам эңкейе дөңдөн ылдый түшүп жөнөдү. Жол коктунун түбү менен өтчү, биринчи эле бурулушка жеткенде чоң апам мага колун булгап коюп жоголуп кетти. Мен жалгыз калып, өзүмдү жеңил сездим, бул бейпилдик мени көпкө коштоп турду.
Жыландар байкатпай келип калбасын деп мен бостондун так ортосуна отуруп алдым да, күнгө ысып калган ашкабакка жөлөндүм. Жөөктөрдө мөмөсү жайнаган бөрү карагат өсүп турду. Мен кагаздай жука жалбырактарын аарчып, мөмөдөн биртике жедим. Тегерегимде, ашкабактын куурап калган чөптөрүнүн арасында мен мурда көрүп жүргөн чегирткелерден эки эсе чоңдору секирип жүрдү. Айдалган жердин үстүн нары-бери сары чычкандар аралайт. Коктунун түбүндө шамал анчалык катуу эмес болчу, бирок анын кырында шамал аңылдап жатты, аны мен калың чөптүн бүгүлгөнүнөн көрүп турдум. Астымдагы топурак жылуу эле, мен аны колум менен майдалаганда да ал жылуу болчу. Кайдан келгени белгисиз бир кызык кызыл коңуздар пайда болуп, тегеректе жайнап, жөрмөлөп жүрдү. Алардын кара тагы бар кыпкызыл жондору сайкал салгандай жылтырап турду. Мен тыптынч отурдум. Эч нерсе деле болгон жок. Бир нерсе болот деп деле күткөн эмесмин. Мен болгону ашкабак сыңары күнгө какталып, денеме анын аптабын сиңирип жаттым, башка мага эч нерсенин деле кереги жок болчу. Өзүмдү абдан бактылуу сезип жаттым. Балким, биз өлөөрдө күн же аба болобу, жакшылык же акылмандык болобу, кандайдыр бир чексиздикке аралашып, өзүбүздү ушундайча сезет болушубуз керек. Эмнеси болсо да бир килейген же түбөлүк нерсеге аралашып сиңүү өзүнчө эле бир бакыт. Ал уйкуга окшоп байкатпай келет.
3
Жекшемби күнү эртең менен Отто Фукс бизди жаңы чех кошуналарыбыз менен тааныштырганы алып бармак болчу. Биз биртике азык-түлүк ала баралы дедик, анткени чехтер ээн жерге жайгашып, кичинекей айдалган жерден башка алардын бостону да, тоокканасы да жок эле. Фукс аштымканадан бир кап бериңгит менен чочконун ышталган бир санын алып чыкты, чоң апам болсо арабада төшөлгөн самандын үстүнө түндөп жапкан нандан биртикесин, бир кумган май жана ашкабак токочтон салды. Биз арабанын алдынан орун алдык, анан аттар жай басып, килейген жүгөрү талааны карай чыккан жол менен көлмөнү бойлоп жөнөштү.
Мен бул талаадан нары эмне бар экенин тезирээк көргүм келди, бирок ордуман алыска чейин көрүнгөнү менен, кызыл чөптөрдөн башка эч нерсени көрө албай койдум. Жол – куугун жаныбар сыңары буйтап, чуңкур– коктуларды айланып өтүп, кенен жана түз колотторду аралап жүрүп отурду. Жол боюнун бүт бурулуштарында да күнкарама жайнайт, көбү өтө чоң эмес талдай бийик, жалбырактары чоң, быдыр, башында гүл өскөн сөңгөгү калың. Күнкарамалар талааны алтын тилкеге бөлүп турду. Кээде аттардын бири оозу менен гүлдөгөн сөңгөктү илип алып, басып бара жатып аймап калат, ошондо гүлдөр анын жаагы менен бирге ыргалып отуруп, акырында оозунда жоголуп кетет.
Жолдон чоң апам чехтер жерди өздөрүнүн жердеши Питер Крайектен сатып алганын, тигил аларга үч эсе кымбат сатканын айтып берди. Өз мекенинде жашап жүргөндө эле алар Крайектин Шимерда айымга да жакын чоң аталаш тууганы аркылуу келишим түзүп коюшуптур.
Шимердалар биздин аймактагы биринчи чех жашоочулары болчу. Аларга Крайек гана котормочу болмок, ал болсо өзү каалагандай которчу. Шимердалар иңглис тилин дегеле билчи эмес, кеңеш да сурап, муктаждыгын да айта алышчу эмес. Фукс алардын бир уулу чоңоюп, күчкө толуп, талаада иштей ала турганын, атасы картаң, алсыз, дыйканчылыкка жарабай турганын айтты. Үйүндө ал токуучу, туш кийиз менен каптагыч кездемелерди жасоо боюнча чоң уз экен. Ал кыягын кошо ала келиптир, бирок бул жерде анысынан пайда аз, Чехияда ал аспабын ойноп да биртике тыйын тапчу имиш.
– Эгер алар жакшы киши болсо, анда байкуштарга кыйын эле болуптур, – деди чоң апам. – Кышкысын Крайектин бул үңкүрүндө алар аябай кыйналат. Анын үйүн жертөлө дегенге да болбойт, кашкулактын уясы ага караганда түзүгүрөөк. Крайек аларга он доллар турбаган эски очогун таңуулап сатыптыр дейт.
– Так ошондой, айым, – Отто анын сөзүн коштоду. – Ал эле эмес дагы букасы менен эки картаң каңгылын кошо берип, акчасын келишкен арабаныкындай алыптыр. Мен аларды ат тууралу эскертип коймокмун, чал бир аз немисче билет экен, бирок андан баары-бир пайда жок. Чехтер эч качан австриялыктарга ишенбейт.
Чоң апам аны таңыркап карады:
– Эмнеге?
Фукс кабагын бүркөп, мурдун чүйрүйттү:
– Билесизби, айым, бул деген саясат, түшүнүш кыйын.
Айлана улам бодурайып баратты. Биз Скво деген сууга жакындап калдык дешти, ал суу Шимерддердин батыш бөлүгүн бүтүндөй аралап өтөт, ошондуктан бул жер айдоого жараксыз экен. Кийинчерээк ылай жардын одур-будур, чөп баскан кырлары көрүндү, жардын түбүндө суу агып, андан нары ылдыйда өскөн терек менен четиндин жалтыраган чокулары зоңкоюп турду. Теректердин көбү кадимки күздөгүдөй саргайып, ошол сары жалбырак менен жылтырак кабыктарынан улам күмүш жана алтындан жасалган жомоктогу талдарга окшоп калыптыр.
Биз Шимерддердин үйүнө жакындаган сайын мен улам карай берип, кызыл чөбү үрпөйгөн бөксө менен жарларды эле көрдүм, топурак көчкөн жеринде күдүр жантаймалар менен узун тамырлар сороюп чыгып турду. Бир маалда мен боорлордун бириндеги жоносто шараптай кызыл кургак чөп менен жабылган сарайга окшош нерсени көрдүм. Сарайдын жанында дөңгөлөгү жок эски жел тегирмендин тулкусу кыйшайып калыптыр. Биз аттарыбызды байлап коёлу деп, анын жанына жакын бардык, ошондо мен так жантаймадагы жерге терең батып кеткен терезе менен каалганы көрө койдум. Эшиги ачык экен, андан бир аял менен он төрт жаштардагы бир кыз чыга калып, бизди күтүп туруп калды. Алардын артынан дагы бир өтө кичинекей кыз чыкты. Аялдын башында баягы Блек-Хоокто от арабадан түшкөндө мен көргөн жибек чачылуу жолугу бар экен. Аял картаң да эмес, жаш да эмес болчу. Анын жүзү жарык, кабагы ачык эле, ээги шиш келип, кичинекей көздөрү ойноп турчу. Ал чоң апамдын колун бекем кысты.
– Кубанычтамын, абдан кубанычтамын, – деп онтоп жиберди ал. Ал эмеле чыккан үйүн көрсөтүп кошумчалады. – Үй жакшы жок, жакшы жок үй.
Чоң апам башын ийкеп, аны соорото баштады:
– Эчтеке эмес, кийинчерээк баары жакшы болот, Шимерда айым, үйүңүз да жакшы болот.
Чет элдиктер менен чоң апам дүлөйлөр менен сүйлөшкөнсүп катуу бакылдашчу. Ал Шимерда айымга ниетибиздин актыгын айтты, ошондо тигил нанды алып жыттап да көрдү, анан май токочторду өтө кызыгуу менен тиктеп кобуранды:
– Көп жакшы, көп рахмат! – анан ал кайрадан чоң апамын колун катуу кысып силкилдетти.
Жертөлөдөн Шимерддердин улуу баласы Амброз чыкты, алар анын атын Амброш деп башкача айтты, ал апасынын жанына туруп калды. Ал он тогуздардагы бакчагай, далылуу, чачы кыска, желкеси жалпак, бети балжайган жигит экен. Кичинекей кара көздөрү апасыныкынан бешбетер ойноктоп, жалтактап, ал азык-түлүккө тим эле тигелип калды. Бул үй-бүлөө үч күндөн бери жалаң загыра менен жүгөрү ширесин жеп отурган.
Кичүү кызы татынакай болчу, бирок Антониа (тигилер басымды биринчи муунга келтирчү), менимче, эң мыктысы эле. Мен ошол замат анын көздөрү тууралу кондуктордун айтканын эстей койдум. Анын көздөрү бакыракай, назик, караңгы токойдун көлү күн нурунда жарк эткендей от чачыратып турчу. Кара тору беттери кочкул болуп кызарып калаар эле. Капкара чачтары коюу тармалданчу. Кичүү кыздын (аны алар Юлка деп койчу) чачтары сары болчу, ал мага жоош жана тил алчаак көрүндү. Мен эже-сиңдинин алдында оңтойсузданып турганда, эмне болду деп агындан Крайек чыгып келди. Анын артынан Шимерддердин дагы бир баласы ээрчип чыкты. Анын соо эместиги алыстан эле байкалып турду. Ал бизге жакындап, бир нерсени дөөдүрөп жатты, анан алакандарын өйдө жайды, манжаларынын биринчи муунуна чейин өрдөктүкүндөй жаргагы бар экен. Менин кетенчиктегенимди көрүп ал сүйүнгөнүнөн кадимки короздой кыйкырды:
– Ко-ко-коо!
Апасы: «Марек!» – деп кабагын бүркөп, анан Крайекке өз тилинде бирдемени быдылдап тез сүйлөдү.
– Берден айым, апам сизди коркпосун, ал эч кимге тийбейт деди. Бул өзү ушундай оорукчан, калган балдар жакшынакай эле. Мына Амброш жакшы дыйкан болгону турат! – Крайек инисин далыга чапкылады, тигил ыраазы боло күлмүңдөдү.
Ошол маалда жондун кырында казылган каалгадан Шимерда мырза пайда болду. Ал баш кийимсиз, агара баштаган коюу чачтары артка таралган эле. Чачтары ушунчалык узун болгондуктан кулактарына чейин буралып өсчү, ошондуктан мен аны карап туруп Виржинден көргөн эски сүрөттөрдү эстей кеттим. Ал узун бойлуу, сымбаттуу, ийиндери куушурулган киши болчу. Бизди түшүнүү менен карап, ал чоң апамдын колуна башын ийип таазим этти, Мен ошол замат анын колдору канчалык ак, сулуу экенин байкадым. Эмнегедир алар мага тынч жана өнөрлүү көрүндү. Чанагы кабагына кирип кеткендей көздөрү кайгылуу тиктечү. Багжайган чоң бетти өчүп калган күл сыңары бир кезде нурун дагы, ысыгын дагы жоготуп койгондой бозортот. Бир топ жашка келип калган бул кишинин келбети абдан салабаттуу болчу. Анын кийими да өзүнө чак болчу. Чепкенинин астында түйүлгөн боз чермий, жаканын ордуна мойнунда кызгылт маржан төйнөгүч менен карматылып, коло сымал жашыл тарткан жибек моюн орогуч тыкан байланган. Шимерда мырзага Крайек чоң апамдын сөздөрүн которуп жатканда, Антониа менин жаныма келип, саламдашып колун сунду. Бир аздан кийин эле биз кыядан сызып чуркап, артыбыздан Юлка бүжүңдөп келе жаттык.
Биз өйдө жүгүрүп чыкканда, талдардын жалтыраган чокулары көрүндү, мен ал жакты көрсөттүм эле Антониа күлүп, менин келгениме ал кандай кубанганын билдиргенсип колумду бекем кысты. Биз Скво суусун карай тызылдап, астыбыздагы жер бутубуздан айрылганча чуркадык, жар болсо ылдый чукул түшүп, эгерде биз дагы бир кадам аттасак эле, анда талдардын чокусуна барып илине тургансыдык. Катуу энтигип жардын кырына барып токтодук да, төмөндөгү тал менен бадалга көз жүгүртө баштадык. Шамал катуу болгондуктан мен баш кийимимди колум менен кармап алдым, ал эми кыздардын этеги барпайып көтөрүлүп жатты. Антониага жакса керек, ал сиңдисин колунан алып, тынбай быдылдап жатты, алардын сүйлөгөнү мага биздикинен ылдам угулду. Ал мени кылчактап карап алды, анын көп нерсени айткысы келип көздөрү тим эле жалындайт.
– Ысмың? Ысмың кандай? – деп сурады ал, колун менин ийниме коюп.
Мен атымды айттым, тигил өзү бир сыйра кайталап, анан Юлканы дагы кайталаттырды. Андан кийин ал биздин астыбыздагы алтындай алоолонгон теректи көрсөтүп, кайрадан сурады:
– Ысмы эмне?
Биз бийик өскөн кызыл чөптүн үстүн уялагансып отурдук, Юлка коңнекчесинен буттарын жыйып алды да, чегирткелер менен алектенип кирди. Антониа асманды көрсөтүп, мени суроолуу тиктеп калды. Мен ага асман деп жооп бердим, бирок тигил ага болбой эле көзүн көрсөттү.
– Көз, – дедим мен.
Антониа кайталаганда, аныкы:
– Үкөз, – болуп айтылды.
Ал дагы бир жолу асманды көрсөттү, кайра менин көздөрүмдү, дагы асманды улам көрсөтүп жиберди эле, ага эмне керек экенин түшүнбөй менин айлам кетти. Бир маалда ал тизелей калып, толкунданып муштумун түйдү. Андан кийин салаасын көздөрүнө тийгизип, башын силкти, менин көздөрүмдү, кайра асманды көрсөттү да, башын чайкады.
– А-а, көкпү? – дедим мен. – Асман көк!
Ал алакандарын чапкылап, улам тамшанып: «Асман көк, көз көк!» – деп кайталай берди. Биз уябызда шамалдан бекинип отургуча Антониа жыйырма чакты сөздү жаттап алды. Ал зирек экен, ошондуктан тезирээк иңглисче сүйлөгөндү үйрөнгүсү келди. Биз чөптүн арасына терең бекинип алып, үстүбүздөгү асман менен алдыдагы алтындай алоолонгон даракты гана көрүп жаттык. Бул укмуштай жыргал эле. Бир нече жолу жаңы сөздөрдү кайталап, Антониа бир маалда ортон колундагы оймолуу күмүш шакегин мага белекке бермек болду. Ал абдан суранды, жалдырады, бирок мен эч албай койдум. Шакектин мага кереги жок эле, анын үстүнө өмүрүндө биринчи жолу көрүп жаткан балага шакекти тартуулоо, менимче, өтө эле аша чапкандык болсо керек. Булар өздөрү ушинтип жаткандан кийин, Крайек аларды алдап коюшу эч таңгалычтуу эмес.
Биз шакек тууралу акыйлашып отурганда: «Антониа! Антониа!» – деген бир кайгылуу үндү уктум. Берки коёндой секирип тура калды. «Татинек! Татинек!» – деп кыйкырды ал, анан биз атасын карай чуркадык. Антониа ага биринчи болуп жетип барды да, колунан алып, өпкүлөп калды. Мен жакындаганда Шимерда мырза ийиниме колун койду да, бир нече убакыт менин көзүмдү тике карап турду. Мен өзүмдү бир аз оңтойсуз сезип кеттим, анткени чоң кишилер мени минтип караганына көнгөн эмесмин.
Шимерда мырза менен кошо биз чоң апам мени күтүп турган кепенин жанына келдик. Мен арабага отураарда Антонианын атасы чөнтөгүнөн бир китепчени алып чыгып, аны ачты да, мага көрсөттү. Анын бетинде эки алиппе бар экен: бири иңглисче, бири чехче. Ал ошол китепти чоң апама берди да, аны жалдырап тиктеп, эч унутулгус үнү менен мындай деди:
– Окуткула, менин Антониамды окуткула!
4
Ошол эле күнү жекшембинин кечинде Отто Фукстун карамагында мен биринчи жолу узакка эргежээл атка минип жүрдүм. Андан кийин биз Франт экөөбүз аптасына эки жолу үйүбүздөн он чакырымдай алыстыктагы почтага барып келчүбүз, ошентип коңшуларга ар кандай тапшырмалар менен барып келип жүрүп, мен чоң кишилердин бир топ убактысын үнөмдөп берчимин. Бирдемени карызга сураганда же чым менен жабылган мектепте кутпа болоорун кабарлаганда дайыма мени жөнөтүшчү. Мурун ушул сыяктуу жумуштарды чарбадагы ишин бүтүргөндөн кийин Фукс аткарчы экен.
Нечен жыл өттү, бирок элесимде ошол алгачкы керемет күз дагы эле айкын турат. Менин алдымда айдалбаган жер турду, ал убакта коргон деген жок болчу, ошондуктан оюм келген жакка белестеги калың өскөн чөптү аралап, эргежээл ат мени үйүмө өзү жеткирет деп кете берсем болмок. Айрым учурларда мен күн карама өскөн жол менен жүрүп отурдум. Фукс бизге жүгөрүлөрдү мормондор алып келген деп айтты: көрсө, Миссуриден качып, эч ким жашабаган жерде кудайына өздөрү каалагандай сыйынуу үчүн отурукташканы издеп келе жатканда, алардын алгачкы тоорулу Ютанын талааларын өтүп бара жатып, жолуна мистенин уругун чачып кете бериптир. Бир жылдан кийин эркектерин ээрчип, аялдары менен балдары арабачан жөнөгөндө, аларга күн карамалар жол көрсөтүп турган экен. Ботаниктер, албетте, Оттону колдобойт, алар күн карамалар бул жерлерде атам замандан бери өсүп келе жатат дейт. Ошентсе да бул уламыш эч оюман кетпей койду, ошондуктан күн карамалуу жол мага дайыма эркиндикке карай жолдой туюлат.
Мен кубарыңкы сары жүгөрү талааларды жай аралап, жолдун четиндеги суу калемпир өскөн ным жерлерди издегенди жакшы көрчүмүн; күзгө чейин ал жезге окшоп жылтырап, кууш күрөң жалбырактары пилла сыңары өзөктөрүн ороп алды. Демейде мен түштүккө немис коңшуларыбыз менен көрүшүп, ал жактагы токойлор же терең жылчыктан чыга калган, бутактарына шумкар уя салып алган килейген кара жыгачты карап кумарланып келгени барып калчымын. Талдар бизде өтө сейрек жолугуп, алар өтө оорчулук менен өскөндүктөн биз алардын ар бири үчүн кабатырланып, аларга кадимки киши көргөнү баргансып каттап турчубуз. Балким, дал ошол бир өңчөй, дат баскансып күрөңтарткан аймактын эч нерсе менен өзгөчөлөнбөгөндүгүнөн улам биз алардын ар бирин ушунчалык кастарлачыбыз.
Кээде мен эргежээл атты жайнаган сары чычкандардын тобу жашаган түндүккө карай бурчумун, анан кечкисин күрөң жер үкүлөр кайтып келип, жердин астындагы уяларына сары чычкандар менен кошо жоголуп кетип жатканын байкачымын. Антониа Шимерда мени менен жүргөндү жакшы көрчү, биз экөөбүз ушул жердин астында жашаган укмуштуу куштарга таңгалчыбыз. Ал жерлерде дайыма этият болууга туура келчү, анткени тегеректин баары бүт эле калкандуу жыланга жык толгон. Бул такыр алсыз сары чычкандар менен үкүлөрдүн арасында аларга жем табуу оңой нерсе болчу: жыландар жылуу уялардын ичине кирип, жумуртка менен балдарын жеп салчу. Биз үкүлөрдү аячыбыз, күн батканда алар уяларына шашып, жердин астына кирип кетип жатканын көрүү кайгылуу нерсе болчу. Бирок акыры биз бул канаттуулар өздөрү ушундай жашоого макул болгондон кийин, демек, алар айбан экен деп бүтүм чыгардык. Сары чычкандардын жака белинде көлчөк да, булак да жок болчу.
Отто Фукс жүз чакырымдай аралыкта эч суусу жок чөлдөн сары чычкандардын чоң тобун көргөнүн айтып берди; ал тигилердин уялары эки жүз тамандай терең, жер астындагы булактарга чейин жетет деп какшанды. Антониа буга ишенбей турганын айтып, сары чычкандар коёндордой эле таңкы шүүдүрүмдүн суусун ичет болушу керек деди.
Антонианын бардык нерселерге өзүнчө көз карашы бар болчу, анын баарын ал иңглисче айтууга жакын арада эле үйрөнүп калды. Ал күнүгө талааны аралап биздикине чуркап келип калчу, мен болсо аны окуганга үйрөтүп жүрдүм. Шимерда айым нааразы боло берчү, бирок үйдө бирөө жарым иңглисче сүйлөгөндү билиши керегин да ал түшүнчү. Көп учурда биз сабактан кийин бостондун артындагы дарбиз жөөккө кетип калчыбыз. Ал жерден мен килейген эски бычак менен дарбиздерди жарчымын, биз алардын эң ширин теңортосун кесип алып жечүбүз, ошондо ширеси колубуздан чууруп акчу. Иса пайгамбардын туулган күнүнө деп сакталган ак дарбиздерге биз тийчи эмеспиз, бирок аларды кызыгуу менен карап чыгар элек. Аларды кышкы суукта үзүп алып, кышында жешет. Мухитте өткөргөн узак апталардан кийин Шимерддер мөмөнү сагынып калыптыр. Эки кыз тең борсойгон алчаны издеп жүгөрү талаасын бир канча саат бою кыдырып жүрө берчү.
Антониа алооканада чоң апама жардам бергенди, андан үй-тиричиликке, тамак-ашка үйрөнгөндү жакшы көрчү. Кээде чоң апамдын жанына туруп алып, анын ар бир кыймылын байкайт. Шимерда айымдын өз жеринде жакшы үй ээси болгонуна биз чындап эле ишенчүбүз, бирок көнбөгөн мындай жерде иштери оңгон жок, шарты жок экени да талашсыз эле.
Үйдөгүлөрүнө кандай ылайсынган ачкыл нан берип жатканын көрүп, эсибиз чыкканы алигиче эсимде. Көрсө, ал камырды Крайек малканада колдонуп жүргөн эски калай чарага жууруйт экен. Даяр камырды алганда, түбүндө бир аз жабышып калчу, Шимерда айым чараны кайра очоктун аркасына бекитип коюп, калдыгы ачый берчү турбайбы! Кийин дагы нан жаба турган болгондо, ал калдыкты кырып, бир аз ачыткы даярдап алчу экен.
Ошол алгачкы айлары Шимердалар Блек-Хоокко баргандан коркчу имиш. Крайек дагы аларды ошол жакка барсаңар, кантип акчаңардан айрылып калганыңарды өзүңөр байкабай каласыңар деп туюндурчу. Алар Крайекти жек көрчү, бирок баары-бир ага жабыша берчү, анткени аны менен гана бир аз сүйлөшүп, бир аз кабарларды угуп турчу. Карыя жана эки бала менен кошо ал бука байланган жертөлө сарайда түнөчү. Шимердалар Крайекти багып, анын чогуу турушуна сары чычкандар менен үкүлөр калдырак жыланга аргасыздан кандай көнсө, ошондой эле чыдаганга мажбур болчу.
5
Биз билчүбүз, чех коңшуларыбыздын жашоосу өтө оор болчу, бирок эки кыз теңбегам болгондуктан эч качан даттанчы эмес. Алар үй түйшүгүн ойлобош үчүн кандай гана болбосун мүмкүнчүлүктү кубаныч менен кабыл алчу: алар мени менен кошо талаада коёндорду, чилдин балапандарын качыра чуркап жүргөндү жакшы көрчү.
Эсимде, бир күнү Антониа алооканага жүгүрүп кирип, толкунданып кабарлаган:
– Ата достор тапты, орустар, эркектер. Мен ата менен кечээ барды, көп-көп түшүндү. Алар жакшы, Берден айым. Бир семиз көп күлдү. Биз бүт күлдүк. Ата бул жерде күлөт – мен бир жолу көрдүм. Эң жакшы!
Ал тигил сары чычкандардын чоң оторуна жакын жашаган орустарды айткан жокпу деп сурадым мен. Эргежээл атымды минип ошол тарапка өткөндө, менин аларга баргым келчү, бирок бир орус өтө сүрдүү көрүнгөндүктөн бир аз коркчумун. Орусия менин түшүнүгүмдө эң акыркы өлкөлөрдөн болчу, Кытайдан да алыс, тетигил эле Түндүк уюлдун жанында эле. Мекенинен айрылган табышмактуу бардык бозгундардын ичинен орустар эң эле түшүнүксүздөрү болчу, ошондуктан алар обочолонуп турчу. Алардын фамилияларын эч ким айталбачу, ошондон улам тигилерди жөн эле Питер жана Павел деп коюшчу. Аймагыбыздын бүт тургундары менен алар жаңсап сүйлөшчү да, Шимердалар келгенче эч достору жок болчу. Крайек алардын тилин бир аз түшүнчү, бирок бир соодада аларды алдап койгон экен, тигилер андан качып калган. Узун бойлуу Павел деген орусту анархист аташчу; ал, албетте, эч кимге өз көз карашын айталчу эмес, балким, анын катуу жаңдап сүйлөгөн адатынан, айбардуу, бир кыйла сүрдүү өңүнөн улам ошентип ойлошкондур. Бир кезде ал абдан күчтүү болсо керек, бирок азыр анын териси бетинин чүкөлөрүн бекем тартып, килейип, сөөктүү колу-буту узун, келбети жүдөңкү болчу. Ал кышылдап дем алып, тынымсыз жөтөлүп турчу.
Анын жолдошу Питер дегеле башка болчу: ал кичинекей бойлуу, буттары тайтак жана торсогой эле. Ал дайыма кубангансып жүрчү, жолунан бирөөнү жолуктурса, эркек болобу, аял болобу, баш кийимин чечип, жылмая берчү. Арабасында кетип баратканда, алыстан ал чалга окшоп калчу: зыгырдай чачы менен сакалы күндө агаргансып көрүнөт. Калың жана тармал болгондуктан алар жибек жип өңдүү эле. Ошол тармал чачтарынын арасынан чөптүн ичинен көрүнгөн дарбыздай болуп анын тегерек кызгылт бети менен теңирекей мурду чыгып турчу. Бардыгы аны Тармал Питер же Орус Питер деп коюшчу.
Эки орус тең мыкты мээнеткеч эле, жайкысын алар жака белдеги чарбаларга иштегени чогуу жалданчу. Бир жолу мен Питердин күнүгө кечкисин уйду сааганы үйүнө келип жүргөнүн коңшуларыбыз шылдыңдап жатканын уккам. Башка бойдок тургундар коюлтулган сүттү эле ичер эле, ошол оңоюраак болчу. Кээде Питер кутпа окулуп жаткан мектепке да кайрыла кетчү. Мен аны алгач дал ошол жерден көргөм: ал эшиктин түбүндө жапыз орундукта жылаңайлак буттарын анын алдына бекитип алып отуруптур, колундагы кыжым баш кийимин улам мыжыгат.
Орустар менен таанышкандан кийин Шимерда мырза алардыкына дээрлик күнүгө кечинде барып жүрдү, кээде Антонианы да кошуп алчу. Тигилер Орусиянын чехтерге окшош сүйлөгөн тарабынан келиптир, деди Антониа, ошондуктан эгер мен да алардыкына конокко барып калсам, ал мага которуп бере алат экен. Анан бир күнү катуу суук тийе электе биз менин Франтыма минип алып, орустарга жөнөдүк.
Орустар эшигинен капталда кудугу бар, жоностуу дөбөдө курулган татынакай жыгач тамда жашачу. Ал тамды карай чыгып бара жатып, биз дарбиз тигилген кенен жер менен көк чөптүн арасындагы саргайган бадыраң жана кабакчалар көрүнгөн бостонду айланып өттүк. Питерди биз алоокананын артынан тепшининин үстүнө эңкейип турган жеринен таптык. Ал кирди аябай эзип жаткан экен, биздин жакындаганыбызды да укпай калды. Денеси сүргөнүнө жараша солкулдап жатты, биз болсо артында туруп алып анын апсайган чачын, тайтайган буттарын карап быкшып күлдүк. Ал биз менен учурашмакка түзөлө калды эле, барбагай мурдунан тер багжайган сакалына агып кетти. Питер колун сүртүндү, кейпинде кир жууганды токтотууга шылтоо табылды окшойт. Ал бизге тоокторун, анан уй оттоп жүргөн дөңсөнү көрсөткөнү алып барды. Жолдон ал өзүнүн жеринде байлардын гана уйлары болоорун Антониага айтып берип жатты, ал эми бул жакта ким бага алса эле ошол уй сатып алса болот экен. Павел көп ооруйт, ошондуктан ага сүт абдан пайдалуу, жыгач кашык менен каймакты чайысаң, сүттөн май дагы чыгат. Питер уюн аябай жакшы көрчү. Байланган казыгын жылдырып кагып жатып, ал уйдун жамбашынан сылап, орусча бир нерсе деди.
Бостонун бир сыйра кыдыртып бүтүп, Питер арабасына дарбыздан жүктөдү да, дөңсөнү карай айдады. Үйдө Павел жок болчу. Ал бирөөнө кудук казып жардамдашып жүргөн. Казгаяк болсо дагы орустар үйлөрүн ыңгайлаштырып алганы мени таңгалдырды. Алоокананын жанындагы бөлмөдө дубалга кенен, эки орундук сөрү орнотулуптур, үстүндө көгүш чыт шейшеп менен ошондой эле кездемеден капталган жаздыктары бар төшөк тыкан жыйылган. Мылтык, ээр, жумушчу шаймандары менен эски кийим-кечелерин Питер Павел экөө терезеси бар чакан сарайда сактачу. Ошол күнү жерде томпогой саргайган бадыраңдар, жүгөрү менен лояны кышкыга кургатып жайып салышыптыр. Тамдын каалга-терезелери же тор, же жыгач менен жабылбай, күндүн нуру менен кошо чымындар үчүн дагы жагжайып ачык турат. Питер дарбыздарды катары менен тасмал жабылган жозунун үстүнө койду да, эт кескен бычагын сая тургансып күүлөндү. Бычактын учу тийе электе бышып-жетилип калган дарбыз карс этип жарылып жатты. Питер бизге бычактарды берип, бирок табактарды койгон жок, ошондуктан жозунун үстү тез эле дарбыздын уругу жайнаган ширеге толуп кетти. Питер жегенчелик дарбызды бирөө-жарым жегенин мен өмүрүмдө көргөн эмесмин. Дарбыздар абдан пайдалуу деп жатты ал, ошондуктан анын мекенинде жылдын ушул маалында көпчүлүгү жалаң ушул мөмө менен жан сактайт. Питер өтө шайыр жана меймандос киши экен. Бир жолу ал Антонианы карап туруп үшкүрүндү да, эгер ал үйүндө Орусияда болгондо анын да ушундай татынакай кызы болмок деп, кызы ага тамак ырастап, үй боюнча иштерди кылмагын айтты. Ал үйүнөн "чоң каргашанын" кесепетинен кетип калганын түшүндүрдү.
Биз кетели деп калганда, Питер бизди дагы эмне менен кызыктырсам деп алагды болду. Ал сарайга чуркап барып, кызыл-тазыл боёлгон наамасын алып келди да, орундукка отуруп, жоон буттарын талтайтып алып, ойной баштады – тим эле бир наамачылар тобу ойногондой болду. Обондору бирде шайыр, бирде муңдуу угулуп жатты, Питер болсо мезгил мезили менен үн чыгарып, ырдап калат.
Биз кетээрдин алдында ал Шимерда үчүн бир кап толо бышкан бадыраң салып берип, аларды кайнатуу үчүн куйрук май салган картыкты кошо тартуулады. Бадыраңды кайнатып алганын мен эч качан уккан эмесмин, бирок Антонианын айтымында ал укмуш дамдуу болот экен. Төгүп албас үчүн биз бүт жолду жөө басып, эргежээл атты ооздугунан жетелеп алдык.
6
Бир жолу түштөн кийин мен кашкулак жашаган жоностуу, жылуу дөңсөгө отуруп алып, Антонианы окуганга үйрөтүп жаткам. Аба күн нуруна толуп турган, ошентсе да кыштын илеби кадимкидей сезилип калган. Эртең менен туруп, мен аттарды киринткен кичинекей көлчүктүн үстүн муз каптап калганын байкадым, ал эми бостонду аралап бара жатып биз сыйгалак көк дөбөнү көрдүк: бул кызыл мөмөлөрүн жайып бийик өскөн спаржа жатып калыптыр.
Тони жылаңайлак, жеңил чыт көйнөкчөн болчу, ошондуктан биз жаркырап тийген күндүн ысыгына барып отурганча, ал сууктан бир аз үшүп калыптыр. Ал мени менен бардык нерсени кадимкидей сүйлөшүп жүргөн маалы. Бул жолу ал өз мекенинде биздин сүйүктүү кашкулак кандай баркталаарын айтып берип жаткан, ага ууга чыгуу үчүн буттары кыска келген атайын иттерди кармап турушат деди. Ал иттер кашкулактын уясына түз эле кирип барат экен, ал жактан арылдап-чыйылдаган үн чыгат да, анан катуу салгылашуудан кийин алар акыры кашкулакты өлтүрүп тынат. Андан соң ит сыртка кансырап, канжалап чыгат да, аны ээси эркелетип мактай баштайт. Антониа ар бир өлтүрүлгөн кашкулак үчүн мойнундагы каргысына бирден жылдыз илинген итти да көрүптүр...
(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)
Файлды PDF форматында толук тексти менен, китепти сүрөттөрү менен ачуу
© АКШ элчилиги, 2015. Китептин Кыргызстандагы басылмасын Америка Кошмо Штаттарынын Элчилиги каржылаган. Кыргызчага которгон Турусбек Мадылбай
Количество просмотров: 2990 |