Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия / Адабий конкурстар
© Касеинова М.А., 2009. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 18-июну

Махабат Аманжоловна КАСЕЙИНОВА

Жолдо

Ырлар жыйнагы

Негизинен менин чыгармаларымдын көпчүлүгү сүйүү жөнүндө жазылган. Лирикалык ырларга көбүрөөк басым жасап келем. Ырлар 2009-жылы уюштурулган Кыргызстан жаштарынын адабий чыгармачылыгы конкурсуна сунушталган. Калыстар тобу тарабынан белгиленген

Много языков – один мир. Адабий алманах. – Бишкек: 2009. – 184 б. китеби боюнча жарыяланды.

УДК 82/831
ББК 84(2) 7
М 73
ISBN 978-9967-25-482-4
М 4702000000-09

Нускасы 500

 

ЖАПЫЗДЫГЫҢ КЕЧИРДИМ

Катарыңа кошуп сени дөө-шанын,
Кол жеткис бир асылзаттай сезипмин.
Кечиктимби же жаңылдымбы бактыман?
Билбейм сага, билбейм неге кезиктим.

Адамдардан башкача деп таптакыр
Арзуу ырларын аттиң неге жараттым!
Сен деле бир көр турмушка байланган
Пенде экенсиң, кулу жаман адаттын.

Кечир мени, жаңылыпмын бир ирет,
Кечир менин сүйүүм үчүн кечиргин
Адамдардын жапызы сен экенсиң
А мен сени ошол үчүн кечирдим.


ЖОЛДО

Бугум чыкпай эмнегедир жүрөктөн.
Бүгүн ыйлайм карап сени сүрөттөн.
Жерге түшкөн изиңди бир көрүүгө
Жолго келдим далай жолу биз өткөн.

Жолдор жатат, жолдор кайда кетишмек?
Жоготту деп сени кайдан сезишмек.
Жетелешип кайра келет дешкендир
Жүргөнүмдү сезбей алар сени издеп.

Куштай болуп жаралуу да аялуу,
Кээде кыштай бороон-чапкын көңүлүм.
Ыраазымын өзүң менен жолуккан
Ошол жолдо бүтсө менин өмүрүм.


СЕН ДЕП...

Карап калдым каректерге арбалып,
Сеникиндей жоодураган капкара.
Билгизбедим бирок, такыр ичимде
Жалын болуп жалбырттап от жатса да.

Сеникиндей көздөр мага тигилип
Коңур үнү сенин үнүң окшошот.
Учурашып мага сендей жылмайып
Коштошкондо сендей болуп коштошот.

Жер жүзүндө жети окшошуң бар дешет.
Же ошондой окшошумдун бирөөбү?
Сезимдери бирок анын башка экен
Сеникиндей мен деп сокпой жүрөгү.


МЕНИ ЭСТЕЧИ

Мени эстечи, мен да сени эстейин.
Мейли мени сүйбөдү деп кектегин.
Жашап жатам сенден алыс, а бирок
Жан дүйнөмдө сенден алыс кетпедим.

Сүйчү мени, мен да сени сүйөйүн.
Сен деп жашап, сен деп өмүр сүрөйүн.
Сени эстөөдөн качып мурда турчу эле
Сен деп согот азыр менин жүрөгүм.

Өткөн ошол сүйүүм үчүн жаңылган.
Өзүмдү да келбейт сени кектегим.
Жок дегенде атымды атап бир ирет
Мени эстечи, мен да сени эстейин.


БИР АКЫНГА

Кечээ сени жанга жакын жолотпой
Кейийт элем бассаң бирге ичимден.
Карааныңды көргөн кезде селт этип,
Качаар элем калган өңдүү ишимден.

Кулагыма кирип-кирбей сөздөрүң
Куюлушуп көкүрөктө жаралган.
Сүйүнчү элең жаңы жазган ырыңа
Сүйүнбөстөн көйнөгүңө жаңы алган.

Сереп салып сенин тышкы дүйнөңө,
Сезбептирмин бирок ички дүйнөңдү.
Жүрсөң сени ойлоптурмун жакыр деп
Жайы-кышы чечпей жалгыз күрмөңдү.

Көрүп сенин көйнөгүңдү жуулбаган.
Көр турмуш ай көөдөнү да кир депмин.
Жер жүзүндө болгон бардык адамдан
Жан дүйнөңдүн тазалыгын билбепмин.


КАЙТААРДАГЫ ЫР

Жакындап кетээр убак, кайтаар мезгил,
Жүрөктү оорутат да, ойго салат.
Узагым келбей турат өзүңөрдөн
Уйку жок отурамын жолго карап.

Ар иштин башталышы, бүтүшү бар.
А бирок, биз кайрадан жолугабыз.
Сырдаштар чогулгандай бирге өсүшкөн
Сыр чечип, таң атканча олтурабыз.

Эсимден кетпейт эми Ысык-Көлдүн
Эргитээр эрке, таңкы жумшак жели.
Кош колдоп тосуп алган толкундары
Узатып кала берет сени, мени.

Узатып кала берет баарыбызды
Керемет Ысык-Көлдүн толкундары.

 

НЕГЕ КЕЧИГЕМ?

Чыдамым эч нерсеге жетпей барат.
Чырагы үмүтүмдүн бүлбүл жанат.
Көөдөндү байырлаган түркүн ойлор
Көңүлүм ооруп турат бүтпөй жараат.

Сөзүмдү укпачудай эч ким менин.
Сөөк сыздап өз ичимде эзилемин.
Башкалар кууп өтүшкөн бак-таалайдан
Кечиккен жаздай неге кечигемин?


ЖАМГЫРДА

Сарыгып келип жүзүмө аккан тамчыдан
Ансайын сулуу, жагымдуу болуп көрүнөм.
Бардыгын таштап батамын кыял-ойлорго
Жамгырга карап шатырап куйган, төгүлгөн.
Кубаныч-кайгым, азабым, сырым кошулуп,
Көрүнүп баары жамгырга менин өңүмдөн.

Шатырап төгүп ансайын жамгыр күчөнө,
Сырдашым өңдүү, эң жакын менин сырдашым
Ыйлабайм эми, ыйлабайм бүгүн сүйүнөм.
Мен үчүн мейли башкалар бүгүн ыйласын.
Денемден ылдый сарыгып аккан тамчылар
Жүрөктү эзген кайгымдын барын туйбасын.

Туйбасын менин кайгымды ошол тамчылар.
Мен учун бөөдө азапка алар батпасын.
А балким менин кайгыма болуп ортоктош
Жамгыр да мен деп мен үчүн ыйлап жатпасын.
Жагымдуу сөзүн, каткырган күлкүң жаңырып
Жапжалгыз турам ардагым алыс жактасын.


КЫЯЛЫМДА

Жалгыздык жанга батып кыйнаганда
Жан дүйнөм буулукканда, ыйлаганда.
Кейиткен кусалыктан кутуламын
Данияр созгон ырдан ырдап анда.

Боломун кээде Асел Ильяз сүйгөн
Боломун Даниярдын Жамиласы.
Кыялдын Ак кемесин минип жүрөм.
Арыба, Ак кеме деп арыбачы.

Талпынып аруулукка канча ирет.
Талпынып тазалыкка жашай берем.
Балача балык болуп кете албадым
Кызык ай, "балык" болуш азап белем.

Темселеп келем жолдон адашкандай.
Термелип тирүүлүктүн ыргагына.
Саадатча ак жамгырга жуунуп турам
Сагынчым, сырымды айтып ырларыма.

Мен дагы жамгыр болуп нөшөрлөгөн.
Жаш төгүп жараатымды басам дегем.
Өзүмчө жан дүйнөмө куруп алган
Кыялдын бутагында жашап келем.


СҮЙҮҮМ БЕЛЕҢ?

Жамгырына жаздын жуунуп турганда.
Жалбарынып аппак сүйүү тилегем.
Көп өтпөдү жолуктурдум өзүңдү,
Бирок билбейм сүйүүм белең, ким элең?

Жайдын кыска түндөрүн бир өткөрүп,
Жаздыгыма баш койчумун танга жуук.
Ойночубуз көл жээгинде баладай
Оюн-чындан кумдан бийик там куруп.

Сүйүүбү же сүйүү эмесин ылгабай.
Күздүн даамын таттык бирге экөөбуз.
Сыр аяшпас жакын курбу-достордой
Ынак элек бир башкача кечээ биз.

Айлар өтүп азабы жок, ыйы жок.
Аягына чыктык бирок жомоктун.
Жаркыраган жаздын куну жолуккам.
Кымбатым ай, кышта сени жоготтум.


АНДА МЕНИ ӨТТҮ ДЕП БИЛ ДҮЙНӨДӨН

Күн күркүрөп бир башкача үн салып,
Күлүңдөгөн адам чыкпай алдындан.
Түнөрүнкү көрүнгөндө бардыгы
Түн караңгы ай да болбой жанырган.

Чартылдаса уйкун бузуп чагылган.
Чалынбаса карегине карааным.
Жамгыр жааса кадимкиден башкача
Жаалы күчөп тынчын бузуп калаанын.

Кокусунан көрүнбөсө көзүнө
Кош жылдыздын бири экөөбуз тандаган
Чыйрыктырган шамал согуп, анан да
Гүлүң калса соолуп мага камдаган.

Анда мени өттү деп бил дүйнөдөн
Айтып буткус азап тартпа, а бирок.
Сезеттирсин денем жансыз болсо да,
Сезимимде калгандыгын жанып от.

Анда мени өттү деп бил дүйнөдөн


КЕРЕГИ ЖОК БАШКАНЫН

Жолукканча чуркап келип алыстан.
Жоругуна кубо болдум капыстан.
Жолдо экенсин бир селкини кучактап
Жолдо экенсин жолоочулар басышкан.

Күтпөй жүргөн күтүлбөстүк туш келип.
Күндөрүмө жадыраган күз келип.
Күлкүм дагы калды жүздөн кубулуп
Күчөп күйүт, сүйүүм сендик бүттү эрип.

Кадамымды шилтей албай аз калган.
Калгансыдым кулап бийик аскамдан.
Жаткансыдын мага арнаган сөздөрдү
Арнап ага жүрөгүңдө сакталган.

Кабылдым деп сага кантип эмнеге
Кармана албай ыйлап турам мен неге?
Кайратымды жыйнап сенден узадым
Каласың деп өкүнүчтө сен деле.

Каргап бирок ыраа көрбөй аны да
Кайтып бирок бара албадым жанына.
Мейли бүгүн, бүгүн мени унутуп,
Мейли бүгүн болгун анын жанында.

Пайдаланып жалындаган жаш чагын
Балким туура сенин минтип жатканын.
Кечирейин келчи жаным күнөөңдү
Кереги жок мага сенден башканын.


КҮТҮҮ

Төгүлүп төгүлө албай көз жашымдай
Булуттар буулугушат мендей болуп.
Уйкумдан далай ирет калган элем
Күткөнүм убагында келбей коюп.

Таңга маал терезени карап алып,
Бүркөлгөн булуттарга бүшүркөймүн.
Демек ал бүгүн дагы келбейт тура
Тек гана өз ичимден күбуроймун.

Таарынба жамгыр сени жакшы көрөм.
Суранам, бирок бүгүн жаш төкпогүн.
Кымбатым балким ушуп келбей жүрөт
Сагынып жашыл чөптүү жаз көктөмүн.


© Касеинова М.А., 2009. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 3571