Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Карагулова Б., 2010. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 19-июлу

Бурулкан КАРАГУЛОВА

Поюздагы жети күн

«Жамгыр» жыйнагынан алынган аңгеме. Чыгарма окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналат.

 

“Эл дүрбөсө, эшек кошо дүрбөйт” деп, Россияга жөнөдүм. Поюз биртике жүрүп барып эле Пишпекке токтоду. Ошентип токтоп отуруп кетип атабыз. Болгондо да жүк салган вагондобуз.

Кеч кирди. Бешөөбүз чогуу отуруп чай ичтик.

Түн кирди. Асман ачык. Жылдыздар өтө жакын көрүнгөндүктөн, поюздан түшүп эле терип алгың келет. Түтүн баскан шаардан жылдыздын бар-жогу билинбейт, а бул ээн талаадагы таза абада жылдыздар каалкып, төбөңдө эле тургансыйт. Баары уйкуда. Бир гана үн уктабайт: так-так, така-так.

Жанагы Пишпектеги болуп өткөн сойкунун өлүмүн эстедим. Чак түштө, элди каратып туруп өрттөнүп өлдү. Өрт өчүргүчтөр жетип келди, бирок сойку жулунуп, алардын бетин тытып, колдон суурулуп кайра өрткө кирип кетти. Өрттөн араң алып чыгышкан болчу. Экинчи жолу өрт өчүргүчтөр кире албай коюшту. “Өлсөң өлө бер, акмак” дешти. Өрттүн сүрү ушунчалык экен. Бир машина өрт өчүргүч өчүрө албай койду. Экинчи машина келгиче өрт жалмап кетти. Кошуналар үйүлүп, бөөдө эле бечара чалдын үйү күйүп кеткенине ичтери ачышып турду. Сойкунун сөөгү күлгө айланып калгыча карап турушту.

— Каап, өлбөй эле койсо болмок, мындан жаман сойкулар деле жашап жүрүшпөйбү?— дешти кошуналары.

— Эмнеге өлүп атат? — деп сурадым Урматтан.

— Сойку болчу, бузулуп кеткен, машиналар очеретке туруп, турсасын жууп жайганга үлгүрбөй калган.

— Ошого эле өлүп алдыбы?

— Жадаган имиш жашоодон, анын үстүнө жаман оору кармап алыптыр го.

Кесибим боюнча териштиргенге өттүм. Адегенде эле Максат семиз жолдон чыгарыптыр Марияны. Агыш “Жигулисине” салып алып, алдап Канттын “Кочкорбаев” колхозуна чейин айдап кетет. Жанындагы Ташкенден келген Рашит деген досуна салып берет. Мария ыйлап: “мен кызмын, байке” деп жалдырайт. “Эч нерсе болбойт, жүз сом берем, досуму ыраазы кылып кой” дейт. Мария кача баштайт. Тогуз айлык боюнда бар аялдай курсагы салаңдаган Максат кууп жетип, күчкө салат. Алы жетпей баратканда Чүй суусуна ыргытат. Сүзгөндү билбеген Мария чөгүп кетерде семиз Максат чачтан сүйрөп чыгып, көйнөгүн айрып салып өзү зордуктап салат. Суунун жээгин кан жая берет. Коногу Рашит да ошентет. Бапестеп сактап жүргөн кыз абийири он жет жашында тепселенип кала берди. Колуна 200 сом карматып үйүнө жеткирип койгон семиз Максат кийин да келип жүрдү. Ар келгенде ар башка досу менен келип, 200 сомдон карматып жүрдү. Ал достору башка достору менен, башка достору дагы башкалары менен келип, жаш кыздын этегин үргүлтпөй түрө башташты. Чыкпай койсо үйүнөн сүйрөп чыгышат. Картаң чоң атасынын колунан эч нерсе келген жок.

Так-так, така-так...

Поюз шакылдайт. Уктап баратышат. Мен түн менен арбашам. Сойкунун өлүмү көз алдыман кете элек. Бирок, “жинди” Розаны ойлонуп баратам. “Менин өмүр баянымы китеп кылып жазыңыз” деп келиптир. “И болуптур” деп койсом, айтып кирди:

— Ал суволуч алам деп коюп мени зордуктап, аскерге кетип калды, анан мен бир тууган акесинин квартирасын билчүмүн. Ага барып, боюмда бар дедим. Ал мен эмне кылайын деди. Ошентип жүрүп курсагым чендейип калды. Акесинин квартирасына барсам, менден качып көчүп кетиптир. Атам каттаган элден менин акыбалымы угуп, издеп келиптир. Дароо үйгө алып кетти. Жемелешти, сөгүштү, урушту. “Эл караган бетибиз, жер карады” дешти. Акаларыма табылбай эле калды. Кыларга иш таппай калса эле мени тепкилеп киришет. Апам чачыман буурдап алып, дубалды сүздүрүп урат. Ай-күнүм жеткиче тиштерим толук түшүп бүттү. Көзүм чанагынан чыкты, денем көкала болуп жанчылды.

Адамдын денеси темирден белем, өлгөн жокмун. Ошончо калтак жеп көнгөн жаным толгоону жеңил көтөрдүм. Балканактай кыз төрөдүм. Акушерлер жанчылган денемди көрүп “бул эмне мындай” деп сурашат. Эмне дешти билбей томсором. Мени издеп эч ким келген жок. Роддомдон 7-күнү эптеп бир шейшеп таап, наристеми чулгап берип чыгарып ийишти. Чыгып алып кайда барарымы билбей баш катат. Эптеп үйгө жетип, уурданып кирдим. Көрүп алышып “баланы эмне таштап келген жоксуң, өлтүр мунуңу” деп уруп киришти. Өлгүм келип кетти. Атам арачага түштү. Ал түнү эптеп аман калдым. Эртеси атам колхозго кеткенде кайра сабап киришти. Кызымы ары-бери ыргытышты. Башым тегеренип, кусуп-чычып жатып калдым. Бакырып-өкүрүп жүргөнүмү бир билем.

Эсиме келсем жиндиканада жатам. Качып чыгып үйгө барып кызымы издесем роддомго өткөрүп салышыптыр. Ал жакка жетип, ыгын таап, кызымы алып качтым. Көрбөгөн күндү көрүп, ит жебеген бокту жеп, бир күн жинди, бир күн соо болуп жүрүп кызымы чоңойттум.

Элирмем кармап жүргөдө пенсиямы чогултуп алып, бир күнү Москвага Горбачевго барып келдим. Помощниги кабыл алды.

— Эмне жумуш?— деди.

Мен районумун атын атап, суу майга эки тыйын кошуп сатат деп арызга отурдум. Помощник менин соо эмес экеними билип, алдап жолго салды. Дагы бир пенсиямы чогултуп, кызымы ээрчитип Бишкекке келдим.

Түз эле “Асаба” гезитине келип, кызымын атасынын атын атап, издөө салган кулактандыруу бердим. Кулактандыруу чыгар менен тигиним издеп келип, кызын алып кетти. Кызымы кечинде алып келген жок. Эртеси да... Анан мен кызымы издеп чыкканымы бир билем, эсиме келсем дагы эле жиндиканада жатам. Жанагы келесоо мен жашаган жерге чейин кызымы жеткирип көчөдөн эле кетип калыптыр. Келсе мен жок. Эч ким билбейт. Бир күн өтөт, эки күн... Көрүнгөнгө түрткүнчүк болбой, кызым кайра атасыныкына жөнөйт. Бир айдан кийин ооруканадан чыгып алып издесем, кызым атасыныкына да жетпептир...

Поюз термелет... Августун аягы Бишкекте 40 градус ысык болуп атса, Красноярскиде кар аралаш жамгыр жаап атыптыр.

Кол дептерими ачсам мындай деген жазуу жүрөт: “Окшош тагдырлар: Роза, Нази, Замира”. Үчөөнү тең Кука досум тааныштырган. Бир күнү Нази келиптир:

— Эже, Роза жинди дурдомдо жатат – деп — өткөндө сизден кетип баратып, вокзалга барып кыйкырып, өкүрүп, көйнөгүн түрүп, чачын жулуп жүргөн жеринен кармап алышыптыр.

— Сага ким айтты?

— Ооруканага медсестра болуп орношком. 41 ташын “төп” эткизип чапкылап, төлгө тартып отуруптур. Ал жерде үч күн эле иштеп кетип калдым. Эскинин баарын эске салат экен.

Эскинин баарын... Жалгыз кызы Ошто агасында. Кезинде агасы ошол кызды жээриптир эле. Назинин бетиндеги акесинин колунун тактары айыкканы менен, жүрөгүндө калган тактары айыга электигин айтып, Нази таң агаргыча боздогон. Көзүнөн куюлган жашын колу менен шыпырып, силкип таштап, мурдун шуу тартып, жеңилдеп алган.

— Эже,— деген ал — деги эле кыз баланы кудай энеден айрыбасын да, жеңенин колун каратпасын. Жеңенин колунда бой жеттим. Жигитке кыз болдум. Шынарлашып, ээрчишип жүрдүм, киного бардым. Жолуктук, болгондо да түндө. Кучактап жүргөнүндөй кучактады, өбө жүргөнүндөй өбө баштады. Көк чөп үстүндө жатабыз. Көйнөгүмү түрүп салды, мен “үйүңө алпарганда жатам” дедим. Тийбейм деди. Турсамы шыпырып салды. Мен болбойт десем, ал дагы “тийбейм деп атпайымбы” деди. Өзүнүн курун шылдыратып бошотуп шымын шыпыра баштады.

— Эмне кылганы атасың?

— Тийбейм ой, сыртынан эле...

Ал өйкөй баштады, албетте, сыртынан эле. Бирок, мен ушунчалык жыргадым десеңиз, мындай ырахат болот деп ойлогон эмесмин. Сыртына ургулаганы менен, талуу жерине таамай тийип атты. Өзү да жандалбастап бышылдап атып, ээси оой үстүмө жатып калды. Астым суу болуп кетти. Сийип алды окшойт деп үстүмөн түртүп салып, өйдө болуп кийиндим. Анын тургусу жок, чалкалап жатат, кыйраткансып.

Ошол бойдон жигитим кайтып келген жок. Болгону “Назини зордуктан салдым” деген ушак жетти. Акем, жеңем сабай баштады. Чын эле мени зордуктап койгон окшойт деп ойлоп, бир күнү үйдө жалгыз калганда жан жерими ачып, күзгү менен карадым. Бүтүндөй эле көрүндү. Сөөмөйүм менен сайып көрсөм, “бырт” этип кирип кетти да, кан жая берди. Алдым ачышып, ооруксунуп калды.

Көрсө ал жигитим зордуктабай эле өз колум менен өзүмү— өзүм зордуктап алыпмын. Нази бетин колу менен жаап отуруп калды. Мен да унчукпадым. Суроо да узатпадым. О бир топтон кийин гана оор улутунуп алып, сөзүн улады:

— Мени башка көзгө койгулап, акыры ошол жигиттин үйүнө кийрип беришти. Энеси жолотпой айкырат, антсе акелерим сотко беребиз деп коркутушат. Айтор, ажаан кайненем менен туруп калдым. Күйөө сөрөйүм “мен сени качан зордуктадым эле, башка бирөөгө зордуктатып келгенден уялбайсыңбы?” деп сөгөт, урат. Ал кеткенде эртеси заар кайненем урат. Ал тургай кайни-кайын сиңдилер да тепкилей баштады. Күчтөп эле кирип жашап атканым болбосо, эч кандай эрди-катын болуп, той-тамаша өткөрүп беришкен жок. Анда-санда тийип качып жүрүп, боюма бүтүрдү. Калтактин, ачуу тилдин уусунан мээм айнып баратты. Курсагым да жети айлык болуп калганда акылыман ажырап, ооруга чалдыктым. Жулмалап-сулмалап атышып, төрөтүп алышты, кыз экен. Уколдун түрүн атышты. Он күндөн кийин медсестра кызымы эмизгенге алып келди. Чормойгон оозу менен ак мамасын соро баштаганда, сүйүүм агылып, жиним кагылып, балама боор этим эзилип, батпай аткан дүйнө кенен сезилип, эми жаңы магдырай баштаганда старший медсестра келип:

— Ай, бул жиндиге эмне баланы берип койдуң?— десе болобу. Денемдеги от суу сепкендей муздап, чыйрыгып кеттим. “Чын эле жинди болуп каламбы?” деп корктум. “Кудай сактай көр!” деп жалындым. Ушул жаман кызды маңдайыма аман коюшун тиледим. Баламы колуман сууруп алган медсестрага “кудайдан жетсин” деп зар какшадым. Роддомдон аман-соо чыктык. Кудайга зарлаган үнүм жетип, сакайа баштадым. Көп өтпөй бая старший медсестранын күйөөсү каза болду...

Ушул баштан нелер гана өтпөдү, эже. Эмнени гана көрбөдүм. Акылымы пештеп, эсими жыйдым. Ымыркайымы көкүрөгүмө кысып жүрүп, медучилищаны окудум. Азыр деле жыргап кеткен жокмун. Кызымы акемдерге берип салып, Бишкекте иштеп атам. Үйүм жок. Алган маянамы квартирага төлөйм. Кудайдын көзү түз болуп, бир күнү жарк этип мага да шоола чачырап калар деген үмүтүмү үзбөй келатам. Ох-х, кызымы аябай сагындым, апам качан келет деп чурулдап жүргөндүр күчүгүм.

— Айылга эле кетип калбайсыңбы?

— Айылдан жыргаганыман келди дейсизби? Ушуну менен сөзүбүз үзүлдү. Ал өзүнчө ойго кетти, мен өзүмчө.

***

Жыл өткөн сайын нагыз сүйүүлөр жоголуп баратат окшойт Лайли-Мажнун, Ромео-Жульетта, Ак мөөр-Болоттор кана азыр? Баса, кечээ жакында өлө сүйүшүп жүрүп эки жаш үйлөнгөн. Эки айдан кийин кыз эжесине даттаныптыр, “кыз эле бойдонмун” деп. “Өзү жарабагандан кийин эмнеге үйлөнөт?” дейт эжеси кейип.

Бир жолу Алмаш айтат, Айнура менен Радиондун сүйүүсүндөй сүйүү жок деп. Айнурага “Таттыбүбү сулуу” деген ат коюп алганбыз дейт Алмаш:

— Себеби Таттыбүбүнүн дал өзү, экинчи экземпляры. Толгон айдай толукшуп, жандан ашкан сулуу, мойну да, бою да узун, калем каш, өңү аппак кагаздай, көздөрү жайнайт. Биринчи күйөөсү менен он жыл жашап балалуу болушкан жок. Кайненеси төрөгөн аял алперем деп, Айнураны кетирип жиберет. Күйөөсү Айнурасыз жашабайм деп артынан келсе, Айнура намыс кылып киргизбей коет. “Аялымы кантип кетирсеңер, ошентип алып келип бергиле” деп энесине тили тийет. Үйдө чоң уруш чыгат. “Анда өлүп ал” дейт энеси. Эртең менен сарайга кирсе, уулунун асылган денеси эбак муздап, ыргалып туруптур. Айнурага кабар келсе, көктүгүн карматып келбей коюптур.

“Күлүк ат менен сулуу аял – элдики” демекчи, жыл айланбай Айнура турмушка чыгат.Ал күйөөсү да ушунчалык сүйгөн белем, Айнураны жанынан карыш чыгарбайт. Сулуу аялды көрүп, ким көз артпайт? Көпчүлүктө же отуруштарда сугун арткан жигиттер Айнурага күйөөсүнүн эле көзүнчө таттуу сөздөрдү ыроолоп коюп жүрүштү. “Кызгануу – өзүн-өзү өлтүрүү” дегендей, кызганчак күйөө ичип алып, аялына кол көтөрө баштады. Бар тапкан шылтоосу: “Эмне үчүн баары сага көз артат? Кунаажын көзүн сүзбөсө, бука жибин үзбөйт, сен сүзүлүп коюп атсаң керек да”. Бара-бара катуулап урат, денесине көкала так түшөт. Айнуранын ат-энеси, бир туугандары, жакындары жогун билген зөөкүр каалаганындай бийлик жүргүзөт. Ичкиликке катуу берилген сайын улам катуу тепкилеп, кабыргасын, колун сындырат. Мунун соңу түрмө менен аяктайт. Беш жыл жашаган күйөөсү түрмөгө кеткенде Айнура 35ке чыгат.

Эми күйөөгө чыкпаска ант берет. Андай болмок беле? “Түстүдөн түңүлбө” деп сөз айткандар өтө көп. Айнурадан өң-түс аябаган кудай пейилди да аябаптыр. Пейили кенен тил алчаак, жок дегенди билбеген ак көңүл, бала кыял. Сүйлөп атсаң сөзүңү бөлбөй, мыйыгынан жылмайып, угуп тура берет. Эркектер эмес, аялдардын да ичи элжиреп кетет. Эч ким менен байланышпаска жакшы эле аракет кылды. Бирок, Радион деген карис жигит көпөлөктөй чарк айланып, анча-мынча ишин жасап, машинасы менен үйүнө чейин жеткирип жүрдү. Радион аны кантип торго түшүрөрүн билбей, бир жыл убара чекти. Сүйүүсүн айтып салса, байланышы үзүлүп калат деп коркот. Көзү жымшык, өңү серт, капкара, бою кыска, өзүнөн он жаш кичүү корей жигит менен турмуш курары Айнуранын үч уктаса түшүнө кирген эмес. Өңү жок болгону менен байлыкка тунган. Каристер жерди иштетип, майын сыгырып алат эмеспи.

Акчасынын күчү менен Айнураны өзүнө имерди. “Ойнош оттон ысык” демекчи, ысыктары күчөгөндөн күчөй берди. Бир жылдан кийин үйлөнүп тынышты. Сокулуктан Айнурага заңгыраган үй сатып берди. Радиондун ата-энеси каршы чыкты. Он жаш улуу аялды алганына, болгондо да кыргызга үйлөнгөнүнө намыстанышты, тилдешти. Радион машинасын айдап, ата-энесинин үйүнөн чыгып кетти. Айнураны да иштеген жеринен чыгарып алды. Улуу болсо да өңү-түсү, кыял-жоругу менен жаш көрүнгөн периштесин алаканына кондуруп, куштай бакты. Жайы-кышы үйүндө жаңы гүлдөгөн букет гүлдөр турат. Алынын жетишинче эркелетет, алдына отургузуп, өз колу менен тамак жедирет. Ар жума сайын саунага алпарат. Бутунун учунан чачынын учуна чейин жууп, тырмагын алып берет. Тамактын түрүн жасайт. Айнура кир жууп калса, кошо жуушат. Полду Радион өзү жууйт. Айнуранын кызылы-кызыл, агы-ак болуп чыга келди. Сулуу кишинин жеңилин жерден, оорун колдон алса ого бетер ажары ачылып чыга келет турбайбы!

Айнура менен баштагыдай көрүшө албай калдык. Радион аны эркектерден гана эмес, бизден да кызгана баштады. Таң атпай жумушка жөнөрдө аялын ойготпой, жада калса будильникти сыртка чыгарып, терезени караңгылап, дарбазага эки кулпу илип кетет. Көчөгө чыгуусуна катуу тыюу салынган. Кайда барып, кандай иш жасабасын, машина менен Радиондун жанында отуруп барыш керек. Эртең менен ишин жайгаштырып бүтүп, саат онго жакын үйүнө келип аялын өөп жыттап ойготуп, тамак жедирип кетет. Кайра түштө келет. Деги койчу, өз баласын да эч ким ушунчалык бапестебестир, куурчагындай бакты. Аялуу буюмду кастарлап, бүлүндүрүп албагандай аяр мамиле жасады. Кийимди түрлөп кийгизди. Айына эки жолу Ысык-Көлгө алпарат. Алар барбаган Россиянын бир да чоң шаары калбаган болуш керек. Кыскасы, биз Индия киносун көргөндөй эле болдук.

Атаганат, бул да өкү жүргөнүнө кейишет. Өзүнө окшогон серт, көзү жүлжүк, жаш карис кызына үйлөндүрмөкчү болушат. Такыр аргасы түгөнгөн Радион бир шарт менен макул болот. “Баарына көнөйүн, Айнураны таштабайм!” дейт. Туугандары ары кетип, бери кетип атышып: “Балалуу болгондон кийин байланып калат, ага чейин эрмек кылып турсун кыргызды” дешип аргасыз көнүшөт. Болгонун болгондой, чып-чыргасын коротпой Айнурага жеткирет. Айнура талып жыгылат. Жаны бир болуп калган экөөнүн сүйүүсү жалбырттап, алоолоп баратса, ага муздак суу чачканы кандай?

Айнура муну күткөн эмес. Ынтымактуу жашагандан кийин бала багып алабыз го деп жүрүшчү. Бирок, бала жөнүндө экөө угуза кеп козгошкон эмес. Ичтеринен тынышкан. Айнура мындан аркы жашоосун Радионсуз элестете албайт болчу. Бир ай төшөктө жатып калды. Туруп басса эле мурдунан кан диркиреп агат. Радиондун жүрөгү түшүп калды. Участкалык врачты машинасы менен ташып, көрсөтүп жүрдү. Тамакты түрдөп жасап, жебеген эркине койбой жегизет. Айнура баштагы эркелигин түк көрсөткөн жок. Жер тиктеп, аз сүйлөйт. Бүт баары кан буугандай токтоду.

А-бу дегиче, ачып көздү жумгуча алты ай өтүп кетти. Туугандары келе берип жадаткандан улам, Радион үч күндөн кийин келем деп, Айнурасынан суранып кетет. Барары менен үйлөнтүп салат. Тою үч күн эмес, беш күнгө созулуп кетет. Келсе Айнурасы жок. Алыс туугандары үйдү ээлеп калыштыр. Айнура көз көргүс, кулак уккус жакка кетип калгандай. Радион жалдырап ыйласа да, туугандары айтпай коюшат.

Кийин билсек, ошол заңгыраган үйдү шаар четиндеги туугандарынын жалгыз бөлмөлүү квартирасына алмашып кетиптир, даректи эч кимге айтпайсың деген шарт менен. Көрсө, Радионду аяганы экен. Төрөбөгөн аял үчүн жапа чекпей, тапканы менен балалуу болуп, тең карысын деген экен. Айнура менен көрүшпөй калдык. Тууганынан гана кабар алып турам. Ооруп атат дейт, катуу имиш. Айнура ага: “Мага эч ким келбесин, эч кимди көргүм жок, мен өлсөм көмүп койгула да, үйүмдү алып калгыла” деп колуна жыйырма миң сом карматыптыр.

Бир күнү дагы кабар алайын деп ошол Айнура жашап кеткен үйгө келаткам. Карасам эле далдоо жерде Радион машинасы менен турат. Сүйүнүп кетип, аны карай бастым. Ал да аябай сүйүнүп кетти. Көрсө, шордуу дайыма келип, Айнура чыгып калабы деп, үзүлбөгөн үмүт менен пайлайт экен. Аябай сагындым дейт бечера. Бир ай ичинде чүнчүп кетиптир. Өзү деле өңсүз неме эле, ого бетер куниги кетип шалпайып калыптыр. Айнураны таап бер деп жалдырайт. Сен эмес, өзүм жолуга албай атам, катуу ооруп атыптыр десем, аябай капа болду. Кетеринде “кокус таап калсаң, кабар берип койчу” деп айтып кетти.

Так-так, така-так... Акыры жеттик Бишкекке. Жети күндүн ичинде бир топ окуялар болуп кетиптир. “Жинди” Роза ооруканадан чыгыптыр.

Республикалык ооруканага Алмаш иштеген жерге бардым. Айнура жөнүндө кантип сөз баштарымы билбей турсам:

— Мы Айнуру похоронили – деди.

— Койчу, кандайча?

— Ак кан менен ооруп калса керек. Бир да жолу доктурга барбаптыр. Үч жолу турмуш куруп, үчөө үч башка тозок, үч башка жыргал менен өттү. Эми кайсы тозогуна түшөйүн десе керек — деп Алмаш ыйлады.

— Каап, жаман иш болуптур, арты кайырлуу болсун. Радион келдиби?

— Радион уккан эмес болчу. Айнура өлөрүндө үйүн бир алыс тууганына өткөрүп, Радион өлүмүмү укпасын деп, аябай өтүнүптүр. Жаман кеп жерде жатчу беле? Жетилиги күнү дагы бир курбубуз базарга барбайбы, майда-чүйдө алганы. Радиондун келинчеги базарда соода кылат. Караса Радион келинчегинин жанында туруптур. Тиги курбум келип эле:

— Радион, Айнура каза болгон, уктуң беле?— дебейби.

— Эмне?... — Радион чочуп кетет — эмне деп атасың?— деп кекиртектен алат. Колдору калчылдап, өңү бузулуп кетет. Тиги кызды сүйрөп, машинасына отургузуп алып, учуртуп айдап кетет. Базардагылар аң-таң. Жолмо-жол ыйлап келет. Экөө жашаган баягы үйгө Радион өкүрүп-бакырып кирип барат. Айнуранын туугандары эмне болуп өлгөнүн айтып беришет. “Мен кетпесем өлбөйт эле” деп өксүйт. Дубалга башын койгулап, колу менен жерди чапчыйт.

Колунан кармагандарды топтой ыргыта коюп, жин ургандай жулунуп, машинасын айдап, чаңды асманга учуртуп, чоң жолго чыгат. Айнуранын туугандары жана артынан кууп келген Радиондун инилери машина менен артынан кууп жөнөшөт.

Жолдон чымын-куюн болуп бараткан Радионду МАИ кызматкерлери да кууйт. Зымырык куштай учуруп келаткан Радион Сокулуктун суусуна машинасы менен кулап түшөт... Ошентип Радион Айнуранын артынан жөнөп кетти.

Алмаш буларды айтып бүткүчө көзүнөн жашын тыйган жок.

— Жаман болуптур, качан болду?

— Радионду кечээ коюшту.

Ичим ачышып калды. Алмаштан Айнуранын сүрөтүн көргөзчү дегем. Ал бир нече жолу барып, алалбай келген. Бул жолу да суратып жибердим. Барса Айнуранын үйү талашка түшүп атыптыр. Дагы бир жакын тууганы табылган имиш. Ыраматылыктын өз колу менен жазып калтырган керээзине карабай, үйдү талашып, кызыл чеке болуп атышыптыр.

 

Китептин бүт жаздыруу

 

© Карагулова Б., 2010. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 6612