Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Карагулова Б., 2010. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 19-июлу

Бурулкан КАРАГУЛОВА

Кылкылдап поезд баратса

«Жамгыр» жыйнагынан алынган аңгеме. Чыгарма окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналат.

 

Кетиш керек. Кыргызстанга кетиш керек. Антпесе Москвада жашоо кыйындап кетти. Бул сөз бир эле меники эмес. Бул Москвада жүргөн бардык кыргыздардын күндөлүк айтылып жүргөн көнүмүш сөзү.

— Кетсең ме, балаңа, бизди эстеп жүрсүн— деп Айталы аке балама машина берди. Рахат велосипед апкелди. Гүлбара китеп жазып жүрүңүз деп компьютер, тагынып жүрүңүз деп акак мончок, туулган күнүңүз менен деп Урмат, Бактыгүлдөр бирден эки көйнөк, Нурсулуу жигити экөө атактуу эки китеп, окуучуларым гүл, торт, шампан, Мирулан флешка, диск, коньяк, шампан,айтор кучагым белекке, койнум кубанычка, бетим күлкүгө толду да калды.

Анан алты күндөн кийин чындап эле жөнөп калдым. Бир чоң чемоданда менин киймим, бир сумкада баламкы, дагы биринде оюнчуктары, анан инкубатор сатып алгам. 2 компюьтер,1 велосипед, 1 машина, 1 куржун китептер, 1 сетка жык тамак-аш, анан санай бер канча болгонун. Бир эле такси чакырганбыз, багажым кичине эже, эки байке отурсун, сиз балаңызды алып метро менен бара бериңиз, сизди Казань вокзалында күтүп турабыз деди таксис болуп иштеген кыргыз бала. Вокзалга мен алардан мурун келип кокойуп күтүп турам, алар болсо жок.

— Алло, апей канасыңар?

— Бузулуп калды машина, бөлөк машинага отуруп атабыз— дейт күйөм кейип.

Бишкектин поезди о бая эле келип токтогон. А менин жүгүм алигиче жок. Кыргыздар кебелбестигиңерди качан коесуңар дейт Айталы аке Жандаров. Поезд 11де кетерин билгенден кийин 9да эле чыкпайсыңарбы үйдөн. Айтса жаман көрөсүңөр деп кейий берди. Мен дагы чалдым. Пробкада турабыз дейт. Кайра чыдабай дагы чалдым. Жүрүп баратабыз дейт күйөм. Ал да көгөрүп татарып сүйлөнүп атат. Мен айткам, саат 9да эле чыгалы дегем, сен эле кыргыз таксист менен кетем деп туруп алдың, эми эмне болот? Көп болсо кетпей калармын дейм.

Кетүүдөн үмүт үзүлүп шалпайып отуруп калсам бир тачкага саны белгилүү болгон жүктөрүмү шарактатып жүктөп алып келип калышты. Болгула, учкула 11-вагонго, жөнөйүн деп калды дедим сүйүнгөндөн. Саналуу гана минуталар калган, бирок көк көйнөк кийген проводник орустар өткөрбөй коюшту. Поезд жүрүп кеткени атат деп какылыктасам да болбойт. Тартышып түртүшүп атып суусап, үнүм кургап жыгылайын деп калдым. Балам каякта калганын да билбейм.

Кыргыздар ушунчалык көп экен, тимеле сахнада спектакль көрүп аткандай жыргап карап турушат. Ары барып ишиңерди кыла бербейсиңерби деген киши жок. Поезд ышкырып үн салды. Ушул жүктөр менен кемтигиңерди бүтөп алгыла чочколор дедим. Семиз картаң проводник күйөмө келе миңден экини бер да өтө бер деди. Бербе дегиче берип салды. 2ни алган торопой калып калбаса экен деп чочулап өзү кошо тачканы жанталаша сүйрөп, вагондун оозуна чейин апкелип такады. Эми тачкист бербей талашты, мага да 2ни бересиңер дейт. 700рубль деп сүйлөшүшкөн экен миңди берсем, ыргытып ийди. Ансыз да араң турган акын Айталы аке айкырып коё берди, мен силерге көрсөтөм, эртең карааның болбойт деди бул жерде, оборзели иначе деп мандатын көтөрө чапты. 40 жылга чукул жашайт экен Москвада, демек законду билет, бая эле ошентпейсиз беле дедим. Бирок угузуп айтканга менде ал калбай калган. Аялы Бурулкандын (атыбыз окшош) берип жиберген тамак-ашын колума карматты эле, ичиндеги сууну күйөм экөөбүз талашып жутуп аттык, ал, анан мен, мен, анан ал, балам болсо боздоп атат аталап, себеби атасы түшүп калды. Жүгүбүздү болгону вагондун оозуна эле киргизгенге араң үлгүрдү. Узатуучу кыргыздардын көптүгүнөн кирүүгө такыр мүмкүн эмес.

Кыргызстанда кыргыз калды бекен деп вокзалга келген сайын ойлоном. Ал тургай Кыргызстандын вокзалында да мынчалык эл болбойт. Москвада бир эле кыргызды 10дон ашык кыргыз узатат. Тартип деген болбойт. Кыргыздардын башаламандыгына орустар да көнүп бүткөн. Алар акчаны кантип шыпырышты өздөштүрүп алышкан. Башка улуттун өкүлдөрүндө же Россия чөлкөмүнө каттаган поезддерде мынчалык башаламандыктар болбойт. 1вагондо орточо эсеп менен 42 жүргүнчү келсе, аны 400 киши узатат, ал эми 18 вагондо 756 киши болгон болсо, 7140ы узатуучулар. Мунун 140ы жөн эле жүк берүүчүлөр. Ал эми кыргыз поездин тосуп алгандагыны көрө бер. Биринчи жолу келип көргөндөрдүн жүрөгү түшүп калат төңтөрүш болуп атабы деп. Поезд чарчап күшүлдөп араң дем алып марага жетейин деп калганда бир чуркап беришет дейсиң, алар кайсы вагон кайсы жерге жетип токтоорун жаздемдебей билип алышкан. Кыйкырык, ызы-чуу, бакырык, сөгүнүп учурашмай, ой энең...с.. сен да келдиңби, вай энең..с.. биз жыргап атыптырбызбы. Өзүңү тим эле түштүктүн алыскы тоолу районуна келип калгандай сезесиң.

Анан демекчи поезд жүрүп калды, жанагы узатуучулар жүктөрүмүн үстүнөн, ал тургай балам экөөбүздүн үстүбүздөн секирип түшүп атышат. Балам кошо секирчүдөй жулунуп атат атасына, ой ата, ой ата дейм, атам эле атам, ата-а-а. Жүрүп бараткан поезден балдар секирип түшүп атышты. Ошо кирген бойдон эле босогодо отуруп калдым. Кирбейсиңби дейт Гуля деген проводник. Алым жок, отуруп турайын, атың Гулябы? Ооба. Аңгыча ары бери басып жүргөн кыргыз балдар эже жардам берелиби деп жүктөрүмү көтөрүп кетишти.

— Гуля, мен Асиянын эжесимин, сага мени дайындаган болуш керек.

— И ооба, эмне кеч келдиңиз? Местасы үстүнөн болуп калды деген Асия.

— Тагдырым ушундай болуп калды. Местасы жерге кирсин, эптермин. Жанагы компьютерге талон жазып бер, мегой – деп миң рубль бердим.

— Ушул элеби?

— Апей, азбы? Тизмедей тизилген проводниктер 2миң менен өткөрдү. Жанагы тачкисти болсо көрдүң, миңди ыргытып ийип кайра алды. Вокзалга чейин да миң менен араң жеттик. Сага миң берсем мага да миң калат жолдон бирдеке шам-шум этип барганга.

— Болбойт эже, дагы миңди бер – деп алаканын жайып туруп алды.

Топ-тоголок келин экен. Жеңил акчага көнүп калса керек. Анын үстүнө жакшы көргөн сиңдим Асиянын (анын коллегасы) атын айтсам деле алаканын жайып туруп алганын айтпайсыңбы. Койчу ушу бечеранын алаканы муздабасын, мен ачка кетсем деле мейли деп дагы миңди бердим. Кайдан ачка кетмек элем, бир сеткам толо тамак-аш болсо.

Ошо тоголок келинди ал күнү көргөнүм жок. Анын ордуна дагы Гуля деген томолок келинди көрүп аттым. Жайдары, жаркылдаган, сулуу, келин экен. Дагы бир эркек жүрөт, улам эле келип жүгүңө акча төлө дейт, улам эле төлөдүм дейм. Же жанагы Гулясы төлөдү деп келип, айтып койбойт. Орунум үстүнөн болчу, ал сүйлөшүп астынан орун алып бермек болгон. Бирок, мен ордума жеткенде эле кошуна сапарлаш эки жубай шак ордунан турушту. Келиңиз эже, эс алыңыз, отуруңуз. Бая аябай кыйкырып койдуңуз да дешти бир ооздон. Ордуңуз үстүнөн турбайбы, балаңыз да бар экен, сиз астына менин ордума жатыңыз, мен үстүңүзгө чыгып жатам— деди күйөөсү.

— Э чал, жакшына сүйлөң, улуу эже экен. Орун алмашалы дең — деп аялы тууралап койду. Экөө тең бири-бирин бир караштан түшүнгөн, улууга мамиле курганды билген, түшүнүктүү жубайлар экен. Көп нерселерди сүйлөштүк. Проводниктердин акчаны көп талап кылып атканын кайра-кайра айтып наалый бердик. Кеч бая эле кирген. Кой эми тойдук жаталы деп атсак жанагы казак бала килтейген коондорду көтөрүп келип, тамак ичкен столубуздун астында бейкапар жаткан сумкаларыбызды ары-бери жулкулап, козгоп атып астыларына коондорун тыкты. Ал кеткенден кийин кайра аны кеп кылдык. Жанаракта эле биздин жүктөрүбүзгө акчаны олчойтуп алып бизге жек көрүнүп калышты эле, эми уялбай коондорун катып атышат дедик бир ооздон. Буларды да түшүнсө болот дейбиз кайра жибип, ошентип оокат кылып жүрүшөт да мусапырларым.

Эрте менен жанагы эле казак ар кимибиздин койнубузга, кол сумкаларыбызга кызыл икраларды банкасы менен каттырып, бекем салгыла, сумкаңарды ачтырбагыла деп катуу буйруп кетти. Биз “зайчик” болуп, бекер келаткандай мамиле жасап атышты. Кечтин кириши өтө кыйын болду. Шериктерим эки жылдан бери эми баратабыз деп жүрөктөрү алып учуп келатышат. Бирок убакыт жылбай туруп алгансый берди. Бүгүн кеч жаттык, бирок эрте тургузушту.

— Россиядан чыгар чекке жетип калдык, даярдангыла — дешти — өлө текшеришет. Сак болгула. Паспортуңардын сүрөтү бар жерин ачып кармап тургула. Үстүндөгү төшөнчүлөрдү жыйып койгула. Тазалыкты сактагыла. Уктабагыла. Туалетке кирем деп ойлобогула. Ары-бери өтө бербегиле. Балаңарды коё бербегиле. Чай ичпегиле. Тамеки чегип калчу болсоңор миң рубль штраф тартасыңар. Уктуңарбы ыя? — ушуларды байсап келаткан тоголок Гуля мага жеткенде, а келатасызбы деп өтүп кетти. Биз бири-бирибизди карап, каткырып күлүп ийдик. Сиздин акыркы акчаңызды шыпырып алып, бул эмне дегени дешти жанымдагылар.

Орустар менин компьютериме жеткенде “это чьей?” деп туруп калышты. “Мой” дедим баламы маймыл баласын кучактагандай кучактап алып. “Где оплачиваемый чек?” Мен жүүнүм бош казакты карадым. Орустар жыргап кетишти. “Давайте тысяча”. “Я уже оплатила” дейм мен. “Кому?” “Им” – деп казакты көрсөтсөм, ал шас, шас деп тоголок проводникти чакырганы кетти, Гуля жулунуп келатып, жүк меники экенин билгенде тык токтой калды. “А да, да, оплачено”. “Покажите чек?” “Сейчас, вы знаете чек у начальника” – деп чуркап кетти. Көрсө акчаны аларын алыптыр да, поезддин начальнигинен “по свойски” чек жаздырып алганды унутуп калыптыр. Мени да унутуп койгонун кантесиң.

 

Ушул көрүнүш Казакстандын чегине жеткенде да кайталанды. Кичине шылтоо таап эле элден чек арачылар 1000 рублден алып атышты. Жаныбызда бараткан дагы бир бала бар эле, анын паспорт үчүн алган справкасынын мөөнөтү чек арага жеткенде бүтүп калды. Андан да миңди сурашты эле, акчам жок деди. Акчаң жок болсо жүр биз менен — деп түшүрүп кетишти, ал бечера оозун ачкан бойдон поезд кеткен жолду карап, шалдайып туруп калды. Мен тыңдык кылып Бишкектеги телефон номерими бергенге үлгүрүп калдым. (Вокзалга жеткенде бир башкыр таксисттен анын жүгүн миң рубль төлөп, Сузак районундагы айлына салып ийип сообуна калдым, аялы телефон чалып ыраазы болду, өзү бир жумадан кийин келди, ит көрбөгөн кордукту көрдүм деп).

Казакстандын чегинен өтөрдө да аябай тазалашты. Акыркы акчам эле деп кейигендер толтура болду. Бир эле чек араларда токтоткон жок, ар бир станция сайын токтотуп сумкаңы аңтарып нашаа издегендер пайда болуп калып атты. Кандай болбосун бир себеп таап, акча өндүрүп алганга аракет жасап, шыпырып калып атышты.

Москвага баратканда дагы проводниктер оозу жык сумкабыздын ичине жарылгыча контробанда товарларын ныктап салып коюшту эле, аны аңтаргандар улам эле окшош кийимдер чыга бергенинен шекшинишип, баарын сууруп чыгарып, алып коюшкан. Мен баламы көтөрүп турсам аңтарганга даай алышкан эмес. Алар менен чечилишип бүткөн соң проводниктер анча-мынча калып калган товарларын чукулап издеп кайтарып алган, бирок Москвага жетип, үйгө барып сумкаларымы ачсам бир нече кофталар калып калган экен. Аны кызымы “ал” десем, “зачем мне?” дегенинен тааныштарга таратып ийип жыргаткам.

Россиянын абасы салкын эле, Казакстан ысык экен. Балам ары-бери чуркап ойноп жүрүп, мага күч келтирген жок. Болгону кайра-кайра кетебиз, түшөлүчү деп жалдырап атты. Марш тепкенди аябай жакшы көрөт, аны Москванын Кремлиндеги солдаттардан көргөн. Марш тепсе вагондун ичиндегилер жыргап жатып калышат. Марш теппей койсо, 10 рублден карматып тептирип атышып, балам бир топ акча чогултуп койду. Жетейин дегенде кайра таратып жүрдү, “жөн кой” дешсе болбой ыйлап, ыргытып берип атты.

Мынакей Кыргызстан! О керемет жерим, жериңен,топурагыңан айланайын кутманым! Кандай куса болуп, кантип сагынганымы сездиң бекен! Чет элде жүргөн ар бир адамдын мекени кичинекей жүрөгүндө сакталуу деген акылман сөз бар, бирок мекеним менин бир эле жүрөгүмдө эмес эки карегимде, акыл оюмда, ичимде, көкүрөгүмдө, бүткүл тулкуман жарым секунд чыккан жок. Себеби топурагыңан жуурулгам да мекеним Кыргызстан! Кыргызстандын чек арасынан чыккан формачан текшерүүчү жаныбызга келип кыргызча сүйлөп калды.

— О кыргызча сүйлөгөнүңөн айланайын кыргызым, үнүңөн айланайын аман-эсен жүрөсүңөрбү?— деп ийсем, ооба, ооба эже, аман-эсен жетип алдыңыздарбы, келишиңер менен — деди да эч нерсени аңтарбастан ары басып кетти.

— Эже сиз сагынчыңызды айтам деп, олжосунан куру калтырбадыңызбы?— дейт шериктеримин бирөө күлдүрүп.

— Кармана албай калдым да мекениме жеткенде. Абасын карачы, өзгөчө. Мындай абаны силер кайдан, качан жуттуңар эле?

— Сизге го бир эле жыл болуптур кеткениңизге, мага үч жыл болду, бирок сизчелик жүрөк каяктан болсун, сезим кылдарыңыз чертилип кетти— деп экинчи шеригим өзүнүн мекенине кирип баратканына көңүл кош болуп койду.

Поездин кошкуругу асманды тынч уйкудан ойготуп жиберди. Жерге нур себеледи. Таңды, нурду анан Күндү жетелеп Бишкекке жетип, оң бутум менен түшүп, ыйык топуракты бастым. Эл анча көп эмес, Москвага такыр окшошпойт. Ырахатка батып, кучагымы болушунча кенен ачып, өз жеримди кучактап турганыма миң мертебе ыракмат айтып кудайга жалындым...

 

Китептин бүт жаздыруу

 

© Карагулова Б., 2010. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 2003