Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Карагулова Б., 2010. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 20-июлу

Бурулкан КАРАГУЛОВА

Жамгыр

«Жамгыр» жыйнагынан алынган аңгеме. Чыгарма окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналат.

 

Мөөржан радиого жакын келип отурду. Жүрөгүнө жакын ушул ырды уккандан тажабайт: «А сырта жыйырманчы жазым менин»…

Атаганат жыйырманчы жаз! Таранып үлгүрө электе жаадан атылган жебедей өтүп кетти! Бирок, ошондогу жамгыр дале жаш, дале аруу бойдон. Ошондо сүйүүгө магдырап, жаштыктын доорунда өзгөчө кереметке бөлөнгөн эки жаштын үстүнө төгүлгөн жамгыр азыр да төгүлүүдө. Жыйырма жаш! Кайран кулпурган курак. Кезинде Кызыл көйнөк кийгизип, мезгилинде сыйрыпалды. Э, жараткан, ушунуңа да каниет, мен татпаган жыргал даамын балдарым татсын, ылайым ошолор бактылуу болсун!

Мөөржан ушинтип ойго чөмүлүп отурганда сырттан бирөөнүн чуркап келаткан дабышы угулду. Ал кичүү уулу экен:

— Апа, апа, Жамгыр акемен телеграмма келди, аскерден келатыптыр – деди шашкалактап. Мөөржан атылган октой ордунан ыргып туруп:

— Оозуңа май, айлданайын, — деп калтыраган колуна телеграмманы алып, көкүрөгүнө басып туруп калды.

Кандай шылтоо таап ыйларын билбей отурган Мөөржандын көзүнөн мончок-мончок сагынычтын, кусанын күнөөсүз жашы көкүрөгүнө төгүлүп жаты.

***

Жамгыр себелеп турду. Бульварда жай басып жаандын астында кыз-жигит келе жатты. Кыз эки колун колтугуна бекем кысып чыйрыгып келет. Жигит жамгырдын жаашын күткөндөй өзүн эркин кармап жайдары келатат. Экөөнүн тең көздөрүнөн жалындаган учкун жанат. Жигит өзүн токтоо кармаганына караганда кыздан бир аз улуу көрүнөт. Жатаканага жеткенде тиктешип туруп калышты. Кетейин деп эч кимисинин айткысы келбейт. Жигит кыздын ийнине колун коюп, бетине түшкөн саамай чачын сылап койду. Кыздын жүзү албырып кетти. Уялганынан бүткөн бою алоолоп, эмне дээрин билбей «мен кирейин» деп жиберди.

— Бара гой, эртең телефон чал, — деди жигит мээрим төгө карап.

…Мөөржан сабак бүткөнчө араң чыдап отурду. Ар мүнөт сайын Каныбекти эстеп, тез эле жетип баргысы келди. Анын жылуу мамилеси, токтоо мүнөзү таптакыр жипсиз байлап алды.

Сабактан кийин Каныбектин жумушуна телефон чалды. Адаттагыдай эле ал өзү алды. Ал-жайды сурашкандан кийин:

— Бүгүн жамгыр жааса барам – деди.

— Коюңузчу, кечегидей дагы суу болобуз – Мөөржан чын оюн айтты.

— Мөөр, мен жамгырды жакшы көрөм.

Чындап эле үч күндөн бери жамгыр жаап турган. Мөөржан күнүнө эле жамгыр жаай берсе экен деп ойлоп алып ,кайра өзүнөн өзү уялып кетти. Аны менен жамгыр нөшөрлөп төгүп турганда таанышканын эстеди.

…Драм театрдагы боло турган спектаклге бир күн мурда билет алып коюшкан. Эртеси жаан жаап туруп алды. Кечке жуук бирге окуган кыздар менен бульварда кол чатыр тагынып кетип баратышса кийими суу болуп театрды көздөй бараткан жигитти аяп:

— Келиңиз, кол чатырыма кириңиз байке, сизди үшүтпөй жаандан сактап калайын – деп Мөөржан чын дилинен айткан.

— Рахмат мен жетип калдым, театрга чейин эле барам.

— Биз дагы театрга баратабыз – дешти кыздар бир добуштан.

— Анда жакшы экен, чогуу кирет экенбиз.

Мөөржан менен Каныбектин билети бир катардан экен. Каныбек студент балдар менен сүйлөшүп орундугун алмашып Мөөржандын жанына келип отурат. Спектакль бүткүчө экөө таанышып үлгүрүшөт.

— Оюн бүткөндө мен силерди узатып коем – деди Каныбек.

— Жок, байке, узатпай эле коюңуз, мен сизге телефон чалам – деп Мөөржан кыздардан тартынып койгон.

***

Институттун жатканасы. Кыздарга келген жигиттер казганакташып, терезеге таш ыргытышса, кээси үнүнүн болушунча кыйкырып чакырышат. Мөөржан төрт кыз менен бир бөлмөдө жашайт. Жакын курбусу жердеши Калбү жана өтө эле токтоо тартып аз сүйлөгөн көлдүк Ырыс, дагы Таластык Имиш, ал тескерисинче бир ордунда тынч алып тура албаган, ойноок, сүйлөөк кыз. Кечкурун чай ичип, столду тегеректеп отурушту.

— Бу памил чайдан Ош жыттанат ко, кимиңер демдедиңер эле, Мөөржан сен го кыясы? – деди Имиш шакылыктай.

— Жок, мен демдегем, — Ырыс жайбаракат унчукту.

— Жаныңды жебе, сен демдесең көл даамданып турмак, бу Ош жыттанып атпайбы, — эми Ырыска тийишип атты.

— Демек, чай Оштон, суусу көлдөн келген, Сенин эмнең бар? – Калбү да сөзгө аралашты.

— Энди, оозуңа карап сүйлөң — Имиш чычалагандай Оштун диалектиси менен айтты, — тетиги бели ийри чоң кашык, алдагы сен ичип жаткан кетик чыны меники — Имиштин чындап чычалаганына бары каткырып күлүп жиберишти, аларга өзү да кошулду.

Аңгыча терезеге «так» этип таш тийди.

— Айн момент, отура бергиле, бул мага келген ковалердин ташы, — деп Имиш ыргып туруп терезеге жетти — Окей, азыр чыгам — шаша-буша халатын оңдоно тышкачыга жөнөдү,— азыр жигиттин гүлү келет. Кыздар менен тааныштырам дегем, үстөл үстү жайында болсун, чау, — деп чыгып кетти. Айтканындай эле көп өтпөй бир жигитти ээрчитип келди.

— Саламатсыңарбы? – жигит бош унчукту. Кыздар жооп айтып, орун бошотушту.

— Таанышып койгула, бул менин жердешим Ильяз, — Имиш койкоңдоп койду. Кыздар күлүп, кезектеше кол сунуп таанышышты. Жигит да оңой неме көрүнбөйт, чай коюу менен алек болуп калган Мөөржанга жакындай:

— А сиздин атыңызчы байкеч? – деп калды.

— Кечириңиз, Мөөржан меники, — деди колун сүлгүгө аарчый.

— Охо, кадимки эле Акмөөр турбайсыңбы, мойнуңуздун узундугуна караганда көлдүк болсоңуз керек?

— Жок, жаңылып калдыңыз, оштукмун,

— Ай-ай, өкүнүчтүү мен ойлогондой болбой калганы.

— Сага эмне көлдүк кыз эле керекпи, же Ошто ак куулар жок бекен? – Имиш шакылдады.

— Жо-жок, дегинкисин айтам да, көлдүк кыздар Мөөргө окшоп сулуу келет эмеспи.

— Көлдүк деле өрдөктөй кыздарды көрүп жүрбөйбүзбү, — Имила жемин жедирчүдөй эмес.

— Эмне эле көлдүктөргө асылып калдыңар ыя, жөн койсо, — баятан унчукпай отурган Ырас сөзгө аралашты. Тамаша сөздөр улана берди. Бөлмөдө көпкө дейре күлкү жаңырып турду.

Чай эбак эле ичилип бүткөн. Ильяс эки көзүн Мөөржандан алган жок. Анын улам карап жатканын сезип, Мөөржан да тартынып отурду. Аңгыча Имила:

— Эми жердешбегим, кел демек бар, кет демек жок дегендей каршы болбосоң узатып келейин, вахтер мени кара эсебине каттап албасын.

— Сыйың менен жолго түш дейсиңби? – Ильяс күлө карады.

— Ыя де, жөн койсо жатып калгың бар ээ, — Имиш куш каткырык салды. Ильяс жайдары коштошо Мөөржандын колун кое бербей:

— Келип турсак болобу? – деди.

— Келип тургула, — деди эчнерсе ойлобой Мөөржан.

Имиш Ильясты узатып чыгып кетип, кеч кайтты. Бөлмөгө кирери менен Мөөржанга тийише кетти:

— Ийе, улуу урматтуу бийкеч, ошентип жигиттин жүрөгүнө чок салып койдук де, ка-ап карабайсыңбы эркек болуп калбаганымы, көрүнгөн жигиттин көзүн күйдүрбөй өзүм эле алып алмак экемин.

— Охо-де, сымбаттуу ханыша, сиз эркек болуп мени алып алган күндө деле күйчү жигиттин көзү күйө берет, анын эмнеси бар экен?

— Мен сени алып алгандан кийин кайсы жигиттин көзү күйсө ошо жигиттин көзүн оймокмун, — Имиш билегин түрө Мөөржанды көздөй келатты эле, Мөөржандын итиркейи келип кыйкырып ийди. Кыздар жыргап күлүп калышты.

— Сөздүн ачыгына келгенде,— деди Имиш бир кезде күлкүсүн тыйып, — тиги жигит эртеңден баштап сага келе турган болду.

— Убара болуп келбей эле койсун, мага бирөө жетет,— Мөөржан мостоё жооп берди.

— И-и, ошондой де, ал ким экен жашыруун болбосо?

— Бир жигит.

— Ошондойбу, жашырып жүргөм де, мен тигиге сенин күйгөн-сүйгөнүң жок деп айтып койбодумбу? Эми азабын өзүң тарт, — деди Имиш ачуусу келгендей.

— Кандай азабын?

— Кандай болмок эле, эми артыңан жүгүрөт да, сүйүп калды окшойт шордуу.

— Койсоңчу кайдагыны жобурабай, — Мөөржан жактырбагандай кол шилтеди.

— Көрөсүң го, — Имиш терс бурулуп кетти.

Ошондон кийин чын эле Имиш айткандай Ильяс Мөөржанга такай келчү болуп калды. Мөөржан сүйлөшмөк тургай, жанына жакын басып барбайт. Мөөрдү торуна түшүрүш үчүн Ильяс кандай гана аракеттерди жасабады дейсиң. Күндө келе берип жадатып жиберди. Имиш менен Мөөржандын мамилелери да кескин өзгөрдү. Имиш орой сүйлөп, Мөөржан сүйлөсө жооп бербей, чогу отуруп чай ичпей, өзүнчө эле бөлүнө баштады.

***

Күн ачык. Каныбек Мөөржанга эрте келди. Адегенде кечки драм театрга билет алып, андан кийин киного кирип, айтор дем алыш күнүн көңүлдүү өткөрүштү. Театрдан чакканда ай жарык эле. Асманда төгүлгөн жылдыздар гана жымыңдап, экөөнү узата көз кысып жаткандай. Күбүлүп түшчүдөй болгон жылдыздарга Каныбек чалкалай карады.

— Жамгырдын жаашын күтүп жатасыңбы? – Мөөржан жылмайып койду.

— Жок балакайым, жамгырды деле күткөн жокмун. Андан көрө айтчы, сага кайсы жылдыз жагат?

— Магабы, билбейм деле, таң Чолпон го, өзүңөчү? – деди кыз.

— Мага жаккан жылдыз асманда эмес…

— Таң калыштуу, асманда болбосо кайда анан?

— Жерде, болгондо да ушул жерде жанымда, бирок аны асмандан да бийик сезем.

— Койчу деги, — кыз кылыктана кымырылды.

Каныбек Мөөржанды жерден тап-так көтөрүп алып, чарк айланта, кучагына бекем-бекем кыса жанатан магдыраткан кыз жытын каалашынча искеди. Мөөржан да жигиттин мойнунан бекем кучактап анын оюнан чыкпай өбүшүп атты. «Экөөбүздөн өткөн бактылуу түгөй жок» деген ой экөөнүн тең оюнда турду. Жайдын жылуу түнүн бульварда кучакташып өбүшүп өткөрүштү. Мындай ширин түндөр далай жолу өттү. Мезгил канат кагып билинбей ортодон жай, күз, кыш өтүп кетти.

Күнүгө келип турган Каныбек күндөрдүн биринде бир жума келбей калды. Мөөржан да кыз кылыгы кылып телефон чалган жок. Бирок, ичи уйгу-туйгу болуп тынчсыздана баштады. Эмне болду, командировкага кеттиби, ооруп калбады бекен, келбей коюуга эмне себеп болушу мүмкүн деп ойлонуп, акыры телефон чалууга мажбур болду. Каныбек баштагыдай эмес, өтө эле суз сүйлөштү да, акырында:

— Мөөржан экөөбүз сүйлөшө турган сөз бар, эртең кечинде барам, — деп телефонду коюп койду. Мөөржан түшүнө албай айраң-таң. Трубканы илип, телмире ойго баты. «Бу эмнеси капырай? Же көпкө телефон чалбай калганга ушинтип жатабы? Андай деле болбосо керек, жөн эле бейтап болуп турган го, же эмне…»

Ушинтип оюн бир жерге токтото албай телефон-автоматка башын жөлөгөн бойдон туруп калды. Аңгыча «Кандай Мөөр?» — деген тааныш добуш чыкты.

— Эмне? – Мөөржан жылан көргөндөй денесин жыйрып алды.

— Саламатсыңбы деп жатам?

Мөөржан жаман көзү менен карап, унчуккан жок.

— Эмне сүйлөшкүң келбейби?

Мөөржан шыпылдай басып жөнөдү.

— Токто Мөөр, токтой турсаң эми, — Ильяс алдын тороп калды.

— Жогол дейм, экинчи көзүмө көрүнчү болбо! Мен деген такыр бөтөн адаммын, — Мөөржандын эриндери дирилдеп көзүн жаш чайып, чуркаган бойдон жатканага кирип кетти.

— Ары жок десе, көрсөтөм сага жоголгонду, — Ильяс кекердүү ызырынып алды.

Мөөржан ошол бойдон бөлмөдөн чыккан жок. Тез эле түн кирип, таңдын атышын, анан кечтин киришин тилеп жатты. Түндө көзү ирмелсе эле ызы-чуу түштөрдү көрө берди. Бир туруп Ильяс менен Имишти көрсө ,бир туруп Каныбегин көрөт. Айтор «иши бузулгандын түшү бузулат» болуп, түшү чалды-куйду, баш-аламан. Күткөн таңы атып, кеч да кирди. Бөлмөгө бир кыз баш багып:

— Мөөржан сени чакырып жатат, — деди.

Ушул эле кабарды күтүп араң турган Мөөржан сыртка шашты. Эшиктин алдында кыз-жигит топ-топ болуп сүйлөшүп турушкан экен. Ал көздөрү менен Каныбегин издеп жаты. Жанындай көргөн сүйгөнүн азыр ушул кыз-жигиттердин алдында кучактап өөп алгандан да кайра тартпайт эле. Битрок, тилекке каршы ал Ильяс экен:

— Мөөр, — деген Ильястын үнүн укканда Мөөржандын өңү бузула түштү.

— Ильяс, сага эмне керек менден, айтчы?

— Эмне эмес, ким де. Сен керексиң! – Муну уккан Мөөржан бурулуп жөнөй бергенде Ильяс аны шап билектен алды.

— Колум ооруп кетти, кое бер, таш боор, уятсыз.

— Эми эч кайда кете албайсың. Жетишет ушунча мышык-чычкан ойнотконуң...

Мөөржан колун чыгарууга аракет кылып жатты. Ушинтип турганыбызды Каныбек көрбөсө экен деп тызылдайт.

— Кое бер дейм, сабак даярдашым керек – деп тигини жоошута жай айтты.

Аларды көздөй бир караан келатты. Ал Мөөржан күткөн, болгондо да күнкү-түнкү жамгырларда күткөн эң кымбат адамы эле. Мөөржан сүйгөнү менен ушундай ахыбалда кездешем деп ойлогон эмес. Анны көрө калып, эмне кыларын билбей чебеленип жиберди.

— Бол тез, кое бер дейм!

— Саламатсыңарбы? – аларга чукул келген Каныбек мүмкүн болушунча токтоо саламдашты. Ильяс Мөөржандан колун ошондо гана бошото, Каныбектин саламын алик алуунун ордуна:

— Күтүп атканың ушу беле? Эртең келем, калган сөздү ошондо сүйлөшөбүз,— деди да тез-тез басып кетип калды.

Мындайды күтпөгөн Мөөржандын көзү караңгылай түштү. Ортодо ыңгайсыз абал өкүм сүрүп турду бир оокумга чейин. Каныбек бир нерсе айтмакчы болуп барып, кайра жерди карап туруп калды. Андан сөз чыкпасын билген Мөөржан:

— Каныбек билесиңби… — деп келатканда тиги сөзүн бузду:

— Билем, көрбөдүмбү.

— Эмнени көрдүң? – Мөөржандын көздөрү алсыздана түштү.

— Баарын билем, Мөөржан, баарын…

Мөөржан жаш балдай ызаланып, ыйлагысы келди. Эки алаканы менен бетин басып, эмне айтарын билбей туруп калды. Бир тынымдан кийин Каныбек акырын Мөөржандын колун колуна алып, жүзүнөн сылай:

— Сен аябай сулуусуң, — деди биринчи жолу көрүп жаткандай. Анын минтип сүйлөгөнүнө Мөөржан таң калды. Буга чейин минтип айткан эмес эле. Анан жаңыдан себелей баштаган жаанга алаканын тосуп:

— Эртең Нарынга командировкага кетип баратам, — деди Каныбек.

— Канчага?

— Өзүм да билбейм.

— Демек жалгыз тосот экем да, — Мөөржан оор улутунду.

— Кимди?

— Кимдиби? Жыйырманчы жазды.

— Баса унутуп кала жаздаган турбайымбы, туулган күнүң менен куттуктайм, — Каныбек эңкейип Мөөржандын бетинен өптү да: — Сага чексиз бакыт каалайм, — деп кошумчалап койду. Мөөржан саамай чачын сөөмөйүнө орой, табышмактуу тиктеп калды. Ортону кайрадан тунжуроо бийлеп, бири-бирине карашат.

— Мен кетейин— деди Каныбек бир маалда.

— Демек ушундай экен да… Эч нерсе айтпайм дечи. Мейли эмесе аман барып кел, — Мөөржан ызалуу сүйлөдү.

— Кош бол — Каныбектин үнү каргылдана түштү.

Ал түнү Мөөржан таң аткыча уктай албай, ары-бери ооналактап кыйналып чыкты. Эмне болуп жатканына акылы жетпеди. Каныбекке жоолуканына да ишене албай бушайман боло берди. Эртеси сабакка барбай койду. Кыздарга табым болбой турат демиш болуп, узунду күнү кечке наар албастан төшөккө жатты. Кеч курун гана курбу кыздары гүл көтөрүп кирип келишти. Мөөржанды турбаган оюна коюшпады. Үстөл үстүнө нан, торт, шампанский, чай-чамектерди жайнатып жиберишти. Ай төгөрөк тартып отурушту. Мөөржанга аруу, жакшы тилектер айтылып жатты…

— Мөөржан, сени чакырып жатат, — деди эшиктен кирген кыз. Мөөржан селт эте түштү. «Болду, болбоду Ильяс болуш керек» деп ойлоду.

— Калбү, сен барып келчи, эгер Ильяс болсо мен жокмун, — деди курбусуна.

— Түшүндүм, түшүндүм — Калбү күлмүңдөй тамаша жутту — эгер аяшбек болсо, унчукпай жетелеп келе берейин, э?

— Ал келбейт — Мөөржан буулукканын жашыра албады.

— Эмне үчүн?

— Командирокага кеткен…

Калбү чыгып кетти. Курбусу азыр бир жаман кабар алып келчүдөй ансыз да көңүлү түпөйүл отурган Мөөржандын жүрөгү элеп-желеп. Калбү тез эле кайтты, колунда кармаган бир тутам гүлү бар.

— Аяштын өзү келбесе да гүлү келди. – деди ал күлүп.

— Кандайча? – Мөөржан тынчы кете сурап ийди.

— Бир кыз алып келиптир — деди гүлдү Мөөржанга узатып.

— Бир кыз?...

Ал Каныбектин гүл берип жибергенине кубанса, бир чети кыздан берип ийгенине таң калды. Гүлдүн арасында алакандай кагаз жүрүптүр. Кат өңдөндү. Аны окугуча шашты. «Мөөр, жыйырманчы жазың кут болсун! Бактылуу бол. Бу гүлдү алпарган кыз болочок колуктум, мени кечир, Каныбек» — деп жазылыптыр анда. Мөөржан шалдая түштү. Өз көзүнө өзү ишене бербей, муундары калтырап чыкты, кат менен кошо гүл жерге түштү. Жер жайнаган гүлдү кайра ала коюп мыжыгылап, тытып кирди. Кыздар эмне болуп кеткенине түшүнө алышпай нес болуп туруп калышты. Мөөржан алкымына кысылган жашты жашыра албай, эчкирип барып керебетке кулады.

***

Каныбек менен айрылуу Мөөржан үчүн кыйынга турду. Ал түнт тартып, көп сүйлөбөс болуп калды. Акыры ошентип жүрүп окусун бүтөр күн да келди. Кез-кез Каныбекке телефон чалып коюп жүрдү. Бирок, бир ирет да сүйлөгөн жок. «Угуп жатам, ало, ало-о. Сизди уккан жокмун, кайра чалсаңыз» — деген тааныш үн жаңырат. Мөөржан акырын телефонду коюп коет. Анын үнүн угуш үчүн гана чалып жүрдү. Үнүн уккандан кийин бир аз дем байлап калса да, көпкө чейин өзүнө келе албай, деңдароо тартып эңгиреп жүрөт. Көп нерсени ачык айтып, ак сүйлөшкүсү келет, бирок кыз намысы кармайт. Окуусун бүтөр бүткүчө саргайып жол карап жүрдү. Бирок, Каныбек бир да жолу басып келген жок.

Окуну бүтүп жатып, «шаарда калып иштесемби» деп да ойлоду. «Эгер Каныбекти көрүп калсамчы? Жок, мен аны унутушум керек, айылга эле кетем» дейт кайра чечкиндүү. Айтор, кыйлага ушундай эки анжы ойдо жүрдү. Баарынан да бөлмөлөш кыздар менен коштошуу кыйын болду. Ошондо Мөөржандын ыйлаганы ай! Ыйлабаган кыз калган эмес. «Ыйлабачы Мөөр, суранам жашоо деген али алдыда да» деп Калбү куру кайрат бергени менен өзү да көз жашын жашыралбады.

— Кантип ыйлабайм Калбү, — Мөөржан жашка толгон көздөрүн жалдырата боздоду – Мен эми силерди да, силер менен аны да жоготуп кетемби? Кайдан, качан, кантип көрөм. А мүмкүн такыр эле кездешпейбиз. өмүр бою анын жамгырын түгөй кылып, медер тутуп каламбы? Мага жамгырынан башка белек кылары жок беле?

— Койсоңчу эми болбогон кепти, тирүүлүктө мындайдан канчасы болбойт дейсиң?... – Ошентип ар бири бирден дипломун чемодандарына салып алып, ар тарапка жөнөп кетишти. Вокзалдан мурун жөнөгөндөргө кийинкилери кол булгалап узатып жатышты.

***

Мөөржан тулуп өскөн айылына келип иштеп калды. Жүргөн турганы түнт, басмырт. Эсинде дале болсо Каныбеги. Аны бир күн да эсинен чыгаргысы келбейт. Андай адам бул дүйнөдө экинчи кездешпесине ишенип алган. Апасы менен да баштагыдай сырдашпайт. Жамгыр жааганда сыртка чыгып, суу болуп кайра кирет. Кызынын мындай мүнөзүнө апасы адегенде таң калып жүрсө да кийин көнүп кетти. Бир ирет Мөөржанды жанына чакырып алып кепке тартты, акыл насаатын айтты:

— Кызым, айланайын, окуйм дедиң эле окудуң, эми минтип өкмөт ишине жарап жүрөсүң. Бойго жеткен кыздын бой жүргөнү жарашпайт. өзүң теңдүү бирөө менен кол кармашып, турмуш курсаң... элге окшоп неберелүү болгум келет… Айткан сөзүмдү жаман көрбө, сени мен жаман болсун дебейм, балам.

Мөөржан анда деле адатынча унчукпай кутулган. Анан ошондон көп өтпөй бир күнү иштен келсе, эшик алдында эки машина токтоп туруптур. Ирегедеги мешке казан асылып, эт кайнап жатат. Апасы кирип-чыгып күйпөлөктөп конок камын көрүп жүргөнсүйт. Ичкери кирсе чочун кишилер, анан бир кемпир отурган экен. Апасынан «булар кимдер?» деп сураса, «мындайыраак тайкелериң болот» деп койгон.

Эгер тайкелериңе күйөөгө берип жатам деп ачык айтса, Мөөржан токтотуп коймок. Мен силерден күйөө сурадым беле деп ороңдомок.

Мөөржандын эки ата өткөн тайжеси Кетмен-Төбөгө күйөгө тийсе да, Аксыга байма-бай каттап турчу. Тайжесинин көзү барда минткен эле:

— Тууганчылыгыбыз алыстап баратат. Катташыбыз да үзүлүп калды, карыдык. Бүгүн бар дүйнө, эртең жок дүйнө. Неберелерибиздин бирөө жарымын кудалашып, сөөк жаңыртып коёлук – дегенде тайнеси:

— Туура айтасың, экөөбүздүн көзүбүз өтсө балдарыбыз катташпай деле калышат ко. Бирок, неберелерибиз чоңойгуча качан? Аман-эсен чоңое беришсинчи, анан көрөбүз – деген эле. Андан көп өтпөй тайнеси жүрөгүнөн ооруп каза болуп калды. Мөөржан анда 13 тө эле. Мөөржанды окуну бүтүп, борбордо окуп жатат деп уккан тайжеси Кетмен-Төбөдөн эки курдай келген. Ал окууда болгондуктан көрүшпөй калган. Ошондо Мөөржандын апасына кулак какты кылып каңкуулуп кеткен.

Эртеси жаштар отурган машинага Мөөржан жеңеси экөө отуруп тайкелерин узатышмак болду. Кайдан узатмак эле ошо бойдон Кетмен-Төбөгө чейин барып, тайжесинин үйүнө келин болуп кирди.

Убакыт токтобой өтө берди. Ал Каныбегин дагы деле унуткан жок. Күйөөсүн Каныбектей сүйбөсө да, сыйлачу. Сен-мен дешпей, арадан бир жыл өттү.

Мөөржандын денеси улам оорлоп, ай күнү жетип баратты. Күйөөсү аны төрөт үйүнө алып келгенде күн чылк бүркөө эле. Мөөржан аман-эсен көз жарды. Уулду болду. Наристе ыңаалап жарык дүйнөгө келгенде, күн күркүрөп, чагылган чартылдап, жамгыр төгүп турду… Мөөржан ымыркайын алгач ирет колуна алып, «Жамгырым менин», — деди да бооруна кысты. Эненин көзүнөн аккан жаш жүзүн жууп, дүйнөгө жаңы келген наристенин бетине тамып жаты…

***

Убакыт деген учкан куш экен, арадан билинбей жылдар өтө берди. Уулу Жамгыр аскерден келип, айылда бир жыл иштеп, кийинки жылы айыл чарба институтуна окууга кирди. Атасынын бир тууган иниси шаарда болсо да, Жамгыр жатканада жашайт эле. Агасыныкына тынбай барып турчу. Бүгүн да ошол агасыныкына жөнөдү. Жаздын жели эркелеп ага аралаш мелүүн жамгыр себелеп турду. Жамгыр агасынын үйүнө кире берерде ичкериден атып чыгышкан эки кыз: «Айий, жамгыр»м– дешти жарыша. Эч нерседен капарсыз келаткан Жамгыр:

— Мага сүйлөдүңзбү? – деди чочуган түрдө.

— Эмне, сизди чочутуп алдыкпы? – деди кыздардын бири кол чатырын ачып жатып.

— Андай деле эмес, менин атымы айтып чакыргандай болгонуңардан эле…

— Сиздин атыңыз ким эле? Кыздардыкындайбы?

Аңгыча сырта ойноп жүргөн Руслан агасын көрө коюп:

— Жамгыр байке, Жамгыр байке, -деп тигилерди көздөй адыраңдап чуркап келди.

— Жамгыр дейби? – Кыздар бири-бирине таңдана карашты.

— Кошуна жашайт турбайлыбы кыздар, таанышып коелу, менин атым Жамгыр.

— А меники Мира, — деп чакылыктады чачы кесилүүсү.

— Мөөржан — деди экинчи кыз.

— Эмне? Мөөржан?

— Аябай чоочуп кеттиң го? Сүйгөн кызыңын атына окшош бекен? – деди Мира.

— Жок, апамын атына…

— Анда апа деп жүр, — деди Мира Русланга момпосуй берип жатып.

— Жамгыр. Жакшы ат экен. Менин папам жамгырды аябай жакшы көрөт. Жамгыр жаап турганда төрөлсөңүз керек,— деди Мөөржан.

— Балким — Жамгыр ийнин куушуруп койду.

Ошондон баштап булар такай жолукчу болушту. Жамгыр Мөөржанды көрүш үчүн эле агасыныкына адаттагыдан көп келчү болду. Таанышканына бир жылдан ашуун убакыт өттү. Мөөржан Жамгырды такай үйүнө чакырат. Анын сүрөтүн атасына көрсөткөнүн, атасы жактырганын, анан дагы үйүнө чакырганын айта берет. Бүгүн да Мөөржан Жамгырды атасы күтүп жатканын айтты. «Барса барайынчы» деп чечти Жамгыр. Эшикти ачкан чачын ак аралаган, жашы элүүлөрдөгү, толугураак кишиге салам айтты Жамгыр.

— Папа, бул Жамгыр, — деди Мөөржан атасын кучактай.

— Эң жакшы, кел. Кире кой, менин ысмым Каныбек, — деп колун сунду тиги киши. Мөөржан бөлмөсүнө кирип кетти.

— Сүйлөп отур балам, кайсы жерликсиң, канча бир туугансың?

— Кетмен-Төбөлүкмүн, беш бир тууганмын – деди Жамгыр оңтойсуздана.

— Ата-энең кайда иштейт?

— Атам Рыскул совхоздо, апам мектепте, аты Мөөржан— бөлмөсүнөн чыккан Мөөржан экөө тиктеше күлүп коюшту.

— Апаңдын туулган жери да Кетмен-Төбөбү?

— Жок Аксыдан. Турмушка чыккан жери Кетмен-Төбө. Атам ала качып келген экен.

— Сен апаңа окшош болсоң керек? – тиги киши ойлоно калып олдоксон суроо берип алды.

— Ооба, кантип билдиңиз?

— Мен… мен жөн эле болжоп… Ыя кызым, мейманга чай алып кел, мен азыр, — ал тамагын кырымыш болуп, жаш балага уурусун карматкандай ордунан тура качты. Ички бөлмөгө кирип, көзүнүн кычыгына пайда боло калган жашты сүртүп жатып күбүрөндү: «Айтпадым беле, өзү, куюп койгондой окшош, ушундай да жолугушуу болот экен э, тобо кылдым. Энесинин эле өзү. Таң каларлык… өткөн өттү. Эми ушул жалгыз кызым Жамгырга баш кошуп, ылайым бактылуу жашаса экен, биз аздектей албай калган махабаттын учугун экөө улантса экен»…

Өткөн окуя азыр болуп жаткандай көз алдына тартылып Каныбектин денеси бир башкача чымырап чыкты.

***

Каныбек Мөөржанга жолугуп келгендин эртеси ишинде аябай көңүлдүү отурган. Бир маалда каалга акырын такылдады.

— Ачык кире бериңиз,— деди Каныбек. Ууру мышыктай жыла басып Имиш баш бакты:

— Саламатсызбы?

— Ой келгиле, саламатчылык. Кел Имиш отур, келип калыпсың, тынччылыкпы деги, сүйлөй гой?

— Тынччылык эле, бир болбогон иш менен, — ал сөздү эмнеден баштарын билбей буйдалап калды.

— Айта гой, айта бер.

— Каныбек, — бир аздан соң кабагын чытый – Сиз эң жакшы адамсыз, мен сизди сыйлайм, бирок… сиз… алданып жүрөсүз.

— Эмне дейсиң, ким ал, мени алдап жүргөн? – Каныбек эчтекеге түшүнө бербеди.

— Мөөржан…

— Мүмкүн эмес, ал мени кандайча алдап жүрөт?

— Кудай урсун сизди алдасам… өмүрүмдө эч кимге жалган сүйлөгөн эмесмин, — Имиш аптыга, аптыга сүйлөп жатты, — сизди начар кыз менен байланышып, жаман атка конушуңузду каалабайм…

— Болбогон кеп, деги эмнени айтмаксың муну менен. Мөөржан сен ойлогондой кыз эмес, мен аны жакшы билем. Болбосо айтчы, мени кандайча алдап жүрөт, кана? – Каныбектин ачуусу келе түштү.

— Эмесе угуп туруңуз… Ильясты билесизби? – Имиш бозоро түштү.

— Мөөржанга сөз айтып жүргөн жигитпи?

— Сөз айтып жүрөт дедиби уялбай? Кезинде өзү сөз айтып мени оргого салган.

— Койчу? – Каныбек уккан кулагына ишене бербей чоочуп кетти.

— Чын айтам – Имиш өктөм сүйлөдү – кудай урсун, ошо кудай ушу.

— И-и анан, дагы эмне болду айта бер?

— Ананбы? – Имиш кайра-кайра тамагын кырына сөзүн улады, — анан экөө жүрүштү, кийин эле сизди таап алып, Ильясты жээрип, жанына жолотпой уруша баштады. Ушул күздө тойлору өтмөк болчу, сиз алардын ортосуна сайылган тикенек болдуңуз да калдыңыз…

Каныбек бир нерсе демекчи болуп баратып, акырына дейре чыдап угайынчы дегенчеликте токтоп калды. Имила жебирей берди:

— Мөөржан сизди деле анча сүйбөйт, Ильясты деле. Ал ар кимди сүйөм дей берип көнүп калган. Ал өз өңүнө, чырайына ишенет. Кайсы жигитти болбосун имерип алам деп ойлойт. Эгер ишенбесеңиз мына, азыр, — Имиш сумкасынан бир нерсе издей баштады. Анан эки сүрөт, бир катты алып чыгып, Каныбекке сунду. Мөөржандын сүрөтүнүн артында: «Өмүрлүк сүйгөнүм А…га. Мөөржан» — деген жазуу жүрөт. Каныбектин өңү кубара түштү. Экинчи сүрөттө Мөөржан менен Ильяс эле. «Алдамчы» — деди Каныбек ичинен сүрөттөрдөн көз албай. Кат болсо анын айылындагы курбу кызына жазган дубай саламы болуп чыкты. Анын аягында «Курбум, мен азыр мындагы жигит сөрөйлөрдүн барын чанып, Каныбек аттуусун торго түшүргөм» — деп жүрөт. Каныбектин беттери чымырап кетти. Кыжыры келе:

— Сен буларды кайдан алдың? – деп корс этти.

Имиш коркуп кетти. Бирок, анысын билгизбеске аракет кыла:

— Билесизби, бул катты ал почтага салам деп унутуп коюптур, сүрөтүн болсо жигитине берем деп жүрүп бербей калган, берки дагы альбомунда жүрүптүр – деди бейкүнөө түр күтө.

— Мага калтырып кет, бардыгын. Аны менен өзүм сүйлөшөм.

— Жок! Имиш секирип кетти, — сиз анда мени өлтүрөсүз, мен сизди деп, сизди аяп, сиз үчүн алдыңызга келип олтурам, сизден башка бөлөк бирөө болгондо эмне болсоң ошо бол демекмин, анын үстүнө буларды андан уруксатсыз алып алдым, кайра алпарып ордуна коюп коюшум керек издеп кала электе. Бул кылганымы билсе, ал мени тытып жейт, мен баарын сиз үчүн жасап атам, сыр бербей жүрө бериңиз, сиз деле акыры өз көзүңүз менен көрөсүз, эгер колуңуздан келсе мен тууралу ооз ачпай эле коюңуз.

Аягында булар жөнүндө айтпасаңыз экен, — деп жалбарып кирди. Каныбек аргасыз бул шартка да макул болду…

Каныбек ушундан кийин бир жума өзүнө келалбай кыйналып жүрдү. Тамакка да табити тарпай койду. Ишине да көңүлсүз келип кетет. Жап-жаш кызга алданып жүргөнүнө арданып, жанына барып жаакка чаап, уяткарып салгысы келет. Бирок, мончоктой кызды чапканга колу барбайт. Ээрчишип жүргөнүн, кучакташып күлгөнүн эстеген сайын ичи эзилет. Баргысы келет, бирок, Имила айткандар жалган болсо, эмне үчүн Мөөржан телефон чалбайт деп ойлойт.

Ушинтип ой басып жүргөндө Мөөржан телефон чалып калат. Эртең барам деген себеби да ушу, эртеңге чейин оюн жыйынтыктап, Имиш айткандардын чын-төгүнүн кантип аныктап алышты ойлонуп атты.

Бирок, тилекке каршы ой басып келатып эле өйдө карай калса Мөөржан менен Ильяс кол кармашып туруптур. Алыстан экөөнүн жулкулдашып атканын байкаса Каныбек да башкача чечимге келет беле, ким билет?

Имиш андан чыгып култуңдай сүйүнө, Ильяска барды, жалган кат, сүрөттөргө Каныбектин ишенгенин айтты. Алардын эмки максаты Мөөржандын туулган күнүндө Каныбектин атынан гүл берүү эле.

Экөө ээрчишип университеттин жатаканасында жашаган таанышыныкына келишти. Ал таанышын араң көндүрүп, туулган күн болгондо гүл бере турган кылышты. Гүлдүн ичине кат салышты.

***

Бир топ жыл өткөндөн кийин Каныбек Калбүнү капысынан жолуктурду. Экөө эски тааныштардай ал-жайды сурашып, көпкө турушту. Мөөржан жөнүндө эчтеке укпасын билген Каныбек өзү баштады:

— Мөөржан менен кат алышып турасыңбы, балалуу болгондур?

— Кат алышпай эле күндө көрүшүп турабыз, экөөбүз тең Кетмен-Төбөгө турмушка чыкканбыз, бир мектепте иштейбиз, жакында уулду болгон…

— Таластык жигитке чыкпай калды беле? – Каныбек ашыга сурады.

— Ага эмне чыкмак эле? Мөөржан сиз ойлогондой кыз эмес болчу.

— Экөөнү сүйлөшүп жүрүшөт дебеди беле? –

— Ким?

— Имиш. Ал дагы көп нерселерди айткан, мен…

— Имишке ишенсеңиз… жыргаган экенсиз…

— Имиш ошондой кыз беле?

— Жакшы болчу, бирок, сизге гана, — Калбү ыза болуп кетти – эми түшүндүм бардыгын, биз үчүн сиз табышмак бойдон калгансыз. Көрсө Имиш…— андан аркы сөзүн айталбай, — чыккынчы, — деп жиберди көзүнө жаш имере.

— Имишке бекер эле доо коюп жатасың. Ал Мөөржан менен Ильястын бирге түшкөн сүрөтүн көрсөткөн…

— Ах, сүрөтүнбү? – Калбү сөзүн бөлүп кетти, — анын колунан эмне гана келбеген, кимдердин гана убалына калбады? Андан көрө окуусун бүттү беле деп сурабайсызбы? Акыркы курска көчкөндө Имиштин ичи билинип калды, көрүнгөн доктурга барып, боюман алып бергиле деп жалынат, бирок кимисине барбасын өтүп кетиптир, андан көрө аман-эсен көз жарып ал деп кеңеш беришет. Мугалимдер билип калып, боюңа кимден бүтсө ошого тий дешет. Ал уялбай туруп Ильястан дейт, анысы мойнуна албайт, анан Имишиңиз сотко берет, окуусун таштап кеткен, калганын билбейм эмне болгонун, а сиз болсо, бирөөнүн тилине кирип алып, Мөөржанга кат бересиз?

— Кандай кат?

— Мөөржандын туулган күнүндө гүл берип жиберген болочок жарыңызды унутуп койдуңузбу?

— Түшүнсөм буйрубасын, эч кандай гүл берген эмесмин.

— Демек, ал да Имиштин колунан келген экен да…

— Билбейм садага, ишенсең башым айлан-көчөк болуп турат… өткөн күндөр мени шылдың кылып, каткырып кете берген турбайбы? Кайдагы ушакка уюп… — Каныбек оор үшкүрүп башын жерге салды.

— Сизди көрдүм деп айтсам, Мөөржан кандай болор экен.

— Жок, Калбү садага, мени көрдүм деп айтпай эле кой, мунун баары биригип келип – буйрукта, экөөбүзгө бир үйдүн тузун буйрубаптыр… — Каныбек жалдырай тиктеди.

— Бүгүн качанкы бир чечилбей калган табышмактын түйүнү чечилди. Ортого ким чок ыргытканын Мөөржан да билүүгө тийиш. Демек ,сизди көрдүм деп айтуу менин милдетим…

Өткөндү эстеп көңүлүнө дүрбөлөң түшкөн Каныбек кантер айласын таппай, бөлмөдө жалгыз отурду. Качандыр бир кезде кучагында туйлап турган узун чач, кара көз, ак тамак Мөөржанды эстеген сайын ичи эңшерилет. Маңдайындагы күзгүнү карап, ак аралаган күмүш чачтарын салаалары менен сылап койду.

Ашканада өздөрүнчө бактылуу жобурашкан Жамгыр менен жалгыз кызы Мөөржан да аны унутуп калышкандай…

 

Китептин бүт жаздыруу

 

© Карагулова Б., 2010. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 2825