Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Карагулова Б., 2010. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 24-июлу

Бурулкан КАРАГУЛОВА

Айжамал

«Жамгыр» жыйнагынан алынган аңгеме. Чыгарма окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналат.

 

Бир күнү ырчы бала келип, конок болду биздикине. Сүйлөшүп отуруп эле кеп ортодо:

— Эже, мен бирөөнү сүйүп калдым, — десе болобу.

— Ок! – деп чочуп кетипмин, — балдардын көзүнчө да ушундай дейби?

— Балдарыңыз башка бөлмөгө кирип, сабак даярдап турсунчу, эже. Мен сырымды айтып, жеңилдеп алайын.

— «Сууну сиңген жерге чач, кепти уккан кишиге айт» дегендей, сырдаш жоро-жолдошторуңа айт, мага кантип айтмак элең? Кой, укпай эле койдум, — дедим жактырбай.

— Эже, анда кулагыңызды жаап угумуш болуп отура бериңизчи, мен айта берейин.

Аңгыча балдарым да башка бөлмөгө кирип кетишти, ошондогу ой-боюма койбой айтып берген Айдардын аңгемеси:

 

…Концерт коюп түштүккө баргам. Эми түштүктүн элинен айланса гана болот ко. Ырчылар үчүн акыркы дүйнөсүн сапырат, коноктогону өзгөчө. Түштүктөн башка жерде антишпейт. Болжогон убактан ашыкча жүрүп калдым. Бир күнү айылдаш кызым үйүнө чакырды. Жалгыз бардым. Ал бир курбусу менен экен. Курбусу Айжамал биздин райондон болорун, күйөөсү, баласы барын айтып, эртесине ал үйүнө чакырып кетти. Айжамалга анча деле назар салган жокмун, бирок аябай сулуу экен. Биздин райондон канча кыз же эжелер менен тааныштым, баары эле сулуу келишет, Көбү өз районунан сыртта, «чоочун жерге шак ийип, мөмө төккөнү» кетишсе керек.

Эртеси Нурзат экөөбүз Айжамалдыкына бардык. Күйөөсү аябай бапыраңдап тосуп алды. Аты Болот. Дасторкон үстүн жайнатышыптыр. Жүдаа саз отурдук. Ичкилик ичилди. Сырлар айтылды. Болот «сени менен аккан дос болом» деп кол берди. Экөөбүз кызуулуктан аккан дос болуп, кучакташып аттык. Айжамалдын күлкүсү менен кылыгы мени кытыгылайт. Бирок, оюмда арам жок эле. Бир маалда Болот отурган эле жеринде уктап калды. Биз кухняга барып дагы ичтик. Ичкилик дегенде билесиз го, оозу-мурдубуздан, дагы башка жагынан чыгып кеткиче ичебиз. Айжамал мас болуп калып, арманын айтып ыйлай баштады.

Мен сооротуп атып, өпкүлөй баштапмын.

— Жүр, эс ал, — деп колунан жетелесем, баса алчудай түрү жок, так көтөрүп алып спальныйга жөнөдүм, эри залда уктап жатат. Чечинип жаткызып өпкүлөдүм. Эрининин ысыгын айтың! Кантип үстүмдөгү киймими сыйрып ийгеними да сезбей калдым. Көл тартып баратканда жандалбастайт ко, ошентип далбастап кулач урумуш этип чөгүп кеттим. өчүп калыпмын.Бирөөнүн колу жонуман түрткүлөгөндө ойгонуп кеттим. «Күйөөсү келип калган турбайбы» деп коркуп, жамына калайын десем, үстүбүздөгү жууркан жок. Эми былкылдасам эле башыма балта менен чаап ийет, ошондуктан «шак» тура калайын десем, саздакка батып калгандай туралбайм, араң зорго суурулуп чыга баштадым.

— Коркпо, мен эле, — деп Нурзат үн салганда гана эсими жыйдым, көрсө калтырап калыпмын да.

— Кечирип койчу Нурзат, ит болуп көзүм илинип кеткенин карабайсыңбы. Эри ойгондубу?

— Ал ичкенде башына балта соксоң да ойгонбойт. Анын жанына сага төшөк салып койдум. Мен муну кийинтейин да жанына жатып калайын. Эрте менен кеч ойгонуп, эрине колго түшүп калбасын.

— Мен ваннага жуунуп келип, салынган төшөккө жатып калдым. Эри курулдап уктап жатат. Мен эмне иш бүтүрүп келгеним менен иши жок. Ойлонуп жатып, уктап кетипмин.

Эрте менен Айжамал ойготту мени. «Алар кайда?» десем:

— Качан эле ишке кетишкен, экөөбүз эле калдык, мен да эжемкинен баламды алып келишим керек, — дейт. «Экөөбүз эле калдык» деген ишаратынан улам колунан тартып төшөккө жаткырсам:

— Апей, кой уят болот, — демиш этти.

— Кечинде эле бетибиз ачылып калбадыбы, — дедим да, өпкүлөп кирдим. Сууга түшкөн экен, жыпар жыты буркурайт. Эки саатча жаттык. Дегеле эзилишип бүтчүдөй эмеспиз. Сүйлөшөйлү десек ,өбүшүүдөн оозубуз бошободу. Аңгыча эшик чырылдап калды. Айжамал ыргып турду да:

— Уктамыш болуп кал, — деди шашып чачын, халатын оңдонуп барып ачты.

— Айдар ойгондубу? – деди эри кирери менен.

— Жок. Аның уйкучу окшойт, тамак бышырып алып күтүп эле отурам, турбайт.

Мен болсо коңурукту кош тартып калдым, кантсе да артисмин да. Ал мени ой боюма койбой ойготту:

— Тур дос, чай ичели, тамак да бышып калыптыр, шаар көрсөтөм, природага алып чыгам, — деди эбелектеп.

Ваннадан чыксам төшөктү жыйып, үйдү заматта мизилдетип коюптур, тамагы да даамдуу болуптур. Жүрөгүмө тамак баспайт. Уурудай болуп Айжамалдын кыймылына көз чуркатып отурам. Ушундай жарга жеткен күйөөсү кандай бактылуу. Эмне үчүн мурда жолуккан жокмун? Сүйүп калдымбы кашайып? Ушунча бой кыздар жүрсө, күйөөсү бар келинди сүйүп…

— Ке, Айдар, эмне тамак жебей атасың, башыңы жазып алчы, — деп арак куя баштады.

Шаарды көрсөтүп, кечинде театрга келип калам деп кетти. Концерттен чыксам, үчөө тең күтүп туруптур. Болоттукуна келдик. Дагы эле кечээги көрүнүш. Бирок, Болот уктап калган жок.

Кайра:

— Нурзат менен Айдарга залга төшөк салып бер, — деп атпайбы.

— Койгулачы, — деп Нурзат чочуп кетти. Нурзат турмушка чыга элек болсо, экөө сүйлөшүп жүрөт ко деп ойлосо керек. Нурзат таарынгандай түр кылып койду эле күнөөсүн тартып, Айжамал баласы менен Нурзат үчөө залга, өзү спальныйга, мен балконго жатмай болдук. «Кудай жалга» деп сүйүнүп кеттим. Жаттык. Менде кайдагы уйку. Түн оогондо жылып Айжамалымын койнуна кирдим. өзү да күтүп аткан экен. Нурзат уктап калгандыр деп көзгө илбей, өз ишибизге кириштик. Деги тургум жок.

— Мындай ишти абайлаш керек, этият бололу, колго түшүп калбайлы, — дейт шыбырап. Анан эрте туруп экөө тең кетет – деп кошумчалап койду.

Эртеси экөө тең кетери менен дагы жылып Айжамалга жеттим. Ал эркелеп колдорун мойнума артып, өпкүлөй баштаганда:

— Айжамал мен сени алып кетем шаарга. Үйлөнөбүз, күйөөң менен ажыраша аласыңбы? – деп сурадым.

— Мунуң күтүлбөгөн суроо экен, — деди да, саамга ойлоно калып, — күйөөмүн жаманчылыгы деле жок, көрүп атасың го. Бирок, мына үч жылдан ашты жашаганыбызга, төшөктө рахат алуу эмне экенин билбейт элем ,эки күндөн бери сенден көрүп атам, ошон үчүнбү, айтор, сени сүйдүм да калдым, эми сен кетсең кантем – билбейм.

— Алып кетем сени, балаңы да. Балаңа ата болом. Эртең эле кетебиз. Канчоосу менен болдум, бирок сендейди жолуктура элек элем. Макул де, жаным, кетели.

— Шашылба, биз болгону эки эле күн чогуу болуп атабыз. Артистердин турмушун билем го, эртең алып барып, талаага таштап кетсең, кайда барам? – деп ал сөзүнүн аягына чыга электе күтүүсүздөн эшик шыңгырап калды.

— Күйөөм окшойт, -деп коркуп кетти, — эрте келбейт эле, уктамыш болуп жата бер.

Ордума баратып балконду жаап салыптырмын байкабай.

Алар кухняда кыжылдашып эле атышты. Шекшип калды окшойт. Анын үстүнө ал атайын белги кылып кеткен балконду мен жаап салып атпаймбы? Болот келип мени «ойготкон» жок. Айтор, эшик тарса-турс болду да, үндөрү чыкпай калды. Балкондун тилкелеринен жаткан калыбымдан карасам, Болот чыгып баратат. Көрсө балкондон баары көрүнөт турбайбы, ал ишке кетпей эле мени аңдып турган окшойт, мен аялынын койнуна кирерим менен беш мүнөт өтпөй келип атпайбы. Айжамал көзүн жашылдантып бир топтон кийин келди.

— Эмне болду?

— Эч нерсе деле. Бир нерсе шекшип калса керек, кетсин дейт сени, эми келбешиң керек биздикине, ал келгиче кетип кал.

— Сенчи? Сен каласыңбы? Мен кантем?... Кийингиле балаң экөөң, азыр эле алып кетип калайын.

— Болбойт да. Турмуш куруп кеталбай калсак эмне болот?

— Демек, сен мени сүйбөйт экенсиң да?

— Экөөбүз бир жылдан бери ушинтип жүрсөк ишенет элем.

— Азыр ишенбейсиңби?

— Жок!

— Анда мен кеттим, — деп шапа-шуп кийине баштадым, ал мени таарынып калды деди окшойт, отура калып ыйлап жиберди. Каалганын туткасын кармап туруп:

— Мен кетпейм, дагы сынап көр, кокус сыныңа толбой калсам, анан кетем шаарыма. Нурзат аркылуу кабар берем, жакшы тур, — дедим да чыгып кеттим.

Түнү менен ыр жазып чыгып, «Айжамалга берип кой» деп Нурзатка берип, Айжамалды ээрчитип кел дедим. Көпкө күткөн жокмун, тез эле келишти. Эки жашар баласынан тартынып жакшы көрүшө албадык. Шампан ичилип бүткөндө Нурзатка акча берип, баланы базарга апарып келчи дедим. Алар чыгары менен Айжамалым мени көздөй кулачын ыргытып, шырдактын үстүнө сойлоп жаттык.

— Менин булбулум экен деп жүрсөм, акын дагы турбайсыңбы? – деп башыман сылап эркелетти.

— Ошол булбул гүлгө келип конуп, балын соруп атпайбы, -дедим да, эмелеки сатып келген саатты колуна тактым.

— Ой-ий, укмуш го, бул магабы, биринчи жолу ушундай кымбат белек алып атам!

Эртең да жолукмак болуп коштоштук. Эртеси жолдошторума жолугуп, такыр бошой албай аттым, эмнеси болсо да болсун деп телефон чалдым, биртке ичип да алгам.

— Алло, Нурзат, мен Айдармын, — дегенде эле:

— Ой, Айдар кандайсың, эмне жок болуп кеттиң, каяктан чалып атасың, шаарга кете элексиңби, жакын жердесиңби, анда кел, сюрприз бар, кел, анан айтам, сөзсүз кел, күтөм. – деп трупканы коюп койду. Жанында тигилер бар экенин дароо түшүндүм, такси кармап жетип келдим. Болот сыр бербей канатын жайып:

— Ой, дос кандайсың, сени кетип калды дешпеди беле? Эмне келбейсиң? – деди.

— Сырткы райондордо концерт коюп жүрдүк – деп койдум. Нурзат менен да көптөн бери көрүшпөгөндөй болуп кол алыштык.

Конокко болбогон оюма койбой алып кетишти. Машинада баратып эч кимге көрсөтпөй Айжамалдын колун кармасам, чымчып алды.

Бүгүнкү конокто мен көңүлсүз отурдум. Кичине ээн боло калсам эле, Нурзаттын кулагына эңкейип Айжамал жөнүндө сүйлөшөбүз. Эси дартымын баары эле кантип ээн-эркин жолугуу. Кашайып улам эле ыр-кесе сунушат. Ар кандай шылтоо менен ырдабай аткам. Үй ээси төш чөнтөгүмө 100 сом салып «бул оштуктардын салты, өзүңө жаккан ырыңан ырдап кой» деди. Ыңгайсыз боло түштүм:

— Ансыз деле ырдайм, акчанын кереги жок, -десем:

— Ой, андай болбойт, ал, ал – жапырт хор менен айтып ийишти. Чөнтөккө салып койдум. Улам ырдаган сайын Болотко арак ичирип аттым. өзүм «ырдай албай калам» деп, анда-санда бир алып коем. Акыры ойлогон оюм ишке ашып, Болотту мас кылдым. Адатынча отурган жеринде уктап калды, түн ооп калган.

— Биз эс алалы, эртең жол жүрөм – дедим үй ээсине.

Төшөктү баарыбызга чогуу Болоттун жанына салдырттык. Досум менен берки четте, ортодо Нурзат, ары четте Айжамал эринин жанына жатты. Үй ээси «жакшы жаткыла» деп эшикти жаап кетер менен аттап-буттап Айжамалга жеттим. Колдорубуз оролуп шап эле жупташа түштүк. Аябай сагынышыпбыз, аны өбүшүү, сүйүшүү менен гана далилдедик.

Эри ойгонуп кетсе эмне болот деген коркунуч экөөбүздө тең болгон жок. Эгер кокус ойгонуп кетип, бизди колго түшүрүп алса, Айжамал экөөбүз кол кармашып ээрчишип кетишке даяр элек. Ал килтейип коңурукту кош тартып жаныбызда жатат. Аялы эмес, дүйнө түшүп кетсе да бейкапар. Ак никелүү, ак келиндин никесин бузуп, бактысына беш манжамы матырып тургандан айбыккан жокмун. Аны ушунча сүйүпмүн, ал тургай никелешкен жарынан кызганып, ичим күйүп, өзүмүн гана энчимдей алдымда басып жаттым. Теңирдин закону экен өз кезегин алып таң сүрүп келатты.

— Эми кетип каласыңбы? – деди алтыным муңайып.

— Жок, кетпейм. Кетпей калдым. Сен көнсөң алып кетмекмин. Дагы ойлон, 2-3 күндөн кийин сөзсүз кетем. Түш ченде Нурзаттын үйүнөн жолугалы.

— Чын эле бүгүн кетпейсиңби? Анда биз менен чогуу кет. Үч күндөн кийин айылга барабыз. Азыр ойготкондо турбай кой. Бир шылтоону айтып, 1-2 күндөн кийин кетет окшойм де. Эрим да уксун. Машинада бир орун бош – деди Айжамал жаркылдап.

Макулдаштык. Жаңы эле ордума өтүп жатканда аркы бөлмөдөн саат шыңгырап калды. Үй ээси саатты беш жарымга койгон. Чала уйкусу менен кышылдап биз жаткан бөлмөгө кирди. Ал мени ойготкону келатат. Себеби биздин районго автобус алты жарымда гана жөнөмөк. Демими чыгарбай дымып калдым. Адегенде акырын айтты «Айдар, Айдар» деп. Болбой эле катуу уктап атам. Анан түрткүлөп кирди. Өлө катуу уктаган болуп тескери бурулуп жатып алдым. Болбойт деди окшойт, жулкулдатып кирди.

— Ой, эмне? – деп койдум калптан.

— Тур, саат алтыга карады, автобуска кечигесиң, — деди күнөөлүдөй.

— Мейли кечиксем, эртең деле кетем, уктап алайынчы.

— Кудай жалгасын андай болсо, бизге сенин кетпегениң жакшы. Уйкуң канганча уктай бер, бүгүн апамдардыкына конок болосуң, — деди да үстүмү жаап, сүйүнгөнүн билдирип чыгып кетти.

Айжамал экөөбүздүн тилегибиз ишке ашты. Алар менен чогуу кетмей болдум. Көздөгөн максатымы, ойлогон оюму бүт унуттум. Мага Айжамалдан башка эч кимдин кереги жок болуп көрүндү. Бир аял үчүн башымы сайдым. Адегенде баары түшүмдөгүдөй сезилген. Түшүм өңүм болду. Жомок дедим эле, жомогум чындык болду. Никелүү аялды күтүп жүрүп өмүрүм өтүп кетерин эстесем ыйлагым келет…

Адам ниет кылса жасайм дегенин жасайт экен. Үч күн тең эбин таап Нурзаттын үйүнөн жолугуп аттык. Чын сүйгөнүмү далилдеш үчүн бир күнү өтүк сатып бердим, эртеси лама пальто, айтор ырдап жүрүп дубанадай чогулткан акчаларды бүт сарптадым. Ага чейинки жолукан кыз-келиндерге бир нерсе сатып бермек түгүл, тескерисинче аларды кактачумун, такыр болбоду дегенде арак алдырып иччүмүн. Көрсө мен дөөлөткө мас болуп жүргөндө, алардын көзүнө чөп салып жүргөн турбаймынбы? Бир барган келинге кайра жолочу эмесмин.

Кетер күн да келди. Айжамал эжеси, сиңдиси мен бешөөбүз болуп жөнөп калдык. Коңшу районго чейин Айжамал алдыда отуруп келди. Ал жерден баарыбыз жерге түшүп, биртке эс алымыш этик. Болот машинасын чукулап аткандан пайдаланып, Айжамал экөөбүз сырдашып ала койдук. Аны артка отур дедим. Ал эжесинин кош кат экенин айтып, аны алдыга отур деп көндүрдү. Эжеси экөөбүздүн мамилебизди билчү:

— Макул, отурайын. Бирок, этият сүйлөшкүлө, Болот муну аябай кызганат – деди. Анткени баятан бери күлкүлүү сөздөрдү айтып, кээде колуму Айжамалдын ийнине коюп, мойну-башын эрине көрсөтпөй кармалап келаткам. Эжеси ошону эскертти азыр. Машинага жеткенде алдыңкы кабинаны ачып:

— Келиңиз эже, олтуруңуз – дедим. Болоттун көзү чакчайып аялын карап “сенчи?” деди булкунуп.

— Мен артка эле отурайын, эжем кыйналып калыптыр – деди кабагын бүркөп.

Күүгүм кирип баратат. Токтоп калган сөздүн учугун оо бир топтон кийин уланттык. Тамаша, куйкум, күйдүргү сөздөрдү сүйлөп атып баарынын көңүлүн көтөрдүм. Айжамалдын балтырын кармап келаткам. Ыңгайлаштырып белинен кучактап отурдум. Же колун же бутун кармалайм, же эки бутунун ортосуна колуму салып, айтор эбин таап анын делебесин козгоп келаттым. Баласын уктата турган болуп мага ооп отурду. Мен ийинине колуму артып алдым. Болот кыйч эткирип тормозун тепти да артка карап:

— Эмне экөөңөрдүн бетиңер ачылып калдыбы? «Көрбөйт деп ууру кылба», же мени эч нерсе туйбаган эшек деп ойлоп келатасыңарбы? – деди түгү бетине чыгып.

— Эмне болду? — деди Айжамал.

— Атаңдын башы болду!

— Э дос, сабыр кыл.

— Достон айланасыңбы, энеңди… түш жерге – десе болобу сөгүнүп.

— Түшсө түшөм, бирок, жөнү жок ачуулана бербе? – деп кабинаны ачтым.

— Жогол көзүмө көрүнбөй –деп машинасын жүргүзө турган болгондо Айжамал ыргып түштү менин артыман.

— Эрдик кылып кой союп, иттик кылып төш тартпа. Ээн тала, эрме чөлгө түшүрүп салгыдай эмне кылды сага? Болот машинадан атып чыгып, Айжамалды жаака тартып-тартып ийди. Ары жагынан эжеси чуркап келди.

— Айбан болбогула, эсиңерге келгиле, бул жер үйүңөр эмес – дегиче арытан эки милиционер чуркап келатыптыр.

— Эже отур, бул экөө кала берсин – Болот шак отуруп машинасын жүргүзүп калганда , эжеси Айжамалды түртүп кыргизип, менин ордума өзү отуруп, мени «алдыга өт» деди. Аңгыча машина жүрүп кетти.

Болгону «акма-ак, токто-от» деген Айжамалдын гана үнү угулуп калды. Чуркап келген эки милиционер мени эки колдон жулкулдатып калышты:

— Эмне болуп атат, качып кеткендер кимдер, эмне мушташтыңар? Аты-жөнүң ким, наркомансыңбы? Эмне бөлүштүрө албай аттыңар, машинанын номери, шофердун аты-жөнү ким? –деп толгон-токой суроолорду бергиче “лам” деп ооз ача албай калдым. Көз ачып, жумгуча болуп өткөн окуя мени селейтип салды. Отделге алпарып милициялар суракка алып, тепкилерин эстеп эсимди жыйдым. Бар күчүм жыйып:

— Эч кандай наркоман эмеспиз, болгону кичине түшүнбөстүк болуп кетти – деп ким экеними айттым.

— Э, сен Айдар ырчысыңбы?

— Койчу? – деди экинчиси.

— Биз сени телевизордон эле көрчүбүз – деди биринчиси.

— Бирок, ал болбой калсаңчы – дейт кайра беркиси. Мен төш чөнтөгүмөн паспортуму алып чыгып сундум. Алар канатын жайып, кайра баштан көрүшүп, кучакташты.

— Эми эмне кыласың? – дешти.

— Такси кармап айлыма кетем.

—  Сени биз өзүбүз жеткиребиз, жүр биздикине – дешти.

Бирөөсү чуркап өтүп жолдун аркы өйүзүндөгү машинасын айдап келди. Машинага отурар менен «ырдап койчу» дешти. Ичимдеги бугумду чыгарып, эски обондорго салып, төгүп ийдим. Үйлөрүнө алпарып аябай коноктошту. Коңшулары бүт чогулуп, мени көргөнү. Акча кыстырмай кылып атышып, чөнтөгүм бир аз дөмпөйүп калды. Айлыма да жеткирип келишти.

Атама берген убада боюнча бир ай үйдө жүрүп дыйканчылык иштерге каралашмакмын. Бирок кайдан? Көпкө жүрө алган жокмун. Жүрөгүмө тамак баспайт, көңүлүм ачылбайт, эч ким менен сүйлөшкүм келбейт, «жегеним желим, ичкеним ириң», эси-дартымын бары эле түштүктө калды. Көз ирмегиче болуп өткөн чырга алигиче акылым айраң.

Дагы эле өзүмө келе элекмин. Нурзатка телефон чалып билдим. Тынч эле экен. «Болот Айжамалды койнуңан көрүп калса да кечирмек» дейт. Аябай сүйөт экен. Ансыз жашабайм дейт экен. Айжамал да кыйналып жүрөт, сени унута албай дейт. Ал тургай өткөндө эри менен урушканда, ыйлап, «мен Айдарды сүйөм» деп айткан имиш.

Арадан бир ай өттү. Ушул убакка чейин өзүмү коерго жер таппай келдим эже. Көрдүңүзбү арыктаганымы. Эми гана кичине унутууга аракет кыла баштадым – деп сөзүн бүтүрдү Айдар.

Жоругуң жолдо калгыр ай, сүйбөй сүмүрөн калгыр эй! – дедим ордуман туруп баратып.

 

Китептин бүт жаздыруу

 

© Карагулова Б., 2010. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 6933