Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Карагулова Б., 2010. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 24-июлу

Бурулкан КАРАГУЛОВА

Косторка

«Жамгыр» жыйнагынан алынган аңгеме. Чыгарма окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналат.

 

Үйдүн алдында өскөн касторка деген өсүмдүк бар. Дардайып чоң даракка окшоп кетет. Бизде мындай өсүмдүк өсчү эмес мурда. Сырттан алынып келсе керек, иши кылса мен башта көргөн эмесмин. Уругун алпарып, эгип койсом эле өсүп чыкты. Мындан касторка майы чыгат экен. Тикенектерин ачсам, уруктары жүрөт. Терип алып ишке ала келсем, Жумабек сатирик берчи деп калды. Ага берип коюп эле, иш менен чыгып кетип калдым. Кечинде коллектив менен конокко бармакпыз. Саат үчтө баарыбыз чогулуп жөнөдүк. Кетип баратсак эле Жуке айтат:

— Жанагы урукту куурубай койсоң керек? – деп.

— Аны куурубай эгет да, куурусаң чыкпай калбайбы?— дедим.

— Мен жеп салбадымбы?

— Жебейт аны – дедим да, каткырып күлүп калдым.

— Сен кара жерге кир, жебейт дебейт белең, түштөн кийин айтпай – деди мостоюп.

— Ичиң өтүп атабы?

— Кана өтсө, тиягым тырсыйып, ит болуп атам, кыздардан уялганыман жип менен байлап алып келатам.

Мен күлүп, боорум эзилип калды. Жолдун чок ортосуна жетип калган элек, ичими кармап, отуруп калдым. Ал билмексен болуп басып кетти. Мен күлүп бүткүчө машиналар тизилип токтоп турду. “Эжеге эмне болду?” – деп Гуля көрө калып чуркап келди да, мени тургузуп алып келди.

— Эмне болду? – дешти баары бир ооздон. Жукени көрсөтөйүн десем, бир топ узап кетиптир, ага сөөмөйүмү сайып:

-Тиги… — дедим да ыкшый бердим.

— Эже айтыңызчы, биз да күлөлү.

Эптеп атып айтып бердим. Кыздар да күлүп калышты. Бирок, мен күлгөндөй күлүшкөн жок. Эстеген сайын эле күлө бердим. Конокто отуруп да күлдүм. Үйгө жеткенде да күлдүм.

— Эмне эле күлкүң чыгып калган. Сеп этип койдуң беле? – деди күйөм.

— Менин сеп эткеними көрдүң беле? Муногу уруктучу ээ? – деп печканын үстүндө жаткан касторканын уругун көрсөтүп ыкшып күлүп атып, Жукенин айтканын айтып бердим. Ал күлгөн да жок. Болгону:

— Ошо чын бекен? – деди.

— Чын болгон үчүн айтса керек да.

— Анда апкелчи, мен да жейин – деп жеп алды.

Түн бир оокум болуп калганда эрим ойготуп, мени сыйпалады.

— Эмне жип алып берейинби? – дедим уйку-соонун арасында.

— Жибиң менен да, Жукең менен да жогол. Ке мени тургуз, өлгөнү атам – деди.

— Бир жериң ооруп атабы?

— Атаңын башы, алты жерим ооруп атат, тазикти апкел.

— Ичиң өтүп атабы?

— Оңолоюнчу, сага ич өткөндү көрсөтөм.

— Деги эмне болуп атасың? – деп ыргып туруп, жарыкты жактым.

— Кусам – деди бакырып. Эрими эптеп тургузуп, эшикке алып чыктым. Шарылдатып кусту.

— Отравление болдуңбу?

— Ооба, Жуке экөөңүн даарыңа.

— Койчу!?

Ал таң аткыча кусту. Эртең менен тура албай койду. Кечке чейин үйдө жатты, улам чуркап чыгып кусту. Эртеси ишке кетти. Кабар алайынчы деп барсам, дагы кусуп атыптыр.

— Дагы эле кусуп атасыңбы? – дедим кылмыштуу болуп.

— Мүйүз сурайм деп, кулагыман ажырап кала жаздапмын.

— Эми унутуп кой да.

— Кантип? Үйгө кирип баратканда жанагы дарагыңы көрүп бир куссам, сыртка чыгып баратып, эки кусам. Жанагы “шүмшүгүң” канчаны жептир?

— Жукеби? Бардыгын жептир.

— Тирүү бекен?

— Апей кокуй, билбейм.

Дүйшөмбү күнү Жуке ишке чыккан жок. Өткөн жумада аялы телефон чалып издеген эле. Бейшемби күнү да иште отурам. Жүрөгүм дүк-дүк. Жукеден дагы деле дайын жок… Кайдан жүрүп касторканы бере койдум эле…

 

Китептин бүт жаздыруу

 

© Карагулова Б., 2010. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 1797