Загрузка...
Жүктөлүү...
[X]

ВНИМАНИЕ!

Материал является объектом авторского права и защищен Законом об авторских правах.

Его использование в коммерческих целях не разрешается без письменного согласия автора (издателя).

Я соглашаюсь / Я не соглашаюсь

Бишкекте 21 ноябрь 2024,
кыргызча / орусча

Кыргызстандын жаңы адабияты

Новая литература Кыргызстана

Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун жаркын элесине арналат
Мекендеш калемгерлердин чыгармаларынан турган эң ири электрондук китепкана
Эгемендүүлүк мезгилинде жазылган чыгармалардан түзүлгөн

Кимиси ким


Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ

— Член редсовета

Биографиялык маалымат:

Чоюн Өмүралы уулу (Чойуке) – 1952-жылы туулган Тянь-Шань районундагы Куланак айылында өскөн. Аталган айыл мектебинен он жылдыкты аяктап 1968-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин филология факультетине келип кирет. Аны бүтүргөн соң журналисттик кесипте эмгектенүүгө өтөт. Оболу Кыргыз Мамлекеттик телерадио Уктуруу Комитетинде редактор, кийин Нарын областтык радио уктуруу бөлүмүндө узак жылдар бою кабарчы болуп иштейт. Нарын областтык музыкалуу драма театрында директордун орун басары кызматын аткарат. 1986-жылдан 1995-жылга чейинки аралыкта Фрунзеде, кайрадан Мамлекеттик телерадио Комитеттин адабий драмалык уктуруулардын башкы редакциясында редактор, соңунда «Жаштык Жарчысы» – «Асаба» гезитинде баянчылык кылат. 1996-1997-жылдары Бишкектеги «Кыргыз Жер» университетинин «Уңгуталаа» теориясы жана философиясы илимий лабораториясынын ага илимий кызматкери. Мындан кийин жеке чыгармачылыгы менен алпурушат.

Ч. Өмүралы уулунун алгачкы чыгармалары мектепте окуп жүргөн жылдары республикалык басма сөзгө жарыяланган. Кийин студенттик жылдары уланып ырлары, прозадагы ырлары, улуттук киноискусствонун маселелерине арналган макалалары жарыяланган. Биринчи прозалык чакан жыйнагы «Эне» деген аталышта 1977-жылы, «Чабарман» аталган аңгеме топтому 1986-жылы жарык көргөн. 1980-жылдардын ортосунан баштап анын кыргыз элинин улуттук тарыхый жана орток түрк адабий мурастарына байланышкан макала, ой толгоолору, эски тилден азыркы тилге жаңылаган жандырмактары байма-бай жарыялана баштайт. «Огуз намэ эпосу», Абулгазы бахадур хандын «Түрк санжырасы», Шаакеримдин «Түрк, кыргыз, казак жана хандар тарыхы», Осмонаалынын «Кыргыз, Шабдан тарыхы», Салават Юлаевдин ырлары, Яссавинин хикметтери түп нускаларынан – чагатай жана татар, башкыр тилдеринен, — кыргыз тилине түз ийге алынат.

Кыргыз мамлекети азаттыгына ээ болгон жылдардан баштап жаш мамлекеттин өз тагдырын өзү чечүү, келечекке өнүгүү багытын өзү аныктоо жоопкерчилиги башталат. Ч. Өмүралы уулу мезгил чакырыгына жооп ирээти улуттук философия, дүйнөтааным жана учур саясатына байланышкан көптөгөн макала, ой толгоолорун басма бетине жарыялайт. Улуттук философиянын уңгусуна чалгын жасаган, жана улуттук мамлекеттүүлүк маселесине арналган «Теңирчилик» аттуу эки китеби 1994-1995-жылдары жарык көргөн. Түркияда жана АКШда болуп өткөн Чыгыш элдеринин тарыхы жана маданиятын талкуулаган илимий жыйындарга катышып, докладдар жасаган.

Эл Аралык Коомдук Ч. Айтматов Академиясынын Академиги, Кыргызстан Мамлекеттик Жаштар Сыйлыгынын, «Манас – 1000» юбилейлик медалынын, «Теңир-Ордо» коомдук фондунун «Эл куту – Даанышман» ардактуу наамынын ээси.

Үй бүлөөлү. Алты балалуу. Бишкек шаарында жашайт.

Электрондук почтасы: chounomuraliev@mail.ru

Чыгармалары:
  1. Теӊирчилик. Коом-Мамлекет
     
  2. Мир Чоюна Омуралиева
     
  3. Тубаса
     
  4. Аалы – заман
     
  5. Элмир Аза
     

Көңүл буруңуздар! Калемгерлерди кызматташууга чакырабыз